Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомунун долбооруна 

маалымкат-негиздеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомунун долбоору “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинине ылайык коомдук талкууга чыгарылууда (мындан ары - долбоор). 

Ушул долбоор кредиттик союздардын иш жүргүзүүсүн лицензиялоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында иштеп чыгарылган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын территориясында финансы-кредиттик ишин 126 кредиттик союзу жүргүзөт деп белгилеп кетебиз. 

Көрсөтүлгөн долбоор кредиттик союздарды түзүү, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишин жүргүзүү процесстери боюнча коомдук мамилелерди жөнгө салууну сунуштайт. 

Бүгүнкү күнү колдонуудагы мыйзамдар ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишин жүргүзгөн финансы-кредиттик мекемелерин лицензиялоо боюнча суроолорун камтыбастыгынын негизинде, көрсөтүлгөн аймакта Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өнүктүрүү жана жакшыртууну талап кылат. 

Колдонуудагы 2005-жылдын 4-майында № 14/3 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” Жобосунун редакциясы, кредиттик союздарды лицензиялоо боюнча Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук акты катары, аталган мамилелерди жөнгө салбайт. 

Ошондуктан, өлкөдө өсүп жана өнүгүп жаткан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш жүргүзүүнү эске алып, ушул суроонун жөнгө салуусу азыркы учурда актуалдуу жана өз убактылуу экендигин белгилейбиз. Кийинкиде бул суроолордун жөнгө салуусу ыңгайлуу ишкердик субъекттеринин бул ишинде бекитилген укуктук ченемдерин колдонуу боюнча укуктарын реализациялоого жардам кылат. 

Жогоруда айтылгандын негизинде, Улуттук банк менен аталган ченемдерди камтыган Жобонун жаңы редакциясын бекитүүчү токтомдун долбоору иштелип чыгарылган. 

Долбоорду иштеп чыгуу учурда Улуттук банк “Кредиттик союздар жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, өз ишин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу кредиттик союздардын ишин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгилениши тууралуу ченеми негизге алган. 

Аны менен бирге, долбоор кредиттик союздардын кызмат адамдарына (Башкармасынын Төрагасына жана мүчөлөрүнө, башкы бухгалтерине, ошондой эле Шариат боюнча кеңешинин Төрагасына жана мүчөлөрүнө) талаптарды коюуну сунуштайт. Жазылган сунуш сектордун мындан ары эффективдүү өнүгүүсү сектордо квалификациялуу адистердин бардыгы менен ишке ашырылат. 

Долбоор, Улуттук банктын компетенциясына ылайык, кредиттик союздардын (алардын филиалдарын) Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон (кайра коттодон) өтүүнү макулдашуу процедураларын тактоо менен каралып жаткан аймактын мыйзамдарын өркүндөөгө жиберилген маселелердин бири болуп саналат. 

Долбоор менен бекитиле турган Жобо киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун саны азыркы редакциянын текстинин жарымынан ашкандыгына байланыштуу “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинине ылайык коомдук талкууга жаңы редакцияда чыгарылат. 

Колдонула турган ченемдерди алдын ала талдоо жыйынтыгында долбоордун ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген Улуттук банктын компетенциясынан чыкпагандыгы аныкталган.  

Долбоордун кабыл алуусу республикалык бюджеттин эсебинен, граждандардын (адамдардын) жана юридикалык жактардын (алардын уюмдарынын) тарабынан бекитиле турган Жобонун колдонуу менен байланышкан кошумча чыгымдарды талап кылбайт. 

Ошондой эле, долбоордун кабыл алуусу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбешин маалымдайбыз. 

Жогоруда айтылгандын негизинде долбоорду сунушталган редакциясында кабыл алууну туура көрөбүз.  

 

 

Долбоор 

 

 

“Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” Жобосу (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда каттоодон өткөн, каттоо номери 75-05, 2005-жылдын 4-майындагы № 14/3 “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндөгү” Жобонун жаңы редакциясы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 9-мартында каттоодон өткөн, каттоо номери 20-06, 2006-жылдын 8-февралындагы № 4/6 “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндөгү” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2008-жылдын 15-декабрында каттоодон өткөн, каттоо номери 144-08, 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 40/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун тиркемесинин 1-пункту; 

- 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/5 “Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда 75-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 14/3 “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобонун жаңы редакциясы тууралуу” токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому; 

- 2012-жылдын 12-декабрындагы № 48/10 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун тиркемесинин 1-пункту; 

- 2013-жылдын 13-февралындагы № 4/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы жана тиркемесинин 1-бөлүмү

- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун 1-пунктунун алдындагы 3-пункту жана тиркемесинин 3-пункту; 

- 2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/16 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы жана тиркемесинин 5-пункту. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин ушул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 (он беш) календарлык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан кредиттик союздарын тааныштырсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары - айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Абдыгулов Т.С. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын “Кредиттик союздарды  

лицензиялоо жөнүндө” Жобону бекитүү  

тууралуу” токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө 

ЖОБО 

 

Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кредиттик союздар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодон өткөртүү жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) кредиттик союздарга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган (банктык мыйзамдарда, анын ичинде Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган атайы терминологияны эске алуу менен) кредиттик союздарга лицензия берүү тартиби, ошондой эле кредиттик союздардын кызмат адамдарына талаптар, филиалдарын ачуу уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиптери аныкталган. 

 

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Кредиттик союз кооператив формасында түзүлөт жана өз ишин уставдын негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат.  

2. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак статусуна ээ болот. Кредиттик союзду мамлекеттик каттоодон өткөрүү Улуттук банктын макулдугунун негизинде жүргүзүлөт.  

3. Кредиттик союз өз ишин жүзөгө ашыруусу үчүн Улуттук банктан төмөнкү операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууга тийиш: 

- катышуучулар сактык пайларды сатып алуу аркылуу алардан акча каражаттарын тартуу; 

- кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында кредит берүү

4. Улуттук банктын талаптарына ылайык алган кошумча лицензиясында ошол операциялар көрсөтүлгөн шартта кредиттик союз төмөнкү банктык операцияларды жүргүзүшү мүмкүн:  

1) өз катышуучуларынан улуттук жана чет өлкө валюталарында аманаттарды (депозиттерди) тартуу; 

2) банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча кредиттик союзда кардарларга эсеп ачуусуз чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

3) банк же ыйгарым укуктуу башка финансы-кредит мекемеси менен түзүлгөн келишимдин негизинде кредиттик союзда эсеп ачуусуз кредиттик союздун тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү

4) өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашыруу; 

5) кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында чет өлкө валютасында кредит берүү

5. Улуттук банктын кошумча лицензиясы болгон шартта (лицензияда көрсөтүлсө) кредиттик союз Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жогоруда көрсөтүлгөн финансылык кызматтарды (операцияларды) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу. 

6. Кредиттик союздун касса жайлары Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптарга жооп берген шартта гана кредиттик союз ушул Жобонун 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу (9-тиркеме).  

7. Улуттук банктын лицензиясын алганга чейин кредиттик союзга өз ишин уюштурууга байланыштуу иштерден тышкары юридикалык жак катары кандайдыр бир ишти жүзөгө ашырууга тыюу салынат. 

8. Кредиттик союз лицензияда көрсөтүлгөн операцияларды гана жүзөгө ашырууга укуктуу.  

9. Кредиттик союзга лицензия берүү акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлөт. Лицензия берүү (лицензияны кайра тариздетүү, лицензиянын дубликатын берүү) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документи сунушталган шартта өтүнүч ээсине лицензия берилет.  

10. Документтер топтому толук көлөмдө тапшырылбаса же алар белгиленген талаптарга ылайык келбесе, Улуттук банк ушул Жобонун талаптарына ылайык документтерди кароого берилген мөөнөт ичинде кат жүзүндө себептерин көрсөтүү менен аларды жеткире иштеп чыгууга кайтарып берет. 

11. Сунушталган документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбеген шартта бул документтер кароо мөөнөтү аталган талаптарын канааттандырган бардык кошумча документтер сунушталган күндөн тартып кайра эсептелинет. 

12. Кредиттик союз сунушталган документтерде чагылдырылган маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.  

13. Кредиттик союздун документтери ушул Жобонун талаптарына ылайык мамлекеттик же расмий тилинде төмөнкүлөргө сунушталат: 

- Бишкек шаарында жана Чүй областында жайгашкан кредиттик союздар - Улуттук банктын борбордук аппаратына; 

- Чүй областынан тышкары, Кыргыз Республикасынын областтарында жайгашкан кредиттик союздар - Улуттук банкынын областтык башкармалыктарына; 

- Баткен областында жайгашкан кредиттик союздар - Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө

14. Ушул Жобого ылайык Улуттук банкына сунушталган кредиттик союздун ар бир нече барактан турган уюштуруу документтери көктөлүп, номерленип, ага кредиттик союздун жетекчисинин колу коюулуп жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү зарыл (болгон болсо). Юридикалык жактын өкүлү болуп саналган жетекчинин кол коюусу юридикалык жактын мөөрү менен бекитилүүсү тийиш. Сунуштала турган документтердин көчүрмөлөрү ушул Жобо менен бекитилген талаптарына ылайык күбөлөндүрүүсү зарыл. 

 

 

2. ЛИЦЕНЗИЯ АЛУУ ҮЧҮН СУНУШТАЛА ТУРГАН ДОКУМЕНТТЕР 

 

15. Лицензия алуу үчүн кредиттик союз Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) лицензия берүүгө өтүнүч кат (1-тиркеме); 

2) төмөнкү чечимдер камтылган кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйында толтурулган протоколунун түп нускасы жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

- кредиттик союзду түзүү жөнүндө

- Башкарманын, Байкоо кеңешинин (болгон шартта), Кредиттик комитеттин, Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө

- Шариат кеңешинин Төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө (эгерде кредиттик союз өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо); 

- башкы бухгалтерди дайындоо жөнүндө (штаттык тизимде башкы бухгалтер кызмат орду каралбаса, башкы бухгалтердин укугу берилген бухгалтерди же чакырылган бухгалтерди) (мындан ары - башкы бухгалтер); 

- кредиттик саясатты бекитүү тууралуу; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка чечимдер.  

3) кредиттик союзду түзүү жөнүндө уюштуруу келишиминин түп нускасы жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

4) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында бекитилген уставынын түп нускасы жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

5) кызмат адамдарынын анкеталары 3-тиркемеде белгиленген формага жана талаптарга ылайык сунушталат (Башкарманын төрагасы, Байкоо кеңешинин төрагасы (эгерде болгон болсо), башкы бухгалтер (штаттык тизмеде башкы бухгалтер кызмат орду каралбаса, башкы бухгалтердин укугу берилген бухгалтер; эгерде кредиттик союз ишкердикти ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо кредиттик союздун Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн анкеталары да сунушталат). 

6) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы (уюштуруу) жыйынында бекитилген кредиттик саясат (кредиттөө боюнча колдонмо). 

Кредиттик саясат (кредиттөө боюнча колдонмо) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыгып, анда кеминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- кредит алууга документтерди сунуштоо эрежелери жана тартиби; 

- кредит берүү шарттары жана эрежелери; 

- Кредиттик комитеттин милдеттери жана ыйгарым укуктары; 

- кредиттик операциялар боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү эрежелери; 

- кредиттерге мониторинг жүргүзүү тартиби.  

7) тартылган сактык пайлардын көлөмү, кредит көлөмү жана кредиттик союздун катышуучуларынын саны боюнча болжолдуу балансты келтирүү менен эсептөөлөр. 

16. Улуттук банк лицензия берүүгө өтүнүч катты жана ага кошо тиркелген документтер топтомун Улуттук банкка сунушталган күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алат.  

17. Аны четке кагууга негиз жок болгон шартта ушул Жобонун 15-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин бир түп нускасын кошо тиркөө менен Улуттук банк кредиттик союздун мамлекеттик каттоодон өтүү үчүн макулдук берет.  

 

 

3. КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА КАРАТА ТАЛАПТАР 

 

18. Улуттук банкка сунушталган документтерди кароо учурунда, ошондой эле кызмат адамдарын кийинкиде шайлоодо/кайра шайлоодо/дайындоодо алардын талапкерлиги милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш болгон кредиттик союздун кызмат адамдары катары Башкарманын төрагасы, Байкоо кеңешинин төрагасы (эгерде болгон болсо), Шариат кеңешинин Төрагасы жана мүчөлөрү (кызмат көрсөтүүлөрдү ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунуштаган кредиттик союздар үчүн) жана башкы бухгалтери саналат.  

19. Кредиттик союздун төмөнкү кызмат адамдары төмөндө келтирилген минималдуу талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

1) Башкарманын Төрагасы, Байкоо кеңешинин Төрагасы (эгерде болгон болсо): 

- жогорку билимге (экономикалык билиминин болушу артыкчылыктуу) же жетекчи катары кеминде 3 (үч) жылдык иш тажрыйбасы (орто-кесиптик билимге ээ болгон шартта) болууга ; 

- активдерди жана пассивдерди тескөө, кредиттөө жана күрөөнү өндүрүү ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде кредиттик союздардын иш жүргүзүүсүн жөнгө салган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын билүүгө тийиш.  

2) Шариат кеңешинин Төрагасы: 

- жалпы таанылган жогорку окуу жайынын жогорку билими тууралуу диплому менен тастыкталган, Шариат чөйрөсүндө укук жана/же финансылык ишкердик багытында жогорку билимге ээ болууга же ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган финансы-кредит мекемесинин жетекчи кызмат орунунда 1 (бир) жылдык иш тажрыйбасы болууга тийиш. 

- Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзамдар чөйрөсүндө билими болууга тийиш; 

3) башкы бухгалтер: 

- “Бухгалтердик эсепке алуу” боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырууну кошо алганда, жогорку билими же 1 (бир) жылдык бухгалтердик эсеп аймагында иш тажрыйбасы (орто кесиптик билимге экономика багытына ээ болгон шартта) болууга; 

- Эл аралык эсепке алуу жана отчеттуулук стандарттарын билүү;  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздун башкы бухгалтери AAOIFI стандарттарын билүүгө тийиш. 

4) Шариат кеңешинин мүчөлөрү

- жогорку билими тууралуу дипломго ээ болууга; 

- Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзамдарын билүүгө

- ислам банк иши жана каржылоо принциптери багытында окутуудан ийгиликтүү өткөндүгү жөнүндө документтер менен тастыкталган билими болууга тийиш.  

20. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союзда кеминде үч мүчөдөн турган Шариат кеңеши болууга тийиш. 

21. Шариат кеңешинин мүчөлөрү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берген шартта, кредиттик союз микрофинансылык уюмдар/кредиттик союздар ассоциациясы (бирикмеси) тарабынан түзүлгөн ошол Шариат кеңешинин кызматтарынан пайдаланууга укуктуу.  

22. Улуттук банк тиешелүү документтерди кароого алган мезгил ичинде Башкарманын, Байкоо кеңешинин (эгерде болгон болсо), Ревизиялык комиссиянын, Кредиттик комитеттин төрагалары, Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү шайланса/кайра шайланса же башкы бухгалтер дайындалса, кредиттик союз 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди тиркөө менен билдирме-кат жөнөтөт:  

1) кредиттик союздун мөөрү жана жетекчисинин кол коюусу менен тастыкталган, кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынан толтурулган протоколдун көчүрмөсү же протоколдон көчүрүп жазып алуулары; 

2) кызмат адамдарынын 3-тиркемеде белгиленген формага жана талаптарга ылайык анкеталары; 

3) алардын ушул Жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келүүсүн тастыктаган маалыматтар жана документтер; 

23. Кредиттик союз кызмат адамдарын шайлоодо/кайра шайлоодо/дайындоодо аларды макулдашуу учурунда Улуттук банк ушул Жобонун 22-пунктунда белгиленген документтерди алар сунушталган күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алат. Макулдашуу (макулдашуудан баш тартуу) жөнүндө билдирүүнү Улуттук банк тиешелүү чечим кабыл алган учурдан тартып 5 (беш) календардык күн ичинде кредиттик союзга жөнөтөт.  

24. Улуттук банк төмөнкү учурларда кызмат адамдарды макулдашуудан баш тартышы мүмкүн:  

- талапкерлер “Кредиттик союздар жөнүндө” мыйзамдын 18-1-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарына ылайык келбесе; 

- талапкерлер ушул Жобо менен жана Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптарга жооп бербесе; 

- соттун талапкерге карата ишкердиктин бул түрү менен алектенүүгө тыюу салган жана/же аны экономика чөйрөсүндө кылмыш ишине жол бергендигин тааныган чечими болсо; 

- аларга ылайык талапкердин иш-аракети (аракеттенбей коюусу) кредиттик союздун төлөөгө жөндөмсүз абалга дуушарланышына жана/же анын лицензиясынын кайтарылып алынышына алып келген чечими, корутундусу, текшерүү материалдары болсо; 

- буга чейин Улуттук банк тарабынан колдонулган эскертүү чараларынын жана санкцияларынын алкагында талапкерди алмаштыруу жөнүндө Улуттук банктын чечими болсо. 

25. Улуттук банктын минималдуу талаптарына жооп бербеген талапкерлер боюнча талаш маселелер, каршылыктар (макул эместиктер) келип чыккан учурда, алар Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселелерин тескөөгө алган орун басары аркылуу чечилет, ал мындай маселелерди Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин кароосуна сунушташы мүмкүн.  

 

 

4. КРЕДИТТИК СОЮЗДУН ИШКЕРДИКТИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА ЛИЦЕНЗИЯ БЕРҮҮ ТАРТИБИ 

 

26. Мамлекеттик каттодон өткөндөн кийин ишкердикти жүзөгө ашырууга Улуттук банк лицензия берүү үчүн кредиттик союз Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) лицензия берүүгө өтүнүч кат (2-тиркеме); 

2) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белгиси коюлган кредиттик союздун уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

3) кредиттик союздун мөөрү басылган мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

4) түзүлүп жаткан кредиттик союздун топтоо (депозит) эсебинде Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу уставдык капиталдан төмөн эмес өлчөмдөгү акча каражаттары жайгаштырылгандыгы жөнүндө коммерциялык банктын кат жүзүндөгү тастыктамасы. 

27. Лицензия, ушул Жобонун 26-пунктунда бекитилген тиешелүү документтер Улуттук банкка сунушталгандан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде берилет.  

28. Лицензия, кредиттик союздун жетекчисинин инсандыгын тастыктаган документти сунуштаган шартта же кредиттик союздун жетекчисинин ишеним катынын негизинде ыйгарым укуктуу жакка берилет.  

29. Улуттук банк кредиттик союздарга берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт. 

30. Кредиттик союздун лицензиясы ажыратылып алынгыс (өздүк) болуп саналат. Лицензияда белгиленген укуктарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт. Буга жол берилген шартта Улуттук банк юридикалык жакка кредиттик союз катары иш алып барууга тыюу салуу менен лицензияны кайтарып алат. 

31. Лицензиянын түп нускасы жоголгон шартта кредиттик союз документтин жоголгондугун тастыктаган бардык документтерди тиркөө менен дубликат берүү жөнүндө өтүнүч катты Улуттук банкка сунуштайт. Дубликатты берүү, өтүнүч кат Улуттук банкка сунушталган күндөн кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде ишке ашырылат.  

Лицензиянын түп нускасы табылгандан кийин 3 (үч) күндүн ичинде кредиттик союз Улуттук банкка лицензиянын түп нускасын түшүндүрүүлөрдү тиркеп сунуштоого зарыл. 

32. Кредиттик союздун лицензиясында көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн учурда ал Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кайра тариздетилүүгө тийиш. 

33. Лицензияны алмаштыруу учурда жогоруда берилген лицензиянын түп нускасы Улуттук банкка өткөрүлүшү зарыл. 

 

 

5. КАТЫШУУЧУЛАРДАН АМАНАТТАРДЫ (ДЕПОЗИТТЕРДИ) ТАРТУУ УКУГУНА КОШУМЧА ЛИЦЕНЗИЯ БЕРҮҮ ТАРТИБИ 

 

34. Кредиттик союздун өз катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартууга кошумча лицензия кредиттик союз, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык «Мудараба» жана «Кард Хасан» (каражаттарды тартуу) операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союз төмөнкү минималдуу талаптарга ылайык келген шартта гана берилет 

1) акыркы 2 (эки) жыл ичинде пайдага ээ болуу менен иш алып барса; 

2) 2,0 (эки) млн. сомдон кем эмес өлчөмдөгү суммардык капитал; 

3) институционалдык капиталы кредиттик союздун суммардык активдеринин 12% төмөн эмес өлчөмдө

4) классификацияланган кредиттердин кредит портфелине карата катышы 5% ашпаса; 

5) жазма буйруктар, талаптар жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген экономикалык ченемдер аткарылса; 

6) депозит саясатынын жана ликвиддүүлүктү тескөө саясатынын болушу. 

35. Кредиттик союздун Улуттук банктын талаптарына жана нормативдерине ылайык келүүсү Улуттук банк кредиттик союздун ишине жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде аныкталат же болбосо мында кредиттик союз өз катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензия алууга өтүнүч катты Улуттук банкка сунуштаганга чейинки акыркы 6 (алты) ай ичинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары эске алынышы мүмкүн. 

36. Кредиттик союз катышуучулардан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна кошумча лицензия алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) өз катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна кошумча лицензия берүүгө өтүнүч кат (1-тиркеме); 

2) кредиттик союздун мөөрү менен бекитилген кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында толтурулган протоколдун өз катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна кошумча лицензия алуу жана ликвиддүүлүктү тескөө маселесин камтыган депозит базасын бекитүү жөнүндө чечимдин көчүрмөсү же кредиттик союздун мөөрү жана жетекчисинин кол коюусу менен тастыкталган протоколдон көчүрүп жазып алуулары ; 

3) жалпы жыйында кабыл алынган депозит саясаты; 

4) кредиттик союздун депозиттерди кабыл алуу операцияларынын болжолдонгон көлөмүн жана санын келтирилген болжолдуу балансты, кредиттик союздун катышуучулардан депозиттерди тартуу операцияларын жүзөгө ашыруусуна экономикалык негиздеме берүү

5) кредиттик союздун акыркы 2 (эки) отчеттук жыл үчүн жана өтүп жаткан жылдын акыркы отчеттук күнүнө карата финансылык отчету. 

37. Кредиттик союзга катышуучулардан депозиттерди тартуу операцияларын жүзөгө ашыруусуна экономикалык негиздеме берүү учурунда төмөнкүлөр аныкталууга тийиш: 

1) кредиттик союздун төмөнкүдөй негизги болжолдуу баланстык көрсөткүчтөрү: бардыгы болуп активдер (анын ичинде кредит портфели), бардыгы болуп милдеттенмелер (анын ичинде депозит базасы, адистештирилген финансы-кредит мекемеси (“Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын (мындан ары текст боюнча “КСФК” ААКсы) жана башка финансы-кредит мекемелеринин кредиттери боюнча карыздар), катышуучулардан аманаттарды (депозиттерди) тартуу операцияларын жүзөгө ашырган учурда жана операциялардын бул түрүн жүзөгө ашырбаган учурда (салыштырма талдап-иликтөө) бардыгы болуп капитал (анын ичинде институционалдык капитал, үлүштүк капитал); 

2) кредиттик союздун пайда жана чыгым жөнүндө отчетунун төмөнкүдөй негизги болжолдуу көрсөткүчтөрү: пайыздык кирешелер, пайыздык эмес кирешелер, пайыздык чыгашалар, операциялык чыгашалар, катышуучулардан аманаттарды (депозиттерди) тартуу операцияларын жүзөгө ашырган учурда жана операциялардын бул түрүн жүзөгө ашырбаган учурда (салыштырма талдап-иликтөө); 

3) кредиттик союздун катышуучулардан депозиттерди тартуу операцияларынын экономикалык ченемдерди аткаруусуна жана сунушталган кредиттер боюнча пайыздык чендин өзгөрүүсүнө таасири; 

4) аларга негиздеме берүү менен катышуучулардан тартылган депозиттер боюнча пайыздык чендерди депозит түрлөрү жана мөөнөттөрү боюнча эсептөө

5) кредиттик союз катышуучулардан депозиттерди тартуу операцияларын жүзөгө ашырган учурда “КСФК” ААКсынын жана башка финансы-кредит мекемелеринин кредиттери боюнча милдеттенмелер мөөнөтү үчүн же “КСФК” ААКсы жана башка финансы-кредит мекемелери алдында кредиттер боюнча милдеттенмелер жок учурда 1 (бир) жыл үчүн акча каражаттарынын агымынын болжолдуу эсеби. 

38. Улуттук банк катышуучулардан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна кошумча лицензия берүү жөнүндө өтүнүч катты жана ага тиркелген документтер топтомун алар Улуттук банкка сунушталгандан кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алып, четке кагуу үчүн негиз жок болгон шартта кошумча лицензия берет.  

 

 

6. КОШУМЧА ФИНАНСЫЛЫК КЫЗМАТТАРДЫ (ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ) ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА КОШУМЧА ЛИЦЕНЗИЯ БЕРҮҮ ТАРТИБИ  

 

39. Кредиттик союз өтүнүч кат менен кайрылган учурда төмөндө келтирилген минималдуу талаптарды сактаган шартта ага ушул Жобонун 4-пунктунун 2-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна кошумча лицензия берилет: 

1) 2 (эки) млн. сомдон төмөн эмес өлчөмдө суммардык капитал; 

2) кошумча лицензияны талап кылган операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ички ченемдик документтердин болушу (саясат, жол-жоболор); 

3) кредиттик союздун катышуучуларынан улуттук жана чет өлкө валютасында аманаттарды (депозиттерди) тартууга лицензиянын болушу. 

40. Кошумча лицензия алуу үчүн кредиттик союз Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) кошумча лицензия алууга өтүнүч кат (1-тиркеме); 

2) кредиттик союздун мөөрү жана жетекчисинин кол коюусу менен тастыкталган, кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында кабыл алынган операциялар чөйрөсүн кеңейтүү жөнүндө чечимдин протоколдон көчүрүп жазып алуулары; 

3) кошумча лицензияны талап кылган операциялар көлөмүнүн экономикалык негиздемеси болжолдуу эсептөөлөрү менен; 

4) кредиттик союздун акыркы 2 (эки) жыл жана өтүп жаткан жылдык акыркы отчеттук күнү үчүн финансылык отчет; 

5) кредиттик союздун кошумча лицензияны талап кылган операцияларды жүзөгө ашыруусун жөнгө салган ченемдик документтери (саясаты, жол-жоболору), ошондой эле буга ушул документтердин бекитилгендиги жөнүндө кредиттик союздун башкаруу органынын чечиминин көчүрмөсү кошо тиркелет. 

41. Улуттук банк кошумча лицензия берүү жөнүндө өтүнүч катты жана ага тиркелген документтер топтомун алар Улуттук банкка сунушталгандан кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алып, четке кагуу үчүн негиз жок болгон шартта кошумча лицензия берет.  

 

 

7. КРЕДИТТИК СОЮЗДУН ФИЛИАЛЫН АЧУУ ТАРТИБИ  

 

42. Кредиттик союз республика аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердикти жүзөгө ашырган филиал ачууга укуктуу. Кредиттик союздун филиалын ачуу жөнүндө чечим анын катышуучуларынын жалпы жыйынында кабыл алынат.  

43. Юридикалык жак болуп саналбаган, кредиттик союз жайгашкан жерден тышкары жайгашкан, Филиал жөнүндө Жобонун негизинде операциялардын бардык түрүн же алардын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган, кредиттик союз тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барган обочолонгон бөлүм кредиттик союздун филиалы болуп саналат. Кредиттик союздун филиалы тууралуу маалымат (анын ичинде анын жайгашкан орду) кредиттик союздун Уставында камтылууга тийиш.  

44. Филиал кредиттик союз менен биргеликте капиталга, баланска, ошондой эле кредиттик союздун аталышына толугу менен дал келген, “филиал” деген сөз менен коштолгон аталышка ээ.  

45. Филиалдын жетекчиси кредиттик союздун ыйгарым укуктуу органы тарабынан дайындалат жана ишеним каттын негизинде иш алып барат. Ишеним катта операциялар тизмеги жана филиалдын жетекчиси кредиттик союздун атынан жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу башка иштер көрсөтүлөт. 

46. Кредиттик союз төмөнкү талаптарга жооп берген шартта, ал тууралуу Улуттук банктын макулдулугунун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында өз филиалдарын ача алат: 

1) кредиттик союздун финансылык абалынын начарлашынан улам Улуттук банктын өзгөчө көзөмөлдүгүнө алынбаса; 

2) Улуттук банк тарабынан чектөөлөрдү белгилөө же филиал ачууга тыюу салуу аркылуу кредиттик союздун өнүгүшүнө чектөөлөр киргизилбесе; 

3) кредиттик союз Улуттук банктын капитал боюнча талаптарын так аткарса; 

4) испектордук текшерүүнүн жана анын ишине утурумдук көзөмөлдүктүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрү жана талаптары аткарылса; 

5) филиал жайгаштырылуучу жай Улуттук банктын минималдуу талаптарына жооп берсе (9-тиркеме). 

47. Филиал ачуу үчүн кредиттик союз Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) филиал ачуу жөнүндө кабарландыруу (8-тиркеме); 

2) кредиттик союздун мөөрү жана жетекчисинин кол коюусу менен тастыкталган, кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында толтурулган протоколдун филиал ачуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү же протоколдон көчүрүп жазып алуулары ; 

3) филиалга тиешелүү өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген уставдын түп нускасы жана кредиттик союздун мөөрү жана жетекчисинин кол коюусу менен тастыкталган көчүрмөсү

4) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында кабыл алынган Филиал жөнүндө Жобонун түп нускасы жана кредиттик союздун жетекчисинин кол коюусу жана мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- өтүнүч менен кайрылган кредиттик союздун аталышына толугу менен дал келген, “филиал” деген сөз менен коштолгон филиалдын аталышы; 

- филиал ачкан кредиттик союздун аталышы жана жайгашкан орду; 

- филиалдын юридикалык дареги; 

- филиалды түзүү максаттары; 

- филиал жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу операциялар тизмеги; 

- пландаштырылган операциялардын көлөмү жана мүнөзү

- филиалдын жетекчисинин ыйгарым укуктары жана милдеттери, башкы кредиттик союз тарабынан натыйжалуу контролдукту жүзөгө ашыруу каралган анын укуктары жана милдеттери; 

- филиалдын ишин токтотуу шарттары; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маалыматтар. 

5) 3-тиркемеге ылайык филиалдын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин анкеталары; 

6) кредиттик союздун жетекчисинин кол коюусу жана мөөрү менен тастыкталган, жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген операцияларды жана бүтүмдөрдү көрсөтүү менен филиалдын жетекчисине сунушталган ишеним каттын көчүрмөсү

7) кредиттик союздун ишине таасир этүү көз карашынан филиалдын келечектеги ишине баа берүү жана филиалдын кирешелүүлүгүн болжолдуу эсептөө.  

 

48. Ушул Жобонун 46 жана 47-пунктарында белгиленген талаптарын аткарбаганы аныкталган шартта Улуттук банк кредиттик союздун дарегине кредиттик союзд тарабынан Улуттук банктын филиал ачуу тууралуу бекитилген талаптарын аткарбагандыгы жөнүндө кат жиберет. 

49. Филиалды ачуу/жабуу тууралуу кабарландырууну Улуттук банкка жибербеген же ага карата ушул Жободо бекитилген мөөнөттү бузуу шартта, Улуттук банк кредиттик союзга карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында бекитилген чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу. 

50. Улуттук банк кредиттик союздун филиалды ачуу жөнүндө кабарландыруусун жана ага тиркелген документтер топтомун алар Улуттук банкка келип түшкөндөн кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алат. Эгерде четке кагуу үчүн негиз жок болсо, Улуттук банк мамлекеттик каттоодон өтүү үчүн ушул Жобонун 47-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин бирден түп нускасын кошо тиркөө менен макулдук берет. 

51. Кредиттик союз мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан кийинки 5 (беш) жумуш күн ичинде төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка билдирүү-кат сунуштайт: 

1) кредиттик союздун мөөрү жана жетекчисинин кол коюусу менен тастыкталган, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү белгиси менен филиал жөнүндө Жобонун көчүрмөсү

2) кредиттик союздун мөөрү менен тастыкталган, филиалдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

3) кредиттик союздун мөөрү жана жетекчисинин кол коюусу менен тастыкталган, филиал жөнүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген уставдын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү белгиси менен көчүрмөсү

4) кредиттик союздун мөөрү менен тастыкталган кредиттик союздун мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

52. Кредиттик союздун филиалын жабуу чечими анын катышуучуларынын жалпы жыйынында кабыл алынат. Филиалды жабуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде кредиттик союз Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү

1) филиалды жабуу тууралуу билдирүү

2) кредиттик союздун мөөрү жана жетекчисинин кол коюусу менен тастыкталган, катышуучулардын жалпы жыйынында толтурулган протоколдон филиалды жабуу жөнүндө чечимдин көчүрүп жазып алуулары; 

3) каттоо органынын анын ишинин токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтардын филиалдар реестрине киргизилгендиги тууралуу буйругунун көчүрмөсү.  

53. Улуттук банк кредиттик союздардын филиалдарынын реестрин жүргүзөт.  

 

 

8. УСТАВГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА/ЖЕ ТОЛУКТООЛОРДУ КИРГИЗҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК КАЙРА КАТТООДОН ӨТКӨРТҮҮ  

 

54. Кредиттик союздун уставына сунушталган өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. 

55. Уставга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду Улуттук банк менен макулдашуу үчүн жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү үчүн кредиттик союз Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө билдирме; 

2) кредиттик союздун мөөрү жана жетекчисинин кол коюусу менен тастыкталган, кредиттик союздун катышуучулары тарабынан жалпы жыйында кабыл алынган протоколдо уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечиминин көчүрмөсү же протоколдон көчүрүп жазып алуулары; 

3) уставдын жаңы редакциясынын түп нускасы жана кредиттик союздун мөөрү жана жетекчисинин кол коюусу менен тастыкталган көчүрмөсү

56. Ушул Жобонун 55-пунктунда көрсөтүлгөн документтер, катышуучулардын жалпы жыйынында кредиттик союздун уставына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде Улуттук банкка сунушталат.  

57. Улуттук банк уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө кабарландырууну жана ага тиркелген документтер топтомун алар Улуттук банкка сунушталгандан кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алып, четке кагуу үчүн негиз жок болгон шартта, мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берет. 

58 Кредиттик союз мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү жол-жобосунан өткөндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкүлөрдү кошо тиркөө менен мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө билдирме-кат сунуштоого тийиш: 

1) кредиттик союздун мөөрү жана жетекчисинин кол коюусу менен тастыкталган, мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белгиси менен кредиттик союздун уставынын көчүрмөсү

2) кредиттик союздун мөөрү менен тастыкталган мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

59. Эгерде уставга киргизилген өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор лицензияда көрсөтүлгөн маалыматтардын (аталышынын, юридикалык дарегинин өзгөрүшү) өзгөрүшүн шарттаса, кредиттик союз лицензиянын түп нускасын кошо тиркөө менен аны кайра каттоодон өткөртүү жөнүндө өтүнүч кат менен бирге Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү.  

60. Лицензияны кайра каттоодон өткөртүү, ушул Жобонун 58-пунктунда белгиленген тиешелүү документтер Улуттук банкка сунушталгандан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде ишке ашырылат. 

 

 

9. КРЕДИТТИК СОЮЗДУ ИСЛАМ БАНК ИШИ ЖАНА КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИНЕ ЫЛАЙЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН КРЕДИТТИК СОЮЗУНА ӨЗГӨРТҮП ТҮЗҮҮ ТАРТИБИ  

 

61. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, кредиттик союз финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган ислам кредиттик союзуна өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн (мындан ары - ислам кредиттик союзу).  

62 Ислам кредиттик союзуна өзгөртүп түзүлүшү үчүн кредиттик союз төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, капитал боюнча талаптарды сактоого; 

- улуттук валютасында, ошондой эле чет өлкө валютасында операцияларды жүзөгө ашыруусуна кошумча лицензия бар шартта - чет өлкө валютасында операцияларды жүзөгө ашыруусуна чектөөлөр белгиленбөөгө;- улуттук жана чет өлкө валюталарында операцияларды жүзөгө ашыруусуна чектөөлөр белгиленбөөгө

- Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды так сактоого; 

- Улуттук банктын жазма буйруктарынын жана/же талаптарынын аткарылбай калышына жол бербөөгө.  

63. Өзгөртүп түзүү болжолдонгон күнгө чейинки кеминде 6 (алты) ай ичинде кредиттик союз ал тууралуу Улуттук банкка жана өз кредиторлоруна маалымдап, кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында кабыл алынган өзгөртүп түзүү жөнүндө чечимдин протоколунун түп нускасын жана кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында бекитилген жана Шариат кеңеши тарабынан жактырылган кредиттик союзду ислам кредиттик союзуна өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралар планын Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү. Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү. Иш-чаралар планында, анын ичинде, бирок бул маселелер менен гана чектелбестен, иш-чараларды аткаруу мөөнөтү, Шариат стандарттарына туура келбеген активдер жана милдеттенмелер калдыктарынын ордун жабуу, персоналды окутуу ж.б. маселелер камтылууга тийиш. 

64. Улуттук банкка ислам кредиттик союзуна өзгөртүп түзүү жөнүндө маалымдалгандан кийинки 6 (алты) ай өткөндөн кийин кредиттик союз лицензия алуу үчүн төмөнкү документтерди Улуттук банкка сунуштоого тийиш: 

1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо укугуна лицензия берүү жөнүндө өтүнүч каты (1-тиркеме); 

2) жалпы жыйында бекитилген, кредиттик союздун кайра өзгөртүлүп түзүлгөндүгүнө байланыштуу анын кайра кароого алынган уюштуруу түзүмү

3) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу маселелерин камтыган кредиттик союздун уставынын түп нускасы жана кредиттик союздун мөөрү жана жетекчисинин кол коюусу менен тастыкталган көчүрмөсү

4) кредиттик союздун тартылган сактык пайларынын көлөмү, каржылоо көлөмү жана катышуучулар саны боюнча болжолдуу балансты келтирүү менен болжолдуу эсептөөлөр; 

5) жүзөгө ашыруу болжолдонгон операцияларга ар тараптуу талдап-иликтөөлөр жүргүзүлгөндүгү жана алардын кредиттик союздун ишине таасири, ошондой эле катышуучулар тарабынан өзгөртүп түзүүгө байланыштуу тобокелдиктер идентификациялангандыгы жөнүндө катышуучулардын жалпы жыйынынын протоколунун кредиттик союздун мөөрү жана жетекчисинин кол коюусу менен тастыкталган көчүрмөсү.  

6) кредиттик союзду ислам кредиттик союзуна өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралар планын аткаруу тууралуу отчету. 

65. Кредиттик союз тарабынан сунушталган документтер Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келиши жагынан кароого алынгандан кийин андан баш тартууга негиз жок болгон шартта, Улуттук банк кредиттик союзга 30 (отуз) календардык күн ичинде ислам кредиттик союзуна өзгөртүп түзүлүүгө жана мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө макулдук берет. 

66. Улуттук банк макулдук бергенден кийин кредиттик союз 30 (отуз) календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо укугуна лицензия берүү жөнүндө өтүнүч катты (2-тиркеме); 

2) мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белгиси менен кредиттик союздун уставынын кредиттик союздун мөөрү жана жетекчисинин кол коюусу менен тастыкталган көчүрмөсү

3) кредиттик союздун мөөрү менен тастыкталган мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

4) персонал бул багытта тиешелүү квалификацияга ээ экендигин тастыктаган маалыматтар жана тиешелүү курстарда атайы окутуудан өткөндүгү жөнүндө күбөлүктөр. 

67. Кредиттик союзга ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү чечими, Улуттук банкка өтүнүч катты жана ага тиркелген документтердин топтомун сунушталган күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кабыл алынат.  

68. Эгерде ушул Жобонун 64-пунктунда көрсөтүлгөн документтер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп бербесе Улуттук банк лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу.  

 

 

 

 

10. УЮШТУРУУ ДОКУМЕНТТЕРДИ КАРООДОН ЖАНА КРЕДИТТИК СОЮЗГА ЛИЦЕНЗИЯ БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТУУ  

 

69. Төмөнкү учурларда кредиттик союзга лицензия берүүдөн же болбосо кредиттик союзду же анын филиалын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөртүүгө макулдук берүүдөн баш тартылышы мүмкүн: 

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кредиттик союз үчүн тыюу салынган ишкердикти жүзөгө ашырса; 

2) эгерде кредиттик союзга карата ишкердиктин ушул түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салган соттун чечими болсо; 

3) кароого сунушталган уюштуруу жана башка документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбесе; 

4) өтүнүч ээси тарабынан сунушталган документтерде такталбаган маалыматтар табылса; 

5) кредиттик союздун кызмат адамдары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу талаптарга жооп бербесе; 

6) кредиттик союздун ишине алардын өз катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуусуна карата Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптарга ылайык келүүсүнө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча терс корутунду берилсе; 

7) лицензия үчүн төлөм төлөнбөсө.  

65. Лицензия берүүдөн (мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөртүүдөн макулдук берүүдөн) баш тартылган учурда лицензия (макулдук) берүү үчүн бөлүнгөн мөөнөт ичинде өтүнүч ээсине кат жүзүндө жооп жөнөтүлөт. 

 

 

11. КРЕДИТТИК СОЮЗДАРДЫ КАЙРА УЮШТУРУУ ЖАНА/ЖЕ ЖОЮУ 

 

71. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталган шартта кредиттик союз кайра уюштурулушу (биригиши, кошулушу, бөлүнүшү, бөлүнүп чыгышы) мүмкүн.  

72. Кредиттик союз Улуттук банктын макулдугу боюнча жана анын талаптарына ылайык жоопкерчилиги чектелген коом же акционердик коом формасында финансы-кредит мекемесине кайра өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.  

73. Кредиттик союз өз эрки менен жоюулушу мүмкүн. Өзүн-өзү жоюу төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат: 

- кредиттик союз өзүн-өзү жоюу чечимин кабыл алган учурдан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде лицензиянын (кошумча лицензияны кошо алганда) түп нускасын Улуттук банкка тапшырууга тийиш; 

- кредиттик союз өзүн-өзү жоюу чечимин кабыл алган учурдан тартып кредиттерди берүүнү, уюмдун капиталына жана негизги каражаттарга инвестиция жумшоону, сактык пайларды жана депозиттерди кабыл алууну токтотууга тийиш. 

74. Кредиттик союз кредторлорунун, анын ичинде финанс-кредиттик мекемелеринин алдында милдетмелерин аткарбаган шартта, кредиттик союздун өз эрки менен жоюулушу тууралуу чечимин кабыл алуусуна жол берилбейт. 

75. Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын аракети төмөнкү учурларда токтотулат: 

1) кредиттик союздун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотулган шартта; 

2) кредиттик союздун лицензиясы кайтарылып алынган учурда; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.  

76. Кредиттик союз Улуттук банктын лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечимин же өзүн-өзү жоюу чечимин алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде лицензиянын (кошумча лицензияны кошо алганда) түп нускасын Улуттук банкка тапшырып, 30 (отуз) календардык күн ичинде соттук эмес тартипте (кредиттик союздун активдери милдетмелерин жыйынды көлөмүн жапкан шартта) жоюу процессин баштоого тийиш. 

77. Кредиттик союзду жоюу милдети анын катышуучуларына же болбосо кредиттик союздун Уставы боюнча жоюуга ыйгарым укуктуу башкаруу органына жүктөлөт.  

78. Төлөөгө жөндөмсүз болгон шартта (кредиттик союздун активдери милдетмелерин жаппаган шартта) кредиттик союз Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоюлууга тийиш. Мында кооперативдерде банкроттук процессин жүргүзүү өзгөчөлүктөрү кредиттик союздарга карата колдонулбайт.  

79. Төлөөгө жөндөмсүз болгон шартта (кредиттик союздун активдери милдетмелерин жаппаган шартта), өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу лицензиясына ээ кредиттик союз Кыргыз Республикасынын банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоюлууга тийиш.  

80. Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда же лицензия кайтарылып алынган шартта кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынган чечим боюнча даттануу менен кайрылууга укуктуу.  

 

 

 

Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө Жобого карата 

1-тиркеме 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

 

«____________________________» кредиттик союзу _________________________ 

___________________________________________________________________________ 

______________________________________________ операцияларын жүзөгө ашырууга (операциялардын так жана толук аталышы көрсөтүлөт) 

лицензия (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өтүүгө макулдук-кат) берүүнү өтүнөт. 

Кошумча маалыматтар: ______________________________________________________ 

(Уюштуруучулар жөнүндө маалымат: жетекчилердин тизмеги (жетекчинин, башкы бухгалтердин, кредиттик бөлүмдүн начальнигинин аты-жөнү). Өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган компаниялар үчүн Шариат кеңешинин мүчөлөрү жөнүндө маалымат).  

 

___________________ 

  

201__-жылдын «___»___________ ________________  

(аты-жөнү

  

(кол тамгасы) 

 

 

 

Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө Жобого карата 

2-тиркеме 

 

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

 

«____________________________» кредиттик союзуна _______________________ 

___________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________ операцияларын жүзөгө (операциялардын так жана толук аталышы көрсөтүлөт) 

ашырууга лицензия берүүнү өтүнөт. 

Кошумча маалыматтар: ______________________________________________________ 

(Уюштуруучулар жөнүндө маалымат: жетекчилердин тизмеги (жетекчинин, башкы бухгалтердин, кредиттик бөлүмдүн начальнигинин аты-жөнү). Өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган компаниялар үчүн Шариат кеңешинин мүчөлөрү жөнүндө маалымат).  

 

___________________ 

  

201__-жылдын «___»___________ ________________  

(аты-жөнү

  

(кол тамгасы) 

 

 

 

 Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө Жобого карата 

3-тиркеме 

 

 

______________________________________ кредиттик союзунун 

(кредиттик союздун аталышы) 

__________________________________кызмат ордуна талапкерге карата 

(кызмат орду) 

 

АНКЕТА 

үрөт үчүн) 

1. Аты-жөнү ________________________________________________________ 

2. Туулган күнү, айы жылы жана жери_____________________________________ 

20__-жылдын “___”______ _____________ тарабынан берилген паспортунун сериясы____________ номери_______. 

Жарандыгы _____________________________________________________ 

Документ боюнча үй дареги, телефон номери ________________________ 

Учурда айкын жашаган үй дареги, телефон номери ________________________ 

Электрондук дареги ________________________________ 

3. Үй-бүлөлүк абалы ____________________________________________ 

4. Билими ___________________________________________________ (жогорку, толук эмес жогорку, орто-кесиптик, орто)  

N ______ диплом 20___-жылдын “___”________ ________ тарабынан берилген. 

 

Окуу жайдын аталышы жана жайгашкан орду 

Факультети же бөлүмү  

Окууга тапшырган жылы 

Аяктаган жылы  

Окууну аяктабаса, канча курс окуган 

Алган дипломго ылайык адистиги  

  

  

  

  

  

  

Төмөнкү багыттарда билимге ээ болушу:  

11  

Төмөнкү багыттарда билим алгандыгы тууралуу маалымат: 

- кредиттик союздардын ишин жөнгө салган мыйзамдар: 

 

- бухгалтерик эсепке алуу жана финансылык отчетторду түзүү

 

- “- ислам банк иши жана каржылоо принциптери, анын ичинде Ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун (AAOIFI) жана Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңешинин (IFSB) стандарттары” 

 

Бар/Жок 

_______ 

_______ 

_______ 

_______ 

 

_______ 

_______ 

 

 

 

 

Курстарда билим алгандыгы тууралуу: 

Семинардын же курстун темасы 

Семинардын уюштуруучусу 

Өткөрүлгөн жери  

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификатынын болушу 

  

  

  

  

  

5. Эмгек жолун баштагандан тартып аткарган иши: 

Жалпы эмгек стажы _______, анын ичинде финансылык же экономикалык чөйрөдө 

Жумушка кабыл алынган күн 

Жумуштан бошонгон күн 

Ээлеген кызматы 

Уюмдун аталышы, жайгашкан жери 

Жумуштан бошонуу себеби 

  

  

  

  

  

6. Коммерциялык банктарды кошо алганда, бардык финансы-кредит мекемелерин (ФКМ) көрсөткүлө

1) кайсы ФКМдин/Банктын катышуучусу/акционери болуп саналасыз? 

ФКМдин/Банктын толук аталышы 

ФКМ/Банк жайгашкан жер 

Таандык акциялардын саны же башкаруунун башка формасы (көрсөткүлө

Уставдык капиталдагы үлүшү 

  

  

  

  

2) контролдукту жүзөгө ашырган же олуттуу таасирге ээ ФКМ/Банк (катышуу/акциянын 5% жогору үлүшү

ФКМдин/Банктын толук аталышы 

ФКМ/Банк жайгашкан жер 

Таандык акциялардын саны же башкаруунун башка формасы (көрсөткүлө

Уставдык капиталдагы үлүшү 

  

  

  

  

3) кайсы ФКМде/Банкта Директорлор кеңешинин (Байкоо органынын) мүчөсү, Башкарманын (аткаруу органынын) мүчөсү же башка кызмат адамы же болбосо кызматкери болуп саналасыз? 

 

ФКМдин/Банктын толук аталышы 

ФКМ/Банк жайгашкан жер 

Ээлеген кызмат орду 

  

  

  

7. Кредиттик союздун кызматкерлери жана Байкоо органынын мүчөлөрү менен туугандык мамилени, кредиттик союзду контролдукка алган жактар же компаниялар менен байланышты, бардык өз ара милдеттенмелерди, келишимдерди жана башкаларды көрсөткүлө ______________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

8. Коммерциялык банктарды кошо алганда, кайсы болбосун финансы-кредит мекемелеринин катышуучулары, акционерлери, кызмат адамдары болуп саналган жакын туугандарын (ата-энеси, 16 жаштан жогору балдар, жубайы, ага/иниси, эже-сиңдиси, чоң атасы, чоң энеси) көрсөткүлө

 

Аты-жөнү 

Туугандык мамиле 

Иштеген жери 

Ээлеген кызмат орду 

Үй дареги, телефон N 

  

  

  

  

  

9. Сизге карата ишкердиктин ушул түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими барбы _______________________________________________________________ 

10. Банкрот абалында калышы кесепетинен банкрот процессинде турган же өз ишин токтоткон банктар же башка финансы-кредит мекемелери менен кандайдыр бир байланышыңыз барбы _________________________________________________(эгерде болгон болсо, ал банктын же финансы-кредит мекемесинин аталышын, ээлеген кызмат ордуңарды көрсөткүлө).  

11. Сизге карата Улуттук банк тарабынан кандайдыр бир эскертүү чаралары жана санкциялар колдонулганбы ___________________________________________________ 

Мен, ______________________________________________________ (аты-жөнү) жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана мындан ары бардык өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттенем. Мен тараптан жол берилген калпыстыктар жана ката кетирүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мага жана микрокредиттик компанияга (микрокредиттик агенттикке) карата таасир этүү чараларынын жана санкциялардын колдонулушун шарттай тургандыгын түшүнөм. 

_____________________ 20__-жылдын "___" _____________ 

(кол тамгасы)  

 

  

 

  

  

Кредиттик союздардылицензиялоо  

жөнүндө Жобого карата 

4-тиркеме 

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

 

20___-жылдын «___» ____________ 

N ______ ЛИЦЕНЗИЯ 

 

“__________________________” кредиттик союзуна (кредиттик союздун толук аталышы) берилген. 

Кредиттик союздун юридикалык дареги __________________________________ 

________________________________________ (шаардын, райондун, калктуу пункттун, көчөнүн аталышы, үй, телефон номерлери) 

Бул лицензия төмөнкү операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берет: 

1) катышуучулары сактык пайларды сатып алуу аркылуу алардан акча каражаттарын тартуу; 

2) кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында кредиттерди сунуштоо.  

Кредиттик союздун лицензиясы ажыратылгыс (жеке өзүмдүк) болуп саналат. Ушул лицензияда белгиленген укуктарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт. Бул талап бузууга жол берилген шартта, кредиттик союзга ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салынат жана анын лицензиясы кайтарылып алынат. 

Лицензияны колдонуу мөөнөтүнө чек коюлбайт. 

Лицензиянын көчүрмөсү анык эмес болуп саналат.  

  

Мөөрү 

  

Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адам 

(Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги) 

 

 

 

  

  

Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө Жобого карата 

5-тиркеме 

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

 

20___-жылдын «___» ____________ 

N ______ ЛИЦЕНЗИЯ 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган “__________________________” кредиттик союзуна (кредиттик союздун толук аталышы) берилген. 

Кредиттик союздун юридикалык дареги __________________________________ ________________________________________ (шаардын, райондун, калктуу пункттун, көчөнүн аталышы, үй, телефон номерлери) 

Бул лицензия төмөнкү операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берет: 

1) катышуучулары сактык пайларды сатып алуу аркылуу алардан акча каражаттарын тартуу; 

2) кредиттик союздун катышуучуларына каржылоону ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунуштоо.  

Кредиттик союздун лицензиясы ажыратылгыс (жеке өзүмдүк) болуп саналат.  

Ушул лицензияда белгиленген укуктарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт.  

Бул талап бузууга жол берилген шартта, кредиттик союзга ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салынат жана лицензиясы кайтарылып алынат. 

Лицензияны колдонуу мөөнөтүнө чек коюлбайт. 

Лицензиянын көчүрмөсү анык эмес болуп саналат.  

  

Мөөрү 

  

Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адам 

(Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги) 

  

 

 

 

  

  

 

Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө Жобого карата 

6-тиркеме 

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

 

20___-жылдын «___» ____________ 

N ______ ЛИЦЕНЗИЯ 

 

“__________________________” кредиттик союзуна (кредиттик союздун толук аталышы) берилген. 

Кредиттик союздун юридикалык дареги __________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

Бул лицензия төмөнкүдөй кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү (операцияларды) жүзөгө ашырууга уруксат берет: 

- кредиттик союздун катышуучуларынан улуттук жана чет өлкө валюталарында аманаттарды (депозиттерди) тартуу; 

- кредиттик союзда кардарларга эсеп ачуусуз банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу; 

- кредиттик союзда кардарларга эсеп ачуусуз банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен түзүлгөн келишимдин негизинде кредиттик союздун тапшырмасы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү

- кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында чет өлкө валютасында кредиттерди сунуштоо; 

- өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашыруу. 

Кредиттик союздун лицензиясы ажыратылгыс (жеке өзүмдүк) болуп саналат. Ушул лицензияда белгиленген укуктарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт. Бул талапты бузууга жол берүү кредиттик союзга ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салуу менен лицензиясын кайтарып алууга алып келет. 

Лицензияны колдонуу мөөнөтүнө чек коюлбайт. 

Лицензиянын көчүрмөсү анык эмес болуп саналат.  

  

Мөөрү 

  

Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адам 

 

 

 

 

  

  

 

Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө Жобого карата 

7-тиркеме 

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

 

20___-жылдын «___» ____________ 

N ______ ЛИЦЕНЗИЯ 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган “__________________________” кредиттик союзуна (кредиттик союздун толук аталышы) берилген. 

Кредиттик союздун юридикалык дареги __________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

Бул лицензия төмөнкүдөй кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү (операцияларды) жүзөгө ашырууга уруксат берет: 

- кредиттик союздун катышуучуларынан улуттук жана чет өлкө валюталарында “мудараба” жана “кард-хасан” бүтүмдөрү боюнча акча каражаттарын тартуу; 

- кредиттик союзда кардарларга эсеп ачуусуз банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу; 

- кредиттик союзда кардарларга эсеп ачуусуз банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен түзүлгөн келишимдин негизинде кредиттик союздун тапшырмасы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү

- кредиттик союздун катышуучуларына каржылоону ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чет өлкө валютасында сунуштоо; 

- өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашыруу. 

Кредиттик союздун лицензиясы ажыратылгыс (жеке өзүмдүк) болуп саналат. Ушул лицензияда белгиленген укуктарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт. Бул талапты бузууга жол берүү кредиттик союзга ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салуу менен лицензиясын кайтарып алууга алып келет. 

Лицензияны колдонуу мөөнөтүнө чек коюлбайт. 

Лицензиянын көчүрмөсү анык эмес болуп саналат.  

  

Мөөрү 

  

Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адам 

 

 

 

 

  

  

 

Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө Жобого карата 

8-тиркеме 

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

 

КАБАРЛАНДЫРУУ 

(мекеменин фирмалык бланкында) 

 

Ушул аркылуу «___________________________________________» (кредиттик союздун аталышы) __________________________________________________________ ылайык (уставга ылайык филиал ачуу чечимин кабыл алган кредиттик союздун башкаруу органынын аталышы) _______________________________________________ (калктуу пункттун аталышы, жайгашкан орду) филиал ачуу (жабуу) ниетин билдирет жана юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган бирдиктүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтүүгө макулдук-кат берүүнү өтүнөт.  

Бул филиал төмөнкү операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктарга ээ(*): 

(Улуттук банк тарабынан кредиттик союзга берилген лицензиянын алкагында филиал жөнүндө Жобого ылайык филиалга жүзөгө ашырууга ыйгарым укук чегерилген бардык операциялар жана бүтүмдөр көрсөтүлөт). 

Жетекчи жана башкы бухгалтер катары: ___________________ (аты-жөнү) дайындалган. 

Тиркеме: филиалдын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин анкеталары, ишеним кат, бардыгы болуп ________ барактан турат.  

Кредиттик союз төмөнкүлөр алдында милдеттенмелерге ээ эмес (**): 

- бул филиалда тейленген кардарлар жана кредиторлор алдында; 

- бюджет алдында. 

Активдер жана пассивдер кредиттик союздун балансына өткөрүлүп берилген. 

Кредиттик союз сунушталган маалыматтын аныктыгы үчүн толугу менен жоопкерчилик тартат.  

Кредиттик союздун аткаруу органынын жетекчисинин аты-жөнү (кол тамга)  

 

(*) Мындай маалыматтар филиал ачуу учурунда сунушталат. 

(**) Мындай маалыматтар филиал жабуу учурунда сунушталат. 

  

 

  

  

 

Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө Жобого карата 

9-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттик союздун (филиалдардын) касса жайына карата  

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАРЫ 

 

1. Кредиттик союздун касса жайы персоналдан жана кардарлардан (катышуучулардан) өзүнчө жайгашууга, ал эми кредиттик союздун кардарлары (катышуучулары) касса терезеси аркылуу гана тейленүүгө тийиш.  

2. Касса операцияларын жүзөгө ашыруу учурунда касса жайынын каалгалары ичинен бекитилүүгө тийиш.  

3. Кредиттик союздун касса жайында акчаны жана документтерди сактоо үчүн атайы металл шкаф (сейф) болушу зарыл.  

4. Кассирлердин өз акчасы, тышкы кийими жана башка буюмдары касса жайынан башка, атайы каралган бөлмөдө же шкафта сакталууга тийиш.  

5. Жумуш күнүнүн акырында кредиттик союздун кассасы ачкыч менен бекитилип, ага кредиттик союздун мөөрү басылууга тийиш. Касса жайына тиешеси жок адамдарга кирүүгө тыюу салынат.