Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жана «Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу жөнүндө» Жоболорду бекитүү тууралуу» токтомунун долбооруна 

 

МААЛЫМДАМА НЕГИЗДЕМЕ 

 

«Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жана «Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу жөнүндө» укуктук ченемдик актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банкар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык иштелип чыкты.  

Контракт боюнча турак жайга жыйым топтоо системасы (мындан ары - Система) аркылуу баштапкы жыйым топтоого негизделген ипотекалык кредиттөө механизминин түзүлүшү, ошондой эле Системанын катышуучуларына мамлекеттик кепилдик берүүсү жана андан кийин турак-жай алууга кредит берүүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак-жай 2015-2020» Программасынын (мындан ары - Программа) негиздеринин бири катары эсептелет. киреше деңгээли төмөн болгон үй-бүлөлөр үчүн оптималдуу вариант катары эсептелет. 

Бул Программа мамлекеттик колдоо механизмин жана башка моделдерди киргизүү менен калкка турак жай жеткиликтүүлүгүн жогортууга багытталган бири-бири менен байланган иш-чаралардын комплекси. 

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын жарандарын жеке куруу, үй (батир) сатып алуу жана турак-жай шарттарын жакшыртуу максаттарында акча каражаттарын топтоого үгүттөө мамлекеттик турак-жай программаларынын алкагында бул механизмди жүргүзө турган адистештирилген банктык эмес финансы-кредиттик уюмду түзүүсү менен Система аркылуу жүзөгө ашырылат. 

Иштелип чыккан Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компаниялардын (мындан ары - Компания) ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу жөнүндө укуктук ченемдик актыларынын долбоорлору Компанияны лицензиялоо жана жөнгө салуу боюнча талаптарын камтыйт. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын  

Башкармасынын  

2017-жылдын «__»_______ 

№______________________  

токтомуна тиркеме 

 

«Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияларды лицензиялоо жөнүндө» жобо 

 

 

1-глава Жалпы жоболор 

 

1. «Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияларды лицензиялоо жөнүндө» жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана республиканын аймагында түзүлгөн турак жайга жыйым топтогон компанияларды лицензиялоо тартиби, мындай компаниялардын капиталына чектүү катышууну сатып алууга уруксат алуу, кызмат адамдарын макулдашуу, обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүү аркылуу ишкердик чөйрөсүн кеңейтүү, компаниянын уставына сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу тартиби аныкталат. 

2. Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компаниялар (мындан ары - ТЖК) банк эмес адистештирилген финансы-кредит уюму болуп саналат жана анын иши катышуучулардын акча каражаттарын атайын турак жайга жыйым топтоосуна жана катышуучуларга мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында жеке курулушка, турак жайларды (батирлерди) сатып алуу же турак жай шартын жакшыртуу үчүн кредиттерди сунуштоого багытталган.  

3. ТЖК- бул акционердик коом түрүндө түзүлүүчү коммерциялык уюм болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып юридикалык жак статусуна ээ болот. 

ТЖКнын уюштуруучулары (акционерлери) болуп төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берген жеке жана/же юридикалык жактар боло алышат: 

- канааттандыраарлык финансылык абалга ээ болууга;  

- салыктарды, аларга теңдештирилиген төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелери болбоого;  

- финансы-кредит уюмунун лицензиясын/күбөлүгүн кайтарып алууга алып келген иш-аракеттерин (аракеттенбей коюусун) кошо алганда, аларга карата таасир этүү чаралары колдонулбаган же анын/алардын банктык мыйзамдарды бузууга жол бергендигин тааныган чечимдер болбоого; 

- финансылык же экономикалык кылмыштар үчүн соттолбогон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алынбаган же жоюлбаган соттуулугунун жоктугу; 

- уюштуруучуга же акционерге банк же финансы ишине тиешелүү ишти жүзөгө ашыруусуна тыюу салган сот чечими болбоого. 

Төмөнкү жеке жана/же юридикалык жактар ТЖКнын уюштуруучулары (акционерлери) боло алышпайт: 

- тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймактарда каттоодон өткөртүлгөн юридикалык жактар, же алардын катышуучулары же аффилирленген жактары катары оффшордук аймактарда катталган/жашаган юридикалык жактарды жана жеке адамдарды камтыган юридикалык жактар; 

- тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймактардын резиденттери болуп жашаган жеке жактар; 

- өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте бербеген жана бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген кандай болбосун башка маалыматтарды жана документтерди сунуштабаган, же болбосо бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды сунуштаган, ошондой эле өзүнүн кынтыксыз ишкердик аброюн тастыктай албаган жеке адамдар жана юридикалык жактар;  

- ТЖКнын акцияларын сатып алууга жумшалган акча каражаттарынын мыйзамдуу булактарын Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте тастыктай албаган жеке адамдар жана юридикалык жактар. 

4. ТЖК өзүнүн ишин баштоо үчүн Улуттук банктан лицензия алууга тийиш. 

5. ТЖК Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, жана бул операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү банктык операцияларды жүзөгө ашырышы мүмкүн: 

1) турак жай сактык салымдарын тартуу, башкача айтканда ТЖКнын максаттык топтоо эсептерине турак жай программаларынын катышуучулары болгон аманатчылар (салуучулар) тарабынан киргизилген улуттук валютадагы акча каражаттардын суммасы; 

3) өз катышуучуларына мөөнөтүндө төлөө, убагында кайтаруу жана төлөөгө жөндөмдүү шарттарында жеке курулуштар, турак жай үйлөрдү (квартираларды) сатып алуу же турак жай шарттарды жакшыртуу үчүн кредиттерди берүү

Ушул Жобонун максаттары үчүн турак жай программасынын катышуучусу (салуучу) алдында жеке курулуштар, турак жай үйлөрдү (квартираларды) сатып алуу же турак жай шарттарды жакшыртуу үчүн кредиттерди алуу үчүн ТЖКка топтоо эсебине акча каражаттарды киргизген жеке адам таанылат. ТЖКнын топтоо эсеби менен иштөө тартиби, кредит берүү тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 

 

 

2-глава Улуттук банкка тапшырулуучу документтерге карата талаптар 

 

6. Улуттук банкка ушул жобого ылайык сунушталуучу жана бирден көп барактан турган документтердин ар бир бети өз-өзүнчө болууга, номер коюлууга, тигилүүгө, тиешелүү түрдө кол тамга коюлууга жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык чыгарулуучу жылдык отчеттор (түшүндүрүүлөр жана ачыктоолор, консолидацияланган баланс, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет жана финансылык отчеттордун башка түрлөрү, андан башка финансылык отчеттуулуктун ырастыгын тастыктаган аудитордук корутундуун камтыган) документтери басмакана ыкмасында басылып чыккан китепче түрүндө да сунуштаса болот.  

7. Улуттук банкка документтин түп нускасы жана/же анын тиешелүү түрдө тастыкталган көчүрмөсү берилиши зарыл. Чет өлкөлүк уюштуруучулар (акционерлер) тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш. Чет тилде толтурулган документтер тиешелүү негизинде күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик жана/же расмий тилдердеги котормосу менен бирге берилиши зарыл. 

Зарылчылык келип чыккан шартта, айрым документтер Улуттук банктын талабы боюнча электрондук формада берилиши зарыл. 

8. Лицензия алууга өтүнүч кат жана документтер кайтарылып алынган учурунда же лицензия берүүдөн баш тартылган, ТЖКнын капиталына чектик катышууга берилген өтүнүч катты канааттандыруудан баш тартылган шартта жана ушул Жобонун алкагында ушундай башка учурларда ТЖК жана өтүнүч ээсинин документтери Улуттук банк тарабынан кайтарылып берилбейт.  

9. Өтүнүч ээсинин документтерди кайрадан иштеп чыгууга кеткен убакыты Улуттук банктын документтерди кароого алуу мөөнөтүнө кирбейт. 

10. Улуттук банкка келип түшкөн документтер ал белгилеген талаптарга жооп бербесе, документтерди кароого алуу мөөнөтү, белгиленген талаптарга жооп берген документтер тапшырылган күндөн тартып эсептелинет. 

11. Берилген документтер анын толуктугуна, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келишин предметине кароого алынат. 

 

 

3-глава Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияны уюштуруу 

 

 

12. ТЖКны түзүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин, ТЖКны түзүү боюнча зарыл документтерди даярдоо максатында уюштуруучулар уюштуруу тобун түзүүгө жана документтерди карап чыгуу маселелери боюнча Улуттук банк менен байланышып туруу үчүн ыйгарым укуктуу адамды аныктоого тийиш. 

13. ТЖКнын лицензиясын алуу үчүн төмөндө көрсөтүлгөн документтер Улуттук банкка сунушталууга тийиш: 

1) Директорлор кеңешинин Төрагасынын же уюштуруучу тарабынан (бир уюштуруучу болгон шартта) же уюштуруучулардын жалпы жыйынында ыйгарым укук чегерилген адамдын кол тамгасы коюлган, лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат (1-тиркеме);  

2) ТЖКны түзүү, уставды бекитүү, ТЖКнын кызмат адамдарын дайындоо/шайлоо жөнүндө  уюштуруучулардын жалпы жыйынынан толтурулган протокол же тийиштүү чечим (бир уюштуруучу болгон шартта) (эки нускада);  

3) уюштуруу келишими (эки же андан көп уюштуруучу болгон шартта) (эки нускада). Уюштуруу келишиминде чагылдырууга зарыл болгон суроолордук болжолдуу тизмеси 2-тиркемеде келтирилген;  

4) ТЖКнын уставы (эки нускада). Уставда камтылууга тийиш болгон суроолордун болжолдуу тизмеси 3-тиркемеде келтирилген;  

5) ТЖКнын акционерлери тууралуу маалыматтар (4-тиркеме) жана акционерлердин анкеталары (5-тиркеме);  

6) 6-тиркемеде келтирилген суроолорду камтыган келээрки үч жылга карата түзүлгөн бизнес-план;  

7) ТЖКнын жалпы уюштуруу түзүмү (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөрү (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, кароого алынуучу маселелер чөйрөсү же алар жүзөгө ашырууга ыйгарым укук чегерилген операциялардын тизмеси, караштуулугу) жөнүндө маалымат;  

8) ушул Жобонун 62-пунктунда белгиленген ТЖКнын кызмат адамдарынын ушул Жобонун талаптарына ылайык келишин тастыктаган маалыматтар (документтер) жана анкеталар (7-тиркеме);  

9) ТЖКнын уюштуруучулары тарабынан уставдык капиталга салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар. 

Улуттук банк уставдык капиталга салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган кошумча маалыматтарды (документтерди) талап кылууга укуктуу.  

10) жайлардын техникалык жактан бекемделиши жана жабдылыш боюнча талаптарга ылайык келүүсү тууралуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн акт; 

11) “Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компаниялардын ишин тескөө жөнүндө” Жобонун талаптарына ылайык он беш жылга карата иштелип чыккан имитациялык болжолдуу үлгү

14. Ушул Жобонун талаптарына ылайык Улуттук банкка сунушталуучу документтер ТЖКнын жайгашкан жери боюнча берилет:  

- Улуттук банктын борбордук аппаратына - Бишкек шаарында жана Чүй областында жайгашкан ТЖКлар;  

- Улуттук банктын областтык башкармалыктарына - Чүй жана Баткен областтарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын областтарында жайгашкан ТЖКлан;  

- Улуттук банктын Баткен областындагы Өкүлчүлүгүнө - Баткен областында жайгашкан ТЖКлар.  

15. Улуттук банк ТЖКнын лицензия алуу үчүн сунушталган документтерин белгиленген талаптарга ылайык сунушталган бардык документтерди алган күндөн тартып 2 (эки) айдан ашпаган мөөнөттө карайт. Документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз жөнгө салган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан 15 (он беш) календардык күнгө узартылышы мүмкүн.  

16. ТЖК лицензия берүү тууралуу маселе алгылыктуу чечилген шартта, Улуттук банк ушул Жобонун 13-пунктунун 2-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн уюштуруу документтеринин бир нускасын кошо тиркөө менен, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык ТЖКнын мамлекеттик каттоодон өтүүсү үчүн кат жүзүндө уруксатын берет. 

17. Улуттук банк ТЖКнын документтерин кароону токтотууга же мамлекеттик каттоодон өтүшүнө макулдугун кайтарып алууга төмөнкү себептер боюнча укуктуу:  

1) эгерде өтүнүч ээсинин финансылык же укуктук абалында ТЖКка лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп санала турган өзгөртүүлөр болсо;  

2) ТЖКнын уюштуруучулары жана кызмат адамдары тууралуу маалыматтарды кошо алганда, так эмес маалыматтар аныкталган болсо;  

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган башка негиздер болсо.  

Улуттук банк ТЖКнын документтерин кароону же мамлекеттик каттоодон өтүшүнө макулдугун кайтарып алуу тууралуу ТЖКны тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин үч жумуш күн ичинде кат жүзүндө маалымдайт. 

18. ТЖК мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алгандан кийин он календардык күн ичинде анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү:  

1) лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат;  

2) ТЖКнын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн ТЖКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

3) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу белги коюлган уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөлөрү;  

4) уюштуруучулардын (акционерлердин) реестри; 

5) Ушул Жобонун 30-пунктуна ылайык ТЖКнын уставдык капиталы катары Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкынын топтоочу эсебине салынган каражатты тастыктоочу документ. Топтоочу эсептеги каражатты уюштуруучулар (акционерлер) лицензия алганга чейин кандайдыр бир максатта колдоно алышпайт; 

6) Лицензия берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген өлчөмдө алынуучу жыйымды төлөгөндүгүн тастыктоочу документ. 

19. Лицензия (8 жана 9- тиркемелер) ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тапшыргандан кийин он беш жумушчу күн ичинде берилет. 

20. Айрым банктык операцияларды улуттук валютада жүргүзүү лицензиясы боюнча уруксат берилген банктык операциялардын тизмеси лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

21. Лицензия мөөнөтү чектелбеген мөөнөткө берилет, ал номиналдык болуп саналат жана үчүнчү жактарга берилбейт. Лицензиянын көчүрмөсү жараксыз болуп саналат. 

22. ТЖКка лицензия берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөгү акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлөт.  

23. ТЖК лицензия (же лицензиянын жупнускасы) алганда ыйгарым укуктуу өкүл өздүгүн тастыктаган документин жана лицензия (же анын көчүрмөсүн) алууга уруксат берген ТЖКнын ишеним катын көрсөтөт. 

24. Лицензиянын оригиналын жоготуп же бузуп алган учурда ТЖК Улуттук банкка дубликат берүү жөнүндө арыз менен кайрылат, ага документти жоготкондугун же бузгандыгын тастыктоочу документтер тиркелет. ТЖК лицензиянын жоголгон же бузулган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде арыз берүүгө милдеттүү. Лицензиянын жупнускасы ТЖКнын арызынын, табылга бюросунан маалымдаманын жана лицензияны жоготкондугу тууралуу газетага чыккан жарыянын көчүрмөсүнүн негизинде берилет. Жупнусканы берүүдө ТЖКнын лицензиясынын каттоо номери өзгөртүүсүз калтырылат. Берилген лицензияга “жупнуска” деген белги коюлат. ТЖК жоголгон лицензиясынын түп нускасы табылган учурда Улуттук банкка лицензиянын түп нускасын (же жупнускасын) жок кылуу үчүн тапшырат. Лицензиянын жупнускасы ТЖК арыз берген күндөн кийин беш жумушчу күндүн ичинде тийиштүү арызынан негизинде берилет.  

 

4-глава. Лицензия берүүдөн баш тартуунун негиздемеси 

 

25. Улуттук банк төмөндөгү себептер боюнча лицензия берүүдөн баш тарта алат: 

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга лицензия алуу үчүн көрсөтүлгөн уюштуруучу же башка документтердин туура келбей калса; 

2) документтер толук эмес тапшырылса. Көрсөтүлгөн мүчүлүштүктөрдү жойгондо документтер жалпы негизде каралат; 

3) эгерде мамлекеттик каттоодо / кайра каттоодо Улуттук банктык макулдугун алуу учурунда, лицензия берүүдөн баш тартууга негиз болуп кала турган финансылык же укуктук абалында арыз берүүчүдө өзгөртүүлөр болуп кетсе; 

4) ушул Жобонун 62-пунктунда көрсөтүлгөн ТЖКнын кызмат адамдары ушул Жободо бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келбей калса; 

5) ушул Жобонун 2-главасында бекитилген талаптарга уюштуруучулар (акционерлер) ылайык келбей калса; 

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына минималдуу уставдык капиталдын өлчөмү, структурасы, түзүү булагы ылайык келбей калса; 

7) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төлөнбөсө

8) лицензия алуу үчүн такталбаган маалыматтарды камтыган документтер тапшырылса; 

9) лицензия берүү үчүн жыйым төлөнбөсө

10) уюштуруучуларга (акционерлерге) карата ишмердүүлүктүн бул түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими бар болсо жана /же уюштуруучулардын (акционерлердин) бирөөсүнө же бардыгына карата экономикалык жана /же кызматтык кылмыштарды жасагандыгы жөнүндө соттун чечими бар болсо; 

11) лицензия алуу үчүн ушул Жобонун талаптарын аткарбаса; 

12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча. 

26. Улуттук банк лицензия берүүдөн баш тарткандыгы тууралуу негиздер жөнүндө бул чечим чыгарылган күндөн тартып үч күндүн ичинде ТЖКнын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жазуу түрүндө билдирет. 

5-глава. ТЖКнын уставдык капиталына коюлуучу талаптар 

27. ТЖКнын капиталы компаниянын кирешесинин жана туруктуу өсүшүн камсыздоого, банктык/ финансылык иштерге мүнөздүү потенциалдуу жоготуулардын ордун толтуруу үчүн кызмат кылат, ал ТЖК кардарларынын ишеничине кепил болот жана банктык иштерди жүргүзүүдө жаралуучу тобокелдиктерге каршы коргонуу чаралары катары иштейт. 

28. ТЖКнын капиталынын негизин толугу менен төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Акционерлер салган каражаттар боюнча ТЖКнын кайра кайтаруу милдети болбогон уставдык капитал гана ТЖКнын капиталынын курамын түзөт жана Улуттук банктын талаптарына ылайык келет. 

29. ТЖКнын уставдык капиталы бир гана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, накталай формада эмес, акционерлердин (уюштуруучулардын) акчалай каражаттарынын эсебинен гана калыптанат. Уставдык капиталдын өлчөмүнүн өзгөрүшү Улуттук банктын макулдугу менен жүргүзүлөт. 

30. ТЖКнын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 300 000 000 (үч миллион) сомдон аз болбоого тийиш. 

31. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ТЖКнын акцияларынын эмиссиясын Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган талаптарды эске алуу менен жүргүзөт. 

32. ТЖКнын уставдык капиталын түзүүдө же көбөйтүүдө акциялардын төлөмү акчалай каражаттар аркылуу гана, ошондой эле ТЖКнын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн бөлүштүрүлбөгөн киреше пайданы багыттоо жолу менен ишке ашырылат. Негизги каражаттардын, материалдык жана материалдык эмес активдердин эсебинен ТЖКнын уставдык капиталынын өлчөмүн түзүүгө же көбөйтүүгө жол берилбейт. 

33. ТЖК энчилүү акцияларды гана чыгара алат. ТЖК жөнөкөй жана артыкчылык акцияларын чыгара алат. Артыкчылык акцияларынын көлөмү ТЖКнын уставдык капиталынын жыйырма беш пайызынан ашпоого тийиш. 

34. ТЖК өзүнүн акцияларын күрөөгө алууга укугу жок. 

35. ТЖК лицензия алганга чейин Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын биринде ачылган топтоочу эсебине уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүндө каражатты салууга милдеттүү

36. ТЖКка жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөп берүү боюнча акционерлерге кепилдик берүүсүнө тыюу салынат. 

37. Улуттук банк төмөнкү учурларда дивиденддерди төлөп берүүгө тыюу салат же чектөө киргизет: 

1) эгерде бул ТЖКнын экономикалык ченемдерин бузулушуна алып келсе; 

2) эгерде ТЖКнын капиталынын адекваттуулук коэффициенти Улуттук банк бекиткен минималдуу чектин деңгээлинде болсо; 

3) Улуттук банктын талаптарына ылайык, эгерде потенциалдуу жоготууларды жана чыгашаларды жабууга резервдер түзүлбөсө же жетиштүү эмес өлчөмдө түзүлсө

4) ТЖК өткөн жылдар жана /же отчеттук жыл үчүн жабылбаган чыгымдары бар болсо; 

5) ТЖКнын финансылык абалы начарлап кетсе; 

6) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган башка учурлар болсо. 

 

6-глава. ТЖКнын акцияларды сатып алуу тартиби 

 

38. ТЖКнын капиталындагы он жана андан ашык, жыйырма жана андан ашык, отуз үч жана андан ашык, элүү жана андан ашык, алтымыш жана андан ашык пайыз добуштагы акцияларды юридикалык жана /же физикалык жактар сатып алышы үчүн ушул Жобонун 3-пунктунда каралган талаптарга ылайык келиши керек 

39. ТЖКнын жалпысынан он жана андан ашык, жыйырма жана андан ашык, отуз үч жана андан ашык, элүү жана андан ашык, алтымыш жана андан ашык пайыз добуштагы акцияларын юридикалык жана /же физикалык жактар Улуттук банктын алдын ала уруксатын алышы керек. 

1) Улуттук банктан сатып алууга уруксат алуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш: 

юридикалык жактар үчүн: 

- ТЖКнын акцияларды сатып алуу боюнча арыз; 

- юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөсү

- ТЖКнын акцияларын сатып алуу жөнүндө юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын чечими; 

- акцияларды сатып алууга багытталган акчалай каражаттардын булактары жөнүндө документтер жана маалыматтар; 

- ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келгендигин тастыктаган документтер жана маалыматтар; 

- арыз берүүчүнүн канатандыраарлык финансылык абалын тастыктаган документтер. 

физикалык жактар үчүн:  

- акция сатып алуу үчүн арыз, 5-тиркемедеги форма боюнча анкетанын тиркөө менен; 

- акцияларды сатып алууга багытталган акчалай каражаттардын булактары жөнүндө документтер жана маалыматтар; 

- ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келгендигин тастыктаган документтер жана маалыматтар; 

- арыз берүүчүнүн канатандыраарлык финансылык абалын тастыктаган документ. 

2) Физикалык жактардын туруктуу финансылык абалы деп төмөнкүлөр түшүнүлөт: 

- Кыргыз Республикасынын бюджетинин жана салык органдарынын алдында жабылбаган карыздарынын арыз берген күнгө карата жок болушу; 

- физикалык жана юридикалык жактардын алдында жабылбаган жана мөөнөтү өтүп кеткен милдеттенмелердин арыз берген күнгө карата жок болушу; 

- арыз берген күнгө карата кирешелүү ишмердиги. 

3) банктык жана /же финансы чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдардын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берген, ага карата Улуттук банк тарабынан коопсуз эмес, ишенимсиз жана жакшы эмес банктык же финансылык практика катары талданган аракеттерге катыштыгы бар деп таанылган чечим чыгарылган физикалык жактар ТЖК капиталынан он жана андан ашык, жыйырма жана андан ашык, отуз үч жана андан ашык, элүү жана андан ашык, алтымыш жана андан ашык пайыз добушту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы тууралуу факты аныкталган күндөн тартып беш жылдын ичинде Улуттук банктан уруксат ала албайт. 

40. Улуттук банк ТЖКнын акциясын сатып алууга ушул Жободо бекитилген талаптарды канааттандырган арызды жана документтерди кабыл алган күндөн тартып отуз календарлык күндүн ичинде ТЖКка акция сатып алууга макулдугун же баш тарткандыгын билдирген кат жөнөтөт.  

ТЖКнын акцияларын сатып алууга Улуттук банктын макулдугун алуу үчүн жөнөтүлгөн арызын канааттандыруу / баш тартуу жөнүндө чечим банктык көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин тейлеген Төраганын орун басары/Башкарманын мүчөсү, областтык башкармалыктардагы област башкармалыгынын башчылары тарабынан кабыл алынат.  

41. ТЖКнын акцияларды сатып алуу үчүн берген арызын кароо үчүн Улуттук банк зарыл болгон кошумча маалыматтарды сурап алышы мүмкүн. 

42. Улуттук банк төмөнкү учурларда жеке адамдарга жана/же юридикалык жактарга ТЖКнын добуш берүүчү акцияларынын чогуу алгандагы он же андан көп, жыйырма же андан көп, отуз үч же андан көп, элүү же андан көп, алтымыш жети же андан көп пайызынан көбүн түзгөн акциялар топтомун сатып алууга макулдук берүүдөн баш тартууга укуктуу: 

- сатып алып жаткан жак ушул Жобонун талаптарына жооп бербесе;  

-  сатып алып жаткан жак толук, бурмаланган же анык эмес (жалган) маалымат бербесе. 

43. Жеке өзү же башка жактар менен биргелешип, акцияларга менчик укугуна ээ болуу ыкмасына карабастан, анын ичинде мурастап алуу же укугун калыбына келтирүүнү кошо алганда, олуттуу катышууну жана контролдукту, анын ичинде акцияларды ТЖКнын капиталында он же андан көп , жыйырма же андан көп, отуз үч же андан көп, элүү же андан көп, алтымыш жети же андан көп пайызынан көбүн түзгөн акциялар,кошумча сатып алуу аркылуу банктын капиталына чектүүкатышууга ээ болууга ниеттенген кандай болбосун жеке адам же юридикалык жак Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттүү, анын ичинде акцияларды кошумча сатып алуу аркылуу банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга ниеттенген кандай болбосун жеке адам же юридикалык жак Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттүү.  

ТЖКнын капиталында он же андан көп , жыйырма же андан көп, отуз үч же андан көп, элүү же андан көп, алтымыш жети же андан көп пайызынан көбүн түзгөн акцияларга ээлик кылган жеке же/жана юридикалык жак, ТЖКнын акцияларын сатканга (бергенге) ниет кылса, бүтүм ишке ашкычакты Улуттук банкка алдын ала билдириши керек.  

 

 

Глава 7. ТЖКнын филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу 

 

44. ТЖК өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырыган филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ача алат.  

Улуттук банк ТЖКнын филиалдарынын / өкүлчүлүктөрүн реестрин электрондук түрдө жүргүзөт 

45. Филиал жана өкүлчүлүк жөнүндө маалыматтар (анын ичинде жайгашкан жери жөнүндө) ТЖКнын уставында камтылууга тийиш. ТЖК акционерлердин филиал жана өкүлчүлүк ачылгандан кийин болгон акционерлердин биринчи жалпы жылдык жыйынында филиал жана өкүлчүлүк жөнүндө тиешелүү маалыматтарды ТЖКнын уставына киргизилишин бекитүүгө милдеттүү.  

46. Юридикалык жак болуп саналбаган, ТЖК жайгашкан жерден тышкары жайгашкан жана операциялардын бардыгын жана/же бөлүгүн филиал жөнүндө Жоболордун негизинде жүзөгө ашырган, ошондой эле ТЖК тарабынан ага берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барган анын обочолонгон бөлүмү ТЖКнын филиалы болуп саналат. 

Филиал, ТЖК менен бирдиктүү уставдык капиталга, баланска, ошондой эле ТЖКнын аталышына толук дал келген, "филиал'' деген сөз кошулган аталышка ээ.  

47. Юридикалык жак болуп саналбаган, ТЖКнын кызыкчылыгын коргогон жана анын таламында иш алып барган, өкүлчүлүк жөнүндө Жобонун негизинде ТЖКнын атынан бүтүмдөрдү жана башка укук ченемдүү аракеттерди жүзөгө ашырган анын обочолонгон бөлүмү ТЖКнын өкүлчүлүгү болуп саналат.  

Өкүлчүлүк ТЖК менен бирдей уставдык капиталга, баланска, ошондой эле "өкүлчүлүк" деген сөздү кошуу менен ТЖКнын аталышына толугу менен шайкеш келген аталышка ээ. 

48. Филиалдын/өкүлчүлүктүн жетекчиси ТЖКнын ыйгарым укуктуу органы тарабынан дайындалат жана белгиленген тартипте берилген ишеним каттын негизинде иш алып барат. Ишеним катта ТЖКнын атынан филиалдын жетекчиси жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болгон операциялардын жана башка иш-аракеттердин тизмеси келтирилүүгө тийиш.  

49. Филиалды /өкүлчүлүктү ачуу үчүн ТЖКнын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди берет:  

1) филиалды / өкүлчүлүктү ачуу жөнүндө өтүнүчтү (10-тиркеме) 

2) ТЖКнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиалды/ өкүлчүлүктү ачуу жөнүндө чечимин жана мындай чечимдин көчүрмөсүн;   

3) филиалды ачуу максаттары, чегерилген банк операцияларынын тизмеси, пландаштырылып жаткан операциялардын масштабы жана мүнөзү, филиалдын жетекчисинин ыйгарым укуктары жана милдеттери көрсөтүлүүгө тийиш болгон филиал жөнүндө Жобо жана анын көчүрмөсү (филиалдын ачылышы үчүн);  

4) өкүлчүлүктүн Жобосу (өкүлчүлүктүн ачылышы үчүн) 

5) филиалдын/ өкүлчүлүктүн жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчаларынын көчүрмөлөрү;  

6) жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болгон операцияларды жана бүтүмдөрдү көрсөтүү менен филиалдын жетекчисине берилген, ТЖКнын жетекчиси тарабынан кол коюлган жана ТЖКнын мөөрү менен бекитилген ишеним кат

7) жайдын техникалык жактан чыңдалышы жана жабдылышы боюнча талаптарга ылайык келүүсү жөнүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн акт (филал ачуу үчүн). 

50. Улуттук банк ТЖКнын филиалды ачуу боюнча документтерин ушул Жобонун жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын канааттандырган документтер берилген күндөн кийинки он беш күн ичинде карайт. 

  51. Кароого алуунун жыйынтыгында документтер белгиленген талаптарга ылайык келген учурда, Улуттук банк ТЖКнын филиалын мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдугун ушул Жобонун 49-пунктунун 2 жана 3 (филал ачуу үчүн), 2 жана 4 (өкүлчүлүк ачуу үчүн) пунктчаларында белгиленген документтердин бир түп нускаларын тиркөө менен берет.  

52. Филиалды / өкүлчүлүктү мамлекеттик каттоодон өткөртүүдөн кийин кийинки он календардык күн ичинде ТЖКнын Улуттук банкка бир нускада төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен билдирүү катын сунуштоого милдеттүү:  

1)  ТЖКнын мөөрү менен тастыкталган, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган Филиал / өкүлчүлүк жөнүндө жобонун көчүрмөсү  

2) ТЖКнын мөөрү менен тастыкталган, филиалдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.  

Улуттук банк ТЖКнын филиалдар / өкүлчүлүгүктордун каттодон өткөндүгү тууралуу филиалдар / өкүлчүлүгүктор реестрине тиешелүү жазууларды киргизет.  

53. Филиалы / өкүлчүлүгү жабылган учурда ТЖКнын тиешелүү чечимде көрсөтүлгөн филиалдын / өкүлчүлүктүн иши токтотулгандан тартып он календардык күн ичинде, жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен ТЖКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү билдирүү-катты (11-тиркеме) сунуштайт:  

- ТЖКнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиалды / өкүлчүлүктү жабуу тууралуу чечиминин көчүрмөсү 

- юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн, филиалдын / өкүлчүлүктүн ишинин токтотулгандыгын каттоо тууралуу билдирменин көчүрмөсү.  

Филиал / өкүлчүлүк жабылгандыгына байланыштуу ТЖКнын уставына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү ТЖК тарабынан уставга кезектеги өгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда жүзөгө ашырылат.  

54. ТЖКнын филиалынын / өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгы мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийинки он календардык күн ичинде Улуттук банкка юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын филиалдын / өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгы катталгандыгы тууралуу документтин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен билдирүү-катты сунуштоого милдеттүү.  

ТЖКнын филиалдын / өкүлчүлүктун иши токтотулгандыгын туралуу Улуттук банк ТЖКнын филиал / өкүлчүлүк Реестрине тиешелүү жазуусун киргизет.  

55. Филиалга жаңы жетекчи жана/же башкы бухгалтер дайындалган учурда ТЖК, ал тууралуу Улуттук банкты жазуу жүзүндө билдирүүгө жана филиалдын жетекчиси жана/же башкы бухгалтери жөнүндө маалыматтарды дайындалган күндөн тартып он жумуш күн ичинде сунуштоого милдеттүү. Билдирүүдө ошондой эле, ТЖКнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиалдын жетекчисинин же башкы бухгалтеринин кызмат ордун буга чейин ээлеген адамдын иштен бошотуу себептери тууралуу чечими боюнча маалымат сунушталууга тийиш.  

ТЖКнын филиалдары / өкүлчүлүктөрү Реестрине Улуттук банк тиешелүү жазуусун киргизет. 

56.  Мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү талап кылынбаган филиалдын жайгашкан орду өзгөргөн шартта, ТЖКнын бул тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын филиал жайгашуучу жай техникалык жактан жабдылышы боюнча белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгы тууралуу актысын алган күндөн тартып беш жумуш күн ичинде Улуттук банкка жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.  

Жобонун ушул пунктунда көрсөтүлгөн билдирүүгө кошумча төмөнкү документтер кошо тиркелүүгө тийиш:   

1) ТЖКнын уставына ылайык ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиалдын жайгашкан жеринин дарегинин өзгөргөндүгү тууралуу чечими (ТЖК тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);   

2) ижара келишиминин же жаңы жайга укук белгилөөчү документтин көчүрмөсү;   

3) филиал жайгашкан жайдын техникалык жактан жабдылышы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келүүсү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн анын актысы.    

57. Жобонун 56-пунктунда каралган талаптарды канааттандырган документтерди ТЖК алып келген учурда, Улуттук банк ТЖКнын филиалынын реестрине тийиштүү жазууну киргизип, ТЖКнын филиалын жаңы дареги боюнча ТЖКнын филиалынын реестрине киргизүү жөнүндө он күндүн ичинде банктын дарегине кат жөнөтөт.  

ТЖКнын филиалы жобонун ушул пунктунда каралган филиалдар реестрине филиалдын жаңы дареги катталгандыгы жөнүндө Улуттук банктан билдирме алгандан кийин гана жаңы дареги боюнча ТЖК ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү баштоого укуктуу.  

58. Филиалды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү зарылчылыгы келип чыккан шартта, ТЖКнын филиалын мамлекеттик кайра каттоо үчүн макулдук-катын алууга Улуттук банкка өтүнүч-кат жөнөтөт. Өтүнүч катка төмөнкүдөй документтер кошо тиркелүүгө тийиш:  

1) ТЖКнын уставына ылайык ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиалды мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү тууралуу чечими филиалына тиешелүү себептерин көрсөтүү менен/кайра каттоо үчүн негиздери менен (ТЖК тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүөткөрүү жөнүндө чечим;  

 2) эгерде жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө филиал жөнүндө жобонун жаңы редакциясындагы же болбосо киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен эки нускасын;  

3) ушул жобонун 56-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында каралган документтер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү талап кылынбаган филиалдын жайгашкан жеринин өзгөртүлгөн учурда. 

59. Талаптагыдай тариздетилген документтерди алган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде Улуттук банк, Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/башкарма мүчөсүнүн колу коюлган макулдашуу катын юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органга филиалды мыйзамдарда белгиленген тартипте каттоо үчүн негиз болуп саналган филиал жөнүндө жобонун бир нускасын кошо тиркөө менен жөнөтөт.  

60. Филиал жөнүндө жобого сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор банктык мыйзам талаптарына ылайык келбеген учурда, Улуттук банк ТЖКнын филиалын мамлекеттик кайра каттоого макулдук-катын берүүдөн баш тартышы мүмкүн.  

61.  ТЖКнын филиалы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кайра каттоодон өткөртүлгөндөн кийин беш жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө, филиалды мамлекеттик кайра каттоо тууралуу күбөлүктүн ТЖКнын тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана мамлекеттик каттоо тууралуу белгиси менен “Филиал жөнүндө” жобонун талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен тиешелүү жазуу жүзүндө билдирүү берүүгө милдеттүү.  

 

Глава 8. ТЖКнын кызмат адамдарды макулдашуу тартиби 

 

62. Алардын талапкерлиги милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш болгон ТЖКнын кызмат адамдарынан болуп: Директорлор кеңешинин Төрагасы жана мүчөлөрү, Башкарманын Төрагасы (Уулу директор) жана мүчөлөрү, башкы бухгалтер, тобокел менджери, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында ички уюштуруу иш-чаралары үчүн жооптуу болгон түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер) жана кредиттик түзүм, активдерди жана пассивдерди тескөө үчүн жоопкерчиликтүү бөлүмдүн, ички аудит кызматынын (мындан ары - түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери) саналат.  

Ички аудит кызматынын, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында ички уюштуруу иш-чаралары үчүн жооптуу болгон түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер) жана кызматкерлери ТЖКнын Директорлор кеңеши менен дайындалат. 

63. ТЖКнын ушул Жобонун 62-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүгө жана Улуттук банктын талаптарына ылайык кынтыксыз ишкер абройго ээ болууга тийиш. 

64. Директорлор кеңешинин Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн кызматына талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимдүү болууга;  

2) банктык мыйзамдар жана корпоративдик тескөө жагында окуу өткөндүгүн тастыктаган документтерге ээ болуу;  

3) Директорлор кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер үчүн - банк жана/же финансы тутумунда жетектөөчү кызматтарда кеминде 1 (бир) жылдык эмгек тажрыйбасынын болушу.  

Ушул Главанын максаттары үчүн жетектөөчү кызмат деп финансы-кредит уюму чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн турбаган кызматты түшүнүүгө болот. Мында эмгек стажына иши коопсуздук маселелерин жөнгө салуу жана чарба иштерин жүзөгө ашырууга байланышкан, жогоруда көрсөтүлгөн уюмдардын/компаниялардын бөлүмдөрүндөгү иши кирбейт.  

ТЖКнын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн бири “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” Мыйзамда көрсөтүлгөн көз карандысыздык боюнча талаптарга шайкеш келүүсү зарыл. 

65. ТЖКнын Директорлор кеңеши эң азы беш мүчөдөн болушу керек жана Башкармалык эң азы үч мүчөдөн туруусу зарыл.  

66. Башкарманын Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, башкы бухгалтердин, тобокел менджери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин кызмат ордуларына талапкерлер төмөнкүталаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимдүү болууга;  

2) төмөнкүдөй иш тажрыйбасына ээ болууга:  

а) ТЖКнын Башкармасынын Төрагасы - банктык жана/же финансылык системада кеминде үч жылдык, анын ичинде жетекчилик кызмат ордунда - кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы болууга; 

б) Башкарма мүчөлөрү - банктык жана/же финансылык системада кеминде эки жылдык иш тажрыйбасы болууга;  

в) башкы бухгалтер, тобокел менджери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчиси- банктык жана/же финансылык системасында кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы болууга;  

3) банктардын жана микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салган мыйзамдар, корпоративдик башкаруу боюнча билимдерин билүү

67. Башкы бухгалтер кызматына талапкер ушул Жобонун 66-пунктунда белгиленген талаптарга кошумча, анын Эл аралык бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук стандарттары жагында билимин тастыктаган сертификатка ээ болууга тийиш .  

 

68. Ички аудит кызматынын жетекчиси кызматына талапкер ушул Жобонун 66-пунктунда белгиленген талаптарга кошумча Эл аралык аудит жана финансылык отчеттуулук стандарттары жагында сертификатка ээ болууга тийиш. 

69. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруучулук иш чараларга жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер) ушул Жобонун 66-пунктунун талаптарына кошумча терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында окуудан өткөндүгү тууралуу сертификатка ээ болууга тийиш.  

70. Ушул Жобонун 62-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдарын иштен бошоткон (ээлеген кызматынан бошотулган) учурда ТЖКнын чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде иштен бошотуунун себептерин көрсөтүү жана ТЖКнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын тиешелүү чечиминин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

71. Талапкер шайланган/дайындалган, ошондой эле кызмат адамдарынын курамы өзгөртүлгөн учурдан кийинки он жумуш күнү ичинде ТЖК жайгашкан жери боюнча төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка шайлоо/дайындоо жана/же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу билдирмени сунуштоого милдеттүү:  

1) ТЖКнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын шайлоо/дайындоо жөнүндө чечими; 

2) милдетин аткаруучуну дайындоо жөнүндө буйрук. 

Директорлор кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн эске албаганда, ушул жобонун 62-пунктунда белгиленген кызмат адамдары Улуттук банк менен макулдашуу мезгил аралыгы ичинде милдетин аткаруучу катары дайындалат. Андан кийин, Улуттук банк талапкердин белгиленген талаптарга жооп берүүсү жөнүндө чечимди кабыл алгандан кийин ТЖКнын дайындалгандан кийинки он календардык күн ичинде дайындоо жөнүндө буйрукту Улуттук банкка сунуштайт (ТЖКнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү); 

3) белгиленген формада анкеталар (7-тиркеме);  

4) жобонун ушул главасына ылайык талап кылынган башка документтер (белгилүү бир областтарда окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаттар).  

72. Эгерде сунушталган маалымат чечим кабыл алуу үчүн жетишсиз болсо, Улуттук банк зарылчылыкка жараша ТЖКнын, талапкерден же үчүнчү жактардан кошумча маалыматтарды (документтерди) талап кыла алат. 

73. Документтер кароого сунушталган күндөн кийинки отуз жумуш күн ичинде Улуттук банк тарабынан каралат.  

74. Улуттук банктын талапкерди макулдашууда ага макулдук берүү/андан баш тартуу жөнүндө билдирүүсү ТЖКка тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан кийинки үч жумуш күнү ичинде жөнөтүлөт.  

ТЖКнын Директорлор кеңешинин төрагасы, Башкарманын төрагасы жана башкы бухгалтери кызмат орундарына талапкерди макулдашууда ага макулдук берүү/андан баш тартуу жөнүндө чечим көзөмөл жана лицензиялоо маселесин түздөн-түз тескөөгө алган Төраганын орун басары/ Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү  тарабынан кабыл алынат.  

Ал эми ТЖКнын Директорлор кеңешинин, Башкарманын мүчөлөрү, тобокел-менеджерин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кызмат орундарына талапкерди макулдашууда макулдук берүү/андан баш тартуу жөнүндө чечим ТЖКнын лицензиялоо ишине жооптуу Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүтарабынан кабыл алынат.  

75. Талапкерлерди макулдашууда Улуттук банктын тышкы көзөмөлдөө жана инспектордук текшерүүлөрдүн, ошондой эле кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан талапкерлерге карата жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө алынган маалыматтар эске алынышы мүмкүн.  

76. Улуттук банк ушул Жобонун 62-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлерди макулдашуудан баш тарта алат, эгерде:  

1) Банктык мыйзамдарга ылайык жак кынтыксыз кызматтык абройго ээ эмес же андан ажыраган деп эсептелет; 

2) соттун чечими менен талапкерлерге карата финансы-кредит системасында иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылса;  

3) талапкерлерге карата экономика чөйрөсүндө кылмыш ишине жол бергендиги жана/же кызматтык кылмыш иши үчүн айыптоо өкүмү чыгарылса; 

4) эгерде талапкерлер иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган (жөнгө салынган) банктын жана/же финансы-кредиттик мекеменин кызмат адамы болсо жана натыйжада банктын жана/же финансы-кредит мекемесинен лицензия (күбөлүк) кайтарылып алынган аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар деп тааныган Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими, Улуттук банктын жазма буйруулары жана башка актылары болсо;  

5) Улуттук банктын (Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитеттин чечими, жазма буйруусу, текшерүү боюнча отчеттор ж.б.) талапкерлерди төмөнкүлөргөкатыштыгы бар деп тааныган корутундусу, чечими же башка актылары болсо:   

а) анын натыйжасында банктын/финансылык кредит уюмдарында убактылуу администрациялоо режими киргизилген аракеттерге (аракеттенбей коюуларга);   

б) алгылыксыз жана/же коопсуз эмес банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге;   

в) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берсе; 

6) талапкерлер "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келбесе.  

77. Талапкер, төмөнкү пункттарда берилген фактылардын орун алышы шартында, ТЖКта ушул жобонун 62-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок: 

- ушул жобонун 76-пункттун 3-пунктчасындагы  соттолуугун алуудан же кутулуудан кийин жети жыл бою; 

- ушул жобонун 76-пункттун 4 - пунктчаларындагы - бузууга жол берүү фактысы боюнча чечим кабыл алынгандан кийин беш жыл бою; 

- ушул жобонун 76-пункттун 5-пунктчасындагы а) же/жана б) бөлүгүндө  тиешелүү чечим өз күчүнө киргенден тартып беш жыл бою;  

- ушул жобонун 76-пункттун 5 “в” пунктчасындагы - бузууга жол берүү фактысы боюнча чечим кабыл алынгандан кийин бир жыл бою. 

78. Кылмыш иши козголгон талапкерлерди кароого алуу тиешелүү тастыктоочу документтер алынган учурдан тартып токтотулат. Бул тууралуу билдирүү ТЖКка талапкер Улуттук банктын талаптарына жооп берүүсүн кароого алуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан тартып үч жумуш күнү ичинде жөнөтүлөт. 

79. Талапкердин жана/же ТЖКнын анык эмес маалымат бергендигинин же атайылап маалыматты бурмалагандыгынын фактысы аныкталган шартта, Улуттук банк талапкерлерди макулдашуудан баш тартууга же ал макулдашылган учурда ээлеген кызматынан бошотууну талап кылууга укуктуу.  

80. Ушул Жобонун 62-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдар анкетадагы маалыматтар өзгөргөн учурда, өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки он жумушчу күнү ичинде бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө жаңы анкетаны тиркөө менен билдирүүгө милдеттүү.  

81. Талапкердин Улуттук банктын талаптарына ылайык келиши тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин да ушул Жобонун 76-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер аныкталган учурда Улуттук банк кызмат адамдарды кызматтан четтетүүнү талап кылууга укуктуу. 

 

9 глава. Уставга сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу. 

 

82. Уставына сунушталган өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду Улуттук банк менен макулдашуу үчүн ТЖК анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:  

1) уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч;  

2) акционердин уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечими (бир акционер болсо) же акционерлердин жалпы жыйынынын отурумунан толтурулган протокол жана мындай чечимдин же протоколдун (ТЖКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөсү;  

3) устав жана уставдын тийиштүү көчүрмөсү.  

83. Улуттук банк ушул Жобонун талаптарына ылайык сунушталган документтерди 1 (бир) ай ичинде карап чыгат. Документтердин ушул Жобонун талаптарына жооп беришине жана баш тартууга негиз жок болгон учурда Улуттук банк ТЖКнын анын мамлекеттик кайра каттоодон өтүшүнө макулдугун ТЖКнын ушул Жобонун 82-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтеринин түп нускаларын кошо тиркөө менен берет. 

84. Мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып он календардык күн ичинде ТЖК Улуттук банкка төмөнкүдөй документтерди берүүгө тийиш: 

1) ТЖКнын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн ТЖКнын мөөрү менен күбөлүндөлгөн көчүрмөсүн;  

2) ТЖКнын мамлекеттик каттоодон өткөн ТЖКнын мөөрү менен күбөлүндөлгөн уставдын көчүрмөсүн; 

Улуттук банк мамлекеттик кайра каттоо тууралуу маалыматты реестрге киргизет.  

85. Уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү:   

1) ТЖКнын уставы менен белгиленген уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү акционерлер тарабынан уставдык капиталды толук төлөп бүткөндөн кийин жүргүзүлөт. ТЖКнын уставдык капиталды көбөйтүү чечимин кабыл алуусуна, ТЖКнын уставында мурда уставдык капитал өлчөмүнүн өзгөргөндүгү тууралуу катталгандан кийин жана акциялар чыгарылган катары таанылгандан кийин жол берилет; 

2) эгерде ТЖКнын уставына уставдык капитал өлчөмүнө карата өзгөртүүлөр киргизилсе, ушул Жобонун 84-пунктунун талаптарына карата кошумча төмөнкү документтерди берет: 

а) акционердин уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө чечими (бир акционер болсо) же акционерлердин жалпы жыйынынын отурумунан толтурулган протокол жана мындай чечимдин же протоколдун (ТЖКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөсү

б) уставдык капиталда үлүшү беш жана андан ашык пайызды түзгөн акционерлердин анкеталарын (5-тиркеме, эгерде көрсөтүлгөн маалымат мурда сунушталбаса) кошо тиркөө менен акционерлер тууралуу маалыматты көрсөтүү менен (4-тиркеме) акционерлердин тизмеси; 

в) акциялардын чыгарылышын мурда каттоодон өткөндүгүн тастыктаган каттын көчүрмөсү (ТЖКнын мөөрү менен тастыкталган) жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктары тууралуу маалымкат; 

г) уставдык капиталдын өлчөмү көбөйтүлгөн учурда: 

- жарыяланган акциялардын категориялары, класстары, саны, номиналдык наркы, ошондой эле алар акционерге ыйгаруучу укуктар жөнүндөгү маалыматтар берилет; 

- өтүнүч берилген күнү Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы эсепке уставдык капиталды көбөйтүү үчүн акча каражаттардын толук салынгандыгын тастыктаган документ (банктагы топтолмо эсептин көчүрмөсү); 

- эгерде капиталдын көбөйүүсү акционерлер тарабынан салынган кошумча капитал эсебинен же бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен ишке ашырылса - акционердин тиешелүү чечими (бир акционер болсо) же акционерлердин жалпы жыйынынын отурумунан толтурулган протокол (ТЖКнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү) берилет; 

- акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген документтер (уставдык капитал бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен көбөйтүлгөн учурларды эске албаганда); 

3) Улуттук банк, ТЖКнын уставдык капиталынын өлчөмүн көбөйтүү макулдашылган шартта, маалыматтарды жаңыдан түзүлгөн ТЖКнын үчүн каралган тартипте талап кыла алат, ошондой эле ТЖКнын акционерлеринин финансылык абалы жана алар жүргүзгөн операциялар боюнча маалыматтарды, акционерлердин уюштуруу документтерин берүүсү жана алардын финансылык жана башка отчеттору жөнүндөгү кошумча маалыматтарды да талап кыла алат. 

86. ТЖК Улуттук банкка баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарга ылайык ТЖКнын акцияларынын чыгарылышын жыйынтыктоочу акыркы каттоо жөнүндө чыгарылган акцияларды таануу жана баалуу кагаздардын чыгарылышынын жыйынтыгын каттоо учурунан тартып отуз календардык күн ичинде билдирүүгө милдеттүү.  

Билдирүүгө төмөнкүлөр кошумча сунушталууга тийиш:  

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан акцияларды чыгаруу жыйынтыктарынын катталгандыгын тастыктаган документ;  

- акционерлердин реестр ээлеринин кол тамгасы коюлган, жүргүзүлгөн өзгөртүүлөр жөнүндө реестринен көчүрмө же акционерлердин жаңы реестри.  

 

 

98. ТЖКнын аталышынын өзгөрүшү:  

1) ТЖКнын аталышынын өзгөрүшү Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. ТЖКнын аталышы өзгөргөн учурда анын лицензиясы (кошумча лицензиясы) алмаштырылууга (кайра таризделүүгө) тийиш.  

Жаңы аталышын макулдашуу үчүн Улуттук банкка төмөнкүлөр берилүүсү зарыл:  

- болжолдуу толук жана кыскартылган аталышын камтыган ТЖКнын аталышын өзгөртүү тууралуу өтүнүч кат;  

- юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ошол аталыштын Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жоктугун ырастоосу, ошондой эле фирмалык аталыштарды коргоо жагында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын фирмалык аталыштардын мамлекеттик реестринде аталган аталыштын жоктугун ырастоосу.  

Улуттук банк отуз календардык күн ичинде чечим кабыл алып, ТЖКнын болжолдонуп жаткан жаңы аталышын макулдашуунун жыйынтыгы тууралуу жоопту ТЖКка жөнөтөт.  

2) ТЖКнын жаңы аталышы Улуттук банк менен макулдашылган учурда, ТЖКнын акционерлери акционерлердин жалпы жыйынында анын аталышын өзгөртүү жана ТЖКнын уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.  

3) Акционерлердин жалпы жыйынында чечим кабыл алынгандан кийинки он календардык күн ичинде ТЖКнын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди берет:  

- ТЖКнын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу уставга сунушталган өзгөртүүлөрдү кароо жөнүндө ТЖКнын жетекчисинин колу коюлган өтүнүч катты;  

- акционердин ТЖКнын аталышынын өзгөртүлүшүнө байланыштуу уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечими (бир акционер болгон шартта) же акционерлердин жалпы жыйынынын отурумунан протокол жана мындай чечимдин же протоколдун (ТЖКнын мөөрү менен тастыкталган) көчүрмөсү;  

- уставдын жаңы редакциясы жана анын көчүрмөсү (ТЖКнын мөөрү менен тастыкталган).  

Улуттук банк он беш календардык күн ичинде сунушталган уюштуруу документтеринин түп нускаларын кошо тиркөө менен ТЖКка анын аталышынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өтүүсүнө макулдугун берет.  

4) ТЖКнын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийинки он жумуш күнү ичинде жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди берет:  

- жаңы аталышы менен лицензия берүүгө өтүнүч кат;  

- ТЖКнын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн ТЖКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

- каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган уставдын ТЖКнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө лицензия берүү үчүн чогултулган акчанын салынгандыгын тастыктаган документ.  

5) ТЖКнын аталышынын өзгөртүлүшүнө байланыштуу лицензияны алмаштыргандан кийинки үч жумуш күнү ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ТЖКнын жаңы аталышын көрсөтүү менен аталыштын өзгөргөндүгү тууралуу тиешелүү маалыматты жарыялоого тийиш.  

6) Аталышы өзгөртүлгөн ТЖКнын мурдагы аталышы көрсөтүлгөн лицензияны Улуттук банкка тапшырууга тийиш. Улуттук банк лицензия эски аталышы көрсөтүлгөн лицензиянын ордуна берилгендиги тууралуу түшүндүрмө жазууларды чагылдыруу менен ТЖКнын лицензиясын алмаштырууну жүзөгө ашырат. Улуттук банк реестрге лицензиянын алмашылгандыгы жөнүндө тиешелүү жазууларды киргизет.  

88. ТЖКнын жайгашкан жеринин өзгөрүшү:  

1) ТЖКнын жайгашкан жеринин (почта дарегинин) өзгөрүшү калктуу пункттун, көчөнүн аталышынын, үй номеринин өзгөртүлүшү менен коштолушу мүмкүн. ТЖКнын бир калктуу пункттун ичинде жайгашкан жеринин өзгөрүшү лицензиялардын алмаштырылышына алып келбейт. Уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүгө алып келген жайгашкан жеринин өзгөрүшү ушул Жобонун 82-84-пункттарына ылайык макулдашылат.  

ТЖКнын жайгашкан жерин өзгөртүү мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүнү талап кылбаган учурда, ТЖКнын өзгөртүлгөн учурдан тартып он жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди берет:  

- жайгашкан жеринин, анын ичинде айкын дарегинин өзгөргөндүгү тууралуу билдирмени, байланыш телефон номерлерин жана электрондук почта дарегин көрсөтүү менен;  

- ижара келишиминин же ТЖКнын тиешелүү жайга менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсүн;  

- жайдын техникалык жактан чыңдалышы жана анын жабдылышы боюнча талаптарга ылайык келиши жөнүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн акт.  

2) Улуттук банк ТЖКнын жайгашкан жеринин өзгөргөндүгү тууралуу жазууларды реестрге чагылдырат.  

3) Жайгашкан жерин айкын өзгөрткөндөн кийинки эки жумуш күнү ичинде ТЖК жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгашкан жеринин (почта дарегинин) өзгөргөндүгү тууралуу жарыялоого тийиш.  

89. ТЖКнын уставына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ТЖКнын мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет.   

ТЖКнын уставына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор төмөнкү учурларда Улуттук банк тарабынан жактырылбашы мүмкүн:  

1) уставга сунушталган өзгөртүүлөрдө жана толуктоолордо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган лицензия берүүдөн баш тартуу негиздерди жаратса;  

2) ТЖК Улуттук банктын уставга сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча сын-пикирлерди четтетүү жагында жазма буйруктарын/сунуш-көрсөтмөлөрүн аткаруудан баш тартса;  

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.  

 

Глава 10. ТЖКны кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу 

 

90. ТЖКны анын акционерлеринин чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банктын чечими боюнча кайра өзгөртүп түзүлүшү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, өзүнчө бөлүү, өзгөртүп түзүү) мүмкүн. 

91. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн негиздерге ылайык ТЖКны мажбурлап жоюу боюнча сотко кайрылууга укуктуу. 

92. ТЖК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу мүмкүн. Мында ТЖК лицензиясынын түп нускасын өз эрки боюнча жоюлгандыгы жөнүндө чечим кабыл алгандан кийинки үч күн аралыгында Улуттук банкка тапшырууга жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алгандан тартып лицензияда каралган операцияларды жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш. 

93. Эгерде ТЖК кредиторлор, анын ичинде финансы-кредит уюмдары алдында бардык милдеттенмесин аткара албай калган болсо, өз ыктыяры боюнча өзүнөн-өзү жоюлуу чечимин кабыл алышына жол берилбейт.  

94. Юридикалык жакты жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат, мында уюмду жоюу, анын ичинде Улуттук банк тарабынан ТЖК лицензиясы кайтарып алынган учурда милдеттер анын катышуучуларына (акционерлерине) же болбосо төлөөгө жөндөмсүздүк (банкроттук) жагдайларын эске албаганда, уюмдун уставы боюнча жоюуга ыйгарым укук чегерилген башкаруу органына жүктөлөт.  

 

Глава 11. Улуттук банктын чечимдерине даттануу менен кайрылуу тартиби 

 

95. Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган чечимдерге өтүнүч ээлери жана/же аларга карата чечим кабыл алынган же кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобого ылайык даттанууга укуктуу. 

96. Ушул жобонун алкагында кабыл алынган Улуттук банктын актыларын (лицензияларды, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдорун эске албаганда) Улуттук банктын мөөрү менен тастыктоо талап кылынбайт.  

 

 

Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияларды лицензиялоо жөнүндө жобого карата 1-тиркеме  

 

   

   

   

Кыргыз Республикасынын  Улуттук банкынын  Төрагасына  

 

Лицензия берүү жөнүндө 

ӨТҮНҮЧ КАТТЫН ҮЛГҮСҮ 

"_____________________________________________________________"  

(ТЖКнын толук аталышы)  

түзүү үчүн банктык операцияларды жүзөгө ашырууга төмөнкү реквизиттери менен лицензия берүүнү өтүнөбүз:  

1. Аталышы.  

2. Толук дареги.  

3. Ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү.  

Ыйгарым укуктуу адамдын дареги  

Телефону _____________________________ Факсы __________________________ 

4. Уюмдун түрү (түптөлүү ыкмасы боюнча):  

Жабык акционердик коом;  

Ачык акционердик коом.  

5. Холдинг компаниясы менен байланышы (ооба, жок)  

Эгерде болгон болсо, анда холдинг компаниясынын аталышы.  

6. Капиталдын болжолдонуп жаткан түзүмү:   

- акционердик капитал (номиналдык);  

- акциянын номиналдык наркы;  

- акциялардын саны.  

Уюштуруучулар берилип жаткан маалыматтардын аныктыгына толугу менен жоопкерчилик тартат.   

Уюштуруу документтери _____ барактан турат, ар бир баракка кол коюлат.  

Уюштуруучулар: аты-жөнү, кол тамгасы, күнү, мөөрү  

Дареги, телефону, факсы   

1.   

2.   

3.   

(Эгер уюштуруучу - юридикалык жак болсо, анда юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлүп, жетекчинин кол тамгасы коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт).  

 

 

Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияларды лицензиялоо жөнүндө жобого карата 2-тиркеме  

 

Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияны түзүү жөнүндө уюштуруу келишиминде чагылдырылууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмеси 

 

1. Толук жана кыскартылган аталышы.  

2. Түзүү максаты.  

3. Уюштуруу-укуктук формасы жөнүндө маалымат.  

4. Уставдык капитал жөнүндө маалымат.  

5. ТЖКнын уюштуруучуларынын-акционерлеринин укуктары жана милдеттери.  

6. Акциялар жөнүндө маалымат.  

7. Башкаруу органдары тууралуу маалымат (Башкарма, Директорлор кеңеши), алардын компетенциясы жана дайындоо тартиби.  

8. Кайра уюштуруу жана жоюу тартиби.  

9. Мыйзамдарда каралган башка маселелер.  

 

 

Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияларды лицензиялоо жөнүндө жобого карата 3-тиркеме  

 

ТЖКнын уставында чагылдырылууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмеси 

1. Уюштуруу-укуктук формасын көрсөтүү менен ТЖКнын толук жана кыскартылган аталышы (кыргыз, орус жана англис тилдеринде) жана жайгашкан жери.  

2. ТЖКны түзүү максаттары  

3. ТЖК тарабынан жүзөгө ашырылуучу операциялар.   

4. ТЖКнын уставдык капиталы жөнүндө маалымат.   

5. ТЖКнын акциялары тууралуу маалымат.   

6. Акционерлердин укуктары жана милдеттери.   

7. ТЖКнын тарабынан акцияларды жайгаштыруу.   

8. Акционерлер тарабынан акциялардын ээликтен ажыратылышы.   

9. Акционерлердин реестри жана акционерлерди каттоо тартиби.   

10. Пайданы бөлүштүрүү.   

11. Кардарлардын таламдарын камсыз кылуу.   

12. ТЖКнын эсепке алуусу жана отчеттуулугу.   

13. ТЖКнын башкаруу органдары (Директорлор кеңеши, Башкарма), алардын компетенциясы жана дайындоо тартиби.   

14. ТЖКнын финансылык-чарбалык ишине контролдук.   

15. Туунду ишканалары, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү тууралуу маалыматтар.   

16. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.   

17. ТЖКнын кайра уюштуруу жана жоюу тартиби.   

18. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелер.   

 

 

Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияларды лицензиялоо жөнүндө жобого карата 4-тиркеме  

ТЖКнын уюштуруучулардын (акционерлердин) 

ТИЗМЕСИ 

_________________________________ 

(ТЖК аталышы) 

 

  

Юридикалык жактар үчүн 

Почта индекси, дареги, телефон, факс 

Уюштуруучунун төлөм счеттун реквизиттери , счеттун № жана счет ачылган финансы-кредитик уюмдун аталышы 

Жарыяланган уставдык капиталы 

Төлөнгөн уставдык капиталы________ 20__ г. 

Юридикалык жактын толук аталышы 

Юридикалык жактын уюштуруучу, акционери  

Үлүш миң. сом 

Уставдык капиталга (пайыздарда) катышуу ( %) 

миң сом салынды 

Уставдык капиталга (пайыздарда) катышуунун өлчөмү ( %) 

Жеке адамдар үчүн 

Паспорттогу маалыматтар 

Аты-жөнү  

  

  

  

  

Жыйынтыгы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Директорлор кеңешинин төрагасы 

________________ 

____________________________ 

  

(кол тамга) 

(аты-жөнү

  

Мөөр (жаңы түзүлгөн ТЖК - Директорлор кеңешинин төрагасы дайындалган юридикалык жактын мөөрү; иштеп жаткан банк үчүн - ТЖК мөөрү). 

 

 

Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияларды лицензиялоо жөнүндө жобого карата 5-тиркеме 

 

ТЖК уюштуруучунун (акционердин) 

АНКЕТАСЫ 

 

1-бөлүк. Жалпы маалымат (*) 

Аты-жөнү 

  

  

Эгерде аты-жөнүн өзгөрткөн болсоңуз (мурдагы аты-жөнүңүздү көрсөтүңүз) 

Качан 

Кайсы себептер менен экендигин көрсөтүңүз : 

Туулган күнү

Туулган жери: 

Паспорт 

Серисы: 

Номер: 

  

   

Ким тарабынан берилген: 

Берилген күнү _______________: 

Жарандыгы:______________________________________ кандайча алынгандыгын жазыңыз: туулган жери боюнча, никеге тургандан соң, башка жагдайлар боюнча түшүнүк бериңиз _________________________________________________________ 

Үй дареги (документ боюнча), ________________________ 

№ тел. _____________ 

 

Анык жашаган жери _______________________ 

Иштеген жери: _____________ 

Ээлеген кызматы:________________ 

Иштеген жеринин дареги: ___________________________ 

Телефон: 

( ) _______________ 

Факс: 

( ) ________________ 

9. Кайсы болбосун өлкөдө, кайсы болбосун убакта Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу жана/же кандай болбосун башка кызмат адамы катары байланыштуу (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) болгон компанияга карата:  

- укук бузууларга жол берүү боюнча айыптоолор болсо, анын ичинде мындай иш токтотулган болсо же күнөө алынып салынган учурда (ооба/жок) ________________________________ 

-дисциплинардык чара колдонулса (ооба/жок) ________________________________ 

Эгерде болгон болсо, укук коргоо органдары тарабынан коюлган күнөөлөрдү, сот ишин, укук коргоо органдарынын аталышын, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан коюлган күнөөлөрдү же дисциплинардык айыптарды, соттук териштирүүлөрдү, чечимдерди көрсөтүңүз  

10. Соттолгондугу акырына чейин өтөлүп бүтө элек болсо, көрсөтүңүз. Эгерде бар болсо түшүнүк бериңиз __________________________________________________ 

Сизге карата кайсы бир кесиптик ишти ээлөөгө тыюу салуу чечими кабыл алынгандыгын көрсөтүңүз. Эгерде бар болсо, кеңири түшүнүк бериңиз _______________________________.  

11. Сиз кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны көрсөтүңүз _____________________________.  

Сиз аны менен байланышта болгон жана мажбурлоо тартибинде банкроттоло, жоюла турган процессинде турган компанияда кызмат адамы же олуттуу катышуучу катары өзүңүздүн ролуңузду жана жоопкерчилигиңизди кеңири баяндап бериңиз.  

12. Сизге же Сиз кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон компанияга мамлекеттик же жөнгө салуу органдары тарабынан тергөө иштери болду беле? Эгерде болсо, кандай себептер менен экендигин кеңири түшүндүрүп бериңиз ____________________________________.  

13. Учурда Сиз кандайдыр бир соттук териштирүүлөргө катышып жатасызбы? Эгерде ошондой болсо кеңири түшүнүк бериңиз _____________________________________.  

 

1-бөлүк. Жалпы маалымат (**) 

 

Юридикалык жактын толук аты жөнү 

  

Катталган күнү

Каттоо номери : 

Түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкө __________________________________________. 

_______________________________________________________________________ 

Юридикалык дареги (документтер боюнча)  

Тел: ( ) _____________________ 

Анык дареги: 

Тел.: ( ) _____________________ 

14. Кайсы бир өлкөдө, качандыр бир убакта бул юридикалык жак олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон юридикалык жакка же компанияга карата төмөнкү чаралар колдонулганбы: 

- укук бузууларга жол берүү боюнча айыптоолор болсо, анын ичинде мындай иш токтотулган болсо же күнөө алынып салынган учурда (ооба/жок) ___________________________________________ 

- дисциплинардык чара колдонулса (ооба/жок) ________________________________ 

Эгерде болгон болсо, укук коргоо органдары тарабынан коюлган күнөөлөрдү, сот ишин, укук коргоо органдарынын аталышын, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан коюлган күнөөлөрдү же дисциплинардык айыптарды, соттук териштирүүлөрдү, чечимдерди көрсөтүңүз _________________________________________________________________________ 

15. Ушул юридикалык жакка карата кайсы бир кесиптик ишти ээлөөгө тыюу салуу чечими кабыл алынгандыгын көрсөтүңүз. Эгерде бар болсо, кеңири түшүнүк бериңиз  

______________________________________________________________________ 

16. Ушул юридикалык жак олуттуу катышуучусу болуп байланышкан мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган компанияларды же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны көрсөтүңүз.  

______________________________________________________________________ 

17. Бул .юридикалык жакка жана ошондой эле аны менен олуттуу катышуучусу болуп байланышкан компанияга карата мамлекеттик жана жөнгө салуу органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлдү беле? Эгерде бар болсо, кайсы себептерден улам болгондугуна түшүндүрмө бериңиз.  

______________________________________________________________________ 

18. Учурда Сиз кандайдыр бир соттук териштирүүлөргө катышып жатасызбы? Эгерде катышсаңыз кеңири түшүнүк бериңиз ____________________________________.  

 

1-бөлүк. Кошумча маалымат 

 

1. Кимдир бирөөлөрдүн алдында ссудалык карыз (башка милдеттенмелер) болсо, ар бир карыз боюнча (милдеттенме) төмөндөгү маалыматты жазыңыз: 

Кредитордун аталышы 

  

Берилген күнү 

  

Займдын суммасы, миң сом 

  

Пайыздык чен 

  

Займдын багыты 

  

Күрөө жана сумма тууралуу маалымат 

  

Төлөө мөөнөтү 

  

Займ боюнча карыздын калдыгы, миң сом түрүндө 

  

Кредит үчүн пайыздар боюнча карыздын калдыгы, миң сом түрүндө 

  

Мөөнөтү өтүп кеткен карыздар (негизги сумма, кредит үчүн пайыздар) 

  

 

2. Төмөндөгү маалыматты бериңиз: 

а) "___" ________________ карата абал боюнча активдер жана милдеттенмелер жөнүндө жеке отчет (валютаны көрсөтүңүз) 

  

Активдер 

 

 

 

 

Сумма (сом түрүндө/чет өлкө жарандары үчүн тиешелүү валютаны жана АКШ долларына карата валюта курсун же АКШ долларын көрсөтүңүз) 

Накталай 

  

Финансы-кредит мекемелериндеги депозиттик каражаттар  

 

  

Компанияга инвестициялар (2-табл.) 

  

Баалуу кагаздар 

  

Кыймылсыз мүлк, анын ичинде күрөөдө тургандары же арестке коюлгандары  

 

  

Дебитордук карыз (анын ичинде заёмго берилген каражаттар)  

  

Башка активдер  

  

  

Бардыгы болуп активдер  

  

  

Милдеттенме  

  

Кредиттер боюнча карыз  

  

Кредитордук карыз 

  

Башка пассивдер 

  

  

Бардыгы болуп пассивдер 

  

  

Таза нарк (активдер-пассивдер) 

  

  

Жекече берилген гарантиялар 

  

 

б) Киреше булактары тууралу маалымат 

(валютаны көрсөтүңүз) 

 

  

Киреше булактары 

Өткөн жыл 20__-жыл 

Учурдагы жыл (күтүлүүдөгү сумма) 20__-жыл 

Негизги иш орду боюнча эмгек акы (премияларды кошо алганда) (*) 

  

  

Автордук сыйлыктарды, башка төлөмдөрдү кошо алганда, негизги иштен тышкары эмгек акы (*) 

  

  

Дивиденддер 

  

  

Проценттер 

  

  

Кыймылсыз мүлктөрдү сатуудан кирешелерди кошо алганда, кыймылсыз мүлктөрдөн кирешелер  

  

  

Башка кирешелер 

  

  

  

Баардыгы 

  

  

  

Чыгашалар 

  

  

Чыгашалар (жекече, керектөөгө

  

  

Кредиттер боюнча төлөмдөр: 

 

а) негизги сумма 

 

б) пайыздар 

  

  

Башка чыгашалар  

 

 

 

 

  

  

  

Баардык чыгашалар 

  

  

  

Таза киреше (чыгаша) 

  

  

 

3. Сиз/ушул юридикалык жак акыркы 10 (он) жыл ичинде уюштуруучу жана/же акционер (ээлик кылуучу) болуп саналган кайсы болбосун өлкөдөгү компанияны көрсөтүңүз: 

 

Юридикалык жактын аталышы, жайгашкан орду 

Юридикалык жактын ишинин түрү 

Анын ээлигинде турган акциялардын саны 

Бул юридикалык жактын уставдык капиталдагы үлүшү

%да 

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

3-бөлүк. 1. ТЖК олуттуу катышычуунун атынан берилген кошумча маалымат: 

a. Бул ТЖКнын Директорлор кеңешинин курамына жаңы талапкерлерди кошууга ниетиңиз барбы (эгерде - ооба деген жооп болсо, кыскача маалымат берүү зарыл). 

b. ТЖКнын саясатына жана ТЖКнын жетекчилигине олуттуу өзгөртүү киргизейин деген оюңуз барбы (эгерде ооба деген жооп болсо, сунушталган өзгөртүүлөрдү кыска формада чагылдыруу зарыл. 

 

4-бөлүк. Корутунду бөлүк 

 

1. Ошондой эле, Сиз/ушул юридикалык жак өзүңүздү ТЖК акцияларын алуу арызын кароо учурунда кароо үчүн маанилүү деп эсептеген башка маалыматты көрсөтүңүз. 

Мен, ___________________________________________________________________________, 

(аты-жөнү(юридикалык жак- жетекчинин аты-жөнү

жогоруда анкетада келтирилген маалыматтар анык жана толук экендигин жана алар анкетада көрсөтүлгөн суроолор менин билимиме жана анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча маалыматка ылайык берилгендигин тастыктаймын. Мен атайылап бурмалоолорго жана жашырып жабууларга жол берген учурда, алар сунушталып жаткан кызмат ордуна макулдашуудан баш тартылууга негиз катары кызмат кылышы жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келиши мүмкүн экендигин мойнума аламын 

__________________________________ 

_____ 

жылдын 

"___"  

кол тамгасы 

  

күнү 

  

Эскертүү

1) Анкетанын ар бир барагына кол коюу зарыл; 

2) Анкетадагы оңдоолор "оңдолгондугу анык" деген сөздөр менен жана талапкердин өздүк кол тамгасы менен тастыкталууга тийиш: 

______________________ кол тамга; мөөр(**) 

(*) жеке адамдар үчүн; 

(**) юридикалык жактар үчүн. 

  

 

Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияларды лицензиялоо жөнүндө жобого карата 6-тиркеме 

 

Бизнес-планда чагылдырылууга тийиш болгон негизги маселелердин 

ТИЗМЕСИ 

 

1. Киришүү бөлүгү 

1) ТЖК аталышын, жайгашкан жерин көрсөтүнүз; 

2) Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аты-жөнүн, дарегин, телефон номерин көрсөтүңүз.  

2. ТЖК чагылдыруу максаты. 

1) ТЖК иштей турган рыноктун болжолдуу аймагы; 

2) сунуш кылынуучу кызмат көрсөтүүлөрдү атап жана кыскача баяндап бергиле. Болжолдонуп жаткан кредит саясатына (кредиттерди берүүдө тобокелдикке баа берүү механизми, берилген кредиттерди үзгүлтүксүз контролдоо механизми, болжолдонуп жаткан кредит саясатына байланыштуу болгон башка маселелер), ошондой эле түзүлүп жаткан ТЖК. 

3) жаңы ТЖКнын Директорлор кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн, Башкармасынын төрагасын жана мүчөлөрүн көрсөткүлө

Жүгүртүүгө чыгарылып жаткан акцияларынын саны беш же андан көп пайызды түзгөн акционерлерди, алар тарабынан сатылып алынышы болжолдонуп жаткан акциялардын пайыздык катышты көрсөткүлө

3. Жетекчилик жана башкаруу 

1) ТЖКнын аталышын жана башкарманын жана кызмат адамдарынын милдеттеринин чөйрөсүн көрсөткүлө, кадрларды тартуу планын жана кадр саясатын жүргүзүүсүн чагылдыргыла; 

2) кызмат адамдардын сунуш кылынып жаткан талапкерлигин, ошондой эле кандай сапаттарга ээ болууга тийиш экендигин талкуулагыла. Сунуш кылынып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо же сунуш кылынган рынок чөйрөсүн тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн алардын иш тажрыйбаларынын маңызын жана деңгээлин чагылдырып көрсөткүлө

3) таламдардын каршы келип калуусун талкууга алгыла; 

4) ТЖК ниеттенип жаткан кандай болбосун келишимди чагылдырып көрсөткүлө  

4. ТЖКанын ишин талдап-иликтөө

1) ТЖК тейлөөгө тийиш болгон рынокту талдап иликтеп көргүлө, алынуучу кирешелери жана башка экономикалык көрсөткүчтөрүнүн өлчөмүн чагылдыргыла. Рынокко каралып жаткан өзгөртүүлөрдү, ошол өзгөрүүлөргө таасирин тийгизген факторлорду жана алардын түзүлүп жаткан ТЖКга таасирин камтыгыла. Сиз тейлей турган рыноктордун ортосундагы айырмаларды, мисалы, депозиттик жана кредиттик рыноктун ортосундагы айырмачылыктарды чагылдырып көрсөткүлө;  

2) атаандаштыкка иликтөөлөрдү жүргүзгүлө. Тейлөөнүн рыноктук чөйрөсүнүн чегиндеги атаандаштарды, тышкары турган жана тейленүүчү рынокторго таасирин тийгизиши мүмкүн болгон атаандаштыктарды, ошондой эле кайсы болбосун потенциалдуу атаандаштыкты атап көрсөткүлө.  

Рыноктук стратегиялардын, ошондой эле таасирдин рыноктук акциялардын наркына жана бааларга карата салыштырмалуу таасир этүү деңгээлине карата, күтүлүп жаткан натыйжаларга талдап-иликтөөлөрдү келтиргиле;  

3) ар бир рыноктон (депозиттик/кредиттик) үлүштү алуу максатында тандалып алынган стратегияны түшүндүрүп бергиле жана күтүлүп жаткан натыйжаларды көрсөткүлө;  

4) ТЖКнын ишинде орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана тобокелдиктерди тескөө стратегиясын чагылдыргыла.  

5. Пландар жана максаттар  

1) рынокту талдап-иликтөөдө жана жаңы ТЖК үчүн пландарды жана максаттарды иштеп чыгууда пайдаланылуучу, пландаштыруунун башкы объектилерин карап чыккыла. Мында, жок дегенде: рыноктун өсүшү, пайыздык чендерди, фонддордун наркын жана атаандаштыкты камтуу зарыл;  

2) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынын сакталышына багытталган, ички контролдук механизмин сүрөттөп бергиле;  

3) кадрларды тартуу жана кадр саясатын жүргүзүү планын сүрөттөп бергиле;  

4) ТЖКнын кардарларын тартуу кандайча болжолдонот.  

6. Активдердин жана пассивдердин түзүмү   

Болжолдонуп жаткан баланстык отчетто жана кирешелер боюнча отчетто активдердин жана пассивдердин өзгөрүүсү, кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрү үчүн көлөмү, ошондой эле кызмат адамдарына жана персоналга эмгек акылары чагылдырылууга тийиш жана ал жогоруда кароого алынган билдирмелердин, рынокту жана анын стратегиясын талдап-иликтөөлөрдүн бөлүгү катары көрсөтүлүүгө тийиш болгон пландаштыруу объектилерине негизденүүсү зарыл. Мындан ары прогноздоолордун формалары келтирилет.  

Жаңы ТЖКнын көз карандысыз тышкы аудит менен камсыз кылууга тиешелүү уюштуруучулардын пландарын талкууга алгыла. Лицензиялоо шарттарын аткаруу үчүн Улуттук банк, ТЖКтан көз карандысыз тышкы аудитордун кызматынан пайдаланууну талап кылышы мүмкүн.  

7. Капиталдаштыруу/өздүк капиталдын планы  

1) капиталдын болжолдонуп жаткан түзүмүнө жетишүүдө пайдаланылуучу негиздерди талкуулагыла жана уюштуруучулар эмне үчүн сунуш кылынган сан рынок экономикасы шарттарына жетиштүү деп эсептей тургандыгын түшүндүргүлө. Уюштуруучулар рыноктук чөйрөдө натыйжалуу атаандашууга жеткиликтүү сандагы капиталды белгилөөсү жана пландаштырылып жаткан операцияларды тиешелүү деңгээлде колдоого алаары күтүлүүдө

2) капиталды баштапкы тартуу планын жана алгачкы үч жыл аралыгындагы өсүштү каржылоо планын талкуулагыла. Бул пландар ТЖК Улуттук банк тарабынан белгиленген негизги ченемдерге ылайык келүүнү камсыз кыла тургандыгын түшүндүрүп бергиле;  

3) чыгарылып жаткан акциялардын санын жана алар кайсы класска тиешелүү экендигин, алардын номиналдык жана сатуу наркын талкуулагыла;  

4) активдерди тобокелдиктердин деңгээли боюнча салмактанып алынышын эске алуу менен болжолдонуп жаткан капиталдын шайкештигине баа бергиле;  

5) ТЖКнын кредиттик саясатын, тобокелдик критерийлерине баа берүү механизмдерин сүрөттөп бергиле. 

 

Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияларды лицензиялоо жөнүндө жобого карата 7-тиркеме  

АНКЕТА 

(ТЖКнын кызмат адамы тарабынан толтурулат

1. Аты-жөнү _____________________________________________________________ 

2. Анкета эмнеге байланыштуу толтурулуп жаткандыгын астын сызып белгилеңиз

1) Директорлор кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлоо; 2) Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордуна шайлоо; 3) Башкарманын төрагасынын кызмат ордуна дайындоо; 4) Башкарманын мүчөсүнүн кызмат ордуна дайындоо; 5) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында ички уюштуруу иш-чаралары үчүн жооптуу болгон түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер) 6) кредиттик бөлүмдүн активдердин жана пассивдердин тескөөгө алынышына жоопкерчиликтүү бөлүмдүн, ички аудит кызматынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо.   

№ 

  

  

ТЖКка сунушталган позицияны көрсөткүлө

_________________________________ 

ТЖКнын аталышы: 

____________________________________ 

Эгерде аты-жөнүңүздү өзгөртсөңүз:  (мурдагы аты-жөнүңүз) 

Качан: 

Эмне себептен улам: 

Туулган жылы: 

Туулган жери: 

Паспорт 

Сериясы:  

Номер: 

  

  

Ким тарабынан берилген:  

Берилген күнү:  

Жарандыгыңыз:  (Кандай негизде алынгандыгын көрсөткүлө: туулган жери боюнча, никеге тургандан кийин, башка жагдайлар боюнча - түшүндүрмө берүү)  __________________________________________________________________________ 

Үй дареги:  (документтер боюнча)  Тел.: (   ) _________  

Айкын жашаган жери:  Тел.: (   ) _________  

Төмөнкү тармактар жөнүндө билиминин бар экендиги тууралуу маалымат:   

Ооба/Жок  

- законодательства, регулирующего деятельность банковского законодательства 

_____ 

- корпоративдик тескөө;  

_____ 

- тобокелдиктерди тескөө

_____ 

- кредиттик иш; 

_____ 

- бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулукту жүргүзүү 

_____ 

- ликвиддүүлүктү тескөө 

_____ 

- аудитордук иш жөнүндө мыйзам жана аудиттин эл аралык стандарттары 

_____ 

 

 

 

10 

Негизги иш орду: 

Ээлеген кызмат орду:  

11 

Кызматтык дареги:  

Телефону:   

(  ) ______________ 

Факсы:  

(  ) ______________ 

 

 

 

 

 

12 Билими  ___________________________________________________________ 

(жогорку, толук эмес жогорку, бакалавр, магистр, орто атайын, орто

Окуу жайынын аталышы жана анын жайгашкан орду 

Факультети жана бөлүмү 

Тапшырган жана аяктаган жылы  

Алган дипломуна ылайык адистиги  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Ар кандай окуу борборлорунда өткөрүлгөн курстардан окугандыгы.  

Семинардын же курстун темасы  

Семинарды уюштуруучу 

Өткөн жери  

Өткөн күнү  

Сертификаттын болушу  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

13. Эмгек жолу башталгандан тартып, аткарылган иштер:   

Ишке кирген күнү 

Иштен бошогон күнү  

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан орду, иш берүүчүнүн аты-жөнү  

Иштен бошогондугунун себеби  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

14 Кимден сунуштама берилген

1 Аты-жөнү ___________________________________________________ 

2. Иштеген жери жана ээлеген кызматы __________________________________ 

3. Үй дареги, тел., факс, эл. почтасы _________________________________ 

1. Аты-жөнү  ________________________________________________ 

2. Иштеген жери жана ээлеген кызматы ______________________________________ 

3. Домашний адрес, тел., факс, эл. почта _____________________________________ 

* Сунуш-көрсөтмөлөр талапкер менен мурда иштеген же ал менен ишкердикти жүргүзгөн адамдар тарабынан сунушталат. Сунуш-көрсөтмөдө талапкердин аты-жөнү, иштеген орду, кызматы, телефону, факсы, электрондук дареги жана жашаган жеринин дареги көрсөтүлүүгө тийиш. Мында төмөнкүлөргө сунуш-көрсөтмөберүүгө жол берилбейт:

1) Улуттук банктын кызматкерлери

2) кайсы болбосун туугандары

3) алапкерди сунуштаган ТЖКнын жетекчилери жана кызматкерлери

Сунуштап жаткан адамдын кол тамгасынын аныктыгы анын иштеген жеринен же нотариалдык жактан тастыкталууга тийиш.  

15. Акыркы он жыл ичинде кайсы өлкө болбосун Сиз уюштуруучусу, акционери, жетекчиси болгон компанияларды көрсөтүңүз (Сиз жетекчилигине шайланган же дайындалган ТЖКны кошо алганда)

Компаниянын аталышы, жайгашкан жери  

Компаниянын ишинин негизги түрлөрү 

Сиз ээлик кылган акциялардын саны  

Ээлик кылган суммасы сом менен  

Компаниянын уставдык капиталындагы үлүшү, %да  

Компаниянын жетекчиси  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

16. Кайсы бир өлкөдө, качандыр бир убакта Сизге же Сиз орчундуу катышуучусу, контролдоочу адамы жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же болбосо башка кызмат адамы болгон компанияга карата төмөнкү чаралар колдонулганбы: 

- укук бузуу жана/же кылмыш ишине жол бергендиги үчүн айыптоо болгонбу (ооба/жок) 

_________________________________________________________________________ 

-  тартиптик жаза чаралары көрүлгөнбү (ооба/жок) 

_________________________________________________________________________ 

"Ооба" деген жооп берилсе - укук коргоо органы тарабынан белгиленген айыптоо же өкүм чыгаруу тууралуу кеңири маалымат бериңиз, мында укук коргоо органынын аталышын, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан белгиленген айыпты же колдонулган тартиптик жаза чарасын, териштирүүнүн жыйынтыктарын, соттун чечимин көрсөтүңүз

_________________________________________________________________________ 

17.  Сиз же 15-пунктта көрсөтүлгөн компаниялардын бири анда кызмат ордуна талапкер болгон ТЖКнын менен жалпы кызыкчылыкка ээсизби? "Ооба" деген жооп берилген шартта кеңири түшүндүрмө бериңиз 

18.  Өтөлүп бүтө элек сот жазасы барбы? "Ооба" деген жооп берилсе ал боюнча түшүндүрмө бериңиз 

_________________________________________________________________________ 

Сизге карата кандайдыр бир кесиптик иш менен алектенүүгө тыюу салган чечим кабыл алынганбы? "Ооба" деген жоопберилсе ал боюнча түшүндүрмө бериңиз _________________________________________________________________________ 

19. Сиз жетекчиси, кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, Башкарманын мүчөсү, башкы бухгалтери/финансылык менеджери) же орчундуу катышуучусу болгон (акциялардын 10 (он) же андан ашык пайызына ээлик кылган), мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны атап көрсөтүңүз

_________________________________________________________________________ 

Сиз жетекчиси, кызмат адамы же орчундуу катышуучусу болгон, мажбурлап банкрот кылуу, жоюуга байланыштуу шарттар коюлган компаниядагы Сиздин ролуңузга жана жоопкерчилик чөйрөңүзгө кеңири негиздеме бериңиз _________________________________________________________________________ 

20. Кимдир бирөөгө ссудалык карызыңыз (башка милдеттенмелериңиз) болсо, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөнкү маалыматтарды көрсөтүңүз

Кредитордун аталышы 

Берилген күнү 

Насыянын суммасы, миң сом менен 

Пайыздык чен 

Насыянын максаты 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Күрөө жөнүндө маалымат жана анын суммасы  

Төлөө мөөнөттөрү 

Насыя боюнча карыз калдыгы, миң сом менен  

Пайыздар боюнча карыз калдыгы, миң сом менен  

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, пайыздар)  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

21. Сиз кандайдыр бир финансы-кредиттик мекемелерге жеке өзүңүз алган кредит боюнча, ошондой эле Сиз гарант, кепил болгон кредит боюнча карызды төлөй албай калган учурлар болгонбу? "Ооба" деген жооп берилсе ал боюнча түшүндүрмө бериңиз: 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

22. Азыркы учурда Сиз кандайдыр бир соттук териштирүү ишине катышыңыз барбы? "Ооба" деген жооп берилсе ал боюнча түшүндүрмө бериңиз 

_________________________________________________________________________ 

23. Төмөнкүлөр боюнча маалымат бериңиз

1. "__" ____________ карата абал боюнча активдер жана милдеттенмелер тууралуу жеке отчет 

Табл. 1 

  

Активдер 

Сумма (сом менен/чет өлкө жарандары үчүн - АКШ доллары менен) 

  

Нак акча 

  

  

Финансы-кредит мекемелериндеги депозиттик каражаттар 

  

  

Компаниядагы инвестициялар (ушул анкетанын 15-пунктунун таблицасы) 

  

  

Баалуу кагаздар 

  

  

Кыймылсыз мүлк, анын ичинде күрөөдө тургандары же арест коюлгандар 

  

  

Дебитордук карыз, анын ичинде насыяга берилген каражаттар 

  

  

Башка активдер 

  

  

Бардыгы болуп активдер 

  

  

Милдеттенмелер  

  

  

Кредиттер боюнча карыз 

  

  

Кредитордук карыз 

  

  

Башка милдеттенмелер 

  

  

Бардыгы болуп милдеттенмелер 

  

  

Таза наркы (активдер-милдеттенмелер) 

  

  

Берилген жеке гарантиялар 

  

Табл. 2 

  

Киреше булактары 

Өткөн жыл  20__-жыл  

Өтүп жаткан жыл (күтүлүүчү сумма)  20__-жыл  

  

Негизги иштеген жери боюнча эмгек акы (сыйлыктарды кошо алганда)  

  

  

  

Дивиденды 

  

  

  

Пайыздар  

  

  

  

Башка кирешелер  

  

  

  

Бардыгы болуп  

  

  

  

Чыгашалар 

  

  

  

Чыгашалар (жеке, керектөөгө

  

  

  

Кредиттер боюнча төлөөлөр  негизги сумма  пайыздар 

  

  

  

Башка чыгашалар (көрсөтүңүз) 

  

  

  

Бардыгы болуп чыгашалар  

  

  

  

Таза киреше (чыгаша) 

  

  

24. Үй-бүлөлүк абалы ____________________________________________________ 

16 жаштан ашкан жакын туугандарыңызды атап көрсөтүңүз (ата-энеңиз, балдарыңыз, жубайыңыз, бир туугандарыңыз)

Аты-жөнү 

Туугандык катышы 

Туулган күнү жана жери 

Иштеген жери, кызмат орду 

Үй дареги, телефон номери 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

25. Кызмат ордуна талапкер болгон ТЖКнын менен Сизди кандай кызыкчылык байланыштырып тургандыгы тууралуу толук маалымат бериңиз (3-эскертүүнүкараңыз). Ошондой эле, Сиз өзүңүздү кызмат ордуна макулдашуу учурунда кароо үчүн маанилүү деп эсептеген башка маалыматты көрсөтүү зарыл 

________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Мен, ________________________________________________________________________ 

аты-жөнү  

жогоруда анкетада келтирилген маалыматтар анык жана толук экендигин жана алар анкетада көрсөтүлгөн суроолор менин билимиме жана анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча маалыматка ылайык берилгендигин тастыктаймын. Мен атайылап бурмалоолорго жана жашырып жабууларга жол берген учурда, алар сунушталып жаткан кызмат ордуна макулдашуудан баш тартылууга негиз катары кызмат кылышы жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келиши мүмкүн экендигин мойнума аламын.   

_____________________ 

кол тамгасы  

"__" _________________ г. 

жылдын күнү 

  

  

Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияларды лицензиялоо жөнүндө жобого карата  8-тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

ЛИЦЕНЗИЯ № 

Улуттук валютада айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна 

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук фирмалык аталышы

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы

г. ___________________ 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат берилген банк операцияларынын тизмесинде көрсөтүлгөн айрым банк операцияларын жүргүзүүукугуна ээ 

2. Уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгүнөн болуп саналат

Бул лицензия ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат

 

Лицензия катталган (күн, ай, жыл)  

 

№ ____________ бланктын сериясы ___________ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук  

банкынын төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү 

 

___________________________ аты-жөнү, кол тамсагы 

Улуттук банктын мөөрү  

 

 

 

Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияларды лицензиялоо жөнүндө жобого карата  9-тиркеме  

 

 

Улуттук жана чет өлкө валютасында айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна берилген  

№___ лицензиясына карата 

уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси 

_________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук фирмалык аталышы

Банк операциясынын аталышы 

Банк операциясынын валютасы 

Уруксат күчүнө кирген күн 

Эскертүү/Чектөө  (Чектөөлөр күчүнөкирген күндү көрсөтүү менен) ) 

 

 

 

 

 

 

№ ____________ бланктын сериясы ___________ 

 

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары  

/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү ________________ аты-жөнү, кол тамсагы  

Улуттук банктын мөөрү 

 

 

Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияларды лицензиялоо жөнүндө жобого карата 10-тиркеме   

   

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банкы  

  

ТЖК филиал/өкүл ачуу тууралуу 

өтүнүч катынын үлгүсү 

 

________________________________  

(мекеменин фирмалык бланкында)  

  

Ушул аркылуу “___________________________________________”  

(ТЖКнын аталышы)  

______________________________________________________ ылайык  

(филиал/өкүл ачуу тууралуу билдүрүүнү жөнөтөт)  

  

________________________________________________________________________________________   

(калктуу пункттун аталышы, жайгашкан жери)  

филиал ачуу тууралуу өтүнүч менен кайрылат.   

  

Бул филиал/өкүл төмөнкү операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүү укугуна ээ:   

-   

-   

(ТЖК Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын алкагында филиал жөнүндө жобого ылайык, филиалга жүзөгө ашырууга өткөрүлүп берилген бардык операциялар жана бүтүмдөр көрсөтүлөт).   

Жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан дайындалды: ____________  

(Аты-жөнү)   

Тиркеме: филиалдын/өкүлдүн жетекчисинин жана башкы бухгалтердин кадрлардын эсебин жүргүзүү баракчасынын көчүрмөсү, ишеним кат, бардыгы__________барактан турат.   

  

  

  

ТЖК сунушталган маалыматтын аныктыгына толугу менен жооп берет.   

   

ТЖКнын аткаруу органынын жетекчиси (кол тамгасы), аты-жөнү.   

ТЖКнын мөөрү 20__ -жылдын “___” __________”  

 

Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияларды лицензиялоо жөнүндө жобого карата 11-тиркеме    

 

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банкы  

  

ТЖКнын филиал/өкүл жабуу тууралуу 

өтүнүч катынын үлгүсү 

  

________________________________  

(мекеменин фирмалык бланкында)  

  

Ушул аркылуу “___________________________________________”  

(ТЖКнын аталышы)  

______________________________________________________ ылайык  

(филиал/өкүл жабуу тууралуу билдүрүүнү жөнөтөт)  

  

________________________________________________________________________________________   

(калктуу пункттун аталышы, жайгашкан жери)  

филиал жабуу тууралуу өтүнүч менен кайрылат.   

ТЖКнын милдетмеллер жок (**): 

- Клиенттердин жана кредитторлодрдун алдында ушул филиал/ өкүл (жабууда); 

- Бюджеттин алдында 

Активдер жана пассивдер ТЖКнын каражатына берилди 

ТЖКнын сунушталган маалыматтын аныктыгына толугу менен жооп берет.   

  

   

ТЖКнын аткаруу органынын жетекчиси (кол тамгасы), аты-жөнү.   

ТЖКнын мөөрү 20__ -жылдын “___” __________”  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын “____”  ________  

№____ токтомуна карата  

тиркеме  

 

“Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу жөнүндө” Жобо 

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Бул “Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобо (мындан ары жобо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктык эмес адистештирилген финансы-кредит уюмдары аркылуу узак мөөнөттүү контракттык келишим боюнча турак жайга жыйым топтоо системасын колдонууга киргизүү жана жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.  

1. Контракт боюнча турак жайга жыйым топтоо системасы (мындан ары - Система) бул, Кыргыз Республикасынын жарандарынан турак жайга жыйым топтоо турак жай жыйымы катары акча каражаттарын тартууга жана кредиттик келишим шарттарына ылайык аларга узак мөөнөткө максаттуу кредиттерди сунуштоого негизденген турак жайды каржылоо боюнча бирдиктүү система. 

1. Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компания (мындан ары Компания) бул, анын иши катышуучулардын акча каражаттарын адистештирилген турак жайга жыйымдарын топтоштурууга жана катышуучуларга жеке курулуш ишин жүргүзүүгө, турак жай же батирлерди сатып алууга же болбосо мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жай шартын жакшыртууга багытталган адистештирилген финансы-кредит уюму. 

1. Бул жободо колдонулган негизги түшүнүктөр: 

Компаниянын агенти Контракт боюнча турак жайга жыйым топтоо системасына тиешелүү келишимдин (макулдашуунун) негизинде агенттик кызматтарды сунуштаган юридикалык жак же жеке адам (консультант).  

Консультанттар аталган Компанияга катышуучуларга (потенциалдуу катышуучуларга) Контракт боюнча турак жайга жыйым топтоо системасы, Компания тарабынан сунушталган продукттар тууралуу маалымат берүү, келишим шарттары, аны түзүү жана аткаруу тартиби боюнча консультация берүү, ошондой эле кардардын/катышуучунун биригүү жөнүндө өтүнүч катын жана аларга кошо тиркелүүчү документтерди тариздөө (баштапкы толтуруу) менен Компанияга жөнөтүү, ошондой эле башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштайт. 

Юридикалык жак-агенттер консультанттар тарабынан сунушталуучу агенттик кызматтардан тышкары Компаниянын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жагында агенттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана башка кошумча кызматтарды сунуштайт. Компаниянын катышуучусу тиешелүү кат жүзүндөгү талап менен кайрылып, агенттер жөнүндө маалымат алууга укуктуу. Компаниянын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жагында агенттик кызматтарды сунуштоо укугуна ээ агент катары Улуттук банктан лицензияланган финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору гана же болбосо Кыргыз Республикасынын мамлекетинин 100% үлүшү менен катышкан юридикалык жак болушу мүмкүн.  

Турак жай жыйымы Компаниянын катышуучуларынын турак жай шартын жакшыртуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу максатында жыйым боюнча чегерилген сый акы чени менен турак жай жыйым келишиминин шарттарына ылайык, катышуучу Компаниядагы атайын эсебине Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында салган акча каражаттарынын суммасы. 

Кредит бул, Компания катышуучуга кредиттик келишим шарттарына ылайык, мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук, максаттуу пайдалануу жана камсыздоо шарттарында жана жеке курулуш иштерин жүргүзүү, турак жай же батир сатып алуу, ошондой эле турак жай шартын жакшыртуу үчүн сунуштаган узак мөөнөттүү каржылоосу. 

Компания катышуучуларга кредиттерди Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана сунуштайт. 

Башкы келишим бул, Компания менен анын катышуучусу ортосунда түзүлгөн, турак жай жыйым келишиминин негизги шарттарын жана төмөнкү шарттардын негизинде кредит берүү камтылган келишим: 

1) топтолгон акча каражаттар суммасынын турак жай жыйым келишими боюнча милдеттенмелерди аткарууга шайкеш келүүсү

1) катышуучунун зарыл кредиттик камсыздоону сунуштоосу; 

1) катышуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктоосу. 

Турак жай жыйым келишими бул, Компания менен катышуучу ортосунда түзүлгөн келишим, ал боюнча катышуучу Башкы келишимге ылайык кредит алуу үчүн Компаниядагы атайы эсепке өздүк акча каражаттарынын белгилүү бир суммасын топтойт. 

Кредиттик келишим бул, компания менен катышуучу ортосунда Башкы келишимге, ушул жобого жана Компаниянын ички документерине ылайык кредит алуу үчүн түзүлгөн келишим.  

Топтоо мөөнөтү катышуучу турак жай сатып алуу үчүн жыйым топтогон убакыт аралыгы.  

Сый акы катышуучуга жыйым топтоону демилгелөө максатында, мамлекеттик программаларда каралган шарттарда бөлүнүп берилүүчү акча каражаттары. Сый акы, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган катышуучуларга гана аталган компаниянын ички документтерине ылайык топтоо мөөнөтүнүн жыйынтыгы боюнча бир гана жолу төлөнүшү мүмкүн. 

Катышуучу жеке курулуштар, турак жай үйлөрдү (квартираларды) сатып алуу же турак жай шарттарды жакшыртуу үчүн кредиттерди алуу үчүн Компаниягы топтоо эсебине акча каражаттарды киргизген жеке адам таанылат.  

Атайын эсеп катышуучунун акча каражаттарын топтоо үчүн Компаниядагы турак жайга жыйым топтоо эсеби. 

Аралык кредит бул, турак жай жыйым келишимине ылайык каражаттарды толук топтоо мөөнөтү келип жеткенге чейин зарыл болгон минималдуу акча каражаттар өлчөмү топтолгон шартта, компания катышуучуга жеке курулуш иштерин жүргүзүү, турак жай же батир сатып алуу, ошондой эле турак жай шарттарын жакшыртуу максаттарында сунушталуучу кредит. 

 

2. ТУРАК ЖАЙГА ЖЫЙЫМ ТОПТОГОН КРЕДИТТИК КОМПАНИЯНЫН ИШИНЕ КАРАТА ТАЛАПТАР 

 

1. Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компания өз ишин кирешелеринин эсебинен чыгашалардын ордун жабуу каралган кеңири план чегинде өздүк наркты актоо, өзүн-өзү каржылоо принциптеринин негизинде жүзөгө ашырат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде акционерлердин (катышуучулардын) жалпы жыйынында кабыл алынган чечимдерге жана көрсөтмөлөргө жана Улуттук банк тарабынан иш өзгөчөлүгү аныкталган ченемдик укуктук актыларга ылайык, башкаруу формасын аныктоо, чарба маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу, өз алдынча контролдукту жана жөнгө салууну жүргүзүү маселелерин өз адынча чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.  

1. Аталган компания ички контролдук системасын камсыз кылууга тийиш, ал туруктуу негизде иш максаттарына жетүүгө алгылыксыз таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо жана баа берүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоого тийиш. Компания ушул максаттарга жетүүсү үчүн ички контролдукту жүзөгө ашырган тиешелүү кызмат адамдарын бекитүүгө милдеттүү (тобокелдик-менеджери, комплаенс-контроль, ички аудитор). 

1. Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компанияда, ишке ашырылып жаткан операциялардын түрүн жана көлөмүн эске алуу менен компания ишинде тобокелдиктерди натыйжалуу аныктоо, аларга баа берүү жана чектөөнү камсыз кылган контролдук ыкмаларын колдонуу каралган тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдукту уюштурууга карата талаптардын шайкеш системасын түзүүгө карата минималдуу талаптарды аныктоо иши “Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобого жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банк эмес финансы-кредит уюмдарда ички контролдук системасын жана ички аудитти уюштуруу боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөр” ылайык жүзөгө ашырылат. 

1. Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компания убактылуу бош турган каражаттарды төмөнкүлөргө жайгаштырууга укуктуу: 

1) Мамлекеттик, ипотекалык баалуу кагаздар жана Улуттук банктын ноталары; 

Мында бош турган каражаттарды ипотекалык баалуу кагаздарга жайгаштыруу Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компаниянын өздүк капиталынын 20% жогоруну түзбөөгө тийиш.  

1) Улуттук банк тарабынан лицензияланган банктардагы депозиттер.  

1. Убактылуу бош турган акча каражаттарын жайгаштырууда коммерциялык банктарды тандоо үчүн Компания төмөнкү критерийлерди сактоого тийиш: 

- коммерциялык банк Улуттук банктын банктык операцияларды жүргүзүү укугу каралган лицензиясына ээ болууга; 

- Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын жоболорун тендерге чейинки отчеттук жыл ичинде сактоо; 

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” жана “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарында каралган таасир этүү чаралары жана айыптык санкциялар отчеттук жыл ичинде колдонулбаган; 

- Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда банктык кызматтарды сунуштоо үчүн талаптарга жооп берген филиалдар түйүнү, аманат жана көчмө кассаларынын болушу; 

- акыркы үч жыл ичинде банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда чыгым тартуусуз ишкердикти жүргүзгөн; 

- аудитордун акыркы эки жыл (өтүп жаткан жыл жана ага чейинки жыл) ичинде эсепке алуу жана отчеттуулук белгиленген бухгалтердик жана финансылык отчет стандарттарына ылайык келүүсүн тастыктаган, эскертүүлөр камтылбаган корутундунун болушу; 

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салык жана башка милдеттенмелер боюнча, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу аманаттары боюнча карыз болбоого; 

- Улуттук банк жана анын туунду компаниялары, ошондой эле башка кредиторлор жана контрагенттер алдында мөөнөтү өтүп кеткен жана төлөнбөй калган карызы болбоого; 

- банк төлөм карттары боюнча тейлөө үчүн кеңири инфраструктурага ээ болууга (аралыкта орнотулган жабдуулар) жана коммуналдык төлөмдөр, байланыш кызматтары ж.б. боюнча калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрүн сунуштоого (мисалы, 24 саат бою калктан төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү); 

- банктык кызматтар үчүн алгылыктуу тарифтер белгиленүүгө (эсеп ачуу жана жүргүзүү, пластик карттарын чыгаруу жана тейлөө, ички жана банктар аралык төлөмдөрдү жүргүзүү ж.б.); 

- банктын активдер үлүшү банк тутумунун активдеринин кеминде 1 пайызын түзүүгө тийиш; 

- жеке адамдардан депозиттерди тартууга, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга эсептешүү эсептерин ачууга, кредиттөөгө жана банктын башка ишине тыюу салуулар же чектөөлөр болбоого; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен соттук териштирүүлөр жүргүзүлбөөгө

- банкка убактылуу администрация жана тике банктык көзөмөлдүк режими киргизилбөөгө

Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компания аларды тастыктаган документтерди кошо тиркөө менен такталган, зарыл болгон, ушул пункттун критерийлерине жооп берген маалыматтарды банктардан талап кылууга тийиш. 

1. Компания турак жай жыйым топтоо жана кредит берүү ишинен тышкары өз ишкердигин камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) компания алдында милдеттенмелер боюнча карызынын орду жабылбаса компания катышуучунун (күрөө коюучунун) милдеттенмелеринин ордун жабуу үчүн анын күрөөгө коюлган мүлкүн өндүрүүгө жана сапыт өткөрүүгө

1) компаниянын негизги ишине байланыштуу консультациялык жана маалыматтык кызматтарды сунуштоого; 

1) кайтарып берилүүгө тийиш болгон сумманы катышуучунун кайсыл болбосун банктагы эсебинен акцептсиз тартипте (аманатчынын кошумча макулдугусуз) өндүрүп алууга; 

1) катышуучуга турак жайга берилген кредиттин максатка ылайык пайдаланылышын текшерүү

1) атайы эсепте акча каражаттары жок учурда, келишимде белгиленген мөөнөт ичинде же болбосо катышуучунун буйруусу боюнча ошол эсеп боюнча операциялар ишке ашырылбаса, катышуучуга бир календардык ай мурда билдирүү менен турак жай жыйым келишимин бир тараптуу негизде токтотууга. Мында, атайы эсептеги каражаттар калдыгы катышуучуга анын кат жүзүндөгү көрсөтмөсүнүн негизинде берилет же башка эсепке которулат; 

1) аманат келишими боюнча төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейин аралык кредиттерин сунуштоо гарантиясын бербөөгө

2. Компания Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына карама-каршылыктар болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ишмердүүлүк жүргүзөт. Компания анын негизги ишмердүүлүгүн камсыздай турган гана ишмердүүлүк жүргүзө алат. 

1. Компания катышуучулардын эсебин жүргүзүүгө жана алардын кредит алуу үчүн атайын эсептеринде топтолгон турак жай жыйымдардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. Бул максатта аталган компания Контракт боюнча турак жайга жыйым топтоо системасынын ар бир катышуучусуна аманат китепчелерин сунуштайт. Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компания катышуучунун талабы боюнча анын эсеби тууралуу маалыматты кат жүзүндө сунуштайт.  

1. Компанияда катышуучуга турак жай жыйымдарды кайтаруу тартиби жөнүндө ички документ болууга тийиш. 

Мындан тышкары, компания Контракт боюнча турак жайга жыйым топтоо системасынын жалпы принциптерин жана Контракт боюнча турак жайга жыйым топтоо жөнүндө башкы келишимдин стандарттык шарттарын иштеп чыгуусу зарыл. 

Жогоруда аталган документтерде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- иш принциптери 

- катышуучулардын жана компаниянын укуктары жана милдеттери 

- жалпы турак жай жыйымдарды кабыл алуу жана топтоо, кредиттерди сунуштоо эрежелери 

- шарттарды өзгөртүү жана параметрлерди корректировкалоо эрежелери 

- турак жай жыйым боюнча сый акыларды эсептөө методологиясы 

- Система боюнча келишимдик суммаларды төлөө кезегин түзүү үчүн баа берүү көрсөткүчүн эсептөө методологиясы 

- башка шарттар. 

1. Топтоо мөөнөтү өткөндөн кийин жана катышуучу зарыл көлөмдөгү акчаны топтобогон шартта, ал турак жай жыйымы, компания ага чегерген сый акыны, ошондой эле турак жай жыйымды үч жылдан жогору топтоосу же болбосо атайы эсепте сый акы чегерүү шартында топтоону улантууда сый акы алууга укуктуу. 

Сый акы кредит алууга өтүнүч кат сунушталганга чейин чегерилет. 

1. Катышуучулардын атайын эсептеринде топтолгон акча каражаттары (турак жай жыйымдарды) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылышы ыктымал.  

1. Катышуучуга келишимдик сумманы (кредит) төлөө Башкы келишимде белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт. 

1. Компания өзүнүн негизги ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктү сатып алышы жана ажыратып алышы мүмкүн. 

1. Аталган компаниянын башкармасы ишкердик чөйрөсүн кеңейтүү үчүн кыймылсыз мүлк сатып алуу, ал эми Директорлор кеңеши ири бүтүмгө келишүү чечимдерин кабыл алат. Чечимде компаниянын ошол кыймылсыз мүлктү пайдалануу планы чагылдырылууга тийиш. Компанияга кыймылсыз мүлктү ижарага берүү үчүн сатып алууга жол берилбейт.  

1. Компаниянын ишине Улуттук банк тарабынан инспектордук текшерүү жүргүзүлөт. Улуттук банк Компания экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактоосуна текшерүүнү кайсыл болбосун күнгө карата абал боюнча жүргүзүшү ыктымал. 

1. Компания өз катышуучуларынын жыйымдары жана бүтүмдөрү тууралуу кандайдыр бир маалыматты кайсыл болбосун үчүнчү жакка сунуштоо укугуна ээ эмес, мында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлар эске алынбайт.  

1. Компания кредит портфелин (факторинг) кошо алганда, карыздык милдеттенмелерин Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алуусуз сатып алууга жана андан ары башка юридикалык жакка сатууга укугу жок.  

 

2. ТУРАК ЖАЙГА ЖЫЙЫМ ТОПТОГОН КРЕДИТТИК КОМПАНИЯНЫН КРЕДИТТИК САЯСАТЫ 

 

1. Компаниянын кредиттик операциялары Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички кредит саясатына ылайык жүзөгө ашырылат.  

1. Кредиттик саясатта компаниянын кызматкерлери кредиттерди сунуштоодо, тариздөөдө, тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүүдө, аларды тескөөдө таянууга тийиш болгон стратегия, параметрлер жана жол-жоболор аныкталат.  

1. Компаниянын кредиттик саясаты төмөнкүдөй жоопкерчилик менен кредиттөө принциптерине негизденүүгө тийиш: ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук, тактык, катышуучуларга карата өнөктөштүк, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу. 

1. Кредиттик саясатта кредит берүүгө тиешелүү бардык төмөнкүдөй негизги талаптар чагылдырылууга тийиш:  

1) жалпы жоболор, анын ичинде:  

- потенциалдуу катышуучулардын курамы;   

- кредиттердин түрлөрү

- кредиттөөнүн сандык чеги;   

- кредиттөө мөөнөттөрү;   

- катышуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү критерийлери;   

- пайыздык чендер жана аларды белгилөө ыкмалары;  

- катышуучунун финансылык маалыматтарына карата талаптар;   

- географиялык чектөөлөр;   

- кредиттердин топтолушу (катышуучулардын тобу, географиялык белгилери, тармактары, валюталары жана башка факторлор боюнча);   

- аффилирленген жактарга жана/же компания менен байланыштуу жактарга берилүүчү кредиттер боюнча чектөөлөр;  

- күрөө наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү, анын ичинде кредитти тариздөө учурунда ошол күрөө предмети катышуучунун/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы болуп санала тургандыгына байланыштуу тобокелдиктерге баа берүү критерийлери;  

- кредит берүү жол-жоболорунун сакталышына контролдук;  

- кредит портфелинин активдерге карата катышы;  

- кредит портфелиндеги кредиттин ар бир түрүнүн салыштырма салмагы;  

- жана башкалар.  

1) кредитти тариздөө тартиби, анын ичинде:  

- документтердин формалары;  

- кредиттерди берүү тартиби;  

- кредит сунуштоону жактыруу тартиби; 

- финансылык талдап-иликтөөлөргө карата талаптар;  

- күрөөгө жана документтерге карата талаптар (күрөө түрлөрү, күрөөнүн кредитке карата катышы, рыноктук наркка баа берүү жана анын жайгашкан жери);  

- кредиттик келишимдин туура таризделишине контролдук.  

1) Кредит портфелин тескөө боюнча талаптар, анын ичинде: 

- кредит портфелин тескөө тартиби;  

- катышуучунун кредиттик таржымалынын алгылыктуу болушу; 

- кредиттик келишимдердин аткарылышына контролдук; 

- күрөөгө мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы;  

- мөөнөтү өтүп кеткен кредиттерди узартуу же калыбына келтирүү шарттары;  

- кредит портфелине көз карандысыз баа берүү процесси; 

- маалымат системаларына карата (отчеттуулукка) талаптар. 

1) максималдуу суммасын жана түрүн көрсөтүү менен кредит берүү боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү. Кредиттерди берүү жана компаниянын баланстан тышкаркы милдеттенмелерди алуу укугу кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарынын бир нече деңгээлине бөлүштүрүлүүгө тийиш, алар кредиттөө ишинде жол берилген кемчиликтер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат; 

1) кредиттөө процессине катышкан түзүмдүк бөлүмдөр ортосунда укуктарды өткөрүп берүү жана маалыматтарды сунуштоо боюнча милдеттер; 

1) "проблемалуу" кредиттерди аныктоо, аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аларга байланыштуу жагдайларды чечүү тартиби; 

1) үстү-үстүнөн кредит алууга бөгөт коюуга багытталган, баа берүү жана отчет түзүү системасын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү талаптары камтылган жооптуу кредиттөө принциптери (катышуучу катар милдеттенмелерге ээ болсо, анын ичинде бир нече финансы-кредит уюмдарында катар милдеттенмелери болсо, катышуучунун карыз оорчулугу анын милдеттенмесин тейлөө мүмкүнчүлүгүнөн артышы мүмкүн). 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген ченемдик талаптардын чегинде, компания Контракт боюнча турак жайга жыйым топтоо системасынын катышуучулар чөйрөсүн, кредиттердин түрүн өз алдынча аныктайт, кредит портфелин түптөйт жана пайыздык чендерди белгилейт. 

1. Компаниянын так жана кылдат иштелип чыккан кредит саясаты кредиттер менен алгылыктуу натыйжада иш алып барууга көмөктөшөт жана пайда алууну камсыз кылат.  

1. Компаниянын башкармасы кредиттик саясаттын жана кредиттик стратегиянын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат, бул үчүн кредиттик тобокелдиктерди аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясаттын жана жол-жоболордун иштелип чыгышын жана аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.   

1.  Компаниянын Директорлор кеңеши кредит саясатынын шайкештигин, лимиттер, инструменттер жана кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча жол-жоболор системасын, кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички аудит системасын кароого алып турууга милдеттүү. Мындан тышкары, тобокелдик профили өзгөртүлгөндүгүнө жараша кредиттик саясатты, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кароого алып турууга тийиш. 

1. Кредиттерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер кредиттик комитет тарабынан же комитет ченемдик укуктук актыларга ылайык укук чегерген адам тарабынан гана чечилүүгө тийиш, мында Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелер эске алынбайт.   

1. Аффилирленген жактарга жана/же компания менен байланыштуу жактарга кредит берүү Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш жана ал кредиттерди берүү чечимин жактыруу үчүн жоопкерчилик тартат. 

1. Мындан тышкары, кредиттик саясатта компаниянын Кредиттик комитетинин жана/же Башкармасынын кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктары чектөөлөрү менен чагылдырылууга тийиш. Кредиттик комитеттин кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча чечимдери Башкармага бир айда кеминде бир жолу жана Директорлор кеңешине чейрек ичинде кеминде бир жолу маалымдалып туруусу зарыл. Өзүндө ири кредиттик тобокелдикти камтыган кредиттерди эсептен алып салуу чечими Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынат.  

1. Компания кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички рейтинг системасын иштеп чыгууга тийиш. Тобокелдиктерге ички рейтинг системасы компаниянын ишкердик түрүнө, көлөмүнө жана татаалдыгына дал келүүгө тийиш. 

1. Компания, кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлерин катышуучуларынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, проблемалуу кредиттер боюнча иш алып баруу, ошондой эле башка кредиттөө маселелери, анын ичинде кардарлар, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам талаптары жана жооптуу кредиттөө принциптери боюнча коммуникацияны кошо алганда, мезгил-мезгили менен окутуудан өтүүсүн камсыз кылууга тийиш.  

 

2. КРЕДИТТИК КЕЛИШИМГЕ КАРАТА ТАЛАПТАР ЖАНА АНЫ ТҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

1. Компания менен анын катышуучусу ортосунда түзүлүүчү кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт (катышуучуга тил тандоо укугу сунушталат). Келишимдин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санына жараша болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, компания кредиттик келишимге карата бардык документтердин түп нускасынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.  

1. Кредиттик келишимдин тексти катышуучуга жеткиликтүү  жана түшүнүктүү  болушу абзел. Кардардын кредиттик келишимдин шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти боюнча жана анын тиркемелериндеги шрифт бирдей, кеминде 12 шрифт менен берилүүсү талап кылынат.  

1. Кредиттик келишимге кол коюуда компаниянын кызматкерлери кийин аны кайтарууда проблемалардын орун алышына жол бербөө максатында, кредитти сунуштоо жана төлөө шарттары боюнча түшүндүрмө берүүгө тийиш. 

1. Компания кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде алмаштырууга укуктуу эмес. Кредиттик келишимдин баштапкы шарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керектелсе кошумча макулдашуу түзүлөт.  

1. Кредитти жана кошуп эсептелген пайыздарды төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ал кредитти төлөө мөөнөтүн жана катышуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт. Мында кредит боюнча пайыздык төлөмдөр кредиттин негизги суммасынын калдыгына номиналдык пайыздык чен боюнча чегерилүүгө тийиш. Төлөө графигинде кредитти төлөө тартиби жана мөөнөттөрү толук чагылдырылууга жана ага эки тарап тең кол коюуга тийиш.   

1.  Кредиттик келишимде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:  

1) тараптардын аталышы;   

1) келишим предмети;  

1) кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү;  

1) кредитти сунуштоо шарттары, анын ичинде пайдалануу максатын, суммасын, пайыздык чендерин (номиналдык жана эффективдүү), төлөө тартибин жана мөөнөтүн, камсыздоо түрүн (эгерде болсо) көрсөтүү менен; 

1) катышуучунун укуктары жана милдеттери, анын ичинде кредиттик келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай койсо же талаптагыдай аткарбаса;  

1) Компаниянын укуктары жана милдеттери; 

1)  кредиттик бюрого кардар жөнүндө маалымат берүү шарттары;   

1)  катышуучу кредиттик келишим түзгөн учурдан тартып акча каражаттарын алганга чейин кредит алуудан акы төлөөсүз баш тартуу укугу;   

1)  кайтарууга чейинки кеминде отуз күн мурда компанияга алдын ала маалымдоо менен кандайдыр-бир айыптык санкцияларды төлөөсүз кайсыл болбосун убакта кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу; 

1) форс-мажордук жагдайлар орун алган учурдагы шарттар. 

1. Компаниянын катышуучусу менен кредиттик келишим түзүлгөндөн кийин жана ал акча каражаттарын алгандан кийин катышууга кеминде төмөнкү документтер сунушталууга тийиш:  

1) тараптар кол койгон кредиттик келишим, ага карата бардык документтер;   

1) кредиттик келишимге кошо тиркелүүчү төлөө күнү жана суммасы көрсөтүлгөн төлөө графиги; 

1) Улуттук банктын талаптарына ылайык, пайыздык чендерди белгилөө тартиби (эффективдүү жана номиналдык) кредиттик келишимде жылдык мааниде көрсөтүлүүгө тийиш. 

1. Катышуучунун кредиттик таржымалы (2-тиркеме) андан билдирме келип түшкөн учурдан тартып түзүлөт жана ага бул кредитке тиешелүү бардык документтер көктөлөт.  

1. Кредиттерге мониторинг жүргүзүүдө  компания тиешелүү Журналга жазууларды кошо алганда, аны менен жүргүзүлгөн бардык иш-чараларды документтештирүүсү жана алардын эсебин жүргүзүүсү зарыл. Өзгөчө, мындай эсепке алууну проблемалуу кредиттер менен иш алып барууда  жүргүзүү өтө маанилүү

1. Катышуучу менен иш алып барууда компаниянын ички документтеринде белгиленген жүрүм-турум нормалары сакталуусу зарыл. 

1. Компания ички ченемдик документтеринде катышуучу кредит алуу үчүн сунуштаган документтерди кароо мөөнөтүн белгилөөгө тийиш. 

1. Катышуучулар кеминде төмөнкү шарттарды сактаган учурда компания кредиттерди сунуштайт:  

- катышуучу карыздык каражаттарды пайдалануу максаттарын көрсөтүү менен кредит алууга билдирме менен кайрылган шартта;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, катышуучу төлөөгө жөндөмдүү болсо;   

- катышуучу компаниядагы топтоо эсебине акча каражаттарын топтоп, турак жай жыйым келишиминде белгиленген мөөнөттө кредит алуу билдирмеси менен кайрылса. 

1. Компанияда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу талаптары каралган маалымат менен иш алып баруу боюнча ички документтер иштелип чыгышы зарыл. Компаниянын кызматкерлери маалыматты топтоодо жана катышуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө мыйзам талаптарына ылайык маалыматтар кандай учурларда гана колдонула тургандыгын так чечмелеп, түшүндүрүүгө тийиш.   

1. Билдирмелерди карап чыгуу регламенти кеминде төмөнкү баскычтардан турууга тийиш:   

- катышуучулардын кредит алууга билдирмесин каттоо. Компанияда маалыматтын коргоого алынышын камсыз кылган, андан санкциясыз пайдаланууну жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарган коопсуздук системасы болгон шартта, электрондук түрдө реестр жүргүзүүгө жол берилет; 

- катышуучу билдирмеде көрсөткөн маалыматтарды текшерүү

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, алардын макулдугунун негизинде, бир же бир нече кредиттик бюродон катышуучу жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) жана компаниянын чечими боюнча катышуучу менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты талап кылууга. 

1. Компания кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын камсыз кылууга, анда камтылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга таркатбоого жана кредиттик отчетту мыйзамда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.  

1. Компания кредиттик отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат. Кредиттик бүтүмдөргө келишүүдө, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, компания бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүгө, ошондой эле белгиленген талаптарга ылайык кеминде бир кредиттик бюрого кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

1. Эгерде, кредит боюнча иш алып барган кызматкер же кредит берүү чечимин кабыл алууда катышкан кайсыл болбосун жак ошол катышуучуга кредит берүү боюнча чечим кабыл алууда катышууга жол берилбейт. 

1. Компаниянын кызматкерлери өз функционалдык милдеттеринин чегинде гана кардарлар менен өз ара иш алып барууга тийиш жана сый акы алуу менен катышуучуга кредит берүүдө ортомчу катары көмөктөшүү укугуна ээ эмес.  

 

2. КРЕДИТТИК КОМИТЕТ 

 

1.  Кредиттик саясатты жүзөгө ашыруучу орган катары компаниянын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган Кредиттик комитет саналат. 

1. Кредиттик комитеттин иши компаниянын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Кредиттик комитет жөнүндө жобого ылайык жөнгө салынат.  

1. Кредиттик комитет жөнүндө жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:   

- Кредиттик комитеттин ишин уюштуруу - курамы, отурумдарды өткөрүү тартиби, чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтер тизмеси; 

- Кредиттик комитеттин ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери

- Директорлор кеңешине отчеттордун берилишин жана кредиттөө маселелери боюнча Башкарма жана түзүмдүк бөлүмдөр менен өз ара иш алып баруу тартиби;  

-  Кредиттик комитеттин ар бир мүчөсү кабыл алган жана кол койгон чечимдери үчүн жоопкерчилиги.   

1. Кредиттик комитет кеминде үч адамдан турууга жана компаниянын Башкармасынын Төрагасы же Төраганын орун басарларынын бири тарабынан жетекчиликке алынууга тийиш.   

1. Кредиттик комитеттин курамына төмөнкүлөр кирүүгө тийиш: 

- компаниянын кредиттик бөлүмүнүн жетекчиси;  

- компаниянын юридика кызматынын жетекчиси;  

- Кредиттик комитеттин ишине катышуу учурунда алардын функционалдык милдеттери таламдардын каршы келишин шарттабаган башка кызматкерлер. 

58. Тобокелдик-менеджери Кредиттик комитеттин ишине эксперттик пикирин билдирүү үчүн, бирок аталган коллегиалдык органдын чечимдерин кабыл алууда добуш берүү укугусуз катыша алат.  

59. Чечим кабыл алууда катышкан комитеттин ар бир мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:  

- кароого алынып жаткан маселенин маңызын билүүгө;  

- кабыл алынып жаткан чечимдин компаниянын ишине таасирин терең түшүнүүгө;  

- кабыл алынган чечим тобокелдиктерди жана кесепеттерди шартташы мүмкүндүгүнө баа берүүгө.  

60. Комитеттин мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири же сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги добуш берүү учурунда маалымдалууга жана протоколдо чагылдырылууга тийиш. Протоколго отурумга катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Ал эми отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу менен танышып чыгуусу зарыл.   

61. Компаниянын тобокелдик-менеджери кеминде ай сайын Директорлор кеңешине кредиттик тобокелдиктин деңгээли жөнүндө отчетторду, анын ичинде аффилирленген жактарга жана/же компания менен байланыштуу башка жактарга берилген кредиттер боюнча тобокелдиктерге баа берүүнү сунуштоого тийиш. 

 

2. АКТИВДЕРДИ ЖАНА ПАССИВДЕРДИ ТЕСКӨӨ СИСТЕМАСЫНА КАРАТА ТАЛАПТАР  

 

62. Компаниянын Активдерди жана пассивдерди тескөө комитети компаниянын жалпы баланстык түзүмгө контролдукту, активдер жана пассивдер түзүмүнө мониторинг жүргүзөт, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген активдер жана пассивдерди тескөө саясатынын сакталышын камсыз кылат. Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетинин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Директорлор кеңеши тарабынан беиктилген комитет жөнүндө ички жобого ылайык жөнгө салынат.  

63. Активдерди жана пассивдерди тескөө комитети кеминде үч адамдан турат жана аны Башкарманын төрагасы жетектейт. Тобокелдик-менеджери аталган комитеттин ишинде добуш берүү укугу менен эксперттик пикирин билдирүү үчүн катышышы мүмкүн. 

64. Көз карандысыз тобокелдиктерди тескөө системасынын алкагында компания өз ишинин болжолдуу үлгүсүн иштеп чыгууга тийиш жана анда узак убакыт арылыгы, кеминде 15 жыл камтылышы зарыл, мында үлгүдөгү эсепке алуу мезгил аралыгы үч айдан аз болбоого тийиш. Мындай үлгүдө, түзүлгөн контракттарга ылайык кредит алууга билдирме түшкөн кандай болбосун учурда аны канаттандыруу үчүн ликвиддүү каражаттардын жетиштүүлүгүнө баа берүү максатында базалык сценарий жана тиешелүү стресс-тесттер каралууга тийиш. Зарыл учурларда, көзөмөл органынын талабы боюнча жогоруда белгиленген үлгү Улуттук банкка сунушталышы ыктымал. 

65. Базалык сценарийде, негизинен, белгилүү бир мезгил аралыгында күтүлүп жаткан рыноктук пайыздык чендерди эске алуу менен кирешелердеги жана ликвиддүүлүктөгү өзгөрүүлөр чагылдырылат. Стресс-тестирлөө сценарийинде рыноктук пайыздык чен же жаңы катышуучуларды тартуу сыяктуу айрым параметрлер базалык сценарийден четтеп, алар активдерди жана пассивдерди тескөө көз карашынан алгылыксыз катары таанылган жагдайлар камтылууга тийиш. 

66. Сценарийлердин жана стресс-тесттердин натыйжалары отчет формасында таризделип, анда натыйжалардын негизин түзгөн жол берүүлөр, параметрлер жана өз ара байланыш камтылууга тийиш, алар Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетинде кароого алынып, талапка ылайык документ катары түзүлүүсү зарыл. 

67. Болжолдуу үлгүнүн негизинде компания төмөнкүдөй негизги көрсөткүчтөрдү болжолдойт: 

1) күтүлүп жаткан кредиттер көлөмү (анын ичинде аралык); 

2) күтүлүп жаткан турак жай жыйымдардын көлөмү

3) башка милдеттенмелер жана инвестициялар көлөмү

4) административдик чыгашаларды кошо алганда, бардык чыгашалардын көлөмү

5) комиссиялык төлөмдөрдү кошо алганда, бардык кирешелердин көлөмү

6) операциялык иш жыйынтыгы; 

7) контракттарга ылайык, кредиттерге жайгаштыруу үчүн каралган каражаттардын көлөмү

68. Болжолдуу үлгүнүн сапатын текшерүү максатында, компания жылына кеминде бир жолу болжолдонгон көрсөткүчтөрдү айкын маалыматтар менен салыштырып текшерүүгө тийиш (back-testing). Бул талдап-иликтөөнүн жыйынтыгы Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетинин кароосуна сунушталышы зарыл, зарыл учурларда комитет үлгүнү корректировкалоо боюнча чечим кабыл алат.  

69. Ички аудит кызматы туруктуу негизде үлгүдөгү жол берүүлөр, божомолдоолор жана параметрлердин артыкчылыктарына баа берип, алар шайкеш ыкмалардын, талапка жооп берген деңгээлин негизинде жана компаниянын кардарларынын болжолдуу иш алып баруу сценарийин жана макроэкономикалык жагдайды эске алуу менен транспаренттик мүнөздө тандалууга, түшүндүрмө берилүүгө жана негизделүүгө тийиш. Кеминде төмөндө келтирилген стресс-тестирлөө сценарийлери кароого алынуусу зарыл: 

- рынокто пайыздык чендерди төмөндөөсү

- компаниянын продукттарына суроо-талаптын азайышы; 

- турак жай жыйымдар боюнча пайыздык чендер менен кредиттер боюнча пайыздык чендер ортосунда корреляция. 

70. Турак жай кредиттерине суроо-талапты өз убагында канаттандыруу максатында компания максаттуу (техникалык) камдарды түзүүгө укуктуу. Техникалык камдар компаниянын ички саясатына ылайык түзүлөт. Техникалык камдардын максималдуу өлчөмү компаниянын суммардык турак жай жыйым портфелинин 3% ашпоого тийиш.  

Мында, компания мындай камдарды түзүү жана пайдалануу боюнча тиешелүү ченемдик документтерди иштеп чыгууга тийиш.  

71. Активдерди жана пассивдерди тескөө максатында компания, тиешелүү тобокелдиктерди контролдукка алууга, үлгүлтүксүз балансты жана белгиленген параметрлер ортосунда өз ара байланышты камсыз кылууга, ошондой эле компания рыноктук шарттарды эске алуу менен сунуштаган продукттарга кызыгууну колдоого алууга мүмкүндүк берген ар кандай коэффициенттерди иштеп чыгууга жана эсептөөгө укуктуу. 

72. Катышуучуга кредит бөлүштүрүү учуруна карата катышуучунун турак жай жыйым эффектиси менен компаниянын кредит эффектине карата катыш коэффициенти кеминде 0,4 түзүүгө тийиш. Катышуучунун турак жай жыйым эффектиси, кредитти бөлүштүрүү учуруна карата мезгил ичинде топтолгон турак жай жыйым боюнча пайыздык кирешенин турак жай жыйым боюнча ченге карата катышы катары эсептелет. Компаниянын кредит эффектиси, кредиттин бүтүндөй мөөнөтү үчүн эсептелген, сунушталып жаткан кредит боюнча пайыздардын кредит боюнча ченге карата катышы катары эсептелет.  

73. Катышуучулардын жамааттык турак жай жыйымдарынын компаниянын кредиттерине карата коэффициенти, компания календардык жыл ичинде төлөп берген катышуучулардын турак жай жыйым суммаларынын тиешелүү календардык жыл ичинде берилген кредиттердин суммасына карата катышы болуп саналат. Минималдуу баа берүү көрсөткүчтөрү же бөлүштүрүү үчүн тиешелүү алдын ала башка шарттар, узак мөөнөттүү келечекте катышуучулардын аманат суммаларынын компаниянын кредиттерине карата катышынын кеминде 1,0 өлчөмүндө түзүлүшүн шарттоого тийиш. 

74. Аралык кредиттер, компаниянын бөлүштүрүлүүчү фондунун 65% ашпоого тийиш. Бөлүштүрүлүүчү фонд катышуучулардан кабыл алынган турак жай жыйымдардын жана тартылган узак мөөнөттүү кредиттер/насыялардын жалпы суммасына барабар болот, алар сунушталган кредиттик суммаларды алып салганда, катышуучу менен түзүлгөн башкы келишим шарттарына ылайык кредиттерди сунуштоо үчүн каралган.  

 

2. ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕР 

 

75. Улуттук банк алдыга коюлган максаттарга жетишүүсү жана милдеттерди аткаруусу үчүн Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом менен ушул жободо белгиленген Компанияга болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилүү бир мөөнөткө маанисин өзгөртүшү мүмкүн. 

76. Жободо көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу, тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, компания Улуттук банк тарабынан белгиленген максималдуу чектерден төмөн жана минималдуу чектерден жогору болууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча ички чектерди белгилөө сунуш кылынат. 

Компания өздүк капиталын эсептөө (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлөт:  

- жөнөкөй акциялар мыйзамдарда белгиленген шарттарды канааттандырган компаниянын чыгарылган жана толугу менен төлөнгөн жөнөкөй акциялары; 

- номиналдан үстөк салынган капитал» - компаниянын акцияларын сатуу баасы менен алардын номиналдык наркынын ортосундагы айырма; 

Номиналдан үстөк салынган капитал дивиденддер түрүндө акционерлерге бөлүштүрүлбөйт жана компанияда калат.   

Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдашуусу боюнча номиналдан үстөк салынган капитал уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды так сактоо максатында гана уставдык капиталды көбөйтүүгө колдонулушу мүмкүн.   

- жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан төлөнгөн уставдык капиталдан үстөк салынган каражаттар. Бул каражаттарды салуу зарылчылыгы компаниянын өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же экономикалык ченемдер боюнча Улуттук банктын талаптарын аткарбай койгон учурда гана келип чыгат. Бул каражаттар, эгерде компанияда жеке адамдар жана юридикалык жактар акцияларды сатып алуунун эсебинен төмөнкү шарттарда каражат салуусу жөнүндө компания менен келишим түзгөн шартта гана чегерилет: кайтарылып алынгыс (кандай болбосун жагдайга карабастан), салынган каражаттарга мөөнөттөрдү белгилөөсүз, ошондой эле компания банкрот абалында калган шартта, ушул каражаттар боюнча талаптар компаниянын акционерлери үчүн белгиленген кезекте эле канааттандырылат. Кошумча капиталдын көлөмү компания аталган талаптар жана ченемдер боюнча минималдуу маанилерди аткарууга жетиштүү болууга тийиш. Кийинчерээк, жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан кошумча салынган каражаттар жөнөкөй жана/же артыкчылык берилген акцияларга кайра өзгөртүлүп түзүлүүгө, ал эми ушул адамдардын өзү сунушталган каражаттардын суммасына чыгарылып жаткан акцияларды сатып алууга талашсыз укукка ээ болууга тийиш; 

- келечектеги керектөөлөр үчүн камдар салык алынгандан кийин келечектеги жана/же күтүлбөгөн жагдайларга пайдадан түзүлгөн камдар;  

- өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы/чыгымы өткөн жылдардагы салык алуулардан, жарыяланган дивиденддерди төлөп берүүдөн жана башка капиталдык каражаттарга бөлүштүрүлгөндөн кийинки таза пайданын (чыгымдын) калдыгы;  

- өтүп жаткан жылдын чыгымдары компания өтүп жаткан жылдагы чыгымдары.  

Компания менен байланыштуу болбогон бир катышуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.1) 20%дан ашпоого тийиш.  

Компания менен байланыштуу болгон бир катышуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.2) 15%дан ашпоого тийиш.  

Бир катышуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

К1 = ЧК / ТСК * 100,  

мында:  

ЧК катышуучунун кредиттер, баланстан тышкаркы милдеттенмелер (компанияга жана анын катышуучусуна кредит берүү боюнча милдеттенмелер), ошондой эле маңызы боюнча кредиттик алмаштыруучу болуп саналган башка берилген каражаттар боюнча чогуу алгандагы карызынын өлчөмү. Катышуучулардын бардык карызы, бир катышуучуга карата максималдуу тобокелдик ченемин эсептөөдө суммаланып, эгерде бир катышуучунун карызды кайтарбай коюусу башка катышуучунун карызынын кайтарылбай калышына алып келсе, бирдиктүү чогуу алгандагы карыз катары каралат. Мында, ар башка катышуучулардын карызын кароодо, аларды бир тобокелдик катары суммалоодо катышуучулардын өз ара байланыштуулук деңгээлин, ипотекалык рыноктун абалын, катышуучулардын кредиттик таржымалын, карыздын ордун жабуунун болжолдонуп жаткан шарттарын жана башкаларды эске алуу талап кылынат;  

ТСК компаниянын таза суммардык капиталы, аны эсептөө тартиби “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө” нускоосуна ылайык аныкталат.  

Эгерде таза суммардын капиталдын мааниси нөлгө барабар же терс мааниде болуп калса, анда бир катышуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми эсептелбейт жана ченем так сакталган эмес катары каралат. 

Эгерде ошол катышуучунун чогуу алгандагы карыз өлчөмүнүн көбөйүүсү бир катышуучуга карата максималдуу тобокелдик ченеминин жол берилген маанисинин бузулушуна алып келсе, компания бир катышуучуга жана аны менен байланыштуу жактарга кредиттерди жана ага теңештирилген активдерди, баланстан тышкаркы милдеттенмелерди берүүгө тийиш эмес.  

77. Капиталдын шайкештик ченеми (К 2)  

Компаниянын капиталынын шайкештик ченеми (К 2) төмөнкүдөй эки коэффициент боюнча аныкталат:  

К2.1. Суммардык капиталдын шайкештик коэффициенти кеминде 12 % болууга тийиш;  

К2.2. Биринчи деңгээлдеги капиталдын шайкештик коэффициенти кеминде 6% болууга тийиш; 

Левераж (К2.3) - кеминде 8%. 

Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттары жана аларды эсептөө тартиби Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аныктоо жөнүндө” нускоого ылайык аныкталат.  

78. Ликвиддүүлүк ченеми (К 3).  

Ликвиддүүлүк ченеми кеминде 45% деңгээлде колдоого алынып туруусу зарыл.  

Ликвиддүүлүк ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

К3 = ЛА / О * 100%,  

мында,  

ЛА ликвиддүү активдер, ага:  

- кассадагы нак акча каражаттары;  

- эсептешүү жана депозиттик эсептердеги каражаттар;  

- мамлекеттик, ипотекалык баалуу кагаздар, Улуттук банктын ноталары. Ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө бул баалуу кагаздар сый акыны (дисконтту), сатып өткөрүлбөгөн пайданы (чыгымды) минуска чыгаруу менен эсептелинет;  

О - компаниянын милдеттенмелери, ликвиддүүлүк ченемин эсептөө үчүн аларга төмөнкүлөр кирет:  

- катышуучулардын турак жай жыйымдары, ошондой эле эсептөөлөрдөгү акча каражаттары;  

- кайсы болбосун башка милдеттенмелер, ошондой эле баланстан тышкаркы милдеттенмелер, алар боюнча эсептөөлөр отчеттук күндөн кийинки 30 күн ичинде келип жетет.  

79. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчет (К 1, 2, 3) ушул жобого карата 3-тиркемеге ылайык ар айлык негизде Улуттук банкка сунушталууга тийиш. 

80. Компаниянын турак жай жыйымдары боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К 5) төмөнкү формула боюнча эсептелинет:   

К5.1 = ТСК / СЖВ * 100 %,  

мында,   

СЖВ  турак жай жыйымдардын суммасы.    

Бул ченем, ошондой эле анын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими боюнча белгиленет. 

Компания турак жай жыйымдар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К5.1) күндөлүк негизде так сакталууга тийиш.   

Компания күн сайын саат 9:00гө чейин өткөн операциялык күндүн акырына карата абал боюнча компаниянын турак жай жыйымдары боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин сакталышы жөнүндө 3-тиркемеге ылайык отчетту электрондук түрдө Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

Компаниянын төрагасынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн бул отчет кагаз жүзүндө да Тышкы көзөмөл башкармалыгына сунушталат.   

81. Өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмү уставдык капитал өлчөмүнүн 90%дан төмөн болбоого тийиш. 

82. Компаниянын экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактабаган, алардын учурунда берилбей же такталбаган жана/же толук эмес маалыматтарды берген, ошондой эле экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчетторду жарыялоо мөөнөттөрүнүн сактабаган учурда, Улуттук банк ага карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

83. Күрөө менен камсыз болбогон, аралык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү компаниянын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 50%ынан ашпоого тийиш. Мындай кредиттерди берүүдө компания катышуучунун сапаттуу финансылык отчетунан жана кредиттер берилгенге чейинки узак убакыт ичинде (алардын узактыгы кеминде 12 айды түзгөн, 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредиттерди эске албаганда, кеминде эки жыл) катышуучу менен иш алып баруунун кредиттик таржымалынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.  

84. Күрөө предметин (кыймылсыз мүлктү) сатып өткөрүү компаниянын кредит боюнча жоготууларын компенсациялабайт экендиги тобокелдиги К/К (Кредит/Күрөө) коэффициенти, башкача айтканда күрөөгө берилүүчү кыймылсыз мүлктүн наркы менен кредит суммасынын (негизги карыз суммасы) катышы менен аныкталат). К/К коэффициентинин сунушталган өлчөмү 60%дан ашпайт. 

85. Компания өз ыңгайына жараша турак жайдын (кыймылсыз мүлктүн) ордуна күрөөнү алмаштырганды кабыл алышы мүмкүн. Ал боюнча алмаштыруучу күрөөлүк камсыздоо сунушталган кредиттердин үлүшү кредиттер боюнча карыздын жалпы суммасынын 30%ынан аша албайт. 

 

2. КОМПАНИЯНЫН ОТЧЕТУ 

 

86. Компаниянын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүктү жүргүзүү максатында, компания отчетту ушул жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча кагаз жүзүндө жана электрондук формада Улуттук банкка ай сайын 12сине чейин берүүгө тийиш. 

87. Компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык өз операцияларына бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүгө жана финансылык отчетту түзүүгө тийиш.  

88. Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген компаниянын эсепке алуу саясатында компаниянын финансылык отчетун түзүү тартиби камтылууга тийиш. 

89. Компания бухгалтердик эсепке алууда жана отчетторду түзүүдө колдонулган документтердин так эсепке алынышын жана алардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

90. Компаниянын иши тууралуу жылдык отчетто төмөнкүлөр камтылат:  

1) компаниянын финансылык отчету;  

1) Компаниянын отчеттук мезгил ичиндеги иши тууралуу маалымат;  

1) Компания тарабынан аныкталган башка маалымат. 

91. Аудитордук корутунду менен бирге финансылык отчетту жарыялоо жана кошумча жарыялоо аудитордук текшерүү аяктагандан жана финансылык отчетту отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен бекитилгенден кийин жана “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүгө карата талаптар жөнүндө” жободо көрсөтүлгөн башка талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат. 

92. Улуттук банктын талаптарынын сакталбагандыгы, так эмес маалыматтардын берилгендиги, маалыматтардын жана отчеттордун убагында берилбегендиги же такыр берилбегендиги же болбосо Кыргыз Республикасындагы мыйзамдарды бузууга жол берилгендиги фактылары аныкталган учурда, Улуттук банк колдонуудагы Кыргыз Республикасындагы мыйзамдарга жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобого ылайык таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

 

2. ФИНАНСЫЛЫК ИШТИН АУДИТИ 

 

93. Компаниянын иши аудиттин Кыргыз Республикасында таанылган эл аралык стандарттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жыл сайын тышкы аудитордук текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш. 

94. Компаниянын тышкы аудитору алгылыксыз иш-аракеттеринен сыяктуу эле, жол берилген каталардан улам, келип чыккан олуттуу бурмалоолорго жол берүү тобокелдигин аныктоо жана баа берүү максатында, компаниянын ички контролдук системасы, ошондой эле ички аудит кызматы тарабынан аныкталган көйгөйлүү маселелер боюнча маалыматтарды алуу максатында компаниянын ички аудит кызматынын кызматкерлери менен пикир алышат. компаниянын тышкы аудитору компаниянын ички аудит кызматынын бардык материалдарынан жана отчетторунан пайдалана алат.  

95. Компания төмөнкү аныктамаларды эске алуу менен Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тышкы аудитти ишке тартуу боюнча ички ченемдик документтерди иштеп чыгууда:   

- компаниянын тышкы аудиторун тандоо критерийлеринин тизмеги;   

- тышкы аудиторду ишке тартуу шарттары;   

- аудитордук уюмдун финансылык отчетко аудит жүргүзүү кызмат көрсөтүүсүнө, ошондой эле компанияга аудитордук эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн төлөм жүргүзүү тартиби жана шарттары.  

96. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын так сактоо менен аудитордук уюмду тандоо өз алдынча компания тарабынан жүзөгө ашырылат. 

97. Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук иш алып баруу укугуна тиешелүү лицензияга жана финансы-кредит уюмдарына 3 жылдык аудит жүргүзүү тажрыйбасына ээ аудитордук уюм гана компаниянын тышкы аудитору боло алат. 

98. Компаниянын ишине тышкы аудит жүргүзүүдө КОМПАНИЯнын тышкы аудитору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жободо белгиленген чектөөлөрдү так сактоого тийиш.  

99. Компаниянын тышкы аудитору көз карандысыз, объективдүү жана таламдардын каршы келип калышы деп эсептөөгө негиз берген кырдаалдардан оолак болууга тийиш.  

100. Тышкы аудитор компаниядан көз карандысыз болууга тийиш дегенден улам, анын аудитордук корутундусунун жыйынтыгына, тыянактарга жана тышкы аудитор өз пикирин билдиришине сырттан кимдир-бирөөнүн таасирин жокко чыгарган шартта өз алдынча иш алып баруу жөндөмдүүлүгүн түшүнүү зарыл. тышкы аудитти жүргүзүү жөнүндө келишимде аудитордук уюмдун өзү же анын кайсы бир аудитору же аудитордук текшерүүнүн курамына кирген башка кызматкери, компанияда эч кандай кызыкчылыкка ээ эмес экендиги, ага көз каранды эместиги, компания жана анын кызматкерлери менен эч кандай мамилеси жоктугу тууралуу билдирүүсү чагылдырылууга тийиш.  

101. Компания финансылык жыл аяктагандан кийин жаңы жыл башталгандан тартып 90 (токсон) күндөн кечиктирбеген мөөнөттө компанияга тышкы аудит жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү

102. Компания финансылык жыл аяктагандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:  

1) Улуттук банкка аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен бирге финансылык отчетту жана аудитордун компания жетекчилигине тиешелүү катын акционерлердин жылдык жалпы жыйыны өткөрүлгөнгө чейинки беш жумуш күнүнүн ичинде берүүгө;  

2) акционерлердин жалпы жыйыны тарабынан компаниянын жылдык финансылык отчетунун жаңы финансылык жыл башталгандан тартып токсон күндөн кечиктирбестен бекитилишин камсыз кылууга;  

3) Улуттук банкка акционерлердин жалпы жыйынында бекитилген финансылык отчет жана аудитордун компаниянын жетекчилигине жазган каты менен бирге аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз беш күндөн кечиктирбестен берүүгө;   

4) Компаниянын жылдык финансылык отчетун (анын ичинде консолидацияланган отчетту) аудитордук корутунду менен бирге жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз жыйырма күндөн кечиктирбестен, Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте жана формада жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого

 

 

 

1-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

A1. Компаниянын турак жай курууга же сатып алууга кредит берген иши (кыскача отчет)  

Компаниянын аталышы:   

Отчет түзүлгөн күн:   

  

  

  

  

Катышуучулар тууралуу маалыматтардын саны  

  

Отчеттук мезгил ичиндеги жаңы катышуучулар тууралуу маалыматтар  

  

  

  

  

  

Берилген кредиттердин саны  

  

Турак жай жыйымдар саны тууралуу маалыматтар  

  

  

  

  

  

Кыргыз Республикасынын областтары боюнча бөлүп көрсөтүлгөн кредиттерди талдап-иликтөө 

  

Кыргыз Республикасынын областтары боюнча бөлүп көрсөтүлгөн турак жай жыйымдарга талдап-иликтөө 

  

- Бишкек шаары 

  

- Бишкек шаары 

  

- Чүй областы 

  

- Чүй областы 

  

- Нарын областы 

  

- Нарын областы 

  

- Ош областы  

  

- Ош областы 

  

- Талас областы  

  

- Талас областы 

  

- Ысык-Көл областы  

  

- Ысык-Көл областы  

  

- Жалал-Абад областы  

  

- Жалал-Абад областы  

  

- Баткен областы  

  

- Баткен областы 

  

 

  

  

  

B1  Катышуучулардын жана колдонуудагы кредиттик келишимдердин саны тууралуу маалымат  

Кредитордун аталышы   

Катышуучулар 

Учурдагы кредиттер 

Ар бир кредиттик келишим боюнча карыз суммасы 

Колдонуудагы кредиттердин жалпы суммасы  

  

  

 

  

  

B2  Турак жай жыйымдардын саны тууралуу маалымат 

 Аталышы  

Катышуучулар  

Турак жай жыйым келишимдердин саны  

Ар бир турак жай келишими боюнча топтолгон каражаттардын суммасы  

Топтолгон каражаттардын жалпы суммасы  

  

  

 

   

  

 

C1  Компаниянын кредиттик ишине талдап-иликтөө жаңы берилген кредиттер (акыркы отчеттук мезгил ичинде)  

Кредитордун аталышы 

  

Берилген кредиттер - саны  

  

  

  

Кредиттик келишимдер - Бишкек шаары жана областтар боюнча өзүнчө  

жалпы карыз суммасы 

Берилген кредиттердин көөлөмү 

  

  Бишкек шаары 

Нарын областы 

 Чүй областы 

 Ош областы  

 Талас областы  

Ысык-Көл областы  

Жалал-Абад областы  

Баткен 

областыть  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

C2 - Компаниянын турак жай жыйым ишине талдап-иликтөө жаңы салымдар (акыркы отчеттук мезгил ичинде)  

Аталышы  

  

Турак жай жыйым келишимдери - саны 

  

  

  

Турак жай жыйым келишимдери  Бишкек шаары жана областтар боюнча өзүнчө топтолгон каражаттардын жалпы суммасы  

Топтолгон акча каражаттардын көөлөмү 

  

  Бишкек 

Нарын областы 

 Чүй областы 

 Ош областы  

 Талас областы  

Ысык-Көл областы  

Жалал-Абад областы  

Баткен 

областыть  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

C3  Кредиттик ишти талдап-иликтөө берилген кредиттер суммасы боюнча бөлүп көрсөтүлгөн берилген кредиттер (миң сом) 

Кредитордун аталышы  

Берилген кредиттер - саны  

Келишимдердин наркы (саны) 

0-500,0  

501,0-1000,0  

1001,0-1500,0  

1501,0-2000,0  

2001,0-2500,0  

 

 

 

 

 

 

 

   

C4  Кредиттик ишти талдап-иликтөө кредиттик келишимдин колдонуу мөөнөтү боюнча бөлүп көрсөтүлгөн жаңы берилген кредиттер  

Кредитордун аталышы  

Берилген кредиттер 

Саны 

 

8 жыл 

10 жыл 

15 жыл 

Interim 

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

C5  Турак жай-жыйым ишин талдап-иликтөө жыйым топтоо колдонуу мөөнөтү боюнча бөлүп көрсөтүлгөн жаңы турак жай жыйым келишимдер  

Аталышы  

Турак жай жыйымдар 

Саны 

3 жыл 

5 жыл 

10 жыл 

  

  

 

 

 

  

  

 

 

 

 

 

 

 

C6  Турак жай-аманат ишин талдап-иликтөө катышуучулардын турак жай жыйым келишимдерине ылайык суммалар боюнча бөлүп көрсөтүлгөн ар айлык төлөмдөрү (миң сом),  

Аталышы  

Турак жай жыйымдар - саны  

Келишимдердин наркы (саны) 

0-10,0  

11,0-20,0  

21,0-30,0  

31,0-40,0  

41,0-50,0  

50,0дөн жогору 

 

 

 

 

 

 

 

 

D1  Кредиттин аткарылышына талдап-иликтөө келишимдердин саны боюнча бөлүп көрсөтүлгөн мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер  

Кредиттер боюнча (миң сом) 

Келишимдердин саны  

Акыркы төлөм жүргүзүлгөн учурдан тартып мөөнөтүндө төлөнбөй калган кредиттер тууралуу маалымат (негизги сумма, пайыздар, айыптар жана туумдар)  

Бардыгы болуп  

Күндөлүк  

1-29 күн  

30-59 күн  

60-89 күн  

690-179 күн  

190 жана андан көбүрөөк күндөр  

Эсептен алынып салынган кредиттер  

 0-500,0 

  

  

  

  

  

  

  

  

501,0-1000,0 

  

  

  

  

  

  

  

  

1001,0-1500,0 

  

  

  

  

  

  

  

  

1501,0-2000,0 

 

 

 

 

 

 

 

 

2001,0-2500,0 

 

 

 

 

 

 

 

 

  2-тиркеме  

 

 

 

Компания катышуучусунун кредиттик таржымалына карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

I. Катышуучу тууралуу жалпы маалымат  

1. Катышуучу тарабынан кол коюлган кредит алууга билдирме, ал төмөнкү маалыматты камтууга тийиш:  

- катышуучунун аты-жөнүн; 

- катышуучунун жашаган жеринин толук дареги, телефон номери;  

- иштеген жери жана иш түрүн;  

- кредиттин суммасы, валютасы жана мөөнөтү;  

- турак жай кредитинин максаты;  

- кредиттин ордун жабуу булактары жана аны төлөө планы;  

- сунушталуучу күрөө;  

- компанияга; кредит алууга буга чейинки билдирме берүүлөр, акыркы эки жыл ичинде алынган/төлөнгөн кредиттер жөнүндө маалыматтар 

- катышуучунун өзү тууралуу кредиттик отчетту берүүгө макулдугу;  

- компаниянын ыңгайына жараша башка маалыматтар.  

2. Катышуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөө.  

2.1. Кредиттик бюродон катышуучуга кредиттик отчет.  

3. Акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында компания, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы жөнүндө маалымкат, катышуучу иштеген уюмдун аталышы, кызматы, иштеп жаткан мөөнөтү, же кирешелери жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер.  

4. Кредиттик келишим мамлекеттик жана расмий тилдерде (кайсы тилде түзүлөөрүн тандоо укугун компаниянын катышуучусуна берүү менен) түзүлүүгө тийиш.  

5. Катышуучуну идентификациялоого мүмкүн боло турган, инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү.  

6. Компаниянын тиешелүү органынын кредит берүү жөнүндө чечими.  

7. Катышуучу менен байланышты эсепке алуу, анда ар бир байланыш боюнча төмөндөгү маалымат чагылдырылууга тийиш:  

- байланыштын күнү;  

- байланыштын түрү (баарлашуу, телефон аркылуу сүйлөшүү);  

- байланыш шарттары (кызматкердин аты-жөнү, сүйлөшүүнүн мазмуну);  

- натыйжасы.  

8. Катышуучу менен кат алышуу (бардык кат-кабарларды кошо тиркөө менен).  

9. Документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар ж.б.у.с.) менен тастыкталган максаттуу колдонулушу тууралуу отчет. 

 

II. Күрөөлүк документтер  

10. Күрөө жөнүндө келишим мамлекеттик же расмий тилдерде (кайсы тилде түзүлөөрүн тандоо укугун компаниянын катышуучусуна берүү менен) түзүлүүгө тийиш.  

11. Күрөөлүк мүлктүн сертификаттары, күбөлүктөрү жана башка квалификациялык документтери.  

12. Күрөөлүк мүлккө менчик укугун тастыктаган документтер жана күрөө коюучунун күрөө келишиминин шарттары менен макул болуусу.  

13. Сатып алуу баасын тастыктаган документтер. 

14. Төмөндөгү маалыматтарды чагылдыруу менен күрөөгө баа берүүнү тастыктаган документтер:  

- күрөөнүн бааланган наркы;  

- баа берилген күн;  

- баа берүү ким тарабынан жүргүзүлгөндүгү;  

- баа берүү ыкмасы.  

15. Күрөө келишиминин каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтер (эгерде күрөө катталууга тийиш болсо же компания каттоодон өтүүнү талап кылса).  

16. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык (эгерде күрөө катары турак жай болсо) турак жайларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси). 

17. Күрөөнү текшерүү актысы, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:  

- күрөө текшерилген күн;  

- күрөө түрү;  

- күрөөгө баа берилген күн;  

- баа берүү ыкмасы;  

- күрөөнүн жайгашкан жери;  

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары;  

- күрөөнүн бааланган наркы;  

- күрөөнү мезгил-мезгили менен текшерүү графиги.  

18. Компаниянын ыңгайына жараша башка маалыматтар.  

III. Гарантиялар же кепилдиктер  

19. Тиешелүү кредиттик келишимди, гарантия бериле турган сумманы, гарантиянын аяктаган күнүн көрсөтүү менен кат жүзүндөгү гарантиялар же кепилдиктер.  

20. Гаранттын тиешелүү органынын гарантияны берүү жөнүндө чечими.  

21. Кепилдик берүүчүнүн жолдошунун/жубайынын (эгерде болгон болсо) кепилдик берүү жөнүндө макулдугу.  

22. Гаранттын уюштуруу документтери.  

23. Гаранттын акыркы жыл үчүн финансылык отчету (эгерде гарантия жалгыз камсыздоо болуп саналса).  

24. Акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында компания, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акылары жөнүндө маалымкат же кирешелер жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер. 

25. Гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө.  

 

 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы  

Белгилөө 

Ченемди эсептөө 

Ченемдин айкын мааниси  

Ченемдик белгиленген мааниси  

Белгиленген ченемден четтөө  

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

К1.1 

СЗ 

  

  

  

20% ашпаган өлчөмдө  

  

ЧСК  

 

  

К1.2 

СЗ 

 

  

  

15% ашпаган өлчөмдө 

  

ЧСК  

 

  

Капитал шайкештигинин ченеми  

К2.1 

ЧСК  

  

  

  

кеминде 12% 

  

ЧРА 

 

  

К2.2 

ЧКПУ 

 

  

  

кеминде 6% 

  

ЧРА 

 

  

К2.3 

ЧСК  

 

  

  

кеминде 8% 

  

СА 

  

  

Ликвиддүүлүк ченеми 

К3 

ЛА 

  

  

  

кеминде 45% 

  

ОБ 

  

  

3-тиркеме 

 

Отчеттук мезгил үчүн орточо маани  

1-жума 

2-жума 

3-жума 

4-жума 

5-жума 

Бардыгы болуп 

ЛА Ликвиддүү активдер 

  

  

  

  

  

  

ОБ КОМПАНИЯнын милдеттенмелери  

  

  

  

  

  

  

Ченем К3=ЛА/ОБ 

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Турак жай жыйымдар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин сакталышы тууралуу күндөлүк отчет (К 5)  

Күнү 

К 5.1 

ТСК 

СДФЛ 

Айкын  

маани 

01.04.2007 

  

  

  

02.04.2007 

  

  

  

03.04.2007 

  

  

  

04.04.2007 

  

  

  

… 

  

  

  

… 

  

  

  

… 

  

  

  

30.04.2007