Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын «__»_______ 

____ токтомунун долбооруна 

карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында N 5/7 кабыл алынган

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо 

жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду 

киргизүү жөнүндө 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн 5/7 "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин

 

1. Жобонун 12 Главасы төмөнкү мазмундагы 12.12 пункту менен толукталсын

 

12.12. Жобонун 12.4 пунктчасында көрсөтүлгөн учурларда, мүлктү ажыратып алуу боюнча ар кандай бүтүмдөрдүн укуктук өтүшүнүн белгиленген тартибинде соттун чечими боюнча акцияларды өткөрүп берүүнүн негизинде, түз же кыйыр банктын басымдуу катышуучусу же 20% көп добуш берүүчү акциялардын ээси болгон учурда, же банкты контролдогон жак банктын жетекчилигине же саясатына (тике же кыйыр добуш берүү укугун ишке ашырууну кошо алганда) таасир этүүнү ишке ашырууну токтотушу керек жана отуз календардык күндүн ичинде олуттуу катышуу же контролдоо болжолдогон төмөнкү деңгээлге чейин банктын уставдык капиталына өзүнүн катышуусун кыскартышы керек.  

 

2. Жобонун 13.1 пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын

 

«Банктагы кызмат ордунун аталышына көз карандысыз, банктын саясатын аныктаган же банктын саясатын аныктоочу негизги операцияларга катышканга укуктуу же катышкан, банкта акысыз иштегенине же сыйакы алганына көз карандысысыз, каалаган банктын кызмат адамдары да Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш.” 

 

3. Жобонун 14-1.1 пунктунун 1) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

 

1) толук жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган дипломунун же базалык жогорку билимди тастыктаган дипломунун (бакалавр деьгээли), жана аны менен бирге ошондой эле "банк/финансы чөйрөсү" багытында окутуудан өткөндүгүн тастыктаган, эл аралык деңгээлде тааныган сертификатынын болушу;” 

 

4. Жобонун 15.2 пунктунун 1) пунктчасы “тиешелүү сертификаттарынын болуусу” деген сөздөрдөн кийин төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын

 

“жана жогоруда көрсөтүлгөн багыттардагы курсттарды ийгиликтүү аяктаганын тастыктаган кандидатты макулдашуу тууралуу өтүнүчтүн датасына карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты\лицензиясы бар билим берүү уюмдарынан акыркы беш жыл ичинде алынган сертификаттар же башка документтердин болуусу.” 

 

5. Жобонун 15.2 пунктунун 2) пунктчасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын

 

“Жогоруда көрсөтүлгөн багыттардагы курсттарды ийгиликтүү аяктаганын тастыктаган кандидатты макулдашуу тууралуу өтүнүчтүн датасына карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты\лицензиясы бар билим берүү уюмдарынан акыркы беш жыл ичинде алынган сертификаттар же башка документтердин болууга, ошондой эле тиешелүү сертификаттар менен тастыкталган.” 

 

6. Жобонун 19.8 пунктунун экинчи абзацындагы “Улуттук банктын расмий Интернет сайтына ай сайын жарыяланып туруучу” деген сөздөр алынып салынсын

 

7. Жобонун 19.8 пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын

 

“Ушул пункттун 1), 2), 3), 4) жана 8) пунктчаларындагы маалыматтар Улуттук банктын расмий Интернет сайтына ай сайын жарыяланып турат.” 

 

8. Жобонун 21.5 пунктунун экинчи абзацындагы “Улуттук банктын расмий Интернет сайтына ай сайын жарыяланып туруучу” деген сөздөр алынып салынсын

 

9. Жобонун 21.5 пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын

 

“Ушул пункттун 1), 2), 3), 5) жана 7) пунктчаларындагы маалыматтар Улуттук банктын расмий Интернет сайтына ай сайын жарыяланып турат.” 

 

10. Жобонун 22.1 пунктунун бешинчи абзацындагы “Улуттук банктын расмий Интернет сайтына ай сайын жарыяланып туруучу” деген сөздөр алынып салынсын

 

11. Жобонун 22.1 пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын

 

“Ушул пункттун 1), 2), жана 3) пунктчаларындагы маалыматтар Улуттук банктын расмий Интернет сайтына ай сайын жарыяланып турат.” 

 

12. Жобонун 40.4. пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын

 

“Банк лицензиясы үчүн алдын ала уруксат алууга өтүнүч каты менен бирге, МФК/МКК учурдагы филиалдарын банктын филиалдары катары кайра тариздөө боюнча өтүнүч катын ушул Жобонун 19 Главасынын 19.4 пунктунун талабына ылайык документтер менен Улуттук банкка тапшырууга укуктуу.” 

 

 

13. Жобонун 41.5. пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын

 

“МФК/МККга банктык лицензияларды алууга (берүүгө) алдын-ала уруксат менен катар, Улуттук банк, МФК/МККнын учурдагы филиалдарын банктын филиалдары катары кайра тариздөө боюнча өтүнүч катын жана ага тиркелген документтерди карагандан кийин, эгер аларга карата сын пикири жок болгон учурда, МФК/МККнын учурдагы филиалдарын банктын филиалдары катары кайра тариздөөгө, юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардан кайра каттоодо өтүү үчүн уруксат бере алат.” 

 

14. Жобонун 41.8. пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын

 

“МФК/МККга банктык лицензияларды алууга (берүүгө) алдын-ала уруксат менен катар, МФК/МККнын учурдагы филиалдарын банктын филиалдары катары кайра тариздөөгө уруксат берген учурда, Улуттук банк юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарга Улуттук банктын Башкармасынын төрагасынын банктык көзөмөл боюнча орун басары кол койгон макулдук каты жиберилет.” 

 

15. Жобонун 41.9 пунктунун 1) пунктачасында “юридикалык жактын” деген сөздөн кийин (ошону менен бирге филиалдардын) деген сөздөр менен толукталсын

 

16. Жобонун 17 тиркемесинин 13 пункту төмөнкү редакцияда берилсин

 

13. Акыркы 10 жыл аралыгындагы Сиз уюштуруучу, акционер (ээ) болгон жана\же азыркы учурдагы компанияларды көрсөтүьүз

Юридикалык жактын аталышы, орун алышы 

Юридикалык жактын ишмердүүлүгүнүн түрү  

Карамагындагы акциялардын саны 

Уставдык капиталдагы үлүш сом түрүндө 

Ушул юридикалык жактын Уставдык капиталдагы үлүш % түрүндө 

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН

 

 

 

 

 

 

 

17. Жобонун 18 тиркемесинин 2.3 пункту төмөнкү редакцияда берилсин

 

2.3. Акыркы 10 жыл аралыгындагы Сиз уюштуруучу, акционер (ээ) болгон жана\же азыркы учурдагы компанияларды көрсөтүьүз:  

Юридикалык жактын аталышы, орун алышы 

Юридикалык жактын ишмердүүлүгүнүн түрү  

Карамагындагы акциялардын саны 

Уставдык капиталдагы үлүш сом түрүндө 

Ушул юридикалык жактын Уставдык капиталдагы үлүш % түрүндө 

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН

 

 

 

 

 

 

 

18. Жобонун 18 тиркемесинин 4.2 пункту төмөнкү редакцияда берилсин

 

4.2. Мен, _______________________________________________ 

Аты жөнү 

Ушул анкетада берилген жогорудагы маалымат анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча менин билимим жана маалыматтарга ылайык, толук жана анык экендигин тастыктаймын. Мен тараптан атайын бурмалоолор жана калтырып кетүүлөр болсо, акцияларды сатып алуу боюнча өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга негиз болот жана мыйзамга ылайык жоопко тартууга алып келет деп билемин

__________________ "_____" ________________ г.” 

кол тамга дата