Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 

29-сентябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 119-08 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2008-жылдын 27-августундагы 

N 33/4 токтому менен 

бекитилген 

Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө 

маалыматтарды таркатууда эффективдүү пайыздык 

чендерди эсептөө жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 

2012-жылдын 27-декабрындагы N 51/3, 

2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-12-(НПА)  

токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

2. Терминдер жана аныктамалар 

3. Жылдык эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө 

4. Маалыматтарды чечмелөө тартиби 

1-тиркеме 

2-тиркеме 

1. Жалпы жоболор 

1.1. (Улуттук банктын Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

1.2. Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан, жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан лицензия алышкан жана/же иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - банктар) кредиттер жана депозиттер боюнча так, жылдык, эффективдүү, салыштырууга боло турган пайыздык чендерди эсептөө тартибин аныктоо, ушул жобонун максаты болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Терминдер жана аныктамалар 

Ушул жобонун максаттарында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 

Жылдык эффективдүү пайыздык чен - так, жылдык негизде, салыштырууга боло тургандай эсептелинген пайыздык чен. Аны эсептөөдө кредит алууга байланыштуу кардардын төлөмдөрү же акча каражаттарын депозиттик эсепке жайгаштыргандыгы үчүн кардарга сый акы төлөөгө байланыштуу төлөмдөр эске алынат. 

Кредитке байланыштуу депозит - берилген кредиттин камсыздоосу болуп саналган же анын болушу, кредит келишими боюнча милдеттүү шарт болгон депозит. 

Кардарлар - банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга ниеттенишкен же пайдаланышкан жеке адамдар, юридикалык жактар же болбосо жеке ишкерлер. 

Кызмат көрсөтүүлөр - банктык кредиттерди берүүгө жана/же депозиттерди кабыл алууга байланыштуу банктар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөр. 

Итерация ыкмасы - түпкү натыйжага жетишүү үчүн көптөгөн итерацияларды (кадамдарды) пайдаланган ыкма. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 27-декабрындагы N 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Жылдык эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө 

3.1. Банк тарабынан сунуш кылынган кызмат көрсөтүүлөр жылдык эффективдүү пайыздык чендин ар бир түрү боюнча эсептелинет. 

3.2. Берилип жаткан кредиттер боюнча жылдык эффективдүү пайыздык чен төмөнкү барабардык аркылуу эсептелинет: 

n Sj m Pi 

D - k - L + E ------------- = E ------------- 

j=1 tj/365 i=1 ti/365 

(1+APR) (1+APR) 

мында: 

APR (Annual percentage rate) - жылдык эффективдүү пайыздык чен; 

D - банктын кардарга алгачкы төлөөсүнүн/алгачкы төлөмүнүн суммасы (кредиттин алгачкы суммасы же анын траншы); 

k - банктын кардарга алгачкы төлөө/алгачкы төлөм датасына карата кредит алууга байланыштуу бардык төлөмдөрдү кошо алганда, банк кредитин алгандыгы үчүн кардардын бардык төлөмдөрүнүн жалпы суммасы; 

L - банктын алгачкы төлөөнү/алгачкы төлөмдү алган датасына карата кардар тарабынан кредитке байланыштуу салынган депозиттин суммасы; 

n - кардарга акыркы төлөөнүн/акыркы төлөмдүн катар номери; 

j - кардардын алгачкы төлөөнү/алгачкы төлөмдү алган күндөн кийинки кардардын төлөөсүнүн/төлөмүнүн катар номери; 

Sj - кардарга төлөөнүн/төлөмдүн j - суммасы, анын ичинде кезектеги кредиттер, кредиттерге байланыштуу депозиттер боюнча пайыздарды төлөөлөр, депозиттердин кайтарылышы; 

tj - кардарга алгачкы төлөөнү/алгачкы төлөмдү берген күндөн тартып, кардарга j - төлөөөлөм учуруна чейинки убакыт аралыгы (күндөр менен); 

m - кардардын банкка акыркы төлөмүнүн катар номери; 

i - кардардын төлөмүнүн катар номери; 

Pi - кардардын алгачкы төлөөнү/ алгачкы төлөмдү алган күнүнөн кийинки кардардын i - төлөмүнүн суммасы, анын ичинде кредиттер боюнча пайыздар, депозиттерди салуу жана ушул жобонун 3.3-пунктуна ылайык төлөмдөр; 

ti - кардарга алгачкы төлөөнү/алгачкы төлөмдү берүү күнүнөн кардардын i - төлөмү учуруна чейинки мезгил аралыгы (күндөр менен). 

3.3. Кредитке байланыштуу депозит боюнча кардарга төлөнүп берилген сый акы суммасын эске албаганда, кредит алууда жана ага байланыштуу банктын бардык кызматтарынан пайдаланууда кардардын төлөмдөрүнүн жалпы суммасына төмөнкүлөр кирет: 

1) карыздын негизги суммасынын ордун жабууга жана кредит боюнча сый акыны төлөөгө байланыштуу төлөмдөр; 

2) төлөмдөрдү кечиктиргендиги үчүн айыптык төлөмдү, кредиттик келишим шарттарын сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эске албаганда, кредит алууга, аны тариздетүүгө жана тейлөөгө байланыштуу банктын пайдасына чегерилген төлөмдөр (документтерди кароого алгандыгы үчүн төлөм, нак акча алгандыгы үчүн комиссия, банктык эсептерди тейлөө наркы ж.б.). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 27-декабрындагы N 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.3.-1. Белгиленген кредиттик лимиттердин чегинде кредиттик төлөм карттарын пайдалануу менен берилген кредиттер боюнча жылдык эффективдүү пайыздык ченди эсептөөдө төмөнкүлөр камтылбайт: 

- эсеп валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн комиссиялык төлөм (кредит берилген валюта); 

- кредиттик карточканы чыгаруу жана тейлөө, анын ичинде кредиттик карточка боюнча операцияларды токтотуу (кайра баштоо) үчүн комиссиялык төлөм; 

- кредиттин суммасын банкоматтан нак акчада алгандыгы үчүн комиссиялык төлөм. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 27-декабрындагы N 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.4. Тартылган депозиттер боюнча жылдык эффективдүү пайыздык чен төмөнкү барабардык боюнча эсептелинет: 

n Sj m Pi 

E ------------- = E ------------- 

j=1 tj/365 i=1 ti/365 

(1+APR) (1+APR) 

мында: 

APR - жылдык эффективдүү пайыздык чен; 

n - кардардын акыркы төлөмүнүн/мүчөлүк төлөмүнүн катар номери; 

Sj - кардардын j - төлөмүнүн суммасы, анын ичинде депозитке салуу жана ага байланыштуу банктык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө

j - кардардын төлөмүнүн/мүчөлүк төлөмүнүн катар номери; 

tj - депозит тарткан күндөн кардардын j - төлөмүнө чейинки мезгил аралыгы (күндөр менен); 

m - кардарга акыркы төлөөнүн катар номери; 

i - кардарга төлөөнүн катар номери; 

Pi - кардарга i төлөмдүн суммасы, анын ичинде депозиттер боюнча пайыздар, депозиттердин кайтарылышы; 

ti - депозит тарткан күндөн i төлөөгө чейинки убакыт аралыгы (күндөр менен). 

3.5. Эффективдүү пайыздык чендерди эсептөөдө, кардарга төлөнүп берилгендер жана/же кредит/депозит боюнча кардарга төлөп берүүлөр айкын төлөнүп берилген учурда эсепке алынат, келечектеги төлөмдөр - келишим түзүлгөн учурга карата банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо шарттарына ылайык, төлөө графиги боюнча төлөнөт. 

3.6. Жылдык эффективдүү пайыздык чендерди эсептөөнү банктар алгебралык ыкмада, ырааттуу жакындаштыруу менен компьютердик программаларды колдонуу аркылуу итерациялоо ыкмасында жүргүзүшөт (жобонун 1-тиркемесинде берилген кредиттер боюнча жылдык эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө мисалдары, ал эми 2-тиркемеде тартылган депозиттер боюнча натыйжалуу пайыздык чендерди эсептөө мисалдары келтирилген). Microsoft EXCEL программасынын ЧИСТВНДОХ (Microsoft EXCEL версиясы болсо XIRR функциясы - англисче) финансылык функциясын колдонуу сунуш кылынат. 

3.7. Кардар жана банк тарабынан ар кандай убакытта төлөнгөн суммалардын формуласын эсептөөдө алар сөзсүз эле бирдей болууга жана бирдей убакыт аралыгында төлөнүүгө тийиш эмес. 

3.8. Эгерде жылдык эффективдүү пайыздык ченди эсептөөдө алынган сан, бирден көп ондук белгиге ээ болсо, ал ондук үлүшкө чейин төмөнкүчө тегеректелүүгө тийиш: 

1) эгерде жүздүк үлүш 5тен көп же ага барабар болсо, онунчу үлүш 1ге жогорулатылып, андан кийинки бардык белгилер алынып салынат; 

2) эгерде жүздүк үлүш 5тен аз болуп калса, онунчу үлүш өзгөрүүсүз калуу менен андан кийинки белгилер алынып салынат. 

4. Маалыматтарды чечмелөө тартиби 

4.1. Банктар(1) жылдык эффективдүү пайыздык чендеринин өлчөмүн төмөнкүлөрдө көрсөтүүгө тийиш: 

1) кардарлар менен түзүлгөн келишимдерде; 

2) кардарлардын ооз эки же кат жүзүндөгү кайрылуулары боюнча жооп берүүдө

3) кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатуу учурунда (жарнамалык буклеттерде, такталарга илип коюу, баракчалар аркылуу таркатуу ж.б.), анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары, веб-сайттар, электрондук почта, телефон аркылуу, кардарларга ооз эки консультацияларды берүүдө көрсөтүлүүгө тийиш. 

4.1-1. Эффективдүү пайыздык чен өлчөмү жөнүндө маалыматтар менен катар эле, банктар, эгерде мындай төлөмдөр боюнча кардардын милдеттери кредиттик келишим/каржылоо келишиминин шарттарынан улам келип чыкса, кредиттин (каржылоонун) абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты, кредиттин (каржылоонун) негизги суммасын, пайыздар (үстөк акыны) комиссиялык жыйымдар ж.б. төлөмдөр, анын ичинде үчүнчү жактардын пайдасына колдонуудагы тарифтер боюнча төлөмдөр жөнүндө маалыматтарды кардарга берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 27-декабрындагы N 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.1.-2. Сунушталган кызматтар боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда (жарнамалык буклеттер, жол четиндеги такталар, баракчалар ж.б. аркылуу), анын ичинде жалпыга маалымат каражаттары аркылуу жайылтууда банктар, банкка кайрылууда кредит алууга/каржылоодон пайдаланууга байланыштуу кардардын чыгашаларын эске алуу менен кредиттин/каржылоонун толук наркы эсептелине тургандыгын белгилеп, көрсөтүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 27-декабрындагы N 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишиминде, банк алардан комиссиялык төлөм кармап калуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси камтылууга тийиш (ушул жобонун 3.3-пунктуна ылайык), ал эми комиссиялык төлөмдөр эффективдүү пайыздык чендин өлчөмүнө таасирин тийгизиши мүмкүн. Келишимде ошол комиссиялык төлөмдөрдүн суммасы же аларды аныктоо тартибине таянуулар, ошондой эле пайыздык чендерди өзгөртүү тартиби жана мөөнөттөрү да көрсөтүлөт. 

Эгерде келишимде пайыздык чендерди өзгөртүү шарты каралган болсо, кардарларды ал маалымат менен тааныштыруу ыкмасы тараптардын келишиминде аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 27-декабрындагы N 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.3. Ушул жобо күчүнө киргенгенге чейин кардар менен түзүлгөн, колдонуудагы келишим боюнча кардар, банк менен келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн банкка кайрылган учурда, өзгөртүүлөрдү киргизүүдө келишимде эффективдүү пайыздык ченди көрсөтүү каралууга тийиш. 

Кызмат көрсөтүүнү сунуштоо боюнча кардар менен түзүлгөн, келишимдерде эффективдүү пайыздык чен жана кредиттин/каржылоонун толук наркы компьютердик техникалык жабдуунун жардамы менен сан түрүндө, ошондой эле башка сый акы чендери менен бир пунктта бирдей тамга менен, бирдей өлчөмдө (курсив, түсүн өзгөртүп, баса белгилөө менен) көрсөтүлүүгө тийиш. 

Эгерде, банк, кредиттик келишимде, каржылоо келишиминде ушул тиркемеге тиешелүү шилтеме келтирген болсо, кредит келишимине/каржылоо келишимине карата тиркемеде кредиттин/каржылоонун толук наркынын өлчөмүн көрсөтө алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 27-декабрындагы N 51/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.4. Кредиттик линия боюнча кредиттерди берүүдө жана кредит жөнүндө тиешелүү келишимде жылдык эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө үчүн маанилер көрсөтүлбөгөн учурда, банк аны ошол келишимдин чегинде түзүлгөн ар бир келишимде төмөнкү позицияларды да эске алуу менен көрсөтөт: 

1) эгерде кредитти төлөө боюнча аныкталган график жок болсо жана кредит келишиминин шарттарынан улам аны аныктоо мүмкүн болбосо кредит, кредит келишим түзүлгөн учурдан тартып бир жылдык мөөнөткө берилген болуп эсептелинет; 

2) эгерде кредит келишиминде кредитти төлөөнүн мүмкүн болгон бир нече датасы белгиленген болсо, кредит көрсөтүлгөн ошол мөөнөттөрдүн эң эрте мөөнөтүндө берилиши жана төлөнүшү болжолдонот; 

3) эгерде берилип жаткан кредиттин суммасы көрсөтүлбөсө, анда кредит келишиминин аракеттенүү мөөнөтүндө, келишимде көрсөтүлгөн кредиттин максималдуу суммасы камсыз кылына тургандыгы болжолдонот; 

4) эгерде кардар кайсыл күнү төлөй тургандыгы аныкталбаган болсо, алар кредит келишими аракеттене баштаган учурдан тартып жүзөгө ашырылаары болжолдонот. 

(1) Ислам банкы же "ислам терезесине" ээ банк, ислам каржылоо принциптери боюнча операциялардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жылдык эффективдүү пайыздык чен жөнүндө маалыматтарды алдын ала ачып көрсөтпөшү мүмкүн. Бирок, Ислам банкы же "ислам терезесине" ээ банк, ушул жобонун 4.2-пунктуна ылайык бардык маалыматтар менен кардарларды тааныштырууга тийиш. 

1-тиркеме 

1-мисал 

Кредиттин суммасы 20000$ 

Кредит берилген күн 08.07.2008 

Жылдык чен 22% 

Кредиттин мөөнөтү 3 года 

Депозит түрүндө камсыздоо 30% (6000$) 

Нак акчага айландыруу Суммадан 0,2% (40$) 

Ар айлык төлөм (аннуитет) негизги 

сумма плюс пайыздар 763,81 

┌────────────────┬───────────────────┬──────────────────┬─────────────┐ 

Төлөө күнү Ар айлык төлөм Кошумча Жыйынтыгында │ 

үнү/айы/жылы) (аннуитет) негизги чыгашалар/төлөмдөртөлөм суммасы│ 

сумма плюс пайыздар │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

7/8/2008 -20000 6040 -13960 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

8/8/2008 763,81 763,81 │ 

9/8/2008 763,81 763,81 │ 

10/8/2008 763,81 763,81 │ 

11/8/2008 763,81 763,81 │ 

12/8/2008 763,81 763,81 │ 

1/8/2009 763,81 763,81 │ 

2/8/2009 763,81 763,81 │ 

3/8/2009 763,81 763,81 │ 

4/8/2009 763,81 763,81 │ 

5/8/2009 763,81 763,81 │ 

6/8/2009 763,81 763,81 │ 

7/8/2009 763,81 763,81 │ 

8/8/2009 763,81 763,81 │ 

9/8/2009 763,81 763,81 │ 

10/8/2009 763,81 763,81 │ 

11/8/2009 763,81 763,81 │ 

12/8/2009 763,81 763,81 │ 

1/8/2010 763,81 763,81 │ 

2/8/2010 763,81 763,81 │ 

3/8/2010 763,81 763,81 │ 

4/8/2010 763,81 763,81 │ 

5/8/2010 763,81 763,81 │ 

6/8/2010 763,81 763,81 │ 

7/8/2010 763,81 763,81 │ 

8/8/2010 763,81 763,81 │ 

9/8/2010 763,81 763,81 │ 

10/8/2010 763,81 763,81 │ 

11/8/2010 763,81 763,81 │ 

12/8/2010 763,81 763,81 │ 

1/8/2011 763,81 763,81 │ 

2/8/2011 763,81 763,81 │ 

3/8/2011 763,81 763,81 │ 

4/8/2011 763,81 763,81 │ 

5/8/2011 763,81 763,81 │ 

6/8/2011 763,81 763,81 │ 

7/8/2011 763,81 763,81 │ 

Эффективдүү 64,6% │ 

пайыздык чен │ 

(APR)(1) │ 

└────────────────┴───────────────────┴──────────────────┴─────────────┘ 

(1) Эффективдүү пайыздык ченди эсептөө үчүн Excel программасы ЧИСТВНДОХ финансылык функциясы колдонулат. Маани катары "Жыйынтыгында төлөнгөн сумма" тилкесиндеги бардык маалыматтар алынат, ал эми төлөө күнү катары "Төлөө күнү" тилкесиндеги маалыматтар алынат. 

2-мисал 

Кредиттин суммасы 20000$ 

Кредит берилген күн 08.07.2008 

Жылдык чен 22% 

Кредиттин мөөнөтү 3 года 

Нак акчага айландыруу Суммадан 0,5% 100$ 

Ар айлык төлөм (аннуитет) негизги 763,81 

сумма плюс пайыздар 

┌────────────────┬───────────────────┬──────────────────┬─────────────┐ 

төлөм күнү Ар айлык төлөм Кошумча Жыйынтыгында │ 

үнү/айы/жылы) (аннуитет) негизги чыгашалар/төлөмдөртөлөм суммасы│ 

сумма плюс пайыздар │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

7/8/2008 -20000 100 -19900 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

8/8/2008 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

9/8/2008 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

10/8/2008 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

11/8/2008 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

12/8/2008 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

1/8/2009 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

2/8/2009 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

3/8/2009 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

4/8/2009 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

5/8/2009 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

6/8/2009 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

7/8/2009 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

8/8/2009 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

9/8/2009 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

10/8/2009 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

11/8/2009 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

12/8/2009 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

1/8/2010 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

2/8/2010 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

3/8/2010 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

4/8/2010 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

5/8/2010 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

6/8/2010 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

7/8/2010 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

8/8/2010 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

9/8/2010 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

10/8/2010 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

11/8/2010 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

12/8/2010 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

1/8/2011 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

2/8/2011 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

3/8/2011 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

4/8/2011 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

5/8/2011 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

6/8/2011 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

7/8/2011 763,81 763,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

Эффективдүү 24,8% │ 

пайыздык чен │ 

(APR) │ 

└────────────────┴───────────────────┴──────────────────┴─────────────┘ 

3-мисал 

Кредиттин суммасы 20000$ 

Кредит берилген күн 08.07.2008 

Жылдык чен 22% 

Кредиттин мөөнөтү 3 года 

Кредитти пайдалангандык ай сайын 0,03% (6$) 

үчүн чыгашалар жана башка 

комиссиондук төлөмдөр 

Ар айлык төлөм (аннуитет) негизги 

сумма плюс пайыздар 763,81 

┌────────────────┬───────────────────┬──────────────────┬─────────────┐ 

Төлөө күнү Ар айлык төлөм Кошумча Жыйынтыгында │ 

үнү/айы/жылы) (аннуитет) негизги чыгашалар/төлөмдөртөлөм суммасы│ 

сумма плюс пайыздар │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

7/8/2008 -20000 -20000 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

8/8/2008 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

9/8/2008 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

10/8/2008 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

11/8/2008 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

12/8/2008 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

1/8/2009 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

2/8/2009 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

3/8/2009 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

4/8/2009 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

5/8/2009 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

6/8/2009 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

7/8/2009 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

8/8/2009 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

9/8/2009 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

10/8/2009 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

11/8/2009 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

12/8/2009 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

1/8/2010 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

2/8/2010 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

3/8/2010 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

4/8/2010 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

5/8/2010 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

6/8/2010 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

7/8/2010 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

8/8/2010 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

9/8/2010 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

10/8/2010 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

11/8/2010 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

12/8/2010 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

1/8/2011 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

2/8/2011 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

3/8/2011 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

4/8/2011 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

5/8/2011 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

6/8/2011 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

7/8/2011 763,81 6 769,81 │ 

├────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼─────────────┤ 

Эффективдүү 25,0% │ 

пайыздык чен │ 

(APR) │ 

└────────────────┴───────────────────┴──────────────────┴─────────────┘ 

2-тиркеме 

4-мисал 

Депозиттин суммасы 100000 

Сумманы депозитке салган күн 10/7/2008 

Депозиттин мөөнөтү 12 айга 

Пайыз 9% (пайыздары ай сайын төлөнөт) 

Депозит салууда документтерди 450 сом 

тариздетүүгө кеткен кардардын 

чыгымы 

┌───────────────┬──────────────────┬────────────────┬─────────────────┐ 

Төлөө күнү Негизги сумма жанаКошумча төлөмдөр Жыйынтыгында │ 

пайыздар төлөм суммасы │ 

├───────────────┼──────────────────┼────────────────┼─────────────────┤ 

7/10/2008 100450 450 100450 │ 

├───────────────┼──────────────────┼────────────────┼─────────────────┤ 

8/10/2008 -750 -750 │ 

├───────────────┼──────────────────┼────────────────┼─────────────────┤ 

9/10/2008 -750 -750 │ 

├───────────────┼──────────────────┼────────────────┼─────────────────┤ 

10/10/2008 -750 -750 │ 

├───────────────┼──────────────────┼────────────────┼─────────────────┤ 

11/10/2008 -750 -750 │ 

├───────────────┼──────────────────┼────────────────┼─────────────────┤ 

12/10/2008 -750 -750 │ 

├───────────────┼──────────────────┼────────────────┼─────────────────┤ 

1/10/2009 -750 -750 │ 

├───────────────┼──────────────────┼────────────────┼─────────────────┤ 

2/10/2009 -750 -750 │ 

├───────────────┼──────────────────┼────────────────┼─────────────────┤ 

3/10/2009 -750 -750 │ 

├───────────────┼──────────────────┼────────────────┼─────────────────┤ 

4/10/2009 -750 -750 │ 

├───────────────┼──────────────────┼────────────────┼─────────────────┤ 

5/10/2009 -750 -750 │ 

├───────────────┼──────────────────┼────────────────┼─────────────────┤ 

6/10/2009 -750 -750 │ 

├───────────────┼──────────────────┼────────────────┼─────────────────┤ 

7/10/2009 -100750 -100750 │ 

├───────────────┼──────────────────┼────────────────┼─────────────────┤ 

Эффективдүү 8,9% │ 

пайыздык чен │ 

(APR) │ 

└───────────────┴──────────────────┴────────────────┴─────────────────┘