Кайта келүү

Улуттук банктын  

Көзөмөл боюнча комитетинин  

2017-жылдын 28-декабрында  

№ 51/2 токтому менен БЕКИТИЛГЕН 

 

Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (ФОЭС) 

9-стандартын колдонуу боюнча сунуш- көрсөтмөлөр 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын 9-стандартын колдонуу боюнча ушул сунуш- көрсөтмөлөр (мындан ары «Сунуш-көрсөтмөлөр») Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин эл аралык стандарттарына, Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары-Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.  

Сунуш-көрсөтмөлөрдө негизинен, коммерциялык банктардын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жана иши Улуттук банк тарабынан жөнгө салынуучу башка финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары- бардык жогоруда көрсөтүлгөн уюмдарга карата «Банк») финансылык отчетторуна зарыл корректировкалар каралган.  

2. Сунуш-көрсөтмөлөрдө бухгалтердик эсепке алууда күтүлүп жаткан кредиттик чыгымдарга бааланган кам тууралуу маалымат түзүү боюнча минималдуу ченемдер аныкталган, бирок камдарды баалоо үчүн толук методология камтылган эмес. Бул минималдуу талаптар ФОЭСке ылайык кредиттик тобокелдикти натыйжалуу жана талаптагыдай тескөө жана баа берүү максатында, Банк өз ишинде колдонуусу сунушталган.  

3. Тактап айтканда, Банк кредиттик тобокелдикке баа берүү жана өлчөө үчүн шайкеш процесстин болушун камсыз кылып, ал мезгил-мезгили менен талдап-иликтенип жана жаңыланып турууга тийиш. Өз кезегинде, күтүлүп жаткан кредиттик чыгымдар кредиттик тобокелдикке баа берүүнүн талаптагыдай жана натыйжалуу жол-жоболоруна жана ишенимдүү ыкмаларына таянуу менен өлчөнөт.  

4. Күмөн саноолорго жол бербөө максатында кредиттик тобокелдикке баа берүүнүн бул процесси сандык же сапаттык мүнөзгө ээ болушу, же эки ыкманы тең айкалыштырышы мүмкүн, бирок кредиттик тобокелдикти өлчөө аркылуу алынган, дефолттун орун алышы ыктымалдуулугун чагылдырууга тийиш. ФОЭСтин 9-стандартына ылайык, баа берүү процесси же «балл коюу» системасын, же кредиттик тобокелдикке баа берүүнү чагылдырган, «иерархиялык» системаны түшүндүрөт. Бул система сандык же сапаттык болушуна карабастан, кредиттик тобокелдикке баа берүү баштапкы баа берүү күнүнө, ошондой эле Банктын финансылык отчетун түзүү күнүнө карата финансылык инструменттердин кредиттик тобокелдигин аныктоого өбөлгө түзүүгө тийиш.  

5. Банк «кредиттик тобокелдиктин олуттуу көбөйүүсү» жана «дефолтко дуушарлануу тобокелдиги» боюнча тиешелүү аныктамаларга ээ болууга тийиш.  

6. Банк кредиттерди бекитүү, кредиттик тобокелдикти тескөө жагында ички контролдуктун натыйжалуу жол-жоболорун жана кредиттик тобокелдикти (иерархия) өлчөө системасын аныктоого тийиш. Бул жол-жоболор Улуттук банк тарабынан утурумдук негизде каралып жана баа берилип туруусу зарыл (баа берүү боюнча пункттарды карагыла). Натыйжалуулукка жетишүү максатында ички контролдук жол-жоболору уюмдарда расмий түрдө бекитилип жана тиешелүү документтерде чагылдырылууга тийиш (документтер боюнча пункттарды карагыла). 

7. Сунуш-көрсөтмөнүн максаттарында төмөнкү атоолор колдонулат:  

Кредиттик чыгым - келишимде каралган бардык акча агымдары менен Банк ала тургандыгы күтүлүп жаткан, баштапкы натыйжалуу пайыздык чен боюнча дисконттолгон бардык акча агымдарынын ортосундагы айырма.  

ОКУ/ECL (күтүлүп жаткан чыгымдар) дефолт тобокелдигине же салмактап көрүү коэффициенти катары дефолттун келип чыгышы ыктымалдуулугуна таянуу менен аныкталган, кредиттик чыгымдардын орточо салмактанып алынган мааниси. 

Банк финансылык инструмент боюнча күтүлүп жаткан кредиттик чыгымдарга төмөнкүлөрдү чагылдырган ыкмада баа берүүгө тийиш: 

- келип чыгышы ыктымал болгон натыйжаларга баа берүү менен салмактанып алынган сумманы 

эске алуу менен аныкталган; 

- акчанын убакыт ичинде орун алган наркын; жана  

- өткөн окуялар, күндөлүк шарттар жана келечекте болжолдонуучу экономикалык шарттар тууралуу, отчеттук күнгө карата ашыкча сарптоолорсуз же аракеттерсиз жеткиликтүү болгон негиздүү жана тастыкталган маалыматты. 

- PD (дефолттун келип чыгышы ыктымалдуулугу) жакынкы келечекте карыз алуучунун потенциалдуу дефолтко учуроо ыктымалдуулугуна баа берилет. Дефолттун келип чыгышы ыктымалдуулугу тарыхый маалыматтарды, күндөлүк сыяктуу эле, болжолдонгон тышкы жана ички көрсөткүчтөрдү да камтууга тийиш.  

Дефолттун келип чыгышы ыктымалдуулугуна өзгөрүлмөлүү көрсөткүчтөр менен түшүндүрүлгөн үлгү аркылуу баа берилет, айрым өзгөрүлмөлүүлөр макроэкономикалык көрсөткүчтөр болушу мүмкүн болгон тиешелүү.  

LGD (дефолттун орун алышындагы жоготуулар) - (EAD), күрөөлүк мүлктүн адилет наркын жана келип чыгышы ыктымал болгон башка ордун жабууларды (камсыздандыруу боюнча ордун толтуруулар ж.б) алып салуу менен дефолттун орун алышынын натыйжасында келип чыккан суммада чыгымдардын суммасынын үлүшү

EAD (дефолтко дуушарлануу) берилген кредит келишими боюнча келечектеги акча агымдарынын келтирилген наркы. Негизги карызды жана келишимде (контрактта) каралган пайыздарды төлөө боюнча акча агымдарынын көлөмү берилген кредиттердин дефолтко дуушарлануусу (EAD) катары саналышы мүмкүн.  

 

2. Директорлор кеңешинин жана жетекчиликтин милдеттери 

 

8. Банктын директорлор кеңеши (же ушу сыяктуу функцияларды аткарган башка орган), ошондой эле улук звенонун жетекчилери банкта ички контролдуктун натыйжалуу системасын кошо алганда, кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча талаптагыдай тажрыйбанын ишке ашырылышын камсыз кылууга милдеттүү. Улуттук банк эсепке алуу системасында колдонулган жана көзөмөлдүк нормаларына шайкеш келген, Банктын жарыяланган саясатына жана жол жоболоруна ылайык камдын тиешелүү көлөмүн аныктоодо негизги фактор катары кредиттик тобокелдикти тескөө тажрыйбасынын жана натыйжалуу ички контролдук системасынын болушун карайт.  

9. Банктын Директорлор кеңеши Банктын кредиттик тобокелдикти тескөө стратегиясынын, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган, тобокелдиктер боюнча бекитилген позицияга ылайык, кредиттик тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, баа берүү, мониторинг жүргүзүү, алар боюнча отчет берүү жана жеңилдетүү боюнча маанилүү саясаттардын жана жол-жоболордун бекитилишине жана үзгүлтүксүз кароого алынып турушуна жооп берет. Мындан тышкары, Директорлор кеңеши үлгүнү тастыктоо (валидация) жана кредиттик тобокелдиктер рейтингин түзүүнүн натыйжалуу системасы сыяктуу, контролдуктун башка аспекттилерине да жооп берет.  

10. Директорлор кеңеши бул милдеттерди аткаруу үчүн улук звенонун жетекчилерине системалуу жана ырааттуу колдонулууга тийиш болгон, тиешелүү жол-жоболорду иштеп чыгуу жана колдоо жагында буйрук бере алат. Ошону менен бирге эле, Директорлор кеңеши улук звенонун жетекчилеринен кредиттик тобокелдиктерге баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетту жана ОКУ/ECL боюнча камга баа берүүнү кошо алганда, өлчөө жол-жоболорун да талап кылуулары тийиш, анткени Директорлор кеңеши тобокелдиктер структурасынын жана ички контролдук системасынын түзүлүшүнө жана булардын алкагында мониторинг жүргүзүлүшүнө да жооп берет.  

 

3. Финансылык активдерди жана милдеттенмелерди классификациялоо жана баа берүү 

 

11. Финансылык активдер үч категория боюнча классификацияланат: 

- амортизацияланган нарк (AН) боюнча бааланган; 

- башка чогуу алгандагы киреше аркылуу адилет наркы боюнча бааланган (FVOCI); 

- тапкан пайда же кеткен чыгым аркылуу адилет наркы боюнча бааланган (FVPL). 

12. Ар башка категориялар боюнча классификациялоо эки тестти канаттандырышына жараша болот: 

- (а) «келишим боюнча акча агымдарын алууга» (SPPI) тести. 

Келишим боюнча акча агымдарына тест, же SPPI финансылык актив негизги карызды төлөө сыяктуу эле, ал боюнча пайыздарды төлөө үчүн да кармала тургандыгын аныктоого багытталган (SPPI).  

Негизги кредит же кредиттөө шарттары боюнча (сумма) бул, финансылык активдин негизги бөлүгү. Ал эми пайыздар бул, эң башкысы, акчанын убакыт ичинде орун алган наркына жана негизги карыздын суммасына байланыштуу кредиттик тобокелдик үчүн, ошондой эле кредиттөөгө байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон башка кадимки тобокелдиктер жана сарптоолор үчүн жана пайда маржасы үчүн сый акы. SPPI тести өзүнчө финансылык инструмент деңгээлинде жүргүзүлөт, бирок продукттардын структурасы акча агымдарынын структурасына окшош болсо, топ же продукттар деңгээлинде да жүргүзүлүшү мүмкүн.  

- (b) «бизнес-үлгү» («БМ») тести. 

Бизнес-үлгү тестинде акча агымдарын түзүү көз карашында финансылык активдин түрүн жөнгө салуу үчүн колдонулган, бизнес-ыкманы аныктоо болжолдонгон. Башкача айтканда, ишкердик чөйрөдө колдонулган бизнес-үлгү келишимде белгиленген шарттардын тажрыйбада аткарылышына: мисалы, активдер акча агымдарын топтоо же жыйноо же финансылык активдерди сатуу үчүн, экөөнө тең кармала тургандыгына баа берүүнү болжолдойт. Бизнес-үлгү бизнес деңгээлиндеги финансылык инструменттерге ылайык бааланат, бул өзүнчө финансылык инструменттер тобунун продукт же портфель деңгээлинде колдонулушун болжолдойт.  

13. Бизнес үлгү банк Башкармасы тарабынан жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте иштелип чыгат жана Банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылат. Бизнес үлгүнүн иш чөйрөсүнүн өзгөрүүсүнө жараша кайра каралышы мүмкүн, бул Банктын жол-жоболоруна ылайык негизделип жана документтештирилүүгө тийиш. Мында Директорлор кеңешинин милдеттери кредиттик тобокелдикке баа берүү жана өлчөө үчүн принципиалдуу мааниге ээ болгон, иштиктүү ички контролдук системасын камтыйт. 

14. Эгерде финансылык инструмент биринчиден, (а) SPPI тестин канааттандырса, тактап айтканда, финансылык активдер үчүн контракттын шарттары боюнча, бул агымдар негизги сумманы жана ал боюнча пайыздарды төлөөгө багытталса; жана экинчиден, (b) бизнес-үлгү тестинде контракт боюнча акча агымдарын алуу финансылык активди кармап калуунун максаты болуп саналаары аныкталса, финансылык актив амортизацияланган нарк боюнча бааланган категорияга классификацияланат. Бизнес-үлгү тестинин алкагында, финансылык активдерди сатуунун айрым көлөмдөрүнө карабастан, келишимдик акча агымдарын алуу, мурункудагыдай эле негизги максат болуп саналаары тууралуу тыянак чыгарууга боло тургандыгы белгиленген. Бирок мындай жагдай сатуу сейрек ишке ашырылып жана сатуунун себеби банктын кадимки иш багытына шайкеш келбеген учурда гана түптөлөт.  

15. Эгерде финансылык инструмент, биринчиден, (а) SPPI тестин канааттандырса, жана (b) бизнес-үлгү тестинин алкагында кадимки ишкер операциялар тажрыйбасынын максаты финансылык активдерди келишимдик акча агымдары үчүн кармап калуу жана аларды сатуу экендиги аныкталса, финансылык актив чогуу алгандагы жана башка киреше (FVOCI) аркылуу адилет наркы боюнча баалануучу категорияга классификацияланат.  

16. Күтүлүп жаткан кредиттик чыгымдарга камды эсептөө максатында, активди амортизацияланган наркы (АН) жана чогуу алгандагы жана башка киреше (FVOCI) аркылуу адилет наркы боюнча баалоо талап кылынат. 

17. Жогоруда келтирилген эки категориянын бирине да камтылбаган финансылык инструменттер тапкан пайда жана кеткен чыгым (FVPL) аркылуу адилет наркы боюнча баалануучулар катары классификацияланат. Амортизацияланган нарк (АН), же чогуу алгандагы жана башка киреше аркылуу (FVOCI) адилет наркы боюнча классификацияланган финансылык инструменттерди FVPL боюнча классификациялоо үчүн тандоого же белгилөөгө уруксат берилет. Мындай тандоого FVPL классификациясын пайдалануу баа берүүдө же таанууда дал келбестикти («эсепке алуудагы дал келбестикти») четтетет же олуттуу азайтат.  

18. FVPL классификациясы боюнча күтүлүп жаткан кредиттик чыгымдарга кам талап кылынбайт. Адилет нарктын өзү финансылык активдин сапатын да камтыйт жана кредиттик тобокелдиктеги жана кредиттик нарксызданышындагы (начарлоосундагы) бардык өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Өз кезегинде, адилет наркынын өзгөрүүсү тапкан пайда жана кеткен чыгым жөнүндө отчетто чагылдырылат. 

19. Финансылык милдеттенмелер эрежедегидей эле, амортизацияланган нарк (АН) боюнча эсепке алынат. Төмөнкүдөй, айрым учурларда финансылык милдеттенмелерди тапкан пайда жана кеткен чыгым (FVPL) аркылуу адилет наркы боюнча эсепке алуу талап кылынат:  

- милдеттенмелерди тескөө адилет нарктын негизинде жүзөгө ашырылса; 

-адилет нарк боюнча эсепке алуу ыкмасын колдонуу таанууда дал келбестиктердин (эсепке алуудагы дал келбестикти) четтетилишине же азаюусуна алып келсе; же  

- инструмент гибриддик келишим болуп саналып (б.а негизги келишимди жана байланышкан туунду инструментти камтыйт), ал үчүн байланыштуу туунду инструментти бөлүү зарыл боло турган болсо. 

20. Негизги финансылык келишимдерди камтыган, гибриддик инстурменттерге классификацияланган критерийлер боюнча ошол эле эки тестти колдонуу менен баа берилет. Көпчүлүк учурларда гибриддик келишимдер SPPI же бизнес үлгү тестинин критерийлерине дал келбей калышы мүмкүн, жана ошондуктан тапкан пайда жана кеткен чыгым аркылуу (FVPL) адилет нарк боюнча баа берилүүгө тийиш. Ушу сыяктуу эле, эгерде милдеттенме туунду инструменттерди камтыса, бул туунду инструменттерди негизги келишимден бөлүү жана аларга FVPL боюнча баа берүү талап кылынышы мүмкүн.  

21. Үлүштүк инструменттерге инвестициялар SPPI тестин канааттандырган, келишимде каралган акча агымдарынын мүнөздөмөсүнө ээ эмес, демек, алар FVPL боюнча чагылдырылат жана эсепке алынышат.  

 

4. Финансылык активдерди кайра классификациялоо 

 

22. Финансылык активдерди кайра классификациялоо тиешелүү бизнес-үлгүнүн алкагында алар кармалып кала турган максат, бул активдерди баштапкы таанудан кийин олуттуу өзгөрөт.  

 

5. Документтерге карата талаптар 

 

23. Банк документ менен иш алып баруунун талаптагыдай жүргүзүлүшүнө өбөлгө түзүп жана натыйжалуу ички контролдуктун бөлүгү катары документ түзүүнү камсыз кылууга тийиш. Документ түзүүдө төмөнкүлөр камтылуусу зарыл:  

(a) саясаттын тиешелүү жоболору жана эсепке алуу жол-жоболору жана кредиттик тобокелдик,  

(б) кредиттик тобокелдикти тескөө, баа берүү жана жөнгө салуу 

(в) «кредиттик тобокелдиктин олуттуу артышы» жана «дефолтко учуроо тобокелдиги» деген зарыл аныкталамалр, ошондой эле  

(г) жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр же башкармалыктар.  

Кредиттерди бекитүү боюнча, кредиттик тобокелдиктерди тескөө жол-жоболору жана кредиттик тобокелдикке баа берүү системалары боюнча документтердин, ошондой эле «кредиттик тобокелдиктин олуттуу артышы» жана «дефолтко учуроо тобокелдиги» концепцияларынын, же эсепке алуу классификациясына карата ыкмалардын жоктугун, Улуттук банк ички контролдуктун начардыгынын алдын ала далили катары эсептейт.  

24. ФОЭС 9-стандартынын кабыл алынышына байланыштуу Банк төмөнкү ички документтерди кайра карап чыгуусу зарыл:  

(а) Банктын эсептик саясатын;  

(б) кредиттик саясатты; 

(в) Банктын ишке тартылган башка ички документтерин.  

25. Банк эсепке алуунун жаңы системасынын алкагында талап кылынган, финансылык активдерди классификациялоо жол-жобосуна мындан ары да таянуусу зарыл. Продукттардын бардык түрлөрү классификациялоо категорияларынын бирине тиешелүү катары талаптагыдай аныкталууга тийиш. Мындан тышкары, классификациялоо системасында тиги же бул категорияга таандык болушунун себебин көрсөтүү да зарыл.  

26. Финансылык активдердин классификаиясын иштеп чыгуу жана аларды бекитүү процессинин жана аларды кийинчерээк эсепке алуунун алкагында Банк төмөнкү иш-чараларды аткаруу мүмкүнчүлүгүн кароого тийиш: 

- финансылык активдердин баа берүү категориясын аныктоо боюнча жол-жоболорун иштеп чыгуу (ар багыттуу чечимдерди кабыл алуу, чек-баракчалар же башка инструменттер); 

- ушул сунуш-көрсөтмөнүн 25-пунктуна ылайык финансылык активдерди аныктоо, классификациялоо жана эсепке алуу жол-жоболорун иштеп чыгуу; 

- эсепке алуу категориясына дал келген активдерди кайра классификациялоо боюнча жол-жоболорду иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү.  

27. Финансылык активдерди таанууну токтотуу жана модификациялоо процессин иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн Банк төмөнкүлөрдү карап чыгууга тийиш: 

- активдерди толугу менен жана жарым жартылай эсептен алып салуу үчүн критерийлерди, ошондой эле модификациялоо инструментти таанууну токтотууга алып келген учурларды белгилөөсү зарыл; 

- финансылык активдер боюнча келишимдердин олуттуу модификациясын аныктоо критерийлерин; 

- олуттуу модификация эмнени түшүндүрөөрүн аныктоо үчүн критерийлер (сандык же сапаттык).  

28. Банк саясаттын жана жол-жоболордун жаңы жоболорун иштеп чыгуусу же колдонуудагы саясаттарга жана жол-жоболорго төмөнкү багыттар боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүсү зарыл: 

Бизнес-үлгү тестин жүргүзүү үчүн так критерийлерди аныктоо, аларга төмөнкүлөр камтылат: 

а) финансылык активдерди тескөө максаты; 

б) жаңы финансылык активдерди бекитүү процесси; 

в) финансылык инструменттер үчүн бизнести өнүктүрүү стратегиясы; 

г) сатуу боюнча мониторинг процесси; 

д) келечектеги сатууларга карата күтүүлөрдү жана тандалып алынган үлгүнүн ар биринин максатынан четтөөлөрүн эске алуу менен сатууга талдап-иликтөөлөр; 

е) бизнес-үлгүлөрдү өзгөртүү жана финансылык инструменттерди кайра классификациялоо жол-жоболору. 

2. Ар бир финансылык актив SPPI тестинен өтөөрүн жана төмөнкүлөрдү кошо алганда, тиешелүү критерийлерге дал келээрин аныктоого багытталган жол-жоболорду иштеп чыгуу жана жайылтуу: 

а) SPPI-тестти колдонуу үчүн тажрыйбалык ыкма катары критерийлердин (б.а «чек баракчаны») стандарттык тизмесин даярдоо; 

б) стандарттык финансылык инструменттер үчүн: SPPI-тестти кантип колдонуу керектиги боюнча так критерийлер тизмеси; 

в) стандарттык эмес финансылык инструменттер үчүн: SPPI-тестти кантип колдонуу керектиги боюнча так критерийлер тизмеси. Бул стандарттыкка салыштырганда стандарттык эмес финансылык инструменттерде ой-пикирге негизденген ыкманын көбүрөөк пайдаланылышын талап кылышы мүмкүн.  

 

6. Кредиттик тобокелдиктин күчөшү 

 

29. Кредиттик тобокелдиктин күчөшү жана кредиттердин сапатынын начарлоосу объективдүү окуялар менен аныкталат, алар активди ар кандай баскычтарга ылайык классификациялоого өбөлгө түзөт.  

Бул төмөнкү баскычтар: 

- биринчи баскыч финансылык инструменттин баштапкы таанылышы, мында инструмент кредиттик тобокелдиктин олуттуу күчөшүн көрсөтпөйт; 

- экинчи баскыч мында активдин баштапкы таанылышынан тартып финансылык инструменттин кредиттик тобокелдигинин олуттуу күчөшү байкалат. 

- үчүнчү баскыч финансылык инструмент толугу менен нарксызданган болуп саналат: финансылык инструмент боюнча дефолттун орун алгандыгынын объективдүү далили бар.  

30. Банк кредиттик тобокелдиктин олуттуу көбөйүүсү катары эмнени саноого болоорун жана кайсы учурларда финансылык инструмент толугу менен нарксыздана тургандыгын аныктоосу (жана бул максаттарда ал кандай критерийлерди пайдалана тургандыгын көрсөтүү) зарыл. 

Кредиттик тобокелдиктин олуттуу көбөйүүсүн аныктоо жана жамааттык негизде камдарды таануу (ОКУ/ECL) үчүн Банк жеткиликтүү негиздин болушунда финансылык инструменттерди окшош мүнөздөмөлөрү боюнча топтоштура алат:  

Кредиттик тобокелдиктин мындай мүнөздөмөлөрүнө мисал катары төмөнкүдөй толук эмес тизмени келтирүүгө болот: 

- кредиттик тобокелдикти өлчөө үчүн колдонулган үлгүлөрдүн түрлөрү

- кредиттик тобокелдик рейтинги; 

- күрөөлүк камсыздоо түрлөрү

- баштапкы таануу күнү

- төлөөгө чейинки калган мөөнөттөр; 

- тармактар; 

- карыз алуучулардын жайгашуусу; жана 

- финансылык активге карата күрөө наркы, эгерде бул көрсөткүч дефолттун келип чыгуу ыктымалдуулугуна таасирин тийгизсе. 

32. Маалымат кредиттик тобокелдикке баа берүү жана өлчөө үчүн жарактуу болуп, салмактанып алынган жана негиздүүлүк мүнөздөмөлөрүнө ээ болууга тийиш. Банк ОКУ/ECL ге баа берүү жана өлчөө процессинде мындай маалыматты кандайча карагандыгын көрсөтө алгыдай абалда болуусу зарыл. Бул үчүн ал төмөнкү көрсөткүчтөрдү колдоно алат: 

- кредиттик чыгымдар боюнча мурдатан колдонулуп келген ички тажрыйба; 

- инструменттердин киреше чени жана баасы (окшош); 

- ички жана тышкы рейтингтери; 

- башка мекемелердин кредиттик чыгымдар боюнча тажрыйбасы; 

- тышкы отчеттор жана статистика. 

 

7. Күтүлүп жаткан чыгымдарды (ОКУ/ECL) эсептөөлөр 

 

33. Ушул главанын максатында күтүлүп жаткан чыгымдар дегенден улам, кредиттик чыгымдардын финансылык инструменттин бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде, ыктымалдуулукту эске алуу менен салмактанып алынган баасын түшүнүүгө болот (б.а. алынбай калышы мүмкүн болгон, күтүлүп жаткан акча каражаттарынын келтирилген наркы). Күтүлүп жаткан чыгымдарда төлөө суммасын жана мөөнөтүн эсепке алгандыктан, кредиттик чыгым Банк бардык сумманы толук көлөмдө, бирок келишимде каралган мөөнөттөн кечирээк алууну күтүп жаткан учурда да келип чыгышы мүмкүн.  

34. Амортизацияланган нарк боюнча же чогуу алгандагы жана башка киреше аркылуу адилет наркы боюнча эсепке алынган, финансылык инструменттер үчүн күтүлүп жаткан кредиттик чыгымдарды эсептөө жүргүзүлөт.  

35. Тапкан пайда жана кеткен чыгым боюнча адилет нарк боюнча финансылык инструменттер үчүн күтүлүп жаткан кредиттик чыгымдарды эсептөө жүргүзүлөт. 

36. Активди баланста алгач кабыл алууда ал олуттуу көбөйгөн кредиттик тобокелдиги жок катары аныкталат. Биринчи баскычта колдо болгон активдер боюнча чыгымдардын (ОКУ/ECL) ордун жабууга кам, 12 айлык мезгилге ОКУ/ECL катары эсептелет, же күтүлүп жаткан чыгымдар активдин колдонуудагы мөөнөтү ичинде (LECL), эгерде бул мөөнөт 12 айдан азыраак болсо, активдин бүтүндөй колдонуудагы мөөнөтү боюнча бааланат.  

Экинчи баскыч үчүн, б.а. кредиттик тобокелдиктин олуттуу көбөйүүсү белгиленген учурда, финансылык актив олуттуу кошумча кредиттик тобокелдикке ээ болот. Мында финансылык актив үчүн талап кылынган, күтүлүп жаткан чыгымдар боюнча (ОКУ/ECL) камдар, активдин колдонуудагы мөөнөтүнө жараша, бүтүндөй мөөнөт ичинде күтүлүп жаткан кредиттик чыгымдар боюнча (LECL) камдарга барабар болот.  

Үчүнчү баскыч үчүн, б.а. айкын нарксыздануу орун алган учурда, финансылык актив үчүн активдин бүтүндөй колдонуудагы мөөнөтү үчүн (LECL) күтүлүп жаткан кредиттик чыгымдардын кайрадан эсептелиниши талап кылынат. 

Эгерде актив биринчи жана экинчи баскычка классификацияланса, активдин дүң (гросс) суммасына, ал эми үчүнчү баскычка өтсө, таза суммасына, б.а чыгымга (нетто) камды эсептен алып салуу менен баланстык суммага пайыздык киреше чегерилет.  

Күтүлүп жаткан кредиттик чыгымдарды (ECL) эсептөө үчүн төмөнкү формуланы колдонууга болот: 

 

ECL = EAD * LGD * PD 

 

38. Макроэкономикалык факторлорду кошо алганда, келечекти камтыган маалыматтарды кароо ОКУ/ECLди эсепке алуу негиздеринин өзгөчө мүнөздөмөсү болуп саналат жана бул ОКУ/ECLдин эсепте өз убагында чыгалдырылышы үчүн принципиалдуу мааниге ээ. Банктар экономикалык талдап-иликтөөнүн жана болжолдоонун жалпы кабыл алынган ыкмаларына шайкеш, негиздүү пикирилерди пайдалана алышат.  

39. ОКУ/ECL өлчөө жана эсептөө тартибинде (кредиттик тобокелдикке баа берүүнү аныктоолордон жана кредиттик тобокедиктеги өзгөрүүлөрдөн) төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- акча каражаттарынын убакыт ичинде орун алган наркы. Баштапкы таануу учурундагы эффективдүү пайыздык ченди пайдалануу менен же жакындаштырылган көрсөткүчтү пайдалануу менен отчеттук күнгө карата дисконттоо; 

- күтүлүп жаткан нарк. Баа берүүгө кредиттик чыгымдын келип чыгуу ыктымалдуулугу жана кредиттик чыгымдын келип чыгуу ыктымалдуулугунун жоктугу милдеттүү түрдө камтылуусу зарыл.  

- толук эмес жана өз убагынан кечиктирилген келип түшүүлөр. Негизги жана пайыздык төлөөлөр, ошондой эле кечиктирилип жана компенсация берүүсүз төлөнгөн төлөмдөр боюнча тартыштык;  

- жамааттык жана жекече баа берүү

- баа берүү мезгили. Инструменттин колдонулушу мүмкүн болгон максималдуу мөөнөт, анын ичинде аракетин узартуу тууралуу жоболор; 

- кошумча маалымат. Банк негизсиз чыгаша тартуусуз жана ашыкча күч жумшоосуз ала турган, негиздүү жана тастыкталган кайсы болбосун маалымат, анын ичинде өткөн окуялар жана күндөлүк жагдай тууралуу маалыматтар сыяктуу эле, экономикалык болжолдоолор да. 

40. Банк ОКУ/ECLге баа берүү үчүн тандалып алынган экономикалык сценарий колдонула турган, түшүнүктөрдү негиздөөгө тийиш.  

41. Банк кредиттик тобокелдикке сыяктуу эле, дефолттун келип чыгышы ыктымалуудугуна баа берүүдө болжолдуу маалымат ал үчүн пайдалуу болобу жана канчалык деңгээлде пайдалуу болоорун кароого тийиш. Негизги элемент Банк «макроэкономикалык факторлорду кошо алганда, болжолдуу маалыматтардын таасирин эске алуусу зарыл» дегенди түшүндүрөт. Банктар ОКУ/ECLге негиздүү баа берип өз убагында таанууну камсыз кылуу үчүн зарыл инструменттерге ээ болуулары тийиш. Мурда түптөлгөн чыгымдар боюнча тажрыйба жагында маалымат кредиттөөдө кредиттик тобокелдикти толугу менен ЧАГЫЛДЫРА АЛБАЙТ (баса белгиленсин)4 . Бирок көп учурларда мурда түптөлгөн чыгымдар боюнча тажрыйбаны кароо маанилүү, жана бул иш жүзүндөгү биринчи кадам болуп саналат. 42. Банк ОКУ/ECLди болжолдоо үчүн макроэкономикалык өзгөрүлмөлүүлөрдүн кайсынысы жана канчалык деңгээлде ыңгайлуу экендигин кароого тийиш. Биринчиден, Улуттук банк кредиттик тобокелдик менен ECLге таасирин тийгизе турган көптөгөн факторлор бар экендигин тааныйт: мисалы, ИДӨ өсүш арымы, пайыздык чен, (инфляция), чет өлкө валютасынын курсу, акча которуулар көлөмү жана карыз алуучунун иш тармагы/сектору. Экинчиден, кайсы факторлорду колдонууга боло тургандыгын, кайсынысы алгылыктуу жана жөндүү экендигин муну Банк жекече негизде чечүүгө тийиш. Үчүнчүдөн, ар башка топторду кредиттөөдө ар кандай кредиттик тобокелдиктер камтылган, ошондуктан, факторлор ар башка финансылык продукттар, сегменттер, тармак, валюталар сыяктуу ж.б. ар кандай жагдайларды эске алуу үчүн өзгөрүп туруусу зарыл. Макроэкономикалык үлгүнүн жана анын өзгөрүлмөлүүлөрүнүн алгылыктуулугу жана натыйжалуулугу Банктын жекече жагдайына, ошондой эле активдердин ОКУ/ECL максаттары үчүн баалана турган портфелине жараша болот.  

43. Эгерде Банк болжолдуу маалыматты жана/же макроэкономикалык үлүгүн колдонууну чечсе, анда ал күтүлүп жаткан чыгымдарды аныктоодо бул маалымат кандай негизде камтылгандыгын (пайдаланылгандыгын) документтештирүүсү зарыл. Кайсы болбосун макроэкономикалык маалымат да ушул сыяктуу эле документтештирилет. Үлгүнү пайдалануу процесссинде колдонулуучу кандай болбосун жол берүүлөр толугу менен чагылдырылууга тийиш. Мындан тышкары, Банк ички контролдук системасы алкагында үлгүнүн аныктыгын текшерүүнү камсыз кылуусу зарыл. 

44. Эгерде Банктын финансылык отчетуна аудит жүргүзүү жана үлгүнүн шайкештигин текшерүү процессине көз карандысыз баа берүү үчүн тышкы аудитор тартылса, Банк көз карандысыз аудиторлорго карата колдонулуучу талаптардын туруктуу сакталышын камсыз кылуу үчүн кайсы болбосун таламдардын каршы келип калууларын эске алуусу зарыл.  

45. Улуттук банк ОКУ/ECL эсептөө жана алардын компоненттерин кароо үчүн тажрыйбада колдонулуп келген каражаттарды же жеңилдетилген ыкмаларды пайдаланууну тааныйт. Бул тажрыйбалык каражаттар Банк тарабынан каралып, тиешелүү түрдө жайылтулууга тийиш. Мисалы, ар кандай багыттардын көпчүлүгү үчүн мындай тажрыйбалык каражаттардан болуп, төмөнкүлөр саналышы мүмкүн:  

(а) болжолдуу маалыматты камтуу (пайдалануу),  

(б) төлөө мөөнөтү 30 күн кечиктирилген учурда кредиттик тобокелдиктин артышына жол берүүлөрдү жокко чыгаруу  

(в) төлөө мөөнөтү 90 күн кечиктирилген учурда дефолттун келип чыгышына жол берүүлөрдү жокко чыгаруу, финансылык инструмент боюнча дале болсо төмөнкү кредиттик тобокелдик катталган шартта, кредиттик тобокелдиктин олуттуу көбөйүүсүнө жол берүүлөрдү пайдаланууга өбөлгө түзгөн,  

(г) «төмөнкү кредиттик тобокелдикти» жокко чыгаруу.  

 

8. Дефолттун келип чыгышы ыктымалдуулугу (PD) 

 

46. Дефолттун келип чыгышы ыктымалдуулугу (PD) концепция сыяктуу Банк жетекчилигинин келечектеги тенденцияларга күндөлүк көз карашын чагылдырууга жана объективдүү мүнөзгө ээ болууга тийиш.  

47. Тобокелдик деңгээлинде потенциалдуу өзгөрүүлөргө баа берүү учурунда (анын ичинде өсүшүнө карай) Банк ОКУ/ECL көлөмүнүн өзгөрүүсүнө эмес, финансылык инструменттин колдонуудагы мөөнөтү ичинде дефолттун орун алышы тобокелдигинин өзгөрүүсүнө таянуусу зарыл.  

48. Банк дефолттун келип чыгышы ыктымалдуулугун аныктоо үчүн үлгүлөрдү иштеп чыгуу методологиясын даярдоосу жана бекитүүсү зарыл. Колдонуу болжолдонуп жаткан үлгү, ал үчүн иштелип чыккан портфелге карата колдонулууга тийиш.  

49. Кредиттик тобокелдикке жана дефолттун келип чыгышы ыктымалдуулугуна баа берүү жекече же жамааттык негизде аныкталууга тийиш.  

 

9. Дефолттун орун алышындагы жоготуулар (LGD) 

50. Дефолттун орун алышындагы жоготуулар бул, контрагент дефолтко дуушар болгон шартта, дефолт түптөлгөн учурга карата карыздын суммасынан жоготуу деңгээли. Бул, кардардын (карыз алуучунун) дефолтко учурашында Банк тарта турган чыгымдардын айкын көрсөткүчү

51. LGD га баа берүү үчүн үч негизги ыкма же алардын комбинациялары колдонулушу мүмкүн: 

- Экономикалык LGD. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (сарпталган агымдар көлөмү) менен иштөө процессинин натыйжасында алынган, акча агымдарынын негизинде эсептелет.  

- Статистикалык LGD. LGD боюнча мурдагы маалыматтардын жана инструменттин мүнөздөмөлөрү боюнча регрессиянын негизинде эсептелет.  

- Рыноктук LGD. Дефолтко учурабаган облигациялардын/насыялардын рыноктук бааларынын негизинде эсептелет.  

52. LGDга баа берүүдө эске алынышы зарыл болгон компоненттер: 

1. Камсыздалган карыз үчүн: 

- күрөөгө келечекте баа берүүлөрдү болжолдоолор, анын ичинде сатып өткөрүүдө күтүлүп жаткан жеңилдетүүлөр жана/же карыз алуучунун дефолтко дуушарлануусунда мүмкүн болуучу кайсы болбосун ордун жабуулар; 

- күрөөнү сатып өткөрүү жана башка калыбына келтирүү иштери үчүн убакыт; 

- ошол эле контрагент үчүн бир нече тобокелдик орун алган учурда, камсыздоону бардык тобокелдиктерге бөлүштүрүү (утурлама камсыздоо); 

- күрөө предметин сатып өткөрүүгө карата тышкы сарптоолор. 

2. Камсыздалбаган күрөө үчүн: 

- калыбына келүү үчүн убакыт; 

- жана башка калыбына келтирүүлөр карыз алуучунун дефолтко учурашында жана башка келип түшүүлөр; 

- карыз алуучунун дефолтко учурашында кайсы болбосун мүмкүн болуучу ордун жабууларды алууга тышкы сарптоолор. 

 

10. Маалыматты чечмелеп берүү 

 

53. Чечмеленип берилген маалымат финансылык отчетту пайдалануучуларга келечектеги акча агымдарынын өлчөмүнө, келип түшкөн убактысына жана аныксыздыгына кредиттик тобокелдиктин таасирин тийгизүүсүнө төмөнкү пункттар боюнча баа берүүгө өбөлгө түзөт: 

- кредиттик тобокелдикти тескөө процесстери жана алардын күтүлүп жаткан чыгымдарды таануу жана баа берүү менен өз ара катышы; 

- финансылык отчетто чагылдырылган, кредиттик чыгымдардын өлчөмүнө баа берүү

- кредиттик тобокелдиктин олуттуу концентрацияланышын кошо алганда, кредиттик тобокелдиктин түзүмү

54. ОКУ/ECLге баа берүү үчүн чечмеленүүчү маалыматтын сапатын жана пайдалуулугун арттыруу үчүн Банктар мезгилден мезгилге карата ОКУ/ECL баа берүүлөрдөгү маанилүү өзгөрүүлөр тууралуу түшүндүрмөлөрдү берүүлөрү зарыл. Мындай маалымат ОКУ/ECLге баа берүүлөрдөгү өзгөрүүлөрдү толук түшүндүрүү үчүн сапаттык сыяктуу эле, сандык маалыматтын чечмеленишин камтууга тийиш.  

 

11. Кредиттик тобокелдикти тескөөго баа берүү 

 

55. Улуттук банк Банк ишине жана алардын кредиттик тобокелдиктерге баа берүү боюнча ишине жыл сайын пруденциалдык текшерүүлөрдү жүргүзүп турууга, ошондой эле бул ишти жакшыртуу үчүн зарылчылыгына жараша сунуш-көрсөтмөлөрдү сунуштап турууга укуктуу. 

56. Банк кредиттик тобокелдиктерге баа берилишин камсыз кылган (жогоруда көрсөтүлгөндөй), эффективдүү ички контролдук механизмдерин жыл сайын текшерип туруусу зарыл. Үлгүнүн аныктыгын Банктын Директорлор кеңешине отчет берип туруучу кызматы (түзүмдүк бөлүм) жыл сайын текшерип турууга тийиш.  

57. Улуттук банк кеминде төмөнкү талаптардын аткарылышына баа берүүнү жүзөгө ашырат: 

- Банктын кредиттик тобокелдикке талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн ички функциясы ишенимдүү болуп, бардык кредиттик позицияларды камтыйт; 

- Банктын кредиттик тобокелдиктеги өзгөрүүлөрдү өз убагында аныктоо, классификациялоо жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле бардык кредиттик позициялар боюнча бул өзгөрүүлөргө чара көрүү жол-жоболорунун жана системаларынын сапаты шайкеш болуп саналат, ал эми Банк жетекчилигинин эксперттик кредиттик корутундуларында күндөлүк шарттар жана келечекти камтыган болжолдуу маалыматтар, анын ичинде макроэкономикалык факторлор эске алынат жана тиешелүү түрдө документтештирилет; 

- Банкта колдонулуп жаткан жол-жоболордо позициялар ачылгандан же аларга ээ болгондон тартып кредиттик тобокелдик Банктын жөнгө салууга боло турган тобокелдигинин деңгээлинен ашкан кредиттик позициялардын ыкчам аныкталышын жана мониторингин камсыз кылуу үчүн Банктын жөнгө салуу мүмкүн болгон тобокелдигинин деңгээли чагылдырылат; мында ОКУ/ECL камга баа берүүлөрдө бул позициялар боюнча кредиттик тобокелдиктин көбөйүүсү, эгерде мындай көбөйүү катталган болсо, чагылдырылат;  

- кредиттик позициялар боюнча кредиттик тобокелдик, кредиттик тобокелдиктеги өзгөрүүлөр, ОКУ/ECLдеги тиешелүү өзгөрүүлөр жана камга баа берүүлөрдөгү өзгөрүүлөр тууралуу тиешелүү маалымат үзгүлтүксүз түрдө (чейрек сайын, же максатка ылайык келсе, андан көбүрөөк) Директорлор кеңешине жана Банк жетекчилигине сунушталып турат; 

- кредиттик тобокелдикке баа берүүдө жана өлчөөдө эске алынган болжолдоолор өлчөнгөн жана негизденген гана болуп саналбастан, Банк тарабынан башка максаттар үчүн колдонулуучу болжолдоолорго да макулдашылат; мында бул болжолдоолор жеткиликтүү болууга тийиш; 

- Банктын кредиттик тобокелдиктин ички үлгүлөрүнүн шайкештигин жана макулдашылгандыгын текшерүү үчүн эрежелери жана жол-жоболору ишенимдүү болуп саналат.  

58. Улуттук банк бул баа берүүлөрдү жүргүзүүдө банктардан көзөмөлдүк, атайын отчеттуулук же жеринде барып тешкерүү үчүн коомчулукка жайылтылбай турган кошумча маалыматтарды талап кыла алат.  

 

12. Улуттук банктын потенциалдуу чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү боюнча жобосу 

 

59. Улуттук банктын «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун үчүн камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобосунда (мындан ары -Жобо) потенциалдуу чыгым тартуулардын ордун жабууга камга (РППУ)5 чегерүүлөрдүн көлөмүн аныктоо үчүн берилген категориялардын тизмесин камтыйт. Белгиленген категориялар (же ОКУ иерархиясы) Улуттук банктын көзөмөл талаптарынын алкагында эч кандай өзгөрүүсүз төмөнкүчө күчүндө калат: «нормалдуу», «канаттандырарлык», «байкоо алдындагы», «субстандарттык», «шектүү» жана «жоготуулар». Улуттук банктын пикири боюнча, активдердин системага салынышы жана талап кылынган РППУнун тиешелүү деңгээли кеңири мааниде ОКУ боюнча ФОЭС 9-стандартынын нормаларына шайкеш келет (албетте, булар абсолюттук деңгээлде окшош эмес). Банктар ушул Жобонун талаптарына ылайык мындан ары да РППУга баа берүүсү жана аларды тиешелүү негизде Улуттук банкка сунушталуучу мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетто чагылдыруусу зарыл.  

60. ФОЭС 9-стандарты боюнча кредиттердин иерархиясын түзүү жана системага салуу үчүн Банктын милдеттүү отчетунда колдонулуучу бирдей (же окшош) категорияларды колдонууга болот. Бул категорияларды колдонуу колдоого алынгандыгына карабастан, Банк бул категориялар ФОЭС 9-стандартынын системасына макулдашылгандыгын камсыз кылуусу жана кандайча макулдашылгандыгына баа берүүсү зарыл. Бул кредиттик тобокелдиктин олуттуу өсүшү сыяктуу негизги аспектисин, ошондой активдер «субстандарттык» же «шектүү» категорияларынын алкагында нарксызданган болуп саналышаарын аныктоо үчүн зарыл. Эки аспекти тең ФОЭС 9-стандартынын алкагында ОКУну өлчөө ыкмаларын аныктоого үчүн зарыл болот. Бул баскычта Улуттук банктын көзөмөлдүк системасынын алкагында категорияларды аныктоо колдонулган жобо, механикалык планда ОКУну системага салуу ыкмасын камтыйт, мында көбүнчө ОКУ көлөмүн формула боюнча эсептөөгө көңүл бурулат, бул кесипкөй ой-пикирлерди колдонуу болжолдонгон, кредиттик тобокелдикти иерархиялык классификациялоого негизденген ыкмага окшош эмес.