Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 15-июнундагы 

№ 2017-П-12/25-10-(НФКУ) токтомуна 

тиркеме 

 

Адистештирилген финансы-кредит уюму "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө 

ЖОБО 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/9-7-(НФКО), 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-12\39-1-(НПА), 2021-жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА), 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул жобо адистештирилген финансы-кредит уюму "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомун (мындан ары - Компания) лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу тартибин аныктайт, ошондой эле кызмат адамдарына жана аларды макулдашуу тартибине, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу, уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча коюлган талаптарды камтыйт.  

2. Компания өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн "Банктар жана банк иши жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясын (мындан ары текст боюнча - лицензия (1-тиркеме) Улуттук банктан алууга милдеттүү.  

Айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензиянын ажыратылгыс бөлүгү болуп уруксат берилген банктык операциялардын тизмеги саналат (2-тиркеме). Улуттук банк уруксат берилген банктык операциялардын тизмегин Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык аныктайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан кредиттик союздар Компаниянын акционери боло алат.  

4. Компания, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен бул операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыра алат:  

1) кредиттик союздарга кредиттерди сунуштоо;  

2) кредиттик союздардын катышуучуларына кредиттик союздардын талабы жана алардын милдеттүү түрдө катышуусу менен (үчүнчү тарап катары) кредиттерди сунуштоо;  

3) финансы-кредит уюмдарынан акча каражаттарын тартуу;  

4) үчүнчү жактардан милдеттенмелерин акчалай түрүндө (факторинг) аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу;  

5) кредиттик союздардан аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуу;  

6) кредиттик союздардын эсебин ачуу жана жүргүзүү;  

7) кредиттик союздардын тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу жана аларды кассалык тейлөө;  

8) кредиттик союздар үчүн системанын оператору катары акча которуу боюнча операцияларды жүргүзүү.  

5. Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта Компания, Улуттук банк тарабынан коюлган чектөөлөрдү эске алуу менен "ислам терезеси" аркылуу кредиттик союздар менен ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча төмөнкү банктык операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1) кредиттик союздарга каржылоо сунуштоо;  

2) кредиттик союздардын катышуучуларына каржылоону кредиттик союздардын талабы жана алардын милдеттүү түрдө катышуусу менен (үчүнчү тарап катары) сунуштоо;  

3) финансы-кредит уюмдарынан акча каражаттарын тартуу;  

4) кредиттик союздардан аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуу;  

5) кредиттик союздардын эсебин ачуу жана жүргүзүү;  

6) кредиттик союздардын тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу жана аларды кассалык тейлөө;  

7) кредиттик союздар үчүн системанын оператору катары акча которуу боюнча операцияларды жүргүзүү.  

6. Компания ушул Жобонун 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн бардык же айрым операцияларды чет өлкө валютасында ишке ашыра алат.  

7. Компания, ушул Жобонун 4 жана 5-пункттарында келтирилген айрым банктык операциялардан тышкары, төмөнкү бүтүмдөрдү келишүүгө укуктуу:  

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабына ылайык, Компания алдында алардын милдеттенмелеринин ордун жабуу үчүн күрөө коюучулардын күрөөлүк мүлкүн алып коюуга жана сатып өткөрүүгө;  

2) айрым банктык операцияларга байланыштуу консультация жана маалыматтарды берүү кызматтарын сунуштоо;  

3) кредиттик союздун финансылык ижара операциясына милдеттүү түрдө катышуусу шартында, кредиттик союздар жана алардын катышуучулары менен финансылык ижара (лизинг) боюнча операциялар.  

8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды эске албаганда, Компаниянын ишине байланыштуу маселелерди чечүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кандай формада болбосун кийлигишүүсүнө тыюу салынат.  

9. Компаниянын акционерлери акцияларды кошумча чыгарган (эмиссия кылган) учурунда номиналдык баадан төмөн болгон баада акцияларды сатып алуусуна тыюу салынат.  

10. Жайгашкан жеринде акча-буюм утуштарын өткөрүп же аларды жарнамалоону, акча-буюм утуштарын уюштурууну жана өткөрүүнү кошо алганда бардык "оюн-зоок" иш-чараларына катышууга Компанияга тыюу салынат.  

11. Компаниянын ушул Жобого ылайык, Улуттук банкка берилген, бир нече барактан турган документтери боюнча опись түзүлүп, алар көктөлүп, номер коюлуп, аларга ыйгарым укуктуу адам кол коюуга тийиш. Акционерлердин кол тамгалары юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталат.  

Чет тилде берилген документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилге которулууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте тастыкталууга тийиш.  

11-1. Компания, жеке адамдар жана юридикалык жактар, ушул Жободо каралган документтер менен бирге Жобонун 9-тиркемесине ылайык, жеке маалыматтары Улуттук банкка берилүүгө тийиш болгон адамдардын ошол жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун кошо берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Улуттук банк Компания ыйгарым укуктуу органдарда каттоого/кайра каттоого макулдук алууда, кызмат адамдарын макулдашууда, лицензия алууда/уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксат алууда/лицензиядагы чектөөнү (уруксат болгон банктык операциялардын тизмегинде көрсөтүлгөн) алууда, филиал/өкүлчүлүктөрдү ачууга макулдук алууда кошумча документтерди Компаниядан талап кылууга укуктуу.  

13. Эгерде Улуттук банкка тапшырылган документтер Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга жооп бербесе, кароо мөөнөтү коюлган талаптарга жооп берген документтерди Улуттук банкка тапшырган убактан тартып эсептелип баштайт.  

14. Ушул Жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер же чечимдер жөнүндө маалыматтар кат түрүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде, ушул Жободо башка мөөнөттөр көрсөтүлбөгөн шартта, Компанияга маалымдалат.  

Ушул Жобонун алкагында кабыл алынган Улуттук банктын актылары (лицензиялар, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл комитетинин токтомдору эске алынбаганда) Улуттук банктын мөөрү менен тастыктоону талап кылбайт.  

2-глава. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууда/уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксат алууда/лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга уруксат алуу үчүн Улуттук банкка тапшырылуучу документтер 

15. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууга/уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксат алууга/лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга уруксат алуу үчүн Компания Улуттук банкка төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:  

1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууга/уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксат алууга/лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алуу жөнүндө өтүнүч кат (3-тиркеме); 

2) Компаниянын акционерлеринин жалпы жыйынынын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууга/уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксат алууга/лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алуу жөнүндө чечимин камтыган протоколу (эки нускада);  

3) Компания ишке ашырууга ниеттенип жаткан операциялар жөнүндө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү камтыган Компаниянын уставынын эки нускасы (эгерде бул операциялар колдонуудагы уставдын редакциясында камтылбаса);  

4) Компания ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды, уруксат берилүүчү же лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алып салууда ишке ашырылуучу банктык операцияларды жүргүзүүдө экономикалык негиздүүлүгүн камтыган бизнес-пландын эки нускасы;  

5) Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды, уруксат берилүүчү же лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алып салууда ишке ашырылуучу банктык операцияларды жүргүзүүнү эске алуу менен иштелип чыккан, Компаниянын Директорлор кеңеши менен бекитилген, Компаниянын кредиттик саясаты, операциялык саясаты жана башка Компаниянын негизги саясаттары;  

6) Компаниянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген анын уюштуруу түзүмү;  

7) Компаниянын атайы каралган жайларынын (нак акча каражаттары менен операцияларды ишке ашырууда) техникалык жактан жабдылышы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келиши тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын колу коюлуп, мөөрү басылган корутундусу;  

8) Компаниянын акционерлеринин талаптагыдай тариздетилинген реестри. Кийинчерээк, акционерлердин курамында өзгөрүүлөр орун алган шартта, Компаниянын акционерлеринин реестрине өзгөртүү киргизилген учурдан кийинки беш жумуш күн аралыгында бул өзгөрүүлөр тууралуу талаптагыдай толтурулган реестр кагаз жүзүндө Улуттук банкка берилет;  

9) лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;  

10) Улуттук банкка тапшырылуучу жылдык аудитордук корутундуну эске албаганда, акыркы отчеттук текшерүү мезгилине карата Компаниянын ишин текшерүү тууралуу аудитордук уюмунун корутундусу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/9-7-(НФКО) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Улуттук банк ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин толук топтомун алган учурдан тартып отуз жумуш күн ичинде карайт жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны берүү/уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксатты берүүнү/лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алып салуу же баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат. 

17. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны берүү/уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксатты берүү/лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга уруксат берүү тууралуу чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат. 

18. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны берүү тууралуу Улуттук банк Башкармасы оң чечим кабыл алган шартта тиешелүү лицензия Компанияга беш жумуш күн ичинде берилет (4-тиркеме). 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиянын ажыратылгыс бөлүгү болуп уруксат берилген банктык операциялардын тизмеги саналат (5-тиркеме).  

19. Улуттук банк Башкармасы тарабынан Уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүү/лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга уруксат берүү тууралуу оң чечим кабыл алынган учурда беш жумуш күн ичинде Компаниянын лицензиясына карата берилген уруксат берилген банктык операциялардын тизмеги кайрадан тариздетилет. 

3-глава. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүүдөн/уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксат берүүдөн/лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга уруксат берүүдөн баш тартуунун негиздери 

20. Улуттук банк төмөндө келтирилген себептер боюнча Компанияга ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны/уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксатты/лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга уруксат берүүдөн баш тартышы мүмкүн:  

1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны/уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксатты/лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга тапшырылган Компаниянын уюштуруу жана башка документтеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеши;  

2) документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген көлөмдө берилбесе;  

3) Компаниянын кызмат адамдары Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келбеши;  

4) минималдуу уставдык капиталынын өлчөмүнүн, түзүмүнүн, булактарынын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келбеши;  

5) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны/уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксатты/лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга тапшырылган документтерде такталбаган маалыматтар камтылган шартта;  

6) лицензия алуу үчүн мамлекеттик алым төлөнбөсө;  

7) Компанияга ишкердиктин ушул түрүн жүргүзүүсүнө тыюу салган соттун чечими болсо;  

8) Компанияга карата колдонулган Улуттук банктын (кабыл алынган жана аткарылган эскертүүлөрдөн, буйруктардан жана сунуш-көрсөтмөлөрүнөн тышкары) таасир этүү чаралары болгон шартта (бир календардык жыл ичинде эки же андан көп болгон учурда);  

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер болсо.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/9-7-(НФКО) токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Компания төмөндөгүлөр орун алган шартта, кредиттик союздардан аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө уруксат алууга же кредиттик союздардан аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуу боюнча операцияларды чектөөнү алып салууга укугу жок:  

1) төлөөгө жөндөмсүз (банкрот) деп таанылса жана жоюлууга же өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болсо;  

2) ага карата Улуттук банк эскертүү чараларын колдонсо, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик актыларынын талабын дайыма бузууга жол берип келгендиги орун алса;  

3) Улуттук банктын Компаниянын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе.  

22. Улуттук банк ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны/уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксатты/лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга уруксат берүүдөн баш тартуунун негиздери тууралуу Компанияга кат жүзүндө билдирет.  

4-глава. Кызмат адамдарына карата талаптар жана аларды макулдашуу тартиби 

23. Талапкерлиги Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашылуучу Компаниянын кызмат адамдары болуп Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Аудит боюнча комитеттин төрагасы, ички аудит кызматынын жетекчиси (түзүмдүк бөлүм жок болгон шартта - ички аудитор), кредиттик/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн ("ислам терезеси") жетекчиси, башкы бухгалтер, комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси саналат.  

Өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча жогорудагы кызмат адамдарына теңдештирилген, кайсы болбосун кызмат адамдары да Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. 

24. Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн Компаниянын кызмат адамдары Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.  

25. Компаниянын Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Аудит боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуларына талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берүүсү зарыл:  

1) жогорку билимге ээ болуу;  

2) финансы-кредит системасында кеминде бир жыл иш тажрыйбасы;  

3) кредиттик союздар жөнүндө мыйзамды кошо алганда, банк мыйзамдары жана корпоративдик башкаруу жагында жана бул чөйрөдө билим алгандыгы тууралуу сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган билим деңгээлинин болушу;  

4) Аудит боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна талапкер финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин эл аралык стандарттары тармагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралуу аталган багыттар боюнча окуудан өткөндүгү жөнүндө билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын / лицензиясын алган уюмдан алынган сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган билимге ээ болушу милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

26. Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, башкы бухгалтердин, ички аудит кызматынын жетекчиси (түзүмдүк бөлүм жок болгон шартта ички аудитор), кредиттөө/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, ислам банк иши жана каржылоо принциптери («ислам терезеси») боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билимге ээ болушу;  

2) финансы-кредит уюмдарынын ишин, тобокелдикти тескөөнү жана корпоративдик башкарууну жөнгө салган мыйзамдардын кредиттик союздардын ишине тиешелүү маселелери боюнча сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган билимге ээ болушу; 

3) төмөнкү иш тажрыйбасынын болушу:  

а) Башкарманын төрагасынын кызмат ордуна талапкер финансы-кредит системасында кеминде үч жыл, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда кеминде бир жыл;  

б) Башкарма мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкер финансы-кредит системасында кеминде эки жыл;  

в) башкы бухгалтер кызмат ордуна талапкер финансы-кредит системасында бухгалтер катары кеминде бир жыл;  

г) ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордуна талапкер финансы-кредит системасында кеминде үч жыл, анын бир жылы ички аудитордук кызматтын жетекчиси же аудитор катары;  

д) кредиттөө/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык операцияларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн («ислам терезеси») жетекчиси кызмат ордуна талапкер финансы-кредит системасында кеминде бир жыл тиешелүүлүгүнө жараша кредиттөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн же ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн («ислам терезеси») жетекчиси катары;  

е) комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси кызмат ордуна талапкер финансы-кредит системасында комплаенс-офицер катары кеминде бир жыл;  

4) башкы бухгалтер кызмат ордуна талапкер билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын / лицензиясын алган уюмдан алынган тиешелүү сертификаттар менен тастыкталган бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жагында билимге ээ болуусу зарыл;  

5) Ички аудит кызматынын жетекчиси - билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын / лицензиясын алган уюмдан алынган тиешелүү сертификаттар жана башка документтер менен тастыкталган аудиттин эл аралык стандарттары жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билимге, билүү менен аны ишинде колдонуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга; 

6) Компаниянын Башкармасынын төрагасы кызмат ордуна талапкер дайындалганга чейинки акыркы үч жыл ичинде кредиттик союздун катышуучусу же кредиттик союздун кызмат адамы болбоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

27. Компаниянын Директорлор кеңеши беш мүчөдөн кем эмес так санда болууга тийиш.  

Компаниянын Башкармасы үч мүчөдөн кем эмес болууга тийиш.  

28. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Компаниянын акционерлеринин жалпы жыйынында төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Компаниянын уставы бир эле адам шайланган мөөнөттөрдүн санын чектей алат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

29. Компаниянын Директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бири Директорлор кеңешинин көз карандысыз болууга тийиш.  

Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү - бул шайлоо учуруна карата:  

1) акыркы беш жыл аралыгында Компаниянын кызматкери болбогон же Компания менен байланыштагы кайсы болбосун юридикалык жактын кызматкери болуп иштебеген;  

2) акыркы беш жыл аралыгында Компаниянын Башкармасынын мүчөсү болбогон жана болуп көрбөгөн же болбосо Компания менен байланыштагы юридикалык жактардын Башкармасынын мүчөсү болбогон;  

3) Директорлор кеңешинин жыйынына катышууга байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү кошпогондо, Компаниядан же Компанияга байланышкан жактардан же алардын атынан акыркы беш жыл ичинде тике же кыйыр түрдө эч кандай олуттуу кошумча сый акы, компенсацияларды, жөлөкпулдарды же ыктыярдуу жардамдарды албаган жак.  

Жобонун ушул пунктунун алкагында олуттуу кошумча сый акы, компенсациялар, жөлөкпулдар же ыктыярдуу жардамдар деп акыркы беш жыл ичинде чогуу алганда өлчөмү жүз миң сомдон ашкан кошумча сый акы, компенсациялар, жөлөкпулдар же ыктыярдуу жардамдар эсептелет; 

4) Компания же Компания менен байланыштыгы бар кайсы жак болбосун акыркы беш жыл аралыгында түздөн-түз же өнөктөш катары олуттуу ишкердик байланышка (насыя берүүнү жана алууну кошо алганда) ээ болбогон.  

Эгерде, Компания менен же/жана Компания менен чогуу кызыкчылыгы бар башка юридикалык жак менен болгон коммерциялык, ишкердик жана финансылык катнаштар кандайдыр бир түрдө ушул жактын Компаниянын кызыкчылыгы үчүн объективдүү чечим кабыл алуусуна таасир берсе Компания же Компания менен байланыштагы бир кайсы жак менен олуттуу ишкердик байланыш болуп саналат. Мында, Директорлор кеңешинин мүчөсү төмөнкүлөргө тийиш эмес:  

а) чогуу алгандагы карызы Компаниянын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 5% ашкан учурда Компаниянын карыз алуучусунан болууга;  

б) Компаниянын карыз алуучусу болгон юридикалык жактын аткаруу (байкоо) органын мүчөсү болууга;  

в) Компания менен жалпы кызыкчылыкка ээ бир же андан көп юридикалык жактарды контролдоо жана/же Улуттук банктын кредиттөө боюнча критерийлерине ылайык, Компания же Компания менен жалпы кызыкчылыкка ээ юридикалык жактардын жалпы карызы катары кароого мүмкүн болгон;  

г) Компаниянын өздүк капиталынын өлчөмүнөн 5% ашкан өлчөмдө Компанияга товарларды сатса жана кызмат көрсөтсө;  

5) Компаниянын же Компания менен байланыштуу кайсы болбосун жактардын акыркы беш жыл ичинде өнөктөшү же кызматкери болуп саналбаган;  

6) Компаниянын ишине олуттуу катышууну же контролдоону ишке ашырбаган жана Компаниянын ишине олуттуу катышууну же Компаниянын үстүнөн контролду ишке ашыруучу акционердин атынан иш алып барбаган;  

7) акыркы төрт жыл ичинде Компаниянын Директорлор кеңешинин курамына кирбеген;  

8) ушул пунктун 1-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн жактар менен жакын туугандык мамиледе болбогон адам. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

30. Эгерде Компания ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүргүзсө, Компаниянын Директорлор кеңешинин бир мүчөсү ушул Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга кошумча ислам банк иши жана каржылоо принциптери чөйрөсүндө билим деңгээлинин болгондугун тастыктаган сертификаты жана/же башка документи болуусу милдеттүү.  

31. Эгерде Компания ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүргүзсө, Компаниянын Башкармасынын бир мүчөсү, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, башкы бухгалтер ушул Жобонун 26-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга кошумча билим деңгээлинин болуусу милдеттүү:  

а) Башкарманын мүчөсү, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси - ислам банк иши жана каржылоо принциптери чөйрөсүндө билим деңгээлинин болгондугун тастыктаган сертификаты жана/же башка документи болуусу зарыл;  

б) башкы бухгалтер - ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алууну жана аудитти уюштуруу жагында билиминин бар экендигин тастыктаган сертификатка жана/же башка документке, же операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде "ислам терезеси" аркылуу жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмунда бухгалтер катары кеминде 1 (бир) жылдык иш тажрыйбага ээ болууга тийиш.  

32. Компания "ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда, Компанияда кеминде 3 (үч) мүчөдөн турган, 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланган Шариат кеңеши милдеттүү түрдө болууга тийиш. Шариат кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Шариат кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүсү зарыл. Көз карандысыздык критерийлери банк мыйзамдарында аныкталат. Шариат кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.  

Компанияда Шариат кеңеши жок болгон учурда, Компания кредиттик союздардын жана/же микрофинансылык уюмдардын ассоциациялары (бирикмелери) тарабынан түзүлгөн Шариат кеңешинин мүчөлөрү ушул Жободо белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келген шартта, ошол Шариат кеңешинин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-12\39-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

32-1. Шариат кеңешинин мүчөлөрү бир коммерциялык банктын жана эки банк эмес финансы-кредит уюмдун Шариат кеңешинин мүчөсү боло алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

33. Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) Шариат кеңешинин мүчөлөрү үчүн - жогорку билими жөнүндө дипломунун болушу; төрагасы үчүн - укук жана/же финансылык иш боюнча Шариат жагында жогорку билими жөнүндө дипломунун болушу;  

2) Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзамдар чөйрөсүндө билими болууга;  

3) Шариат кеңешинин мүчөлөрү үчүн - алардын ислам банк иши жана каржылоо принциптери жагында окуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификатынын жана/же башка документтердин болушу.  

Шариат кеңешинин Төрагасы ушул пункттун талаптарына кошумча операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банкта же башка финансы-кредит уюмда кеминде бир жылдык иш тажрыйбасына ээ болууга, же ислам банк иши жана каржылоо принциптерин окутуу же изилдөө чөйрөсүндө кеминде 4 (төрт) жылдык тажрыйбага ээ (илимий иштерге, макалаларга, баяндамаларга жана башкаларга) болууга.  

34. Компания ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдарын шайлаган/дайындаган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде Улуттук банкка кызмат адамдарынын курамында өзгөртүүлөр болгондугу тууралуу билдирме жиберүүгө милдеттүү.  

35. Компания, талапкерди шайланган/дайындаган учурдан он жумуш күнү ичинде, ал эми резидент эмес талапкерди шайланган/дайындаган шартта кийинки 30 календардык күн ичинде төмөнкү документтерди тиркөө менен талапкерлерди макулдашуу жөнүндөгү катты/өтүнүч катты Улуттук банкка берүүгө милдеттүү:  

1) талапкерди шайлоо/дайындоо жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укук чегерилген Компаниянын башкаруу органынын отурумунан толтурулган протоколдун же дайындоо тууралуу буйруктун (токтомдун, буйруунун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;  

2) 6-тиркеменин формасы боюнча толтурулган анкета;  

3) Директорлор кеңешинин жана Башкарманын төрагасы, башкы бухгалтер кызмат ордуларына талапкерлер кошумча финансы-кредит чөйрөсүндө иштеген же иштеп жаткан адамдардан экиден кем эмес сунуш-көрсөтмө тапшырышат (Улуттук банктын кызматкерлеринен, талапкердин жакын туугандарынан, Компаниянын жетекчилигинен жана кызматкерлеринен сунуш-көрсөтмө тапшырууга уруксат берилбейт);  

4) тиешелүү негизде тариздетилген жана күбөлөндүрүлгөн функционалдык милдеттердин тизмеси;  

5) талапкерлердин ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп берүүсүн тастыктаган документтер.  

36. Эгерде ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары жумуштан бошотулганда же өз ыктыяры менен жумуштан бошогон учурда, Компания чечим кабыл алган күндөн тартып бир жумуш күн ичинде бошотуунун себептерин көрсөтүү менен Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.  

37. Улуттук банк берилген документтерди анын толуктугун, анкеталарды толтуруунун аныктыгын жана талапкердин белгиленген талаптарга ылайыктуулугун ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык келишин тапшырылгандан тартып отуз жумуш күн ичинде карайт.  

38. Эгерде тапшырылган документтер белгиленген талаптарга ылайык келбеген шартта жана/же документтер толук өлчөмдө берилбесе, алар кайра иштеп чыгууга кайтарылат. Документтерди кароо мөөнөтү белгиленген талаптарды канааттандырган документтерди алган күндөн тартып башталат.  

39. Директорлор кеңешинин төрагасы, Башкарманын төрагасы, Аудит боюнча комитеттин төрагасы, башкы бухгалтер жана ички аудит кызматынын жетекчиси (түзүмдүк бөлүм жок болгон шартта ички аудитор) кызмат ордуларына талапкерлерди макулдашуу/андан баш тартуу тууралуу чечимди Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети кабыл алат.  

40. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Башкарманын мүчөлөрү, Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кызмат ордуларына талапкерлерди макулдашуу/андан баш тартуу тууралуу чечимди Улуттук банктын көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз тескөөгө алган Төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү кабыл алат.  

41. Кредиттөө/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ("ислам терезеси" аркылуу) операцияларды ишке ашырган түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси кызмат ордуларына талапкерлерди макулдашуу/андан баш тартуу тууралуу чечимди Компанияны лицензиялоо боюнча жооптуу Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү кабыл алат.  

42. Талапкерлерди карап чыгууда Улуттук банктын инспектордук текшерүүлөрүнүн, ошондой эле талапкерге карата кайсы болбосун мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар эске алынышы мүмкүн.  

Улуттук банк тарабынан сунушталган талапкерди макулдашуу/макулдашуудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күн ичинде Компанияга жөнөтүлөт.  

42-1. Ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлерди кароонун алкагында Улуттук банк талапкерлерди баарлашууга чакыра алат. Баарлашуунун жыйынтыгы протокол менен таризделет, ага Улуттук банктын өкүлдөрү кол тамга коет жана ал талапкерге макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиз катары колдонулушу мүмкүн. Баарлашууну жүргүзүүдө аудио жана видео жаздыруу каражаттары пайдаланылышы мүмкүн.  

Баарлашуунун жүрүшүндө талапкерге анын банк мыйзамдары, Компаниянын иши жөнүндө билимине баа берүү үчүн суроолор, ошондой эле талапкерди кызмат ордуна макулдашуу процессине тиешелүү кандай болбосун башка суроолор, анын ичинде, бирок булар менен гана чектелбестен, талапкердин иш аброю, анын мурдагы иши, ишк боюнча жана туугандык байланыштарына тиешелүү суроолор берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

43. Компанияда ошол эле кызматка жаңы мөөнөткө шайланган директорлор кеңешинин жана Башкарманын төрагалары жана мүчөлөрү Улуттук банк менен макулдашылбайт. 

Компанияда тиешелүүлүгүнө жараша директорлор кеңешинин жана Башкарманын мүчөсү кызматына жаңы мөөнөткө кайра шайланган директорлор кеңешинин жана Башкарманын төрагалары Улуттук банк менен макулдашуудан өтпөйт. 

Ошол эле учурда кайра шайланган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайра шайлоо жөнүндө билдирүү жөнөтүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

44. Улуттук банк ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлерди (мындан ары - талапкерлер) макулдашуудан баш тарта алат, эгерде:  

1) талапкерлерге карата соттун чечими менен талапкерлердин финансы-кредит системасында иштөөсүнө тыюу салган айыптоочу өкүм чыгарылган болсо;  

2) талапкерлерге карата экономика чөйрөсүндө жана/же кызматтык иш боюнча кылмыштуулукка жол бергендиги үчүн айыптоочу өкүм чыгарылган болсо;  

3) эгерде талапкерлер иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган (жөнгө салынган) банктын жана/же финансы-кредит уюмунун кызмат адамы болсо жана натыйжада банктын жана/же финансы-кредит уюмунун лицензиясы (күбөлүгү) кайтарылып алынган аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар деп тааныган Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими, Улуттук банктын жазма буйруктары жана башка актылары болсо;  

4) анык эмес жана/же атайы бурмаланган маалымат тапшырылса;  

5) талапкер банк мыйзамдарына ылайык кынтыксыз кызматтык аброюна ээ болбогон же аброюн жоготкон катары эсептелсе;  

6) талапкерлер «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын жана ушул Жобонун талаптарына жооп бербесе. 

7) Улуттук банктын баа берүүсү боюнча финансы-кредит уюмдарында же атаандаштык рынокторунда иш жүргүзгөн уюмдарда кызмат ордун ээлеген талапкерди Компанияга кызматка дайындоо кызыкчылыктардын кагылышына алып келсе. 

Кызыкчылыктардын кагылышына баа берүүдө Улуттук банк төмөнкүлөрдү эске алат: 

- калктын аманаттарынын сакталышына карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- мамлекеттик катышуусу бар уюмдардын туруктуулугуна карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- мамлекетке же мамлекеттин кепилдиги алдында карызы бар финансы-кредит уюмдарынын туруктуулугуна карата мүмкүн болуучу тобокелдиктерди; 

- талапкер иштеген уюмдардын пикирин; 

8) Улуттук банк тарабынан талапкердин кызмат ордуна ылайыктуулугун аныктоонун алкагында талап кылынган документтерди суроо-талап (суроо-талаптын электрондук версиясы) түшкөн күндөн тартып 10 (он) күн ичинде бербесе; 

9) талапкер иштөөнү болжолдогон чөйрөгө тиешелүү билими жетишсиз экендигин тастыктаган баарлашуунун алгылыксыз жыйынтыгы;  

10) талапкер жүйөлүү себептерсиз баарлашууга экиден көп жолу келбей койсо (оору, алыскы аймактарда иш сапарында болуу, өлкөдө жок болуу ж.б.). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

44-1. Төмөнкү пункттарда белгиленген фактылар аныкталган учурда, талапкер ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок:  

- ушул Жобонун 44-пунктунун 2-пунктчасында соттолгондугу алынып салынган же жоюлган күндөн тартып 7 (жети) жыл ичинде;  

- ушул Жобонун 44-пунктунун 3-пунктчасында тиешелүү чечим күчүнө кирген күндөн тартып 7 (жети) жыл ичинде;  

- ушул Жобонун 44-пунктунун 4-пунктчасында бузуу фактысы аныкталган күндөн тартып 1 (бир) жыл ичинде; 

- ушул Жобонун 44-пунктунун 5-пунктчасында талапкердин алгылыксыз иш аброюн күбөлөндүргөн аракеттерди (аракеттенбей коюуларды) жасоо фактысын аныктаган чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жыл ичинде. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

45. Улуттук банк Компаниянын кызмат адамын макулдашуудан баш тарткандыгы жөнүндө кат алган күндөн тартып он жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө бул адам ээлеген кызматынан бошотулууга милдеттүү.  

46. Компания же талапкер тарабынан анык эмес жана/же атайы бурмаланган маалымат тапшырган фактысы белгиленген учурда Улуттук банк макулдашуудан баш тартууга, эгерде талапкер макулдашылган болсо кызмат адамын алмашууну талап кылууга укуктуу.  

47. Ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын анкетасында (6-тиркеме) көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн шартта, өзгөрүүлөр болгон учурдан тартып он күн ичинде ал тууралуу Улуттук банкка жазуу түрүндө жаңы анкетаны кошо тиркөө менен билдирүүгө милдеттүү.  

48. Улуттук банк эгерде талапкерди макулдашуу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин ушул Жобонун 44-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер кийин пайда болгон шартта Компаниянын кызмат адамдарын алмаштырууну талап кылууга укуктуу.  

5-глава. Филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу тартиби  

49. Компания ишин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Компаниянын уставына ылайык жүзөгө ашырган филиалдардын жана өкүлчүлүктөрүнө ээ болуп, ача алат.  

Филиалдар жана өкүлчүлүктөр тууралуу (анын ичинде жайгашуусу жөнүндө) маалыматтар Компаниянын уставында камтылышы зарыл.  

50. Компания жайгашкан жерден тышкары жайгашкан, юридикалык жак болуп саналбаган, филиал жөнүндө жобонун негизинде операциялардын бардыгын жана/же анын бөлүгүн ишке ашырган, Компания чегерген ыйгарым укуктардын чегинде иштеген обочолонгон бөлүм, Компаниянын филиалы болуп саналат. Компаниянын филиалы жөнүндө маалымат (анын жайгашкан жери) уставда көрсөтүлүүгө тийиш. Филиалга уставдык капиталдан бөлүнүп берилбейт, ал Компания менен биргеликте бирдиктүү баланска, Компаниянын аталышына толук төп келген, "филиал" деген сөз кошулган аталышка ээ болот.  

51. Юридикалык жак болуп саналбаган, Компаниянын таламында иш алып барган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктык лицензия алуу үчүн талап кылынган, депозиттерди кабыл алууну, микрокредиттерди берүүнү жана башка операцияларды жүзөгө ашырууну эске албаганда, өкүлчүлүк жөнүндө жобонун негизинде укук чегиндеги башка аракеттерди ишке ашырган обочолонгон бөлүм. Өкүлчүлүккө уставдык капиталдан бөлүнүп берилбейт, ал Компания менен биргеликте бирдиктүү баланска, Компаниянын аталышына толук төп келген, "өкүлчүлүк" деген сөз кошулган аталышка ээ болот.  

52. Филиалдын/өкүлчүлүктүн жетекчилиги Компаниянын ыйгарым укуктуу орган тарабынан дайындалып, белгиленген тартипте берилген ишеним каттын негизинде иш алып барат. Ишеним катта Компаниянын атынан филиалдын/өкүлчүлүктүн жетекчилиги ишке ашырууга ыйгарым укуктуу болгон операциялардын/бүтүмдөрдүн жана башка аракеттердин тизмеги чагылдырылууга тийиш.  

53. Филиал/өкүлчүлүк ачууга макулдук алуу үчүн Компания төмөнкү документтерди Улуттук банкка бериши зарыл:  

1) Филиал/өкүлчүлүк ачууга өтүнүч кат (7-8-тиркеме);  

2) филиалды/өкүлчүлүктү ачуу үчүн Компаниянын ыйгарым укуктуу органынын чечими жана Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

3) кеминде филиалды/өкүлчүлүктү ачуу максаттары, филиалга чегерилген банк операцияларынын тизмеси, пландаштырылып жаткан операциялардын масштабы жана мүнөзү, филиалдын/өкүлчүлүктүн жетекчисинин ыйгарым укуктары жана милдеттери көрсөтүлүүгө тийиш болгон филиал/өкүлчүлүк жөнүндө жобо жана анын (Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөсү;  

4) филиал/өкүлчүлүктүн жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасынын көчүрмөсү;  

5) жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болгон операцияларды жана бүтүмдөрдү көрсөтүү менен филиалдын/өкүлчүлүктүн жетекчисине берилген, Компаниянын жетекчиси тарабынан кол коюлган жана Компаниянын мөөрү менен бекитилген ишеним кат (Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү)  

54. Улуттук банк ушул Жобонун жана Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларында белгиленген талаптарга жооп берген документтерди тапшырган күндөн тартып он беш күн ичинде Компаниянын филиал/өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу өтүнүч катын карайт.  

55. Карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча, эгерде тапшырылган документтер белгиленген талаптарга жооп берсе, Улуттук банк Компаниянын филиалын/өкүлчүлүгүн мамлекеттик каттоого ушул Жобонун 53-пунктунун 2 жана 3-пункчаларында көрсөтүлгөн документтердин бир түп нускасын кошо тиркөө менен макулдук катын берет.  

56. Компаниянын филиал/өкүлчүлүгү мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин он календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада кошо тиркөө менен билдирме-катты тапшырат:  

1) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү белгиси коюлган филиал/өкүлчүлүк жөнүндө жобонун Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

2) филиалдын/өкүлчүлүктүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

57. Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү Компания ушул Жобонун 56-пунктунда көрсөтүлгөн билдирмени жана документтерди тапшырган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш:  

1) Компаниянын филиалдарынын/өкүлчүлүктөрүнүн реестрине жазуу киргизет;  

2) Компаниянын филиалдарынын/өкүлчүлүктөрүнүн реестрине жазуу киргизгендиги тууралуу Компаниянын дарегине кат жөнөтөт.  

58. Компания филиал/өкүлчүлүктүн ишин токтоткон мөөнөттөн тартып он күн ичинде тиешелүү чечимде көрсөтүлгөн шартта, Улуттук банкка Компаниянын мөөрү менен тастыкталган документтерди кошо тиркөө менен филиал/өкүлчүлүктү жабуу тууралуу билдирме кат жөнөтөт (9-10-тиркеме): 

1) Компаниянын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиалды/өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү

2) юридикалык жактарды каттоону жүргүзгөн мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлгөн филиалдын/өкүлчүлүктүн ишин токтотуу тууралуу каттоо жөнүндө өтүнүч катынын көчүрмөсү

Компаниянын филиалын/өкүлчүлүгүн жабууга байланыштуу Компаниянын уставына өзгөртүүлөрдү же/жана толуктоолорду киргизүү уставга кезектеги өзгөртүүлөрдү же/жана толуктоолорду киргизүүдө жүргүзүлөт.  

59. Компаниянын филиалын/өкүлчүлүгүн ишин токтотууну мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин 10 жумуш күн ичинде юридикалык жактарды каттоону жүргүзгөн мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын филиалын/өкүлчүлүгүн ишин токтотууну мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу документтин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка билдирме кат жөнөтөт.  

6-глава. Уставга өзгөртүүлөрдү же/жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби  

60. Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизилген учурда Компания Улуттук банктан кат түрүндө макулдук алууга тийиш.  

61. Компаниянын аталышынын, уставдык капиталынын өлчөмүнүн, ошондой эле Компаниянын ишине контролдоо жана башкарууга таасир этүүчү акционерлер курамындагы өзгөртүүлөр, Компанияны кайра түзүү, Компаниянын жайгашкан жерин өзгөртүү, филиалдарды же/жана өкүлчүлүктөрдү каттоо/кайра каттоо Улуттук банктын алдан ала макулдашуусу менен ишке ашырылат.  

62. Компания анын уставына киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.  

63. Компания акционерлердин жалпы жыйынын өткөргөн күндөн тартып бир ай ичинде, акционерлердин жалпы жыйынын күн тартибинин ар бир маселеси боюнча чечимдери менен көз карандысыз каттоочу тарабынан күбөлөндүрүлгөн протоколду Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

64. Улуттук банктын Компаниянын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө кат түрүндөгү макулдугу Компания тарабынан тиешелүү түрдө тариздетилген документтер менен кошо тапшырылган өтүнүч каты келип түшкөн күндөн тартып жана макулдашуудан баш тартуу негиздери болбогон шартта бир айдан кечиктирилбестен берилет.  

Документтерди кароо мөөнөтү көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан он күнгө узартылышы мүмкүн.  

65. Компаниянын уставына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк тарабынан төмөнкү учурларда макулдашуудан баш тартылышы мүмкүн:  

1) сунушталган документтер коюлган талаптарга жооп бербеген шартта же болбосо анык эмес документтерди жана маалыматтарды сунуштаса;  

2) эгерде акционерлердин жалпы жыйынынын чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынса;  

3) эгерде уставдык капиталдын же өздүк каражаттардын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу өлчөмдөн аз болсо;  

4) эгерде буга чейинки эмиссия боюнча акцияларга жазылуу жүргүзүлбөгөн болсо, белгиленген мөөнөттө алардын толук наркы төлөнбөсө же акциялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен чыгарылса же акцияларды сатып алууга багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугу тастыкталбаса;  

5) эгерде бул Компаниянын туруктуу жана коопсуз иш алып баруусуна коркунуч келтирсе;  

6) эгерде Компания уюштуруу документтерине сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча сын-пикирлерди четтетүү боюнча Улуттук банктын жазма буйруктарын аткаруудан баш тартса.  

66. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду камтыган Компаниянын уставынын жаңы редакциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет.  

67. Компаниянын уставына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду Улуттук банк менен макулдашуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтер сунушталууга тийиш:  

1) уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү тууралуу өтүнүч кат;  

2) уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү тууралуу Компаниянын акционерлеринин жалпы жыйынынын протоколу жана Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн протоколдун көчүрмөсү;  

3) устав жана уставдын көчүрмөсү (Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн).  

68. Уставдык капиталдын өлчөмүнүн өзгөрүшү:  

1) Компаниянын уставында аныкталган уставдык капиталдын өлчөмүн көбөйтүү, акционерлер уставдык капиталды толук төлөгөндөн кийин ишке ашырылат. Компаниянын уставдык капиталды көбөйтүү чечимин кабыл алуусуна, Компаниянын уставында уставдык капитал өлчөмүнүн буга чейинки өзгөрүүсү катталгандан кийин жана акциялар чыгарылган катары таанылгандан кийин жол берилет;  

2) эгерде Компаниянын уставына уставдык капитал өлчөмүнө карата өзгөртүүлөр киргизилсе, ушул Жобонун 67-пунктунун талаптарына карата кошумча төмөнкү документтерди сунуштайт:  

а) уставдык капитал өлчөмүнүн өзгөрүшү тууралуу Компаниянын акционерлеринин жалпы жыйынынан толтурулган протокол жана Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн протоколдун көчүрмөсү;  

б) акционерлер тууралуу маалыматты көрсөтүү менен акционерлердин реестри;  

в) акциялардын чыгарылышын мурда каттоодон өткөндүгүн тастыктаган каттын көчүрмөсү (Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн) жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктары тууралуу маалымкат;  

г) уставдык капиталдын өлчөмү көбөйтүлгөн учурда:  

- Компаниянын акционерлеринин акцияларды сатып алуу тууралуу маалыматы;  

- жарыяланган акциялардын категориялары, класстары, саны, номиналдык наркы, ошондой эле алар акционерге ыйгаруучу укуктар жөнүндөгү маалыматтар берилет;  

- өтүнүч берилген күнү Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы эсепке уставдык капиталды көбөйтүүнүн эсебине акча каражаттардын толук өлчөмдө салынгандыгын тастыктаган документ (банктагы топтолмо эсептин көчүрмөсү);  

- эгерде капиталдын көбөйүүсү акционерлер тарабынан салынган кошумча капитал эсебинен же бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен ишке ашырылса - Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, тиешелүү чечимди камтыган акционерлердин жалпы жыйынынан толтурулган протокол берилет;  

3) Улуттук банк, Компаниянын уставдык капиталынын өлчөмүн көбөйтүү макулдашылган шартта, Компаниянын акционерлеринин финансылык абалы жана алар жүргүзгөн операциялар боюнча маалыматтарды, акционерлердин уюштуруу документтерин берүүсү жана алардын финансылык жана башка отчеттору жөнүндөгү кошумча маалыматтарды да талап кыла алат.  

Компания Улуттук банкка баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарга ылайык Компаниянын акцияларынын чыгарылышын жыйынтыктоочу акыркы каттоо жөнүндө чыгарылган акцияларды таануу жана баалуу кагаздардын чыгарылышынын жыйынтыгын каттоо учурунан тартып отуз календардык күн ичинде билдирүүгө милдеттүү.  

Билдирүүгө төмөнкүлөр кошумча сунушталууга тийиш:  

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан акцияларды чыгаруу жыйынтыктарынын катталгандыгын тастыктаган документ;  

- акционерлердин реестрин жүргүзүүчүнүн кол тамгасы коюлган, жүргүзүлгөн өзгөртүүлөр жөнүндө реестринен көчүрмө же акционерлердин жаңы реестри.  

69. Компаниянын аталышынын өзгөрүшү:  

1) Компаниянын аталышынын өзгөрүшү Улуттук банк менен алдын ала макулдашылууга тийиш. Компаниянын аталышы өзгөргөн учурда анын лицензиясы жана уруксат берилген банктык операциялардын тизмеги алмаштырылууга (кайра таризделүүгө) тийиш.  

Жаңы аталышын макулдашуу үчүн Улуттук банкка төмөнкүлөр берилүүсү зарыл:  

- анын уюштуруу-укуктук формасын камтыган болжолдуу толук жана кыскартылган аталышы менен Компаниянын аталышын өзгөртүү тууралуу өтүнүч кат;  

- юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ошол аталыштын Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жоктугун тастыктоосу.  

Улуттук банк бир ай ичинде чечим кабыл алып, Компаниянын болжолдонуп жаткан жаңы аталышын макулдашуунун жыйынтыгы тууралуу жоопту Компанияга жөнөтөт.  

2) Компаниянын жаңы аталышы Улуттук банк менен макулдашылган учурда, Компаниянын акционерлери акционерлердин жалпы жыйынында анын аталышын өзгөртүү жана Компаниянын уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.  

3) Акционерлердин жалпы жыйынында чечим кабыл алынгандан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Компания Улуттук банкка төмөнкү документтерди берет:  

- Компаниянын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу уставга сунушталган өзгөртүүлөрдү кароо жөнүндө Компаниянын жетекчисинин колу коюлган өтүнүч каты;  

- акционердин Компаниянын аталышынын өзгөртүлүшүнө байланыштуу уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө акционерлердин жалпы жыйынынын отурумунан протокол жана протоколдун көчүрмөсү (Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн);  

- уставдын жаңы редакциясы жана анын көчүрмөсү (Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн).  

Улуттук банк он беш календардык күн ичинде сунушталган уюштуруу документтеринин түп нускаларын кошо тиркөө менен Компанияга анын аталышынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өтүүсүнө макулдугун берет.  

4) Компания мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийинки 10 он календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди берет:  

- жаңы аталышы менен кайра таризделген лицензия берүүгө өтүнүч кат;  

- Компаниянын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

- каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган уставдын Компаниянын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө лицензияны кайра тариздетүү үчүн чогултулган мамлекеттик алымын тастыктаган документ.  

5) Компания аталышынын өзгөртүлүшүнө байланыштуу лицензияны алмаштыргандан кийинки үч жумуш күнү ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Компаниянын жаңы аталышын көрсөтүү менен аталышынын өзгөргөндүгү тууралуу тиешелүү маалыматты жарыялоого тийиш.  

6) Аталышы өзгөртүлгөн Компания мурдагы аталышы көрсөтүлгөн лицензияны Улуттук банкка тапшырууга тийиш. Улуттук банк лицензия эски аталышы көрсөтүлгөн лицензиянын ордуна берилгендиги тууралуу түшүндүрмө жазууларды чагылдыруу менен Компаниянын лицензиясын алмаштырууну жүзөгө ашырат. Улуттук банк реестрге лицензиянын алмашылгандыгы жөнүндө тиешелүү жазууларды киргизет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/9-7-(НФКО) токтомунун редакциясына ылайык) 

70. Компаниянын жайгашкан жеринин өзгөрүшү:  

1) Компаниянын жайгашкан жеринин (почта дарегинин) өзгөрүшү калктуу пункттун, көчөнүн аталышынын, үй номеринин өзгөртүлүшү менен коштолушу мүмкүн. Компаниянын бир калктуу пункттун ичинде жайгашкан жеринин өзгөрүшү лицензиялардын алмаштырылышына алып келбейт. Уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүгө алып келген жайгашкан жеринин өзгөрүшү ушул Жобонун 7-главасына ылайык макулдашылат.  

Компаниянын жайгашкан жерин өзгөртүү мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүнү талап кылбаган учурда, Компаниянын өзгөртүлгөн учурдан тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди берет:  

- жайгашкан жеринин, анын ичинде айкын дарегинин өзгөргөндүгү тууралуу билдирмени, байланыш телефон номерлерин жана электрондук почта дарегин көрсөтүү менен;  

- ижара келишиминин же Компаниянын тиешелүү жайга менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсүн;  

2) Улуттук банк Компаниянын жайгашкан жеринин өзгөргөндүгү тууралуу жазууларды реестрге чагылдырат.  

3) Жайгашкан жерин айкын өзгөрткөндөн кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде Компания жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгашкан жеринин (почта дарегинин) өзгөргөндүгү тууралуу жарыялоого тийиш.  

71. Мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып он жумуш күн ичинде Компания Улуттук банкка төмөнкүдөй документтерди берүүгө тийиш:  

1) Компаниянын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн Компаниянын мөөрү менен күбөлүндүрүлгөн көчүрмөсүн;  

2) мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган уставдын Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн:  

3) уставдык капиталдын өлчөмүн көбөйткөн учурда - Компаниянын акцияларын чыгарууну мамлекеттик каттоо тууралуу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн чечимдин көчүрмөсү.  

7-глава. Компанияны кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу 

72. Компания акционерлеринин же болбосо уюштуруу документтеринде ага ыйгарым укук берилген юридикалык жактын органынын чечими же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктын чечими боюнча өзгөртүп түзүлүшү (биригиши, кошулушу, бөлүнүшү, өзүнчө бөлүнүп чыгышы, өзгөртүп түзүлүшү) мүмкүн.  

73. Компания Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жоюлушу мүмкүн. Бул учурда Компания жоюу чечими кабыл алынгандан кийинки 3 күн ичинде өз эрки боюнча лицензиясынын (лицензияларынын) түп нускасын Улуттук банкка тапшырып, жоюлгандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып, лицензияда (лицензияларда) каралган операцияларды жүргүзүүнү токтотууга тийиш.  

74. Улуттук банк тарабынан ушул Жобонун алкагында кабыл алынган чечимдерге Компания чечим кабыл алынган же кабыл алынган чечимдер алардын таламдарына зыян келтирген башка кызыкдар адамдар Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык, анын ичинде сотко чейин даттануу тартибин сактоо менен кайрылышы мүмкүн.  

  

  

  

"Адистештирилген финансы-кредит уюму "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобосуна карата 

1-тиркеме 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук жана/же чет өлкө валютасында айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна 

№ ______ ЛИЦЕНЗИЯ 

Адистештирилген финансы-кредит уюму 

"Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коому 

  

________________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук фирмалык аталышы) 

________________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы) 

___________________ шаары 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат берилген банк операцияларынын тизмесинде көрсөтүлгөн айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна ээ. 

2. Уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгүнөн болуп саналат. 

Бул лицензия ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат. 

Лицензия катталган (күн, ай, жыл) 

№ _________ бланктын сериясы ____________ 

  

Башкармалыктын начальниги _____________________________ аты-жөнү, кол тамгасы 

 

Улуттук банктын мөөрү 

  

  

  

"Адистештирилген финансы-кредит уюму "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобосуна карата 

2-тиркеме 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

Улуттук жана чет өлкө валютасында айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна берилген (күн, ай, жыл) 

№ _____ лицензиясына карата 

уруксат берилген банк операцияларынын 

ТИЗМЕСИ 

Адистештирилген финансы-кредит уюму 

"Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коому 

  

________________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук фирмалык аталышы) 

  

Банк операциясынын аталышы 

Банк операциясынын валютасы 

Уруксат күчүнө кирген күн 

Эскертүү/Чектөө  

(Чектөөлөр күчүнө кирген күндү көрсөтүү менен) 

  

  

  

  

  

№ ___________ бланктын сериясы ____________ 

  

Кыргыз Республикасынын  

Башкармалыктын начальниги _____________________________ аты-жөнү, кол тамгасы 

 

Улуттук банктын мөөрү 

  

  

  

"Адистештирилген финансы-кредит уюму "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобосуна карата 

3-тиркеме 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын Төрагасына 

 

"Ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү/уруксат берилген банк операцияларынын тизмегинде көрсөтүлбөгөн банк операцияларын жүргүзүүгө уруксат берүү/лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө 

ӨТҮНҮЧ 

 

Юстиция органдарында каттоого/кайра каттоого/ лицензия берүүгө/кошумча лицензия берүүгө/ уруксат берилген банк операцияларынын тизмегинде көрсөтүлбөгөн банк операцияларын жүргүзүүгө уруксат берүүгө/ лицензиядагы чектөөлөрдү алып салууга (уруксат берилген банк операцияларынын тизмесинде) _____________________________________________ төмөнкү реквизиттер менен уруксат берүүңүздү өтүнөбүз: 

1. Аталышы.  

2. Толук дареги.  

3. Ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү

Ыйгарым укуктуу адамдын дареги  

Телефону _____________________________  

Факсы _________________________________ 

4. Капиталдын болжолдонуп жаткан түзүмү

- акционердик капитал (номиналдык);  

- акциянын номиналдык наркы;  

- акциялардын саны.  

Катышуучулар (акционерлер) берилип жаткан маалыматтардын аныктыгына толугу менен жоопкерчилик тартат. 

Уюштуруу документтери _____ барактан турат, ар бир баракка кол коюлат (опись кошо тиркелет). 

Ыйгарым укуктуу адам: аты-жөнү, кол тамгасы, күнү  

Мөөрү  

Дареги, телефону, факсы 

1. 

2. 

3. 

(юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт, жетекчинин кол тамгасы коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт). 

  

  

  

"Адистештирилген финансы-кредит уюму "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобосуна карата 

4-тиркеме 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

"Ислам терезеси" аркылуу айрым банк операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна 

ЛИЦЕНЗИЯ № _____ 

Адистештирилген финансы-кредит уюму 

"Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коому 

________________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук фирмалык аталышы) 

________________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы) 

________________ шаары 

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык "Ислам терезесинин" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна ээ. 

2. Уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгүнөн болуп саналат. 

Бул лицензия ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат. 

Лицензия катталган (күн, ай, жыл)  

№ _______________ бланктын сериясы _______________  

Башкармалыктын начальниги _____________________________ аты-жөнү, кол тамгасы 

 

Улуттук банктын мөөрү 

  

  

  

"Адистештирилген финансы-кредит уюму "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобосуна карата 

5-тиркеме 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

Айрым банк операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна берилген (күн, ай, жыл) 

№ ___/1 Лицензиясына карата уруксат берилген банк операцияларынын 

ТИЗМЕСИ 

Адистештирилген финансы-кредит уюму 

"Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коому 

________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук фирмалык аталышы) 

Банк операциясынын аталышы 

Банк операциясынын валютасы 

Уруксат күчүнө кирген күн 

Эскертүү/Чектөө  

(Чектөөлөр күчүнө кирген күндү көрсөтүү менен) 

  

  

  

  

 

№ ___________ бланктын сериясы ____________  

  

Башкармалыктын начальниги _____________________________ аты-жөнү, кол тамгасы 

 

Улуттук банктын мөөрү 

  

  

  

"Адистештирилген финансы-кредит уюму "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобосуна карата 

6-тиркеме 

 

АНКЕТА 

 

1. Аты-жөнү 

___________________________________________________________________________  

2. Анкета эмнеге байланыштуу толтурулуп жаткандыгын астын сызып белгилегиле: 

1) Директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна шайлоо; 2) Директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна шайлоо; 3) Башкарманын төрагасы кызмат ордуна дайындоо; 4) Башкарманын мүчөсү кызмат ордуна дайындоо; 5) Шариат кеңешинин төрагасы кызмат ордуна шайлоо; 6) Шариат кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна шайлоо; 7) башкы бухгалтердин кызмат ордуна дайындоо; 8) Аудит боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна дайындоо; 9) ички аудит кызматынын начальниги же ички аудитор кызмат ордуна дайындоо; 10) кредиттөө/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси кызмат ордуна дайындоо; 11) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кызмат ордуна дайындоо; 12) комплаенс-контроль кызматынын жетекчиси кызмат ордуна дайындоо.  

3. "ФККС" ААКсына сунуш кылынган позицияны көрсөткүлө: ______________________ (кызмат орду)  

4. Аты-жөнүңүздү өзгөрткөн болсоңуз, качан жана эмне себептен өзгөрткөндүгүңүздү көрсөтүңүз _____________________________________  

5. Туулган күнү __________________ туулган жери ___________________  

6. Паспорт сериясы ________________ номери __________________ ким тарабынан берилген ______________________ берилген күнү ________________  

7. Жарандыгы 

___________________________________________________________________ 

Туулган жери боюнча, никеге тургандан кийин, башка жагдайлар боюнча берилгенби - кыскача түшүндүрмө бергиле: __________________________________________  

8. Үй дареги (документтер боюнча), тел.:  

____________________________________________________ 

Айкын жашаган жери 

_____________________________________________________________________ 

9. Төмөнкүлөр боюнча билими тууралуу маалыматтар:  

- кредиттик союздар тууралуу мыйзамдарды кошо алганда, банктык мыйзамдар 

_____________________________________________________________________ 

- корпоративдик башкаруу  

________________________________________________________________ 

- тобокелдиктерди тескөө 

_________________________________________________________________ 

- кредиттик иш 

__________________________________________________________________________ 

- бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү 

_____________________________________________________________________ 

- ликвиддүүлүктү тескөө  

__________________________________________________________________ 

- аудитордук иш жана эл аралык аудит стандарттары тууралуу мыйзамдарды 

_________________________________________________________________________ 

- "КСКК" ААКсын бизнес-планы жана өнүгүү келечектери.  

10. Негизги иштеген жери жана ээлеген кызматы 

_____________________________________________________________________ 

11. Кызматтык дареги, телефон, факс, 

______________________________________________________ 

12. Билим деңгээли 

______________________________________________________________________ 

(жогорку, толук эмес жогорку, бакалавр) 

____________________________________________________________________________ 

(магистр, атайын орто, орто)  

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан жери 

Факультети же бөлүмү 

Тапшырган жана бүтүргөн жылдары 

Диплом боюнча адистиги 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Окуу борборлорунда өткөрүлгөн курстардан билим алгандыгы  

Семинардын же курстун темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификаттын болушу 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

13. Эмгек жолун баштагандан берки аткарган иши. 

Ишке кирген күнү 

Иштен бошогон күнү 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери, жумуш берүүчүнүн аты-жөнү 

Иштен бошоп кетүү себептери 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

14. Сунуш-көрсөтмөлөр төмөнкүлөрдөн алынган:  

1. Аты-жөнү 

___________________________________________________________________________  

2. Иштеген жери жана ээлеген кызматы 

___________________________________________________ 

3. Үй дареги, тел., факс, эл. Почтасы 

______________________________________________________ 

1. Аты-жөнү 

___________________________________________________________________________ 

2. Иштеген жери жана ээлеген кызматы 

____________________________________________________ 

3. Үй дареги, тел., факс, эл. Почтасы 

_______________________________________________________ 

Сунуш-көрсөтмөлөр Компаниянын Директорлор кеңешинин төрагасы, Башкарманын төрагасы жана башкы бухгалтер кызмат орундарына талапкерлерге гана тапшырылат.  

15. Акыркы 10 жыл ичинде кайсы өлкөдө болбосун Сиз уюштуруучусунан, акционеринен, катышуучусунан, жетекчисинен болгон компанияларды (жетекчи болуп шайланган же дайындалган "КСКК" ААКсын кошо алганда) көрсөткүлө:  

Компаниянын аталышы, жайгашкан жери 

Компаниянын негизги иш багыты 

Ээлик кылып турган акциялардын саны 

Суммасы сом менен 

Компаниянын уставдык капиталындагы үлүшү 

Компаниянын жетекчиси 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эскертүү: эгерде талапкер кредиттик союздун катышуучусу жана/же жетекчиси болуп саналса, кредиттик союздун "КСКК" ААСынын алдындагы ссудалык карызы (башка милдеттенмелери) бардыгын жана алардын өлчөмдөрүн көрсөтүү зарыл.  

16. Кайсы бир өлкөдө, качандыр бир убакта Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу, контролдоочу адамы жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же болбосо башка кызмат адамы болгон компанияга карата:  

- укук бузгандык жана/же кылмыш жасагандык үчүн айып коюлганбы (ооба/жок)  

________________________________________  

- тартиптик жаза чаралары колдонулганбы (ооба/жок) 

__________________________________ 

Бул жагдайлар орун алса, укук коргоо органынын аталышын, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан коюлган айып же колдонулган тартип чарасын, териштирүүнүн жыйынтыктарын, соттун чечимин көрсөткүлө

______________________________ 

17. Сиздин же 15-пунктта көрсөтүлгөн компаниялардын биринин, анда кызмат ордун ээлөөгө талап кылган "КСКК" ААКсы ортосунда жалпы кызыкчылык барбы? Болсо кеңири түшүндүрмө бергиле: _________________________________ 

18. Акырына чейин өтөлбөгөн соттолгондугуңуз барбы, болгон болсо, түшүндүрмө бергиле ___________________ 

Сизге карата кандайдыр-бир кесиптик иш менен алектенүүгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынганбы? Болгон болсо түшүндүрмө бергиле: 

____________________________________________  

19. Сиз жетекчисинен, кызмат адамынан (Директорлор кеңешинин мүчөсү, Башкарманын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер) же олуттуу катышуучусунан (акциялардын 10 же андан ашык пайызына ээлик кылуу) болгон, мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны атагыла: 

__________________________________  

Сиз жетекчисинен, кызмат адамынан же олуттуу катышуучусунан болгон, мажбурлап банкрот же жоюу процессинде турган компаниядагы Сиздин ролуңузга жана жоопкерчилик чөйрөңүзгө кеңири негиздеме бергиле: ___________________________________ 

20. Кимдир-бирөө алдында ссудалык карызыңыз (башка милдеттенмелериңиз) болгон болсо, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөндөгү маалыматтарды бергиле:  

Кредитордун аталышы  

  

  

Берилген күнү  

  

  

Насыянын (займдын) суммасы, миң сом  

  

  

Пайыздык чен  

  

  

Пайыз боюнча карыздын калдыгы, миң сом 

  

  

Күрөө жөнүндө маалыматтын берилиши жана суммасы  

  

  

Төлөө мөөнөттөрү  

  

  

Насыя боюнча карыз калдыгы, миң сом  

  

  

Пайыздар боюнча карыз калдыгы, миң сом  

  

  

10 

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, пайыз)  

  

  

21. Сиз кандайдыр бир финансы-кредит уюмдардан жеке өзүңүз алган кредит боюнча, ошондой эле гарант, кепилдик берген кредит боюнча карызды төлөй албай калган учурлар болгонбу? Болсо түшүндүрмө бергиле: ______________________________________________ 

22. Учурда Сиз кандайдыр бир соттук териштирүүгө катышып жатасызбы? Болсо түшүндүрмө бергиле: __________________________________________________ 

23. Төмөндөгү маалыматтарды бергиле: ________________________________________ 

1. Активдер жана милдеттенмелер боюнча "__" ___________ карата жеке отчет. 

1-таблица 

  

Активдер 

Суммасы (сом түрүндө/ал эми чет өлкөлүк уюштуруучулар үчүн - АКШ долларында) 

Нак акча  

  

Финансы-кредит уюмдардагы депозиттик каражаттар  

  

Компаниядагы инвестициялар  

  

Баалуу кагаздар  

  

Кыймылсыз мүлк, анын ичинде күрөөгө коюлган же арест коюлган мүлк  

  

Дебитордук карыз, анын ичинде насыяга берилген каражаттар  

  

Башка активдер  

  

  

Бардыгы болуп активдер  

  

  

Милдеттенмелер  

  

Кредиттер боюнча карыздар  

  

Кредитордук карыздар  

  

Башка милдеттенмелер  

  

  

Бардыгы болуп, милдеттенмелер  

  

  

Таза нарк (активдер-милдеттенмелер)  

  

  

Берилген жеке гарантиялар  

  

2-таблица 

  

Киреше булактары 

Өткөн жыл 

Өтүп жаткан жыл 

Негизги иштеген жери боюнча эмгек акы (сыйлыктарды кошо алганда)  

  

  

Дивиденддер  

  

  

Пайыздар  

  

  

Башка кирешелер  

  

  

  

Бардыгы болуп  

  

  

  

Чыгашалар  

  

  

Чыгашалар (жеке, керектөөгө)  

  

  

Кредиттер боюнча төлөөлөр, негизги сумма, пайыздар  

  

  

Башка чыгашалар (көрсөткүлө)  

  

  

  

Бардыгы болуп, чыгашалар  

  

  

  

Таза киреше (чыгаша)  

  

  

24. Үй-бүлөлүк абалы _______________________________________________________ 

16 жаштан ашкан жакын туугандарыңызды (ата-энеңиз, балдарыңыз, жубайыңыз, бир туугандарыңыз) көрсөтүңүз: 

Аты-жөнү 

Туугандык мамилеси 

Туулган күнү жана жери 

Иштеген жери, ээлеген кызматы 

Үй дареги, телефон 

Кредиттик союздун катышуучусу болуп саналабы (эгерде болсо, кредиттик союздун аталышын көрсөтүү зарыл) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

25. Акцияларына ээлик кылуудан тышкары, Сиз кызматка орношууга ниеттенип жактан жак менен кандай негизде байланышыңар, кандай кызыкчылыгыңар бардыгы жөнүндө толук маалымат бергиле. Мындан тышкары, кызмат ордуна макулдашуу учурунда каралууга тийиш деп эсептеген башка маанилүү маалыматты көрсөткүлө: __________________________ 

Мен, ________________________________________________________________________________  

(аты-жөнү

Анкетада келтирилген бардык маалыматтар так жана толук экендигин жана алар анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча менин билимиме жана берген маалыматыма ылайык экендигин тастыктаймын. Атайы бурмалоолорго барып, ката кетирген болсом, алар мага сунушталып жаткан кызмат ордуна макулдашуудан баш тартуу үчүн негиз болоорун жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келээрин толук түшүнөм. 

  

_______________________________ 

  

20__-жылдын "__" ___________ 

кол тамгасы 

  

күнү 

  

  

  

"Адистештирилген финансы-кредит уюму "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобосуна карата 

7-тиркеме 

БИЛДИРМЕ 

(Компаниянын фирмалык бланкында) 

Бул аркылуу,  

________________________________________________________________ (Компаниянын аталышы)  

_________________________________________________________ чечимине ылайык  

(уставдын негизинде филиалды ачуу тууралуу чечим 

____________________________________________________________________________  

кабыл алган Компаниянын башкаруу органынын аталышы) 

_____________________________________________  

төмөнкү дарек боюнча филиал ачуу (жабуу) ниетин билдирет; 

Аталган филиалга төмөнкү операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген(*): 

-  

-  

(Компанияга Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын чегинде, филиал жөнүндөгү жобого ылайык филиалга уруксат берилген бардык операциялар жана бүтүмдөр келтирилет)  

Филиалдын жетекчиси жана башкы бухгалтери болуп төмөнкүлөр дайындалды: 

___________________________________________________________________________  

(Аты-жөнү

Тиркемелер: Жетекчиге жана башкы бухгалтерге анкеталар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчалар), ишеним кат, бардыгы болуп __________ баракта. 

Компания милдеттенмелерге ээ эмес(**): 

- бул филиалда тейленген кардарлардын жана кредиторлордун алдында;  

- бюджеттин алдында.  

Активдер жана пассивдер компаниянын балансына өткөрүлүп берилген.  

Берилип жаткан маалыматка компания толугу менен жооп берет.  

Компаниянын аткаруу органынын жетекчиси (кол тамга) Аты-жөнү

 

Мөөр 

(*) Бул маалыматтар филиалды ачуу учурунда берилет.  

(**) Бул маалыматтар филиалды жабуу учурунда берилет.  

  

  

  

"Адистештирилген финансы-кредит уюму "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобосуна карата 

8-тиркеме 

 

Өкүлчүлүктү ачуу (жабуу) тууралуу 

БИЛДИРМЕ 

(Компаниянын фирмалык бланкында) 

Бул аркылуу, 

_______________________________________________________________________________  

(өкүлчүлүктү ачып жаткан Компаниянын толук аталышы жана лицензиясынын номери) 

______________________________________________________________________________ максатында, (өкүлчүлүктү ачуу максаты көрсөтүлөт) 

_________________________________________________________________________ чечимине ылайык,  

(өкүлчүлүктү ачуу тууралуу чечим кабыл алган Компаниянын башкаруу органынын аталышы) 

төмөнкү дарек боюнча өкүлчүлүк ачылган (жабылган): 

____________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________  

(өкүлчүлүктүн ачылган (жабылган) күнү)  

____________________________________________________________________________  

(өкүлчүлүктүн почталык дареги, телефону, факсы жана өкүлчүлүктүн  

____________________________________________________________________________  

эсептешүү эсеби ачылган компаниянын аталышы көрсөтүлөт) 

Өкүлчүлүктүн жетекчиси болуп дайындалды:  

___________________________________________________________ 

(жетекчинин аты-жөнү көрсөтүлөт)  

Тиркемелер. Жетекчиге жана башкы бухгалтерге анкеталар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчалар), ишеним кат, бардыгы болуп __________ баракта.  

  

Өкүлчүлүктү ачуу (жабуу) тууралуу чечимди кабыл алган компаниянын органынын жетекчиси/Компаниянын жетекчиси 

(кол тамгасы) 

аты-жөнү 

  

Мөөр 

 

  

  

"Адистештирилген финансы-кредит уюму "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобосуна карата 

9-тиркеме 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга  

субъекттин макулдугу 

 

 

Калктуу пункт ________________________, 20____-жылдын __-___________ 

Мен, ____________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______ 

(документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

 

Ишенимдүү өкүлдөр үчүн 

__________________________________________________ атынан иш алып барган 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______ 

(документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

________________________________________________________________негизинде 

(ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук актынын) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча, толук түшүнүү менен төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем: 

- иштеп чыгууга (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле: 

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык сунушталышына); 

- банк мыйзамдарына ылайык жеке өзүм берүүгө тиешелүү болгон бардык жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине). 

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: аты-жөнү (мурдагы аты-жөнү, ал өзгөртүлгөн күн жана ага түрткү берген себептер) (өзгөртүлгөн болсо); туулган жылы жана жери; жарандыгы тууралуу маалыматтар (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандык боюнча маалымат); билими тууралуу маалыматтар (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жылы, билими тууралуу документтин аталышы жана реквизиттери, квалификациясы, даярдоо багыты же билими тууралуу документ боюнча адистиги); окумуштуулук даражасы тууралуу маалымат; чет тилдерин билүү деңгээли жөнүндө маалымат, жашаган дареги (келген жеринин дареги); байланыш телефон номери же башка байланыш ыкмалары жөнүндө маалымат; инсандыгын тастыктаган документтин түрү, сериясы, номери, ошол документти берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлө курамы, жакын туугандары; эмгек жолу тууралуу маалымат (аскердик кызмат өтөө, айкалыштырган иши, ишкердик иш, кызмат көрсөтүү жөнүндө келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктар, башка сыйлыктар, артыкчылык белгилери (ким тарабынан жана качан берилген); соттолгондугу же болбосо соттолбогондугу тууралуу маалыматтар, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендиги үчүн тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтар; кирешелер, чыгашалар, мүлкү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мүлктүк милдеттенмелерге тиешелүү маалыматтар, фото сүрөтү берилгендиги боюнча маалыматтарга дагы тиешелүү болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды Улуттук банк банк мыйзамдарында каралган лицензиялоо жол-жобосун ишке (анын ичинде кызмат адамдарын макулдашуу, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого), “ФККС” ААКтын ишин кеңейтүүгө макулдук берүү) ашыруусу максатында иштеп чыгуу үчүн сунуштайм. 

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, кредиттик бюрого, чет өлкө банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча органдарына бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким боюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартиби, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм. 

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт. 

  

20__-ж. ___- _________________ 

 

___________________ 

Кол тамгасы                                                        Аты-жөнү