Кайта келүү

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/8 токтому менен бекитилген «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоого толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/8 «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоонун: 

- 1-пунктундагы «микрофинансылык компаниялардын ишине карата талаптар» деген сөздөр «анын ичинде, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан (атайы терминологияны эске алуу менен),» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4-пунктунун он үчүнчү абзацындагы: 

«жана Башкарма мүчөлөрү,» деген сөздөр «Шариат Кеңешинин Төрагасы жана мүчөлөрү,» деген сөздөр менен толукталсын; 

«башкы бухгалтер,» деген сөздөр «ислам терезесинин» жетекчиси, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн начальниги,» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4-пунктунун он бешинчи абзацындагы «жана Башкарма мүчөлөрү,» деген сөздөр «Шариат Кеңешинин Төрагасы жана мүчөлөрү,» деген сөздөр менен толукталсын; 

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:  

«4-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери бөлүгүндө колдонулган терминдер жана аныктамалар «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында келтирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет.».