Кайта келүү

Долбоор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3  

“Активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 “Активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

Жогорудагы токтом менен бекитилген “Активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобонун: 

- 4.1.1 пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“Банктар, эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келе турган болсо, чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттерди “нормалдуу активдер” катары классификациялай алышат жана банктын ички саясатына ылайык 0% дан 2% чейинки өлчөмдө РППУну түзүшөт. Мында, бул талап мурда берилген, аларды төлөө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунун (мындан ары Фонд) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылган кредиттерди кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Россия Федерациясынын Өкмөтү менен кызматташуусунун алкагында берилген жеңилдетилген кредиттерге да таркатылат жана кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшүн болжолдойт. Банктардын “классификацияланган” активдер категориясында камтылган кредиттери Фонддун каражаттарынын эсебинен реструктуризацияланбайт.”; 

- 4.3.5-пунктча төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“Ошондой эле, ушул жобонун 4.1.1-пунктчасынын талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Россия Федерациясынын Өкмөтү менен кызматташуусунун (Россия - Кыргыз өнүктүрүү фондусу) алкагында берилген жеңилдетилген кредиттер да эске алынбайт.”; 

- 5.1.3-пунктча төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

“Ушул жобонун 4.1.1-пунктчасынын талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Россия Федерациясынын Өкмөтү менен кызматташуусунун (Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусу) алкагында берилген жеңилдетилген кредиттер да эске алынбайт.”.