Кайта келүү

Долбоор 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1-берене. Бул мыйзамда аркылуу жөнгө салынган мамилелер 

 

1. Бул Мыйзамда Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү, акчалай которууларды жүзөгө ашыруунун тартиби жана формалары белгиленип, төлөм системаларынын мүнөздөмөлөрү, төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө катышуучулар ортосунда өз ара мамилелердин тартиби, төлөм системаларынын ишине көзөмөлдүк (оверсайт) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Кыргыз Банкынын) республиканын төлөм системасындагы ыйгарым укуктары аныкталган.  

2. Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субүекттери ортосунда келишилген бүтүмдөр боюнча төлөмдөрдө жана эсептешүүлөрдө, юридикалык жактар менен жеке адамдар ортосунда акча которуулар учурунда (эл аралык/чек ара аркылуу өткөрүлгөн төлөмдөр жана акчалай которуулар) келип чыккан мамилелер, ошондой эле почта байланышы бөлүмдөрү аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү, эсептешүүлөр жана акча которуулар учурунда келип чыккан мамилелер ушул Мыйзам жана бул Мыйзамга каршы келбеген башка ченемдик укуктук актылардын бөлүгү аркылуу жөнгө салынат.  

 

2-берене. Бул Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр 

 

Нак эмес эсептешүү - акча жүгүртүү формасы, мында акча каражаттарынын жылышы төлөөчүнүн эсептешүү (күндөлүк) эсебинен акча каражаттарын алып, аларды сунушталган төлөм документине ылайык алуучунун эсептешүү (күндөлүк) эсебине чегерүү аркылуу, нак акчанын катышуусусуз эле ишке ашырылат. Эсептешүү төлөмдүн ишке ашырылгандыгын түшүндүрөт

үй банкинги (home-banking) - бул, алыстан туруп «үйүндө» банктык тейлөөгө алуунун жана банктар тарабынан үйлөрдө же офистерде орнотулган терминалдарды (персоналдык компңютерлерди, стационардык телефондорду) банктын компңютердик түйүнүнө туташтыруу аркылуу, кардарларга (жеке адамдарга жана юридикалык жактарга) чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ыкмасы.  

Интернет-банкинг - кардардын интернет аркылуу өзүнүн банктык эсебин аралыктан туруп тескөөгө алышы. Интернет-банкингди пайдалануу менен төлөмдөр Интернет түйүнүнүн жалпы колдонуудагы каналдары аркылуу ишке ашырылат.  

Банктар аралык клиринг системасы - клиринг системасынын катышуучулары анын жардамы менен маалыматтарды бири-бирине берип, алмашууну, төлөмдөрдү же баалуу кагаздарды клирингдик борбор аркылуу башка катышуучуларга которуу эрежелеринин, жол-жоболордун жана ыкмалардын жыйындысы. Система катышуучулардын эки тараптуу же көп тараптуу таза позицияларын аныктоого негиздениши мүмкүн. 

Мобилдүү банкинг - кардардын мобилдүү телефонунан банкка маалыматтарды жөнөтүү аркылуу, банктык эсепти аралыктан туруп тескөөсү

Төлөм системасынын оператору - орун алган өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органынын төлөм системасынын ишин камсыз кылган ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү уруксатына (лицензиясына, күбөлүгүнө.) ээ жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн, ага ылайык оператор жана катышуучулар өз ишин төлөм системасынын алкагында жана эрежелерге ылайык жүзөгө ашырууга милдеттенген, акционердик формада түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы, резиденти же резидент эмеси.  

Төлөм - нак акча каражатын пайдалануу менен акчалай милдеттенменин аткарылышы же болбосо төлөөчүнүн нак эмес акча каражатын которуу процесси.  

Төлөм документи юридикалык жактар же жеке адамдар тарабынан тариздетилген, анын негизинде төлөм ишке ашырылган, белгиленген формадагы документ.  

Төлөм картысы - товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валюталарында нак акча алууда, акчалай которууларды жүзөгө ашырууда, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка жабдуулар (аралыкта орнотулган жабдуулар) аркылуу, электрондук акча формасында эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда колдонулган төлөм инструменти.  

Төлөм системасы - акча жүгүртүлүшүн камсыз кылган технологиялар, жол-жоболор, эрежелер, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланыштуу системасы. Ишке ашырылган төлөмдөрдүн түрүнө жараша төлөм системалары ири төлөмдөр системасына жана чекене төлөмдөр системасына бөлүнөт. 

Акча которуу системасы - төлөм системасынын түрү, мында провайдер тарабынан калайык-калктан акча каражаттарын кабыл алуу алардын адресаттарга төлөнүп бериле тургандыгы шарты менен жүзөгө ашырылат.  

Төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасы - карталарды пайдалануу менен нак эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн иштелип чыккан ченемдердин, эрежелердин, мекемелердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы. 

Электрондук акча программалык-техникалык жабдууда (алдын-ала төлөнгөн карталар, виртуалдык алдын-ала төлөнгөн карталар жана электрондук капчык булар электрондук акча инструменттери (алып жүрүүчүлөр) болуп саналат) электрондук түрдө сакталган жана уюмдардын электрондук акча эмитентинин жана акцептанттардын уюмдарынын товарлары/кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы

Электрондук төлөм документи эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыган жана электрондук-цифралык колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада түзүлгөн, төлөм документинин түрү. 

 

2-глава. Төлөмдөр жана эсептешүүлөр 

 

3-берене. Нак эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу 

 

1. Кыргыз Республикасыны аймагында нак эмес эсептешүүлөр, эгерде ченемдик укуктук актыларда башкасы белгиленбесе жана эсептешүүлөрдүн колдонулуп жаткан формасы менен шартталбаса, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринин негизинде ачылган эсептер боюнча тиешелүү операцияларды жүзөгө ашырууга лицензияга ээ банктар тарабынан ишке ашырылат.  

2. Банк, ченемдик укуктук актыларга ылайык төлөмдөрдү өткөрүү, эсептешүүлөр (банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөөлөрдү жана эсептешүүлөрдү кошо алганда), акча которуулар, электрондук акчаны жайылтуу боюнча калкка кызмат көрсөтүүнү сунуштоо жагында финансылык эмес-кредиттик мекемелер жана банктык эмес финансы-кредит мекемелери менен келишим (агенттик келишим) түзүүгө укуктуу.  

3. Финансылык эмес кредиттик мекемелер банк менен агенттик келишимдин негизинде гана Кыргыз Республикасынын аймагында үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга, ошондой эле электрондук акчаны жайылтууга укуктуу. Мында, агенттер тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик банкка жүктөлөт.  

 

4-берене. Нак эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда эсептик (күндөлүк) эсептерди пайдалануу тартиби 

 

1. Банктар, тиешелүү төлөм каражаттарын пайдалануу менен банктык эсептер боюнча акча каражаттарын кредиттик же дебеттик которууларды колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча операцияларды жүзөгө ашырат.  

2. Банктык эсептешүү (күндөлүк) эсебин ачууга өтүнүч менен кайрылган болсо банк, юридикалык жактар/жеке адамдар же жеке ишкерлер менен банктык эсептешүү (күндөлүк) эсеби келишимин жазуу жүзүндө түзөт жана мындай эсептерди ачуу үчүн банк тарабынан аныкталган шарттарда алар үчүн банктык эсептешүү (күндөлүк) эсебин ачат

3. Банк, кардардын (эсеп ээсинин) эсептешүү (күндөлүк) эсебине Кыргыз Банкынын талабына ылайык, анын кимге таандык экендигин аныктоого мүмкүндүк берген номер ыйгарат

4. Эсеп ээси (банктын кардары) өз эсебинде турган акча каражаттарын жеке өзү же ыйгарым укуктуу адамы аркылуу тескөөгө алат. 

5. Нак эмес эсептешүүлөр эсеп ээсинин же анын ыйгарым укуктуу адамынын буйруусунун негизинде, банк тарабынан ишке ашырылат. Банктык эсеп келишиминде, эсептеги акча каражаттарын электрондук байланыш каражаттары жана буйруунун ага ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилгендигин күбөлөндүргөн өздүк кол тамгалардын, коддордун, паролдордун жана башка каражаттардын аналогдорун пайдалануу менен тастыкталган башка документтер аркылуу тескөөгө алуу укугун тастыктоо каралышы мүмкүн.  

6. Кардар - төлөөчүнүн акча каражаттарын которуу боюнча төлөөчү банкка буйруу жөнөтүү ыкмасы, тартиби жана шарттары алардын ортосунда түзүлгөн келишимде чагылдырылат. Эгерде төлөөчү жөнөтүүчү банктын кардары болбосо, анда буйрууну көрсөтүү Кыргыз Банкынын талабына ылайык ишке ашырылат

7. Банк, кардардын төлөмдү жана эсептешүүнү ишке ашыруу жөнүндө төлөм документи келип түшкөн күнү аткарууга кабыл алууга жана акча каражаттарын кардардын буйруусу боюнча эсептен, банкка тиешелүү төлөм документи келип түшкөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, же болбосо ченемдик укуктук актыларда же банк менен кардардын ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, төлөм документинде көрсөтүлгөн күнү чегерүүгө милдеттүү.  

8. Банк, кардардын нак эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө буйруусун төмөнкү учурларда аткарбай коюуга укуктуу: 

1) эгерде түзүлгөн келишимде эсептешүүнү ошол формада жүргүзүү каралбаса; 

2) эгерде келишимде банк тарабынан кардарга кредит берүү каралбаса, эсеп ээсинин колунда каражаттардын жетиштүү суммасы жок болсо; 

3) эгерде кардардын төлөмдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү буйруусун аткаруу банктык мыйзам актыларын бузууга жол берүү болуп саналса же болбосо кардар эсебине соттун чечими, прокурордун санкциясына ылайык, тергөөчүнүн токтому менен арест коюлса;  

4) эгерде төлөм документинин формасы жана мазмуну Кыргыз Банкынын ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык келбесе, же төлөм документи түп нуска эмес болуп саналса. 

5) эгерде кардар операцияларды жүргүзүү жана так идентификациялоо үчүн зарыл болгон документтерди бербесе, ошондой эле эгерде ошол кардарга карата анын террористтик же экстремисттик ишке катыштыгы бардыгы тууралуу маалыматтар орун алса. 

Төлөмдү жана эсептешүүнү жүргүзүүдөн баш тартуу чечими кабыл алынгандан кийин банк Кыргыз Банкынын ченемдик укуктук актыларда же банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимде башкасы каралбаса, кардардын буйруусун алгандан кийинки банк күнүнөн кечиктирбестен ал тууралуу кардарга билдирүүгө милдеттүү. 

9. Акча каражаттарын акцепсиз тартипте алып салуу (эсеп ээсинин макулдугусуз), мындай укук эсеп ээси менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде каралган болсо же соттун чечими менен гана ишке ашырылат.  

10. Эсеп ачуусуз нак эмес эсептешүүлөр, төлөөчү кардар жөнөтүүчү банкка алуучунун көрсөтүлгөн эсебине которуу аркылуу нак акча каражаттарын салуу учурунда жүзөгө ашырылат. Мындай эсептешүүлөр ишкердикке байланыштуу болууга тийиш эмес. 

11. Банкка, анда эсеп ачпаган кардардын дарегине акча каражаты келип түшкөн учурда, кардарды идентификациялоо шартында, акча каражаты банк тарабынан нак формада берилет.  

12. Банктар, эсеп ачуусуз жүргүзүлгөн операциялар боюнча Кыргыз Банкынын талабына ылайык, ар бир төлөм жана кардар боюнча эсепке алууну жүргүзүшөт. 

 

5-берене. Акча которуулар 

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар Кыргыз Республикасынын жеке адамдары жана юридикалык жактары тарабынан улуттук же чет өлкө валюталарында Кыргыз Банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктар, ошондой эле почта бөлүмдөрү аркылуу жүзөгө ашырылат.  

2. Банктар, акча которууларын эсептешүү (күндөлүк) эсебин ачуу менен жана акча которуулардын адистештирилген системаларын (локалдык, эл аралык системалар) пайдалануу аркылуу, эсеп ачуусуз эле же болбосо банктардын тике корреспонденттик мамилелери боюнча (эл аралык/чек ара аркылуу акча которуулар) жүзөгө ашыра алат

3. Банк эсебин ачуусуз эле акча которуу, жөнөтүүчүдөн улуттук же чет өлкө валютасында нак акча каражатын кабыл алуу менен Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары жашаган алуучуга акча которуу системасы аркылуу андан ары жөнөтүү менен банк тарабынан жүзөгө ашырылат. 

4. Банк - акча которуу системасынын катышуучусу, жөнөтүүчүдөн акча каражаттарын кабыл алып, аны акча которуулар системасынын форматтарына жана эрежелерине ылайык жөнөтүүнү камсыз кылат. 

5. Банк - акча которуу системасынын катышуучусу, акча каражаттарды которуу системалары аркылуу которууну жүзөгө ашыруу учурунда, жөнөтүүчүгө жана/же алуучуга акча которуу эрежелери жөнүндө маалымдайт, ошондой эле акча которууну жүзөгө ашыруу же алуу үчүн тиешелүү документтерди берет, жөнөтүүчүнүн жана/же алуучунун ким экендигин тастыктаган маалыматтарды текшерет жана жөнөтүүчү жана/алуучу тарабынан бардык зарыл реквизиттердин туура толтурулушуна контролдук кылат

6. Банк - акча которуу системасынын катышуучусу жөнөтүүчүгө төмөнкүлөр жөнүндө маалымдоого тийиш:  

1) акча которуунун натыйжасында алуучуга төлөнүп берилүүчү акча каражаттарынын суммасы; 

1) жөнөтүүчүгө жана/же алуучуга төлөнүүгө тийиш болгон катышуучунун комиссиондук жыйымдарынын суммасы; 

1) которулуп жаткан акча каражаттарынын валюталарынын алмашуу курстары

1) которулган акча каражатын алууга мүмкүн болгон күнү жана убактысы;  

1) акча которуулар боюнча жөнөтүлгөн каражаттарды алууга боло турган жер

1) жөнөтүүчү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар. 

 

6-берене. Электрондук акча 

 

1. Эмитент, электрондук акча эмиссиясын нак же нак эмес акча каражаттарын электрондук акчага алмаштыруу аркылуу, электрондук акча инструменттери (алып жүрүүчү) формасында жүзөгө ашырат. Электрондук акча төлөнгөн учурда анын инструменттеринде электрондук акчаны сунуштаган жакка электрондук акчаны төлөө боюнча эмитенттин милдеттенмесинин суммасы чагылдырат. 

2. Электрондук акча эмиссиясын жүзөгө ашыруу укугуна ээ жана төлөөгө каралган электрондук акчаны сунуштагандарга электрондук акчаны төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылып алынгыс милдеттенмени өзүнө алган банк, Кыргыз Республикасында электрондук акча эмитентинен болуп саналат. Эмитент электрондук акчаны колдонуу менен төлөм кызмат көрсөтүүсүн сунуштоо боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн кошумча лицензияга ээ болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны жайылтышкан эмитенттер, электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдүн коопсуз жана ишенимдүү өткөрүлүшү үчүн жоопкерчилик тартышат.  

3. Электрондук акчанын ар бир инструментине (алып жүрүүчүсүнө) уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат. Уникалдуу идентификациялык номер анын ээсине инструментте (алып жүрүүчүдө) электрондук акчанын жылышы жана анын калдыгы жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн каралган. Ошондой эле уникалдуу идентификациялык номер боюнча инструментти (алып жүрүүчүнү) уурдатып же жоготуп койгон учурда, аны токтотуу ишке ашырылат. 

4. Электрондук акчаны тескөөгө алган жана акцептанттар сунуштаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда, аларды пайдаланышкан жеке адамдар же юридикалык жактар, электрондук акча ээлеринен болуп саналышат. Электрондук акча ээлери төлөөлөрдү электрондук акча аркылуу жүргүзүү менен товарларды сатып алып, кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланышат, ошондой эле тиешелүү системада электрондук акчанын жылышынын жана эсептөөнүн алгоритми болгон электрондук акча инструменттерин (алып жүрүүчүнү) кабыл алуу жана тейлөө боюнча атайын жабдууларда, электрондук акчанын ордуна нак акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.  

5. Электрондук акчаны жайылтуу, электрондук акча инструменттерин төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү менен нак жана нак эмес акча каражаттарынын ордуна берүү аркылуу (сатуу жана жайылтуу) эмитент тарабынан жүзөгө ашырылат. Эмитент Кыргыз Банкынын талаптарына ылайык түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде электрондук акчаны жайылтуу үчүн дистрибңютер катары юридикалык жактарды тартууга укуктуу.  

6. Эмитент же электрондук акча дистрибңютору электрондук акчаны жайылтуу учурунда, алардын ээлеринин жана эмитенттин укуктары жана милдеттери, жайылтылып жаткан электрондук акча инструменттеринин (алып жүрүүчүлөрдүн) мүнөздөмөлөрү, ошондой эле кардардан электрондук акча үчүн алдын ала төлөөнү алууга чейин сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер менен кардарларды тааныштырууга милдеттүү. 

7. Эмитент аларды нак акчага алмашуу же болбосо нак эмес каражаттарды сунуштоочунун банктык эсебине которуу аркылуу, электрондук акчанын ордун жабууга милдеттүү. Электрондук акчаны төлөө эмитент, ошондой эле, аны менен келишим түзгөн электрондук акча дистрибңютору тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн. 

8. Электрондук акчаны төлөө учурунда, берилүүчү акча каражаттарынын суммасы эмитентке же дистрибңюторго төлөөгө сунушталган электрондук акчанын суммасына барабар болууга тийиш. Мында, эмитент жана дистрибңютор электрондук акчаны төлөө учурунда төлөнүп жаткан суммадан, эгерде бул системанын эрежелеринде жана электрондук акча системасынын катышуучуларынын ортосундагы келишимде каралган болсо, сый акы суммасын кармап калууга укуктуу. 

9. Электрондук акчанын жылышынын эсебин жүргүзүү эмитент тарабынан, эсеп ачууга жана тейлөөгө келишимге ылайык, банкта электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча эсептешүү (күндөлүк) эсепти ачуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча эсептешүү (күндөлүк) эсеп бардык эмитирленген электрондук акча боюнча милдеттенмелердин жалпы суммасына барабар болгон акча каражаттарынын суммасын чегерүү боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн гана каралган. Ошол эсептен акча каражаттарын алууга чек коюлган жана ал электрондук акча ээлеринен кызмат көрсөтүүлөр/товарлар үчүн төлөмдөрдү кабыл алышкан уюмдардын (акцептанттардын) эсептерине гана ишке ашырылат. 

10. Эсептешүүлөрдө электрондук акчаны пайдалануу, электрондук акча ээсинин чарба жүргүзүүчү субүектке же өз товарларын/кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук акчага алмашкан жана электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсебин жүргүзүү үчүн атайын жабдууларга (программалык-техникалык каражат) ээ жакка (акцептантка) аны өткөрүп берүү менен жүзөгө ашырылат. Акцептанттын электрондук акчаны эмитентке сунуштоо тартибин кошо алганда, эмитент менен акцептанттын өз ара мамилелери системанын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат жана түзүлгөн келишимдерде белгиленет. 

11. Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр системасында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар, Кыргыз Банкынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берүүгө тийиш. 

 

3 глава. Нак эмес эсептешүүлөр формалары 

 

7-берене. Төлөм инструменттери жана документтер 

 

1. Төлөм инструменти төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн төлөм жөнүндө маалыматтарды берүүнү камсыз кылып, нак эмес эсептешүүлөр формасын аныктайт. 

2. Кагаз жүзүндө же электрондук төлөм документи түрүндө таризделинген төлөм документи төмөнкүлөрдү билдирет

1) төлөөчүнүн (кардардын же банктын) өз эсебинен акча каражаттарын алуу жана аларды алуучунун эсебине чегерүү буйруусу; 

2) төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарын эсептеп алып салуу жана аларды эсеп ээсинин (төлөөчүнүн) макулдугу менен гана же банк менен кардар ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде алуучу (өндүрүүчү) көрсөткөн эсепке чегерүүгө алуучунун (өндүрүүчүнүн) буйруусу;  

3) нак акча каражаттарды салууга буйруу (билдирүү) же акча каражаттарды берүүгө билдирме. 

3. Нак эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда нак эмес эсептешүүлөрдүн төмөнкү формаларды колдонулат: 

1) төлөм тапшырмасы; 

1) төлөм талабы; 

1) аккредитив;  

1) тике дебеттөөгө төлөм тапшырмасы (авторизацияланган); 

1) инкассалык тапшыруу;  

1) эсептешүү жана эсептешүү-кассалык чек; 

1) накталай төлөмгө билдирме; 

1) банктык төлөм карта

 

8-берене. Кагаз жүзүндөгү төлөм документтерин тариздөө тартиби 

 

1. Кагаз жүзүндөгү төлөм документи, ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык келген формадагы бланктарда тариздетилет жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

1) эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Банкынын талаптарына ылайык маалыматар жана реквизиттер; 

2) кол тамга үлгүсүнө жана мөөрдүн оттискине ылайык, эсеп ээсинин ыйгарым укуктуу адамдарынын кол тамгасы жана алардын мөөрүнүн оттиски

2. Банк төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда, эгерде алардын көрсөтүлүшү Кыргыз Банкынын ченемдик укуктук актыларында жана кардар менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде түздөн-түз көрсөтүлгөн шартта гана, ушул беренинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн башка маалыматтардын төлөм документтеринде чагылдырылышын талап кылууга укуктуу.  

3. Банк тарабынан кабыл алынган бирок, тигил же бул себептерден улам аткарылбай калган, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн төлөм документтерин кайтарып берүүдө, анын биринчи нускасынын арткы бетине кайтарып берүү себептери, ошол күн көрсөтүлүп, банктын штампы, ошондой эле банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин кол тамгасы коюлат. 

 

9-берене. Электрондук төлөм документтерин тариздөө тартиби 

 

1. Кыргыз Банкы тарабынан белгиленген форматтарга ылайык түзүлгөн, электрондук төлөм документинин жардамы менен өткөрүлгөн төлөм электрондук төлөм болүп эсептелет

2. Электрондук төлөм документи жөнөтүүчү тарабынан электрондук төлөм документинин мыйзамдуу тариздетилгендигин тастыктаган, аны өткөрүү жана иштеп чыгуу процессинде электрондук төлөм документинин өзгөртүлбөгөндүгүнө кепилдик берген маалыматтык коопсуздук каражаттарын (электрондук цифралык кол тамга, коргоонун эквиваленттүү башка каражаттары) пайдалануу менен түзүлгөн шартта гана, иштеп чыгууга кабыл алынат.  

3. Кыргыз Республикасынын төлөм системасында электрондук төлөм документин тариздөөдө электрондук цифралык кол тамганы пайдалануу тартиби, ченемдик укуктук актылар жана төлөм системасынын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдер менен жөнгө салынат.  

4. Электрондук төлөмдөр, жөнөтүүчү менен алуучунун ортосундагы келишимдин же макулдашуунун негизинде, байланыш каналдары боюнча электрондук төлөм документтерин берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Мында, телефон байланышы, телеграфтык же телекстик каналдар, байланыштын радио жана спутник каналдары, ошондой эле мекеменин өткөрмө жана кабелдик байланыш каналдары канал катары колдонулушу мүмкүн. 

5. Электрондук төлөмдөр, кардар менен банктын ортосунда, банктар ортосунда, ошондой эле ченемдик укуктук актыларга ылайык, электрондук төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган башка адистештирилген мекемелер аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Электрондук төлөм системасынын катышуучусу болуп саналган жеке адам же юридикалык жак, жөнөтүүчү жана/же алуучу боло алат. 

6 Эгерде ченемдик укуктук актыларда башкасы каралбаса, төлөм документин электрондук ыкмада сунуштоо, электрондук төлөм документтеринин форматтарын пайдалануу жөнүндө макулдашуунун (келишимдин), төлөм документтерин алмашуунун электрондук системасынын жана программдык-криптографиялык коргоо системасын жана кардар менен анын банкынын ортосундагы же банктардын ортосундагы менен төлөм системасынын операторлорунун ортосундагы электрондук цифралык кол тамганы же коргоонун башка эквиваленттик каражаттарын пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. 

7. Электрондук төлөм документин пайдалануу жана берүү шарттары, кат жүзүндө түзүлгөн макулдашууларда же келишимдерде белгиленет, аларда төмөнкү негизги элементтер камтылууга тийиш: 

1) эсептешүүлөрдө колдонулуучу эсептешүү документтеринин түрү;  

1) электрондук төлөмдөрдү коргоо боюнча милдеттерди кошо алганда (коопсуздук системасы), тараптардын укуктары жана милдеттери;  

1) тараптардын жоопкерчиликтери;  

1) электрондук төлөмдөрдү жөнөтүү жана алуу тартиби, жол-жоболору;  

1) электрондук төлөм документтеринин аныктыгын белгилөө жол-жоболору;  

1) сунушталган документтердин аныктыгын тастыктоону талап кылуусуз эле, которууга мүмкүн болгон акча суммаларынын чектүү өлчөмү;  

1) маалымат системасына санкцияланбаган кирүү ыктымалдыгынын тобокелдигин азайтуу боюнча жол-жоболор; 

1) операциялардын жүргүзүлүшү үчүн төлөм өлчөмү;  

1) электрондук төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда орун алган тобокелдиктер боюнча жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү;  

1) талаш-тартыш маселелерди чечүү жол-жоболору.  

8. Электрондук төлөм документтерин өткөрүү үчүн криптографиялык коргоо системасы, ошондой эле электрондук төлөм документтердин коопсуздугун камсыз кылууга карата ченемдик укуктук актыларда белгиленген минималдуу талаптар сакталууга тийиш болгон коопсуздуктун башка чаралары колдонулууга тийиш. Электрондук төлөмдөрдүн катышуучулары белгиленген минималдуу талаптардан тышкары, электрондук төлөмдөрдү коргоого байланыштуу кошумча каражаттарды же ыкмаларды белгилей алышат

 

10-берене. Электрондук төлөм документинин укуктук статусу 

 

Электрондук цифралык кол тамга же ошондой эле коргоонун эквиваленттик башка каражаттары менен күбөлөндүрүлгөн, формат боюнча белгиленген талаптарга жана аныктыгын тастыктаган жол-жоболорго ылайык өткөрүлгөн электрондук төлөм документи, коюлган талаптарга ылайык тастыкталган кагаз жүзүндөгү төлөм документтеринин юридикалык статусуна барабар болгон статуска ээ жана алар соттук жана башка талаш маселелерди кароо учурунда далил катары колдонулуга тийиш

 

11-берене. Төлөм тапшырмасы 

 

1. Төлөм тапшырмасы жеке жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн улуттук валютада жүргүзүүдө пайдаланылат. Кардар нак эмес төлөмдөрдү төлөм тапшырмасын пайдалануу менен ишке ашырууда, өз эсебинен ушул же башка банкта ачылган алуучунун эсебине белгилүү бир суммадагы акча каражаттарын чегергендиги (которгондугу) жөнүндө буйруусун тейлөөчү банкка берет. 

2. Төлөм тапшырмасы документте көрсөтүлгөн күнгө же болбосо банктык эсеп келишиминде каралган мөөнөттө, банк тарабынан аткарылат. 

 

12-берене. Тике дебеттөөгө карата тапшырма 

 

1. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө аркылуу накталай эмес эсептешүүлөр банктын кардарлары тарабынан үзгүлтүксүз төлөмдөрдү (коммуналдык ишканалардын эсептери боюнча төлөмдөр) жана/же катталган суммадагы төлөмдөрдү (камсыздандыруу төлөмдөрү, ипотека) өткөрүү үчүн колдонулат. Кардардын жана анын банкынын тике дебеттөө аркылуу эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы укуктары жана милдеттери, төлөөчү менен анын банкынын ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн учурдан тартып келип чыгат. 

2. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө аркылуу төлөм, кардар менен банктын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат, ага ылайык кардар, берилген товарлар, аткарылган иштер же сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн, жогоруда аталган келишимге тиешелүү документтерди кошо тиркөө менен кардардын төлөөгө каралган банк эсебинен алуучунун буйруусунун негизинде өзүнүн эсебинен акча каражаттарын алууга алдын-ала макулдугун берет. 

3. Төлөөчү алуучуга (калкка үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган соода жүргүзүү жана кызмат көрсөтүү ишканалары) кат жүзүндө анын банкы аркылуу төлөөчү банктагы төлөөчүнүн эсептешүү эсебинен тике дебеттөө жөнүндө тапшырмасын демилгелөөсүнө буйруусун/макулдугун берет.  

4. Кардар кайра авторизацияланган тике дебеттөө жана башка операциялар боюнча сунушталган тапшырмаларга тиешелүү төлөмдөрдү төлөөнү камсыз кылуу үчүн банктагы өз эсебиндеги акча каражаттарынын жетиштүү калдыгын колдоп турууга тийиш.  

5. Төлөөчүнүн банкы сунушталган сумманы төлөп берүүнү камсыз кылуу үчүн төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү акча каражаттары жок учурунда, тике дебеттөө тапшырмасын кайта жөнөтүп, кардардын кайра авторизациялоосун жокко чыгарууга же кардар менен түзүлгөн келишимде каралган башка себептер боюнча тапшырмаларды аткарбай коюуга укуктуу.  

 

13-берене. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөр 

 

1. Банктык төлөм картасы, карта ээлери менен эмитенттин ортосундагы келишимге ылайык, эмитент банкта ачылган банк эсебиндеги акча каражаттардын карта ээлери тарабынан тескөөгө алынышы үчүн банк эсебин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган каражат болуп саналат.  

2. Төлөм картасын пайдалануу менен банк эсебинен нак акча каражаттарын алуу, системалардын эрежелерине жана карта ээси менен эмитент банктын ортосундагы келишимге ылайык, карта ээлери тарабынан банктын кассасы жана аралыкта орнотулган жабдууларда ишке ашырылат. 

3. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөр жана эсептешүүлөр карта ээси тарабынан төмөнкү чекте жүргүзүлөт:  

1) банк эсебиндеги өздүк акча каражаттарынын калдыгы же банк менен кардар ортосунда макулдашылган каражаттардын белгиленген лимити (дебеттик карта же төлөө мөөнөтү жылдырылган дебеттик карталар);  

1) банк эсебинде акча каражатынын жетишсиздиги же жоктугу шартында (овердрафты менен дебеттик карта), банктык эсеп келишимине ылайык, эмитент сунуштаган кредит; 

1) кредиттик линиялар (кредиттик карталар).  

4. Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөр улуттук валютада жана улуттук, локалдык жана эл аралык төлөм системалары аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.  

5. Төлөм карталарын чыгаруу (эмиссия) боюнча ишти жана/же соода-сервистик ишканалар менен келишимдердин негизинде, банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча аралыкта орнотулган жабдуулар түйүндөрүнө (банкоматтар, терминалдар жана башкалар) ээлик кылуу жана аларды тейлөө ишин (эквайринг) Кыргыз Банкынан банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алышкан банктар гана жүзөгө ашыра алышат. 

6. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга карталарды берүү эмитенттин ички эрежелерине ылайык эсеп ээлери менен келишим же тейлөөнүн стандарттык шарттарына жараша башка банктык документ түзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Төлөм карталарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн операцияларды чагылдыруу, карта ээсинин банктык эсеби боюнча жүзөгө ашырылат. 

7. Банктык төлөм карталар менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары, система эрежелерине жана катышуучулардын ортосундагы келишимдерге ылайык, банктык төлөм карталарды пайдалануу менен төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөргө кепилдик беришет

 

14-берене. Башка электрондук каражаттар аркылуу төлөм документтерин берүү 

 

1. өз эсеби боюнча операцияларды жүргүзүүгө кардардын буйруу берүүсү Интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдик банкинг аркылуу, банк менен кардар ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, реалдуу убакыт режиминде жүзөгө ашырылат. Келишимде кардар тарабынан банк эсеби боюнча төмөнкү операцияларды жүргүзүү шарттары аныкталышы мүмкүн: 

1) эсептеги калдыктар/ага түшүүлөр жөнүндө маалыматтарды талап кылуу жана алуу; 

1) эсеп боюнча акыркы транзакциялардын көчүрмөсү

1) эсептен эсепке төлөмдөр (бир банктагы эсептер боюнча жана ар кайсы банктардагы эсептер боюнча); 

1) нак акча каражаттарын топтоо жана берүү боюнча банктын агенттик түйүнү аркылуу (соода, кызмат көрсөтүү ишканалары, банктык эмес уюмдар) эсепке нак төлөмдөр; 

1) персоналдык идентификациялык коддордун өзгөрүшү; 

6) акча которуулар; 

7) ченемдик укуктук актыларга жана системанын иш эрежелерине каршы келбеген операциялардын башка түрлөрү. 

1. Интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдик банкинг жана башка электрондук каражаттар аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча банк менен кардардын ортосундагы келишимге карата талаптарда, төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) кардардын банк системасында милдеттүү катталышы жана өз ара байланыштуу реквизиттер боюнча (банктын мобилдик банкинг системасындагы «кардар - кардардын эсеби - кардардын телефон номери») кардардын идентификацияланышы; 

1) мобилдик телефон билдирүүлөрүн алмашуу аркылуу, банк менен кардардын өз ара аракеттенүүсү учурунда, кардардын эсебинин номери билдирүүлөр форматында берилишине жол бербөө; 

1) кардарга персоналдык идентификациялык кодду ыйгаруу аркылуу көп деңгээлдүү коргоого алууну кошо алганда, финансылык маалыматтарды берүүнүн, ар түрдүү маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча коддорду макулдашуунун жана операциялардын түрлөрү боюнча ар бир иш баскычына карата тастыктоолор коддорунун коопсуздугун жана купуялуулугун камсыз кылуу; 

1) башка шарттар.  

3. Интернет-банкингин, үй банкингин, мобилдик банкингди жана башка электрондук каражаттарды пайдалануу банктарда ачылган эсептерди тескөө үчүн колдонулат. Мобилдик банкинг боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо, мобилдик байланыш оператору тарабынан банк менен байланыш операторунун ортосунда түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.  

4. Интернет банкингин, үй банкингин, мобилдик банкингди жана башка электрондук каражаттарды пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүнүн коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу жана алдамчылыкка баруу тобокелдигин азайтуу маселелери төлөм системаларынын ишине көзөмөлдүк (оверсайт) жана контролдоо чөйрөсүнө кирет. 

 

4-глава. Акыркы эсептешүүлөр жана тараптардын жоопкерчиликтери 

 

15-берене. Акыркы төлөмдөр жана эсептешүүлөр 

 

1. Алуучу же алуучу ыйгарым укук берген адам тарабынан акча каражаттары алынган учурдан тартып, нак акчаларды пайдалануу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр акыркы болуп саналат. 

2. Төлөөчү кардар үчүн нак эмес формада эсептешүү, качан гана төлөөчүнүн банкы төлөм документин аткарууга кабыл алгандыгы жөнүндө тастыктаманы алган учурдан тартып, кайтарылып алынгыс болуп эсептелинет жана каражаттар төлөөчүнүн эсебинен алынып салынган учурдан тартып акыркы болуп калат.  

3. Нак эмес формада эсептешүү, алуучу банк тарабынан каражаттар алучунун эсебине чегерилген же банктын башка (ички) эсебинен акча каражаттары ошол банкта эсеп ачпаган алуучу кардарга берилген учурдан тартып, алуучу үчүн жыйынтыктоочу болуп калат.  

4. Акча которуу системалары боюнча каражаттарды которуу төмөнкү учурларда акыркы болуп саналат: 

1) жөнөтүүчү үчүн акча которууну жүзөгө ашырууга буйруу аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө тастыктоо алынган учурда; 

1) алуучу үчүн алар нак акчаларды алган учурда же алуучунун банктык эсебине акча каражаттары чегерилген учурда. 

5. Банктык төлөм картасын пайдалануу менен төлөм: 

1) карта ээси үчүн: аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу же банкта операциялардын (транзакциялардын) жүргүзүлгөндүгү жөнүндө тастыктаманы алган учурда - кайтарылып алынгыс, ал эми карта ээсинин эмитент банктагы эсебинен каражаттар алынган учурда - акыркы болуп эсептелет

1) банк - эмитент үчүн: Кыргыз Банкында ачылган эмитенттин корреспонденттик (күндөлүк) эсебинен банк эквайерге берүү үчүн акча каражаттарын алуу учурунда - кайтарылгыс, ал эми Кыргыз Банкындагы банк-эквайердин корреспонденттик (күндөлүк) эсебине каражаттар чегерилген учурда - акыркы болуп эсептелет

1) банк-эквайер үчүн: алуучунун эсебине каражаттар чегерилген учурдан тартып, акыркы болуп саналат

1) алуучу үчүн: каражаттардын алуучу банк тарабынан алуучунун эсебине чегерилишинен тартып, акыркы болуп эсептелинет.  

6. Улуттук валютадагы бардык банктар аралык төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөр төлөм системасынын катышуучуларынын Кыргыз Банкында ачылган корреспонденттик (күнүмдүк) эсеби аркылуу гана жүзөгө ашырылат. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылып алынгыс болуп саналат. 

 

7. Акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин төлөмдөр жаңылыштык менен же алдамчылыка баруу менен ишке ашырылган төлөм катары таанылган учурда, системанын эрежелери жаңылыштык менен чегерилген төлөмдөрдү териштирүү жана акча каражаттарын кайтарып берүү боюнча өзүнчө жол-жоболорду карайт. Мындай операциялар боюнча талаш-тартыштарды чечүү шарттары кардар менен банк ортосундагы келишимде, ошондой эле тиешелүү системанын иш регламентинде жана тартибинде аныкталат

 

16-берене. Төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө катышуучулар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү 

 

1. Кардар, төлөм инструменттерин пайдалануу боюнча эрежелердин жана төлөм документтерин ченемдик укуктук актыларга ылайык тариздөө тартибинин сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү. 

2. Банк төлөмдөрдү ички банктык төлөм системалары боюнча өткөрүүдө жана трансчек аралык төлөмдөр боюнча, жөнөтүүчү жана алуучу кардарлардын ошол банкта ачылган эсептери боюнча акча каражаттарынын өз убагында алынышы жана чегерилиши үчүн жоопкерчилик тартат. Мөөнөттөр, тартип жана жоопкерчилиги ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле банк менен кардар ортосундагы келишимде аныкталат. 

3. Банк банктар аралык төлөм системасы аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү учурунда, төлөмдөрдүн аткарууга кабыл алгандыгы жөнүндө тастыктоону кардарга берүү учурунан тартып, алуучу банктын Кыргыз Банкындагы корреспонденттик (күндөлүк) эсебине каражаттарды алуучу кардардын пайдасына чегерүү учуруна чейин жоопкерчиликтүү болот. 

4. Банктар аралык төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү аткарууга кабыл алгандыгы жөнүндө тастыктоону жөнөтүүчү банкка берген учурдан тартып, төлөм системасынын катышуучуларынын Кыргыз Банкында ачылган корреспонденттик эсептери боюнча жыйынтыктап эсептешүүлөр жүзөгө ашырылган учурга чейин жоопкерчиликтүү болот. 

5. Алуучу банк анын Кыргыз Банкындагы корреспонденттик (күндөлүк) эсебине каражаттар чегерилген учурдан тартып, алуучу кардардын эсебине алынган акча каражаттар чегерилген учурга чейин, төлөмдүн өткөрүлүшү үчүн жоопкерчиликтүү болот. 

6. Байланыш оператору тарабынан мобилдик банкинг боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сунушталышына жоопкерчилик банкка жүктөлөт. 

7. Төлөмдөрдү жүзгө ашыруу тартиби, төлөмдөрдү өткөрүүдөгү катышуучулардын жоопкерчиликтери, ошондой эле үй банкингин, Интернет-банкингди жана мобилдик банкингди колдонуу менен алардын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелери банк, кардар жана мобилдик байланыш оператору ортосунда түзүлгөн келшимдерде аныкталат. 

8. Төлөм системасынын ушул Мыйзамда аныкталбаган башка түрлөрү аркылуу төлөмдөрдү өткөрүүдөгү катышуучулардын жоопкерчилиги иш эрежелерине жана ченемдик укуктук актыларга ылайык, катышуучулар ортосунда түзүлгөн макулдашуулардын жана келишимдердин шарттарына ылайык белгиленет.  

9. Эгерде төлөм бүткөрүлбөгөн болуп саналса, анда, мурдагы катышуучудан төлөмдөрдү өткөрүү боюнча алган көрсөтмөнү аткарбаган же талаптагыдай аткара албаган катышуучу катышуучулар ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жоопкерчилик тартат. Эгерде төлөм, алуучунун күнөөсү боюнча бүткөрүлбөй калса, анда жөнөтүүчү алуучунун алдында жооп бербейт. 

10. Банктар акыркы эсептешүүлөрдүн өз учурунда жана кепилдиги менен жүзөгө ашырылышы үчүн Кыргыз Банкындагы корреспонденттик (күндөлүк) эсепте ликвиддүүлүктүн зарыл деңгээлде колдоого алынып турууга жоопкерчилик тартышат. Төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн өз убагында өткөрүлүшү боюнча банктардын жана кардарлардын жоопкерчиликтери ченемдик укуктук актыларда жана алардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде аныкталат. 

11. Электрондук төлөмдөрдү пайдалануу учурунда электрондук төлөмдөрдүн катышуучулары түзүлгөн келишимдердин шарттарына жана ченемдик укуктук актыларга ылайык

1) банктык сырдын сакталышын камсыз кылат; 

2) сот, тергөө жана фискалдык органдардын талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды берет; 

3) белгиленген коопсуздук жана купуялуулук чараларын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат. 

 

5-глава. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы 

 

17-берене. Төлөм системасынын түрлөрү жана категориялары 

 

1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы (улуттук төлөм системасы) Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруу боюнча иштеген төлөм системаларынын топтомун түшүндүрөт, анын операторлору болуп Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери саналат.  

2. Банктар аралык төлөм системалары банктар ортосунда жана банктардын эсептери ар кайсы банктарда ачылган кардарларынын ортосундагы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн каралган. 

3. Банктык ички төлөм системалары, эсептери бир эле банкта ачылган кардарлар ортосунда эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган. Банктын ички төлөм системалары боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу кардар менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.  

4. Финансы рыногунун катышуучуларынын акчалай милдеттенмелери боюнча төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү (улуттук акча, валюта рыноктору, капитал жана баалуу кагаздар рыноктору), ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонуу менен байланышкан которууларды жүзөгө ашырган төлөм системасы, ири төлөм системасынан болуп саналат. Система өз катышуучуларынын ири суммадагы аз сандагы төлөмдөрү үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. 

5. Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын улуттук финансы рынокторуна катышуусуна байланыштуу болбогон акчалай милдеттенмелери боюнча төлөмдөр өткөрүлгөн төлөм системасы, чекене төлөмдөр системасы болуп саналат. Чекене төлөмдөр системасы, системанын катышуучуларынын көп тараптуу же эки тараптуу позицияларын (клирингин) эсептөөнүн негизинде акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү менен аз суммадагы көп сандаган төлөмдөрдү (чекене төлөмдөрдү) өткөрүү үчүн каралган. 

6. Корреспонденттик мамилелер системасы, эл аралык (чек ара аркылуу өтүүчү) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун жана ар кайсы өлкөлөрдүн финансы-кредит мекемелеринин ортосунда корреспонденттик эсептерди жүргүзүү жөнүндө макулдашуулардын (агенттик келишимдердин) негизинде, пайдалануучуларга башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ыкмаларын түшүндүрөт. Эл аралык (трансчек аралык) акча которуулар банк тажрыйбасында колдонулган акча каражаттарын которуунун адистештирилген системасы аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.  

7. Системада өткөрүлүүчү төлөмдөрдүн көлөмүнө жана финансылык туруктуулукка таасир этүү деңгээлине жараша, төлөм системалары системалуу мааниге ээ төлөм системаларына, маанилүү төлөм системаларына жана башка төлөм системаларына бөлүнөт. Системалардын категориялары Кыргыз Банкы тарабынан аныкталат. 

8. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген төлөм системалары жана улуттук төлөм системаларынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуучу системалар, улуттук төлөм системасынын бөлүгү катары көзөмөлдүк (оверсайт) жана контролдоо обүекттеринен болуп саналышат. Улуттук төлөм системасынын ишине көзөмөлдүк (оверсайт) кылуучу орган болуп Кыргыз Банкы саналат. 

 

18-берене. Ири төлөмдөр системасы 

 

1. Ири төлөмдөр системасы, ири жана мөөнөттүү төлөмдөрдү өткөрүү, ошондой эле банктар аралык финансы рынокторунда (улуттук акча, валюта рыноктору, капитал жана баалуу кагаздар рыноктору) бүтүмдөр боюнча тез жана акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу, акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонуу менен системанын катышуучуларынын Кыргыз Банкында ачылган корреспонденттик эсептери боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн каралган. 

2. Ири төлөмдөр системасы системанын катышуучуларынын Кыргыз Банкында ачылган корреспонденттик (күндөлүк) эсептери боюнча акча каражаттарын алуу жана чегерүү аркылуу, ар бир жеке төлөм боюнча токтоосуз жана акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылат

3. Төлөмдөрдү жөнөтүү жана аны акыркы эсептөөнүн ортосундагы убакыт аралыгын кыскартуу максатында система, өз катышуучулары үчүн эсептешүүлөрдө ликвиддүүлүктү натыйжалуу тескөө механизмдерин карайт

4. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдү өткөрүүгө байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди азайтуу үчүн система тобокелдиктерди тескөөнүн төмөнкүдөй механизмдерин карайт

1) төлөм системасынын катышуучусунун Кыргыз Банкында ачылган корреспонденттик эсебиндеги каражаттарынын кредиттик калдыктарынын чегинде гана төлөмдөрдү өткөрүү; 

1) төлөмдөрдүн аткарылышынын кезектүүлүгү жана системанын катышуучулары тарабынан төлөмдөрдүн кезектүүлүгүнүн тескөөгө алынышы; 

1) ликвиддүүлүктү тескөө;  

1) тобокелдиктерди тескөөнүн башка механизмдери. 

Ири төлөмдөр системасында финансылык тобокелдиктерди тескөө тартиби, эрежелери жана жол-жоболору Кыргыз Банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. 

 

19-берене. Клиринг негизинде чекене төлөмдөр системасы 

 

1. Банктар аралык клиринг системасы чекене төлөм системасынын бир түрү болуп саналат жана банктардын, алардын кардарларынын акыркы эсептөөлөрдүн токтоосуз жүргүзүлүшүн талап кылбаган чекене жана үзгүлтүксүз төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу үчүн каралган. Системада төлөмдөр жана эсептешүүлөр системанын катышуучуларынын милдеттенмелерин өз ара чегерүүнүн негизинде (көп тараптуу жана эки тараптуу таза позицияларды эсептөө) ишке ашырылат. Система чекене төлөмдөрдүн санынын көбөйүүсү учурунда, эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн ликвиддүүлүктүн зарыл болгон деңгээлин төмөндөтүүнү катышуучуларга камсыз кылат. 

2. Катышуучулардын төлөмдөрдү клиринг системасы аркылуу өткөрүү эрежелери жана жол-жоболору Кыргыз Банкынын ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле эки тараптуу жана ар тараптуу макулдашууларда жана келишимдерде белгиленет. 

3. Банктар аралык клиринг системасында чекене төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтуу үчүн система, төмөнкүлөрдү аткарууну кошо алганда, тобокелдиктерди тескөө механизмдерин караштырат:  

1) клиринг системасынын катышуучулары өз операциялары боюнча мүмкүн болуучу милдеттенмелердин ичинен, эң ирисинин ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон ликвиддүү резервдерди өздөрү үчүн түзүүгө тийиш; 

1) клиринг системасында кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүлүк тобокелдигин чектөөнүн ачык-айкын түзүлгөн жол-жоболору, ошондой эле бул тобокелдиктерди тескөө ыкмалары иштелип чыгууга тийиш; 

1) Кыргыз Банкы клиринг системасынын катышуучуларына алардын ликвиддүүлүк деңгээлин колдоого алуу үчүн кредиттик ресурстарды сунушташы мүмкүн, бирок алардын берилиши боюнча кепил болуп саналбайт. Катышуучулар мүмкүн болуучу финансылык тобокелдиктерге өз алдынча баа берип, клиринг системасында тобокелдиктүү операциялардын жүргүзүлүшүнө жол бербөөгө тийиш

4) Кыргыз Банкы банктар аралык клиринг системасы аркылуу өткөрүлгөн чекене төлөмдөрдүн максималдуу суммасынын өлчөмүн белгилеши мүмкүн. 

 

20-берене. Банктык төлөм карталары менен эсептешүүлөр боюнча чекене төлөмдөр системасы 

 

1. Төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасы банктар аралык система болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык жана көпчүлүк банктарын бириктирген бирдиктүү төлөм мейкиндиги (бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору) аркылуу, төлөм карттарын колдонуу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. Төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын катышуучуларынын акыркы эсептешүүлөрү, системанын катышуучуларынын Кыргыз Банкында ачылган корреспонденттик эсептери боюнча, ошондой эле системанын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат. Улуттук системанын карталары Кыргыз Республикасынын аймагындагы локалдык же эл аралык төлөм системасынын инфраструктурасында же республиканын кайсы болбосун коммерциялык банкында тейленүүгө кабыл алынууга тийиш. 

2. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн локалдык төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитенттер тарабынан чыгарылган локалдык карталарды колдонуу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган.  

3. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы, эл аралык төлөм системаларынын эрежелерине жана анын операторлорунун (Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин) талаптарына ылайык ченемдик укуктук актыларынын чегинде эмитирленген жана тейлөөгө алынган эл аралык карталарды пайдалануу менен эсептешүүлөр үчүн каралган. Система тарабынан анын катышуучуларынын ортосунда карталарды пайдалануу менен улуттук жана чет өлкө валюталарындагы төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун айрым бир эрежелери белгиленет.  

4. Кыргыз Республикасынын банктары Кыргыз Республикасынын аймагында гана ар кандай төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен улуттук валютада ишке ашырылган мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча Кыргыз Республикасынын башка банктары менен процессингди жана акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга милдеттүү. 

5. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм карталарын (улуттук, локалдык, эл аралык) пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын иши Кыргыз Банкынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн кайсыл болбосун системасын тандоодо жана ага кошулууда банк ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

6. Карталарды пайдалануу менен ички банктык системалар боюнча эсептешүүлөр системанын иштөө эрежелерине жана Кыргыз Банкынын талаптарына ылайык иштелип чыккан, банктын ички ченемдик документтери аркылуу жөнгө салынат. 

7. Тобокелдиктерди чектөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында система тобокелдиктерди тескөөнүн төмөнкүдөй механизмдерин караштырууга тийиш: 

1) эсептешүүлөрдө карталарды пайдалануу боюнча жол-жоболордун жана эрежелердин, системанын катышуучуларынын жоопкерчиликтерин, укуктарын жана милдеттерин бөлүштүрүү боюнча келишимдердин типтүү шарттарынын болушу жана алардын жеткиликтүүлүгү; 

2) алдамчылыкка баруу тобокелдигин жана системадан санкциясыз пайдаланууну азайтуу үчүн карталар менен эсептешүүлөр системасынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эрежелер жана жол-жоболор. 

 

21-берене. Акча которуулар системасы 

 

1. Акча которуу системасы боюнча которуулар өлкө ичинде сыяктуу эле, мамлекеттик чек ара аркылуу да жүзөгө ашырылат. Система, акча которууларды жөнөтүүчүлөрдү жана алуучуларды идентификациялоо менен ар бир которуу боюнча эсепке алуунун жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

2. Акча которуу системасын пайдалануу менен акча каражаттарын которуу (акчалай которуулар) банктар тарабынан системанын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Акча которуу жана акча которуу системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын которуулар Кыргыз Республикасынын ичинде (локалдык) ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек аралары (эл аралык, трансчек аралык) аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

3. Банк акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүзөгө ашыруу жагында калкка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча банктык эмес финансы-кредит мекемелери жана финансылык эмес кредиттик мекемелер менен келишим (агенттик келишим) түзө алат. Мында акча которуулар боюнча милдеттенмелердин аткарылышы боюнча жоопкерчилик банкка жүктөлөт. 

 

22-берене. Электрондук акча менен эсептешүүлөр системасы 

 

1. Электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүнүн ушул Мыйзамда аныкталбаган тартиби системанын иш эрежелерине, бул эсептешүүлөр формасынын катышуучуларынын ортосунда келишим шарттарына ылайык белгиленет. 

2. Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы электрондук акча жүгүртүлүшүн камсыз кылган банктык жана башка институттардын топтомун, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысын түшүндүрөт. Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы, төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) электрондук акча менен операцияларды жүргүзүүнүн коопсуздугун; 

2) системанын катышуучуларынын өз ара мамилесин жөнгө салган эрежелер жана жол-жоболор түрүндөгү, ченемдик укуктук базанын бар болушун; 

3) системанын катышуучуларынын электрондук акчаны пайдалануусунун натыйжалуулугу (баасынын алгылыктуулугу жана пайдалануудагы ыңгайлуугу); 

4) системада тобокелдиктерди минимизациялоо. 

 

23-берене. Төлөм системасынын катышуучулары 

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында калайык-калкка төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит мекемелери төлөм системасынын катышуучулары болуп саналышат. Катышуучу системанын эрежелеринде белгиленген, төлөм системасына катышуу критерийлерине жооп берүүгө тийиш. Катышуучу, төлөм системасында оператор тарабынан ыйгарылган уникалдуу идентификациялык кодунун негизинде идентификацияланат. 

2. Катышуучу системага катышуу жана иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ички ченемдик документтерди иштеп чыгат.  

 

24-берене. Операторлор 

 

1. Орун алган өлкөнүн финансы көзөмөлдүгү боюнча ыйгарым укуктуу органынын уруксат берген тиешелүү документтерине ээ жана акча которуулар системасынын ишин камсыз кылган Кыргыз Республикасындагы юридикалык жак, резидент же резидент эместер, акча которуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр провайдери, акча которуу системасынын оператору болуп саналышат. Оператор акча которуулар системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана алардын пункттарынын ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн катышуучулар менен акча которуу системасына катышуу жөнүндө келишим түзөт.  

2. Кыргыз Банкынын ишкердиктин ушул түрүн жүзөгө ашырууга лицензиясына ээ банк, электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын оператору болуп саналат. Оператор электрондук акча системасынын инфраструктурасын жана алардын пункттарынан өнүктүрүү үчүн катышуучу-агенттер менен (электрондук акчаны жайылтуу боюнча дистрибңюторлор, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөргө электрондук акчаны кабыл алуу боюнча соода жана сервистик ишканалар) келишим түзөт

3. Төлөм системасынын оператору төлөм системасынын ишин жөнгө салган ченемдик документтерди, катышуучулардын системага катышуу, системанын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануусун камсыз кылуу боюнча типтүү келишимдерди иштеп чыгат.  

4. Төлөм системасынын оператору, маалымат коопсуздугун жана инфраструктуралардын коопсуздугун ошондой эле иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ченемдик документтерге ээ болуусу зарыл. 

5. Төлөм системасынын оператору, катышуучулардын системага ачык жана бирдей укукта кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган тариф саясатына ээ болууга тийиш.  

6. Төлөм системасынын операторлору мезгил-мезгили менен берилүүчү отчетторду, ички аудит механизмдерин кошо алганда, системанын алгылыктуу ишин камсыз кылуу үчүн колдонулган ички контролдук жол-жоболорун ар жылы жарыялап турушат.  

 

25-берене. Системаны пайдалануучулар 

 

1. Төлөм системаларынын катышуучуларынын төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн же чарбалык ишти же болбосо анын пайдасына жана анын атынан акча каражаттарын которуу жүзөгө ашырылган башка ишкердик түрүн жүзөгө ашырууда, эсептешүүлөрдү жана акча которууларды жүргүзүү үчүн акча которуу системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланышкан юридикалык жактар же жеке адамдар төлөм системасынын пайдалануучулары болуп саналышат.  

2. Пайдалануучулар төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча ыкмаларды жана каражаттарды тандоого укуктуу. 

 

6-глава. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы функциялары жана милдети  

 

26-берене. Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу 

 

1. Кыргыз Республикасынынын улуттук төлөм системасынын ишинин натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Банкы Кыргыз Республикасынынын аймагындагы төлөм системасынын ишин жөнгө салууну жүзөгө ашырат:  

1) төлөм системаларынын операторлорунун ишин жүргүзүүгө уруксат (лицензия, күбөлүк) берет жана уруксат берүүчү документтердин реестрин жүргүзөт; 

2) Кыргыз Банкынан лицензияланган төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; 

3) банктар аралык төлөмдөрдүн жүзөгө ашырылышына өбөлгө түзөт;  

4) ченемдик укуктук актыларга ылайык башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат;  

2. Кыргыз Банкы андан лицензия алышкан төлөм системаларынын операторлорунун жана жана төлөм системаларынын катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу максатында төмөнкү чараларды көрүүгө укуктуу: 

1) төлөм системаларынын операторлоруна, катышуучуларына карата талаптарды белгилөөгө;  

2) төлөм системасынын категориясына жараша, ал аркылуу өткөрүлгөн төлөмдөрдүн максималдуу/минималдуу өлчөмдөрүнө чектөөлөрдү белгилөөгө. Чектөөлөрдү эсептөө ыкмасы, Кыргыз Банкы тарабынан аныкталат;  

3) төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана атаандаштыкты коргоо боюнча монополияга каршы жөнгө салууну камсыз кылуу чегинде талаптарды белгилөөгө; 

4) төлөм системасынын ишинин коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн, үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилөөгө

3. Кыргыз Банкы баалуу кагаздар менен эсептешүүлөр системасына жана алардын баалуу кагаздар менен операциялар боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө төлөм системалары менен өз ара иш алып баруусуна карата талаптарды белгилөөнү кошо алганда, Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасын жөнгө салуу жана аны көзөмөлдүккө алуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат

4. Кыргыз Банкы төлөм системасынын ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук документтердин долбоорлорун ушул системанын катышуучуларына жана операторлоруна макулдашууну жүзөгө ашырат. 

5. Ушул Мыйзам аркылуу анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Банкы тарабынан ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптар төлөм системасынын бардык катышуучулары, операторлору, Кыргыз Банкынын лицензиясына (күбөлүгүнө) ээ юридикалык жактар, ошондой эле алардын кардарлары жана аткаруу бийлик органдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. 

 

27-берене. Кыргыз Банкынын финансы сектору менен мамилеси 

 

1. Кыргыз Банкы, Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде коммерциялык банктар жана төлөм системасынын операторлорунун төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөр боюнча инфраструктураларды өнүктүрүүсүнө өбөлгө түзүүнү камсыз кылат.  

2. Кыргыз Банкы республикада колдонулуп жаткан эсептешүүлөр жана клиринг системасынын технологияларынын алгылыктуулугун аныктайт (баалуу кагаздар клирингинин технологияларын эске албаганда). 

3. Улуттук төлөм системасынын натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана кооопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Банкы маалыматтарды берүү (электрондук төлөм документтерин, башка финансылык жана финансылык эмес билдирүүлөрдү) жана төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын келишиминин негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча банктар аралык коммуникациялык түйүндү уюштурууга укуктуу. 

4. Кыргыз Банкы андан лицензия (уруксат) алышкан банктар жана финансы кредит мекемелери үчүн банктар аралык электрондук төлөм документтериндеги электрондук цифралык кол тамгалардын аныктыгын тастыктоо боюнча, тастыктоочу борбор болуп саналат.  

5. Кыргыз Банкы Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субүекттеринин ортосунда келишилген бүтүмдөр боюнча төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун натыйжалуу ыкмаларын уюштуруу жана камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын банктарынын катышуусу менен трансчек аралык төлөмдөрдү борборлоштуруп (жамааттык) берүүсү үчүн коммерциялык банктарга техникалык каражаттарды сунуштай алат.  

6. Кыргыз Банкы ошол төлөм системасындагы тобокелдикти жана анын финансылык туруктуулугуна таасир этүүсүн талдоонун жана баалоонун негизинде жана системанын операторуна карата талаптарды аныктоо шартында, өзү анын оператору болуп саналган төлөм системасын өткөрүп берүүгө же сатууга укуктуу. 

 

28-берене. Кыргыз Банкынын мамлекеттик сектор менен мамилеси 

 

Кыргыз Банкы Кыргыз Республикасындагы улуттук төлөм системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууга жана тиешелүү министрликтер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте аны жүзөгө ашырууну камсыз кылууга укуктуу.  

 

29-берене. Кыргыз Банкынын борбордук банктар жана башка эл аралык финансылык институттар менен мамилеси 

 

1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган учурда, Кыргыз Банкы эл аралык кеңешмелерде, конференцияларда жана уюмдарда улуттук төлөм системасына жана эл аралык төлөм системаларына интеграцияланууга тиешелүү маселелерде республиканын таламында иштейт.  

2. Кыргыз Банкы берилген ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын атынан башка өлкөлөрдүн борбордук банктары, Эл аралык валюта фондусу жана эл аралык башка финансы-кредиттик уюмдар менен улуттук төлөм системасы жана эл аралык төлөм системасы маселеси боюнча иштерди макулдашат жана координациялайт. 

3. Кыргыз Банкы улуттук төлөм системаларын интеграциялоо маселеси боюнча иштеген алып барган Кыргыз Республикасынын аймагындагы, ошондой эле, чет өлкөлөрдө иштеген кайсы болбосун уюмдардын, анын ичинде чет мамлекеттердин борбордук банктарынын ортосунда жүргүзүлгөн иштерге катыша алат.  

 

30-берене. Банктар аралык төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр 

 

1. Республикада эсептешүүлөр системасынын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Банкы, банктар аралык төлөмдөрдү жана эл аралык банктык тажрыйбага ылайык, эсептешүүлөрдүн башка формаларын жүзөгө ашырат.  

2. Кыргыз Банкы ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр системасынын оператору болуп саналуу менен банктар аралык төлөмдөргө тиешелүү акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылат.  

3. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген төлөмдөрдү өткөрүү мөөнөттөрүнүн так сакталышы максатында, Кыргыз Банкы төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) системадан пайдалануу боюнча программалык каражаттарды камсыз кылуу; 

2) коопсуздук талаптарын белгилөө (маалыматтык, техникалык); 

3) сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөө

4) мөөнөттүү жана ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн банктар аралык башка системалар менен өз ара иштөөгө алып барууга карата талаптарды белгилөө

5) финансы рыногунда бүтүмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу максатында, тоорук системаларына карата талаптарды белгилөө

 

31-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу тартиби жана принциптери 

 

1. Кыргыз Банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашырган орган болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн жана ишинин коопсуздугун, туруктуу финансы системасын сактоо, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн таламдарын колдоого алуу жана коргоо, мыйзам актыларынын талаптарын сактоо максатында, төлөм системаларын, алардын операторлорунун жана катышуучуларынын ишине туруктуу мониторингди жүзөгө ашырат. Кыргыз Банкынын Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча иши Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген төлөм системасынын бардык түрлөрүнүн ишинин натыйжалуулугун арттырууга багытталган. 

2. Кыргыз Банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча, төмөнкүлөрдү аныктаган саясатты иштеп чыгат жана бекитет: 

1) төлөм системаларына баа берүү критерийлери (системалык маанилүү, системалык мааниге ээ эмес); 

2) уюштуруучулук ошондой эле, функционалдык мүнөздөгү, төлөм системалары жооп берүүгө тийиш болгон стандарттарды; 

3) Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Банкынын ишинин маңызын. 

3. Төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу максаттарына жетишүү үчүн Кыргыз Банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине мониторинг жүргүзүү жана аны жүзөгө ашыруу тартибин белгилеп, төлөм системаларынын ишинин Кыргыз Банкы белгилеген стандарттарга жана талаптарга ылайык келүүсүнүн, сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрүнө баа берип, алардын жеке төлөм системасын өркүндөтүү боюнча иш жигердүүлүгүн арттыруу максатында, айрым төлөм системаларынын операторлоруна жана катышуучуларына карата таасир этүү чараларын көрөт

4. Көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү максаттарына жетишүү үчүн Кыргыз Банкы квалификациялуу персоналды күтүү, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу үчүн жооп берген жана ресурстардын үнөмдүү пайдаланылышына өбөлгө түзгөн Кыргыз Банкынын тиешелүү уюштуруу түзүмүн (бөлүмүн) түзүүнү кошо алганда, жетиштүү ресурстарды, Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) ыкмаларын жана инструменттерин колдоого алууга карата чараларды көрөт. Кыргыз Банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча өз милдеттерин, төлөм системасы боюнча башка милдеттери менен биргеликте аткарууну уюштурат. 

5. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашырууда Кыргыз Банкы бардык төлөм системаларына карата бирдей талаптарды коюу менен өзү оператору болуп саналган төлөм системалары үчүн атаандашуу артыкчылыктарын түзбөйт. Кыргыз Банкы төлөм системаларына көзөмөлдүк (оверсайт) жана аларды тескөө боюнча ыйгарым укуктарын өзүнүн ар кайсы бөлүмдөрү ортосунда бөлүштүрөт.  

6. Кыргыз Банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүк (оверсайт) жана ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксаты болгон төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:  

1) лицензиялоо жана көзөмөлдүк функцияларын жана төлөм системалары боюнча эл аралык стандарттарга негизделген ченемдик укуктук актыларга ылайык, тиешелүү эрежелерди жана нормаларды белгилөө аркылуу аларды жүзөгө ашыруу максатында, экономикалык нормативдерди белгилейт, директиваларды, нускоолорду жана сунуш-көрсөтмөлөрдү чыгарат. 

2) төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашырган учурда финансы-кредит мекемелердин ишине жеринде барып банктык көзөмөл органы тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышууга же мындай текшерүүлөрдү көз карандысыз аудиторлорго же аудитордук фирмаларга тапшырууга

3) Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча өз милдетин натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү маалыматтарды жана отчетторду, алынган маалыматтар боюнча чечмелөөлөрдү талап кылууга;  

4) төлөм системасынын ишин өркүндөтүү боюнча чараларды көрүүгө буйрутма берип, төлөм системасынын операторунун иш жүргүзүүгө лицензиясын токтотуп же кайтара алууга, ошондой эле системалуу тобокелдикке жана адилетсиз иш алып барууга бөгөт коюу максатында ченемдик укуктук актыларда каралган чараларды жана санкцияларды колдонууга.  

Төлөм системаларынын Кыргыз Банкынан лицензия алышкан операторлорунан жана катышуучуларынан келип түшкөн маалыматтар, ошондой эле айрым операциялар боюнча маалыматтар, ченемдик укуктук актыларда каралган учурларды эске албаганда, алардын макулдугусуз ачыкка чыгарылууга тийиш эмес.  

7. Кыргыз Банкы анын иш натыйжалуулугунун жана коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу үчүн өзүнчө төлөм системасына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт. Эгерде, төлөм системасын өркүндөтүү боюнча чаралар Кыргыз Банкы белгилеген мөөнөттөрдө аткарылбаса, ошондой эле иши Кыргыз Банкы тарабынан лицензияланган төлөм системасынын оператору же катышуучусу стандартарды жана талаптарды сактабай койгондугу же болбосо ченемдик укуктук актыларды бузууга жол бергендиги фактылары аныкталган шартта, Кыргыз Банкы төлөм системасынын операторуна жана катышуучусуна карата ченемдик укуктук актыларда каралган чараларды колдонууга укуктуу

 

 

8. Кыргыз Банкы иши ал тарабынан лицензияланган төлөм системаларынын операторлоруна жана катышуучуларына карата чараларды көрүүдө төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн таламын коргоо максатында төлөм системаларынын стандарттарын жана Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугун сактоо зарылдыгын жетекчиликке алуусу керек

9. Кыргыз Банкы ушул Мыйзамда каралган санкцияларды колдонуунун натыйжасында келип чыккан кандайдыр бир чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

10. Кыргыз Банкы зарылчылык келип чыккан шартта, аткаруу бийлигинин ушул жааттагы кызыкдар мамлекеттик органдары, башка өлкөлөрдүн көзөмөл органдары жана эл аралык финансылык институттар менен, катышуучусу Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан эл аралык төлөм системаларынын ишине таасирдүү көзөмөлдүктү арттыруу максаттарында, өз ара иш жүргүзөт

11. Кыргыз Банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча өз ара мамиле принциптеринде трансчек аралык төлөмдөрдү өткөрүү стандарттарын, принциптерин жана ыкмаларын макулдашуу боюнча төлөм системаларын көзөмөлдөөчү (оверсайт) чет өлкө органдары менен кызматташа алат. Кыргыз Банкы алардын купуялуулугу сакталган шартта, чет өлкөлүк банктык көзөмөл органдары менен кайсыл болбосун төлөм системасынын иши боюнча маалыматтарды алмаша алат.  

12. Көзөмөл функциясына баа берүүнүн көз карандысыздыгынын принцибине ылайык Кыргыз Банкынын Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча жол-жоболору тышкы аудиторлор, финансы секторуна баа берүү программасынын алкагындагы эл аралык финансылык уюмдар тарабынан текшерүүгө алынат.  

13. Кыргыз Банкы төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугу жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иши боюнча үзгүлтүксүз аналитикалык отчетторунда жарыялап турат

 

7-глава. Корутунду жоболор 

 

32-берене. Корутунду жоболор 

 

1. Төлөм системаларынын катышуучулары жана операторлору өз ишин терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырат жана башкаруу системасында террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катыштыгы бар экендиги тууралуу аларга карата маалыматтар болгон жеке адамдардын жана юридикалык жактардын тизмеги боюнча төлөмдөрдү жөнөтүүчүлөрдү жана алуучуларды, кардарларды текшерүүнүн бар болушу камсыз кылынууга тийиш

2. Эгерде төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болуп саналса, анда Кыргыз Республикасынын банк-резиденти, эл аралык төлөм системасына кошулуу чечими кабыл алынганга чейин, оператордо ал жайгашкан өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү уруксат берүүчү документтеринин (лицензиясы, күбөлүгү) бар экендигине жана Кыргыз Банкынын талабына, системанын эрежелеринин жооп бере тургандыгына ынанууга тийиш. 

3. Төлөм системаларынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн чегинде кандай болбосун айыптык жана туруксуздук санкцияларды өндүрүү, ошондой эле келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу, түзүлгөн келишимдерге ылайык тараптардын милдеттери эмес, укугу болуп саналат ал өз калоосу боюнча жүзөгө ашырылат.  

4. Кыргыз Банкы төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча өз милдеттерин аткарууну төлөм системаларына карата башка милдеттерди аткаруу менен айкалышта уюштурат. Кыргыз Банкы төлөм системаларынын ишенимдүүлүгүнө таасирин тийгизген системалуу мааниге ээ болгон Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы тобокелдиктерди тескөө боюнча саясатты кошо алганда, саясаттын жалпы принциптерин коомчулукка өз учурунда ачып берүүгө көмөктөшөт

 

33-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши 

 

1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

2. Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 121 «Электрондук төлөмдөр жөнүндө» Мыйзамы күчүн жоготту деп табылсын

3. Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга талабына ылайык келтиришсин. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Президенти