Кайта келүү

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

Бишкек шаары, 2023-жылдын 15-мартындагы № 2023-П-17/16-4-(НПА) 

Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салынуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) кеминде 1 млрд сом өлчөмүндө белгиленсин. 

2. Иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капитал төмөнкү минималдуу өлчөмдө белгиленсин жана ал төмөнкү мөөнөттөрдө түзүлсүн: 

- 2023-жылдын 1-апрелинен тартып 2024-жылдын 30-июнуна чейин 600 млн сом; 

- 2024-жылдын 1-июлуна чейин 800 млн сом; 

- 2026-жылдын 1-июлуна чейин 1 млрд сом. 

3. Иштеп жаткан системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү  

2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө 2,0 млрд. сом өлчөмүндө белгиленсин. 

4. Эгерде коммерциялык банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө маалымдалган күндөн тартып бир жыл ичинде банк уставдык капиталдын өлчөмүн белгиленген талапка чейин жеткирүүгө тийиш экендиги белгиленсин. 

5. Жаңыдан түзүлгөн жана иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) ушул токтомдун 1 пунктунда жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн, 2 жана 3-пункттарында иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмдө белгиленсин. 

Мында, эгерде банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, мындай банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталы Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө банкка маалымдалган күндөн тартып 3 (үч) ай ичинде белгиленген өлчөмгө чейин жеткирилүүгө тийиш экендиги белгиленсин. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-3-(НПА) « Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомду күчүн жоготкон катары таанылсын. 

7. Токтом 2023-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. 

8. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтер түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

9. Лицензиялоо башкармалыгы 3 (үч) жумуш күн ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

10. Токтомдун аткарылышын контролдоо Лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы 

  

К. Боконтаев