Кайта келүү

ДОЛБООР 

 

 

“Төлөм системаcынын операторунун ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу жөнүндө” жобо  

  

1-глава. Жалпы жоболор  

  

1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө”, “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Керектөөчүлөр укугун коргоо жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Административдик ишкердик негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.  

2. Жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары Улуттук банк) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби аныкталат. 

3. Улуттук банк тарабынан берилген лицензия мөөнөтсүз, ажыратылып алынгыс болуп саналат жана аны үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт. 

4. Улуттук банк өтүнүч ээсинен/лицензиаттан анын ишине жана аны уюштуруучулардын ишине тиешелүү маалыматты, алардын кызмат адамдары, аффилирленген жактары, субагенттери тууралуу маалыматты, төлөм системасынын операторунун аффилирленген жактарынын пайдасына ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматты жана башка маалыматты талап кылууга укуктуу.  

5. Улуттук банк өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырышкан системалуу мааниге ээ төлөм системасынын оператору болуп саналат (Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жана Пакеттик клиринг системасы).  

6. Бул жобонун талаптары, алардын операторунан болуп Улуттук банк саналган төлөм системаларына жана түзүмүндөгү өздүк финансылык маалыматты иштеп чыгууну жүзөгө ашырган чарба субъекттеринин ички системаларына таркатылбайт. 

7. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн төлөм системасынын операторунун ишин жөнгө салууну жана ага көзөмөлдүктү Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жүзөгө ашырат. 

8. Төлөм системасынын оператору процессинг жана электрондук акчаны жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштоо ишин баштоодо же аны токтотууда банк-эмитент менен түзүлгөн тешелүү келишимдерди кошо тиркөө менен ушул ишкердик түрүн айкын баштаганга же токтотконго чейинки кеминде бир ай мурда Улуттук банкка билдирүүгө тийиш.  

9. Ушул жобонун талаптары бузулган шартта Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системасынын операторуна карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

 

2-глава. Ушул жободо колдонулган түшүнүктөр 

 

10. Бул жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар пайдаланылган: 

Лицензиат  үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызматтарды көрсөтүү укугуна Улуттук банктан лицензия алган төлөм системасынын оператору. 

Кызмат адамдары  коомдун күндөлүк ишин жетектеген коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрү, Башкарманын мүчөлөрү (башкы директор, техникалык директор, башкы бухгалтер, катышуучулар/акционерлер, уюштуруучулар), ошондой эле алар акысыз негизде же сый акы алуу менен иштегендигине карабастан лицензиаттын саясатын аныктаган башка адамдар.  

Өтүнүч ээси  Улуттук банкка төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө  ашырууга лицензия алуу өтүнүчү менен кайрылган юридикалык жак. 

Клиринг  системанын катышуучуларынын төлөмдөрүн топтоо, иштеп чыгуу, тастыктоо жана өз ара таза позицияларды эсептөө процесси (эки тараптуу, көп тараптуу). 

Клиринг борбору  анда клиринг жүзөгө ашырылуучу мекеме. 

Төлөм системасынын оператору  үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо (процессинг, клиринг) кызматтарын көрсөтүүгө Улуттук банктан лицензия алган юридикалык жак. 

Операциялык тобокелдик бул, апараттык-программалык копмлекстин иш ыргагынын бузулушу, төлөм системасынын субъекттеринин персоналынын талаптагыдай иш алып бара албашы, ошондой эле аппараттык-программалык комплексте жана коммуникациялык байланыш каналдарында техникалык үзгүлтүктөрдөн, техникалык инфраструктуранын бузук абалда экендигинен, төлөм системасынын эрежелерин, маалыматты коргоо талаптарын бузууга жол берүүдөн же болбосо бүтүндөй төлөм системасынын иштен чыгышынан, төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн эмес жагдайы кесепети келип чыгышынан улам түптөлгөн тобокелдик.  

Төлөм  нак жана нак эмес акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенмелерди аткаруу. 

 Процессинг  бул, өзүндө финансылык маалыматты топтоону, иштеп чыгууну жана аны төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди камтыган ишкердик. 

Система тобокелдиги төлөм системасынын катышуучуларынын бири төлөм боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калышынан улам төлөм мөөнөтү келип жеткен учурда башка катышуучулардын өз милдеттенмелерин аткара албай калышын шарттаган алгылыксыз жагдайдын орун алышы ыктымалдыгы. Мындай жагдай бүтүндөй төлөм системасынын туруктуулугуна коркунуч жаратышы мүмкүн (“домино” эффекти).  

Payment Card Industry Data Security Standard (мындан ары - PCI DSS) эл аралык төлөм системалары («Visa» жана «MasterCard») тарабынан иштелип чыккан төлөм карттары чөйрөсүндө маалыматты коргоо параметрлерин аныктаган стандарт. 

Идентификация (identification) объект/субъекттерге идентификатор (кайталангыс ат) ыйгаруу процесси же объект/субъект идентификаторун ыйгарылган идентификаторлор тизмеги менен салыштыруу.  

Аутентификация ал тарабынан көрсөтүлгөн идентификатордун объект/субъектке таандыгын текшерүү же аныктыгын тастыктоо. 

Авторизация (authorisation) белгилүү бир объект/субъектке системада аткарган ролуна ылайык айрым бир иштерди аткарууга укук берүү процесси.  

Маалымат системасы алдыга койгон максатка жетүү үчүн маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана берүү үчүн пайдаланылган каражаттардын, ыкмалардын жана персоналдын өз ара байланышкан жыйындысы. Маалымат системасында автоматташтырылган жана автоматташтырылбаган маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана берүү процесси каралган.  

Автоматташтырылган система (АС)  бул, персоналдан, анын ишин автоматташтыруу үчүн каралган каражаттар топтомунан (аппараттык-программалык комплекс), белгиленген милдеттерди аткарууда маалымат технологиясына шарт түзгөн ыкмалардан жана иш-чаралардан турган система.  

 

 3-глава. Лицензиялоо тартиби 

§ 1. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер   

  

11. Ушул жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси өз ишин ушул жобонун талаптарына ылайык келтирет жана мамлекеттик же расмий тилдерде төмөнкү документтердин бирден нускасын Улуттук банкка сунуштайт: 

 1) ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формага ылайык түзүлгөн, юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат;  

2) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү

3) өтүнүч ээсинин, ошондой эле өтүнүч ээси-юридикалык жакка катышуучулар/уюштуруучулардын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү: устав, юридикалык жакты түзүү, уставдык капитал өлчөмү, жетекчинин кол тамгасы жана өтүнүч ээсинин мөөрү менен тастыкталган коллегиалдуу башкаруу органын тандоо жөнүндө чечим; 

4) документтерди тапшыруу учурунда салыктык карызы жок экендигин тастыктаган салык органдарынын маалымкаты;  

5) оператордун ишкердик стратегиясы, иш багыттары жана камтуу чөйрөсү кеңири чагылдырылган бизнес-план, анда кеминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:    

· мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн болжолдуу экономикалык жыйынтыктарды эсептөө

· башкаруу жана контролдоо системасынын түзүмү

· төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу саясаты, ошондой эле тобокелдиктерди тескөө саясаты жана төлөм системасына мониторинг жана контролдук жүргүзүү механизминин баяндамасы; 

· кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого байланыштуу операцияларга жол бербөө жагында болжолдонуп жаткан механизм; 

· кадр саясаты. 

6) чарбалык иш каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачуу үчүн түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү;  

7) коммерциялык банктагы топтоо эсебине 100% уставдык капитал катары (кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом) каражаттардын салынгандыгын тастыктаган документ. Уставдык капиталды түзүү максатында салынган акча каражаттарын лицензия берүү/берүүдөн баш тартуу чечими кабыл алынганга чейин пайдаланууга тыюу салынат. Уставдык капитал уюштуруучулардын акча каражаттарынын эсебинен улуттук валютада гана түзүлүүгө тийиш жана ал өтүнүч ээсинин/лицензиаттын милдеттенмелеринин камсыздоосу катары кызмат кылат. Уставдык капиталды негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана карыздык каражаттардын эсебинен түзүүгө жол берилбейт. 

8) төмөнкү тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен уюштуруучулардын уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалымат: 

а) юридикалык жактар тарабынан төмөнкүлөр сунушталышы мүмкүн: 

- финансылык отчеттордун, салык декларацияларынын же Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тастыкталган финансылык абал жөнүндө башка документтер; 

- аудитордук корутундунун көчүрмөсү (болгон болсо же мындай талап мыйзамдарда белгиленсе); 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, уставдык капиталга салынган акча каражаттардын келип чыгуу булагын тастыктаган башка документтер же белгиленген тартипте тастыкталган алардын көчүрмөлөрү

- ушул юридикалык жак тарабынан тастыкталган юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү

б) жеке адамдар тарабынан төмөнкүлөр сунушталышы мүмкүн: 

- киреше жөнүндө маалымкат, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, акча суммасын, мүлктү жана башкаларды мураска алуу укугу же белгиленген тартипте тастыкталган алардын көчүрмөлөрү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, уставдык капиталга салынган акча каражаттардын келип чыгуу булагын тастыктаган башка документтер же алардын белгиленген тартипте тастыкталган көчүрмөлөрү

9) төлөм системасында жүзөгө ашырылып жаткан финансылык операциялар боюнча отчетторду түзүү жана мониторинг жүргүзүү тартибин жөнгө салган ички документтердин көчүрмөлөрү

10) системада жөнөтүүчүлөр жана алуучулар маалыматын тескөө механизминин болушун, кардарларды эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган террористтер тизмеги, улуттук террористтер тизмеги, терроризмге катыштыгы бар катары шектелген улуттук тизме боюнча текшерүү механизмдеринин каралгандыгын кошо алганда, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү маселелерин жөнгө салган, юридикалык жактын жетекчиси тарабынан тастыкталган ички документтердин көчүрмөлөрү

11) жетекчи тарабынан кол коюлган жана юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн төлөм системасынын иш алып баруу эрежелери, анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- жалпы түзүмү жана иш схемасы; 

- системага кирүү жана андан чыгуу жол-жоболору; 

- катышуучуну системага туташтыруу тартиби; 

- процессинг жүргүзүү тартиби; 

- системанын катышуучуларына карата сандык жана сапаттык критерийлер; 

- процессинг жүргүзүү тартиби; 

- төлөм системасынын катышуучуларынын өз иши тууралуу маалыматтарды төлөм системасынын операторуна берүү тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөөдө колдонулуучу моделди, иш-чаралар тизмегин жана тобокелдиктерди тескөө ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө системасы; 

- катышуучулардын жана кардарлардын талаш маселелерин, даттанууларын чечүү тартиби; 

- системада штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда катышуучулардын чара көрүү тартиби; 

- катышуучулардын жана операторлордун укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- тарифтер жана тарифтик саясат;  

12) анда төмөнкүлөр камтылуучу системанын техникалык регламенти: 

- маалыматты коргоо талаптары; 

- системанын түзүмү (модулдардын өз ара иш алып баруусу, байланыш каналдарын камсыз кылуу ж.б.). 

13) төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен коллегиалдуу органдын мүчөлөрү жана уюштуруучу-жеке адамдар тарабынан ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык толтурулган жана кол коюлган анкеталар: 

- инсандыгын тастыктаган документтердин; 

- ушул жобонун 4-главасында белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн тастыктаган документтердин; 

14) аппараттык-программалык комплексти орнотуу жана аны өндүрүштүк эксплуатацияга берүү актысы. Аппараттык-программалык комплекс ушул жободо белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.  

15) аларды чыгаруу жөнүндө электрондук акча эмитенти менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (электрондук акча процессинги жана жайылтуу кызматтарын сунуштаган өтүнүч ээси үчүн); 

16) өтүнүч ээсинин атынан ишеним каттын негизинде анын өкүлү  иш алып барган учурда, анын өкүлүнө лицензия алууга берилген ишеним кат; 

17) компаниянын аффилирленген жактары тууралуу маалымат (жеке адамдын/жеке ишкердин аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, тастыктоочу документтер, уюштуруу документтери ж.б.); 

18) лицензия берүү үчүн төлөнгөндүгүн тастыктаган документ. 

 

§ 2. Документтерге экспертиза жүргүзүү жана лицензия берүү  

 

 12. Лицензия алуу үчүн документтер Улуттук банкка, анын областтык башкармалыктарына жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө (өтүнүч ээсинин жайгашкан жери боюнча) сунушталышы мүмкүн. 

13. Ушул жобого ылайык Улуттук банкка  сунушталуучу жана бирден көп барактан турган бардык документтердин ар бир барагы бирден сыпатталып, жетекчинин кол тамгасы коюлуп, өтүнүч кат ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилиши мүмкүн.   

14. Улуттук банк тарабынан документтерди кароо мөөнөтү 30 (отуз) жумуш күнүн түзөт.   

15. Документтер топтомун кароодо Улуттук банк лицензия берүү алдында өтүнүч ээсин текшерүүгө укуктуу.  

16. Лицензия берүү алдында текшерүү ишинде автоматташтырылган системанын иш абалын жана өтүнүч ээсинин ишкердигинин ушул жобонун талаптарына жооп берүүсүн текшерүү каралган.  

17. Лицензия берүү алдында текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Лицензия берүү алдында өтүнүч ээсинин ишкердигин текшерүү актысы түзүлөт. Анын ишине тиешелүү суроолор келип чыккан учурда, өтүнүч катты кароо мөөнөтү узартылат.  

18. Эгерде документтер ушул жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе өтүнүч ээси талапты алган учурдан тартып 20 жумуш күнүнөн кечиктирбестен кошумча/жеткире иштелип чыккан документтерди сунуштоого тийиш. Өтүнүч катты жана документтерди кароо мөөнөтү ушул жобонун талаптарын канааттандырган кошумча документтер сунушталган күндөн тартып кайрадан эсептеле баштайт.     

19. Лицензияны алууга сунушталган өтүнүч кат жана документтер кайтарылып алынса же болбосо лицензияны берүүдөн баш тартылса же мурда берилген лицензия кайтарылып алынса, ушул жобонун чегинде Улуттук банкка сунушталган документтер жана лицензия алуу үчүн төлөнгөн төлөм суммасы өтүнүч ээсине кайтарылып берилбейт.  

20. Лицензия эки нускада тариздетилет. Бир нускасы өтүнүч ээсине берилет, ал эми экинчи нускасы Улуттук банкта сакталат. 

21. Лицензия өтүнүч ээси же анын ыйгарым укуктуу адамы инсандыгын тастыктаган документти сунуштагандан кийин берилет. Лицензияны берүүдө өтүнүч ээси же өтүнүч ээсинин ыйгарым укуктуу адамы Лицензияларды берүү журналында аны алгандыгы жөнүндө кол коет.  

22. Лицензия берүү жөнүндө маалымат реестрге киргизилет, ал Улуттук банк тарабынан жүргүзүлөт.  

 

§3. Лицензия берүүдөн баш тартуу  

  

23. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиз катары төмөнкүлөр саналат: 

1) лицензия алуу үчүн берилген документтер ушул жобонун же Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе;   

2) Улуттук банкка лицензия алуу үчүн такталбаган жана/же толук эмес маалыматтар берилсе; 

3) өтүнүч кат ээсине ушул ишкердик түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салынган соттун чечими болсо; 

4) лицензия алуу алдында жүргүзүлгөн текшерүү ишинин жыйынтыгына ылайык өтүнүч ээсинин ишкердиги ушул жобонун талаптарына жооп бербесе; 

5) лицензия берүү үчүн төлөм төлөнбөсөөлөөдөн баш тартылса; 

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка талаптарга жооп бербесе. 

24. Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда Улуттук банк баш тартуу себептерин көрсөтүү менен кат жүзүндө билдирме жөнөтөт. Өтүнүч ээси кабыл алынган мындай чечимге макул эмес болсо, аны негиздөө менен Улуттук банктын Төрагасына даттануу менен кайрылууга укуктуу. Даттануу, Улуттук банктан лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирмесин алган күндөн кийинки 30 (отуз) жумуш күнү ичинде сунушталат. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын Төрагасы 30 (отуз) жумуш күнү ичинде лицензия берүү же даттанууну канааттандыруусуз калтыруу чечимин кабыл алат.  

 

§ 4. Лицензияны кайра тариздөө 

 

25. Төмөнкүлөр лицензияны кайра тариздөө үчүн негиз болуп саналат: 

- юридикалык жакты кайра уюштурууда; 

- юридикалык жактын аталышын өзгөртүүдө

26. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиздер келип чыккан шартта, лицензиат Улуттук банкка өтүнүч кат менен кайрылууга милдеттүү.  

27. Кайра тариздөө жөнүндө өтүнүч кат, кайра тариздөө негиздерин жана тиешелүү өзгөртүүлөрдү тастыктаган документтерди кошо тиркеп, жаңы маалыматтарды чагылдыруу менен лицензиат тарабынан кайра тариздөө негиздери келип чыккан күндөн кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирилбестен Улуттук банкка сунушталат.  

28. Лицензиар тиешелүү өтүнүч катты алгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде лицензия кайра таризделет. Лицензияны кайра тариздөөдө Улуттук банк реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет. 

 

§ 5. Лицензиянын дубликатын берүү 

 

29. Лицензиянын түп нускасы жоголсо же жараксыз болуп калса, лицензиат документтин жоголгондугун же жараксыз болуп калгандыгын тастыктаган документтерди кошо тиркөө менен (жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо, “жоголгон буюмдар боюнча маалымат алуучу жайынан” маалымкат) жоголгондугу же жараксыз болуп калгандыгы аныкталган күндөн кийинки 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен дубликат берүү жөнүндө өтүнүч катты Улуттук банкка сунуштайт. Лицензия жараксыз болуп калган шартта өтүнүч катка лицензиянын жараксыз болуп калган бланкы да кошо тиркелет. 

30. Лицензиат өтүнүч кат сунуштаган күндөн тартып лицензиянын жоголгон же жараксыз болуп калган бланктары анык эмес болуп саналат. 

31. Улуттук банк өтүнүч кат сунушталган күндөн кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде жогорку оң бурчунда “Дубликат” деген жазуу чагылдырылган дубликатты сунуштайт же болбосо баш тартуу себептерин көрсөтүү менен аны берүүдөн баш тартуу катын жөнөтөт.  

32. Лицензиат Улуттук банктын лицензиянын дубликатын берүүдөн баш тартуу чечимине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттануу менен кайрылууга укуктуу.  

 

§ 6. Төлөм системасынын операторун кайра уюштуруу жана/же жоюу 

 

33. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды так сактаган шартта кайра уюштурулушу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратып алуу, кайра өзгөртүп түзүү) мүмкүн.  

34. Төлөм системасынын оператору өз эрки менен жоюлушу мүмкүн. Төлөм системасынын операторун жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.  

35. Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын аракети төмөнкү учурларда токтотулат: 

1) төлөм системасынын операторунун иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык токтотулса; 

2) төлөм системасынын операторунан лицензия кайтарылып алынса; 

3) лицензиялануучу ишкердик түрүн жүзөгө ашырууну өз эрки боюнча токтотсо; 

4) юридикалык жак жоюлган шартта; 

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

36. Төлөм системасынын оператору ишкердикти жоюу/өз эрки боюнча токтотуу себептерин көрсөтүү менен кат жүзүндө өтүнүч катты сунуштоого жана жоюу чечимин кабыл алган учурдан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка лицензияны тапшырууга тийиш.  

37. Төлөм системасынын оператору төлөм системасынын катышуучулары менен түзүлгөн келишим шарттарын аткарууга жана өз ишин лицензияга ылайык токтотууга тийиш.  

38. Лицензияны кайтарып алуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. 

 

4-глава. Төлөм системасынын операторуна карата негизги талаптар 

§ 1. Төлөм системасынын операторунун кызмат адамдарына карата коюлуучу талаптар 

 

39. Төлөм системасынын операторунун штаттык түзүмү, кеминде, төрагадан (жетекчиден), техникалык директордон, башкы бухгалтерден турууга тийиш, алар башкаруунун коллегиалдуу аткаруу органынын курамына кирет.  

40. Төрага төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку билимдүү

- акыркы 10 (он) жыл ичинде экономикалык жана/же юридикалык жана/же техникалык чөйрөдө иш алып барган компаниянын жетекчиси кызматында кеминде 3 (үч) жылдык иш тажрыйбасы болууга;  

- сот жообуна тартылбаган; 

41. Техникалык директор төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- жогорку техникалык билимдүү;  

өз кесиби боюнча кеминде 3 (үч) жылдык иш тажрыйбасы болууга;  

- сот жообуна тартылбаган;  

42. Башкы бухгалтер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- жогорку же орто-кесиптик билимдүү;  

өз кесиби боюнча кеминде 3 (үч) жылдык иш тажрыйбасы болууга;  

- эл аралык стандарттарга ылайык бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчет түзүү чөйрөсүндө билимдүү, акыркы 5 (беш) жыл ичинде жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча курсту аяктагандыгын (экзамен/тест ж.б. тапшыргандыгын) же квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган сертификаттын же башка документтердин болушу;  

- сот жообуна тартылбаган.  

 

§ 2. Төлөм системасынын операторунун ишине карата талаптар 

 

43. Төлөм системасынын оператору өз ишин Улуттук банктын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырууга тийиш. 

44. Төлөм системасынын оператору тиешелүү лицензияга ээ болгон шартта өз ишин төлөм уюмунун же финансы-кредит мекемесинин ишин айкалышта жүргүзүшү мүмкүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, алардын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка операцияларды ишке ашырууга укуктуу. Төлөм системасынын операторунун ишин мобилдик уюлдук байланыш операторунун иши менен айкалышта жүргүзүүгө тыюу салынат.  

45. Төлөм системасынын оператору мындан тышкары төмөнкүлөрдү ишке ашырышы мүмкүн: 

1) товарларды сатып алууга/сатууга жана төлөм системасынын оператору алар менен келишим түзгөн кызматтарды сунуштоочулардын ишине тиешелүү кызматтарды көрсөтүүгө

2) төлөм системасынын операторунун ишине байланыштуу консультациялык жана маалыматтык кызматтарды сунуштоого. 

46. Төлөм уюмунун уставдык капиталы кеминде 1 000 000 (бир миллион) сомду түзүүгө тийиш. 

47. Төлөм системасынын оператору төлөм системасынын ишин иштелип чыккан эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык жүргүзөт. Төлөм системасынын катышуучуларынын өз ара иш алып баруусу системанын эрежелеринде жана келишимдеринде белгиленет.  

48. Системанын эрежелеринде жана жол-жоболорунда системада катышуудан улам алар дуушар болушу ыктымал болгон ар бир финансылык тобокелдикке таасири тууралуу так мүнөздөмө берилүүгө, аларга юридикалык негиз жана тараптар-катышуучулардын ролу, системада орун алган тобокелдиктерди тескөө убактысы жана принциптери тууралуу түшүндүрмө берилүүгө жана мезгил-мезгили менен жаңыртылып турууга тийиш.  

49. Төлөм системасынын оператору системанын үзгүлтүксүз ишин, төлөмдөрдүн өз убагында иштелип чыгышын, системада камтылган маалыматтын коопсуздугун жана купуя сакталышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат. Төлөм системасынын оператору төлөм системасынын катышуучуларына төлөм кызматтарын сунуштабай коюшу же сапатсыз сунуштоосу үчүн жоопкерчилик тартат.  

50. Эгерде келишим шарттарында башкасы каралбаса, төлөм системасынын оператору системада үчүнчү жактардын күнөөсү боюнча келип чыккан үзгүлтүк үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

51. Оператор Кыргыз Республикасынын монополияны жөнгө салуу боюнча мыйзам талаптарын бузууга жол берген учурларда гана Улуттук банк төлөм системасынын операторунун тарифтерди түзүүсүнө чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.  

52. Оператор өз штаттык тизиминде төмөнкү милдеттердин аткарылышы үчүн жооптуу персоналга ээ болууга тийиш: 

- контролдоо системасынын шайкештүүлүгүнө баа берүү башкаруу тобун текшерүү, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча негиздүү сунуштарды жана тескөө натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү

- иш натыйжалуулуга баа берүү уюмдун иш алып баруусуна ар тараптуу эксперттик баа берүүнү жүргүзүү жана аларды өркүндөтүү боюнча негиздүү сунуштарды берүү

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келишин текшерүү;  

- маалымат коопсуздугун тескөө системасын колдоо жана туруктуу негизде жакшыртуу үчүн зарыл ресурстар менен камсыз кылуу; 

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелерин сактоо жана жүзөгө ашыруу; 

- чечим кабыл алуу, финансылык жана регулятивдик отчетторду түзүү үчүн пайдаланылуучу финансылык маалыматтардын тактыгын, толуктугун жана өз убагында берилишин камсыз кылуу; 

- бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына ылайык жүргүзүү

53. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- ички эрежелердин жана жол-жоболордун ушул жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келишин камсыз кылууга; 

- төлөм системасынын катышуучуларына төлөмдөрдү өткөрүү үчүн зарыл техникалык жана программалык каражаттарды сунуштоого; 

- маалыматтарды иштеп чыгуу каражаттарынын коопсуз ишин камсыз кылууга; 

- төлөм системасынын катышуучуларынын реестрин жүргүзүүгө

- системада келип чыккан кооптуу жагдайларды жөнгө салууга карата бирдиктүү ыкманы камсыз кылуу жана мындай жагдайлардын реестрин жүргүзүү

- төлөм системасында тобокелдиктерге баа берүү жана аларды жөнгө салуу; 

- үч жылда кеминде бир жолу ишкердикке тышкы көз карандысыз аудиттин жүргүзүлүшүн камсыз кылуу. 

54. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

- маалыматты үзгүлтүксүз алмашууну жана иштеп чыгууну; 

- маалыматтарды түзүлгөн жерден төлөм системасынын операторунун процессинг борборуна жана кайра артка байланыш каналдары аркылуу өткөрүүдө алардын толуктугун жана аныктыгын; 

- төлөм системасынын автоматташтырылган системада иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персоналын идентификациялоо, аутентификациялоо жана авторизациялоо; 

- маалыматтардын купуялуулугун сактоо; 

- автоматташтырылган системада үзгүлтүк орун алган учурда, штаттан тышкаркы жагдайларда же маалыматтардан санкциясыз пайдаланууда маалыматтарды жана жабдууларды коргоого алуу; 

- байланыш каналдарын кошо алганда, системанын негизги компоненттеринин резервин түзүү

- лицензияланган байланыш операторун тарабынан сунушталган коопсуз жана ишенимдүү байланыш каналдарын пайдалануу; 

- төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасынын, кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын жана төлөм системасынын операторунун персоналынын маалыматын кошо алганда, системанын маалымат ресурсунан пайдалануу сеансынын ишине мониторинг жүргүзүү жана контролдоо. 

55. Аппараттык-программалык комплексти администрлөө төлөм системасынын операторунун штаттык персоналы тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. 

56. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган бардык операциялар тууралуу маалыматтын сакталышын камсыз кылууга тийиш, мында ал Улуттук банктан лицензия алган учурдан тартып кайсыл болбосун мезгил аралыгы үчүн кандай болбосун транзакция тууралуу маалыматты айкын убакыт ыргагында жана/же талап келип түшкөн учурдан тартып 2 (эки) сааттан ашпаган мөөнөт ичинде алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууга тийиш. 

57. Төлөм системасынын оператору кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелеринин сакталышы жана жүзөгө ашырылышы үчүн жоопкерчиликтүү атайы кызмат адамын (жетекчи кызмат орду деңгээлинде) дайындоого тийиш.  

58. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөр улуттук валютада ишке ашырылууга тийиш. 

59. Процессинг жана клиринг Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлөт жана ал үчүнчү жактарга аутсорсингге өткөрүлүп берилбейт. 

60. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персонал: 

- ички эрежелерде жана жол-жоболордо жөнгө салынган финансылык маалымат менен иш алып барууда коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу нормалары жана талаптары менен таанышып чыгууга; 

- ички документтерге ылайык, автоматташтырылган системадан пайдаланууда программалык-техникалык каражаттарды тескөө жана финансылык маалыматты иштеп чыгуу үчүн зарыл деңгээлдеги квалификацияга ээ болууга; 

- финансылык маалымат менен иш алып барууда коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу боюнча талаптардын бузууга жол берилиши үчүн жеке жоопкерчилик тартууга. 

61. Төлөм системасынын оператору пайдаланылып жаткан автоматташтырылган системанын техникалык камсыздалышын жөнгө салган документке ээ болууга тийиш.  

62. Төлөм системасынын оператору тарабынан пайдаланылып жаткан программалык камсыздоодо программа тууралуу маалымат, пайдалануучу жана администратор үчүн колдонмону кошо алганда, системанын паспорту, ошондой эле системаны ишке киргизүү үчүн башка зарыл коштомо документтер камтылууга тийиш.  

63. Төлөм системасынын операторунун сервер жайы төмөнкүдөй негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- обочолонгон (имараттын ичинде жайгашып, башка бөлмөлөрдөн дубал менен бөлүнгөн, анда өзүнчө кирүү мүмкүнчүлүгү каралган жана терезеси болбогон); 

- бекем кулпуланууга; 

- өрт жана коргоо-белги берүү каражаттары же болбосо жайга чоочун адамдардын санкциясыз кирип кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жана бөлмө ичинде жайгашкан ресурстардын сакталышын камсыз кылган күнүүнү коргоо жана байкоо жүргүзүү каражаттары болууга; 

- так чектөөлөрдү белгилөө менен персоналдын андан өз милдеттерине ылайык гана пайдалануусун камсыз кылууга; 

- сервер жайына кирүүнү каттоо журналы же контролдоо жана пайдаланууну тескөө системасы болууга тийиш. 

64. Төлөм системасынын оператору маалыматты алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана аны системанын катышуучуларына сунуштоо процессине тартылган бардык катышуучулардын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар топтомун пайдаланууга тийиш. 

65. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон жеке жана башка маалыматтардын коргоого алынышын камсыз кылууга милдеттүү.  

66. Төлөм системасынын оператору алты айда кеминде бир жолу автоматташтырылган системанын төлөм системасынын ички эрежелеринин жана жол-жоболорунун, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келишине текшерүү жүргүзүп турууга тийиш. Текшерүүнүн жыйынтыгында протокол толтурулуп, ага текшерүү ишине катышкандар кол тамга коюуга тийиш.  

67. Төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү ишке ашырууда автоматташтырылган система аркылуу өткөрүлүүчү маалыматтардын коргоого алынышын камсыз кылууга тийиш.  

68. Төлөм системасынын оператору анын тескөөсүндө турган финансылык маалыматтын коргоого алынышын жана купуя сакталышын камсыз кылып, аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга сунуштоого тийиш.  

69. Төлөм системасынын оператору система жана тиркемелер (пайдалануучунун системага кирүүсү/андан чыгуусу, маалыматтарга өзгөртүүлөрдүн киргизилиши ж.б.) деңгээлинде бардык операциялар үчүн система ичиндеги билдирмелер (лог) журналынын жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.  

70. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык, иштелип чыккан финансылык маалыматтардын сакталышын жана алардын архивинин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.  

71. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык келишимдерде каралган эрежелерге ылайык программалык камсыздоо укугуна ээлик кылуучунун укуктарынын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

72. Төлөм карттары менен транзакцияларды иштеп чыгууну жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору Payment Card Industry Data Security Standard (PCI DSS) сертификатына ээ болууга тийиш

73. Төлөм системасынын оператору 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу милдеттүү түрдө көз карандысыз аудиттен өтүүгө тийиш. Аудитордук корутундунун көчүрмөсү Улуттук банкка ага кол койгон учурдан тартып 1 айдан кечиктирилбестен сунушталышы зарыл. Аудит жүргүзүүдө кеминде төмөнкүлөргө баа берилүүгө тийиш: 

- колдонуудагы саясатка жана жол-жоболорго; 

- төлөм системасынын коопсуздугуна; 

- тобокелдиктерди тескөө саясатына. 

74. Төлөм карттары менен эсептешүү системасынын оператору эл аралык сертификациялоо программасынын сертификатына ээ аудиторлорду ишке тартуу менен автоматташтырылган системага аудит жүргүзүүгө тийиш.  

 

§ 3. Төлөм системасынын операторунун эрежелери 

 

75. Төлөм системасынын операторунун эрежелеринде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- система түзүмү жана анын иштөө схемасы; 

- системага кирүү жана андан чыгуу жол-жобосу; 

- катышуучуну системага туташтыруу тартиби; 

- процессинг жүргүзүү тартиби; 

- төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм системасынын операторуна маалыматтарды сунуштоо тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөөнүн колдонулуп жаткан моделин, чаралар тизмегин жана тобокелдиктерди тескөө ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө системасы; 

- маалыматтарды коргоо талаптары; 

- талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- системада штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда катышуучулардын иш алып баруу тартиби; 

- катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар. 

76. Төлөм карттары менен эсептешүү системасынын операторунун эрежелеринде ушул жобонун 75-пунктунда келтирилген талаптардан тышкары төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- катышуучуну системага каттоо жана ишке багыттоо; 

- эмитенттин эмиссияны жүзөгө ашыруу тартиби жана талаптары; 

- эквайердин эквайрингди жүзөгө ашыруу тартиби жана талаптары; 

- системада төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби; 

- банктар аралык комиссиялык төлөмдөр, тейлөө жана башка комиссиялык төлөмдөр. 

77. Төлөм системасынын эрежелеринде төмөнкү талаптарды белгилөөгө тыюу салынат: 

- төлөм системасынын катышуучуларына башка төлөм системаларында катышпоо талабын коюуга (өзгөчө катышуу шарттары); 

- төлөм системасынын катышуучуларынын жоопкерчилиги астында катышуучулар ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде төлөм системасынын чегинен тышкары клиринг жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө чектөөлөрдү (тыюу салууларды) белгилөөгө

- төлөм инфраструктурасынын кызматтарын сунуштаган операторлорго карата башка төлөм системасынын алкагында төлөм инфраструктурасынын кызматтарын сунуштоого чектөөлөрдү (тыюу салууларды) белгилөөгөөлөм инфраструктурасынын кызматтарын сунуштоо боюнча гана өзгөчө шарт); 

- төлөм системасынын катышуучуларына карата кызмат көрсөтүүлөр наркын өз алдынча аныктоо укугун чектеген. 

 

5-глава. Тобокелдиктерди тескөө 

 

78. Төлөм системасынын оператору финансылык тобокелдиктерди, операциялык тобокелдиктерди, маалымат коопсуздугу тобокелдиктерин, иш үзгүлтүксүздүгү тобокелдиктерин ж.б. жөнгө салууну кошо алганда, тобокелдиктерди тескөө системасына ээ болууга тийиш. 

79. Төлөм системасынын оператору төлөм системасында катышуу келишиминде орун алышы мүмкүн болгон форс-мажордук жагдайларды (аскердик кагылышуулар, жаратылыш кырсыктары жана башкалар) кошо алганда, штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда тобокелдиктерди тескөө боюнча бөлүккө ээ болууга тийиш.  

80. Төлөм системасынын катышуучулары өз милдетин аткаруусуна тоскоолдук жараткан система тобокелдиги аныкталган шартта төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- тобокелдик аныкталган учурдан тартып 1 (бир) күн ичинде электрондук билдирүү жөнөтүү же телефон чалуу аркылуу Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө маалымдоого; 

- тобокелдиктерге дуушар болушу ыктымал болгон тарапка же тараптарга билдирүүгө

- башка катышуучуларды өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууга. 

 

6-глава. Отчетторду жана башка маалыматты сунуштоо 

 

81. Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттарына тиешелүү маалыматты жана финансылык агымды контролдоо үчүн төлөм системасынын оператору ушул жобонун 4-тиркемесинде белгиленген форма боюнча маалыматтык, финансылык төлөм кызматтары жөнүндө малыматты Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Төлөм системасынын оператору отчетту отчеттук чейректен кийинки айдын 15инен кечиктирбестен сунуштоого тийиш. Кагаз бетине басылып чыгарылган отчетту кийин тапшыруу менен анын электрондук (сканерден өткөрүлгөн документ) вариантын белгиленген мөөнөттө тапшырууга жол берилет.  

82. Төлөм системасынын оператору уставдык капитал өлчөмү, коллегиалдуу аткаруу органынын курамы, катышуучулар/уюштуруучулар, аффилирленген жактар, акча каражаттарынын келип чыгуу булактары, айкын жана юридикалык даректери тууралуу маалыматтарды отчеттук жылдан кийинки жылдын 1 (биринчи) февралына чейин ар жылдык негизде сунуштоого тийиш.  

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн маалымат өзгөргөн шартта төлөм системасынын оператору маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен маалыматтарды сунуштоого милдеттүү

83. Төлөм системасынын оператору финансылык абал тууралуу маалыматтарды отчет берүү формасында Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына ылайык чейрек сайын сунуштоого тийиш. Ал отчеттук чейректен кийинки айдын 25нен кечиктирилбестен сунушталат. Кагаз бетине басылып чыгарылган отчетту кийин тапшыруу менен анын электрондук (сканерден өткөрүлгөн документ) вариантын белгиленген мөөнөттө тапшырууга жол берилет.  

84. Төлөм системасынын оператору отчетту Улуттук банктан лицензия алган чейректен кийинки отчеттук чейректен тартып сунуштайт. Улуттук банкка сунушталуучу бардык отчетторго жетекчи жана башкы бухгалтер кол коет.  

85. Эгерде акыркы отчетту тапшыруу күнү дем алыш күнгө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таанылган майрам күнүнө туш келип калса, отчет андан кийинки жумуш күнү тапшырылат.  

86. Улуттук банк кайсыл болбосун учурда төлөм системасынын операторунан анын ичинне кандай болбосун тиешелүү маалыматты талап кылууга, ошондой эле жеринде барып инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө укуктуу.  

87. Төлөм системасынын операторунун аткаруу органынын жетекчиси ушул жобонун талаптарынын аткарылбашы же талаптагыдай аткарылбашы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.  

 

 

 

“Төлөм системаcынын операторунун  

ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу  

жөнүндө” жобого карата  

1-тиркеме 

    

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Төлөм системалары башкармалыгы  

  

 

ӨТҮНҮЧ КАТ  

    

(_______________________________________________________________________________________________________________________________________________)  

(толук аталышы, юридикалык дареги, айкын дареги, телефон номери)  

 

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызматтарды көрсөтүүгө лицензия берүүнү өтүнөм.  

Ушул өтүнүч катты толтуруу менен мен, өтүнүч кат ээсинин жетекчиси катары, Улуттук банктын төлөм системалары боюнча ченемдик укуктук актылары менен таанышкандыгымды тастыктайм жана жогоруда белгиленген ишкердик түрлөрү үчүн талап кылынган бардык төмөнкүдөй маалыматтарды жана документтерди сунуштаймын, так айтканда:  

  

1.  Уюштуруучулар тууралуу маалымат:    

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

Башкаруунун коллегиалдуу органынын курамы (Төраганын, техникалык директордун, башкы бухгалтердин аты-жөнү):    

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

    

2. Документтер:  

2.1. Коллегиалдуу органдын төрагасынын анкетасы   

2.2. Техникалык директордун анкетасы   

2.3. Башкы бухгалтердин анкетасы 

2.4. Уюштуруучу-жеке адамдын анкетасы  

  

 20__ -жылдын “___” _________ 

__________________________ 

(жетекчинин кол тамгасы) 

 

 

Уюмдун мөөрү  

    

 

 

 

 

“Төлөм системаcынын операторунун  

ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу  

жөнүндө” жобого карата  

2-тиркеме 

 

    

АНКЕТА  

      

үрөт үчүн)    

    

    

__________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун аталышы) 

 

(Аты-жөнү, кызмат орду) _____________________________________________________ ___________________________________________________________________________ 

    

Туулган күнү жана жери _____________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

Паспортунун сериясы _______№________ Ким тарабынан берилген:________________ 

Берилген күнү: ______________ 

Жарандыгы_________________________________________________________________ 

Байланышуу үчүн маалымат (катталган жери боюнча дареги)_______________________ 

___________________________________________________________________________ 

Байланышуу үчүн маалымат (анкетаны толтурууда айкын жашаган жеринин дареги, телефон номери (иштеген жеринин, уюлдук) электрондук почта дареги):_____________ 

___________________________________________________________________________  

Үй-бүлөлүк абалы:__________________________________________________________ 

Билими____________________________________________________________________ 

дипломунун № ________________ Берилген күнү: ________________ Ким тарабынан берилген ______________________  

 

Билими тууралуу маалымат: 

Окуу жайынын аталышы жана ал жайгашкан жер 

Факультети же бөлүмү 

Тапшырган жылы 

Аяктаган жылы 

Дипломго ылайык адистиги 

Дипломдун номери, берилген күнү 

    

    

    

    

 

    

    

    

    

    

 

    

 

Квалификацияны жогорулатуу (курстарда окуу жана семинарларда катышуу):    

Темасы 

Уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификаттын болушу 

    

    

    

    

    

    

    

    

    

    

    

 

Эмгек жолу башталгандан тартып иштеген жери:   

Мекеменин аталышы, жайгашкан орду 

Ээлеген кызматы  

Ишке орношкон күн 

Иштен бошонгон күн 

Иштен бошонуу себеби 

    

    

    

    

    

    

    

    

    

    

    

Сиз кызматкери же мүчөсү болуп саналган бардык башка уюмдарды, ассоциацияларды, юридикалык жактын мекемелерин көрсөтүңүз.      

Уюмдун аталышы, жайгашкан орду 

Ээлеген кызмат орду  

Ишке орношкон күн 

    

    

    

    

    

    

    

Төлөм системасынын операторунун кызматкерлери менен аффилирленген байланышты жана туугандык мамилени көрсөтүңүз.  

 

Юридикалык жактын аталышы же жеке адамдын аты-жөнү 

Канчалык деңгээлде байланыштуу экендигинин белгиси (таасир этүүсү/ туугандыгы) 

Байланыштуу экендигинин мезгил аралыгы 

    

    

    

    

    

    

 

Акырына чыгарылбаган сот иши же сизге иштин кайсыл бир түрү менен иш алып барууга тыюу салган соттун чечими барбы?   

___________________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

    

Сизге карата Улуттук банк тарабынан эскертүү чаралары жана санкциялары колдонулганбы?_____________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

 

  

Мен, ______________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

жогоруда берилген маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана бардык киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды мындан ары Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттенем. Мен бурмалоолорго жана каталарга жол берген учурда, мага карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санкциялардын колдонулушуна алып келээрин түшүнөм.    

    

20__ -жылдын “__” ______ 

___________________ 

(кол тамгасы)    

  

 

“Төлөм системаcынын операторунун  

ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу  

жөнүндө” жобого карата  

3-тиркеме  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

 

№_____________ ЛИЦЕНЗИЯ  

Бул лицензия, 

____________________________________________________ дареги боюнча жайгашкан 

(жайгашкан жери) 

___________________________________________________________________ берилди. 

өлөм системасынын операторунун толук аталышы) 

 

 

жана ал төлөм системасынын операторуна операциялардын төмөнкү түрлөрүн ишке ашырууга укук берет:  

 

Үчүнчү жактардын  төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо. 

  

Лицензия ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.  

Лицензия ажыратып алынгыс болуп саналат жана колдонуу мөөнөтү белгиленбейт.  

 

 

Лицензия берилген күн: 20__ -жылдын “____” ___________   

    

Төраганын орун басары  (кол тамгасы жана мөөрү) ______________________ 

(аты-жөнү

 

 

 

 

 

“Төлөм системаcынын операторунун  

ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу  

жөнүндө” жобого карата  

4-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Төлөм системалары башкармалыгы 

 

 

Төлөм системасынын операторунун отчетунун титулдук баракчасы 

 

Ушул аркылуу, Улуттук банктын № ___________ лицензиясынын негизинде иш алып барган _____________________________ (төлөм системасынын операторунун толук аталышы) 20___-жылдын __________ үчүн _________________( аталышы) төлөм системасы боюнча отчетту сунуштайт.  

 

Тиркемелер: 

№1 отчет формасынын аталышы - ___ б. 

№2 отчет формасынын аталышы - ___ б. 

№3 отчет формасынын аталышы - ___ б. 

 

 

Жетекчи 

(жетекчинин орун басары) ___________________ ___________________ 

(кол тамгасы жана мөөрү) (аты-жөнү

 

Аткаруучу ___________________ ___________________ 

(кол тамгасы жана мөөрү) (аты-жөнү

 

Аткаруучу менен байланышуу үчүн маалымат (телефон номери, электрондук почта дареги). 

“Төлөм системаcынын операторунун  

ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу  

жөнүндө” жобого карата  

4-тиркемеге карата №1 отчеттук форма 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Төлөм системалары башкармалыгы 

 

Төлөм системасынын операторунун аталышы 

_____________________ 

20___-жылдын _______ чейреги үчүн 

_______________________ төлөм системасы жөнүндө маалымат 

 

Банктын аталышы (гарантиялык/ топтоо/эсептешүү эсеби) 

Келишимдин негизинде кызмат көрсөтүүлөр түрү 

Терминалдардын саны 

Posтерминалдардын саны 

Төлөм системасынын катышуучуларынын саны 

3  

4  

5  

 

 

 

 

 

 

 

Аткаруучу ___________________ ___________________ 

(кол тамгасы) (аты-жөнү

 

Аткаруучу менен байланышуу үчүн маалымат (телефон номери, электрондук почта дареги). 

“Төлөм системаcынын операторунун  

ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу  

жөнүндө” жобого карата  

4-тиркемеге карата №2 отчеттук форма 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Төлөм системалары башкармалыгы 

 

Төлөм системасынын операторунун аталышы 

_____________________ 

 

 

20___-жылдын _______ чейреги үчүн 

______________төлөм системасында төлөмдөр (которуулар) саны жана көлөмү жөнүндө отчет  

 

№ 

Төлөм түрү 

Төлөмдөрдүн саны 

Төлөмдөрдүн көлөмү (сом) 

Мобилдик уюлдук байланыш  

 

 

Белгиленген телефон аркылуу байланышуу 

 

 

Интернет 

 

 

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр  

 

 

Салыктык жыйымдар  

(анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милициясынын башкы башкармалыгына айыптык төлөмдөр) 

 

 

Мамлекеттик бюджетке башка төлөмдөр  

 

 

Банк эсебин толуктоо 

 

 

Финансы-кредит мекемелеринин кредиттери үчүн төлөө  

 

 

10 

Башка банктык кызмат көрсөтүүлөр 

 

 

11 

Электрондук капчыкты толуктоо 

 

 

12 

Интернет - дүкөндөр 

 

 

13 

Социалдык түйүндөр 

 

 

14 

Интернет оюндары 

 

 

15 

Башка интернет тиркемелеринде эсепти толуктоо 

 

 

16 

Такси кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө 

 

 

17 

Жарнамалык кызмат көрсөтүүлөр 

 

 

18 

Кулактандыруулар  

 

 

19 

Кайрымдуулук чаралары 

 

 

20 

Билим берүү 

 

 

21 

Туристтик кыдыруулар  

 

 

22 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндө “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы 

 

 

23 

Эл аралык электрондук капчыкты толуктоо 

 

 

24 

Эл аралык электрондук капчыкты толуктоону эске албаганда, чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр  

 

 

25 

Башка төлөмдөр 

 

 

 

Жыйынтыкталган маалымат: 

Бардыгы болуп, ай ичинде: 

Январь 

Февраль 

Март 

Апрель 

Май 

Июнь 

Июль 

Август 

Сентябрь 

Октябрь 

Ноябрь 

Декабрь 

Жыйынтыгында, жыл үчүн 

Жалпы саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

Жалпы көлөмү 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

Аткаруучу ___________________ ___________________ 

(кол тамгасы) (аты-жөнү

 

Аткаруучу менен байланышуу үчүн маалымат (телефон номери, электрондук почта дареги). 

 

“Төлөм системаcынын операторунун  

ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу  

жөнүндө” жобого карата  

4-тиркемеге карата №3 отчеттук форма 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Төлөм системалары башкармалыгы 

 

Төлөм системасынын операторунун аталышы 

_____________________ 

Бул отчет келишим түзүлгөн учурда сунушталат.  

Эл аралык төлөм инфраструктурасынын оператору менен түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалымат 

Төлөм операторунун/уюмунун аталышы 

Процессинг борборунун аталышы (түзүлгөн өлкө

Эл аралык процессинг борбору менен түзүлгөн келишимдин номери 

Эл аралык процессинг борбору аркылуу кызматтарды сунуштаган катышуучулардын саны  

 

 

 

 

  

 

Аткаруучу ___________________ ___________________ 

(кол тамгасы) (аты-жөнү

 

Аткаруучу менен байланышуу үчүн маалымат (телефон номери, электрондук почта дареги).