Кайта келүү

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын “___”___________  

№ __________________________  

токтомуна тиркеме 

 

 

Банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу жөнүндө 

НУСКОО 

 

 

1-глава.  

Жалпы жоболор 

 

1. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) банк системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, аманатчылар жана башка кредиторлор укугун коргоо, банктык мыйзам талаптарын сактоо максатында банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат жана жөнгө салуу нормаларын белгилейт. 

2. Улуттук банктын көзөмөл системасы бири-бирин толуктап турган жана колдоого алган көзөмөл иш багытынын негизги эки түрүнөн тышкы көзөмөлдү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруудан турат. 

3. Бул нускоо коммерциялык банктардын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган, микрофинансылык компаниялардын, “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары - банктар) ишине инспектордук текшерүүлөрдүн негизги максаттарын жана түрлөрүн аныктайт. Мындан тышкары нускоо, банктарга, алардын ишине тышкы көзөмөлдү жана инспекторлук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө карата коюлуучу милдеттүү талаптарды белгилейт. 

4. Бул нускоонун максаттары үчүн төмөнкү аныктамалар колдонулат: 

- банктар Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит уюмдары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы;  

- CAMELS Улуттук банк тарабынан колдонулуучу банк ишине баа берүүнүн эл аралык рейтингдик системасы (6-тиркеме); 

- коммерциялык банктарга тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүк бул, коммерциялык банктардын иш коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу максатында, алардын иш тажрыйбасында орун алышы ыктымал болгон негизги тобокелдиктерди аныктоо үчүн каралган көзөмөлдөө ыкмасы, демек, көзөмөлдүк коммерциялык банк ошол тобокелдиктерди кандай жөнгө салып жаткандыгына баа берүүгө багытталат (7-тиркеме); 

- мүнөздүү болгон тобокелдик бул, кандай гана болбосун контролдук чаралары жок болгон шартта тобокелдикке дуушар болушу; 

- накта тобокелдик тобокелдикти тескөө сапатынан эсебинен орун алган тобокелдикти төмөндөткөндөн кийин мүнөздүү болгон тобокелдик катары аныкталат; 

- банктын тобокелдик профили - бул, тобокелдиктердин бардык түрлөрүнүн жана алардын деңгээлдеринин жыйынтыкталган маалыматы, алар банктын (холдинг компаниясынын/аффилирленген банктын) ишинде орун алган бардык негизги көйгөйлөрдү жана ушул тобокелдиктер боюнча колдо болгон маалыматка учурдагы (акыркы жаңыртылган) баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундуларды чагылдырат.»; 

- банктын жыйынтык рейтинги бул, банктын тобокелик профилине анын менеджментине, кирешелүүлүгүнө жана капиталына накта тобокелдик көз карашынан алганда баа берүүнүн жыйынтыгын кароого алгандан кийин жалпы баа берүү

 

2-Глава. 

Банктык көзөмөл 

 

5. Банктык көзөмөл бул, көзөмөл органы менен банктын ортосунда кызматташууну караган Улуттук банктын пландаштыруу, инспектирлөө, мониторинг жүргүзүү, баа берүү жана өз ара иш алып баруу боюнча иш-чаралардын жыйындысы. Улуттук банк жеринде жүргүзүлүүчү комплекстүү, максаттуу жана тематикалык текшерүүлөрдү тышкы көзөмөл менен айкалыштыруу менен ар бир банк үчүн көзөмөл стратегиясын түзөт. 

Улуттук банктын банктардын ишине көзөмөл жүргүзүүнүн алкагында тобокелдикти аныктоого багытталган ыкмада, анын ичинде инспекторлордун кесипкөй ой-жүгүртүүсүнө, банктын иш алып баруу мүнөзүн, тобокелдик-профилин жана маанилүүлүгүн эске алуу менен ага карата жеке мамиле кылууга негизденген тобокелдикке баа берүү, сандык жана сапаттык талдап-иликтөө камтылган, ошондой эле көзөмөл ресурстарын аларды кыйла иштиктүү колдонуу үчүн натыйжалуу бөлүштүрүлүшүн камсыз кылат. Көзөмөл циклынын ар бир баскычында Улуттук банктын ыйгарым укуктуу бөлүмдөрү катары, банк жетекчилиги тобокелдиктерди канчалык деңгээлде натыйжалуу аныктап, өлчөп, контролдукка алып жана тескеп жаткандыгына баа берет. 

6. Көзөмөл органдарынын банктар менен өз ара аракеттенүүсү жана маалымат менен алмашуусу банктык көзөмөлдүктүн маанилүү компоненттери болуп саналат. Улуттук банк анын көзөмөлүндө турган банктар менен дайыма жана натыйжалуу кызматташуу принцибин колдоого алат. Өз ара аракеттенүү иши, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетторду кароодо расмий жана расмий эмес сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар түрүндө жана башка жазуу жүзүндөгү документтерди берүү ыкмалары аркылуу жүзөгө ашырылат. 

7. Банктын учурдагы көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн Улуттук банктын банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга тартылган кызматкерлери (мындан ары инспекторлор) банктын аткаруу жетекчилиги, ошондой эле Директорлор кеңеши/Директорлор кеңешинин мүчөсү менен - зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу жолугуша алышат. Мындан тышкары, инспекторлор банктын тышкы аудиторлору менен зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу жолугуша алышат. Бардык жолугушуулар тиешелүү түрдө документтештирилүүгө тийиш. 

Талкуулоодо төмөнкү маселелер каралышы мүмкүн: 

- финансылык абалдын көрсөткүчтөрү жана белгиленген тенденциялар; 

- банктын аткаруучу органынын жана Директорлор кеңешинин пикири боюнча, банкка жана бүтүндөй банк тутумуна тиешелүү болгон олуттуу маселелер; 

- кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды аткаруу; 

- башкаруу маалыматынын шайкештиги; 

- банктын (холдинг компаниясынын/аффилирленген банктын) тобокелдигиндеги мүмкүн болуучу өзгөрүүлөр; 

- келечекке көзөмөлдүк чаралары; 

- коомчулукка маалымдоо боюнча банк тарабынан көрүлүүчү чаралар; 

- башка маселелер. 

Улуттук банк банктык көзөмөлдүктүн алкагында тигил же бул банктын кураторунун маалыматтарын (аты-жөнүн, почта дарегин, телефон номерин, ээлеген кызматын), куратор тарабынан талап кылынган маалыматтарды кандай болбосун пайдаланууга мүмкүн болгон түрдө, анын ичинде электрондук почта аркылуу сунуштоо зарылчылыгы тууралуу маалыматты банк Башкармасынын төрагасынын атына жөнөтөт  

Улуттук банктын доменинен (*@nbkr.kg или *@nbkr.banks.kg) электрондук почта аркылуу келип түшкөн кандай болбосун талап расмий талап кылууга теңештирилет. Куратор банктын ишине көзөмөлдүк милдеттерине кирген маселелер боюнча гана талаптарды банкка жөнөтөт. 

Улуттук банктын кайсы болбосун түзүмдүк бөлүмү өз компетенциясынын чегинде талаптарды өз алдынча банкка жөнөтө алат. Улуттук банктын кураторунун/инспекторунун банкка баруу зарылчылыгы келип чыккан шартта, банк жайларына, тиешелүү документтерине, материалдарына, анын ичинде банктык жазууларга, банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусунда пайдалануулардын жана кардарлардын автоматташтырылган системаларына жана башка зарыл маалыматтарынан пайдалануу коддору (паролдор, PIN коддор) тууралуу маалыматты эске албаганда, техникалык инфраструктурасына (банктын автоматташтырылган системасына, тесттик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча документтерди кошо алганда, системага карата документтерге, СВИФТ кошо алганда, төлөм системаларынын маалыматтар базасына) кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.  

Банк, анын акционерлери, кызмат адамдары жана башка кызматкерлери жана банк менен байланыштуу жактар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана кандай болбосун маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү

8. Банктык көзөмөлдү жүргүзүүдө, банк операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн масштабы жана деңгээли башкаруу сапатынан жана ыкмаларынан, ошондой эле текшерилүүчү иштердин же операциялар түрүнүн олуттуулугунан көз каранды болгондуктан, банк тарабынан башкаруу процесстерине баа берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Банк операцияларын жана бүтүмдөрүн текшерүү банктын жалпы абалына баа берүү жана ички саясатынын, жол-жоболорунун жана ички контролдуктун сакталышы деңгээлин аныктоо үчүн ишенимдүү жана зарыл инструменти болуп саналат. Банк операцияларын жана бүтүмдөрүн текшерүү банктын жалпы абалына баа берүү жана ички саясаттардын, жол-жоболордун, ички контролдуктун сакталышынын деңгээлин аныктоо үчүн ишенимдүү жана зарыл инструмент болуп саналат. 

Эскертүү. Ушул нускоонун алкагында операцияларды жана бүтүмдөрдү текшерүү дегенден улам, ички эсеп жазууларын регулятивдик жана финансылык отчеттор менен салыштыруу жана күн ичинде ишке ашырылган операцияларды саясат жана жол-жоболордун талаптарына салыштыруу (ички жол-жоболордун сакталышына баа берүү үчүн) гана эмес, мисалы, айрым кредиттердин жана инвестициялардын сапатын текшерүү сыяктуу, башка текшерүү жол-жоболорун түшүнүү зарыл. 

9. Улуттук банк, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого максатында, ички контролдукту уюштуруу маселелери боюнча банк ишине инспектирлөө ишин жүргүзөт жана анын жыйынтыгы тууралуу маалыматты терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.  

10. Банктарга тышкы көзөмөл кароого сунушталган отчеттор жана башка маалыматтар боюнча банктардын ишине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле банк ишинин негизги багыттары боюнча банктын башкаруу органдары менен өз ара иш алып баруу аркылуу аралыктан, туруктуу негизде ишке ашырылат. 

Банктарга тышкы көзөмөл банктык көзөмөлдүн үзгүлтүксүз ишинен болуп саналат, ал өзүндө кеминде төмөнкүлөрдү камтыйт; 

- мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттун алкагында финансылык абалдын өзгөрүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баа берүү

- тобокелдик профилинин өзгөрүүсүнө ички жана тышкы аудиттин, инспектордук текшерүүлөрдүн буга чейинки жыйынтыктарын жана учурдагы маалыматтарды эске алуу менен байкоо жүргүзүү

- колдо болгон маалыматтын негизинде баштапкы алдын алуу системасы жана стресс-тестирлөө аркылуу финансылык түзүмдүн жана иш көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүсүн өз убагында аныктоону камсыз кылуу; 

- банкта жана бүтүндөй банк тутумунда финансылык өзгөрүүлөргө карата андан аркы иш-аракеттер жана аларга талдап-иликтөө жүргүзүү

- бизнес-пландын жана бизнес-стратегиянын өзгөрүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баа берүү

 

3-Глава. 

Инспекторлук текшерүүлөрдү жүргүзүү максаттары 

 

11. Банк ишин текшерүүнүн негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат: 

- банктын туруктуу жана коопсуз иш алып баруусуна тоскоолдук кылган банк ишине тийиштүү болгон тобокелдиктердин деңгээлдерин, мүнөзүн жана өзгөчөлүктөрүн тобокелдик профилин эске алуу менен изилдөө жана ага баа берүү

- банктын корпоративдик башкаруу жана ички контролдоо түзүмүнүн натыйжалуулугун жана сапатын анын бизнесинин мүнөзүн жана орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди эске алуу менен изилдөө жана ага баа берүү

- тобокелдиктерди тескөө системаларына жана процесстерине банктын капиталынын шайкештигине жана ликвиддүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн болгон чабал жерлерин аныктоого өзгөчө көңүл буруу менен баа берүү

- банктын финансылык жана регулятивдик отчетторунун аныктыгын текшерүү

- банк тарабынан Улуттук банктын жазма буйруктары, талаптары жана сунуш-көрсөтмөлөрү аткарылгандыгына баа берүү

- банктын Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам нормаларына ылайык келишин жана аларды так сактоосун аныктоо; 

- кемчиликтерди четтетүү үчүн аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана сунуш-көрсөтмөлөрдү аткаруу, банктын абалын жакшыртуу, тобокелдиктерди кыскартуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү, ал эми зарыл учурларда эскертүү чараларын жана санкцияларды иштеп чыгуу; 

- негизги тобокелдиктер боюнча баяндама жасоо, ошондой эле контролдоо жана тобокелдиктерди тескөө функциясын изилдөө

- банктын Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди жана талаптарды аткаруусу.  

 

4-Глава. 

Инспекторлук текшерүүлөрдүн түрлөрү 

 

12. Инспектордук текшерүүлөр, коюлган максаттарга жана милдеттерге жараша комплекстүү, максаттуу жана тематикалык болушу мүмкүн жана текшерүү жөнүндө отчет түзүү жана бузулуулар аныкталган учурда тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу жана/же тобокелдикти төмөндөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү банкка жөнөтүү, банктын тобокелдик профилине жана анын айрым компоненттерине баа берүү, ал эми зарылчылык келип чыккан учурда банктын көзөмөл стратегиясын кайра карап чыгуу менен жыйынтыкталат. 

Комплекстүү текшерүүлөр банктын тобокелдик профилин толук көрсөтүлүшүн камсыз кылуу үчүн тиешелүү банктын тобокелдиктеринин жана ишинин кеңири чөйрөсүн камтыйт.  

Максаттуу текшерүүлөр банктын айкын иш участогунда, мисалы, белгилүү бир продуктка (кредиттик картка), функциясына (ички аудитке) же тобокелдикке (кредиттик тобокелдик, Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу жана терроризм менен экстремизмди каржылоо тобокелдиги) ж.б.у.с. топтолгон.  

Тематикалык текшерүүлөр белгилүү бир темага, анын ичинде бир нече банктарда же бүтүндөй сектор боюнча белгилүү бир маселелерге же продуктка байланыштуу орун алган же келип чыккан тобокелдиктерге баа берүү максатында топтолгон. Тематикалык ыкма Улуттук банк белгилүү бир тобокелдикти тандап, банк топторун ушул тобокелдиктин орун алышын текшерет дегенди түшүндүрөт. Тематикалык текшерүүлөр ошондой эле экономикалык секторлордун начарлашынан же банк секторунда тобокелдик орун алышы ыктымал болгон тажрыйбаларды таркатуудан улам, финансылык туруктуулукка коркунучту аныктаган макропруденциалдык жана секторалдык талдап-иликтөөлөрдүн негизинде демилгелениши мүмкүн.  

13. Инспектордук текшерүүлөрдүн көлөмү жана чукул арада болушу көзөмөлдүн жалпы стратегиясын жана банктын мүнөздөмөлөрүн (өлчөмү, иш мүнөзү, тобокелдик профили, аныкталган кемчиликтер) эске алуу менен аныкталат. Бул пландаштырылган текшерүүлөрдөн тышкары, максаттуу текшерүүлөр банкта келип чыккан жана токтоосуз түрдө көзөмөлдүк чараларын талап кылган жагдайга же иштеги кемчиликтерге жооп катары өткөрүлүшү мүмкүн. Зарылчылыкка жараша, банктын буга чейинки пландаштырылган же максаттуу текшерүүдө аныкталган корректировкалоочу иш-аракеттерди же чараларды жүзөгө ашырууда банктын алдыга илгерилөөсүнө баа берүү үчүн андан ары текшерүүлөр жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Инспектордук текшерүүнүн мөөнөтү банк ишине текшерүүгө берилген жолдомодо көрсөтүлөт (2-тиркеме) жанаалар төмөнкүлөргө жараша белгиленет: 

- текшерүүнүн түрүнө

- системалык маанилүүлүгүнө жана банктын тобокелдик профилине; 

- банк тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын көлөмүнө жана өзгөчөлүгүнө

Мында, жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 60 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. 

14. Улуттук банктын саясатына ылайык, айрым банктарга комплекстүү текшерүү пландаштырылган иш көлөмдөрүнө ылайык рейтингдик системанын (CAMELS) компоненттери боюнча банктын жалпы абалына баа берүү үчүн жүргүзүлөт. Комплекстик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчет төмөнкү маселелерди (бирок муну менен чектелбестен) камтыйт:  

- банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген банктын саясаттарына ылайык келе тургандыгын аныктоо предметине банк ишинин негизги багыттарына байкоо жүргүзүү

- ички аудиттин ишине жана тышкы аудиторлордун отчетторуна байкоо жүргүзүү

- ички контролдук системасынын натыйжалуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө байкоо жүргүзүү

- активдердин сапатына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн кредиттик тобокелдикти камтыган кредит портфелин жана башка активдерди изилдөө;  

- банктын пайда алуусуна талдап-иликтөө

- капиталдын жетиштүүлүгүн (шайкештигин) талдап-иликтөө

- банктын жетиштүүлүгүн аныктоо максатында, анын ликвиддүүлүгүн тескөө

- тобокелдиктерди тескөө системасына баа берүү максатында, активдердин жана милдеттенмелердин тескөөгө алынышына байкоо жүргүзүү

- баланстан тышкаркы операцияларга байланыштуу тобокелдиктер деңгээлин аныктоо жана бул тобокелдиктердин тескөөгө алынышына баа берүү максатында, банктын баланстан тышкаркы ишине байкоо жүргүзүү

- банк тарабынан берилген регулятивдик жана финансылык отчеттордогу маалыматтардын жана кеңири коомчулук үчүн жарыяланган маалыматтын тактыгын текшерүү

- банктын акцияларын сатып алуу/ажыратып алууга тиешелүү бүтүмдөрдүн мыйзамдуулугун, ошондой эле уставдык капиталдын өлчөмүн көбөйтүү/азайтуу процессинин мыйзам талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү

- банктын акциясынын 1%дан ашыгын ээлеген акционерлер боюнча юридикалык иштерди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тууралыгын текшерүү

- банк ишинин банктын иш-аракеттерин жөнгө салуучу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана мыйзамдарына ылайык келүүсүн, ошондой эле бухгалтердик эсепке алуу менен финансылык отчеттун белгиленген стандарттарына ылайык келе тургандыгын аныктоо. 

15. Улуттук банктын тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу боюнча саясатына ылайык, комплекстүү текшерүү пландаштырылган иш көлөмдөрүнүн негизинде банктын тобокелдик профилинин бардык элементтерине (кредиттик тобокедик, рыноктук тобокелдик, ликвиддүүлүк тобокелдиги, Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризм менен экстремизмди каржылоо тобокелдиги) баа берүү үчүн жүргүзүлүүдө, жана банктын ишинин бардык түрүн изилдөөнү камтыйт. Комплекстүү текшерүү эң аз дегенде, төмөнкү элементтерди камтыйт: 

банктын менчик түзүмүн жана топтук түзүмүн жана анын корпоративдик башкаруусун изилдөө;  

банктын финансылык абалын, капитал жетиштүүлүгүн, кирешелүүлүк деңгээлин, ликвиддүүлүк түзүмүн талдап-иликтөө;  

банктын стратегиялык документтерин, ишкердик моделин, маданиятын/алып жүрүүсүн изилдөө;  

мүнөздүү болгон тобокелдиктин негизги категорияларын (кредиттик, рыноктук, пайыздык чен, ликвиддүүлүк тобокелдиктери, операциялык, Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу жана терроризм менен экстремизмди каржылоо жана комплаенс-тобокелдиги); 

Финансылык отчеттордо жарыялануучу мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун алкагында сунушталуучу маалыматтардын, ошондой эле башка басма маалыматтардын аныктыгын текшерүү. Бул жол-жобо ошондой эле банк тарабынан кредиттик бюрого (бюролорго) жөнөтүлүүчү маалыматтардын/отчеттордун толуктугун жана тактыгын текшерүүнү камтышы мүмкүн. 

Ар бир банк анын системалык маанилүүлүгүнө жана тобокелдик профилине карабастан, комплекстүү инспектордук текшерүүдөн үч жылда кеминде бир жолу өтүп турууга тийиш. Жаңыдан түзүлгөн жана кайра өзгөртүп түзүлгөн банктар комплекстүү текшерүүдөн банктык лицензияны алган учурдан тартып 18 ай ичинде өтүүгө тийиш.  

Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүктүн алкагында, комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгына негизделген отчет төмөнкү маалыматтарды (бирок муну менен чектелбестен) камтыйт: 

- кредиттик тобокелдик, 

- рыноктук тобокелдик, 

- ликвиддүүлүк тобокелдиги, 

- операциялык тобокелдик, 

- комплаенс-тобокелдиги, 

- Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризм менен экстремизмди каржылоо тобокелдиги, 

- менеджмент, 

- кирешелүүлүк, 

- капиталдын жетиштүүлүгү

- ички контролдук, тобокелдиктерди тескөө жана тышкы аудит;  

- акционерлерди жана банктын акцияларынын 1%ынан көбүрөөгүнө ээлик кылган акционерлер боюнча соттук иштердин (болгон болсо) туура түзүлүшүн жана жүргүзүлүшүн текшерүү

- банктык ченемдик, финансылык отчеттордо көрсөтүлгөн маалыматтарды жана кеңири коомчулук үчүн жарыяланган маалыматтарды текшерүү

- банктын акцияларын сатып алуу/ажыратып алууга тиешелүү операцияларын, ошондой эле акционердик капитал суммасын көбөйтүү/азайтуу боюнча процесстин мыйзам талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү

- чет өлкө валютасында ишке ашырылган операцияларга байланыштуу тобокелдик деңгээлин аныктоо жана алмашуу курсунун тобокелдиктерин тескөөгө алынышына баа берүү максатында чет өлкө валютасындагы операцияларга байкоо жүргүзүү

- банктын баланстан тышкары ишин баланстан тышкаркы операцияларга байланыштуу тобокелдик деңгээлин аныктоо жана бул тобокелдиктерди тескөөгө алынышына баа берүү максатында кароого алуу. 

16. Максаттуу текшерүүнү жүргүзүү банк ишинин тигил же бул аспектисин кыйла кылдат кароо зарылчылыгына байланыштуу болушу мүмкүн. 

Максаттуу текшерүүлөр пландык сыяктуу жана пландык эмес (атайын) болушу мүмкүн. 

17. Текшерүүлөр банкка алдын ала билдирүү менен, жана күтүүсүз (боло турган текшерүү жөнүндө алдын ала билдирүүсүз) болушу мүмкүн. Күтүүсүз текшерүүнү жүргүзүү учурунда текшерүүгө жолдомо, банкка инспекторлор тобу келген учурда көрсөтүлөт.  

18. Күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүү төмөнкү учурларда да жүргүзүлүшү мүмкүн, эгерде:  

- берилген отчеттордун негизинде, банктын финансылык абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн болгон терс көрүнүштөгү тенденциялар аныкталса;  

- банк ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жагдайлар орун алса; 

- боло турган текшерүү жөнүндө банкка алдын ала билдирүүсү күтүүсүз текшерүүлөрүнүн максаттарына эффективдүү жетишүүгө жардам бербесе. 

Улуттук банк башка негиздер болгон шартта күтүүсүз текшерүүлөрдү демилгелөөгө укуктуу. 

19. Эгерде текшерүү күтүүсүз болболсо, анда текшерүү тобунун жетекчиси банкка тиешелүү документтердин тизмесин тиркөө менен билдирүү катын (1-тиркеме) текшерүүгө чейинки 10 жумуш күндөн кечиктирбестен жөнөтөт, ал эми текшерүүгө карата жолдомо (2-тиркеме) банкка келген учурда көрсөтүлөт. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн зарыл документтер тизмеги акыркы болуп саналбайт жана системалык маанилүүлүгүнө жана банктын тобокелдик профилине жараша толукталышы мүмкүн. 

20. Эгерде банктын филиалдарына текшерүү жүргүзүү зарыл болсо, анда Улуттук банк анын филиалдарында текшерүү жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө банктын башкы кеңсесине мааымдайт.  

 

5-Глава. 

Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү 

 

21. Текшерүүнүн жетекчиси төмөнкү максаттарда банк Башкармасынын төрагасы (же анын милдеттерин аткаруучу адам) менен жолугушууну өткөрөт:  

- текшерүүгө жолдомону тапшыруу, ошондой эле текшерүүнүн масштабы жана милдеттери жөнүндө билдирүү;  

- текшерүүнү жүргүзүү процессин талкуулоо; 

- алардын иштөө багытын белгилөө менен инспекторлорду тааныштыруу; 

- банктын жетекчилиги жана кызматкерлери менен байланышты жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоо; 

- банк жетекчилигинин суроолоруна жооп берүү

22. Улуттук банктын текшерүү жөнүндө билдирме катын алган шартта, банк текшерүүнүн биринчи күнүндө билдирме катка кошо тиркелген тизмекте келтирилген бардык документтерди көрсөтүүгө милдеттүү.  

Банк документтердин түп нускасын сунуштайт. Объективдүү себептер боюнча түп нусканы сунуштоо мүмкүн эмес болгон өзгөчө учурларда гана ал кызмат адамдын кол тамгасы жана банктын мөөрү менен күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрдү берет. Улуттук банктын талабы боюнча банк, инспекторлор талап кылган документтердин электрондук версиясын көрсөтүүгө тийиш. 

23. Инспектордук текшерүү убагында банктын жетекчилиги жана персоналы текшерүүчү тобуна ар тараптуу көмөктөшүүгө жана төмөнкү шарттардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш:  

- банктын жайларына, кайсы болбосун кызматкерине, инспекторлор талап кылган форматтагы документтерине, анын ичинде банктык жазууларга, банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусунда пайдалануулардын жана кардарлардын автоматташтырылган системаларына жана башка зарыл маалыматтарынан пайдалануу коддору (паролдор, PIN коддор) тууралуу маалыматты эске албаганда, инспектордук текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл техникалык инфраструктурасына (банктын автоматташтырылган системасына, тесттик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча документтерди кошо алганда, системага карата документтерге, СВИФТ кошо алганда, төлөм системаларынын маалыматтар базасына) эркин кирүү мүмкүнчүлүгүн; 

- пайдалануучулардын жана банк кардарларынын автоматташтырылган системаларга кирүү коддору (паролдор, PIN коддор) тууралуу маалыматтардан тышкары, банктын кайсыл болбосун көрсөтүлгөн убакыт ичиндеги депозиттик, кредиттик, төлөм, казына ишин, ошондой эле корпоративдик баалуу кагаздар менен ишин кошо алганда, иштин бардык багыты боюнча автоматташтырылган банктык системадан толук жана так маалыматтардын электрондук көчүрмөсүн (банктардын маалыматтар базасы менен иш алып барууда кеңири форматта колдонулуучу резервдик көчүрмөлөө файлдары) берүүгө

- текшерүүчүлөр талап кылган күнгө корреспондент-банктардын корреспонденттик эсептери боюнча көчүрмөлөрүн кошо алганда, СВИФТ системасы, ошондой эле банк колдонгон башка төлөм системалары аркылуу өткөрүлгөн бардык финансылык операциялары, корреспонденттик эсептер боюнча толук жана так маалыматтардын электрондук көчүрмөлөрүн берүүгө

- инспекторлор бардык зарыл оозеки жана жазуу түрүндөгү маалыматты өз убагында алууга; 

- текшерүү тобуна аудио/видео жазуулар жүргүзүлбөгөн аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө жай менен камсыздоого, текшерүүчүлөр тобуна берилген жайга үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине бөгөт коюуга жана бул тууралуу текшерүүнүн жетекчисине токтоосуз билдирүүгө. Бул талаптарды бузууга жол берилген учурда, банктын кызматкерлери, анын ичинде банк жетекчилиги кылмыш-жаза кодексин кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат; 

- банк, өзүнүн жана Улуттук банктын документтеринин коопсуз сакталышын камсыздоого, ошондой эле текшерүүнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл жабдуулар жана техника менен камсыз кылууга; 

- текшерүү тобунун жооптуу кызматкерлерине банктын бардык кардарлары жана алардын эсептери, банктын бардык баланстык эсептери (окуу, отчетторду түзүү жана басып чыгаруу) тууралуу маалыматты алуу мүмкүнчүлүгү менен автоматташтырылган банктык системалардан пайдалануу укугун берүүгө;  

- банк менен текшерүүчүнүн өз ара аракеттенүүсүн координациялоо, инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыккан административдик жана башка маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечилиши үчүн Башкарманын Төрагасынын орун басарларынын ичинен бирин жооптуу катары дайындоого. 

24. Инспектордук текшерүүнүн кайсы болбосун баскычында инспекторлор банктын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн протоколун аудио/видео жазуу аркылуу жүргүзүүгө укуктуу. Мында, жолугушуунун/сүйлөшүүнүн алдында бардык катышуучулар аудио/видео жазуу жүзөгө ашырылып жаткандыгы тууралуу алдын ала эскертилүүгө тийиш. 

25. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө банк, анын жетекчилиги жана/же кызматкерлери тарабынан кандай болбосун каршылык көрсөтүүлөрү учурунда, анын ичинде талап кылынган маалыматты (электрондук/кагаз түрүндө) бербей жаткан учурда, текшерүүнүн жетекчиси Текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү аракеттери жөнүндө акт (мындан ары Каршылык көрсөтүү аракеттери жөнүндө акт) түзүлөт (эки нускада) (3-тиркеме), бул тууралуу өзүнүн түздөн-түз жетекчисине (түзүмдүк бөлүмдүн начальнигине), ошондой эле көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басарына/Башкарманын мүчөсүнө дароо билдирилет. Банкты инспектордук текшерүүгө каршылык көрсөткөн же талап кылынган маалыматты бербей жаткан банктын өкүлү эки нускада түзүлгөн Каршылык көрсөтүү аракеттери жөнүндө актыга кол коюшат. Түзүлгөн актынын бир нускасы банкка берилет, ал эми экинчиси Улуттук банктын инспекторлорунда сакталат. Банк тарабынан Каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө актыга кол коюудан баш тарткан учурда, актынын бир нускасын кол коюудан баш тарткандыгын белгилөө менен банктын өкүлүнүн кол тамгасыз эле Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн коштомо каты менен банкка жөнөтүлөт. 

Банктын инспектордук текшерүүгө каршылык көрсөткөн банкка жана/же анын кызмат адамдарына карата (мүмкүндүк берилбеген, баш тарткан, инспектордун талабы боюнча маалыматтардын толук берилбеши жана/же өз убагында берилбеши түрүндө) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.  

26. Текшерүүнүн жүрүшүндө текшерүү тобу айрым маселелерди талкуулоо үчүн банктын аткаруучу жетекчилиги менен белгилүү мезгилдерде жолугушуп турат. 

27. Текшерүүчүлөр, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу банктын документтерин талап кылууга, ошондой эле тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн алууга жана банктан же банктын акцияларынын беш пайызына жана андан көбүрөөгүнө добуш берүү укугу менен ээлик кылуучулардан жана акционер болуп саналган адамдардан башкаруу чечимдеринин кабыл алынышына таасир этүүчү документтер боюнча түшүндүрмө берүүлөрүн талап кылууга укуктуу. 

28. Тапшырмаларды аткаруу учурунда, текшерүүчүлөр текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча, түздөн-түз аткаруучулар жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктери менен талкуулоолорду жүргүзө алышат. Текшерилүүчү банктын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын мүчөлөрүнүн, тышкы аудиторлорунун компетенцияларына тиешелүү маселелерди талкуулоо текшерүүнүн жетекчисинин катышуусу астында жүзөгө ашырылат. 

29. Алгач текшерүү программасында каралбаган, текшерүүнүн жүрүшүндө банктын ишинин башка чөйрөлөрүндө тобокелдиктер/кемчиликтер/мыйзам бузуулар аныкталган учурда, текшерүү мөөнөтү ушул нускоонун 13-пунктунда белгиленген мөөнөттөн ашпагыдай узартылышы мүмкүн.  

30. Текшерүүнүн жүрүшүндө текшерип жаткандар банктын кызматкерлери менен биргеликте ишкердигине мониторинг жүргүзүү максатында, кардар иштеп жаткан жерге, ошондой эле күрөөлүк мүлк жайгашкан жерге барышы мүмкүн. 

 

6-Глава. 

Банктын аткаруучу жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушуу 

 

31. Текшерүүнүн акыркы жумасында, текшерүү жетекчиси жана көзөмөл блогунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги тарабынан аныкталган зарылчылыкка жараша, текшерүү тобунун банк Башкармасынын Төрагасы (же анын милдетин аткаруучу адам) менен банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин/кызматкерлеринин катышуусунда алдын ала жолугушуу өткөрүлөт, бул банктын жетекчилигине текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу билдирүү, тыянактарды талкуулоо жана кемчиликтер/мыйзам бузуулар/олуттуу тобокелдиктер аныкталган учурда таасир этүү чараларынын (талаптардын, жазма буйруулардын ж.б.у.с.) алдын ала долбоору тууралуу маалымдоо үчүн уюштурулат. Бул жолугушуунун алкагында банк ишинин текшерилген чөйрөсү боюнча текшерүү жүргүзгөн топ тарабынан айтылган тигил же бул маселеге түшүндүрмө же комментарийлерди берүү үчүн банкка мүмкүндүк берилет. Алдын ала жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча кыскача протокол түзүлөт, ага жолугушуу өткөрүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде кол коюлушу зарыл.  

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколго банк кол коюудан баш тарткан учурда, банкка жолугушууда талкуулаган негизги маселелер чагылдырылган кат жолдоот. 

32. Текшерүү тобунун жетекчиси тарабынан тыянактарды жана текшерүүнүн жыйынтыктарын талкуулоо үчүн банк жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушуу текшерүү аяктагандан 20 жумуш күнү ичинде уюштурулууга тийиш. Мында, жыйынтык жолугушуу зарыл болгон шартта, бир нече баскычтарда (бирок 3 жолудан көп эмес) өткөрүлүшү мүмкүн. Жолугушууда текшерүүнүн жүрүшүндө бардык ишке тартылган инспекторлор, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта көзөмөл блогунун бөлүмүнүн (бөлүмдөрүнүн) начальниги (начальниктери) болууга тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта, корутунду жолугушууга көзөмөл блогунун түзүмдүк бөлүмүнүн (бөлүмдөрүнүн) начальниги (начальниктери) жана көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү катышуусу мүмкүн. 

Жыйынтыктоочу жолугушуу банк жетекчилигине банктык көзөмөл органынын кооптонууну пайда кылган маселелер боюнча жагдайды, орун алган проблемаларды түшүндүрүүгө жана тактап берүүгө, ошондой эле банкты текшерүүнү жүзөгө ашырган инспекторлорго суроолорду берүүгө мүмкүндүк берет. 

Жыйынтыктоочу жолугушуу өткөргөнгө чейин банк, алдын ала жолугушуу учурунда текшерүү жүргүзгөн топтун текшерилген чөйрөгө тиешелүү тигил же бул маселелери боюнча өз комментарийлерин же түшүндүрмөлөрүн жазуу түрүндө жетекчиге же текшерүү тобуна сунуштоого укуктуу, мындай комментарийлер/түшүндүрмөлөр текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту түзүүдө эске алынышы мүмкүн. 

Комментарийлер/түшүндүрмөлөр алдын ала жолугушууда, зарылчылыкка жараша тастыктоочу документтер менен бирге, Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кечиктирилбей берилүүгө тийиш.  

33. Жыйынтык жолугушуунун жүрүшүндө текшерүүнүн жетекчиси банктын жетекчилигине текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган алдын ала тыянактар, анын ичинде ушул нускоонун 14 жана 15-пункттарында аныкталган маселелер боюнча маалымдайт. 

34. Жыйынтыктоочу жолугушуу учурунда текшерүүнүн жетекчиси текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди оңдоо зарылчылыгы жөнүндө банктын жетекчилигине билдирет. Ошондой эле бул проблемаларды алгылыктуу чечүү жолдорун жана аны аткаруу мөөнөтүн сунуш кылат. 

35. Жолугушуунун жүрүшүндө протокол түзүлүп, анда бардык талкууланган маселелер чагылдырылат жана ага текшерүүнүн жетекчисинин, банк Башкармасынын Төрагасынын, ал эми ал жок учурда анын милдетин аткаруучу адамдын кол тамгасы коюлат.  

36. Зарылчылыкка жараша текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү күнү аяктагандан кийинки отчеттук күнгө (айдын акырына) же текшерүү күнүнө карата олуттуулугун эске алуу менен финансылык отчеттуулукка “Эсептик саясат, эсептик баалоого өзгөртүүлөр жана ката кетирүүлөр” Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын-8 ылайык оңдоолорду киргизүү талап кылынышы мүмкүн. Мында, эгерде алар боюнча корректировкалоолор талап кылынган операция отчеттук жылдын өткөн чейректерине тиешелүү болсо, анда банк финансылык отчетторду ошол операциялар ишке ашырылган учурда туура чагылдырылгандай өзгөртүүгө тийиш. Өткөн чейрек үчүн финансылык отчет зарыл түшүндүрмөлөр менен өзгөртүлгөн статьялар тиешелүү формаларда милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш. Жарыялоону, корректировкалоо киргизилгенден кийинки 15 жумуш күнү ичинде жүзөгө ашыруу зарыл.  

Ошондой эле аталган жарыялоодо, операциялар ишке ашырылган учурдан тартып финансылык отчеттор ар айлык негизде (айларды көрсөтүү менен) өзгөртүлгөндүгү жана андан пайдалануучулар банк (анын башкы кеңсеси, филиалдары, өкүлчүлүктөрү, аманат кассалары) дарегин көрсөтүү менен алар жайгашкан жерине жараша таанышууга боло тургандыгы камтылууга тийиш; 

- эгерде алар боюнча корректировкалоолор талап кылынган операция отчеттук жылдын өтүп жаткан чейрегине тиешелүү болсо, анда банк ошол чейректин өткөн айлары үчүн финансылык отчетторду, ошол операциялар ишке ашырылган учурда туура чагылдырылгандай кайрадан карап чыгууга тийиш. Өткөн чейрек үчүн финансылык отчет кийинчерээк ишке ашырылган корректировкалоолор боюнча түшүндүрмөлөр менен белгиленген мөөнөттө жарыяланууга тийиш. 

Ошондой эле мындай жарыялоодо, ай сайын берилүүчү өткөн чейректин финансылык отчетторунун өзгөртүлгөндүгү (айларды көрсөтүү менен) тууралуу маалыматты камтууга тийиш жана пайдалануучулар алар менен банк (анын башкы кеңсеси, филиалдары, өкүлчүлүктөрү, аманат кассалары) жайгашкан жери боюнча дарегин көрсөтүү менен таанышууга болот.  

 

7-Глава. 

Текшерүү жөнүндө отчет 

 

37. Текшерүүнүн жыйынтыгында банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы үчүн текшерүү жыйынтыгы чагылдырылган отчет жазуу жүзүндө түзүлөт. Текшерүү жөнүндө отчет Директорлор кеңешин жана Башкарманы бардык олуттуу көйгөйлөрдү жана зарыл түрдө кабыл ала турган чараларды кошо алганда, негизги корутундулар жана тыянактар тууралуу маалымдайт, ошондой эле анда аныкталган кемчиликтер/мыйзам бузуулар/олуттуу тобокелдиктер орун алган шартта, абалды оңдоп кетүү жана/же жакшыртуу үчүн таасир этүү чаралары жана/же сунуш-көрсөтмөлөр камтылган. Улуттук банктын чечиминин негизинде максаттуу текшерүүлөрдүн айрым түрлөрү боюнча отчеттор түзүлбөйт.  

Текшерүү жөнүндө отчеттун негизинде, олуттуу тобокелдиктердин орун алышына алып келиши мүмкүн болгон мыйзам бузуулар болгон шартта жазма буйруулар түзүлөр, алар текшерүү жөнүндө отчет менен бирге банктын Директорлор кеңешинин Төрагасына жана Башкарманын Төрагасына жөнөтүлөт. Мында, айрым учурларда жазма буйруулар отчет берүүсүз эле банкка жөнөтүлүшү мүмкүн.  

38. Жазма буйруулар банк тарабынан милдеттүү тартипте так белгиленген мөөнөттөрдө аткарууга тийиш болгон айкын чараларды аныктайт. Банктын мыйзам бузууларды четтетүү жана жазма буйрууларды аткаруу боюнча иш-чаралар планы Улуттук банкка банкты инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу отчетту алган учурдан тартып 30 календардык күн ичинде сунушталат. 

39. Текшерүү жөнүндө отчетто банктын жалпы абалы тууралуу маалымат камтылат, эгерде зарыл болсо, банктын айрым бөлүмдөрүнүн (филиалдарынын) абалы жөнүндө, ошондой эле орун алган орчундуу тобокелдиктер жана/же кемчиликтер жөнүндө маалыматты алууга тийиш. 

40. Текшерүү жөнүндө отчет Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлөт. Текшерүү жөнүндөгү отчет Улуттук банктын менчиги болуп саналат, ошол эле учурда банк текшерүү жөнүндө отчетту үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте Улуттук банктын уруксаты менен тапшыра алат, Улуттук банктын уруксаты жок болсо, банк отчетту үчүнчү жактарга тапшыра албайт. Банктар текшерүү жөнүндө отчеттун сакталышын камсыз кылууга жана аны кагаз түрүндө же электрондук түрдө таркатпоого тийиш. 

 

8-Глава. 

Эскертүү жана таасир этүү чаралары 

 

41. Банкка карата бул же тигил эскертүү чараларын жана таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, ушундай чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу Улуттук банктын тиешелүү кызмат адамдары жана органдары тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат. 

 

9-Глава. 

Текшерүү жөнүндө отчет менен тааныштыруу 

 

42. Текшерүү жөнүндө отчет “Кызматтык пайдалануу үчүн” деген белги коюлган конвертке салынып, банк менен текшерүү жыйынтыктарын талкуулап бүткөн күндөн тартып 40 жумуш күндөн кечиктирилбестен коштомо кат менен бирге текшерилген банктын Директорлор кеңешинин Төрагасына жана Башкарманын Төрагасына жөнөтүлөт. Отчеттун жеткирилип берилгендиги жөнүндө тастыктоо отчетту милдеттүү түрдө алуучунун аты-жөнү жана берилген күнү көрсөтүлүп алынууга тийиш.  

43. Банктын Директорлор кеңешинин төрагасына жана Башкарманын төрагасына коштоп жүрүү каты "Кызматтык иште пайдалануу үчүн" деген белги коюлган конвертке салынган текшерүү жөнүндө отчет менен бирге жөнөтүлөт. Ушул кат текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча банкка ыйгарылган жыйынтыктоочу рейтинг жөнүндө маалыматты камтыганы менен мындай маалымат купуялуулукту камтыган маалымат болуп санала тургандыгы жана үчүнчү жакка берилүүгө тийиш эместиги эскертилет. 

44. Коштоп жүрүү катында төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- банктын Директорлор кеңешинин Төрагасы жана Башкармасы отчетту кылдат окуп чыгып, отчетто камтылган сунуш-көрсөтмөлөргө жараша аныкталган катачылыктарды жана белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу зарылчылыгы; 

- текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан соң анын ар бир барагына (барактарына) кол тамга коюу зарылчылыгы; 

- эгерде Улуттук банк Директорлор кеңеши менен жолугушуу зарыл деп эсептесе, жолугушуу күнү көрсөтүлөт. 

45. Эгерде, Улуттук банктын пикири боюнча Директорлор кеңеши менен жолугушууну өткөрүү зарылчылыгы жок болсо, ал эми Директорлор кеңеши жолугушууну зарыл деп эсептесе, анда банк Улуттук банкка жолугушуунун болжолдуу күнүн сунуштайт. 

46. Текшерүүгө алынган банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү жана ички аудит бөлүмүнүн начальниги отчетко кол тамга коюу менен таанышып чыгууга тийиш (4,5-тиркемелер). Отчет менен таанышуу мөөнөтү, отчет алынган учурдан тартып 10 жумуш күнүн түзөт. Бул мөөнөт аяктагандан киийин кол тамгалар коюлган таанышуу баракчасы Улуттук банкка кайтарылат. 

47. Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү отчет менен таанышып чыккандан кийин кол тамга коюуга милдеттүү. Отчетто камтылган тыянактар жана корутундулар менен макул эместиги кол тамга коюудан баш тартууга негиз болуп саналбайт. 

 

10-Глава. 

Кол тамга коюлган барактар 

 

48. Кол тамгалар коюлган баракчада (барактар) Директорлор кеңешинин, Башкарманын бардык мүчөлөрүнүн жана ички аудит бөлүмүнүн начальнигинин кол тамгалары камтылат. Отчет менен таанышкандан кийин кол тамгалар коюлган баракча (барактар) Улуттук банкка Улуттук банктан коштоп жүрүү каты алынган күндөн кийинки 10 жумуш күнү ичинде кайтарылып берилет. Банк кол тамгалар коюлган баракчалардын көчүрмөсүн текшерүү жөнүндө отчет менен бирге сактоого тийиш. 

49. Директорлор Кеңешинин, банк Башкармасынын бул же тигил мүчөлөрү жок учурда жана/же отчет менен таанышуу үчүн белгиленген мезгил ичинде алар менен байланышуу мүмкүн эмес болсо, банк отчетту алгандан кийинки беш жумуш күнү ичинде Улуттук банкка Директорлор кеңешинин жана/же Башкарманын бардык мүчөлөрү кол тамгаларын кое албай тургандыгы себептерин билдирүүгө тийиш. Мында, кол тамгалар коюлуучу барак белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка Директорлор кеңешинин, Башкарманын жок болуп калган мүчөлөрүнүн кол тамгасысыз кайтарылып берилиши мүмкүн. Улуттук банк айрым учурларда кол тамгалар коюлган баракчаларга кол коюу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү узарта алат. 

50. Отчет менен таанышуу жана Башкарма мүчөлөрүнүн жана/же Директорлор кеңешинин кол тамга коюу баракчасына кол тамга койдуруу үчүн жоопкерчилик андан ары банк Башкармасынын/Директорлор кеңешинин Төрагасына жүктөлөт. 

 

11-Глава. 

Банктын Директорлор кеңеши менен жолугушуу 

 

51. Директорлор кеңеши менен жолугушуу максаты - текшерүү жыйынтыктарын жана көрүлүүчү зарыл чараларды жыйынтыктап талкуулоо саналат. Директорлор кеңеши менен жолугушуу ал отчет менен таанышкандан кийин өткөрүлөт.  

52. Жолугушуу учурунда банк жетекчилиги текшерүүнүн жыйынтыктары, тиешелүү түрдө күчөтүү зарыл болгон участкалар жөнүндө жана/же Улуттук банктын эскертүү чараларын жана таасир этүү чараларын кабыл ала тургандыгын маалымдайт, ошону менен бирге эле төмөнкүлөр билдирилет: 

- банк дуушар болуучу тобокелдиктерди кошо алганда, негизги проблемалар же маселелер; 

- мурда аныкталган кемчиликтерди жана бузууга жол берүүлөрдү четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар, кемчиликтерди жана бузууга жол берүүлөрдү четтетпөө натыйжалары, ошондой эле кесепеттери; 

- текшерүүнүн жыйынтыктарын талкуулоо боюнча банк менен алдын ала жана жыйынтыктоочу жолугушуунун жыйынтыктары; 

- банктын өнүгүшүн, продуктуларын, кызмат көрсөтүүлөрүн жана банктын стратегиясын камтуучу стратегиялык маселелер; 

- банктын аныкталган тобокелдиктерин кошо алганда, банктык көзөмөл органында тынчсыздандыруучу негизги маселелер; 

- банктын алгылыктуу жана начар жактары; 

- банкка таасир этүүчү тышкы шарттар; 

- банктын Улуттук банк күтүп жаткан аракеттери жана мөөнөттөрү (мисалы, иш-аракеттеринин планы, көзөмөл стратегиясы, милдеттенмелер); 

- Улуттук банктын банкка карата көзөмөл стратегиясы. 

 

12-Глава. 

Жазма буйруктарга даттануу тартиби  

 

53. Текшерүү жөнүндө отчет боюнча даттанууга жол берилбейт. 

54. Отчеттун негизинде даярдалган жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйруктарга карата Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык даттанууга болот. 

 

 

 

 

 

 

Банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу 

жөнүндө нускоого карата 

1-тиркеме 

 

Улуттук банктын  

20__ж. “__”________  

№ ________________ 

катына карата тиркеме 

 

Банк тарабынан текшерүүгө сунушталган 

документтердин жана маалыматтардын 

ТИЗМЕСИ  

 

 

I. Уюштуруу документтери, банкты түзүү учурунда сыяктуу эле, анын өлчөмүнүн көбөйүүсү/азаюусу учурунда акционерлер жана капиталды түзүү боюнча документтер 

 

1. Уюштуруу документтери: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөртүлгөн уюштуруу келишими, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген устав; 

- уставдык капиталды түзүү боюнча туруктуу сакталуучу көктөмөлөр. 

2. Акционерлердин текшерүү күнүнө карата тизмеси жана көз карандысыз каттоочу тарабынан тастыкталган, акциялардын суммасын жана уставдык капиталга карата пайыздык катышка ээлик кылуу үлүшүн көрсөтүү менен текшерилүүчү бир мезгил ичиндеги өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат. 

3. Банктын акцияларынын бардык эмиссияларынын проспектилери жана ага тиешелүү колдо болгон бардык документтер. 

4. Текшерилүүчү мезгил ичинде акционерлердин кезектүү жана кезексиз жалпы чогулушунан толтурулган протоколдор. 

5. Банктын 1% акциясын ээлеген акционерлер боюнча юридикалык иштер. 

 

II. Тескөө органдары жана банктын ички документтери  

 

6. Банкты өнүктүрүүнүн стратегиялык планы, өткөн жыл жана өтүп жаткан жыл үчүн бизнес-планды кошо алганда, өткөн эки жыл үчүн жылдык отчеттор. 

7. Банк ишин жөнгө салуучу жана анын саясатын аныктай турган документтердин топтому. 

8. Акыркы эки жыл жана өтүп жаткан жыл ичинде анык аткарылгандыгы тууралуу отчеттор менен салыштырылган кирешелер жана бюджет тууралуу отчеттордун көчүрмөсү

9. Ликвиддүүлүктүн, активдер менен пассивдерди тескөөнүн жана бардык финансылык тобокелдиктерди (пайыздык, валюталык ж.б.) тескөөнүн бардык аспектилерине мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулган, бардык негизги отчеттордун көчүрмөлөрү

10. Кеңеште иштөө мөөнөтүн жана иштеген жерин көрсөтүү менен банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси. 

11. Кызматтын, аткаруучу милдеттеринин чөйрөсүн көрсөтүү менен банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн тизмеси. 

12. Директорлор кеңешинин, банк Башкармасынын жана комитеттердин текшерилүүчү мезгил ичинде отурумдарынан толтурулган протоколдор. 

13. Текшерилүүчү мезгил ичинде өзгөрүүлөрү менен бирге банктын уюштуруу түзүмү

14. Банктын штаттык тизими, эмгекке төлөө системасы боюнча ички документтери, жеке курамы жана негизги иши боюнча буйруктары. 

15. Персоналдык курамын көрсөтүү менен банкты тескөө боюнча бардык комитеттердин тизмеси, ошондой эле комитеттердин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө, мурдагы текшерүү жүргүзүлгөн мезгилден тартып, учурдагы текшерүү мезгили ичиндеги тиешелүү документтер (жалпы жыйындан толтурулган протокол, комитеттин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө буйруктар, келишимдер жана башкалар). 

16. Банктын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин/начальниктеринин кызматтык милдеттеринин тизмегин көрсөтүү менен тизмеси (кагаз жүзүндө/электрондук түрдө). 

17. Ар бир маанилүү оперативдүү бөлүм, департамент жана функционалдык топ боюнча, телефон номерлерин көрсөтүү менен негизги байланышуучу кызматкерлердин тизмеси. 

 

III. Банктын кредиттик жана депозиттик операциялары боюнча маалыматы  

 

18. Текшерүү күнүнө жана мурунку төрт чейректик күнгө карата абал боюнча кредит портфелине баяндама (валюта номиналында):  

- карыз алуучунун аты-жөнү, кредиттин түрү, суммасы, мөөнөтү, пайыздык чендер, кредиттин текшерүү күнүнө карата калдыгы, кредитти жана ал боюнча пайыздарды төлөө графиги; 

- күрөөлүк документтер; 

- реструктуризацияланганы жана алардын мөөнөтү, күрөө түзүмү, мөөнөтүндө төлөнбөй калган күндөрдүн саны (негизги сумма жана пайыздар), 1-30 күн, 31-60 күн, 61-90 күн, 91-180 күн, 181-360 күн жана андан ашык интервалдары боюнча жыйынтык суммаларды кошо алганда, келишим боюнча кайтарып берүүнүн баштапкы күнүнө тиешелүү мөөнөтүндө төлөнбөй калган учурларды көрсөтүү менен; 

- кредит портфелин классификациялоо, ошондой эле бүтүндөй банк жана филиалдар боюнча өткөн текшерүүлөрдөн кийинки аралыкта РППУну түзүүгө тиешелүү, туруктуу сактоодогу көктөмөлөр. 

19. Банк тарабынан берилген кредиттердин жана кредиттин ордун алмаштыруучулардын тизмеси төмөнкү жеке адамдарга жана банк менен байланыштуу жактарга: 

- банктын аткаруучу кызмат адамына; 

- банктын негизги акционерлерине; 

- банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө

- көпчүлүк директорлор банктын көпчүлүк директорлорун түзгөн кайсы болбосун компанияга; 

- кайсы болбосун башка аффилирленген жактарга. 

20. Кредиттерди берүүгө билдирмелерди каттоо жана карыз алуучулар менен байланышууларды эсепке алуу журналдары, банк кардарларынын даттанууларынын жана сунуштарынын китепчеси. 

21. Кардарлардын банктын иши боюнча даттануулары жана кайрылуулары менен маалымат (ички отчеттуулук). 

22. Системадан тышкаркы эсепке алууга киргизилген кредиттердин тизмеси. 

23. Банк, өзү үчүн же башкалар үчүн кайсы болбосун кредиттин же милдеттенмелердин төлөнүшүнө же аткарылышына кепилдик берген кандай болбосун контракттардын чагылдырылышы. 

24. Аткаруу шарттары өзгөртүлгөн (пайыздык ченди азайтуу же негизги сумманы төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, пайыздык ченди же негизги сумманы же кайсы бир башка шарттарды төлөө жолу менен) кредиттер жөнүндө отчеттор: 

- ар бир кредиттик продукт боюнча пайыздык чендердин өзгөрүү тенденциясы жөнүндө отчет; 

- пайыздык чендин күндөлүк түзүмү жөнүндө отчет, кредиттик продукттар боюнча күрөөнүн түзүмү ("Ипотека плюс", "Ипотека лайтс" жана башкалар); 

- кредиттердин ар бир продукт боюнча кайтарылып берилиши деңгээли жөнүндө отчет; 

- пайыздары кредиттик келишимдин шарттарына ылайык карыз алуучу тарабынан төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө отчет; 

- банктын филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү тескөөчү кызматкерлерине, кызмат адамдарына, банктын негизги акционерлерине жана алар менен же банк менен байланыштуу болгон жакка кредиттерди берүү жөнүндө отчет; 

- жетекчилик жана аткаруучулар тарабынан активдердин сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулган Маалыматтык башкаруу системасы (МБС) боюнча негизги отчеттордун көчүрмөлөрү

25. Банктын ири депозиторлорунун тизмеси. 

26. Банктын негизги акционерлеринин, банк менен байланыштуу жактары менен жана аткаруучу кызмат адамдарынын, филиалдардын жетекчилеринин депозиттер түрү, аманат суммалары, чендери салынган күнү жана мөөнөтү боюнча тизмеси. 

27. Банк менен байланыштуу жактаржана аффилирленген жактар менен операцияларды эсепке алуу журналы. 

28. Мурунку текшерүү учурунан тартып текшерүү мезгили үчүн жабык жана ачык корреспонденттик эсептердин, башка кардарлардын тизмеси. Аларды жабуу негиздери. 

29. Банктар тарабынан расмий тастыкталган жана тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн (мисалы, күнү, мөөрү жана кол тамгасы) калдыктар көрсөтүлгөн, ошол банктардагы кредиттердин, депозиттердин жана корреспонденттик эсептердин тизмеси. 

30. Банк менен башка финансылык уюмдар ортосундагы кредиттик линиялар тууралуу маалымат. Ири жеке каржылоо булактарынын тизмеси (3). 

31. Төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүнүн сакталышын, реквизиттердин туура сакталышын жана өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү кармап калууларды текшерүү үчүн документтер. 

32. Мурунку текшерүүдөн берки учурдагы текшерүү мезгили ичинде тартылган депозиттерге тиешелүү (юридикалык жактардын жана жеке адамдардын) белгиленген пайыздык чендер боюнча маалыматтары. 

33. Негизги кредиттик продуктулар боюнча эффективдүү пайыздык чендерге тиешелүү маалыматтар жана эсептөөлөр.  

 

IV. Банктын баалуу кагаздар менен операциялары боюнча маалымат  

 

34. Улуттук банктын белгиленген талаптарына ылайык банк тарабынан сатылып алынган/сатылган баалуу кагаздар боюнча банктын бүтүмдөрү тууралуу тастыктоочу документтер менен текшерилүүчү мезгил ичиндеги баалуу кагаздардын тизмеси. 

35. Банк алар менен иш алып барган же анын ичинде банк кардарларынын баалуу кагаздары менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүүнү пландаштырган брокерлердин, дилерлердин жана депозитарийлердин Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тизмеси, ошондой эле жогоруда аталган адамдарды тандоо тууралуу Директорлор кеңишинин бардык мүчөлөрүнүн кол тамгасы коюлган чечим. 

36. Суб-брокерлердин жана/же брокерлердин контрагенттеринин, ошондой эле брокер алардын кызмат көрсөтүүлөрүн баалуу кагаздар боюнча операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банктын атынан колдонууга ниеттенген депозитарийлердин жана суб-депозитарийлердин тизмеси. 

37. Банктын брокерлеринин, дилерлеринин жана депозитарийлеринин Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүлөрүн иликтөө жана баалоо боюнча маалыматтар, анын ичинде банктын юристинин кол тамгасы коюлган, банк тарабынан тандалып алынган баалуу кагаздар рыногунун жогоруда аталган кесипкөй катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берет деген корутундусунун көчүрмөсү

38. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдардан алынган, брокерлердин, дилерлердин жана депозитарийлердин абройлору тууралуу маалымат (ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдардан алынган жооп иретиндеги маалымат менен каттардын көчүрмөлөрү тиркелсин). 

39. Банк брокерлер/дилерлер жана депозитарийлер аркылуу ишке ашырууга ниеттенген операцияларды жана бүтүмдөрдү кеңири чагылдырган маалыматтар. 

40. Анда банк менен байланыштуу жактары олуттуу кызыкдар болгон, банктын акцияларга, карыздык милдеттенмелерге инвестицияларынын тизмеси. 

41. Күрөөгө коюлган баалуу кагаздардын тизмеси (номиналдык, баланстык жана рыноктук наркы). 

42. Баалуу кагаздар портфелине мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулган Маалыматтык башкаруу системасы боюнча негизги отчеттордун көчүрмөлөрү

 

V. Бухгалтердик эсепке алуу, Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет (МРБО), аудит боюнча маалыматтар  

 

43. Банктын бухгалтердик балансы, акыркы эки жыл үчүн корректировкаланган жылдык отчеттору. Акыркы эки жыл үчүн ай сайын берилүүчү МРБО (кагаз жүзүндө/электрондук түрдө). 

44. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу акыркы эки жыл жана өтүп жаткан жыл үчүн мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттор жана маалыматтар. 

45. Баланстын статьяларын чечмелөөлөр: "Негизги каражаттар", "Башка менчик", "Башка активдер", "Башка милдеттенмелер". 

46. Тышкы жана ички аудиттин акыркы жыл үчүн отчеттору (жетекчиликке жазган катын кошо алганда). Аудитордук текшерүүлөрдүн мурунку жана өтүп жаткан жыл үчүн пландарынын аткарылышы тууралуу маалымат. 

 

VI. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында, тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдукту уюштуруу боюнча маалыматтар. 

 

47. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого аракеттерди көрүү боюнча тобокелдик менеджеринин жана кызмат адамынын мурдагы текшерүүдөн тартып учурдагы текшерүү мезгили ичиндеги отчеттору. 

48. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына (МФЧК) маалыматтарды жөнөтүүнү эсепке алуу журналы. 

49. Банктын текшерүү мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы менен кат алышуулары. 

50. Ишинде жогорку тобокелдиктер камтылган кардарлардын тизмеси. 

51. Оффшордук аймактарда катталган кардарлардын тизмеси. 

52. Эркин экономикалык аймакта катталган кардарлардын тизмеси. 

53. Эсептер боюнча жүгүртүүлөрү анкетада көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн олуттуу арткан кардарлардын тизмеси. 

54. Аралыкта орнотулган кызмат көрсөтүүлөрдү (Интернет-банкинг ж.б) пайдаланышкан кардарлардын тизмеси. 

55. Кыргыз Республикасынын “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жөнүндө” мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында, банк тарабынан бекитилген ченемдик документтер. Түзүмдүк бөлүмдөр жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү боюнча саясаттын ишке ашырылышына жооп берген кызматкерлердин кызматтык нускоолору жөнүндө жобо. 

 

VII. Улуттук банктын жазма буйруктарын жана сунуш-көрсөтмөлөрүн сактоо, Улуттук банк жана башка органдар менен өз ара иш алып баруусу тууралуу маалымат  

 

56. Улуттук банк жана башка мамлекеттик бийлик органдары менен кат алышуу. 

57. Мурдагы текшерүүлөрдүн натыйжасында берилген жазма буйруктардын аткарылышы жана сын-пикирлердин четтетилиши жөнүндө маалымат. 

 

(2) Тизме зарылчылыкка жараша толукталышы мүмкүн.  

(3) Улуттук банкты, башка банктарды (анын ичинде чет өлкө банктарын), банкка каражаттарын салышкан юридикалык жактарды жана жеке адамдарды кошо алганда, банктын 10 эң ири кредиторлору тууралуу маалыматтар келтирилет. 

 

 

 

 

 

Банктык көзөмөлдү жүзөгө 

ашыруу жөнүндө нускоого карата 

2-тиркеме  

 

 

__________________________________________ 

(Финансы-кредит уюмдарынын толук аталышы) 

__________________ ишин текшерүүгө карата 

ЖОЛДОМО КАГАЗЫ 

 

 

Ушул аркылуу төмөнкү кызматкерлер: 

 

1. _______________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

2. _______________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

3. _______________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

4. _______________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

5. _______________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

... 

20__-жылдын _______________________ тартып, _________________ жумуш күн мөөнөтүнө ____________________________________________ ишин текшерүүгө жөнөтүлүшөт. Текшерүү мезгилинде орун алган жагдайларга жараша, текшерүү мөөнөтү Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоонун 3.2-пунктунда белгиленген мөөнөт чегинде узартылышы мүмкүн. 

Текшерүүнүн программасы төмөнкү багыттарды жана маселелерди текшерүүнү камтыйт:_______________________________________________________ 

_______________________________________________________________________ 

 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүчү топтордун банк ишин инспектирлөөгө байланыштуу ыйгарым укуктары банктын кызыкчылыгы менен байланыштуу болгон кайсыл болбосун компанияга (банк менен байланыштуу жана аффилирленген жактарга) карата жүзөгө ашырылат. 

 

Төраганын орун басары/ Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү 

 

 

 

 

 

Банктык көзөмөлдү жүзөгө 

ашыруу жөнүндө нускоого карата 

3-тиркеме 

 

Текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык 

көрсөтүлгөндүгү жөнүндө 

АКТ 

 

___________________________________________ 

(банктын (филиалдын, терминалдын, аманат 

кассасынын) аталышы) 

___________________________________________ 

(банктын (филиалдын, терминалдын, аманат 

кассасынын) жайгашкан жери, дареги, 

телефону) 

 

_________________ 2003-жылдын "_"__________ 

үзүлгөн жери) 

 

Бул акт биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери тарабынан _____________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын кызматкерлеринин аты-жөнү

_________________________ коммерциялык банкынын ишине текшерүү ишин жүргүзүүгө 

 

коммерциялык банктын кызматкерлери___________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

(Банктын кызматкерлеринин аты-жөнү

тарабынан ____________________________________________________________ каршылык  

(банктын имаратына киргизбөөсү, инспекторлор талап кылган документтердин берилбеши) 

 

көрсөтүлгөндүгүнөн улам түзүлгөн. 

Улуттук банктын кызматкерлерине текшерүү ишин жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгүнө байланыштуу, банк кызматкери банкта текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүндүгү жөнүндө эскертилди. 

 

Акт___________________ ___________ ___________ тарабынан түзүлдү 

(Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү (кызматы) (кол тамгасы) 

 

________________________________ 

(Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин аты-жөнү

___________________ 

(кызматы) 

____________ 

(Колтамгасы) 

  

  

  

________________________________ 

(Банк Башкармасынын Төрагасынын/анын, 

милдетин аткаруучунун аты-жөнү

___________________ 

(кызматы) 

____________ 

(Колтамгасы) 

тааныштырылды: 

  

  

  

  

  

________________________________ 

(Текшерүүчүлөр тобунун мүчөсүнүн аты-жөнү

___________________ 

(кызматы) 

____________ 

(Колтамгасы) 

  

  

  

___________________________________________ 

(Банктын текшерүүнү жүргүзүүгө тике же кыйыр түрдө тоскоолдуктарды жараткан кызматкеринин аты-жөнү

___________________ 

(кызматы) 

____________ 

(Колтамгасы) 

  

  

  

Актынын экинчи нускасын алды  

_________________________________ 

банктын кызматкеринин аты-жөнү 

  

  

___________________ 

(кызматы) 

________________ 

(Колтамгасы) 

 

 

 

 

 

Банктык көзөмөлдү жүзөгө 

ашыруу жөнүндө нускоого карата  

4-тиркеме 

 

ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨЛӨРҮНҮН КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

Биз, төмөндө кол койгондор, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү ______ _______________________________________________________________________________ 

(банктын аталышы) 

_______________________________________________________________________________ 

((күнү) карата абал боюнча) 

 

текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө ушул отчеттун мазмуну менен жекече таанышып чыктык. 

 

Директорлор Кеңешинин мүчөлөрүнүн кол тамгалары Күнү 

 

________________________________ _________________________ 

Аты-жөнү 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

 

Эскертүү: Бул баракка Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнүн жана ички аудит бөлүмүнүн начальнигинин кол тамгасы коюлуп, андан кийин Банктарды инспектирлөө бөлүмүнө 10 жумуш күнү ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш. Бул барактын (барактардын) кол тамгалар менен көчүрмөсү банкта сакталууга тийиш. 

 

 

 

 

 

 

Банктык көзөмөлдү жүзөгө 

ашыруу жөнүндө нускоого карата 

5-тиркеме 

 

БАНК БАШКАРМАСЫНЫН МҮЧӨЛӨРҮНҮН КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

Биз, төмөндө кол койгондор, банк Башкармасынын мүчөлөрү ______ _____________________________________________________________________________ 

(банктын аталышы) 

_____________________________________________________________________________ 

((күнү) карата абал боюнча) 

текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө ушул отчеттун мазмуну менен жекече таанышып чыктык. 

 

Банк Башкармасынын 

мүчөлөрүнүн кол тамгалары Күнү 

 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

 

Эскертүү: Бул баракка банк Башкармасынын бардык мүчөлөрүнүн кол тамгасы коюлуп, андан кийин Банктарды инспектирлөө бөлүмүнө 10 жумуш күнү ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш. Бул барактын (барактардын) кол тамгалар менен көчүрмөсү банкта сакталууга тийиш. 

 

 

 

 

 

 

 

 

Банктык көзөмөлдү жүзөгө 

ашыруу жөнүндө нускоого карата 

6-тиркеме 

 

 

Банктарды CAMELS системасы боюнча классификациялоо 

 

Банктарды классификациялоо банкка рейтинг ыйгаруу үчүн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча CAMELS банк ишине баа берүү рейтингдик системасын пайдалануу менен ишке ашырылат. Мында, көзөмөлгө алуу мезгили ичинде капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) ченемдерине өзгөчө көңүл бурулат.  

CAMELS системасы банктын финансылык абалын чагылдырган төмөнкүдөй 6 компоненттен турат: 

Capital adequacy капитал шайкештиги; 

Asset quality активдердин сапаты; 

Management quality and performance жетекчиликтин ишинин натыйжалуулугу; 

Earnings performance - кирешелүүлүк; 

Liquidity - ликвиддүүлүк; 

Sensitivity to market risk рыноктук тобокелдиктерге дуушарлануу ыктымалдыгы. 

Мында, банк жетиштүү деңгээлде капиталдаштырылган болсо, бирок көзөмөл органынын тынчсыздануусун жаратпаган кемчиликтерге ээ болсо, ага 1 же 2-рейтинг ыйгарылат.  

Эгерде банк жетиштүү деңгээлде капиталдаштырылбаса, бирок капитал боюнча ченемдик талаптар бузулбаса, ага 3 же 4-рейтинг ыйгарылат. Мындай банктарда көзөмөл органынын бир аз тынчсыздануусун жараткан проблемалар болушу мүмкүн, мында капитал милдеттүү камдык талаптардан артат, бирок ал банк ишинде келип чыккан тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн жетишсиз болот. Орун алган жагдай андан ары начарлап, тобокелдиктердин өөрчүп кетишине жол бербөө үчүн банк иши көзөмөл органынын контролдугуна алынат. 5-рейтинг ыйгарылган банк кыйла капиталдаштырылбаган деп эсептелинет. Тигил же бул рейтингди ыйгаруу өзгөчөлүгү белгиленген талаптардан четтөөсүнө жараша аныкталат. Ыйгарылган рейтинг банктын төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ажыроо ыктымалдыгына жараша аныкталат. 

 

 

 

  

  

Банктык көзөмөлдү жүзөгө  

ашыруу жөнүндө нускоого карата 

7-тиркеме 

Банктардын тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүк боюнча классификациясы  

Компонент 

Мүнөздүү болгон тобокелдик 

Тобокелдикти тескөө сапаты  

Таза тобокелдик 

Тобокелдик тенденциясы 

Кредиттик тобокелдик 

1-4 

1-4 

1-4 

, же ↑ 

Рыноктук тобокелдик 

1-4 

1-4 

1-4 

, же ↑ 

Ликвиддүүлүк тобокелдиги 

1-4 

1-4 

1-4 

, же↑ 

Операциялык тобокелдик 

1-4 

1-4 

1-4 

, же ↑ 

Комплаенс-тобокелдиги 

1-4 

1-4 

1-4 

, же ↑ 

Жалпы таза тобокелдик  

 

 

1-4 

, же ↑ 

Менеджмент 

 

 

1-4 

, же ↑ 

Кирешелүүлүк 

 

 

1-4 

, же ↑ 

Капитал 

 

 

1-4 

, же ↑ 

Жыйынтык рейтинг 

 

1-4 

, же ↑ 

 

Мүнөздүү болгон тобокелдикке баа берүүнүн жыйынтыгында төмөндө келтирилген төрт рейтингдин бири аныкталат: 

1) төмөн (1) орун алышы ыктымал болгон тобокелдик банктын кыйла чыгым тартуусуна же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризм менен экстремизмди каржылоого алып келиши ыктымалдуулугу, өтө жогору;  

2) алгылыктуу (2) орун алышы ыктымал болгон тобокелдик банктын кыйла чыгым тартуусуна же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризм менен экстремизмди каржылоого алып келиши ыктымалдуулугу, орто; 

3) олуттуу (3) - орун алышы ыктымал болгон тобокелдик банктын кыйла чыгым тартуусуна же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризм менен экстремизмди каржылоого алып келиши ыктымалдуулугу, олуттуу; 

4) жогору (4) - орун алышы ыктымал болгон тобокелдик банктын кыйла чыгым тартуусуна же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризм менен экстремизмди каржылоого алып келиши ыктымалдуулугу, жогору.