Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 25-ноябрындагы 

№ 2020-П-09/67-5-(ДКП) токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 28-мартындагы № 10/6 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, 

жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобонун: 

- 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан (мындан ары Комитет) Улуттук банктын ноталарын чыгаруу чечими кабыл алынат жана аны чыгаруу ыкмасы, көлөмү, мөөнөтү, максималдуу кирешелүүлүгү, аукцион өткөрүлүүчү күн белгиленет, ошондой эле Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу чечими кабыл алынат.». 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага 

 

 

Т. Абдыгулов