Кайта келүү

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын банктарынын Убактылуу 

администрация же жоюу боюнча жол-жоболорун 

киргизүү учурунда айрым банктык жана төлөм операцияларын 

жүргүзүү тартиби жөнүндө 

ЖОБО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Жобо, айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартибин, ошондой эле коммерциялык банкка же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына Убактылуу администрация банкты жоюу жол-жоболорун киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда банк тарабынан берилген акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды төлөм системасына же баалуу кагаздар боюнча торук жана/же эсептешүүлөр системасына которууга тапшырмалар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан кайтарылгыс деп таанылышы боюнча шарттарды аныктайт. 

2. Ушул Жобо, Улуттук банктын лицензиясын алышкан коммерциялык банктарга анын ичинде банк операцияларын жүзөгө ашырууда колдонулган атайы терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары - банктар), алардын кардарларынын, Кыргыз Республикасынын соода жана төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишине таркатылат. 

3. Жобонун талаптарын өз убагында аткарылышын, соода жана төлөм системаларынын үзгүлтүксүз ишин жана иштөө ыргагынын сакталышын камсыз кылууга банктар, системалардын операторлору, ошондой эле депозитарийлер жана субдепозитарийлер жооп беришет. Төлөм жана соода системаларынын операторлорунун жана/же катышуучуларынын жоопкерчиликтери системалардын операторлору менен катышуучуларынын ортосундагы жана депозитарийлер менен субдепозитарийлер менен тиешелүү макулдашууларда/келишимдерде белгиленет. 

 

2-глава. Негизги түшүнүктөр 

 

4. Ушул Жобо менен төмөнкүлөр белгиленет: 

1) банк тарабынан төлөм тутумуна же баалуу кагаздар боюнча торук жана/же эсептешүүлөр тутумуна өткөрүлүп берилген, Улуттук банк тарабынан ушундайча таанылган акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды которууда жокко чыгарылгыс тапшырмалар юридикалык күчкө ээ жана банкты жоюу жана Убактылуу администрацияны киргизүү жол-жобосу башталган учурда үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат; 

2) банкты жоюу же Убактылуу администрация киргизүү жол-жобосу башталгандан кийин банк акча каражаттарын же баалуу кагаздарды которууда жокко чыгарылгыс тапшырманы торукка жана/же төлөм тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна берген учурда, алар эгерде жоюучу же Убактылуу администратор которуу жөнүндө тапшырманы жокко чыгарылганга чейин банкты жоюу башталгандыгы тууралуу тутумдун операторуна маалым болгондугун далилдей алган учурда гана буйругу юридикалык күчкө ээ болбойт жана үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болуп саналбайт. 

5. Банкты жоюу же убактылуу администрацияны киргизүү жол-жобосу башталганга чейин кийинкиге калтыруу шарты менен түзүлгөн контракттар жана бүтүмдөр, торук жана/же төлөм тутуму же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутуму аркылуу жүргүзүлгөн банкты жоюу же убактылуу администрацияны киргизүү жол-жобосу башталгандан улам Улуттук банк тарабынан ушундай деп таанылган клирингдин натыйжаларын жокко чыгарууга алып келбейт. 

6. Тутумдун оператору, катышуучу, эсептешүүлөрдөгү ортомчу жана клиринг борбору банкты жоюу жол-жобосу башталгандыгы тууралуу аларга маалым болгон учурдан тартып акча каражаттарынын же баалуу кагаздардын торук жана/же төлөм тутумуна эсептешүүлөр тутумуна которулушуна жол бербөө үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүүгө тийиш. 

7. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү аныктамалар кошумча пайдаланылат: 

Убактылуу администратор банкта убактылуу администрацияны жүргүзүүнү максатында Улуттук банк тарабынан дайындалган убактылуу администрациянын жетекчиси; 

банкноттук операциялар - проблемалуу банкта башка банк үчүн ачылган ("Лоро" түрүндөгү эсеп), же проблемалуу банктын атынан башка банк үчүн ачылган ("Ностро" түрүндөгү эсеп) корреспонденттик эсепке нак акча каражаттарын чегерүү боюнча операциялар; 

банктык төлөм картасы (төлөм картасы) - товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валюталарында накталай акча алууда, акча которууларды, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка жабдуулар (перифериялык жабдуулар) аркылуу электрондук акча формасында эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда пайдаланылуучу төлөм инструменти. 

банктык эсепти ачуусуз акча которуу - бул, акча каражаттарын которуу, банк тарабынан жеке адамдан улуттук же чет өлкө валютасында акча каражаттарын кабыл алып, андан ары - Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары башка жеке адамга (алуучуга) акча которуу системасы менен жөнөтүү аркылуу ишке ашырылган банктык операция. 

депозитарий - МБКларды эсепке алууну, сактоону жана колдон-колго өтүшүн каттоону жана мамлекеттик баалуу кагазга менчикке укукту тастыктоону жүзөгө ашырган, Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы; 

субдепозитарий - депозитарийде "депо" эсеби бар, МБК кыймылын эсепке алуу функциясын аткаруу үчүн Улуттук банк менен келишим түзгөн депозитарий. 

Депо-эсеби - эсепке алуу жана сактоо максатында ар бир МБК үчүн жазуу (же жазуулардын жыйындысы). 

жыйынтыктоочу операциялар - банкка убактылуу администрация же банкты жоюу жол-жоболору киргизилген учурда аткарылбай калган, бирок ушул Жободо белгиленген тартипте кайтарылгыс деп таанылып, милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон операциялар; 

кардар: 

1) банктар ортосундагы мамилелерде проблемалуу банк менен бүтүмгө келишкен банк, кардар болуп саналат; 

2) банктын башка жактар менен мамилелеринде проблемалуу банк менен бүтүмгө келишкен жак, кардар болуп саналат. 

конверсиондук операциялар - бир валютаны башка бир валютага алмаштыруу менен сатып алуу/сатууга байланыштуу, валюталык операциялар; 

корреспонденттик эсеп - бул банктык эсеп, анда келишимдин негизинде башка бирөөнүн тапшыруусу жана анын эсебинен бир банк тарабынан ишке ашырылган эсептешүүлөр чагылдырылат. 

"клиринг" которууга тапшырмалардан келип чыккан талаптардын жана милдеттенмелердин бир таза талапка же бир таза милдеттенмеге өзгөртүлүп түзүлүшүн билдирет, мында натыйжада бир таза талап же бир таза милдеттенме гана калгандай кылып, эсептешүүлөр тутумунун бир же бир нече катышуучулары аларды ушул тутумдун бир же бир нече башка катышуучуларына сунушташат же алардан алышат. 

банктар аралык кредит - башка банк менен келишилген бүтүм боюнча проблемалуу банк тарабынан берилген же алынган кредит; 

Улуттук банктын кайра каржылоо операциясы Улуттук бакнтын акча-кредит саясатынын инструментинин алкагында Улуттук банк тарабынан Баянка мөөнөтүндө төлөө, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана убагында кайтарып берүү шарттарында насыя ресурстары берилет; 

активдер менен алмашуу - банктар ортосунда ишке ашырылган, нак акчага айландыруу (нак эмес акча каражаттарын нак акчанын ордуна берүү) же нак эмес акчага айландыруу, (нак акча каражаттарын нак эмес каражаттардын ордуна берүү) боюнча операциялар; 

акыркы эсептешүү финансы кредит уюмдардын Улуттук банкта ачылган эсептери боюнча жүргүзүлгөн эсептешүү. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылгыс болуп саналат; 

төлөм системасынын оператору - Кыргыз банкынын төлөм системасынын тибине жана категориясына жараша лицензиясы/каттоосу бар, төлөм системасынын иштешин камсыз кылуучу жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, түзүлгөн келишимге ылайык төлөм системасынын оператору жана катышуучулары өз ишин ушул Мыйзамга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын алкагында жүзөгө ашырууга милдеттенишет. 

соода системасынын оператору - соода системасынын иш ыргагына, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан операциялардын Улуттук банктын соода системасындагы иштин колдонуудагы эрежелерине ылайык келиши үчүн жооп берген, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү

которууга тапшырма - банктын торук жана/же төлөм системасына берилген тапшырмасы бул системанын тартибинде аныкталганда кайтарылгыс болот; 

проблемалуу банк - убактылуу администрация жана жоюу жол-жоболору колдонулган банк (мындан ары-банк); 

редисконттук операция - Улуттук банк тарабынан белгиленген баада жана мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөөгө чейин сатып алуу мөөнөтү менен экинчилик рыногунда Улуттук банктын Катышуучулардан мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуусу боюнча операция; 

чекене жана дайыма төлөмдөр - мөөнөттүү эмес жана/же үзгүлтүксүз болуп саналышкан, майда жана орто суммадагы төлөмдөр. Сумманын өлчөмү төлөм системасынын ченемдик-укуктук базасында аныкталат. 

РЕПО-операциясы - мамлекеттик баалуу кагаздарды келечекте белгиленген күнү, мурда сүйлөшүлгөн баада кайра сатып алуу/сатуу милдеттенмеси менен экинчилик рыногунда сатып алуу/сатуу боюнча операция; 

Валюттук СВОП-операциясы - пайыздарды жана негизги суммасын эске алуу менен сүйлөшүлгөн мөөнөттө улуттук валютадагы акча топтомун ага эквиваленттүү суммадагы чет өлкө валютага кайра алмаштыруу милдетмеси менен болгон операциялар; 

СПОТ-операциясы - финансылык активдерди сатып алуу/сатуу боюнча операциялар, эсептешүүлөр бир-эки жумуш күнү ичинде жүзөгө ашырылат; 

төлөм системасынын катышуучусу (мындан ары - Катышуучу) төлөм системасынын оператору менен системага катышуу жөнүндө келишим түзгөн жана Улуттук банкта корреспонденттик (күндөлүк) эсеби бар банк; 

соода системасынын катышуучусу (мындан ары - Катышуучу) Улуттук банктын соода системаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ банк; 

форварддык операциялар - валютаны келечектеги кайсы бир күнү форварддык контракт түзүлгөн учурда макулдашылган баа боюнча берүү каралган, валюта менен операциялар. 

 

3-глава. Банкка убактылуу администрация 

киргизилген учурда айрым банктык жана төлөм операцияларын 

жүргүзүүнүн жалпы шарттары 

 

8. Банкка убактылуу администрациясын жол-жоболорун киргизүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Улуттук банк тарабынан кабыл алынат. 

9. Проблемалуу банктын иштөө ыргагы убактылуу администрация жол-жобосу киргизилген же алар жүзөгө ашырылып жаткан учурдан тартып, Улуттук банктын тиешелүү чечиминде белгиленет. Эгерде, Улуттук банктын чечиминде иш ыргагы жөнүндө көрсөтмө жок болсо, анда операциялар ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

10. Убактылуу администрация жол-жобосу киргизилгенден кийин Улуттук банк, эгерде зарыл болгон болсо, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү бир тараптуу тартипте жүргүзүү үчүн Катышуучунун корреспонденттик (күндөлүк) эсебин токтотууга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана ченемдик актыларына ылайык чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу. Катышуучунун төлөмдөрдү жүргүзүү жана жыйынтыктап эсептешүүлөр тартиби ушул жобого же Улуттук банктын чечимине ылайык белгиленет. 

11. Улуттук банктын чечиминин негизинде төлөм жана соода жүргүзүү операторлору бир тараптуу тартипте, алдын ала билдирүүсүз Катышуучунун системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жана кийинчерээк калган катышуучуларга маалымдоо менен пайдалануучунун системадагы кол тамга сертификатын блокировкалайт. 

12. Улуттук банк, банк жана төлөм системаларынын ишинин туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыгында активдерди сактап калуу максатында, эгерде банкта активдер жетиштүү болсо, биринчи кезекте, жыйынтыктоочу операцияларды жүргүзүүдөн тышкары, аманатчылар - жеке адамдар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банк тарабынан бардык банктык операциялардын же анын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырылышына уруксат берүүгө укуктуу. 

13. Проблемалуу банкка Улуттук банк менен своп жана репо операцияларын, улуттук валютада депозиттик операцияларды жана конверсиондук операцияларды, ошондой эле Мамлекеттик баалуу кагаздардын биринчилик жана экинчилик рынокторунда операцияларды жүргүзүү укугу, Улуттук банктын тиешелүү чечиминин негизинде берилет. 

14. Проблемалуу банкка активдерди сактап калуу максатында, валюта рыногунда жогорку деңгээлде тобокелдиктүү операцияларды жүзөгө ашырууга тыюу салынат. 

15. Эгерде, банкта аманатчылар-жеке адамдар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн активдер жетишсиз болсо, анда банкка, Улуттук банктын чечимине ылайык жыйынтыктоочу операцияларды же алардын айрым бир түрлөрүн гана жүргүзүүгө уруксат берилет. 

 

4-глава. Жыйынтыктоочу операцияларды кайтарылып 

алынгыс катары таануу шарттары 

 

16. Улуттук банк, өзүндө гана ачылган корреспонденттик эсеп аркылуу жүзөгө ашырылган эсептешүү операцияларын кайтарылып алынгыс катары тааныйт. 

17. Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсеп аркылуу эмес ишке ашырылган эсептешүүлөр боюнча операциялар соттук тартипте төмөнкү учурларда кайтарылып алынгыс катары таанылат: 

а) эгерде, бул операция боюнча эсептешүү убактылуу администрация жол-жобосу киргизилгенге чейин же убактылуу администрация киргизилиши жөнүндө эсептешүү системасы маалымат алган учурга чейин толугу менен ишке ашырылган болсо; 

б) эгерде, бул операция боюнча эсептешүү толугу менен жүргүзүлбөсө, бирок ал боюнча талаптар жана тапшырмалар, эсептешүүлөрдү автоматтык режимде ишке ашырган жана аны бул системада проблемалуу банк үчүн же операцияны жүргүзүүнү талап кылган же болбосо тапшырма берген жак үчүн жокко чыгаруу каралбаган учурда, эсептешүү системасына өткөрүлүп берилсе. 

18. Операцияларды кайтарылып алынгыс катары таануу, эсептешүү системасындагы маалыматтардын негизинде ага келип түшкөн талаптардын/тапшырмалардын так убактысы боюнча жүзөгө ашырылат. 

19. Ушул жобонун максатында төмөнкү операциялар жыйынтыктоочу операциялар болуп эсептелинет: 

а) Катышуучунун акча каражаттарын же баалуу кагаздарын, ошондой эле башка катышуучулардын акча каражаттарын же баалуу кагаздарын банктын пайдасына которууга тиешелүү, торук жана/же төлөм системасына же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасына же болбосо соода системасына оператор билдирме алган жана банкка убактылуу администрация жол-жоболору киргизилген учурга чейин өткөрүлүп берилген тапшырмаларын аткаруу. Бул тапшырмалар кайтарылып алынгыс жана жыйынтыктоочу катары таанылып, доо күчүнө ээ жана аларды үчүнчү жактар аткарууга милдеттүү болушат. Системанын операторлору бүтүмдү жыйынтыктоого жана жогоруда көрсөтүлгөн бардык тапшырмалар боюнча жыйынтыктоочу эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү

б) банктык төлөм карталар менен эсептешүү системасы менен коуюлган банктык төлөм карттар системасынын алкагында башка катышуучулар менен эсептешүүлөр, эгерде картты пайдалануу менен операциялар убактылуу администрация жол-жобосу банкка киргизилген учурга чейин ишке ашырылып, кайтарылып алынгыс болсо; 

в) утурумдук чекене төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана/же Мамлекеттик салык кызматы, мамлекеттик бюджет, ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган уюмдардын төлөмдөрү боюнча маалымат, банкка убактылуу администрация жол-жобосу киргизилген учурга чейин төлөм системасына келип түшсө. Мындай төлөмдөр кайтарылып алынгыс болуп таанылышат жана алар боюнча эсептешүүлөр, банктар аралык төлөм системасынын ишинин регламентинде белгиленген мөөнөт ичинде ишке ашырылат; 

г) эгерде төлөмдөр банкка убактылуу администрация жол-жобосу киргизилген учурга чейин ишке ашырылып, кайтарылып алынгыс болсо, ал эми эсептешүү күнү банкка убактылуу администрация жол-жобосу киргизилген мезгилге дал келсе, чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр. Катышуучу алар боюнча эсептешүүлөрдү милдеттүү түрдө жүргүзөт. Банкка убактылуу администрация жол-жобосу киргизилген учурда чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү бул системанын оператору жана банк-корреспонденти менен тиешелүү келишимде белгилениши зарыл; 

д) башка катышуучулар менен своп жана репо операциялары, кайра каржылоо операциялары, бир күндүк кредит, "овернайт" кредити боюнча, "активдер менен алмашуу" операциялары боюнча, эгерде мындай бүтүмдөр банкка убактылуу администрация жол-жоболору киргизилгенге чейин келишилген болсо конверсиондук бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу учурундагы эсептешүүлөр; 

е) электрондук акчалар менен эсептешүү системасы алкагында башка катышуучулар менен эсептешүүлөр, эгерде банкка убактылуу администрация жол-жоболору киргизилгенге чейин жана кайтарылып алынгыс болгонго чейин электрондук акчаларды колдонуу менен операция жүргүзүлсө. Электрондук акчалар системасынын эсептөө эрежелеринде коюлган убакытка ылайык катышуучу милдеттүү түрдө башка катышуучулар менен эсептөөнү өткөрөт.  

ж) ушул жобонун талаптарына ылайык ишке ашырылган, башка банктар аралык операциялар боюнча эсептешүүлөр. 

 

5-глава. Банкка убактылуу администрация жол-жобосун 

киргизүү учурунда "своп", "репо", улуттук валютада депозиттик операциялар "форвард", активдер менен алмашуу (конверсиондук операцияларды) операцияларын 

жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 

 

20. Эгерде, убактылуу администрация жол-жобосу киргизилген учурда, банктын Улуттук банк алдындагы улуттук валютадагы депозиттик операциялары, репо жана валюталык своп операциялар боюнча милдеттенмелерин төлөө мөөнөтү келип жетсе жана тескерисинче болсо, анда бул милдеттенмелер түзүлгөн келишимдерге (же ага тектеш башка документтерге) ылайык толук көлөмдө аткарылууга тийиш, албетте, Улуттук банктын же башка ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен башкасы белгиленбесе. Банк, валюттук своп жана репо операцияларын жана улуттук валютада конвесиялык операцияларын, ошондой эле активдер менен алмашуу (конверсиондук операциялар) боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай койгон же талаптагыдай аткарбаган учурда Улуттук банк, банктын корреспонденттик эсебинен аткарылбай калган милдеттенмелердин өлчөмүндөгү акча каражаттардын суммасын акцептсиз (талашасыз) алып салуу укугуна ээ. Банк своп жана репо операциялары боюнча акча каражаттарын кайтаруу милдеттенмесин аткарбай койгон жагдай келип чыккан шартта Улуттук банк, анын корреспонденттик эсебинде жетиштүү көлөмдөгү акча каражатынын жоктугунан улам, аткарылбай калган милдеттенменин өлчөмүндөгү акча каражатынын суммасын акцептсиз тартипте эсептен алып сала албайт. Натыйжада, тараптар ортосунда келип чыккан талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш. 

21. 20. Эгерде, банкка убактылуу администрация жол-жобосун киргизүү учурунда ушул жобонун 9-пунктуна ылайык, банктын "спот", "своп", "форвард", "репо", "банктар аралык кредит", "активдер менен алмашуу" (конверсиондук операциялар) милдеттенмелери боюнча төлөө мөөнөтү келип жетсе жана бул багытта Улуттук банктын өзгөчө көрсөтмө берген чечими жок болсо, банк төмөнкү шарттарда мына ушул банктар аралык бүтүмдөрдү белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырууга укуктуу: 

а) операция, проблемалуу банк же проблемалуу банктын тиешелүү болгон жагы болуп саналбаган банк менен жүзөгө ашырылат; 

б) операция, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген бейтараптуулук принцибинин бузулушуна алып келбейт; 

в) бүтүмдүн шарты боюнча проблемалуу банк акча каражаттарын башка банкка берүүнү ишке ашырган же проблемалуу банкка акча каражаттары мурда эле келип түшкөн; 

г) операциянын натыйжасында банкта юридикалык жактан жана иш жүзүндө активдин валютасын алмаштыруу гана ишке ашырылат. 

22. Эгерде убактылуу администрация жол-жобосу киргизилген учурда, кардар акча каражаттарын проблемалуу банкка бере элек болсо, анда проблемалуу банк, кардарлар менен (банктардан тышкары) "своп" жана "репо" контрактылары боюнча жыйынтыктоочу операцияларды жүргүзбөйт. 

23. Эгерде убактылуу администрация жол-жобосу киргизилген учурда, кардар акча каражаттарын банкка жөнөткөн болсо жана кардарага карата укук коргоо органдары тарабынан операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынган же кине коюлган башка талаптар орун албаган банкка тиешелүү жактар болуп саналбаса, банкка "своп" жана "репо" контрактылары боюнча жыйынтыктоочу операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилет. 

24. Убактылуу администратор, операциялардын мыйзам чегинде жүргүзүлгөндүгүн жана ушул жобонун талаптарынын аткарылышын текшерүү максатында, 22-23-пункттарда көрсөтүлгөн операциялардын аткарылышын 7 жумуш күнүнө чейинки мөөнөткө токтотууга укуктуу. 

25. Эгерде банктык операцияларды жүргүзүү учурунда, проблемалуу банк чет өлкө банкы үчүн "лоро" тибиндеги эсепти ачып, ошол эсепке чегерүү үчүн нак акча каражаттарын алууга үлгүргөн болсо, убактылуу администратор, төмөнкү шарттарды сактоо менен операцияларды токтотууга жана каражаттарды банк-корреспондентке кайтарып берүүгө укуктуу: 

а) нак каражаттар проблемалуу банктын имаратына келип түшкөндүгүнө карабастан, каражаттар банкка убактылуу администрация жол-жобосу киргизилгенге чейин чегерилбесе; 

б) эгерде, ушул жобонун 8-пунктуна ылайык Улуттук банктын тиешелүү чечими болгон болсо; 

в) банк-корреспондент, акча каражаттары проблемалуу банктын имаратына келип түшкөндүгүнө карабастан, ошол бүтүмдү жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылса жана 1 жумуш күнү ичинде бардык уюштуруу маселелерин чечүү, анын ичинде тиешелүү чыгашаларды төлөө, проблемалуу банктын имаратынан акча каражаттарын кайтара алып кетүүгө жана транспортировкалоого милдеттенсе. 

Убактылуу администратор, жогоруда белгиленген шарттар аткарылбаган учурда каражаттарды банктын "лоро" эсебине чегерүүгө укуктуу. 

26. Эгерде, ошол банк үчүн Улуттук банктын же башка ыйгарым укуктуу органдын чечими менен башкасы белгиленбесе, Акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо тигил же бул валютаны конвертирлөө, банктын ички жол-жоболоруна жана алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн белгиленген тарифтерге ылайык жүргүзүлөт. 

 

6-глава. Банкка убактылуу администрация жол-жобосу 

киргизилген учурда Улуттук банктын кайра каржылоо операцияларды 

жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 

 

27. Эгерде, убактылуу администрация жол-жобосу киргизилген учурда, проблемалуу банктын Улуттук банк алдында кайра каржылоо операциясы боюнча төлөө мөөнөтү келип жетсе жана Улуттук банктын же башка ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен башкасы белгиленбесе, анда мындай милдеттенмелер Башкы келишимге жана/же башка келишимдер/макулдашуулар боюнча кредит каражаттарын алууга билдирмеге ылайык, толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 

28. Эгерде, убактылуу администрация жол-жобосун киргизилген учурга карата банк Улуттук банкка кайра каржылоо операциясы боюнча кредиттери төлөөнү жүзөгө ашыра албаса (корреспонденттик эсебинде акча каражаттары жок болсо), анда Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен кредиттердин каражаттарын ордун жабууга укуктуу. Мында Улуттук банк, өз милдеттенмелерин мөөнөтүндө аткарбагандыгы тууралуу банкка алдын ала кат жүзүндө маалымдап, заклад түрүндөгү күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосу башталгандыгы тууралуу билдирет. 

 

7-глава. Баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 

 

29. Банкка убактылуу администрация жол-жоболору киргизилген учурда МБКлардын биринчилик жана экинчилик рынокторунда операцияларды жүзөгө ашыруу укугу, Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин негизинде берилиши мүмкүн. 

30. Эгерде банк, убактылуу администрация жол-жоболору киргизилгенге чейин МБКларды жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга билдирме берсе жана ал боюнча жеңишке жетишсе, анда бул билдирме кайтарылып алынгыс жана акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн милдеттүү болуп саналат. Ал эми банк, аукциондо жеңип алган билдирме боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзө албаса (корреспонденттик эсепте акча каражаттары болбосо), анда банктын билдирмеси жокко чыгарылат жана ошол банк Улуттук банк тарабынан анын МБКлардын биринчилик жана экинчилик рынокторунакатышуусу жөнүндө өзүнчө чечим кабыл алынганга чейин МБКлардын биринчилик жана экинчилик рынокторуна андан ары катышуудан четтетилет. 

31. Эгерде мамлекеттик баалуу кагаздардын (мамлекеттик казына векселдеринин, мамлекеттик казына облигацияларынын, ноталардын) ээси болгон банкка убактылуу администрация жол-жобосун киргизилген учурга карата, МБКларды же купондук төлөөлөрдү төлөө мөөнөтү келип жеткен болсо, анда Улуттук банк орду жабылып жаткан МБКлар же купондук төлөөлөр боюнча акча каражаттарын банктын Улуттук банкта ачылган кореспонденттик эсебине чегерет. 

32. Эгерде убактылуу администрация жол-жоболору киргизилген күнгө карата банктын портфелинде анын кардарларына тиешелүү, төлөө мөөнөтү келип жеткен МБК болгон болсо, анда банк, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жана Улуттук банктан МБКлардын ордун жабуу эсебине алынган акча каражаттарын МБКларга ээлик кылуучулардын ошол банктагы эсебине чегерүүнү жүргүзөт же кардарлардын каалоосу боюнча (Улуттук банк тарабынан кайсы бир операцияларды жүзөгө ашырууга тыюу салынган банктын кардарларынын МБКларын эске албаганда) аларга акча каражаттарын банктын кассасы аркылуу накталай төлөп берет. 

33. Эгерде, убактылуу администрация жол-жобосу киргизилген күнгө карата банктын кардарына тиешелүү мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөө мөөнөтү келип жетпесе, анда бул учурда банк, өз кардарларынын баалуу кагаздарын башка банкка өткөрүп бере алат. Мында Улуттук банк, тарабынан аларга кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөр белгиленген банктын кардарларынын мамлекеттик баалуу кагаздары эске алынбайт. 

34. Банктын убактылуу администратору өз кардарларына - МБКларга ээлик кылуучуларга банкка убактылуу администрация жол-жобосу киргизилгендиги жана алардын мамлекеттик баалуу кагаздарды башка банкка өткөрүп берүү укугу жөнүндө убактылуу администрация жол-жобосу киргизилгенден кийинки 2 жумуш күнүнөн кечиктирбестен маалымдоого тийиш. Мында, проблемалуу банктын кардары МБКларды төлөөдөн алган акча каражаттарын башка банктан алуу ниетин билдирсе, анда ал МБКлар өткөрүлүп бериле турган банктын аталышын жана башка банкка которулуучу МБКлардын чыгарылышынын тизмесин көрсөтүү менен МБКларды башка банкка өткөрүп берүү жөнүндө кат жүзүндөгү арызын проблемалуу банкка берүүгө тийиш. Проблемалуу банктын кардарларынын - МБКларга ээлик кылуучулардын ээсинин тизмесин аныктоо жана алардан көрсөтүлгөн арыздарды алуу жоопкерчилиги Банктын убактылуу администраторуна жүктөлөт. 

35. Проблемалуу банктын кардарларынын МБКларын башка банкка өткөрүп берүү учурунда убактылуу администрация жол-жоболору киргизилген банк, кардардын кат жүзүндөгү арызында көрсөтүлгөн банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жок дегенде МБКларды төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейинки эки күндүн ичинде кардардын МБКларын өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү документтерди Улуттук банкка берүүгө тийиш: 

а) проблемалуу банк менен МБК өткөрүлүп берилүүчү банктын ортосунда түзүлгөн, МБКларды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу; 

б) МБКларга ээлик кылуучунун баалуу кагаздарды башка банкка которуу тууралуу кат жүзүндөгү арызынын көчүрмөсү

в) проблемалуу банктын, башка банкка банктын кардарынын баалуу кагаздарын өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч каты; 

г) бул банктардын ченемдик укуктук актыларга ылайык таризделген, МБКларды өткөрүп берүү/кабыл алууну жүзөгө ашырууга тапшырмасы. 

36. Улуттук банк, көрсөтүлгөн документтерди кабыл алгандан кийин МБКларды проблемалуу банктан башка банкка депозитарийге өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат. 

37. Эгерде, проблемалуу банктын кардарларынын МБКларды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда, убактылуу администратор проблемалуу банктардын МБКларын башка банкка өткөрүп бербесе, анда проблемалуу банктын кардарларынын төлөнүүчү МБКлар же купондук төлөмдөр боюнча акча каражаттары банктын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсебине чегерилет. Банк, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жана Улуттук банктан МБКлардын ордун жабуу эсебине алынган акча каражаттарын МБКларга ээлик кылуучулардын ошол банктагы эсебине чегерүүнү жүргүзөт же кардарлардын каалоосу боюнча (Улуттук банк тарабынан кайсы бир операцияларды жүзөгө ашырууга тыюу салынган банктын кардарларынын МБКларын эске албаганда) аларга акча каражаттарын банктын кассасы аркылуу накталай төлөп берет. 

38. Эгерде, кардарлардын эсептеринде МБКларды төлөө эсебине алынган акча каражаттары болгон шартта, банкты банкрот деп таануу жөнүндө арыз сотко берилсе, банк бул акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине чегерүүгө милдеттүү. Мында, банк мындай кардарларга акча каражаттарын башка банкка которуу жөнүндө арыз берүү зарылчылыгы тууралуу маалымдоого тийиш. 

39. Чегерилген акча каражаттары проблемалуу банктан төмөнкү документтерди алганга чейин Улуттук банктын эсебинде турат: 

а) кардардын акча каражаттарын Улуттук банктагы эсептен кардардын башка банктагы эсебине которуу жөнүндө өтүнүч каты. Ал катта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: кардардын аталышы, МБКнын чыгарылган номери, МБК төлөнгөн күн, төлөнгөн МБКлардын саны, төлөнгөн МБКлардын номиналдык наркы, купондук төлөмдөрдүн суммасы, төлөнгөн МБКлар боюнча акча каражаттарын которуу жүзөгө ашырылган банктын аталышы, кардардын эсебинин номери жана башка зарыл маалыматтар; 

б) кардардын башка банкта ачылган эсебинин реквизиттерин көрсөтүү менен кат жүзүндөгү арызы; 

в) кардарга эсеп ачылгандыгы тууралуу, анын эсеп номерин, БИК жана банктын дарегин көрсөтүү менен банктын/банктын филиалынын тастыктоосу. 

40. Улуттук банк, зарыл документтерди алгандан кийин өз эсебинен, кардардын банктын өтүнүч катында жана банктын кардарынын арызында көрсөтүлгөн башка банктагы эсебине акча каражаттарды которууну жүзөгө ашырат. 

41. Банктын убактылуу администратору МБКларга ээлик кылуучулардын банктын реестринде көрсөтүлгөн укуктарынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырат жана жооп берет. 

 

8-глава. Банкка убактылуу администрация жол-жоболору киргизүү учурунда башка банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 

 

42. Банктын убактылуу администратору банкка тиешелүү жана аффилирленген жактардан болушкан, ошондой эле алар менен жалпы кызыкчылыкта байланыштуу болгон адамдарды жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын тиешелүү токтомдорунда көрсөтүлгөн башка жактарды эске албаганда, өз кардарлары үчүн төмөнкү операцияларды жүргүзө алышат: 

а) Кыргыз Республикасынын резиденттеринен болушкан жеке адамдар үчүн - эгерде конкреттүү бир банк үчүн Улуттук банктын же ыйгарым укук чегерилген башка органдардын чечими менен башкасы белгиленбесе, банктык операцияларды (кредиттерди жана ага теңдеш активдерди берүүнү, капиталга, мамлекеттикти эске албаганда, баалуу кагаздарга инвестицияларды, ошондой эле негизги каражаттарга жана материалдык эмес активдерге салымдарды кошпогондо) толук көлөмдө жүзөгө ашырууга; 

б) Кыргыз Республикасынын резиденттеринен болушкан юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактардын эсептешүү эсептеринен алардын кызматкерлеринин эмгек акыларын төлөө, эгерде, конкреттүү бир банк үчүн Улуттук банктын же ыйгарым укук чегерилген башка органдардын чечими менен башкасы белгиленбеген болсо, ошол юридикалык жактардын Социалдык фонд, бюджет, коммуналдык уюмдар, байланыш операторлору, КММ берүүчүлөр алдындагы жеке милдеттенмелерин кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын эсептешүү документтеринде (эсеп-квитанциясы, эсеп-фактура) көрсөтүлгөн суммада толук көлөмдө төлөө үчүн операцияларды жүзөгө ашырууга; 

в) Кыргыз Республикасынын резидент эместеринен болушкан жеке адамдар жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын резиденттеринен жана резидент эместеринен болушкан жеке ишкерлер үчүн - операцияларды конкреттүү бир банк үчүн Улуттук банктын же ыйгарым укук чегерилген башка органдын чечими менен белгиленген чекте жүзөгө ашырууга. 

43. Банктын убактылуу администратору Улуттук банктын чечимине ылайык, банктын ички эсептешүүлөрүн эске албаганда, кардардын банк алдындагы кайсы болбосун милдеттенмесин төлөөгө багытталган төлөмдөрүн кабыл алууну, бюджеттик төлөмдөрдү, социалдык чегерүүлөрдү, эмгек акыны, кредиттерди жана алар боюнча пайыздарды төлөө, юридикалык жактар тарабынан ачылган транзиттик эсептер аркылуу келип түшкөн суммаларды пенсияларды жана эмгек акыларды төлөө үчүн банктын аманатчыларынын эсебине чегерүү максатында юридикалык жактардын эсебинен конвертациялоону жүргүзө алат. 

44. Банк Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Бажы кызматы жана/же Мамлекеттик салык кызматы, мамлекеттик бюджет, ошондой эле Улуттук банктын өзүнчө чечиминин негизинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн сунушташкан уюмдар менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзө алат. 

45. Банк кардарларга даректүү акча которууларын төлөй алат. Акча которуулар системасы боюнча акча каражаттарын кабыл алуу жана которуу Улуттук банктын өзүнчө тиешелүү чечиминин негизинде гана жүзөгө ашырылат. 

46. Убактылуу администрация жол-жобосу киргизилген катышуучу, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөм системасынын алкагында нак акчага айландыруу жана өз кардарларынын товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө боюнча операцияларды өзүнүн аралыкта орнотулган жабдуулары (банкоматтар жана терминалдар) аркылуу жана өзүнүн бардык бөлүмдөрүндө жүзөгө ашыра алат. Башка банктардын кардарларынын төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө Улуттук банктын өзүнчө тиешелүү чечиминин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

47. Банктын убактылуу администраторуна Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин эл аралык төлөм системалары (Visa, MasterCard, Золотая Корона, American Ехрress, Diners Club ж.б.) аркылуу кардарлардын төлөмдөрүн өткөрүүгө тыюу салынат. 

48. Банктын убактылуу администратору Улуттук банктын эл аралык төлөм системалар аркылуу төлөмдөрдү өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө тиешелүү чечимин алгандан кийин, банктык төлөм карттарды пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүүгө, акча которууларына жана банктык башка кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү келишим түзүлгөн, төлөм системаларынын чет өлкө операторлоруна бул тууралуу токтоосуз маалымдоого тийиш. 

49. Банктын убактылуу администраторуна Улуттук банктын өзүнчө тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин SWIFT, Банк-кардар жана альтернативдүү башка байланыш каналдары аркылуу чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү өткөрүүгө жол берилбейт. 

50. Улуттук банк, алдын ала билдирүүсүз, бир тараптуу тартипте, эгерде Улуттук банк тарабынан ушундай чечим кабыл алынса, Катышуучунун SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү (ЖПТ) системасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн токтото алат. 

 

9-глава. Банкты жоюу жол-жобосу башталган кийин акыркы торук жана/же төлөм системасында эсептешүү жүргүзүү 

 

51. Улуттук банк, банк карата жоюу жол-жобосун башталышы чечими күчүнө кирген учурда, банк бардык төлөм системасындагы операторлорго өз убагында мындай чечими/жарыялоосу жөнүндө төлөм (эсептешүүлөрдүн гросстук системасын азыркы убакыттагы системасында, пакеттик клиринг системасындагы майда жана чекене төлөмдөрүн, "Элкарт" улуттук эсептешүү системасындагы банктык картаны, SWIFT Жамааттык пайдалануу түйүнү жана башка) жана соода системасынын операторлоруна, депозитарийге дароо маалымдоого, ошондой эле банктарга, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун операторлоруна жана соода аянтчаларынын операторлоруна өз убагында маалымдоого тийиш. 

52. Улуттук банк, маалымдоо процессин тездетүү жана бардык кызыкдар жактардын тиешелүү маалымат алуу убактысын жана күнүн белгилөө максатында, расмий билдирүүнүн сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсүн, кийинчерээк билдирүүнүн кагаз жүзүндөгү вариантын жөнөтүү менен ушул Жобонун 52-пунктунда көрсөтүлгөн системалардын расмий электрондук дарегине жөнөтүүнү жүзөгө ашырат. 

53. Төлөм (эсептешүүлөрдүн гросстук системасы, пакеттик клиринг системасы, "Элкарт" улуттук эсептешүү системасындагы банктык карталар менен, SWIFT Жамааттык пайдалануу түйүнү жана башкалар) жана соода системаларынын операторлору Катышуучуну банкрот деп таануу жана банкроттук жол-жобосунун башталгандыгы жөнүндө соттук акты тууралуу билдирүүнү алгандан кийин ошол Катышуучуну өз системасына блокировкалоого тийиш. 

54. Банктын жоюучу банкты жоюу болгондугу жөнүндө карттарды пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүүгө, банктык карталарды колдоону менен акча которууларына жана башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого тиешелүү келишимдер түзүлгөн төлөм системаларынын чет өлкө операторлоруна токтоосуз маалымдоого тийиш. 

55. Катышуучунун акча каражаттарды же баалуу кагаздарды которууга тапшырмасы, ошондой эле анын пайдасына башка Катышуучулардын акча каражаттарын же баалуу кагаздарын которууга тапшырмасы оператор банкроттук процесси тууралуу билдирүүнү алганга чейин кайтарылып алынгыс жана жыйынтыктоочу болуп саналып, доо күчүнө ээ болот жана үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат. Бул учурда, системанын операторлору бүтүмдөргө келишүүнү аяктоого жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн бардык тапшырмалар боюнча жыйынтыктап эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

56. Банктын акча каражаттарды же баалуу кагаздарды которууга тапшырмасы, ошондой эле анын пайдасына башка Катышуучулардын акча каражаттарын же баалуу кагаздарын торукка жана же төлөм системасына которууга тапшырмасы, оператор банкроттук процесси тууралуу билдирүүнү алгандан кийин кайтарылып алынууга тийиш жана ал доо күчүнө ээ эмес жана үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү эмес. 

57. Эсептешүүлөр системасын колдонуу менен башка катышуучулар менен төлөмдөр, Улуттук банктын чечимине ылайык, башка катышуучуда ачылган, атайы эсеп аркылуу атайын жоюучу тарабынан жүзөгө ашырылат. 

58. Төлөө мөөнөтү келип жете элек МБКлары бар кардарларга ээ банкты банкрот деп таануу учурунда, банк, өз кардарларынын МБКларын башка банкка өткөрүп берүүгө тийиш, мында, Улуттук банк тарабынан кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөр белгиленген банктын кардарларынын МБКлары эске алынбайт. Банктын атайын администратору банкроттук процессин козгоо жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенден кийинки 2 жумуш күнүнөн кечиктирбестен, бул тууралуу жана алардын өздүк МБКларын башка банкка өткөрүп берүүгө укугу тууралуу өз кардарларына - МБКларга ээлик кылуучуларга маалымдоого тийиш. Мында, проблемалуу банктын кардары МБК өткөрүлүүчү банктын аталышын жана башка банкка которулууга тийиш болгон МБКлардын чыгарылышынын тизмесин көрсөтүү менен МБКларды башка банкка өткөрүп берүү тууралуу кат жүзүндөгү арызын проблемалуу банкка берүүгө тийиш. Проблемалуу банктын кардарларынын - МБКларга ээлик кылуучулардын тизмесин аныктоо жана алардан арыздарды кабыл алууга банктын атайын администратору жооп берет. Проблемалуу банктын кардарларынын МБКларын башка банкка өткөрүп берүү жана Улуттук банктын аракети ушул Жобонун 59-61-пункттарын эске алуу менен убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилген тартипте эле жүзөгө ашырылат. 

59. Эгерде, банктын кардарларынын МБКларды төлөө мөөнөтү келип жеткен шартта, атайын администратор проблемалуу банктын кардарларынын МБКларын башка банкка өткөрүп бербесе, анда проблемалуу банктын кардарларынын төлөнүүчү МБКлар же купондук төлөмдөр боюнча акча каражаттары Улуттук банктын эсебине чегерилет. 

60. Чегерилген акча каражаттары проблемалуу банктан төмөнкү документтерди алганга чейин Улуттук банктын эсебинде турат: 

а) кардардын акча каражаттарын Улуттук банктагы эсептен кардардын башка банктагы эсебине которуу жөнүндө өтүнүч кат. Ал катта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: кардардын аталышы, МБКнын чыгарылган номери, МБКнын төлөө күнү, төлөнгөн МБКлардын саны, төлөнгөн МБКлардын номиналдык наркы, купондук төлөмдөрдүн суммасы, төлөнгөн МБКлар боюнча акча каражаттарын которуу жүзөгө ашырылган банктын аталышы, кардардын эсебинин номери жана башка зарыл маалыматтар; 

б) кардардын башка банкта ачылган эсебинин реквизиттерин көрсөтүү менен кат жүзүндөгү арызы; 

в) кардарга эсеп ачылгандыгы тууралуу, анын эсеп номерин, БИК жана банктын дарегин көрсөтүү менен банктын/банктын филиалынын тастыктоосу. 

61. Улуттук банк, зарыл документтерди алгандан кийин өз эсебинен, кардардын банктын өтүнүч катында жана банктын кардарынын арызында көрсөтүлгөн башка банктагы эсебине акча каражаттарды которууну жүзөгө ашырат. 

 

 

Долбоор  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы №26/3 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же караштуу компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелерин" бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же караштуу компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелеринин: 

- 1.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1.1. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же караштуу компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелери коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" мыйзамынын өзгөчөлүктөрүн эске алганда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары банктар) жайылат"."  

- 1.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1.3. Банк туунду же караштуу компанияларды Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатынын негизинде түзүшү жана/же сатып алышы мүмкүн."; 

- 1.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1.4. Банк төмөнкү учурларда туунду же караштуу компанияларды түзүүгө жана/же сатып алууга укугу жок: 

1) эгерде мындай компаниялар, тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда, ошондой эле аларга карата Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар белгиленип, алар Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон мамлекеттерде жана аймактарда өз ишин ишке ашырууну жана/же каттоодон өтүүнү болжолдосо; 

Эскертме: Оффшордук аймактардын тизмеси "Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 "Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу" токтомунда бекитилген; 

1) мындай компаниялар өз ишин оффшордук аймактарда, ошондой эле аларга карата Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар белгиленип, алар Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон мамлекеттерде жана аймактарда жүзөгө ашырса жана/же каттоодон өтсө

1) мындай компаниялар катышуучу/кошо уюштуруучу катары оффшордук аймактарда, ошондой эле аларга карата Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар белгиленип, алар Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон мамлекеттерде жана аймактарда каттоодон өткөн же ишкердигин жүргүзгөн юридикалык жактарга ээ болсо; 

1) мындай компаниялардын катышуучусу/кошо уюштуруучусу оффшордук аймактарда, ошондой эле аларга карата Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар белгиленип, алар Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон мамлекеттерде жана аймактарда каттоодон өткөн юридикалык жактардын катышуучусу/кошо уюштуруучусу болуп саналса."; 

1) компаниялардын катышуучулары "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамы тарабынан чектөөлөр орнотулган жарандар 

- 1.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1.5. Анын ичинде туунду же караштуу компанияны түзүүдө жана/же сатып алууда, ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун салымдарды жана кредиттерди кошо алганда, кандай болбосун инвестициялардын өлчөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын он беш пайызынан азды түзүүгө тийиш. Мында, инвестицияларын жалпы көлөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын алтымыш пайызынан ашпоого тийиш. Ушул эрежелердин максаттарында банктын өздүк (регулятивдик) капиталы дегенден улам таза сумммардык капиталды түшүнөбүз, ал Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого ылайык эсептелинет."; 

- 1.6-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"2.4. Банктын туунду жана караштуу компаниялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кандай болбосун уюштуруу-укуктук формада түзүлүшү мүмкүн.". 

- 3.1-пункттун: 

- бешинчи-жетинчи абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- Улуттук банкка кат жүзүндө макулдук алуу үчүн кайрылган күнү банктын жана банкта иштеген анын кызмат адамдарынын иши алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары каралбайт; 

- туунду же караштуу компанияны түзүү же сатып алуу Улуттук банктын экономикалык ченемдерин жана талаптарын бузууга жол берүүгө, ошондой эле банктын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылышына алып келбейт; 

- туунду же караштуу компанияны түзүү же сатып алуу аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарына карата кооптуу жагдайды жаратпайт жана ал банктын аффилирленген жана байланыштуу жактарынын кызыкчылыгында эмес, банктын кызыкчылыгы менен шартталган;"; 

- төмөнкү мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын: 

"- банктын жана анын потенциалдуу туунду же караштуу компаниясынын кызмат адамдары, алардын акционерлери (уюштуруучулары) кынтыксыз ишкердик аброюна ээ болсо; 

- банкта тике көзөмөлдүк режими киргизилбесе."; 

- 3.4-пункттун 10) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан лицензия алган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банк сатып алып жаткан туунду же караштуу компанияга карата акыркы эки жыл ичинде колдонулган таасир этүү чаралары жөнүндө маалымат же мындай чаралар колдонулбагандыгы жөнүндө маалымат;"; 

- 5.1-пункттагы бешинчи жана алтынчы абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- банк сатып алып жаткан туунду же караштуу компанияга карата акыркы эки жыл ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таасир этүү чаралары колдонулгандыгы; 

- туунду же караштуу компанияны түзүүгө же сатып алууга макулдук берүү үчүн документтер Улуттук банк тарабынан кароого алынып жаткан мезгил ичинде банкка карата таасир этүү чаралары киргизилгендиги;"; 

- шилтемелер күчүн жоготкон катары таанылсын.  

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

- токтомдун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар тууралуу жобону бекитүү тууралуу"; 

- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1. "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар тууралуу" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин"; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар тууралуу" жобонун: 

- бүтүндөй текстиндеги "КРУБ" деген аббревиатура тиешелүү жөндөмөдө "Улуттук банк" дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй текстиндеги "шайкештиги" деген сөз "жетиштүүлүгү (шайкештиги)" дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй текстиндеги "ченеми" деген сөз "ченеми (көрсөткүчү)" дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй текстиндеги пункттагы "банктык жайлар" деген сөздөр "кыймылсыз мүлк" дегенге алмаштырылсын; 

- 2-бөлүктүн: 

аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"2. Бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1)"; 

2.1-2.4 пунктар төмөнкү редакцияда берилсин: 

"2.1. Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөнкү мааниден ашпоого тийиш: 

- банктардан тышкары, карыз алуучулар же байланыштуу карыз алуучулар тобу үчүн (К1.1) 20%; 

- банктар үчүн (К1.3) 30%; 

"2.2. Банк менен байланыштуу бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөнкү мааниден ашпоого тийиш: 

- банктардан тышкары, карыз алуучулар же байланыштуу карыз алуучулар тобу үчүн (К1.2) 15%; 

- банктар үчүн (К1.4) 15%; 

"2.3. Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби Улуттук банк Башкармалыгынын токтому менен бекитилген "Кредиттөөдө чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө" нускоого ылайык аныкталат."; 

"2.4. Банк менен байланыштуу болгон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби Улуттук банк Башкармалыгынын токтому менен бекитилген "Кредиттөөдө чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө" нускоонун 6-бөлүгүнө жана "Банктын аффилирленген жактар жана банк менен байланыштуу жактар менен операцияларга карата талаптар" жөнүндө нускоого ылайык аныкталат."; 

- 3-бөлүктүн:  

3.1.-пункттун 3.1.2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"3.1.2. Өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмү."; 

3.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"3.2. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча салмактап кароого негизденген капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттери: 

- суммардык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.1) кеминде 12%; 

- Биринчи деңгээлдеги капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.2) кеминде 6%"; 

- 4-бөлүктүн: 

аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"4. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3)"; 

- 4.2-пункттагы 1)-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"АКШ Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана "Standard & Poor's", "Fitch Ratings" же "Moodys Investors Service" үч рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган "А" же "А2" категориясынан төмөн эмес кредиттик рейтингге ээ мамлекеттик казына векселдери."; 

4.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"4.3. Ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөдө классификацияланган банктар аралык жайгаштыруулар ликвиддүү активдер курамына камтылбайт."; 

Эскертме: "Улуттук банк Башкармалыгынын токтому менен бекитилген "Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоо. 

- 4.9-пункттагы 1)-пунктчасында: 

в) жана г) пуктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

"в) аффилирленген банктарды эске албаганда, "Standard and Poors", "Fitch Ratings" же "Moodys Investors Service" үч рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, "BB" же "Ва2" категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар. 

г) эгерде келишим шарттарында депозитти 7 күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, "Standard and Poors", "Fitch Ratings" же "Moodys Investors Service" үч рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, "BB" же "Ва2" категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы депозиттер;"; 

төмөнкү мазмундагы "л" пунктчасы менен толукталсын: 

"АКШ Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана "Standard & Poor's", "Fitch Ratings" же "Moodys Investors Service" үч рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган "А" же "А2" категориясынан төмөн эмес кредиттик рейтингге ээ мамлекеттик казына векселдери."; 

- 4.13 пункттагы 1)-пунктчасындагы 6-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"-аффилирленген банктарды эске албаганда, "Standard and Poors", "Fitch Ratings" же "Moodys Investors Service" үч рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, "BB" же "Ва2" категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар;"; 

5.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"5.2. Ачык валюта позиция лимиттеринин эсептелиши "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позиция лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоого ылайык эсептелинет.".; 

- 7.2. пунтунда  

- 8.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"8.1. Аффилирленген жактардын жана/же банк менен байланыштуу жактардын банк алдында чогуу алгандагы карызынын өлчөмү катары туюндурулган, аффилирленген жактар жана/же банк менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 60% ашпоого тийиш."; 

- 9.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"9.1. Кайсыл болбосун финансылык салымдарды жана кредиттерди кошо алганда, ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициялардын максималдуу өлчөмү банктын өздүк (регулятивдик) капитал өлчөмүнүн 15% төмөн болууга тийиш."; 

- 9.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"9.2. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын 60% ашпоого тийиш."; 

- 9.3-пункттагы: 

биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Эгерде банк узак мөөнөттүү инвестициялоо максатында кайсыл болбосун банктык эмес уюмдун капиталына анын таза суммардык капиталынын 10 пайызынан ашпаган инвестиция салууну болжолдосо, банк инвестициялоо башталганга чейинки 40 (кырк) календардык күн мурда төмөнкү документтерди/маалыматты кошо тиркөө менен бул тууралуу кат жүзүндө Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү:"; 

4) пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

"4) банктык эмес уюм менен аффилирленген жактар жана банк менен байланыштуу жактар ортосунда жалпы кызыкчылык тууралуу маалымат;"; 

- 9.4-пункттагы: 

үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- инвестициялоо, банкты алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартууга, банктык мыйзамдарды, Улуттук банктын жазма буйруктарын же банктын Улуттук банк менен кат жүзүндөгү келишимдерин бузууга байланыштуу болот;"; 

бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- Улуттук банкка банктык эмес уюмдун жана/же анын кызмат адамдарынын ишкердик аброюнун алгылыксыз экендигин далилдеген фактылар, ошондой эле банктык эмес уюмдун жана/же анын кызмат адамдарынын буга чейинки иши кайсыл бир юридикалык жактын банкроттукка дуушарланышын же олуттуу финансылык чыгым тартышын шарттаган фактылар белгилүү болсо;"; 

- 9.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"9.5. Банк туунду же караштуу компанияны түзүүдө же болбосо сатып алууда Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамынын 142-беренесинин жана Улуттук банктын туунду же караштуу компанияларды түзүү же сатып алуу тартиби аныкталган ченемдик укуктук актыларынын талаптары сакталууга тийиш."; 

- 10-бөлүктүн: 

аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"10. Кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттар) инвестициялардын максималдуу өлчөмү"; 

11.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"11.1.- "Standard & Poor's", "Fitch Ratings" же "Moodys Investors Service" үч рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган "А" же "А2" категориясынан төмөн эмес кредиттик рейтингге ээ банктын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын баалуу кагаздарына инвестицияларынын жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 100 % ашпоого тийиш."; 

14.1-пункттагы "чаралар жана санкциялар" деген сөздөр "таасир этүү чаралары" дегенге алмаштырылсын; 

- Эскертүүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- 1-тиркеменин: 

- 1-таблицасындагы: 

"Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы, банк капиталынын кошумча запасы ("капитал буфери" көрсөткүчү)" графасында: 

"Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү" деген сап "Бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү" дегенге алмаштырылсын; 

- "В" таблицасындагы: 

- В-таблицасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"В. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчет" 

- "үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи саптар төмөнкү редакцияда берилсин:  

Аффилирленген жактар жана банк менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

 

Таза суммардык капиталдын 60% жогору эмес 

Ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициялардын максималдуу өлчөмү 

 

Банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын 60% жогору эмес 

Кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттар) инвестициялардын максималдуу өлчөмү 

 

Банктын төлөнгөн уставдык капитал өлчөмүнүн 100% жогору эмес 

 

"; 

- Г таблицасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Г. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеминин (көрсөткүчүнүн) сакталышы жөнүндө отчет (К3.2)"; 

- Д таблицасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Д. Дароо ликвиддүүлүк ченеминин (көрсөткүчүнүн) сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет (К3.3)"; 

- 2-тиркеменин: 

аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"20___-жылдын "__"__________ карата абал боюнча 20___-жылдын "___"_______ чейреги үчүн экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат 

Банк _____________" 

- экинчи сап төмөнкү редакцияда берилсин:  

Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.1) 

20% жогору эмес 

 

"; 

- үчүнчү сап төмөнкү редакцияда берилсин:  

Банк менен байланыштуу болгон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

(К1.2) 

15% жогору эмес 

 

";  

- бешинчи сап төмөнкү редакцияда берилсин:  

Банк менен байланыштуу болгон банкка банктар аралык жайгаштыруулар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.4)  

15% жогору эмес 

 

";  

 

- алтынчы сап төмөнкү редакцияда берилсин:  

Суммардык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.1) 

12% төмөн эмес 

 

";  

- жетинчи сап төмөнкү редакцияда берилсин:  

Биринчи деңгээлдеги капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.2) 

6% төмөн эмес 

 

"; 

- тогузунчу сап төмөнкү редакцияда берилсин:  

Банктын ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3.1) 

45% төмөн эмес 

 

"; 

- он экинчи сап төмөнкү редакцияда берилсин: 

Банк капиталынын кошумча запасы ("капитал буфери" индекси)  

__%  

(маанисин көрсөтүү зарыл) 

 

"; 

(*) шилтемеси күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капитал шайкештиги стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- токтомдун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу"; 

- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин."; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капитал шайкештиги стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун: 

- бүтүндөй тексттеги "шайкештиги" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "жетиштүүлүгү (шайкештиги)" дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй тексттеги "КРУБ" деген аббревиатура тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук банк" дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй тексттеги "көрсөткүч" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "индекс" дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй тексттеги "капитал (өздүк каражат)" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "өздүк (регулятивдик) капитал" дегенге алмаштырылсын; 

- 1.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1.1.- Бул нускоо коммерциялык банктарынын капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын жана капиталынын түзүмүн аныктайт. 

Бул нускоо коммерциялык банктарынын, анын ичинде "ислам терезесине" ээ банктарга жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын адистештирилген финансы-кредит мекемеси "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын капитал түзүмүн, өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмүн жана капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттерин эсептөө тартибин аныктоо, ошондой эле баланстык активдерге жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерге тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү бөлүгүнө таркатылат."; 

- 1.2-пункттагы "жана башка финансы-кредиттик мекемелер" деген сөздөрдү "адистештирилген финансы-кредит мекемеси "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" дегенге алмаштырылсын; 

2.1-пунктунун 2.1.2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"2.1.2. Өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмү. Өздүк (регулятивдик) капитал, капиталга утурлап инвестициялоону кемитүү менен Биринчи деңгээлдеги таза капитал катары аныкталат. Биринчи деңгээлдеги таза капитал ушул нускоонун 3.9-пунктунун а) пунктчасына ылайык аныкталат"; 

3.6-пункттун в) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"в) номиналдан үстөк салынган капитал бул, жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялардын сатуу наркы менен алардын номиналдык наркы ортосунда айырма.  

Номиналдан үстөк салынган капитал акционерлер ортосунда дивиденд түрүндө бөлүштүрүлбөйт.  

Улуттук банктын уруксатынын негизинде номиналдан үстөк салынган капитал, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды сактоо максатында банктын уставдык капиталын арттырууга багытталышы мүмкүн.  

Банк Улуттук банктын уруксаты боюнча банк менен акционерлер ортосунда алдын ала келишим түзүлгөн учурда сатылып алынган акцияларды андан ары акционерлер арасында кыйла жогору баада кайра сатуу максаттарында жана акцияларын сатып алуу чечими кабыл алынганга чейинки акыркы 5 (беш) жыл ичинде банктын иши пайда алып келген учурларда гана өз акцияларын сатып алууга укуктуу: 

3.9.-пункттагы "мекемелер" деген сөз "уюм" деген сөзгө алмаштырылсын; 

3.10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"3.10. Отчеттук мезгилден кийинки айдын 1ине карата абал боюнча өздүк (регулятивдик) капиталдын, Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана таза суммардык капиталдын маанилери Улуттук банк тарабынан белгиленген капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын жана Улуттук банктын башка экономикалык ченемдеринин жана талаптарынын аткарылышын эсептөө үчүн пайдаланылат. Алардын мааниси отчеттук ай ичинде ар күндүк же ар жумалык негизде аныкталган экономикалык ченемдерди эсептөөдө, банктын отчеттук айдын 1ине карата абал боюнча таза суммардык капиталынын мааниси жана отчет түзүлгөн күнгө карата юридикалык жактар же жеке адамдар белгиленген тартипте аны салган шартта кошумча капиталдын мааниси пайдаланылат."; 

7.1. жана 7.3-пункттагы "мекемелер" деген сөз "уюм" деген сөзгө алмаштырылсын; 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы №24/4 "Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө" нускоонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

- токтомдун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу"; 

- 1-пункттагы "нускоонун жаны редакциясы" деген сөз "нускоону" деген сөзгө алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө" нускоонун: 

- бүтүндөй тексти боюнча "КРУБ" деген аббревиатура тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук банк" дегенге алмаштырылсын; 

- 1.1-пункттагы биринчи сүйлөмдү жокко чыгарылсын; 

- 1.2-пункттагы "ушул ченемдик акты" деген сөздөр "ушул нускоо" дегенге алмаштырылсын; 

- 1.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1.3. Кредиттөө чектери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан белгиленген, "Бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү" экономикалык ченеми аркылуу бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна (мындан ары бир карыз алуучу) тобокелдикти чектөө

- 2.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"2.3. Банк менен байланыштуу жактарды кредиттөө тартиби жана чектөөлөр "Банктын аффилирленген жактар жана банк менен байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоого ылайык аныкталат."; 

- 6-бөлүктүн: 

аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"6. Байланыштуу карыз алуучулар тобу"; 

төмөнкү редакциядагы 6.1.-1 6.1.-3-пункттар менен толукталсын: 

"6.1.-1. Ушул нускоонун максаттарында "карыз алуучу" катары, банк аларга кредит/кредитти алмаштыруучуну жана/же өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди (инвестиция, товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн алдын ала төлөөлөр ж.б. түрүндө) сунуштаган адамды/адамдар тобун түшүнөбүз. 

6.1.-2. Банк, өз ара байланыштуу жактар бир жак катары каралган талапты сактоо менен инвестициялоону жүзөгө ашырышы мүмкүн (анын ичинде кредиттерди/кредитти алмаштыруучуларды берүү, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди жайгаштыруу).  

6.1.-3. Кредиттөөдө концентрациялануу тобокелдигин тескөөгө байланыштуу негизги проблемалардын бири катары, айрым карыз алуучулар ортосунда потенциалдуу байланышты табуу зарыл, анткени кредит алууда банк менен өз-өзүнчө иш алып барган эки (жана андан көп) карыз алуучу өз ара байланыштуу болгон бирдиктүү юридикалык жана экономикалык тобокелдикти шартташы мүмкүн. 

Өз ара байланыштуу карыз алуучуларды аныктоодо консолидацияланган отчетту сунуштаган жана/же сунуштоого тийиш болгон компаниялар тобун гана кароого алуу жетишсиз. Карыз алуучулардын байланыштуулугу/өз ара байланыштуулугу, мисалы, биргелешип ээлик кылуу, контролдоо же тескөө катары болушу мүмкүн. Утурлама гарантиялар да карыз алуучулардын өз ара байланыштуулугу көрсөткүчү катары кызмат кылышы мүмкүн.  

Банк өз иш тажрыйбасында карыз алуучуларга байланыштуу тобокелдиктерди аныктоо үчүн алардын маалыматты кандай болбосун бурмалоосун жана/же сунуштабай койгондугун (карыз алуучулар ортосунда байланышты жашыруу максатында) аныктоо үчүн кылдат кароого алууга жана мүмкүн болушунча бардык күч-аракетин жумшоого тийиш."; 

- 6.2-пункттагы: 

үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- кредит юридикалык жакка жана ошол юридикалык жактын катышуучусуна/уюштуруучусуна да берилген;"; 

төртүнчү абзац күчүн жоготкон катары таанылсын; 

төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: 

"- алар бир карыз алуучуга ээ, мында күрөө коюучу катары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы болуп саналган жагдайлар эске алынбайт."; 

- 7.1-пункттагы "санкциялар" деген сөз "таасир этүү чаралары" дегенге алмаштырылсын; 

- 7.2 жана 7.3.-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 8.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"8.1. Банк туруктуу негизде маалымат базасын толуктап турууга жана байланыштуу карыз алуучулар тобун эсепке алуу журналын жүргүзүүгө милдеттүү, анда ар бир карыз алуучуга жана ал менен байланыштуу жакка карата бардык талаптар тууралуу маалымат камтылууга тийиш."; 

- Эскертүүдөгү

(1) шилтеме күчүн жоготкон катары таанылсын; 

(3) күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы №36/13 "Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык валюта позиция лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

аталышында жана 1-пунктунда "валюталык" деген сөз жокко чыгарылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык позиция лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө нускоонун: 

- нускоонун аталышында "валюталык" деген сөз жокко чыгарылсын; 

- преамбула төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамына ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган банктар тарабынан ачык позицияны эсептөө жана ачык позиция лимиттерин сактоо тартибин белгилейт. Максатка жетүү жана Улуттук банк тарабынан белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом кабыл алуу аркылуу ушул нускоодо белгиленшен позиция лимиттерин чектелген мөөнөткө өзгөртүшү мүмкүн. 

Бул ачык позиция лимиттерин сактоо тартиби бардык коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрү банкына (мындан ары банктар) таркатылат.  

Ички саясатты жана тобокелдиктерди контролдоо жол-жоболорун иштеп чыгууда банк ушул нускоонун талаптарына таянууга тийиш."; 

- бүтүндөй тексттеги "КРУБ" деген аббревиатура тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук банк" дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй тексттеги "ачык валюта позиция" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "ачык позиция" дегенге алмаштырылсын; 

- 5.1-5.3-пунктары төмөнкү редакцияда берилсин: 

"5.1. Банк ар бир операциялык күндүн акырына карата абал боюнча белгиленген ачык позиция лимиттерин бузууга жол берген шартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бузууга жол берүү суммасынын 5%, бирок банктын төлөнгөн уставдык капитал өлчөмүнүн 1% ашпаган өлчөмдө айыптык төлөм өндүрүү түрүндө тасир этүү чарасын колдонот. 

5.2. Банк туруктуу негизде белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта (ырааттуу 30 календардык күн ичинде 2ден көп жолу), Улуттук банк тиешелүү банктык мыйзамдарда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган башка таасир этүү чараларын, ошондой эле лицензияны кайтарып алуу чарасын да колдонушу мүмкүн. 

5.3. Банктын отчетто айкын позицияны кандайдыр бир жол менен бурмалап чагылдыруу аракеттери Улуттук банк тарабынан: 

- атайылап жаңылыш маалыматты сунуштоо катары; 

- алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылышы катары; 

- анын айкын көлөмүн бурмалоо максатында позицияны манипуляциялоо катары каралышы мүмкүн, б.а. алардын келип чыгышын жана ишке ашырылышын так идентификациялоо мүмкүн эмес болгон шектүү операцияларды жүргүзүү жана/же эгерде мындай операциялар банктын финансылык абалына жана анын экономикалык ченемдерине таасирин тийгизиши мүмкүн болсо; 

- банк так эмес финансылык жана регулятивдик отчетторду сунуштаса. Мындай операциялар позиция лимиттерин эсептөөдө эске алынбайт."; 

- 5.5-5.7-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

"5.5. Эрежедегидей эле, эгерде ачык позиция лимити форс-мажордук жагдайларда бузууга жол берилсе, айыптык төлөм өндүрүү чарасы банкка карата колдонулбайт. 

5.6. Банкта убактылуу администрация же консервация режими киргизилген мезгил ичинде Көзөмөл боюнча комитет бул экономикалык ченемдин бузууга жол берилишин шарттаган бардык жагдайларды эске алуу менен белгиленген ачык позиция лимиттери сакталбагандыгы үчүн банктан айыптык төлөм өндүрүү максатка ылайыктуу катары кароого укуктуу. 

5.7. Эгерде банкта убактылуу администрация же консервация режими киргизилген мезгил ичинде ачык позиция лимиттерин бузуу убактылуу администрация/ консервация режимин киргизгенге чейинки банктын иш натыйжасынан болсо, Көзөмөл боюнча комитет аны төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен банктан айыптык төлөм алуу маселесин караштырууга укуктуу.". 

 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө" жобонун: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1.1. Бул жобо мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун бирдиктүү формасы аныкталган."; 

- 1.2-пункттагы "башка финансы-кредит мекемелери" деген сөздөр "адистештирилген финансы-кредит мекемеси "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы" дегенге алмаштырылсын; 

- 2.1-пунктунун а) пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" дегенге алмаштырылсын; 

- 2-тиркеменин 1-18 бөлүктөрүндө

- "финансы-кредиттик мекемелер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "финансы-кредиттик уюмдар" дегенге алмаштырылсын; 

- "Суммардык капитал шайкештиги коэффициенти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Суммардык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти" дегенге алмаштырылсын; 

- "өлчөм" деген сөз тиешелүү жөндөмдөгү "өлчөм (көрсөткүч)" дегенге алмаштырылсын; 

- "Инсайдерлер жана аффилирленген жактар" деген сөздөр "банк менен аффилирленген жана байланыштуу жактар" дегенге алмаштырылсын; 

- "Инсайдерлер" деген сөз "банк менен байланыштуу жактар" дегенге алмаштырылсын; 

- "Банктык жайлар" деген сөздөр "кыймылсыз мүлк" дегенге алмаштырылсын; 

- "капитал буфери" көрсөткүчү" деген сөздөр "капитал буфери" индекси" дегенге алмаштырылсын; 

- "Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү" сөздөрү тиешелүү жөндөмөдөгү "же байланыштуу карыз алуучулар тобуна" сөздөрү менен толукталсын. 

 

 

"Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун түзүмү" таблицасындагы 12, 14 15, 18-20-саптар төмөнкү редакцияда берилсин: 

№ 

Бөлүк 

Аталышы  

Мезгил аралыгы 

Сунуштоо мөөнөтү 

Эскертүү же ченемдик укуктук актыларга шилтемелер 

12 

 

8-бөлүк 

Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга өзгөртүүлөрдү киргизүү  

А. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдын эсебинен алынып салынган жана кайтарылган (мурда эсептен алынып салынган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө маалымат 

Б. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга банктарга сунушталган кредиттерден тышкары, кредиттер боюнча өзгөртүүлөр 

В. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга кредиттерден айырмаланган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча өзгөртүүлөр 

Г. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга банктарга жана башка ФКУларга сунушталган кредиттер боюнча өзгөртүүлөр 

Д. "Ислам терезесинин" алкагында банктын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдын эсебинен алынып салынган жана кайтарылган (мурда эсептен алынып салынган) активдери жана баланстан тышкаркы милдеттенмелери жөнүндө маалымат 

Е. Банктарга сунушталган каржылоону эске албаганда, "ислам терезесинин" алкагында банк тарабынан сунушталган каржылоо боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга өзгөртүүлөр 

Ж. Каржылоодон айырмаланган "ислам терезесинин" алкагында банктын активдери боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга өзгөртүүлөр 

З. Банктын "ислам терезесинин" алкагында банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына сунушталган каржылоо боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга өзгөртүүлөр  

 

 

 

14 

10өлүк 

Аффилирленген жактар тууралуу маалымат 

 

 

 

А. Аффилирленген жактар менен активдүү операциялар жөнүндө кыскача маалымат 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ай сайын 

Отчеттук мезгилден кийинки 12 календардык күн ичинде  

1-форма  

Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоого карата тиркемелер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Б. Аффилирленген жактар менен операциялар жөнүндө жалпы маалымат 

В. Банктын аффилирленген жактары жөнүндө маалымат 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жарым жылда бир жолу 

Отчеттук мезгилден кийинки 12 календардык күн ичинде  

2, 3-форма Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоого карата тиркемелер 

 

 

Г. Аффилирленген жактар менен активдүү операциялар жөнүндө кыскача маалымат 

Д. Аффилирленген жактар менен операциялар жөнүндө жалпы маалымат 

Е. Банктын аффилирленген жактары жөнүндө маалымат 

 

 

 

15 

11өлүк 

Банк менен байланыштуу жактар жөнүндө маалымат 

 

 

 

А. Банк менен байланыштуу жактар менен активдүү операциялар жөнүндө кыскача маалымат 

 

 

Ай сайын 

Отчеттук мезгилден кийинки 12 календардык күн ичинде  

4-форма 

Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоого карата тиркемелер  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Б. Банк менен байланыштуу жактар менен операциялар жөнүндө жалпы маалымат 

В. Банктын кызмат адамдарынын жакын туугандары жөнүндө маалымат 

Г. Банк менен байланыштуу башка жактар жөнүндө маалымат 

Д. Банктын кызмат адамдары жана алардын жакын туугандары же банк менен байланыштуу башка жактар аларда контролдоо укугуна ээ юридикалык жактар жөнүндө малымат 

Жарым жылда бир жолу 

Отчеттук мезгилден кийинки 12 календардык күн ичинде  

5, 6, 7, 8-формалар 

Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоого карата тиркемелер 

 

 

E. Инсайдерлер менен активдүү операциялар жөнүндө кыскача маалымат 

Ж. Инсайдерлер менен операциялар жөнүндө жалпы маалымат 

З. Инсайдердин туугандарынан болгон жактар жөнүндө маалымат 

И. Башка байланыштуу жактар жөнүндө маалымат 

К. Анда банктын инсайдерлери жана анын туугандарынан болгон жактар же башка байланыштуу жактар контролдоо укугуна ээ юридикалык жактар жөнүндө маалымат 

 

 

 

18 

14өлүк 

Экономикалык ченемдердин сакталышы жана банк капиталынын кошумча запасын колдоо ("капитал буфери") жөнүндө маалымат 

Ай сайын 

Отчеттук мезгилден кийинки 12 календардык күн ичинде  

 

А. Мөөнөттүү депозиттер жана жеке адамдар алдында башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет (К5.1) 

Күн сайын 

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча 9.00гө чейин 

 

 

 

Б. Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө отчет (К5.2) 

Ай сайын 

 

 

 

 

В. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчет 

Ай сайын 

 

 

 

 

Г. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеминин (көрсөткүчүнүн) сакталышы жөнүндө отчет (К3.2) 

Ай сайын 

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча 9.00гө чейин 

 

 

 

Д. Дароо ликвиддүүлүк ченеминин (көрсөткүчүнүн) сакталышы жөнүндө ар күндүк отчет (К3.3) 

Ай сайын 

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча 9.00гө чейин 

 

19 

15өлүк 

Банктын капиталын эсептөө 

Ай сайын 

Отчеттук мезгилден кийинки 12 календардык күн ичинде  

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоо 

 

Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген, операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган  

банктардын капитал шайкештиги стандарттарын аныктоо боюнча нускоо 

20 

16өлүк 

Ачык валюта позициялары жөнүндө отчет 

Күн сайын 

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча 9.00гө чейин 

Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык позиция лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө нускоого карата тиркеме; 

 

Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген  

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банктардын ачык валюта позиция лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө нускоо 

 

 

А. Ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча ачык валюта позициялар жөнүндө күндөлүк отчет 

Б. Ачык валюта позициялары жөнүндө жыйынтыкталган күндөлүк отчет  

 

Баалуу металлдар боюнча позиция боюнча отчет  

 

 

 

"; 

 

2) 2-тиркеменин: 10Б-10В, 11Б-11Д, 14В бөлүмдөрү төмөнкү редакцияда берилсин: 

БӨЛҮМ 10Б 

БАНКТЫН АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ 

 

Аффилирленген жактын аты  

Операциянын суммасы 

Операциянын түрү [1] 

Операциянын башталыш күнү 

Операцияны бүтүрүү күнү жана мөөнөтү [2] 

Пайыздык чен (%) 

Насыяга карата күрөө [3] 

Күрөөнүн ээси 

Операцияны жүргүзүү шарттары [4] 

Эскертүүлөр 

 

Төмөндө маалыматты аныктоонун мисалдары келтирилген:  

 

1-мисал: Банктын туунду компаниясы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-мисал: Банктын 10% жана андан көп акциясына ээ компания. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

[1] Операциянын түрүн көрсөтүнүз (насыя, гарантия, активди сатуу/сатып алуу, кызмат ж.б.)  

[2] Насыяларга, баланстан тышкары милдеттенмелерге, контрактарга ж.б. 

[3] Күрөөнүн түрүн көрсөтүнүз (баалуу кагаздар, депозит, кыймылсыз мүлк ж.б.) 

[4] Операциянын башкы шарттарын жазып чыгыныз.  

 

Кызмат орду 

Кол тамгасы 

Аты-жөнү 

___________________ 

___________________ 

_____________________ 

 

 

БӨЛҮМ 10В 

БАНКТЫН АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ 

Аффилирленген жактын аты 

Банк менен аффилирленген жактын мүнөзү (холдинг компаниясы, туунду компаниясы, караштуу компаниясы ж. б.)  

Банкка тийиштүүлүгүнө карата акцияларынын/үлүшүнүн ээлигинин пайызы [1] 

Аффилирленген жактын аты/башкы ишмердүүлүк 

Эскертүүлөр 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

... 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

[1] Мисалы: а) Банк В компаниянын 50%на ээ; б) холдинг компания А банктын 55%на ээ; в) банктын холдинг компаниясы ага караштуу D компраниянын 100% акциясына ээ. банка владеет 100% акций зависимой компании. 

 

Кызмат орду 

Кол тамгасы 

Аты-жөнү 

___________________ 

___________________ 

_____________________ 

 

 

БӨЛҮМ 11Б 

БАНК МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ ЖАКТАР МЕНЕН ОПЕРАЦИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ 

 

Банк менен байланыштуу жактын аты-жөгү 

Операциянын суммасы(мин сом) 

Операцииянын түрү [6] 

Операцииянын башталыш күнү 

Операцияны бүтүрүү күнү жана мөөнөтү [7] 

Пайыздык чен 

Насыяга карата күрөө [8] 

Күрөөнүн ээси 

Операцияны жүргүзүү шарттары [9] 

Эскертүүлөр 

 

Төмөндө маалыматты аныктоонун мисалдары келтирилген: 

1-мисал: Банк Башкармалыгынын төрагасынын аты-жөнү  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Банк Башкармалыгынын төрагасынын агасынын/инисинин аты-жөнү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

X компаниясы, Банк Башкармалыгынын төрагасынын атасы Х компаниясынын 50% акциясына ээ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-мисал: Банктын 10% жана андан көп акциясына ээ жактар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

... 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

[6] Операциянын түрүн көрсөтүнүз (насыя, гарантия, активди сатуу/сатып алуу, кызмат ж.б.)  

[7] Насыяларга, баланстан тышкары милдеттенмелерге, контрактарга ж.б. 

[8] Күрөөнүн түрүн көрсөтүнүз (баалуу кагаздар, депозит, кыймылсыз мүлк ж.б.) 

[9] Операциянын башкы шарттарын жазып чыгыныз.  

БӨЛҮМ 11В 

БАНКТЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН ЖАКЫН ТУУГАНДАРЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ 

 

Банктын кызмат адамынын аты-жөнү 

Банкта ээлеген кызматы 

Жакын тууганынын аты-жөнү 

Жакындык даражасы (ата-энеси, аялы/күйөөсү ж. б.) 

 

 

 

 

 

 

 

 

... 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БӨЛҮМ 11Г 

БАНК МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ БАШКА ЖАКТАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ  

 

Банктын кызмат адамынын аты-жөнү 

Банкта ээлеген кызматы 

Банк менен байланыштуу адамдардын аты-жөнү 

Жакындык даражасын аныктоо 

 

 

 

 

 

 

 

 

... 

 

 

 

 

 

 

 

 

БӨЛҮМ 11Д 

БАНКТЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН ЖАКЫН ТУУГАНДАРЫ ЖЕ БАНК МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ БАШКА ЖАКТАР АЛАРДА КОНТРОЛДОО УКУГУНА ЭЭ ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР ЖӨНҮНДӨ МАЛЫМАТ 

Банктын кызмат адамынын аты-жөнү 

Банкта ээлеген кызматы 

Юридикалык жакты аталышы/башкы ишмердүүлүгү  

Банктын казмат адамдарына караштуусу жана юридикалык жактын акцияларына (%) ээ үлүшү  

 

 

 

 

 

 

 

 

... 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БӨЛҮМ 14В 

УЛУТТУК БАНКТЫН ТАЛАПТАРЫНЫН АТКАРЫЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ  

Мааниси  

Айкын мааниси  

Белгиленген мааниси  

Күрөө менен камсыздалбаган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

 

ТСКнын 50% жогору эмес 

Аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

 

ТСКнын 60% жогору эмес 

Ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициялардын максималдуу өлчөмү 

 

Өздүк (регулятивдик) капиталдын 60% жогору эмес