Кайта келүү

Улуттук банк  

Башкармасынын 2017-жылдын  

____- _____________  

№ _____ токтомуна карата 

тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-январындагы № 1/1 "Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү камдык талаптары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- токтомдун аталышында, 1 жана 2-пунктарында "камдык талаптары" деген сөздөр "камдары" дегенге алмаштырылсын;  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү камдык талаптары жөнүндө жобонун: 

- аталышындагы "камдык талаптары" деген сөздөр "камдары" дегенге алмаштырылсын; 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1. Бул жободо аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) милдеттүү камдарды депондоштурган микрофинансылык компанияларга (мындан ары МФК), милдеттүү камдык талаптардын сакталышы тартибине жана аларды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өндүрүүгө карата талаптар белгиленген."; 

- 2-пункттун 3-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Эсептик база - бул, МФКнын депозиттик эсептеринде эсепке алынган сом түрүндөгү жана валюталык милдеттенмелери. Эсептик базада камтылуучу милдеттенмелердин тизмеги жана валюталык түзүмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет."; 

- 3-пункттун үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Милдеттүү кам өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын акча-кредит саясаты максатында өзгөртүлүшү мүмкүн."; 

- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Ушул жобонун 15-пунктунда каралган учурларды эске албаганда, МФК мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуу операцияларды жүзөгө ашырууга лицензия колдонулган мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптарды аткарууга милдеттүү."; 

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"6. Милдеттүү камдар өтүп жаткан базалык мезгилдин алгачкы жумуш күнү бир жолу төрт жума аралыгына эсептелинет жана өткөн базалык мезгил үчүн орточо күндүк эсептик базанын жана Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдетүү кам өлчөмүнүн негизинде аныкталат. Милдеттүү камдын белгиленген мааниси базалык мезгилдин төрт жумасы аралыгында колдонулат. Эсептик базада камтылган валюталык милдеттенмелердин сом түрүндөгү эквиваленти Улуттук банк тарабынан белгиленген чет өлкө валютасынын сомго карата расмий курсу боюнча эсептелинет."; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 6-1-пункту менен толукталсын: 

"6-1. Милдеттүү кам төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

мында OРt өтүп жаткан базалык мезгилдеги милдеттүү кам;  

ОБт-1 МФКнын өткөн базалык мезгилдин ар бир күнү үчүн эсептик базада камтылган милдеттенмелери;  

Р Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү кам өлчөмү;  

Дt-1 милдеттүү камды эсептөөдө эске алынган өткөн базалык мезгилде камтылган календардык күндөрдүн саны, б.а. 28 күн."; 

- 7-пункттун биринчи жана экинчи сүйлөмдөрү бир сүйлөмгө бириктирилип, төмөнкү редакцияда берилсин: 

"7. Ушул жобонун 6-1-пунктуна ылайык ишке ашырылган эсептөөлөргө МФКнын жетекчисинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүп, 1-тиркемеге ылайык формада жаңы базалык мезгилдин алгачкы жумуш күнү саат 12.00гө чейин Улуттук банкка сунушталууга тийиш."; 

- 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Милдеттүү камдык талаптардын аткарылышына контролдук төрт жуманы камтыган базалык мезгилдин акырында жүргүзүлөт. Эгерде бүтүндөй базалык мезгил ичинде МФКнын Улуттук банктагы депозиттик эсебиндеги каражаттардын орточо күндүк суммасы менен милдеттүү кам өлчөмүнүн ортосундагы айырма оң чыкса же нөлгө барабар болсо, милдеттүү камдык талаптар аткарылган катары таанылат. Мында, МФКнын Улуттук банктагы депозиттик эсебиндеги каражаттарынын күндөлүк өлчөмү милдеттүү камдык талаптарды аткаруу үчүн Улуттук банк Башкармасынын чечими менен аныкталган милдеттүү кам өлчөмүнүн минималдуу деңгээлинен аз болбоого тийиш. Бул талап аткарылбаса, МФК милдеттүү камдык талаптарды бузууга жол берген катары эсептелинип, талаптарды сактабагандыгы үчүн ушул жобонун 3-бөлүгүндө аныкталган шарттарга ылайык андан айыптык төлөм кармалат."; 

- 10-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- Жобонун 3-бөлүгүнүн аталышындагы "төлөмдү" деген сөздөр "айыптык төлөмдү" дегенге алмаштырылсын; 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"11. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасы Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген айыптык төлөм өлчөмүнүн жана МФКнын Улуттук банктагы депозиттик эсебиндеги каражаттардын милдеттүү камдардан базалык мезгил ичинде орточо күндүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет.";  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 11-1-пункт менен толукталсын: 

"11-1. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

мында Шн милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм;  

Ос Улуттук банктагы депозиттик эсептин милдеттүү камдан күн ичинде орточо четтөөсү;  

Рш милдеттүү камдык талаптардын сакталбагандыгы үчүн Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген айып төлөм өлчөмү;  

Д базалык мезгилдеги календардык күндөрдүн саны, б.а. 28 күн.  

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасын эсептөө мисалы 2-тиркемеде келтирилген."; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 11-2-пункт менен толукталсын: 

"11-2. Милдеттүү камдардын күндөлүк минималдуу деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасы милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айып төлөм өлчөмүнүн жана МФКнын Улуттук банктагы депозиттик эсебиндеги каражаттардын суммасынын күндөлүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет." 

- 12-пункттагы "төлөм" деген сөз "айыптык төлөм" дегенге алмаштырылсын; 

- 13-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын; 

- 15-пункттагы "төлөм" деген сөз "айыптык төлөм" дегенге алмаштырылсын; 

 

- жобого карата 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

Улуттук банк Башкармасынын  

20__ -жылдын __-__________ 

№____токтому менен бекитилген,  

"Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган  

микрофинансылык компаниялардын  

милдеттүү камдары жөнүндө" жобого карата  

1-Тиркеме 

________дан____________ чейинки мезгил үчүн милдеттүү камдын эсеби 

_______________________________  

(МФКнын аталышы) 

 

МФКнын мезгил-мезгили менен берилүүчү отчету  

боюнча калдык 

Милдеттенмелер 

Мекемелердин, уюмдардын жана башка юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери  

Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери  

Эсептик база (1+2) 

Милдеттүү кам* 

 

 

1 күн 

 

 

 

2 күн 

 

 

 

3 күн 

 

 

 

,,, 

 

 

 

28 күн 

 

 

 

Базалык мезгил үчүн орточо 

 

 

 

Эскертүү: *Милдеттүү кам ушул жобонун 6-1-пунктуна ылайык эсептелет. 

Боелгон ячейка толтурулбайт 

 

МФКнын жетекчисинин кол тамгасы 

 

 

 

Мөөр 

 

 

 

- жобого карата 2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

20__ -жылдын __-__________ 

№____токтому менен бекитилген,  

"Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган  

микрофинансылык компаниялардын  

милдеттүү камдары жөнүндө" жобого карата  

2-Тиркеме 

Милдетүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү 

эсептөө мисалы 

(сом) 

№ п.п 

Отчеттук мезгил 

Улуттук банктагы МФКнын депозиттик эсеби (Д) 

Милдеттүү кам (Р) 

Милдеттүү камдан четтөлөр (Д-Р) 

Милдеттүү камдык талаптардын минималдуу өлчөмү (Р*Морт) 

Минималдуу милдеттүү камдан четтөлөр (Ом) 

24.03.2016 

193 160 090 

225 447 841 

-32 287 751 

157 813 489 

35 346 602 

25.03.2016 

219 138 964 

225 447 841 

-6 308 877 

157 813 489 

61 325 475 

26.03.2016 

140 200 990 

225 447 841 

-85 246 851 

157 813 489 

-17 612 499 

27.03.2016 

227 755 618 

225 447 841 

2 307 777 

157 813 489 

69 942 129 

28.03.2016 

225 011 849 

225 447 841 

-435 992 

157 813 489 

67 198 360 

29.03.2016 

225 011 849 

225 447 841 

-435 992 

157 813 489 

67 198 360 

30.03.2016 

225 011 849 

225 447 841 

-435 992 

157 813 489 

67 198 360 

31.03.2016 

199 731 782 

225 447 841 

-25 716 059 

157 813 489 

41 918 293 

01.04.2016 

198 421 817 

225 447 841 

-27 026 024 

157 813 489 

40 608 328 

10 

02.04.2016 

238 723 793 

225 447 841 

13 275 952 

157 813 489 

80 910 304 

11 

03.04.2016 

283 361 873 

225 447 841 

57 914 032 

157 813 489 

125 548 385 

12 

04.04.2016 

239 886 333 

225 447 841 

14 438 492 

157 813 489 

82 072 844 

13 

05.04.2016 

239 886 333 

225 447 841 

14 438 492 

157 813 489 

82 072 844 

14 

06.04.2016 

239 886 333 

225 447 841 

14 438 492 

157 813 489 

82 072 844 

15 

07.04.2016 

199 325 975 

225 447 841 

-26 121 866 

157 813 489 

41 512 486 

16 

08.04.2016 

196 976 564 

225 447 841 

-28 471 277 

157 813 489 

39 163 075 

17 

09.04.2016 

220 293 185 

225 447 841 

-5 154 656 

157 813 489 

62 479 696 

18 

10.04.2016 

260 369 566 

225 447 841 

34 921 725 

157 813 489 

102 556 077 

19 

11.04.2016 

208 245 032 

225 447 841 

-17 202 809 

157 813 489 

50 431 543 

20 

12.04.2016 

208 245 032 

225 447 841 

-17 202 809 

157 813 489 

50 431 543 

21 

13.04.2016 

208 245 032 

225 447 841 

-17 202 809 

157 813 489 

50 431 543 

22 

14.04.2016 

192 341 146 

225 447 841 

-33 106 695 

157 813 489 

34 527 657 

23 

15.04.2016 

207 602 026 

225 447 841 

-17 845 815 

157 813 489 

49 788 538 

24 

16.04.2016 

235 701 404 

225 447 841 

10 253 563 

157 813 489 

77 887 915 

25 

17.04.2016 

248 150 573 

225 447 841 

22 702 732 

157 813 489 

90 337 084 

26 

18.04.2016 

240 823 064 

225 447 841 

15 375 223 

157 813 489 

83 009 575 

27 

19.04.2016 

240 823 064 

225 447 841 

15 375 223 

157 813 489 

83 009 575 

28 

20.04.2016 

240 823 064 

225 447 841 

15 375 223 

157 813 489 

83 009 575 

Жыйынтыгында 

 

-109 385 351 

 

 

Орто күндүк четтөсү (Ос) 

-3 906 620 

 

 

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм (Шн) 

45 577  

7 339  

Милдеттүү камдан четтөө эсебинин формуласы:

О=Д-Р, мында

Д - Улуттук банктагы МФКнын депозиттик эсеби

Р - милдеттүү кам

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эсептөө формуласы:

Шн=Ос*Рш/100/360*Д, мында

Шн - милдеттүү камдарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм

Ос - милдеттүү камдан Улуттук банктагы МФКнын депозиттик эсебинен орто күндүк четтөөсү

Рш - милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү (мында 15 пайыз)

Д - базалык мезгилде календарлык күндөрдүн саны (мында 28 күн)

Милдеттүү камдардын минималдуу көлөмүнөн четтөнүн эсебин формуласы:

Ом=Д-Р*Mорт, мында

Д -Улуттук банктагы МФКнын депозиттик эсеби

Р - милдеттүү кам

Mорт - милдеттүү камдын көлөмүнөн минималдуу деңгээл (мында 70 пайыз)

Милдеттүү камдык талаптардын минималдуу деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдүн эсептөө формуласы:

Шн=Ом*Рш/100/360*Д, мында

Шн - милдеттүү камды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм

Ом - милдеттүү камдын Улуттук банктагы МФКнын депозиттик эсебинен күндөлүк четтөөсү

Рш - милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү (мында 15 пайыз)

Д - милдеттүү камдык талаптардын минималдуу көлөмү сакталбаган күндөрүнүн саны

Маалымат үчун:

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү Улуттук банктын эсептик ченинин базалык мезгил үчүн орточо үч эселенген өлчөмдө белгиленет

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/15 "Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-январындагы №1/1 токтому менен бекитилген "Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү резервдик талаптары жөнүндө" жобону тууралуу" токтомунун күчүнө кириши жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- аталышында жана 1-пунктунда "резервдик талаптары" деген сөздөр "камдары" дегенге алмаштырылсын.