Кайта келүү

«Милдеттүү камдар жөнүндө» жобонун жаңы редакциясынын долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Улуттук банк «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобонун жаңы редакциясынын долбоорун кароого сунуштайт (мындан ары - жобонун долбоору). 

Жобонун мазмунун жаңыртуу максатында Милдеттүү камдар жөнүндө жобо жаңы редакцияда сунушталууда. Жобонун долбоорунун алкагында төмөнкүлөр каралат: 

- коммерциялык банктын башка милдеттенмелерин, атап айтканда кардарлардын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча коммерциялык банктардын милдеттенемелерин улуттук жана чет өлкө валюталарынын милдеттенемелери менен катар эсептешүү базасына киргизүү;  

- аталган милдеттенмелерди андан ары милдетүү камга киргизүү үчүн кардарлардын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча милдеттенемелерин эсептөө тартибин аныктоо; 

- өзгөчө учурларда, ошондой эле банк системасынын бүтүндүгүн коргоо, туруктуулугун камсыздоо жана тутумдуу тобокелдикти алдын алып максатында, конкреттүү бир банктын өтүнүүсү боюнча жеке тартипте милдеттүү камдык талаптардын ченемдерин, милдеттүү камдык талаптарды эсептөө регламентин жана анын сакталышын кайра кароо мүмкүнчүлүгү

- техникалык мүнөздө өзгөртүүлөрдү киргизүү

 

 

Долбоор 

 

«Милдеттүү камдар жөнүндө» 

ЖОБО 

1-глава. 

Жалпы жоболор 

1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) милдеттүү камдарды депондоштуруу боюнча банктарга карата талаптар, милдеттүү кам өлчөмү белгиленген жана коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары банк) тарабынан милдеттүү камдык талаптарды эсептөө жана аткаруу тартиби, ошондой эле милдеттүү камдык талаптардын сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм эсептөө жана өндүрүү тартиби аныкталган.  

2. Милдеттүү камдар акча-кредит саясатынын инструменттеринин бири болуп саналат жана ал Улуттук банк тарабынан банк тутумундагы жалпы ликвиддүүлүк деңгээлин, кыска мөөнөттүү пайыздык чендерди жана акча топтомдорунун көлөмүн жөнгө салуу максатында колдонулат. 

3. Милдеттүү кам өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан эсептик базанын пайызы катары белгиленет жана акча-кредит саясатынын максаттарында өзгөртүлүшү мүмкүн. Эсептик базанын курамына кирген милдеттенмелердин ар кандай категориялары үчүн ар башка пайыздык маани белгилениши мүмкүн. 

4. Эсептик базага кирген милдеттенмелердин тизмеси жана түзүмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет. 

5. Милдеттүү камдык талаптарды сактоонун базалык мөөнөтү төрт календардык жуманы түзөт (28 күн).  

6. Банк милдеттүү камды депондоштурууну акча каражаттарын Улуттук банк тарабынан жол берилген камдык активге жайгаштыруу аркылуу жүзөгө ашырат. Камдык активге киргизилген активдердин катышы жана өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечими менен белгиленет жана ал акча-кредит саясатын жүзөгө ашыруу максатында өзгөртүлүшү мүмкүн. 

7.  Банктар банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны колдонгон мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптарды аткарууга милдеттүү

2-глава. 

Аныктамалар жана терминдер 

8. Ушул жобонун максаттарында төмөнкү терминдер колдонулат: 

Базалык мезгил  банк ошол мезгил ичинде Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте милдеттүү камдык талаптарды сактоого милдеттүү болгон мезгил аралыгы. 

Эсептик мезгил милдеттүү камдар көлөмүн аныктоо үчүн эсептик база эсептелинүүчү мезгил аралыгы. 

Милдеттүү камдар банк базалык мезгилде Улуттук банк тарабынан белгиленген шарттарда камдык активдерде кармоого милдеттүү болгон акча каражаттардын суммасы. 

Милдеттүү камдык талаптар  бул банкка карата милдеттүү камдарды Улуттук банк тарабынан жол берилген камдык активдерде белгиленген талаптарга ылайык колдоого алуу боюнча талаптар.  

Милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээли банк милдеттүү камдык талаптарды аткаруу үчүн күндөлүк негизде Улуттук банк тарабынан белгиленген камдык активдерде сактоого милдеттүү болгон акча каражаттардын көлөмү.  

Милдеттүү камдардын өлчөмү  милдеттүү камдарды эсептөө үчүн эсептик базага карата колдонулган коэффициент (пайыз түрүндө).  

Эсептик база бул банктын депозиттик жана башка эсептеринде эсепке алынган улуттук жана чет өлкө валюталарындагы милдеттенмелери, ошондой эле башка милдеттенмелер. 

Камдык активдер банктын Улуттук банктагы кореспонденттик эсебиндеги акча каражаттарынын, Улуттук банктагы ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептериндеги алтын түрүндөгү активдеринин, ошондой эле банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак калдыгынын суммасы. 

3-глава. 

Милдеттүү камды эсептөө тартиби 

9. Милдеттүү кам төрт жумада бир жолу, өтүп жаткан базалык мезгилдин алгачкы жумуш күнү эсептелинет жана өткөн базалык мезгилдеги орточо күндүк эсептик базанын жана Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү кам өлчөмүнүн негизинде аныкталат.  

Милдеттүү камдардын белгиленген мааниси базалык мезгилдин төрт жумасы ичинде колдонулат.  

10. Милдеттүү камдарды эсептөөдө

- эсептик базага кирген валюталык милдеттенмелердин сом түрүндөгү эквиваленти Улуттук банк тарабынан белгиленген чет өлкө валютасынын сомго карата расмий курсу боюнча эсептелинет;  

- кардарлардын ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча сом түрүндөгү эквиваленти, эсептерди дайындоого чейинки бир күн мурда баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан белгиленген кечки фиксингдин (баа аныктоо) негизинде, Улуттук банк белгилеген АКШ долларынын расмий курсу аркылуу эсептелип чыккан кросс-курс боюнча аныкталат. 

11. Милдеттүү кам төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

мында OРт өтүп жаткан базалык мезгилдеги милдеттүү кам;  

ОБт-1 өткөн базалык мезгилдин ар бир күнү үчүн эсептик базага кирген банктын милдеттенмеси;  

Р Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү кам өлчөмү;  

Дт-1 милдеттүү камды эсептөөдө эске алынган өткөн базалык мезгилдеги календардык күндөрдүн саны, б.а. 28 күн.  

12. Ушул жобонун 11-пунктуна ылайык ишке ашырылган, банк жетекчисинин кол тамгасы менен тастыкталган эсептөөлөр, жаңы базалык мезгилдин алгачкы жумуш күнү саат 12.00гө чейин Улуттук банкка 1-тиркемеге ылайык формада сунушталат.  

Эгерде эсептик базанын курамына кирген милдеттенмелердин ар кандай категориялары үчүн ар башка милдеттүү камдык талаптар өлчөмү колдонулса, анда милдеттүү камдар боюнча эсептөөлөр 1тиркемеге ылайык, аларга карата милдеттүү камдардын ар кандай ыкмалары таркатылган ар бир милдеттенме боюнча өз-өзүнчө сунушталат. 

13. Эсептөөлөр өз убагында берилбесе, ошондой эле такталбаган маалымат сунушталган учурда банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.  

4-глава. 

Милдеттүү камдык талаптарды аткаруу тартиби 

14. Бүтүндөй базалык мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптардын аткарылышына контролдук төрт жуманы камтыган мезгилдин акырында жүргүзүлөт. Эгерде базалык мезгил ичинде камдык активдер менен милдеттүү кам өлчөмүнүн ортосундагы суммардык айырма оң чыкса же нөлгө барабар болсо, милдеттүү камдык талаптар аткарылган катары таанылат. 

15.  Мында банк күндөлүк негизде Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттарынын жана Улуттук банктагы ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин көлөмүн милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлинен төмөн эмес өлчөмдө колдоого милдеттүү.  

Минималдуу чектүү деңгээл өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат жана акча-кредит саясатынын максаттарында өзгөртүлүшү мүмкүн.  

16. Банктын Улуттук банктагы металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин сом түрүндөгү эквиваленти, Улуттук банк тарабынан белгиленген АКШ долларынын сомго карата расмий кросс-курсунун негизинде эсептелген милдеттүү камдык талаптардын аткарылышына мониторинг жүргүзүлгөнгө чейинки күнү белгиленген, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан аныкталган акыркы фиксинг боюнча эсептелет. 

17. Банк милдеттүү камдык талаптарды аткарган учурда милдеттүү камдарды колдоого алгандыгы үчүн ага төлөм чегерилет. Милдеттүү камдарды колдоого алгандыгы үчүн төлөм өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген компенсациялоо ченинин жана милдеттүү кам көлөмүнүн негизинде аныкталат.  

18. Банк тарабынан бүтүндөй базалык мезгил ичинде сыяктуу эле, күнүмдүк негизде да милдеттүү камдарды сактоо талабы аткарылбаган учурда, андан ушул жобонун 5-главасында аныкталган шарттарда милдеттүү камдык талаптардын сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм өндүрүлөт.  

5-глава. 

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү 

эсептөө жана өндүрүү тартиби 

19. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасы айыптык төлөм ченинин жана базалык мезгил ичинде банктын камдык активдеринин суммасынын милдеттүү камдардан орточо күндүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет.  

20. Милдеттүү камдык талаптардын жана милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлинин сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. 

21. Милдеттүү камдык талаптардын сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

мында Шн милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм;  

Ос камдык активдердин милдеттүү камдан орточо күндүк четтөөсү;  

Рш  Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү камдык талаптардын сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү;  

Д базалык мезгилдеги календардык күндөрдүн саны, б.а. 28 күн.  

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасын эсептөө мисалы 2-тиркемеде келтирилген. 

22. Милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлинин сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасы милдеттүү камдардын минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмүнүн жана банктын Улуттук банктагы корреспондентик эсебиндеги каражаттар суммасынын жана банктын Улуттук банктагы ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин күндөлүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет.  

23. Милдеттүү камдардын минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасы төмөнкү формула боюнча эсептелет:

мында Шн милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм; 

Ом Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинин жана ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдердин милдеттүү камдан күн ичинде орточо четтөөсү

Рш Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү

Д милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээли сакталбаган күндөрдүн саны. 

Милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасын эсептөө мисалы 2-тиркемеде келтирилген. 

24. Банк тарабынан банкоматтардагы улуттук валютадагы нак акча калдыктары боюнча такталбаган маалыматтар берилген шартта, базалык мезгилдин башталышынан берки милдеттүү кам көлөмү, банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктарды эске алуусуз кайрадан эсептелинет жана кемчилик аныкталгандан кийинки бир жыл ичинде банкоматтардагы улуттук валютадагы нак акча калдыктары милдеттүү камдык талаптардын сакталышын эсептөөдө эске алынбайт.  

25. Банктын Улуттук банк менен түзүлгөн корреспонденттик мамилелер жөнүндө келишиминде башкасы белгиленбесе, банкка тиешелүү билдирме жөнөтүлгөндөн кийинки эки жумуш күнү ичинде милдеттүү камдык талаптардын жана милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн андан акцептсиз тартипте айыптык төлөм өндүрүлөт.  

26. Банктын милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы анын ишине максаттуу текшерүүнү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү Улуттук банктын жетекчилигине отчет берет. 

27. Милдеттүү камдык талаптарды бир нече жолу (экиден көп жолу) кайталап же үч ай ичинде бир нече ирет бузууга жол берүү ошол банкка атайы режим киргизүү үчүн негиз болуп саналат. 

6-глава. 

Өзгөчө шарттар  

28. Эгерде Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтомунда башкасы каралбаса, банкка тике банктык көзөмөлдүк режими же болбосо убактылуу администрация режими киргизилген мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн андан айыптык төлөм өндүрүлбөшү мүмкүн.  

 

29. Банк тутумунун бүтүндүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу, система тобокелдигине жол бербөө, банктын ликвиддүүлүгүн колдоого алуу жана аманатчылардын кызыкчылыгын коргоо максатында Улуттук банк Башкармасы эсептик базага кирген милдеттенмелердин олуттуу өзгөрүшүнүн натыйжасында финансылык кыйынчылыктарга дуушарланган айрым коммерциялык банктарга карата милдеттүү камдык талаптар өлчөмүн, эсептөө регламентин жана милдеттүү камдык талаптардын сакталышын кайра карап чыгууга укуктуу. Ушул пунктта чагылдырылган убактылуу чараларды көрүү сунуштары Улуттук банктын көзөмөл блогунун ошол маселе анын карамагына кирген түзүмдүк бөлүм тарабынан демилгеленет. 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

_____ -жылдын __-__________ 

№____токтому менен бекитилген,  

«Милдеттүү кам жөнүндө»  

жобого карата 1-Тиркеме 

 

________дан____________ чейинки мезгил үчүн милдеттүү камдын эсеби 

_______________________________ 

(коммерциялык банктын аталышы) 

 

Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун  

36-формасы боюнча калдык 

Милдеттенмелер 

Эсептешүүүндөлүк) эсептер 

Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер 

Мөөнөттүү депозиттер 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарын эсептери жана депозиттери 

Кардарлардын металл түрүндөгү эсептери 

Эсептик база (1+2+3+4+5) 

Милдеттүү кам* 

 

1 күн  

2 күн  

3 күн  

,,,  

28 күн  

 

 

 

 

 

 

 

Базалык мезгил үчүн орточо  

  

  

  

  

  

  

 

 

Эскертүү: * Милдеттүү камдар ушул Жобонун 11-пунктуна ылайык эсептелет.  

Боелгон ячейка толтурулбайт  

 

Коммерциялык банктын жетекчисинин кол тамгасы  

Мөөр  

 

Улуттук банк Башкармасынын  

____-жылдын __- ____________  

№____токтому менен бекитилген,  

«Милдеттүү кам жөнүндө»  

жобого карата 2-тиркеме 

 

Милдетүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөмдөрдү  

эсептөө мисалы  

(сом) 

№ п.п 

Отчеттук мезгил 

Улуттук банктагы корреспонденттик эсеп (К) 

Банкоматтардагы каражаттардын калдыктары (Б) 

Банктын Улуттук банктагы ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдер (З) 

Камдык активдер 

(А) 

Милдеттүү кам (Р) 

Милдеттүү камдан четтөлөр (А-Р) 

Милдеттүү камдык талаптардын минималдуу өлчөмү (Р*Морт) 

Минималдуу милдеттүү камдан четтөлөр (Ом) 

10 

11 

16.11.2015 

163 160 090 

10 878 518 

40 000 000 

214 038 609 

225 447 841 

-11 409 232 

202 903 057 

257 033 

17.11.2015 

164 138 964 

11 206 088 

40 000 000 

215 345 052 

225 447 841 

-10 102 789 

202 903 057 

1 235 907 

18.11.2015 

165 200 990 

10 442 355 

40 000 000 

215 643 345 

225 447 841 

-9 804 496 

202 903 057 

2 297 933 

19.11.2015 

172 755 618 

10 905 123 

40 000 000 

223 660 741 

225 447 841 

-1 787 100 

202 903 057 

9 852 561 

20.11.2015 

173 011 849 

10 142 294 

40 000 000 

223 154 143 

225 447 841 

-2 293 699 

202 903 057 

10 108 792 

21.11.2015 

169 036 849 

10 754 110 

40 000 000 

219 790 959 

225 447 841 

-5 656 882 

202 903 057 

6 133 792 

22.11.2015 

168 011 849 

9 878 518 

40 000 000 

217 890 367 

225 447 841 

-7 557 474 

202 903 057 

5 108 792 

23.11.2015 

173 731 782 

11 032 658 

40 000 000 

224 764 439 

225 447 841 

-683 402 

202 903 057 

10 828 725 

24.11.2015 

173 421 817 

10 275 835 

40 000 000 

223 697 652 

225 447 841 

-1 750 189 

202 903 057 

10 518 760 

10 

25.11.2015 

175 723 793 

8 155 325 

40 000 000 

223 879 118 

225 447 841 

-1 568 723 

202 903 057 

12 820 736 

11 

26.11.2015 

220 361 873 

9 431 752 

40 000 000 

269 793 626 

225 447 841 

44 345 785 

202 903 057 

57 458 816 

12 

27.11.2015 

176 886 333 

10 284 718 

40 000 000 

227 171 051 

225 447 841 

1 723 210 

202 903 057 

13 983 276 

13 

28.11.2015 

176 886 333 

10 713 172 

40 000 000 

227 599 505 

225 447 841 

2 151 664 

202 903 057 

13 983 276 

14 

29.11.2015 

166 009 349 

11 085 433 

40 000 000 

217 094 782 

225 447 841 

-8 353 059 

202 903 057 

3 106 292 

15 

30.11.2015 

120 200 100 

10 943 715 

40 000 000 

171 143 815 

225 447 841 

-54 304 026 

202 903 057 

-42 702 957 

16 

01.12.2015 

162 976 564 

10 513 273 

40 000 000 

213 489 837 

225 447 841 

-11 958 004 

202 903 057 

73 507 

17 

02.12.2015 

204 302 185 

9 023 676 

40 000 000 

253 325 861 

225 447 841 

27 878 020 

202 903 057 

41 399 128 

18 

03.12.2015 

204 526 117 

10 283 674 

40 000 000 

254 809 791 

225 447 841 

29 361 950 

202 903 057 

41 623 060 

19 

04.12.2015 

164 245 032 

10 971 139 

40 000 000 

215 216 171 

225 447 841 

-10 231 670 

202 903 057 

1 341 975 

20 

05.12.2015 

163 245 032 

11 461 437 

40 000 000 

214 706 470 

225 447 841 

-10 741 372 

202 903 057 

341 975 

21 

06.12.2015 

169 245 032 

11 791 321 

40 000 000 

221 036 353 

225 447 841 

-4 411 488 

202 903 057 

6 341 975 

22 

07.12.2015 

170 341 146 

12 312 678 

40 000 000 

222 653 824 

225 447 841 

-2 794 017 

202 903 057 

7 438 089 

23 

08.12.2015 

163 602 026 

10 957 213 

40 000 000 

214 559 240 

225 447 841 

-10 888 602 

202 903 057 

698 969 

24 

09.12.2015 

180 701 404 

10 734 620 

40 000 000 

231 436 024 

225 447 841 

5 988 182 

202 903 057 

17 798 347 

25 

10.12.2015 

168 150 573 

10 512 965 

40 000 000 

218 663 538 

225 447 841 

-6 784 303 

202 903 057 

5 247 516 

26 

11.12.2015 

167 823 064 

11 065 413 

40 000 000 

218 888 477 

225 447 841 

-6 559 364 

202 903 057 

4 920 007 

27 

12.12.2015 

164 572 618 

11 332 681 

40 000 000 

215 905 300 

225 447 841 

-9 542 541 

202 903 057 

1 669 561 

28 

13.12.2015 

163 072 618 

10 991 834 

40 000 000 

214 064 452 

225 447 841 

-11 383 389 

202 903 057 

169 561 

Жыйынтыгында  

 

 

 

  

-89 117 012 

  

  

Орто күндүк четтөсү (Ос) 

-3 182 750 

  

  

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм (Шн) 

37 132  

 

17 793  

 

Милдеттүү камдан четтөө эсебинин формуласы:  

     О=АР, мында  

     А - банктардын камдык активдери  

     Р - милдеттүү кам  

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөмдү эсептөө формуласы:  

Шн=Ос*Рш/100/360*Д, мында  

     Шн - милдеттүү камдарды сактабагандыгы үчүн төлөм  

     Ос - милдеттүү камдан камдык активдердин эсебинен орто күндүк четтөөсү  

Рш - милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм чени (мында 10 пайыз)  

     Д - базалык мезгилде календарлык күндөрдүн саны (учурда 28 күн)  

Милдеттүү камдардын минималдуу көлөмүнөн четтөнүн эсебин формуласы:  

     Ом=(К+З)Р*Mорт, мында  

     К - Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби 

З - Банктын Улуттук банктагы ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдер  

     Р - милдеттүү кам  

     Mорт - милдеттүү камдын көлөмүнөн минималдуу деңгээл (учурда 90 пайыз)  

Милдеттүү камдык талаптардын минималдуу деңгээлин сактабагандыгы үчүн төлөмдү эсептөө формуласы:  

Шн=Ом*Рш/100/360*Д, мында  

     Шн - милдеттүү камды сактабагандыгы үчүн төлөм  

     Ом - милдеттүү камдын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен күндөлүк четтөөсү  

Рш - милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм чени (учурда 10 пайыз) 

Д - милдеттүү камдык талаптардын минималдуу көлөмү сакталбаган күндөрүнүн саны