Кайта келүү

Долбоор  

Кыргыз Республикасынын Улуттук  

банк Башкармасынын токтому менен  

бекитилген________________________ж. 

 

 

Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобо 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банкттар жана банк иши жөнүндө», «Лицензиялоо жөнүндө», «Электрондук төлөмдөр жөнүндө» мыйзамдарына, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 23-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 28-апрелинде 48-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 7/8 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына жүргүзүлгөн көзөмөлдүк боюнча саясатка жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

2. Жободо, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн акча каражаттарын тартуу жүзөгө ашырылган, электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн зарыл болгон тартип аныкталат жана ага карата талаптар белгиленет. 

3. Ушул Жобонун аракети, электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу зарылчылыгы келип чыккан шартта, финансы-кредит мекемелери (ФКМ) болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү талаптарына жооп берген финансы-кредит мекемеси болуп саналбаган юридикалык жактарга таркатылат. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензия берүү укугуна ээ, Кыргыз Республикасынын аймагындагы бирден-бир лицензиар болуп эсептелет

5. Улуттук банктын банктык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиясына ээ банктар жана башка адистештирилген финансы-кредит мекемелери, электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга кошумча лицензиясы болгон шартта гана электрондук акчалар менен операцияларды жүзөгө ашырышат. 

6. Бул Жобонун чегинде электрондук акчанын эмитентинин электрондук акчаны өз кызмат көрсөтүүлөрү үчүн гана төлөм каражаттары катары кабыл алуу боюнча иш аракети, электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча иш чөйрөсүнө кирбейт. 

 

2. Терминдер жана аныктамалар 

 

7. Жободо колдонулуучу терминдер жана аныктамалар Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 25-мартындагы №3/7 токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасында төлөм системасын уюштуруу боюнча негизги жоболор жөнүндө» документте келтирилген терминдерге жана аныктамаларга туура келет. Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар кошумча колдонулат: 

8. Электрондук акчанын акцептанты - өз товарларын/кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук акчага алмаштырууну ишке ашырган жана электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн атайын жабдууларга ээ болгон чарба жүргүзүүчү субүект же жеке адам.  

9. Электрондук акчаны чыгаруу электрондук акчага накталай жана нак эмес каражаттарды алмаштыруу аркылуу электрондук акчаны жеке адамдарга жана юридикалык жактарга сунуштоо боюнча, электрондук акчаны талап боюнча төлөө жагындагы милдеттенмелерге байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр. 

10. Электрондук акчанын дистрибьюторлору - электрондук акчаны накталай жана нак эмес акча каражаттарына алмаштырууну ишке ашырышкан жана электрондук акчанын эмитенти менен түзүлгөн келишимдин негизинде аларды кардарларга жайылтуу менен (дистрибутивдик агенттер) алардын эл аралык системаларга чыгуусун жүзөгө ашырышкан уюмдар. 

11. Электрондук акчага ээлик кылуучулар эмитент же ыйгарым укук чегерилген адам менен түзүлгөн келишимге ылайык электрондук акчалар менен операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ жеке адам же юридикалык жак

12. Эсептешүүлөрдө электрондук акчаны пайдалануу- электрондук акчага ээлик кылуучу тарабынан сунушталган товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр үчүн программалык-техникалык каражаттарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында соода/сервис уюмуна (акцептантка) же болбосо башка жакка өткөрүлүшү. 

13. Электрондук акчанын идентификациялык номери - бул, электрондук акчаны алып жүрүүчүдө көрсөтүлгөн жана электрондук акчанын чыгышын каттоодо ар бир номиналга ыйгарылуучу электрондук акчанын уникалдуу (кайталангыс) номери. Электрондук акчанын идентификациялык номери ага ээлик кылуучуга өзүнүн электрондук акчалары боюнча акча каражаттарынын жылышы жана алардагы калдыгы жөнүндө маалыматты алууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле электрондук акчанын жоголушу же уурдалып кетиши учурунда ал боюнча блокировкалоо ишке ашырылат. 

14. Лицензиат- акционердик коом формасында иш алып барган, электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясына жана ээлик кылуучулардан түшкөн товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү Интернет, мобилдик жана башка байланыш түрлөрү аркылуу жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү инфрастрактурага ээ юридикалык жак. 

15. Пайдалануучу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, ошондой эле башка жеке адамдарга которуулар үчүн электрондук акчаны пайдалануу укугуна ээ жеке адам. 

16. Электрондук акчанын ордун жабуу бул, электрондук акчаны жүгүртүүдөн алып салып, ошол эле учурда аларды накталай жана нак нак эмес акча каражаттарын сунуштоочуга берүү боюнча сунушталган кызмат көрсөтүү. 

17. Функционалдык мүмкүнчүлүгү чектелген алдын-ала төлөнгөн карттар - карт ээлерине кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча инфраструктурасы чектелген жана так белгиленген функционалдык мүмкүнчүлүккө ээ алдын-ала төлөнгөн карт формасындагы электрондук акчалар

18. Алдын-ала төлөнгөн көп максаттуу карт - ушул жобонун чегинде бул, алдын-ала төлөнгөн карт формасындагы электрондук акчалар, ал ээлик кылуучулардын электрондук түйүндүк жабдуулар жана коммуникациялар аркылуу акцептанттардын ири сандагы товарларын/кызмат көрсөтүүлөрүн алдын-ала төлөнгөн сумманын чегинде сатып алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруусу үчүн каралган. Бул карт ээлик кылуучунун эмитентке карата анын милдеттенмелери боюнча талап коюу укугун тастыктайт. 

19. Провайдер бул, эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде Интернет аркылуу электрондук акчалар менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн атайы программалык камсыздоону жана аппараттык, түйүндүк жабдууларды орноткон жана техникалык колдоону камсыз кылган оператор, ал электрондук акчанын эмитенти болуп саналбайт

20. Эсептешүү агенти бул, электрондук акчанын төлөм системасынын катышуучуларынын ортосунда өз ара акыркы эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырган банк. 

21. Эсептешүү банкы бул, электрондук акчанын эмитенти электрондук акчалар менен операцияларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебин ачкан жана электрондук акчалар боюнча каражаттардын жүгүртүлүшү жана калдыктары жөнүндө маалыматтарды сактоо үчүн маалымат базасы бар Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган коммерциялык банк же банктын филиалы

22. Электрондук акчаны жайылтуу алардын ордун жабууга тиешелүү милдеттенмелерге байланышпаган, электрондук акчаны пайдалануучуларга сунуштоо боюнча кызмат көрсөтүү

23. Электрондук акчаны эсепке алуу боюнча эсептешүү эсеби бул, эсепти ачууга жана тейлөөгө карата келишимге ылайык, коммерциялык банкта эмитент тарабынан ачылган жана бардык эмитирленген электрондук акчалар боюнча милдеттенмелердин жалпы суммасына барабар болгон, акча каражаттарынын суммасын чегерүү боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн гана арналган эсептешүү эсеби. Бул эсептен акча каражаттарын эсептеп алып салуу чектелген жана кызмат көрсөтүүлөр/товарлар үчүн төлөмдөрдү ээлик кылуучулардан алынган электрондук акча аркылуу, акцептанттардын эсебине гана жүзөгө ашырылат.  

24. Түйүндүк электрондук акчалар бул, электрондук акчаны сунуштоонун формасына көз карандысыз (алдын-ала төлөнгөн карттардын жана программалык тиркемелердин базасында) телекоммуникациялык байланыш каналдары боюнча же Интернетти пайдалануу менен өткөрүлүп берилүүчү электрондук акчалар. 

25. Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы (электрондук акча системасы) электрондук акчанын жүгүртүлүшүн камсыз кылган, чогуу алгандагы банктык жана башка институттар, аппараттык-техникалык каражаттар, эрежелер жана жол-жоболор. 

26. Электрондук акчаны идентификациялоо (аттестациялоо) системасы паспортундагы маалыматтарды каттоо аркылуу электрондук акчага ээлик кылуучунун төлөм системасында идентификацияланышын камсыз кылган чогуу алгандагы эрежелер жана жол-жоболор. 

27. Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуу бул, ээлик кылуучуларды электрондук төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылган (инструмент) персоналдык компңютер, мобилдик телефон же башка жабдуу. 

28. Электрондук акча системасынын катышуучулары электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо процессинин катышуучулары эмитент, дистрибьютор, оператор, акцептант, карт ээлери, эквайер, эсептешүү банкы. 

29. Программалык тиркемелердин базасындагы электрондук акча бул, электрондук акча продуктусу, ал персоналдык компңютерде орнотулган, адистештирилген программалык тиркемелер менен колдонулат жана товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча операцияларды, алардын акчалай наркын телекоммуникациялык байланыш каналдары же Интернет аркылуу берүү жолу менен жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берет.  

30. Эквайер бул, чекене агенттин кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосу боюнча банк менен агенттик келишим түзгөн банк же башка юридикалык жак, алар өз ишин эмитент, соода уюмдары жана акцептанттар менен акцептанттардын товарларын, кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууда электрондук акча ээлери тарабынан өткөрүлгөн электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча эсептешүүлөрдү камсыз кылуу жагында түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырышат.  

31. Электрондук акча электрондук жабдууда сакталган, эмитенттен башка жактар тарабынан төлөм каражаты катары кабыл алынган жана эмитенттин акчалай милдеттенмеси болуп саналган нарктык бирдик.  

32. Электрондук жабдуулар бул, электрондук акча ээлери сактоо үчүн колдонулган пластик картасындагы же башка алып жүрүүчүдөгү чип инструменти, компңютердин эс тутуму жана ушул сыяктуулар.  

33. Электрондук акчанын эмитенти бул, акционердик коом формасында уюшулган, электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясына ээ жана электрондук акча ээлери тарабынан электрондук акчалар төлөөгө сунушталган учурда алардын ордун жабуу боюнча шартсыз жана кайтарылып алынгыс милдеттенмелерди өзүнө алуу менен электрондук акчаны чыгарууну жүзөгө ашырган жак.  

 

3. Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо иши жана анын тартиби 

 

34. Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо иши өзүнө электрондук акчаны чыгарууну, жайылтууну, электрондук акчаны пайдалануу менен операциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү, электрондук акчанын ордун жабууну камтыйт. 

35. Эмитент, дистрибьютор, оператор, акцептант, карт ээлери, эквайер, эсептешүү банкы/агент электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо процессинин катышуучуларынан болуп саналышат. 

 

 

3.1. Электрондук акчаны чыгаруу

36. Электрондук акчаны чыгаруу эмитент тарабынан кабыл алынган электрондук акчаны чыгаруу жөнүндө чечимдин жана электрондук акчалар алдын-ала төлөнгөн карттардын базасында чыгарылган шартта даярдоочу уюм менен аларды чыгаруу жөнүндө келишим түзүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.  

37. Электрондук акчаны чыгарууну Улуттук банктын тиешелүү талаптарына жооп берген жана электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна Улуттук банктын лицензиясына ээ банктар жүзөгө ашырышат. Банктык эмес уюмдар жана финасы-кредиттик эмес уюмдар электрондук акчаны чыгарууну Улуттук банктын тиешелүү талаптарына жооп берген жана электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна Улуттук банктын лицензиясы болгон шартта, банк менен түзүлгөн чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдин негизинде эмитенттин атынан жүзөгө ашыра алышат.  

38. Электрондук акча эмитенти электрондук акчанын чыгарылгандыгы жөнүндө билдирүүнү электрондук акча чыгарылгандан тартып бир айдан кечиктирбестен, ушул жобого кошо тиркелген формага ылайык (1-тиркеме) Улуттук банкка жөнөтөт. Электрондук акча эмитенти электрондук акчаны пайдалануу менен сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин, аларды кардарларга сунуштоонун шарттарын жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерден аларды коргоо ыкмаларын өз алдынча аныктайт.  

39. Электрондук акча эмитенти, электрондук акчаны пайдалануу менен сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин акцептанттар менен түзүлгөн электрондук акчаны акцептанттардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдү төлөөнү камсыз кылууга кабыл алуу жөнүндө келишимдин негизинде аныктайт. Электрондук акча ээлери тарабынан өткөрүлгөн төлөмдөрдүн натыйжасында келип чыккан, эмитент менен акцептанттын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу ыкмалары жана мөөнөттөрү да алардын ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленет. 

40. Электрондук акча эмитенти, электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм системасынын операторунун функцияларын жана электрондук акча менен операциялар боюнча процессингди же болбосо электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын талаптарына ылайык процессинг функцияларын аткаруу боюнча келишимди оператор менен өз алдынча түзүүнү жүзөгө ашыра алат.  

41. Электрондук акча эмитенти, келишимде акча ээлеринин электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдүн айрым түрлөрүн аткаруусуна чектөөлөрдү белгилей алат.  

42. Электрондук акча эмитенти, өзүнүн маалымат системасынын үзгүлтүксүз ишин жана төлөмдөрдү өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өзүнүн ички эрежелерин жана жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык иштеп чыгат жана бекитет. 

 

3.2. Эл аралык системалардын электрондук акчасын Кыргыз Республикасынын аймагында чыгаруу 

43. Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык системалардын электрондук акчасын ар кандай шарттуу бирдиктердин/валюталардын эквивалентинде чыгаруу эмитент менен Кыргыз Республикасынын резидент эмесинин ортосунда түзүлгөн электрондук акчаны жайылтуу жөнүндө келишимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарын сактоо менен жана Кыргыз Республикасынын банкы менен түзүлгөн чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө агенттик келишим болгон шартта, дистрибьюторлор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан жүзөгө ашырылат.  

44. Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык системалардын шартуу бирдиктерде/валюталарда туюндурулган электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүүгө жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө дистрибьютор электрондук акчаны калкка сатып алуу же ордун жабууда улуттук валютанын эквивалентиндеги электрондук акчаны сатып алуу жана сатуу курсун милдеттүү түрдө көрсөткөн шартта гана жол берилет. 

45. Чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча банк менен агенттик келишим түзүшкөн, Улуттук банктын талаптарына жооп берген, электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна Улуттук банктын лицензиясына ээ банк же башка юридикалык жак, эл аралык системалардын электрондук акчасынын чыгарылышын камсыз кылган дистрибьютор болуп саналышы мүмкүн.  

46. Эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьютору, электрондук акчанын чыгарылгандыгы жөнүндө билдирүүнү электрондук акча чыгарылгандан тартып бир айдан кечиктирбестен, ушул жобого кошо тиркелген формага ылайык (1-тиркеме) Улуттук банкка жөнөтөт. 

47. Эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьютору, эмитент Кыргыз Республикасынын резидент эмеси менен түзүлгөн системага кошулуу, Кыргыз Республикасынын аймагына бул системаны жайылтуу жана электрондук акчалар менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө келишимдин көчүрмөсүн, ошондой эле эмитент-резидент эмеске тиешелүү өлкөнүн финансы көзөмүлүнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензиянын көчүрмөсүн берүүгө тийиш.  

48. Эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьютору, электрондук акчаны пайдалануу менен сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин, аларды карадарларга сунуштоонун шарттары жана аларды мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо ыкмасын өз алдынча аныктайт.  

49. Эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьютору, электрондук акчаны пайдалануу менен сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин акцептанттар менен түзүлгөн электрондук акчаны акцептанттардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдү төлөөнү камсыз кылууга кабыл алуу жөнүндө келишимдердин негизинде аныктайт. Эмитент менен акцептанттын ортосунда электрондук акча ээлери тарабынан өткөрүлгөн төлөмдөрдүн натыйжасында келип чыккан өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу ыкмалары жана мөөнөттөрү да алардын ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленет.  

50. Эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьютору, электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм системасынын операторунун функцияларын жана электрондук акча менен операциялар боюнча процессингди же болбосо электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын талаптарына ылайык процессинг функцияларын аткаруу боюнча келишимди оператор менен өз алдынча түзүүнү жүзөгө ашыра алат. 

51. Эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьютору, ээлик кылуучулар тарабынан электрондук акчаны сатып алуу үчүн сунушталган накталай жана нак эмес акча каражаттарын кабыл алуу аркылуу, эл аралык электрондук акчаны толтуруу операцияларын ээлик кылуучулардын жүзөгө ашыруусу боюнча келишимдерди банктар менен түзө алат. Бардык акча каражаттары эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьюторунун банктык эсебинде чагылдырылууга тийиш.  

52. Эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьютору, келишимде электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдүн айрым түрлөрүн ээлик кылуучунун аткаруусуна чектөөлөрдү белгилей алат.  

53. Эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьютору, өзүнүн маалымат системасынын үзгүлтүксүз ишин жана төлөмдөрдү өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өзүнүн ички эрежелерин жана жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык иштеп чыгат жана бекитет. 

 

3.3. Электрондук акчаны эсепке алуу 

 

54. Электрондук акчаны пайдалануу менен операциялар боюнча акча каражаттарын эсепке алуу, банкта бардык чыгарылган электрондук акчалар боюнча аларды эсепке алуу үчүн ачылган жана электрондук акчаны эсепке алуу үчүн гана арналган өзүнчө эсептешүү эсебинде эмитент жана эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьютору тарабынан жүргүзүлөт. Электрондук акчанын эмиссиясы учурунда ээлик кылуучулардан түшкөн акча каражаттары электрондук акчаны эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебинде эске алынат. Бул эсептеги акча каражаттарына пайыздар кошуп эсептелбейт.  

55. Электрондук акчаны эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебине чегерүүлөр боюнча жүргүзүлгөн операциялар, электрондук акчанын чыгарылышына жана даярдалышына жараша, даярдалган/чыгарылган электрондук акчанын номиналынын суммасына барабар суммадагы акча каражаттарынын эмитент менен эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьютору тарабынан чегерилишин гана карайт. Электрондук акчаны эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебине акча каражаттарын чегерүү эмитент тарабынан электрондук акчалар даярдалган/чыгарылган күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде жүргүзүлөт.  

56. Электрондук акчаны эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебинен алып салуу операциялары эсептешүү банкынын маалымат базасында катталган жана сунушталган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө катары электрондук акчаны кабыл алуу жөнүндө эмитент менен келишим түзгөн акцептанттын эсептешүү эсебине акча каражаттарын максаттуу эсептен алып салуу гана каралат. 

57. Эмитентке-банктык эмес мекемеге жана эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьюторуна электрондук акчаны эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебинен акча каражаттарын чегерүү жана алардын максаттуу пайдаланылышына жүргүзүлгөн контролдук, эсептешүү банкы тарабынан жүзөгө ашырылат. Максатсыз пайдалангандыгы үчүн эсептешүү эсебинен акча каражаттарын алып салууга тапшырма, эл аралык системалардын электрондук акча эмитентине же дистрибьюторуна эсептешүү банкы тарабынан кайтарылып берилет.  

58. Акча каражаттарынын эмитент- ФКМ тарабынан электрондук акчаны эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебинен чегерилиши жана алардын максаттуу пайдаланылышына контролдук, инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө Улуттук банк тарабынан, ошондой эле Улуттук банкка мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттордун негизинде жүзөгө ашырылат.  

59. Электрондук акча эмитенти, эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьютору жана эсептешүү банкы отчеттун Улуттук банкка берилишин камсыз кылышат. Отчет берүүнүн формасы жана регламенти Улуттук банктын өзүнчө ченемдик укуктук актыларында аныкталат. Отчеттун аныктыгына жана өз убагында берилишине жоопкерчилик отчет берген уюмдун жетекчисине же башкы бухгалтерине жүктөлөт. 

60. Эсепке алуу автоматташтырылган системада- ар бир транзакция боюнча «өз кардарыңды таанып жүр» принциби боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.  

 

3.4.Электрондук акчанын таркатылышы 

 

61. Даярдалган электрондук акчаны жайылтуу эмитент жана/же эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьютору тарабынан жүзөгө ашырылат.  

62. Электрондук акча эмитенти электрондук акчаны жайылтуу жөнүндө келишимдерди башка юридикалык жактар-электрондук акча дистрибьюторлору менен келишим түзө алат. 

63. Электрондук акча дистрибьютору (эмитент, дистрибутивдик агент) кардарды ээлик кылуучунун жана эмитенттин укуктары жана милдеттери менен, алар тарабынан таркатылган электрондук акчанын мүнөздөмөлөрү жана электрондук акчалар үчүн кардардан алдын-ала төлөөнү алганга чейин сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер менен тааныштырууга милдеттүү.  

64. Электрондук акчаны жайылтуу үчүн дистрибьютор, анын эмитентке өткөрүп берген электрондук акчанын номиналынын суммасына барабар акча каражаттарды эмитентке чегерет. Дистрибьюторго берилүүчү сый акынын өлчөмү жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө ыкмалары эмитент менен дистрибьютордун ортосундагы келишимде каралат. 

 

3.5. Электрондук акчаны пайдалануу 

 

65. Электрондук акчалар менен жүргүзүлгөн операциялар электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр системасында белгиленген эрежелерге жана катышуучулардын ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык түзүлгөн келишим шарттарына ылайык, процесстин бардык катышуучулары тарабынан жүзөгө ашырылат.  

66. Электрондук акчалар менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча маалыматтарды өткөрүп берүү жана сунуштоо, төлөм ишке ашарылган системалардын эрежелеринде жана/же бул системанын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерде белгиленет.  

67. Электрондук акча ээси электрондук акча аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып ала алат, атайын жабдууларда (терминалдарда, банкоматтарда) же эл аралык системалардын электрондук акчаны сатуу/сатып алуу/ордун жабуу пункттарында накталай акча каражаттарын ала алат.  

68. Эквайер, соода түйүндөрүнүн эсептери боюнча электрондук акчаны пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операцияларды эсепке алат, ал боюнча маркетинг жүргүзөт, соода түйүндөрүнө электрондук акчаны кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды сатып алууга көмөктөшөт. 

69. Соода түйүндөрүнө электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча суммалардын ордун толтуруу Келишимде белгиленген мөөнөттөргө ылайык, эквайер тарабынан жүзөгө ашырылат. Соода түйүндөрү өз эквайерлерине ушул Келишимге ылайык кабыл алынган суммага электрондук акчаны талап кылууга укуктуу.  

70. Электрондук акчаны тейлөө үчүн пайдаланылган алдын-ала төлөнгөн карт формасындагы жабдуу, мүмкүнчүлүгүнө жараша банктык төлөм карттар менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылууга тийиш

71. Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр системасында колдонулуучу программалык жана техникалык каражаттар Улуттук банктын маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарына жана ачык системалардын стандарттарына туура келүүгө тийиш.  

 

3.6. Ордун жабуу 

 

72. Эмитент жана/же эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьютору накталай акча каражаттарына алмаштыруу же болбосо нак эмес каражаттарды берүүчүнүн банктык эсебине чегерүү аркылуу, чыгарылган электрондук акчанын ордун жабууга милдеттүү. 

73. Электрондук акчанын ордун жабуу эмитент сыяктуу эле, эмитент менен келишим түзгөн электрондук акча дистрибьютору тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн. 

74. Электрондук акчанын ордун жабуу учурунда берилүүчү акча каржатынын суммасы эмитентке же дистрибьюторго ордун жабуу үчүн берилген электрондук акчанын суммасына туура келүүгө тийиш. Мында, эмитент же дистрибьютор электрондук акчанын ордун жабуу учурунда, эгерде бул акча каражаттарын чегерүү боюнча чыгашалардын ордун жабуу зарылчылыгына түздөн-түз байланыштуу болсо, акча каражатынын төлөнүүчү суммасынан сыйакынын суммасын кармап калууга укуктуу. 

75. Акцептант тарабынан электрондук акчаны эмитентке берүү тартиби алардын ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталат. 

 

4. Электрондук акча системасына талаптар жана тобокелдиктерди тескөө 

76. Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы, системанын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук жана келишимдик база, электрондук акчаны пайдалануунун эрежелерин жана жол-жоболорун, ошондой эле системанын катышуучуларынын жоопкерчиликтерин, укуктарын жана милдеттерин аныктаган документтер менен камсыз болууга тийиш.  

77. Электрондук акча системасы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, коопсуздук тобокелдиктерине жол бербөө, бөгөт коюу жана аныктап билүү үчүн техникалык, уюштуруучулук, технологиялык коопсуздуктун тиешелүү механизмдери менен камсыз кылууга тийиш.  

78. Электрондук акча системасы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды кошо алганда, алдамчылык аракеттерден коргоо механизмдерине ээ болууга тийиш

79. Электрондук акча системасы, Улуттук банктын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын төлөм системасына жүргүзүлгөн көзөмөлдүктүн, банктык көзөмөлдүктүн жана акча-кредит саясатынын алкагында, электрондук формасындагы акчанын жүгүртүлүшү жөнүндө зарыл статистикалык жана маалыматтык отчетторду түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

80. Электрондук акча системасы, акцептанттардын жана аларды пайдалууда электрондук акча ээлеринин чыгымдарын азайтуу үчүн маалыматтарды берүү жана төлөмдрдүн форматтарынын өңчөйлөштүрүлгөн стандарттарын пайдалануу аркылуу электрондук акча системасына (акча каражаттарынын жылышын эсепке алуу боюнча ички эсепке алуу системасы) катышуучулардын жөнгө салынган өз ара аракеттенген системасына натыйжалуу интеграциялануу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш.  

81. Электрондук акча системасыт электрондук акчаны пайдалануу боюнча катышуучулар үчүн эффективдүү, кол жетээрлик баада болууга жана электрондук акча ээлери үчүн пайдаланууга ыңгайлуу болууга, ошондой эле керектөөчүлөрдү коргоо талаптарына ылайык келүүгө тийиш.  

82. Электрондук акча системасында операциялык тобокелдиктерди тескөө төмөнкү негизги принциптерди ишке ашырууга негизделүүгө тийиш

a. Ички контролдук жол-жоболорунун жана системанын ишине аудиттин болушу, системанын иши жана электрондук түрдө өткөрүлгөн транзакциялар жөнхндө маалыматтарды сактоо

b. Персоналдын болушу, анын квалификациясы кызматтык нускоолорго ылайык жүктөлгөн жоопкерчиликтерди аткаруу үчүн талаптарга ылайык келүүгө тийиш

c. маалыматтардын өз убагында иштелип чыгышын, ар бир транзакция боюнча маалыматтардын эсепке алынышын жана сакталышын, маалыматтардын системадага маалыматтардын корголушун жана сакталышын камсыз кылган малымат системасынын болушу; 

d. жок эле дегенде, электрондук акча системасынын системдүү маанилүү модулдары үчүн иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча пландын болушу. 

 

5. Тараптардын өз ара мамилелери 

 

83. Электрондук акчалар менен эсептешүүлөр боюнча төлөм системасына катышкан тараптардын ортосундагы өз ара мамиле келишимдер менен жөнгө салынат.  

84. Эмитент менен эсептешүү банкынын же эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьютору менен банктын ортосундагы электрондук акчаны эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебин ачуу жана тейлөө жөнүндө эки тараптуу келишим негизги шарттардын курмында төмөнкүлөрдү алдын-ала караган милдеттүү шарттарды камтууга тийиш;  

эмитенттин төмөнкү келишимдердин көчүрмөлөрүн сунуштоосу:  

a. акцептант менен келишимдин көчүрмөсү эсептешүү банкына өз убагында берилбегендигинен улам төлөмдөрдүн төлөнүшүнүн кечиктирилишине эмитенттин жоопкерчилигин көрсөтүү менен электрондук акчаны сунушталган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөнү камсыз кылуу катары кабыл алышкан акцептанттар менен келишимдин

b. электрондук акчалар даярдалгандан тартып 3 жумуш күнү ичинде алардын даярдалгандыгы тууралуу билдирүү менен бардык эмитирленген алдын-ала карттар боюнча электрондук акчанын жалпы суммасына барабар суммадагы акча каражаттарын электрондук акчаны эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебине чегерүүгө тапшырма берүү менен бирге электрондук акчаны даярдаган уюмдар менен келишимдин

акцептант менен келишимдин көчүрмөсүнүн эмитенттен алынышына жараша, ошол акцептантты тиешелүү маалымат базасында эсептешүү банкынын каттоодон өткөртүүсү;  

электрондук акчалардагы акча каражаттардын жүгүртүлүшү жана калдыктары жөнүндө маалыматты кеминде айына бир жолу эсептешүү банкына эмитенттин өткөрүп берүүсү

эмитенттен электрондук акчалардагы акча каражаттардын жүгүртүлүшү жана калдыктары жөнүндө маалыматтардын алынышына, маалымат базасынын коопсуздугунун камсыз кылынышына жана сакталышына, ошондой эле маалыматтардын Улуттук банкка өткөрүлүп берилишине эсептешүү банкынын жоопкерчилиги

электрондук акчаны эсепке алуу жагында эсептешүү эсеби боюнча жүргүзүлгөн операцияларды чектөө. 

85. Эмитент менен эл аралык системалардын дистрибьюторунун ортосундагы келишим нотариалдык жактан күбөлөнүрүлүүгө тийиш

86. Эмитент менен даярдоочу уюмдун ортосундагы алдын-ала карттарды даярдоо тууралуу келишим милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш

1) карттарга карата жасалмалуулуктан жана маалыматтарды көчүрүп алуу/өзгөртүүдөн коргоо боюнча талаптарды

2) даярдалган карттардын номиналдык суммаларын

3) карттардын даярдалган күнүн

87. Эквайер менен соода түйүнүн ортосундагы келишим төмөнкү милдеттүү шарттарды камтууга тийиш

1) соода түйүнү менен эквайердин электрондук акчанын кабыл алуу жана тейлөө боюнча укуктары жана милдеттери, ошондой эле бузууларга жол берилшен шартта алардын жоопкерчиликтери

2) соода түйүнү тарабынан милдеттүү түрдө тейлөөгө кабыл алынган электрондук акчанын түрлөрү жана аларды тейлөө үчүн комиссия төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү

3) соода түйүнү тарабынан коомпсуздуктун негизги талаптарынын сакталышы

4) тиешелүү система тарабынан четке кагылган операциялар боюнча суммаларды кайтарып алуу тартиби. 

88. Келишимдерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына каршы келбеген башка шарттар да белгилениши мүмкүн.  

 

6. Эмитенттин лицензия алуусуна карата негизги талаптар. 

89. Оффшордук аймактарда каттоодон өткөн уюмдар Кыргыз Республикасында кандай болбосун негизде, электрондук акча менен байланыштуу ишкердик менен алектенүүгө укугу жок.  

90. Электрондук акча эмитенттери өздөрү чыгарган электрондук акчага тиешелүү операциялар же кошумча функцияларды аткарууну уюштурган учурларды эске албаганда, башка уюмдардын ишкердик аракеттерине катышууга тийиш эмес.  

91. Электрондук акча эмитенти терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талаптарды сактоого тийиш.  

92. Бир алдын ала төлөнгөн карттагы акча каражатынын өлчөмү улуттук валютада Кыргыз Республикасындагы 30 (отуз) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. 

93. Электрондук акча эмитенти, ошондой эле анын дистрибутивдик агенти электрондук акча колдонулуп жаткан мөөнөт ичинде, кайсыл болбосун убакытта ага ээлик кылуучулардын талабы боюнча электрондук акчанын ордун жабууга милдеттүү.  

94. Электрондук акчанын ордун жабуу үчүн төлөм, ошол операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн операциялык чыгашалардын суммасынан ашпоого тийиш.  

95. Алдын-ала төлөнгөн карт формасындагы электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган банктык эмес уюмдардын иши төмөнкүлөр менен чектелүүгө тийиш:  

1) алдын-ала төлөнгөн карт формасындагы электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо; 

2) алдын-ала төлөнгөн картты тейлөөгө жана кандай болбосун формада кредиттин берилишин жокко чыгарган алардын эмиссиясына байланыштуу финансылык жана финансылык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

3) электрондук акча жөнүндө маалыматтарды сактоо жана ал тууралуу ага тиешелүү маалыматтарды катышуучу тараптарга жана Улуттук банкка берүү. 

96. Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган банктык эмес уюмдардын иши төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) уставдык капиталдын 5 млн. сом минималдуу өлчөмүнө тиешелүү талаптарды милдеттүү түрдө аткаруу; 

2) өздүк каражаттардын өлчөмүнө карата талаптарды, ал бардык чыгарылган электрондук акча боюнча милдеттенменин кеминде 20% түзүүгө тийиш;  

3) коммерциялык банкта электрондук акча боюнча бардык финансылык милдеттенмелеринин суммасынын кеминде тең жарымы өлчөмүндөгү келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктердин жана жоготуулардын ордун жабууга кам катары каралган аманаттын болушу; 

4) чекене кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоого банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин болушу. 

97. Эл аралык системанын электрондук акчасынын эмитенти жана/же дистрибютору электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча эсептешүү эсебиндеги акча каражаттарын, алар менен келишим түзүлгөн акцептанттардын пайдасына алардын милдеттемелери боюнча электрондук акча ээлеринин атынан жана алардын тапшыруусу боюнча товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү жүргүзүүдөн тышкары башка максаттарга пайдаланууга укугу жок.  

98. Эл аралык системалардын электрондук акча эмитентти жана/же дистрибьютору алдын-ала төлөнгөн карт формасындагы электрондук акча даярдатылган же эл аралык системалардын электрондук акчасы чыгарылган күндөн кийинки 3 жумуш күнү ичинде карттарды даярдаган уюм менен келишимдин көчүрмөсүн Улуттук банкка берүүгө, ал эми эсептешүү банкына/агентине электрондук акчанын эсеби жүргүзүлгөн эсептешүү эсебине, анын жалпы суммасына барабар суммадагы каражаттар чегерилгендиги жөнүндө тапшырманы, ошол келишимдин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен берүүгө. Эмитент ошондой эле келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер жана жоготууларга түзүлгөн камдарды сактоо боюнча банктык аманат келишиминин көчүрмөсүн да берүүгө тийиш. 

99. Эсептешүү банкы, акцептанттар менен эсептешүүлөр үчүн каралган электрондук акчанын эсеби жүргүзүлгөн эсептешүү эсебиндеги каражаттардын айланышы жөнүндө маалыматтарды Улуттук банктын талабы боюнча берүүгө тийиш.  

100. Эл аралык системалардын электрондук акча эмитенти жана/же дистрибютору отчеттук айдан кийинки айдын онуна чейин, ай сайын эсептешүү банкы аркылуу электрондук акча менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө маалыматты Улуттук банкка берип турууга тийиш.  

101. Электрондук акча менен эсептешүүлөр боюнча төлөм системасынын катышуучулары тиешелүү төлөм системалары үчүн белгиленген эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына ылайык, банктар аралык өз ара эсептешүүлөр боюнча коопсуздук талаптарын сактоого тийиш.  

102. Электрондук акча ээлеринин талабы боюнча эмитент акча каражаттарынын жылышы жана электрондук акча калдыгы жөнүндө маалыматтарды берип турушу зарыл.  

103. Электрондук акча менен ишке ашырылган кандай болбосун операция системанын эрежелерине ылайык бардык зарыл реквизиттерди камтыган чек же төлөөнү тастыктаган башка документ аркылуу тастыкталууга тийиш.  

104. Эмитент электрондук акча ээлери жана аны пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялар тууралуу маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш. Электрондук акча ээлери жана аны менен ишке ашырылган операцияларга тиешелүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык гана берилиши мүмкүн.  

 

7. Лицензия берүү тартиби 

105. Лицензия алуу үчүн өтүнүч менен кайрылган жак мамлекеттик жана/же расмий тилде толтурулган төмөнкү документтерди эки нускада Улуттук банкка берүүгө тийиш:  

1) 2 тиркемеге ылайык ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензия алууга өтүнүч кат; 

2) мыйзамдарда белгиленген тартипте каттоодон өткөртүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн уставдын көчүрмөсүн; 

3) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн; 

4) документтер берилген учурда бюджет алдында карызынын жоктугу тууралуу салык органдарынан алынган маалым кат;  

5) электрондук акчаны сактоо, максаттуу пайдалануу жана алар менен жүргүзүлгөн операцияларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебин ачууга банк менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн (банк болуп саналбаган юридикалык жактар үчүн); 

6) төмөнкүлөрдү камтыган бизнес-планды:  

- маалымат системасы боюнча баяндаманы (Улуттук банктын маалыматтык коопсуздук жагында талаптарына ылайык жооп берүүнү кошо алганда, электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча эсептешүү эсебин тейлөөгө алган банкты, эсептерине акча каражаттары чегерилүүгө тийиш болгон акцептанттар жөнүндө маалымат базасын, электрондук акча түрүндөгү каражаттардын жүгүртүлүшү жана калдыгы тууралуу, ошондой эле мындай маалыматтардын банкка берилишин камсыз кылган инфраструктуралар тууралуу маалыматтарды; 

- маалымат системасы дуушар болушу мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү, контролдукка алуу, аныктоо жана өлчөө боюнча туруктуу негизде саясаттарды жана аларга бөгөт коюу боюнча чараларды; 

7) өтүнү менен кайрылган жактын башкаруу органынын жетекчилери, анын ичинде башкы бухгалтери жөнүндө, ар бирине тиешелүү толук маалыматты камтыган тизмени (3-тиркеме); 

8) электрондук акчаны жасап чыгарган уюмдар менен аларды даярдатуу боюнча түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн; 

9) Кыргыз Республикасынын резиденти болбогон эмитент менен республиканын аймагында эл аралык системага кошулуу жана электрондук акчаны чыгарууга тиешелүү түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн; 

10) банк болуп саналбаган юридикалык жактар үчүн мүмкүн болуучу тобокелдиктердин жана жоготуулардын ордун жабууга камдын сакталышына банктык аманат келишиминин көчүрмөсүн; 

11) эсептешүү банкында электрондук акчанын айланышы жана анын калдыгы боюнча маалымат базасын алууну, күндө жаңыртып турууну жана сактоону камсыз кылган программалык камсыздоону орнотуу актысынын көчүрмөсүн; 

12) лицензия алууга өтүнүч катты кароого алуу жана лицензия берүү үчүн төлөм төлөнгөндүгүн тастыктаган документ; 

13) лицензия алууга берилген ишеним кат.  

106. Улуттук банк, лицензия алууга бардык зарыл документтерди кабыл алгандан кийинки 30 календардык күн ичинде алардын ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү менен лицензия берүү же андан баш тартуу чечимин кабыл алат.  

107. Берилген документтерди кароо учурунда алардын ушул Жобонун талаптарына ылайык келбөөсү аныкталган шартта, документтер кайра карап чыгуу үчүн кайтарылып берилет. Мында, документтерди кароо мөөнөтүнө алардын жеткире иштелип чыгышына жана кайра кароого сунушталышына кеткен убакыт кирбейт. Бул учурда документтерди кароо мөөнөтү аларды акыркы жолу берилген учурдан тартып эсептелинет.  

108. Лицензия төмөнкүлөр аткарылган шартта гана эмитентке берилет:  

1) электрондук акчаны чыгаруу, жайылтуу жана ордун жабуу; 

2) электрондук акча ээлеринен эмитентке сунушталган товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн интернетти, мобилдик ж.б. байланыш каражаттарын колдонуу менен төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга тапшырмаларды кабыл алуу; 

3) төлөм жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуу жана эсепке алуу, электрондук акча ээлеринин суроо-талабына тиешелүү электрондук акча боюнча акча каражаттарын төлөө жана алардын жылышы жөнүндө маалыматтарды сунуштоо; 

4) Системада карт ээлеринин атынан жана алардын тапшыруусу менен иштелип чыккан төлөмдөр боюнча келишим түзүлгөн акцептанттар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү

109. Лицензияларды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык таризделген ишеним каттын негизинде жана ыйгарым укук чегерилген адамдын же жетекчисинин ким экендигин тастыктаган документтин болушу шартында жүзөгө ашырылат. Лицензия мөөнөтсүз болуп саналат. Лицензия катталган күн анын анык күчүнө кирген күнү болуп саналат. 

110. Лицензия ажыратып алынгыс болуп саналат жана аны үчүнчү жакка берүүгө тыюу салынат. Бул пунттун талаптарын бузууга жол берилген шартта, лицензия алынып коюлат

111. ФКМдерге жана башка юридикалык жактарга лицензия берүү жөнүндө маалыматтар, каттоо журналында кезектеги катар номерди ыйгаруу менен Улуттук банк тарабынан берилген, лицензияларды эсепке алуунун реестрлер китепчесине киргизилет.  

112. Лицензиянын бланкалары так отчеттуулук документи болуп саналат. Лиценгзиянын бланкаларын эсепке алуу Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылат. (Лицензиянын бланкаларынын форматтары 4-тиркеде келтирилген). 

113. Лицензиянын түп нускасы жогодуп кеткен, ошондой эле лицензиянын бланкасы жараксыз болуп калган шартта, эмитент үч күндүк мөөнөт ичинде лицензиянын дубликатын алууга арыз жазууга милдеттүү. Арызда жоголгон (жараксыз) бланканын бардык реквизиттери жана анын жоголгондугунун (жараксыздыгынын) себептери көрсөтүлүүгө тийиш. Берилген лицензияга "Дубликат (Көчүрмө)" белгиси коюлууга тийиш, ал эми лицензиянын түп нускасы жөнүндө жазууга кошумча лицензияларды эсепке алуу реестринин китебинде белгиленет. Эмитент лицензиянын жоголгон нускасын таап алган учурда, ал аны жок кылуу үчүн Улуттук банкка берүүгө милдеттүү. 

114. Уставга эмитенттин аталышы, жайгашкан ордуна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген шартта, ал ушул Жобонун талаптарына ылайык жаңы лицензия алуу үчүн Улуттук банкка тиешелүү тастыктоочу документтерди 10 жумуш күнү ичинде берүүгө тийиш

115. Лицензия төмөнкү учурларда берилбейт: 

1) арыз берүүчү так эмес маалыматтарды берген, же болбосо ушул Жободо талап кылынган документтерди бербеген учурда. Арыз берүүчү тарабынан орун алган тоскоолдуктар четтетилген шартта, арыз жалпы негиздерде каралат; 

2) мыйзам актыларында бул категориядагы субүекттер үчүн иштин бул түрүн ишке ашырууга тыюу салынган болсо; 

3) Арыз берүүчүнүн иши уставда каралган иштерге ылайык келбегенде; 

4) Арыз берүүчүнүн иштин ушул түрүн жүзөгө ашыруусуна тыюу салган соттун чечими болсо. 

116. Лицензия берүүдөн баш тартуу кат жүзүндө таризделет жана 5 күн ичинде жөнөтүлөт, мында карап чыгууга берилген документтер кайтарылып берилбейт. Лицензия берүүдөн баш тартуу чечими боюнча Улуттук банктын Төрагасына белгиленген тартипте даттанууга болот. 

 

8. Лицензиянын аракетин токтотуп туруунун, 

кайтарып алуунун жана токтотуунун тартиби 

 

117. Эмитент тарабынан ушул Жободо, мыйзамдарда, ченемдик актыларында көрсөтүлгөн талаптарды канчалык деңгээлде бузууга жол берилгендигине жараша, Улуттук банк төмөнкүдөй эскертүү чараларын жана санкцияларды колдоно алат: 

1) ниеттер жөнүндө протокол формасындагы кат жүзүндөгү макулдашуу  

2) жазма буйрук  

3) Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген негиздер боюнча айып салуу же өндүрүү; 

4) электрондук акчалар менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча ишти аткарууга лицензиянын аракетин токтото туруу же кайтарып алуу

118. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берүүлөрдү четтетүү боюнча иш-чаралар планы коммерциялык банктар тарабынан милдеттүү түрдө берилишин көрсөтүү менен эскертүү чараларын жана санкцияларын аткарбагандыгы үчүн эл аралык системалардын электрондук акча эмитентине же дистрибьюторуна үч айга чейинки мөөнөткө лицензиянын аракетин токтотуп коюуга Улуттук банктын укугу бар

119. Лицензиянын аракети токтотулган себептер четтетилгенден кийин, лицензия калыбына келтирилет

120. Улуттук банк төмөнкү учурларда лицензияны кайтарып алууга укуктуу

1) Эмитент же эл аралык системалардын электрондук акча дистрибьютору тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары сакталбаса

2) лицензия үчүнчү жакка берилген шартта

3) электрондук акчаны эсепке аплуу боюнча эсептешүү эсебинен алынган каражаттар максатсыз пайдаланылса

4) отчет бир же эки ирет катары менен өз убагында берилбесе же берилбесе же болбосо так эмес отчет берилсе

5) эмитентке иштин ушул түрүн жүзөгө ашыруусуна тыюу салган соттун чечими болсо

6) лицензия алардын негизинде берилген такталбаган маалыматтардын аныкталышы, же эмитенттин документтеринде такталбаган маалыматтардын табылышы учурунда

7) лицензия берилген ишкердиктин катары менен 3 календардык айдан көбүрөөк убакытка жүргүзүлбөшү учурунда

8) ишке Улуттук банк тарабынан текшерүүнүн жүргүзүлүшүнө тоскоолдук кылган учурларда

9) ээлик кылуучулардын, эсептешүү банкынын, акцептанттардын же даярдоочу уюмдун даттанууларындагы фактылар тастыкталса

10) Улуттук банк тарабынан талап кылынган маалымат бир нече жолу катары менен берилбесе;  

11) ал боюнча мурда эскертүү же аларды четтетүү тууралуу жазма буйрук жөнөтүлгөн, же болбосо алар үчүн мурда айып санкциялары салынган кемчиликтер кайталанган учурунда

12) эмитент тарабынан анын аталышын же жайгашкан ордун Улуттук банкка эскертүүсүз өзөрткөндө жана лицензияны кайра тариздегенде

13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда

121. Улуттук банк эмитенттин ишине жүргүзгөн текшерүүнүн негизинде, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы жана эл аралык системалардын электрондук акча эмитенти же дистрибьютору тарабынан кол коюлган лицензияны кайтарып алуу жөнүндө акт түзүүгө укуктуу  

122. Лицензияны кайтарып алуу жөнүндө акт түзүүдө лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алуу же эмитентке санкциянын башка түрлөрүн колдонуу үчүн анын аракети 7 жумуш күнүнө чейинки мөөнөткө токтотулуп турат

123. Лицензияны кайтарып алуу же башка эскертүү чараларын жана санкцияларын колдонуу жөнүндө сунушту четтетүү тууралуу чечим кабыл алыншан шартта, лицензия эмитентке кайтарылып берилет.  

124. Лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган шартта, анын аракети кайтарып алуу жөнүндө чечим чыгарылган учурдан тартып токтотулат. 

125. Лицензияны берүүдөн же лицензияны кайтарып алуудан баш тартылган учурда, арыз берүүчү негизделген даттануу даярдоого жана аны Улуттук банктын Төрагасынын кароосуна сунуштоого укуктуу. Даттануу 30 календардын күн ичинде кароого алынат.  

126. Лицензиянын аракети төмөнкү учурларда токтотулат

a. лицензия кайтарылп алынса

b. арыз берүүчүнүн бул ишти токтотуусунда, төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн кесепетинен иштин токтотулушунда, жоюлганда, кайра өзгөртүп түзүлгөндө

c. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда

127. Лицензия кайтарып алынган учурда, же болбосо анын аракети токтотулганда, арыздануучу 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка лицензиянын түпнускасын өткөрүп берүүгө жана өзүнүн жабылгандыгы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыя берүүгө жана ал тууралуу эсептешүү банкына билдирүүгө милдеттүү

 

9. Корутунду жоболор 

 

128. Улуттук банк электрондук акчаны пайдалануу менен операцияларды жүргүзүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөр системасына мониторинг, талдоо, жөнгө салууну жана көзөмөл жүргүзөт. 

129. Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишкердити жүзөгө ашырышкан эл аралык системалардын электрондук акча эмитенти жана дистрибьюторлору Улуттук банктын ченемдик документтеринде белгиленген формага жана мөөнөттөргө ылайык алар тарабынан чыгарлган жана тейлөөгө алынган электрондук акча, ошондой эле алар боюнча акча каражаттарынын жылышы жөнүндө маалыматтарды Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

130. Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишкердикти жүзөгө ашырышкан эл аралык системалардын электрондук акча эмитенти жана дистрибьюторлору алардын ээлеринин тиешелүү келишим шарттарын сактоосуна, жүргүзүлгөн операциялардын коопсуздугунун жана электрондук акчанын тиешелүү түрүн пайдалануу эрежелеринин сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга милдеттүү.  

131. Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишкердити жүзөгө ашырышкан эл аралык системалардын электрондук акча эмитенттери жана дистрибьюторлору тиешелүү системанын эрежелеринде белгиленген параметрлер боюнча ишке ашырылган операцияларга мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле жаңылыштык менен же укукка жатпаган операциялардын токтотулушу жана/же аларга бөгөт коюлушу үчүн тиешелүү иш-чараларды караштырууга милдеттүү. 

 

 

 

 

Электрондук акчаны пайдалануу 

менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн 

сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо 

жөнүндө жобого карата 1-тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

БИЛДИРҮҮ  

(мекеменин фирмалык бланкасында

 

Ушул билдирүү менен _________________________________________________________  

(юридикалык жактын аталышы

Милдеттенмесинин суммасы (жазуу жүзүндө _____________________________________) сомду түзгөн, электрондук акча чыгарылгандыгы жөнүндө билдирет.  

 

Билдирүүгө төмөнкүлөр кошо тиркелет

1. Электрондук акчаны чыгаруу жөнүндө чечимдин көчүрмөсү

2. Электрондук акчаны даярдаган уюм менен аларды даярдоо тууралуу келишимдин көчүрмөсү

3. Электрондук акча менен операцияларды сактоо, максаттуу пайдалануу жана эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебин ачуу жөнүндө банк менен түзгөн келишимдин көчүрмөсү

4. Чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого банк менен агенттик кеелишимдин көчүрмөсү

5. Жоготуулар жана тобокелдиктер орун алган шартта, резервди сактоо үчүн депозиттик аманат ачуу жөнүндө банк менен келишилген келишимдин көчүрмөсү.  

6. Эмитент Кыргыз Республикасынын резидент эмеси менен Кыргыз Республикасында эл аралык системалардын электрондук акчасын чыгаруу боюнча келишимдин көчүрмөсү

 

________________________________ ________________ ___________________ 

(Жетекчинин аты-жөнү) (колтамгасы) (күнү)  

 

 

Мөөр 

 

 

 

Электрондук акчаны пайдалануу 

менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн 

сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо 

жөнүндө жобого карата 2-тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын Төрагасы 

____________________________ 

(Аты-жөнү 

___________________________ 

(уюмдун жетекчисинин аты-жөнү

____________________________ 

(уюмдун аталышы

 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

 

________________________________________________________ 

(уюмдун бекитилген уставга ылайык толук аталышы

электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүүңүздү өтүнөм. 

 

өтүнүч катка төмөнкүлөр кошо тиркелет

1. Устав (түп нускасы жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); 

2. Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

3. Салык органдары тарабынан берилген, документтерди берген учурда бюджет алдында карызы жоктугу жөнүндө маалымкат.  

4. Банк менен электрондук акчалар менен операцияларды сактоо, максаттуу пайдалануу жана эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебин ачуу жөнүндө келишимдин көчүрмөсү. 

5. Чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого банк менен агенттик келиишмдин көчүрмөсү

6. Бизнес план. 

7. өтүнүч кат ээсинин башкаруу органдарынын жетекчилеринин, анын ичинде башкы бухгалтердин, ар бири жөнүндө толук маалыматты камтыган тизмеси

8. Электрондук акчаны даярдоочу уюм менен аларды даярдоо тууралуу келишимдин көчүрмөсү

9. Эмитент Кыргыз Республикасынын резидент эмеси менен Кыргыз Республикасында эл аралык системалардын электрондук акчаны чыгаруу боюнча келишимдин көчүрмөсү

10. Жоготуулар жана тобокелдиктер орун алган шартта, резервди сактоо үчүн депозиттик аманатты ачуу жөнүндө банк менен келишимдин көчүрмөсү

11. Электрондук акчанын жүгүртүлүшү жана калдыктары жөнүндө маалымат базасын алуу, күн сайын жаңыртып туруу жана сактоо үчүн программалык камсыздоону эсептешүү банкында орнотуу актысынын көчүрмөсү

 

12. Лицензияны кароого алуу жана берүү үчүн төлөмдүн чегерилгендигин тастыктаган документ

13. ( Ыйгарым укуктуу жактын аты-жөнү) тарабынан лицензия алууга берилген ишеним кат

 

__________________________ ________________ ___________________ 

(Жетекчинин аты-жөнү) (колтамгасы) (дата)  

 

Электрондук акчаны пайдалануу 

менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн 

сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо 

жөнүндө жобого карата 3-тиркеме 

 

 

 

АНКЕТА 

 

_________________________________________  

(мекеменин аталышы)  

___________________________________________________  

(сунушталган кызмат)  

талапкерлигине  

 

1. Аты-жөнү ______________________________________________________________ 

______________________________________________________________________ 

Туулган жылы жана туулган жери __________________________________________________ 

______________________________________________________________________ 

Паспортунун сериясы________________ номери___________________________________ 

Ким тарабынан берилгендиги___________________берилген күнү _______________ 

Жарандыгы___________________________________________________________ 

Документи боюнча үйүнүн дареги, телефон номери _______________________________ 

______________________________________________________________________ 

үйүнүн дареги, ушул учурда жашаган жеринин телефон номери ________________________________________________________________________ 

______________________________________________________________________ 

2. үй-бүлөлүк абалы __________________________________________________ 

3. Билими _________________________________________________________ 

(жогорку, толук эмес жогорку

______________________________________________________________________ 

орточо адистиктеги, орто

дипломунун N __________________________ берилген күнү ________________________ 

ким тарабынан берилгендиги ____________________________________________________________ 

4. Маалыматтык технологиялар тармагындагы билими ____________________________________________________________________ 

______________________________________________________________________ 

______________________________________________________________________ 

--------------------------------------------------------------------------------------------------------- 

 

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан жери 

Факулңти же бөлүмү 

Тапшырган жылы  

Аяктаган жылы 

Эгерде бүтпөй калса, канча жыл окугандыгы  

Алган дипломуна ылайык адистиги  

 

 

 

 

 

 

 

---------------------------------------------------------------------------------------------------------- 

Электрондук акча тармагында окутууну кошо алганда, курстардан окуусу 

---------------------------------------------------------------------------------------------------------- 

 

Семинардын же курстардын темасы  

Семинарды уюштуруучу 

өткөрүлгөн жери 

өткөрүлгөн күнү 

Сертификатынын болушу 

 

 

 

 

 

 

---------------------------------------------------------------------------------------------------------- 

5. Эмгек жолу башталгандан тартып аткарган иши

Жалпы иш стажы ____________________________________________ 

Анын чиинде финансылык же экономикалык тармакта _________________________ 

 

---------------------------------------------------------------------------------------------------------- 

 

Ишке кирген күнү  

Иштен кеткен күнү 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери  

Иштен кетишинин себеби 

 

 

 

 

 

 

---------------------------------------------------------------------------------------------------------- 

6. Сиз иштеген же мүчө болгон башка уюмдарды, ассоуиацияларды, юридикалык жактын мекемелерин атап көрсөткүлө 

---------------------------------------------------------------------------------------------------------- 

Уюмдун аталышы  

Уюмдун жайгашкан жери  

Ээлеген кызматы 

 

 

 

 

7. Бул ишти жүзөгө ашырууга тыюу салган соттун чечими барбы.______ ____________________________________________________ 

8. Банкроттуулук процессинде же банкроттукка байланыштуу өз ишин токтоткон банкка же башка финансы-кредит мекемесине Сиздин тиешеңиз барбы______________________________________ _________________________ 

(эгер бар болсо, банктын же финансы-кредит мекемесинин аталышын, ээлеген кызматыңызды көрсөтүңүз) 

9. Улуттук банк тарабынан Сизге кандайдыр бир эскертүү чаралары же санкциялар колдонулду беле? _______________________________________________________________________ _____________________________________________________________________ 

 

Мен, ____________________________________________________________________, 

(аты-жөнү

жогоруда берилген маалыматтын анык жана толук экендигин тастыктайм жана мындан ары ага киргизилген бардык өзгөртүүлөр жөнүндө Улуттук банкка маалымдап турам деп милдеттенем. Мен тараптан бурмалоолорго жана калтырууларга жол берилсе ал, сунушталган кызматты бекитүүдөн баш тартууга негиз болуп саналаарын, ошондой эле андан ары мага жана мен жетектеген компанияга санкциялардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонушуна алып келээрин мойнума алам

 

______________________ 2006 жылдын «___» _________ 

(колтамгасы

Электрондук акчаны пайдалануу  

менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн 

сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо 

жөнүндө жобого карата 4-тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрөстүлөрдү сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна 

№ ___/____ ЛИЦЕНЗИЯ 

Берилди _____________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы

______________________________________________________________________ 

( юридикалык жактын кыскартылып берилген аталышы

______________________________________________________________________ 

(жайгашкан орду: өлкөсү, областы, калктуу пункту, көчөсү, үйү, квартирасы, телефону

 

Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк ________________________ 

(сериясы, номери

берилди ____________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилгендиги) 

 

Идентификациялык коду: ________________ 

 

Бул лицензия финансы-кредит мекемеси болуп саналбаган 

_______________________________________________, (юридикалык жактын кыскартылып берилген аталышы

Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга укук берет. 

Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишкердик электрондук акчанын эмиссиясын, таркатылышын, электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү жана электрондук акчанын ордун жабууну өзүнө камтыйт.  

Лицензия ажыратып алынгыс (өздүк) болуп саналат. Бул лицензиядан улам чегерилген укук үчүнчү жакка өткөрүлүп берилбейт. Ал эми өткөрүлүп берилген шартта, ушул лицензияда көрсөтүлгөн ишке тыюу салуу менен лицензия алынып коюлат. 

Лицензиянын колдонуудагы мөөнөтүнө чек коюлбайт. 

Лицензиянын көчүрмөсү жараксыз болуп саналат

Лицензия ага кол коюлгандан тартып күчүнө кирет. 

 

Лицензия каттодон өткөртүлгөн (күнү, айы, жылы). 

 

N ____________ бланканын сериясы ______________ 

 

______________________ _____________ ___________________ 

(Улуттук банктын кызмат адамы) (колтамгасы) (аты-жөнү.) 

 

Мөөр  

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрөстүлөрдү сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна 

№ ___/____ ЛИЦЕНЗИЯ 

___________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын кыскартылып берилген аталышы

__________________________________________________________________ 

(жайгашкан орду

 

Бул лицензия финансы-кредит уюмуна электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрөстүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугун берет.  

Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрөстүүлөрүн сунуштоо боюнча ишкердик өзүнө электрондук акчанын чыгарылышын, таркатылышын, электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өткөрүүнү жана электрондук акчанын ордун жабууна камтыйт.  

Лицензия ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет

Лицензия ажыратып алынгыс, мөөнөтсүз болуп саналат

Лицензия каттоодон өткөртүлгөн (күнү, айы, жылы). 

 

N ____________ бланктын сериясы______________ 

 

________________________________ _____________ ___________________ 

(Улуттук банктын кызмат адамы) (колтамгасы) (аты-жөнү.) 

 

Мөөр