Кайта келүү

  

  

Тиркеме 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 4-июлундагы 

N 28/7 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу 

ТАРТИБИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/7, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА), 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-12/16-3-(НПА), 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-12/75-3-(НПА), 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА), 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-8-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана башка финансы-кредиттик уюмдары (мындан ары банктар/ФКУдар) тарабынан кредиттик тартипти бекемдөө жана берилген кредиттердин реалдуу кайтарылып берилишин камсыз кылуу үчүн минималдуу талаптардын аткарылышы - ушул Тартиптин максаты болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Банктын/ФКУдин кирешелүүлүгүн камсыз кылган кредиттик ишти жүзөгө ашыруу, банктын кредитти төлөөнүн экинчи булагы болуп саналган күрөөлүк камсыздоо жагында белгилүү бир саясатын иштеп чыгууну талап кылат. Күрөөлүк саясат банктын/ФКУдин жалпы кредиттик саясатынын бир бөлүгү болууга тийиш. 

4. Бул документте колдонулган негизги түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 токтому менен бекитилген, Баалоонун негизги түшүнүктөрүнүн жана принциптеринин стандартында аныкталган. 

Мында, ушул Тартиптин алкагында: 

Күрөө - бул, менчикке укуктун же мүлккө башка буюм укугунун күрөөсү астында, акчалай же акча формасында туюндурулган милдеттенменин аткарылышын камсыздоо ыкмасы. 

Адилет нарк - эсептелинген акчалай сумма, ал аркылуу сатып алууга даяр сатып алуучу менен сатууга даяр сатуучунун ортосунда, тиешелүү маркетингден кийин коммерциялык бүтүмдүн негизинде мүлктү алмашуу ишке ашырылат. Бүтүмгө келишүү учурунда ар бир тарап компетенттүү, эсептөөлөрдүн негизинде жана эч кандай мажбурлоосуз иш алып барат. 

Жоюу наркы - бул талаптагыдай маркетинг жана жарнамалоосуз эле, кыска мөөнөт ичинде активди сатып өткөрүүдөн реалдуу алынышы мүмкүн болгон активдин наркы. 

Баалуу металлдар - ар кандай түрдөгү жана абалдагы: сырьедогу, эритмелердеги, жарым фабрикаттардагы, өнөр жай продуктуларындагы, химиялык кошулмалардагы, буюмдардагы, металл сыныктарындагы жана алардын калдыктарындагы алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы металлдар (палладий, иридий, радий, рутений, осмий). 

Күрөө менен ордун жабуу коэффициенти - мүлктүн күрөөлүк наркынын кредиттин суммасына карата катышы (күрөө коэффициентин эске алуу менен).  

Күрөө коэффициенти - кредитти камсыздоо катары кабыл алынган күрөөнүн рыноктук наркын төмөндөтүү коэффициенти, анда мүлктү сатуу жана өндүрүп алуу боюнча чыгымдар, ошондой эле мүлктүн болжолдуу баасы эсепке алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/7, 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-12/75-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2. Күрөө предметине карата талаптар 

5. Кредиттөө, гарантияларды жана аккредитивдерди берүүгө байланышкан операцияларды жүзөгө ашырууда, карыз алуучунун банк/ФКУ алдындагы милдеттенмесинин аткарылышын камсыз кылган ыкмалардын бири - күрөө болуп саналат. Милдеттердин аткарылышы күрөөдөн башка дагы, кепилдик берүү, гарантия жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыкмалар менен камсыз кылынат. 

6. Күрөө предмети - Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берүүгө тийиш. 

7. Банктар/ФКУлар кредит боюнча күрөөлүк камсыздоонун ар кандай түрлөрү менен иш алып баруунун негизги принциптерин жөнгө салган, камсыздоолордун ар кандай түрлөрүнө байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон негизги тобокелдиктерди ачып көрсөткөн ички ченемдик документтерди милдеттүү түрдө иштеп чыгууга тийиш. 

Банктарга/ФКУдерге күрөөлүк камсыздоо катары төмөнкүлөрдү кабыл алууга тыюу салынат: 

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган, бирден-бир күрөөлүк камсыздоодон болгон жүгүртүүдөгү товарлар; 

- Фондулук биржалардын, анын ичинде эл аралык биржалардын листингине кирген, өнүккөн өлкөлөрдүн баалуу кагаздар фондулук рыногунда жүгүртүлгөн жогорку рейтингге ээ жогорку ликвиддүү баалуу кагаздарды, ошондой эле кош кампа күбөлүгүнүн бөлүгү болуп саналган ордердик баалуу кагаздарды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын эмитенттери-резидент эместери тарабынан чыгарылган жана жеке адамдардын ээлигинде турган жана/же жогорку рейтингге ээ болбогон депозитарийлерде сакталган жөнөкөй жана которулма векселдерди кошуу менен документтик, документтик эмес баалуу кагаздар; 

- тизмеги террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталган, оффшордук аймактарда катталган жана/же жайгаштырылган активдер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-12/16-3-(НПА), 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

8. Эгерде, кредиттик саясатта Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан (катталган) күрөөлүк мүлктү кабыл алуу каралган болсо, анда бул учурда банктын/ФКУнун Директорлор кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредиттердин кайтарылып берилиши үчүн жоопкерчиликтүү болушат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан (катталган) мүлктү күрөөгө кабыл алууда, банк күрөөлүк камсыздоого байланыштуу тобокелдикке баа берүүдө өлкөлүк тобокелдиктин таасирин эске алуу менен ал жайгашкан жер боюнча кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк рыногу тууралуу маалыматка таянат. 

10. Банк/ФКУ тийиштүү рынокко (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк ж.б.) иликтөөлөрдү жүргүзүп, күрөөгө кабыл алынып жаткан тиги же бул мүлктүн сапатынын критерийлерин аныктоого тийиш. Сапат критерийлери күрөөгө коюлган мүлктүн түрүнө жараша ар кандай болушу мүмкүн жана бирок кеминде төмөнкүлөр эске алынууга тийиш: 

- адилет баа туруктуулугу; 

- сактоонун узак мөөнөткө каралгандыгы; 

- ликвиддүүлүк (кыска мөөнөт аралыгында сатып өткөрүү мүмкүнчүлүгү); 

- товарды идентификациялоо мүмкүнчүлүгү жана керектөө мүнөздөмөлөрүнүн сакталышы; 

- башка критерийлер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

11. Банк/ФКУ күрөөлүк мүлктүн жайгашкан жерине баруу менен анын ордунда бар экендигин жана сапатын текшерүүгө тийиш. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кредиттөөүрөөлүк мүлк менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин колу коюлган отчет түзүлөт, анда кеминде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш: 

- күрөөнүн жайгашкан орду; 

- күрөөнү сактоо шарттары; 

- күрөөнүн сандык жана сапаттык параметрлери; 

- ичтен баа берүүнүн же баалоочунун/баалоочу уюмдун баа берүүсүнүн негизинде анын адилет наркы; 

- күрөөнүн наркына баа берүү ыкмаларын жана/же методологиясын колдонуу; 

- жана башка. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Отчеттогу маалыматтар, берилип жаткан кредиттин мүмкүн болуучу суммасын белгилөөдө эске алынууга тийиш. Берилген кредиттин суммасы банктын ички документтеринде жөнгө салынган күрөө менен ордун жабуу коэффициентинин жана күрөө коэффициентинин өлчөмүн эске алуу менен аныкталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-12/75-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

13. Күрөө коюучунун күрөө предметин алмаштыруусуна банктын/ФКУдин макулдугу болгон шартта гана жол берилет. 

14. Эгерде жүгүртүүдөгү товарлар, кампа күбөлүктөрү жана баалуу металлдар күрөөлүк мүлк катары кабыл алына турган болсо, күрөө жөнүндө келишим түзүүдө күрөөлүк мүлктүн курамын жана накта формасын күрөө коюучу төмөнкү шарттарда гана өзгөртө алары көрсөтүлүүгө тийиш: 

а) анын ликвиддүүлүгү, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлктүн жалпы наркы күрөө келишиминде көрсөтүлгөн нарктан аз болбогон болсо; 

б) кредиттердин жүгүртүүдөгү товарлар, кампа күбөлүктөрү жана баалуу металлдар менен гана камсыздалышы кредиттин суммасынын кеминде 150% түзүүгө тийиш, мында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймалар эске алынбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/7, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА), 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-12/16-3-(НПА), 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

15. Эгерде, күрөөгө сунушталып жаткан жүгүртүүдөгү товарлар, баалуу металлдар, ошондой эле кош кампа күбөлүгүн берүү менен товар кампасында сактоого алынган товарлар сатып алуу-сатуу предметинен болуп саналса (күрөө коюучунун өзү өндүрбөсө), товарларды сатып алууга контрактылардын (сатып алуу-сатуу келишимдери) жана башка документтердин (коштомо кагаздар, инвойстор, сертификаттар, төлөм документтери, индоссамент), же болбосо күрөө коюучунун менчик укугун тастыктаган башка документтердин болушу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-12/16-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Күрөөлүк камсыздоо боюнча банктын/ФКУдин ички документтери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алынган коммерциялык банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобкокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарына жооп берүү менен эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- күрөөнү кредиттин камсыздоосу катары кабыл алуу шарттары жана талаптары; 

- күрөөнүн түрлөрү жана күрөөнүн түрлөрүнө карата чектөөлөр; 

- күрөөгө баа берүү ыкмалары; 

- баалоочуну/баалоочу уюмду тартуу; 

- кредиттин суммасы менен күрөөнүн адилет наркынын сандык катышы; 

- күрөө менен ордун жабуу коэффициентинин өлчөмү;  

- күрөөнүн түрүнө, анын ликвиддүүлүгүнө жана башка өзгөчөлүгүнө жараша күрөө коэффициентинин маанисин колдонуу критерийлери; 

- күрөөлүк мүлктү алмаштыруу тартиби жана шарттары; 

- күрөөгө мониторинг жүргүзүү

- коом үчүн маанилүү тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болгон же жеке адамга менчик укугунда таандык болгон бирден бир турак жай болуп саналган күрөө предметинен мыйзам талаптарына ылайык өндүрүүнү жүргүзүүнү эске алуу менен күрөөгө коюлган мүлктү алуу жана сатып өткөрүү тартиби. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-12/75-3-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Күрөөнү баалоо 

17. Банктар/ФКУдар күрөөнү баалоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги N 217 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баа берүү ишин жүзөгө ашырган бардык субъекттер милдеттүү түрдө колдонууга тийиш болгон мүлккө баа берүүнүн төмөнкү стандарттарына таянууга тийиш: 

- баалоонун негизги түшүнүктөрү жана принциптери стандарты; 

- бизнеске баа берүү стандарты; 

- кыймылдуу мүлктү баалоонун стандарты; 

- кыймылсыз мүлккө баа берүү стандарты; 

- баа берүү отчетунун мазмунуна жана анын тариздетилишине карата талаптар стандарты. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Күрөөгө сунушталган мүлккө баа берүү кредиттөөнүн милдеттүү шарты болуп саналуу менен ал, карызгендин банк/ФКУ алдындагы тиешелүү милдеттенмесинин ордун жабуу үчүн күрөөнүн жетиштүү наркын аныктоо үчүн зарыл. 

19. Өзүнчө банктык эсептерде жайгаштырылган акча каражаты (улуттук жана чет өлкө валютасында) жана баалуу металлдар түрүндөгү кыймылдуу мүлккө баа берүү номиналдык наркы боюнча ишке ашырылат. 

Баалуу металлдар түрүндө камсыздоонун наркына баа берүүдө анын көркөм баалуулугу, анда асыл жана башка баалуу таштар камтылгандыгы эске алынбайт, накта баалуу металлдын өзү гана эсепке алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Банк/ФКУ кредит боюнча камсыздоо катары күрөө предметин кароо учурунда, анын төмөнкү мүнөздөмөлөрүн эске алууга тийиш: 

- күрөө предметинин адилет наркына; 

- учурдагы ликвиддүүлүк деңгээлине (тез ара сатып жиберүү мүмкүнчүлүгү); 

- күрөөгө сунушталып жаткан мүлктүн менчик ээси үчүн маанилүүлүгү (олуттуулугу); 

- күрөө предметинин наркынын убакыттын өтүшү менен өзгөрүшүнүн болжолдоосу жана өткөн бир нече жыл ичинде ушул түрдөгү күрөөлөрдүн кеминде жылына бир жолу сатылышы жөнүндөгү маалыматтар; 

- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү процессине байланыштуу чыгымдардын өлчөмүн аныктоо; 

- күрөөлүк мүлктүн жайгашкан орду боюнча адилет наркына таасирин тийгизиши ыктымал болгон күндөлүк экономикалык шарттардын жана рыноктогу жагдайдын чагылдырылышы; 

- сапаттуу талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Банктын/ФКУнун күрөөлүк мүлк менен иш алып баруунун негизги принциптерин жөнгө салган документтеринде, банк/ФКУ күрөөлүк мүлккө өз алдынча, квалификациялуу баа бере албаган шартта, банк/ФКУ баалоочу/баалоочу уюм менен келишим түзүүгө тийиш экендиги каралышы зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

21-1. Банктын ички документтеринде мүлктү күрөө катары кабыл алууда банктын баалоочу кызматкеринин (ички баа берүү) сыяктуу эле, ишке тартылган баалоочунун/баалоочу уюмдун да банктын мүлкүн баалоо функциясынын көз карандысыздыгына коркунуч жараткан аракеттерге банк тарабынан жол берилбей тургандыгын камсыздаган талаптар каралууга тийиш, анын ичинде:  

- мүлктүн күтүлүп жаткан же белгиленген алдын ала бааланган рыноктук наркы, же кредиттин суммасы же болбосо күрөө менен ордун жабуунун максаттуу коэффициенти тууралуу ички баалоочуга/баалоочуга/баалоочу уюмга маалымдоого; 

- кредитти же баалоо жүргүзүүнү бекитүү үчүн менчиктин минималдуу рыноктук наркы боюнча талапты көрсөтүүгө;  

- менчик белгилүү бир суммага бааланбагандыктан, баалоочуга/баалоочу уюмга сый акыны төлөөдөн баш тартууга;  

- ички баалоочунун/баалоочунун/баалоочу уюмдун кызматын учурда же келечекте пайдалануу ички баалоочунун/баалоочунун/баалоочу уюмдун мүлктү баалаган суммадан көз карандылыгына жол берүүгө

- мүлктү баалоочу кызматкерге эмгек келишимин токтотууга чейин бир нече тартип жазасын колдонуу, же баалоочу/баалоочу уюм тарабынан аныкталган рыноктук нарк банктын ички документтерине ылайык мүлктү күрөөгө кабыл алуу үчүн белгиленген чектүү мааниге дал келбегендигине байланыштуу, баалоочу менен келечекте кызматташуудан баш тартууга.  

Эгерде банктын ыйгарым укуктуу кызматкери/баалоочу/баалоочу уюм тарабынан аныкталган күрөөгө кабыл алынуучу мүлктүн рыноктук наркы Кредиттик комитет же кайсы болбосун башка ыйгарым укуктуу орган тарабынан кайра баалоого жөнөтүлсө, мындай чечим кабыл алган жактарды/жакты так көрсөтүү менен кайра баалоонун зарылдыгы боюнча кат түрүндө түшүндүрмөлөр берилип, жогорку башкаруу органына тааныштырылууга тийиш.  

Күрөөгө кабыл алынуучу мүлктү баалоо жана анын рыноктук жана күрөөлүк наркын аныктоочу эрежелерден жана жол-жоболордон кандай болбосун четтөө жагдайы талаптагыдай документтештирилүүгө жана күрөөгө кабыл алынуучу мүлктү баалоо боюнча жоопкерчиликтүү банктын бөлүмүнүн жетекчилерине сунушталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-12/75-3-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

22. Кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда күрөөнүн наркы карыз алуучунун банк/ФКУ алдындагы милдеттенмелеринин ордун жабууга тийиш экендигин эске алуу зарыл.  

Кыймылсыз мүлк рыногу банктын/ФКУнун күрөөнү сатуу мүмкүнчүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон ар түрдүү өзгөрүүлөргө дуушар болорун эске алсак, күрөөнүн адилет наркынан тышкары жоюу наркын да эске алуу маанилүү.  

Буга байланыштуу, күрөө коэффициенти келечекте күрөөнүн баасы төмөндөшү мүмкүндүгүн эске алуу менен банк тарабынан бааланууга жана белгиленүүгө тийиш. Күрөө коэффициенти жана күрөө менен ордун жабуу коэффициенти да күрөөнү тез сатууга салыштырмалуу өлчөмдө белгиленүүсү зарыл. Алсак, атайын багыттагы турак эмес кыймылсыз мүлк объекттерин (заводдор, цехтер, мүлк комплекстери, өндүрүш же айыл чарба багытындагы курулмалар жана башка объекттер) сатуу тездиги, мисалы, кеңсе багытындагы турак эмес жайларга же турак жай мүлкүнө салыштырганда төмөн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-12/75-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Кредиттин күрөөлүк камсыздоосунун тариздетилиши 

23. Банк/ФКУдун (күрөө кармоочунун) карыз алуучу (күрөө коюучу) ортосунда өз ара мамиле күрөө келишими, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта төмөнкүлөр менен таризделинет: 

- күрөө келишими же кыймылдуу мүлккө карата соттук эмес тартипте күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү шарттарын камтыган макулдашуу менен; 

- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана күрөөлүк мүлк жайгашып турган башка өлкөнүн мыйзамдарында күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүнүн соттук эмес тартиби каралган болсо, кыймылсыз мүлккө карата соттук эмес тартипте күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү боюнча нотариалдык жактан тастыкталган макулдашуу менен. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

23-1. Күрөө жөнүндө келишимде өндүрүүнү жүргүзүүдөүлктү өндүрүү жагдайлары келип жеткенде), ал күрөө кармоочу менен күрөө коюучу ортосунда түзүлгөн макулдашууда аныкталган, ал эми кыймылсыз мүлккө карата - Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, баалоочуну тартуу менен күрөө кармоочу менен күрөө коюучу ортосунда түзүлгөн кошумча макулдашууда аныкталган күрөөлүк мүлктү баалоо жөнүндө ченем каралууга тийиш.  

Мында, карыз алуучунун карызынын ордун жабуунун эсебинен кабыл алынган кыймылсыз мүлктү сатып өткөрүү боюнча тоорукту жүргүзүү чечимин кабыл алгандан кийин, бирок жогоруда белгиленген тооруктарды өткөрүүгө чейин анын адилет наркын Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык аныктоо зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

24. Эгерде, күрөө предмети күрөө коюучунун ээлигинде калса, банк/ФКУ күрөөгө коюлган мүлктүн камсыздандырылышынын андан талап кылууга укуктуу. Күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу мөөнөтү, банк/ФКУ тарабынан күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жана аны сатып өткөрүү үчүн талап кылынган мезгил аралыгын жана камсыздандыруу компанияларынын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аныкталышы зарыл. 

5. Күрөөнүн сакталып турушуна контролдук 

25. Күрөө келишими аракеттенип турган мезгил ичинде күрөөлүк мүлктүн сакталып турушуна контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн банктын/ФКУдун милдеттүү түрдө мүмкүнчүлүгү болууга тийиш. 

26. Күрөөлүк мүлккө контролдукту жүзөгө ашыруу зарылчылыгы, рыноктогу жагдайдын өзгөрүүсүнө, суроо-талап менен баанын түшүүсүнө, ошондой эле карызгердин мүмкүнчүлүктөн кыянаттык менен пайдаланышы ыктымалдыгына байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон жоготуулардан өзүн камсыздандырууга банктын/ФКУдин ниетине шартталууга тийиш. 

27. Кредитөө мөөнөтү ичинде күрөөгө коюлган мүлккө дайыма мониторинг жүргүзүп туруу зарыл. Анда, күрөөлүк мүлктүн бардыгы, анын сапаты, сакталып туруу шарттары, күрөөлүк мүлктүн учурдагы наркынын карызгердин банк алдындагы карызынын жалпы суммасына ылайык келээри текшерилип туруусу зарыл. 

Эгерде банк тарабынан күрөө мүлкүнүн учурдагы наркы төмөндөгөндүгү аныкталса, анда ал бул фактыны күрөөнү текшерүү актына киргизүүсү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-12/75-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

28. Адилет конъюнктура өзгөрүп, күрөөнү сактоо шарттары талапка ылайык келбегендиктен күрөө предметинин наркынын төмөндөшүн жана абалынын начарлашын шарттаса же аны жоготуу коркунучу орун алса, банк/ФКУ карызгерден күрөөнү сактоо шарттарын талапка ылайык келтирүүнү же болбосо аны кыйла ликвиддүү күрөөгө алмаштырууну, же болбосо кошумча камсыздоону талап кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-12/75-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

29. Карызгердин финансылык абалы начарлап бара жаткандыгы аныкталган болсо, банк/ФКУ алган милдеттенмелердин аткарылбай калышы тобокелдигинин келип чыгуу себептерине жол бербөө максатында, карызгер менен жолугушууну өткөрүүсү зарыл. 

6. Күрөөнүн сатып өткөрүлүшү 

30. Банк/ФКУ карызгер тарабынан мүмкүн болуучу кине коюларга жол бербөө максатында карызгерге/күрөө коюучуга күрөөлүк мүлктү (кыймылсыз мүлктү) сатып алуучуну өз алдынча издөөгө мүмкүнчүлүк берүүсү зарыл. Бул иш, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билдирмеде көрсөтүлгөн милдеттенмелерди өз эрки боюнча аткаруу мөөнөтү бүткөндөн кийинки убакыт аралыгында ишке ашырылышы зарыл. 

30-1. Эгерде күрөө предметин тоорукта сатууга чейин же аны күрөө кармоочу сатып алуу күнүнө чейин карыз алуучу (күрөө коюучу) күрөө кармоочуга карыз суммасын жабууга мүмкүн болгон бааны сунуштаган сатып алуучунун талапкердигин сунуштаса, анда ошол адам аны сатып алуу боюнча артыкчылыктуу укукка ээ. Бул учурда күрөө кармоочу күрөө предметин сатууга жол бербөөгө укугу жок. Бул пунктта белгиленген укукту чектеген макулдашуу анык эмес. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Эгерде, банктын жогоруда белгиленген аракеттери алгылыктуу натыйжа бербесе, банк/ФКУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөө келишимине таянуу менен күрөөнү сатып өткөрүү процессин баштоого тийиш. 

Мында, эгерде күрөө предметинен өндүрүп алуу процессинде тараптардын макулдашуусунда сатуунун башка ыкмасы каралбаса, турак жай түрүндөгү кыймылсыз күрөө мүлкү ачык тооруктар аркылуу гана сатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

31-1. Күрөө кармоочудан билдирүү алган учурда карыз алуучу (күрөө коюучу) төмөнкүлөргө укуктуу:  

1) күрөө кармоочу менен күрөө менен камсыздалган анын талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуу түзүүгө; же  

2) күрөө кармоочу менен нотариалдык жактан тастыкталган күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү үчүн негиздер келип чыккандан кийин карыздын ордун жабуунун эсебинен күрөөлүк мүлктү өз ыктыярдыгы боюнча өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүүгө; же  

3) эгерде мүлктөн соттон тышкары өндүрүүнү жүргүзүү тартиби күрөө жөнүндө келишимде жана/же талаптарды канааттандыруу жөнүндө макулдашууда же болбосо бейтарап макулдашууда каралбаса, сот тартибинде күрөө предметинен өндүрүү жана сатып өткөрүү жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат менен сотко кайрылууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

32. Күрөөлүк мүлктү сатуудан түшкөн каражатты бөлүштүрүү, мыйзамдарда белгиленген тартипте ишке ашырылат. 

33. Күрөө предметинен мыйзамда белгиленген тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жана башка менчикти баланска кабыл алуу учурунда банк/ФКУ, Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык иш алып барышы зарыл. 

34. Банк/ФКУ, төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен күрөөлүк мүлктүн эсебин жүргүзүп, ал боюнча отчет даярдоого тийиш (электрондук/кагаз жүзүндө). Отчетто төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

күрөө кармоочунун/күрөө коюучунун аты-жөнү/аталышы; 

- күрөөнүн түрү, наркы; 

- карызгер берген документтердин тизмеги; 

- келишимдердин жана күрөөлүк мүлккө ээлик кылуу укугун тастыктаган документтердин түп нускасы сакталган жер. 

7. Корутунду жобо 

35. Банк/ФКУ ушул тартипке жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу боюнча кошумча талаптарды иштеп чыгуу укугуна ээ.