Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 24-июнундагы 

№ 35/10 токтому менен 

бекитилген 

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-17/23-7-(НПА), 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Жобо керектөөчүлөр укугун жана мыйзамдуу таламдарын коргоо максатында иштелип чыккан жана анда банктык кызматтарды көрсөтүү, ошол кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо боюнча банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын (банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактардын) (мындан ары - ФКУ) ишине карата минималдуу талаптар белгиленген, ошондой эле керектөөчүлөр укугун коргоо жаатында Улуттук банктын ФКУ менен өз ара иш алып баруу компетенциясы жана тартиби аныкталган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-17/23-7-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жогот) 

3. Бул жобонун максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулган:  

1) Улуттук банк - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; 

2) Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү - Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөгө Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү

3) банктык кызмат көрсөтүүлөр - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ФКУ тарабынан ишке ашырылуучу операциялар жана сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр; 

4) керектөөчү - банктык кызматтардан пайдаланган, пайдаланып жаткан же пайдаланууга ниеттенген кайсы болбосун жеке адам (анын ичинде жеке ишкер); 

5) кайрылуу - керектөөчүнүн ФКУга оозеки же жазуу жүзүндө даттанып кайрылуусу жана арыздануусу (талаш маселелер), аларда керектөөчүлөр укугун бузууга жол берүүлөр жана/же аларды калыбына келтирүү же ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуулар жана банктык кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү кине коюулар, анын ичинде келишим шарттарынын өзгөрүлүшү сыяктуу маалыматтар камтылат. 

6) кайрылууларды карап чыгуу жол-жобосу - ФКУдун аткаруу органы тарабынан келип түшкөндөн кайрылууларды маңызы боюнча карап чыгууга чейинки бардык баскычты камтыган, бекитилген ички жол-жобо;  

7) ФКУдун жооптуу кызматкери - ФКУдун башкы кеңсесинин же филиалынын керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кабыл алуу, каттоо жана карап чыгуу, кайрылуу ээси менен байланышуу үчүн жооптуу болгон кызматкери (аны алмаштырган адам);  

8) даттануулар жана сунуштар катталган китепче - керектөөчүлөрдүн даттанууларын жана сунуш-пикирлерин кароого алуу үчүн аларды белгиленген тартипте каттоо үчүн каралган атайын китепче;  

9) "жашыруун керектөөчү" иш-чарасы - Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тартибин жана сапатын текшерүү үчүн уюштурулган атайын иш-чара.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-17/23-7-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4. ФКУ, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо учурунда төмөнкү негизги принциптерге таянуу менен иш алып барат:  

1) мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк, ачык-айкындык, акыл ченемдүүлүк, калыстык, социалдык жоопкерчилик;  

2) керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын сыйлоо жана коргоо, аларга карата өнөктөштүк мамилени калыптандыруу;  

3) кайрылууларды кароонун жана андан жыйынтык чыгаруунун милдеттүүлүгү;  

4) кайрылуулардын өз учурунда калыстык менен толук кароого алынышы;  

5) кайрылууларды кароо учурунда керектөөчүлөргө бирдей мамиле жасоо;  

6) банктык сырды камтыган маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу жана аны ачыкка чыгарбоо.  

5. Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо акысыз жүзөгө ашырылат. ФКУ, керектөөчүлөрдү кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга же кандайдыр-бир негизде чектөөгө укугу жок. Кайрылууларды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2-глава. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тартибине карата талаптар 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. ФКУ менен керектөөчүлөрдүн өз ара мамилеси Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түптөлөт. Керектөөчүлөр ФКУду жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өз алдынча, эркин тандашат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. ФКУ мыйзам талаптарына ылайык, керектөөчүнүн талабы боюнча алардын устав, ошондой эле лицензия (күбөлүк) жана финансылык отчет менен таанышуусу үчүн мүмкүндүк берүүгө милдеттүү

8. Маалыматтардын ачык-айкындуулугу банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун жалпы шартынан болуп саналат жана ал коммерциялык же банктык сырдын предметинен болушу мүмкүн эмес. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча комиссиялык төлөм, тарифтер жана пайыздык чендер керектөөчүлөр үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

Көңүл буруңуздар! КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтому менен 8-пунктунун расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди. 

9. Банктык кызмат көрсөтүүлөргө кандай болбосун келишим түзүүгө чейин керектөөчү сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр боюнча толук чечмеленген маалыматка ээ болууга тийиш. Сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары жана наркы тууралуу маалыматтарды берүүдөн баш тартууга жол берилбейт. ФКУ, сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары, аларга байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер жана мыйзамдарда каралган алардан улам келип чыккан кесепеттер жана жоопкерчиликтер тууралуу маалыматты керектөөчүгө маалымдоо үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

Көңүл буруңуздар! КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтому менен 9-пунктунун расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди. 

10. Пайыздык чендер, валютанын алмашуу курсу жана тиешелүү маалыматтарды эске албаганда, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун жалпы шарттарындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтар, жалпыга маалымдоо каражаттарында же интернет-сайттарда алар күчүнө киргенге чейинки кеминде он жумуш күнүнөн кечиктирбестен жарыяланууга, ошондой эле ФКУдун маалымат такталарында туруктуу жайгаштырылууга тийиш. Пайыздык чендердин жана валюталардын алмашуу курсунун өзгөрүүсү тууралуу маалыматтар токтоосуз дароо жарыяланат.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-17/23-7-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

11. Керектөөчүлөр менен түзүлгөн келишимдер Кыргыз Республикасынын банктык жана башка мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Керектөөчүлөр менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдер Шариат стандарттарына жооп бериши зарыл. Келишимдердин тексти он экиден кем эмес өлчөмдөгү бирдей тамга менен жазылып, мүмкүн болушунча так баяндалып, керектөөчүлөрдүн кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн жеткиликтүү болушу зарыл. Керектөөчүнүн тандоосу боюнча келишимдин тексти мамлекеттик же расмий тилде, бул тууралуу керектөөчү келишим түзүүгө чейин сөзсүз түрдө маалымдалууга тийиш түзүлөт. ФКУ ыңгайына жараша келишимдин текстин милдеттүү түрдө мамлекеттик же расмий тилде түзүү менен аны башка тилге котортушу мүмкүн. 

Керектөөчү келишимге (макулдашууга) кол коюлган учурга чейин келишим (макулдашуу) долбоорун ага карата кошо тиркелген документтер менен бирге ФКУдан тышкары таанышуу үчүн бир күндөн үч күнгө чейин убакытка алууга укуктуу, бул тууралуу керектөөчү келишим түзүүгө чейин сөзсүз түрдө маалымдалууга тийиш. 

Кардар менен түзүлүүчү келишим, ошондой эле башка макулдашуулар, кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт, аны тастыктоо болуп, кардардын кредиттик келишимди өзү тандаган тилде түзүүгө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө билдирген макулдугу эсептелет. Бул макулдук кардардын кредиттик таржымалына сакталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-17/23-7-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

12. ФКУ, керектөөчүнүн талабы боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун жалпы шарттары, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча маалыматтарды таанышып чыгуусу үчүн ага акысыз негизде берүүгө тийиш:  

1) керектөөчүлөргө банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тартиби; 

2) ФКУ жана керектөөчүнүн укуктары жана милдеттери, алардын жоопкерчиликтери;  

3) ФКУдун операциялары боюнча чендер, тарифтер жана комиссиялык төлөмдөр;  

4) депозиттер жана кредиттер боюнча чендердин чектүү өлчөмдөрү жана сый акы төлөө шарттары;  

5) кабыл алынуучу депозиттердин жана сунушталуучу кредиттердин чектүү суммалары жана мөөнөттөрү;  

6) ФКУ кредиттер боюнча кабыл алган камсыздоолорго карата талаптар;   

7) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо процессинде келип чыккан керектөөчүлөрдүн кайрылууларын (даттанууларын) кароо тартиби;  

8) ФКУ, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун жалпы талаптарына кошуу зарыл деп эсептеген башка шарттар, талаптар жана чектөөлөр.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

13. ФКУ, аманатчылар үчүн мыйзамдарда каралбаган кандайдыр бир чектөөлөрдү белгилөөгө укугу жок. Эгерде бул, аманатчынын укугунун жана мыйзамдуу таламдарынын басмырланышына алып келсе, ФКУ тарабынан банктык аманат келишим шарттарын бир тараптуу өзгөртүлүшүнө жол берилбейт.   

14. ФКУ, банктык аманат келишимин түзгөнгө чейин төмөнкү маалыматтар боюнча керектөөчүгө оозеки түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш:  

1) аманат түрү (талап боюнча төлөнүүчү, мөөнөттүү, шарттуу);  

2) аманаттын мөөнөтү (орун алган болсо);  

3) аманаттын минималдуу суммасы (минималдуу балансы);  

4) сый акы чендери;  

5) кошумча макулдашууну түзүүсүз эле аманаттын мөөнөтүн узартуу шарттары;  

6) аманатты толуктоо мүмкүндүгү (капиталдаштыруу);  

7) аманатты толук же жарым-жартылай мөөнөтүнөн мурда алуу шарттары;  

8) аманаттын мыйзамда белгиленген гарантияланган суммасы; 

9) пайыздарды төлөө шарттары;  

10) аманат боюнча ФКУдун тарифтери жана комиссиялык сый акылары (болгон учурда). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

15. ФКУ, кредиттик келишимди түзгөнгө чейин төмөнкү маалыматтар боюнча керектөөчүгө берүүгө тийиш: 

1) кредитти сунуштоого милдеттүү мөөнөтү;  

2) кредиттин чектүү суммасы жана валютасы, анын ичинде келип чыгышы мүмкүн болуучу валюталык тобокелдиктер;  

3) жылдык номиналдык мааниде туюндурулган пайыздык чен өлчөмү, ошондой эле маалыматты берген күнгө карата жылдык эффективдүү пайыздык чен өлчөмү;  

4) кредитти алууга жана анын тейленишине байланыштуу комиссиялардын төлөмдөрдүн, тарифтердин жана башка төлөөлөрдүн так тизмеси жана өлчөмү;   

5) керектөөчү кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерин аткара албай калган учурда анын жоопкерчилиги жана андан улам келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер;  

6) кредиттик келишимдин тараптары болуп саналган күрөө коюучунун, кепилдик берүүчүнүн (гаранттын) жана башка адамдын (жактын) жоопкерчилиги; 

7) кредит боюнча бир жолку кезектеги (эреже катары ай сайын берүүчү) төлөмдөрдүн өлчөмү;  

8) маалымат сунуштоо күнүнө карата абал боюнча кредиттин абсолюттук маанидеги толук наркына тиешелүү маалыматтарды, анын ичинде кредиттин негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык жыйымдарды жана келишимди түзүүгө жана аны аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө бөлүп көрсөтүү менен кардарга берүүгө милдеттүү

9) керектөөчүнүн ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасынын 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укуктары. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-17/23-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

16. Керектөөчү-потенциалдуу карыз алуучу кредит алуу үчүн кайрылган учурунда, ушул жобого карата 1-тиркемедеги формага ылайык ФКУ потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасын кардар менен биргеликте толтурууга жана аны керектөөчүгө берүүгө тийиш. Керектөөчү негизги маалымат баракчасын башка ФКУдардын кызмат көрсөтүүлөрү менен салыштырып көрүү үчүн өзүндө калтырууга укуктуу. Керектөөчү ФКУдан кредиттик келишим долбоорун акысыз алууга жана аны менен ФКУ чегинен тышкары үч жумуш күн ичинде таанышып чыгууга укуктуу.   

Ушул пункттагы "кайрылуу" деген сөз, кредит алууга билдирмени түшүндүрбөйт.  

Потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасы бирдей тамга менен жазылышы зарыл. Кредиттин суммасын, акча түрүндө туюндурулган пайыздарды жана кредитти тейлөө боюнча чыгашалардын жалпы суммасын, ошондой эле кредиттин толук наркын көрсөткөн ячейкалар ачык түстөгү (ак түстөн башка) айырмаланган фондо болуусу зарыл. Кредиттин толук наркын көрсөткөн ячейка тилкесинин жоондугу (туурасы) 3-пт кем эмес болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

17. Кредиттик келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө жана анда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген бардык милдеттүү талаптар камтууга тийиш.  

18. ФКУ, кредит тейлөөгө алынган мезгил ичинде карыз алуучунун оозеки же кат жүзүндөгү талабы боюнча үч күн ичинде акысыз негизде (эгерде келишимде же ФКУ эрежелеринде мындан кыскараак мөөнөт көрсөтүлбөсө, айына кеминде бир жолу болгон учурда) ага оозеки же кат жүзүндө төмөнкү маалыматтарды берип туруусу зарыл:  

1) кредит боюнча төлөнгөн акча каражаттарынын суммасы жөнүндө;  

2) кезектеги төлөмдөр өлчөмү жана мөөнөттөрү жөнүндө;  

3) мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз өлчөмү жөнүндө;  

4) келип түшкөн акча каражаттардын кредит боюнча карызынын ордун жабуу эсебине бөлүштүрүү жөнүндө;  

5) кредиттин бөлүгү же ал толугу менен мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн учурда, сумманын тиешелүү болгон өлчөмү жөнүндө;   

6) негизги сумма боюнча карыз калдыгы тууралуу;  

7) кредиттөө лимити жөнүндө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3, 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

19. ФКУ, кредит боюнча карызды өндүрүүнү мыйзамдарда жана кредиттик келишимде каралган тартипте жана анда каралган негиздер боюнча ишке ашырат.  

ФКУ, кредит боюнча карызды өндүрүп алуу максатында, карыздын ордун жабуу зарылчылыгы жана кредит боюнча милдеттенмелерди аткарбай коюудан улам кесепеттердин келип чыгышы ыктымалдыгы тууралуу карыз алуучуга талаптагыдай негизде билдирүүгө тийиш. Билдирмеде негизги карыздын суммасын, чегерилген пайыздарды, комиссиялык төлөмдөрдү, үстөк акыларды жана башка төлөөлөрдүн (болгон шартта) көрсөтүү менен карыз өлчөмү тууралуу кыскача маалымат камтылууга тийиш. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 22-00дөн 06-00гө чейин билдирмени тапшырууга жана ал тууралуу телефон аркылуу оозеки маалымдоого жол берилбейт.   

20. Карыз алуучунун (карызгердин) ага макулдугу болгон шартта гана кредит боюнча талап коюу укугун ыйгарууга жол берилет. Карыз алуучунун ага макул болгондугуна карабастан, кредиттик келишимде ФКУдун (кредитордун) кредит боюнча талапты ыйгарып берүүгө укугунун камтылышына жол берилбейт. Кредит боюнча талапты ыйгарып берүү өзүнчө келишимде таризделинет. 

Бул пунктунун талаптары финансы-кредит уюмдары тарабынан кредит портфели күрөө катары сунушталган учурларга таркатылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3, 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

21. ФКУ, кызмат көрсөтүүлөрүнөн керектөөчүлөрдү кредиттөө учурунда ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук, тактык, карыз алуучуларга карата өнөктөштүк мамиле жасоо, алардын экономикалык таламдарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу, ошондой эле төмөнкү талаптардын сөзсүз аткарылышын камсыз кылуу сыяктуу жоопкерчилик менен кредиттөө принциптерин так сактоого милдеттүү

1) кредит боюнча номиналдуу жана эффективдүү пайыздык чен кредит берилген күнгө карата декларацияланган (жарыяланган) номиналдык жана натыйжалуу пайыздык чендин маанисинен ашпоого тийиш. Пайыздык төлөмдөрдү чегерүү кредиттин негизги суммасынын азаюучу калдыгына номиналдуу чен боюнча кредиттик келишимди түзүү күнүнөн мурда эмес башталат;   

2) кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин, керектөөчүлөргө (потенциалдуу карыз алуучуларга) кредит берүү шарттары жөнүндө маалыматтар толугу менен чечмеленип берилүүгө тийиш жана кредиттин негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык сый акыларды жана келишимди түзүүгө жана аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө көрсөтүү менен, кредиттин абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү

3) кредиттик келишимди түзүүгө чейин карыз алуучунун айкын төлөөгө жөндөмдүүлүгү, анын ичинде жеке өзүнө тиешелүү маалыматтар, иш менен камсыз болуу көрсөткүчтөрү, талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө эске алынган үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, чыгашалар көлөмү, багуусунда тургандардын саны жана башка көрсөткүчтөр кылдат иликтенүүгө тийиш;   

4) кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткара албай калуудан же талаптагыдай аткарбай коюдан улам келип чыккан кесепеттер жана бул боюнча анын жоопкерчилиги карыз алуучуга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга кол койдуруу менен түшүндүрүлүүгө тийиш;  

5) кредиттик келишимге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандардан тышкары кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашууга карабастан, акы төлөө негизинде башка кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү кошууга тыюу салынат. 

ФКУ тарабынан сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу комиссиялык жана башка төлөмдөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же болбосо ал үчүн керектөө баалуулугун түзүүгө

- кредит берүү негизги кызмат көрсөтүүлөр боюнча өз алдынча жана кез карандысыз болууга; 

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызматтарга кирбөөгө

ФКУга бир жана ошол эле операцияны ишке ашыруу үчүн пайыз жана комиссиялык төлөм алуусуна жол берилбейт. 

ФКУ кардардан кошумча төлөмдөрдү (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды кардар кредиттик келишимде жана/же башка келишимдерде каралган өз милдеттенмелерин аткарбай койгон/талапка ылайык аткарбаган учурларда гана алышы мүмкүн; 

6) келишимди түзгөндөн акча каражатын алганга чейинки аралыкта карыз алуучунун кредит алуудан баш тартууга укугу кредиттик келишимде каралууга тийиш; 

лизинг келишиминде лизинг алуучунун келишим түзгөндөн кийин банк лизинг предмети үчүн баштапкы (анын ичинде аванстык) төлөмдү төлөөгө чейинки аралыкта лизинг (лизинг предметин) алуудан баш тартууга укугу каралууга тийиш; 

7) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик келишимде (лизинг келишимде) алган кредитти каалаган убакытта эч кандай комиссиясыз, айыптык санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз кредиттин (лизингдин) ордун мөөнөтүнөн мурда жабууга карыз алуучунун укугу каралууга тийиш; 

8) мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча үстөк акынын (айып, туум) пайыздык өлчөмү келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча пайыздык ченден жогору эмес болуу зарыл, мында, кредит колдонулуп жаткан бүтүндөй мезгил ичинде ага чегерилген айып, туум өлчөмү берилген кредиттин суммасынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. Үстөк акыны чегерүү карыз алуучу каза болгон күндөн тартып алты айга токтотулат; 

9) мыйзамдарда каралган учурларды эске албаганда, күрөө предметинен болгон турак жайдан соттук тартипте гана өндүрүүнү жүргүзүү ишке ашырылып, ал ачык тоорук аркылуу сатып өткөрүлүүгө тийиш. Келишимдерге жана макулдашууларга өндүрүп алууну күрөө предметине айландыруу тууралу арбитраждык (бейтарап) эскертмени киргизүүгө жол берилбейт; 

Караңыз: 

КР ЖС Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 30-октябрындагы N 13 чечими 

10) ФКУ эгерде ал, карыз алуучунун укугун солгундатса жана/же милдеттерин арттыра турган болсо, кредиттик келишимдин шарттарын бир тараптуу негизде өзгөртүүгө жана толуктоого укугу жок; 

11) эгерде күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү процессинде тараптар келишиминде сатып өткөрүүнүн башка ыкмасы каралбаса, турак-жай түрүндөгү күрөөлүк кыймылсыз мүлк ачык тоорук аркылуу гана сатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-17/23-7-(НПА), 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

22. Кредиттик продукттардын наркы тууралуу маалыматты жарнамалоодо, жарыялоодо жана таркатууда пайыздардын номиналдуу сыяктуу эле, эффективдүү чендерин ошондой эле, комиссиялык төлөм өлчөмдөрү көрсөтүлүүгө тийиш.  

23. Кызмат көрсөтүү наркын бурмалаган жана кредит боюнча төлөмдөрдүн кредиттик келишим валютасынан айырмаланган валютага байланыштырылып индексацияланышын караган кредиттик продукттарддан пайдаланууга жол берилбейт.   

3-глава. Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата талаптар   

24. ФКУ кайрылууларды кароо жол-жобосун иштеп чыгууга милдеттүү. Кайрылууларды кароо жол-жобосу ушул жобонун, мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш, бул менен бирге ага ошол талаптарга каршы келбеген башка ченемдер киргизилиши мүмкүн. ФКУга кайрылууларды кароо жол-жобосунун иштелип чыккандыгы, кайрылууларды берүү ыкмалар (каналдары), ошондой эле даттануулар жана сунуштар катталган китепченин бардыгы тууралуу маалымат керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерде (маалымат такталары ж.б.у.с.) жайгаштырылууга тийиш. Кайрылууларды кароо жол-жобосунун электрондук версиясы (керектөөчүгө тиешелүү бөлүгү) ФКУдун расмий интернет-сайтында (болгон шартта), анын шилтемеси - ФКУдун расмий интернет-сайтынын башкы бетинде жайгаштырылууга тийиш. ФКУ, керектөөчүнүн талабы боюнча кайрылууларды кароонун белгиленген тартиби боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Керектөөчүнүн кайрылуусу ФКУда иштелип чыккан ички жол-жободо белгиленген тартипте каралат. ФКУ кайрылуулардын адилеттүү, ар тараптуу жана өз убагында кароого алынышын камсыз кылууга жана белгиленген тартипте алар боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.   

26. Керектөөчүлөрдүн кайрылуулары оозеки сыяктуу эле (телефон аркылуу же кабыл алуусуна катталуу), кат жүзүндө келип түшүшү, жеткирилип берилиши, почта байланышы аркылуу жөнөтүлүшү, ФКУдун электрондук почтасына жөнөтүлүшү же даттануулар жана сунуштар катталган китепчеде чагылдырылышы мүмкүн.   

Келип түшкөн бардык кат жүзүндөгү кайрылуулар, алгач ФКУдун аткаруу органынын жетекчиси жана башка ыйгарым укуктуу мүчөсү же анын филиалынын жетекчиси тарабынан каралат. Аларды андан ары кароо тартиби кайрылууларды кароо жол-жобосунда аныкталууга тийиш.   

27. ФКУдун башкы кеңсесинде жана филиалдарында керектөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча иш алып барган жооптуу кызматкерлер дайындалышы зарыл.   

ФКУ, керектөөчүлөр менен үзгүлтүксүз жана оперативдүү иш алып баруу максатында, кайсы болбосун кеңсесине аларга кайрылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.  

28. Жооптуу кызматкер керектөөчүлөрдүн кат жүзүндөгү кайрылууларын атайы китепчеде каттап, аларды ФКУдун жетекчилигинин кароосуна жөнөтөт жана өз учурунда жооп даярдалышына контролдукту жүргүзөт. ФКУ аналитикалык максаттар жана Улуттук банкка отчет берүү үчүн бардык кайрылуулардын статистикалык маалымат базасын жүргүзүүгө милдеттүү.  

29. ФКУдун жооптуу кызматкери же башка кызматкер керектөөчүгө телефон аркылуу оозеки кеп-кеңештерди берет, зарыл болгон учурда аны компетенттүүлүгү боюнча ФКУдун башка кызматкерлери менен телефон аркылуу байланыштырып, кат жүзүндөгү кайрылууну түзүүгө жардам берип, кайрылуу жол-жобосунда каралган башка милдеттерди аткарат.   

30. ФКУдун башкы кеңсесинен жана филиалынын тышкары, башка аймактык кеңсесинде кайрылууну кабыл алгандан кийин аларды башкы кеңсенин же филиалдын жооптуу кызматкерине белгиленген тартипте каттоо жана аны кароого алуу үчүн өткөрүп берет.  

31. Даттануулар жана сунуштар катталган китепче ФКУдун ар бир кеңсесинде (башкы, филиал, аманат кассасы жана башкалар) болууга тийиш. Даттануулар жана сунуштар катталган китепче номерленип, көктөлүп, ФКМдун жетекчисинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүп, анын мөөрү коюлууга тийиш. ФКУдун жооптуу кызматкери күн сайын даттануулар жана сунуштар катталган китепчеден маалыматтарды (даттануулар келип түшкөн учурда) алып, аларды каттап, жол-жободо белгиленген тартипте жетекчинин кароосуна сунуштайт. ФКУдун башка кеңселеринин (башкы кеңсесин жана филиалдарды эске албаганда) кызматкерлери даттануулар жана сунуштар катталган китепчеден маалыматтарды (даттануулар келип түшкөн учурда) күн сайын алып, ФКУдун жооптуу кызматкерине белгиленген тартипте каттоо жана кароого алуу үчүн өткөрүп берет.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

32. Бардык кайрылууларда керектөөчүнүн аты-жөнү, жайгашкан жеринин дареги, байланыш маалыматтары милдеттүү түрдө көрсөтүлүп, кыскача мазмуну камтылууга тийиш. Кат жүзүндөгү кайрылууларга керектөөчү өзү кол коюп (ФКУдун электрондук почтасына келип түшкөн кайрылуулардан тышкары), кайрылган күнү көрсөтүлүшү зарыл. 

33. Керектөөчүнүн жеке маалыматтары жана почта дареги көрсөтүлбөгөн кат жүзүндөгү кайрылуу, жашыруун кайрылуу катары таанылып, кароого алынбайт. 

Уят-сыйытсыз же болбосо мазактап кордогон сөздөрдү, ФКУдун кызматкеринин, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунучту камтыган керектөөчүнүн кат жүзүндөгү кайрылуусу кароосуз калтырылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

34. ФКУдун аткаруу органынын жетекчиси же башка ыйгарым укуктуу мүчөлөрү, ошондой эле анын филиалдарынын жетекчилери керектөөчүлөрдү ФКУдун расмий сайтында (болгон шартта) жана маалымат такталарында жайгаштырылган, бекитилген графикке ылайык жеке кабыл алууга милдеттүү. Кабыл алуу учурунда протокол толтурулуп, ага керектөөчү кол коет. Бул тууралуу ага милдеттүү түрдө маалымдалгандан кийин жолугушуудан аудио же видео жаздырылып алынышы мүмкүн.  

35. ФКУдун жооптуу кызматкери да керектөөчүлөрдү туруктуу негизде кабыл алып турат. ФКУда керектөөчүлөрдү кабыл алуу алар үчүн кирүүгө мүмкүн болгон аймакта, атайын бөлүнгөн жайда (коомдук кабылдамада) жүргүзүлөт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

Көңүл буруңуздар! КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтому менен 35-пунктунун расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди. 

36. Кабыл алууга кирип жаткан учурда керектөөчү өзүнүн ким экендигин тастыктаган документти көрсөтүүгө тийиш.  

37. Телефон аркылуу оозеки кайрылган учурда, алдын ала ага маалымдоо менен сүйлөшүүлөр аудиого жаздырылып алынат. 

ФКУдун керектөөчү кайрыла ала турган телефон номери ФКУдун маалымат такталарында жана расмий сайтында (болгон шартта) жайгаштырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

38. Оозеки кайрылуу учурунда керектөөчүнүн маселеси кошумча иликтөөнү же текшерүүнү талап кылбаса, анын жообу дароо эле же телефон аркылуу же жеке кабыл алуу учурунда берилиши мүмкүн.   

Эгерде оозеки кайрылууда камтылган маселени оперативдүү тартипте кароого алууга мүмкүн болбосо жана ал кошумча иликтөөнү талап кылса, кат жүзүндө кайрылуу сунуш кылынат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

39. Керектөөчү кайрылуусун өзү алып келип берсе, почта байланышы аркылуу же ФКУдун электрондук почтасына жөнөтүлсө же кабыл алуу учурунда тапшырылса, ал бир жумуш күн ичинде каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.  

40. Кайрылуу электрондук почта боюнча келип түшкөн учурда, кайрылууну алгандыгы тууралуу тастыктоо кийинки жумуш күнү керектөөчүнүн электрондук почтасына жөнөтүлөт же телефон аркылуу билдирилет.   

41. Кайрылууну кароо ФКУдун анын иш-аракетине же аракеттенбей коюшуна даттануу келип түшкөн кызматкерине тапшырууга жол берилбейт.   

42. Керектөөчүнүн ФКУга жолдогон жазуу жүзүндөгү кайрылуусу отуз календардык күндөн кечиктирилбестен каралууга жана ага жазуу жүзүндө жооп жөнөтүлүүгө тийиш. Кардарлардын даттанып жана арызданып кайрылууларын (талаш маселелер) кароонун жыйынтыгы боюнча документтер белгиленген тартипте кеминде үч жыл сакталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-17/23-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

43. Кат жүзүндөгү кайрылуунун жообуна ФКУдун аткаруу органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу мүчөлөрү же анын филиалынын жетекчиси кол коюп, кайрылууну канааттандыруу (толук же жарым-жартылай), канааттандыруудан баш тартуу боюнча так негиздеме же керектөөчүнүн укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берилүүгө ошондой эле, аткаруучунун аты-жөнү жана байланыш маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш. Зарыл болгон учурларда, тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү жоопко кошо тиркелип берилет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

44. Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча керектөөчүгө берилген жооп кайрылуу кайсы тилде жазылган болсо, ошол тилде - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилде жөнөтүлөт.   

45. Эгерде ФКУга бир нече керектөөчү кат жүзүндө кайрылган болсо (жамааттык кайрылуу) жана кайрылуунун өзүндө башкасы көрсөтүлбөсө, жооп биринчи көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүлөт.   

46. Керектөөчүнүн кайрылуусунун негиздүүлүгү жана укук ченемдүүлүгү далилденсе, ФКУ орун алган мыйзам бузууларды четтетүү, керектөөчүнүн укуктарын калыбына келтирүү жана мыйзамдуу таламдарын коргоо жагында тиешелүү чараларды кабыл алат.   

47. Эгерде, кайрылууда аларды кароо ФКУдун мыйзамдуу компетенциясына кирбеген маселелер камтылса, керектөөчүгө кайсы жерге жана кандай тартипте кайрылуу жагында түшүндүрмөлөр берилет.  

48. Жаңы далилдер же жагдайлар келтирилбеген кайталап кайрылуулар керектөөчүлөрдүн буга чейинки кайрылуулары боюнча так жооптор берилип, бардык зарыл чаралар көрүлгөн шартта, кароосуз калтырылышы мүмкүн.   

49. Бардык кат жүзүндөгү кайрылуулар атайы журналда катталууга тийиш, анда керектөөчүнүн аты-жөнү, почта дареги (жашаган дареги) жана байланыш маалыматтары, алган күнү, кайрылуунун кыскача мааниси, кабыл алынган чечим тууралуу маалымат жана кайрылууларды кароо жол-жобосуна ылайык башка маалыматтар көрсөтүлөт.   

Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын катталган журнал номерленип, көктөлүп, ФКУдун жетекчисинин кол тамгасы коюлуп, анын мөөрү коюлууга тийиш. Маалыматтардын купуя сакталышы толук камсыз кылынган шартта гана аны электрондук формада жүргүзүүгө жол берилет. Китепче кеминде 5 жыл сакталууга тийиш.  

50. Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузууга жол берилишин алдын алуу, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле кайрылуулар менен иш алып барууну жакшыртуу максатында ФКУ, кайрылуулардын кароо тартибине ички контролдукту камсыз кылууга, ошондой эле төмөнкүлөрдү туруктуу негизде аткарууга милдеттүү:  

1) керектөөчүлөрдүн кайрылуусу үчүн негиз болгон себептерди аныктоо жана аларды четтетүү үчүн мониторингди, талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп, аларды жалпылоо;  

2) керектөөчүлөрдүн кайрылуулары менен ишти уюштурууну жакшыртуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу;  

3) Аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чараларды жана ФКУдун ишинде аларга жол бербөө жагында привентивдик чараларды көрүү сунушун иштеп чыгууга жана жетекчиликтин кароосуна сунуштоого.   

4-глава. Улуттук банктын компетенциясы жана ФКУ менен өз ара иш алып баруусу 

51. Жарым жыл сайын ФКУ анын аткаруу органынын жетекчиси кол койгон, ушул жобого карата 2-тиркемедеги формага ылайык керектөөчүлөрдүн кат жүзүндө даттануулары боюнча отчетту Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын жыйырмасына чейин берүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

52. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча милдеттерди аткаруу максатында, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү төмөнкүлөргө укуктуу:  

1) ФКУдан кайсы болбосун зарыл маалыматты кат жүзүндө талап кылууга;  

2) керектөөчүлөрдүн кайрылууларында көрсөтүлгөн маселелерди аныктоо жана тактоо үчүн ФКУдун өкүлдөрү менен жолугушууга;  

3) керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча ФКУдун ишине комплекстүү жана максаттуу инспектордук текшерүүнүн курамында катышууга;  

4) керектөөчүлөр менен өз ара иш алып барууну жакшыртуу боюнча сунуштарды жана сунуш-көрсөтмөлөрдү, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын калыбына келтирүү жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жагында талаптарды ФКУга жөнөтүүгө;  

5) ФКУга жана алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу жагында негиздүү сунуштарды Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетине кароосуна коюу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

53. Банктык кызматтарды сунуштоо тартибинин жана сапатынын абалын текшерүү максатында, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү үчүнчү жактарды тартуу менен "жашыруун керектөөчү" иш-чарасын жүргүзүүгө укуктуу.  

"Жашыруун керектөөчү" иш-чарасы керектөөчүлөрдү тейлөө үчүн бөлүнгөн жумуш убактысында, бирок, эгерде мындай иш-чара Улуттук банк тарабынан жарандын (жарандардын) кайрылуусун кароо алкагында өткөрүлүп жаткан учурларды эске албаганда, бир жыл ичинде ФКУдун бир кеңсесинде бир гана жолу өткөрүлөт. "Жашыруун керектөөчү" иш-чарасынын натыйжалары боюнча формуляр толтурулуп, ал (ушул жобонун 3-тиркемеси) ФКУдун жетекчилигине маалымдалат.  

"Жашыруун керектөөчү" иш-чарасы Улуттук банктын инспектордук текшерүүсү болуп саналбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

54. ФКУдун аткаруу органынын жетекчиси жана кызматкерлери Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү менен кызматташып иш алып барууга жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароодо жардам берүүгө милдеттүү. Маалыматтарды берүүдөн баш тартуу, анык же толук эмес маалыматтарды берүү же ушул жобонун талаптарын бузууга жол берүүлөр орун алган шартта, ФКУ жана анын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

55. ФКУ жана анын кызмат адамдары ушул жобонун ченемдерин бузууга жол берген шартта, ФКУга жана анын кызмат адамдарына карата Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

  

  

  

"Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

Потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар 

БАРАКЧАСЫ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-17/23-7-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

*Бул баракча кайсыл болбосун кредит келишимин жана кредит алууга билдирмени алмаштырбайт, 

бирок бир нече уюмдардын кредиттөө шарттарын салыштырууга жардам берет* 

Өтүнмө ээсинин аты-жөнү ____________________________________________________  

  

Финансы-кредит уюмунун (ФКУ) аталышы 

 

Ким тарабынан даярдалган (ФКУ адисинин аты-жөнү жана кызматы) 

 

Даярдалган күнү 

 

1-Бөлүк. Кредит боюнча маалыматтар 

1. Кредиттин максаты 

2. Кредит валютасы 

3. Кредиттин суммасы 

(Сиз алууга ниеттенген сумма) 

4. Пайыздык чен (номиналдык) 

(пайыздык туюндурууда) 

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде акчалык туюндурууда) 

5. Жылдык эффективдүү пайыздык чен (өзүнө номиналдык пайыздык ченди жана кредитти тейлөө боюнча чыгашаларды камтыйт) 

 

6. Кредиттин (кредиттик келишимдин) мөөнөтү 

 

7. Төлөө аралыгы 

(ай сайын, чейрек сайын же башкасы) 

8. Бир жолку төлөм суммасы 

(аннуитеттик төлөө шартында) 

9. Кредитти тейлөө боюнча чыгашалар, анын ичинде: 

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде акчалык туюндурууда) 

- түрлөрү боюнча ФКУдун комиссиялык төлөмдөрү жана жыйымдары (бардыгын көрсөтүү зарыл) 

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде акчалык туюндурууда) 

- үчүнчү жактардын кызматтары (бардыгын көрсөтүү зарыл) 

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде акчалык туюндурууда) 

  

Кредиттин суммасы 

  

Пайыздар 

  

Кредитти тейлөө боюнча чыгашалар 

  

Кредиттин толук наркы 

  

  

  

  

  

Кредит алууга макулдук берүүдөн мурда кылдат таанышып чыгыңыз! 

2-Бөлүк. Башка маанилүү шарттар 

1. Кредиттик келишим шарттарын бузгандыгы үчүн үстөк акы (чегерүүнүн түрүн жана негизин көрсөтүү зарыл) 

(пайыздык туюндурууда же белгилүү бир суммада) 

2. Мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн үстөк акы аны төлөө мөөнөтү кечиктирилген учурда алынат: 

__________ күнгө 

3. Кредитти камсыздоо 

(камсыздоо предметине карата минималдуу талаптар, күрөөнүн минималдуу наркы) 

4. Кредитти төлөө ыкмасы 

(аннуитет (бирдей үлүштө), дифференцияланган төлөмдөр же башкалар) 

Ушул баракчанын 1 жана 2-бөлүктөрүндө камтылган маалымат жыйынтыкталган болуп саналбайт жана ал кредиттик келишимде өзгөртүлүшү мүмкүн.  

3-Бөлүк. Сиздин потенциалдуу карыз алуучу катары укуктарыңыз  

1. Сиз ФКУду жана банктык кызматтарды эркин тандай аласыз.  

2. Кредиттик келишимге же башка келишимге, макулдашууга кол коюудан баш тартууга укугуңуз бар. 

3. Кредиттик келишимди түзүү тилин тандоого укуктуусуз: мамлекеттик (кыргыз тили) же расмий (орус тили). 

4. Бардык кошо тиркелүүчү документтери менен кредиттик келишим долбоорун колго алып, 1-3 күн ичинде ФКУдун чегинен тышкары консультация алууга укугуңуз бар.  

5. Кредиттин шарттары жана наркы, төлөмдөр, кредит боюнча эсептешүү тартиби (пайыздар, туумдар, айыптык төлөмдөр), кредиттик келишим боюнча Сиздин укуктарыңыз жана милдеттенмелериңиз, тобокелдиктер, ал боюнча орун алышы ыктымал болгон кесепеттер жана жоопкерчиликтер, ошондой эле Сизге түшүнүксүз болгон кредит шарттары тууралуу так маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуусуз.  

6. Кредиттик келишимге кол койгондон кийин, бирок акча каражаттарын айкын колго алганга чейин кредиттен акы төлөөсүз баш тартууга укугуңуз бар.  

  

ФКУдун кызматкерлери сый акы үчүн кредит алууда көмөктөшүүгө укугу жок.  

Даттануу же сунуштар менен [(ФКУдун телефон номерин көрсөтүү зарыл)] телефону аркылуу кайрылсаңыз болот же болбосо аларды [(почта дарегин көрсөтүү зарыл)] дареги же [(электрондук почта дарегин көрсөтүү зарыл)] электрондук дареги боюнча жөнөтсөңүз болот.  

  

ТУУРАЛЫГЫ ЖАНА АНЫКТЫГЫ ТАСТЫКТАЛГАН 

  

БУЛ БАРАКЧАНЫ АЛГАНДЫГЫМДЫ ТАСТЫКТАЙМ 

_________________________________________ 

  

________________________________________ 

(ФКУдун адисинин аты-жөнү жана кол тамгасы) 

  

(потенциалдуу карыз алуучунун аты-жөнү жана кол тамгасы) 

  

  

  

"Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме 

_______________________________________________ 

(ФКУдун аталышы) 

___________________________________________ үчүн 

(жыл, отчеттук жарым жылдык) 

керектөөчүлөрдүн кат жүзүндө даттануулары боюнча 

ОТЧЕТУ  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

Өткөн мезгилде каралбаган даттануулардын саны 

Келип түшкөн даттануулардын жалпы саны 

алардын ичинен төмөнкү себептер боюнча (тема): 

Канааттандырылган даттануулардын саны, анын ичинде өткөн мезгилде каралбай калгандары 

Канааттандыруудан баш тартылган даттануулардын саны, анын ичинде өткөн мезгилде каралбай калгандары 

Отчеттук мезгилде келип түшүп, бирок каралбай калган даттануулардын саны 

  

аманаттар (депозиттер)) 

кредиттер 

кредиттик маалымат (КМБ) 

күрөө 

банктык эсептер, депозиттик эмес 

акча которуулар 

төлөм карттар 

башка төлөм жана электрондук кызматтар 

акча алмаштыруу 

эсеп-кассалык тейлөө 

башкалар 

 

толугу менен 

белгилүү бир бөлүгүндө 

  

Бишкек шаары 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Ош шаары 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Баткен областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Жалал-Абад областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Нарын областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Ош областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Талас областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Чүй областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Ысык-Көл областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Бардыгы болуп 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Эскертүү: 1. Бош ячейкаларда сандык көрсөткүчтөр (суммасы) көрсөтүлөт.  

2. Эгерде даттануу бир нече себепке (темага) байланыштуу болсо, анда ал ар бир темада өзүнчө эске алынат; мында, кийинки темада (-ларда) ал кашаанын ичинде көрсөтүлөт.  

  

  

  

"Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого карата 

3-тиркеме 

"Жашыруун керектөөчү" иш-чарасын өткөрүү үчүн формуляр 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/3, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-34/83-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

№ 

Керектөөчүлөр менен иш алып баруу көрсөткүчү 

Ооба 

Жок 

Эскертүү 

ФКУгы маалымат тактасы же керектөөчүлөр үчүн зарыл маалыматтар камтылган башка булактар (мындан ары - маалымат тактасы) каралганбы? 

 

 

 

Маалымат тактасында төмөнкү маалыматтар көрсөтүлдүбү:  

 

- кредиттөөнүн шарттары жана тартиби жөнүндө маалымат: пайыздык чендер, комиссиялар, үчүнчү жактардын кызматтарынын баалары, үстөк акы тууралуу маалымат жана кредит алуу үчүн керектүү документтер тизмеси;  

 

 

 

- Улуттук банктын кредиттөө процессин жөнгө салган негизги ченемдик укуктук актыларынын жана ФКУдун ички ченемдик документтеринин тизмеси;  

 

 

 

- башка банктык кызматтар тууралуу маалымат;  

 

 

 

- банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун жалпы шарттарынын өзгөрүүсү тууралуу маалымат;  

 

 

 

- керектөөчүлөрдүн укуктарынын тизмеси;  

 

 

 

ФКУга кайрылууларды карап чыгуу жол-жобосунун жана сунуштар менен даттануулар катталган китепчесинин бар экендиги, ошондой эле кайрылууларды берүү жолдору (каналдары) тууралуу маалымат;  

 

 

 

- ФКУдун жетекчилигинин жеке кабыл алуу графиги;  

 

 

 

ФКУдун керектөөчү кайрыла ала турган телефон номери (эгер бул каралган болсо)?  

 

 

 

Маалымат тактасындагы маалыматтар жарнама катары жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-сайттарда, таратып берүүчү материалдарда жана башка жеткиликтүү (айкын) булактарда жайгаштырылган маалыматтарга дал келеби?  

 

 

 

ФКУдун адиси(-тери) Сизге кызыктырган банктык кызматтардын шарттарын, анын ичинде керектөөчүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу түшүндүрмө бердиби(-иштиби)?  

 

 

 

ФКУдун адиси(-тери) Сиздин тактоочу суроолоруңузга жооп бердиби(-иштиби)?  

 

 

 

Кредит алуу учурунда ФКУдун адиси(-тери) потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасын Сиз менен биргелешип толтурдубу(-уштубу)?  

 

 

 

Потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасынын бош ячейкаларынын бары толтурулдубу?  

 

 

 

Потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасында көрсөтүлгөн маалыматтар жарнама катары жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-сайттарда, таратып берүүчү материалдарда жана башка жеткиликтүү (айкын) булактарда жайгаштырылган маалыматтарга дал келеби?  

 

 

 

ФКУга керектөөчүлөрдүн кайрылууларын карап чыгуу ички жол-жобосу каралганбы?  

 

 

 

10 

Сизге талабыңыз боюнча кайрылууларды карап чыгуунун белгиленген тартиби тууралуу түшүндүрмө берилдиби?  

 

 

 

11 

ФКУга сунуштар жана даттануулар катталган китепчеси каралганбы?  

 

 

 

12 

Даттануу же өтүнүч арыз менен кайрылуу учурда Сизди ФКУдун жооптуу кызматкерине жибердиби?