Кайта келүү

 

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 12-сентябрындагы 

N 37/3 токтомуна карата 

тиркеме 

"Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы ишин жөнгө салу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ),  

2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) финансы системасынын туруктуулугун сактоо жана кредиторлордун таламдарын коргоо, берилген кредиттердин жана лизингдердин кайтарылбай калуу тобокелдиктерин басаңдатуу, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын (мындан ары - КСФК) капиталынын белгиленген өлчөмүн колдоп туруу максатында КСФК милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилейт. 

3. КСФК, ушул Эрежелерде жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдердин жана талаптардын маанилерин бузууга жол бербестен, тобокелдиктерди кошумча басаңдатуу максатында экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча кыйла жогорулатылган талаптарды белгилей алат. 

4. Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КСФКга карата таасир этүү чараларын колдонуу саясатын аныктай алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Улуттук банктын кредиттик союздардан депозиттерди тартууга лицензиясы болгон шартта, КСФК үчүн төмөнкүлөр белгиленет: 

- кредиттик союздардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин эң жогорку өлчөмүнүн ченеми (К 3.1); 

- кредиттик союздардын мөөнөттүү депозиттери жана кредиттик союздар алдындагы башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин эң жогорку өлчөмүнүн ченеми (К 3.2); 

- ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К4). 

6. Кредиттик союздар менен чет өлкө валютасында операцияларды жүзөгө ашырууга Улуттук банктан алынган лицензиясы болгон шартта, КСФК үчүн төмөнкүдөй лимиттер белгиленет: 

- ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюталык абал; 

- суммардык валюталык абал. 

Валюта абалдарынын лимиттерин эсептөө тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

2. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин эң жогорку өлчөмү (К1) 

7. Ушул Эрежелердин алкагында карыз алуучу деп кредиттик союзду же өз ара байланыштуу болгон бир нече кредиттик союздарды, ошондой эле кредиттик союздун финансылык ижара (лизинг) боюнча катышуучусун же ага кредит, талап боюнча жана кредиттик союздун милдеттүү түрдө катышуусу шартында (үчүнчү жак катары) берилген кредиттик союздун катышуучусун түшүнүү зарыл. 

8. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин эң жогорку өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

К1 = СЗ / ЧСК * 100 (<=) 25%, 

мында: 

СЗ - карыз алуучунун кредиттер, факторинг, финансылык ижара (лизинг), баланстан тышкаркы милдеттенмелер (кредиттик союзга жана анын катышуучусуна кредитти берүүгө байланыштуу милдеттенмелер), ошондой эле маңызы боюнча кредитти алмаштыруучу болуп саналган башка каражаттар боюнча чогуу алгандагы карызынын өлчөмү. Ар башка карыз алуучулардын бардык карызы, бир карыз алуучуга карата эң жогорку тобокелдик ченемин эсептөөдө суммаланып, эгерде бир карыз алуучунун карызды кайтарбай коюусу башкасынын карызынын кайтарылбай калышына алып келсе, бирдиктүү чогуу алгандагы карыз катары каралат. Мында, ар башка карыз алуучулардын карызын кароодо, аларды бир тобокелдик катары суммалоодо карыз алуучулардын өз ара байланыштуулук деңгээлин, акча каражаттары берилген тармактын абалын, карыз алуучулардын кредиттик таржымалын, карыздын ордун жабуунун болжолдонуп жаткан шарттарын ж.б. эске алуу талап кылынат; 

ЧСК (ТСК) - КСФКнын таза суммардык капиталы, аны эсептөө тартиби Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 94-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 18/2 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоого ылайык аныкталат. 

9. КСФКнын таза суммардык капиталынын мааниси нөлгө барабар же терс мааниде болуп калса, анда бир карыз алуучуга тобокелдиктин эң жогорку өлчөмүнүн ченеми эсептелбейт жана ченем сакталган эмес катары каралат. 

10. Эгерде ошол карыз алуучунун чогуу алгандагы карызынын өлчөмүнүн көбөйүүсү, бир карыз алуучуга эң жогорку тобокелдик ченеминин жол берилген маанисинин бузулушуна алып келсе, КСФК бир карыз алуучуга жана аны менен байланыштуу жактарга жана компанияларга кредиттерди жана ага теңештирилген башка активдерди, баланстан тышкаркы милдеттенмелерди берүүгө тийиш эмес. 

3. Капиталдын жетиштүүлүгүнүн ченеми (К2) 

11. КСФКнын капиталынын жетиштүүлүгүнүн ченеми төмөнкүдөй эки коэффициент боюнча аныкталат: 

К2.1 - суммардык капиталдын жетиштүүлүгүнүн коэффициенти; 

К2.2 - биринчи деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүгүнүн коэффициенти. 

К2.1 жана К2.2 коэффициентин эсептөө "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аныктоо боюнча" нускоо ылайык ишке ашырылат. 

КСФКнын капиталынын жетиштүүлүгүнүн ченеминин мааниси: 

- суммардык капиталдын жетиштүүлүгүнүн коэффициенти (К2.1) кеминде 12 пайызды түзүүгө тийиш; 

- биринчи деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарты (К2.2) кеминде 6 пайызды түзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Кредиттик союздар алдындагы милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин эң жогорку өлчөмүнүн ченеми (К3) 

12. Кредиттик союздардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин эң жогорку өлчөмүнүн ченеми (К 3.1) төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

К3.1 = ЧСК / ДВКС * 100%, 

мында: 

ЧСК - КСФКнын таза суммардык капиталы; 

ДВКС - кредиттик союздардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин суммасы. 

13. Кредиттик союздардын мөөнөттүү депозиттери боюнча тобокелдиктин эң жогорку өлчөмүнүн ченеми (К 3.2) төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

К3.1 = ЧСК / СДКС * 100%, 

мында: 

ЧСК - КСФКнын таза суммардык капиталы; 

СДКС - кредиттик союздардын мөөнөттүү депозиттеринин суммасы. 

14. Бул ченемдер, ошондой эле алардын маанилери Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими боюнча белгиленет. 

15. КСФК кредиттик союздардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин эң жогорку өлчөмүнүн ченемин (К3.1) отчеттук мезгил ичинде (бир айда) орточо жумалык көрсөткүчтөрдүн негизинде, ал эми кредиттик союздардын мөөнөттүү депозиттери боюнча тобокелдиктин эң жогорку өлчөмүнүн ченемин (К 3.2) күндөлүк негизде так сактоого тийиш. Отчеттук мезгил ичинде КСФК, кредиттик союздардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин орточо жумалык маанисин жумуш күндөрүн гана эске алуу менен эсептөөгө тийиш. Бул көрсөткүчтөр орточо арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасынын негизинде эсептелинет. 

16. Күн сайын, саат 9.00го чейин КСФК өткөн операциялык күндүн акырына карата абал боюнча "Мөөнөттүү депозиттер боюнча тобокелдиктин эң жогорку өлчөмүнүн ченеминин (К 3.2) сакталышы жөнүндө" 1-тиркеменин 14.б-бөлүгүнө ылайык отчетту электрондук түрдө Улуттук банкка бериши зарыл. 

КСФКнын жетекчисинин кол тамгасы менен тастыкталган бул отчет Улуттук банкка кагаз жүзүндө да сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К4) 

17. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) 30% төмөн болбогон деңгээлде колдоого алынып турууга тийиш. 

18. Ликвиддүүлүк ченем төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

К4 = ЛА / О * 100% 

мында: 

ЛА - ликвиддүү активдер, ага: 

- кассадагы нак акча каражаттары; 

- эсептешүү эсептериндеги каражаттар; 

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Улуттук банк тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар кирет. Ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчү) эсептөөдө бул баалуу кагаздар сыйакыны (дисконтту), сатып өткөрүлбөгөн пайданы (чыгымды) кемитүү менен эсепке алынат; 

- РЕПО-келишими боюнча сатылып алынган, жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар; 

О - КСФКнын милдеттенмелери, ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчү) эсептөө үчүн аларга төмөнкүлөр кирет: 

- кредиттик союздардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, ошондой эле эсептөөлөрдөгү акча каражаттары; 

- кайсы болбосун башка милдеттенмелер, ошондой эле алар боюнча эсептөөлөр отчеттук күндөн кийинки 30 күн ичинде келип жеткен баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Кредиттик союздарга же алардын катышуучуларына сунушталган активдер боюнча камсыздоо болуп саналган кайсы болбосун ликвиддүү активдер, ликвиддүү активдердин курамынан алынып салынат. 

20. Ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчү) эсептөөдө, КСФК кабыл алган жана кредиттик союздарга же алардын катышуучуларына сунушталган активдер боюнча камсыздоо болуп саналган депозиттер, эгерде кредитти кайтарып берүү мөөнөтү жеткенге чейин күрөөнүн алынып коюлбай тургандыгын гарантиялаган зарыл жол-жоболорго жана контролдук системасына КСФК ээ болсо, анын милдеттенмелеринин курамына кирбейт. 

21. Ликвиддүүлүк тобокелдигин азайтуу максатында КСФКнын жетекчилиги активдерди жана милдеттенмелерди күн сайын тескөөгө алып турууга тийиш. КСФК ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчү) отчеттук мезгил ичинде (бир айда) орточо жумалык маалыматтардын негизинде сактоого тийиш. Отчеттук мезгил ичинде КСФК орточо жумалык ликвиддүү активдердин жана кыска мөөнөттүк милдеттенмелердин маанисин эсептөөгө тийиш (орточо жумалык маанини эсептөөдө жумуш күндөрү гана эске алынат). Бул көрсөткүчтөр орточо арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасында эсептелинет. 

22. КСФК ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгууга тийиш, анда эң аз дегенде төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

- каражаттардын агылып киришин жана агылып чыгышын күн сайын эсептөөлөр жана ага мониторинг, ошондой эле ликвиддүүлүккө болгон күндөлүк керектөөлөргө жана милдеттенмелердин аткарылышынын камсыз кылынышына контролдукту жүргүзүү үчүн КСФКнын активдеринин жана милдеттенмелеринин ордун жабуу мөөнөттөрү аралыгындагы ажырымга күн сайын жүргүзүлгөн мониторинг; 

- зарыл болгон ликвиддүүлүккө болжолдоолор; 

- депозиттик базанын жана башка карыздык каражаттардын түзүмүн жана алардын туруктуулугуна баа берүүлөр; 

- ресурстардын наркы; 

- акча рыногунда карыз алуу ыкмалары; 

- активдердин сапаты; 

- баланстан тышкаркы милдеттенмелердин аткарылышы; 

- ликвиддүүлүк кризиси учурундагы пландаштыруу; 

- чет өлкө валюталарындагы ликвиддүүлүктүн тескөөгө алынышы; 

- ликвиддүүлүк тобокелдигинин тескөөгө алынышына ички контролдук; 

- жетекчилердин кароосуна сунушталуучу зарыл отчеттор. 

6. Ар бир уюмга же банкка кандай болбосун инвестициялардын эң жогорку өлчөмү 

23. Ар бир уюмга же банкка кандай болбосун финансылык салымдарды жана кредиттерди кошо алганда, ар бир уюмга же банкка кандай болбосун инвестициялардын эң жогорку өлчөмү КСФКнын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 10% ашпоого тийиш. 

24. Уюмдарга жана/же банктарга кандай болбосун инвестициялардын жалпы өлчөмү КСФКнын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш. 

25. Эгерде, КСФК кайсы болбосун уюмдун же банктын капиталына акциялар менен соода жүргүзүү максатында эмес, узак мөөнөткө инвестициялоо үчүн өзүнүн таза суммардык капиталынын 5% ашпаган өлчөмдө инвестициялоого ниеттенсе, ал инвестициялоого чейинки 40 календардык күн ичинде бул тууралуу төмөнкү тиешелүү документтерди/маалыматтарды кошо тиркөө менен кат жүзүндө Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү

1) инвестициялоо максаттары жана шарттары жөнүндө маалыматты; 

2) кийинки эки жыл ичинде инвестициялоодон түшкөн кирешелердин эсебин; 

3) уюм тууралуу жалпы маалыматты (аталышын, жайгашкан ордун, уюштуруу-укуктук формасын, иш-чөйрөсүн, рынокто канча убактан бери иштеп жаткандыгын, менчик ээлери жана жетекчилери тууралуу маалымат); 

4) КСФКнын уюм же банк менен ошондой эле, кредиттик союздардын финансылык компаниясынын адамдары менен байланыштуу же аффилирленген жактар менен жалпы кызыкчылыгы бардыгы тууралуу маалыматтарды; 

5) кайсыл бир убакытта КСФК тарабынан ошол уюмга же банкка сунушталган кредиттер жана каржылоонун башка түрлөрү, ошондой эле алардын ордунун жабылышына тиешелүү маалыматтар; 

6) уюмдун акыркы эки жыл ичиндеги финансылык отчетторун (мыйзам талабына ылайык, ал болгон болсо, тышкы аудитор тарабынан күбөлөндүрүлгөн). 

Улуттук банк өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн КСФКдан кандай болбосун кошумча маалыматтарды талап кылууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

26. Улуттук банк, болжолдонгон инвестициялоо башталганга чейинки 10 күн мурда инвестицияларды токтотууга, ошондой эле эгерде КСФК каражаттарды инвестициялагандан кийинки төмөнкүдөй жагдайлар келип чыккан шартта, инвестициялоону токтотуу же аны чектөө тууралуу талап жөнөтүүгө укуктуу: 

- акыркы инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы же болбосо тышкы көзөмөлдүктүн алкагында алынган маалыматтар КСФКнын финансылык туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө же болбосо анын аманатчыларынан болуп саналышкан кредиттик союздардын жана башка кредиторлорунун таламдарына коркунучтун орун алып жатышын тастыктаса; 

- инвестициялоо, банктык мыйзам талаптарын, Улуттук банктын жазма буйруктарын же КСФКнын Улуттук банк менен кат жүзүндө түзүлгөн келишимдеринин талабын бузуу менен операцияларды жүргүзүүнүн алгылыксыз жана кооптуу тажрыйбасына КСФКнын тартылышынан улам ишке ашырылса; 

- КСФК кандайдыр бир себептер боюнча мындай инвестицияларга мониторинг жүргүзө албаса; 

- Уюмдун же банктын, алардын кызмат адамдарынын ишкердик абройлорунун алгылыксыз экендигин тастыктаган фактылар, ошондой эле уюмдун же банктын же алардын кызмат адамдарынын буга чейинки иши кайсы бир юридикалык жактын банкрот абалында калышына же олуттуу финансылык чыгымдарга дуушар болушуна түрткү бергендигин тастыктаган фактылар Улуттук банкка маалым болсо; 

- КСФК документтерди/маалыматтарды толук эмес көлөмдө, же такталбаган маалыматтарды берген болсо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

27. КСФК туунду же караштуу компанияларды түзгөн шартта же сатып алган учурда Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын  

26-беренесинин 5 жана 6-бөлүгүнүн жана 79-беренесинин жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын туунду же караштуу компанияларды түзүү жана/же сатып алуу тартибин аныктаган талаптары аткарылууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Кыймылсыз мүлккө (негизги каражатка) инвестициялардын эң жогорку өлчөмү 

28. Кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын эң жогорку өлчөмү КСФКнын төлөнгөн уставдык капитал өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш. 

29. Бул Эрежелердин максаттарында кыймылсыз мүлк дегенден улам, КСФКга тиешелүү же финансылык ижара келишими боюнча анын тескөөсүндө турган, негизги каражат катары пайдаланылган/пайдаланылышы кыймылсыз кыймылсыз мүлктү (курулуп жаткан/орнотулган кыймылсыз мүлктү кошо алганда) түшүнүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

30. Бардык кыймылсыз мүлктөр, ижарага алынган менчикти ыңгайлаштырууга капиталдык салымдар (операциялык жана/же финансылык ижара келишими боюнча), ошондой эле КСФКнын кыймылсыз мүлктөрүнө ээлик кылып турган ишканалардын акцияларына же облигацияларына же болбосо мына ушундай эле карыздык милдеттенмелерине кандай болбосун салымдар кыймылсыз мүлккө (негизги каражатка) инвестициялардын эң жогорку өлчөмүн эсептөөдө камтылууга тийиш. Бардык көрсөтүлгөн активдер (КСФКнын финансылык ижара келишими боюнча кыймылсыз мүлктөрүн эске албаганда) алардын баланстык наркы боюнча эсептөөгө кошулат. 

Финансылык ижара келишими боюнча КСФКнын тескөөсүндө турган кыймылсыз мүлктөр, аларга (негизги каражаттарга) инвестициялардын эң жогорку өлчөмүн эсептөөдө финансылык ижара боюнча милдеттенмелердин ошол учурдагы өлчөмүн эсептен алып салуу менен баштапкы наркы боюнча камтылууга тийиш. 

31. КСФК кызматкерлер үчүн эмгек жана эс алуу шарттарын түзүүгө каралган кыймылсыз мүлккө ээ боло алат, мында ошол мүлктүн баланстык наркы кыймылсыз мүлккө (негизги каражатка) инвестициялардын эң жогорку өлчөмүн эсептөөдө эске алынышы зарыл. 

32. Кыймылсыз мүлктүн наркын кайра баалоону жүргүзүүдө анын натыйжасында кыймылсыз мүлккө (негизги каражатка) инвестициялардын эң жогорку өлчөмү өзгөргөн болсо, КСФК кайра баалоодон кийинки 12 ай ичинде кыймылсыз мүлккө (негизги каражатка) инвестициялардын өлчөмүн Улуттук банктын талаптарына ылайык келтире тургандыгы тууралуу милдеттенме-катты Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

33. Берилген кредиттер боюнча карыздын ордун жабуунун эсебине КСФК тарабынан алынган мүлк, мыйзам талаптары сакталып жана төмөнкү шарттар аткарылган учурда, негизги каражат катары кабыл алынышы мүмкүн: 

- мүлктү негизги каражат катары кабыл алуу кыймылсыз мүлккө инвестициялардын эң жогорку өлчөмүнүн өзгөрүшүнө алып келбесе; 

- аны пайдаланууга берүү мөөнөтү 18 айдан ашпоого тийиш. 

Эгерде, мүлктүн наркы КСФКнын таза суммардык капиталынын 10% ашса, анда берилген кредиттер боюнча карыздын ордун жабуунун эсебине негизги каражат катары аны кабыл алуу чечими Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынышы зарыл. 

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин баалуу кагаздарына жана мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестиция өлчөмү 

34. КСФКнын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин баалуу кагаздарына инвестицияларынын баланстык нарк боюнча жалпы өлчөмү анын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 25% ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

35. КСФКнын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестицияларынын баланстык нарк боюнча жалпы өлчөмү, анын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 10% ашпоого тийиш. 

9. Концентрациялануу тобокелдигин чектөө боюнча эң төмөнкү талаптар 

36. Бир карызгердин чогуу алгандагы карызынын КСФКнын таза суммардык капиталынын 10% барабар же андан ашкан суммасы КСФК тарабынан өзгөчө көңүл бурууну жана мындай карызгердин финансылык абалына дайыма баа берип турууну талап кылат. Чогуу алгандагы мындай карыз ири өлчөмдөгү карыз катары эсептелинет. 

37. КСФКнын кызматкерлери кредиттик союздардын катышуучуларынан боло алышпайт жана алар КСФКдан кредиттерди алууга тийиш эмес. 

38. КСФК концентрациялануу тобокелдигин кошо алганда, тобокелдиктерди тескөө боюнча саясатты иштеп чыгып, аны сактоого тийиш. Концентрациялануу тобокелдигин тескөө боюнча саясатта (мындан ары - саясат) эң аз дегенде төмөнкү маселелер эске алынышы зарыл: 

- кредиттик союздардын катышуучуларын кайра кредиттөө үчүн кредиттик союздарды кредиттөөдө, КСФК катышуучулардын билдирмелерине жараша концентрациялануу тобокелдигин идентификациялоого жана тескөөгө алууга, ошондой эле катышуучулар берилген кредиттерди максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүгө тийиш; 

- кредиттик союздарды кредиттөөдө КСФК, кредиттик союздардын каражаттары кайра кредиттелүүчү экономиканын ар кандай тармактарынын өз ара байланыштуулугун эске алышы зарыл; 

- кредиттик союздардын бир эле тармакка (тармак ичиндеги чакан тармакка) багытталган кредиттер боюнча кредиттик союздарда орун алган тобокелдиктин концентрациялануусу бардык берилген кредиттердин салыштырма салмагында каралууга тийиш; 

- КСФК күрөөнүн ар кандай түрлөрүнүн өлчөмүнө баа бериши зарыл. Концентрациялануу тобокелдиги, кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоонун бир эле түрүнө КСФКнын ыкташынан улам келип чыгат; 

- кредиттик союздун катышуучусу менен финансы лизинги боюнча операцияларды жүзөгө ашырууда КСФК, өз ара байланыштуу жактардын тобун бир кардар катары кароосу зарыл, мында өз ара байланыштуу жактардын тобуна сунушталган активдердин ар кандай түрлөрүнүн бардык суммасы суммаланып, бир тобокелдик катары каралат; 

- концентрациялануу тобокелдиги кредиттердин төлөө мөөнөтүнө жана графигине, регионго (областка), күрөөлүк камсыздоонун түрүнө жана көлөмүнө, валютанын түрүнө жараша диверсификацияланууга тийиш; 

- концентрациялануу тобокелдигин тескөөдө КСФК, өз ишиндеги тобокелдиктерди диверсификациялоонун натыйжалуулугуна баа бериши зарыл. 

39. КСФКнын Директорлор кеңеши жана Башкармасы, анын ишинин бардык багыттарындагы концентрациялануу тобокелдиги жөнүндө маалыматка ээ болушу зарыл. Концентрациялануу тобокелдигин өлчөө системасында иштин ар кандай багытында келип чыгышы мүмкүн болгон концентрациялануу тобокелдигине дуушарлануу мүмкүнчүлүктөрү чогуу каралышы зарыл. КСФК концентрациялануу тобокелдигин аныктоо үчүн, эң аз дегенде төмөнкү позицияларды өлчөп көрүшү зарыл: 

а) КСФК тарабынан салынган/сунушталган каражаттардын өлчөмдөрү

- активдердин белгилүү бир түрүнө, анын ичинде валюталар боюнча; 

- бир карыз алуучуга; 

- республиканын белгилүү бир областына (аймагына); 

- валюталардын түрлөрү боюнча. 

б) милдеттенмелердин белгилүү бир түрлөрүнүн өлчөмү, анын ичинде валюталар боюнча; 

в) күрөөлөрдүн ар кандай түрлөрүнүн өлчөмүнө

40. КСФКда концентрациялануу тобокелдигин чектөө системасы жөнгө салынууга тийиш. Ал КСФК үчүн жол берилген концентрациялануу тобокелдигинин чектүү өлчөмүн аныктап, мезгил-мезгили менен кароого алынып турушу зарыл. КСФКда эң аз дегенде концентрациялануу тобокелдигинин төмөнкүдөй чектөөлөрү белгилениши зарыл: 

- бир карыз алуучунун суммардык чогуу алгандагы карызынын эң жогорку өлчөмү

- бир карызгердин таза суммардык капиталдагы кредиттеринин жана башка карыздарынын салыштырма салмагы. КСФК тарабынан белгиленген чектөө мааниси ушул Эрежелерде камтылган ченемдердин маанисин бузууга тийиш эмес; 

- активдердин айрым түрлөрү бардык активдердин суммасынан салыштырмалуу салмакта; 

- ишкердиктин бир түрүнө (экономика тармагына) салынган инвестициялардын, кредиттердин бардык активдерден салыштырма салмакта; 

- республиканын белгилүү бир областына (регионуна) жумшалган инвестициялардын, кредиттердин жана аларга теңештирилген активдердин бардык активдерден салыштырма салмакта; 

- активдер жана милдеттенмелер боюнча валюталардын түрлөрүнө жараша; 

- он ири кредит жана КСФК тарабынан өз карызгерлерине сунушталган кредиттерге теңештирилген активдердин КСФК сунуштаган бардык кредиттерден салыштырма салмакта; 

- он ири кредиттер жана КСФК тарабынан кредиттик союздардын финансылык компаниясынын адамдары менен байланыштуу берилген, кредиттерге теңештирилген активдер КСФКнын бардык сунушталган кредиттеринен салыштырма салмакта; 

- эң эле ири он каржылоо булагы КСФКнын бардык милдеттенмелер суммасынан салыштырма салмакта; 

- кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоонун айрым бир түрлөрү бардык күрөөлүк камсыздоолордун суммасынан салыштырма салмакта. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

41. КСФК эн аз дегенде, ай сайын концентрациялануу тобокелдиги деңгээлине бардык келип чыгуу формалары боюнча көз салып, түптөлгөн жагдайга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп, тобокелдикти тескөө ишин пландаштырууга тийиш. Алар боюнча отчеттор (аналитикалык отчеттор, таблицалар, графиктер жана диаграммалар) КСФКнын Директорлор кеңешине жана Башкармасына сунушталышы зарыл.  

КСФКнын Директорлор кеңеши жана Башкармасы концентрациялануу тобокелдигин тескөө саясатын мезгил-мезгили менен кароого алып турушу зарыл. 

10. Экономикалык ченемдердин сакталышына тиешелүү маалыматтарды, мезгил-мезгили менен берилүүчү жана башка отчетторду берүү тартиби жана мөөнөттөрү 

42. КСФКнын, кредиттик союздардын ишин талаптагыдай жөнгө салууну камсыз кылуу максатында, КСФК экономикалык ченемдердин сакталышы, кредит портфелинин сапатына тиешелүү маалыматтарды, мезгил-мезгили менен берилүүчү отчетторду, ошондой эле зарылчылыкка жараша башка кошумча маалыматтарды Улуттук банкка берип турууга тийиш. Мындан тышкары Улуттук банктын талабына ылайык, маалыматтар талап кылынышы мүмкүн. 

43. КСФК экономикалык ченемдердин аткарылышына тиешелүү отчетту ушул Эрежелерге карата 1-тиркемеде келтирилген форма боюнча Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында Улуттук банкка берип турууга тийиш. 

43.1. КСФК күн сайын кредиттик союздардын мөөнөттүү депозиттери боюнча эң жогорку тобокелдик ченеминин сакталышы жөнүндө отчетту 1-тиркемеге ылайык берип туруусу зарыл. 

43.2. Отчеттук мезгилден кийинки айдын 12синен кечиктирбестен КСФК, төмөнкү отчетторду берип турууга тийиш: 

а) белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын КСФК тарабынан сакталгандыгы жөнүндө маалыматты ушул Эрежелерге карата 1-тиркемеге ылайык; 

б) КСФКнын проблемалуу кредиттери жана лизингдери жөнүндө маалыматтарды, ушул Эрежелерге карата 3-тиркемеге ылайык; 

в) КСФКнын кредиттери жана лизингдери жөнүндө маалыматтарды ушул Эрежелерге карата 4-тиркемеге ылайык; 

г) Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетту (ПРБО) бөлүктөр боюнча. 

43.3. КСФК чейрек сайын ПРБОнун толук версиясын кароого сунуштап турууга тийиш. 

Бардык отчеттор ПРБОдогу маалыматтарды тастыктоо үчүн белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүшү зарыл. 

44. Экономикалык ченемдердин аткарылгандыгы тууралуу отчет, республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында, ушул Эрежелерге карата 2-тиркемеде келтирилген форма боюнча мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жарыяланып турууга тийиш. 

45. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчет ар бир чейректен кийинки 30 күн ичинде жарыяланышы зарыл. 

46. КСФК экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу чейректик отчетторду кеңири коомчулукка жеткиликтүү болушу үчүн ыңгайлуу жалпыга маалымдоо каражаттарын тандай алат. 

47. Жарыялоолор тууралуу маалымат, жарыяланган маалыматтын көчүрмөсүн кошо тиркөө менен 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

48. КСФКнын финансылык отчету (финансылык абал жөнүндө отчет, жыйынды киреше жөнүндө отчет, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет, өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, финансылык отчетко карата эскертүүлөр, өткөн жылдын ушул эле мезгилине карата абал боюнча финансылык абал жөнүндө отчет) Улуттук банктын КСФКнын отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү боюнча талаптарына ылайык Улуттук банкка сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-10-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

49. Ушул Эрежелерде белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү маалыматтардын жана ПРБОнун берилбей калышы, ошондой эле такталбаган маалыматтардын берилиши учурунда КСФКга карата мыйзамдарда белгиленген таасир этүү чаралары колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

11. Экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышына контролдук 

50. КСФК тарабынан экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышына контролдук Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан ишке ашырылат. 

51. КСФК тарабынан күн сайын/жума сайын эсептелип турган экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышын текшерүү, анын бухгалтердик балансынын негизинде кайсы болбосун күнгө карата абал боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. 

52. КСФК тарабынан ушул Эрежелерде белгиленген экономикалык ченемдер жана талаптар сакталбагандыгы, маалыматтар берилбегендиги же такталбаган жана/же толук эмес маалымат берилгендиги, экономикалык ченемдердин аткарылышы жөнүндө отчетторду жарыялоо мөөнөттөрүнүн сакталбагандыгы фактылары аныкталса, ошондой эле иште башка бузууларга жол берилсе, Улуттук банк КСФКга карата Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чараларын колдонот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

53. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, анын ичинде Улуттук банктын токтомдоруна, буйруктарына, буйрууларына, нускоолоруна, жазма буйруктарына, жана башка документтерге, ошондой эле талаптарга каршы келген аракеттерге жол берүү же аракеттенбей коюу, иштеги кемчилик катары таанылат. 

  

  

  

"Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы ишин жөнгө салуунун эрежелерине карата 

1-тиркеме 

"Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААК тарабынан экономикалык ченемдердин жана талаптарын сакталышы жөнүндө 20__-жылдын "__" ________ карата абал боюнча 

МААЛЫМАТ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

  

Ченемдердин жана талаптардын аталышы 

Белгилениши 

Ченемди эсептөө 

Ченемдин айкын мааниси 

Ченемдин белгиленген мааниси 

Белгиленген ченемден четтөө 

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

К1 

СЗ   

ЧСК 

 

25% жогору эмес 

 

Капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандарты 

К2.1 

ЧСК 

ЧРА 

 

12% кем эмес 

 

К2.2 

ЧКПУ 

ЧРА 

 

6% кем эмес 

 

Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү)  

К4 

ЛА 

О 

 

30% кем эмес 

 

 

Отчеттук мезгил ичиндеги орточо маанилер 

1-жума 

2-жума 

3-жума 

4-жума 

5-жума 

Ай ичинде орточо маани 

ЛА - Ликвиддүү активдер  

 

 

О - КСФКнын милдеттенмелери 

 

К4 ченеми = ЛА / 0 * 100% 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

14.А. Кредиттик союздардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө отчет (К3.1) 

Отчеттук мезгил ичиндеги орточо маанилер 

1 жума 

2 жума 

3 жума 

4 жума 

5 жума 

Ай ичинде орточо маани 

ЧСК - КСФКнын таза суммардык капиталы 

  

  

  

  

  

  

ДВКС - кредиттик союздардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин суммасы 

  

  

  

  

  

  

К3.1 = ЧСК / ДВКС * 100% 

  

  

  

  

  

  

14.Б. Кредиттик союздардын мөөнөттүү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жана кредиттик союздар алдындагы башка милдеттенмелер тууралуу күндөлүк отчет (К3.2) 

Күнү 

К 3.2 

  

ЧСК 

СДКС 

Айкын мааниси К 3.2 = ЧСК / СДКС * 100% 

01.03.20__-ж 

  

  

  

02.03.20__-ж. 

  

  

  

03.03.20__-ж. 

  

  

  

04.03.20__-ж. 

  

  

  

... 

  

  

  

... 

  

  

  

31.03.20__-ж. 

  

  

  

14.В. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы тууралуу отчет 

Белгилениши 

Айкын мааниси 

Белгиленген мааниси 

Ар бир уюмга же банкка кандай болбосун инвестициялардын эң жогорку өлчөмү 

  

ТСКнын 10% ашпаган 

Уюмдарга жана/же банктарга кандай болбосун инвестициялардын жалпы өлчөмү 

  

ТСКнын 10% ашпаган 

Кыймылсыз мүлккө (негизги каражатка) инвестициялардын эң жогорку өлчөмү 

  

КСФКнын төлөнгөн уставдык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашык эмес 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинни баалуу кагаздарына инвестициялардын өлчөмү 

  

ТСКнын 25% ашпаган 

Мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмү 

  

ТСКнын 10% ашпаган 

Колтамгасы ___________________ 

  

  

  

"Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы ишин жөнгө салуунун эрежелерине карата 

2-тиркеме 

"Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААК тарабынан 20__-жылдын ______ карата абал боюнча 20__-жылдын "__" ______ чейреги ичинде экономикалык ченемдердин жана талаптарын сакталышы жөнүндө МААЛЫМАТ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы 

Ченемдин белгиленген мааниси 

Ченемдин айкын мааниси 

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1)  

25% жогору эмес 

   

Суммардык капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандарты (К2.1)  

12% кем эмес 

   

Биринчи деңгээлдеги капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандарты (К2.2)  

6% кем эмес 

   

Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К4)  

30% кем эмес 

   

(*) Бул маалыматтар Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 65-беренесине ылайык ачып көрсөтүлүүгө тийиш. 

 

  

  

"Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы ишин жөнгө салуунун эрежелерине карата 

3-тиркеме 

КСФКнын көйгөйлүү кредиттери жана лизингдери жөнүндө 20__-жылдын "__" _______ карата абалы боюнча 

МААЛЫМАТТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

КСнын аталышы(*) 

Чогуу алгандагы кредиттик карыздын суммасы 

Классификация 

Отчеттук мезгил ичиндеги ордун жабуу суммасы 

Жыл башынан бери отчеттук күнгө карата өсүп жаткан төлөө суммасы 

Кредиттин негизги суммасы 

пайыздар 

реструктуризациялаганга чейин 

реструктуризациялагандан кийин 

Кредиттин негизги суммасы 

пайыздар 

Кредиттин негизги суммасы 

пайыздар 

  

Кабыл алынган күрөөлүк камсыздоонун түрү 

Күрөөлүк камсыздоонун суммасы 

Реструктуризациялоо суммасы 

  

Реструктуризациялоо шарты 

Кредитти кайтарып алуу иш-чараларынын аткарылышынын күндөлүк статусу (отчеттук мезгил ичинде) 

Кредиттин негизги суммасы 

пайыздар 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

(*) маалымат региондорго топтоо менен ар бир кредиттик союз боюнча көрсөтүлөт. 

Колтамгасы ________________ 

  

  

  

"Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы ишин жөнгө салуунун эрежелерине карата 

4-тиркеме 

КСФКнын көйгөйлүү кредиттери жана лизингдери жөнүндө 20__-жылдын "__" ______ карата абалы боюнча 

МААЛЫМАТТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

КСнын аталышы, Карызгердин аты-жөнү 

Аймагы 

Лицензия берилген күн 

Орду жабылган кредиттер 

КК тарабынан колдонуудагы кредиттерге карата жактырылган кредиттин баштапкы суммасы 

% чен 

Кредиттин калдыгы, сом 

Саны 

Суммасы 

Күнү 

Суммасы 

  

  

10 

11 

КСФКнын кызматкерлерине кредиттер 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

КСнын кредиттери жана лизингдери (*) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Төлөө күнү 

Кредиттин максаты 

Кредитти классификациялоо 

РППУнун суммасы 

Мөөнөтүндө төлөбөй коюу, күндөрдө 

Реструктуризациялардын саны 

Күрөөлүк камсыздоо(*) 

Күрөөнүн түрү 

Өткөрүлүүчү иш-чара 

  

  

  

  

Негизги сумма боюнча 

% боюнча 

  

  

  

  

12 

13 

14 

15 

16 

17 

18 

19 

20 

21 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

(*) маалымат региондорго топтоо менен ар бир кредиттик союз боюнча көрсөтүлөт. 

Колтамгасы _________________