Кайта келүү

Террористтик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланышкан тобокелдиктерге сектордук баа берүүнүн кыскача баяндамасы  

  

Көзөмөлгө алынган уюмдарда тобокелдиктерге сектордук баа берүү акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү жагында финансылык чараларды иштеп чыгуу боюнча топтун (мындан ары - ФАТФ), Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 87 «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын (мындан ары - ПФПД/ЛПД жөнүндө Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун негизинде «Тобокелдиктерге баа берүү жана тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу» деген 1-сунуш-көрсөтмөсүн ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү.   

Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (мындан ары  ФТД/ЛПД) тобокелдиктерин сектордук баалоонун максаты көзөмөлдөнгөн уюмдарда ФТД/ЛПД тобокелдиктерин аныктоо, баалоо жана түшүнүү болуп саналат.   

Банк секторунда, банк эмес финансы-кредит уюмдар секторунда, алмашуу бюролорунда, төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ФТД/ЛПД тобокелдигине баа берилген.   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдын 4-октябрындагы № 2022-Пр-113/236-О буйругу менен бекитилген, сектордук тобокелдиктерге баа берүү боюнча методикалык колдонмого ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо жана терроризмди каржылоо тобокелдигине сектордук баа берүү боюнча методикалык сунуш-көрсөтмөлөрдүн негизинде жүргүзүлгөн.   

Бул баа берүү 2019-2023-жылдарга жүргүзүлгөн.  

ФТД/ЛПД тобокелдигин сектордук баа берүү үчүн төмөнкү документтер жана маалыматтар колдонулган:  

-  тобокелдиктерди улуттук баалоо отчетунун жыйынтыктоочу маалыматтары;  

- банк, төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору, банк эмес финансы-кредит уюмдарын (мындан ары БФКУ), алмашуу бюролорун текшерүүлөр боюнча натыйжалар жана аныкталган бузуулар; 

- шектүү операциялар жөнүндө отчеттор;  

- жана башка булактар.  

Баа берүүнүн жыйынтыгында көзөмөлдөнүүчү уюмдардын ФТД/ЛПДга тартылуусунун аялуу жерлери жана тобокелдиктери аныкталган жана бааланган.   

Көзөмөлгө алынган уюмдарда ФТД/ЛПД тобокелдиктерин талдоо көрсөткөндөй, жалпысынан, алар тарабынан ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө тиешелүү чаралар көрүлүп турат. Коммерциялык банктар кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү талаптарды аткаруу боюнча өз милдеттенмелерин жакшы түшүнүшөт жана аткарышат: ички контролдоо эрежелери бекитилген жана аткарылууда, тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды талаптагыдай текшерүү чаралары колдонулат, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ишти автоматташтырууга мүмкүндүк берүүчү атайын программалык топтомдор бар, ошондой эле ФТД/ЛПД тобокелдиктерин азайтуу боюнча чаралар көрүлүүдө.  

Бирок, технологиялардын өнүгүшү жана банктык продукттардын жана кызмат көрсөтүүлөр спектринин жана масштабынын кеңейиши алардын кылмыштуу максатта колдонуу коркунучтарын жаратууда. Банк секторунда ФТД/ЛПД боюнча төмөнкүдөй тобокелдиктер аныкталган:  

- транзиттик операцияларды жүргүзүү үчүн номиналдык/контролдук компанияларды же жеке ишкерлерди пайдалануу;  

- ири суммадагы накталай акча менен операцияларды жүргүзүү;  

- жалган компанияларды жана татаал финансылык схемаларды колдонуу;  

- чет өлкөлүк банктык карталар менен операциялар;  

- электрондук төлөм каражаттарын жана электрондук капчыктарды колдонуу менен операциялар;  

- эсеп ачпастан которууларды жүргүзүү үчүн акча которуу системаларын колдонуу;  

- оффшордук компанияларга байланыштуу операциялар;  

Төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору секторунда төмөнкү ФТД/ЛПД боюнча тобокелдиктери аныкталган: 

- жеке кайрымдуулук; 

- социалдык тармактар аркылуу каражаттарды чогултуу; 

- коммерциялык эмес уюмду мыйзамсыз пайдалануу; 

- майда операцияларга бөлүү аркылуу накталай акча каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашырган кардарлар; 

- акчаны «жалган» алуучуларга которуу аркылуу терминалдарды терроризмди каржылоо үчүн мыйзамсыз колдонуу; 

- транзакцияларды жашыруу үчүн электрондук капчыктарды колдонуу;  

- электрондук төлөм каражаттарын пайдалануу; 

- терминалдарды кылмыштуу булактардан алынган накталай акчаларды салуу үчүн пайдалануу; 

- төлөм терминалдары аркылуу криптовалютага байланыштуу которуулар. 

БФКУ секторунда кредиттик инструменттерди ФПД/ЛПД максаттарында пайдалануунун мүмкүн болгон тобокелдиктери бар, бирок кредиттердин салыштырмалуу аз суммалары жана ПФПД/ЛПД маселелери боюнча ички контролдун адекваттуу деңгээли БФКУлардын ФПД/ЛПД схемаларына катышуусунун төмөн деңгээлин шарттайт. 

Алмашуу бюролорунун секторунда төмөнкүдөй мүмкүн болуучу тобокелдиктер бар: 

- кардарды тийиштүү текшерүүдөн качуу максатында операциянын суммасын бөлүү

- каражаттардын келип чыгуу булагы жөнүндө маалыматты жашыруу үчүн алмашуу операцияларын жүргүзүүдө жасалма адамдарды колдонуу. 

Алмашуу бюролорунун секторунда көрсөтүлгөн тобокелдиктер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарынын жетишсиз сакталышынан кабар берет, атап айтканда: ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдоо программасынын (эрежелеринин) жоктугу же алардын каралган талаптарга ылайык келбегендиги, кардарларды жана алардын бенефициардык ээлерин идентификациялоо жана верификациялоо, кардарларды тиешелүү санкциялык тизмелер боюнча текшерүү жана бул тизмелерди жаңыртуу (мониторинг жүргүзүү), кардарлардын ишмердүүлүгүн талдоо, ыйгарым укуктуу органда кызматкерлерди окутуу жана ички окутууну өткөрүү, бул ПФПД/ЛПД маселелери боюнча кызматкерлердин квалификациясынын төмөн деңгээлин шарттайт жана башкалар. 

ФПД/ЛПД тобокелдиктерин азайтуу үчүн көрүлгөн чаралар жана факторлор:  

- ПФПД/ЛПД мыйзам талаптарынын шайкештигине үзгүлтүксүз инспектордук текшерүүлөр;  

өзөмөлдөнүүчү субъекттердин шектүү операциялар жөнүндө билдирүүлөрдү финансылык чалгындоо органына жөнөтүүсү;  

- ФЧМКнын Окуу борборунан үзгүлтүксүз окуп туруу.  

-накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 737/67-7 «2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө» биргелешкен токтому кабыл алынган.  

- Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо тартибин бекитүү.  

- ФЧМКнын 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 79/п буйругу менен Шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо боюнча методикалык колдонмону бекитүү.  

- Офшордук аймактар менен байланышкан операцияларды милдеттүү түрдө контролдукту белгилөө (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы No 606 токтому менен бекитилген «Жогорку тобокелдиктер орун алган өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө» жобо).   

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча акча которууларды жүргүзүү эрежелерине   

(2022-жылдын 18-апрелиндеги № 2022-П-14/24-1-(ПС) токтому) өзгөртүүлөр киргизилди, жаңы эрежелерге ылайык, банктар кардарларга, анын ичинде банктык эсепти ачпастан акча каражаттарын жөнөтүүдө «тиешелүү экспертиза» жүргүзүүгө милдеттүү.  

ЛПД боюнча коркунучтар жана чабалдыктарга жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча банк секторунда коркунучтар жана чабалдыктар деңгээли «ортодон жогору» деп бааланат жана натыйжада банк секторун ЛПД максаттары үчүн пайдалануу тобокелдигинин деңгээли «ортодон жогору» деп бааланат деген тыянак чыгарылган. Мында, банк секторун ФТД жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоо (мындан ары ФРОМУ) максаттары үчүн пайдалануу тобокелдигинин деңгээли «ортодон төмөн» деп бааланган.  

Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча, ЛПД/ФРОМУ менен байланышкан коркунучтун деңгээли «ортодон төмөн», ал эми ФТД «ортодон жогору» деп бааланган, ЛПД жана ФТД менен байланышкан чабалдыктар деңгээли «ортодон жогору» деп бааланган жана натыйжада төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун секторун ФТД/ЛПД максаттары үчүн пайдалануу тобокелдигинин деңгээли «ортодон жогору» деп бааланган, ал эми ФРОМУ максаттары үчүн тобокелдик деңгээли «ортодон төмөн» деп бааланган. 

БФКУ секторун талдоонун жана баалоонун жыйынтыктары боюнча ФТД жана ЛПД линиялары боюнча коркунучтар жана чабалдыктар «ортодон төмөн», ФРОМУ линиясы боюнча деӊгээли «төмөн» катары бааланды. 

Талдоонун натыйжасында БФКУ секторун ФТД жана ЛПД максаттары үчүн пайдалануу тобокелдигинин деңгээли «ортодон төмөн», ФРОМУ линиясы боюнча «төмөн» деңгээлде бааланат. 

Алмашуу бюролорунун ФТД, ЛПД жана ФРОМУ менен байланышкан коркунучтарына жана чабалдыктарына жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча ФТД жана ЛПД линиялары боюнча коркунучтардын деңгээли «ортодон төмөн» деңгээлде, ФРОМУ линиясы боюнча «төмөн» деңгээлде бааланган. Алмашуу бюролорунун секторундагы чабалдыктардын деңгээли ФТД жана ЛПД линиялары боюнча «ортодон жогору» деңгээлде, ФРОМУ линиясы боюнча «ортодон төмөн» деңгээлде бааланган. 

Коркунучтардын жана чабалдыктардын деңгээлин эске алуу менен жүргүзүлгөн талдоонун жана баа берүүнүн натыйжасында алмашуу бюролорунун секторунда ФТД жана ЛПД линиялары боюнча тобокелдик деңгээли «жогорку», ФРОМУ линиясы боюнча «ортодон жогору» деп аныкталган. 

Алмашуу бюросу секторунда ФТД жана ЛПД линияларында тобокелдиктин жогорку деңгээли ички контролдун начардыгынан улам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ПФПД/ЛПД боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузуу менен байланыштуу. 

ФТД/ЛПД тобокелдиктерин баалоо боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө, ички контролду күчөтүүгө, көзөмөлдөнүүчү субъекттер менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга, кызматкерлердин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууга багытталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча чаралар аныкталган.