Кайта келүү

Маалымдама негиздеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 “Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүнү жана толуктоону киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбооруна 

 

Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы (УМНЛ) сиздердин кароонузга Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө долбоорун сунуштайт. Ушул долбоор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети 2015-жылдын 6 июлундагы № 24/2 берилген протоколдук тапшырмасынын аткаруу максатында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү максатында даярдалды.  

Эффективдүү корпоративдик башкаруу шарттарын түзүү жана банктардын туруктуулугун камсыздоо максатында банк жетекчилерине жана кызматкерлерине талаптарды күчөтүү үчүн жобого өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө. Жеке жана юридикалык жактардын кынтыксыз кызматтык абройун (ылайыксыз иш репутациясын) аныктоо чендери өзгөртүлдү жана кынтыксыз кызматтык абройду жоготкон жактар банкта жетекчилик кызматтарга ээ боло албаган мөөнөтүн кобөйтүү

Көзөмөл орган койгон квалификациялык талаптарды аныктоо боюнча Казакстан жана Белоруссия Республикаларынын тажрыйбасынын негизинде директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, аудит боюнча комитеттин төрагасы, ички аудит кызматынын жетекчиси жана башкы бухгалтер кызматтарына талапкерлердин эмгек стажы керектүү чөйрөлөрүн кеңейтүү. Кызыкчылыктардын карама-каршылыктарын жоюу үчүн бул кызматтарда жана аудитордук иш уюмдарында бир убакта иштөө мумкүнчүлүгү чектелди. 

Мындан сырткары, аудит тармагында адистер аз болгондуктан жана Улуттук банктын талабы жоктугунан кээ бир банктар аудит боюнча комитетине төрага шайланбагандыктан, банктардын ички контролдук системасынын эффективдүүлүгү төмөндөйт. Ошондуктан, консультациялык кеңештеринде жана комитеттеринде төрага шайланышы боюнча талап коюлуусу зарыл. Банктын филиалдарынын эффективдүүлүгүн көтөрүү жана операциялык тобокелдиктерди, анын ичинде башкы офистен алыс жайгашкандыктан пайда болгон тобокелдиктерди азайтуу максатында банктын филиалынын жетекчиси жана башкы бухгалтер кызматтарына эмгек стажы керектүү чөйрөлөрү чектелди. 

Бул долбоор колдонулуп жаткан жобо лицензия берүү мөөнөтүндөгү, банкты кайра түзүп өзгөртүү үчүн Улуттук банктын уруксатын берүү жана уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү тартип теринде карама-каршылыктар бар болгондуктан жана “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык келтирүү үчүн иштеп чыгарылган. 

Улуттук банктын ички тартиптерин көрсөткөн нормалар алынып салынып, коммерциялык банктардан суралган документтердин түзүлүшүн өзгөртүү жана санын азайтоо аркылуу Улуттук банкка документтерди тапшыруу процесси жеңилдетилди. 

Мындан сырткары, киргизилип жаткан толуктоолор жана өзгөртүүлөр чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүн ачууга уруксат берүүдөн баш тартуу негиздемелерин аныктайт жана резидент (резидент эмес) банктардын өкүлчүлүктөрүн ачууга макулдашуу тартибин тактайт. 

Долбоордо банктын рыногуна конкуренция кыла албаган финансылык уюмдардын кирүүсүн чектөө максатында микрокредиттик компанияларды коммерциялык банкка кайра өзгөртүп түзүү мүмкүнчүлүгү алып салынды жана микрофинансылык компанияны банкка кайра өзгөртүп тузүү боюнча талаптары күчөтүлдү

Сунушталаган өзгөртүүлөр төмөнкү социал-экономикалык натыйжаларга алып келиши күтүүлүдө

· банктын кызматкерлеринин жана жетекчилеринин жоопкерчилигин көтөрүү аркылуу инвесторлордун жана элдин банк секторуна карата ишенимин чыңдоо; 

· коммерциялык банктардын башкаруусунун сапатын жогорурулатуу үчүн ылайыктуу кызматтык абройго жана тажрыйбага ээ болгон жактарды банк тармагына алып келүү

· банктардагы ички контролдук системасынын эффективдүүлүгүн көтөрүү

· конкуренция кыла албаган финансылык уюмдардын кирүүсүн чектөө аркылуу банк секторунун маанисин көтөрүү

· Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Улуттук банктын нормативдик актылары менен болгон карама-каршылыктарды жоюу; 

· Улуттук банкка маалымат берүү процессин жеңилдетүү

 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 “Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет).  

2. Токтом расмий жарыялангандан кийинки он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыялансын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

Тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 “Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолор жана өзгөртүлөр 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 “Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун: 

- жобонун 6.4-пунктунан тышкары бүткүл тексти боюнча “отуз күн”, “отуз календардык күн” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “бир ай” деген сөздөргө, “алтымыш күн”, “алтымыш календардык күн” деген сөздөр “эки ай” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 1.14- пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Улуттук банк банк жана анын уюштуруучулары (акционерлери) менен жалпы кызыкчылыктары бар жактардан жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты талап кылууга да укуктуу.»; 

- 1.16-пунктундагы “аманат” деген сөз “жана көчмө” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1.20-пунктунун: 

14-пунктчасындагы “компания үчүн” деген сөздөр алынып салынсын;  

1.20-пунктунун 15-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15) банктын туунду же көз каранды компаниялардын негизги ишине байланышкан консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 1.21-пункт менен толукталсын: 

«1.21. Жеке адамдар же юридикалык жактар төмөнкү учурларда кынтыксыз кызматтык абройго ээ эмес же андан ажыраган катары эсептелинет, эгерде: 

1) жактын мурдагы иши кайсы болбосун юридикалык жактын олуттуу финансылык чыгымдарга өбөлгө түзгөндүгүн тастыктоосу болсо. Өлчөмү 1 000 000 (бир миллион) сомдон ашкан учурда, финансылык чыгымдар олуттуу деп эсептелинет.  

2) жактын аракеттери (аракеттенбей коюулары) банктан же башка финансы-кредит мекемесинен лицензия кайтарып алууга алып келгендигин же банкта же финансы-кредит мекемесине убактылуу жетекчилик же консервация режими киргизилгендигин тастыктоосу болсо; 

3) жалган ишкердүүлүк, анткор (жалган) бүтүмдөргө келишилгендиги, алдамчылык, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу же экономика, финансы жана банк иш чөйрөсүндө укукка жатпаган башка аракеттер тууралуу мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарынын чечимдери же башка актылары болсо; 

4) Улуттук банктын корутундусу, чечими же башка актылары болсо: 

а) алгылыксыз банктык тажрыйба катары классификацияланган иш-аракеттерге анын тиешеси бардыгын таануучу; 

б) аталган жактын аракеттери (аракеттенбей коюулары) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары мүнөздөлгөн ишке алып келгендиги фактысын таануучу; 

5) жак юридикалык жактын башкаруу органынын курамына кирүү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кесиптик ишин алып баруу укугунан ажыраган болсо; 

6) жак кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана терроризмди каржылоо боюнча операцияларга катышы болгон чечимдер жана башка актылар болсо; 

7) жактын ага болгон ишенимдин кетишине алып келген аракеттерди жүргүзүүнүн натыйжасында иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишиминин бузуу фактылары болсо.»; 

- 2.6-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3.4-пунктунун 16-пунктчасынын «а)» пунктчасындагы “өлчөө” деген сөз “баа берүү” деген сөзгө алмаштырылып, “аңдуу” деген сөз алынып салынсын; 

- 4.5-пунктунун биринчи абзацындагы “Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн, Башкарманын төрагасынын кредиттик ишке жоопкерчиликтүү болгон орун басарынын(ларынын), Аудит боюнча төраганын, башкарма мүчөлөрүнүн, башкы бухгалтердин, кредиттик бөлүмдүн жетекчисинин жана ички аудит кызматынын жетекчисинин” деген сөздөр “ушул жобонун 13.1-пунктунда көрсөтүлгөн” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 4.6-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 5.8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.8. Минималдык уставдык капиталды түзгөндөн кийин отуз календардык күндүн ичинде Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын Лицензиялоо бөлүмү тарабынан уставдык капиталды түзүүнү текшерүү ишке ашырылат. 

Уставдык капиталдын өлчөмүнүн көбөйтүүсү Улуттук банктын комплекстүү жана максаттуу текшерүүлөрдүн алкагында текшерилиши мүмкүн.»; 

- 5.10-пунктунун: 

биринчи сүйлөмдөгү “алгачкы документтер” деген сөздөр “алгачкы документтердин көчүрмөсү” деген сөздөргө алмаштырылсын, “жана башкалар” деген сөздөр “документтер деген сөздөр “документтер” деген сөздөр менен толукталсын; 

экинчи жана бешинчи абзацтардагы “бир” деген сөз “беш” деген сөзгө алмаштырылсын; 

алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банк банктын уставдык капиталынын бештен ашык пайыз акцияларына ээ болгон акционерлерден акыркы бенефициарды аныктоо максатында документтерди берүүнү талап кылуу укугуна ээ.»;  

- 6.4-пункттун.: 

Биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия Улуттук банк тарабынан ушул жобонун 5.8-пункттун аткаргандан кийин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын канааттандырган жана төмөнкү шарттардын аткарылышын тастыктаган документтерди банк тарабынан берген учурда, отуз календардык күн ичинде берилиши мүмкүн:»; 

9-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:  

«9) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, банктын акцияларынын эмиссиясын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документинин болушу;»; 

-11-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:  

«11) лицензия үчүн мыйзамдарда белгиленген өлчөмдө төлөгөндүгү жөнүндө документинин болушу;» 

төмөнкү мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын: 

«12) “Ушул жобонун 7-главасында белгиленген банкты ачууга алдын ала уруксат берүүнү кайтарып алуу жана лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздемелердин жоктугу.»; 

- 7.1-пунктунун 6-пунктчасындагы “такталбаган” деген сөз “жана толук эмес” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 7.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.3. Эгер алдын ала уруксат берилгенден кийин алты айдын ичинде бул Жобонун главасынын 6.4-пунктунда келтирилген шарттар аткарылбаса же сунушталган документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе, Улуттук банк лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу.»; 

- 8.4-пункт төмөнкү мазмундагы 6, 7-пунктчалар менен толукталсын: 

«6) “ислам терезеси” аркылуу ислам каржылоо принциптери боюнча банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия (кошумча лицензия) (34, 35-тиркеме) 

«7) электрондук акча чыгаруу боюнча операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия (кошумча лицензия, лицензияны берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасыныны 2015-жылдын 12-майындагы №27/8 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө” жободо жөнгө салынган.»; 

- 8.5-пункттагы “жөнүндө документтерди берүүдө” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 8.6-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 8.7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8.7. Банктык лицензиялар жана ага карата чектөө баракчалары банктын Директорлор кеңешинин төрагасына же банк башкармасынын төрагасына, өзгөчө учурларда берилген ишеним кагазга ылайык ыйгарым укуктуу адамга берилет.»;  

- 8.11-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 8.12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8.12. Банктын кайрадан өзгөртүп түзүлүшү, анын аты өзгөргөн учурда, ошондой эле банк жайгашкан калктуу пункт кайрадан аталган учурда, лицензия алмаштырууга (кайра тариздетүүгө) тийиш. Банк лицензияны алмаштыруу үчүн көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктоочу тиешелүү документтердин тиркелүүсү менен банктык лицензияны алмаштыруу (кайрадан тариздөө) жөнүндө өтүнүч кат (жолдомо кат) берет.»; 

- пункт 8.14-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8.14. Улуттук банк берилген банктык лицензиялардын реестрин жүргүзөт.»; 

- 8.15-пункттагы “ар бир” деген сөз алынып салынсын; 

- 8.16-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8.16. Улуттук банк тарабынан лицензияны алмаштыруу мыйзамдарда белгиленген өлчөмдө лицензияга төлөөнү тастыктаган документтерди бергенден кийин беш жумушчу күн ичинде жүзөгө ашырылат.»; 

- 9.5-пункттун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) болжолдонуучу операцияларды жүргүзүү менен байланышкан бардык тобокелдиктерди аныктоо, ага баа берүү, мониторинг жана контролдук жүргүзүү;»; 

- 11.2-пунктунун 4-пунктчасынын «б» пунктчасындагы “салык органдарынын” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 10.11-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 10.12-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 10.13-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 10.14-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 10.15-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 10.16-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 12.6-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 13.1-пунктундагы: 

“башкарманын мүчөлөрү, башкаруучу директор” деген сөздөр “башкарманын мүчөлөрү (башкаруучу директор)” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банктын Директорлор кеңеши банктын ишкердик саясатын жүзөгө ашыруу максатында, консультациялык кеңешти, комитеттерди түзө алат. Кеңештер жана комитеттер ушул эле кеңештер жана комитеттердин мүчөлөрү тарабынан шайланган төрага жетектөөгө тийиш.»; 

- 13.6-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

“Кызматкер эмгек милдеттерин одоно бузганына байланыштуу жумуш берүүчүнүн демилгеси менен банктын башка кызматкерлеринин бошонуусу учурунда, бул тууралуу Улуттук банкка бошонуунун себептерин көрсөтүү менен чечим кабыл алынган учурунан он жумушчу күн ичинде билдирүүгө милдеттүү.»; 

- 13.8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Улуттук банктын талаптарына, анын ичинде кынтыксыз ишкердик аброй критерийлерине банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана филиалдарынын жетекчилеринин, ошондой эле башка кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин ылайык келүүсү үчүн жоопкерчилик банк Башкармасынын төрагасына жүктөлөт.»; 

- 14.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14.1. Директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, Аудит боюнча комитеттин төрагасынын кызматына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган дипломунун болушу; 

2) кынтыксыз ишкердик аброюна ээ болушу;  

3) акыркы он жыл ичинде экономикалык, банктык, финансылык, монетардык же юридикалык маселелер жагында кеминде эки жылдык иш стажына ээ болууга; 

4) корпоративдик башкаруу, Улуттук банктын негизги ченемдик документтерин кошо алганда, банк мыйзамдары жагында билимге ээ болууга; 

5) банктын бизнес-планын жана анын өнүктүрүү стратегиясын билүүгө

6) жобонун ушул бөлүгүнүн 16-главасынын шарттарына туш келбеши керек.

Мында, Директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү акыркы он жыл ичинде банк жана/же финансы системасында жетектөөчү кызмат орундарда кеминде эки жыл иш стажына ээ болууга тийиш. 

Коопсуздук маселелерин жөнгө салууга жана чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланышкан уюмдардын/компаниялардын бөлүмдөрүндө иштеген учурлар иш стажына кошулбайт. 

Директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, банктын Аудит боюнча комитетинин төрагасынын кызмат орундары менен аудитордук уюмдагы ишти айкалыштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол берилбейт.»; 

- 15.1-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2) бош турган кызмат ордуна талапкерлигин коюу үчүн акыркы беш жыл ичинде төмөнкүдөй иш стажынын болушу: 

а) банк башкармасынын төрагасы, (банк-резидент эместин филиалынын жетекчиси) банк жана/же финансы системасында кеминде беш жыл, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда кеминде эки жыл; 

б) төраганын орун басарлары, башкарманын мүчөлөрү банк жана/же финансы системасында кеминде эки жыл; 

в) ички аудит кызматынын жетекчиси жана башкы бухгалтер банк, финансы системасында жана/же ушул жобонун 1.11-пунктунда көрсөтүлгөн иштерге аудит жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө кеминде үч жыл; 

г) банктын кредиттик ишине, ислам принциптери боюнча каржылоого, активдерди жана пассивдерди тескөөгө, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иш-чараларына жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин, “ислам терезесинин” жетекчисинин жана тобокелдик-менеджеринин банк жана/же финансы системасында кеминде бир жыл.  

Ушул жобонун максаттарында жетекчи кызмат орду дегенден улам, иш чөйрөсү ушул жобонун 1.11-пунктуна туура келген финансы-кредит мекемесинин жана/же компаниянын жана/же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү уюмдардын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн болбогон кызмат ордун түшүнүү зарыл. Мында, коопсуздук маселелерин жөнгө салууга жана чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланышкан жогоруда аталган уюмдардын/компаниялардын бөлүмдөрүндө иштеген учурлар иш стажына кошулбайт. 

Банктын ички аудит кызматынын жетекчиси жана башкы бухгалтери кызматтары менен аудитордук уюмдагы ишти айкалыштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол берилбейт.»;  

- 16.1-пунктунун.: 

6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) кынтыксыз ишкердик аброюна ээ болбогон же жоготкон жак деп эсептелинет;»; 

15, 16 жана 17-абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Талапкер, төмөнкү пукнттарда берилген фактылардын орун алышы шартында, банктарда ушул жобонун 13-главасынын 13.1-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок: 

- ушул пункттун 2), 3), 5), 6) пунктчаларында - бузууга жол берүү фактысы аныкталгандан кийин он беш жыл бою; 

- ушул пункттун 7) пунктчасында бузуу фактысы аныкталгандан кийин бир жыл бою.»; 

18-абзац күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 16.5-пункттагы “банк тарабынан банктык мыйзамдарды сактабаган” деген сөздөр “ушул жобонун 16.1-пунктунда көрсөтүлгөн” деген сөздөргө алмаштырылсын»; 

- 17.1-пункттун.: 

биринчи абзацындагы “Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы” деген сөздөр “Улуттук банк” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

4-пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 17.10-пункттагы “алар жеткире иштеп чыгууга кайра жөнөтүлөт” деген сөздөр “сын-пикирлерди жеткире иштеп чыгуу жана четтетүү зарылчылыгы тууралуу кат жөнөтүлөт” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 17.11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17.11. Кыргыз Республикасынын резидентинин талапкерлигин макулдашуу жөнүндө чечим макулдашууга документтердин берилген күнүнөн тартып бир ай ичинде, ал эми Кыргыз Республикасынын резидент эместин талапкерлигин кароо учурунда эки ай ичинде кабыл алынат.»; 

- 17.12-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 19.3-пункттун: 

8-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Филиалдын жетекчиси жана башкы бухгалтери төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган дипломунун болушу; 

2) банктарда жана/же башка финансы-кредит мекемелеринде акыркы он жыл ичинде кеминде эки жыл иш стажына ээ болууга.»; 

- 19.4-пункттун 4) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) филиалдын жетекчиси жана башкы бухгалтери тууралуу маалымат (7-тиркеме);»; 

- 19.11-пункттагы “филиалдын жетекчисинин, башкы бухгалтердин белгиленген формада толтурулган анкетасын (ушул жобого карата 17-тиркеме (жолдомосуз эле))” деген сөздөр “белгиленген формада филиалдын жетекчиси, башкы бухгалтери тууралуу маалыматтар (7-тиркеме).” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 20.3-пункттагы: 

“Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгына” деген сөздөр “Улуттук банкка” деген сөздөргө алмаштырылсын ; 

- 21.2-пункттагы.: 

“Банктын өкүлчүлүгү” деген сөздөр “Банк-резиденттин өкүлчүлүгү” деген сөздөргө алмаштырылсын ; 

3-пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 21.3-пунктундагы: 

10-пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 21.4-пункттагы “Улуттук банк өкүлчүлүктүн наамына Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын колу коюлган кат, бул кат негиз болуп кызмат кылат” деген сөздөр “банк-өтүнүч ээсине кат” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 21.8-пунктундагы “жаңы жетекчинин кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасын бериши керек” деген сөздөр “22-тиркемеге ылайык жетекчиси тууралуу маалыматты көрсөтүү менен” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 21.9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21.9. Улуттук банк чет өлкө банкынын өкүлчүлүгүн ачуу үчүн төмөнкү себептер боюнча уруксат берүүдөн баш тартууга укуктуу: 

1) сунушталган документтердин белгиленген талаптарга ылайык келбеши; 

2) банк оффшордук аймактарда, ошондой эле жеңилдик берилген салык режимин сунуштаган жана (же) банктык көзөмөл органдарына маалыматтардын ачып көрсөтүлүшү жана (же) берилиши каралбаган мамлекеттерде же аймактарда катталган болсо; 

3) банктын отчеттук күнгө карата күндөлүк чыгымдары болгон болсо.»; 

- 22.9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22.9. Каттоодон өткөндүгү тууралуу катты алганга чейин аманат касса операцияларды жүргүзүүгө укугу жок.»; 

- 22.10-пунктунун 6) пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 22.13-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22.13. Аманат кассасынын дареги өзгөргөн учурда банк, ыйгарым укуктуу органдын аманат кассасынын жайлары техникалык жактан чыңдалуусу боюнча белгиленген талаптарга ылайык келиши тууралуу корутундуну алган күндөн тартып үч жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө, ушул Жобонун 22.10-пунктунун 2, 7-пунктчаларында каралган документтерди жана банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын аманат кассасынын өзгөргөндүгү тууралуу чечиминин банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн кошо тиркөө менен ал тууралуу маалыматты Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү.»; 

- 22.19-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 22.20-пункттагы экинчи сүйлөм алынып салынсын; 

- 24.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24.6. Киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолору менен банктын уставынын жаңы редакциясы мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет»; 

- 25.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25.1. Уставдын жаңы редакциясын макулдашуу үчүн банк акционерлердин жалпы жыйыны менен тийиштүү чечим кабыл алган күнүнөн тартып отуз календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди жөнөтөт: 

1) уставдын жаңы редакциясын кароого алуу жөнүндө өтүнүч кат; 

2) акционерлердин жалпы чогулушунун уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимин камтыган, талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн протоколу же анын көчүрмөсү (2 нускада); 

3) уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн 24-тиркемеге ылайык белгиленген формадагы текстти (2 нускада); 

4) уставдын жаңы редакциясын (2 нускада).»; 

- 25.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25.2 Улуттук банк жыйырма беш календардык күн ичинде берилген документтерди карайт жана эгерде алар ушул Жобонун талаптарына туура келсе банктын уставынын жаңы редакциясы менен макулдугу тууралуу юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга кат жөнөтөт ага банктын уставынын жаңы редакциясынын эки нускасы тиркелет, эгерде уставдык капиталдын өлчөмү көбөйө турган болсо баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн каттын көчүрмөсү да жөнөтүлөт.»; 

- 25.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25.3. Мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин банк Улуттук банкка беш жумушчу күндүн ичинде төмөндөгүлөрдү берүүгө милдеттүү:  

1) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

2) уставдын юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган жаңы редакциясынын нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү;  

«26.3. Уставдык капиталга карата уставга өзгөртүүлөр киргизилген учурда, банк Улуттук банкка төмөнкүлөрдү берет: 

1) уставдын жаңы редакциясын макулдашуу жөнүндө өтүнүч кат; 

2) капиталдын өлчөмүнүн өзгөрүүсү жөнүндө чечим тууралуу банктын акционерлеринин жалпы жыйынынын протоколу же анын көчүрмөсү (2-нускада); 

3) уставдын жаңы редакциясы (2 нускада); 

4) акционерлердин тизмеси (4 жана 5-тиркеме); 

5) мурдагы эмиссиянын (чыгарылыштын) акцияларын чыгаруунун жыйынтыгынын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган жана талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген документтин көчүрмөсү (2 нускада).»; 

- 26.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26.6. Мыйзам тарабынан белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү каттоодон кийинки 5 жумуш күн ичинде Улуттук банкка төмөндөгү документтерди берет: 

1) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

2) акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган жана талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген документтин көчүрмөсү

3) уставдын юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган жаңы редакциясынын нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү.»; 

- 26.7-пункттагы: 

“таануу жана жыйынтыгы жөнүндө отчетту каттоо” деген сөздөр “таануу жана жыйынтыгын каттоо” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

1-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) акциялардын чыгарылышын жыйынтыгын каттоодон өткөндүгүн тастыктаган жана талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген документтин көчүрмөсү;»; 

- 27.4-пункттагы: 

1-пунктчадагы “уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, же” деген сөздөр алынып салынсын”; 

3-пунктчадагы “уставга банктын фирмалык аталышын өзгөртүүгө тиешелүү киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн тексттин (24-тиркеме), же” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 27.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27.6. Лицензияны алмаштырууну жүзөгө ашыруу үчүн банк мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөн күндөн кийинки беш жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү

1) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

2) уставдын юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган жаңы редакциясынын нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү

3) жаңы фирмалык аталыш менен банк лицензиясын алмаштыруу тууралуу өтүнүч кат.»; 

- 27.10-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 28-1.1-пункттагы экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Филиал жөнүндө жобого киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу үчүн банк, Директорлор кеңеши тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийинки беш календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди жөнөтөт: 

1) филиал жөнүндө жобонун жаңы редакциясын кароого алуу тууралуу өтүнүч кат; 

2) Директорлор кеңешинин жыйыны менен филиал жөнүндө жобонун жаңы редакциясын кабыл алуу тууралуу чечимди камтыган, талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн протоколу же анын көчүрмөсү (2 нускада); 

3) филиал жөнүндө жобонун жаңы редакциясы (2 нускада).»; 

- 28-1.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28-1.4. Филиалды мамлекеттик кайра каттоодон өткөргөндөн кийинки беш жумуш күн ичинде банк, Улуттук банкка төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү

1) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

2) филиал жөнүндө жобонун жаңы редакциясынын банк тарабынан талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.»; 

- 29.1-пункт төмөнкү сүйлөм менен толукталсын: 

«Бул Жобо банктарды мажбурлоо менен кайра өзгөртүп түзүү жол-жобосун карабайт.»; 

“кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө келишимдин долбоорун” деген сөздөр “Директорлор кеңеши тарабынан жана акционерлердин жалпы жыйыны менен бекитилген,” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 34.4-пункттагы биринчи сүйлөм алынып салынсын; 

- 34.9-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 34.15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34.15. Банктарды кайра өзгөртүп түзүү фактысын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук берүү жөнүндө чечим жобонун 34.14-пунктунда аталган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берген документтердин толук топтомуна бергенден кийинки бир ай ичинде Улуттук банк тарабынан кабыл алынат.»; 

- 35.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35.1. Акцияларды конверттөө (алмашуу) Кыргыз Республикасынын “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.»; 

- IX бөлүктүн аталышындагы “жана микрокредиттик компанияларды (МКК)” деген сөздөр алынып салынсын; 

- IX бөлүктүн тексти боюнча “МКК” деген сөз алынып салынсын; 

- 40.1-пунктунун 3-пунктчасындагы “беш жыл” деген сөздөр “он беш жыл” деген сөздөргө алмаштырылсын, “иш алып баруусу” деген сөздөрдөн кийин “акыркы он жыл ичинде лицензиянын негизинде депозиттерди тартуу боюнча операцияларды жүргүзүүсү” деген сөздөр менен толукталсын; 

- жобого карат эскертүү алынып салынсын; 

- 7-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

 

 

 

«7-тиркеме 

 

Банктын филиалынын жетекчиси/башкы бухгалтери тууралуу маалымат 

 

Аты-жөнү 

 

Туулган күнү жана жери  

 

Билими тууралуу маалымат (жогорку окуу жайдын аталышы, аяктаган жылы, диплом боюнча адистиги) 

 

Акыркы он жыл ичинде иштеген жери (компаниянын аталышы, келген жана кеткен күндү көрсөтүү менен кызмат орду) 

 

Кошумча маалымат 

 

»; 

- -тиркемедеги: 

- 14-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«- жазык мыйзамдарына ылайык, кылмыштарды жасаганы үчүн күнөө коюлганбы (ооба/жок);»; 

- 18-тиркеменин: 

преамбуласындагы “Акционерлер тарабынан толтурулат” деген сөздөр кашаанын ичиндеги “(жеке адамдар)” деген сөздөр менен толукталсын; 

“жеке адамдар болуп саналган” деген сөздөр алынып салынсын; 

1.12-пунктундагы: 

«тартиптик жаза-чарасы колдонулганбы (ооба/жок)» деген сөздөр төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«-жазык мыйзамдарына ылайык, кылмыштарды жасаганы үчүн күнөө коюлганбы (ооба/жок);»; 

“териштирүүнүн жыйынтыктарын” деген сөздөр “(анын ичинде токтотулган же акталган учурда)” деген сөздөр менен толукталсын;  

- 21-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:  

«21-тиркеме 

Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иш алып барган банк тарабынан толтурулат 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

Өкүлчүлүктү ачуу (жабуу) жөнүндө 

БИЛДИРМЕ 

_______________________________________________________________________ 

(мекеменин фирмалык бланкында) 

Бул аркылуу, _________________________________________________________ 

(өкүлчүлүктү ачып жаткан банктын толук аталышы жана лицензиясынын номери) 

___________________________________________________________ (* караңыздар) (өкүлчүлүктү ачуу максаты көрсөтүлөт) 

максатында, 

___________________________________________________________________ чечимине ылайык, 

(өкүлчүлүктү ачуу тууралуу чечим кабыл алган банктын башкаруу органынын аталышы) 

төмөнкү дарек боюнча өкүлчүлүк ачылган (жабылган): 

_______________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________ 

(өкүлчүлүктүн ачылган (жабылган) күнү

_______________________________________________________________________ 

(өкүлчүлүктүн почта дареги, телефону, факсы көрсөтүлөт 

 

 

Өкүлчүлүктүн жетекчиси тууралуу маалымат: 

Аты-жөнү 

 

Туулган күнү жана жери  

 

Паспорттук маалыматтары 

 

Жарандыгы 

 

Жашаган жери (паспорт боюнча) 

 

Билими тууралуу маалымат (жогорку окуу жайдын аталышы, бүтүргөн жылы, диплом боюнча адистиги) 

 

 

Тиркеме ____ баракта. 

  

Өкүлчүлүктү ачуу (жабуу) жөнүндө чечим кабыл алган банктын органынын жетекчиси (кол тамгасы) аты-жөнү 

  

Мөөрү 

  

Эскертүү

(*) Бул маалыматтар өкүлчүлүктү ачып жаткан учурда келтирилет.»; 

- 22-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

«22-тиркеме 

Чет өлкө банкы тарабынан толтурулат 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

Банктын өкүлчүлүктү ачуу (жабуу) жөнүндө 

ӨТҮНҮЧ КАТЫ 

_______________________________________________________________________ 

(мекеменин фирмалык бланкында) 

Бул аркылуу, _________________________________________________________ 

(өкүлчүлүктү ачып жаткан компаниянын толук аталышы жана лицензиясынын номери) 

___________________________________________________________ максатында, 

(өкүлчүлүктү ачуу максаты көрсөтүлөт) 

___________________________________________________________________ чечимине ылайык, 

(өкүлчүлүктү ачуу тууралуу чечим кабыл алган банктын башкаруу органынын аталышы) 

төмөнкү дарек боюнча өкүлчүлүктү ачуу (жабуу) ниетин билдирет: 

_______________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________ 

(өкүлчүлүктүн ачылган (жабылган) күнү

_______________________________________________________________________ 

(өкүлчүлүктүн почта дареги, телефону, факсы  

Өкүлчүлүктүн жетекчиси тууралуу маалымат: 

Аты-жөнү 

 

Туулган күнү жана жери 

 

Паспорттук маалыматтары  

 

Жарандыгы 

 

Жашаган жери (паспорт боюнча) 

 

Билими тууралуу маалымат (жогорку окуу жайдын аталышы, аяктаган жылы, диплом боюнча адистиги) 

 

  

Тиркеме ____ баракта. 

  

Өкүлчүлүктү ачуу (жабуу) жөнүндө чечим кабыл алган банктын органынын жетекчиси, (кол тамгасы) аты-жөнү  

  

Мөөрү 

  

Эскертүү

(*) Бул маалыматтар өкүлчүлүктү ачып жаткан учурда келтирилет.»; 

- 23-тиркемедеги “(операциялар тизмеси көрсөтүлөт)” деген сөздөр төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«(Аманат кассасы тарабынан ислам принциптеринин негизинде кредиттерди берүү /каржылоо боюнча операцияларын жүзөгө ашырууда банктын ислам принциптери боюнча бекитилген кредиттик саясатынын/каржылоо саясатынын күнү жана номери жана кредиттөөнү жүзөгө ашырган жооптуу кызматкердин кредиттөө маселелери боюнча иш стажы/курстардан же такшалуудан өткөндүгү тууралуу маалымат көрсөтүлөт).»; 

- 25-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«25-тиркеме 

_____________________________ 

(банктын аталышы) 

_______________________________________ 

(эгерде эсеп филиалда ачылган болсо, филиалдын аталышы) 

дареги ____________ 

тел.: _____________ 

факс _____________ 

Банк, _____________________________________ (банктын аталышы) ______________________ (аты-жөнү) акча каражаттары тууралуу төмөнкү маалыматтары менен ______________(эсепти ачуу күнү) тартып, биздин банкта ачылган №_______ эсептин ээси болуп саналат экендигин тастыктайт: 

1) ____ күнүнө карата эсеп боюнча калдыгы ________________ (сумма) 

2) акыркы жыл ичинде орточо баланс ________________ (сумма) 

3) эсеп түрү 

 

Банктын кызмат адамынын аты-жөнү ___________ 

Банктын кызмат адамынын кол тамгасы ___________ 

 Күнү ____________________________»; 

 

- 28-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 34-тиркеме менен толукталсын: 

«34-тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

 

“ислам терезеси” аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банк операцияларын жүргүзүү укугуна  

N___/3 ЛИЦЕНЗИЯ  

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы) 

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын кыскартылган аталышы) 

__________________________________________________________________ 

(жайгашкан жери) 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча төмөндө келтирилген банк операцияларын улуттук валютада жана чет өлкө валютасында (чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы болгон шартта) жүзөгө ашыруу укугуна ээ: 

 

1.1. "Мудараба" бүтүмдөрү

1.2. "Шарика/Мушарака" бүтүмдөрү

1.3. "Мурабаха" бүтүмдөрү

1.4. "Иджара и Иджара Мунтахийя Биттамлик" бүтүмдөрү

1.5. "Кард Хасан" бүтүмдөрү

1.6. "Истиснаа жана катар Истиснаа" бүтүмдөрү

1.7. "Гарантиялар" бүтүмдөрү

1.8. "Салам" бүтүмдөрү

1.9. "Документардык аккредитив" бүтүмдөрү

1.10. Ишеним боюнча жана гарантияланган сактоо бүтүмдөрү

1.11. Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын эсептерин ачуу жана жүргүзүү

1.12. Корреспонденттик мамилелерди өз алдынча түптөө

1.13.Кардардын жана банк-корреспонденттердин тапшырмасы боюнча эсептешүүлөрдү жана аларды кассалык тейлөөнү жүзөгө ашыруу; 

1.14. Төлөм карттарын кошо алганда, төлөм документтерин (чектер, башка документтер) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо. 

2. “Ислам терезеси” аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банк операцияларын жүргүзүүгө чектөө баракчасы ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

Бул лицензия ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет 

Банк коммерциялык банктардын лицензиялар реестрине киргизилген (жылы, айы, күнү). 

Бланктын сериясы ______________ №_______  

  

Төраганын орун басары»; 

 

- төмөнкү мазмундагы 35-тиркеме менен толукталсын: 

 

«35-тиркеме 

 

“Ислам терезеси” аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банк операцияларын жүргүзүү укугуна  

(жылы, айы, күнү) берилген N ___/3 лицензиясына карата 

ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ 

 

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/6 токтомунун редакциясына ылайык

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы) 

Банк операциясынын катар номери 

Орун алган чектөөлөр 

Чектөөлөр аракеттене баштаган күн 

Эскертүү 

1.1. 

1.2. 

1.3. 

1.4. 

1.5. 

1.6. 

1.7. 

1.8. 

1.9. 

1.10. 

1.11. 

1.12. 

1.13. 

1.14. 

1.15. 

  

Бланктын сериясы _______________ N ________ 

  

Төраганын орун басары».