Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

Көзөмөл боюнча комитетинин 

токтому 


 

Бишкек ш.                                                                                                     2016-жылдын "23" ноябрындагы № 47/1 

 

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2008-жылдын 25-декабрындагы №27/3 "Даяр турак жайды сатып алууга берилген кредиттерди стандартташтыруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун 2.4-пунктуна таянуу менен Көзөмөл боюнча комитет токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2008-жылдын 25-декабрындагы №27/3 "Даяр турак жайды сатып алууга берилген кредиттерди стандартташтыруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган толуктоо жана өзгөртүү (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.  

 

 

Комитеттин төрагасынын м.а.: Н. Сагындыков 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

Көзөмөл боюнча комитетинин 

2016-жылдын "23" ноябрындагы 

№ 47/1 токтомуна карата 

тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2008-жылдын 25-декабрындагы №27/3 "Даяр турак жай сатып алууга берилген кредиттерди стандартташтыруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген даяр турак жай сатып алууга берилген кредиттерди стандартташтыруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн:  

- 1.3-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

"Мында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген, калк үчүн даяр турак жайды сатып алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган мамлекеттик программалардын талабын ишке ашыруунун алкагында банктар программанын шарттарына ылайык жана өзүндө орун алган тобокелдиктерге баа берүүнүн негизинде башка талаптарды (коэффициенттер ж.б.у.с.) белгилеши мүмкүн. Тобокелдиктерге баа берүү ыкмасы Улуттук банкынын укуктук ченемдик актыларына ылайык болуп, ички саясаттарда жана жол-жоболордо чагылдырылууга тийиш. Банктар тобокелдиктерди, анын ичинде кредиттик тобокелдиктерди талаптагыдай аныктоо, баа берүү жана тескөөгө алуу үчүн жоопкерчиликтүү."; 

- 2.3-пунктунун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацы алынып салынсын.