Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМАНЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) иштеп чыкты. 

Долбоор, банктарга микрофинансылык компанияга трансформацияланып, андан ары банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана микрофинансылык компанияларды лицензиялоо жол-жоболорун өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. 

Ошондой эле, «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө микрофинансылык компаниялардын айрым операцияларына карата кошумча талаптар кароого алынып, Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон кызмат адамдарына карата кошумча талаптар белгиленген, ошондой эле уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор, Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашуу талап кылынган башка кошумчалар макулдашылган.  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын «___»___________  

№ __________________________ токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- преамбуласында: 

-  «уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарын микрофинансылык компанияларга өзгөртүп түзүү» деген сөздөрдөн кийин «жана коммерциялык банкты микрофинансылык компанияга кайра каттоо» деген cөздөр менен толукталсын; 

- 7-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. МФК өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банктан мирофинансылык компаниянын операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия (мындан ары лицензия) алууга милдеттүү.»; 

- 8-пунктунун: 

биринчи сүйлөмүндө «төмөнкү банктык» деген сөздор алынып салынсын; 

5-пунктчасы «кошумча лицензия болгон» деген сөздөрдөн кийин «/лицензияда көрсөтүлгөн» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 9-пунктунун: 

1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

- «истиснаа»; 

- «параллель истиснаа»; 

4-пунктчасы «кошумча лицензия болгон» деген сөздөрдөн кийин «/лицензияда көрсөтүлгөн» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. МФК Улуттук банктын кошумча лицензиясы болгон(лицензияда көрсөтүлгөн) шартта ушул Жобонун 8-пунктунун 1-3 жана 6-пунктчаларында же 9-пунктунун 1, 2 жана 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн операциялардын бардыгын же айрымдарын чет өлкө валютасында жүзөгө ашырууга укуктуу.»; 

- 19-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Лицензия (кошумча лицензия/лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу) алууга өтүнүч (өтүнүч кат) жана документтер кайтарылып алынса же Улуттук банк лицензия берүүдөн (кошумча лицензия/лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуудан) баш тартса, МФК тарабынан сунушталган документтердин бир нускасы кайтарылбайт.»; 

- 23-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) уюштуруучунун же акционердин финансылык жана/же экономикалык кылмыштуулук боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте соттолгондугу алынып салынбаган же жоюлбаган болсо;»; 

- 25-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25. Алардын талапкерлиги милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш болгон МФКнын кызмат адамдарынан болуп: Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, башкы бухгалтер, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында ички уюштуруу иш-чаралары үчүн жооптуу болгон түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер) жана кредиттик түзүмдүн, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине /«ислам терезесине» ылайык каржылоо боюнча түзүмүнүн, активдерди жана пассивдерди тескөө үчүн жоопкерчиликтүү бөлүмдүн, ички аудит кызматынын (мындан ары түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери) жетекчилери саналышат.»; 

- 31-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Башкарманын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, башкы бухгалтердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүлөрү тийиш:  

1) жогорку билиминин болушу;  

2) төмөнкүлөр боюнча иш тажрыйбасынын болушу:  

а) МФКнын Башкармасынын төрагасы банк жана/же финансы системасында кеминде 3 (үч) жылдык, анын ичинде жетекчилик кызматтарда кеминде 1 (бир) жылдык иш тажрыйбасы болууга.  

Ушул пункттун максаттары үчүн жетектөөчү кызмат дегенден улам, ушул Жобонун 21-пунктунда каралган ишти жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмунун жана/же компаниянын жана/же финансы кызмат көрсөтүүлөрүн жөнгө салуу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн турбаган кызматты түшүнүүгө болот. Мында эмгек стажына жогоруда көрсөтүлгөн уюмдардын/компаниялардын чарба иштерин жүзөгө ашырууга байланыштуу бөлүмдөрүндө иштеген иши кирбейт;  

б) Башкарма мүчөлөрү - банк жана/же финансы системасында кеминде 2 (эки) жылдык иш тажрыйбасы болууга;  

в) башкы бухгалтер, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери - банк жана/же финансы системасында кеминде 1 (бир) жылдык иш тажрыйбасы болууга;  

3) банктардын жана микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салган мыйзамдар, тобоелдиктерди тескөө жана корпоративдик башкаруу чөйрөсүндө окуудан өткөндүгү тууралуу сертификат же башка документ менен тастыкталган билиминин болушу.  

«Ислам терезесине» ээ болгон МФКнын Башкармасынын мүчөлөрүнүн бири жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МФКнын Башкармасынын мүчөлөрү, «ислам терезесинин» жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн жетекчиси ислам банк иши жана каржылоо принциптери чөйрөсүндө тиешелүү сертификатка жана/же документтерге ээ болууга тийиш.  

Талапкердин иш тажрыйбасы эмгек китепчесинин көчүрмөсү же башка документер менен тастыкталат. »; 

- 38-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү, төртүнчү, бешинчи абзацтар менен толукталсын: 

«Улуттук банк ушул Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлерди макулдашуунун алкагында аларды маектешүүгө чакырууга укуктуу. Маектешүүнү жүргүзүү үчүн Улуттук банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин чакырууга болот. Маектешүүнүн жыйынтыктары протокол менен тариздилет, ага Улуттук банктын өкүлдөрү кол коюшат, ошондой эле ал талапкерди макулдашуудан баш тартуу үчүн негиз боло алат. Маектешүүнү жүргүзүү учурунда аудио жана видео каражаттарды колдонууга болот. 

Талапкердин маектешүүгө келбегендиги документтерди кароону токтотот. Эгерде талапкер маектешүүгө жүйөөсүз себептер менен (ден соолугуна байланыштуу, иш сапарда жүрүү ж.б) экиден көп жолу келбей койсо, Улуттук банк аны макулдашуудан баш тарта алат.  

Маектешүүнүн жүрүшүндө талапкерге анын банктык мыйзамдар чөйрөсүндө билимине, микрофинансылык компаниялардын иши боюнча билимине баа берүү үчүн суроолор, ошондой эле талапкердин кынтыксыз ишкердик аброю, мурдагы иши, ишкердик жана үй-бүлөлүк байланыштары жөнүндө маселелерди кошо алганда, бирок булар менен эле чектелип калбастан, анын кызмат ордун макулдашуу процессине тиешелүү кайсы болбосун башка багыттагы суроолор берилет.»; 

- 39-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кошумча маалыматтарды же документтерди алуу зарыл болгон учурда Улуттук банк талапкердин документтерин кароо мөөнөтүн жыйырма иш күнүнө чейин созууга укугу бар.»; 

- 40-пунктунун экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«МФКнын Директорлор кеңешинин төрагасы, Башкарманын төрагасы кызмат орундарына талапкерди макулдашууда ага макулдук берүү/андан баш тартуу жөнүндө чечим Төраганын орун басары/көзөмөл жана лицензиялоо маселесин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кабыл алынат. 

Ал эми МФКнын Директорлор кеңешинин, Башкарманын мүчөлөрүнүн, Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, башкы бухгалтердин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлерди макулдашууда макулдук берүү/андан баш тартуу жөнүндө чечим Улуттук банктын МФКны лицензиялоо ишине жооптуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан кабыл алынат.»; 

- 43-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Улуттук банк ушул Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлерди макулдашуудан баш тарта алат, эгерде:  

1) соттун чечими менен талапкерлерге карата финансы-кредит системасында иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылса;  

2) талапкерлерге карата экономика чөйрөсүндө кылмыш ишине жол бергендиги жана/же кызматтык кылмыш иши үчүн айыптоо өкүмү чыгарылса;  

3) эгерде талапкерлер мурда иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган (жөнгө салынган) банктын жана/же финансы-кредит уюмунун кызмат адамы болсо жана натыйжада банктын жана/же финансы-кредит уюмунун лицензиясы (күбөлүгү) кайтарылып алынган аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар деп тааныган Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими, Улуттук банктын жазма буйруулары жана башка актылары болсо;  

4) талапкерлер «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келбесе; 

5) Улуттук банктын (Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими, жазма буйруусу, текшерүү боюнча отчеттор ж.б.) талапкерлерди төмөнкүлөргө катыштыгы бар деп тааныган корутундусу, чечими же башка актылары болсо:  

а) анын натыйжасында банктын/финансы - кредиттик уюмдун лицензиясы (эсептик каттоо күбөлүгү) кайтарылып алынган же банкка убактылуу администрациялоо режими киргизилген аракеттерге (аракеттенбей коюуларга);  

б) алгылыксыз жана/же коопсуз эмес банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге;  

в) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берсе;»; 

6) жөнгө салуучу органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр боюнча, талапкер жоопкерчиликтүү болгон участкаларда финансылык же административдик көйгөйлөрдүн орун алгандыгын тастыктаган материалдар бар болсо.»; 

«7) талапкер иш алып барууну болжолдоп жаткан чөйрөдө жетиштүү деңгээлде билиминин болбогондугун аныктаган маектешүүнүн терс жыйынтыгы бар болсо.»; 

«Ошондой эле ушул пунктун 5«в»-пунчасындагы жана 6-пунктчасындагы негиздемелер кызмат ордуна макулдашылып жаткан талапкерге карата колдонулбашы да мүмкүн, эгерде талапкер мыйзам талаптарын бузууга жол берген учурда олуттуу финансылык чыгымдарга/киреше албай калууга алып келбесе, банк/финансы- кредиттик уюм үчүн олуттуу тобокелдиктердин орун алышын шарттабаса, бузуулар системалуу мүнөзгө ээ болбосо жана Улуттук банктын баа берүүсү боюнча олуттуу эмес деп саналса.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 43-1-пункт менен толукталсын: 

«43.2. Талапкер, төмөнкү пункттарда берилген фактылардын орун алышы шартында, МФКда ушул Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок: 

- ушул Жобонун 43-пунктунун 2-пунктчасындагы соттолгондугу алынып салынган же жоюлгандан кийинки жети жыл ичинде;  

- ушул Жобонун 43-пунктунун 3-пунктчасындагы жана 5 «б»-пунктчасындагы тиешелүү чечим өз күчүнө киргенден тартып беш жыл бою;  

- ушул Жобонун 43-пунктунун 5 «а»-пунктчасындагы бузууга жол берүү фактысы боюнча чечим кабыл алынгандан күндөн тартып жети жыл бою;  

- ушул Жобонун 43-пунктунун 5 «в» -пунктчасындагы бузууга жол берүү фактысы боюнча чечим кабыл алынгандан кийин үч жыл бою; 

- ушул Жобонун 43-пунктунун 6-пунктчасындагы бузууга жол берүү фактысы аныкталгандан тартып үч жыл ичинде.»; 

- 5-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5-глава. Кошумча операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу (лицензиядан чектөөлөрдү алып салуу) тартиби»; 

- 61-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«61. Ушул Жобонун 8-пунктунун 1, 3 жана 6-пунктчаларында же 9-пунктунун 1, 2 жана 5-пунктчаларында белгиленген операцияларды чет өлкө валютасында жүзөгө ашырууга укугуна лицензия алуу үчүн, же ушул Жобонун 8-пунктунун 5-пунктчасында жана 9-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн операциясына салынган лицензиядагы чектөөнү алып салуу үчүн МФК жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) чет өлкө валютасында айрым банктык операцияларды жүзөгө ашырууга укук берген лицензия берүү /лицензиядагы чектөөнү алып салуу жөнүндө өтүнүч кат; 

2) кошумча лицензияны, лицензияда көрсөтүүнү талап кылган операцияларды жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди (бир акционер болгон шартта) же акционерлердин жалпы жыйынынан толтурулган протокол жана мындай чечимдин же протоколдун көчүрмөсү (МФКнын мөөрү менен тастыкталган); 

3) кошумча лицензияны (лицензияда көрсөтүүнү) талап кылган операцияларды жүзөгө ашыруусу каралган МФКнын уставы жана уставдын (МФКнын мөөрү менен тастыкталган) көчүрмөсү (зарыл болгон учурларда же аталган операциялар колдонуудагы уставда көрсөтүлбөгөн болсо);  

4) кошумча лицензияны (лицензияда көрсөтүүнү) талап кылган операциялардын жүзөгө ашырылышын эске алуу менен иштелип чыккан бизнес-план; 

5) МФКнын уюштуруу түзүмү тууралуу маалыматтар (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, каралуучу маселелер чөйрөсү же алар аткарууга ыйгарым укук чегерилген операциялардын тизмеси, баш ийүүчүлүгү).»; 

- 63-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- кошумча операциялардын жүзөгө ашырылгандыгына байланыштуу уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү зарылчылык жок учурда кошумча лицензия берет (9 жана 10-тиркемелер) же айрым банктык операцияларга чектөөлөрдү алып салуусу менен МФКнын лицензиясына карата чектөө барагын алмаштырат (7, 8, 9 жана 10-тиркемелер).»; 

- 64-пунктунун: 

1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) кошумча лицензия берүү/лицензияга чектөө барагын алмаштыруу жөнүндө өтүнүч кат;»; 

4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) лицензия алуу үчүн топтолгон каражаттардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө салынгандыгын тастыктаган документ (кошумча лицензия алуу/лицензияга карата чектөө барагын алмаштыруу учурда).»; 

- 65-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«65. Ушул Жобонун 64-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилгенден кийинки 10 (он) календардык күн ичинде кошумча лицензия (9 жана 10-тиркемелер) берилет же айрым банктык операцияларга чектөөлөрдү алып салуу менен МФКнын лицензиясына чектөө барагы берилет.»; 

- 91-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«91. МФКнын жайгашкан орду өзгөргөн шартта (мамлекеттик кайра каттоону талап кылбаган), байланыш телефон номерлери, электрондук почтасынын дареги, өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалынын жетекчилери өзгөргөн шартта, МФК бул тууралуу Улуттук банкка мындай өзгөртүүлөр киргизилгенден тартып 15 (он беш) календардык күн ичинде билдирүүгө тийиш. 

МФКнын филиалынын жайгашкан орду өзгөргөн шартта билдирүүгө төмөнкүлөрдү кошо тиркөө зарыл: 

1) филиал жайгашкан жайдын техникалык жактан жабдылышы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келүүсү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;  

2) МФКнын филиалы жайгашкан жеринин өзгөргөндүгү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялаган тууралуу маалымат. 

МФКнын филиалынын жана/же өкүлчүлүгүнүн жетекчиси өзгөргөн шартта билдирүүгө МФКнын ыйгарым укуктуу органынын жаңы жетекчини дайындоо тууралуу тиешелүү кабыл алган чечиминин МФКнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү жана жаңы жетекчинин кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы кошо тиркелүүгө тийиш.»; 

-92-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«92. МФКнын филиалы/өкүлчүлгү жөнүндө жобого киргизилген өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду Улуттук банкка макулдашуу үчүн МФК жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) МФКнын филиалы/өкүлчүлгү жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана/же  

толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч; 

2) МФКнын ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечими жана ал чечимдин  

мөөр менен тастыкталган көчүрмөсү

3) жобо жана анын көчүрмөсү (МФКнын мөөрү менен тастыкталган); 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 92-1 жана 92-2- пунктар менен толукталсын: 

«92-1. Улуттук банк ушул Жобонун талаптарына ылайык сунушталган документтерди алган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде карап чыгат. Документтер ушул Жобонун талаптарына ылайык келген жана баш тартуу үчүн негиз жок болгон шартта, Улуттук банк МФКнын ушул Жобонун 92-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтеринин анык нускаларын кошо тиркөө менен МФКнын филиалын/өкүлчүлүгүн мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө макулдук катын берет»; 

92-2. МФКнын филиалы/өкүлчүлүгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан каттоодон өткөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде, Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү

1) МФКнын филиалынын/өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн МФКнын мөөрү менен тастыкталган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

2) МФКнын филиалынын/өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү тууралуу белги коюлган «Филиал/өкүлчүлүк жөнүндө» жобонун МФКнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү

Улуттук банк филиалдын/өкүлчүлүктүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу маалыматты реестрге киргизет.»; 

- 100-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«100. Акционерлер курамын өзгөртүү:  

1) МФКнын акционерлеринин курамын өзгөртүү «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзам талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

2) МФК акционерлердин курамына кандай болбосун өзгөртүү киргизилген учурдан тартып 1 (бир) ай ичинде акционерлердин реестрин кошо тиркөө менен тиешелүү билдирмени Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

3) Жеке адам же юридикалык жак МФК акцияларынын 5 (беш) пайызынан азыраагын сатып алган учурда, Улуттук банк өзүнүн көзөмөл функцияларын аткаруу чегинде ушул Жобонун 2-главасынын талаптарына шайкеш келүүсүн жана МФКнын акцияларын сатып алууга багытталган, акча каражаттарынын келип чыгышын аныктоо максатында, МФКнын акцияларын сатып алууга багтталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактары, акцияларды сатып алган жеке адамдын же юридикалык жактын финансылык абалы жана ишкер аброю тууралуу маалыматты талап кыла алат. 

4) Улуттук банк төмөнкү учурларда акционерден ушул пункттун 2 жана 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн акциялар топтомун ээликтен ажыратууну талап кыла алатн: 

- сатып алып жаткан тараптардын финансылык абалы МФКнын туруктуулугуна кооптуу жагдайларды жаратса; 

- сатып алып жаткан тараптар зарыл маалыматты толук тапшырбаса же болбосо такталбаган же бурмаланган маалыматтарды сунуштаса;  

- сатып алып жаткан тараптар ушул Жобонун 2-главасында белгиленген талаптарга жооп бербесе. 

5) Сатып алуу дегенден улам, МФКнын акцияларын сатып алууну, күрөөгө коюуну же ага башка формадагы милдеттердин жүктөлүшүн түшүнүүгө болот. 

МФКнын Директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрүнүнтике же кыйыр түрдө шайланышын контролдоо жөндөмдүүлүгүн контролдук катары түшүнүүгө болот. Контролдук МФК тарабынан чыгарылган добуш берүү укугу менен акциялардын 5 (беш) же андан ашык пайызына ээлик кылуу аркылуу же башкаруу чечимдерин кабыл алууга таасирин тийгизүүчү башка ыкмада жүзөгө ашырылышы мүмкүн.»; 

- 11-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11-глава. МФКнын добуш берүүчү акцияларынын 5 (беш) жана андан ашык пайызын сатып алуу тартиби»; 

- 123-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«123. МФКнын акцияларынын чогуу алганда 5 (беш) жана андан ашык пайызын сатып алуу үчүн юридикалык жак (ушул Жобонун 14-тиркемесинин критерийлерине ылайык келген) же жеке адам Улуттук банктан алдын ала уруксат алууга тийиш.»; 

- 124-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«124. МФКнын 5 (беш) жана андан ашык пайызын сатып алууга ниеттенген кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак акцияларды сатып алуу болжолдонгон күнгө чейинки 30 (отуз) календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

- акциялардын чогуу алгандагы 5 (беш) жана андан ашык пайызын сатып алууга өтүнүч кат 13 жана 13-1 тиркемеге ылайык анкеталарын кошо тиркөө менен; 

- юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын МФКнын акцияларын сатып алуу жөнүндө чечиминин түп нускасы; 

юридикалык жактын ушул Жобонун 14-тиркемесинде көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келишин тастыктаган документтер.  

- юридикалык жактын уюштуруу документтеринин нускалары; 

- юридикалык жактын уюштуруучулары/ катышуучулары/ акционерлери жана кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар;  

- МФКнын акцияларын сатып алууга багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган маалыматтар жана документтер; 

- өтүнүч ээсинин финансылык абалынын туруктуулугун тастыктаган документтер. 

жеке адамдар үчүн:  

- добуш берүүчү акцияларынын чогуу алгандагы 5 (беш) жана андан ашык пайызын сатып алууга 13 же 13-1-тиркемелердеги форма боюнча анкетаны кошо тиркөө менен өтүнүч кат;  

- өтүнүч ээсинин финансылык абалынын туруктуулугун тастыктаган документтер. 

Өтүнүч ээсинин финансылык абалынын туруктуулугу катары төмөнкүнү түшүнүүгө болот:  

өтүнүч кат сунушталган күнгө карата Кыргыз Республикасынын бюджети жана салык органдары алдында орду жабылбаган карызынын жоктугун;  

өтүнүч кат сунушталган күнгө карата юридикалык жактар жана жеке адамдар алдында орду жабылбаган жана мөөнөтүндө төлөнбөгөн милдеттенмелеринин жоктугун;  

өтүнүч кат келип түшкөнгө чейинки акыркы 2 (эки) жыл ичинде ишкердикти киреше алуу менен жүзөгө ашырууну (юридикалык жактар үчүн).  

Улуттук банктын аларды алгылыксыз банктык жана финансылык тажрыйбага катыштыгы бар катары тааныган чечими болгон, банк жана/же финансы чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берген жеке адамдар МФКнын добуш берүүчү акцияларынын чогуу алгандагы 5 (беш) жана андан ашык пайызын сатып алууга уруксат ала алышпайт. »; 

- 125-пункту төмөнкү редакциясында берилсин: 

- «125. Улуттук банк МФКнын добуш берүүчү акцияларынын чогуу алгандагы 5 (беш) жана андан ашык пайызын сатып алуу үчүн ушул Жободо белгиленген талаптарды канааттандырган өтүнүч катты жана документтерди алган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен, ал эми акиялар резидент эмес сатып алган учурда 60 (алтымыш) күн ичинде өтүнүч ээсине өз чечими (макул экендиги же баш тарктандыгы) тууралуу билдирет. Баш тартуу далилденүүгө тийиш.»; 

- 126-пункту төмөнкү редакциясында берилсин: 

«126. Улуттук банк МФКнын добуш берүүчү акцияларынын чогуу алгандагы 5 (беш) жана андан ашык пайызын сатып алууга өтүнүч катты кароого алуу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты талап кылышы мүмкүн.»; 

- 127-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакциясында берилсин: 

«127. Улуттук банк төмөнкү учурларда жеке адамдарга жана/же юридикалык жактарга МФКнын акцияларынын 5 (беш) жана андан ашык пайызын сатып алууга макулдук берүүдөн баш тартууга укуктуу: 

- сатып алып жаткан жак ушул Жобонун 2-главасынын талаптарына жооп бербесе; 

- сатып алып жаткан жак ушул Жобонун 100-пунктунун талаптарын аткарбаса.»; 

- 128 жана 129- пунктары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 134-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Улуттук банк МКК/МКА/КСишине, МФК тарабынан коюлган талаптарга ылайык келүүсүн аныктоо максатында инспектрдик текшерүүлөрдү жүргүзөт.»; 

- 139 -пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 12-1 деген бөлүмү менен толукталсын: 

«12-1-бөлүмү. Коммерциялык банкты МФКга кайра каттоо тартиби 

139-1. МФКга кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банк төмөнкү талаптар жооп берүүгө тийиш:  

1) МФКга кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктын уставдык капиталынын жана өздүк (регулятивдык) капиталынын өлчөмү ушул Жобонун 6 пунктунда МФК үчүн белгиленген талаптарына жооп берүүгө тийиш; 

2)  МФК лицензиясын берүү жөнүндө өтүнүч бергенге чейинки акыркы отчеттук күнгө карата коммерциялык банктын финансылык отчетунун аныктыгын тастыктаган, көз карандысыз аудитордук компаниянын корутундусунун болушу. 

139-2. Коммерциялык банк МФКга кайра катталуусуна байланыштуу, мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө Улуттук банктын макулдугун алуу үчүн ага төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:  

1) Банк МФК катары ишке ашырууну көздөгөн операциялардын тизмесин көрсөтүү менен, МФКга кайра каттоого байланыштуу лицензия берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылуу; 

2) Ушул Жобонун 25-пунктуна ылайык, МФКга кайра каттоо, уставын бекитүү, МФКнын кызмат адамдарын дайындоо жөнүндө акционердин чечими (бир эле уюштууручу болсо) же акционерлердин жалпы жыйынынын протоколу (эки нускада). 

3) Устав (эки нускада). Уставда камтылууга тийиш болгон суроолордун болжолдуу тизмеги 4-тиркемеде көрсөтүлгөн; 

4) Акционерлердин анкеталары (13, 13-1-тиркемелер) кошо тиркелген акционерлер тууралуу маалыматтар (5-тиркеме); 

5) МФК үчүн каралбаган банктык операцияларды токтотууну эске алуу менен иштелип чыккан бизнес-план, анын ичинде 6-тиркемеде көрсөтүлгөн суроолор; 

6) МФКнын жалпы уюштуруу түзүмү жөнүндө маалыматтар (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, каралуучу маселелер жана аларды аткарууга ыйгарым укуктуу болгон операциялардын тизмеги,баш ийүүчүлүгү) жөнүндө маалыматтар; 

7)  ушул Жобонун жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын минималдуу талаптарына ылайык келүүсүн тастыктоочу анкеталар (1-тиркеме) жана маалыматтар (документтерди) тиркелген ушул Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн МФКнын кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар; 

8) ушул Жобонун 50-пунктунун 9-пунктчасына ылайык, кайра өзгөртүлүп түзүлгөн коммерциялык банктын уставдык капиталына уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) тарабынан салынган/кошулган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар, (эгерде уюштуруучулары/катышуучулары (акционерлери) болсо) буга чейин салынган акча каражаттары боюнча макулдашуудан өткөрүлгөн эмес.  

9) жайдын техникалык жактан бекемделиши жана жабдылышы боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн акт;  

10) МФКнын негизги саясаты жана жол-жоболору; 

11) МФКлар операциялардын белгилүү бир аракеттерин, мөөнөттөрүн жана көлөмдөрүн толук баяндоо менен ишке ашырууга укугу жок болгон банк операцияларын токтотуу (жыйынтыктоо) боюнча иш-чаралардын толук планы. Иш-чаралар планы МФК лицензиясын алган учурдан тартып, 12 (он эки) айдан ашпаган мөөнөткө ылайыкталууга тийиш; 

12) МФК үчүн белгиленген экономикалык ченемдердин сакталышын тастыктоочу маалыматтар. 

139-3. Коммерциялык банктын МФКга кайра катталуусуна байланыштуу, мамлекеттик каттоодон өтүүгө Улуттук банктын макулдугун алуу үчүн берилген документтер Улуттук банк тарабынан 60 календардык күн ичинде каралат.  

Коммерциялык банктын МФКга кайра катталуусуна байланыштуу, мамлекеттик каттоодон өтүүгө макулдук берүү чечими Улуттук банк Башкармасынын тарабынан кабыл алынат, ал эми МФК лицензиясын берүү чечими көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин тескеген Төраганын орун басары/Башкарманын мүчөсү тарабынан кабыл алынат. 

Улуттук банк коммерциялык банк тарабынан берилген документтерди кароо учурунда, анын МФК үчүн белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн тастыктоо максатында текшерүүгө укуктуу. МФКга лицензия берүү маселеси оңунан чечилген шартта, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ушул Жобонун 139-2-пунктунун 2-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн уюштуруучу документтердин бир нускасын тиркөө менен, коммерциялык банкты мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү үчүн кат түрүндө макулдук берет. 

139-4. Коммерциялык банкты МФКга кайра каттоо учурунда, ал МФКнын лицензиясын алган күнгө чейин, талап боюнча төлөнүүчү аманаттарды тартууну кошпогондо,   өз ишин коммерциялык банк катары уланта алат.  

Коммерциялык банктын ыйгарым укуктуу органы МФКга кайра катоо жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып, банк МФК жүзөгө ашырууга укугу жок болгон банктык операцияларды токтотуу боюнча планды бекитүүсү жана алдын ала иштерди жүргүзө баштоосу зарыл. 

139-5. Коммерциялык банк МФКга кайра катталып, мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндүгү тууралуу күбөлүк алгандан кийин, 10 (он) календардык күн ичинде жайгашкан орду боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү

1) лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

2) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн МФКнын мөөрү коюлган көчүрмөсү;  

3) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган уюштуруучу документтердин нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү

4) акционерлердин реестри; 

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө лицензия берүү үчүн жыйымдын төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ. 

139-6. Лицензия (7-8-тиркемелер) ушул Жобонун 139-5-пункттарында көрсөтүлгөн документтер берилгенден кийин, 10 (он) календардык күн ичинде берилет. Коммерциялык банктын лицензиясы жүргүзүүгө уруксат берилген операциялардын тизмеги менен МФКнын лицензиясын алган күнү Улуттук банкка өткөрүлүп берилүүгө тийиш. 

139-7.  МФКга кайра катталган коммерциялык банк мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна чектөөлөрдү белгилөөсүз МФКнын лицензиясын алат. 

139-8. МФКга кайра катталган коммерциялык банк МФКнын лицензиясын алган учурдан тартып, Кыргыз Республикасынын “Микрофинансы уюмдары жөнүндө” мыйзамында МФК үчүн каралбаган банктык операцияларды жүзөгө ашырууну төмөнкү мөөнөттөргө токтотууга милдеттүү:  

1) талап боюнча төлөнүүчү депозиттерди кабыл алуу МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып. МФКга кайра өзгөртүлүп түзүлгөн коммерциялык банк МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып, талап боюнча төлөнүүчү депозиттерди ээлерине кайтарып берүү иштерин баштоого милдеттүү;  

2) эсептерди ачуу жана жүргүзүү - МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып. МФКга кайра өзгөртүлүп түзүлгөн коммерциялык банк МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып, эсептерди жүргүзүү операциялары токтотулгандыгы тууралуу эсеп ээлерине маалымдоого милдеттүү

3) кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшырмасы боюнча эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү, ошондой эле аларды кассалык тейлөөнү жүргүзүү - МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып; 

4) кредиттик жана төлөм карточкаларын кошо алганда, төлөм документтерин (чектер, аккредитивдер, векселдер ж.б. документтер) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып; 

5) жөнөкөй жана которулма векселдерди (форфейтинг) сатып алуу аркылуу карыздык милдеттенмелерин төлөө МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып; 

6) кардарлардын акча которууларын, анын ичинде эсеп ачуусуз жүзөгө ашыруу, - МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып, аталган операцияларды коммерциялык банктын агенти катары ишке ашырууну кошпогондо; 

7) Кыргыз Республикасынын банк-резидент эместери үчүн корреспонденттик эсептерди ачуу жана жүргүзүү МФКнын лицензиясын алган күндөн; 

8) кардарлар үчүн чет өлкө валютасында эсептер боюнча жана кардардын атынан чет өлкө валютасын сатып алуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүргүзүү МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып; 

9) баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу (банктык күмүш, алтын, платина жана көрсөтүлгөн металлдардын жогорку пробасынан монета) МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып. Мөөнөтү келип жете элек келишимдер болгон учурда, МФКга кайра көзгөртүлүп түзүлгөн коммерциялык банк бул келишимдердин микрокаржылоо боюнча мыйзамдарда жол берилген, МФКнын ишине каршы келбеген бөлүгү боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга милдеттүү

10) электрондук акча чыгаруу МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып. Мөөнөтү келип жете элек келишимдер болгон учурда, МФКга кайра көзгөртүлүп түзүлгөн коммерциялык банк бул келишимдердин микрокаржылоо боюнча мыйзамдарда жол берилген, МФКнын ишине каршы келбеген бөлүгү боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга милдеттүү

11) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аталган процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү - МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып. 

Мөөнөтү келип жете элек келишимдер болгон учурда, МФКга кайра көзгөртүлүп түзүлгөн коммерциялык банк бул келишимдердин микрокаржылоо боюнча мыйзамдарда жол берилген, МФКнын ишине каршы келбеген бөлүгү боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга же бул келишимдердин ишин мөөнөтүнөн мурда токтотууга милдеттүү.»; 

- 13-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«13-глава. Лицензия (кошумча лицензия) берүүдөн баш тартууга / лицензиядагы чектөөлөрдү алып салууга негиздер»; 

-  140-пунктунун: 

Биринчи абзацы жана 1-пунктчасы “(кошумча лицензия)” деген сөздөрдөн кийин “лицензиядагы чектөөлөрдү алып салууга” деген сөздөр менен толукталсын; 

3-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) Улуттук банк мамлекеттик каттоого/кайра каттоого макулдук берген учурдан тартып, өтүнүч ээсинин финансылык же укуктук абалында лицензия (кошумча лицензия) берүүдөн баш тартууга / лицензиядагы чектөөлөрдү алып салууга негиз болуп саналган өзгөрүүлөр болгон (анын ичинде финансылык абалынын начарлоо тенденциясы байкалган) учурда;»; 

8 жана 12-пунктчалар “(кошумча лицензия)” деген сөздөрдөн кийин “лицензиядагы чектөөлөрдү алып салууга” деген сөздөр менен толукталсын; 

-  141-пункт “лицензия берүүдө” деген сөздөрдөн кийин “лицензиядагы чектөөлөрдү алып салууга” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1-тиркеме төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«Эскертүү

1) Анкетанын ар бир бетине кол коюлууга тийиш;  

2) Анкетадагы оңдоолор “өзгөртүүлөр анык” деген сөздөр жана талапкердин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт; 

-  7, 8, 9, 10-тиркемелер «№ ЛИЦЕНЗИЯ» деген сөздөрдөн кийин “микрофинансы компаниясынын” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 13-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

«Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө жобого карата  

13-тиркеме  

Сүрөттүн орду 

 

МФКны уюштуруучунун (акционердин) 

АНКЕТАСЫ 

(жеке адам тарабынан толтурулат) 

 

 

1-бөлүк. Жалпы маалымат 

Аты-жөнү 

 

Фамилиясын өзгөрткөн учурда: (мурдагы фамилиясы) 

Качан: 

Эмне себептен: 

Туулган күнү 

Туулган жери: 

Паспорт 

Сериясы: 

Номери: 

  

  

Ким тарабынан берилген: 

Берилген күнү

Жарандыгы: 

(кандайча алынгандыгын көрсөтүңүз: туулган жери боюнча, никеге тургандан кийин, башка милдеттенмелер боюнча түшүндүрмө берилсин)_________________________________ 

Үй дареги: 

(документ боюнча) 

Тел: ( ) _____________ 

Жашаган жери: 

Тел.: ( ) ____________________ 

Негизги иш орду: 

Ээлеген кызматы: 

Иштеген жеринин дареги: 

Телефон: 

( ) ____________ 

Факс: 

( ) _____________ 

Билими _________ (жогорку, толук эмес жогорку, атайы орто, орто) 

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан орду  

Окууга тапшырган жана аяктаган жылы  

Алынган дипломуна ылайык адистиги  

 

 

 

 

 

10. Эмгек жолу башталгандан бери аткарылган иштери 

Жумушка киришкен күнү (айы, жылы) 

Жумуштан кеткен күнү (айы, жылы) 

Ээлеген кызматы  

Мекеменин аталышы, жайгашкан орду, жумуш берүүчүнүн аты-жөнү  

Жумуштан кетүү себеби  

  

  

  

  

  

 

11. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: Сиз же Сиз олуттуу катышуучу жана/же кайсы гана болбосун башка кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) катары байланыштуу болгон компания боюнча кайсы бир өлкөдө, качандыр-бир кезде: 

- акыркы үч жылдын ичинде, административдик укук бузууларга жол берүү боюнча айыптоо иши козголгонбу, анын ичинде ишти токтотуу жана айыптоону алып салуу учурлары болгонбу, көрсөтүңүз (ооба/жок)? ________________ 

- акыркы үч жылда дисциплинардык жаза колдонгонбу (ооба/жок)? ____________ 

- кылмыш иштери боюнча мыйзамдарга ылайык, кылмышка тартылуу тууралуу айыпталгансызбы, анын ичинде кылмыш иши токтотулган, актоо чечими кабыл алынган жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган учурлар болгонбу (ооба/жок) _____________ 

Эгерде, болгон болсо, анда укук коргоо органдары тарабынан айыптоо, сот жообуна тартуу боюнча органдын аталышын, кайсы гана болбосун мамлекеттик орган тарабынан колдонулган айыптоо деңгээлин же дисциплинардык жазаны, териштирүү натыйжаларын, соттун чечимин көрсөтүү менен, толук маалымат бериңиз (анын ичинде иш токтотулган, айыптоо алып салынган, актоо чечими кабыл алынган же кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган учурлар): ____________________________________________ 

12. Соттолгондугу жоюлбаган учур болгонбу? Эгерде, болгон болсо, түшүндүрмө бериңиз.  

_______________________________________________________. 

Сиз боюнча кандайдыр-бир кесипкөй иш менен алектенүүгө тыюу салуу чечими кабыл алынганбы? Эгерде, кабыл алынган болсо, түшүндүрмө бериңиз ______________________ 

13. Сиз кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон, мажбурлоо тартибинде банкрот катары таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны көрсөтүңүз ____________________________________________________. 

Сиз байланыштуу болгон жана мажбурлап жоюу, банкроттоо шарттарына дуушар болгон компаниянын кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучусу катары Сиздин ролуңуз жана жоопкерчилик чөйрөңүз боюнча толук негиздеме бериңиз ___ 

14. Сиз боюнча жана Сиз кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучусу катары байланыштуу болгон компания боюнча мамлекеттик же жөнгө салуу органдары тарабынан териштирүүлөр жүргүзүлгөнбү? Эгерде, жүргүзүлгөн болсо, себептерин түшүндүрүңүз __________________________________ 

15. Сиз азыркы учурда кандай гана болбосун соттук териштирүүгө катыштыгыңыз барбы? Эгер, катыштыгыңыз бар болсо, түшүндүрмө бериңиз _____________________ 

16. Үй-бүлөлүк абалы ________________________________ 

Жакын туугандарыңызды санап бериңиз (ата-эне, 16 жаштан улуу балдар, жолдошу/жубайы, ага-иниси, эже, сиңди, карындашы, чоң ата, чоң эне): 

Аты-жөнү 

Туугандык мамилеси  

Туулган күнү жана жери  

Ээлеген кызматы жана жумуш орду  

Үй дареги, тел. № 

  

  

  

  

  

 

2-бөлүк. Кошумча маалымат 

17. Ссуда боюнча карызы (кимдир бирөөнүн алдында башка милдеттенмелери) болгон шартта, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөнкү маалыматтарды көрсөтүңүз: 

Кредитордун аталышы 

  

  

Берилген күнү 

  

  

Насыянын суммасы 

  

  

Пайыздык чен 

  

  

Насыянын багыты 

  

  

Күрөө тууралуу маалымат жана анын суммасы 

  

  

Төлөө мөөнөттөрү 

  

  

Насыя боюнча карыз калдыгы  

  

  

Кредит пайыздары боюнча карыз калдыгы  

  

  

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, кредит боюнча пайыз)  

  

  

 

18. Төмөнкү маалыматтарды бериңиз: 

а) «___»____________ карата абал боюнча активдер жана милдеттенмелер жөнүндө жеке отчет (валютаны көрсөтүңүз). 

 

  

Активдер 

Сумма (сом менен/чет өлкө уюштуруучулары үчүн АКШ долларында) 

Накталай  

  

Финансы-кредит уюмдарындагы депозиттик каражаттар  

  

Компанияга инвестициялар (2-табл.)  

  

Баалуу кагаздар  

  

Кыймылсыз мүлк, анын ичинде күрөөдө тургандары же арестке коюлгандары  

  

Дебитордук карыздар (анын ичинде насыяга берилген акча каражаттар)  

  

Башка активдер  

  

  

Бардыгы болуп активдер  

  

  

Милдеттенмелер  

  

Кредиттер боюнча карыз  

  

Кредитордук карыз  

  

Башка пассивдер  

  

  

Бардыгы болуп пассивдер  

  

  

Таза нарк (активдер-пассивдер)  

  

  

Жеке берилген гарантиялар  

  

б) киреше булактары тууралуу маалымат  

(валютаны көрсөтүңүз)  

  

Киреше булактары 

Өткөн жыл 20__-жыл 

Учурдагы жыл (күтүлүүчү сумма) 20__-жыл 

Негизги иш орду боюнча эмгек акы (сыйлыктарды кошо алганда)  

  

  

Автордук сыйлыктарды, башка төлөмдөрдү кошо алганда, негизги ишинен тышкары эмгек акы  

  

  

Дивиденддер  

  

  

Пайыздар  

  

  

Кыймылсыз мүлктөн башка кирешелер  

  

  

Башка кирешелер.  

  

  

  

Бардыгы болуп  

  

  

  

Чыгашалар  

  

  

Чыгашалар (жеке, керектөөгө)  

  

  

Кредиттер боюнча төлөмдөр: 

а) негизги сумма 

б) пайыздар  

  

  

Башка чыгашалар  

  

  

  

Бардыгы болуп чыгашалар  

  

  

  

Таза киреше (чыгаша )  

  

  

 

19. Сиз акыркы 10 жыл аралыгында жана/же учурда кайсы болбосун өлкөдө уюштуруучу, акционер (ээ) болгон компанияларды көрсөтүңүз (уставдык капиталдагы үлүш ээликтен ажыратылган учурда, ээликтен ажыратуу күнүн көрсөтүү зарыл):  

 

Юридикалык жактын аталышы, жайгашкан жери 

Юридикалык жактын ишинин түрү 

Карамагындагы акциялардын саны 

Капиталдагы үлүшү сом түрүндө 

Юридикалык жактын уставдык капиталдагы үлүшү % түрүндө 

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

  

  

  

  

  

  

 

3-бөлүк.  

20. Кошумча маалымат: 

a. ушул МФКнын Директорлор кеңешинин курамына жаңы талапкерлерди киргизүү оюңуз барбы (болсо - кыскача маалымат берүү зарыл).  

b. МФКнын саясатын жана жетекчилик курамын олуттуу өзгөртүү ниетиңиз барбы (болсо - сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү кыскача формада берүү зарыл). 

4-бөлүк. Корутунду бөлүк 

4.1. МФКнын акцияларын сатып алууга билдирмени кароодо Сиз маанилүү деп эсептеген кайсы болбосун башка маалыматты бериңиз ________________________________  

4.2. Мен, _________________________________________________________ 

Аты-жөнү 

Ушул анкетада берилген жогорудагы маалымат толук жана анык экендигин жана менин билимиме жана анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча маалыматтарга шайкеш келе тургандыгын тастыктайм. Мен тараптан атайын бурмалоолор жана калтырып кетүүлөр болсо, акцияларды сатып алуу боюнча билдирмени канааттандыруудан баш тартууга негиз болоорун жана мыйзамга ылайык жоопко тартууга алып келээрин билемин.  

  

_______________________ 

  

"__" __________________ 

кол тамга 

  

үнү, айы, жылы) 

Эскертүү

 

 

Анкетанын ар бир бетине кол коюп чыгуу зарыл; 

Анкетадагы оңдоолор "оңдолгондугу анык" деген сөз менен жана талапкердин өз кол тамгасы менен тастыкталат 

_________________________ кол тамга»; 

 

 

- жобо төмөнкү мазмундагы 13-1-тиркеме толукталсын: 

 

 

«Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө жобого карата  

13-1- тиркеме  

 

МФКнын уюштуруучусунун (акционеринин)  

АНКЕТАСЫ 

(юридикалык жак тарабынан толтуралат) 

 

 

1. Юридикалык жактын аталышы (мындан ары «компания») _______________ (юридикалык жактын толук аталышын көрсөткүлө).  

2. Компаниянын юридикалык дареги _______________________________________ 

_____________________________________________________________________________.  

3. Компания түзүлгөн күн _______________________________________________.  

4. Идентификациялык салыктык № ________________________________.  

5. Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүлгөн күн (каттоо органдары) _____________________________ № ________ (мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк).  

6. Кайсы банктарда компаниянын эсеби ачылган: ___________________________.  

7. Лицензиянын (уруксат берүүчү документтин) номерин жана лицензия берген органды көрсөтүү менен компаниянын лицензияга ылайык аткарууга уруксат берилген ишинин түрүн көрсөтүңүз: _____________________________________  

8. Компания аткара турган иштердин башка түрлөрүн жазып көрсөтүңүз: __________________________________________________  

9.  ____________________________________________ (компаниянын толук аталышы) менен жалпы кызыкчылыктарга ээ адамдар:  

1) _________________ (компаниянын толук аталышы) катышуучусу/акционери болуп саналышкан юридикалык жактар жана жеке адамдар:  

Юридикалык жактын толук аталышы, жеке адамдын аты-жөнү 

Таандык акциялардын саны 

Уставдык капиталдагы үлүшү 

  

  

  

 

3) катышуучу/акционер болуп саналган компаниялар _______________________ 

(өтүнүч ээсинин - юридикалык жактын толук аталышы)  

Юридикалык жактын толук аталышы, жеке адамдын аты-жөнү 

Таандык акциялардын саны 

Уставдык капиталдагы үлүшү 

  

  

  

 

3) ______________________________ менен аффилирленген (компаниянын толук аталышы) юридикалык жактар:  

Юридикалык жактын толук аталышы, жеке адамдын аты-жөнү 

Таандык акциялардын саны 

Уставдык капиталдагы үлүшү 

  

  

  

 

 

10. Компаниядагы позициясын көрсөтүү менен компаниянын кызмат адамдарын, ошондой эле алардын жарандыгын (Директорлор кеңешинин (байкоо органынын) мүчөсү, башкарманын мүчөсү (аткаруу органы), финансылык менеджер (башкы бухгалтер). 

11. Компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү же кызмат адамдары (Директорлор кеңешинин (байкоо органынын) мүчөсү, башкарманын мүчөсү (аткаруу органы), финансылык менеджер (башкы бухгалтер) компания акционери болууга ниеттенип жаткан МФК акцияларына ээлик кылуучу боло алышабы. 

Эгерде боло алышса, компаниянын аталган кызмат адамдарынын ээлигинде турган акциялардын санын көрсөтүү зарыл:  

№ 

Аты-жөнү 

Ээлигинде турган акциялардын саны 

Банктын уставдык капиталындагы үлүш 

Кошумча маалыматтар же эскертүү 

  

  

  

  

  

 

12. Компаниянын финансы-кредит уюмдарынын жана/же башка жактардын алдында ссудалык (кредиттик) карызы барбы, эгерде бар болсо, кредит (насыя) алынган күндү, кредит\терди алуу максатын, кредиттин алынган суммасын жана кредиттин негизги суммасы боюнча карыздын калдыгын жана өтүнүч кат берилген күнгө карата ал боюнча пайыздарды көрсөткүлө:  

 

Кредитордун аталышы  

 

 

 

 Берилген күнү 

  

 

  

  

  

  

  

  

 

 

 

Насыянын (кредиттин) суммасы 

 

 

Пайыздык чен 

 

 

Займдын (кредиттин) багыты 

 

 

Күрөө тууралуу маалымат жана суммасы 

 

 

Төлөө мөөнөтү 

 

 

Насыя (кредит) боюнча карыздын калдыгы 

 

 

Кредит үчүн пайыздар боюнча карыздын калдыгы 

 

 

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн калдык (кредиттик негизги суммасы жана пайыздары) 

 

 

 

13. Компания аталган МФКнын Директорлор кеңешинин курамына компаниянын өкүлдөрүн кошууга ниети барбы (эгерде - бар болсо, талапкерлерди көрсөтүү зарыл) жана МФКнын саясатына жана жетекчилигине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ниети барбы (эгерде бар болсо, сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл): ________________________________________  

 

14. Компаниянын бардык бөлүмдөрүн көрсөтүү зарыл:  

Бөлүм (филиал, өкүлчүлүк) 

Дарек 

Жетекчилик 

Иштин түрлөрү 

Башка маалыматтар же эскертүүлөр 

 

 

 

 

 

  

  

  

  

  

 

15. Компания кимдир бирөөлөр тарабынан соттук талаш тартыштарга тартылды беле, эгер тартылган болсо, ал тууралуу кеңири маалымат көрсөткүлө (доочу, жоопкер, пикир келишпестиктердин предмети, соттук иш кайсы инстанцияда каралат, ишти кароо кайсыл этапта турат): _____________________________________________  

16. Өтүнүч ээсинин пикири боюнча олуттуу деп эсептелген башка маалымат:  

_______________________________________________________________________________________  

Компаниянын жетекчисинин кол тамгасы  

Компаниянын мөөрү»; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 15-тиркеме менен толукталсын: 

«Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого карата 15-тиркеме 

 

МФКга тыюу салынган банктык операцияларды токтотуу (бүтүрүү) боюнча иш -чаралар планынын мазмунуна карата минималдуу талаптар 

 

1. Коммерциялык банк тарабынан МФКга тыюу салынган банктык операцияларды токтотуу (бүтүрүү) боюнча. ар бир операциянын түрү, көлөмү жана аларды жыйынтыктоо мөөнөтү боюнча иш чара планын (мындан ары  иш -чара планы) тапшырууга тийиш. Иш-чаралар планы даярдалганга чейин банк жыйынтыктоо мөөнөттөрү боюнча так маалымат берүү, жыйынтыкталууга тийиш болгон банк операцияларынын жана жыйынтыктоо банктан көз каранды болбогон жана белгиленген мөөнөттө жыйынтыктоо кыйынга турган операциялардын реалдуу көлөмүн аныктоо максатында, бардык жүргүзүлүп жаткан банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү (келишимдер, макулдашуулар жана башка документтер) инвентаризациялоого тийиш.  

2. Банк белгилеген иш- чаралар планын ишке ашыруунун жалпы мөөнөтү коммерциялык банктагы белгилүү бир жагдайды жана сунушталуучу чаралардын мүнөзүн эске алуу менен негизделип, МФКнын лицензиясын алгандан кийин 12 (он эки) айдан ашпоого тийиш. 

3. Сунушталган иш-чаралар планы милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: толук иш -чаралар жана аларды аткаруу мөөнөтү, ишке ашыруунун ар бир баскычында жооптуу аткаруучулар, аткаруунун индикаторлорун белгилөөлөр, ошондой эле иш- чаралар планынын аткарылышын контролдоо боюнча банк тарабынан көрүлгөн чаралар. МФКнын иш-чаралар планында зарылчылыгына жараша акционерлердин жана үчүнчү жактардын катышуу ыкмалары жана шарттары каралууга тийиш. 

4. Иш-чаралар планы анын аткарылышынын болжолдонгон жыйынтыгы тууралуу маалыматты, ошондой эле төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- МФКнын мурда келишилген бүтүмдөрдү жыйынтыктоо жана/же банк операцияларын жүргүзүү боюнча иш аракеттери; 

- белгиленген мөөнөттө жыйынтыктоо кыйынга турган же мүмкүн эмес болгон операциялардын тизмеги; 

- МФКга тыюу салынган банк оперцияларына байланыштуу келишимдердин, бүтүмдөрдүн жана башка документердин аракетин токтотуу мөөнөтү

5. Иш- чаралар планына коммерциялык банктын жетекчиси же башкы бухгалтери кол коюууга жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. 

6. Иш- чаралар планынын, анын ичинде тиркемелеринин ар бир барагына, номер коюлуп, көктөлүп, коммерциялык банктын мөөрү менен бекитилүүгө тийиш. 

7. Иш- чаралар планын иштеп чыгуу үчүн коммециялык банк аудитордук уюмду (жеке аудиторду) чакырууга укуктуу. 

8. Зарыл болгон учурда, Улуттук банк коммерциялык банктан иш -чаралар планын анык деп таануу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты, сунуштоо мөөнөтүн белгилөө менен талап кылууга укуктуу. 

9. МФК иш -чаралар планынын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткарылышын камсыз кылууга тийиш.».