Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2025-жылдын   

I жарым жылдыгы ичинде жарандардан келип түшкөн каттарды,   

арыздарды жана даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча   

ОТЧЕТУ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары  Улуттук банк), анын областтык башкармалыктарында жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүндө жарандардын кайрылууларын жана даттанууларын кабыл алуу, каттоо жана кароо максатында коомдук кабылдамалар туруктуу негизде иштейт.  Коомдук кабылдаманын иши калкка Улуттук банктын компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды жана консультацияларды берүүгө, ошондой эле жарандардын кат жүзүндөгү жана оозеки кайрылуулары менен иш алып барууга багытталган. 

Кат жүзүндөгү кайрылуулар менен иш алып баруу 

2025-жылдын I жарым жылдыгы ичинде коомдук кабылдамага бардыгы болуп жазуу жүзүндө  980 кайрылуу, анын ичинде областтык башкармалыктарга  249 кайрылуу келип түшкөн. Бардык кайрылууларга өз убагында жооп жөнөтүлгөн. Жарандардын кайрылууларында төмөнкү маселелер козголгон:  

- кредиттердин ордун жабуу мөөнөттөрүн узартуу, карыз алуучулардын кредит боюнча карызын төлөөгө жөндөмсүздүгү, коммерциялык банктарда жана микрофинансылык уюмдарда кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү, коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын ишине даттануулар; 

- акча которуу системалары аркылуу жөнөтүлгөн каражаттарды алуу шарттары; 

- кыргыз сомуна карата чет өлкө валюталарынын эсептик курсу, кайра каржылоонун эсептик чени жөнүндө маалыматтарды берүү;  

- Улуттук банктын жетекчилигинин жарандарды кабыл алуусу; 

- материалдык жардам көрсөтүү;  

- маалымат алуу жана башка маселелер.  

 

Оозеки кайрылуулар менен иш алып баруу 

2025-жылдын I жарым жылдыгы ичинде Улуттук банктын дарегине 2 175 оозеки кайрылуу келип түшкөн. Жарандардын телефон чалуулары негизинен Улуттук банктын иш багытына тиешелүү маселелер боюнча ыкчам маалымат берүү өтүнүчүнө байланыштуу болгон, атап айтканда:  

- чет өлкө валюталар курсу жөнүндө;  

- Улуттук банк тарабынан белгиленген эсептик чен жана чет өлкө валюталарынын эсептик курстары жөнүндө маалымат берүү

- коммерциялык банктарда жана алмашуу бюролорунда чет өлкө валютасынын болушу; 

- Улуттук банктын расмий басылмаларында жарыялануучу маалыматтарды берүү тууралуу;  

- Улуттук банктын расмий интернет сайтынын бөлүктөрүндөгү маалыматтарды колдонуу жагында консультацияларды берүү боюнча;  

- төлөм системаларынын иши жөнүндө;   

- коллекциялык монеталарды сатып алуу жөнүндө

өлчөнгөн алтын куймаларды сатып алуу жана сатуу жөнүндө;  

- эскилиги жеткен банкнотторду алмаштыруу тартиби ж.б. тууралуу. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктын жарандарга тигил же бул коммерциялык банктын кызмат көрсөтүүлөрүн тандоо боюнча тике же кыйыр түрдө сунуш-көрсөтмө берүүгө укугу жок. Улуттук банк жарандарга кредит алуу шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалыматтарды өз алдынча алуу үчүн түздөн-түз коммерциялык банктарга же микрофинансылык уюмдарга кайрылуу сунуштайт. Коммерциялык банктарды тандоодо Улуттук банк алардын финансылык отчетторунда камтылган маалыматтарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарында чейрек сайын жарыяланып туруучу экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу маалыматтарды, ошондой эле жарыяланган басылмаларды пайдаланууну сунуштайт. 

Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган коммерциялык банктардын тизмеси жана микрофинансылык уюмдардын реестри Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg дареги боюнча «Банктын милдеттери» бөлүгүндө («Банк тутуму» жана «Банк эмес финансы уюмдары» бөлүкчөсүндө) мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жайгаштырылган. 

Мындан тышкары, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында, Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын башкы бетинде финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулар үчүн маалыматтар, анын ичинде коммерциялык банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын пайыздык чендери, депозиттери жана кредиттери тууралуу маалымат, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салган Улуттук банктын ченемдик укуктук актылардан кыскача маалыматтар, аманатчылар жана карыз алуучулар үчүн эскертмелер жана башка пайдалуу маалыматтар дайыма жаңыртылып турат.  

 

Электрондук кайрылуулар менен иштөө (WhatsApp каналы, Facebook, Instagram мессенджерлери аркылуу) 

2025-жылдын I жарым жылдыгы ичинде Улуттук банктын дарегине жарандардан болжолу менен 1 214 электрондук кайрылуу келип түшкөн, алар негизинен төмөнкүлөр боюнча оперативдүү маалымат берүүгө байланыштуу болгон: 

- валюта рыногу жана чет өлкө валютасынын болушу; 

- акча которуулар; 

- коммерциялык банктарда кардарларды тейлөө сапаты; 

- төлөм системаларынын иштеши; 

- коллекциялык монеталарды сатып алуу; 

өлчөнгөн алтын куймаларды сатып алуу жана сатуу; 

- эски банкнотторду алмаштыруу тартиби; 

-  кредиттөө, анын ичинде ипотекалык кредит берүү кызматтарын сунуштаган коммерциялык банктар; 

- маалымат алуу жана башка маселелер боюнча суроо-талаптар.  

 

Жарандардын 2025-жылдын 1-январынан 30-июнуна чейинки кайрылуулары тууралуу маалымат:   

 

Поцесстин аталышы   

Кайрылуулардын саны   

Кат жүзүндө кайрылуулар менен иш алып баруу   

980 

Оозеки кайрылуулар менен иш алып баруу  

2 175 

Электрондук кайрылуулар менен иштөө  (WhatsApp, Facebook, Instagram)   

1 214