Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 30-сентябрындагы  

№ 2020-П-33/54-3-(НФКУ)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде (мындан ары Тартип) микрофинансы уюмдарынын (мындан ары МФУ) кардардын өзүн катыштыруусуз, электрондук түрдө алынган маалыматтарды колдонуу менен жеке адамдарды-Кыргыз Республикасынын жарандарын идентификациялоо жана верификациялоо тартиби аныкталат.  

2. Тартиптин талаптары буга чейин эле кардарларды талаптагыдай текшерүү жол-жобосу жүргүзүлгөн жана МФУ тарабынан тейленүүчү кардарларга карата колдонулбайт.  

3. Тартип буга чейин жеке катышуусу менен идентификациялоо жол-жобосунан өткөн кардарларга аралыктан тейлөө системаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү аралыктан сунушталган учурда жеке жактын инсандыгын кошумча тастыктоо үчүн колдонулушу мүмкүн.  

Мында МФУ жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгүн сунуштоонун ишенимдүү алгоритмдерин, анын ичинде видеобайланыш жана кардардын атынан санкциясыз пайдаланууга жол бербөө чараларын аныктоо аркылуу кардарды идентификациялоонун жана верификациялоонун тиешелүү технологияларын колдонуусу зарыл.  

4. Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоодо жана верификациялоодо МФУ төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:  

- кардардын өзүн катыштыруусуз идентификациялоо каралган, жаңы технологияларды (банктык жаңы продукттарды) колдонууга байланыштуу жол-жоболорду чагылдырууну кошо алганда, ички контролдоонун шайкеш системасын, тобокелдиктерди тескөө, анын ичинде операциялык тобокелдикти, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин, комплаенс-тобокелдигин тескөө боюнча ички ченемдик документтердин болушун камсыз кылуу; 

- кардарды идентификациялоого жана верификациялоого, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин тескөөгө жооптуу персоналды жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболор жана ушул Тартиптин талаптагыдай колдонулушу боюнча окутуу; 

- ушул Тартиптин талаптарына жооп берүү үчүн жетиштүү маалымат системаларын, программалык камсыздоону колдонуу; 

- аралыктан идентификациялоонун шарттары жана талаптары тууралуу маалыматты жарыялоо (өзүнүн расмий интернет-сайтында же колдонулуп жаткан программалык камсыздоо аркылуу);  

- Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан алынган маалыматтарды колдонуу менен кардар боюнча маалыматтарды верификациялоо; 

- кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо натыйжаларын каттоо жана аралыктан идентификациялоодон өткөн кардарлардын реестрин жүргүзүү;  

- аралыктан идентификацияланган кардарлар боюнча ушул Тартипке карата 1-тиркемеге ылайык террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин чектөө чараларын колдонуу;  

- аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун баштоого чейин ушул Тартипте каралган талаптарды негиз катары кабыл алуу менен, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин аныктоо жана документтештирүү. МФУ тобокелдиктерди чектөө боюнча кошумча критерийлерди киргизүүгө укуктуу. 

5. МФУ кардардан анын жеке маалыматтарын мамлекеттик маалымат системалары же жеткиликтүү маалымат булактары аркылуу иштеп чыгууга макулдугун алууга, ошондой эле аралыктан идентификациялоодо жана верификациялоодо толук жана так маалыматты бербөөнүн жоопкерчилиги жөнүндө ага маалымдоого милдеттүү.  

 

2-глава. Фото сүрөттөрдү салыштыруу аркылуу аралыктан идентификациялоо  

жана верификациялоо  

 

6. МФУ идентификациялоо башталганга чейин кардардын телефон номерин жана кардардын анкетасын толтуруу үчүн маалыматтарды көрсөтүү менен өз ара иш алып баруунун электрондук каналдары аркылуу (веб-сайт, мобилдик тиркеме, адистештирилген программалык камсыздоо, мессенджерлер, адистештирилген жабдуулар, терминалдар жана алардын колдонулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каналдар аркылуу) өз маалымат системаларына кардарды каттоого тийиш.  

7. МФУ кардар көрсөткөн уюлдук телефон номерин (Кыргыз Республикасынын аймагында катталган) каттоо үчүн эмне колдонулгандыгынан көз карандысыз, маалыматты байланыш каналы боюнча жөнөтүү (кардар көрсөткөн уюлдук телефондун номерине SMS-билдирүү менен коддорду, паролдорду жөнөтүү же башка ыкмада) аркылуу да текшерет.  

8. Идентификациялоонун жүрүшүндө МФУ кардардын инсандыгын тастыктаган документтин алдыңкы жана арткы бетинин сүрөтүн жана кардардын өзүнүн сүрөтүн документтер менен кошо МФУнун белгиленген талаптарына ылайык өз ара иш жүргүзүүнүн электрондук каналдары боюнча алууга тийиш.  

9. Эгерде сүрөттөрдүн сапаты сүрөттөгү адамдын бир эле адам экендигин тастыктоого мүмкүндүк бербесе, МФУ кардардан сүрөттөрдү кайра алууга кошумча суроо-талап жөнөтө алат.  

10. МФУ кардарды санкциялык тизмелерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар катталган адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде жоктугун же бар экендигин да текшерет.  

11. Инсандыгын тастыктаган документтин аныктыгы тиешелүү мамлекеттик маалымат системаларынан документ тууралуу маалыматтарды талап кылуу же текшерүү үчүн ага жөнөтүү аркылуу текшерилүүгө тийиш. 

12. Эгерде кардардан алынган маалыматтар, ошондой эле кардардын сүрөтү инсандыгын тастыктаган документтеги сүрөткө дал келсе, МФУ идентификациялоо жана верификациялоо ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу билдирүү жөнөтөт.  

13. Кардар тууралуу алынган маалыматтар кардардын анкетасында чагылдырылып, сүрөттү салыштыруу аркылуу аралыктан идентификациялангандыгы тууралуу белгиленип, электрондук түрдө сакталат.  

14. МФУ программалык чечимдерди колдоно алат, алар ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттардын жана жол-жоболордун автоматтык режимде сакталышын камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Мындай программалык камсыздоо кеминде инсандыгын тастыктоочу документтеги сүрөттөрдү жана кардардын сүрөтүн автоматтуу түрдө салыштырууну, ошондой эле маалыматтардын алмашып кетишинен сактоону камсыз кылууга тийиш. 

 

3-глава. Видеобайланышты колдонуу менен кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо  

 

§ 1. Видеобайланыш боюнча кардарларды идентификациялоону  

жана верификациялоону уюштуруу  

15. Видеобайланыш сеансын өткөргөнгө чейин МФУ кардардын телефон номерин жана кардардын анкетасын толтуруу үчүн маалыматтарды көрсөтүү менен өз ара иш алып баруунун электрондук каналдары аркылуу (веб-сайт, мобилдик тиркеме, адистештирилген программалык камсыздоо, мессенджерлер ж.б.) өз маалымат системаларына кардарды каттоого тийиш.  

16. МФУ кардар көрсөткөн уюлдук телефон номерин (Кыргыз Республикасынын аймагында катталган) каттоо үчүн эмне колдонулгандыгынан көз карандысыз маалыматты байланыш каналы боюнча жөнөтүү (кардар көрсөткөн уюлдук телефондун номерине SMS-билдирүү менен коддорду, паролдорду жөнөтүү же башка ыкмада) аркылуу да текшерет. 

17. МФУ кардарды санкциялык тизмелерде жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар катталган адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде жоктугун же бар экендигин да текшерет. 

18. МФУ кардарды видеобайланыш аркылуу идентификациялоо жана верификациялоо үчүн тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан кардар тууралуу маалыматтарды сурайт.  

19. Документ тууралуу маалыматтарды тиешелүү мамлекеттик маалымат системаларына текшерүүгө жөнөтүү же алардан талап кылуу аркылуу аныктыгын текшерүү менен мурда макулдашылган ыкмада инсандыгын тастыктаган документтин фото сүрөттөрүн же кардардын фото сүрөттөрүн алууга жол берилет.  

20. МФУ видеобайланышты колдонуу менен идентификациялоо максатында өз программалык камсыздоосун же ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттардын жана жол-жоболордун сакталышын камсыз кылууга мүмкүндүк берген үчүнчү тараптар сунуштаган программалык камсыздоону колдоно алат. Мында видеобайланышты колдонуу менен аралыктан идентификациялоо МФУ кызматкери тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.  

21. Эгерде кардардан алынган маалымат, ошондой эле фото сүрөттөр жана видеожазуулар кардарды идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүнчүлүгүн берсе, МФУ кардарга идентификациялоо жана верификациялоо ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу билдирүү жөнөтүүгө тийиш. 

22. Кардар тууралуу алынган маалыматтар кардардын анкетасында чагылдырылып, видеобайланышты колдонуу менен аралыктан идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөндүгү тууралуу белги коюлуп, электрондук түрдө сакталат.  

 

§ 2. Видео сүрөттөргө карата талаптар 

23. Видеобайланыш сеансы айкын убакыт режиминде үзгүлтүксүз аткарылуусу зарыл. Видео- жана аудиоагымдар синхрондоштурулуусу зарыл. Сүрөттөр түстүү болууга тийиш.  

24. Сеанстын жүрүшүндө кардардын бети менен далысы так көрүнүүсү зарыл. Кардардын бети толугу менен ачык көрүнүп турууга тийиш, күндөн коргоочу көз айнек же бетин жапкан башка аксессуарларды тагынууга жол берилбейт. Кардардын бетине көлөкө түшүп туруусуна да жол берилбейт.  

25. МФУнун кызматкери кардарга ушул Тартиптин талаптарына шайкеш келген сапаттагы сүрөттү кантип камсыз кылса боло тургандыгы тууралуу көрсөтмө бере алат.  

26. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө кардар талаптагыдай жарык бөлмөдө болууга тийиш.  

27. Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигине байланыштуу, кардарга үчүнчү адамдын көмөгү талап кылынган учурларды эске албаганда, идентификациялоо процессине үчүнчү жактардын катышуусуна жол берилбейт.  

 

§ 3. Видеобайланыш сеансы учурундагы интервью  

28. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө кардарларды аралыктан идентифкациялоо боюнча тиешелүү нускама алган МФУнун кызматкери кардар менен интервью жүргүзүүгө тийиш.  

29. МФУнун кызматкери өзүнүн аты-жөнүн, ээлеген кызматын жана МФУнун атын атоо менен өзүн тааныштыруусу зарыл.  

30. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө МФУ кардардын бетин жана инсандыгын тастыктаган документин бир кадр менен сүрөткө тартып алуусу зарыл, бул сүрөт видеожазуу менен чогуу сакталат.  

31. Эгерде видеосүрөттөрдүн же үндүн сапатынан улам, талаптагыдай идентификациялоого мүмкүн болбосо жана тобокелдиктин келип чыгуу ыктымалдуулугу байкалса же кардардын инсандыгын тастыктаган документ боюнча кандайдыр бир шектенүү жаралса, МФУ тоскоолдуктарды четтетүү үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө же себебин көрсөтүү менен видеобайланыш сеансын токтотууга тийиш.  

32. Интервью жүргүзүү үчүн МФУнун ички контролдоо программасына ылайык иштелип чыккан суроолор тизмеги колдонулат. Суроолор тизмеги кардардын анкетасына киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу же текшерүү үчүн пайдаланылат, мында МФУ кардар тууралуу башка маалыматтарды верификациялоого тийиш. 

33. Интервью учурунда МФУнун кызматкери бир эле суроолор тизмегин колдонуусуна жол берилбейт.  

 

4-глава. Кардарды идентификациялоону ийгиликсиз катары таануу  

 

34. Кардарды аралыктан идентификациялоо төмөнкү учурларда ийгиликсиз катары таанылат:  

- кардар берген маалыматты текшерүү мүмкүн болбосо же текшерүү терс натыйжа берсе;  

- эгерде фото сүрөттүн, видеонун жана аудионун сапаты МФУнун ички контролдоо талаптарына жана эрежелерине дал келбесе;  

- зарыл документтер берилбесе; 

- МФУнун ички ченемдик документтеринде белгиленген талаптар жана көрсөтмөлөр сакталбаса; 

- эгерде кардар видеобайланыш аркылуу идентификациялоонун жүрүшүндө ушул Тартипте каралган учурларды эске албаганда, үчүнчү жактын жардамын колдонсо;  

- эгерде кардар өз эрки менен эмес жана/же башка адамдардын кысымы менен катышып жаткандыгы тууралуу шектенүү жаралса;  

- идентификациялоо террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) максатында демилгеленгендиги тууралуу белгилер байкалса.  

 

 

 

 

5-глава. Маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларга жана маалыматтын сакталышына карата талаптар  

 

35. МФУ идентификациялоо жол-жобосун жана анын натыйжасын үчүнчү жактардын мыйзамсыз пайдалануусунан коргоону камсыз кылган маалымат системаларын жана ыкмаларды колдонууга тийиш.  

36. МФУ видеобайланыш сеансына жана сүрөттөрдү берүү каналына өтмө шифр белгиленишин камсыз кылган программалык камсыздоону колдонуусу зарыл.  

37. Фото, видео жана аудиожазуулар сапаттуу, ошондой эле бейтарап адамдын маалыматты колдонуусу үчүн жеткиликсиз болуусу зарыл.  

38. Фото, видео жана аудиожазуулар сапатын жоготуусуз сакталат. 

39. Фото жана видеожазуу файлдарында жазуу убактысы жана күнү, кардардын аты-жөнү тууралуу жана башка маалыматтар камтылуусу зарыл. Программалык камсыздоо видеого аягында киргизилген кайсы болбосун өзгөрүүлөрдү каттоого тийиш.  

40. Видеобайланыш сеансын жазуулар, ошондой эле кардардын фото сүрөтү МФУ тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маалыматтар менен кошо кардардын таржымалында сакталуусу талап кылынат.  

41. МФУ иш боюнча мамилелердин жүрүшүндө, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, маалыматтарды Кыргыз Республикасынын укуктук актыларында белгиленген тартипте жаңылайт.  

42. МФУ ички контролдоо процесстерин үзгүлтүксүз өркүндөтүү, өз маалымат ресурстарынын маалыматтык коопсуздугу боюнча механизмдерди жана талаптарды жакшыртуу аркылуу аралыктан идентификациялоо жол-жобосунун натыйжасында алынган, кардарлар тууралуу купуя маалыматтардын сакталышын талаптагыдай контролдоону камсыз кылууга тийиш.  

 

 

 

 

Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибине карата 1-тиркеме  

 

 

1. Тобокелдиктер түрлөрүнүн жана операциялар түрү боюнча аларды кыскартуу чараларынын тизмеги 

 

Эскертүү: микрофинансылык уюмдар тарабынан жүргүзүлүүчү операциялар лицензия же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык аларды жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү башка документ менен чектелет. 

1-таблица. Тобокелдиктер түрлөрүнүн жана операциялар түрү боюнча аларды кыскартуу чараларынын тизмеги  

Операциянын түрү  

Тобокелдик  

Тобокелдиктерди кыскартуу боюнча чаралар (операциялардын суммалары боюнча чектөөлөрдөн тышкары)  

Кредит берүү  

Кылмыштуу жол менен алынган кирешелердин изин жашыруу тобокелдиктери  

Кредитти ала турган кардардын инсандыгы аныкталат.  

МФУлар шектүү операция белгилерине таянуу менен иш алып барышат. 

Электрондук капчыкты/банктык эсепти толуктоого арыздарды кабыл алуу (кредит боюнча алынган акчаны которуу) 

Тобокелдиктер олуттуу эмес   

Электрондук капчыктын / банктык эсеп ээсинин инсандыгы ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленет. 

 

2. Кардарды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо учурунда жогорку деңгээлдеги тобокелдиктин белгилери  

 

МФУлар кардарды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо учурунда шектүү операцияларга жана көз салууга жана төмөнкү белгилердин негизинде чараларды көрүүгө тийиш: 

1. Кардар видеобайланыштын жүрүшүндө өзүнө ишенбестигин көрсөтсө

2. Кардар видеобайланыштын жүрүшүндө зарыл маалыматты сунуштабаса. 

3. Кардар видеобайланыштын жүрүшүндө зарыл маалыматты сунуштай албаса. 

4. Кардар идентификациялоо процессин тездетүүнү өтүнүп, МФУнун кызматкерлерин шаштырса. 

5. Башка факторлор. 

 

3. МФУлар кардарын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо учурунда уруксат берилген операцияларды жана финансылык инструменттердин функционалын дифференциациялоосу  

 

2-таблица. Кардардын сүрөтүн салыштыруу аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурунда операциялар  

Операциялардын түрү  

Белгиленген чектөөлөр  

Кредит алуу үчүн арыздарды кабыл алуу (андан кийин жеке өзү насыя келишимине кол коюу менен) 

Суммалар боюнча чектөөлөрсүз  

 

3-таблица. Видеобайланыш аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурундагы операциялар  

Операциянын түрү  

Белгиленген чектөөлөр  

Кредит берүү 

Операциянын максималдуу суммасы: 150 эсептик көрсөткүч.  

Ай ичинде операциялардын суммасы: 300 эсептик көрсөткүч. 

Нак акча берүү  

Кредиттин суммасына коюлган лимиттерге ылайык 

Электрондук капчыкты/банктык эсепти толуктоого арыздарды кабыл алуу (кредит боюнча алынган акчаны которуу) 

Кредиттин суммасына коюлган лимиттерге ылайык 

 

 

4. Операцияларга мониторинг жүргүзүү жана кардарды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо учурундагы маалыматтарды сактоо  

 

4-таблица. Операцияларга мониторинг жүргүзүү жана маалыматтарды сактоо боюнча талаптар 

Тартип  

Талаптарга дал келүү 

Операцияларга күндөлүк мониторинг жүргүзүү 

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 87 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын 23-беренесине ылайык шектүү бүтүмдөрдү аныктоо  

Маалыматтарды сактоо мөөнөтү 

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 87 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык 

Сакталган маалыматтардын тизмеси  

Идентификациялык маалыматтар; Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 87 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын  

22-беренесине ылайык ишке ашырылган бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар  

Маалыматтарды жаңыртуу  

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык