Кайта келүү

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын «___»_______ №__ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобонун: 

1. бүтүндөй тексти боюнча «төлөм карттары» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө жана сан формасында «банктык төлөм карттары» дегенге алмаштырылсын; 

2. 1-главадагы: 

- 1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Калкка банктын атынан чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган чекене агенттерди ишке тартуу жана офистен тышкаркы банкинг (branchless banking) инфраструктурасын түзүү аркылуу финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу ишин жүзөгө ашырууда коммерциялык банктарга (мындан ары банк) карата негизги талаптарды аныктоо «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобонун (мындан ары Жобо) максаты болуп саналат.»; 

- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Ушул жобонун талаптары банктын атынан Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында микрофинансылык уюмдар жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө», «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарына (мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары), ушул жобого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык калкка банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзгөн банктарга жана чекене агенттерге таркатылат.»; 

- 5-пункттагы «акча которууларды жүзөгө ашыруу, банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта, улуттук/чет өлкө валюталарында» деген сөздөрдөн кийинки «сыяктуу эле» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 6-1-пункттагы «2015-жылдын 12-майындагы № 27/8» деген сөздөр «2016-жылдын 30-мартындагы №15/6» дегенге алмаштырылсын; 

3. 4-главанын: 

33-пунктундагы: 

- экинчи сүйлөмдөгү «алдамчылык, калпыстыктар,» деген сөздөр «алдамчылык жана/же калпыстыктар» дегенге алмаштырылсын; 

- пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Банк ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча чекене агенттер менен түзүлгөн келишимдер тууралуу маалыматты чейрек сайын Улуттук банкка сунуштайт»; 

4. жобо төмөнкү мазмундагы 1-тиркеме менен толукталсын: 

 

 

«Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

26-майындагы №36/7 «Банктык чекене кызмат  

көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик  

келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын  

ишине карата негизги талаптар жөнүндө»  

жобого карата 1-тиркеме 

 

Коммерциялык банктын аталышы 

_____________________  

20____-жылдын ________ чейреги үчүн 

 

 

Банктын атынан калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган чекене агенттерди ишке тартуу боюнча отчет 

1. Жеке ишкерлер боюнча 

А. Кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин сунуштаган чекене агенттер 

№ 

Агенттин аталышы 

Жайгашкан орду (дареги) 

Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

 

 

 

 

 

 

Б. Кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир спектрин сунуштаган чекене агенттер 

№ 

Агенттин аталышы 

Жайгашкан орду (дареги) 

Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

 

 

 

 

 

 

2. Юридикалык жактар боюнча 

А. Кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин сунуштаган чекене агенттер 

№ 

Агенттин аталышы 

Жайгашкан орду (дареги) 

Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

 

 

 

 

 

Б. Кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир спектрин сунуштаган чекене агенттер 

№ 

Агенттин аталышы 

Жайгашкан орду (дареги) 

Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

 

 

 

 

 

Аткаруучу ___________________ ___________________  

(кол тамгасы) (аты-жөнү)». 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2010-жылдын 26-майындагы №36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу» мыйзамынын (мындан ары мыйзам) 7-беренесин аткаруу, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу» мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

Мындан тышкары, банктын атынан калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банктык агенттик түйүн ишине мониторинг жүргүзүү боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталган. Атап айтканда, жобонун 33-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталган: 

«Банк ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча чекене агенттер менен түзүлгөн келишимдер тууралуу маалыматты чейрек сайын Улуттук банкка сунуштайт».  

Жогоруда белгиленгендерди эске алуу менен бул токтом долбоорунун алкагында жобону тиркеме менен толуктоо сунушталган, ага ылайык «банктын атынан калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган чекене агенттерди ишке тартуу боюнча отчеттун» формасы белгиленген, ал боюнча банктар чейрек сайын чекене агенттер менен түзүлгөн келишимдер боюнча маалыматты сунуштоого тийиш (жеке ишкерлер жана юридикалык жактар).