Кайта келүү

Бишкек шаары  

2012-жылдын 18-майы N 19/6  

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТОКТОМУ  

  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынан лицензия алып,  

иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын  

жана башка финансы-кредит уюмдарынын  

кардарларга-жеке адамдарга кредиттерди  

берүүсүнө карата талаптар жөнүндө  

  

(КР Улуттук банк Башкармасынын  

2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/9, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

  

Улуттук банктан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган банктар жана башка финансы-кредит мекемелери тарабынан сунушталган банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, республиканын банк тутумунун ишинин натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында, ошондой эле карыз алуучулардан түшкөн кайрылууларды эске алып, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 3, 4, 7, 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 3, 4, 7, 35, 39, 39-1-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган бардык коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы кардарлар-жеке адамдар, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкерлер менен түзүлгөн кредиттик келишимдерде, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча айыптык төлөм, туумдар боюнча пайыз өлчөмү келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча пайыздык ченден ашпаган өлчөмдө белгилешсин. Мында, кредит колдонулуп жаткан бүтүндөй мезгил ичинде ага чегерилген айыптык төлөм, туум өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20% ашпоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/9, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

2. Юридикалык башкармалыгы:  

- бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырсын;  

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды, микрофинансылык уюмдарды, "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсынын укугу өткөн - адистештирилген финансы-кредит мекемесин жана кредиттик союздарды тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук  

банк башкармалыгынын төрагасы З.Асанкожоева