Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 4-ноябрындагы  

№ 2020-П-14/64-1-(ПС) токтому  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

эл аралык төлөм системаларын каттоо маселелери боюнча  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»». 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялагандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөн банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системаларынын операторлорун жана акча которуу системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 4-ноябрындагы  

№ 2020-П-14/64-1-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

эл аралык төлөм системаларын каттоо маселелери боюнча 

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин: 

- 3.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.1. Оператор (Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси) Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. 

Акча которуулар системасынын операторлоруна Улуттук банктан каттоодон өтүүсүз Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барууга тыюу салынат.»; 

- Эрежелер 3.1-пунктунан кийин төмөнкү мазмундагы 3.1-1, 3.1-2, 3.1-3, 3.1-4, 3.1-5 жана 3.1-6-пункттары менен толукталсын: 

«3.1-1. Оператор каттоодон өтүү үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтердин түп нускасын же талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн сунуштоого тийиш: 

1) акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн каттоодон өтүүгө төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен арызды: 

- акча которуу системасынын аталышы; 

- акча которуу системасынын операторунун жана ал жайгашкан өлкөсүнүн аталышы; 

- оператордун юридикалык жана жайгашкан дареги тууралуу маалыматтар; 

- эгерде оператор кредиттик уюм болуп саналбаса, оператордун эсептешүү банкынын аталышы; 

2) юридикалык жактын юридикалык статусун жана жайгашкан өлкөсүн тастыктаган мамлекеттик/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана/же ага теңдеш башка документинин көчүрмөсү

3) жайгашкан өлкөнүн салык органында каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүк; 

4) жайгашкан өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча лицензиялоочу/жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, акча которууларды жүзөгө ашыруу укугун тастыктаган акча которуу системасынын операторунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн, лицензиясынын/сертификатынын жана башка документтеринин көчүрмөсү (колдонулган учурда), же болбосо жайгашкан өлкөнүн мыйзамдары боюнча ошол органдын/юридикалык компаниянын мындай уруксат берүү/тастыктоо талап кылынбай тургандыгы жөнүндө (иштин лицензиялануучу/жөнгө салынуучу түрү болуп саналбайт) жазуу жүзүндөгү тастыктоосу; 

5) системанын акча которуу системаларынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген эрежелери; 

6) системанын катышуучулары менен түзүлгөн типтүү келишим, эгер болсо. 

Акча которуу системасы банкка таандык болгон учурда, тиешелүү өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан банктык операцияларды жүзөгө ашырууга берилген лицензиясынын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү Улуттук банкка кошумча берилет. 

3.1-2. Акча которуу системасынын оператору - резидент эмес тарабынан каттоо үчүн берилген чет мамлекеттердин расмий документтери белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса.  

Чет тилде түзүлгөн документтерде талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдерине котормосу болууга тийиш. 

Бирден ашык барактан турган документтер ар бир барагына номер, кол коюлууга, көктөлүүгө жана талаптагыдай күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

Документтер Улуттук банктын талабы боюнча электрондук түрдө сунушталууга тийиш. 

Акча которуу системасынын операторлору тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылбайт. 

3.1-3. Улуттук банк оператордон каттоодон өткөрүү жөнүндө арыз жана каттоодон өтүү үчүн документтер Улуттук банкка түшкөн күндөн тартып, 15 (он беш) календардык күндөн ашпаган мөөнөт ичинде ушул акча которуу системасынын операторун каттоодон өткөрүү же баш тартуу чечимин кабыл алат. Улуттук банк кабыл алган чечими тууралуу ал чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде операторго кат аркылуу билдирет. 

Документтерди кароо мөөнөтүнө оператордун документтерди жеткире иштеп чыгууга кеткен убактысы камтылбайт. Эгерде сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер кабыл алынган күндөн тартып башталат. 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, каттоо үчүн документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча акыркы чечим Улуттук банк каттоо үчүн арыздын жана башка документтердин нускаларын кагаз жүзүндө алгандан кийин кабыл алынат. 

Каттоодон өткөрүү жөнүндө оң чечим кабыл алынган шартта, Улуттук банк акча которуу системасынын операторуна каттоо номерин ыйгарып, ал тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган операторлордун реестрине (мындан ары  акча которуу системаларынын операторлорунун реестри) киргизет жана белгиленген мөөнөттө операторго каттоодон өткөндүгү тууралуу кат түрүндө билдирүү жөнөтөт. Билдирүүдө ыйгарылган каттоо номери көрсөтүлөт. 

Акча которуу системаларынын операторлорунун реестрин жүргүзүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

3.1-4. Каттоо үчүн берилген документтер белгиленген талаптарга ылайык келбеген жана/же документтер топтому толук берилбеген учурда толук иштелип чыгуу үчүн кайра кайтарылат. 

Кошумча/сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтер оператор жеткире иштеп чыгууга алган күндөн тартып, 10 (он) иш күнүнөн ашпаган мөөнөттө Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Көрсөтүлгөн документтер алдын ала электрондук түрдө сунушталышы мүмкүн, андан ары кагаз жүзүндөгү түп нускасы милдеттүү түрдө жөнөтүлөт. 

Ушул Эрежелердин талаптарына жооп бербеген же толук эмес көлөмдө сунушталган документтер экиден көп жолу тапшырылган болсо, Улуттук банк акча которуу системасынын операторун каттоодон өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу. Мында баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кат түрүндөгү тиешелүү билдирүү белгиленген мөөнөттө жөнөтүлөт. 

3.1-5. Акча которуу системасынын оператору аны каттоо учурунда көрсөтүлгөн кандай болбосун маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу Улуттук банкка 3 (үч) жумуш күнү ичинде кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү

Улуттук банк сунушталган маалыматтардын негизинде, зарылчылыгына жараша, 3 (үч) жумуш күнү ичинде акча которуу системаларынын операторлорунун реестрине тиешелүү жазууну киргизет. 

3.1-6. Акча которуу системасынын оператору Кыргыз Республикасынын аймагында системанын жаңы сервистерин/продукттарын/кызмат көрсөтүүлөрүн жайылтуу (өркүндөтүү) баскычында ал тууралуу алдын ала Улуттук банкка маалымдоого жана системада өзгөртүүлөрдүн/толуктоолордун киргизилишин болжолдогон, жаңыдан иштелип чыгып жаткан сервисти/продукттарды/кызмат көрсөтүүлөрдү чагылдырган толук маалыматты кошо тиркөө менен билдирүү жөнөтүүгө жана республика аймагында системанын жаңы сервисин/продукттарын/кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууга Улуттук банктан уруксат алууга тийиш.»; 

- 3.2-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда эл аралык акча которуу системасынын операторунун каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана акча которуу системаларынын операторлорунун реестрине тиешелүү жазууну киргизет: 

1) резидент эмес оператордун уруксат берүү документтери жана жайгашкан өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча иштин ушул түрүн лицензиялоочу/жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органы тарабынан акча которуу системаларынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна берилген лицензиясы/сертификаты/каттоо жөнүндө күбөлүгү кайтарылып алынган/жокко чыгарылган учурда;  

2) эл аралык акча которуу системасынын оператору тарабынан аны Улуттук банктагы акча которуу системаларынын операторлорунун реестринен чыгаруу жөнүндө арыз же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасынын операторунун ишин токтотуу жөнүндө кат жүзүндө билдирүү берилген учурда. Эл аралык акча которуу системасынын оператору төлөм системасынын катышуучулары менен акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана арызды берет. 

Улуттук банк эл аралык акча которуу системасынын операторуна, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана башка кызыкдар тараптарга каттоо жокко чыгарылгандыгы тууралуу кат түрүндө билдирет жана бул боюнча маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтына жайгаштырат. 

Эл аралык акча которуу системасынын оператору Улуттук банк аны тиешелүү реестрден чыгарып салган жана бул тууралуу маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтында жайгаштырган күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү токтотууга тийиш.»; 

- Эрежелер төмөнкү мазмундагы 3.8-пункту менен толукталсын: 

«3.8. Локалдык акча которуу системаларынын операторун эске албаганда, оператор жөнөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн банктык эсепке жана/же банктык төлөм картына акча которууну чегерүү аркылуу эсеп ачуусуз акча которууда, ушул Эрежелердин  

3.7-пунктунун талаптарын аткарууга тийиш.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

- 5-пунктунун: 

сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банкомат  нак акча каражаттарын берүү жана/же кабыл алуу, картты пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү жана ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалымат алуу үчүн каралган аппараттык-программалык комплекс. Банкомат банктык жабдуу болуп саналат жана карт ээсине коммерциялык банктын ыйгарым укуктуу кызматкерин катыштыруусуз эле, картты пайдалануу менен операцияларды өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.»; 

жыйырма сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«POS (point-of-sale)-терминал  бул банктын төлөм карттарынан накталай акча каражаттарын берүүнү кошо алганда, банктык төлөм карттарын жана башка аралыктан туруп тейлөө инструменттерин пайдалануу менен товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга багытталган аппараттык-программалык комплекс.»; 

кырк үчүнчү абзацындагы «товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү» деген сөздөр «өз товарларына/кызмат көрсөтүүлөрүнө» дегенге алмаштырылсын; 

элүү үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Виртуалдык POS-терминал  орнотулган POS-терминалды алмаштыруучу жана банктык төлөм карттарын жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин пайдалануу аркылуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн банк менен өз ара иш алып баруучу веб-интерфейс. Виртуалдык POS-терминал коммерциялык эмес уюмдардын эсептешүү эсептерин толуктоо үчүн да колдонулат.»; 

- 15-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15-1. Банктын агенти аркылуу акча каражаттарын банктык төлөм картынан нак акчага айландыруу лимити күнүнө агентте орнотулган бир жабдуу (POS-терминал) боюнча бир төлөм карты үчүн 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.»; 

- 33-пунктунун он төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эмитент карт ээсине ПИН-кодду пайдалануусуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана эмитенттин ички контролдоо программасына жана төлөө системанын эрежелерине ылайык, бир кардарга тобокелдик даражасынын (деңгээлинин) критерийлерин эске алуу менен, карт ээлери үчүн ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген лимиттер чегинде байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Мында, бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.»; 

- 9-главасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9-глава. Эл аралык төлөм системаларына/эл аралык төлөм системаларынын операторлоруна карата талаптар 

59. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр боюнча улуттук же локалдык төлөм системаларынын оператору Кыргыз Республикасынын резиденти болууга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Улуттук банктын үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клирингдик борбордун катышуучуларына берүү кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо ишин жүргүзүү укугуна берилген лицензиясына ээ болууга тийиш. 

Лицензияны алуу тартиби (бул ишти жүзөгө ашырууга уруксат алуу, уруксат берилген банктык операциялардын тизмесинде көрсөтүү менен) жана банктарга карата негизги талаптар Улуттук банктын банктардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында, ал эми төлөм системаларынын башка операторлору үчүн  Улуттук банктын төлөм системаларынын операторлорун лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген. 

60. Эл аралык төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын пайдалануу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Эл аралык төлөм системасына Улуттук банктан каттоодон өтүүсүз Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барууга тыюу салынат. 

61. Эл аралык төлөм системасын каттоо үчүн эл аралык төлөм системасынын оператору Улуттук банкка төмөнкү документтердин түп нускасын же алардын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн сунуштайт: 

1) төмөнкү маалыматтар көрсөтүлгөн эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөрүү жөнүндө өтүнүч кат: 

- эл аралык төлөм системасынын аталышы; 

- эл аралык төлөм системасынын операторунун аталышы (эгер болсо) жана анын юридикалык жана жайгашкан дареги жөнүндө маалыматтар; 

2) юридикалык жактын юридикалык статусун жана түзүлгөн өлкөсүн тастыктаган мамлекеттик/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана/же ага теңдеш башка документинин көчүрмөсү

3) эл аралык төлөм системасынын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн, лицензияларынын/сертификаттарынын же түзүлгөн өлкөсүнүн финансылык көзөмөл боюнча аталган ишти лицензиялоочу/жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органы тарабынан эл аралык төлөм карттардын процессинги жана аларды тейлөө боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна берилген башка документтердин көчүрмөсү (талап кылынган шартта), же болбосо ошол органдын/юридикалык компаниянын жайгашкан өлкөнүн мыйзамы боюнча мындай уруксат берүү/тастыктоо талап кылынбай тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктоосу (иштин лицензиялануучу/жөнгө салынуучу түрү болуп саналбайт); 

4) системанын катышуучулары менен түзүлгөн типтүү келишим. 

Эл аралык төлөм системасы жана/же анын оператору да эл аралык төлөм системаларынын эрежелеринен жана тарифтеринен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш. 

62. Эл аралык төлөм системасын каттоо үчүн сунушталган чет мамлекеттердин расмий документтери белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш, эгерде Кыргыз Республикасы катышкан жана күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса. 

Бирден ашык барактан турган документтер ар бир барагына номер, кол коюлууга, көктөлүүгө жана талаптагыдай күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

Чет тилинде түзүлгөн документтерде талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдерине котормосу болууга тийиш. 

Зарылчылык келип чыккан учурда, Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук түрдө берилүүгө тийиш. 

63. Эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөрүү жөнүндө өтүнүч катты кароо мөөнөтү 15 (он беш) календардык күндү түзөт. Улуттук банк эл аралык төлөм системасынын операторуна кабыл алган чечими тууралуу ал чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде кат аркылуу билдирет. 

Эгерде сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер кабыл алынган күндөн тартып башталат. 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, каттоо үчүн документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча акыркы чечим Улуттук банк каттоо үчүн өтүнүч каттын жана башка документтердин нускаларын кагаз жүзүндө алгандан кийин кабыл алынат. 

63-1. Документтер белгиленген талаптарга ылайык келбеген жана/же документтер топтому толук берилбеген учурда жеткире иштеп чыгууга кайтарылат. 

Кошумча/сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтер эл аралык төлөм системасы/эл аралык төлөм системасынын оператору тарабынан жеткире иштеп чыгууга алынган күндөн тартып, 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө берилүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн документтер алдын ала электрондук түрдө сунушталып, кагаз жүзүндөгү түп нускасы милдеттүү түрдө жөнөтүлөт. 

63-2. Бул жобонун талаптарына ылайык келбеген жана/же толук эмес көлөмдө сунушталган документтер экиден көп жолу тапшырылган учурда, ошондой эле эл аралык төлөм системасынын эрежелеринен жана тарифтеринен пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилбеген/болбогон шартта, Улуттук банк эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу. Мында баш тартуунун себебин көрсөтүү менен, белгиленген мөөнөттө кат түрүндөгү тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт. 

64. Өтүнүч катты кароонун жыйынтыгында каттоодон өткөрүү жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда, Улуттук банк эл аралык төлөм системасына каттоо номерин ыйгарып, ал тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн эл аралык төлөм системаларынын реестрине (мындан ары  эл аралык төлөм системаларынын реестри) киргизет жана каттоодон өткөндүгү тууралуу кат түрүндө билдирүүнү белгиленген мөөнөттө эл аралык төлөм системасына/эл аралык төлөм системасынын операторуна жөнөтөт. Билдирүүдө ыйгарылган каттоо номери көрсөтүлөт. 

Эл аралык төлөм системаларынын реестрине киргизүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

65. Эл аралык төлөм системасы/эл аралык төлөм системасынын оператору эл аралык төлөм системасын каттоодо көрсөтүлгөн кайсы болбосун маалыматтардын өзгөрүшү тууралуу өзгөртүүлөр кирген учурдан тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде кат жүзүндө Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү

Улуттук банк сунушталган маалыматтын негизинде, зарылчылыгына жараша, эл аралык төлөм системаларынын реестрине 3 (үч) жумуш күн ичинде тиешелүү жазууну киргизет. 

66. Эл аралык төлөм системалары/эл аралык төлөм системаларынын операторлору тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылбайт. 

67. Эл аралык төлөм системасы/анын оператору каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин Улуттук банк үчүн системанын документтерине (эрежелерге, колдонуудагы тарифтерге, типтүү келишимдерге, катышуу үчүн талаптарга, жаңылыктарга, отчетторго ж.б.у.с.), анын ичинде өз сайттарына туруктуу негизде кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш. 

67-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда эл аралык төлөм системасынын каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана эл аралык төлөм системаларынын реестрине тиешелүү жазууну киргизет: 

1) эл аралык төлөм системасынын жана/же анын операторунун түзүлгөн өлкөсүнүн финансылык көзөмөл боюнча лицензиялоочу/жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органы тарабынан эл аралык төлөм карттарынын процессинги жана аларды тейлөө ишин жүзөгө ашыруу укугуна буга чейин берилген каттоо/уруксат берүү жөнүндө документтери (каттоо жөнүндө лицензиялары/сертификаттары/күбөлүктөрү ж.б.) кайтарылып алынган (жокко чыгарылган) учурда; 

2) эл аралык төлөм системасынын оператору тарабынан анын эл аралык төлөм системаларынын реестринен чыгаруу жөнүндө өтүнүч кат же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында ишин токтоткондугу тууралуу жазуу жүзүндө башка билдирүү берилген учурда. Эл аралык төлөм системасынын оператору өтүнүч катты төлөм системасынын катышуучулары менен акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана берет. 

Улуттук банк эл аралык төлөм системасынын операторуна, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана башка кызыкдар тараптарга каттоо жокко чыгарылгандыгы тууралуу кат түрүндө билдирет жана бул боюнча маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтына жайгаштырат. 

Эл аралык төлөм системасы жана анын оператору Улуттук банк эл аралык төлөм системасын тиешелүү реестрден чыгарып салган жана бул тууралуу маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтында жайгаштырган күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү токтотууга тийиш.».