Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын «17» августундагы 

№2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө 

НУСКОО 

 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары БФКУ) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө нускоо (мындан ары Нускоо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын, адистештирилген финансылык мекемелердин, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын, кепилдик фонддордун, кредиттик бюролордун (мындан ары банк эмес уюмдар) жана алмашуу бюролорунун ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. 

2. Банк эмес уюмдардын ишине көзөмөл бул, пландаштыруу, инспектирлөө, мониторинг жүргүзүү жана өз ара иш алып баруу камтылган, ошондой эле көзөмөл органы (Улуттук банк), банк эмес уюмдар/алмашуу бюролору ортосунда кызматташтык каралган цикл. Улуттук банк көзөмөлдөө циклинин ар бир баскычында банк эмес уюмдардын жана алмашуу бюролорунун жетекчилиги тобокелдиктерди канчалык деңгээлде натыйжалуу аныктап, ага баа берип жана тескөөгө алып жаткандыгына баа берет. 

3. Бул Нускоодо банк эмес уюмдардын жана алмашуу бюролорунун ишине инспектордук текшерүү жүргүзүүнүн негизги максаты жана түрлөрү аныкталган, ошондой эле банк эмес уюмдарга жана алмашуу бюролоруна карата алардын ишин текшерүүгө байланыштуу милдеттүү талаптар белгиленген. 

4. Нускоодо төмөнкү кыскартылган түшүнүктөр жана терминдер колдонулган: 

а) Микрофинансылык уюм (мындан ары МФУ) жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрофинансылык кызматтарды, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кызматтарды сунуштоо максатында юридикалык жак катары түзүлгөн адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекеме; 

б) Микрофинансылык компания (мындан ары МФК) бул, акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктан лицензия алган жана юридикалык жактарды жана жеке адамдарды микрокредиттөө жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамында каралган операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик мекеме; 

в) Микрокредиттик компания (мындан ары МКК) бул, коммерциялык уюмдун кайсы болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, Улуттук банктан күбөлүк алган жана жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамында каралган операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик мекеме; 

г) Микрокредиттик агенттик (мындан ары МКА) бул Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамында белгиленгендерди кошпогондо, коммерциялык эмес уюм формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүн алган жана уюмдун уставдык максаттарына ылайык жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашыруучу адистештирилген кредиттик мекеме; 

д) Адистештирилген финансы мекемеси бул, чет өлкө валютасын алмашуу ишин жүзөгө ашырган финансылык мекеме; 

е) Турак жай-сактык кредиттик компаниясы (мындан ары ТСКК) бул, айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияга ээ банк эмес финансы-кредит уюму, анын иши аманатчылардын акча каражаттарын турак жай-сактык аманаттарга (депозиттерге) топтоого жана аманатчыларына мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында жеке курулушка, турак үйлөрдү же квартираларды сатып алууга же турак жай шарттарын жакшыртууга кредиттерди сунуштоого багытталган. 

ж) Кепилдик фонд (мындан ары Фонд) Улуттук банкта эсептик каттоо жол-жобосунан өткөн жана кепилдик берүү ишин жүргүзгөн акционердик коом түрүндө түзүлүүчү юридикалык жак; 

з) Кредиттик союз (мындан ары КС) бул кредиттик союздун катышуучуларынын жеке аманаттарын кошуу жана аларды өз ара кредиттөө үчүн пайдалануу, ошондой эле башка финансылык кызматтарды, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунуштоо жолу менен өз катышуучуларына (мүчөлөрүнө) жардам көрсөтүү максатында, кооператив формасында түзүлүүчү финансы-кредит уюму; 

и) Кредиттик бюро лицензиянын негизинде кредиттик маалыматты алмашуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган коммерциялык уюм болуп саналган юридикалык жак; 

к) Алмашуу бюросу бул, юридикалык жак тарабынан Улуттук банктын лицензиясына ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн, атайы жабдылган пункт; 

л) Байкоо органы бул БФКУнун банк эмес уюмдун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган башкаруу органы (Директорлор кеңеши/Байкоо кеңеши/башка);  

м) Аткаруу органы бул банк эмес уюмдун ага күндөлүк жетекчиликти жүзөгө ашырган башкаруу органы (Башкарма/Дирекция/Башкаруучу/ж.б.); 

н) Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары бул, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясынын негизинде жүзөгө ашырылуучу нак чет өлкө валютасын сатып алуу, сатуу жана алмашуу боюнча операциялар; 

о) Текшерүүчүлөр тобу тиешелүү документтин негизинде Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган уюмга инспектордук текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген Улуттук банктын кызматкерлери. 

 

2. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн максаты 

5. Банк эмес уюмдардын жана Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттарынан болуп, эң башкысы, төмөнкүлөр саналат:  

а) алардын туруктуу иш алып баруусуна кесепетин тийгизиши ыктымал болгон тобокелдиктерди аныктоо;  

б) тобокелдиктерди тескөөгө баа берүү

в) мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, анын ичинде финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары ПФТД/ЛПД) маселелери боюнча талаптарга ылайык келишин жана алардын сакталышын талдап-иликтөө

г) Улуттук банкка сунушталган отчеттордун аныктыгына баа берүү;  

д) мурдагы текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн жана жазма буйруктардын аткарылышына баа берүү;  

е) тобокелдиктерге жараша башка иш чөйрөсү.  

6. Алмашуу бюролордун ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттарынан болуп, эң башкысы, төмөнкүлөр саналат: 

а) мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, анын ичинде финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча талаптарга ылайык келишин жана алардын сакталышын талдап-иликтөө

б) Улуттук банкка сунушталган отчеттордун аныктыгына баа берүү;  

в) тобокелдиктерге жараша башка иш чөйрөсү.  

 

3. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү 

7. Белгиленген максатка жараша инспектордук текшерүүлөр комплекстүү (банк эмес уюмдарга мүнөздүү тобокелдиктерге баа берүү үчүн) жана максаттуу (банк эмес уюмдардын ишинин айрым аспектилерине баяндама берүү жана кылдат кароо үчүн) жүргүзүлүшү мүмкүн. 

8. Алмашуу бюролорунда жүргүзүлүүчү инспектордук текшерүүлөр максаттуу (алмашуу бюролорунун ишинин айрым аспектилерине баяндама берүү жана кылдат кароо үчүн) жана рейд түрүндө (Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алуусуз нак чет өлкө валютасын алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу фактыларын аныктоо үчүн) болот. 

Максаттуу текшерүү банк эмес уюмдардын жана алмашуу бюролорунун ишинин айрым аспектилерине баяндама берүү жана кылдат кароо үчүн жүргүзүлөт. 

9. Алмашуу бюролорун текшерүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын ишке тартуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Алмашуу бюролорун текшерүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын ишке тартуу менен жүргүзүлө турган болсо, Улуттук банктын кызматкерлерин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн координациялоого, документтерди даярдоого жана текшерүүчүлөр тобун түзүүгө жооптуу адам аныкталат. Текшерүүнүн жыйынтыгында таасир этүү чараларын колдонуу маселеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.  

10. Банк эмес уюмдарды текшерүүлөр алдын ала билдирүү менен сыяктуу эле, күтүүсүз да жүргүзүлүшү мүмкүн (текшерүү жөнүндө кат жүзүндө алдын ала билдирүү жөнөтүүсүз). Алдын ала билдирүү менен инспектордук текшерүү жүргүзүүдө, Улуттук банк текшерүү жүргүзүлө турган күнгө чейинки 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен текшерүүчүлөр тобу тарабынан сунушталган зарыл документтер тизмегин кошо тиркөө менен уюмга билдирүү (1-тиркеме) жөнөтөт. 

Улуттук банктын кызматкерлери банк эмес уюмга келип, текшерүүгө жолдомону  

(2-тиркеме) көрсөткөндөн кийин гана бардык инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилет. 

Алмашуу бюролорун Улуттук банктын кызматкерлери алмашуу бюросуна келип, алмашуу бюросун текшерүүгө жолдомонун көчүрмөсүн (3-тиркеме) көрсөткөндөн кийин алдын ала билдирүүсүз текшерүүгө жол берилет.  

11. Банк эмес уюмдарды жана алмашуу бюролорун текшерүүгө берилген жолдомого Улуттук банктын банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөөгө жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги же областтык башкармалыгынын начальниги/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору кол коёт. 

12. Инспектордук текшерүү жүргүзүү мөөнөтү 35 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. Зарыл учурларда, түзүмдүк бөлүмдүн/областтык башкармалыктын начальниги текшерүү жүргүзүүгө кошумча жолдомого кол коюу менен текшерүү мөөнөтүн узартышы мүмкүн.  

Мында, инспектордук текшерүүнүн жалпы мөөнөтү 60 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. 

13. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү мезгил аралыгы Улуттук банк тарабынан аныкталат. Улуттук банк кырдаалга/жагдайга жараша тез-тез текшерүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн (мисалы, карыз алуучулардан даттануулар келип түшсө, банк эмес уюмдун иши начарласа, укук коргоо органдары кайрылса жана башка себептер боюнча). 

 

4. Инспектордук текшерүү жүргүзүү 

14. Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси текшерилүүчү жерге келгенден кийин банк эмес уюмдун аткаруу органынын мүчөсү менен төмөнкү максатта жолугушуу өткөрөт: 

а) текшерүүгө жолдомо кагазын берүү

б) текшерүү процессин талкуулоо; 

в) текшерүүчөлөр тобун тааныштыруу; 

г) банк эмес уюмдун жетекчилиги жана кызматкерлери менен байланышуу жолдорун аныктоо. 

Текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси текшерилүүчү жерге келгенден кийин алмашуу бюросунун жетекчилиги/кызматкери менен төмөнкү максатта жолугушуу өткөрөт: 

а) текшерүүгө жолдомо кагазын берүү

б) текшерүүчөлөр тобун тааныштыруу; 

в) алмашуу бюросунун жетекчилиги жана кызматкерлери менен байланышуу жолдорун аныктоо. 

15. Банк эмес уюмга/алмашуу бюросуна инспектордук текшерүү жүргүзүү үчүн киргизүүдөн баш тартылса же кандайдыр бир тоскоолдуктар жаратылган учурда, текшерүүчүлөр тобу Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү жөнүндө акт түзүүгө милдеттүү (4-5-тиркемелер).  

16. Текшерүүнүн биринчи эле күнү банк эмес уюм билдирүү катка тиркелген тизмеде көрсөтүлгөн бардык документтерди, ошондой эле суралган башка маалыматты берүүгө милдеттүү. Максаттуу текшерүүнүн жүрүшүндө банк эмес уюм талап кылынган бардык маалыматты жана документтерди көрсөтүүгө тийиш.  

Алмашуу бюросу текшерүүнүн жүрүшүндө суралган документтерди жана маалыматты берүүгө милдеттүү.  

Эгерде, банк эмес уюм же алмашуу бюросу тизмеде көрсөтүлгөн кайсы бир документти же текшерүү процессинде керек болгон документти берүүдөн баш тарткан учурда, же болбосо банк эмес уюмдун же алмашуу бюросунун бул документтерди берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, банк эмес уюм же алмашуу бюросу кагаз жүзүндө ошол документтерди берүүдөн баш тартуусу же берүү мүмкүн эместиги боюнча негиздеме берүүгө милдеттүү, бул тууралуу банк эмес финансы-кредит уюмдарына көзөмөл жүргүзгөн башкармалыктын жана анын тиешелүү бөлүмүнүн/областтык башкармалыктын жана анын көзөмөл бөлүмүнүн начальнигине дароо билдирилет.  

17. Эгерде банк эмес уюм суралган документтерди жана маалыматты берүүдөн баш тартса же негизсиз кечиктирсе жана банк эмес уюм же алмашуу бюросу мындай негиздемени берүүдөн баш тартса же баш тартуу себеби жүйөсүз болсо, текшерүүчүлөр тобу Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү жөнүндө акт түзүүгө укуктуу (4-5-тиркеме). 

18. Эгерде инспекторлор келген учурда, банк эмес уюм же алмашуу бюросу катталган дарегинде жайгашпаган болсо, бул факт банк эмес уюмга же алмашуу бюросуна карата таасир этүү чараларын колдонуу менен текшерүүчүлөр тобу тарабынан белгиленет. 

19. Банк эмес уюмдун жетекчилиги текшерүүчүлөр тобуна ар тараптуу жардам көрсөтүүгө жана төмөнкү шарттардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш: 

а) текшерүүчүлөр тобуна банк эмес уюмдун имаратына эркин кирип-чыгуу, бардык кызматкерлер менен сүйлөшүү, документтерди, ошондой эле инспектордук текшерүү үчүн зарыл болгон жазууларды колдонуу мүмкүнчүлүгү берилүүгө тийиш; 

б) текшерүүчүлөр тобу инспектордук текшерүү үчүн зарыл бардык маалыматтарды жана банк эмес уюмдун ошол тармакта адис болуп эсептелген кайсы болбосун кызматкеринен зарыл түшүндүрмөлөрдү жана/же түшүндүрүүлөрдү өз убагында алууга; 

в) текшерүүчүлөр тобуна аудио/видео жазууларды жүргүзүүчү аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө бөлмө берилүүгө тийиш. Улуттук банктын текшерүүчүлөр тобуна берилген бөлмөгө үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине жол бербөө зарыл. Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн бири аудио/видео жаздырууларды жүргүзүүчү аудио/видео жабдуулар орнотулбагандыгын жазуу жүзүндө тастыктоого тийиш; 

г) банк эмес уюмдун жана Улуттук банктын текшерүүчүлөр тобунун документтеринин коопсуз сакталышын камсыз кылууга жана аталган адамдарга текшерүү үчүн зарыл жабдуу жана техника сунуштоого (эгерде болсо); 

д) көчүрмө чыгаруучу техникасы жок болгон учурда жана банк эмес уюмдун кызматкери инспекторду документтин көчүрмөсүн чыгаруу үчүн банк эмес уюмдун аймагынан сырткары коштоп баруудан баш тарткан учурда, инспектор документтерди банк эмес уюмдун имаратынан алып чыгарда, документтер көчүрмөсүн алуу үчүн чыгарылып жаткандыгын тастыктап, банк эмес уюмдун жооптуу кызматкерине кол койдуруусу жана документтер кайтарылган учурда, бардык документтер кайра кайтарылгандыгын тастыктоо үчүн дагы бир кол койдуруусу зарыл;  

е) текшерүү процессинде козголгон административдик жана башка маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүү, ошондой эле банк эмес уюмдун инспекторлор менен мамилелерин координациялоо үчүн банк эмес уюмдан жооптуу адам дайындалат. 

20. Текшерүүчүлөр, документтер тизмегинде көрсөтүлгөн жана банк эмес уюм тарабынан текшерүүгө сунушталган документтер жана маалыматтар менен гана чектелбестен, аларга жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууга байланыштуу документтерди банк эмес уюмдан талап кылышы мүмкүн, ошондой эле документтердин талапка ылайык тастыкталган көчүрмөлөрүн же тиешелүү документтердин кыскача көчүрмөлөрүн жана документтер боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылышы мүмкүн. Белгиленген милдеттерди аткарууда текшерүүчүлөр тобу инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелерди банк эмес уюмдун жооптуу кызматкерлери менен талкуулашы мүмкүн. 

21. Зарыл учурда, текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси байкоо органы менен жолугушуу өткөрүшү мүмкүн. 

22. Текшерүүнүн жүрүшүндө текшерүү программасында каралбаган банк эмес уюмдун башка чөйрөлөрүндө мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурда, ушул Нускоонун 12-пунктуна ылайык текшерүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн. 

23. Алмашуу бюросу текшерүүчүлөр тобунун талабы боюнча алмашуу бюросундагы фото жана видео жаздыруучу техникалык каражаттарда сакталган бардык маалыматтардан пайдалануусун камсыз кылууга милдеттүү. Мындай маалыматты берүүдөн баш тартылган шартта, текшерүүчүлөр тобу Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү жөнүндө акт түзөт (5-тиркеме). 

24. Банк эмес уюмду жана алмашуу бюросун текшерүүнүн жүрүшүндө текшерүүчүлөр тобу инспектордук текшерүү үчүн касса жайындагы бардык нак акча сактоо жайларын (шкафтарды, текчелерди, сейфтерди, кутуларды жана башкаларды) ачып берүүнү талап кылууга укуктуу. 

Эгерде жогоруда аталган жерлерде алмашуу бюросунун кассасында эсепке алынбаган нак акча каражаты табылса, ал кайра эсептелип, жыйынтыгы тууралуу маалымат Улуттук банктын ички документтерине ылайык ошол алмашуу бюросунун Нак акча каражаттарына ревизия жүргүзүү актысында чагылдырылууга тийиш. 

25. Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү жөнүндө актыга банк эмес уюмдун аткаруу органынын мүчөсү же алмашуу бюросунун жетекчилиги/кызматкери кол коюуга тийиш. Эгерде, банк эмес уюмдун аткаруу органынын мүчөсү же алмашуу бюросунун жетекчилиги/кызматкери аталган актыга кол коюудан баш тартса, текшерүүчүлөр тобу баш тартуунун себебин (эгер болсо) көрсөтүү менен актыга белгилейт. Ал эми баш тартуунун себеби көрсөтүлбөсө, анда актыга «себебин көрсөтүүсүз» деген белги коюлуп, адамдын кызмат орду, аты-жөнү милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш. 

 

5. Инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгында банк эмес уюмдун жетекчилиги менен алдын ала жана жыйынтыктоочу жолугушуулар 

26. Текшерүүчүлөр тобу текшерилип жаткан уюмдун жетекчилигине текшерүү жана тыянактарды, сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктардын долбоорлорун талкуулоо жыйынтыгы тууралуу маалымдоо максатында, инспектордук текшерүүнүн акыркы күнүнөн кийинки күндөн кечиктирбестен, банк эмес уюмдун аткаруу органы жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (же алардын милдетин аткарган адамдар) менен алдын ала жолугушуу уюштурат. Жолугушуунун жүрүшүндө текшерилип жаткан уюмга текшерүүчүлөр тобу тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн чөйрөдө аныкталган тигил же бул маселелер боюнча комментарий же түшүндүрмө берүү үчүн мүмкүнчүлүк берилет. 

Алдын ала жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кыскача протокол түзүлөт, ага жолугушуу өткөрүлгөн күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде катышуучулар кол коюшу зарыл.  

Банк эмес уюм мындай протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, банк эмес уюмга жолугушууда талкууга алынган негизги маселелер чагылдырылган кат жөнөтүлөт. 

Зарыл учурда, текшерүү аяктагандан кийин текшерүү тобунун жетекчиси же текшерүүчүлөр тобунун мүчөсү банк эмес уюмдун иши боюнча кошумча документтерди жана маалыматты талап кылууга укуктуу.  

27. Жыйынтыктоочу жолугушуу банк эмес уюмдун аткаруу органы жана байкоо органынын мүчөлөрү (зарылдыгына жараша) менен өткөрүлөт, ал банк эмес уюмдун аткаруу органына текшерүүнүн жыйынтыгын маалымдоо, тобокелдиктер тууралуу тыянактарды талкуулоо, ошондой эле сунуш-көрсөтмөлөрдү жана жазма буйруктарды берүү максатында уюштурулат. Түзүмдүк бөлүмдүн/областтык башкармалыктын начальниги (же анын милдетин аткарган адам), зарылдыгына жараша, жолугушууга катышса болот. 

Жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси банк эмес уюм үчүн олуттуу тобокелдик жараткан тармактарга көбүрөөк басым жасоого тийиш. Мындан тышкары, жыйынтыктоочу жолугушуу банк эмес уюмдун аткаруу органына көзөмөл органын тынчсыздандырган маселелер боюнча жагдайды тактоого мүмкүнчүлүк берет.  

Зарылдыгына жараша, текшерүү тобунун жетекчиси же текшерүү тобунун ичинен кызматкер инспектордук текшерүү боюнча маселелерди талкуулоо үчүн кийинки жолугушууларды өткөрүүгө укуктуу. 

28. Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүү тобунун жетекчиси МФУнун, ТСККнын, Фонддун аткаруу органына текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган тыянактар, МФУнун, ТСККнын, Фонддун ишине байланыштуу тобокелдиктер, анын ичинде аларды тескөөгө баа берүү, текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузуулар жана башка маанилүү маселелер жөнүндө маалымдоого тийиш. 

Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүү тобунун жетекчиси адистештирилген финансы мекемесинин аткаруу органына текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган кассалык операцияларды жүргүзүү талаптарын сактоого, текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын, анын ичинде ПФТД/ЛПД мыйзамдарын бузууга, Улуттук банкка сунушталган отчеттордун тактыгы жана башка маанилүү маселелерге байланыштуу тыянактар жөнүндө маалымдоого тийиш.  

Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүү тобунун жетекчиси кредиттик бюронун жетекчилигине текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган төмөнкүлөргө тиешелүү тыянактар жөнүндө маалымдоого тийиш:  

а) кредиттик таржымалдар камтылган маалымат базасынын коопсуздугун камсыз кылуу;  

б) кредиттик бюронун иш алып баруусу;  

в) маалыматтардын сакталышын жана тактыгын камсыз кылуу;  

г) кредиттик отчетторду берүү боюнча талаптарды сактоо;  

д) кардарлардын даттанууларын кароого алуу;  

е) кредиттик бюронун тескөөгө алынышына баа берүү;  

ж) текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузуулар;  

з) башка маанилүү маселелер. 

Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүү тобунун жетекчиси кредиттик союздун аткаруу жетекчилигине төмөнкүлөрдү камтыган, текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган тыянактар жөнүндө маалымдоого тийиш: 

- текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузуулар; 

- активдердин сапаты жөнүндө тыянактар; 

- кредиттик союздун кирешелүүлүгү жөнүндө тыянактар; 

- капиталдын шайкештиги жөнүндө тыянактар; 

- ликвиддүүлүк жөнүндө тыянактар; 

- менеджментке жана башкаруу сапатына баа берүү;  

- колдонуудагы бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук системасына, маалымат системасына жана ички контролдоо системасына баа берүү

- активдерди классификациялоодо, шайкеш резервдерди түзүүдө жана колдоодо жетишпестиктерди ачып берүү. Мында бул талаптар кийинки отчеттук мезгил башталганга чейин аткарылуусу зарыл экендиги көрсөтүлүүгө тийиш; 

- башка зарыл маалыматтар. 

29. Жыйынтыктоочу жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси банк эмес уюмдун аткаруу органына текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бардык кемчиликтерди четтетүү зарылчылыгы жөнүндө маалымдайт, ошондой эле аларды алгылыктуу көз караштан чечүү жолдорун жана аткаруу мөөнөттөрүн талкуулайт. Талкуунун жыйынтыгы боюнча протокол түзүлүп, анда талкууланган маселелер жазылат жана ага текшерүү тобунун жетекчиси жана банк эмес уюмдун аткаруу органынын өкүлү кол коёт. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, банк эмес уюмга жолугушууда талкууланган негизги маселелерди түшүндүрүү менен кат жөнөтүлөт.  

30. Зарыл учурда, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча финансылык отчеттуулуктун кабыл алынган стандарттарына ылайык, олуттуулугун эске алуу менен финансылык отчетту корректировкалоо талап кылынышы мүмкүн.  

 

6. Текшерүү жөнүндө отчет 

31. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү жөнүндө отчет түзүлүп, анда банк эмес уюмдун байкоо органы жана аткаруу органы үчүн жазуу жүзүндө текшерүү жыйынтыгы чагылдырылат. Текшерүү жөнүндө отчетто аткаруу органына жана байкоо органына текшерүүнүн негизги тыянактары жана корутундулары, анын ичинде бардык олуттуу көйгөйлөр жана көрүлө турган чаралар жөнүндө маалымдалат. Отчетто көзөмөл органын тынчсыздандырган бардык тыянактар жана маселелер, ошондой эле сунуш-көрсөтмөлөр жана жазма буйруктар камтылат. 

Алмашуу бюросунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүүчүлөр тобу тарабынан Улуттук банктын ички документтерине ылайык Текшерүү жөнүндө акт/Алмашуу бюросунун ишин текшерүү жөнүндө маалым кат эки нускада түзүлүп, ага текшерүүчүлөр тобу жана алмашуу бюросунун жетекчиси/алмашуу бюросунун кызыкчылыгын коргогон ыйгарым укуктуу кызматкери кол коёт, анын бир нускасы алмашуу бюросуна берилет.  

32. Текшерүү жөнүндө отчеттун негизинде сунуш-көрсөтмөлөр жана жазма буйрук түзүлүп, текшерүү жөнүндө отчет менен бирге банк эмес уюмдун байкоо органына жана аткаруу органына жөнөтүлөт. Сунуш-көрсөтмөлөрдө жана жазма буйруктарда Улуттук банктын ченемдик талаптары сакталбагандыгы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактыларын, алардын алгылыксыз банктык тажрыйбага тартылган учурларын жана алардын ишиндеги башка кемчиликтерди четтетүү максатында, банк эмес уюм тарабынан көрүлүүгө тийиш болгон чаралар так аныкталат. 

Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүн аткаруудан баш тарткан учурда, банк эмес уюм Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрү аткарылбагандыгынын себебин көрсөтүү менен көзөмөл органына кат жүзүндө негиздеме сунуштоого тийиш.  

33. Жазма буйруктар текшерүү жөнүндөгү отчеттун негизинде жазылат жана ал инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча банк эмес уюмга карата көрүлгөн биринчи таасир этүү чарасы болуп эсептелет. Жазма буйруктарды белгиленген мөөнөт ичинде так аткаруу милдеттүү болуп саналат. 

34. Банк эмес уюмду текшерүү жөнүндө отчет Улуттук банктын ченемдик документтеринин талаптарына ылайык түзүлөт. Текшерүү жөнүндө отчет Улуттук банктын менчиги болуп саналат. Банк эмес уюм текшерүү жөнүндө отчетту үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Улуттук банктан уруксат алуу менен гана бериши мүмкүн. Банк эмес уюмдар текшерүү жөнүндө отчеттун сакталышын камсыз кылууга тийиш жана аны кагаз түрүндө же электрондук түрдө таркатууга жол берилбейт. 

 

7. Текшерүү жөнүндө отчет менен таанышып чыгуу 

35. Текшерүү жөнүндө отчет, сунуш-көрсөтмөлөр жана жазма буйруктар «Кызматтык иште пайдалануу үчүн (ДСП)» грифи коюлуп, чапталган түрдө жана коштомо кат менен бирге банк эмес уюмдун аткаруу органына анын ыйгарым укуктуу өкүлү менен текшерүүнүн жыйынтыгын талкуулаган учурдан тартып, 40 жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө банк эмес уюмдун байкоо органына милдеттүү түрдө маалымдоо менен жөнөтүлөт. Отчет жеткирилгендиги тууралуу тастыктама милдеттүү түрдө алынууга тийиш, анда отчетту алган адамдын аты-жөнү, кол тамгасы жана отчет алынган дата көрсөтүлөт. 

36. Коштомо катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

а) банк эмес уюмдун байкоо органынын мүчөлөрү/банк эмес уюмдун уюштуруучулары (зарыл болгон учурда) жана аткаруу органынын мүчөлөрү текшерүү жөнүндө отчетту, сунуш-көрсөтмөлөрдү жана жазма буйруктарды кылдат карап чыгып, аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чараларды көрүүгө тийиш экендиги; 

б) текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан кийин таанышуу баракчасына кол коюу зарылдыгы; 

в) эгерде Улуттук банк аткаруу/байкоо органы/уюштуруучулар менен жолугушуу өткөрүү зарыл деп эсептесе, жолугушуу датасы белгиленет. 

37. Банк эмес уюм жолугушуу өткөрүү зарыл деп эсептесе, анда банк эмес уюм бул жөнүндө жолугушуунун болжолдуу датасын сунуштоо менен көзөмөл бөлүмүнө/областтык башкармалыктын көзөмөл бөлүмүнө билдирүүсү зарыл. 

38. Банк эмес уюмдун байкоо органынын мүчөлөрү/уюштуруучулары жана/же аткаруу органынын мүчөлөрү текшерүү жөнүндө отчетко кол коюу менен таанышып чыгууга тийиш (6-тиркеме). Отчет менен таанышып чыгуу мөөнөтү отчетту коштомо кат менен алган күндөн тартып 10 жумуш күнүн түзөт. Мөөнөт аяктагандан кийин кол коюлган таанышуу баракчасы көзөмөл бөлүмүнө/областтык башкармалыктын көзөмөл бөлүмүнө кайтарылып берилет. 

39. Банк эмес уюмдун байкоо органынын мүчөлөрү/уюштуруучусу (уюштуруучулары) жана/же аткаруу органынын мүчөлөрү текшерүү жөнүндө отчет менен таанышып чыгуу барагына кол коюуга тийиш, мында отчетто камтылган тыянактарга жана корутундуларга, сунуш-көрсөтмөлөргө жана жазма буйруктарга макул эместиги таанышып чыгуу барагына кол коюудан баш тартууга негиз болуп эсептелбейт. 

 

8. Таанышуу барагы  

40. Таанышуу барагы (эки нускада түзүлөт) аткаруу органынын бардык мүчөлөрүнүн жана зарыл болгон учурда банк эмес уюмдун байкоо органынын/уюштуруучусунун (уюштуруучуларынын) мүчөлөрүнүн кол тамгаларын камтыйт. Отчет менен таанышкандан кийин кол коюлган таанышуу барагы, Улуттук банктын коштомо каты жөнөтүлгөн датадан тартып 10 жумуш күнү ичинде көзөмөл бөлүмүнө/областтык башкармалыктын көзөмөл бөлүмүнө кайтарылып берилет. Таанышуу барагынын экинчи нускасы банк эмес уюмда сакталууга тийиш. 

41. Банк эмес уюмдун байкоо органынын тигил же бул мүчөсүнүн/уюштуруучусунун (уюштуруучуларынын) жана/же аткаруу органынын тигил же бул мүчөсү ордунда жок болгон учурда жана/же отчет менен таанышуу үчүн белгиленген мөөнөт ичинде аны менен байланышуу мүмкүн болбогон учурда, банк эмес уюм отчетту алган күндөн тартып 5 жумуш күнү ичинде, банк эмес уюмдун байкоо органынын мүчөсү/уюштуруучу (уюштуруучулары) жана/же аткаруу органынын мүчөлөрү таанышуу барагына кол коё албай тургандыгынын себебин көрсөтүү менен түзүмдүк бөлүмдүн/областтык башкармалыктын начальнигине кат жүзүндө билдирүүгө тийиш. Мындай учурда, таанышуу барагы банк эмес уюмдун байкоо органынын ордунда жок мүчөлөрүнүн/уюштуруучусунун (уюштуруучуларынын) жана/же аткаруу органынын ордунда жок мүчөлөрүнүн колу коюлбастан эле, бекитилген мөөнөттө көзөмөл бөлүмүнө/областтык башкармалыктын көзөмөл бөлүмүнө кайтарылып берилиши мүмкүн. 

42. Банк эмес уюмдун байкоо органынын мүчөлөрүн/уюштуруучусун (уюштуруучуларын) жана аткаруу органынын мүчөлөрүн отчет менен тааныштыруу жана таанышуу барагына кол койдуруу жоопкерчилиги мындан ары банк эмес уюмга жүктөлөт. 

 

9. Таасир этүү чаралары 

43. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берүүлөр аныкталган учурда, банк эмес уюмга жана алардын кызмат адамдарына, ошондой эле алмашуу бюросуна карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт. 

Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын/күбөлүгүн алуусуз иш жүргүзгөн жактар аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт. 

Мүмкүнчүлүгүнө жараша, укук бузуучу лицензиясы жок иш жүргүзгөн жер сүрөткө жана видеого тартылат. 

Ошондой эле лицензиясы жок иш жүргүзүүнү текшерүү мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана жарандардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн (каттар, суроо-талаптар, даттануулар ж.б.). Мында, кайрылууга ыкчам тергөө чаралары боюнча материалдар жана/же укук бузуу/банк мыйзамдарын бузууга жол берүү фактыларын тастыктаган башка документтер кошо тиркелиши мүмкүн. 

44. Банк эмес уюмга карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык мындай чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укук берилген Улуттук банктын тиешелүү кызмат адамдары жана органдары, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат. 

45. Эгерде текшерүү учурунда же анын натыйжасында банк эмес уюмдун байкоо/аткаруу органынын мүчөсүүчөлөрү), алмашуу бюролорунун жетекчилери/кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде/Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган кылмыш иштерине кирген аракеттерди жүргүзгөндүгүн, жүргүзүп жаткандыгын же жүргүзүүгө даярданып жаткандыгын тастыктаган маалыматтар аныктала турган болсо, анда Улуттук банк инспекторлордун тыянагын тастыктаган материалдарды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана Улуттук банктын ички жоболору менен жол-жоболоруна ылайык, тийиштүү укук коргоо органдарына (ведомствого караштуу) өткөрүп берүүгө укуктуу. 

 

10. Даттануу тартиби 

46. Текшерүү жөнүндө отчетко/алмашуу бюросунун ишин текшерүү жөнүндө маалым катка даттанууга жол берилбейт. 

47. Улуттук банктын отчеттун негизинде даярдалган таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимине «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык даттанууга болот. 

 

Банк эмес финансы-кредит  

уюмдарынын жана 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө  

алынган башка юридикалык  

жактардын ишине инспектордук  

текшерүү жүргүзүү жөнүндө 

нускоого карата 1-тиркеме 


________________________ 

дарегинде жайгашкан  

________________________________ 

(МФК/МКК/МКА, адистештирилген  

финансы мекемеси, ТСКК, Фонд, КС,  

кредиттик бюронун аталышы) 

МФК/МКК/МКА, адистештирилген  

финансы мекемеси, ТСКК, Фонд,  

КС, кредиттик бюронун аткаруу  

органынын жетекчиси_____________________________ (аты-жөнү

 

БИЛДИРҮҮ 

Сизди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ушул ________________________________________________________________________ 

______________________________________________________________________ аркылуу 

20__ -жылдын «___»___________ тартып «________________________________________» 

МФК/МКК/МКА, адистештирилген финансы мекемеси, ТСКК, Фонд, КС, кредиттик бюронун ишине инспектордук текшерүү жүргүзүлө тургандыгын билдирет.  

Текшерүүнү натыйжалуу жүргүзүү, ошондой эле инспекторлордун сиздин уюмда жүрүү убактысын кыскартуу максатында, тийиштүү кызматкерлерге каттын тиркемесинде жазылган документтерди жана маалыматтарды даярдап коюу тууралуу көрсөтмө берүүнү өтүнөм. Бардык документтер жана маалыматтар 20____-жылдын ____-______________ карата даяр болууга жана текшерүү тобунун жетекчисине банк эмес уюмга келген күнү берилүүгө тийиш. 

Эгерде, көрсөтүлгөн документтерди даярдоо учурунда кызматкерлериңизде кандайдыр бир суроолор пайда болсо, ошондой эле банк эмес уюмдун талап кылынган документтер менен маалыматтарды даярдап берүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, жогоруда көрсөтүлгөн инспектордук текшерүү баштала турган күнгө чейин Улуттук банктын көзөмөл бөлүмүнүн/областтык башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнүн кызматкери ________________________________________ (аты-жөнүн, кызматын жана телефон номерин көрсөтүңүз) менен күн мурун байланышуу зарыл. 

Текшерүүдө _________________ инспектордун катышуусу пландалууда, ушуга байланыштуу ________________________ адамга жумуш орундарын даярдап коюуңуздарды өтүнөбүз. 

Текшерүү ишине байланыштуу маселелер боюнча текшерүү тобуна бардык жактан көмөк көрсөтүүңүздү, МФК/МКК/МКА, адистештирилген финансы мекемеси, ТСКК, Фонд, КС, кредиттик бюронун кызмат адамдарын жана катышуучуларын өз убагында сурамжылоо жана текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл маалымат булактарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууңузду өтүнөбүз. 

Тиркеме: Документтер менен маалыматтардын тизмеги _________ б. 

  

Ишиңизге ийгилик каалап, 

________________ начальниги ______________________ ________________ 

(аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

Банк эмес финансы-кредит  

уюмдарынын жана 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө  

алынган башка юридикалык  

жактардын ишине инспектордук  

текшерүү жүргүзүү жөнүндө 

нускоого карата 2-тиркеме 

 

____________________________________ ишин текшерүүгө 

(банк эмес уюмдун толук аталышы) 

ЖОЛДОМО  

 

Ушуну менен төмөнкү кызматкерлер: 

1. ______________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) 

2. ______________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) 

3. ______________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) 

4. ______________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) 

5. ______________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) 

... 

20__-жылдын ____-_____________ тартып, ____________ жумуш күнү мөөнөтүндө _____________________________________ ишин текшерүүгө жөнөтүлө тургандыгы күбөлөндүрүлөт. Текшерүү мезгилинде орун алган жагдайларга жараша текшерүү мөөнөтү Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө нускоонун 12-пунктунда белгиленген мөөнөттүн чегинде узартылышы мүмкүн.  

Текшерүү тобунун жетекчиси болуп __________________________________________ ________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) дайындалган. 

  

 

Ишиңизге ийгилик каалап, 

________________ начальниги ________________________ (аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

 

 

 

 

 

 

Банк эмес финансы-кредит  

уюмдарынын жана 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө  

алынган башка юридикалык  

жактардын ишине инспектордук  

текшерүү жүргүзүү жөнүндө 

нускоого карата 3-тиркеме 

 

_______________________________ алмашуу бюросу/бюролору 

_______________________________(шаардын/областтын аталышы) 

 

 

Алмашуу бюросунун/бюролорунун ишин текшерүүгө 

ЖОЛДОМО 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алмашуу бюросу/бюролору тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын сакталышын текшерүү үчүн Улуттук банктын төмөнкү кызматкерлерин: 

... 

_____________________________________ алмашуу бюросун/бюролорун текшерүүгө жөнөтөт: 

 

Жолдомону колдонуу мөөнөтү: _______________________ 

  

 ________________ начальниги ________________________(аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

 

 

 

Банк эмес финансы-кредит  

уюмдарынын жана 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө  

алынган башка юридикалык  

жактардын ишине инспектордук  

текшерүү жүргүзүү жөнүндө 

нускоого карата 4-тиркеме 

 

 Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү жөнүндө 

АКТ 

 

_____________________________________________________________________________МФК/МКК/МКА, адистештирилген финансы мекемеси, ТСКК, Фонд, КС же кредиттик бюронун аталышы _____________________________________________________________________________ 

(дареги, телефону) 

  

_________________ 20___-жылдын ___- _________ 

үзүлгөн жери) 

Мен, ________________ № ________________ кызматтык күбөлүккө ээ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери __________________ (Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү) тарабынан ____________________ __________________________ 

(банк эмес уюмдун кызматкеринин аты-жөнү, кызматы) _______________________________________________ ишине текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү жөнүндө ушул акт түзүлдү

Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү төмөнкүлөрдөн көрүнөт: 

_________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

 

Ушуну менен Улуттук банктын кызматкерине текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгүнө байланыштуу, банк эмес уюмдун кызматкерине каршылык көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартыла тургандыгы тууралуу эскертүү берилди. 

Акт _______________________ (кызматы) ___________________________________ (Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү) тарабынан түзүлдү _________ (кол тамгасы). 

Таанышып чыктым: _______________ (кызматы) ________________ (банк эмес уюмдун кызматкеринин аты-жөнү) ____________ (кол тамгасы). 

Актынын экинчи нускасын алдым: _____________________ (банк эмес уюмдун кызматкеринин аты-жөнү) _______________ (кол тамгасы) 

 

  

 

 

Банк эмес финансы-кредит  

уюмдарынын жана 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө  

алынган башка юридикалык  

жактардын ишине инспектордук  

текшерүү жүргүзүү жөнүндө 

нускоого карата 5-тиркеме 

 

Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү жөнүндө 

АКТ 

 

_____________________________________________________________________________ 

(алмашуу бюросунун аталышы) 

_____________________________________________________________________________ 

(дареги, телефону) 

 

 _________________ 20___-жылдын ___- _________ 

үзүлгөн жери) 

Мен, _____________________ № ___________________ кызматтык күбөлүккө ээ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери ___________________________ (Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү) тарабынан _____________________________________________________________________________ (алмашуу бюросунун жетекчиси/алмашуу бюросунун атынан иш алып барууга ыйгарым укуктуу кызматкери) «_____________________________________» ишине, атап айтканда, _____________________________________________________________________________ 

___________________________________________________________текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү жөнүндө ушул акт түзүлдү

Улуттук банктын кызматкерине текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгүнө байланыштуу, алмашуу бюросунун жетекчисине/алмашуу бюросунун атынан иш алып барууга ыйгарым укуктуу кызматкерине алмашуу бюросун текшерүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартыла тургандыгы тууралуу эскертүү берилди. 

Эгерде бул актыга кол коюудан баш тартуу себеби көрсөтүлбөсө, анда «себебин (далилин) көрсөтүүсүз» деген белги коюлууга тийиш.*  

_________________________________________________________________________ 

Акт төмөнкүлөр тарабынан түзүлдү (Улуттук банктын кызматкерлери): 

1. _____________________________________________________________________________ 

2. _____________________________________________________________________________ 

3. _____________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү, кызматы, кол тамгасы) 

Таанышып чыктым: ______________________________________________________ 

(аты-жөнү, кызматы, кол тамгасы) 

Актынын экинчи нускасын алдым: __________________________________________ 

(аты-жөнү, кызматы, кол тамгасы) 

(*) Актыга кол коюудан баш тарткан учурда толтурулат. 

  

 

 

 

Банк эмес финансы-кредит  

уюмдарынын жана 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө  

алынган башка юридикалык  

жактардын ишине инспектордук  

текшерүү жүргүзүү жөнүндө 

нускоого карата 6-тиркеме 

 

Улуттук банктын 20____-жылдын  

___- ____________  

№ ________ 

катына тиркеме 

 

ТААНЫШУУ БАРАГЫ 

 

Биз, төмөндө кол койгон байкоо органынын мүчөлөрү/____________________ жана/же аткаруу органынын уюштуруучусу (уюштуруучулары) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын инспекторлору тарабынан 20____-жылдын ___- ________________ 20___-жылдын ___- _____ аралыгында 20____-жылдын ___- _______ карата абал боюнча «_______________________________» текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө бул отчеттун мазмуну менен жеке таанышып чыктык.  

 

Уюштуруучунун (уюштуруучулардын ) аты-жөнү (зарылдыгына жараша) 

Кол тамгасы 

Датасы 

Байкоо органынын мүчөлөрүнүн аты-жөнү  

Кол тамгасы 

Датасы 

Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн аты-жөнү 

Кол тамгасы 

Датасы 

 

Бул баракка кол коюудан баш тарткан учурда, ал боюнча акт түзүлөт, же үч адамдын катышуусу менен бул документтеги маалыматтар аткаруу органына жеткирилгендиги тууралуу документте аты-жөнүн, паспорттогу маалыматтарын көрсөтүү менен алардын колу коюлат. 

Эскертүү: Бул бетке байкоо органынын/аткаруу органынын ар бир мүчөсү (же анын милдетин аткаруучу адам) жана/же катышуучусу (катышуучулар) тарабынан кол коюлуп, бул отчетту алган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде көзөмөл органына/областтык башкармалыктын көзөмөл органына кайтарылып берилүүгө тийиш. Байкоо органынын/аткаруу органынын мүчөсүнүн жана/же катышуучусунун (катышуучулар) колу коюлган таанышуу барагынын экинчи нускасы текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндо отчет менен бирге банк эмес уюмда сакталууга тийиш.