Кайта келүү

Долбоор  

 

«Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам ФКМ иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобо 

 

Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамдарга, «Кредиттик союздар жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.  

 

 

I. Жалпы жоболор 

 

1. Кыргыз Республикасынын коммерциялык микрофинансылык уюмдарынын жана кредиттик союздарынын (мындан ары ФКМдер) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруу тартибин белгилөө, бул жобонун максаты болуп саналат.  

2. Ушул жобонун нормалары ФКМдерге карата, алардын ишинин мүнөзүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ченемдик-укуктук актыларында аныкталган, уюштуруу-укуктук формаларын эске алуу менен колдонулат

3. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган ФКМдер, каражаттарды Шариат жол берген бизнеске гана инвестициялоого тийиш.  

4. ФКМдер үчүн бүтүмдөрдүн жана операциялардын түрлөрү Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш, анын негизги функциялары бул ФКМдер тарабынан жүзөгө ашырылган операциялардын жана бүтүмдөрдүн Шариат стандарттарына ылайык келүүсүн камсыз кылуу болуп саналат.  

Шариат кеңеши микрофинансылык уюмдар (МФУ) менен кредиттик союздардын (КС) ассоциациалары (бирикмелери) тарабынан түзүлүүгө тийиш

5. Микрофинансылык уюмдар (МФУ) менен кредиттик союздардын (КС) ассоциациалары (бирикмелери) тарабынан түзүлгөн Шариат кеңешинин иши МФУлар менен КСнын ассоциациясынын мүчөлөрү тарабынан бекитилген, Шариат кеңеши жөнүндө жобо тарабынан жөнгө салынат

6. ФКМде түзүлгөн Шариат кеңешинин иши жана курамы ФКМдердин Директорлор кеңеши (уюштуруучулар) тарабынан жөнгө салынат

Шариат кеңеши өз функцияларын аткаруу учурунда ФКМдин аткаруу органына көз карандысыз болууга тийиш.  

7. Шариат кеңешинин мүчөлөрү Улуттук ФКМдин ченемдик укуктук атыларында белгиленген талаптарга ылайык келүүлөрү тийиш

8. ФКМ ислам ФКМ иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынын “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын жана Улутутк ФКМдин терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүүгө багытталган, ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого тийиш.  

9. МФУда жана КСда Кыргызстан ФКМынын лицензиясы болгон шартта, Улуттук ФКМдин мыйзам актыларынын жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен төмнөкү опеарцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ болушат: мудараба, шарика/мушарака, мурабаха, иджара (Кыргызстан ФКМынын лицензиясы болгон шартта), кард хасан ( Кыргызстан ФКМынын лицензиясы болгон шартта депозиттерди тартуу менен иш алып баруучу МФК, КС), истиснаа, салам. 

 

II. Ислам ФКМ иши жана каржылоо принциптерине жооп берген бүтүмдөрдүн түрлөрү 

 

1-глава. Мудараба бүтүмү 

 

10. Мудараба бүтүмү- бул, келишим негизинде бир тарап инвестор капиталды (акча каражаттарын) сунуштайт, ал эми экинчи тарап (мудариб) ошол капиталды кабыл алуу менен пайда алуу максатында аларды тескөөгө алат. Мында алынган пайда келишим шарттарына ылайык тараптар ортосунда пропорционалдуу бөлүштүрүлүүгө тийиш. Эгерде келишимди аткаруунун жүрүшүндө чыгым келип чыкса, инвестор капиталдын сунуш кылынган суммасы өлчөмүндө чыгым тартат, ал эми мудариб бул учурда өз эмгеги үчүн сыйакы албай калат. Чыгымдарды бөлүштүрүүнүн мындай эрежеси, эгерде чыгым мударибдин күнөөсү боюнча эмес келип чыккан шартта гана колдонулат.  

Эгерде келишимди аткаруунун жүрүшүндө мударибдин күнөөсү боюнча же анын укукка жатпаган аркеттеринин/аркеттенбей коюусунун кесепетинен чыгым келип чыкса, анын орду мударибдин эсебинен жабылууга тийиш. Мында, инвестор мударибден камсыздоонун эсебинен мурда келишим боюнча берилген сумманы алууга укуктуу, эгерде ал сумма жетишсиз болсо, ал мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен алынат

11. Мудараба бүтүмдөрү (макулдашуулары) төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: 

 

Чектелген/атайы мудараба бул, анын шарттары боюнча инвестор активдердин түрлөрүн белгилеген же мударибдин инвестициялоосу үчүн долбоорлорду аныктаган мудараба бүтүмү.  

Чектелбеген/жалпы мудараба бул, анын шарттары боюнча мудариб каражаттарды өзүнүн иш чөйрөсүнүн кайсыл болбосун багытына каалоосу боюнча жумшоого укуктуу болгон мудараба бүтүмү.  

Ачык мудараба бул, анын шарттары боюнча инвестор мударибден ага берилген акча каражаттарды мөөнөтүнөн мурда (биринчи талап боюнча) алууга укуктуу болгон мудараба бүтүмү. Бул учурда ФКМ (эгерде ал мудариб катары иш алып барган болсо) инвесторго акыркы толук мезгил үчүн (ай, жыл) алган пайданы төлөп берет. 

12. Мудараба бүтүмү ФКМдер тарабынан төмөнкү эки учурда гана колдонулат

1) Кыргыз Республикасынын ФКМ дер үчүн каралган мыйзам актыларынын талаптарына ылайык каражаттарды тартуу боюнча инструмент катары; 

2) каржылоо инструменти катары

13. Мудараба келишими кат жүзүндө толтурулууга тийиш. 

14. ФКМ, инвестордун ролунда иш алып баруу менен бизнес-планга баа берүүнү жүргүзүүгө, инвестициялоо үчүн обүекттерди аныктоого, кардардын ишине баа берүүгө жана келишим аткарылышынын жүрүшүндө ага консулңтацияларды берип турууга тийиш. 

15. Чектелген/атайы мудараба бүтүмү боюнча акча каражаттарын берүү учурунда ФКМ, акча каражаттарынын максатсыз пайдаланылышына, займдарды, ссудаларды жана кредиттерди берүүгө тыюу салуу жөнүндө шарттарды келишимге кошуусу зарыл

16. Мудараба бүтүмү боюнча милдеттенмелердин тиешелүү деңгээлде аткарылышы максатында ФКМ, инвестордун ролунда иш алып баруу менен кардардан кандай болбосун формадагы күрөө түрүндөгү камсыздоолорду ала алат. 

17. Мудараба келишиминде эң аз дегенде төмөндөгүлөр каралышы зарыл: 

1) келишим түрүнө карата көрсөтмө

2) келишим түрүнө жараша - инвестициялоо обңектисине көрсөтмө, салынган сумманы мөөнөтүнөн мурда алуунун мүмкүн эместиги, инвестордон алынган каражаттарды үчүнчү жактардын каражаттары менен чогуу пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө жобо

3) берилүүчү сумманын өлчөмү; 

4) милдеттенмелерди камсыздоо ыкмалары; 

5) тараптардын укуктары жана милдеттери; 

6) келишимди аткаруунун жүрүшүндө тараптардын күнөөсү боюнча же алардын укукка жатпаган аракеттенүүсү/ аркеттенбей коюусунан улам келип чыккан чыгымдардын ордун жабуу милдеттенмеси аткарылбай калгандыгы же тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги

7) тараптар ортосунда түшкөн пайдаларды жана жол берилген чыгымдарды бөлүштүрүү тартиби

8) келишим шарттарынын тараптар тарабынан өз алдынча же квалификациялуу адистерди тартуу менен аткарылышы; 

9) алынган акча каражаттарынын пайдалануу эсебин жүргүзүү, ал келишим же анын айрым баскычынын бүтүшү боюнча тараптар ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон алынган пайданы аныктоого мүмкүндүк берет; 

10) келишимди токтотуу тартиби. 

18. Келишим түзүшкөн тараптардын пайдасы келишимде каралган тартипте  

алынган пайдадан үлүштө аныкталат. Мудараба операциясынан алынган пайданы бөлүштүрүү тартиби жана мөөнөттөрү келишим шарттарына ылайык аныкталат.  

20.Мудараба келишими төмөнкү учурларда бир тараптуу тартипте токтотулбайт, эгерде

- мудариб келишим шарттарын аткарууга киришип, ишкердиктин жүрүшүндө каражаттарды пайдалана баштаган болсо;  

- келишим мөөнөтү бүтө элек болсо. 

 

2.-глава. Шарика/мушарака келишими /өнөктөштүгү 

 

20.Шарика/мушарака келишими бул, ФКМ менен бир же андан көп тараптар ортосунда өнөктөштүк келишими, ага ылайык ар бир өнөктөш белгилүү бир суммадагы акчаны же бардык өнөктөштөрдүн макулдугу менен материалдык активдерди салат, мында келишимге ылайык пайданы бөлүштүрүү шартында биргелешкен активдерди пайдалануу менен ишти макулдашып тескөө ишке ашырылат, ал эми келип чыккан чыгымды ар бир өнөктөш жалпы капиталга кошкон салымына жараша өз мойнуна алат.  

21. Шарика/мушарака келишими төмөнкүдөй эки башкы категория боюнча 

классификацияланат: 

1) юридикалык жакты түзүүсүз эле катышуучуларды бириктирүү; 

2) юридикалык жакты, анын ичинде: 

өнөктөш шериктештикти жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык түзүлгөн юридикалык жакты түзүү менен катышуучуларды бириктирүү. 

Эгерде келишимден башкасы келип чыкпаса, шарика/мушарака келишими юридикалык жакты түзүүсүз эле катышуучуларды биригүүсүнө карата сыяктуу эле, юридикалык жакты түзүү менен биригүүсүнө карата да колдонулат. 

Шарика/мушарака мунтахийа биттамлик бул, шарика келишиминин негизинде өнөктөштүк формасы болуп саналат, анда өнөктөштүктөрдүн бири башка өнөктөштүн үлүшүн келишимде аныкталган өлчөмдө ошол үлүшкө менчикке укук ага толук өтмөйүнчө бара-бара сатып алып отурат. Бул операция өнөктөштүктү түзүү менен башталат, андан кийин эки өнөктөш ортосунда үлүштөрдү сатып алуу жана сатуу ишке ашырылат.  

Сатып алып жаткан өнөктөшкө акцияны сатып алуу милдеттенмесин же учтавдык капиталдагы үлүшүн берүүгө гана уруксат берилет. Бул милдеттенме өнөктөштүк келишиминен көз карандысыз берилүүгө тийиш. Мындан тышкары, сатып алуу сатуу келишими өнөктөштүк келишиминен көз карандысыз түзүлүүгө тийиш. Бир келишим башка келишимди түзүү шарттарында түзүлүшүнө жол берилбейт. 

21. Шарика/мушарака мунтахийа биттамлик бүтүмүндө шарика/мушарака келишиминин жалпы эрежелери колдонулат жана шарика/мушарака келишимине кайсы бир тарапка компаниянын капиталынан өз үлүшүн кайтарып алууга укук берген кандайдыр бир жобону кошууга уруксат берилбейт

Шарика/мушарака келишими кат жүзүндө толтурулат. Эгерде келишим негизинде юридикалык жак түзүлгөн болсо анда ал, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте катталууга тийиш. өнөктөштүктү түзүү келишим документинде же юридикалык жактын уставында өнөктөштүк максаттары так чагылдырылышы зарыл.  

22. Эгерде тараптар тарабынан өнөктөштүк ишин жүзөгө ашыруу 

максатында сунуш кылынган финансылык каражаттар же мүлк жол берилген булактардан алынган болсо, өнөктөштүк келишимин түзүүгө ФКМге уруксат берилет. өнөктөштүк негизинде юридикалык жакты түзүү учурунда өнөктөштүк ишинде, анын ичинде Шариат эрежелерин сактаган тескөөнү жүзөгө ашыруу процессинде операцияларды аткарууда Шариат эрежелеринин жана принциптеринин сакталышына тиешелүү бардык зарыл тастыктоолор алынууга тийиш.  

23. өнөктөштүк келишимине түзөтүүлөр киргизилсе, анда келип чыккан чыгымды ар бир өнөктөш капиталга салынган үлүшүнө жараша өз мойнуна алууга тийиш

24. Эгерде Шарика/мушарака өнөктөштүгү келишиминин негизинде түзүлгөн юридикалык жактын капиталына материалдык активдер (товарлар) салынса, анда мындай активдердин акчалай наркы көз карандысыз эксперттер тарабынан аныкталууга тийиш. 

25.Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн юридикалык жактын капиталына төлөм катары карыздык милдеттенмени (дебитордук карызды) салууга уруксат берилбейт. Карыздык милдеттенмелер, алар капиталга төлөм түрүндө салынган башка активдерден ажырагыс болсо гана, шарика/мушарака өнөктөштүгү келишиминин негизинде түзүлгөн өнөктөштүктүн капиталына салынышы мүмкүн. Бул учурда, таза активдердин наркы көз карандысыз аудиторлор тарабынан тастыкталууга тийиш. 

26.өнөктөштүккө негизденген юридикалык жакты түзүү жөнүндө келишиминде ар бир өнөктөштүн келишим чегинде жана компаниянын таламдарына гана аракеттенүүсү жана албетте, милдеттүү түрдө Шариаттын эрежелерин жана принциптерин сактоого тийиш экендиги караштырылышы зарыл. 

27. Келишимде юридикалык жактын ишин өнөктөштөр же өнөктөштөрдүн бири тарабынан аныкталган башкаруу шарттары кайрадан каралышы мүмкүн. Бул учурда башка өнөктөштөр бул чечимге таянууга жана компаниянын атынан аракеттерди ишке ашырбоого милдеттүү. 

28. Шарика/мушарака келишиминде менеджерди өнөктөштөрдүн ичинен эмес башка жактан компаниянын сарптоолоруна кирген катталган сыйакыны төлөө менен дайындоо же менеджерге колдоо көрсөтүү үчүн инвестициялык пайданын бөлүгү жана катталган сыйакы түрүндө төлөөлөрдүн караштырылышы мүмкүн. Эгерде башынан тартып эле башкаруу, алынган пайдадан үлүш өлчөмүнүн негизинде жүргүзүлө турган болсо, анда бул аракет менеджерди мудариб катары классификациялайт жана бул учурда ал, эгерде буга жетишилген болсо, пайдадан үлүшкө гана укукка ээ болот жана ага менеджердин кызматын аткаргандыгы үчүн эч кандай башка сыйакы төлөнүп берилбейт.  

29. Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын каражаттарын тескөө ишине өз салымын кошкон же өз кызмат көрсөтүүсүн кандайдыр бир башка формада, мисалы, бухгалтердик эсепке алуу жагында кызмат көрсөтүүнү сунуштаган, өнөктөшкө катталган сыйакыны шарика/мушарака келишиминде аныктоого уруксат берилбейт. Мында, өнөктөштүк капиталындагы өз үлүшүнө ылайык иштеп тапканына караганда пайданын көбүрөөк бөлүгүн ага берүүгө уруксат берилет.  

30. Шарика/мушарака келишиминде укукка жатпаган аракеттерге, шалаакылыкка, кайдыгер мамилеге же өнөктөштөр/өнөктөш тарабынан келишим талаптарын бузууга жол берилген учурларда келип чыккан чыгымдын ордун жабуу үчүн камсыздоону берүү түрүндө өнөктөштөрдүн жоопкерчилиги каралууга тийиш. 

31. Эгерде айрым же бардык өнөктөштөр тарткан чыгымдын ордун жабуу  

гарантиясы үчүнчү жак тарабынан берилген болсо, анда мындай гарантия төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) гарант катары чыгып жаткан үчүнчү жактын укуктун негизинде иш алып барууга жөндөмдүүлүгү жана финансылык милдеттенмеси шарика/мушарака келишимине көз каранды болбоого тийиш; 

2) гарантия белгилүү бир компенсация үчүн берилүүгө тийиш эмес жана шарика/мушарака келишимине байланыштуу болбоого тийиш; 

3) гарант катары чыгып жаткан үчүнчү жакка компаниядагы капиталдын суммасынын тең жарымынан көбүрөөгү гарант катары чыгып жаткан үчүнчү жакка тиешелүү болбоого тийиш

4) гарантия алган компанияга ошол гарантияны берип жаткан компаниянын капиталынын суммасынын тең жарымынан көбүрөөгү тиешелүү болбоого тийиш

5) үчүнчү тараптын гарантиясы анын пайдасына берилген өнөктөш, эгерде гарант гарантиянын шарттарын аткарбаса, келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартууга укугу жок. 

32. Шарика/мушарака келишиминде тараптар ортосунда пайдадан алынган үлүш түрүндөгү пайданы ар бир өнөктөштүн компаниянын капиталындагы төлөмүнө пропорционалдуу негизде бөлүштүрүү тартиби каралууга тийиш. Пайда катталган акчалай сумма түрүндө белгилениши мүмкүн эмес

33. Шарика/мушарака келишиминде пайданы бөлүштүрүү күнүнө карата аны бөлүүдө өнөктөштөрдүн үлүшүн өзгөртүү же өнөктөштүн ага тиешелүү пайданын бөлүгүн пайданы бөлүштүрүү күнү башка өнөктөштүн пайдасына ыйгарып бериши укугу караштырылышы мүмкүн. 

34. Башка өнөктөштөрдүн чыгымын өз эрки менен алууга ФКМдин укугу жок. Бирок, Шарика келишиминде ФКМ алдын-ала шарт коюусуз эле, келип чыккан чыгым үчүн жоопкерчиликти ошол учурда эле, өз эрки боюнча өзүнө алууга башка өнөктөштөрдүн укугун караштырышы мүмкүн. 

35. Ал туруктуубу же жокпу, андан көз карандысыз пайданы бөлүштүрүүнүн кандайдыр бир ыкмасын колдонууга келишүүгө өнөктөштөргө уруксат берилет, мисалы, келишимди аткаруунун алгачкы баскычында пайданын үлүшүнүн өлчөмү өзүнчө, ал эми экинчи баскычта - эки мезгилдин же алынган пайданын өлчөмдөрүнүн бири-бирине дал келбей калышы мүмкүндүгүнө жараша башкача боло тургандыгына келишүү. Бул жагдай, ушундай ыкманы колдонуу өнөктөштөрдүн бири пайдага катышуудан четтетилиши ыктымалдыгын шарттаган жагдайга алып келбеген учурда гана чечилет. 

36. Пайда, компаниянын ишинен күтүлүп жаткан пайданы эске алуусуз эле иш жүзүндөгү натыйжалар боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш.  

37. Шарика/Мушарака келишими боюнча пайданы бөлүштүрүү шарттарына же ыкмасына пайданы бөлүштүрүү принцибинин бузулушуна алып келген кандайдыр бир жоболорду же шарттарды кошууга уруксат берилбейт. Мындай натыйжага алып келиши мүмкүн болгон пайданы бөлүштүрүүнүн кандай болбосун шарттары же ыкмасы келишимди жокко чыгарат. 

38. өнөктөштөргө келишимде, ага ылайык бир же бир нече өнөктөш пайдадан катталган сумманы же шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын капиталынан пайыздык катышта эсептелинген сумманы ала алган жобону караштырууга уруксат берилбейт. 

39. Эгерде, алынган пайданын суммасы тараптар алдын-ала белгилеши мүмкүн болгон белгилүү бир максималдуу чектен жогору болсо, артып калган пайда өнөктөштөрдүн бирине берилиши мүмкүндүгүнө макулдашууга уруксат берилет. Тараптар ошондой эле, эгерде пайда максималдуу суммадан ашпаса же ал суммадан төмөн болсо, анда пайда алар түзгөн келишимге ылайык бөлүштүрүлө тургандыгына макулдаша алышат. 

40. өнөктөштүк мөөнөтү бүткөн же ал жоюлган шартта, пайда Шарика/Мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын бардык колдонулуп жаткан активдерин рыноктук нарк боюнча сатуудан келип түшкөн каражаттардын негизинде жыйынтыкталып бөлүштүрүлүшү мүмкүн. 

41. Кандайдыр бир каражатты кайсыл болбосун тарапка аванс менен б.а., жыйынтыктап айкын эсептешүүлөр кийинчерээк каралган баскычта жүргүзүлө турган шартта, айкын же конструктивдүү баа берүүгө чейин бөлүштүрүүгө уруксат берилет. Бул учурда, тараптар айкын же конструктивдүү баа берүүдөн кийин аларга тиешелүү болгон пайданын үлүшүнөн үстөк алынган кандай болбосун сумманы компанияга компенсациялап берүүгө милдеттүү. 

42. Эгерде, шарика/мушарака келишиминин предмети болуп ижарага (лизингге), берүү үчүн сатылып алынган жана киреше алып келүүчү активдер саналса же келишим предмети болуп каражаттын түшүүсүн шарттаган кызмат көрсөтүүлөр эсептелсе, анда сумма өнөктөштөргө жыл сайын аванс менен бөлүштүрүлүп, жөнгө салынууга жана шарика/мушарака келишиминин аракеттенүү мөөнөтүнүн акырында компенсацияланууга тийиш. 

43. Тараптардын уставынын же чечиминин негизинде компаниянын пайдасын бөлүштүрбөөгө же пайданын белгилүү бир өлчөмдөгү суммасын төлөөгө жөндөмдүүлүктү колдоо камы (резерв) же капиталды жоготуулардын ордун жабуу үчүн кам (инвестициялык тобокелдик камы) катары калтырып коюуга уруксат берилет. 

44. Тараптар шарика/мушарака келишимин мерчемдүү мөөнөт аралыгына сыяктуу эле, мөөнөтүн көрсөтүүсүз эле түзө алышат, же болбосо келишимди токтотуу же алып салуу үчүн негиз болуп саналган шарттарды белгилеши мүмкүн. 

Ар бир өнөктөш шарика/мушарака келишимин өз өнөктөшүнө (өнөктөштөрүнө) ал тууралуу тиешелүү билдирмени жөнөтүүдөн кийин токтотууга укуктуу (башкача айтканда, компаниядан чыгууга). Бул учурда, ал компаниянын капиталына/активине салынган өз үлүшүн алууга укуктуу жана анын чыгуусу калган өнөктөштөрдүн ишине тоскоолдук кылбайт. Мөөнөттүү келишимди түзүүдө тараптарга өнөктөштүктү мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө макулдашып алууга уруксат берилет. Мына ушул жагдайларда келишим мөөнөтү бүткөнгө чейин өнөктөштөр тарабынан ишке ашырылып келген милдеттенмелер жана аракеттер өзгөрүүсүз калуу менен улантыла берет. 

45. өнөктөшкө компания иштеп турган мезгил аралыгында, же болбосо ал жоюлган учурда шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын бардык активдерин рыноктук наркы же сатып алуу күнүнө карата келишим боюнча сатып алууга милдеттенүүгө уруксат берилет. Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын активдерин мурдатан аныкталган номиналдык наркы боюнча сатып алууга сөз берүүгө уруксат берилбейт. 

46. Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн ишкана, келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөндө же өнөктөштөр аны мөөнөтүнөн мурда токтотууну чечкен учурда, ага чейин эле, же болбосо, ишкана кандайдыр бир бизнес үчүн түзүлүп, өнөктөштүк жөнүндөгү келишим предметин чагылдырган активдер иш жүзүндө жок кылынгандан кийин өз ишин токтотот. Шарика/мушарака келишимин токтотуу, жоюу болжолдонгон учурда да орун алышы мүмкүн. Бул жагдайда, шарика/мушарака келишими бүткөн катары каралат жана тараптар өздөрү каалаган учурда жаңы өнөктөштүктү башташат, бул учурда, жоюунун жүрүшүндө сатылбай калган, бирок болжолдонгон жоюунун негизинде бааланган активдер жаңы ишкананын капиталы болуп калат. 

Эгерде жоюу келишим мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу болсо, анда бардык колдонуудагы активдер тиешелүү рыноктук баага ылайык сатылат, ал эми аларды сатуудан түшкөн каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалат: 

а) жоюу чыгымдарына

б) ишкананын таза активдеринен финансылык милдеттенмелер боюнча төлөөлөргө; 

в) калган активдерди өнөктөштөр арасында алардын компаниянын капиталындагы/активдериндеги үлүштөрүнө ылайык бөлүштүрүүгө. Эгерде активдер жетишсиз болсо жана тараптар өздөрүнүн салган бүтүндөй капиталын кайтарып ала албаса, активдер компаниянын капиталындагы алардын үлүшүнө пропорционалдуу негизде бөлүштүрүлөт. 

47. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо максатында уюштурулган компания белгилүү бир кесипке же квалификациялуу эмгекке тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо же белгилүү бир кызмат көрсөтүүлөрдү, же кесипкөйлүк кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо, ошондой эле товарларды даярдоо үчүн эки же андан көп өнөктөштөр ортосунда келишилген келишим негизинде түзүлөт. Пайда өнөктөштөр макулдашылган катышка ылайык бөлүштүрүшөт. 

48. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн өнөктөштүк негизде түзүлгөн компания акчалай капиталга ээ эмес. өнөктөштөр кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай түрлөрүн өз ара бөлүштүрүшүп, ал аркылуу кызмат көрсөтүүнүн бүтүндөй көлөмүн сунуштоо максатында, алар өз ара аракеттенүүгө жетише алгандай ыкмада айрым же бардык өнөктөштөргө бир катар кызмат көрсөтүүлөрдү же кызмат көрсөтүүнүн белгилүү бир түрүн тапшыра алышат. 

49. Түшкөн пайда өнөктөштөр ортосунда макулдашылган катышка ылайык бөлүштүрүлөт, бирок келишимде ага ылайык өнөктөштөрдүн бирине алынган пайдадан кандайдыр бир катталган сумманын төлөнүп берилишин көздөгөн жобону кароого болбойт. 

50. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоо үчүн өнөктөштүк негизинде түзүлгөн компания үчүн өндүрүш каражаттары зарыл болсо, анда ар бир тарапка кызмат көрсөтүү үчүн талап кылынган зарыл өндүрүш каражаттарын камсыз кылууга уруксат берилет. Бул учурда ар бир өнөктөш өздөрү камсыз кылган өндүрүш каражаттарына менчикке укукка ээ болот. өнөктөштөр менчикке биргелешкен укуктун негизинде зарыл жабдууларды же шаймандарды (инструменттерди) сатып алуу үчүн каражат кошуусу мүмкүн. Шарика/мушарака келишимине катышкан тараптарга ошондой эле, компания үчүн зарыл болгон өндүрүш каражаттарын камсыз кылууга уруксат берилет, алар үчүн сыйакы компаниянын утурумдук чыгашаларына чегерилет. 

 

3-глава. Мурабаха бүтүмү 

 

51. Мурабаха бүтүмү бул, ФКМ тарабынан кардардын билдирмеси боюнча ФКМ тарабынан сатылып алынган товарды кийинчэрээк төлөп берүү менен сатууну караган бүтүм. ФКМдин товарды сатуу баасы тараптар тарабынан сатып алуу баасынын суммасы жана тараптар макулдашкан баага кошумчаланган сумма катары аныкталат. Баага кошумчалоо төмөнкү түрлөрдө белгилениши мүмкүн: 

- катталган бир жолку төлөнүүчү сумма; 

- товардын өздүк наркынын үлүшү

Мурабаха келишими боюнча кардарга товар сатуу учурунда ФКМ товардын ээси болууга тийиш. 

Мурабаха келишими кат жүзүндө толтурулууга же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Товарга менчикке укук баага толук төлөнгөндөн кийин өтөт (ФКМ өз каалоосу боюнча товарга менцикке укукту ал үчүн толук төлөнгөнгө чейин эле өткөрүп берүү чечимин кабыл алышы мүмкүн). Эгерде менчикке укук мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болсо, каттоо менчикке укук өткөрүлүп жаткан учурда ишке ашырылат (толук төлөгөнгө чейин же андан кийин). Эгерде мүлктү ажыратуу келишими мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болсо, сатып алуучу аны каттоодон өткөрткөн учурдан тартып менчик укугуна ээ болот. 

Кардар тарабынан мурабаха келишими боюнча сатылып алынган товар үчүн төлөөлөр кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү негизде утурумдук төлөмдөр менен ишке ашырылыш мүмкүн. ФКМ келишим түзгөндөн кийин кандайдыр бир негиздерден улам же болбосо, эч кандай негизсиз эле төлөм мөөнөтүнүн өткөрүлүп жиберилиши же узартылышы үчүн кошумча төлөөлөрдү талап кыла албайт.  

52. Сатуу баасында баанын жогорулатылган өлчөмүн милдеттүү түрдө  

бөлүп көрсөтүү, мурабаха бүтүмүнүн олуттуу шарты болуп саналат. 

53. Мурабаха бүтүмү ФКМдин белгилүү бир товарды сатып алууга  

ниеттенген потенциалдуу кардардын ФКМка кат жүзүндө берген билдирмесинин негизинде жүзөгө ашырылат. 

Билдирмеде кардар товардын аталышын, ошол баада сатып алууга даяр болгон болжолдуу бааны, ошондой эле сатып алуу жана эрежедегидей эле, бөлүп төлөө шарттарын көрсөтүүгө тийиш. Кардар ошондой эле, ФКМ андан ошол товарды сатып алышы мүмкүн болгон сатуучуну да көрсөтө алат. ФКМ, эгерде алгылыктуу шарттарды сунуштаган башка сатуучулар болгон болсо, сатуучуларды өз алдынча тандоого укуктуу. 

54. ФКМ белгилүү бир сатуучу менен товарды сатып алуу сатуу  

келишимин түзөт, келишимде ФКМ товарды кийинчерээк мурабаха келишими боюнча кардарга сатуу үчүн сатып алып жаткандыгы да көрсөтүлөт. 

55. Эгерде кардар сатуучу менен мурабаха келишими боюнча сатып алуу  

жана кийинчерээк сатуунун обүектиси болуп саналган товарга карата кандайдыр бир келишимдик милдеттенмелер менен байланыштуу болсо сатып алуу сатуу келишимин түзүүгө жол берилбейт. Сатуучу кардарга жана ФКМка карата үчүнчү жак болуп саналууга тийиш. Кардар товарды сатып алуу сатуу бүтүмүндө сатуучу жана ФКМ менен мурабаха келишими боюнча кардар катары иш алып баруусуна жол берилбейт.  

 

өзгөчө жагдайларда гана ФКМ кардардын жакын тууганы болуп саналган тараптан, сатууга жана кайтара сатып алууга укук болгон шартта гана, товар сатып ала алат. 

ФКМ сатуучудан товарды сатып алуу менен белгилүү мөөнөт ичинде аны кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн белгилөөгө укуктуу. Эгерде кардар ФКМтан товар сатып албаса, анда ФКМ эки тараптын келишиминде белгиленген мөөнөт ичинде товарды берүүчүгө кайтарып бере алат. Бул мүмкүнчүлүк ФКМтан товар сатып алууга чейин күчүндө турат.  

56. Товар берүүчү менен сатып алуу сатуу келишиминде төмөндөгүлөр 

көрсөтүлүүгө тийиш:  

- тараптардын аталыштары

- келишим предмети; 

- товардын аталышы; 

- товардын саны, баасы, төлөө мөөнөтү жана шарттары; 

- берүү мөөнөттөрү; 

- тараптардын милдеттери жана укуктары; 

- милдеттенмелерди аткарбай койгон шартта колдонулуучу айыптык санкциялар; 

- камсыздоо ыкмалары; 

- башка шарттар. 

ФКМ сатып алуу сатуу келишимин өз алдынча же агенттин жардамы менен түзүшү мүмкүн. ФКМ агент катары кардарды дайындашы мүмкүн, бул учурда кардар ФКМдин атынан жана анын эсебинен иш жүргүзөт. 

Кардар ФКМдин атынан агент катары иш алып барган учурда төмөнкү шарттарды сактоого тийиш

а) ФКМ, сатуучуга төлөп берүүгө жана агент катары кардардын эсебине товардын баасын чегерүүгө тийиш эмес; 

б) ФКМ, сатуу жүзөгө ашырылгандыгына тиешелүү документтик тастыктоону сатуучудан алууга тийиш. 

Товарды сатууга - сатып алууга тиешелүү бардык документтер жана контрактылар, кардар ФКМдин агенти катары иш алып барган болсо да, ФКМдин атынан толтурулушу зарыл

ФКМ товарды берүүчү жайгашкан аймактан же берүү шарттарында көрсөтүлгөн кайсыл болбосун башка жерден алууга тийиш. 

Товарды жеткирип берүү боюнча чыгашаларды ФКМ өзүнө алат жана алар кийинчерээк товардын наркына кошулат. 

ФКМ товардын менчик ээси катары өзүнө жоопкерчилик алуу менен камсыздандырылышы мүмкүн болгон кийин келип чыгышы ыктымал тобокелдиктер үчүн да жооп берет. Товардын кардарга сатылышына чейин келип чыккан камсыздандыруу сыйакылары толугу менен ФКМге тиешелүү болот. 

Камсыздандыруу боюнча чыгашалар мурабаха контрактысы боюнча сатылып алынган товардын баасына кошулат. 

57. ФКМ, мурабаха келишимин түзүү жана аны аткаруу боюнча милдеттенме кардар тарабынан тиешелүү деңгээлде аткарылышын камсыздоо максатында, кардар менен акча каражаттарын же башка түрдөгү күрөөнү күрөөгө алуу жөнүндө келишим түзө алат. Күрөө катары берилген акчалай сумма, эгерде ага кардардан уруксат алынбаса, ФКМ тарабынан инвестицияланышы мүмкүн эмес. 

Кардар тарабынан мурабаха келишими аткарылгандан кийин гана ФКМ күрөөнү кайтарып берүүгө милдеттүү. Кардардын өтүнүчү боюнча күрөөнүн салынган суммасы мурабаха келишимине ылайык төлөөнүн эсебине чегерилиши мүмкүн. 

Товарды ташып келүү же сактоо учурунда жараксыздыкка дуушар болушуна байланыштуу тобокелдиктерди да ФКМ өз мойнуна алат жана алардын орду күрөөнүн эсебинен жабылышы мүмкүн эмес.  

Кардар милдеттенмесин бузууга жол бериши учурунда ФКМ, сатылып алынган товарды үчүнчү жакка сатууга укуктуу. Эгерде айкын сатып өткөрүү баасы товардын сатылып алынган баасынан төмөн болсо, ФКМ келип чыккан айрыманы күрөөнүн суммасынан кармап калууга, ал эми калдыгын кардарга кайтарып берүүгө укуктуу. 

ФКМ мурабаха келишими түзүлгөндөн кийин сатып алууга буйрутмачы үчүн аванстык төлөмдү ала алат. Бул кардар товарды сатып алууга милдеттенген учурда контрактыларды түзүү учурунда жасалышы мүмкүн. 

1) Эгерде товарды сатуучуну кардар өзү тандаган болсо, ФКМ келишимге төмөнкүдөй шарттарды кошууга тийиш: 

а) сатуучу тарабынан товарды сатып алуу сатуу келишиминин тиешелүү деңгээлде аткарылышын кардардын камсыз кылуусу жөнүндө

б) сатуучу тарабынан келишим аткарылбай калышынан улам, мүмкүн болуучу соттук чыгашаларды кошо алганда, ФКМдин келип чыккан бардык чыгымдары, кардар тарабынан кайтарылып берилиши, анын ичинде камсыздоонун эсебинен да кайтарылышы жөнүндө. Бул шарт мурабаха келишими аткарылбаган учурда да күчүндө болууга тийиш. 

2) Мурабаха келишимин түзүүдө анын негизинде соода операциялары жүзөгө ашырылган бардык шарттар каралууга тийиш, анын ичинде: 

а) баага кошулган сумма ФКМ ошол бүтүмдөн алган сыйакы. 

б) сатып өткөрүү баасы. 

в) ФКМ кызматкерлеринин эмгегине төлөөлөр боюнча сарптоолор чыгашаларды эске албаганда, үчүнчү жакка төлөөлөрдү кошо алганда ФКМ, бардык чыгашаларды сатуу баасына кошо тургандыгын караган шарт.  

3) Мында сатып өткөрүү баасы жана баага кошумчаланган сумма белгисиз жагдайлардан улам белгилениши мүмкүн эмес, мисалы сатып өткөрүү баасы жана баага кошумчаланган сумма келечекте белгилүү болушу мүмкүн болгон кандайдыр бир көрсөткүчкө көз каранды болбоого тийиш. Эгерде сатып өткөрүү баасы жана баага кошумчаланган сумма мурабаха келишимине кол койгонго чейин ФКМдин баага кошумчаланган суммасы кардарга алдын-ала белгилүү болгондой, келишим түзүү баскычындагы көрсөткүчтөргө жараша белгиленишине жол берилет. Баага кошумчаланган сумманын өлчөмү мезгил аралыгы факторуна көз каранды болушу мүмкүн эмес.  

4) ФКМ мурабаха келишимине төмөнкүдөй шарттарды кошо алат: 

а) ФКМ, товар кардардын ээлигине өткөндөн кийин товардан табылган кандайдыр бир кемчиликтер үчүн жоопкерчилик тартпайт; 

б) ФКМ, мурабаха келишими күчүнө киргенден кийин товарды кабыл алуудан кардар баш тарткан болсо, ФКМдин чыгашаларынын ордун жабууга жетпей жаткан сумма кардар тарабынан төлөнүп берилген шартта, товарды үчүнчү тарапка сатууга укуктуу. 

Төмөнкү учурларда мурабаха бүтүмүн түзүүгө ФКМдин укугу жок: 

а) баалуу металдарга (алтынга, күмүшкө ж.б.) жана чет өлкө валютасына байланыштуу төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган милдеттенмелер боюнча

б) дебитордук карыздар активдердин камсыздоосу болуп саналган жүгүртүү капиталы менен; 

в) бүтүмдөрдү кайра каржылоо учурунда. 

Мурабаха бүтүмүнө келишкен тараптарга шарика/мушарака келишимине же нак акча каражаттары же аткарылышы кийинкиге калтырылган милдеттенмелердин болушу учурунда мурабаха бүтүмүнүнүн жардамы алдында, шарика/ мушарака келишиминде башка тараптын катышуусун (үлүшүн) тараптардын биринин сатып алуу милдеттенмесин камтыган бүтүмгө катышуусуна тыюу салынат.  

58. Мурабаха келишими боюнча төлөөлөр кардар тарабынан келишим шарттарына ылайык жүргүзүлөт.  

ФКМ кезектеги төлөм негиздөөлөрсүз кечиктирилген учурда кардардан мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кыла алат, албетте кардарга төлөө мөөнөттөрү жөнүндө алдын ала билдирилген шартта. 

Эгерде, кардар бааны толук төлөп бербесе, ФКМ кардардын атына товарга карата менчик укугун, төлөмдөр толук көлөмүндө төлөнгөнгө чейин каттоону жүзөгө ашырбайт.  

Эгерде кардар төлөмдү келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыгыраак кармаган болсо, ФКМ товарды сатып жибериши мүмкүн. Эгерде ФКМ товарды үчүнчү жакка сатып жиберсе, анда кардардан мурда эле алынган төлөмдөр ага кайтарылып берилет.  

Эгерде ФКМ кардардан камсыздоону алган болсо, анда ФКМ кардардын буйруусу боюнча мурабаха келишими боюнча карыздын ордун жабуу үчүн сотко кайрылуусуз эле күрөөнү сата алат

Белгиленген мөөнөттө төлөнбөй төлөө кармалган учурда, кардар мурабаха келишимине ылайык келишимде белгиленген сумманы кайрымдуулук максаттарына багыттоого милдеттүү

59. Комиссиондук сыйакы жана каржылоо мүмкүнчүлүгүн бергендиги үчүн ФКМ тарабынан кардардан төлөм кармалбайт. 

Келишим боюнча документтерди даярдоого кеткен чыгашалар эгерде алар тараптардын бири бул чыгашаларды төлөөгө тийиш экендигин макулдашылбаган болсо, ФКМ менен кардардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Бардык чыгашалар адилет көрсөтүлүү менен аткарылган иш көлөмүн чагылдыра тургандыгына тиешелүү шарттар так сакталууга тийиш. 

Эгерде мурабаха келишими синдицирленген каржылоо аркылуу жүзөгө ашырылса, анда синдицирленген каржылоонун уюштуруучу катары иш алып барган ФКМ, мына ушундай каржылоонун катышуучуларына төлөнүп берилүүгө тийиш болгон ттиешелүү сыйакы жөнүндө билдирүүгө укуктуу.  

Эгерде ал кардардын өтүнүчү боюнча түзүлүп, анын пайдасын көздөсө, кардар ФКМге төлөп берүүгө макулдук берген шартта технико-экономикалык негиздемелерди түзүү үчүн төлөмдү кармап кала алат.  

60. Товар берүүчүдөн мурабаха келишиминин предметин сатып алууга макулдашууга келишүүгө байланыштуу ФКМдин баштапкы тике сарптоолору (ортомчуларга комиссиондук төлөмдөр, юридикалык кызмат көрсөтүүлөргө ж.б. төлөмдөр) ошол мезгилдин чыгашалары катары таанылат. 

61. Товар сатып алууга байланыштуу ФКМдин кийинки сарптоолору, ошондой эле ташып жеткирүүгө чыгашалар, алымдар ж.б. чыгашалар товардын сатып алуу баасына кошулат.  

62. Кардарга товарларды сатуу жөнүндө түзүлгөн келишим шарттарына ылайык ФКМ, келишимге ылайык кардар ФКМка төлөп берүүгө милдеттүү болгон суммадагы кардарга берилген займды тааныйт.  

Мына ушул бүтүмдөргө келүүшү учурунда ФКМ өлкөлүк жана трансферттик тобокелдиктерге товар берүүчүнүн жана аны камсыздандыруучунун ишенимдүүлүгү, товардын коопсуз жеткирилип берилиши маселелерине өзгөчө көңүл бурат.  

 

4-глава. «Иджара жана иджара мунтахийя биттамлик» бүтүмү 

(Кыргызстан Банкынын тиешелүү лицензиясы бар болсо) 

 

63. Иджара бүтүмү- бул, кардардын билдирмеси боюнча жабдуулардын же башка мүлктүн ФКМ тарабынан атайын сатылып алынышын жана аны кардарга макулдашылган мөөнөткө ижарага берүү бүтүмү.  

64. Ижарачы - иджара келишимине ылайык белгилүү мөөнөткө жана  

аныкталган шарттарда акы төлөө менен келишим предметин убактылуу ээлөөгө жана пайдаланууга кабыл алууга милдеттүү болгон жеке адам же юридикалык жак.  

Ижара берүүчү бул, өздүк жана/же карыздык каражаттардын эсебинен  

иджара келишимин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө мүлктү менчикке сатып алуу менен аны иджара предмети катары белгилүү мөөнөткө жана аныкталган шарттарда ижарачыдан мерчемдүү өлчөмдөгү акы алуу менен келишим предметине менчикке укук ижарага өтүшүнө же өтпөшүнө карабастан, аны убактылуу ээлик кылууга/пайдаланууга өткөрүп берген ФКМ

Сатуучу ижара берүүчү менен келишилген сатып алуу-сатуу келишимине ылайык белгиленген мөөнөттө ага мурабаха предмети болуп саналган мүлктү саткан жеке адам же юридикалык жак. Сатуучу бир эле учурда бир иджара келишиминин чегинде ижарачы катары да иш алып бара алат. 

Ижара төлөмдөрү бул, иджара келишиминин предметине ээлик кылуу жана пайдалануу үчүн төлөм. Бул төлөмдөрдө иджара предметин сатып алуу менен аны ижарачыга өткөрүп берүүгө байланыштуу Ижара берүүчүнүн сарптоолорунун, келишимде каралган башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу сарптоолордун ордун толтуруп берүүлөр, ошондой эле ижара берүүчүнүн кирешеси камтылат.  

65. Иджара бүтүмү, кардардын белгилүү бир берүүчүдөн мүлктү сатып алуу жөнүндөгү билдирмесинин жана келишим түзүүгө тиешелүү чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон финансылык жана юридикалык документтердин негизинде ФКМ тарабынан түзүлөт. 

Иджара бүтүмүнө келишүү жөнүндөгү чечимди кабыл алуу үчүн ФКМ ижарачынын ижара төлөмдөрүн төлөп берүү мүмкүнчүлүгүнө баа берүүнү, ошондой эле бир эле мүлктүн кайталап ижарага берилиши же сатылып кетиши ыктымалдыгын аныктоо үчүн мүлктүн өтүмдүүлүгүнө баа берүүнү жүргүзүшү зарыл. 

66. ФКМ тарабынан алгылыктуу чечим кабыл алынган шартта, ижарачы тиешелүү мүлктү ижарага алуу милдеттенмесин кат жүзүндө толтуруп берүүгө тийиш.  

Ижарачы тараптардын макулдугу боюнча милдеттенмени аткаруу гарантиясы катары мерчемдүү өлчөмдөгү сумманы салуу менен мүлктү ижарага алат. Салынган сумма буйрутмачы алган милдеттенмесин бузууга жол берген болсо, келип чыккан зыяндын ордун жабууга гана пайдаланылат.  

Буйрутмачы менен макулдашуунун негизинде ФКМ аны, ФКМ менен ижарачынын ортосунда келишилген мудараба келишиминин негизинде, инвестиция үчүн пайдаланышы мүмкүн.  

67. Ишканалар жана башка мүлктүк комплекстер, имарат, жабдуулар, транспорттук каражаттар жана башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр иджара бүтүмүнүн предмети болушу мүмкүн.  

68. Ижарага алынган мүлк анын сакталашы камсыз кылынган шартта пайдаланылууга, ал эми иджара келишимин аткаруудан алынган пайда Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана Шариаттын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.  

69. Ижарачы ижара берүүчүнүн өнөктөшүбү же жокпу ага карабастан, ижарачы менен бирге күтүүдө турган өзүнчө активдердеги үлүш иджара келишиминин предмети болушу мүмкүн. Бул учурда ижарачы ижарага алынган үлүштөн ижара берүүчү пайдаланган ыкмада эле, башкача айтканда убакытты бөлүштүрүү же менчиктин кандайдыр бир бөлүгүн аныктоо аркылуу пайда алышы ыктымал

70. Ижарачы ижарага алынган мүлктүн сапаты анын кесепетинен начарлаган ар кандай келтирилген зыяндар үчүн жооп берет, ошондой эле ижарага алынган мүлккө анын аркеттеринин натыйжасында же болбосо ага көз карандысыз жагдайлардан, бирок иджара келишими боюнча алуу болжолдонгон пайдага таасирин тийгизген кесепеттерден улам сапатынын начарлашы үчүн жоопкерчилик да ага жүктөлүшү ыктымал.  

71. Эгерде ижарага берилген менчиктен алынуучу пайданын өлчөмү ижарачынын ошол мүлктү ижарага алуу учурундагы укукка жатпаган аракеттеринин натыйжасында толугу менен же жарым-жартылай азайган болсо, анда ал ижарага алган жак пайда алуусу үчүн кедергисин тийгизген тоскоолдуктарды четтетүүгө милдеттүү. Бул учурда ижара мөөнөтү ижарачы алынган мүлктөн пайда көрө албай калган мөөнөткө узартылат жана ижарачы пайда алынбай калган мезгил аралыгында ижарадан баш тартууга тийиш эмес.  

72. Ижара берүүчү негизги техникалык тейлөөлөрдү жүзөгө ашырат. Ижарачы утурумдук жана мезгил-мезгили менен (адеттеги) техникалык тейлөөлөрдү аткарууга тийиш. 

73. Ижара берүүчү эгерде ижарачы ижарага алынган менчикке карата кандайдыр бир укукка жатпаган аркеттерге же этиятсыздыкка жол бербесе, иджара келишими аракеттенген мезгилде ижарага алынган менчик үчүн жоопкерчилик тартат.  

Мүлктү камсыздандырууну ижара берүүчү жүзөгө ашырат. Камсыздандыруу боюнча чыгашаларга ижаралык төлөм да кирет. Келишимге кол коюлгандан кийин ижара берүүчү белгиленген өлчөмдөгү ижара төлөмүнөн тышкары кандайдыр бир сумманы ижарачыдан кармап кала албайт. 

74. Иджара келишимин аткаруу үчүн ФКМ мүлктү менчикке сатып алат. Мүлк кийинчерээк ижарачы болуучу жактан сатылып алынышы, андан соң ошол жакка ижарага берилиши мүмкүн.  

75. Ижарачы ижара келишиминен айырмаланган шарттарда ал тууралуу ижара берүүчүгө билдирүү менен субижара келишимин түзүшү мүмкүн. 

76. Ижарачы ижарага алынган мүлктү ижаранын биринчи баскычында анын ээсине өзү төлөгөн төлөмдөн төмөн, ага барабар же андан жогору болгон акыга ижарага бериши мүмкүн, эгерде эки ижара төлөмү тең токтоосуз берүү жана токтоосуз төлөөнүн негизинде төлөнгөн болсо. Утурлап төлөөлөр төлөө мөөнөтүнүн кийинкиге калтырылышы себебинен жогору болушу мүмкүн эмес.  

77. Ижара берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча мүнөздөмөлөрдө келтирилген мүлктү сатып алышы же даярдашы мүмкүн.  

Ижарачы мүнөздөмөгө ылайык келбеген мүлктөн баш тартууга укуктуу.  

78. Ижарачы ФКМ менен бирдикте өзү ижарага алууну пландаштырып жаткан мүлктү сатып алышы мүмкүн. Демек, ижарачы тарабынан ал ээлик кылбаган үлүшкө гана ижара төлөмү төлөнүп берилет.  

79. ФКМ ижарачыны же үчүнчү жакты макулдашылган буйрутма жана баа боюнча мүлктү сатып алып, аны андан ары ижарачыга ижарага берүү үчүн мүлктү сатып алууга агент катары дайындай алат.  

80. Иджара келишими кат жүзүндө толтурулат жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган учурларда нотариалдык жактан тастыкталып, мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш.  

81. Иджара келишиминин орчундуу шарттарынан болуп төмөнкүлөр саналат: 

а) аталышы, ошондой эле иджара предметин тастыктоо үчүн талап кылынган маалыматтар; 

б) тараптардын иджара предметин сатып алууга жана өткөрүп берүүгө байланыштуу укуктары жана милдеттери; 

в) ижара төлөмдөрүнүн өлчөмү, төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү; 

г) иджара предметин тандоону жүзөгө ашырган тараптардын жана сатуучунун көрсөтмөлөрү; 

д) жана башка шарттар. 

82. Эгерде, ижара берүүчү тиешелүү мүлктү иджара келишиминде каралган мөөнөттө ижарага бербесе, келишим күчүнө кирген күн менен мүлктү ижарага иш жүзүндө берген күндүн ортосундагы мезгилде ижара төлөмү төлөнбөйт. Эгерде, ижара мөөнөтү келишим бүткөн алгачкы күндөн кийин, мүлк ижарага берилбеген мезгилге барабар болгон убакыт аралыгына узартылышына макулдашышпаган болсо, тиешелүүлүгүнө жараша ижара төлөмү кыскартылат

83. Буюртмачы Ижарачынын күнөөсү боюнча Иджара келишими аткарылбай калган шартта жол берилген зыяндын ордун жабуу максатында Ижара берүүчү кармап калышы мүмкүн болгон аванстык төлөмдү салат. 

84. Ижара берүүчү ар кандай мөөнөттөргө бир нече ижарачыга ижарага берилген бир эле мүлккө карата бир нече иджара келишимин түзүүгө укуктуу, албетте эгерде бир эле мүлккө карата ошол эле мезгил аралыгына түзүлгөн эки келишим бир учурда аткарылбаган болсо.  

85. Иджара келишими ижара мезгил аралыгына кандайдыр бир мүлккө карата бир эле пайда алуу укугуна ээ бир нече ижарачы менен белгилүү жак үчүн мерчемдүү кандайдыр бир мезгил аралыгын аныктабастан, түзүлүшү мүмкүн. Бул учурда ар бир ижарачы ал үчүн бөлүнгөн мезгил аралыгында ошол мүлктөн Ижарачылар ортосунда каралган эрежелерге ылайык пайда ала алат. 

86. Ижара төлөмү акча каражаттары түрүндө, натуралай (товарлар) түрүндө же кандайдыр бир артыкчылыктар (кызмат көрсөтүүлөр) түрүндө ишке ашырылышы мүмкүн. Ижара төлөмү ошондой эле, иджара келишими аркеттенген мезгилди камтыган бир жолку төлөө түрүндө, же болбосо келишим аракеттенген белгилүү бир мезгил ичинде бөлүп-бөлүп төлөө түрүндө белгилениши мүмкүн. Ижара төлөмү катталган сумма түрүндө аныкталышы же тараптардын макулдугу боюнча кайрадан каралышы ыктымал.  

87. Ижара төлөмү келишим талабына ылайык милдеттүү болуп саналат жана ижара берүүчүнүн ижара төлөмүн алууга укугу ижарачы ижарага алынган менчиктен пайда ала баштаган учурдан тартып же ижара берүүчү ижарачыга ага өткөрүлгөн мүлктөн пайда алуу укугун камсыз кылган шартта келип жетет.  

88. Эгерде ижара төлөмү кайрадан кароого дуушар болсо, иджара келишими аракеттенген алгачкы мезгил аралыгында ижара төлөмүнүн суммасы кайрадан каралышы зарыл. Салыштыруу базасына ылайык кийинки мезгил аралыгына ижара төлөмүнүн өлчөмүн аныктоого жол берилет. Мына ушул салыштыруу базасынын маңызында, калган мезгил аралыгы үчүн ижара төлөмүнүн өлчөмүн аныктоочу фактор болуп саналган так тартип камтылууга тийиш. Албетте, бул базада салыштыруу үчүн максималдуу сыяктуу эле, минималдуу чектер каралышы мүмкүн

89. Тараптардын макулдашуусу боюнча ижара төлөмүнүн бөлүгү ижара берүүчүгө төлөнүшү, ал эми башка бөлүгү ижара берүүчү тарабынан белгиленген кандайдыр бир чыгашалардын ордун жабууга багытталышы мүмкүн, мисалы, негизги техникалык тейлөөнүн, камсыздандыруунун, жана башкалардын наркын жабууга.  

90. Эки тарап келечектеги ижара мезгилине, башкача айтканда ижарачы иджара келишиминин шарттарын кайрадан карап чыгуудан улам ижарадан кандайдыр бир пайда алууга жетише албаган мезгилге ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүү тууралуу макулдашышы мүмкүн. Кандайдыр бир өткөн мезгил үчүн төлөнүп берилбеген ижара төлөмү карыз бойдон калат жана ал ижарачы тарабынан ижара берүүчүгө төлөнүп берилүүгө тийиш, ошондуктан ал көбөйтүлүүгө тийиш эмес

91. Ижара төлөмүнүн төлөнүшүн жана ижарага алынган менчикке карата ижарачынын кайдыгер мамилесинен келип чыгуучу кесепетти камсыздоо үчүн ижарачы тарабынан өтүмдүү активдер түрүндөгү гарантиялык камсыздоо (күрөө) сунуш кылынат.  

92. ФКМ, кардарга төлөө мөөнөттөрү жөнүндө эскерткен шартта, кезектеги ижара төлөмүн негизсиз кармап койгон учурда ижара төлөмдөрүн мөөнөтүнөн мурда төлөнүшүн кардардан талап кылууга укуктуу. 

93. Эки тарап ижара төлөмүнүн токтоосуз төлөнүшүнө макулдаша алышат. Ижара төлөмү бөлүп-бөлүп төлөнүшү мүмкүн, бул учурда ижара берүүчү өзүнчө жобону кароого тийиш жана ага ылайык ижарачы негизсиз себептер менен бөлүп төлөөнү белгилүү мөөнөт ичинде жүзөгө ашыруу зарылчылыгы жөнүндө тиешелүү билдирмени алгандан кийин деле төлөөнү ишке ашырбаган болсо, калган төлөмдөрдүн дароо төлөп бериши зарыл. Милдеттенмелердин аткарылбай калганына байланыштуу, макулдашылган мөөнөттүн келип жетишине чейинки калган төлөмдөрдү төлөө иджара келишими аракеттенген мезгилдин акырында же болбосо, иджара келишими убактысынан мурда токтотулса, анда ошол учурдан тартып, жөнгө салынууга тийиш. Токтоосуз төлөө үчүн каралган мезгил бүткөндөн кийин ижара берүүчү тарабынан контрактынын аркетенүү мезгилин кандайдыр бир узартуу, ижарачынын укугуна эмес, узартылган мезгил аралыгына төлөмдөрдү төлөөнү кийинкиге калтырууга макулдук катары эсептелинет.  

94. Ижара берүүчү ижарачы тарабынан төлөмдүн төлөнүшү кармалып калган учурда макулдашылган ижара төлөмүн көбөйтө албайт.  

95. Иджара же иджара мунтахийя биттамлик келишиминде ага ылайык төлөмдү негизсиз эле кармаган ижарачы белгилүү бир сумманы же төлөм кечиктирилген шартта ижара төлөмүнүн тиешелүү суммасынан кошумча үлүштү төлөөгө тийиш. Ижара төлөмүнүн тиешелүү суммасынан үстөк төлөнгөн мындай сумма кайрымдуулук максаттарына жумшалат. Ижарачы тарабынан берилген гарантиялык камсыздоону алуу укугунан ажыраган учурда, ижара берүүчү, мындай суммалардан ижарага алынган менчиктен ижарачы али пайда ала элек мезгил үчүн аларды төлөө милдеттенмеси келип жете элек төлөөлөрдү кошо алганда, бөлүп төлөнгөн ижара төлөмдөрүнүн бардык суммасын эмес, өткөн мезгил үчүн ижара төлөмү катары ага тиешелүү болгон сумманы гана эсептеп кармап кала алат. Ижара берүүчү ошондой эле, гарантиялык камсыздоонун суммасынан келишимди бузууга жол бергендиги үчүн ижарачы мыйзамдуу түрдө төлөөгө тийиш болгон компенсацияларды гана эсептеп кармап калышы мүмкүн.  

96. Ижара берүүчү ага иджара келишими түзүлгөндүгү жөнүндө маалымдоо менен ижарага берилген мүлктү үчүнчү жакка сата алат. Мында келишим боюнча бардык укуктар жана милдеттер жаңы менчик ээсине өтөт. 

97. Ижарага алынган мүлк жараксыз болуп калган учурда иджара келишими токтотулуп, калган ижара төлөмү төлөнүп берилбейт.  

98. Ижарачы, анын күнөөсү боюнча келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат.  

99. Пландаштырылып жаткан кирешенин азаюусуна алып келген мүлктүн жарым-жартылай бузулууга дуушар болушу учурунда, ижарачы иджара келишимин токтотууга укуктуу. Тараптар ошондой эле, бул учурда ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүүгө макулдаша алышат, бирок пайда алынбаган мөөнөт үчүн төлөм кармалбайт. Ижара берүүчү иджара келишимин андан ары жүзөгө ашыруу үчүн ошондой эле мүлктү берүүгө тийиш, андай болбосо келишим токтотулат. 

100. Эгерде ижарачы ижарага алынган мүлктү пайдаланууну токтотсо же анын ээсине макулдугусуз кайтарып берсе, анда ижара төлөмү иджара келишиминин калган аракеттенүү мөөнөтү үчүн мүлк ээсине төлөнүп берилүүгө тийиш бойдон калат, ал эми ижара берүүчү келишим ошол мезгил аралыгына ал мүлктү башка ижарачыга өткөрүп бере албаса да, мүлктү ошол ижарачынын тескөөсүндө сактоого тийиш. 

101. Иджара келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн: 

а) өз ара макулдук боюнча; 

б) ижара төлөмдөрүн төлөө мөөнөттөрүн бузган же токтоткон учурда; 

в) ижарага берилген менчик бузулууга дуушар болсо; 

г) келишим аракеттенүү мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча; 

д) мүлктү ижарачыга саткан учурда. 

 

102. Иджара мунтахийя биттамлик бул иджара келишимин камтыган бүтүм, ага ылайык кардар ижарага алынган мүлктү (активди) келишимге жараша иджара мезгилинин бүтүшү боюнча же анын аралыгында этап-этап менен сатып алууга милдетенет.  

103. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминде ижарага алынган мүлккө менчикке укуктун өтүшү ижарага берүүчүнүн төмөнкүдөй милдеттенмелери аркылуу, иджара келишиминен айрымаланган документ менен тастыкталат

а) белгилүү өлчөмдөгү же макулдашылган башка төлөмгө же ижара төлөмүнүн калган бөлүгүн төлөп берүү аркылуу же болбосо ижарага алынган мүлктүн рыноктук наркын төлөө аркылуу сатууга

б) себептерин көрсөтүүсүз эле аны белек катары берип коюу (шартсыз эле); 

в) калган төлөмдөрдү төлөөдөн кийин аны белек катары калтыруу. 

Жогоруда белгиленген бардык учурларда мүлктүн белекке берилишине, анын сатылышына же белгилүү окуядан кийин белекке калтырылышына милдеттенмени далилдеген өзүнчө документ иджара мунтахийя биттамлик келишиминен өзүнчө түзүлүүгө тийиш. Аны иджара келишиминин ажырагыс бөлүгү катары кароого болбойт. 

104. Менчикке укукка өткөрүү боюнча милдеттенме ижара берүүчү үчүн иджара мунтахийя биттамлик келишиминин шартында милдеттүү болуп саналат, мында өзүнчө эки тараптуу келишим түзүлбөйт. 

105. Менчикке укукту өткөрүү белекке калтыруу же сатуу келишиминин негизинде жүзөгө ашыруу менен иджара келишиминен өзүнчө түзүлөт.  

106. Аткарылышы кийинкиге калтырылган шартты менен келишим түзүү учурунда, шарттарды аткаруу боюнча менчикке укуктун өтүшүнө жаңы келишим түзүлбөйт.  

Эгерде бир эле төлөм төлөнбөй калса, мүлккө менчикку укук өткөрүлбөйт.  

107. Иджара келишимин жөнгө салган эрежелер иджара мунтахийя биттамлик келишими үчүн да колдонулууга тийиш, б.а. ижара берүүчү ижарага берилген мүлккө ээлик кылуу укугун ижарачыга берүүгө милдеттенме алат.  

108. Ижарага берилген мүлккө менчикке укукту өткөрүү сатуу келишимин иджара келишими менен бир эле учурда жүзөгө ашыруу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн эмес, анткени сатуу келишими келечекте белгилүү бир күнү гана күчүнө кирет.  

109. Эгерде ижарага берилген мүлк бузулууга дуушар болгон болсо, же ижара келишими ижарачынын тиешеси жок себеп боюнча мөөнөтү бүткөнгө чейин ижара келишимин колдонуу мүмкүн эмес болуп калса, бул эки учурда тең ижара төлөмү басымдуу болуп турган рыноктук нарктын негизинде корректировкаланат.  

 

5 глава. Кард хасан бүтүмү 

(Кыргызстан Банкынын тиешелүү литцензиясы болгон шартта депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан МФКлар жана КСлар үчүн)  

 

110. Кард Хасан бүтүмү - бул, анын шарты боюнча бир тарап акча каражаттарын сунуштаган тарап үчүн кошумча пайданы кароосуз, акча каражаттарын экинчи тарапка сунуштаган бүтүм.  

Мында акча каражаттарын кабыл алган тарап башка тараптын биирнчи эле талап кылуусу боюнча каражаттарды кайтарып берүүнү гарантиялайт.  

ФКМ Кыргыз Республикасынын ФКМдер үчүн каралган мыйзам талаптарына ылайык акча каражаттарын кабыл алган тарап сыяктуу эле, кард хасан келишиминин шарттарына ылайык акча каражаттарын сунуштаган тарап катары да иш алып бара алат.  

111. Кард хасан келишими жөнөкөй кат формасында түзүлөт.  

Кард хасан келишими макулдашышкан тараптардын биринин кандайдыр бир киреше алынбай калышын жана макулдашкан экинчи тараптын алынган каражаттарды тескөө мүмкүнчүлүгүнүн болбошун болжолдойт. 

Кард хасан келишиминде төмөнкүдөй олуттуу параметрлер жана шарттар камтылууга тийиш

- берилүүчү сумманын өлчөмү

- келишим колдонуу мөөнөтү, кайтаруу күнү

- тараптардын укуктары жана милдеттери

- күндөлүк эсепти жүргүзүү боюнча ФКМдин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө өлчөмү жана шарттары

112. ФКМ ишинде Кард хасан келишиминин шарттарында тартылган акча каражаттары ФКМдин ресурстук базасын түзөт жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттер катары каралат. 

Кард хасан келишиминин шарттары боюнча кардар ФКМге акча каражаттарын пайызсыз негизде, кардардын аларды эркин тескөөгө алуу мүмкүнчүлүгү менен берет, ал эми ФКМ өз кезегинде инвестициялык саясатына ылайык тартылган ресурстардын бөлүгүн пайдалана алат.  

Айрым учурларда ФКМ кардарга Кард хасан келишиминин шарттарында карыз берүү мүмкүнчүлүгүн караштырышы мүмкүн.  

113. ФКМ, кардар үчүн Кард хасан келишими боюнча эсеп ачуу учууда, Улуттук ФКМдин ченемдик актыларына ылайык кардардын ким экендигин идентификациялоого бардык зарыл талаптарды аткарууга тийиш.  

6 глава. Истиснаа жана параллелң истиснаа бүтүмү 

 

114. Истиснаа бүтүмү бул, анын шарттарына ылайык өндүрүүчү тарабынан даярдалган же буйрутманын (долбоордун) негизинде куруучулар курган мүлк алдын-ала макулдашылган баа боюнча иш аягына чыккандан кийин буйрутмачыга өткөрүлүп берилген бүтүм.  

Мүлктүн наркына төлөө жана аны берүү келечекте ишке ашырылышы мүмкүн.  

115. Истиснаа келишиминин предмети болуп, өндүрүүчү макулдашылган баада буйрутманы аткарууга макулдук берген шартта, буйрутмачынын талабына ылайык өзгөчө мүнөздөмөлөргө ээ өндүрүлбөгөн товарды же курулманы даярдоо саналат.  

116. Параллелң Истиснаа - бул, эки өзүнчө келишим жардамы менен аракеттенген бүтүм. Биринчи келишимде ФКМ берүүчү катары иш алып барып буйрутмачы менен төлөө жана берүү жөнүндө келишим түзөт. Экинчи келишимде ФКМ сатып алуучу катары иш алып барып, алгачкы келишим чегинде даярдоочу, курулуш иштерин тапшыруучу же берүүчү менен буйрутмачыга карата өзүнүн контрактык милдеттенмелерин аткаруу үчүн келишим түзөт

Мындай бүтүмдөрдү аткаруу процессинде ФКМ эки келишим ортосундагы баадагы айырмачылыктын эсебинен пайда алат. Эгерде экинчи келишим (б.а. истиснаа келишими, мында ФКМ даярдоочу, курулушчу же берүүчүлөр менен түзүлүүгө тийиш) кийинчерээк түзүлө турган болсо, келишимдердин бири (б.а. буйрутмачы менен болгон келишим) дароо түзүлөт  

өндүрүүчү, курулуш иштерин тапшыруучу ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам. 

Кардар белгилүү спецификация боюнча истиснаа келишиминин предметин даярдоого буйрутма берүүчү юридикалык жак же жеке адам

117. Истиснаа келишимин түзүүдө кардар тиешелүү материалдарды жана иштерди өндүрүүчү сунуштаган шартта, келишимдик милдеттенменин алкагында аны даярдагандан кийин, ага даяр продукты берүү билдирмеси менен ФКМка кайрылат. Келишим түзгөн тараптар белгилүү өлчөмдө акы алуу менен товардын мүнөздөмөсүн аныкташат, аларга төлөө дароо же белгилүү бир убакыттан кийин төлөнүп берилет

ФКМ берилген финансылык документтердин негизинде мүлккө буйрутма берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнү ишке ашырат

118. ФКМ жана кардар истиснаа келишимин ФКМ кардарга сатылууга тийиш болгон келишим предметине менчик укугун же алардан келишим предмети өндүрүлүп (же курулуп) жаткан материалдарга менчик укугун алганга чейин түзүшөт. 

119. Истиснаа келишими келишим өндүрүлүүгө тийиш болгон предметинин түрүн, сапатын жана санын, мүнөздүү өзгөчөлүгүн камтыган белгилүү шарттарды аткаруу учурунда макулдашып жаткан тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат.  

120. Истиснаа келишими кат формасында түзүлөт жана юридикалык жактан милдеттүү болуп саналат. Келишим тараптары алардын макулдашууларынан улам келип чыккан бардык милдеттенмелер жана натыйжалар боюнча байланыштуу болот

121. Даярдоочу келишим предмети болуп саналган товарларды макулдашылган мезгил ичинде анын мүнөздөмөлөрүнө ылайык даярдоого милдеттүү.  

122. Келишимде келишим предметинин баасы, жеткирүү күнү, пайдаланылуучу ресурстар (эгерде келишимде башкасы каралбаган болсо, менчик же келишимди түзгөнгө чейинки башка жактар тарабынан өндүрүлгөн товарларды же өздүк товарларды тартуу менен) көрсөтүлөт. 

123. Келишим түзүүгө чейин бааны аныктоо боюнча бардык сунуштар кароого алынат

124. Келишим предметинин баасы келишим түзгөн учурга карата аныкталып, акчалай же материалдык каражаттар формасында төлөнүп берилиши мүмкүн. Баа белгилүү бир мезгил ичинде мөөнөтү кийинкиге жылдырылып төлөнүшү мүмкүн же болбосо келишим предметин жеткирип берүү этап боюнча ишке ашырылса, баанын бөлүгү дароо төлөнүп, ал эми калган бөлүгү предметтин жеткирилишине же иштин аткарылышына жараша улам жылдырылып төлөнүшү ыктымал.  

125. Истиснаа келишиминин операциялары боюнча баа берүү күнүнө өзгөрүүсүнө ылайык өзгөрүшү мүмкүн. Истиснаа келишиминин предметинин баасы «чыгымдар плюс катталган пайда» негизинде аныкталышы мүмкүн эмес. ФКМ сарптоолорго баа берүү жана келечектеги пайдаларды аныктоо үчүн башка дилерлердин жана берүүчүлөрдүн маалыматын пайдаланат. 

126. Истиснаа бүтүмү пайыздар алдында жөнөкөй каржылоо үчүн каражат болуп саналууга тийиш эмес. 

127. Истиснаа келишими түпкүлүгүндө келип, сатып алуучуга же куруучуга тиешелүү болгон белгилүү жер участкасындагы же аны пайдалануудан алардын ар бири пайда көргөн жердеги кыймылсыз мүлк обңекттерин куруу үчүн түзүлүшү мүмкүн. 

128. өндүрүүчү банкрот болгон учурда, кардар баштапкы материалдардын наркынын бөлүгүн төлөп койгон шартта, бүткөрүлбөгөн өндүрүшкө карата артыкчылыктуу укукка ээ болот. 

129. Тараптар келишим предмети болуп саналган курулмалардын кайсы болбосун кемчилдиктер же техникалык жактан тейлениши үчүн өндүрүүчү жоопкерчиликтүү болгон турган мөөнөттү белгилешет.  

130. Истиснаа келишими түзүлгөндөн кийин, тараптардын макулдашуусу боюнча өндүрүш жана курулуш үчүн мурда макулдашылган спецификацияларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле анын шартына ылайык баа корректировкалануу менен жаңы талаптарды аткаруу үчүн тиешелүү негиздерге таянган мезгил аралыгы сунушталган жаңы талаптарды киргизүүгө жол берилет. 

131. Төлөм мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча төлөм кармалбайт. Алдын ала төлөм үчүн, эгерде контракты түзүүдө ал каралбаган болсо да, жеңилдиктерге жол берилет.  

132. Күтүүсүз жагдайлар (форс-мажор) келип чыккан учурда, тараптардын макулдашуусу боюнча же сот тартибинде өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал

133. ФКМ мурдагы иш тапшыруучу менен башталган долбоорду аяктоо үчүн иш тапшыруучуну алмаштырышы жана буйрутмачы менен истиснаа келишимин түзүшү мүмкүн. Бул учурда, долбоордун колдонуудагы статусунун негизинде, буйрутмачынын эсебинен долбоорго баа берүү талап кылынат. Ошондой эле, эгерде истиснаа келишиминин бүткөрүлбөй калуусунун натыйжасында төлөнбөй калган карыз орун алса, алар үчүн буйрутмачы жеке жоопкерчилик тартат. Андан ары калган иштерди бүткөрүү үчүн жаңы истиснаа келишими түзүлөт. 

134. Буйрутмачыга тиешелүү болгон жерге имараттарды же коммуналдык курулмаларды куруу учурунда, эгерде акыркысы келишимди аткарбаса же ишти белгиленген мөөнөттө бүткөрүп бере албаса, истиснаа келишими өндүрүүчүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат жана бул жобо өндүрүүчү тарабынан иш токтотулган учурдан баштап күчүнө кирет. 

135. Эгерде, иш тапшыруучу өз милдеттенмесин аткарууну уланта албай турган болсо, буйрутмачы (жер ээси) бүткөрүлбөгөн курулушту же даяр болуп калган коммуналдык курулманы иш тапшыруучуга ордун толтуруп бербей туруп, менчикке алууга укугу жок. Бул шарт иш тапшыруучунун ишти уланта албаган себептерине жараша болот. 

Эгерде, келишим иш тапшыруучунун күнөөсүнөн улам аткарылбаган болсо, анда кардар курулган курулманын төлөнгөн наркын гана ала алат жана курулуш иштерин тапшыруучу акыркы сатып алуучуга ал дуушар болгон иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасын компенсациялап берүүгө тийиш

Эгерде, келишимди аткарбай коюу буйрутмачынын укук чегинен тышкары аракеттеринен улам болгон болсо, иш тапшыруучу бүткөрүлгөн иштин наркына барабар сумманы жана кандайдыр бир чыгымдар жана зыяндар үчүн компенсацияларды алууга укуктуу

Эгерде, келишимдин аткарылбай калуу себептерине келишим тараптарынын бири дагы тиешелүү эмес болсо, анда акыркы сатып алуучу ордунда турган, курулуп жаткан курулмага гана укуктуу жана тараптардын бири дагы башка тарап тартып жаткан чыгымдардын жана зыяндардын компенсацияланышы үчүн жоопкерчилик тартпайт

136. Мыйзамдарга келишим предметинин наркын көбөйтүүгө алып келүүчү өзгөртүүлөр киргизилген учурда, буйрутмачы кошумча сарптоолорго дуушар болот

137. Даярдоочу жана акыркы сатып алуучу катары иш алып барган ФКМ гарантия катары аванстык төлөмдү жүзөгө ашырып же келишим шарттары аткарылган учурда баанын бөлүгүн түзгөн төлөөлөрдүн төлөнүшүн алардан талап кыла алат же болбосо, келишим токтотулган шартта, айыптык төлөм кармалып калат. Бул сумма иш жүзүндө тартылган зыянга барабар болуусу абзел. 

138. Истиснаа келишиминде ФКМ өндүрүүчү же буйрутмачы катары иш алып баруусуна карабастан, ал өндүрүүчү же буйрутмачы менен мамилелерге өзүнүн укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу үчүн жетиштүү деп эсептеген гарантияларды талап кыла алат. Буйрутмачы катары иш алып барган ФКМ күрөө, жеке гарантия, укуктарды, күндөлүк эсептерди ыйгарып берүү же эсептен каражаттарды алууга бөгөт коюуга макулдук берүү формасында өндүрүүчү талап кылган гарантияларды бере алат. 

139. Буйрутмачы катары иш алып баруучу ФКМ, өндүрүүчү менен макулдашуу шартында техникалык тажрыйбага ээ, төлөө, берүү ж.б. боюнча келишимдердин жана сунуш-көрсөтмөлөрдүн аткарылышына квалификациялуу баа берүүгө жөндөмдүү консулңтант фирманы аныктай алат. 

140. өндүрүүчү катары иш алып барган ФКМ, өзүнчө агенттик келишимди түзүшү мүмкүн, ага ылайык буйрутмачы келишим предметинин буйрутманын (долбоордун) мүнөздөмөсүнө ылайык даярдалышын камсыз кылуу максатында, даярдоо же курулуш иштерине көзөмөлдүктү жүргүзүү боюнча ФКМдин агенти катары дайындалышы ыктымал.  

141. Истиснаа келишиминин аткарылышына көзөмөлдүк боюнча кошумча чыгашалар тараптардын макулдашуусу боюнча төлөнөт. 

142. Эгерде, келишим предмети акыркы сатып алуучуга же ал тарабынан дайындалган адамга берилсе, жана акыркы сатып алуучу келишим предметине толук контролду жүзөгө ашыра алса, өндүрүүчү милдеттенмеден бошотулат. 

143. Эгерде, келишим предметинин абалы берүү күнүнө карата буйрутманын макулдашылган мүнөздөмөсүнө жооп бербесе, анда буйрутмачы андан баш тартууга же аны кабыл алууга укуктуу, бул баанын мүмкүн болуучу өзгөрүүсү менен келишим канааттандырарлык аткарылышын чагылдырат

144. Эгерде, аны четтетүү үчүн негиз болбосо, буйрутмачы келишим берилген предметин кабыл алууга милдеттүү. Келишим предметин кабыл алуудан баш тартуу үчүн баш тартуу себептеринин так негизи чагылдырылышы зарыл

145. Негизсиз баш тартуу учурунда келишим предмети өндүрүүчүнүн ээлигинде калат бул учурда өндүрүүчү келишим предметинен келип чыккан чыгымдар жана зыяндар үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпайт, албетте эгерде, мындай чыгымдар жана зыяндар өндүрүүчүнүн этиятсыз мамилесинин же укукка жатпаган аракеттеринин кесепетинен келип чыкпаган болсо, буйрутмачы келишим предметинин сакталышына кеткен чыгашаларды өз мойнуна алат.  

146. Келишим предметин берүү аны акыркы сатып алуучунун айкын ээлигине өткөрүп берген учурдан тартып жүзөгө ашырылган катары саналат, акыркы сатып алуучуга өндүрүш процесси бүткөрүлгөндөн кийин келишим предметине контролдукту өзүнө алууга мүмкүндүк берет. Иштин бул баскычында келишим предметине карата өндүрүүчүнүн милдеттенмеси бүтүп, акыркы сатып алуучунун милдеттенмеси башталат. Эгерде, андан кийин акыркы сатып алуучу келишим предметине контролдукту өзүнө алгандан кийин, өндүрүүчү тарабынан этиятсыз мамиле же укукка жатпаган аракеттерге жол берилгендигин далилдөөсүз, кийинчерээк келишим предметинен улам кандай болбосун чыгымдар же зыяндар үчүн жоопкерчилик акыркы сатып алуучуга жүктөлөт.  

147. Эгерде белгиленген убакыт ичинде буйрутмачы тарабынан келишим предметин кабыл алууда күттүрүүлөр болсо, өндүрүүчү келишим предметин сатуу операциясында буйрутмачынын агенти катары иш алып бара алат. Бул учурда өндүрүүчү келишим предметин буйрутмачынын атынан сатат жана макулдашылган контракттык наркты алып салгандан кийин калган каражаттарды, эгерде болгон болсо, буйрутмачыга кайтарып берет. Эгерде алынган баа келишимде макулдашылган баадан аз болсо, анда өндүрүүчү калган бөлүктүн ордун толтуруп алуу максатында буйрутмачыга кайрылууга укуктуу. 

148. Буйрутмачы келишим предметин сатуу боюнча чыгаша тартат. 

149. Келишим предметин жеткирүү шарттарын аткарууну бузууга жол бергендиги үчүн айыптык санкциялар, келип чыккан чыгымдар үчүн тиешелүү компенсация катары колдонулат. Эгерде кечиктирүү күтүлбөгөн кырдаалдардан улам (форс-мажор) келип чыкпаса гана, мындай компенсацияга уруксат берилет.  

Мында, акыркы буйрутмачыга карата төлөбөй койгондугу үчүн айыптык санкциялар жөнүндө белгилөөлөргө уруксат берилбейт. 

150. Келишим предметин ал ФКМдин анык ээлигине өткөнгө чейин сатууга уруксат берилбейт.  

151. Буйрутмачы катары иш алып барган ФКМ келишим предметине ээлик кылууга киришкенден кийин, ФКМдин буйрутмачыларына келишим предметин сатуу үчүн агент катары өндүрүүчүнү дайындай алат. Мындай учурда агенттик келишим истиснаа келишиминен өзүнчө түзүлөт. 

 

152. ФКМ өз мүнөздөмөлөрүнө ээ товарларга буйрутма бере алат. Кийинчерээк ФКМ, параллелң истиснаа келишиминин негизинде сатуу максатында, экинчи тарап менен келишим түзөт жана мында ал экинчи тараптын талаптарына жооп берген мүнөздөмөлөргө ээ товарларды өндүрүүчү же берүүчү катары иш алып баруу менен өзүнүн келишимдик милдетенмелерин аткарат.  

153. Буйрутмачыга бөлүп төлөө менен мындай товарларды сатуу максатында өндүрүүчү же берүүчү катары иш алып барган ФКМ истиснаа келишимин түзүүгө жана биринчи келишимде каралган товарларды сатып алуу жана аларды буйрутмачыга сатуу үчүн өндүрүүчүлөрдүн жана курулуш иш тапшыруучуларынын дароо төлөөсүнүн негизинде, истиснаа келишимин түзүүгө уруксат берилет. Буга истиснаа жана параллелң истиснаа келишимдери өз-өзүнчө түзүлгөн шартта гана жол берилет, мында параллелң келишиминде (параллелң истиснаа) жеткирип берүү күнү сатып алуу (истиснаа) боюнча баштапкы келишимде көрсөтүлгөн күндөн мурда келип жетпөөгө тийиш. 

154. ФКМ өндүрүүчү же берүүчү катары истиснаа келишимин түзгөн учурда буйрутмачыга келишим предметин өткөрүп бергенге чейинки мөөнөткө мүлктүк тобокелдик, техникалык жактан тейлөө жана камсыздандырууга кеткен сарптоолор боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. ФКМ, даярдоочу менен түзүлгөн параллелң истиснаа келишиминде буйрутмачыга карата анын милдеттеринен келип чыккан тобокелдик үчүн жоопкерчиликти акыркыга жүктөй албайт.  

155. Аларды түзүүдө эки келишим боюнча милдеттенмелердин (истиснаа жана параллелң истиснаа келишимдери) ортосундагы келишим байланыштарына жол берилбейт. Ошентип, адаттагы истиснаа келишимине катышкан тарапка анын параллелң истиснаа келишими боюнча милдеттенмеси аткарылбагандыгынан улам, өз милдеттерин аткаруудан баш тартуусуна же келишим предметин өткөрүп берүүнү кечиктирүүсүнө же болбосо параллелң истиснаа келишими боюнча товарлардын наркынын көбөйүүсүнөн улам, сунушталып жаткан товарларга бааны көбөйтүүсүнө уруксат берилбейт.  

Мында, ФКМ сатып алуучу катары иш алып барган параллелң истиснаа келишимин түзүүдө тиешелүү шарттарды жана талаптарды караштыруу жагында анын укугу чектелбейт. Ал шарттарда жана талаптарда ФКМ берүүчү катары иш алып барган алгачкы истиснаа келишиминде буйрутмачы чагылдырган шилтемелерден айырмаланган же ошондой эле айыптык санкцияларга тиешелүү шилтемелер да камтылат.  

 

8-глава. Салам бүтүмү 

 

156. Салам бүтүмү бул, келишим түзүү учурунда товардын наркын төлөө шартында, кийин жеткирип берүүнүн негизинде товарларды сатып алуу боюнча бүтүм. 

157. Параллелң салам бул, эки өзүнчө келишимдердин жардамы менен  

аракеттенген бүтүм. Биринчи келишимде ФКМ сатып алуучу катары чыгуу менен кийинчерээк жөнөтүп, келишимге кол койгон учурда төлөөнү жүзөгө ашыруу шарты менен белгилүү бир товарды сатып алууга буйрутмачы менен келишим түзөт.  

Экинчи келишимге ылайык ФКМ, биринчи келишимде көрсөтүлгөн санда жана тиешелүү күнү ошол эле товарды экинчи келишимге кол коюу учурунда товардын наркына төлөп берген башка буйрутмачыга сатат.  

158. Салам жана параллелң салам келишимдеринин алкагында ФКМ сатып алуучу сыяктуу эле, сатуучу катары да иш алып барат.  

159. Салам жана параллел салам келишимдери боюнча ФКМ товарларды сатып алууну жана аны сатууну төлөөгө жөндөмдүү кардардын билдирмеси боюнча ишке ашырат. 

160. ФКМ бул, товарды сатып алууну сыяктуу эле аны сатып өткөрүүнү жүзөгө ашырган жак.  

161. Сатуучу бул, ФКМ андан товар сатып алган юридикалык же жеке адам. 

162. Бири-биринин ордуна колдонулган товарлар бул, жалпы мүнөздөмөгө ээ, бири-биринен олуттуу айырмаланбаган товарлар. Кайсыл болбосун бири-биринин ордуна колдонулган товарлар бузлууга дуушар болуп, аларды баалоодо бузулууга дуушар болгон же алмаштырылган товардын наркын баалоо зарылчылыгы келип чыкпаган учурларда, башка товарлар менен алмаштырылышы мүмкүн.  

163. Салам бүтүмдөрүн ишке ашыруу үчүн өзүнчө келишимдер же анын чегинде аракеттенүү мөөнөтүн көрсөтүү менен өзүнчө келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызматташтык жөнүндө генералдык макулдашуу түзүлүшү мүмкүн.  

164. Генералдык макулдашууда тараптар келишим чегин жана тараптардын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашырууга ниеттери, ошондой эле товарлардын саны жана жеке мүнөздөмөлөрү, аларды жеткирип берүү ыкмаларын, баасын жана төлөө ыкмаларын аныктоо үчүн негиздер камтылат. Мындан тышкары, анда гарантиялар ж.б. шарттар каралышы мүмкүн. 

165. Салам келишими кат жүзүндө түзүлөт жана мыйзам тарабынан талап кылынган учурда нотариалдык жактан тастыкталууга жана мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. Төмөнкүлөр келишимдин маанилүү шарттары болуп саналат

а) кийин жеткирип берүү шарты менен белгилүү бир товарды сатуу

б) келишим түзүлүп жаткан учурда товардын наркын төлөө. 

166. Салам келишимдери боюнча баа акча каражаты формасында сыяктуу эле, бири-биринин ордуна колдонулган товарлар (тектүү белгилери аныкталган товарлар) формасында да белгилениши мүмкүн. 

167. Эгерде, баа акча каражаттарында аныкталса, анда валютасы, анын өлчөмү жана төлөө ыкмасы аныкталууга тийиш. Эгерде баа бири-биринин ордуна колдонулуучу товарлар формасында аныкталса, анда алардын сортун, түрүн, мүнөздөмөсүн жана санын так көрсөтүү талап кылынат.  

168. Салам келишиминин чегинде баа, келишим түзүлгөн учурда токтоосуз төлөнөт. өзгөчө учурларда гана төлөө үч күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн жана ал төлөмдүн кечиктирилиши бири-биринин ордуна колдонулган товарларды жеткирип берүү учуруна туура келип же андан ашпаган шартта, салам келишиминин аткарылышына таасирин тийгизүүгө тийиш эмес

169. Карызды салам келишими боюнча капитал катары пайдаланууга жол берилбейт.  

170. Салам келишими таразалап, өлчөп же эсептеп көрүүгө мүмкүн болгон товарларга түзүлөт.  

171. Чет өлкө валютасы, баалуу металлдар (алтын, күмүш ж.б.) келишим предмети боло албайт.  

172. Товарлар кандайдыр бир аныкталбагандыкты четке каккан мүнөздөмөлөргө ээ болууга тийиш, алардын талапка ылайыктылуугу үчүн жоопкерчилик сатуучуга жүктөлөт.  

173. Товарлар колдонуудагы тажрыйбага жана эксперттик корутундуларга ылайык аныкталууга тийиш.  

174. Товардын ар бир бирдигинин саны алардын абалына жана тегине жараша аныкталат, башкача айтканда, алардын салмагы, өлчөмү, көлөмү жана алар канча орунду элей тургандыгы көрсөтүлөт.  

175. Товарлар аларды жеткирип берген учурда кандай жайгаштырылса, ошол жерде талаптагыдай сакталып туруу менен сатуучу сатып алуучу алдында алардын жеткирилип бериши боюнча өз милдеттенмесин аткара алгандай, ыңгайлуу жайгаштырылууга тийиш.  

176. Тараптар айкын жеткирип берүү күнүн белгилешет, бирок товарларды жеткирүүнүн ар кандай мөөнөтү белгилениши да мүмкүн. Алгачкы келишим түзүү учурунда аларга төлөнүп берилген шартта, товарлар топтому менен жеткирилип берилет.  

177. Тараптар товар жеткирилүүчү орунду аныкташы мүмкүн. Эгерде келишим түзгөн тараптар товар жеткирилүүчү орунду аныкташпаса, ошол жерге товарды жеткирүү мүмкүн эместиги жагдайы келип чыкпаса, келишим түзгөн орун товар түшүрүлүүчү жер болуп саналат. Бул учурда товарлар жеткирилүүчү орун адаттагы тажрыйбадагыдай эле аныкталат. 

178. Товарларды жеткирүү төлөмдөрдү ишке ашыруу милдеттенмелерин камсыздоонун кайсыл болбосун түрү менен камсыздалышы мүмкүн. 

179. Сатып алуучуга аларга карата менчик укугун алганга чейин товарларды сатуусуна уруксат берилбейт. 

180. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча салам келишими толук жокко чыгарылышы жана келишимдин наркынын орду толук толтурулуп берилишинин милдеттенмелер токтотулушу мүмкүн. Ошондой эле аны жарым-жартылай жокко чыгарууга уруксат берилет, башкача айтканда, келишимдин наркынын орду толтурулуп берген тиешелүү бөлүгүнүн ордуна товарлардын бөлүгүн жеткирип берүүнү жокко чыгаруу.  

181. Сатуучу сатып алуучуга товарды келишим шарттарына ылайык көрсөтүлгөн күнү, белгиленген мүнөздөмөлөрүнө жана санына ылайык жеткирип берүүгө милдеттүү. Сатып алуучу, өз кезегинде келишимдеги мүнөздөмөлөрүндө каралган талаптарга жооп берген шартта, товарларды кабыл алууга тийиш.  

182. Эгер сатуучу келишимдик мүнөздөмөлргө ылайык талап кылынгандарга караганда кыйла жогорку сапаттагы товарларды сунуш кылса жана жогорку сапат үчүн андан жогорку бааны талап кылбаса, анда сатып алуучу товарларды кабыл алууга тийиш. Бул качан гана келишимде каралган мүнөздөмөлөр олуттуу шарт болуп эсептелбеген учурларда гана колдонулат (өтө эле төмөнкү сапаттык мүнөздөмөлөрү менен). 

183. Эгерде жеткирилген товарлардын сапаты келишимдик мүнөздөмөлөргө ылайык талап кылынгандагыдан төмөн болсо, сатып алуучу аларды кабыл албай коюуга же кандай абалда болсо ошондой эле кабыл алууга укуктуу. Алар кабыл алынган учурда, тараптар мындай товарларды төмөндөтүлгөн баада кабыл алуу жөнүндө макулдаша алышат. 

184. Сатуучу товарды келишимде чагылдырылган формада жеткирүүгө тийиш.  

185. Товарлар белгиленген мүнөздөмөлөргө жооп берген шартта, мөөнөтүнөн мурда зарыл санда жеткирилип берилиши зарыл.  

186. Эгерде сатуучу өз милдеттенмелерин аткара албаса же сатуучунун колунда белгиленген күнгө карата товарлардын бардыгы же анын бөлүгү жок болсо, сатып алуучу:  

а) товарлар жеткирилик бергенге чейин күтүп турат же товарларды жеткирилип берилиши үчүн бир кыйла узагыраак убакытка мүмкүнчүлүк берет.  

б) келишимди жокко чыгара алат жана төлөнгөн каражаттарды өндүрөт

Тараптарга ошондой эле, товарларды башка товарларга макулдашууга уруксат берилет.  

187. Товарларды жеткирүүнүн кечиктирилиши үчүн айыптык санкцияларды караган шилтемелерди кошууга уруксат берилбейт. 

188. Биринчи келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу жана ошол товарларды жеткирүү үчүн биринчи салам келишиминде каралгандай мүнөздөмөлөргө ээ товарларды сатып алуу үчүн сатуучуга үчүнчү жак менен өзүнчө салам келишимин түзүүгө уруксат берилет. Демек, биринчи салам келишиминде сатуучу катары иш алып барган ФКМ, экинчи салам келишиминде сатып алуучу болуп калат.  

189. Салам келишиминин негизинде сатылып алынган, алардын аныктамалары биринчи салам келишиминин жардамы менен сатып алуу каралып жаткан товарлардын аныктамаларына туура келген товарларды сатуу максатында сатып алуучуга үчүнчү жак менен өзүнчө параллелң салам келишимин түзүүгө уруксат берилет. Бул учурда, биринчи салам келишиминде сатып алуучу катары иш алып барган ФКМ, экинчи салам келишиминде сатуучу болуп калат. 

190. Эки учурда тең тараптарга ушул эки салам келишими боюнча милдеттенмелерди байланыштырууга уруксат берилбейт. 

Эки келишим боюнча милдеттенмелер жана укуктар бардык аспекттер боюнча өз-өзүнчө каралууга тийиш. Эгерде, биринчи салам келишими боюнча милдеттенмелерди бузууга жол берилген учурда, башка тарап (жапа чеккен тарап) аны менен биринчи тарап параллелң салам келишимин түзгөн тарап менен ошол зыян тартууларды же чыгымдарды байланыштырууга укугу жок. Демек, ал биринчи салам келишими боюнча тарткан чыгымдарынын же зыян тартууларынын негизинде, экинчи салам келишимин токтотууга же анын аткарылышын кечиктирүүгө укугу жок.  

191. Салам келишиминде каралган бардык эрежелер параллелң салам келишимине карата да колдонулат. 

192. Салам келишиминен келип чыккан карыздык милдеттенмелерге товардык облигацияларды чыгарууга уруксат берилбейт.  

193. Салам келишимдеринде ФКМ ФКМдин үстөк баасына кошулган баа боюнча аны кардарга аны кийинчерээк сатуу менен буйрутмачы-кардар тарабынан аныкталган товарды сатып алууну каржылайт. Параллелң салам келишими боюнча ФКМ, товар берүүчүнүн ролунда иш алып барат жана келишим шарттарына ылайык товарлар үчүн төлөө бөлүп бөлүп ишке ашырылат.  

194. Эгерде, келишим шарттары боюнча кардар товар үчүн төлөмдөрдүн графигине ылайык, бөлүп төлөй турган болсо, ФКМ эсепке алууда графике ылайык, салам бүтүмү боюнча кирешелерди ай сайын чегерүүнү ишке ашырат. Келип түшкөн акча каражаттарынын суммасы карыздын ордун жабууга багытталат жана алууга каралган кирешелерге чегерилет.  

 

III-бөлүк. Корутунду жоболор 

 

3.1. Ушул Жобо, Ислам финансы институттары үчүн Бухгалтердик эсеп жана аудит уюму тарабынын бекитилген, Шариат стандарттарында каралган, ислам банк ишин жана каржылоо принциптерине ылайык келген операциялардын тизмеси өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу ареклуу толукталышы мүмкүн.