Кайта келүү

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын “___”_______№_ токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктооло киргизүү жөнүндө  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

3-1 пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

Жогорудагы токтом менен бекитилгкен “"Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жободо: 

- 6-пунктунда:  

- тогузунчу абзацындагы «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөр «чет өлкө валютасы» деген сөздөр менен толукталсын; 

- жыйырма бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эл аралык электрондук акча эмитенти  бул, эл аралык электрондук акча чыгаруу ишин жүзөгө ашырган жана ушул жобого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган юридикалык жак».  

- 7-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи суйлөм менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары улуттук валютада номинацияланган элктрондук акчаны чыгарууга тыюу салынат.». 

- 17-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- «22-1-пункт менен толукталсын жана төмөнкү редакцияда берилсин; 

«22-1. Электрондук капчыктагы электрондук акчанын калдыгына пайыздарды чегерүүгө жана төлөөгө, ошондой эле электрондук акча чыгаруудан түшкөн же ал үчүн каралган каражаттардан кредиттерди берүүгө банкка тыюу салынат.”. 

- 30-пунктагы “аралыктан катталган/” деген сөз алынып салынсын; 

- 31-пункт экинчи подпункт менен төмөнкү редакция менен толукталсын: 

«-чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жүргүзүү». 

- 32-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Бир идентификацияланбаган электрондук капчык боюнча транзакциялардын жалпы көлөмү айына 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.»; 

33-1- 33-4 пунктары менен толукталсын жана алар төмөнкү редакцияда берилсин:  

«33-1 Жеке адамдар үчүн идентификацияланган электрондук капчыктагы калдык улуттук валютада 500 (беш жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. 

33-2 Жеке адамдын бир электрондук капчыгынан транзакциялардын жалпы көлөмү айына 700 (жети жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.  

33-3 Жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын электрондук капчыгындагы калдык 1 000 (бир миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.  

33-4 Жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын бир электрондук капчыгынан транзакциялардын жалпы көлөмү айына 3 000 (үч миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. Ушул суммадан ашкан операциялар ошол жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын банктык эсептери аркылуу өткөрүлүшү зарыл».  

- 34-пунктун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34. Банк, электрондук акча менен операцияларды жүргүзүүдө тобокелдиктердин келип чыгышы/төмөндөшү учурунда электрондук капчык ээлеринин категориясына көз карандысыз, агенттерди жана акцептанттарды кошо алганда, электрондук капчык ээлерине белгиленген лимит өлчөмүн азайта алат»; 

- 36-пункт алынып салынсын.  

- 70-пунктун 4-пунктчасында «процессинг жана тейлөө боюнча» деген сөздөр «же электрондук акча которуулар жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрү боюнча операцияларга байланыштуу иш багыты» деген сөздөр менен толукталсын. 

-  70- пунктун 5-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 76-1 пункту менен толукталсын жана ал төмөнкү редакцияда берилсин: 

«76-1 Эл аралык электрондук акча системасы/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти эл аралык электрондук акча системасынын агенти менен түзүлгөн келишимди/келишимдерди каттоодон өткөндөн кийинки 6 (алты) айдан кечиктирбестен ичинде Улуттук банкка сунуштоого тийиш»; 

- 77-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«77. Финансылык милдеттенмелер, күндөлүк өз ара эсептешүүлөр тартиби жана башка финансылык шарттар эл аралык электрондук акча системасы/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти менен эл аралык акча системасынын агенти катары коммерциялык банк ортосунда түзүлгөн келишимдерде камтылууга тийиш.”.  

Салыштырма таблицасы  

к проекту О внесении изменения в постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики "Об утверждении Положения "Об электронных деньгах в Кыргызской Республике" от 30 марта 2016 года № 15/6 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүүгө 

салыштырмалуу таблицасы 

 

Колдонуп жаткан редакциясы 

Сунушталган редакциясы 

Эл аралык электрондук акча  Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары резидент эместер тарабынан чыгарылган (эмитирленген) электрондук акча.   

Эл аралык электрондук акча  Кыргыз Республикасынын резидент эместер тарабынан чет өлкө валютасында чыгарылган (эмитирленген) электрондук акча.   

Эл аралык электрондук акча эмитенти  Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эмиссияны ишке ашырган, түзүлгөн өлкөнүн мыйзам талаптарынын алкагында ишкердигин жүргүзгөн юридикалык жак.   

Эл аралык электрондук акча эмитенти  бул, эл аралык электрондук акча чыгаруу ишин жүзөгө ашырган жана ушул жобого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган юридикалык жак 

7. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акча улуттук валютада туюндурулууга тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында башка валютада туюндурулган электрондук акчаны чыгарууга тыюу салынат.  

7. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акча улуттук валютада туюндурулууга тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында башка валютада туюндурулган электрондук акчаны чыгарууга тыюу салынатКыргыз Республикасынын аймагынан тышкары улуттук валютада номинацияланган элктрондук акчаны чыгарууга тыюу салынат 

 

22-1. Электрондук капчыктагы электрондук акчанын калдыгына пайыздарды чегерүүгө жана төлөөгө, ошондой эле электрондук акча чыгаруудан түшкөн же ал үчүн каралган каражаттардан кредиттерди берүүгө банкка тыюу салынат. 

30. Эгерде кардар банктын, оператордун жол-жоболоруна ылайык системада аралыктан катталган болсо, анын электрондук капчыгы идентификацияланбаган болуп саналат. Идентификацияланбаган электрондук капчыктагы калдык 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.  

30. Эгерде кардар банктын, оператордун жол-жоболоруна ылайык системада аралыктан катталган болсо, анын электрондук капчыгы идентификацияланбаган болуп саналат. Идентификацияланбаган электрондук капчыктагы калдык 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.  

31. Идентификацияланбаган электрондук капчык аркылуу төмөнкү операцияларды ишке ашырууга тыюу салынат: 

- идентификацияланбаган электрондук капчыктарга акча каражаттарын которууга; 

- нак акчага айландырууга. 

31. Идентификацияланбаган электрондук капчык аркылуу төмөнкү операцияларды ишке ашырууга тыюу салынат: 

- идентификацияланбаган электрондук капчыктарга акча каражаттарын которууга; 

- чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жүргүзүү 

- нак акчага айландырууга. 

32. Каттоодон өткөн жактардын транзакцияларынын жалпы суммасы ай ичинде бир электрондук капчык боюнча 300 (үч жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. 

32. Бир идентификацияланбаган электрондук капчык боюнча транзакциялардын жалпы көлөмү айына 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. 

 

33-1 Жеке адамдар үчүн идентификацияланган электрондук капчыктагы калдык улуттук валютада 500 (беш жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш 

 

33-2 Жеке адамдын бир электрондук капчыгынан транзакциялардын жалпы көлөмү айына 700 (жети жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.  

 

33-3 Жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын электрондук капчыгындагы калдык 1 000 (бир миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. 

 

33-4 Жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын бир электрондук капчыгынан транзакциялардын жалпы көлөмү айына 3 000 (үч миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. Ушул суммадан ашкан операциялар ошол жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын банктык эсептери аркылуу өткөрүлүшү зарыл.  

34. Банк агенттерин, акцептанттарын кошо алганда, өзүнүн бардык электрондук капчык ээлери үчүн электрондук акча менен операциялар боюнча тобокелдиктерге жол бербөө максатында, электрондук капчык ээлеринин категорияларына жараша лимит өлчөмүн өз алдынча белгилөөгө тийиш. Лимиттер өлчөмү электрондук капчык ээлеринин категорияларына жараша банктын ички жол-жоболорунда аныкталат.   

34. Банк, электрондук акча менен операцияларды жүргүзүүдө тобокелдиктердин келип чыгышы/төмөндөшү учурунда электрондук капчык ээлеринин категориясына көз карандысыз, агенттерди жана акцептанттарды кошо алганда, электрондук капчык ээлерине белгиленген лимит өлчөмүн азайта алат. Лимиттер өлчөмү электрондук капчык ээлеринин категорияларына жараша банктын ички жол-жоболорунда аныкталат.   

36. Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн бир электрондук акчаны пайдалануу менен 1 (бир) операциянын максималдуу өлчөмү 3000 (үч миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. Бул суммадан жогору операциялар ошол жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын банктык эсептери аркылуу өтүүгө тийиш.   

 

70. Каттоодон өтүү үчүн эл аралык электрондук акча системасы эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти Улуттук банкка каттоодон өтүүгө өтүнүч катты жана төмөнкүлөрдү камтыган документтер топтомун сунуштоого тийиш:   

- эл аралык электрондук акча системасынын/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентинин аталышы;   

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;   

- эл аралык электрондук акча системасынын/ эл аралык электрондук акча системасынын эмитентинин каттоодонөткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн, ошондой эле ал түзүлгөн өлкөнүн ушул ишкердик түрүн жөнгө салган ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, эл аралык электрондук акча системасынын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн, эл аралык электрондук акча эмиссиясы/чыгаруу, процессинг жана тейлөө боюнча ишкердикти жүргүзүү укугуна лицензиянын/сертификаттын көчүрмөсүн;  

- эл аралык электрондук акча системасынын агенти менен түзүлгөн типтүү келишимди;  

- эл аралык электрондук акча системасынын/ эл аралык электрондук акча системасынын эмитентинин иштөөэрежелерин же Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбеген, эмитент түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдары боюнча эл аралык электрондук акча менен операцияларды жөнгө салган башка документти. Мындан тышкары, эрежелерде бардык акча жана маалымат агымдарынын жалпы схемасы камтылууга, электрондук акчаны пайдаланууда финансылык жана техникалык тобокелдиктерге контролдуктун уюштурулушу баяндалууга тийиш.  

70. Каттоодон өтүү үчүн эл аралык электрондук акча системасы эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти Улуттук банкка каттоодон өтүүгө өтүнүч катты жана төмөнкүлөрдү камтыган документтер топтомун сунуштоого тийиш:   

- эл аралык электрондук акча системасынын/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентинин аталышы;   

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;   

- эл аралык электрондук акча системасынын/ эл аралык электрондук акча системасынын эмитентинин каттоодонөткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн, ошондой эле ал түзүлгөн өлкөнүн ушул ишкердик түрүн жөнгө салган ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, эл аралык электрондук акча системасынын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн, эл аралык электрондук акча эмиссиясы/чыгаруу, процессинг жана тейлөө боюнча, же электрондук акча которуулар жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрү боюнча операцияларга байланыштуу ишкердикти жүргүзүү укугуна лицензиянын/сертификаттын көчүрмөсүн;  

- эл аралык электрондук акча системасынын/ эл аралык электрондук акча системасынын эмитентинин иштөөэрежелерин же Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбеген, эмитент түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдары боюнча эл аралык электрондук акча менен операцияларды жөнгө салган башка документти. Мындан тышкары, эрежелерде бардык акча жана маалымат агымдарынын жалпы схемасы камтылууга, электрондук акчаны пайдаланууда финансылык жана техникалык тобокелдиктерге контролдуктун уюштурулушу баяндалууга тийиш.  

 

76.1. Эл аралык электрондук акча системасы/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти эл аралык электрондук акча системасынын агенти менен түзүлгөн келишимди/келишимдерди каттоодон өткөндөн кийинки 6 (алты) айдан кечиктирбестен ичинде Улуттук банкка сунуштоого тийиш 

77. Эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти, эл аралык электрондук акча системасынын агенттери алдында финансылык милдеттенмелер гарантиясын камсыздоо максатында, төмөнкү шарттардын кеминде бирин аткарууну камсыз кылууга тийиш: 

77. Финансылык милдеттенмелер, күндөлүк өз ара эсептешүүлөр тартиби жана башка финансылык шарттар эл аралык электрондук акча системасы/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти менен эл аралык акча системасынын агенти катары коммерциялык банк ортосунда түзүлгөн келишимдерде камтылууга тийиш.