Кайта келүү

“Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозиттик эсептеринде жайгаштыруу жөнүндө” долбооруна 

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозиттик эсептеринде жайгаштыруу жөнүндө” долбоорун иштеп чыкты (мындан ары-Долбоор). 

Долбоор коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын башка финансы-кредиттик уюмдардагы эсептерине которуу мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарылган мезгилде гана коммерциялык банктарга Улуттук банкында ачылган депозиттик эсептеринде чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берүү максатында иштелип чыкты. 

Долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жайгаштыруу тартибтерин жана шарттарын; 

- Коммерциялык банктардын АКШ доллар жана Евро валюталык акча каражаттарын Улуттук банкында ачылган депозиттик эсептеринде жайгаштыруунун төмөнкү терс пайыздык чендеринде жайгаштырат: 

- 3 айга чейин (Улуттук банктын эсептик ченинен - (минус) 25 %); 

- 6 айга чейин (Улуттук банктын эсептик ченинен - (минус) 50 %); 

- 12 айга чейин (Улуттук банктын эсептик ченинен - (минус) 75 %); 

- 12 айдан көбүрөөк (Улуттук банктын эсептик ченинин көөлөмүндө - (минус)); 

Келишимдин жана Жобонун шарттарын аткарбай калган учурларда, бир жылда 360 күн болгондугун эсептеп мөөнөтүнөн кеч калган ар бир күнгө Улуттук банктын эсептик ченинен 0,5% көөлөмүндө айып салынат. 

Коммерциялык банк Улуттук банктагы депозиттик эсептерине чет өлкө валютасындагы каражаттарын жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн коммерциялык банк Улуттук банкка чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын жайгаштыруу боюнча расмий кайрылуусун жөнөтүүсү керек. Бирок, коммерциялык банк белгилүү талаптарга жооп бериш керек. 

Улуттук банк коммерциялык банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебине которуу мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу чечимин жана/же коммерцияылык банктын кайрылуусун кароо үчүн төмөнкү критерийлериди эске алат: 

а) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жободо белгиленген экономикалык ченемдерин аткарбай калуу тобокелдиги;  

б) Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын 50 пайызынан көбүрөөгү бир өлкөнүн бир же бир нече чет өлкөлүк төмөн рейтингдүү финансы кредиттик уюмунда ачылган эсептерде жайгаштырылган учурда; 

в)  чет өлкөлүк финансы кредиттик уюмундарынан чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чыгаруу үчүн башка альтернативдүү эсеби (эсептери) жок болгондугуу тууралуу тастыкталган фактылардын болуусу жана акча каражаттарды жоготуу мумкүнчүлугү болгон башка объективдүү тобокелдиктердин болуусу. 

 

 

 

 

Долбоор 

 

 

«Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозит эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө» жобо 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. «Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозит эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө» жободо коммерциялык банктар Улуттук банкта ачкан депозит эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын жайгаштыруу тартибине карата минималдуу талаптар белгиленген. 

2. Банк Улуттук банктагы депозит эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды Банктын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө, финансылык тобокелдиктерди кыскартуу жана каражаттарды концентрациялоо максатында жайгаштырат. 

3. Банктын Улуттук банкта ачылган депозит эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын башка финансы-кредит уюмдарынын эсептерине (мындан ары ФКУ) чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды которуу мүмкүнчүлүгү аяктагандан кийин гана которууга жол берилет. 

4. Банк Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары - Көзөмөл боюнча комитет) тарабынан белгиленген шарттарды эске алып, Улуттук банктагы депозит эсептеринде жайгаштырылган чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды аларга чегерүү максатында, башка ФКУларда эсеп ачуу чараларын жүзөгө ашырууга тийиш. 

5. Банктын Улуттук банктагы депозит эсептерине жайгаштырылган чет өлкө валютасындагы акча каражаттары ликвиддүүлүк нормативин эсептөөдө ликвиддүү активдер курамында эсепке алынат. 

6. Банктын Улуттук банкта ачылган депозит эсептерине чегерилген чет өлкө валютасындагы акча каражаттар милдеттүү камдык талаптар нормативин эсептөөдө эске алынбайт. 

 

2. Банктын Улуттук банкта ачылган депозит эсептерине чет өлкө валютасындагы каражаттарды жайгаштыруу шарттары 

 

7. Улуттук банктагы депозит эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштырууга мүмкүнчүлук алуу үчүн Банк чет өлкө валютасындагы акча акча каражаттарды Улуттук банкта жайгаштыруу ниетин билдирүү менен расмий кайрылууга тийиш. Мында, Банк төмөнкү талаптарга жооп берүүсү зарыл: 

- Улуттук банкта корреспонденттик эсеби болууга; 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында каралган атайы режим белгиленбөөгө (убактылуу администрация,тикелей көзөмөл). 

Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечими боюнча Банктар Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында каралган атайы режимдер/жол-жоболор (убактылуу администрация,тикелей көзөмөл/ финансылык абалын чыңдоо жол-жоболор) колдонулуп жаткан депозит эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштырышы мүмкүн. 

8. Расмий кайрылууда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- алардын негизинде Банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды Улуттук банктагы депозит эсептерине которуу маселесин демилгелеген себептер/негиздемелер; 

- анын корреспонденттик эсебинен Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары Улуттук банкта ачылган депозит эсептерине жайгаштырылуучу ФКУ тууралуу маалымат; 

- валютанын түрү

- жайгаштырылуучу каражаттын суммасы жана мөөнөтү

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу негиздери; 

- Улуттук банктагы депозит эсептерин жабуу мөөнөтүн көрсөтүү менен Банктын ФКУда альтернативалуу эсептерди ачуу боюнча иш-чаралар планы; 

9. Банк расмий кайрылуу менен бирге Улуттук банкка, банк Башкармасынын/ыйгарым укуктуу жактын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды Улуттук банктагы депозит эсептерине убактылуу жайгаштыруу тууралуу чечимин, ошондой эле Улуттук банкка расмий кайрылган күнгө карата ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн валюталар боюнча чет өлкө валютасындагы акча эсеп көчүрмөлөрүн сунуштайт. 

10. Улуттук банк алардын негизинде Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банкта ачылган депозит эсептерине жайгаштыруу тууралуу кайрылуусун кароого алган жана/же чечим кабыл алган негизги критерийлер төмөндө келтирилген: 

а) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жободо белгиленген экономикалык ченемдердин аткарылбай калуу тобокелдиктери;  

б) Банктын валюта активдеринин 50 пайызынан көбүрөөгү бир өлкөнүн же бир нече чет өлкөнүн төмөн рейтингге ээ финансы-кредит уюмунда ачылган эсептерде жайгаштырылган учурда; 

в) акча каражаттарын жоготуу тобокелдигине байланыштуу объективдүү себептер жана чет өлкөлүк ФКУлардан активдерди алып чыгуу үчүн альтернативалуу эсеп/эсептер жок экендигин тастыктаган фактылар болсо. 

11. Кароого алынган кайрылуулардын жыйынтыктары Банкка расмий түрдө жөнөтүлөт. 

12. Улуттук банк Банктын депозит эсептериндеги чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу жөнүндө макулдашууда (келишимде) (мындан ары - Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу жөнүндө макулдашуу (келишим), 1-тиркеме) каралган шарттарда Улуттук банкта ачылган депозит эсептерине кабыл алат. 

13. Банк Улуттук банктагы депозит эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүсү үчүн Улуттук банк менен Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу жөнүндө макулдашуу (келишим) түзүүгө тийиш. 

14. Улуттук банк Банктын АКШ доллары жана евро түрүндө чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын депозит эсептерине жайгаштырат.  

15. Улуттук банктын жана Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды депозит эсептерине жайгаштыруу боюнча иши төмөнкүлөр аркылуу жөнгө салынат: 

- ушул жобо; 

- Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу жөнүндө макулдашуу (келишим). 

16. Банк менен Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу жөнүндө макулдашуу (келишим) түзүү чечими ар бир жагдайда өз-өзүнчө Көзөмөл боюнча комитет тарабынан кабыл алынат. 

17. ФКУда эсептерди ачууда Банк Улуттук банкка расмий кайрылуу менен Банктын ФКУдагы эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүгө билдирмени, ошондой эле банк Башкармасынын/ыйгарым укуктуу жактын Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банктагы депозит эсептеринен Банктын ФКУдагы чет өлкө валютасындагы акча эсептерине чегерүү жөнүндө чечимин сунуштайт.  

18. Банктын расмий кайрылуусунун негизинде Улуттук банк төмөнкү шарттарды аныктайт: 

- Банк тарабынан чет өлкө валютасында салынган активдер көлөмүн; 

- валюта түрүн; 

- жайгаштыруу убактысы; 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды депозит эсебине/эсебинен жайгаштыруу/чыгаруу шарттары. 

19. Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары Улуттук банкта ачылган депозит эсептерине нак эмес формада гана жайгаштырылат.  

20. Улуттук банк депозит эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды АКШ доллары жана евро түрүндө төмөнкү шарттарда кабыл алат: 

- 1 айдан 3 айга чейин (Улуттук банктын эсептик ченинен (минус) 25%); 

- 3 айдан 6 айга чейин (Улуттук банктын эсептик ченинен (минус) 50%). 

- 6 айдан 12 айга чейин (Улуттук банктын эсептик ченинен (минус) 75%). 

- 12 ай жана андан жогору болсо (Улуттук банктын эсептик ченинин өлчөмүндө). 

Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептеринде жайгаштырган чет өлкө валютасындагы акча каражаттарга 1 (бир) айдан ашык сакталган коммерциялык банктын каражаттарынын калдыктарына пайыздар эсептелет. 

21. Банк Улуттук банкта ачылган депозит эсептеринде чет өлкө валютасында жайгаштырылган каражаттар боюнча пайыздарды чегерүү мөөнөтү календардык күн түрүндө туюндурулган жана Улуттук банктагы депозит эсебине чегерилгенден кийинки күндөн тартып Банктын ФКУдагы корреспонденттик эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттар чегерилген күндү кошо алганда эсептелинүүчү убакыт аралыгы. 

22. Улуттук банкта ачылган депозит эсептеринде чет өлкө валютасында жайгаштырылган каражаттар боюнча пайыздарды эсептөөдө 1 (бир) күн алынат жана ал жылына 360 күндү эске алуу менен жөнөкөй пайыздар формуласы боюнча жүргүзүлөт. Эгерде, Улуттук банкта ачылган депозит эсептерине Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары жуманын акыркы күнү жана/же майрам алдындагы күнү чегерилсе, пайыздарды чегерүү мөөнөтү календардык күн түрүндө туюндурулган жана депозит эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттар чегерилгенден кийинки күндөн тартып Банктын ФКУдагы эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттар чегерилген күндү кошо алганда, ага чейинки убакыт аралыгы катары эсептелинет.  

23. Улуттук банк Банктын улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу үчүн чегерилген пайыздарды сом эквивалентиндеги сумманы, жайгаштыруу мөөнөтүн эске алуу менен алып салат.  

24. Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечими боюнча Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында каралган атайы режимдер/жол-жоболор (убактылуу администрация,тикелей көзөмөл/ финансылык абалын чыңдоо жол-жоболор) колдонулуп жаткан Банктар үчүн жайгаштыруу шарттары ар бир жагдай жана ар бир валюта боюнча өзүнчө аныкталышы жана белгилениши мүмкүн. 

25. Депозит эсептеринен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү өтүнүчү менен кайрылууда Банк Улуттук банкка ушул жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди сунуштайт.  

26. Улуттук банктагы депозит эсебинен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды толук көлөмдө чегерүү Улуттук банк менен макулдашуу боюнча кайсыл болбосун убакытта (банктык тажрыйбанын стандарттык мөөнөтүнүн алкагында) жана банкта тобокелдиктерди кыскартууга багытталган чаралар ишке ашырыгандыгына жана/же башка ФКУларда эсеп ачуу үчүн зарыл чараларды жүзөгө ашыруу мөөнөтү аяктагандыгына жараша жүзөгө ашырылышы мүмкүн.  

27. Банктын Улуттук банкта ачылган депозит эсептеринен чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын бөлүгүн чыгаруу, Улуттук банк менен алдын ала макулдашуу менен, бир макулдашуунун алкагында, 3 жолу бөлүп чечүүгө жол берилет. 

28. Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банктагы депозит эсептеринен төмөнкү максаттарда чегерүүгө тыюу салынат: 

- үчүнчү жактардын пайдасына; 

- оффшордук аймактарда каттоодон өткөн ФКУлардын эсептерине. 

 

3. Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү тартиби 

 

29. Ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарда түзүлгөн Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу жөнүндө макулдашууда (келишимде) кеминде төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

- алардын негизинде Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу жөнүндө макулдашуу (келишим) түзүлгөн шарттар; 

- Улуттук банктагы депозит эсептерине жайгаштырылууга тийиш болгон чет өлкө валютасындагы акча каражаттар суммасы чет өлкө валюталарында; 

- Банктын белгиленген мөөнөт ичинде Улуттук банктагы депозит эсебинен башка ФКУлардагы чет өлкө валютасындагы акча эсептерге каражаттарды чегерүү боюнча чараларды жүргүзүү милдеттенмеси; 

- Банктын ФКУдагы чет өлкө валютасындагы акча каражаттары жайгаштырылуучу Улуттук банктын депозит эсептеринин реквизиттери; 

- андан Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары Улуттук банктагы депозит эсептерине чегерилүүчү ФКУнун аталышы, юридикалык дареги, чет өлкө валютасындагы акча эсептеринин реквизиттери; 

- Улуттук банктын жана Банктын укуктары, милдеттенмелери жана жоопкерчилиги; 

- ушул жобонун шарттары, ошондой эле түзүлгөн Макулдашуунун шарттары бузууга жол берилген учурда Банкка карата санкцияларды колдонуу шарттары; 

- Улуттук банктын чыгашаларынын ордун толтуруу шарттары. 

 

4. Корутунду жоболор 

 

30. Улуттук банк жана Банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү жана которуу операциялары жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат.  

31. Банк депозит эсептеринде жайгаштырууга жана көрсөтүлгөн эсептерден Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарына которууга байланыштуу кандай болбосун Улуттук банктын чыгашаларынын ордун жабууга тийиш. 

32. Банк депозит эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттарын талап кылуу укугун башка жактарга өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт. 

33. Ушул жобонун 20 жана 30-пунктунда көрсөтүлгөн чыгашалар Банктын улуттук валютадагы корреспонденттик эсептеринен алынып салынат.  

 

 

 

 

 

 

Долбоор  

 

«Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозит эсептеринде жайгаштыруу тартиби жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме 

 

 

Типтүү формасы 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен (коммерциялык банктын аталышы) ортосунда чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды Улуттук банктагы депозит эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө макулдашуу 

 

 

Бишкек ш. 20___-жылдын «_______» №_____ 

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын атынан негизинде иш алып барган 

_ бир тараптан жана мындан ары «Банк» деп аталуучу 

(коммерциялык банктын аталышы), 

________________________________ негизинде иш алып барган ________________экинчи 

тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучулар, Улуттук банк Башкармасынын 20___-жылдын “___”_________ №______ токтому менен бекитилген “Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозит эсептеринде жайгаштыруу тартиби жөнүндө” жобонун (мындан ары жобо) негизинде төмөнкүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозит эсептеринде чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу тартиби жөнүндө ушул макулдашууну (мындан ары - макулдашуу) түзүштү

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

 

1.1. Улуттук банкта ачылган депозит эсептерине коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын жайгаштырууда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу, эсептерди жүргүзүү жана эсепке алуу шарттарын аныктоо, ушул макулдашуунун предмети болуп саналат. 

1.2. Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банкта ачылган депозит эсептерине жайгаштырууда эсептешүүлөр Улуттук банкта ачылган Банктын чет өлкө валютасындагы акча тиешелүү эсеби боюнча жүзөгө ашырылат жана алар чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын чегерүүдө Улуттук банктын банк-корреспондентиндеги чет өлкө валютасындагы ностро-эсебине жана чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын кайра кайтарууда Банктын банк-корреспондентинде ачылган чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсепке да тиешелүү болот. 

 

2. ЖАЛПЫ ШАРТТАР 

 

2.1. Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын чегерүү, Улуттук банк менен макулдашылган сумманын чегинде расмий кароо жана макулдашуу күнүнө карата кайтарымдуулук шарттарында, акы төлөө/акы төлөөсүз негизде ишке ашырылат.  

2.2. Банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүгө чейин “Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозит эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө” жобонун 8 жана 9-пунктунда белгиленген параметрлерди көрсөтүү менен расмий кат жүзүндө кайрылуу формасында сунуштайт. 

2.3. Улуттук банкта ачылган депозит эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүдө Банк Улуттук банкка ушул макулдашууга карата 1-тиркемеге ылайык, биринчи кол коюу укугуна ээ аткаруу органынын жетекчисинин кол тамгасы коюлган жана герб түшүрүлгөн мөөр басылган чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүгө билдирмени сунуштайт.  

2.4. Банк депозит эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүгө билдирмени Улуттук банкка чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү күнү саат 12:00дөн кечиктирбестен сунуштоого тийиш. Билдирме көрүнбөгөндөй конвертке салынып, “Каттоо журналында” каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. 

2.5. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү тууралуу билдирмедеги сумма, Улуттук банк менен макулдашылган суммадан ашпоо керек. 

2.6. Улуттук банкта ачылган чет өлкө валютасындагы депозит эсептерин чет өлкө валютасындагы акча каражаттар менен кошумча толуктоого тыюу салынат. 

2.7. Банктын Улуттук банкта ачылган депозит эсептеринен чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын бөлүгүн чыгаруу, Улуттук банк менен алдын ала макулдашуу менен, кеминде ушул Макулдашуунун алкагында, 3 жолу бөлүп чечүүгө жол берилет. 

2.8. Банктын Улуттук банкта ачылган депозит эсептеринен чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын бөлүгүн чыгаруу, жобонун 8-пунктуна ылайык Банктын расмий кайрылуусунда чагылдырылган иш-чаралар планында мындай шарттар каралган учурда гана жол берилет 

2.9. Улуттук банкта ачылган депозит эсептериндеги чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды кайры чыгарып алуу үчүн Банк Улуттук банкка ушул макулдашууга карата 2-тиркемеге ылайык, биринчи кол коюу укугуна ээ аткаруу органынын жетекчисинин кол тамгасы коюлган жана герб түшүрүлгөн мөөр басылган, Улуттук банкта ачылган депозит эсептеринен ФКУлардагы чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды кайра чыгарып алууга билдирмени сунуштайт.  

2.10. Улуттук банкта ачылган депозит эсептеринен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды кайра чыгарып алуу жөнүндө билдирме, жобонун 8-пунктунда каралган, банктын расмий кайрылуусунда көрсөтүлгөн иш-чаралар планына ылайык, депозит эсептеринен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды кайра чыгарып алуу болжолдонгон күнгө чейинки кеминде 2 (эки) жумуш күн мурда сунушталууга тийиш. Билдирме көрүнбөгөндөй конвертке салынып, “Каттоо журналында” каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. 

2.11. Эгерде Улуттук банктагы депозит эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү же чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды андан кайра чыгарып алуу билдирмесинде көрсөтүлгөн күн иштебеген күнгө туш келип калса (Кыргыз Республикасында жана/же банк-корреспондент өлкөдө), депозит эсептерине/эсептеринен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү/кайра чыгаруу/мөөнөтүнөн мурда чыгаруу кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

2.12. Улуттук банк Банктын билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтын купуя сакталышын камсыз кылат. 

2.13. Улуттук банкта ачылган депозит эсептеринен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды кайра чыгарып алууда Банк SWIFT системасы аркылуу (МТ202 форматында) төлөм көрсөтмөсүн жөнөтүүгө тийиш. Саат 12:00гө (Бишкек убактысы боюнча) келип түшкөн төлөм көрсөтмөсү ошол валюталоо күнү аткарылат. Ал эми саат 12:00дөн кийин келип түшкөн төлөм көрсөтмөсү кийинки валюталоо күнү аткарылат. Валюталоо күнү иштебеген күнгө туура келип калса (Кыргыз Республикасында жана/же банк-корреспондент өлкөдө), чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды кайра чыгаруу/мөөнөтүнөн мурда чыгаруу кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. 

2.14. Чет өлкө валютасындагы эсептер өзгөртүлгөн учурда Улуттук банк жана Банк Улуттук банкта ачылган депозит эсептерине/эсептеринен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү/кайра чыгаруу/мөөнөтүнөн мурда чыгаруу боюнча жыйынтык эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө чейинки 2 (эки) күн мурда Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын кол тамгасы коюлган кат жүзүндө билдирүү аркылуу бири-бирине бул тууралуу дароо маалымдоого милдеттенишет. 

2.15. Банктын билдирмесинде көрсөтүлгөн депозит эсептериндеги чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштырууда (чегерүүдө) Банк валюталоо күнү Улуттук банктын корреспонденттик эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын которууну ишке ашырбаса же өз убагында ишке ашырбаса, Банк каражаттар чегерилбей калгындыгы себептерин көрсөтүү менен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү жөнүндө билдирмени жокко чыгарууга тийиш жана зарылчылык келип чыкса, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүгө жаңы билдирмени сунуштоого тийиш, анда жаңы чегерүүнү валюталоо күнү, мөөнөтү жана жайгаштыруу аяктаган мөөнөт көрсөтүлөт.  

2.16. Банк Улуттук банктагы корреспонденттик эсепке чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү билдирмесинде көрсөтүлгөн суммадан айырмаланган сумманы чегерүүдө, билдирмеде көрсөтүлгөн сумма менен айкын чегерилүүчү сумманын айырмаланган себебин көрсөтүү менен мурда сунушталган чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүгө билдирмени жокко чыгарууга жана Улуттук банктын корреспонденттик эсебине айкын чегерилүүчү чет өлкө валютасындагы акча каражаттар суммасын көрсөтүү менен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүгө жаңы билдирмени сунуштоого тийиш. 

2.17. Улуттук банктагы эсептерге жайгаштырылган чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды которуу Банктын башка ФКУларда ачылган корреспонденттик эсептерге гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Улуттук банкта ачылган депозит эсептериндеги Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын, үчүнчү жактардын жана алардын тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда катталган ФКУлардын пайдасына которууга тыюу салынат.  

2.18. Улуттук банкта ачылган Банктын депозит эсептерине которулган чет өлкө валютасындагы акча каражаттар менен операциялар нак эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат.  

2.19. Улуттук банк төмөнкү шарттарда депозит эсептерине чет өлкө валютасындагы акча активдерди АКШ доллары жана евро түрүндө кабыл алат: 

- 1 айдан 3 айга чейин (Улуттук банктын эсептик ченинен (минус) 25%); 

- 3 айдан 6 айга чейин (Улуттук банктын эсептик ченинен (минус) 50%). 

- 6 айдан 12 айга чейин (Улуттук банктын эсептик ченинен (минус) 75%). 

- 12 ай жана андан жогору болсо ((минус) Улуттук банктын эсептик ченинин өлчөмүндө). 

2.20. Банк Улуттук банкка терс пайыздык чендер колдонулган эсептерди чегерилүүчү Улуттук банктын банк-корреспонденттеги корреспонденттик эсептерге чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын жайгаштырууга байланыштуу чыгашалар суммасындагы сыгашаларды төлөп берет. 

 

 

3. ЭСЕПТИН БАГЫТЫ, АНЫ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА ИШ РЕЖИМИ 

 

3.1. Ушул Макулдашууга ылайык Улуттук банк Банкты тейлөө үчүн депозит эсептерин ачат. 

3.2. Банкты тейлөө үчүн ушул макулдашууга карата 1-тиркемеге ылайык алардын эсептеринен Улуттук банктагы депозит эсептерине акча каражаттары чегериле турган ФКУ (аталышы, юридикалык дареги, чет өлкө валютасындагы акча эсеп реквизиттери) жөнүндө бардык маалымат сунушталат.  

3.3. Эсептин аталышы: (Банктын аталышы) төмөнкү валюталардагы депозит эсептери: чет өлкө валютасынын аталышы. 

3.4. Депозит эсебинин № чет өлкө валютасынын аталышы 

_________________________________ 

Депозит эсебинин № чет өлкө валютасынын аталышы 

_________________________________ 

3.5. Эсептин багыты: Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын депозит эсептеринде эсепке алуу. 

 

4. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

 

4.1. Тараптар жобого жана ушул макулдашууга ылайык чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү/которуу боюнча операцияларды жүргүзүү укугуна ээ. 

4.2. Тараптар жободо жана ушул макулдашууда көрсөтүлгөн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү/которуу шарттарына макул болуу менен бири-бири алдында өз милдеттенмелерин таанышат. 

4.3. Банк төмөнкүлөргө милдеттенет: 

4.3.1. чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасын Улуттук банкта ачылган тиешелүү депозит эсебине сунушталган билдирмеге ылайык валюталоо күнү чегерүүгө

4.3.2. Улуттук банкта ачылган депозит эсебинен Банктын ФКУда ачылган эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды билдирмеде көрсөтүлгөн мөөнөттө кайта чыгарып алууну жүзөгө ашырууга; 

4.3.3. Улуттук банктагы депозит эсебин жабуу мөөнөтүн көрсөтүү менен Улуттук банкка расмий кайрылууда сунушталган ФКУдагы альтернативалуу эсептерди ачуу боюнча иш-чаралар планын аткарууга. 

4.3.4. Улуттук банкка төмөнкүлөргө байланыштуу кандай болбосун чыгашаларды төлөп берүүгө

- алар боюнча кредиттик калдыкка терс пайыздык чендер колдонулган эсептерди кошо алганда, аларга Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары чегерилүүчү Улуттук банктын банк-корреспонденттеги корреспонденттик эсептерге Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын жайгаштырууга. Кредиттик калдыкка карата терс пайыздык ченди колдонууга байланыштуу чыгашалар суммасы Улуттук банкта ачылган чет өлкө валютасындагы депозит эсептерине жайгаштырылган каражаттар калдыгына пропорционалдуу эсептелинет; 

- Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын ФКУдагы чет өлкө валютасындагы эсептерге кайра которууга байланыштуу, анын ичинде Улуттук банк тарткан же төлөөгө талап коюлган, Банктын төлөм колдонмосу боюнча чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүдөн улам келип чыккан айкын чыгашалар: чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды которуу үчүн комиссия кармап калуу жана каражаттарды которуу боюнча башка чыгашалар; 

- ишке ашырылбаган чет өлкө валютасындагы акча төлөм каражаттарды кайтарууга байланыштуу: чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды которуу үчүн комиссиялык төлөм кармап калуу, төлөм боюнча териштирүүнү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө жана каражаттарды которуу боюнча башка чыгашалар. 

4.3.5. Макулдашуу шарттары өз убагында аткарылбаган шартта Банк жыл ичиндеги 360 күнгө жараша ар бир мөнөтү өткөрүлгөн күн үчүн Улуттук банктын эсептик ченинен 0,5% өлчөмүндө айыптык төлөм төлөйт.  

4.4. Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттенет: 

4.4.1. Банктын чет өлкө валютасындагы акча чет өлкө валютасындагы акча каражаттар суммасын валюталоо күнү Банктын ФКУдагы эсебине билдирмеге жана төлөм көрсөтмөсүнө ылайык чегерүүгө (МТ202, SWIFT системасы аркылуу өткөрүлгөн).  

4.5. Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:  

4.5.1. Банктын улуттук валютадагы корреспонденттик эсебине жайгаштыруу мөөнөтүн эске алуу менен чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу үчүн чегерилген пайыздарды сом эквивалентиндеги сумманы акцептсиз тартипте алып салууга; 

4.5.2. Банктын улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен, алар боюнча кредиттик калдыкка карата терс пайыздык чен колдонулган эсептерди кошо алганда, ага Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары чегериле турган Улуттук банктагы депозит эсептерин колдоого байланыштуу чыгашалардын, ошондой эле Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын ФКУдагы чет өлкө валютасындагы эсептерге которууга байланыштуу, Банктын төлөм колдонмосу боюнча чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүдөн улам келип чыккан, Улуттук банк тарабынан төлөнгөн же Улуттук банкка карата төлөөгө сунушталган айкын чыгашалардын ордун толтуруу боюнча чыгашаларды, анын ичинде ишке ашырылбаган чет өлкө валютасындагы акча төлөм каражаттарын кайтарууга, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды которуу үчүн комиссиялык төлөм кармап калууга, төлөм боюнча териштирүүнү жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу чыгашалар, ошондой эле чет өлкө валютасында эсептелинген жана мындай чыгашаларды эсептен алуу күнүнө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча кайра эсептелинген каражаттарды которуу боюнча башка чыгашалардын сом эквивалентиндеги суммасын акцептсиз тартипте алып салууга. 

4.5.3. Банк жободо жана ушул макулдашууда белгиленген өз милдеттерин аткарбаган шартта Улуттук банк Банктын корреспонденттик эсебинен аткарылбаган милдеттенме боюнча чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын сом эквивалентиндеги суммада, Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсептелинген мөөнөтүндө төлөнбөгөн ар бир календардык күн үчүн эсептен алып салуу күнүнө карата эсептелинген Улуттук банктын эсептик ченинин 0,5% өлчөмүндө айыптык төлөм суммасын акцептсиз тартипте эсептен алып салууга укуктуу. 

4.5.4. Банк ушул жобого жана макулдашууга ылайык өз милдеттенмелерин аткарбаган шартта айыптык санкциялар өлчөмүн өзгөртүүгө.  

 

5. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

 

5.1. Тараптар ушул макулдашууга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүүгө/которууга байланыштуу өз милдеттенмелери үчүн толук жоопкерчилик тартышат. 

5.2. Улуттук банк жана Банк алардын жооптуу адамдары жана кыматкерлери чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды депозит эсептерине чегерүүгө/которууга байланыштуу иштерди туура, өз убагында жана купуялуулукту сактоо менен иш алып барууга ушул макулдашууга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат. 

5.3. Улуттук банктын депозит эсебине кечиктирип чегерүү жана/же тиешелүү валюталоо күнү билдирмеде көрсөтүлгөн суммадан айырмаланган сумманы чегерүү Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды чегерүү боюнча өз милдеттенмесин аткарбаган катары саналат.  

5.4. Банктын билдирмесинде көрсөтүлгөн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу мөөнөтүн бузуу Банктын өз милдеттенмесин аткарбаган катары эсептелинет. 

5.5. Банктын өз милдеттенмесин аткарбаган катары төмөнкүлөр саналат: ага Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары чегерилүүчү Улуттук банктагы депозит эсептерин, анын ичинде алар боюнча кредиттик калдыкка терс пайыздык чендер колдонулган эсептерди колдоого байланыштуу чыгашаларды, ошондой эле банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын ФКУдагы чет өлкө валютасындагы эсептерге кайра которууга байланыштуу чыгашаларды, анын ичинде Улуттук банк тарткан айкын чыгашалардын же чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Банктын төлөм көрсөтмөсү боюнча чегерүүнүн натыйжасында келип чыккан чыгашанын ордун жабуу Улуттук банкка сунушталган чыгашаларды, ошондой эле ишке ашырылбаган төлөм боюнча акча каражаттарын кайтарууга байланыштуу чыгашалар, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды которуу үчүн комиссиялык төлөм кармап калуу, төлөм боюнча териштирүүнү жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө жана каражаттарды которуу боюнча башка чыгашалар. 

5.6. Ушул макулдашууну жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуунун натыйжасында Банкка келтирилген зыян үчүн Улуттук банк жоопкерчилик тартпайт. 

 

6. ФОРС-МАЖОРДУК ЖАГДАЙЛАР 

 

6.1. Эгерде, ушул келишим боюнча милдеттенмелер күтүүсүз жагдайлардан улам, мисалы: табигый жана техногендик кырсыктардан, бөөдө кырсыктардан, согуштук аракеттерден, иш таштоолордон, элдик толкундоолордон, төңкөрүштөрдөн, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан жана ушул милдеттенмелердин аткарылышына бөгөт койгон башка жагдайлардан улам, толук же жарым жартылай аткарылбай калгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулушат. Жогоруда келтирилген жагдайлар күтүүсүз, болжолдоого жана алдын алууга мүмкүн эмес болгон мүнөзгө ээ болууга, ошондой эле ушул келишим түзүлгөндөн кийин келип чыккан жана тараптардын эркинен көз карандысыз болууга тийиш. 

6.2. Күтүүсүз жагдайлар келип чыккан учурда Тараптар эки жумуш күнү ичинде бул тууралуу бири-бирине кат жүзүндө маалымдоого тийиш. Билдирүүдө келип чыккан жагдай, ошондой эле алардын ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга таасири жана милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү чагылдырылууга тийиш. 

6.3. Форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда, тараптардын ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү ошол жагдайларга шайкеш убакытка жылдырылышы мүмкүн. 

6.4. Эгерде, форс-мажордук жагдай жана анын кесепеттери он календардык күн же андан көбүрөөк убакытка созулса, тараптар ушул келишимди аткаруунун жана тиешелүү макулдашууга жетишүүнүн алгылыктуу ыкмаларын аныктоо максатында, кыска мөөнөт ичинде суйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

6.5. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышы тараптардын ошол жагдайлар келип чыккан учурга карата ишке ашырылган жана ишке ашырылып жаткан чет өлкө валютасындагы акча депозиттик операциялар боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт. 

 

 

 

 

 

7. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕГЕРҮҮ 

 

7.1. Тараптар ортосунда ушул келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимдерди кабыл алуу максатында, тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу жөнгө салынууга тийиш. 

7.2. Тараптар ортосунда талаш маселе сүйлөшүүлөр жолу менен макулдашууга жетишилбесе, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. 

 

8. БАШКА ШАРТТАР 

 

8.1. Келишимге Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

8.2. Ушул келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө киргизилген учурда жана ага эки Тарап тең кол койгон шартта анык болуп саналат. 

8.3. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн шартта же жоюлган учурда, алардын ушул Келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери Тараптардын укугу өткөн мураскерлерине өтөт. 

8.4. Келишим Тараптардын ар бири үчүн экиден мамлекеттик (кыргыз) тилде 2 (эки) түп нускада жана расмий (орус) тилде 2 (эки) түп нускада түзүлгөн, ошондой эле бирдей юридикалык күчкө ээ жана _____ барактан турат . Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми 2 (эки) нускасы Банкка берилет. 

8.5. Ушул макулдашууга карата 1 жана 2-тиркемелер анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

 

9. КЕЛИШИМДИ КОЛДОНУУ MӨӨHӨTY ЖАНА ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

 

9.1. Келишим ага эки Тарап тең кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. 

9.2. Тараптар бул келишимди бир календардык ай мурда, бирок ишке ашырылган депозиттик операциялар боюнча эсептешүүлөр аяктаганга чейин экинчи тарапка алдын ала маалымдоо менен бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. 

9.3. Улуттук банк төмөнкү учурларда алдын ала маалымдоосуз бул макулдашууну бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу: 

· Банк тарабынан ушул келишим шарттары бузууга жол берилсе; 

· Улуттук банк тарабынан операцияларды ишке ашырууга берилген лицензия кайтарылып алынса; 

· Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, Банк юридикалык жак катары ишин токтотсо; 

· ушул макулдашуунун шарттарын кайра карап чыгуу үчүн негиз болуп саналган, бүтүмдөргө келишүү тартибин аныктаган ченемдик укуктук документтерге белгиленген тартипте өзгөртүүлөр киргизилген учурда. 

9.4. Тараптардын бири ушул макулдашууну мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда Банк Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептерден ушул макулдашуунун 2.9, 2.10 жана 2.13-пункттарынын шарттарына ылайык чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды 3 (үч) жумуш күнү ичинде чыгарууга милдеттенет. 

 

10. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ 

 

 

Кыргыз Республикасынын _______________________ 

Улуттук банкы _______________________ 

__________________________ _______________________ 

__________________________ ________________________ 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен (коммерциялык банктын аталышы) ортосунда чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды Улуттук банктагы депозит эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө макулдашууга карата 1-тиркеме 

 

 

Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды депозиттик эсепке чегерүүгө билдирме 

 

(чет өлкө валютасы көрсөтүлөт) 20 ___ж.”___”________ 

 

Ушул аркылуу (банктын расмий аталышы) төмөнкү шарттарда акча каражаттарды (чет өлкө валютасы көрсөтүлөт) чегерүү жөнүндө маалымдайт: 

 

№ 

 

Акча каражаттардын көлөмү (чет 

өлкө валютасынын аталышы көрсөтүлөт

0,00 

Валюталоо күнү (чегерүү

үн, ай, жыл) 

Мөөнөтү 

үндөрдүн саны) 

Жайгаштыруу мөөнөтү бүткөн күн 

үн, ай, жыл) 

Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары которулуучу Банктын корреспонденттик эсеби (банктын аталышы, юридикалык дареги, чет өлкө валютасындагы акча эсептеринин реквизиттери) жайгаштырыдган ФКУ тууралуу маалымат 

 

Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттары которулуучу Улуттук банктын корреспонденттик эсеби (банктын аталышы, эсептин номери) 

 

Банктын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинин номери 

 

№_____________________________________ 

Төлөм багыты 

үн, ай, жыл) 

 

М.О. 

 

Кызматы ____________________ кол тамгасы ___________Аты-жөнү _______________ 

 

Башкы бухгалтер________________кол тамгасы ____________Аты-жөнү_______________ 

 

 

 

 

(Улуттук банк тарабынан толтурулат) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен (коммерциялык банктын аталышы) ортосунда чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды Улуттук банктагы депозит эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө макулдашууга карата 2-тиркеме 

 

 

 

Каражаттарды депозиттик эсептен кайра 

чыгарууга билдирме 

 

(чет өлкө валютасы көрсөтүлөт) 20___-ж. “___”______ 

 

Ушул аркылуу (банктын расмий аталышы) төмөнкү шарттарда (чет өлкө валютасы көрсөтүлөт) акча каражаттарын (чыгаруу/мөөнөтүнөн мурда чыгаруу) жөнүндө маалымдайт: 

 

№ 

 

Чыгаруу 

Акча каражаттардын көлөмү (чет өлкө валютасы көрсөтүлөт) 

0,00 

0,00 

Валюталоо күнү (чыгаруу/мөөнөтүнөн мурда чыгаруу

үн, ай, жыл) 

үн, ай, жыл) 

Банктын Улуттук банкта ачылган депозит эсебинин номери 

 

№__________________ 

 

№________________________ 

Банктын чет өлкө валютасындагы акча 

каражаттары ага чегерилүүгө тийиш болгон 

ФКУнун реквизиттери 

(банк-корреспонденттин аталышы, эсептин, ошондой эле ортомчу 

банктын номери)  

 

 

Төлөмдүн багыты 

 

 

 

М.О. 

 

Кызматы ____________________ кол тамгасы ___________Аты-жөнү _______________ 

 

Башкы бухгалтер________________кол тамгасы ____________Аты-жөнү_______________ 

 

 

 

(Улуттук банк тарабынан толтурулат)