Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын «___»_______ №__ токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна  

толуктоолор жана өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: 

«2-1. Бул жобо өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдерге таркатылат.»; 

- 12-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“Мындан тышкары, кредиттик саясатында кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча алардын суммаларын көрсөтүү менен Башкарма тарабынан өткөрүлүп берилген Кредиттик комитетке ыйгарым укуктары белгиленүүгө тийиш.”; 

-14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“14. Кредиттерди, гарантияларды, милдеттенмелерди, кепилдиктерди, ошондой эле маңызы боюнча кредиттик операция болуп саналган жана кредиттик жоготуулар тобокелдигин өзүндө камтыган башка активдерди жана милдеттенмелерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер Кредиттик Комитет тарабынан чечилүүгө тийиш. Кредиттик Комитет бул укукту чечилиши Банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына тиешелүү маселелерди эске албаганда, башка жактарга ыйгарып бериши мүмкүн. Кредиттик Комитет ошондой эле, кредит саясатына ылайык кредиттерди берүү, эсептен чыгарып таштоо жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө тиешелүү маселелерди да карайт. Мында, Кредиттик комитеттин кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча чечимдери бир айда кеминде бир жолу банк Башкармасын жана Директорлор кеңешин тааныштырылып турууга тийиш. Кредиттик Комитет олуттуу тобокелдикти камтыган кредиттерди (2) сатуу жана эсептен алып салуу боюнча сунуштарды Директорлор кеңешинин кароосуна коет. Банк Башкармасы Директорлор кеңешинин ушул маселелер боюнча чечимдеринин аткарылышы үчүн жооп берет.”; 

- 25-пунктунун: 

төртүнчү абзацындагы “акыркы отчеттук жыл үчүн” деген сөздөр “, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда” деген сөздөр менен толукталсын; 

жетинчи абзацындагы “3 500 000 сомдон жогоруну түзгөн” деген сөздөр “, жүгүртүү каражаттарын толуктоо үчүн сунушталуучу кредиттерди эске албаганда” деген сөздөр менен толукталсын; 

тогузунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

“- гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик берүү) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантияны (кепилдик берүүнү) сунуштоону талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчетторун (эгерде гарантия бирден бир кредит боюнча камсыздоо болуп саналса) көрсөтүү менен гарантияны (кепилдикти);”; 

он биринчи абзацтагы “акыркы 12 ай ичиндеги” деген сөздөр “акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында мезгил аралыгын тандоо укугу банкка сунушталат)” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 34-2-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү

“овердрафттарды” деген сөз “ошондой эле овердрафттарды” дегенге алмаштырылсын; 

“эмгек акы долбоорунун” деген сөздөр “жана депозит күрөөсү алдында чет өлкө валютасындагы төлөм карттарына кредиттик лимиттер. Мында, эгерде депозит валютасы да кредит валютасында болсо, ал кредит суммасынын кеминде 100 пайызын, ал эми кредит валютасынан башка валютадагы депозит сом эквивалентинде кеминде 120 пайызынын ордун жабууга тийиш” деген сөздөр менен толукталсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 59-1-пункт менен толукталсын: 

“59-1. Кредиттөө боюнча кызматтарды сунуштоодо банк кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө жөнүндө келишимге ылайык, карыз алуучуга жана күрөө коюучуга (болгон болсо) күрөөлүк мүлктү сатып алуу артыкчылыктуу укугун сунуштого тийиш, ага ылайык карыз алуучу жана/же күрөө коюучу ачык тоорукка коюлганга чейин кайсыл болбосун учурда ал күрөөлүк мүлктү сатып алышы мүмкүн.”; 

- 69-пунктунун акыркы абзацы жоготкон катары таанылсын; 

- 79-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

“Отчетто төмөнкүлөрдү кошо алганда, ар бир проблемалуу кредит боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш: 

- карыз алуучу тарабынан сунушталган маалыматка ылайык, мөөнөтүнөн өткөрүү себептери, ошондой эле банктын жооптуу кызматкеринин ал кредит боюнча корутундусу; 

- жүргүзүлгөн иш (жолугушуу, телефон аркылуу сүйлөшүү ж.б.), жүргүзүлгөн иш жыйынтыгы; 

- кредитти кайтаруу боюнча жакынкы айга иш планы жана күтүлүп жаткан натыйжалар, ошондой эле отчеттук ай ичинде күтүлүп жаткан натыйжалардын алынбай калышы себептери.”; 

- 81- пункттагы “Банк Башкармасы” деген сөздөр “Банк Башкармасы же Кредиттик комитети” дегенге алмаштырылсын; 

- 81-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Банк Башкармасы же Кредиттик комитети (ыйгаруу суммалар алкагында) жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана/же Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучусу каза болгондо, оор дартка чалдыкканда, анын үй-бүлө мүчөсү каза болгондо, жаратылыш кырсыктарынан, өрттөн, ж.б. себептерден улам бизнесинен жана/же мүлкүнөн толугу менен ажырап калган шартта, андан кийин Директорлор кеңешине ал тууралуу маалымдоо менен кредит боюнча карызды соттук тартипте өндүрүүнү жүргүзүүсүз эсептен алып салуу чечимин кабыл алышы мүмкүн.”; 

- 82-пункттагы “карыздын ордун жабуу” деген сөздөрдөн кийин “, ушул жобонун 81-пунктунун 2-абзацынын негизинде эсептен алынып салынган кредиттерди эске албаганда” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1-тиркеменин: 

4 жана 31-пункттарындагы “акыркы 12 ай ичиндеги” деген сөздөр “акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында мезгил аралыгын тандоо укугу банкка сунушталат)” дегенге алмаштырылсын; 

7-пункттагы “3 500 000 сомдон жогоруну түзөт” деген сөздөр “, жүгүртүү каражаттарын толуктоо үчүн сунушталуучу кредиттерди эске албаганда” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2-тиркеменин 3-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

“Зарылчылык келип чыккан шартта, ушул пункттун биринчи сүйлөмүндө көрсөтүлгөн шарттар сакталган учурда, гарантиялык кат кошумча чет тилде таризделиши мүмкүн.”. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 “Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын: 

“16-1. МФУ кредиттөө жана мониторинг процессине тартылган өз кызматкерлеринин мезгил-мезгили менен кредиттөө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана жоопкерчиликтүү кредиттөө принциптери боюнча окутуудан өтүүсүн камсыз кылууга тийиш.”; 

- 26-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8) Улуттук банктын кредиттөө процессин жөнгө салган негизги ченемдик укуктук актыларынын тизмеги жөнүндө.”; 

- 44-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«44. Кредиттөө боюнча кызматтарды сунуштоодо МФУ кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө жөнүндө келишимге ылайык, карыз алуучуга жана күрөө коюучуга (болгон болсо) күрөөлүк мүлктү сатып алуу артыкчылыктуу укугун сунуштоого тийиш, ага ылайык карыз алуучу жана/же күрөө коюучу ачык тоорук башталганга чейин кайсыл болбосун учурда ал күрөөлүк мүлктү сатып алышы мүмкүн.”; 

- 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

“Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен  

иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда  

кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу  

талаптар жөнүндө” жобого карата  

1-тиркеме 

 

Карыз алуучунун кредиттик таржымалына карата минималдуу талаптар 

I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат 

1. Жеке адам үчүн документтер: 

1) кардардын кол тамгасы коюлган, МФУ тарабынан белгиленген формада кредит алууга билдирме (топ менен кредит алууда билдирмеге Кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусу кол тамга коет); 

2) МФУга билдирме бергенге чейинки акыркы алты ай ичинде буга чейин ушул МФУдан жана башка финансы-кредит мекемелерден алынган/төлөнгөн/төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучунун кат жүзүндөгү маалыматына ылайык, мисалы, карызгердин кредит алууга билдирмесиндеги); 

3) МФУ кардарын идентификациялоого мүмкүн болгон, инсандыгын тастыктоочу документтин көчүрмөсү

4) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген, айкын жашаган жеринен маалымкат; 

5) кардардын кирешеси жөнүндө маалымат; 

6) күрөөгө коюлган мүлккө жүргүзүлгөн опись (эгер болгон болсо); 

7) кардардын жубайынын макулдугу (50 000 сомдон жогору суммага кредит алган шартта жана учурда кредити болуп, кайталап кредит алууда). Ал эми кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларын кредиттөөдө - кийинчерээк документтин түп нускасын берүү менен алардын жубайларынын факсимиль, электрондук почта жана байланыштын башка түрлөрү аркылуу алынган макулдугун тастыктаган документ. 

2. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүргүзгөн жеке адам үчүн жогоруда белгиленген документтерден тышкары төмөнкүлөр талап кылынат: 

1) юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүргүзгөн жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (болгон шартта); 

2) салык органынан, социалдык органдан маалымкат (болгон шартта); 

3) патенттин көчүрмөсү (болгон шартта). 

3. Юридикалык жак үчүн документтер: 

1) кардардын кол тамгасы коюлган, МФУ тарабынан белгиленген формада кредит алууга билдирме; 

2) МФУга билдирме бергенге чейинки акыркы алты ай ичинде буга чейин ушул МФУдан жана башка финансы-кредит мекемелерден алынган/төлөнгөн/төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучунун кат жүзүндөгү маалыматына ылайык, мисалы, карызгердин кредит алууга билдирмесиндеги); 

3) юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө юридикалык жактын жетекчисинин ыйгарым укуктарын тастыктаган документтин көчүрмөсү

4) кол коюу укугуна ээ болгон жактардын кол тамгасы менен нотариалдык жактан тастыкталган карточкалар; 

5) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү

6) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

7) статистикалык карточкасынын көчүрмөсү

8) салык органы тарабынан берилген каттоо карточкасынын көчүрмөсү

9) күрөөгө коюлган мүлккө жүргүзүлгөн опись. 

4. Кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кредиттик каражаттарды алуу ведомосту - топтук кредит үчүн. 

5. Кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган акча каражаттарын алуу булактарына баа берүү

6. Мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле реструктуризациялоодо же пролонгациялоодо, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө, кардар менен келишилген кошумча келишимдер. 

7. МФУнун тиешелүү органынын кредит берүү, ошондой эле аны пролонгациялоо же реструктуризациялоо жөнүндө чечими (болгон шартта). 

8. Карыз алуучу менен кат алышуу (бардык корреспонденцияны кошо тиркөө менен). 

9. Юридикалык документтер (карыз алуучунун ишкердиги жөнүндө документтердин көчүрмөсү, мисалы, накладнойлор, эсеп фактуралары, өнөктөштөр менен түзүлгөн келишимдер ж.б.). 

10. Кредиттин максаттуу пайдаланылганын текшерүү жөнүндө отчет. 

11. Кардардын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык типтүү формада түзүлгөн анкетасы. 

II. Күрөөлүк документация 

12. Күрөө жөнүндө келишим. 

13. Күрөөгө коюлган мүлктүн сертификаттары, күбөлүгү жана башка квалификациялык документтери. 

14. Күрөөгө коюлган мүлккө менчик укугун тастыктаган документтер. 

15. Күрөө келишиминин каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтер (эгерде, күрөө каттоодон өтүүгө тийиш болсо же кредиттик союз каттоодон өтүүнү талап кылса). 

16. Карыз алуучунун күрөөнү сунуштоо жөнүндө чечими (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо).”; 

- 3-тиркеме: 

аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“МФУнун кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкцияларынын тизмеги”; 

“МФУ кардарынын укуктары” бөлүгү күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 “Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 4.1-1-пункт менен толукталсын: 

“4.1-1. Кредиттик союз кредиттөө жана мониторинг процессине тартылган өз кызматкерлеринин мезгил-мезгили менен кредиттөө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана жоопкерчиликтүү кредиттөө принциптери боюнча окутуудан өтүүсүн камсыз кылууга тийиш.”; 

- 7.3-пунктунун 7.3.3.-пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“Кредиттөө боюнча кызматтарды сунуштоодо кредиттик союз кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө жөнүндө келишимге ылайык, карыз алуучуга жана күрөө коюучуга (болгон болсо) күрөөлүк мүлктү сатып алуу артыкчылыктуу укугун сунуштоого тийиш, ага ылайык карыз алуучу жана/же күрөө коюучу ачык тоорук башталганга чейин кайсыл болбосун учурда ал күрөөлүк мүлктү сатып алышы мүмкүн.”; 

- 1-тиркеменин: 

1-бөлүгүнүн: 

6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“6. Катышуучунун жубайынын кредит алууга макулдугу (50 000 сомдон жогору суммага кредит алган шартта жана учурда кредити болуп, кайталап кредит алууда).”; 

төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын: 

“7-1. Кол коюу укугуна ээ болгон жактардын кол тамгасы менен нотариалдык жактан тастыкталган карточкалар (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо).”; 

11-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын. 

15-пункттагы “терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга)” деген сөздөр “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого” дегенге алмаштырылсын”; 

II бөлүктөгү

4-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын. 

- 2-тиркеменин: 

аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Кредиттик союздун катышуучуларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкцияларынын тизмеги”; 

“Кредиттик союздун катышуучусунун укуктары” бөлүгү күчүн жоготкон катары таанылсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/13 “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого: 

Төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: 

“2-1. Бул жобо өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдерге да таркатылат.”; 

- 12-пунктунун: 

төртүнчү абзацтагы “чек ара аркылуу өтүүчү активдерди” жана “активдерди кошо алганда” деген сөздөргө чейин “өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган” жана “кредиттик тобокелдикти камтыган» деген сөздөр алынып салынсын;  

- 12-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“Мындан тышкары, каржылоо саясатында каржылоону эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча алардын суммаларын көрсөтүү менен Башкарма тарабынан өткөрүлүп берилген Каржылоо боюнча комитеттин ыйгарым укуктары белгиленүүгө тийиш.”;  

- 19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“19. Активдерди, гарантияларды, милдеттенмелерди, кепилдиктерди жана маңызы боюнча каржылоо операцияларынан жана кредиттик жоготуу тобокелдигин камтыган башка активдерди жана милдеттенмелерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер банктын Каржылоо боюнча комитети тарабынан чечилүүгө тийиш. Каржылоо боюнча комитет Банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына гана тиешелүү маселелерди эске албаганда, бул укугун башка жактарга ыйгара алат. Каржылоо боюнча комитет ошондой эле, Саясатка ылайык активдерди берүү, эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө тиешелүү маселелерди да карайт. Мында, Каржылоо боюнча комитеттин каржылоону эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча чечими бир айда кеминде бир жолу банк Башкармасын жана Директорлор кеңешин тааныштырылып турууга тийиш. Каржылоо боюнча комитет, өзүндө ири кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сатуу жана эсептен алып салуу боюнча сунушту Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт. Банк Башкармасы ушул маселелер боюнча Директорлор кеңешинин чечимдеринин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.”; 

- 29-пунктунун: 

төртүнчү абзацындагы “акыркы отчеттук жыл ичинде” деген сөздөр “күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда,” деген сөздөр менен толукталсын; 

жетинчи абзацтагы “3 500 000 сомдон жогоруну түзгөн” деген сөздөр “жүгүртүү каражаттарын толуктоо үчүн сунушталуучу каржылоону эске албаганда,” деген сөздөр менен толукталсын»; 

тогузунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин; 

«- гарантты (кепил болуучуну) көрсөтүү менен гарантияны (кепилдикти), гарантия (кепилдик) суммасын жана башкаларды (эгерде банк гарантияны (кепилдикти) сунуштоону талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчетун (эгерде гарантия бирден бир каржылоо боюнча камсыздоо болуп саналса);»;  

он биринчи абзацтагы “акыркы 12 ай ичиндеги” деген сөздөр “акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында мезгил аралыгын тандоо укугу банкка сунушталат)” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 38-2-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү

“овердрафтарды” деген сөздөр “ошондой эле овердрафтарды” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

“эмгек акы долбоорунун” деген сөздөр “жана депозит күрөөсү алдында чет өлкө валютасындагы төлөм карттарына каржылоо лимиттеринин” деген сөздөр менен толукталсын. Мында, эгерде депозит валютасы да каржылоо валютасында болсо, анда ал каржылоо суммасынын кеминде 100 пайызын ал эми каржылоо валютасынан башка валютадагы депозит сом эквивалентинде кеминде 120 пайызын ордун жабууга тийиш.»; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 61-1-пункт менен толукталсын: 

“61-1. Каржылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо банк каржылоо келишимиди ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө жөнүндө келишимге ылайык, кардарга/өнөктөшкө жана күрөө коюучуга (болгон болсо) күрөөлүк мүлктү сатып алуу артыкчылыкка ээ укугун сунуштоого тийиш, ага ылайык кардар/өнөктөш жана/же күрөө коюучу ачык тоорука коюлганга чейин кайсыл болбосун учурда ал күрөөлүк мүлктү сатып алышы мүмкүн.”;  

- 74-пункттагы акыркы абзац күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 85-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Отчетто төмөнкүлөрдү кошо алганда, ар бир проблемалуу актив боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш: 

кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган маалыматка ылайык мөөнөтүнөн өткөрүү себептери, ошондой эле банктын жооптуу кызматкеринин аталган каржылоо боюнча корутундусу; 

жүргүзүлгөн иш (жолугушуу, телефон аркылуу сүйлөшүү ж.б.у.с.), жүргүзүлгөн иш жыйынтыгы; 

каржылоону кайтаруу боюнча жакынкы айга иш планы жана күтүлүп жаткан натыйжалар, ошондой эле отчеттук ай ичинде күтүлүп жаткан натыйжаларга жетпей калуу себептери.”; 

- 87- пункттагы “Банк Башкармасы” деген сөздөр “Банк Башкармасы же Каржылоо боюнча комитети” дегенге алмаштырылсын;  

- 87-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“Банк Башкармасы же Каржылоо боюнча комитети жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана/же Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучусу каза болгондо, оор дартка чалдыкканда, анын үй-бүлө мүчөсү каза болгондо, жаратылыш кырсыктарынан, өрттөн, ж.б. себептерден улам бизнесинен жана/же мүлкүнөн толугу менен ажырап калган шартта, андан кийин Директорлор кеңешине ал тууралуу маалымдоо менен каржылоо боюнча карызды соттук тартипте өндүрүүнү жүргүзүүсүз эсептен алып салуу чечимин кабыл алышы мүмкүн.”; 

- 88-пункттагы “карыздын ордун жабуу” деген сөздөр “ушул жобонун 87-пунктунун экинчи абзацынын негизинде эсептен алынып салынган каржылоону эске албаганда” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1-тиркеменин: 

5-пункттагы “акыркы 12 ай ичиндеги” деген сөздөрдөн кийин “(6 ай үчүн эгерде каржылоо суммасы 100 000 сомдон ашпаса)” деген сөздөр алынып салынсын;  

5 жана 35-пункттардагы “акыркы 12 ай ичиндеги” деген сөздөр “акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында мезгил аралыгын тандоо укугу банкка сунушталат)” деген сөздөргө алмаштырылсын.”  

8-пункттагы “3 500 000 сомдон жогоруну түзөт” деген сөздөрдөн кийин “же долбоор/бизнес каржыланып жатса” деген сөздөр алынып салынсын жана “жүгүртүү каражаттарын толуктоо үчүн сунушталуучу каржылоону эске албаганда,” деген сөздөр менен толукталсын»; 

- 2-тиркеменин 3-пунктун төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

“Зарылчылык келип чыккан шартта, ушул пункттун биринчи сүйлөмүндө көрсөтүлгөн шарттар сакталган учурда, гарантиялык кат кошумча чет тилде таризделиши мүмкүн.”.