Кайта келүү

Долбоор 

Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын ___-_________ 

№ ___ токтомуна карата тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

1) 4.3-пунктунун  4.3.5-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.3.5.Эгерде өздөштүрүлүп жаткан кредиттин төлөө графигинде кредиттин негизги сумманы бирдей эмес өлчөмдө ай сайын эмес (аннуитеттик төлөмдөрдү эске албаганда) төлөө каралса жана мында негизги сумманын 80%ынан көбүрөөгүн кредиттин акырында төлөө каралса: 

- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн ѕ, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 жылга жетпейт; 

- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн Ѕ, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 жылдан ашса жана кредиттин төлөө мөөнөтү 2 жылдан көбүрөөктү түзсө (2016-жылдын 20-январынан тартып), анда мындай кредитти активдин сапатынын начарлоосу байкалбаган шартта, төмөнкү кредиттерди эске албаганда, 15 % өлчөмүндө РППУ түзүү менен «байкоого алынган актив» катары классификациялоо зарыл:»; 

2) 5.1-пунктунун 5.1.3-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.1.3. Эгерде жаңыдан берилген кредиттин төлөө графигинде кредиттин негизги сумманы бирдей эмес өлчөмдө ай сайын эмес (аннуитеттик төлөмдөрдү эске албаганда) төлөө каралса жана мында негизги сумманын 80%ынан көбүрөөгүн кредиттин акырында төлөө каралса: 

- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн ѕ, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 жылга жетпейт; 

- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн Ѕ, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 жылдан ашса, төмөнкү кредиттерди эске албаганда, анда мындай кредитти 25 % өлчөмүндө РППУ түзүү менен «субстандарттык» катары классификациялоо зарыл:»;  

3) 7.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«7.1. Кайталап реструктуризацияланган кредиттер 25 % өлчөмүндө РППУ түзүү менен дароо эле «субстандарттык» катары классификацияланууга тийиш. Мында, РППУ өлчөмү 15 % түзүшү мүмкүн (кайталап реструктуризациялоо күнүнө карата реструктуризацияланып жаткан кредит боюнча төлөмдөр акыркы алты ай ичинде дайыма төлөнүп турган шартта). Карыз алуучунун абалы канааттандырарлык экендиги тастыкталган шартта жана активдин негизги суммасы боюнча төлөм агымы туруктуу камсыз кылынып, реструктуризациялоонун айкын планынын шарттарына ылайык 90 күн ичинде ал боюнча пайыздар төлөнүп турган болсо, кредит кайрадан классификацияланышы мүмкүн.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 28-апрелиндеги № 11/2 «Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибинин: 

- 4.1-пунктунун төртүнчү абзацындагы «төрт» деген сөздү «үч» дегенге алмаштырылсын.