Кайта келүү

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин  

2004-жылдын 12-февралындагы №7/7 токтому менен  

БЕКИТИЛГЕН 

 

 

Банк ишине коэффициенттердин негизинде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөр 

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2012-жылдын 24-декабрындагы №53/2 токтому менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилген) 

 

I. КИРИШҮҮ 

 

1.1. Документ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан, коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары - банктар) кызматкерлери баа берүү коэффициентинин жардамы менен коммерциялык банктардын ишине жана финансылык абалына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүдө көмөк көрсөтүүсү максатында иштелип чыккан. 

1.2. Бул Усулдук сунуш-көрсөтмөдө коэффициенттердин бардыгы камтылбагандыктан, талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүдө башка коэффициенттер кошумча пайдаланышы мүмкүн.  

1.3. Талдап-иликтөө, айкын учурда (күнгө) гана эмес, белгилүү бир мезгил аралыгында да (ай, чейрек, жарым жыл жана жыл) жүргүзүлүүгө тийиш, себеби баланстык отчеттун маалыматтары жана түшкөн пайдалар менен кеткен чыгымдар жөнүндө маалыматтар банктын белгилүү бир күнгө карата абалын гана мүнөздөйт. Банктын өткөн мезгилдердеги ишин эске алуу менен учурдагы абалына баа берүү, банктын тенденцияларын белгилөөгө жана анын келечегин болжолдоого мүмкүнчүлүк берет. Мында кандай гана коэффициенттердин маанилери жана тенденциялары болбосун, ал өзүнөн-өзү башка бир абалдын талашсыз жана акыркы көрсөткүчү болуп саналбай тургандыгын эске алуу зарыл (өзгөчө банктарды бири-бири менен салыштырууда). Корутунду чыгаруунун алдында бардык факторлор, ошондой эле банк ишине байланыштуу бардык учурлар эске алынууга тийиш. Көрсөткүчтөр банкта көйгөй бар экенин көрсөтөт, бирок дайыма эле пайда болуу себептерин түшүндүрүп бере албайт. Ошондуктан түптөлгөн жагдай банктын жетекчилиги менен кылдат талкуулангандан кийин, банктын финансылык абалы толук изилденгенден кийин гана толук жана ишенимдүү маалымат алууга болот.  

1.4. Банк көрсөткүчтөрүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана анын ишине баа берүү, көлөмү (же башка параметрлери) боюнча бирдей банктар менен салыштыруу орундуу. 

1.5. Банк ишинин ар башка аспектилерине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүдө бир эле коэффициент пайдаланылышы мүмкүн. Ошондуктан, бул документтерде айрым коэффициенттер атайын кайталанат. 

 

II. ЖАЛПЫ ТҮШҮНҮКТӨР 

 

2.1. Көрсөткүчтөрдү эсептеп чыгарууда алым менен бөлүүчүнү салыштыруу принцибинин сакталышын камсыз кылуу зарыл (мисалы, жылдык пайданы активдердин орточо жылдык суммасы менен салыштыруу зарыл, себеби пайда мезгилдин акырына карата эмес, бүтүндөй бир жыл ичинде түптөлөт жана топтолот). Эгерде кароого алынган көрсөткүчтөр ортосундагы кескин четтөөлөр талдоого алынган мезгил ичинде келип чыкса, аларды орточо чоңдуктарды пайдалануу менен теңдештирүүгө болот.  

2.2. Орточо көрсөткүчтөр, баланстын күнүмдүк маалыматтарынын негизинде орточо арифметикалык чоңдуктарды эсептөө принциби боюнча эсептелүүгө тийиш. 

2.3. Чейрек үчүн орточо чоңдуктарды эсептеп чыгарууда талдап-иликтөөгө алынган чейректин үч айынын акыркы күндөрүнө карата берилген баланстык маалыматтар колдонулат (мисалы, 1-чейрек үчүн орточо чоңдуктарды эсептеп чыгарууда 31-январга, 28(29)-февралга жана 31-мартка карата алынган баланстык маалыматтар пайдаланылат). 

2.4. Эгерде талдап-иликтөөгө алынган чейректин үч айынын жана өткөн чейректин акыркы айынын баланстык маалыматтары берилсе (мында 31-декабрга карата, 2.3-пунктту кара) төмөнкү ыкмалар колдонулушу мүмкүн: 

а) берилген маалыматтар суммаланат жана алынган сумма төрткө бөлүнөт (бул ыкма алгылыктуу болуп саналат); 

б) өткөн чейректин акыркы айынын (31-декабрына карата) жана учурдагы чейректин акыркы айынын (31-мартка карата) баланстык маалыматтары суммаланат, алынган сумма экиге бөлүнөт. 

2.5. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкманы колдонуу менен жыл жыйынтыгы боюнча банк ишине да талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө болот. Ал үчүн учурдагы жылдын ар бир чейреги үчүн көрсөткүчтөрдүн орточо маанилери колдонулат. Мисалы, бир жыл үчүн орточо маанини эсептеп чыгаруу үчүн (31-декабрында аяктаган) учурдагы жылдын төрт чейрегинин орточо маанилери суммаланат жана алынган сумма төрткө бөлүнөт.  

2.6. Эгерде жылдык орточо чоңдуктарды эсептөөдө талдап-иликтөөгө алынган жылдын ар бир чейрегинин акыркы күнүнө (башкача айтканда 31-мартка, 30-июнга, 30-сентябрга, 31-декабрга карата) жана өткөн жылдын акыркы чейрегине (31-декабрга карата) карата сунушталган баланстык маалыматтар колдонулса, анда төмөнкү ыкманы колдонуу зарыл: 

талдап-иликтөөгө алынган жылдын төрт чейрегинин балансы өткөн жылдын акыркы чейрегинин балансына кошулуп, андан алынган сумма бешке бөлүнөт (бул ыкма алгылыктуу болуп саналат).  

2.7. Сунушталган эсептөө ыкмалары жалгыз ыкма болуп саналбайт. 

Мында каталарды оңдоого көмөк көрсөткөн, талдап-иликтөөнүн ишенимдүүлүгүн жана так берилишин жогорулаткан кайсы болбосун статистикалык жарактуу ыкманы пайдаланууга болот. 

2.8. Талдап-иликтөөнү жүргүзүү үчүн түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчеттун бардык маалыматтары жылдык өлчөөдө келтирилүүгө тийиш. Бул, эгерде чейректик отчеттор берилсе, эсептик маалыматтар төмөнкү которуу коэффициенттерине көбөйтүлүүгө тийиш: 

31-мартка карата - 4,0; 

30-июнга карата - 2,0; 

30-сентябрга карата - 1.33; 

31-декабрга карата - 1.0. 

 

III. БАЛАНСТЫН АЙРЫМ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ 

 

3.1. Баланстын айрым көрсөткүчтөрүн талдап-иликтөө үчүн Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун (ПРБО) маалыматтары пайдаланылууга тийиш.  

3.2. Маалыматтар активдердин, пассивдердин жана капиталдын курамындагы өзгөрүү предметине, ошондой эле бул өзгөрүүлөрдүн тенденцияларын талдап-иликтөөнү эске алуу менен каралууга тийиш.  

3.3. Бир мезгил аралыгында отчеттун айрым статьяларындагы (бир мезгилден башка бир мезгилге карата) өзгөрүүлөргө талдап-иликтөөлөр, банктын жалпы иши тууралуу маалымат берет жана орун алышы мүмкүн болгон көйгөйлөрдү аныктоого мүмкүндүк берет, мисалы: 

а) белгилүү бир мезгил аралыгына карата айыл чарба секторуна кредиттерди берүү көлөмүнүн жогорулашы же кредиттерди берүүнүн кыскарышы банктын кредит саясатындагы өзгөрүүлөрдү көрсөтүшү мүмкүн; 

б) эгерде белгилүү бир мезгил ичинде кредиттик операциялар көлөмүнүн жогорулоосу банктар аралык кыска мөөнөттүү карыз алуулардын эсебинен каржыланса, анда банк мындай операциялардан алынган киреше менен тартылган каражаттар наркы (маржа) ортосундагы айырманы жогорулатуу үчүн ликвиддүүлүктөн баш тартып, анчалык кымбат эмес каржылоого артыкчылык берет; 

в) банк ишинде колдонулбаган материалдык активдердин (мүлктүн, жабдуулардын ж.б.) көлөмүн көбөйтүү банктын кредит портфелинде көйгөй орун алгандыгы белгиси болушу мүмкүн; 

г) эгерде кароого алынып жаткан мезгил ичинде банктын жалпы милдеттенмелеринин көлөмүндөгү мөөнөттүү аманаттардын үлүшү көбөйсө, бул бир жагынан ресурстук базанын туруктуулугуна алгылыктуу таасир берет жана каражаттар булагын тескөө ишин жеңилдетет, экинчи жагынан анын наркы жогорулайт, анткени мөөнөттүү аманаттар боюнча пайыздык чендер, негизинен, талап боюнча төлөнүүчү депозиттерге караганда жогору болот. 

 

IV. БАНКТЫН КИРЕШЕЛҮҮЛҮГҮНӨ ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ 

 

4.1. Бул талдап-иликтөө банк тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын мүнөзүнө, башкаруу деңгээлине жана сапатына, банктын стратегиялык максаттарына баа берүүгө мүмкүндүк берет. 

4.2. Талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн аларды эсептөөдө түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчеттогу маалыматтар пайдаланылган көрсөткүчтөрдү колдонуу сунушталат, аларды жөнөкөйлөтүп төмөнкү түрдө берүүгө болот: 

Пайыздык кирешелер 

-Пайыздык чыгашалар 

=Таза пайыздык киреше 

------------------------- 

+ Башка кирешелер 

-Административдик чыгашалар 

- РППУга чегерүүлөр 

 

=Операцияларды жүргүзүүдөн түшкөн кирешелер  

----------------------------------- 

+-Активдерди сатуудан түшкөн пайда (кеткен чыгым)  

+-Күтүүсүз кирешелер (чыгымдар) 

----------------------------- 

= Таза пайыздык киреше 

-Салыктар 

=Таза киреше (пайда) 

 

4.3. БАНКТЫН ПАЙДА АЛУУСУ ЖАНА АКТИВДЕРДИН КИРЕШЕЛҮҮЛҮГҮ 

4.3.1. Банктын пайда алуу деңгээли алынган таза кирешенин (пайданын) абсолюттук чоңдугу катары аныкталат.  

4.3.2. Активдердин кирешелүүлүгү таза кирешенин (пайданын) орточо активдерге карата катышы менен аныкталат жана банк ишиндеги өтө маанилүү көрсөткүч болуп саналат. Ал колдо болгон активдердин негизинде банктын киреше табуу жөндөмдүүлүгүн чагылдырат. Бул көрсөткүчтүн мааниси канчалык жогору болгон сайын, банк өз активдерин ошончолук канааттандырарлык шартта натыйжалуу пайдаланат.  

Эсептөө тартиби: 

 

Таза киреше (пайда)  

--------------------------------------------- * 100 % 

Активдердин орточо суммасы 

 

4.4. КАПИТАЛ КИРЕШЕЛҮҮЛҮГҮ 

4.4.1. Активдерге карата пайданын катышы (кирешелерге таасир этүүчү факторлордун катышы сыяктуу эле), уюштуруучулардын таламдарынын көз карашы боюнча иштеп жаткандыгын көрсөтпөйт. Бул максаттар үчүн банктын акционердик капиталынан салык алынгандан кийин кирешенин катышы катары аныкталуучу акционердик капиталдын кирешелүүлүк көрсөткүчүн пайдалануу сунушталат.  

Эсептөө тартиби: 

 

Таза киреше (пайда)  

------------------------------------------------------- * 100 % 

Акционердик капиталдын орточо деңгээли  

 

4.4.2. Бул көрсөткүч, банк ишинин жыйынтыгын аныктоодо, салымдардын кирешелүүлүгүн баалоодо жана башка инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен салыштыруу үчүн уюштуруучулар жана акционерлер тарабынан пайдаланылат. 

4.5. Банктын кирешелүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүдө инфляциянын деңгээлин эске алуу зарыл. Ошентип, банк кирешелерин номиналдык жогорулатууга карабастан, реалдуу таза киреше иш жүзүндө төмөндөшү мүмкүн. Буга банктын кирешелүүлүк деңгээлинен ашып түшкөн инфляциянын жогорку арымы себеп болушу мүмкүн. 

Мында, кирешелүүлүктүн номиналдык деңгээли деп инфляцияны эсепке албагандагы банктын кирешелүүлүгү, башкача айтканда айкын алынган кирешелери түшүндүрүлөт. Кирешелүүлүктүн реалдуу деңгээли инфляциялык таасир этүүлөрдү, башкача айтканда, тиешелүү оңдоолор киргизилгенден кийин эске алынат. Ошондуктан номиналдык кирешелүүлүк деңгээли инфляциянын арымына барабар болгон чоңдукка карата реалдуу баадан жогору болот.  

Инфляциянын деңгээли жана суммардык капиталдын кирешелүүлүк көрсөткүчүнүн айкын мааниси бар болгон шартта, банк ээ болууга тийиш болгон активдердин кирешелүүлүк деңгээлин төмөнкү формула менен эсептөөгө болот: 

А = {(1+R)*(1+I)-1}*К, 

А активдердин зарыл номиналдык кирешелүүлүк деңгээли; 

R суммардык капиталдын кирешелүүлүгүнүн айкын мааниси; 

I инфляция арымы; 

К капитал жетиштүүлүгүнүн көрсөткүчү (суммардык капитал/активдер). 

Инфляция нөл чегинде болгон шартта активдердин кирешелүүлүк көрсөткүчтөрүнүн номиналдык жана реалдуу мааниси бири-бирине дал келет.  

Мисалы, эгерде инфляция жок болсо суммардык капиталдын кирешелүүлүгүнүн 12% айкын деңгээлинде жана капитал жетиштүүлүгүнүн 0,05 көрсөткүчүндө, активдердин номиналдык кирешелүүлүгү 0,6% түзүүгө тийиш. 35 пайызга барабар болгон инфляция арымында, суммардык капитал кирешелүүлүгүнүн мурунку деңгээлин сактап калуу үчүн зарыл болгон активдердин номиналдык деңгээли 2,56% чейин жогорулоого тийиш. 

Бул формуланы колдонуу, инфляциянын орун алган деңгээлине карата банк өз ишине түзөтүүлөрдү өз убагында киргизүүнү ишке ашырууга жана капитал жетиштүүлүгүнүн талап кылынган деңгээлине жетүүгө банкка мүмкүндүк берет.  

4.6. Таза кирешени (пайданы) талдап-иликтөөнү өткөн мезгил ичиндеги банк ишин окшош банктар менен салыштырып эске алуу менен ошондой эле таза пайыздык кирешени, пайыздык эмес кирешелерди, пайыздык эмес чыгашаларды, потенциалдуу кредиттик жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга чегерүүлөрдү ж.б. эске алуу менен жүргүзүү зарыл. 

 

4.7. ТАЗА ПАЙЫЗДЫК КИРЕШЕ 

4.7.1. Дээрлик бардык банктардын киреше табуунун негизги булагынан болуп, банктын пайыздык кирешелеринин жана ушул сыяктуу кирешелеринин суммаларынын ортосундагы жана банктын пайыздарды төлөөгө жана ушул сыяктуу башка сарптоолорду төлөөгө карата суммаларынын ортосундагы айырма катары аныкталуучу таза пайыздык киреше эсептелет. Башка кирешелер менен толтурулган таза пайыздык киреше деңгээли, административдик чыгашалардын ордун жана орун алышы мүмкүн болгон кредиттик жана лизингдик жоготууларга зарыл чегерүүлөрдү жабууга жетиштүү болууга тийиш. 

4.7.2. Таза пайыздык киреше көрсөткүчү боюнча банктын кредиттик операцияларынын кирешелүүлүгү жөнүндө сөз кылууга болот. Банктар кирешелердин негизги суммасын кредиттик операцияларды жүргүзүүнүн натыйжасында алышат.  

Ушундан алып караганда, эгерде банктын пайыздык кирешелери кыйла жогору болсо, демек банк өз ишин жетиштүү деңгээлде ийгиликтүү жүргүзүп жатат деп айтууга болот. 

Эсептөө тартиби: 

 

Пайыздар боюнча таза киреше  

------------------------------------------------* 100 % 

Активдердин орточо суммасы 

 

4.7.3. Бардык активдер киреше алып келбегендиктен, активдер кирешелүүлүгүнүн реалдуу деңгээлин аныктоо үчүн таза пайыздык маржа деген аталышта белгилүү коэффициентти пайдалануу максатка ылайыктуу: 

Эсептөө тартиби: 

 

Пайыздар боюнча таза киреше 

--------------------------------------------------------- * 100 % 

Пайыздык киреше алып келүүчү активдердин орточо суммасы  

 

4.7.4. Банктын таза пайыздык кирешесин талдап-иликтөө, анын эки компонентин: пайыздык кирешени жана пайыздарды төлөөгө карата чыгашаларды эсепке алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. 

 

4.8. ПАЙЫЗДЫК КИРЕШЕ ЖАНА УШУЛ СЫЯКТУУ КИРЕШЕЛЕР 

4.8.1. Пайыздык киреше деген, банк тарабынан кредиттерди жана ссудаларды берүүнүн жыйынтыгында алынган пайыздардын, облигациялар менен башка баалуу кагаздар боюнча пайыздардын, лизингдик операциялар ж.б. боюнча пайыздардын жыйындысын түшүндүрөт.  

4.8.2. Пайыздык киреше көрсөткүчү орточо активдерге карата пайыздык жана ушул сыяктуу кирешелердин катышы менен аныкталат.  

Эсептөө тартиби: 

 

Пайыздык киреше жана ушул сыяктуу кирешелер  

-----------------------------------------------------* 100 % 

Активдердин орточо суммасы 

 

4.8.3. Банктын пайыздык кирешесинин деңгээли төмөнкүлөрдүн эсебинен өзгөрүшү мүмкүн:  

- берилген кредиттер боюнча орточо калдыктардын өзгөрүшү

- кредит үчүн алына турган пайыздык чендин орточо деңгээлинин өзгөрүшү

- активдердин сапаттары; 

- активдердин түзүмүнүн өзгөрүшү

4.8.4. Ар бир фактордун өз-өзүнчө таасир этүүсү жана бардык факторлорду чогуу алгандагы таасир этүүлөрү аныкталгандан кийин ошол факторлордун өздөрү да талдап-иликтенүүгө тийиш. 

4.8.5. Берилген кредиттер боюнча орточо калдыктардын өзгөрүшү төмөнкү факторлор менен шартталышы мүмкүн: 

- мурунку мезгилге салыштырмалуу талдап-иликтөөгө алынган мезгил аралыгындагы кредиттердин жана аларга теңдештирилген активдердин өсүшүөмөндөшү) менен; 

- активдердин жалпы суммасындагы киреше алып келүүчү кредиттердин жана аларга теңдештирилген активдердин салыштырма салмагынын өзгөрүшү менен. 

4.8.6. "Иштеп жаткан" (киреше алып келүүчү) активдердин сапаты пайыздык киреше деңгээлине таасир берүүчү негизги факторлордун бири болуп саналат. 

Киреше алып келбеген жана сапаты начар активдер көлөмүнүн көбөйүшү киреше алып келүүчү активдердин азайып жаткандыгын билдирет, мунун акырында пайыздык келип түшүүлөр азаят. Ошондуктан, пайыздык кирешелерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү активдердин сапатына баа берүү менен тыгыз байланышта болууга тийиш ("Активдердин сапатына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү" бөлүгүн карагыла). 

4.8.7. Кредит үчүн алынуучу пайыздык чендин орточо деңгээлинин жогорулашы төмөнкүлөр менен шартталышы мүмкүн: 

- кредит рыногунда жалпы пайыздык чен деңгээлинин жогорулашы менен (банктан көз каранды болбогон тышкы фактор); 

- кредит портфелинин түзүмү менен, башкача айтканда кыйла жогору пайыз алдында берилген кредиттердин салыштырма салмагынын өсүшү менен. 

4.8.8. Пайыздык кирешелерди талдап-иликтөөнүн кийинки баскычы катары кирешелер түзүмүн иликтөө болушу мүмкүн. Мындай иликтөө кандай кредиттик операциялардын эсебинен пайыздык кирешелердин өсүшүнө жетишилгендигин аныктоого мүмкүндүк берет. Бул үчүн төмөнкү коэффициенттерди эсептеп чыгаруу сунушталат: 

Кредиттердин өз-өзүнчө топтору боюнча алынган пайыздар  

а) -------------------------------------------------------------------------; 

кредиттердин иликтөөгө алынган топтору боюнча орточо калдыктар  

 

Кыска мөөнөттүү (узак мөөнөттүү) кредиттер боюнча алынган пайыздар 

б) ---------------------------------------------------------------------------------------; 

Кыска мөөнөттүү (узак мөөнөттүү) кредиттер боюнча орточо калдыктар  

 

Лизингдик операциялар боюнча пайыздар 

в) ------------------------------------------------- 

Лизинг боюнча орточо калдыктар  

 

4.9. Пайыздарды төлөөгө чыгашалар жана ушул сыяктуу башка сарптоолор 

4.9.1. Пайыздык чыгаша деген банктын пайыздык төлөп берүүлөрүнүн суммаларын, тактап айтканда, тартылган депозиттер боюнча пайыздарды, банктарга (Улуттук банкты кошо алганда) жана башка кредиттик мекемелерге карыздар, облигациялар боюнча пайыздарды ж.б. төлөп берүүнү түшүнүүгө болот. 

4.9.2. Пайыздык чыгаша көрсөткүчү орточо активдерге карата пайыздарды төлөөгө кеткен чыгашалардын катышы катары эсептелет. 

Эсептөө тартиби: 

 

Пайыздарды төлөөгө чыгашалар  

--------------------------------------------------- * 100 % 

Активдердин орточо суммасы 

 

4.9.3. Бул талдап-иликтөөнү жүргүзүү пайыздык талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө окшош (4.8-пунктту кара). 

4.9.4. Банктын пайыздык чыгашаларынын деңгээли төлөнүүчү депозиттер жана башка пайыздык милдеттенмелер боюнча орточо калдыктарга, депозиттер орточо пайыздык ченге жана пассивдер түзүмүнөн көз каранды.  

4.9.5. Бул факторлордун ичинен кайсынысы пайыздык чыгашалардын өзгөрүшүнө көбүрөөк таасир тийгизгендиги аныкталгандан кийин, ал факторлорго да талдап-иликтөө ишин жүргүзүү зарыл. 

4.9.6. Төлөнүүчү депозиттердин орточо калдыктары төмөнкүлөрдөн көз каранды:  

- төлөнүүчү депозиттер көлөмүнүн өсүшүнөн, мында ресурстардын бирдей тартылышы, алардын динамикасы алгылыктуу болуп саналат; 

- чогуу алгандагы пассивдер көлөмүндөгү төлөнүүчү депозиттердин салыштырма салмагынын өсүшүнөн; пассивдердеги төлөнүүчү депозиттердин өсүшүнө бир тараптуу баа берүүгө жол берилбейт, анткени, бир жагынан алып караганда, төлөнүүчү депозиттер эрежедегидей эле, бул банктын ресурстук базасынын туруктуулугун камсыздаган мөөнөттүү аманаттар, ал эми экинчи жагынан мөөнөттүү депозиттер салыштырмалуу кымбатка турган ресурс болуп саналат, ушундан улам алардын өсүшү пайыздык чыгашалардын жогорулашына таасирин тийгизет. 

4.9.7. Депозиттер боюнча орточо пайыздык ченге төмөнкү факторлор таасирин тийгизет: 

- рынок конъюнктурасынан (тышкы фактор) көз каранды болгон депозиттер боюнча пайыздык чендин рыноктук деңгээли; 

- пассивдер түзүмү; мисалы, анчалык олуттуу эмес пайыздык чен боюнча тартылган депозиттердин жана башка ресурстардын үлүшү канчалык көп болсо, банктын алар боюнча пайыздардык чыгашалары ошончолук азыраак болот. 

4.9.8. Андан соң, ар бир депозиттик инструментке чыгашалар жана алардын суммардык пайыздык чыгашалардагы салыштырма салмагы кароого алынууга тийиш. Ар бир инструменттин орточо наркын аныктоо үчүн төмөнкү коэффициенттерди эсептөө сунушталат: 

 

Пайыздарды төлөө менен бардык эсептешүүлөрдү, депозиттик жана башка эсептерди кошо алганда, талап боюнча төлөнүүчү депозиттерге тиешелүү төлөнгөн пайыздар  

а) ---------------------------------------------------------------------------------------; 

Эсептешүү жана башка эсептер боюнча орточо калдыктар  

 

Мөөнөттүү депозиттер боюнча төлөнгөн пайыздар  

б) ----------------------------------------------------------------------------; 

Мөөнөттүү депозиттер боюнча орточо калдыктар 

 

Банктар аралык кредиттер боюнча төлөнгөн пайыздар  

в) ---------------------------------------------------------------------------- 

Банктар аралык кредиттер боюнча орточо калдыктар 

 

4.9.9. Кылдат талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн төмөнкү көрсөткүчтөрдү эсептеп чыгаруу сунушталат: 

 

Жарандардын аманаттары боюнча төлөнгөн пайыздар  

а) ---------------------------------------------------------------------------; 

Жарандардын аманаттары боюнча орточо калдыктар 

 

Ишканалардын депозиттери боюнча төлөнгөн пайыздар  

б) --------------------------------------------------------------------------- 

Ишканалардын депозиттери боюнча орточо калдыктар 

 

4.10. Таза пайыздык киреше көрсөткүчүн эсептөөдө (4.7.2-пункт) бөлүүчүдө активдердин орточо чоңдугу пайдаланылат. Альтернативалуу ыкмада эсептөөдө бөлүүчүдө, банктын пайыздык түшүүлөрү жана төлөп берүүлөрү менен коштолгон баланстык отчеттун активдүү жана пассивдүү статьяларын гана пайдаланууга болот. Бул “таза спред” катары белгилүү болгон көрсөткүчтү пайдалануу менен таза пайыздык кирешеге, демек банктын депозиттер боюнча пайыздык төлөөлөрү менен байланышы жок киреше табуусуна, капиталына, камдык талаптарына, ошондой эле киреше алып келбеген активдерине таасирди четтетүүгө мүмкүндүк берилет. 

 

Эсептөө тартиби: 

 

Пайыздык киреше Пайыздарды төлөө боюнча чыгашалар  

(---------------------------*100 % - ------------------------------------------*100 % 

Пайыздык киреше алып Алар боюнча пайыз төлөнүүчү  

келген активдер милдеттенмелер 

 

4.11. БАШКА (ПАЙЫЗДЫК ЭМЕС) КИРЕШЕЛЕР 

4.11.1. Таза пайыздык кирешеден тышкары банктар, күндөлүк эсептерди жана депозиттерди тейлөө, аккредитивдердин ар кайсы түрлөрүн тариздөө, консультацияларды берүү, баалуу кагаздар жана чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү сыяктуу башка кызматтарды сунуштоонун натыйжасында, олуттуу кирешеге ээ болушат. Пайыздык эмес кирешелердин абсолюттук чоңдугу бул иш түрүнөн түшкөн кирешелердин суммасы катары аныкталат. 

4.11.2. Пайыздык эмес киреше деңгээли ар башка банктарда ар башкача болушу мүмкүн. Айрым банктарда, өзгөчө, келишимдерди жана бүтүмдөрдү түзүү жагында жигердүү иш алып барган банктарда, мындай кирешелер операциялык кирешелердин олуттуу бөлүгүн түзүшү мүмкүн. 

4.11.3. Пайыздык эмес кирешелер түзүмүндөгү олуттуу өзгөрмөлүүлүк кылдат иликтенүүгө тийиш. Белгилүү бир операциялар боюнча чыгымдарды жашыруу, аларды жаңы ишкердик түрүнө тартуу же банк секторунун жалпы абалынын өзгөрүшү, мындай өзгөрмөлүүлүк себебинен болушу мүмкүн. Кылдат талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн пайыздык эмес кирешенин жалпы суммасын компоненттерге бөлүп, алардын ар биринин операциялык киреше деңгээлине таасирин аныктоо сунушталат. 

4.11.4. Пайыздык эмес кирешелердин көрсөткүчү орточо активдерге карата пайыздык эмес кирешенин абсолюттук чоңдугунун катышы менен аныкталат. 

Бул катыш банктын финансылык абалынын пайыздык эмес кирешелерге көз каранды экендигин көрсөтөт.  

Эсептөө тартиби: 

 

Башка (пайыздык эмес) кирешелер  

------------------------------------------------- * 100 % 

Активдердин орточо суммасы 

 

4.12. АДМИНИСТРАТИВДИК-БАШКАРУУ ИШИНЕ КЕТКЕН ЧЫГАШАЛАР 

4.12.1. Административдик-башкаруу ишине кеткен чыгашалар банктын көлөмү жагынан экинчи орунда турган чыгашалар (пайыздык чыгашалардан кийин). Бул чыгашалардын деңгээли төмөнкүлөргө жараша аныкталат: 

- негизги фондуларга (ижара төлөмдөрү, амортизация, ремонт жана негизги фондулар менен байланыштуу башка чыгашалар); 

- персоналды күтүүгө (эмгек акы, сый акы, жеңилдиктер д.у.с.); 

- байланыш, почта, телеграф, электр энергиясы, жылуулук ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө

4.12.2. Административдик-башкаруу ишине кеткен чыгашалар түзүмүн кароодо банктын иш өзгөчөлүгүн, банк жүргүзгөн операциялардын мүнөзүн эске алуу зарыл. Мисалы, банктын негизги иши катары банктар аралык жана валюталык операцияларды жүргүзүү же ири компанияларды кредиттөө саналса, анда ага анчалык олуттуу эмес кардарларды тейлеген банкка караганда азыраак персонал талап кылынат. 

4.12.3. Административдик-башкаруу ишине кеткен чыгашалар көрсөткүчү мындай чыгашалардын абсолюттук чоңдугунун орточо активдерге карата катышы менен аныкталат. 

Эсептөө тартиби: 

 

Административдик-башкаруу ишине кеткен чыгашалар  

---------------------------------------------------------- * 100 % 

Активдердин орточо суммасы 

 

4.12.4. Бирдей башка шарттарда, азыраак административдик чыгашалар көрсөткүчүнө ээ банктарды натыйжалуу иш алып барган банк катары эсептөөгө болот. Бирок көрсөткүч маанисинин жогорулоосу, административдик чыгашалар банк жетекчилигинин контролдугуна алынбай калган катары эсептелбейт. Мисалы, банк жайды жаңы гана сатып алды же ижарага алды, кошумча персоналды тартты же кымбат, бирок зарыл жабдуу сатып алды дейли. Жаңы жайды же жабдууларды иштетүү кирешелүү болгондуктан, административдик чыгашалар көрсөткүчүнүн мааниси бара-бара төмөндөй баштайт. Административдик башкарууга кеткен чыгашалар түзүмүндөгү кандай болбосун бардык олуттуу өзгөрүүлөр жана мындай өзгөрүүлөргө алып келген кандай болбосун себептер, кылдат иликтөөгө алынууга тийиш. 

 

4.13. ОРТОЧО АКТИВДЕРГЕ КАРАТА ОРУН АЛЫШЫ МҮМКҮН БОЛГОН КРЕДИТТИК ЖОГОТУУЛАР ҮЧҮН КАМДЫ ТОЛТУРУУГА ЧЕГЕРҮҮЛӨРДҮН КАТЫШЫ. Бул көрсөткүчтүн жогорулоо тенденциясы, банктын кредит портфелинин сапатынын начарлагандыгын тастыктоодо, ал камды толтурууга кошумча чегерүүлөрдү талап кылат. Банктын киреше алуу жана пайда көрүү деңгээли чегерүүлөр өлчөмүнөн (башкача айтканда, кредит портфелинин сапатынан) түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан, банктын кирешелүүлүгүнө талдап-иликтөөлөр активдердин сапатын баалоо менен тыгыз байланышта жүргүзүлүүгө тийиш ("Активдердин сапатын талдап-иликтөө" бөлүгүн кара). 

Эсептөө тартиби: 

 

Камдарды толтурууга чегерүүлөр  

------------------------------------------------------- * 100% 

Активдердин орточо суммасы 

 

4.14. ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕРГЕ КАРАТА БАНКТЫН ЖАЛПЫ ЧЫГАШАЛАРЫНЫН КАТЫШЫ. Албетте, бул көрсөткүчтүн мааниси канчалык төмөн болгон сайын, банк иши ошончолук натыйжалуу катары эсептелет. Мында, бул коэффициенттин алгылыктуу мааниси катары 50% ашпаган маанини эсептөөгө болот. 

Эсептөө тартиби: 

 

Жалпы чыгашалар  

----------------------------------------- * 100 % 

Жалпы кирешелер  

 

4.15. АКТИВДЕРДИ САТУУДАН ТҮШКӨН КИРЕШЕЛЕР (ЧЫГЫМДАР) ЖАНА КҮТҮҮСҮЗ КИРЕШЕЛЕР (ЧЫГЫМДАР) 

4.15.1. Активдерди сатуудан түшкөн кирешелер (чыгымдар) банктын күндөлүк иш натыйжасы болбошу мүмкүн, бирок алар банктын учурдагы абалына олуттуу таасир этиши ыктымал. Мисалы, материалдык активдердин көбүрөөк киреше алып келүүчү бөлүгүн сатуу банктын негизги ишиндеги олуттуу чыгымдардын ордун жаап коюшу мүмкүн. Бирок активдерди үзгүлтүксүз сатуу (кайталанма) көңүл бөлүүнү талап кылган көйгөй орун алгандыгын көрсөтүшү мүмкүн. 

4.15.2. Күтүүсүз кирешелер (чыгымдар) өткөн мезгил аралыгында жүргүзүлгөн иштерге байланыштуу эсептерге бухгалтердик корректировкалоолорду түшүндүрөт, б.а. алардын банктын күндөлүк иши менен эч кандай байланышы жок жана алар кирешелүүлүктү баалоодо эске алынбайт. 

 

V. БАНК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ИШ НАТЫЙЖАЛУУЛУГУНА ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨЛӨР 

 

5.1. АКТИВДЕРДИН ОРТОЧО СУММАСЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЖАЛПЫ САНЫНА КАРАТА КАТЫШЫ. Бул көрсөткүч, банктын мындай өлчөмүндө жана кызматкерлеринин санында банк өз персоналын канчалык натыйжалуу пайдаланып жаткандыгы деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берет. Бирдей башка шарттарда, кызматкерлеринин санына жараша активдердин кыйла жогорку санына ээ банк, жогоруда белгиленген бардык учурларды эске алуу менен үзүрлүү иш алып барган мекеме болуп эсептелет.  

Эсептөө тартиби: 

 

Активдердин орточо суммасы 

--------------------------------- 

Кызматкерлердин саны 

 

5.2. КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЖАЛПЫ САНЫНА КАРАТА ТАЗА КИРЕШЕНИН (ПАЙДАНЫН) КАТЫШЫ. Бул катыш, банктын ар бир кызматкери тарабынан "иштелип табылган" кирешени аныктайт.  

Эсептөө тартиби: 

 

Таза киреше (пайда)  

------------------------------------------- 

Кызматкерлердин саны 

 

5.2.1. Банктар аралык жана валюталык операцияларды жүргүзүү же ири ишканаларды кредиттөө жана тейлөө жагында иш алып барган банктарда аталган көрсөткүч мааниси, филиалдарынын саны көп же негизинен чакан кардарларды тейлөө жагында иш алып барган банкка караганда кыйла жогору болоорун белгилеп кетүү зарыл.  

 

5.3. ЭМГЕК АКЫГА ЧЫГАШАЛАРДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЖАЛПЫ САНЫНА КАРАТА КАТЫШЫ  

Эсептөө тартиби: 

Таза киреше (пайда)  

-------------------------------------------- 

Кызматкерлердин жалпы саны 

 

5.4. НАТЫЙЖАЛУУЛУК КОЭФФИЦИЕНТИ

Эсептөө тартиби: 

 

Операциялык чыгашалар  

-------------------------------------------------------------------------------------- 

Таза операциялык киреше + операциялык чыгашалар 

 

 

VI. АКТИВДЕРДИН САПАТЫН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ 

 

6.1. Кредиттердин канааттандырбаган сапаты банктарга финансылык кыйынчылыктарды жараткан жалгыз себеп болбосо да, бул кеңири тараган көйгөй бойдон калууда. Мындай көйгөйлөрдү эрте аныктоо үчүн, банктын кызматкерлери жана банктык көзөмөл инспекторлору кредиттердин сапатына туруктуу негизде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп туруусу зарыл. Аталган талдап-иликтөөнү жүргүзүү максатынан болуп, активдердин “жөндөмдүүлүгүн” жана алардын наркынын банк отчетунда туура чагылдырылышын аныктоо эсептелет.  

6.2. Активдердин сапатын талдап-иликтөө активдердин бардык түрлөрүн, анын ичинде баланстан тышкаркы милдеттенмелерди да камтууга тийиш. 

6.3. Активдердин ар башка түрлөрү ар башка деңгээлдеги тобокелдиктерге ээ. 

Мында кредиттик тобокелдик жөнүндө, башкача айтканда тигил же бул активди кайра кайтарылып алынышын камсыздоо мүмкүн болбогон тобокелдик жөнүндө сөз жүрүп жатат, мисалга алсак, карыз алуучу тарабынан кредиттин негизги суммасын жана ал боюнча пайыздарды төлөбөгөн учур. Ошондуктан, бул талдап-иликтөөнү кредиттик тобокелдик позициясынан алып караганда кредиттердин сапатына баа берүүдөн, башкача айтканда банктын кредит портфелин классификациялоодон баштоо зарыл. Жүргүзүлгөн классификациялоонун жыйынтыгын классификациялануучу кредиттер көрсөткүчүнүн жана төмөнкү көрсөткүчтөрдүн жардамы менен баалоого болот: 

 

Субстандарттык кредиттер Шектүү кредиттер 

-----------------------------------; ----------------------------------; 

Кредиттердин орточо суммасы Кредиттердин орточо суммасы 

 

Жоготуулар 

----------------------------------. 

Кредиттердин орточо суммасы 

 

6.4. Кылдат талдап-иликтөөнү жүргүзүү үчүн көрсөткүчтөр карыз алуучулардын түрлөрү боюнча эсептелиши зарыл (мисалы, финансы мекемелерине, өнөр жайга, айыл чарбасына берилген кредиттер, ипотека кредиттери, жеке адамдарга берилген кредиттер ж.б.), ал эми эсептөө жыйынтыктары мурунку мезгил аралыгындагы банк ишин эске алуу менен талдап-иликтөөгө алынууга тийиш. Мында аталган көрсөткүчтөрдүн маанисин дайыма жогорулатуу кылдат иликтенүүгө тийиш. Маанилерди жогорулатуунун себептеринен болуп: кредиттерди берүү жана чогултуу ишин алгылыктуу алып бара албаган тажрыйбасы, персоналдардын жетиштүү деңгээлде даяр эместиги (өзгөчө кредит бөлүмүнүн кызматкерлери), банкты кредит саясатынан четтетүү (аткарбагандык) ж.б.у.с. 

6.5. Классификациялоонун жыйынтыгы боюнча камдык фондуларга (РППУ) чегерүүлөрдүн өлчөмү аныкталат. Мында чегерүүлөрдүн өлчөмү потенциалдуу кредиттик жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн жетиштүү болууга тийиш. Камдардын жетиштүүлүгүн төмөнкү көрсөткүчтөрдүн жардамы менен баалоого болот

 

6.5.1. КРЕДИТ ПОРТФЕЛИНИН КЛАССИФИКАЦИЯСЫНА ЫЛАЙЫК АЙКЫН ТҮЗҮЛГӨН КАМДАРДЫН КАМДАР ЧОҢДУГУНА КАРАТА КАТЫШЫ 

Эсептөө тартиби: 

 

РППУнун айкын өлчөмү  

---------------------------------------------------- * 100 %. 

РППУнун зарыл өлчөмү  

 

6.5.2. РППУ ӨЛЧӨМДӨРҮНҮН КРЕДИТТЕР МЕНЕН ЛИЗИНГДЕРДИН ОРТОЧО СУММАСЫНА КАРАТА КАТЫШЫ  

РППУнун айкын өлчөмү  

-------------------------------------------------- * 100 %. 

Кредиттердин жана лизингдердин орточо суммасы  

 

6.5.3. РППУ СУММАСЫНА КАРАТА 90 КҮНДӨН АШЫК МӨӨНӨТҮНӨН ӨТҮП КЕТКЕН КРЕДИТТЕР СУММАСЫНЫН КАТЫШЫ. 

 

Мөөнөтүнөн өтүп кеткен кредиттер (90 күндөн ашык) 

----------------------------------------------------- * 100 %. 

РППУнун айкын өлчөмдөрү  

 

6.5.4. 6.5.2. жана 6.5.3. коэффициенттеринин маанилеринин жогорулоо тенденциясы кредит портфелинин сапатынын начарлашын көрсөтөт.  

6.6. Бирок классификациялоо жыйынтыктары бул классификациялануучу жана классификацияланбоочу кредиттер өлчөмүн, ошондой эле камдык чегерүүлөрдү гана аныктоо болуп саналат. Кредит портфелинин сапаты жөнүндө толук түшүнүк алуу үчүн, классификациялануучу кредиттер көлөмүн (субстандарттык, шектүү жана жоготуулар) банктын капиталы менен (суммардык же 1-деңгээлдеги капитал менен) салыштыруу зарыл. 

Эсептөө тартиби: 

 

Классификациялануучу кредиттер 

------------------------------------------ * 100 %. 

Суммардык капитал 

 

6.6.1. Эгерде классификациялануучу кредиттердин жалпы суммасы суммардык капиталдан 50% жогору болсо, кредит портфелинин сапаты менен байланышкан банкта олуттуу көйгөй бар экендиги жөнүндө сөз кылууга болот. 

6.6.2. Чегерүүлөрдүн жыйынтыгы кылдат иликтенүүгө тийиш. 

а) алсак, банкта классификациялануучу кредиттердин көлөмү жогорулашы мүмкүн; бирок банктын капиталы жогорулагандыктан (мында өсүш арымдары өтө олуттуу) көрсөткүчтөр мааниси төмөндөйт; 

б) аталган көрсөткүчтүн анча жогору эмес маанисине ээ болгон банк, чындыгында кредит портфелинин сапатын камсыздоо менен байланышкан көйгөйлөрдү башынан кечириши мүмкүн; бул классификациялануучу кредиттердин негизги үлүшү жоготууларга жана шектүү кредиттерге туура келишинин жыйынтыгы болушу мүмкүн. 

6.6.3. Кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу булагы катары капиталды кароо, капиталдын чоңдугу менен банктын тобокелдиктерге дуушар болушунун ортосунда кайтарым көз карандылыкты шарттайт. 

Банктын классификациялануучу кредиттеринин үлүшү канчалык жогору болгон сайын, анын капиталы ошончолук чоң болууга тийиш. 

 

6.7. БЕРИЛГЕН КРЕДИТТЕРДИН ОРТОЧО СУММАСЫНА КАРАТА МӨӨНӨТҮНӨН ӨТҮП КЕТКЕН КРЕДИТТЕРДИН КАТЫШЫ. 

Эсептөө тартиби: 

 

Мөөнөтүнөн өтүп кеткен кредиттер 

------------------------------------ * 100 %. 

Кредиттердин орточо суммасы 

 

6.7.1. Бул коэффициент мөөнөттөр боюнча, башкача айтканда мөөнөтүнөн өтүп кеткен карыздын узарыша жараша эсептелгени туура (мисалы, 30 күнгө, 60 күнгө чейин у.с.). 

 

30 күнгө чейин мөөнөтүнөн өтүп кеткен кредиттер 

----------------------------------------------- * 100 %. 

Кредиттердин орточо суммасы 

 

6.8. АКТИВДЕРДИН ОРТОЧО СУММАСЫНА КАРАТА МӨӨНӨТҮНӨН ӨТҮП КЕТКЕН КРЕДИТТЕРДИН КАТЫШЫ. 

Эсептөө тартиби: 

 

Мөөнөтүнөн өтүп кеткен кредиттер 

--------------------------------- * 100 % 

Активдердин орточо суммасы 

 

6.9. СУММАРДЫК КАПИТАЛДЫН ӨЛЧӨМҮНӨ КАРАТА МӨӨНӨТҮНӨН ӨТҮП КЕТКЕН КРЕДИТТЕРДИН КАТЫШЫ. 

Көрсөткүч, мөөнөтүнөн өтүп кеткен кредиттердин деңгээли бар тобокелдиктерге дуушар болгон банк капиталынын бир бөлүгүн аныктайт. 

Эсептөө тартиби: 

 

Мөөнөтүнөн өтүп кеткен кредиттер 

--------------------------------- * 100 % 

Суммардык капитал 

 

6.10. КРЕДИТТЕРДИН ОРТОЧО СУММАСЫНА КАРАТА ӨЗ УБАГЫНДА ТӨЛӨНБӨГӨН ПАЙЫЗДАРЫ МЕНЕН КРЕДИТТЕРДИН СУММАСЫНЫН КАТЫШЫ: 

Эсептөө тартиби: 

 

Өз убагында төлөнбөгөн пайыздары менен кредиттер  

---------------------------------------------------------------- * 100 % 

Кредиттердин орточо суммасы 

 

6.11. ЧЕГЕРИЛГЕН ПАЙЫЗДАРДЫН ДЕҢГЭЭЛИ 

Эсептөө тартиби: 

 

Чегерилген, бирок алына элек пайыздар  

--------------------------------------------------------- * 100 %. 

Кредиттердин орточо суммасы 

 

6.12. КРЕДИТТЕРДИН ОРТОЧО СУММАСЫНА КАРАТА ЭСЕПТЕН АЛЫНЫП САЛЫНГАН ЖАНА КАЙТАРЫЛГАН КРЕДИТТЕРДИН КАТЫШЫ 

Эсептөө тартиби: 

 

Эсептен алынып салынган кредиттер Мурда эсептен алынып салынган кредиттерди кайтаруу  

-----------------------------------; ------------------------------------------- 

Кредиттердин орточо суммасы Кредиттердин орточо суммасы 

 

 

6.12.1. Эсептен алынып салынган жана кайтарылган кредиттер ортосундагы өлчөмдөрдүн айырмасын мурун эсептен алынып салынган кредиттерди кайтаруудан түшкөн таза киреше (чыгым) аныктайт. 

Эсептөө тартиби: 

 

Киреше (чыгым) 

----------------------------------. 

Кредиттердин орточо суммасы 

 

Бул коэффициенттин кредиттердин бардык категорияларын эсептөөдө пайдаланылышы максатка ылайыктуу. 

 

6.13. АКТИВДЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ НАТЫЙЖАЛУУЛУГУ КӨРСӨТКҮЧҮ. Бул көрсөткүч активдердин жалпы суммасындагы “иштеген” активдердин үлүшүн көрсөтөт. Мында "иштеген" активдер дегенден улам киреше алып келген, б.а. кредиттерди, лизингдерди, инвестицияларды ж.б. түшүнүүгө болот. 

Эсептөө тартиби: 

 

"Иштеген" активдер 

-------------------------------- * 100 % 

Активдердин орточо суммасы 

 

6.14. Кылдат талдап-иликтөөнү жүргүзүү үчүн кредиттик салымдардын өсүш арымдарын эсептөө сунушталат.  

 

VII. КАПИТАЛДЫ ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ 

 

7.1. Бул талдап-иликтөө иши, кредиторлор менен аманатчылардын таламдарын коргоо үчүн жетиштүү болушу көз карашынан банк капиталын аныктоого жана баа берүүгө мүмкүндүк берет. Мында, капиталды банк ишинин негизи, ар түрдүү жоготуулар менен чыгым тартуулардын ордун жабуу булагы, банкка ишеним көрсөтүү гаранты катары кароо зарыл. 

7.2. Мындай талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө, алгач Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында банктар үчүн белгиленген экономикалык ченемдердин аткарылышын аныктап алуу зарыл.  

7.3. Эсептеп чыгаруу жыйынтыктары, капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөрдү жана тобокелдиктер боюнча таразаланган активдерди эске алуу менен талдап-иликтөөгө алынууга тийиш. Мисалы: 

- капиталдын шайкештик коэффициентинин маанилеринин төмөндөө тенденциясы, банк жетекчилигинин тобокелдик деңгээли кыйла жогору активдерди тартуу саясатынын натыйжасынан болушу мүмкүн; 

- акционерлердин жалпы жыйынында дивиденддерди төлөп бербөө чечими, кандайдыр бир деңгээлде капиталдын азайуусуна бөгөт коет, мунун жыйынтыгында капиталдын шайкештик коэффициентинин маанилери салыштырмалуу жогорулаганы байкалат; 

- капиталдын шайкештик коэффициентинин жогорулаган маанилери, капитал салуудан (банкты капиталдаштыруу боюнча чаралар) же банктын саясатын көбүрөөк консервативдүүлүккө өзгөртүүдөн (мурунку мезгилдерге салыштырмалуу банк, негизинен казына векселдерин сатып алган) болушу мүмкүн. 

 

7.5. ДИВИДЕНДДЕР 

7.5.1. Банктын уюштуруучулары менен акционерлери, ошондой эле банктын жетекчилери үчүн дивиденддерди төлөп берүү менен байланышкан маселелер чоң мааниге ээ. Дивиденддик төлөп берүүлөрдүн көрсөткүчү, банктын таза кирешесине карата дивиденддерди төлөөгө жарыяланган сумманын катышы менен аныкталат. 

Эсептөө тартиби: 

 

Акциялар боюнча төлөнгөн дивиденддер 

------------------------------------------------------. 

Таза киреше (пайда)  

 

7.5.2. Дивиденддик төлөөлөрдүн жогорку деңгээли банк кирешесинин сакталышынын төмөнкү деңгээлин шарттайт. Ошондуктан, дивиденддерди төлөп берүү маселеси, капиталдын шайкештик коэффициенти Улуттук банк бекиткен минималдуу деңгээлден төмөн болгон банктарда, ошондой эле активдердин өсүшү капиталдын өсүшүнөн ашып кеткен жана активдердин сапаты менен начарлаган банктарда өзгөчө кылдат каралууга тийиш. 

 

7.6. КАПИТАЛДЫН ЖАНА АКТИВДЕРДИН ӨСҮШ АРЫМДАРЫ 

7.6.1. Бул талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө активдер менен капиталдын өсүш арымдарын эсептөө, ошондой эле алынган жыйынтыктарды салыштыруу сунушталат. 

7.6.2. Өсүш арымдары жалпы жонунан төмөнкүдөй жол менен эсептелет: отчеттук күнгө карата кароого алынган чоңдуктун баланстык маанисинен базалык мезгилдин баланстык мааниси эсептеп алынып, анын жыйынтыгы базалык мезгилдин маанисине бөлүнөт. 

Активдердин өсүш арымын эсептөө (мисалы): 

 

01.01.03. карата активдердин суммасы - 01.01.02. карата активдердин суммасы 

------------------------------------------------------------------------- 

01.01.02. карата активдердин суммасы 

 

7.6.3. Капиталдын өсүшү активдердин өсүшүнөн жогору болушу ыңгайлуу. Мында, тескерисинче да болушу мүмкүн (б.а. активдердин өсүшү капиталдын өсүшүнөн ашык), бирок капиталдын шайкештик коэффициенттери аткарылган шартта гана. Эгерде коэффициенттер аткарылбаса, банк жетекчилиги банкты капиталдаштыруу боюнча белгилүү бир иш-чаралар планын иштеп чыгууга тийиш. Мындай иш-чаралар катары капиталды кошуу операциялары, дивиденддерди төлөөнү убактылуу токтотуу, активдердин өсүшүн токтотуу же мындай иш-чаралардын комбинациясы болушу мүмкүн. 

 

7.7. СУММАРДЫК КАПИТАЛДЫН КИРЕШЕЛҮҮЛҮГҮ 

Эсептөө тартиби: 

 

Таза киреше (пайда)  

----------------------------------------------------- * 100 % 

Суммардык капиталдын орточо деңгээли  

 

7.8. МӨӨНӨТҮНӨН ӨТҮП КЕТКЕН КРЕДИТТЕРДИН КАПИТАЛ (СУММАРДЫК ЖЕ I ДЕҢГЭЭЛДЕГИ) ӨЛЧӨМҮНӨ КАРАТА КАТЫШЫ  

Эсептөө тартиби: 

 

Мөөнөтүнөн өтүп кеткен кредиттер 

---------------------------------- * 100 % 

Капитал 

 

VIII. ЛИКВИДДҮҮЛҮК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ 

 

8.1. Мындай талдап-иликтөө иштерин жүргүзүүдө, капиталдын жетиштүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу эле, алгач Улуттук банк бекиткен экономикалык ченемдердин аткарылышын аныктап алуу зарыл. 

8.2. К3 ликвиддүүлүк ченеми Улуттук банктын ченемдик документтерине ылайык эсептелинет. Аталган талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө К3 ченеминен тышкары, башка коэффициенттерди пайдаланууга болот. 

 

8.3. 2-коэффициент: Ликвиддүү активдердин жана активдердин жалпы суммасынын катышы: 

 

Бардыгы болуп активдер бир мезгилдин акырына карата активдердин жалпы көлөмү.  

 

8.4. 3-коэффициент: Күндөлүк ликвиддүүлүк коэффициенти, күндөлүк милдеттенмелерге карата күндөлүк активдердин катышы катары аныкталат.  

Күндөлүк активдер деп, бардык мөөнөтүнөн өткөрүлгөн, классификацияланган, пролонгацияланган же пайыздарды чегерүү токтотулгандардан тышкары, 30 күн же андан аз мөөнөткө берилген бардык ликвиддүү активдер жана кредиттер аталат.  

Күндөлүк милдеттенмелер деп, мөөнөтү 30 күндөн кийин же андан эрте келген бардык милдеттенмелер аталат. 

 

8.5 4-коэффициент: Туруктуу эмес милдеттенмелерге карата ликвиддүү активдер 

 

Туруктуу эмес милдеттенмелерге депозиттер же төмөнкү мүнөздөмөлөргө ээ карыздык каражаттар кирет: 

· кыйла жогорку чен белгиленип, банктан “чыгып кетүү” ыктымалдыгы жогору болгон; 

· салыштырмалуу ири өлчөмдүү

· кыска мөөнөттү

· эрежедегидей эле, аманатчылардын же кредиторлордун банк менен башка мамилеси жок (мисалы, карыз алуучу, башка банктын кызматтарынан пайдалануучу, кызматкери, акционери жана башка катары). 

 

Эскертүү: Ликвиддүүлүк коэффициенттери (1-4) бирдей маалыматтарга ээ: төмөндөө тенденциясы, жогорку сапаттагы ликвиддүү активдер деңгээлинин төмөндөгөндүгүн же өзгөрүлүп туруучу каражаттар булагынын көбүрөөк пайдаланылып жаткандыгын түшүндүрөт, алар негизинен, талап кылуунун негизинде кыска мөөнөт ичинде сунушталат. Мындан тышкары тенденциялар, ликвиддүү позициянын начарлагандыгын эмес, каржылоо стратегиясынын алгылыктуу өзгөрүшүн да көрсөтүшү мүмкүн.  

 

8.6. 5-коэффициент: Милдеттенмелердин жалпы суммасына карата туруксуз милдеттенмелер  

 

8.7. 6-коэффициент: Депозиттерге карата кредиттер Депозиттер, анын ичинде чакан керектөө депозиттери, эрежедегидей эле банктын кыйла туруктуу каржылоо булагы болуп саналат. Өтө жогору (80% жогору) жана/же жогорулоочу коэффициенттер, азыраак өзгөргөн каржылоо булактарына айланышын түшүндүрөт (мисалы, валюта рыногунда кыска мөөнөттүү карыз алуулар, алар банк үчүн биринчи эле муктаждык белгиси катары кызмат кылат). 

 

8.8. 7-коэффициент: Баалуу кагаздардын жалпы көлөмүнө карата күрөөгө коюлган баалуу кагаздар коэффициент күрөөгө коюлган баалуу кагаздардын пайыздык үлүшүн көрсөтөт, ошентип аларды ликвиддүүлүк муктаждыгынын ордун жабуу үчүн пайдаланууга жол берилбейт.