Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү 

киргизүү тууралуу» токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы « Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) иштеп чыкты.  

Долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Шыкмаматов тарабынан демилгелген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”, анын катарында “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү алкагында иштелип чыккан. Бул Мыйзам күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүү тартиби боюнча маселелерди козгойт. Мыйзамдын негизги максаты бул күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүнүн процессине талаптарды киргизүү

Бул долбоордун алкагында төмөнкүлөр камтылган: 

- күрөө жөнүндө келишимди түзүү учурда, мүлктүн эсебинен өндүрүү учурда ушул мүлккө көз карандысыз адис-баа берүүчүлөрдү тартуу менен баа берүүнү жүргүзүү жөнүндө норма түзүлгөн кошумча келишимде аныкталгандыгы камтылууга тийиш; 

- күрөөнүн предметинен өндүрүүнү жүргүзүүнү жөнүндө иши боюнча чечимди чыгарууда, сот күрөөнүн предметинин күрөө кармоочу менен күрөө коюучу ортосунда түзүлгөн келишимде, ал эми кыймылсыз мүлккө карата - күрөө кармоочу менен күрөө коюучу ортосунда көз карандысыз адис-баа берүүчүлөрдү тартуу менен түзүлгөн кошумча келишимде аныкталган алгачкы (баштапкы) сатылуучу баасын аныктоо керек. Ошондой эле, талаш-тартыш болгон учурда сот күрөө жөнүндө келишимде өндүрүүнү жүргүзүү учуруна карата күрөөнүн предметинин сатылуучу баасын аныктоо керек; 

- банк, соттон тышкаркы тартипте күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо билдирмесин жөнөткөнгө чейин катары менен үч ай бою карыз алуучу өз милдеттенмелерин аткарууну системалуу түрдө бузууга жол берген учурда (кардардын колдонууга төлөө графигине ылайык), кредит боюнча күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоону демилгелеши мүмкүн. 

Ошондой эле, банктардын активдерин алтын менен камсыз кылуу маселе боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын карап чыгуу жана чет өлкө мамлекеттердин тажрыйбасын изилдөө жөнүндө Улуттук банк Башкармасынын протоколдук тапшырманы аткаруу алкагында долбоордо толуктоолор жана өзгөртүүлөр каралган. 

КМБЛБ протоколдук тапшырманы аткаруу менен долбоордо төмөнкүлөрдү сунуштайт: 

- 2004-жылдын 21-июлунун №18/1 Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча» нускоонун, «1-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 0%)» түзүлүшүнө, аффинаждалган алтын куймаларды кошуу; 

- Активдерди классификациялоо жобону, «нормалдуу» активдер катарына Улуттук банк чыгарган аффинаждалган өлчөлүү алтын куйма кредит боюнча күрөө катары чыгып, кредиттин суммасын 100% камтыган учуру менен толуктоо; 

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу» Тартибинде күрөөлүк камсыздоо боюнча ордун жабуунун талаптарын төмөнкүдөй бөлүнүп салуу: 

а) аффинаждалган өлчөлүү куйма кредит боюнча күрөө катары чыкканда камтылган деңгээли кредиттин суммасын 100% чегинде болушу зарыл; 

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ар кандай түрдөгү баалуу металлдар чыкканда камтылган деңгээли кредиттин суммасын 150% чегинде болушу зарыл. 

 

 

 

 

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын “____”__________ 

№____ токтомго карата  

тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым токтомдоруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы №28/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибин” бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибинин: 

- 14-пунктунун б) пунктчасындагы “кредиттердин жүгүртүүдөгү товарлар жана” деген сөздөрдөн кийин “, Улуттук банк тарабынан чыгарылган аффинаждалган алтындан өлчөнгөн куймаларды эске албаганда.” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 23-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23-1. Күрөө жөнүндө келишимде өндүрүүнү жүргүзүү учуруна карата (мүлктүн эсебинен өндүрүү боюнча жагдай орун алган учурда) күрөөгө коюлган мүлккө баа берүүнү жүргүзүү жөнүндө норма камтылууга тийиш, ал күрөө кармоочу менен күрөө коюучу ортосунда түзүлгөн келишимде, ал эми кыймылсыз мүлккө карата - күрөө кармоочу менен күрөө коюучу ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз адис-баа берүүчүлөрдү тартуу менен түзүлгөн кошумча келишимде аныкталат.  

Мында, карыз алуучунун карызынын ордун жабуунун эсебинен кабыл алынган кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча тоорукту өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин, бирок жогоруда белгиленген тоорукту баштоого чейин “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык анын адилет наркын аныктоо зарыл”; 

- Тартип төмөнкү мазмундагы 30-1-пункт менен толукталсын: 

“30-1. Эгерде күрөө предметин тоорукта сатуу күнүнө чейин же аны күрөө кармоочу сатып алганга чейин карыз алуучу (күрөө коюучу) күрөө кармоочуга карыздын суммасынын ордун жапкан баага сатып алышы ыктымал болгон сатып алуучуну сунуштаса, бул адам аны сатып алуу боюнча артыкчылыктуу укукка ээ болот. Бул учурда күрөө кармоочу күрөө предметин сатуудан баш тартпоого тийиш. Бул пунктта белгиленген укукту чектеген келишим анык эмес болуп саналат.”; 

- Тартип төмөнкү мазмундагы 31-1-пункт менен толукталсын: 

“31-1. Күрөө кармоочудан билдирме алган учурда карыз алуучу (күрөө коюучу) төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) күрөө кармоочу менен күрөө менен камсыздалган анын талаптарын соттук эмес тартипте канааттандыруу жөнүндө келишим түзүүгө; же  

2) күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү үчүн негиздер келип чыккандан кийин күрөө кармоочу менен нотариалдык жактан тастыкталган карыздын ордун жабуунун эсебинен күрөөлүк мүлктү өз эрки боюнча өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүүгө; же  

3) эгерде күрөө жөнүндө келишимде жана/же талаптарды канааттандыруу жөнүндө келишимде же третей келишиминде мүлктү соттон тышкаркы тартипте өндүрүүнү жүргүзүү каралбаса, сотко өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун жүзөгө ашыруу жана күрөө предметин соттук тартипте сатып өткөрүү жөнүндө өтүнүч кат менен кайрылууга.”. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 80-1-пункт менен толукталсын: 

“80-1. Банк, соттон тышкаркы тартипте күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо билдирмесин жөнөткөнгө чейин катары менен үч ай бою карыз алуучу өз милдеттенмелерин аткарууну системалуу түрдө бузууга жол берген учурда (кардардын колдонууга төлөө графигине ылайык), кредит боюнча күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоону демилгелеши мүмкүн.”. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө” жобонун: 

- 2-пунктундагы “микрофинансылык компаниялардын” деген сөздөр “жана Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 6-пунктунун а) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) тоорук жыйынтыгы жөнүндө протокол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөндүктөн, күрөө кармоочу мурда берилген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кредиттердин/бүтүмдөрдүн (анын ичинде жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде) ордун жабуунун эсебинен алынган күрөө предметине менчик укугуна ээ болот. Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө келишимде бул келишимди укук белгилөөчү документ катары тааныган шарттар белгиленбөөгө тийиш.”; 

- 7-пункттун г) пунктчасындагы “ушул Жобонун” деген сөздөр “жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын” деген сөздөр менен толукталсын;”; 

- 21-пункттагы “, Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы N18/3 токтому менен бекитилген” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 22-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“22. Күрөөгө коюлган мүлктөн соттон тышкаркы тартипте өндүрүүнүн алкагында (өткөрүлбөгөн катары таанылган тооруктун натыйжасында кыймылсыз мүлктү баланска кабыл алуудан тышкары) кыймылсыз мүлк ал боюнча банктын балансына кабыл алынган сумманын кредит боюнча карыздан ашып кетиши банктын ашкан акча каражаттарын күрөө коюучуга кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси болуп саналат. Мында, бул мүлктү сатып өткөрүүдө ал баланстык наркынан башка суммага сатылган болсо, кредит боюнча карызды сатуудан түшкөн айырма кайтарылууга тийиш.”; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 22-1; 22-2; 22-3-пункттар менен толукталсын: 

«22-1. Ачык тооруктун жыйынтыгы боюнча кыймылсыз мүлктү баланска кабыл алуунун алкагында тооруктан түшкөн пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт. 

22-2. Эгерде Банк алгачкы ачык тооруктарды өткөрүлбөгөн катары таанууну жарыялоонун жыйынтыгы боюнча кыймылсыз мүлктү сатып алса, анда банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө кредит боюнча карыздан ашкан сумманы күрөө коюучуга кайтарат. 

22-3. Кайталап өткөрүлгөн ачык тооруктарды өткөрүлбөгөн катары таанууну жарыялоонун жыйынтыгы боюнча банк кыймылсыз мүлктү өзүндө калтырса, мүлк банктын балансына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген минималдуу баадан төмөн эмес нарк боюнча банктын балансына кабыл алынат. Минималдуу баа кредит боюнча карыздан ашкан шартта, ал банктын милдеттенмеси катары таанылат жана мүлк сатылган учурда күрөө коюучуга кайтарылууга тийиш.”; 

- 27-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“27. Соттон тышкаркы тартипте күрөөлүк мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүнүн алкагында кыймылсыз мүлктү “Башка менчик” категориясына кабыл алууда же өткөрүүдө мүлктүн адилет наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көз карандысыз кесипкөй баа берүүчү тарабынан тастыкталууга тийиш. 

Банк соттук тартипте күрөөлүк мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүнүн алкагында кыймылсыз мүлктү “Башка менчик” категориясына кабыл алууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырат.”; 

- 31-пунктунун а) пунктчасындагы “25, “50” деген сандар тиешелүүлүгүнө жараша “15”, “40” дегенге алмаштырылсын; 

- 31-1-пункттагы “Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген” деген сөздөр алынып салынсын. 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобонун: 

- 4.1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“4.1.1. Активдер суммасынын кеминде 120% күрөө менен камсыздалган (заклад түрүндө), төмөнкүлөрдөн турган активдер нормалдуу деп аталат: 

- кыска мөөнөттүү мамлекеттик казына векселдер (мындан ары текст боюнча МКВ) (эгерде МКВларды төлөө мөөнөтү активдин ордун жабуу мөөнөтүнө чейин келип жетсе, андан банк күрөөлүк камсыздоо катары МКВлардын ордун жабуунун эсебинен алынган акча каражаттарын кабыл алууга же болбосо кошумча ушул сыяктуу МКВларды кабыл алууга тийиш); 

- ошол банкта өзүнчө депозит эсебинде турган каражаттар. Өзүнчө депозит эсеби катары жеке адамдын же юридикалык жактын обочолонгон депозит эсебин түшүнөбүз. Кардарлардын эсептешүү эсебин жана банктын корреспонденттик эсебин камсыздоо катары пайдаланууга жол берилбейт; 

- ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын листингине эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категория боюнча камтылган башка баалуу кагаздар (мындан ары текст боюнча башка баалуу кагаздар). 

Активдер суммасынын кеминде 100% күрөө менен камсыздалган (заклад түрүндө), Улуттук банк тарабынан чыгарылган, аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү алтындан турган активдер нормалдуу деп аталат. 

Эскертүү: Аффинаждалган өлчөнгөн куймалар - Улуттук банк же Лондон баалуу металлар рыногунун ассоциациясы тарабынан сертификацияланган аффинаждоо ишканасы тарабынан чыгарылган, массасы 1000 грамм жана андан аз, алтын үчүн куйманын лигатурдук массасы кеминде 99,95-99,99 пайыз жана күмүш/платина үчүн куйманын лигатурдук массасы кеминде 99,90 пайыз химиялык таза негизги металлдан турган баалуу металлдардан жасалган жана маркировкаланган куймалар. 

Мында төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш: 

1) активди сунуштоо жөнүндө келишимде жана күрөө жөнүндө келишимде бул акча каражатары, МКВ жана башка баалуу кагаздар банк тарабынан берилген каражаттардын камсыздоосу катары санала тургандыгы жана кардар өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда банк акцептсиз тартипте андан өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу экендиги белгиленүүгө тийиш; 

2) депозиттик сертификат же депозиттик китепче банкта сакталууга тийиш; 

3) күрөө жөнүндө келишимде бул акча каражаттарынын, МКВлардын жана башка баалуу кагаздардын андан кийин кайра күрөөгө коюулушуна жол бербөө каралууга тийиш; 

4) банкта тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгууга жана күрөөнү тариздөөгө байланыштуу бардык жол-жоболорду жана акча каражаттарынын, МКВлардын жана башка баалуу кагаздардын келишимде каралган мөөнөттүн акырына чейин сакталышын камсыз кылган ички контролдук ишке ашырылууга тийиш; 

5) активдердин камсыздоосу болуп саналган депозиттеги каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же болбосо жалпыга жеткиликтүү жана анык валюта котировкаларынын негизинде кыргыз сомуна эркин конвертациялануучу валютада болууга тийиш. Мында эгерде, депозит валютасы кредит валютасындагыдай болсо, анда ал кредит суммасынын кеминде 100%, ал эми депозит валютасы кредит валютасынан айырмаланса сом эквивалентинде кеминде 120% ордун жабууга тийиш; 

6) эгерде активди камсыздоо катары актив валютасынан айырмаланган валютада акча каражаттары сунушталса, жума сайын депозитти кайра баалоону милдеттүү түрдө жүргүзүү

7) эгерде кайра баалоонун жыйынтыгы боюнча күрөө наркы азайса, банк ушул жобонун талаптарына ылайык анын наркын дароо жогорулатууга жана бул талаптын 10 жумуш күнү ичинде аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү

8) эгерде 1-7-пунктчаларды көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, мындай актив толугу менен камсыздалбаган актив катары саналат жана ал башка категорияга өткөрүлүүгө тийиш. 

Банктар, эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келсе, улуттук валютада берилген кредиттерди “нормалдуу активдер” катары классификациялашы мүмкүн.  

Банктар, эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келсе, банктын ички саясатына ылайык киреше түзүмүнө карабастан 0%дан 2%га чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен АКШ долларында жаңыдан берилген кредиттерди “нормалдуу активдер” катары классификациялашы мүмкүн. Мында бул талаптар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн кызматташуусунун алкагында (Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду мындан ары Өнүктүрүү фонду) берилген жеңилдетилген кредиттерге, анын ичинде Өнүктүрүү фонду тарабынан башка чет өлкөлүк финансылык институттардан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилген кредиттерге, Мындан тышкары Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоого алуу менен ордун жабуу жана кредиттик келишимдин алгачкы шарттарын өзгөртүү каралган мурда берилген кредиттерге таркатылат. Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен банктардын кредиттерин реструктуризациялоого, ошондой эле “классификацияланган активдер” категориясына кирген, мурда берилген кредиттерди каржылоого жол берилбейт.”. 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун: 

- 4.3-пунктунун: 

1) пунктчасы төмөнкү мазмундагы з) пунктча менен толукталсын: 

“з) Улуттук банк тарабынан чыгарылган, аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү алтын.”; 

4) пунктчанын б) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“б) Улуттук банк тарабынан чыгарылган аффинаждалган алтындан жасалган өлчөнгөн куймаларды эске албаганда алтын жана башка сертификатталган өлчөнгөн куймалардагы баалуу металлдар.”.