Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун долбооруна  

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун долбоорун (мындан ары Жобонун долбоору) сунуштайт.  

Жобо долбоору ликвиддүүлуктүн тобокелдигин эффективдүү башкаруу максатында иштелип чыккан. Бул документ балансттык ликвиддүүлүк тобокелдигин толугу менен башкаруунун колдонмосу болуп, анын талаптарыбанктар тарабынан толугу менен жүзөгө ашыруу жагдайында, тобокелдиктерди сапаттуу башкарууну камсыз кылууга багытталган.  

Сунушталып жаткан Жобо долбоорунун алкагында, ликвиддүүлуктүн тобокелдигин жөнгө салуу суроосун, финансы рыногу ар кандай терс таасирлерге дуушар бологондуктан жана коммерциялык банкттардын ликвиддүүлүгү ченелген мөөнөткө гана жетиштүү болгон учурларды эске алуу менен бирге кайра карап чыгууларын шарттоо менен, коммерциялык банкттардын иштешине көмөк көрсөтүү болуп саналат. Ошондуктан, банк системасы белгиленген стесстерге дуушар болушу мумкүн.  

Жобонун долбооруу «Ликвиддүүлүктүн тобокелдигинин стандарттарын ченөө жана мониторинг жүргузүүнү жөнгө салуу системасынын эл аралык талаптары» III- Базелге ылайык иштелип чыккан. Талаптар капитал жана ликвиддүүлук боюнча эл аралык эрежелерди камтыйт жана банк системасынын туруктулуугуна багытталган.  

Жобонун долбооруу негизинен банкка керек болгон деңгээлдеги ликвиддүүлуктүн көрсөткүчүн керектүү деңгээлде колдоонуну камсыз кылуу үчүн, сандык жана сапаттык акча каражаттардын агымдардын аныктоо аркылуу банкттын ликвиддүүлүгүнүн тобокелдигин башкаруу шайкештигин балоого багытталган.  

Документ негизинен банктын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын, Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетинин, жана ошондой эле, банкттын ликвиддүүлүгун башкаруу процессине жоопту кызматкерлердин жоопкерчилиги жөнгө салат. 

Мындан тышкары, Жобонун долборуу банктагы маалымат системаларын башкаруунун айрым талаптарын, бир күн ичинде, бир жума жана бир ай ичиндеги ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөөнүн талаптарын, чет өлкө валютасындагы ликвиддүүлүктү тескөөнүн талаптарын жана ошондой эле, уюмдар тобунун алкагында ликвиддүүлүктү тескөөнүн талаптарын камтыйт.  

Ошондой эле, банк тарабынан кошумча талап катары, ар дайым стресс-тест жүргүзүү каралууда. Стресс-тест өткөрүү банкка алгылыксыз шарттарда каржылоону керектөөнү канааттандыруу үчүн банктын ликвиддүү активдерди топтоо жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн талап кылынат. 

 

 

Долбоор  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын «___» _________ 

№_______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» 

ЖОБО 

 

1-глава. 

Жалпы жоболор 

 

1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары (мындан ары банктар) милдеттүү түрдө сактоого тийиш болгон ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар белгиленген. 

Жобонун талаптары бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде алар банктык операцияларды жүзөгө ашырууда колдонулуучу атайы терминологияны эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга, анын ичинде «ислам терезесине ээ» банктарга (мындан ары банктар) таркатылат. 

2. Жобонун максаттарында төмөнкү аныктамалар колдонулган: 

Ликвиддүүлүк көрсөткүчү бул, банктын ликвиддүүлүк тобокелдигинин бир же бир нече мүнөздүү деңгээлин аныктаган көрсөткүч. 

Баланстык ликвиддүүлүк тобокелдиги ликвиддүү активдердин же акча каражаттарынын жоктугунан өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн эместигине байланыштуу, банктын жоготууга дуушарлануу ыктымалдыгын түшүндүргөн тобокелдик. Башкача айтканда банк күндөлүк операцияларды аткарууну эсепке алуусуз, келип түшкөн акча каражаттардын күндөлүк жана/же келечекте керектөөсүн натыйжалуу камсыз кыла албайт. 

Рыноктук ликвиддүүлүк тобокелдиги мында, банк рынокто операция жүргүзүү көлөмүнө (рынок мүмкүнчүлүгү) жетишсиз баа берүүдөн же рынокто абал туруксуз болгондуктан, компенсация төлөй албашы же рыноктук баага ылайык абалды (жагдайды) четтете албашы мүмкүн болгон тобокелдик. 

 

2-глава. 

Банктын Директорлор кеңешинин милдеттери 

 

1-бөлүк. Тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө карата милдеттер 

 

3. Банктын Директорлор кеңеши банк Башкармасы, ошондой эле ликвиддүүлүктү тескөө жагында иш алып барган тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр/кызматкерлер тарабынан так аныкталышы жана сакталышы үчүн алгылыктуу ликвиддүүлүк тобокелдик деңгээлин белгилөөгө тийиш.  

4. Банктын Директорлор кеңеши төмөнкү факторлорду эске алуу менен тобокелдикти кабыл алуу деңгээлин аныктайт: 

- банктын бизнес-стратегиясын, финансылык жоболорун, ошондой эле потенциалдуу каржылоону эске алуу менен адаттагы шарттарда жана өзгөчө учурларда банк өзүнө кабыл алууга жөндөмдүү баланстык ликвиддүүлүк тобокелдигинин деңгээлин так аныктоо. Банк өзүнө кабыл ала алган тобокелдик деңгээли банктын системалык маанилүүлүгүнө дал келүүгө тийиш. Ликвиддүүлүктү тескөө жагында иш алып барган тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр/банк кызматкерлери баланстык ликвиддүүлүктүн банк үчүн артыкчылыктуу болгон тобокелдик деңгээлин так түшүнүүгө жана сактоого тийиш, мында алардын шайкеш келүүсүн түшүндүрүүгө жана мониторинг жүргүзүүгө тийиш; 

- банк өз ликвиддүүлүгүн адаттагы шарттарда гана этияттык менен тескөө гана эмес, узак мөөнөттүү (бир ай же андан көп мезгил ичинде) тышкы таасир орун алып турган учурда да ага туруштук берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш экендиги жөнүндө талап; 

- тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүндө ликвиддүүлүк тобокелдиги булактарына баа берүү чагылдырылууга тийиш, мында орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктер менен пайда ортосундагы өз ара байланыш эске алынуусу зарыл. 

5. Тобокелдикти кабыл алуу деңгээли ликвиддүүлүк тобокелдигинин ар кандай аспекттерин кийин контролдоо максатында сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрдү пайдалануу менен документке катталууга жана түзүлүүгө тийиш. 

6. Улуттук банк ликвиддүүлүк тобокелдигине карата катыш боюнча банктын тобокелдикти кабыл алуу деңгээлинин негиздүүлүгүнө (жана башка кайсыл болбосун мындай тобокелдиктин таркашы мүмкүндүгүнө) баа берүүгө укуктуу. Эгерде банктын тобокелдикти кабыл алуу деңгээли Улуттук банк тарабынан белгиленгенден жогору катары таанылса (банк үчүн мүмкүнчүлүктүү деңгээлден жогору болсо), Улуттук банк ошол банк менен тобокелдикти кабыл алуунун артыкчылыктуу деңгээлин сактоо маселесин талкуулайт.  

7. Банктын Директорлор кеңеши банк өзүнө кабыл алган ликвиддүүлүк тобокелдигинин деңгээли жана ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөөгө алынышы үчүн толук жоопкерчилик тартат. 

 

2-бөлүк. Директорлор кеңешинин ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча укуктары жана милдети 

 

8. Банктын Директорлор кеңеши ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө системасы/түзүмү, банктын талапка ылайык иш алып баруусу, анын масштабы, татаалдыгы жана өлчөмү үчүн жоопкерчилик тартат. 

9. Банктын Директорлор кеңеши ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө системасын/түзүмүн тескөө, анын ичинде өзгөрүү жүргөн учурда, анын максатка ылайыктуулугуна талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт, ошондой эле ликвиддүүлүк тобокелдигине таасирин тийгизиши мүмкүн болгон банк ишинин багыттарынын өзгөрүү мүмкүндүгүн аныктайт. 

10. Банктын Директорлор кеңеши ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча айрым ыйгарым укуктарды банктын Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетине же башка ушул сыяктуу комитеттерге өткөрүп берүүгө укуктуу. Бирок бул Директорлор кеңешин жана анын мүчөлөрүн ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча милдеттерден жана аларга милдеттер жүктөлгөн бардык комитеттердин ишине контролдукту жүргүзүү зарылчылыгынан бошотпойт.  

11. Ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча функцияларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетинин курамына казыналыктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, тобокелдик-менеджментинин жана анын ликвиддүүлүк тобокелдигин аныктаган башка негизги бөлүмдөрүнүн кызматкерлери камтылууга тийиш. Активдерди жана пассивдерди тескөө комитети да ликвиддүүлүк тобокелдигинин тескөөгө алынышына түздөн-түз жооп берген тобокелдик-менеджменти кызматынын маалыматына негизденет. 

12. Банктын Директорлор кеңеши банкта компетенттүү курамдан турган жетекчиликтин жана тобокелдикти натыйжалуу тескөө үчүн системалар жана ресурстар боюнча жетиштүү тажрыйбага жана билимге ээ ликвиддүүлүк тобокелдигин өлчөө, ага мониторинг жүргүзүү жана контролдоо ишин жүргүзүүгө жооптуу тиешелүү персоналдын болушун камсыз кылууга тийиш. 

13. Директорлор кеңеши белгиленген тобокелдикти кабыл алуу деңгээлин жана жетиштүү ликвиддүүлүктү колдоо үчүн ликвиддүүлүктү тескөө боюнча стратегияларды, саясаттарды жана жол-жоболорду кароого алат жана бекитет. 

14. Банктын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясаты банк ишине жана адаттагы шарттарда сыяктуу эле, стресс жагдайларында да ликвиддүүлүктү керектөөсүнө ылайык келүүгө тийиш. 

Банктын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатында кеминде төмөнкү негизги аспекттер чагылдырылууга тийиш: 

а) ликвиддүүлүк тобокелдигин кабыл алуу мүмкүнчүлүгү

б) ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө стратегиясы, анын ичинде: 

- банктын негизги стратегиясына ылайык максаттары жана милдеттери; 

- күндөлүк ликвиддүүлүктү керектөөнү контролдоо жана милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин түзүмү жана ордун жабуу; 

- банк колдоого алууну пландаштырган каржылоо булактарын диверсификациялоо жана туруктуулук деңгээли; 

- ар кандай валюталар, ишкердик чөйрөсүндө ликвиддүүлүктү тескөө ыкмасы; 

- жол берилген минималдуу ликвиддүүлүк деңгээли (лимит); 

- каражаттардын агылып кирүүсүн жана чыгуусун күндөлүк негизде өлчөө жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле күндөлүк ликвиддүүлүктү керектөөнү контролдоо жана милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо үчүн банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин ордун жабуу мөөнөттөрүнүн ажырымына ар жумалык мониторинг жүргүзүү

- зарыл ликвиддүүлүктү болжолдоо; 

- депозит базасынын жана башка карыздык каражаттардын түзүмү жана туруктуулугун баалоо; 

- акча рыногунда карыз алышуу мүмкүнчүлүгү

- активдердин сапаты; 

- баланстан тышкаркы милдеттенмелерди аткаруу; 

- ликвиддүүлүк каатчылыгы орун алышы мүмкүндүгүн пландаштыруу; 

- чет өлкө валюталарындагы ликвиддүүлүктү тескөө

- ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөөгө алынышын ички контролдоо; 

- зарыл башкаруучулук отчету. 

в) ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча милдеттенмелер ыйгарым укуктарды, милдеттерди жана отчеттун түзүмүн так чектөө менен; 

г) ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө системасы ликвиддүүлүк тобокелдигин өлчөө, мониторинг жүргүзүү, контролдоо үчүн системаларды жана инструменттерди колдонуу, анын ичинде; 

- ликвиддүүлүктүн ар кандай лимиттерин жана коэффициенттерин белгилөө (мисалы, ликвиддүүлүктүн максаттуу коэффициенттери, ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча дал келбөөчүлүк лимиттер, кредиттердин депозиттерге карата катышы ж.б.); 

- колдонуудагы ыкмаларды, сценарийлерди жана жол берүүлөрдү кошо алганда, акча каражаттарынын жылышын болжолдоо жана ликвиддүүлүктү стресс-тесттен өткөрүү үчүн негиздер; 

- ликвиддүүлүк тобокелдиги боюнча башкаруучулук отчетун берүү системасы. 

д) күтүүсүз жагдайларга каралган каржылоо планы, анда орун алышы мүмкүн болгон жагдайларга каралган ыкмалар жана стратегиялар камтылууга тийиш.  

15. Директорлор кеңеши экономикалык, финансылык жана операциялык стандарттардын, ошондой эле банктын жалпы стандартына ылайык, алгылыктуу мезгил аралыгында бекитилген ликвиддүүлүктү тескөө стратегиясынын кайра каралышы үчүн жооптуу.  

Ликвиддүүлүк тобокелдигинин натыйжалуу жана шайкеш тескөөгө алынышын камсыз кылуу максатында банктын Директорлор кеңеши жыл ичинде кеминде бир жолу (утурумдук негизде) банктын стратегияларын жана саясаттарын кароого алат. Корректировкаларды киргизүү зарылчылыгы келип чыккан учурда жыл ичинде алар кароого алынып, корректировкалар киргизилет.  

16. Банктын Директорлор кеңеши ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө процессине жана алардын натыйжалуулугуна контролдук функцияларынын жүргүзүлүшүн камсыз кылган ички аудит системасынын түзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат. Банктын Директорлор кеңеши ишке ашырылып жаткан ички контролдуктун көз карандысыздыгын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу жана кызматкерлердин банк операциялары боюнча функцияларынын бөлүштүрүлүшү үчүн жооптуу.  

Банктын Директорлор кеңеши ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө процессинин бүтүндүгүн камсыз кылган ички контролдуктун шайкеш системасын уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартат. 

 

3-бөлүк. Банк Башкармасынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча укуктары жана милдети 

 

17. Банк Башкармасы банктын ликвиддүүлүк тобокелдигин жөнгө салуу стратегияларынын, саясаттарынын жана жол-жоболорунун иштелип чыгышы жана жүзөгө ашырылышы үчүн жоопкерчилик тартат.  

18. Банк Башкармасы өзүнчө бөлүмдүн ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин белгилөөгө же анын функциясына банктын ликвиддүүлүгүнүн абалы тууралуу шайкеш отчетту түзүү жана өз учурунда сунуштоо кирген түзүмдүк бөлүмдү аныктоого тийиш.  

19. Банк Башкармасы өз учурунда жаңы жана потенциалдуу проблемалар тууралуу, тышкы рынокто болуп жаткан жагдайлар жөнүндө маалымат алууга тийиштүү.  

20. Банк Башкармасы өз учурунда жана туруктуу негизде жаңы жана потенциалдуу проблемалар тууралуу Банктын Директорлор кеңешин маалымдалып турууга тийиш, атап айтканда: 

- каржылоо наркынын жогорулашы (белгиленген чектүү деңгээл); 

- каржылоо булактарынын бир жерге топтолушу; 

- каржылоонун олуттуу бөлүгү келип түшкөн рыноктордо терс өзгөрүүлөрдүн болушу; 

- альтернативалуу каржылоо булактарынын болушу/жоктугу; 

- белгиленген лимиттерден кыйла же узак убакыт бою артышы; 

- милдеттер жүктөлбөгөн, жогору ликвиддүү активдер камдарынын олуттуу өзгөрүүсү/азайышы; 

- күрөөлүк камсыздоо болуп саналган активдердин рыноктук баасынын төмөндөшүнөн улам же башка себептер боюнча камсыздоо боюнча кошумча талаптардын жогорулатылышы; 

- тышкы рыноктордо келечекте кыйынчылыкка алып келиши мүмкүн болгон шарттардын өзгөрүшү

 

4-бөлүк. Көз карандысыз баа берүү жана аудит 

 

21. Банк анын бүтүндүгүн, аныктыгын жана негиздүүлүгүн камсыз кылуу үчүн ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө процесстерине мезгил-мезгили менен баа берип турууга тийиш. Баа берүү тиешелүү көндүмдөргө жана билимге ээ көз карандысыз кызматкерлер/эксперттер (ички же тышкы аудиторлор) тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.  

22. Ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө процессине баа берүүдө кеминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- ликвиддүүлүк тобокелдигин аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана аны кыскартуу үчүн ички системалардын жана жол-жоболордун шайкештиги; 

- ликвиддүүлүк тобокелдигин контролдоо мүмкүнчүлүгүн берген ликвиддүүлүк параметрлери боюнча ар кандай ички лимиттердин негиздүүлүгү

- акча каражаттарынын жылышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулуп жаткан сценарийлердин жана жол берүүлөрдүн конструктивдүүлүгү

- ликвиддүүлүк тобокелдиги жөнүндө сунушталган маалыматтардын бүтүндүгү жана жетиштүүлүгү

- ликвиддүүлүктү колдоо үчүн белгиленген эрежелерди жана жол-жоболорду аткаруу. 

Банк жетекчилиги ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө процессине баа берүү учурунда аныкталган кандай болбосун үзгүлтүктөрдү же проблемаларды өз учурунда жана натыйжалуу четтетүүгө тийиш.  

 

3-глава. Ликвиддүүлүк тобокелдигин аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо 

 

1-бөлүк. Ликвиддүүлүк тобокелдигин өлчөө параметрлери жана инструменттери 

 

23. Банкта ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө процесси өзүндө төмөнкү элементтерди камтууга тийиш: 

а) аларга карата банк ликвиддүүлүк тобокелдигин аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо үчүн ички лимиттерди белгилеген, ыңгайлаштырылган инструменттер жана параметрлер топтомун пайдалануу; 

б) ликвиддүүлүк жана тобокелдик позицияларынын потенциалдуу чабал жерлерин аныктоо үчүн алдын алуу индикаторлорун иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү

в) Директорлор кеңешине орун алган жана потенциалдуу ликвиддүүлүк проблемалары жөнүндө отчетторду жана башка маалыматты өз убагында жана натыйжалуу сунуштоо системасын түзүү

24. Банктар өз ликвиддүүлүк тобокелдигин өлчөө жана талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн ар кандай параметрлерди колдонууга тийиш. Ал параметрлер банк жетекчилигине ликвиддүүлүктүн ыкчам позицияларын жана ликвиддүүлүктүн түзүмдүк дал келбөөсүн түшүнүү, ошондой эле банктын ар кандай таасирлерге туруштук берүүсүн аныктоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш. 

Ликвиддүүлүк параметрлери төмөнкү иштерди аткарууга шарт түзүүгө тийиш: 

- банктын акча каражаттарынын келечекте жылышын болжолдоо жана ар башка мезгил аралыгында адаттагы жагдайда сыяктуу эле, алгылыксыз жагдайлар орун алган шартта да каржылоонун потенциалдуу дал келбөөчүлүктөрүн аныктоо (акча каражаттарынын жылышын болжолдоо ыңгайлуу жана таанылган жол берүүлөргө негизденүүгө тийиш, алар талапка ылайык документ түрүндө таризделип, мезгил мезгили менен каралып, бекитилет); 

- сейрек кездешүүчү мүнөзгө ээ тобокелдиктерди кошо алганда, банктын баланстык жана баланстан тышкаркы түзүмүнө жана коммерциялык ишине мүнөздүү потенциалдуу ликвиддүүлүк тобокелдигине баа берүү, анын ичинде шарттуу милдеттенмелер; 

- банктын каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгүнө, ошондой эле негизги каржылоо булактарынын бири боюнча анын чабал жерлери же концентрациялануусуна баа берүү

- валюта курстарынын өзгөрүүсүнөн банктын ликвиддүүлүк тобокелдигин аныктоо. 

25. Банк өз түзүмүнө, татаалдыгына жана тобокелдик мүнөзүнө ылайык келген параметрлерди жана инструменттерди пайдаланууга тийиш. Тобокелдикти өлчөө үчүн төмөндө келтирилген ликвиддүүлүк параметрлери колдонулушу мүмкүн: 

- негизги контрагенттерден тартылган каражаттардын концентрациялануу деңгээли (көлөмүнө карабастан жеке адамдардан жана юридикалык жактардан тартылган каражаттарды кошо алганда) же негизги каржылоо инструменттери жөнүндө маалымат (мисалы, баалуу кагаздардын ар кандай түрлөрүн чыгаруу аркылуу); 

- келишилген мөөнөттөрдүн негизинде төлөө мөөнөтү боюнча дал келбөөчүлүктөргө, ошондой эле акча каражаттарынын агылып кирүү жана агылып чыгуу динамикасы жөнүндө жол берүүлөргө талдап-иликтөөлөр; 

- экономикалык кооптуу жагдайлар орун алган шартта кошумча ликвиддүүлүктү тартуу мүмкүнчүлүгүнө баа берүү үчүн банктын ликвиддүүлүгүнүн өлчөмү, түзүмү жана резерв мүнөзү тууралуу маалымат; 

- башка коэффициенттер жана көрсөткүчтөр (кредиттердин депозиттерге карата катышы), топ ичинде ачык позициялар жана карыз алышуулар, своп коэффициенттери (банктын улуттук валютадагы ликвиддүүлүгүн каржылоо үчүн чет өлкө валютасынан көз карандылыгын өлчөө үчүн), банктын коммерциялык ишине дал келген келишимдик жана келишимден тышкаркы механизмдери жана милдеттенмелери. 

26. Банк, олуттуу тобокелдик ликвиддүүлүгүн табуу үчүн ликвиддүүлүк параметрлери аларга шилтеме келтирген маалыматты же тенденцияларды (мисалы, туруктуу депозиттер көлөмүнүн төмөндөшү) утурумдук негизде талдап-иликтөөгө тийиш. 

 

2-бөлүк. Ликвиддүүлүк тобокелдигин контролдоо үчүн лимиттер 

 

27. Банк лимиттерди ликвиддүүлүк паарметрлери боюнча белгилөөгө тийиш, алар ликвиддүүлүк тобокелдигинин деңгээлине мониторинг жүргүзүү жана контролдоо үчүн колдонулат. Лимиттер топтому банктын коммерциялык ишине жана анын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ылайык келүүсү зарыл. 

28. Ликвиддүүлүк тобокелдигинин параметрлери боюнча белгиленген лимиттер күндөлүк ликвиддүүлүктү тескөө үчүн колдонулууга, ошондой эле банктын экономикалык алгылыксыз шарттар орун алган учурда ишин улантуусун камсыздаган деңгээлде белгиленүүгө тийиш.  

29. Банк ликвиддүүлүк тобокелдиги параметрлери боюнча белгиленген лимиттердин сакталышын камсыз кылууга жана алар алдын ала билдирген индикатор же олуттуу тобокелдик жана/же ликвиддүүлүк тобокелдигинин шайкеш эмес тескөөгө алынышын алдын ала билдирген индикатор катары кызмат кылган өзгөчө учурлар же бузууга жол берүүлөр тууралуу отчетторду даярдоо жана сунуштоо тартибин, параметрлерин белгилөөгө тийиш. Ликвиддүүлүк тобокелдиги параметрлери боюнча белгиленген лимиттер жана отчетторду даярдоо, сунуштоо тартибин, параметрлери боюнча тиешелүү жол-жоболор жыл ичинде кеминде бир жолу кароого алынууга же зарыл учурларда жыл ичинде каралып турууга тийиш.  

 

3-бөлүк. Ликвиддүүлүктүн артышы тобокелдигин алдын ала билдирүү индикаторлору 

 

30. Банк ар кандай позициядагы ликвиддүүлүк тобокелдигинин жогорулоосун/өсүшүн же каржылоонун потенциалдуу керектөөсүн (мындан ары алдын ала эскертүү индикаторлору) аныктоого мүмкүндүк берген индикаторлорду иштеп чыгууга тийиш. 

Алдын ала эскертүү индикаторлору кандай болбосун терс тенденцияларды аныктоону камсыз кылууга, жетиштүү баа берүүнү чечмелөөгө жана банкка карата тобокелдик таасирин басаңдатуу үчүн банк жетекчилиги тарабынан тиешелүү чаралардын кабыл алынышы үчүн жөнөтүүгө тийиш. Ликвиддүүлүктүн ашкере тобокелдигин алдын алуу индикатору катары ички маалыматтар сыяктуу эле, бүтүндөй система боюнча маалыматтар пайдаланылышы мүмкүн.  

31. Ашкере тобокелдикти алдын алуу индикатору сапаттык же сандык болушу мүмкүн жана өзүндө кеминде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- потенциалдуу өзгөрүлмөлүү пассивдер/милдеттенмелер аркылуу каржылоодо активдердин өсүшү

- активдердин жана пассивдердин (милдеттенмелердин), ошондой эле каржылоо булактарынын концентрацияланышы; 

- валюталардын дал келбөөчүлүктөрүнүн өсүшү

- каржылоо наркынын жогорулоосу; 

- өзгөчө кыска мөөнөттүү убакыт аралыгында (мисалы, 1 айга чейин) ордун жабуу мөөнөтү боюнча терс ажырымдардын жогорулашын тастыктаган акча каражаттарынын жылышынын же ликвиддүүлүктүн түзүмдүк позицияларынын начарлоосу; 

- милдеттенмелердин ордун жабуунун орточо салмактанган мөөнөтүнүн кыскарышы; 

- ченемдердин маанисинин ички же Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жободо белгиленген лимиттерге ыктоо учурлары же болбосо белгиленген лимиттерден ашуусу; 

- терс тенденциялар же тобокелдиктин өсүшү (мисалы, белгилүү бир ишкана, бизнес түрү, продукт же банк ишине байланыштуу, милдеттенмелерди аткарбай коюу жагдайларынын өсүшү, пайда алып келбеген кредиттердин өсүшү же чыгым тартуу менен иш алып баруу); 

- пайда алуу көрсөткүчүнүн, активдер сапатынын жана банктын жалпы финансылык абалынын кыйла начарлоосу; 

- жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет сайттарда банк тууралуу терс маалыматтын болушу; 

- кредиттик рейтингдин төмөндөшү (болгон болсо); 

- контрагенттердин кредиттер боюнча кошумча камсыздоо сунуштоо талабы же камсыздоосуз каржылоону сунуштоо боюнча жаңы бүтүмдөргө келишүүдөн же болбосо узак мөөнөткө каржылоодон баш тартуу; 

- банк-корреспонденттерден жеткиликтүү кредиттик линиялардын кыскарышы; 

- талап боюнча төлөнүүчү депозиттерди алуу тенденциясынын күч алышы; 

- мөөнөттүү депозиттерди мөөнөтүнөн мурда алуунун көбөйүшү

- кыйла узак мөөнөттүү каржылоодон пайдалануу кыйынчылыктары. 

32. Банкта активдерди кайра сатып алууну шартташы мүмкүн болгон баланстан тышкаркы операциялар жана шарттуу милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин өсүшүн, финансылык продукттар боюнча ликвиддүүлүктү кошумча колдоону, камсыздоо талабынын күч алышын же акчалай формадагы маржаны көбөйтүү талабын аныктоого мүмкүндүк берген же болбосо ликвиддүүлүктүн өзгөрүшүн аныктай алган кошумча индикаторлор белгиленген.  

4-бөлүк. Башкаруунун маалымат системалары  

 

33. Банкта Директорлор кеңешине, банк Башкармасына жана бул багытта жоопкерчиликтүү башка кызматкерлерге банк ликвиддүүлүгүнүн абалы жөнүндө маалыматты өз учурунда жана анык маалыматтын берилишин камсыз кылууга өбөлгө түзгөн ишенимдүү маалымат системасы болууга тийиш.  

Маалымат системалары Директорлор кеңешине жана банк жетекчилигине ликвиддүүлүк боюнча проблемаларды аныктоого, ошондой эле ликвиддүүлүк каатчылыгы орун алган учурда жагдайды контролдоого (анын ичинде Улуттук банктын талаптары сакталбаган мезгилде) көмөктөшүүгө тийиш. 

34. Маалымат системалары банкка кеминде төмөнкүлөргө көмөктөшүүсү зарыл: 

- өзүнчө сыяктуу эле, топтолгон негизде да бардык валюталардагы ликвиддүүлүккө мониторинг жүргүзүүгө

- ар кандай аспекттер көз карашынан каржылоо булактары боюнча концентрациялануу деңгээлин көрсөтүүгөөлөө мөөнөтү, каржылоо булагынын түрү, контрагент ж.б.); 

- шарттуу милдеттенмелер жана баланстын тышкаркы операциялар боюнча мүмкүнчүлүктүү жаңы талаптарды кошо алганда, ликвиддүүлүк тобокелдигинин бардык булактарын чагылдырууга; 

- күн ичинде сыяктуу эле, ай ичинде жана андан да узак мезгил аралыгында жана алар ортосунда ликвиддүүлүк позицияларын эсептөөгө

- тобокелдиктерди ичтен тескөө максаттарында, ликвиддүүлүккө байланыштуу ар кандай чектөөлөрдү жана коэффициенттерди, анын ичинде банк мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарын эсептөөгө жана болжолдоого; 

- банк ичинде ликвиддүүлүк тобокелдигине мониторинг жүргүзүү үчүн банк Башкармасы ар башка алуучулар жана отчетторду даярдоо үчүн жооп берген тараптарга берилүүчү отчеттун чөйрөсүн, берүү ыкмасын жана мезгил аралыгын көрсөтүү менен отчет берүү критерийин аныктоого тийиш. 

35. Отчеттордо анык маалыматтардын камтылышы ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө, ликвиддүүлүктү керектөөнүн зарыл деңгээлин өлчөө жана ликвиддүүлүк тобокелдигин контролдоо үчүн талап кылынат. 

Келип чыккан проблемаларды аныктоого мүмкүндүк берүү жана лимиттерди бузууну чектөөгө өбөлгө түзүү үчүн отчеттордо ликвиддүүлүк тобокелдигин ичтен тескөө сыяктуу эле, ченемдик регулятивдик талаптарды сактоо максаттарында, белгиленген лимиттери менен ликвиддүүлүктүн күндөлүк позициялары камтылууга тийиш. 

Ликвиддүүлүк тобокелдиги лимиттеринен арткан шартта кароого алынуучу маалыматтарды - жетекчиликке, ал эми зарылчылык келип чыккан шартта банк Башкармасына сунуштоо зарыл жана анда чектүү маанилерди жана отчетторду сунуштоону жөнгө салган чаралар көрсөтүлүүгө тийиш.  

 

5-бөлүк. Акча агымдарынын базасында ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө  

 

36. Банк акча агымдарына негизденүү менен ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөөгө тийиш. Сандык өлчөө жана талдап-иликтөөлөр жетиштүү болууга жана анда төмөнкү учурда колдонулууга тийиш болгон ар күндүк, ар жумалык, ар айлык жана ар жылдык, ошондой эле башка убакыт аралыгында активдер, милдеттенмелер, баланстык жана баланстан тышкаркы позициялар тарабынан түзүлүүчү акча агымдарын камтууга тийиш: 

- күнүмдүк негизде адаттагыдай ишти жүзөгө ашырууда таза каржылоо керектөөсүнө мониторинг жүргүзүү

- бүтүндөй сценарийлер түрүнө негизденген акча агымына туруктуу негизде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

37. Акча агымдарынын базасында ликвиддүүлүктү өлчөө өзүндө банктын акча каражаттарынын агылып чыгышына карата агылып кирүүсүнө, келип чыккан баланстык жана баланстан тышкаркы активдерге жана милдеттенмелерге баа берүү, ошондой эле каржылоонун потенциалдуу таза тартыштыгын аныктоо максатында анын активдеринин ликвиддүү наркына баа берүүнү жүргүзүү камтылууга тийиш.  

Банктар күндөлүк ишти жүргүзүү шарттарында сыяктуу эле, кандайдыр бир жагдайларда да күтүлүп жаткан акча каражаттарынын агылып кирүүсүнө жана агылып чыгуусуна баа берүүгө жана аны аныктоого тийиш. Болжолдоолор перспективалуу мүнөзгө ээ жана алар акыл ченемдүү өбөлгөлөргө жана ыкмаларга негизденүүгө тийиш. Демек, ликвиддүүлүк тобокелдигин аныктоодо, өлчөөдө, мониторинг жүргүзүүдө жана контролдоодо төмөнкүлөр эске алынууга тийиш: 

- активдер жана милдеттенмелер боюнча акча агымы; 

- шарттуу милдеттенмелерге жана баланстан тышкаркы позицияларга тиешелүү орун алышы мүмкүн болгон жагдайлар; 

- чет өлкө валютасындагы активдер жана милдеттенмелер; 

- негизги иш багыттар жана анын түрлөрү (корреспонденттик, депозитардык жана эсептик). 

38. Акча агымдарынын болжолдоолорунда ар кандай факторлор эске алынууга жана алар ар кайсы мезгил аралыгы үчүн өз-өзүнчө түзүлүүгө тийиш, анын ичинде: 

- ликвиддүү каражаттарын керектөө жана бир күндүк чекте каржылоо потенциалын өзгөртүү зарылчылыгы; 

- бир күндөн кийинки күндөргө карата ликвиддүүлүктү керектөө жана бир жылга чейинки кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгил аралыгына каржылоо потенциалы; 

- бир жылдан жогору мөөнөткө ликвиддүүлүктү кыйла узак мөөнөт ичинде керектөө

- жагдайларга, ишкердик түрүнө жана стратегияларга байланыштуу ийкемдүүлүк факторлору, алар ликвиддүүлүктү топтоо боюнча потенциал үчүн олуттуу таасир келтириши мүмкүн. 

39. Банк күндөлүк негизде каржылоо керектөөсү үчүн зарыл болгон жетиштүү деңгээлдеги акча каражаттарын камсыз кылууга тийиш же болбосо өз активдеринин же башка өз каржылоо булактарынын эсебинен жетиштүү өлчөмдөгү акча каражаттарынан арылтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

40. Каржылоо керектөөсү банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин ордун жабуу мөөнөтү боюнча бааланат. 

Баланстык жана баланстан тышкаркы активдер жана милдеттенмелер боюнча бардык акча агымдары алардын ордун жабуу мөөнөттөрүн эске алуу менен бөлүштүрүлүүгө тийиш, ал ар бир убакыт чегинде агылып кирүүдөн агылып чыгууну алып салуу менен ишке ашырылат. Дал келбестиктердин кумулятивдик таза позициясы кийинки убакыт чегиндеги дал келбестиктердин таза позицияларынын өсүү жыйынтыгын кошуу менен алынат, алар банкка ар бир убакыт чегинде каржылоонун келечектеги таза керектөөсүнө баа берүүгө шарт түзөт.  

41. Ордун жабуу мөөнөттөрүнүн профилинде убактылуу диапазондордун жетиштүү саны камтылууга тийиш, бул банк өз кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү ликвиддүүлүк керектөөсүнө байкоо жүргүзүүсү үчүн зарыл.  

Кыска мөөнөттүү келечекке (өзгөчө овернайт мөөнөттөрү жана бир жумалык мөөнөт үчүн) бир күндүк, андан кийин башка мезгил аралыгы үчүн кеңири жана кыйла кылдат белгиленген убакыт чегин пайдалануу зарыл. 

42. Банк, алардын түзүмдүк баланстык позициялары менен шартталган ликвиддүүлүктүн потенциалдуу проблемаларынын келип чыгышын алдын алуу максатында, орто мөөнөттүү жана андан узагыраак убакыт чеги үчүн дал келбестиктер позициясын кароосу зарыл.  

43. Банк кыскараак убакыт чегинде, өзгөчө кийинки күн, жети күн жана бир ай үчүн акча каражаттарынын таза агылып чыгышы боюнча өз кумулятивдик позициялары үчүн ички лимиттерди белгилөөгө тийиш.  

44. Мөөнөттөр боюнча дал келбестиктерге лимиттер ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча саясатта чагылдырылууга жана ал жыл ичинде кеминде бир жолу же зарыл учурда жыл ичинде каралууга тийиш. 

45. Акча агымдары келишимде каралган мөөнөттөрдө аныкталышы мүмкүн, бирок төмөнкү аспекттерди кароо менен акча агымдарынын ишенимдүү (айкын) болжолдоосун түзүү максатында, айкын шарттарды эске алуу зарыл болгон башка белгилердин негизинде баа берилүүгө тийиш болгон акча агымдары келип чыгышы мүмкүн:  

- келечекте баланстын өсүшү

- келечекте ордун жабуу каралган активдердин жана мидеттенмелердин ордун жабуу коэффициенти боюнча күтүүлөр; 

- камсыздалган каржылоону алуу үчүн күрөө катары пайдаланылышы мүмкүн болгон ликвиддүү активдердин сапаты жана үлүшү

- так белгиленген ордун жабуу мөөнөтүнө ээ эмес активдердин жана милдеттенмелердин динамикалык мүнөздөмөсү (мисалы, овердрафттардын ордун жабуу жана талап боюнча төлөнүүчү эсептерден каражаттарды алуу үчүн); 

- баланстан тышкаркы активдер жана милдеттенмелер боюнча потенциалдуу акча агымдары; 

- чет өлкө валюталарынын конвертацияланышы; 

- эсептешүү мөөнөттөрүн жана убакыттар айрымасынын таасирин эске алуу менен жүгүртүүдөгү карыздык баалуу кагаздарды жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынган убакыт; 

- каржылоо булагынан пайдалануу. 

46. Банк корреспонденттик, депозитардык жана эсептешүү кызматтарды сунуштоосунун анын акча агымдарына таасирин жөнгө салууга тийиш. Мында банк аларда тике катышуучу болуп саналган төлөм жана эсептешүү системаларында белгиленген эсеп жүзөгө ашырылбай калган учурларда иш-аракеттер/жол-жоболор тартибин иштеп чыгууга жана аны так сактоого тийиш, ошондой эле ликвиддүүлүк керектөөсүн жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу зарыл. 

47. Акча агымдарын болжолдоодо банк кыска мөөнөт ичинде жана ыңгайлуу шарттарда каржылоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон жалпы экономикалык жана рыноктук тенденцияларды эске алууга тийиш. 

48. Банктар ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатында акча агымдарын болжолдоого баа берүү үчүн пайдаланылган негиз салуучу шарттарды жана алардын негиздерин документ түрүндө каттоого тийиш. Шарттар жана алардын негиздери жетекчилик тарабынан бекитилүүгө жана туруктуу негизде каралууга тийиш. 

49. Өбөлгөлөрдү түзүү үчүн банк тарабынан колдонулган ыкмаларда рынокто учурда орун алган жагдайдын динамикасы эске алынууга жана ал коммерциялык иштин өзгөчөлүгүн жана татаалдыгын эске алуу менен ыңгайлаштырылууга тийиш. 

50. Акча агымдарына карата динамикалык өбөлгөлөрдү кабыл алууда банк айкын жана буга чейинки маалыматтарды иликтеши мүмкүн.  

6-бөлүк. Диверсификация же каржылоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгү 

 

51. Адаттагы шарттарда сыяктуу эле, тышкы тааисрлер орун алган шартта да каражаттарды ишенимдүү алууну камсыздоо үчүн банктар ликвиддүүлүктүн кыска, орто жана узак мөөнөттүү келечекте диверсификациялык же туруктуу булактарынын бүтүндөй спектрин колдонушу жана тиешелүү рыноктордон пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоосу зарыл. Банкка каражаттарын сунуштаган жана\же жайгаштырган жактар менен өз ара байланышты чыңдоо үчүн, банк талаптагыдай чараларды көрүүсү жана каржылоо рыногунда өз катышуусун чындоосу зарыл.  

52. Банк жеткиликтүү булактардан жана наркы боюнча банктын шарттары үчүн мүмкүн болуучу каражаттарды тез тартуу мүмкүнчүлүгүн баалоого тийиш. Мында банк, банктын каражаттарды тартуу жана негиздүү болушу зарыл болгон мониторинг жүргүзүү жөндөмдүүлүгүнө таасир берген негизги факторлорду аныктоосу зарыл.  

53. Банк үчүн ликвиддүүлүктүн маанилүү булагынан болуп, банктар аралык акча рыногу эсептелет. Банк тарыхый маалыматтарга негизденүү менен бул рынокко карыздык каражаттарды тартуу мүмкүнчүлүгүн баалоосу зарыл. Банк, туруктуу ликвиддүүлүктү камсыздоо үчүн күн сайын жана жумалык негизде - улуттук жана чет өлкө валюталарын дүңүнөн каржылоодо керектөө лимиттерин жөнгө салуусу жана белгилөөсү зарыл. Мында, банктар аралык акча рыногунан карыздык каражаттарды керектөөсүн тесттен өткөрүүсү зарыл.  

54. Банк, банктар аралык акча рыногунан каражаттарды тартуу боюнча лимиттерди белгилөөдө, банктын өлчөмү, рыноктун сыйымдуулугу, рыноктогу банктын үлүшү, контрагенттер тарабынан белгиленген лимиттер жана банк үчүн алгылыктуу деңгээлге ылайык келген максаттуу көлөм катары факторлорду эске алышы керек.  

55. Ал үчүн каржылоо булагы болуп эсептелген, контрагенттер менен кошумча мамилени (аныкталгандардан сырткары) аныкташы жана түзүшү зарыл. Мында, Банк контрагенттер менен кошумча мамилени, милдеттенмелерди жоюуга таасирин тийгизе турган күтүлбөгөн жана стресстик жагдайларды эске алуу менен аныктоого тийиш.  

 

7-бөлүк. Бир күн ичинде ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө 

 

56. Ликвиддүүлүк (КЗ.3) ченемдерин (көрсөткүчтөрүн) сактоого тийиш болгон банк аларды жоюу мөөнөтү башталганда жана бир күн ичинде башка милдеттемелерди аткарууда, негизги милдеттемелерин белгилүү бир учурга карата аткаруу кезегин белгилөөсү зарыл.  

Банк касса агымдарын эске алуу менен бир күн ичинде ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөөсү зарыл. Банктын акча каражаттарынын агылып чыгуусу бир күн ичинде ар кандай убакыт ортосунда акча каражаттарынын келип түшүүсүн жогорулаташы мүмкүн. Бир жумуш күнүнүн акыры жана кийинки күндүн башталышы ортосунда акча каражаттарынын таза калдыгы, каражаттардын келип түшүүсү жана сарптоо мөөнөтү ортосунда айырмаланышы мүмкүн, бул күн ичинде олуттуу ликвиддүүлүк тартыштыгына алып келиши мүмкүн.  

57. Банктын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясаты, жол-жобосу жана инстурменттери бардык валюталар үчүн жана бардык финансылык рыноктордо операция жүргүзүү күнү ичинде бөлүмдөрдү камтууга тийиш, алар боюнча банк, олуттуу төлөм жана эсеп иштерин жүргүзөт.  

58. Бир күн ичинде ликвиддүүлүк тобокелдигин башкаруу үчүн документтерди иштеп чыгууда (тапшырмаларды жана жоопкерчиликти так бөлүштүрүү) банктын операция жүргүзгөн бөлүмдөрү менен өз ара иш алып баруусу зарыл, анткени, тескөө күтүлүп жаткан төлөмдөрдү кылдат көзөмөлдөө талап кылынган учурда, төлөмдөрдүн кармалып калышы себептерин ыкчам аныктоо үчүн кардарлар менен түз иш алып баруу талап кылат. 

59. Эгерде банк төлөм жана эсептик операцияларды жүргүзүү үчүн банк-корреспонденттердин жана банк-депозитарийлердин кызматынан пайдаланса, банк төлөмдөр боюнча өз милдеттенмелерин үзгүлтүксүз жана өз учурунда аткарууну, ошондой эле экономикалык курч жагдайда да бир күн ичинде өз ликвиддүүлүк тобокелдигин натыйжалуу башкарууну камсыздоосу зарыл.  

 

8-бөлүк. Стресс-тестирлөө жана сценарийлерди талдоо 

 

60. Банк тышкы таасирлер орун алган шартта туруксуздуктун потенциалдуу булактарын аныктоо максатында, алгылыксыз сценарийлердин негизинде стресс-тест өткөрүүсү зарыл.  

61. Стресс-тесттер банкка алыгылксыз шарттарда каржылоону керектөөнү канааттандыруу үчүн банктын ликвиддүү активдерди топтоо жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн талап кылынат. Стресс-тесттер тышкы таасирлер орун алган жагдайларда банктын иш тажрыйбасын, рыноктогу күндөлүк шарттарды эске алуу менен жүргүзүлгөн операциялардын татаалдыгы жана банктын масштабы, банк ишинин мүнөзүнө байланыштуу маалыматтарды колдонуу менен жүргүзүлүшү зарыл.  

62. Стресс-тесттердин сценарийлери банк Башкармасы тарабынан дайыма каралып турууга жана анда кандай гана принципиалдуу өзгөрүүлөр болбосун, банктын Директорлор кеңеши же бул иш өткөрүлүп берилген тиешелүү комитет (комитеттер) тарабынан бекитилиши керек.  

63. Банк өз активдеринин, милдеттенмелеринин жана баланстык милдеттенмелеринин (анын ичинде, келишим мүнөзүнө ээ эмес, бирок аброй үчүн ликвиддүүлүк тобокелдигинин натыйжасында керектөөнү түзгөн) динамикалык мүнөздөмөлөрүн талдоо менен стресс-тесстерди өткөрүүсү зарыл.  

64. Кризистик сценарийдеги кардардын депозиттери жана алардын туруктуулугун, банк төмөнкүлөргө таасирин тийгизген факторлордун, эсептердин динамикаларын жана өткөн мезгилдеги тенденцияларды эске алуу менен кароосу зарыл: 

- депозиттин өлчөмү (майда жана ири депозиттер); 

- депозиттерди тартуу каналы (түздөн түз эмес/интернет аркылуу); 

- депозиттерди камсыздоо деңгээли; 

- аманатчылар түрүндө: чекене аманатчылардын, кичи ишканалардын, ири ишканалардын, банктык жеке тейлөө кардарларынын жана оффшордук кардарлардын туруктуулугуна карата; 

- эсептик каражаттарды сактоо максатына: эсепте операцияларды жүргүзүү үчүн (мисалы, эмгек акы төлөө үчүн эсептер) сакталгандар, стресс мезгилинде кыйла туруктуулук белгилерине ээ катары эсептелиши мүмкүн;  

- эсептерди динамикалык талдоо жыйынтыктары (эсептерди базалык талдоо, депозиттерди кайрадан улантуу тарыхын изилдөө ж.б.у.с.). 

65. Жогоруда көрсөтүлгөн талдап-иликтөөдө кризистик кырдаалда депозиттин ар кандай түрлөрү үчүн массалык түрдө арылтуунун потенциалдуу коэффиценттерин баалоо үчүн колдонулушу мүмкүн.  

66. Банк, экономикалык кризис кырдаалында баланстык милдеттенемелерден түзүлгөн, шарттуу мүнөзгө ээ ликвиддүүлүктүн потенциалдуу тобокелдигин баалоосу зарыл.  

67. Банк стресс-тестирлөө жол-жобосуна сценарийлердин төмөндөгү түрлөрүн киргизүүсү зарыл:  

а) банкта орун алган проблемалардын натыйжасында пайда болушу мүмкүн жагдайды камтыган, банктагы кооптуу жагдайлар сценарийи (активдер сапатынын начарлоо проблемасы, төлөмдөрдү жүргүзүүгө байланыштуу көйгөйлөр, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте банк жөнүндө терс маалыматтар, банк жетекчилигинин алдамчылык операцияларынан улам банкка карата ишенимдин төмөндөшү ж.б.у.с.). Сценарий, кризистик жагдайларда анын кассалык агымынын “начарлоо” абалын көрсөтүүгө тийиш.  

Туунду банктар жана эл аралык банктык топтун катышуучулары, уюмдагы алгылыксыз жагдайлардын сценарийинин эки түрүн кароого алуусу зарыл. Атап айтканда, Кыргыз Республикасындагы операцияларга гана таасирин тийгизген кризис, топтордун операцияларына жана жалпы дүйнөлүк рынокторго таасирин тийгизген кризис.  

Банктык эсептерден массалык түрдө каражаттарды алууга байланыштуу сценарий төмөнкүдөй мүнөздөмөлөрдү камтууга тийиш:  

- узак убакыт аралыгында аларды төлөө мөөнөтү башталганга чейин өз мөөнөттүү депозиттеринен каражаттарды алуу жөнүндө кардарлардын суроо-талаптарынын көбөйүшүнөн депозиттерди массалык алуунун жогору коэффициенти; 

- алардын төлөө мөөнөтү башталгандыгы боюнча банктар аралык депозиттерди төлөө

- рынокто камсыздалбаган же камсыздалган жаңы каржылоону алуунун мүмкүн эместиги; 

- жүгүртүүдөгү баалуу кагаздарды аргасыздан төмөндөтүлгөн баада сатуу.  

б) бир же бир нече рынокто көпчүлүк финансылык уюмдардын ликвиддүүлүк абалына таасирин тийгизген жагдайлар каралган бардык рыноктогу кооптуу жагдайлар сценарийи.  

68. Банктык көзөмөлдөөнүн алкагында Улуттук банк стресс-тестирлөөнүн жыйынтыктарын сурап билүүгө укуктуу, ошондой эле талдап иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча сценарийди корректировкалоого сунуш киргизүүгө укуту.  

 

9-бөлүк. Уюмдар тобунун алкагында ликвиддүүлүктү тескөө 

 

69. Эгерде банк банктык топтун бир бөлүгү (улуттук же чет өлкөлүк) болуп эсептелсе, ал, банк же бул түзүмдөр ортосунда ликвиддүүлүктү жана күрөөнү которууга, ар кандай юридикалык, ченемдик, операциялык жана башка чектөөлөрдү эске алуу менен башка юридикалык жактар менен жүргүзүлгөн ички операциялардын натыйжасында пайда болгон ликвиддүүлүк тобокелдигин контролдоо жана ага мониторинг жүргүзүүгө жөндөмдүү болууга тийиш.  

70. Каржылоо керектөөсүнө баа берүүдө (өзгөчө стресс кырдаалдарында) банк, топтун башка катышуучуларынын ликвиддүүлүгүнө (мисалы, мындай керектөөлөр пайда болгон учурда колдонуу үчүн каралган каржылоо линиясы же кепилдиктер формасында) жана каржылоого карата ар кандай милдеттенмелер эске алынууга жана топтун катышуучулары берген каражаттардын жыйынтыгы даяр болуусу зарыл.  

Банк, банктык топтун катышуучуларынын ликвиддүүлүк позициясына таасирин, ошондой эле банктын ликвиддүүлүгүнө алардын таасирин, же банкка карата банктык топтун башка катышуучуларынын ликвиддүүлүгү менен стресс жагдайларда кошумча каржылоого карата алардын таасирин талдап чыгуусу зарыл.  

Банк топтун башка түзүмдөрүнүн каржылоосунан пайдаланган учурда, банк ликвиддүүлүктүн таасирин аныктоо үчүн чараларды көрүүгө жана кайсыл гана болбосун юридикалык, ченемдик жана зарылчылык болгон учурда топтун катышуучуларынан алардын өтүмдүүлүгүн алууга тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон жана башка чектөөлөрдү эске алууга тийиш.  

71. Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүктүн жүрүшүндө эгерде Улуттук банкта ачык позиция деңгээлинин алгылыктуулугуна карата олуттуу коркунуч пайда болсо, өзгөчө топтун жана/же банктын ликвиддүүлүгү жана финансылык абалы шек жараткан учурда, Улуттук банк банктык топтун чегинде операциялар динамикасынын деңгээлине жана тенденцияларга мониторинг жүргүзөт жана топтун катышуучулары ортосунда ачык позицияны контролдоо үчүн лимиттерди белгилөө жөнүндө маселени кароого алат.  

72. Жогоруда келтирилген жоболордон тышкары Кыргыз Республикасынын аймагында банктык топту жетектеген банк, бардык топ үчүн ликвиддүүлүк тобокелдиги боюнча ачык позиция жөнүндө түшүнүккө ээ болушу үчүн өлкө (жана өлкөлөр ортосунда) алкагында ар кандай тутумдар боюнча маалыматтарды топтоо процессин аныктоонун эсебинен топтун деңгээлинде (өзүнүн бардык бөлүмдөрүн жана анын топтолгон тобундагы байланыштуу түзүмдөрдү камтуу менен) ликвиддүүлүк тобокелдигин контролдоосу жана активдүү мониторинг жүргүзүүсү зарыл.  

73. Банк топтун түзүмдөрү үчүн белгиленген лимиттерди жана өз саясатын, ликвиддүүлүктү колдоонун кандай гана болбосун ички механизмдерин так документ түрүндө тариздөөсү зарыл.  

 

10-бөлүк. Күтүүсүз жагдайлар орун алган учурда каржылоо планы 

 

74. Банк күтүлбөгөн жагдайларда каржылоонун расмий планына ээ болуусу зарыл, анда анын мындай жагдайларга каралган стратегиясы, ошондой эле ликвиддүүлүк тартыштыгы так аныкталат. 

Финансылык жөнгө салуу планы чаралар тобун, иш-аракеттер планын жана жол-жоболорун камтуусу зарыл, алар кооптуу жагдайларды четтетүүгө карата банктын даярдыгын камтыйт, анын ичинде кыйла жогору деңгээлдеги башкарууга тапшырмаларды берүү жана чараларды көрүү жол-жоболорун жана жоопкерчилик чөйрөсүн так белгилөө менен стресс-тест алкагында каралгандар. 

Күтүлбөгөн жагдайлар орун алган учурда каржылоо планында ошондой эле ар дайым тесттен өткөрүлүүгө тийиш жана алар операциялык ишенимдүүлүгүн камсыздоо максатында жаңыртылат.  

75. Ликвиддүүлүк тоболкелдигин башкаруу саясатынын алкагында банк Башкармасы тарабынан белгиленген күтүлбөгөн жагдайларга каралган каржылоо планы Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет. 

76. Күтүлбөгөн жагдайларга каралган каржылоо планы банкты уюштуруу татаалдыгына, банктын тутумдуу маанисине жана операциялардын масштабына туура келүүсү зарыл. Анын иш-аракеттер жана жол-жоболор планын камтуу менен күтүлбөгөн жагдайлар орун алган учурда каржылоо планын түзүү, банкта ликвиддүүлүк тобокелдигин талдоо менен тыгыз интеграцияланышы зарыл. Күтүлбөгөн жагдайлар орун алган учурда каржылоо планында ар кандай убакык чеги үчүн ликвиддүүлүк, анын ичинде заматтагы өтүмдүүлүк маселеси каралышы талап кылынат.  

77. Күтүлбөгөн жагдайлар орун алган учурда каржылоо планында төмөнкүдөй компоненттер камтылууга тийиш: 

1) банк Башкармасы жана Директорлор кеңеши үчүн маалыматтардын өз учурунда жана үзгүлтүксүз агымын камсыздаган отчеттуулук жол-жоболору. Кризистик кырдаалды жөнгө салуу тобуна киргизүүгө тиешелүү жана кризистик кырдаалды аныктоого жооптуу болуп дайындалган кызматкерлердин аттарын жана байланыш маалыматын камтуу менен кризистик кырдаалда кызматкерлердин ролун түшүнүү максатында, банк ичинде милдеттенмелер так белгилениши зарыл. 

Ошондой эле, качан жана ким тарабынан маселе кабыл алынууга тийиш экендиги, кабыл алынууга тийиш болгон чаралар сүрөттөлгөн артыкчылыктарды бөлүштүрүү жана абдан жогору деңгээлдеги башкарууга тапшырмаларды берүүнүн так тартибинин ички жол-жоболору аныкталышы зарыл.  

2) кризистик кырдаал орун алышы мүмкүндүгүн билдирүү үчүн колдонулган алдын ала эскерткен индикаторлор, ошондой эле отчет берүүгө жана дайыма көз салууга жардам берүүчү механизмдер.  

3) кризис учурунда кассалык агымдардын тартыштыгын жабуу жол-жоболору, ликвиддүүлүктүн ар кандай булактарын (колдонулбаган кредиттик механизмдерди камтуу менен), алардын жеткиликтүүлүгүн, аларды пайдалануу шарттарын, алардын ишенимдүүлүгүн жана алар колдонууга тиешелүү болгон кезектүүлүгүн кароону камтышы керек. Банк ошондой эле, каржылоонун альтернативалуу булактарын жана капиталга болгон анын потенциалдуу таасирин баалашы зарыл.  

4) белгилүү бир кардарлар үчүн кредиттик тилкелер жабыла турган кризистик жагдайлар орун алган учурда кардарларга карата артыкчылыктарды аныктоо үчүн жол-жоболор. 

5) кызматкерлер, кардарлар, рыноктун катышуучулары, кредит берүүчүлөр, контрагенттер, Улуттук банктын акционерлери менен натыйжалуу маалыматтык өз ара иш алып баруу үчүн маалымдоо планы. 

6) стресс-тесттердин жана сценарийлердин жыйынтыктары күтүүсүз жагдайларга каралган каржылоо планына киргизилиши зарыл. Мындай жыйынтыктарды банктын ликвиддүүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн ар кандай кризистик жагдайларды аныктоо жана алардын деңгээлине баа берүү үчүн негиз катары пайдаланылышы мүмкүн.  

7) өнүккөн бөлүмдөр тармагына ээ болгон банк күтүүсүз жагдайларга каралган каржылоо планында кризистик кырдаал орун алган шартта алар операцияларды ишке ашыруу үчүн накталай каражаттарды ыкчам жеткирүү боюнча иш-аракеттерди кароого тийиш. Бул планда, ошондой эле өзүнүн милдеттемелеринин ордун жабуу үчүн Улуттук банкта сакталып турган активдерди канча өлчөмдө алса боло тургандыгы маселеси каралат.  

8) Күтүүсүз жагдайлар орун алган учурда каржылоо планында туунду уюмдар жана айрым банктык топтор болгон учурда, Кыргыз Республикасында операциялар боюнча ликвиддүүлүктү тескөө боюнча маселелер чечилүүсү зарыл, алар башкы уюмдардын же башкы башкармалыктардын ликвиддүүлүгүн глобалдуу тескөөдө интеграцияланат.  

Күтүлбөгөн жагдайлар орун алган учурда каржылоо планында Кыргыз Республикасында операциялар боюнча ликвиддүүлүктү колдоо кандайча ишке ашырыла тургандыгы, ошондой эле кризис учурунда өтүмдүүлүккө колдоо көрсөтүү боюнча башкы уюмдардын же башкы башкармалыктардын милдеттенмелеринин деңгээли каралууга тийиш. 

78. Күтүлбөгөн жагдайлар орун алган учурда каржылоо планы банктын үзгүлтүксүз ишти камсыздоо боюнча планына жараша макулдашылып, үзгүлтүксүз ишти камсыздоо механизмин ишке ашыруу зарыл болгон учурда жүргүзүлүүгө тийиш. Мында, жетекчилик банктын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылган жана ликвиддүүлүк кризисин жөнгө салган кызматкерлердин ишин координациялоону камсыздоого тийиш. 

79. Банк жетекчилиги убакыт өткөн сайын бул пландардын ишенимдүүлүгүн колдоо үчүн алгылыктуу мезгил аралыгында же тез арада банкты уюштуруу жөнүндө жобону өзгөртүүгө же рынокто орун алган жагдайга жараша каржылоо планын жаңыртып турууга жана улам кароого алып турууга тийиш. Күтүүсүз жагдайлар орун алган учурда каржылоо планындагы кандай гана болбосун өзгөрүүлөр, талапка ылайык документ түрүндө түзүлүүгө жана банктын Директорлор кеңешинде бекитилүүгө тийиш. 

80. Күтүлбөгөн жагдайлар орун алган учурда каржылоо планы банктын финансылык абалын чыңдоо планынын бөлүгү болушу мүмкүн. 

 

11-бөлүк. Маалыматты ачык жарыялоо 

 

81. Банк рыноктун катышуучуларына анын ликвиддүүлүк абалын жана ликвиддүүлүк тобокелдигин башкаруу негиздеринин ишенимдүүлүгүнө карата корутунду чыгарууга мүмкүндүк берген маалыматты дайыма ачык жарыялап (жалпыга маалымдоо каражаттарында, банктын расмий интернет сайтында ж.б.) турууга тийиш.  

82. Банк “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчеттуулукту түзүүгө карата талаптар жөнүндө” жобосуна ылайык, ликвиддүүлүк боюнча өз позициясы жөнүндө маалыматты берүүгө, ал рынок катышуучуларына банктын ликвиддүүлүк тобокелдиги жөнүндө түшүнүк берүүгө мүмкүндүк берет.  

83. Банк рынок катышуучуларына ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө жөнүндө кеңири түшүнүк берген кошумча маалыматты жана төмөнкүдөй сапаттуу маалыматты чечмелеп берүүгө тийиш: 

- аларга банк мониторинг жүзөгө ашырган, банк дуушарланган ликвиддүүлүк тобокелдигинин аспекттери; 

- банкты каржылоо булактарын диверсификациялоо; 

- ликвиддүүлүк тобокелдигин азайтууда пайдаланылган башка инструменттер; 

- ликвиддүүлүк позициясын жана ликвиддүүлүк тобокелдигин өлчөө үчүн пайдаланылган концепциялар жана параметрлер; 

- ликвиддүүлүк резервин колдоого карата банктын саясаты.