Кайта келүү

(1994-жылдын 16-декабрындагы чыг. 033-6/1697 ) 

 

Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүн жогорулатуу боюнча”  

1 директивалык көрсөтмө 

 

Улуттук банктын дарегине коммерциялык банктардын кардарларынан, алардын эсебинде жетиштүү суммадагы каражаттар болсо да банктар төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн кечиктирип жатышкандыгы, ошондой эле депозиттер боюнча милдеттенмелер аткарылбай жаткандыгы, б.а. жарыяланган пайыздар төлөнбөй, мөөнөтү аяктагандан кийин каражаттар кайтарылбай жаткандыгы боюнча даттануулар дале келип түшүүдө.  

Мындай иш тажрыйба мыйзамсыз болуп саналат (бул республиканын экономикасына терс таасир тийгизет), анткени ал бартер жана нак акча менен иштөөгө мажбур болгон кардарларга гана олуттуу зыян алып келбестен, ошол банктардын ликвиддүүлүгүн пландаштыруу процессин үзгүлтүккө учуратып, алардын финансылык абалын да начарлатат.  

Улуттук банктын пикири боюнча, банктардын ликвиддүүлүгүнө тиешелүү проблемалар ал жетиштүү деңгээлде тескөөгө алынбагандыгынан же тобокелдиктер теориясын билбегендиктен же болбосо аны иш жүзүндө пайдалана албагандыктан улам келип чыккан. Коммерциялык банктардын дарегине ликвиддүүлүктү тескөө боюнча сунуш-көрсөтмөлөр жөнөтүлүп, бул маселе боюнча кеңешме өткөрүлгөн, бирок фактылар республиканын бүтүндөй банк тутумунун ликвиддүүлүгү мурдагыдай эле алгылыксыз абалда экендигин тастыктайт

Улуттук банк мындай алгылыксыз иштерге жол бербөө үчүн, ошондой эле банк тутумунун ликвиддүүлүгүн жогорулатуу максатында төмөнкү иш-чараларды ишке ашырууну сунуштайт

1. Ликвиддүүлүктү тескөө үчүн жооптуу адамдардын ээлеген кызматына ылайык келишин кароого алуу

2. Ликвиддүүлүктү тескөө үчүн жооптуу кызматкерлерди тез ара окутуудан өткөрүү боюнча чараларды көрүү

3. Кардардын эсебинде каражаттар болгон шартта, төлөм тапшырмаларын кабыл алган кызматкерлердин аталган документтерди кабыл алуудан баш тарткандыгы үчүн жоопкерчилигин күчөтүү

4. Кардарлардан төлөм тапшырмаларын кабыл алган кызматкерлер аларды кабыл алгандыгын кол тамга жана штамп менен күбөлөндүрүүгө милдеттүү.  

5. Операциялык кызматкер төлөм документтерин кабыл алуудан баш тарткан учурда, аларды жалпы тартипте каттоодон өткөртүү аркылуу банкка тапшырууга укуктуу экендигин банктын бардык кардарларына маалымдоо.  

6. Милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн бардык ликвиддүү активдерди сатып өткөрүү

7. Ликвиддүүлүккө тиешелүү проблемалар келип чыккан шартта, ал тууралуу Улуттук банкка токтоосуз маалымдоо

Эгерде ликвиддүүлүктү тескөө жагдайы жөнгө салынбаса жана кардарлардын эсептеринде жетиштүү каражаттар болгон шартта да төлөмдөр кармалып калса же төлөм тапшырмаларынын кабыл алынбай жатышына даттануулар келип түшсө, мындай бузууга жол берген банктарга карата мыйзамда каралган төмөнкүдөй санкциялар колдонулат:  

- айыптык төлөм алуу

- иштин айрым түрлөрүнө чектөөлөрдү белгилөө

- банкка тике тескөөнү киргизүү

- лицензияны кайтарып алуу

Мындан тышкары, банктардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн начарлашы республиканын экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн эске алуу менен Улуттук банк, мыйзам бузууларга жол берген банктардын жетекчилерине карата кошумча таасир этүү чаралары тууралуу сунушту Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү укугун өзүнө калтырат