Кайта келүү

Долбоор 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

«___»________№____ токтомуна карата тиркеме  

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 13-мартындагы №10/13 « «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 13-мартындагы №10/13 ««Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Улуттук банк валюталык своп-операцияларын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча аукцион аркылуу жана аукциондон тышкары ишке ашырат.»; 

- 18- пункту төмөнкү редакциядагы 12-15 абзацтар менен толукталсын: 

«Кошумча шарттар: 

- мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү жана алардын саны; 

- мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо мүмкүнчүлүгү

- мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо мүмкүнчүлүгү жана алардын саны.»; 

- 19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн валюталык своп-операцияларды жүзөгө ашыруу шарттары Улуттук банк тарабынан АТСтин каражаттары жана/же өз интернет-сайтында маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштыруу аркылуу жарыяланат.»; 

- 31-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча валюталык своп-операцияларын мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоого, мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоого жана мөөнөтүн узартууга жол берилет.  

Мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоодо АТС ага ылайык пайыздарды дароо кайра эсептөөнү ишке ашырат.  

Мөөнөтүн узартууда да АТС ага ылайык пайыздарды дароо кайра эсептеп чыгат. 

Валюталык своп-операциянын мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталышы алгачкы своп-операциясынын мөөнөтүн мурда жыйынтыкталышы жана төмөнкү шарттарда жаңы своп-операциясына келишүү аркылуу ишке ашырылат: 

- көлөмү алгачкы валюталык своп-операциясынын көлөмүнүн жана мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган валюталык своп-операциясы көлөмүнүн ортосунда келип чыккан айырмага барабар болууга тийиш; 

- эгерде мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо кайрадан кайталанса, көлөмү мурдагы мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталганда келишилген жаңы валюталык своп-операция көлөмү менен жаңы мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган валюталык своп-операциясы көлөмүнүн ортосунда келип чыккан айырмага барабар болууга тийиш.  

- мөөнөтүөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган күндөн тартып алгачкы валюталык своп-операциясы мөөнөтүнүн аякталышына чейинки мезгилге барабар болууга тийиш; 

- алмашуу курс алгачкы валюталык своп-операциясына келишүү учурундагы алмашуу курсуна барабар болууга тийиш; 

- улуттук жана чет өлкө валютасындагы пайыздык чендер алгачкы валюталык своп-операциясына келишүү учурундагы пайыздык ченге барабар болууга тийиш; 

Валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоодо пайыздар Жобонун 26-пунктунун талабына ылайык чегерилет.»; 

- 32-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Аукциондук негизде ишке ашырылган валюталык своп-операциялар, аукционго экиге жетпеген Катышуучу катышкан шартта, Улуттук банк тарабынан өткөрүлбөгөн катары таанылышы мүмкүн.»; 

- 35-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Аукциондук негизиндеги тике валюталык своп-операция»; 

- 36-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Аукциондук негизиндеги кайтарым валюталык своп-операция»; 

- Жобо, төмөнкү мазмунундагы 39-1-пункт менен толукталсын: 

«39-1. Аукциондон тышкары ишке ашырылган тике жана кайтарым валюталык своп-операциялар Улуттук банк Башкармасынын 2013 жылдын 28- мартындагы №10/16 токтому менен бекитилген Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү эрежелерине ылайык, Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда келишилген бүтүм аркылуу ишке ашырылат»; 

- 42-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Катышуучу валюталык своп-операциялар боюнча өз милдеттенмелерин төмөнкү учурларда аткарбаган болуп саналат: 

Тике валюталык своп-операциясы шартында: 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын корреспонденттик эсебине тике валюталык своп-операциясы ишке ашырылган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

- Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде тике валюталык своп-операциясы жыйынтыкталган, мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган же мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган күнү улуттук валютадагы акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу. 

Кайтарым валюталык своп-операциясы шартында: 

- Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде кайтарым валюталык своп-операциясы ишке ашырылган күнү улуттук валютадагы акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу; 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын корреспонденттик эсебине кайтарым валюталык своп-операциясы жыйынтыкталган, мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган же мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү.» 

- 43-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Улуттук банк валюталык своп-операциялары боюнча өз милдеттенмелерин төмөнкү учурларда аткарбаган болуп саналат: 

Тике валюталык своп-операциясы шартында: 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Катышуучунун корреспонденттик эсебине тике валюталык своп-операциясын жыйынтыкталган, мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган же мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

Кайтарым валюталык своп-операциясы шартында: 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Катышуучунун корреспонденттик эсебине кайтарым валюталык своп-операциясы ишке ашырылган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү.»; 

- 44-пунктундагы: 

«аткаруу/аяктоо» деген сөздөр «аткаруу/жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо» дегенге алмашылсын; 

«баштапкы/жыйынтыктоочу» деген сөздөр «баштапкы/жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо» дегенге алмашылсын; 

- 46-пунктундагы: 

«аткаруу/аяктоо» деген сөздөр «аткаруу/жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо» дегенге алмашылсын; 

“баштапкы/жыйынтыктоочу» деген сөздөр «баштапкы/жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо» дегенге алмашылсын; 

- Жобонун 1-тиркемесинин: 

- 2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн валюталык своп-операцияларын ишке ашыруучу шарттары Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталып, Улуттук банктын интернет-сайтында жана/же АТСте маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу кулактандырылат.»; 

- 2.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3. Ишке ашырылган валюталык своп-операцияларынын жыйынтыгы Улуттук банк тарабынан АТС аркылуу жана/же интернет-сайтына статистикалык маалыматтарды жайгаштыруу менен кулактандырылат.»; 

- 2.13-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.13. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча валюталык своп-операцияларын мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоого, мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоого жана мөөнөтүн узартууга жол берилет.  

2.13.1. Мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоодо АТС ага ылайык пайыздарды дароо кайра эсептөөнү ишке ашырат.  

2.13.2. Мөөнөтүн узартууда да АТС ага ылайык пайыздарды дароо кайра эсептеп чыгат. 

2.13.3.Валюталык своп-операциянын мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталышы алгачкы своп-операциясынын мөөнөтүн мурда жыйынтыкталышы жана төмөнкү шарттарда жаңы своп-операциясына келишүү аркылуу ишке ашырылат: 

- көлөмү алгачкы валюталык своп-операциясынын көлөмүнүн жана мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган валюталык своп-операциясы көлөмүнүн ортосунда келип чыккан айырмага барабар болууга тийиш; 

- эгерде мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо кайрадан кайталанса, көлөмү мурдагы мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталганда келишилген жаңы валюталык своп-операция көлөмү менен жаңы мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган валюталык своп-операциясы көлөмүнүн ортосунда келип чыккан айырмага барабар болууга тийиш.  

- мөөнөтүөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган күндөн тартып алгачкы валюталык своп-операциясы мөөнөтүнүн аякталышына чейинки мезгилге барабар болууга тийиш; 

- алмашуу курс алгачкы валюталык своп-операциясына келишүү учурундагы алмашуу курсуна барабар болууга тийиш; 

- улуттук жана чет өлкө валютасындагы пайыздык чендер алгачкы валюталык своп-операциясына келишүү учурундагы пайыздык ченге барабар болууга тийиш; 

2.13.4. Валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоодо пайыздар Жобонун 26-пунктунун талабына ылайык чегерилет.»; 

- 3.4.3-пункт төмөнкү мазмунундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Тике валюталык своп-операциялары мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган же бөлүп жыйынтыкталган күнү Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо же бөлүп жыйынтыктоо үчүн жетиштүү суммадагы акча каражаты болууга тийиш.» 

- 3.4.5-пункттун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банктын валюталык своп-операциялары боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмгө төмөнкү учурларда укук берилет:» 

үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- эгерде, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде тике валюталык своп-операцияларынын жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо үчүн жетиштүү санда акча каражаты жок болсо, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен тике валюталык своп-операцияларын жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо бөлүгү боюнча улуттук валютадагы акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү жана чегерилген пайыздар суммасын акцептсиз (талашсыз) тарипте эсептеп алып коюу;» 

- 3.4.7-пункту төмөнкү мазмунундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кайтарым валюталык своп-операциялары мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган же мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган күнү кайтарым валюталык своп-операцияларынын мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталуучу же мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталуучу бөлүгүн аткаруу үчүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүүгө.»; 

- 3.4.8-пункттун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банктын валюталык своп-операциялары боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмгө төмөнкү учурларда укук берилет:»; 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- эгерде, Катышуучу кайтарым валюталык своп-операцияларын жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо бөлүгүн жүзөгө ашырууда, өз милдеттенмесин аткара албай калган шартта Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен кайтарым валюталык своп-операцияларынын жыйынтыкталуучу/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталуучу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталуучу бөлүгүнүн тиешелүү суммасынан, Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдүн жана чегерилген пайыз суммасын талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептеп алып коюу;»; 

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«-эгерде, Катышуучу кайтарым валюталык своп-операцияларын жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо бөлүгүн аткара албай калса, ал эми Улуттук банк бул шартты аткарууну камсыз кылган болсо чегерилген пайыздар суммасын жана кайтарым валюталык своп-операциясынын жыйынтыкталуучу/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталуучу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталуучу бөлүгү боюнча чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү кошо алганда, улуттук валютадагы негизги сумма талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептеп алынууга тийиш. Негизги сумманын жана бир жолку айыптык төлөмдүн өлчөмү Катышуучунун корреспонденттик эсебинен Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча эсептелинет. »; 

- 3.5.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.5.2. Тике валюталык своп-операциялары жыйынтыкталган күнү валюталык своп-операцияларынын жыйынтыкталуучу/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталуучу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталуучу бөлүгүн аткаруу үчүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Катышуучунун чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсебине чегерүү.»; 

- 3.5.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.5.3. Эгерде, көрсөтүлгөн милдеттенмелер аткарылбай калган шартта Улуттук банк валюталык своп-операцияларынын баштапкы/жыйынтыкталуучу/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталуучу/мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталуучу бөлүктөрүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм Катышуучуга төлөнүп берилет.»; 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013 жылдын 28-мартындагы №10/13  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларынын жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу токтомдун долбооруна 

САЛЫШТЫМАЛУУ ТАБЛИЦАСЫ 

Учурдагы редакция 

Сунушталуучу редакция  

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор жоон шрифт менен белгиленген)  

2013-жылдын 28-мартындагы № 10/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо 

5. Улуттук банк валюталык своп-операцияларын аукциондук негизде ишке ашырат, ошондой эле Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча валюталык своп-операциялар катталган пайыздык чен боюнча да ишке ашырылышы мүмкүн. 

5. Улуттук банк валюталык своп-операцияларын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча аукцион аркылуу жана аукциондон тышкары ишке ашырат. 

18. Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети төмөнкүдөй шарттарды аныктайт: 

- Валюталык своп-операцияларынын түрлөрүн: 

- тике же кайтарым; 

- Параметрлерин: 

- валюталык своп-операцияларынын мөөнөттөрү

- валюталык своп-операциялары боюнча акча каражаттарынын жалпы көлөмү

- алмашуу валютасы; 

- тике валюталык своп-операциялары учурунда улуттук валюта боюнча минималдуу пайыздык чен; 

- кайтарым валюталык своп-операциялары учурунда улуттук валюта боюнча максималдуу пайыздык чен; 

- тике/кайтарым валюталык своп-операциялары шартында улуттук валюта боюнча катталган пайыздык чен; 

- тике/кайтарым валюталык своп-операциялары шартында чет өлкө валютасы боюнча пайыздык чен. 

18. Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети төмөнкүдөй шарттарды аныктайт: 

Валюталык своп-операцияларынын түрлөрүн: 

- тике же кайтарым; 

Параметрлерин: 

- валюталык своп-операцияларынын мөөнөттөрү

- валюталык своп-операциялары боюнча акча каражаттарынын жалпы көлөмү

- алмашуу валютасы; 

- тике валюталык своп-операциялары учурунда улуттук валюта боюнча минималдуу пайыздык чен; 

- кайтарым валюталык своп-операциялары учурунда улуттук валюта боюнча максималдуу пайыздык чен; 

- тике/кайтарым валюталык своп-операциялары шартында улуттук валюта боюнча катталган пайыздык чен; 

- тике/кайтарым валюталык своп-операциялары шартында чет өлкө валютасы боюнча пайыздык чен. 

Кошумча шарттар: 

- мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү жана алардын саны; 

- мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо мүмкүнчүлүгү

- мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо мүмкүнчүлүгү жана алардын саны. 

19. Ушул жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн валюталык своп-операцияларын жүзөгө ашыруу шарттары, Улуттук банк тарабынан АТСтин каражаттары жана өзүнүн веб-сайтында маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштыруу аркылуу жарыяланат. 

19. Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн валюталык своп-операцияларын жүзөгө ашыруу шарттары, Улуттук банк тарабынан АТСтин каражаттары жана/же өз интернет-сайтында маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштыруу аркылуу жарыяланат. 

31. Валюталык своп-операцияларын мөөнөтүнөн мурда аяктоого жана узартууга жол берилбейт. 

31. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча валюталык своп-операцияларын мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоого, мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоого жана мөөнөтүн узартууга жол берилет.  

Мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоодо АТС ага ылайык пайыздарды дароо кайра эсептөөнү ишке ашырат.  

Мөөнөтүн узартууда да АТС ага ылайык пайыздарды дароо кайра эсептеп чыгат. 

Валюталык своп-операциянын мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталышы алгачкы своп-операциясынын мөөнөтүн мурда жыйынтыкталышы жана төмөнкү шарттарда жаңы своп-операциясына келишүү аркылуу ишке ашырылат: 

- көлөмү алгачкы валюталык своп-операциясынын көлөмүнүн жана мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган валюталык своп-операциясы көлөмүнүн ортосунда келип чыккан айырмага барабар болууга тийиш; 

- эгерде мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо кайрадан кайталанса, көлөмү мурдагы мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталганда келишилген жаңы валюталык своп-операция көлөмү менен жаңы мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган валюталык своп-операциясы көлөмүнүн ортосунда келип чыккан айырмага барабар болууга тийиш.  

- мөөнөтүөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган күндөн тартып алгачкы валюталык своп-операциясы мөөнөтүнүн аякталышына чейинки мезгилге барабар болууга тийиш; 

- алмашуу курс алгачкы валюталык своп-операциясына келишүү учурундагы алмашуу курсуна барабар болууга тийиш; 

- улуттук жана чет өлкө валютасындагы пайыздык чендер алгачкы валюталык своп-операциясына келишүү учурундагы пайыздык ченге барабар болууга тийиш; 

Валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоодо пайыздар Жобонун 26-пунктунун талабына ылайык чегерилет. 

32. Валюталык своп-операциялары, ага экиден аз Катышуучу катышкан шартта, Улуттук банк тарабынан өткөрүлбөгөн катары таанылышы мүмкүн. 

32. Аукциондук негизде ишке ашырылган валюталык своп-операциялары, аукционго экиге жетпеген Катышуучу катышкан шартта, Улуттук банк тарабынан өткөрүлбөгөн катары таанылышы мүмкүн. 

35. Тике валюталык своп-операция: 

- Катышуучу валюталык своп-операциянын ар бир мөөнөттүүлүгү боюнча 5 (бештен) ашпаган билдирме бере алат. 5 (бештен) көбүрөөк билдирме берилген учурда Катышуучунун кийинки билдирмелери четке кагылат жана кабыл алынбайт. 

- Билдирмелер лотторго бөлүнбөйт жана Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмгө барабар болууга тийиш. 

- Билдирмелердеги акча каражаттардын жалпы көлөмү Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмдөн ашпоого тийиш. 

- Валюталык своп-операцияга Улуттук банк жарыялаган улуттук валюта боюнча минималдуу пайыздык ченден жогорку пайыздык чендер же ага барабар чендер менен билдирмелерге жол берилет. 

- Тике валюталык своп-операция учурунда, биринчи кезекте, эң жогорку пайыздык чендерди (Улуттук банк жарыялаган улуттук валюта боюнча минималдуу пайыздык чендер жогору) сунуштаган Катышуучулардын билдирмелери канааттандырылат. Ошентип, билдирмелерди канааттандыруу улуттук валютадагы эң чоң пайыздык ченди сунуштагандар боюнча ишке ашырылып, андан ары Улуттук банктын минималдуу пайыздык ченине чейин кемүү тартибинде жүргүзүлөт. 

35. Аукциондук негизиндеги тике валюталык своп-операция: 

36. Кайтарым валюталык своп-операция: 

- Катышуучу валюталык своп-операциянын ар бир мөөнөттүүлүгү боюнча 5 (бештен) ашпаган билдирме бере алат. 5 (бештен) көбүрөөк билдирме берилген учурда Катышуучунун кийинки билдирмелери четке кагылат жана кабыл алынбайт. 

- Билдирме лотторго бөлүнбөйт жана Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмгө барабар болууга тийиш. 

- Билдирмелердеги акча каражаттардын жалпы көлөмү Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмдөн ашпоого тийиш. 

- Валюталык своп-операцияга Улуттук банк жарыялаган улуттук валюта боюнча максималдуу пайыздык ченден төмөн же ага барабар пайыздык чендер менен билдирмелерге жол берилет. 

- Кайтарым валюталык своп-операция учурунда биринчи кезекте, эң аз пайыздык чендерди (Улуттук банк жарыялаган максималдуу пайыздык ченден төмөн) сунуштаган Катышуучулардын билдирмелери канааттандырылат. Ошентип, билдирмелерди канааттандыруу эң аз пайыздык ченди сунуштагандар боюнча ишке ашырылып, андан ары Улуттук банктын максималдуу пайыздык ченине чейин өсүү тартибинде жүргүзүлөт. 

36. Аукциондук негизиндеги кайтарым валюталык своп-операция: 

39-1. Аукциондон тышкары ишке ашырылган тике жана кайтарым валюталык своп-операциялар Улуттук банк Башкармасынын 2013 жылдын 28- мартындагы №10/16 токтому менен бекитилген Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү эрежелерине ылайык, Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда келишилген бүтүм аркылуу ишке ашырылат  

42. Катышуучу валюталык своп-операциялар боюнча өз милдеттенмелерин төмөнкү учурларда аткарбаган болуп саналат: 

Тике валюталык своп-операциясы шартында: 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын корреспонденттик эсебине тике валюталык своп-операциясын ишке ашырган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

- Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде тике валюталык своп-операциясын аяктаган күнү улуттук валютадагы акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу. 

Кайтарым валюталык своп-операциясы шартында: 

- Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде кайтарым валюталык своп-операциясын аткаруу күнүндө Улуттук валютадагы акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу; 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын корреспонденттик эсебине кайтарым валюталык своп-операциясын аяктаган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

42. Катышуучу валюталык своп-операциялар боюнча өз милдеттенмелерин төмөнкү учурларда аткарбаган болуп саналат: 

Тике валюталык своп-операциясы шартында: 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын корреспонденттик эсебине тике валюталык своп-операциясын ишке ашырган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

- Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде тике валюталык своп-операциясы жыйынтыкталган, мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган же мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган күнү улуттук валютадагы акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу. 

Кайтарым валюталык своп-операциясы шартында: 

- Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде кайтарым валюталык своп-операциясын аткаруу күнүндө Улуттук валютадагы акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу; 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын корреспонденттик эсебине кайтарым валюталык своп-операциясы жыйынтыкталган, мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган же мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

43. Улуттук банк валюталык своп-операциялары боюнча өз милдеттенмелерин төмөнкү учурларда аткарбаган болуп саналат: 

Тике валюталык своп-операциясы шартында: 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Катышуучунун корреспонденттик эсебине тике валюталык своп-операциясын аяктаган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

Кайтарым валюталык своп-операциясы шартында: 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Катышуучунун корреспонденттик эсебине кайтарым валюталык своп-операциясын аткаруу күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

43. Улуттук банк валюталык своп-операциялары боюнча өз милдеттенмелерин төмөнкү учурларда аткарбаган болуп саналат: 

Тике валюталык своп-операциясы шартында: 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Катышуучунун корреспонденттик эсебине тике валюталык своп-операциясы жыйынтыкталган, мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган же мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

Кайтарым валюталык своп-операциясы шартында: 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Катышуучунун корреспонденттик эсебине кайтарым валюталык своп-операциясын аткаруу күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

44. Эгерде Катышуучу валюталык своп-операциясын аткаруу/аяктоо күнү өз милдеттенмелерин аткара албай калса, ал валюталык своп-операцияларынын баштапкы/жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндөгү бир жолку айыптык төлөмдү Улуттук банктагы тиешелүү эсепке чегерүү аркылуу Улуттук банкка төлөп берет. 

44. Эгерде Катышуучу валюталык своп-операциясын «аткаруу/ жыйынтыктоо/ мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо» күнү өз милдеттенмелерин аткара албай калса, ал валюталык своп-операцияларынын «баштапкы/жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо» бөлүгүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндөгү бир жолку айыптык төлөмдү Улуттук банктагы тиешелүү эсепке чегерүү аркылуу Улуттук банкка төлөп берет. 

46. Эгерде, Улуттук банк валюталык своп-операциясын аткаруу/аяктоо күнү өз милдеттенмелерин аткара албай калса, ал валюталык своп-операцияларынын баштапкы/жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндөгү бир жолку айыптык төлөмдү Катышуучунун корреспонденттик эсебинен чегерүү аркылуу төлөп берет. 

46. Эгерде, Улуттук банк валюталык своп-операциясын «аткаруу/ жыйынтыктоо/ мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо» күнү өз милдеттенмелерин аткара албай калса, ал валюталык своп-операцияларынын «баштапкы/жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо» бөлүгүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндөгү бир жолку айыптык төлөмдү Катышуучунун корреспонденттик эсебинен чегерүү аркылуу төлөп берет. 

2013-жылдын 28-мартындагы № 10/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого 1-тиркеме 

2.2. Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн, валюталык своп-операцияларын ишке ашыруучу шарттары, Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталып, Улуттук банктын веб-сайтына маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу АТСке кулактандырылат. 

2.2. Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн, валюталык своп-операцияларын ишке ашыруучу шарттары, Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталып, Улуттук банктын интернет-сайтында жана/же АТСте маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу кулактандырылат. 

2.3. Ишке ашырылган валюталык своп-операцияларынын натыйжалары Улуттук банк тарабынан расмий сайтына статистикалык маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу жана АТСте кулактандырылат. 

2.3. Ишке ашырылган валюталык своп-операцияларынын натыйжалары Улуттук банк тарабынан АТС аркылуу жана/же интернет-сайтына статистикалык маалыматтарды жайгаштыруу менен кулактандырылат. 

2.13. Валюталык своп-операцияларын мөөнөтүнөн мурда аяктоого жана узартууга жол берилбейт. 

2.13. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча валюталык своп-операцияларын мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоого, мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоого жана мөөнөтүн узартууга жол берилет.  

2.13.1. Мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоодо АТС ага ылайык пайыздарды дароо кайра эсептөөнү ишке ашырат.  

2.13.2. Мөөнөтүн узартууда да АТС ага ылайык пайыздарды дароо кайра эсептеп чыгат. 

2.13.3.Валюталык своп-операциянын мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталышы алгачкы своп-операциясынын мөөнөтүн мурда жыйынтыкталышы жана төмөнкү шарттарда жаңы своп-операциясына келишүү аркылуу ишке ашырылат: 

- көлөмү алгачкы валюталык своп-операциясынын көлөмүнүн жана мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган валюталык своп-операциясы көлөмүнүн ортосунда келип чыккан айырмага барабар болууга тийиш; 

- эгерде мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо кайрадан кайталанса, көлөмү мурдагы мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталганда келишилген жаңы валюталык своп-операция көлөмү менен жаңы мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган валюталык своп-операциясы көлөмүнүн ортосунда келип чыккан айырмага барабар болууга тийиш.  

- мөөнөтүөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган күндөн тартып алгачкы валюталык своп-операциясы мөөнөтүнүн аякталышына чейинки мезгилге барабар болууга тийиш; 

- алмашуу курс алгачкы валюталык своп-операциясына келишүү учурундагы алмашуу курсуна барабар болууга тийиш; 

- улуттук жана чет өлкө валютасындагы пайыздык чендер алгачкы валюталык своп-операциясына келишүү учурундагы пайыздык ченге барабар болууга тийиш; 

2.13.4. Валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоодо пайыздар Жобонун 26-пунктунун талабына ылайык чегерилет. 

3.4.3. Тике валюталык своп-операциялары аяктаган күнү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте валюталык своп-операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн тиешелүү суммадагы акча каражаттарына ээ болууга. 

- Тике валюталык своп-операциялары мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган же бөлүп жыйынтыкталган күнү Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо же бөлүп жыйынтыктоо үчүн жетиштүү суммадагы акча каражаты болууга тийиш. 

3.4.5. Жана Улуттук банктын валюталык своп-операцияларынын жүргүзүлүшүнө жооптуу түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү учурларда укук берилет: 

- эгерде, валюталык своп-операциянын негизги суммасы менен бир жолку айыптык төлөмүн чегерүүгө мүмкүн болбосо, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттары түшүшүнө жараша, биринчи кезекте негизги суммасын, андан кийин бир жолку айыптык төлөмүнүн суммасын алып салуу; 

- эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинде тике валюталык своп-операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн жетиштүү сандагы акча каражаты жок болсо, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен тике валюталык своп-операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир айыптык төлөмдү жана чегерилген пайыздардын суммасын акцептсиз (талашсыз) негизде эсептеп алып салуу; 

- эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептен алып салуу мүмкүн эмес болсо, Катышуучунун корреспонденттик эсебине акча каражаттары түшүшүнө жараша, бир жолку айыптык төлөм чегерүүгө

3.4.5. Улуттук банктын валюталык своп-операцияларынын жүргүзүлүшүнө жооптуу түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү учурларда укук берилет: 

- эгерде, валюталык своп-операциянын негизги суммасы менен бир жолку айыптык төлөмүн чегерүүгө мүмкүн болбосо, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттары түшүшүнө жараша, биринчи кезекте негизги суммасын, андан кийин бир жолку айыптык төлөмүнүн суммасын алып салуу; 

- эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинде тике валюталык своп-операцияларынын жыйынтыктоо/ мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо үчүн жетиштүү сандагы акча каражаты жок болсо, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен тике валюталык своп-операцияларынын жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо бөлүгү боюнча улуттук валютадагы акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир айыптык төлөмдү жана чегерилген пайыздардын суммасын акцептсиз (талашсыз) негизде эсептеп алып салуу; 

- эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептен алып салуу мүмкүн эмес болсо, Катышуучунун корреспонденттик эсебине акча каражаттары түшүшүнө жараша, бир жолку айыптык төлөм чегерүүгө

3.4.7. Кайтарым валюталык своп-операциялары аяктаган күнү валюталык своп-операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын билдирменин шарттарына ылайык, Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүүгө

- Кайтарым валюталык своп-операциялары мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган же мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган күнү кайтарым валюталык своп-операцияларынын мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталуучу же мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталуучу бөлүгүн аткаруу үчүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүүгө

3.4.8. Жана Улуттук банктын валюталык своп-операцияларынын жүргүзүлүшүнө жооптуу түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү учурларда укук берилет: 

- эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинде кайтарым валюталык своп-операцияларынын баштапкы бөлүгүн аткаруу үчүн жетиштүү сандагы улуттук валютадагы акча каражаты жок болсо, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен кайтарым валюталык своп-операцияларынын баштапкы бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү акцептсиз тартипте эсептен алып салат. Валюталык своп-операция ишке ашырылбаган катары саналат жана Улуттук банк кайтарым валюталык своп-операцияларынын баштапкы бөлүгүн аткаруу үчүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын чегербей коюуга укуктуу; 

- эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептен алып салуу мүмкүн эмес болсо, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен акча каражаттары түшүшүнө жараша, бир жолку айыптык төлөм чегерүүнү жүргүзөт. 

- эгерде, Катышуучу валюталык своп-операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүн жүзөгө ашырууда, өз милдеттенмесин аткара албай калган учурда, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен валюталык своп-операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн тиешелүү суммасынан, Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдүн жана пайыздык чегерүүлөр суммасын талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептен алып салат; 

- эгерде, кайтарым валюталык своп-операциянын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн милдеттерин Улуттук банк аткарып, Катышуучу аткаралбай калса, улуттук валютадагы негизги сумманы, чегерилген пайыздар суммасын жана кайтарым валюталык своп-операциянын жыйынтыктоочу бөлүгү боюнча чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептен алып салат. Негизги сумманын жана бир жолку айыптык төлөмдүн өлчөмү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча эсептелет. 

- эгерде, валюталык своп-операциянын негизги суммасы, эсептелген пайыздары менен бир жолку айыптык төлөмүн чегерүүгө мүмкүн болбосо, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттары түшүшүнө жараша, биринчи кезекте негизги суммасын эсептелген пайыздары менен кошо андан кийин бир жолку айыптык төлөмүнүн суммасын чегерүү жүргүзүлөт. 

3.4.8. Улуттук банктын валюталык своп-операциялары боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмгө төмөнкү учурларда укук берилет: 

- эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинде кайтарым валюталык своп-операцияларынын баштапкы бөлүгүн аткаруу үчүн жетиштүү сандагы улуттук валютадагы акча каражаты жок болсо, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен кайтарым валюталык своп-операцияларынын баштапкы бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү акцептсиз тартипте эсептен алып салат. Валюталык своп-операция ишке ашырылбаган катары саналат жана Улуттук банк кайтарым валюталык своп-операцияларынын баштапкы бөлүгүн аткаруу үчүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын чегербей коюуга укуктуу; 

- эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептен алып салуу мүмкүн эмес болсо, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен акча каражаттары түшүшүнө жараша, бир жолку айыптык төлөм чегерүүнү жүргүзөт. 

- эгерде, Катышуучу валюталык своп-операцияларынын жыйынтыктоо/мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо бөлүгүн жүзөгө ашырууда, өз милдеттенмесин аткара албай калган учурда, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен валюталык своп-операцияларынын жыйынтыкталуучу/ мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталуучу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталуучу бөлүгүнүн тиешелүү суммасынан, Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдүн жана пайыздык чегерүүлөр суммасын талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептен алып салат; 

- эгерде, Катышуучу кайтарым валюталык своп-операцияларын жыйынтыктоо/ мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыктоо бөлүгүн аткара албай калса, ал эми Улуттук банк бул шартты аткарууну камыз кылган болсо чегерилген пайыздар суммасын жана кайтарым валюталык своп-операциясынын жыйынтыкталуучу/ мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталуучу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталуучу бөлүгү боюнча чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептен алып салат. Негизги сумманын жана бир жолку айыптык төлөмдүн өлчөмү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча эсептелет. 

- эгерде, валюталык своп-операциянын негизги суммасы, эсептелген пайыздары менен бир жолку айыптык төлөмүн чегерүүгө мүмкүн болбосо, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттары түшүшүнө жараша, биринчи кезекте негизги суммасын эсептелген пайыздары менен кошо андан кийин бир жолку айыптык төлөмүнүн суммасын чегерүү жүргүзүлөт. 

3.5.2. Тике валюталык своп-операциялары аяктаган күнү валюталык своп-операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Катышуучунун чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсебине чегерүү

3.5.2. Тике валюталык своп-операциялары аяктаган күнү валюталык своп-операцияларынын жыйынтыкталуучу/ мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталуучу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталуучу бөлүгүн аткаруу үчүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Катышуучунун чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсебине чегерүү

3.5.3. Эгерде, көрсөтүлгөн милдеттенмелер аткарылбаган учурда, Улуттук банк валюталык своп-операцияларынын баштапкы/жыйынтыктоочу бөлүктөрүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү Катышуучуга төлөп берет. 

3.5.3. Эгерде, көрсөтүлгөн милдеттенмелер аткарылбаган учурда, Улуттук банк валюталык своп-операцияларынын баштапкы/ жыйынтыкталуучу/ мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталуучу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталуучу бөлүктөрүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм Катышуучуга төлөп берет.