Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын «____»________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 28-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 26-июнунда 47-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 22/4 токтому менен бекитилген «Тике банктык көзөмөлдүк жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 28-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 26-июнунда 47-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 22/4 токтому менен бекитилген «Тике банктык көзөмөлдүк жөнүндө» жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

 

1. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«2.2. Көзөмөл боюнча комитет тике банктык көзөмөлдүк милдеттерин аткаруу үчүн банкка ыйгарым укук чегерилген кызматкерин/кызматкерлерин (мындан ары текшерүүчүлөр тобу) жөнөтөт жана алардын Жетекчисин (мындан ары-Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси) дайындайт.  

2.2.1. Текшерүүчүлөр тобунун саны жана курамы тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүнүн негиздерине, банктын финансылык абалына жана өзгөчөлүгүнө, ошондой эле банктын абалына таасирин тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон башка факторлорго жана жагдайларга жараша аныкталат.  

2.2.2. Банктын төлөм операцияларына контролдукту болжолдогон, тике банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлери (макулдашуу боюнча) зарылчылыкка жараша ишке тартылышы мүмкүн.».  

2. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.3-пунктунда

· төртүнчү абзацтагы «текшерүүчүнүн» деген сөз «Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин» деген сөздөргө алмаштырылсын

· бешинчи абзацтагы «текшерүүчүнүн (анын ыйгарым укуктарын кошо алгандадеген сөздөр «Текшерүүчүлөр тобунун (ыйгарым укуктарын кошо алгандадеген сөздөргө алмаштырылсын

· алтынчы абзацтагы «текшерүүчүгө» деген сөз «текшерүүчүлөр тобуна» деген сөздөргө алмаштырылсын

3. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«2.5. Банкка (филиалдарын жана башка обочолонгон бөлүмдөрүн кошо алганда) тике банктык көзөмөлдүк милдеттерин аткаруу үчүн түздөн-түз жөнөтүлүүчү текшерүүчүлөр тобунун жетекчисине жана мүчөлөрүнө Улуттук банктын көзөмөл блогунун жана/же областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери дайындалышат

2.5.1. Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси төмөнкүлөргө жоопкерчиликтүү болот:  

- Көзөмөл боюнча комитеттин токтомуна ылайык тике банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга

- тике банктык көзөмөлдүк милдеттерин, анын ичинде ушул Жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерин аткарууга;  

- текшерүүчүлөр тобунун ишине жетекчилик кылууга;  

- текшерүүчүлөр тобунун мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө жана алардын ишине

2.5.2. Зарылчылыкка жараша, текшерүүчүлөр тобунун курамына банктын тиешелүү квалификациялык деңгээлге жана алгылыктуу ишкердик абройго ээ кызматкери ишке тартылышы мүмкүн. Текшерүүчүлөр тобунун мүчөсү катары филиалдын ишине контролдук жүргүзүү боюнча ыйгарым укукту, Улуттук банктын көзөмөл блогунун началңнигине макулдашуу аркылуу гана, текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин чечими менен банктын кызматкерине ыйгарууга болот.». 

4. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.6-пунктунда

· Экинчи, төртүнчү жана бешинчи абзацтагы «текшерүүчү» деген сөз тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө «Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси» деген сөздөргө алмаштырылсын

· үчүнчү абзацтагы «текшерүүчү» деген сөз «текшерүүчүлөр тобу» деген сөздөргө алмаштырылсын

5. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.7-пунктунда:  

· биринчи сүйлөмдөгү

- «текшерүүчүнүн» деген сөз «текшерүүчүлөр тобун» деген сөздөргө алмаштырылсын;  

- «текшерүүчүнүн» деген сөз «Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин» деген сөздөргө алмаштырылсын

- «текшерүүчүнүн» деген сөз «Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин» деген сөздөргө алмаштырылсын

6. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.8-пунктунда

· биринчи сүйлөмдөгү «көзөмөл органынын текшерүүчүсү» деген сөздөр «Тышкы көзөмөл башкармалыгына Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси тарабынан» деген сөздөргө алмаштырылсын

· экинчи сүйлөмдөгү «текшерүүчүнүн» деген сөз «Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин» деген сөздөргө алмаштырылсын

7. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.2-пунктунда

· биринчи абзацтагы «текшерүүчүнүн» деген сөз «текшерүүчүлөр тобунун, анын ичинде Текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин» деген сөздөргө алмаштырылсын

· төртүнчү абзацтагы «текшерүүчүнүн» деген сөз «текшерүүчүлөр тобунун» деген сөздөргө алмаштырылсын

· жетинчи абзацтагы «көзөмөл органына» деген сөздөр «Тышкы көзөмөл башкармалыгына» деген сөздөргө алмаштырылсын

8. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунда

· биринчи абзацтагы «текшерүүчү» деген сөз «Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси» деген сөздөргө алмаштырылсын

· тертүнчү жана бешинчи абзацтардын ортосу төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын

«- банктан зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинде банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын чечимдеринин долбоорлорун суроого жана аны Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси тарабынан белгиленген мөөнөттө алууга

- банктын бардык кардарлары жана алардын эсептери, банктын бардык баланстык эсептери жөнүндө (отчетторго оңдоолорду киргизүү укугусуз, окуу, түзүү жана басып чыгаруу) маалымат алуу мүмкүнчүлүгү менен банктын банктык автоматташтырылган системасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө;». 

9. 4-бөлүктүн 4.4., 4.5. жана 4.6-пункттарында «текшерүүчү» деген сөз «текшерүүчүлөр тобу» деген сөздөргө тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө алмаштырылсын

10. 4-бөлүктүн 4.5-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын

«Банк мындан тышкары, тике банктык көзөмөлдүк учурунда банк тарабынан текшерүүчүлөр тобуна берилүүчү имараттарда үн жана видео жаздыргычтар орнотулгандыгы жөнүндө текшерүүчүлөр тобун эскертип коюуга милдеттүү.». 

11. 4-бөлүктүн 4.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«4.8. Банк же анын кызмат адамдары Улуттук банктын тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүү жөнүндө талаптарын аткаруусунан баш тарткан же тике банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга тоскоолдуктарды жараткан шартта, ошондой эле Көзөмөл боюнча комитеттин токтомдорунун нормаларын, анын ичинде Көзөмөл боюнча комитеттин токтомдорунун айрым пункттарынын талаптарын бузууга жол берилген болсо, текшерүүчүлөр тобу тарабынан тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүгө каршы аракеттер жөнүндө акт түзүлөт (1-тиркеме).  

Банк тарабынан ушул жобонун, Улуттук банктын ченемдик актыларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же Көзөмөл боюнча комитеттин токтомдору менен белгиленген (тапшырмалар, чектөөлөр, сунуш-көрсөтмөлөр) тике банктык көзөмөлдүк чарасынын талаптарын бузууга жол берилген болсо, Улуттук банк банктык операцияларды жүзөгө ашырууга банктын лицензиясын кайтарып алууну кошо алганда, банкка жана анын жетекчилигине карата таасир этүү чараларын банк мыйзамдарына ылайык колдонууга укуктуу.».  

12. Жобого карата 12-тиркемеде

· «текшерүүчү» деген сөз «текшерүүчүлөр тобу» деген сөздөргө тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө алмаштырылсын

· төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын

«Эгерде, банктын кызматкерлери ушул актыга кол коюудан баш тартса, анда текшерүүчүлөр тобу бул актыда кол коюудан баш тартылгандыгы тууралуу фактысын чагылдырып, белгиленген тартипте каттоодон өткөртүлгөн актыны банктын канцеляриясында калтырууга укуктуу.».