Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 20-октябрындагы  

№ 2020-П-11/61-1-(НПА) токтому  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-октябрындагы №2020-П-11/60-1-(НПА) «SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды ишке ашыруу жөнүндө» токтомун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 17, 20, 38 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

12-октябрындагы № 2020-П-11/60-1-(НПА) «SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды ишке ашыруу жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

2. Токтом 2020-жылдын 21-октябрынан тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. 2-Банктык көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Улуттук банктын көзөмөл блогунун ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов