КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫНЫ УЛУТТУК БАНКЫ
Банктык көзөмөл башкармалыгынын тышкы банктык көзөмөл бөлүмүндө башкы инспектор кызмат ордуна– 1 бирдикке ачык сынак жарыялайт
Функционалдык милдеттер:
- көзөмөлдүк кылуудагы банктардын ишин жана башкаруу сапатын тышкы көзөмөлдөөнү туруктуу негизде уюштуруу жана жүргүзүү, тобокелдиктерге дуушар болууну эрте аныктоо жана чара көрүү максатында, анын ичинде банктардын балансынын түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө күнүмдүк жана жумалык мониторинг жүргүзүү аркылуу;
- белгиленген тартипке ылайык тобокелдик профилин эске алуу менен банктар боюнча көзөмөлдүк стратегиясын иштеп чыгууга, актуалдаштырууга жана ишке ашырууга катышуу, ошондой эле банктык көзөмөлдүн көзөмөлдүк стратегиясын түзүү боюнча сунуштарды даярдоого катышуу;
- Улуттук банктын жетекчилиги үчүн банктар боюнча маалымат даярдоо.
- банктык көзөмөл маселелери боюнча маалыматтарды чогултуу, Башкармалыктын ишинде аларды кийин практикалык пайдалануу үчүн жалпылоо жана талдоо;
- банктын ишине банктык көзөмөл жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- банктардын күнүмдүк, жумалык, айлык, кварталдык жана жылдык негиздеги мезгилдүү отчеттуулугун чогултуу, иштеп чыгуу, кабыл алуу;
- консолидацияланган көзөмөл боюнча отчетторду жана корутундуларды, тышкы аудиттин корутундуларын, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жазылган буйруктарды жана сунуштарды, бизнес-пландарды жана финансылык жактан чыңдоо пландарын жана банктар тарабынан берилген башка документтерди мониторингдөө, талдоо, иштеп чыгуу, даярдоо.
Квалификациялык талаптар:
- жогорку билим (экономикалык - артыкчылык болуп саналат, же юридикалык);
- банк системасында же адистиги боюнча 7 жылдан кем эмес иш стажы же Улуттук банктын көзөмөл блогунда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- мамлекеттик (кыргыз), расмий (орус), англис тилдерин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана ишкердик кат алышуу, семинарларга катышуу жана иш кагаздарын жүргүзүү үчүн зарыл болгон көлөмдө билүү.
Кошумча талаптар:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын улуттук жана банктардын ишине тиешелүү ченемдик укуктук актыларын жана нускамалык документтерин билүү;
- банктардын ишинде келип чыгуучу тобокелдиктердин бардык негизги түрлөрүн билүү;
- оозеки жана жазуу жүзүндө баарлашууну мыкты билүү, өз оюн так жана катасыз билдирүү жөндөмү;
- отчетторду, баяндамаларды жана презентацияларды талдоо жана даярдоо жөндөмү;
- тартиптүү, коммуникабилдүү, жоопкерчиликтүү, командада иштөө, ак ниеттүүлү жана стресске туруктуу;
- коомчулук алдында сүйлөө жана командалык ишти башкаруу жөндөмү;
- иш учурунда алынган маалыматтын купуялуулугун сактоо жана жетекчиликтин тиешелүү уруксатысыз аны ачыкка чыгарууга же басма сөздө жарыялоого тыюу салуу.
Талап кылынган көндүмдөр:
- керектүү байланыш көндүмдөрү, коммуникабелдүүлүк, ишенимдүүлүк;
- өз функцияларын жана милдеттерин аткарууда ак ниеттүүлүк;
- кесиптештер жана башка адамдар менен байланыш түзө билүү жөндөмдүүлүгү;
- алынган маалыматты талдоо жана иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү;
- жоопкерчиликти алуу жана өз иш-аракеттери жана чечимдери үчүн жооп берүү жөндөмдүүлүгү;
- отчетторду, докладдарды, презентацияларды даярдоо билгичтиги;
- тапшырмаларды аткарууда артыкчылыктарды аныктоо билгичтиги;
- ишкердик кат алышуу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- көпчүлүк алдында сүйлөө жана командада иштөө көндүмдөрү;
- командада иштөөдө жетекчилик кылуу;
- банктык тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо билгичтиги;
- өзүн-өзү тарбиялоо, ишенимдүүлүк.
Документтерди тапшыруу мөөнөтү 2026-жылдын 22-июлунда саат 17:00гө чейин.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл:
- кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөтү менен;
- өмүр баяны;
- резюме (кошумча маалымат);
- талап кылынган кесиптик билимди, жумуш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган документтер (диплом тиркемеси менен, квалификацияны жогорулатуу сертификаттарынын жана эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү);
- паспортуңуздун же башка инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү, ошондой эле аскердик билетин (аскердик кызматка милдеттүүлөр жана чакырылууга тийиш болгондор үчүн) документтерди тапшырган учурда жеке өзү көрсөтүүсү керек.
Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Бишкек шаары, Киев көчөсү, 189, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнүн № 225 иш бөлмөсүнө же (0312) 66 90 15 (+1034) телефондоруна кайрылсаныздар болот.







