Кайта келүү

2022-жылдын 5-октябрындагы 

№ № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын токтому  

 

 

 

 

Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык  

капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө 

 

 

Банк системасынын туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн бекемдөө, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата калктын ишенимин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9, 64-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. 2023-жылдын 1-июлунан тартып жаңы ачылган банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төмөнкү өлчөмдө белгиленсин: 

1) микрофинансылык компаниялар үчүн: 

- депозиттерди тартпаган компаниялар үчүн 300 (үч жүз) млн сомдон кем эмес. Мындай талап микрофинансылык компанияларга өзгөртүлүп түзүлүп жаткан микрокредиттик компанияларга, микрокредиттик агенттиктерге жана кредиттик союздарга да таркатылат; 

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугун алууга талапкер болгон компаниялар үчүн 600 (алты жүз) млн сомдон кем эмес. 

2) микрокредиттик компаниялар үчүн 50 (элүү) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

3) кредиттик союздар үчүн: 

- депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы жок кредиттик союздар үчүн 2 (эки) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

- депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздар үчүн 5 (беш) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

4) турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 600 (алты жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

5) кепилдик фонддор үчүн 700 (жети жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

 

2. Адистештирилген финансы-кредит уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 2025-жылдан тартып 300 (үч жүз) млн сомдон кем эмес деңгээлде белгиленсин. 

 

3. Иштеп жаткан банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (кредиттик союздар үчүн капитал) жана аны түзүүнүн мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленсин: 

2023-жылдын 1-октябрына чейин: 

1) микрофинансылык компаниялар үчүн: 

- депозиттерди тартпаган компаниялар үчүн 100 (жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

- депозиттерди тартуу менен иш алып барган компаниялар үчүн 300 (үч жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2) микрокредиттик компаниялар үчүн 10 (он) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

3) кредиттик союздар үчүн: 

- депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы жок кредиттик союздар үчүн 300 (үч жүз) миң сомдон кем эмес өлчөмдө

- депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздар үчүн 3 (үч) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

4) турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 200 (эки жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

5) кепилдик фонддор үчүн 700 (жети жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2024-жылдын 1-октябрына чейин: 

1) микрофинансылык компаниялар үчүн: 

- депозиттерди тартпаган компаниялар үчүн 150 (жүз элүү) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

- депозиттерди тартуу менен иш алып барган компаниялар үчүн 350 (үч жүз элүү) млн сомдон кем эмес; 

2) микрокредиттик компаниялар үчүн 17 (он жети) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

3) кредиттик союздар үчүн: 

- депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы жок кредиттик союздар үчүн 700 (жети жүз) миң сомдон кем эмес өлчөмдө

- депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздар үчүн 4 (төрт) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

4) турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 300 (үч жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2025-жылдын 1-октябрына чейин: 

1) микрофинансылык компаниялар үчүн: 

- депозиттерди тартпаган компаниялар үчүн 200 (эки жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

- депозиттерди тартуу менен иш алып барган компаниялар үчүн 400 (төрт жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2) микрокредиттик компаниялар үчүн 25 (жыйырма беш) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

3) кредиттик союздар үчүн: 

- депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы жок кредиттик союздар үчүн 1,2 (бир миллион эки жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

- депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздар үчүн 5 (беш) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

4) турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 400 (төрт жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2026-жылдын 1-октябрына чейин: 

1) микрофинансылык компаниялар үчүн: 

- депозиттерди тартпаган компаниялар үчүн 250 (эки жүз элүү) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

- депозиттерди тартуу менен иш алып барган компаниялар үчүн 500 (беш жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2) микрокредиттик компаниялар үчүн 35 (отуз беш) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

3) депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы жок кредиттик союздар үчүн 1,6 (бир миллион алты жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

4) турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 500 (беш жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2027-жылдын 1-октябрына чейин: 

1) микрофинансылык компаниялар үчүн: 

- депозиттерди тартпаган компаниялар үчүн 300 (үч жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

- депозиттерди тартуу менен иш алып барган компаниялар үчүн 600 (алты жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2) микрокредиттик компаниялар үчүн 50 (элүү) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

3) депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы жок кредиттик союздар үчүн 2 (эки) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

4) турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 600 (алты жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

 

4. Минималдуу уставдык капиталынын өлчөмү белгиленген өлчөмдөн азды түзгөн, иштеп жаткан банк эмес финансы-кредит уюмдары акционерлер/ уюштуруучулар/катышуучулар менен бирге ушул токтомдун 2 жана 3-пункттарынын талаптарын аткаруу планын иштеп чыгышсын жана 2022-жылдын 30-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тапшырышсын. 

5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

6. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде: 

- ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

7. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы үч жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды жана «Кепилдик фонд» ААКты тааныштырсын. 

 

8. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү үч жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

9. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

Башкарманын мүчөлөрү: А. Айбалаева 

М. Жакыпов 

К. Куленбеков 

Н. Сагындыков 

Р. Сейткасымова 

З. Чокоев