Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 “Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна 

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 “Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

- 8-пункт төмөнкү мазмунда берилсин: 

“8. Электрондук акчаны пайдалануу менен акцептанттардан кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатып алуу операцияларын ишке ашырууга, нак акча каражаттарын алууга, электрондук акчаларды бир электрондук капчыктан экинчисине которууга жана банктык эсепке электрондук акчаны которуу аркылуу алардын ордун жабууга болот. Чек ара аркылуу электрондук акча которууларда электрондук капчыктын ээси алуучу же жөнөтүүчү идентификацияланган болушу керек.”; 

- төмөнкү мазмундагы 8-1-пункту менен толукталсын: 

“8-1. Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операциялардын бардыгы электрондук капчыктан гана ишке ашырылышы керек. Товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн абонентинин өздүк эсебинен товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн негизги ишмердүүлүгүнүн чегинде ишке ашырылган өздүк төлөмдөрүнөн башка төлөмдөрдү ишке ашырууга тыюу салынат.”; 

- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“9. Электрондук капчык нак же нак эмес акча каражаттары, ошондой эле төмөнкү инструменттерди колдонуу аркылуу толукталышы мүмкүн: 

- банктык эсепти колдонуу; 

- өзүн өзү тейлөө автоматташтырылган терминалдар (cash-in); 

- идентификацияланган электрондук капчыктан которуу; 

- банк эсебин ачуусуз акча которуу системасы; 

- агенттик тармак.”; 

- төмөнкү мазмундагы 9-1-пункту менен толукталсын: 

“9-1. Товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн абонентинин өздүк эсебинен, ошондой эле товар/кызмат үчүн алдын ала төлөнгөн акыны кайра кайтаруу жолу менен кайтарылган акча каражаттары менен электрондук капчыкты толуктоого тыюу салынат.”; 

- төмөнкү мазмундагы 26-1-пункту менен толукталсын: 

“26-1. Оператор электрондук капчыктын ээлери электрондук акчалардын калдыктарын сактоого жана электрондук акчаларды колдонуу менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк каралган механизмди камсыздоого милдеттүү. Электрондук акчанын калдыктарын электрондук капчыктан башка формада сактоо механизмдерин колдонууга тыюу салынат.”. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 “Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА  

 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

8. Электрондук акчаны пайдалануу менен акцептанттардан кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатып алуу операцияларын ишке ашырууга, нак акча каражаттарын алууга, электрондук акчаларды бир электрондук капчыктан экинчисине которууга жана банктык эсепке электрондук акчаны которуу аркылуу алардын ордун жабууга болот. 

8. Электрондук акчаны пайдалануу менен акцептанттардан кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатып алуу операцияларын ишке ашырууга, нак акча каражаттарын алууга, электрондук акчаларды бир электрондук капчыктан экинчисине которууга жана банктык эсепке электрондук акчаны которуу аркылуу алардын ордун жабууга болот. Чек ара аркылуу электрондук акча которууларда электрондук капчыктын ээси алуучу же жөнөтүүчү идентификацияланган болушу керек. 

8-1. Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операциялардын бардыгы электрондук капчыктан гана ишке ашырылышы керек. Товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн абонентинин өздүк эсебинен товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн негизги ишмердүүлүгүнүн чегинде ишке ашырылган өздүк төлөмдөрүнөн башка төлөмдөрдү ишке ашырууга тыюу салынат. 

9. Электрондук капчык нак же нак эмес акча каражаттары, ошондой эле банктык операцияларды жана акча которууларды пайдалануу менен толукталышы мүмкүн. 

9. Электрондук капчык нак же нак эмес акча каражаттары, ошондой эле төмөнкү инструменттерди колдонуу аркылуу толукталышы мүмкүн

- банктык эсепти колдонуу; 

- өзүн өзү тейлөө автоматташтырылган терминалдар (cash-in); 

- идентификацияланган электрондук капчыктан которуу; 

- банк эсебин ачуусуз акча которуу системасы; 

- агенттик тармак. 

9-1. Товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн абонентинин өздүк эсебинен, ошондой эле товар/кызмат үчүн алдын ала төлөнгөн акыны кайра кайтаруу жолу менен кайтарылган акча каражаттары менен электрондук капчыкты толуктоого тыюу салынат. 

26-1. Оператор электрондук капчыктын ээлери электрондук акчалардын калдыктарын сактоого жана электрондук акчаларды колдонуу менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк каралган механизмди камсыздоого милдеттүү. Электрондук акчанын калдыктарын электрондук капчыктан башка формада сактоо механизмдерин колдонууга тыюу салынат.