Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

Көзөмөл боюнча комитетинин 

2020-жылдын 01-октябрындагы №33/3 

токтому менен бекитилген 

 

 

Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчетту толтуруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр  

  

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 19.08.2022-ж. № 30/4 токтому менен бекитилген) 

 

I. Жалпы жоболор 

 

1. Мезгилмезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчетту толтуруу боюнча ушул усулдук көрсөтмөлөрдө (мындан ары Усулдук көрсөтмөлөр) Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет (мындан ары регулятивдик консолидацияланган отчет) жөнүндө жобого карата тиркемелерди толтуруу тартибине түшүндүрмө берилет.  

Регулятивдик консолидацияланган отчет банктык топтун, банктык холдингдик компаниянын башында турган банктар же активдеринин үлүшү башкы компаниянын активдеринин 5 жана андан көп пайызын түзгөн банктык топтун катышуучуларын кошо алганда, № 1 түзүмдөгү топко кирген башкы/башкаруучу компания тарабынан Улуттук банкка сунушталат.  

Регулятивдик консолидацияланган отчетту сунуштоо талабы боюнча өзгөчө шарттар коммерциялык банктарга 100 пайыз мамлекеттик үлүш менен катышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, анын ичинде Улуттук банкка таркатылбайт.  

 

2. Регулятивдик консолидацияланган отчетту толтуруу учурунда банктык топтун катышуучуларынын финансылык көрсөткүчтөрүнүн көлөмүнө банктык топтун маалыматтары камтылат: 

- толук көлөмдө банктык топтун мүчөлөрүнө карата, капиталында банктык топтун башкы/башкаруучу компаниясынын ээлик кылуу үлүшү 50 пайыз жана андан көбүрөөк пайызды түзөт; 

- тике пропорционалдуу көлөмдө - банктык топтун капиталында башкы/башкаруучу компаниянын ээлик кылуу үлүшү 5тен көбүрөөк пайызды түзгөн, бирок, 50 пайыздан ашпаган учурда.  

 

3. Регулятивдик консолидацияланган отчет Улуттук банкка төмөнкү бөлүктөр боюнча сунушталат:   

- Титулдук барак;   

- Башкы/башкаруучу компаниянын байкоо жана аткаруу органдарынын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар;   

- Башкы/башкаруучу компаниянын айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат;   

- Башкы/башкаруучу компания тууралуу базалык маалымат;   

- 1-бөлүк. Банктык топтун финансылык абалы тууралуу регулятивдик отчет;   

- 2-бөлүк. Пайда жана чыгым жөнүндө отчет;   

- 3-бөлүк. Банктык топтун финансылык абалы тууралуу консолидацияланган регулятивдик отчет; 

- 4-бөлүк. Пайда жана чыгым жөнүндө консолидацияланган отчет; 

- 5-бөлүк. Ири кредиттик тобокелдиктер жөнүндө маалымат; 

- 6-бөлүк. Банктык топ менен аффилирленген жактардын операциялары тууралуу маалымат;  

- 7-бөлүк. Банктык топ менен байланыштуу жактардын операциялары тууралуу маалымат;   

- 8-бөлүк. Экономикалык ченемдерди сактоо тууралуу маалымат;   

- 9-бөлүк. Банктык топтун капиталынын шайкештигин эсептөө;  

- 10-бөлүк. Банктык топтун капиталын эсептөө

1. Активдер; 

2. Баалуу кагаздар портфели; 

3. Кредиттер жана лизингдер; 

4. Кредиттер жана лизингдер (башка активдер); 

5. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер; 

6. Субординацияланган карыз; 

7. Капиталдын курамы жөнүндө отчет; 

- 11-бөлүк. Операциялык күндүн акырына карата банктык топтун ачык валюталык позициялары жөнүндө отчет; 

- 12-бөлүк. Банктык топтун катышуучулары ортосундагы операциялар жөнүндө отчет; 

- 13-бөлүк. Банктык топтун түзүмү/катышуучуларынын курамы тууралуу отчет;  

- 14-бөлүк. Банктык топтун катышуучуларынын иши боюнча маалымат; 

- Банктык топтун түзүмү жөнүндө маалымат. 

   

II. Титулдук барак 

 

4. Титулдук баракта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:   

- катталган күнү жана чыгыш номери;   

- отчет даярдалган күн (мисалы, 2018-жылдын 1-январына карата абал боюнча);  

- отчет түзүлгөн күн;  

- мезгил аралыгы «чейректик», «жылдык» же «корректировкалоо». Эгерде техникалык мүнөздөгү каталар орун алса, отчетту корректировкалоого жол берилет. Бул учурда кайсы бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилгендигин көрсөтүү менен отчеттун өзгөртүү киргизилген формалары гана сунушталат;  

- жүргүзүлгөн аудиттин же текшерүүнүн түрү төмөнкү саптардын бири же экөөсү көрсөтүлөт:   

а) ички текшерүү эгерде текшерүү ички аудит же отчетту текшерүүгө жооптуу адам тарабынан жүргүзүлсө;   

б) корутундусуз аудит сунуш-көрсөтмөлөрдү, келечекке иш планын берүүсүз, банктык топ операцияларды жана бухгалтердик эсепке алууну туура жүргүзгөндүгү жөнүндө корутунду берүү менен чектелген аудит жүргүзүлсө;  

в) корутунду берүү менен аудит тиешелүү операциялардын жана бухгалтердик эсепке алуунун туура жүргүзүлгөндүгүн текшерүүдөн тышкары, башкы/башкаруучу компанияга банктык топтун ишин жакшыртуу жана/же өркүндөтүү максатында сунуш-көрсөтмөлөрдү жана иш-чаралар планын сунуштоо менен жүргүзүлгөн аудит;  

- отчет берип жаткан башкы/башкаруучу компаниянын аталышы басма тамгалар менен көрсөтүлөт;  

- тышкы аудитор; 

- Башкы/башкаруучу компаниянын байкоо органынын төрагасынын же ал жок учурда төраганын милдетин аткарган байкоо органынын мүчөсүнүн, Аткаруу органынын төрагасынын, башкы бухгалтердин, Аткаруу органынын отчет даярдоо боюнча ишти түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсүнүн жана отчеттун даярдалышы жана сунушталышы үчүн жооптуу адамдын күбөлөндүрүүчү кол тамгалары;  

- башкы/башкаруучу компаниянын Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчетунун даярдалышы жана сунушталышы үчүн жооптуу кызматкердин кызмат ордун, аты-жөнүн жана телефон (жумуш/уюлдук) номерин көрсөтүү менен кол тамгасы.     

 

III. Башкы/башкаруучу компаниянын байкоо жана аткаруу органдарынын мүчөлөрү тууралуу маалыматтар 

 

5. Башкы/башкаруучу компаниянын байкоо органынын мүчөлөрү тууралуу маалыматтарда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- аты-жөнү;  

- жумуш орду;  

- кызматы;  

- жумуш/уюлдук телефон номери;  

- кол тамгасынын үлгүсү.  

 

6. Башкы/башкаруучу компаниянын аткаруу органынын мүчөлөрү тууралуу маалыматтар төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:  

- аты-жөнү;  

- кызматы;  

- жумуш/уюлдук телефон номери;  

- кол тамгасынын үлгүсү

 

IV. Башкы/башкаруучу компаниянын айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат 

 

7. Башкы/башкаруучу компаниянын айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат алардын төмөнкү айрым кызмат адамдарынын тизмесин камтыйт:  

1) башкы бухгалтер;  

2) башкы/башкаруучу компаниянын ликвиддүүлүгүн тескөөгө жооптуу кызмат адамы;  

3) башкы/башкаруучу компаниянын бюджетине жооптуу кызмат адамы; 

4) башкы/башкаруучу компаниянын кредиттик ишине жооптуу кызмат адамы;  

5) Аудит боюнча комитеттин төрагасы;  

6) Ички аудит кызматынын/бөлүмүнүн жетекчиси;  

7) башкы/башкаруучу компания тарабынан чет өлкө валютасында жүзөгө ашырылган операцияларга жооптуу кызмат адамы.  

Ушул пункттун 2, 3, 4, 7-пунктчаларында көрсөтүлгөн кызмат адамдары башкы/башкаруучу компаниянын жетекчилигинин атынан иш алып барууга жана бүтүндөй банктык топто көрсөтүлгөн багыттар боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатка жооп берүүгө тийиш.  

 

8. Ар бир кызмат адамы боюнча төмөнкүдөй маалымат камтылууга тийиш:  

- аты-жөнү;  

- кызматы;  

- жумуш/уюлдук телефон номери;  

- кол тамгасынын үлгүсү

 

9. Башкы/башкаруучу компаниянын айрым кызмат адамдарына анын белгилүү бир иш багытына жоопкерчиликтин бекитилиши башкы/башкаруучу компанияда документ түрүндө тастыкталууга тийиш. 

 

V.  Башкы/башкаруучу компания жөнүндө негизги маалымат 

   

10. Башкы/башкаруучу компания жөнүндө негизги маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:   

1) отчет берүүчү башкы/башкаруучу компаниянын толук аталышы башкы/башкаруучу компаниянын толук расмий аталышы;   

2) эл аралык операциялар үчүн аталышы, эгер ал башка болсо банктын башкы/башкаруучу компаниясынын эл аралык операцияларды жүргүзгөндөгү толук аталышы көрсөтүлөт;   

3) дареги:   

а) башкы компания жайгашкан шаардын аталышы;   

б) көчөсү, үй номери башкы кеңсенин имараты жайгашкан көчөнүн аталышы, номери;   

в) почта индекси почта бөлүмүнүн индекси;   

4) расмий жарыяланган байланыш:   

а) телефон башкы/башкаруучу компаниянын расмий телефон номери;   

б) факс башкы/башкаруучу компаниянын расмий факс номери;   

в) электрондук почта башкы/башкаруучу компаниянын электрондук дарегинин расмий дареги;   

5) башкы/башкаруучу компаниянын расмий интернет-сайты;  

6) уставдык (акционердик) капиталдын суммасы:   

а) уюштуруу документтерине ылайык башкы/башкаруучу компаниянын жарыяланган уставдык капиталынын суммасы;   

б) башкы/башкаруучу компаниянын айкын төлөнгөн уставдык капиталынын суммасы.   

   

VI. 1-бөлүк. Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчет 

 

11. Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчетто регулятивдик отчет көз карашынан алганда, банктык топтун финансылык абалынын кыйла олуттуу статьялары өзүнчө көрсөтүлөт.   

Регулятивдик отчет төмөнкү графалардан турат:  

1) баланстын статьясынын аталышы; башкы/башкаруучу компаниянын баланстык отчету, ал башкы/башкаруучу компаниянын сом түрүндөгү баланстык отчетунун статьясынын маанилери камтылган тилкелерден, ошондой эле отчеттук күнгө карата Улуттук банктын расмий курстары боюнча чет өлкө валютасындагы баланстын статьяларынын сом эквивалентинен турат.  

2) 4, 5, 6, 7, 8, 9-тилкелерде отчету финансалык отчетко камтылган катышуучулардын баланстык отчетторунун көрсөткүчтөрү чагылдырылат. Тилкелердин саны отчету консолидацияланган катышуучулардын санына туура келет. 

3) «Мезгил аралыгы боюнча жыйынтык» тилкесинде башкы/башкаруучу компаниянын жана банктык топтун катышуучуларынын статьялар боюнча сом түрүндөгү бардык көрсөткүчтөрү кошулат (2, 4, 6, 8-тилкелеринин суммасы). 

Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш.  

Эскертүү: банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчеттун статьяларындагы суммалар (кредиттер жана финансылык ижарадан тышкары) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга (мындан ары РППУ) чегерилген тиешелүү суммаларды жана амортизациялык чегерүүлөрдү алып салуу менен көрсөтүлөт.  

Д жана Е бөлүкчөлөрүндө банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчеттун айрым статьялары чечмеленип берилет.  

Бул бөлүктү толтурууда башкы/башкаруучу компаниянын жана банктык топтун катышуучуларынын активдерин, милдеттенмелерин, капиталын, кирешелерин жана чыгашаларын өз-өзүнчө көрсөтүү зарыл. Мындай катышуунун финансылык маалыматтары ушул Усулдук көрсөтмөнүн 2-пунктуна жараша статьялар боюнча киргизилет.  

Эгерде, отчеттук мезгилде башкы/башкаруучу компания же банктык топтун катышуучусу тарабынан акча каражаттары чегерилсе, ал эми банктык топтун башка катышуучусу бул каражаттарды отчеттук мезгилде албаса, анда отчеттук мезгил ичинде анын пайдасына чегерилген акча каражаттарын банктык топтун катышуучусу тарабынан алынган катары эсептөө зарыл.   

 

12. А бөлүкчөсү. Активдер.    

«Акча каражаттары» деп аталган 1-статьяда валюта түрлөрү боюнча жүгүртүү кассасындагы банкнотторду жана монеталарды, жолдогу банкнотторду жана монеталарды, сактык кассаларындагы банкнотторду жана монеталарды, банкоматтардагы банкнотторду жана монеталарды кошо алганда, сом, КМШ өлкөлөрүнүн жана Балтия өлкөлөрүнүн валюталары, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна кирген өлкөлөрдүн валюталары, ошондой эле башка валюталар боюнча акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат. 

«Күндөлүк эсептер» деп аталган 2-статьяда төмөнкү сумма чагылдырылат:   

- милдеттүү камдык талаптарды кошо алганда, Улуттук банктагы депозиттик жана корреспонденттик эсептердеги акча каражаттары;  

- банктардагы же финансы институттарындагы корреспонденттик эсептердеги акча каражаттары, ошондой эле РППУга тиешелүү чегерүүлөрдү минуска чыгаруу менен ушул банктардын же банктагы финансы институттарынын овердрафт суммалары;   

- финансы-кредит уюмдары болуп саналбаган банктык топтун катышуучуларынын эсептешүү эсептеринде турган акча каражаттары.  

Калган калдыктар төмөнкү валюталар: сом, КМШ өлкөлөрүнүн жана Балтия өлкөлөрүнүн валюталары, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна кирген өлкөлөрдүн валюталары жана башка валюталар боюнча көрсөтүлөт.  

«Депозиттик эсептер» деп аталган 3-статьяда банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында депозиттерге күрөөгө коюлган акча каражаттарын кошо алганда, депозитке салынган акча каражаттарынын суммасы тиешелүү атайын РППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат.   

«Баалуу кагаздар» деп аталган 4-статьяда банктык топтун катышуучуларына таандык баалуу кагаздардын номиналдык наркы дисконт/сый акыны эске алуу жана тиешелүү атайын РППУну минуска чыгаруу менен көрсөтүлөт. Баалуу кагаздар тууралуу маалыматтар «а) мамлекеттик баалуу кагаздар» жана «б) корпоративдик баалуу кагаздар» боюнча көрсөтүлөт.  

«Кыска мөөнөткө жайгаштыруулар» деп аталган 5-статьяда ал боюнча банктык топтун катышуучулары кредитор катары иш алып барган, камсыздалган жана камсыздалбаган кыска мөөнөткө банктар аралык жайгаштыруу (30 күнгө чейин) тиешелүү атайын РППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат.   

«РЕПО-келишимдери боюнча сатып алынган баалуу кагаздар» деп аталган 6-статьяда белгилүү бир мөөнөт өткөндөн кийин тиешелүү атайын РППУну минуска чыгаруу менен белгилүү баада кайрадан сатуу милдеттенмеси менен банктык топтун катышуучулары тарабынан сатып алынган баалуу кагаздар көрсөтүлөт.  

«Финансы-кредит уюмдарына кредиттер жана финансылык ижара» деп аталган  

7-статьяда жергиликтүү жана чет өлкө банктарына, ошондой эле башка финансы-кредит уюмдарына берилген кредиттердин жана финансылык лизингдин суммалары тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен чагылдырылат.   

«Башка кардарларга кредиттер жана финансылык ижара» деп аталган 8-статьяда финансылык институт болуп саналбаган жергиликтүү жана чет өлкөлүк кардарларга берилген кредиттердин жана финансылык лизингдин, овердрафт-кредиттеринин жана кредиттик карттар аркылуу берилген кредиттердин суммасы тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен чагылдырылат.  

«Кредиттер жана финансылык ижара боюнча атайын РППУ» деп аталган 9-статьяда финансылык институттарга жана башка кардарларга берилген кредиттер жана финансылык ижара боюнча түзүлгөн атайын РППУнун өлчөмү көрсөтүлөт.  

«Таза кредиттер жана финансылык ижара» деп аталган 10-статьяда алар боюнча атайын РППУну минуска чыгаруу менен кредиттердин жана финансылык ижаранын наркы көрсөтүлөт (7-ст.+8-ст.-9-ст).   

«Негизги каражаттар» деп аталган 11-статьяда банктык топтун катышуучуларынын ээлигинде же пайдалануусунда турган жердин жана/же үлүш жердин, имараттардын жана башка курулмалардын, эмеректердин, жабдуулардын, автоунаа наркы, ошондой эле курулушка байланыштуу материалдардын, иштердин жана башка капиталдаштырылган чыгашалардын наркы, ошондой эле ижарага алынган менчикти ыңгайлаштырууга капиталдык салымдар негизги каражаттарга кошуп эсептелинген амортизацияны эсептен алып салуу менен чагылдырылат. Материалдык эмес активдер бул статьяга кошулбайт. Негизги каражаттарды төмөнкү топтор боюнча көрсөтүү зарыл: жер жана имараттар; бүткөрүлбөгөн курулуш жана башка негизги каражаттар.  

«Активдин ордун жабууга кабыл алынган кыймылсыз мүлк» деп аталган 12-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан активдин ордун жабууга кабыл алынган карыз алуучунун кыймылсыз мүлкү, ошондой эле атайын РППУну минуска чыгаруу менен банктык топтун катышуучуларынын иштебеген филиалдарынын жана туунду компанияларынын кыймылсыз мүлкү чагылдырылат.  

«Активдин ордун жабууга кабыл алынган башка менчик» деп аталган 13-статьяда банктык топтун катышуучуларынын ээлигине өткөн башка активдер (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөн тышкары), ошондой эле банктык топтун катышуучуларынын жабылып калган филиалдарынын жана туунду компанияларынын башка мүлкү, тиешелүү атайын РППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат.   

«Башка компанияларга инвестициялар» деп аталган 14-статьяда банктык топтун катышуучуларынын компаниядагы капиталдык инвестицияларынын суммасы тиешелүү атайын РППУну минуска чыгаруу менен көрсөтүлөт.   

«Капиталдагы үлүштү сатып алуу наркынын айырмасы (гудвилл)» деген 15-статьяда банктык топ тарабынан консолидациялануучу катышуучунун акцияларын (үлүшүн) сатып алуу наркынын айырмасынын оң мааниси көрсөтүлөт. Бул айырма аталган акцияларга (үлүшкө) ээлик кылган башкы/башкаруучу компаниянын балансында гана көрсөтүлөт.  

«Башка активдер» деген 16-статьяда дебитордук карызды кошо алганда, аларга дал келген атайын РППУну минуска чыгаруу менен, жогоруда көрсөтүлбөгөн активдердин номиналдык наркы, ошондой эле валюталык операциялар боюнча (чет өлкө валютасы боюнча таза своп-позиция, таза форвард-позиция, чет өлкө/улуттук валютаны бүткөрүлбөгөн спот-сатып алуулар) суммалар жана материалдык эмес активдер чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп активдер» деген 17-статьяда 1ден 6га чейинки жана 10дон 16га чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт.   

  

13. Б бөлүкчөсү. Милдеттенмелер.   

«Юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери» деп аталган 18-статьяда жергиликтүү жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын эсептешүү эсептерин кошо алганда, талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын эсептериндеги акча каражаттары жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттери бул статьяга кошулбайт.  

«Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери» деп аталган 19-статьяда жергиликтүү жана чет өлкөлүк жеке адамдардын эсептешүү эсептерин кошо алганда, талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

«Жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери» деп аталган 20-статьяда жергиликтүү жана чет өлкөлүк жеке ишкерлердин эсептешүү эсептерин кошо алганда, талап боюнча төлөнүүчү  депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

«Юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери» деп аталган 21-статьяда жергиликтүү жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын депозиттик сертификаттарын кошо алганда, мөөнөттүү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү депозиттери бул статьяга кошулбайт.  

«Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери» деп аталган 22-статьяда жергиликтүү жана чет өлкөлүк жеке адамдардын сактык сертификаттарын кошо алганда, мөөнөттүү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

«Жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери» деп аталган 23-статьяда жергиликтүү жана чет өлкөлүк жеке ишкерлердин сактык сертификаттарын кошо алганда, мөөнөттүү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

«Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер» деп аталган 24-статьяда Улуттук банк жана анын туунду компаниялары алдындагы милдеттенмелердин суммасы чагылдырылат.  

«Корреспонденттик эсептер» деп аталган 25-статьяда банктардын-банктык топтун катышуучуларынын банк-корреспонденттердин эсептериндеги акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат.   

«Банктардын депозиттери» деп аталган 26-статьяда банктардын же финансы-кредит уюмдарынын талап боюнча төлөнүүчү депозиттер жана мөөнөттүү депозиттер түрүндө жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат.  

«Кыска мөөнөткө жайгаштыруулар» деп аталган 27-статьяда банктар-банктык топтун катышуучулары анда дебитор катары иш алып барышкан, камсыздалган жана камсыздалбаган кыска мөөнөттүү банктар аралык жайгаштыруулардын (30 күнгө чейин) суммасы көрсөтүлөт.  

«Бийлик органдарынан депозиттер жана кредиттер» деп аталган 28-статьяда бийлик органдарынын депозиттик эсептериндеги акча каражаттарынын жана бийлик органдарынан алынган башка акча каражаттарынын суммасы төмөнкүлөргө бөлүштүрүлүп көрсөтүлөт:   

а) бийлик органдарынын депозиттери;  

б) бийлик органдарынан алынган кредиттер;  

«РЕПО-келишими боюнча сатылган баалуу кагаздар» деп аталган 29-статьяда келечекте белгилүү бир күндө, аныкталган баада кайтара сатып алуу келишими боюнча банктар банктык топтун катышуучулары тарабынан сатылган баалуу кагаздардын наркы көрсөтүлөт.  

«Алынган кредиттер» деп аталган 30-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар катары каралбаган, төмөнкүлөрдөн алынган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт:  

а) банктардан:  

б) эл аралык финансылык уюмдарды кошо алганда, башка финансы-кредит уюмдарынан.  

«Субординацияланган карыздык милдеттенмелер» деп аталган 31-статьяда эмитенттердин активдерине каршы талап кылынышы мүмкүн болгон жана башка дебиторлордун талаптарын канааттандыруудан кийин гана төлөнүп берилген карыздык милдеттенмелер көрсөтүлөт.  

«Капиталдагы үлүштү сатып алуу наркынын айырмасы (гудвилл)» деген 32-статьяда консолидациялануучу катышуучунун акцияларын (үлүшүн) сатып алуу наркынын айырмасынын терс мааниси көрсөтүлөт. Бул айырма аталган акцияларга (үлүшкө) ээлик кылышкан, башкы/башкаруучу компаниянын балансында гана көрсөтүлөт.  

«Башка милдеттенмелер» деп аталган 33-статьяда кредиттик карызды кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер, ошондой эле чет өлкө/улуттук валютаны бүткөрүлбөгөн спот-сатуулар чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп милдеттенмелер» деп аталган 34-статьяда 18ден 33кө чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

 

14. В бөлүкчөсү. Капитал.  

«Акционердик капитал» деп аталган 35-статьяда төмөнкүлөр боюнча акционердик капиталдын мааниси көрсөтүлөт:  

а) жөнөкөй акциялар  уюштуруу-укуктук формалардан (Акционердик коом, Жоопкерчилиги чектелген коом ж.б) көз карандысыз банктык топтун катышуучуларынын жөнөкөй акцияларынын (капиталынын)/үлүштүк катышуунун жалпы суммасы көрсөтүлөт;  

б) артыкчылык берилген акциялар  акционердик коом болуп саналган банктык топтун катышуучуларынын артыкчылык берилген акцияларынын жалпы суммасы көрсөтүлөт;  

в) акционерлер тарабынан салынган кошумча капиталды кошо алганда, номиналдан ашык салынган капитал  акционерлер тарабынан акциялардын номиналдык наркынан ашык салынган акча каражаттарынын суммасы, ошондой эле акционерлер тарабынан Улуттук банктын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү боюнча талаптарын аткаруу үчүн салынган кошумча капитал чагылдырылат;  

г) бөлүштүрүлбөгөн пайда  анын ичинде банктык топтун катышуучуларынын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын суммасы;   

г1) өткөн жылдардын пайдасы каражаттардын бөлүгүн акционерлерге бөлүштүргөндөн жана банктык топтун катышуучуларынын келечектеги керектөөлөрү үчүн камга которгондон кийин, банктык топтун катышуучуларында калган өткөн жылдарда түшкөн пайда;  

г2) өтүп жаткан жылдагы пайда  өтүп жаткан жылы алынган пайда;  

г3) келечектеги керектөөлөр үчүн кам - пайданы бөлүштүрүүнүн эсебинен келечекте пайдалануу  жана/же күтүлбөгөн жагдайлар үчүн каралган банктык топтун катышуучулары тарабынан түзүлүүчү камдардын суммасы.   

«Жалпы кам» деп аталган 36-статьяда банктык топтун катышуучуларынын активдерин кайра баалоонун эсебинен түзүлгөн камдын өлчөмү жана консолидациялоо учурунда валюталарды кайрадан эсептеп чыгуунун натыйжасында келип чыккан айырма, ошондой эле кредиттер жана финансылык ижара жана башка классификацияланган активдер боюнча жалпы РППУнун өлчөмү чагылдырылат:  

а) негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам  негизги каражаттарды кайра баалоо суммасы;  

б) баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам баалуу кагаздарды кайра баалоодон улам келип чыккан, реализацияланбаган кирешелердин жана чыгымдардын суммасы;  

в) кредиттер жана финансылык ижара боюнча жалпы РППУ  кредиттер жана финансылык ижара боюнча жалпы РППУнун суммасы;  

г) классификациялануучу башка активдер боюнча жалпы РППУ классификацияланууга тийиш болгон башка активдер боюнча жалпы РППУнун суммасы;  

д) башка жалпы камдар  башка жалпы камдардын суммасы.  

«Бардыгы болуп капитал» деп аталган 37-статьяда 35 жана 36-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп милдеттенмелер жана капитал» деп аталган 38-статьяда 34 жана  

37-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

  

15. Г бөлүкчөсү. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер  

«Кредиттерди берүүгө карата милдеттенмелер» деп аталган 39-статьяда келечекте кредиттерди же аларды алмаштыруучуларды берүү боюнча милдеттенмелер чагылдырылат.  

«Жалпы гарантиялар жана ушул сыяктуу милдеттенмелер» деп аталган 40-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан чыгарылган же тастыкталган жалпы гарантиялар жана ушул сыяктуу милдеттенмелер чагылдырылат.   

«Аккредитивдер» деп аталган 41-статьяда банктык топтун катышуучуларынын аккредитивдер боюнча мүмкүн болуучу милдеттенмелери чагылдырылат:  

а) стендбай;  

б) документтик;  

в) жана башка.  

«Валюталык операциялар» деп аталган 42-статьяда банктык топтун катышуучуларынын валюталык операциялар боюнча милдеттенмелери чагылдырылат:  

а) спот-операциялар:  

- сатып алуу;  

- сатуу;  

б) форварддык операциялар:  

- сатып алуу;  

- сатуу.  

Своп-операциялардын натыйжасында келип чыккан, сатылып кеткен (сатып алынган) валютаны сатып алуу (сатуу) боюнча милдеттенмелер, тиешелүүлүгүнө жараша, а) пунктунун «сатып алуу» («сатуу») саптарында, ал эми кайтарым бүтүмдөрдү ишке ашырууда валютаны сатуу (сатып алуу) боюнча милдеттенмелерди «сатуу» («сатып алуу») саптарында чагылдырылат.  

Своп-операцияларды кошпогондо, башка форварддык операциялар, сатылып кеткен (сатып алынган) валютаны сатып алуу (сатуу) боюнча милдеттенмелер, тиешелүүлүгүнө жараша, а) пунктунун «сатып алуу» («сатуу») саптарында, ошол эле учурда кайтарым бүтүмдү ишке ашырууда валютаны сатуу (сатып алуу) боюнча милдеттенмелер «сатуу» («сатып алуу») сабында көрсөтүлөт.  

«Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер» деп аталган 43-статьяда банктык топтун катышуучуларынын келечекте активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелери чагылдырылат.  

«Баланстан тышкаркы башка милдеттенмелер» деп аталган 44-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, бардык баланстан тышкаркы милдеттенмелер чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп, баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деп аталган 45-статьяда 39дан 44кө чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

Эскертүү: баланстан тышкаркы операциялар боюнча контр-эсептер чагылдырылбайт. 

  

16. Д бөлүкчөсү. Башка активдерди жана милдеттенмелерди чечмелөө.  

«Башка активдер» деп аталган 1-статьяда баланстык отчеттун тиешелүү статьясында камтылган банктык топтун катышуучуларынын активдеринин чечмелениши көрсөтүлөт:  

а) алууга чегерилген пайыздар  алууга чегерилген пайыздардын суммасы;  

б) алдын ала төлөнгөн төлөөлөр  келишим шарттарына ылайык банктык топтун катышуучулары тарабынан башка тараптарга төлөнгөн суммалар;  

в) такталбаган дебитордук сумма  териштирүүгө чейинки акча каражаттарынын суммасы;   

г) баалуу металлдар  банктык топтун катышуучуларында болгон баалуу металлдардын наркы;  

д) жана башка активдер  валюталык операциялар (чет өлкө валютасы боюнча таза своп-позиция, таза форвард позиция, чет өлкө/улуттук валютаны бүткөрүлбөгөн спот-сатып алуулар) боюнча суммалар, ошондой эле жогоруда көрсөтүлбөгөн, банктык топтун катышуучуларынын жана башка активдеринин суммасы.  

«Башка активдерге карата атайы РППУ» деп аталган 2-статьяда банктык топтун катышуучуларынын жогоруда аталган башка активдерине карата атайы РППУнун суммасы көрсөтүлөт.  

«Таза башка активдер» деп аталган 3-статьяда банктык топтун катышуучуларынын башка активдеринин таза наркы көрсөтүлөт (1-статья минус 2-статья). Аталган статья «Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчет» деп аталган 1- бөлүктүн А бөлүкчөсүнүн 16-статьясына шайкеш келүүгө тийиш.  

«Башка милдеттенмелер» деп аталган 4-статьяда «Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчет» деп аталган 1-бөлүктүн тиешелүү статьясында камтылган, банктык топтун катышуучуларынын милдеттенмелеринин чечмелениши көрсөтүлөт:  

а) төлөөгө чегерилген пайыздар  төлөөгө чегерилген пайыздардын суммасы;  

б) төлөөгө карата салыктар  банктык топтун катышуучуларынын бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон милдеттенмелеринин суммасы;  

в) такталбаган кредитордук карыз  тактоого чейинки акча каражаттарынын суммасы;  

г) төлөөгө карата дивиденддер  акционерлерге төлөнүп берилүүгө тийиш болгон акча каражаттарынын суммасы;  

д) башка милдеттенмелер  таза спот позиция, таза форвард позиция, чет өлкө/улуттук валютаны бүткөрүлбөгөн спот-сатуулардын суммасы, ошондой эле баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУну кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн жана башка милдеттенмелер көрсөтүлөт.  

Аталган статья «Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчет» деп аталган 1-бөлүктүн А бөлүкчөсүнүн 33-статьясына шайкеш келүүгө тийиш.   

  

17. Е бөлүкчөсү. Улуттук банктын жана анын туунду компаниялары алдындагы милдеттенмелер.   

«Овернайт» деп аталган 1-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган овернайт кредиттеринин суммасы чагылдырылат.  

«Акыркы инстанция кредити» деп аталган 2-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган акыркы инстанция кредитинин суммасы көрсөтүлөт.  

«Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити» деп аталган  

3-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик линиясы боюнча алынган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт.  

«МАР кредити» деп аталган 4-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан МАРдын кредиттик линиясы боюнча алынган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт.  

«Башка кредиттер жана Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер» деп аталган  

5-статьяда банктык топтун катышуучуларынын Улуттук банк алдындагы башка милдеттенмелердин, анын ичинде бир күндүк кредиттер боюнча суммалары көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп» деп аталган 6-статьяда 1-5-статьялардын суммалары чагылдырылат.  

  

18. Ж бөлүкчөсү. Башкы/башкаруучу компаниянын/банктык топтун катышуучусунун активдерин жайгаштыруу.   

Ж бөлүкчөсүндө башкы/башкаруучу компаниянын/банктык топтун катышуучусунун активдерин географиялык жайгаштыруу жөнүндө маалымат чагылдырылат. Активдер статьясындагы суммалар атайын РППУнун жана дисконттун тиешелүү суммаларын алып салуусуз көрсөтүлөт. Өлкөлөр боюнча бөлүштүрүүдө активди иш жүзүндө пайдалануу жерине жараша жүргүзүлөт. Башкы/башкаруучу компания бул бөлүктү өзүнчө, ал эми банктык топтун катышуучулары өзүнчө толтурат. Бул отчеттун барактарынын саны отчету консолидациялана турган катышуучулардын санына дал келет.  

  

19. З бөлүкчөсү. Башкы/башкаруучу компаниянын/банктык топтун катышуучусунун өлкөлүк белгилери боюнча капиталды тартуу.   

Бул бөлүкчөдө өлкөлөр боюнча бөлүштүрүүдө кайсы болбосун уюштуруу-укуктук формадагы (АК, ЖЧК ж.б) банктык топтун катышуучуларынын акционердик капиталын тартуу тууралуу маалымат чагылдырылат. Өлкөлөр боюнча бөлүштүрүү компаниялардын-банктык топтун катышуучуларынын акционерлеринин (ээлик кылуучулардын) тигил же бул өлкөгө таандык экендигине жараша жүргүзүлөт. Чогуу алгандагы акционердик капиталдын суммасы «Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчет» деп аталган 1-бөлүктүн 35-статьясынын маалыматтары менен дал келүүгө тийиш. Мында, «бөлүштүрүлбөгөн пайда» деп аталган г) статьясы өзүндө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  

1) акционерлерге каражаттардын бөлүгүн бөлүштүрүүдөн кийин жана банктык топтун катышуучуларынын келечектеги керектөөлөрү үчүн камга которуудан кийин банктык топтун катышуучуларында калган, өткөн жылдарда түшкөн пайданы;   

2) өтүп жаткан жылы алынган пайданы;  

3) банктын топтун катышуучуларында пайданы бөлүштүрүүнүн эсебинен келечекте орун алышы мүмкүн болгон жагдайлар үчүн түзүлүүчү банктык топтун катышуучуларынын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдарды.  

Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш.   

Башкы/башкаруучу компания бул бөлүктү өзүнчө, ал эми банктык топтун катышуучулары өзүнчө толтурат. Бул отчеттун барактарынын саны отчету консолидациялана турган катышуучулардын санына дал келет. 

  

VII. 2-бөлүк. Пайда жана чыгым жөнүндө отчет 

 

Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто башкы/башкаруучу компаниянын жана банктык топтун катышуучуларынын пайда жана чыгым жөнүндө отчетторунун көрсөткүчтөрү чагылдырылат. Бардык статьялар өтүп жаткан мезгилге салыштырылып, отчеттук жылдын башталышынан тартып өсүү жыйынтыгы менен көрсөтүлөт. Бул отчетто суммалар оң же терс болушу мүмкүн.  

«Аралык натыйжа» тилкесинде отчетко кошула турган башкы/башкаруучу компаниянын жана банктык топтун башка катышуучуларынын кирешелери жана чыгашалары боюнча статьяларынын суммасынын жыйынтыгы чагылдырылат.  

Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш.  

 

20. А бөлүкчөсү. Пайыздык кирешелер.  

«Коммерциялык банктардагы депозиттер жана эсептер боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган 1-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан башка банктардагы жана финансы-кредит уюмдарындагы депозиттер боюнча чегерилген, ошондой эле банктар-резидент эместердин корреспонденттик эсептериндеги пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.   

«Улуттук банктагы корреспонденттик эсептер боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган 2-статьяда Улуттук банктагы корреспонденттик эсептер же депозиттер боюнча банктардын-банктык топтун катышуучуларынын пайыздык кирешелери көрсөтүлөт.  

«Пайда же чыгым аркылуу адилет наркы боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган 3-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан пайда же чыгым аркылуу адилет наркы боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча чегерилген пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.  

«Башка жыйынды киреше аркылуу адилет наркы боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган 4-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан башка жыйынды киреше аркылуу адилет наркы боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча чегерилген пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.  

«Амортизацияланган наркы боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган 5-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан амортизацияланган наркы боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча чегерилген пайыздык кирешелер көрсөтүлөт. 

«Кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган  

6-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан кыска мөөнөттүү банктар аралык жайгаштыруулар (30 күнгө чейин) боюнча чегерилген пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.  

«Финансы-кредит уюмдарына берилген кредиттер жана финансылык ижара боюнча пайыздык киреше» деп аталган 7-статьяда банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына кредиттер жана финансылык ижара боюнча банктык топтун катышуучулары тарабынан чегерилген пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.  

«Башка кардарларга берилген кредиттер жана финансылык ижара боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган 8-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан эл чарба тармактары боюнча кредиттер жана финансылык ижарадан чегерилген пайыздык кирешелер кардар алган акча каражаттарын өз иш чөйрөсү же бизнесинин негизги багыты боюнча эмес, коюлган максатка ылайык жумшоосуна жараша экономика секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш:  

а) өнөр жайы;  

б) айыл чарбасы жана кайра иштетүү;  

в) соода жана коммерциялык операциялар;  

г) курулуш, ипотекадан тышкары;  

д) ипотека;  

е) жеке адамдар;  

ж) жана башкалар.  

«РЕПО-келишими боюнча сатып алынган баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган 9-статьяда банктык топтун катышуучуларынын кайтарым РЕПО-келишимдер боюнча пайыздык кирешелери көрсөтүлөт.   

«Башка пайыздык кирешелер» деп аталган 10-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн пайыздык же ушул сыяктуу кирешелер чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп пайыздык кирешелер» деп аталган 11-статьяда 1ден 10го чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

  

21. Б бөлүкчөсү. Пайыздык чыгашалар.  

«Юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган 12-статьяда банктык топтун катышуучуларынын юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт. Банктык топтун катышуучуларынын банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары бул статьяга кошулбайт.  

«Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык кирешелери» деп аталган 13-статьяда банктык топтун катышуучуларынын (коммерциялык банк, микрофинансылык уюм) жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.   

«Жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык кирешелери» деп аталган 14-статьяда банктык топтун катышуучуларынын (коммерциялык банк, микрофинансылык уюм) жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.   

«Юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары» деп аталган 15-статьяда банктык топтун катышуучуларынын юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт. Банктык топтун катышуучуларынын банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары бул статьяга кошулбайт. 

«Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары» деп аталган 16-статьяда банктык топтун катышуучуларынын жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.  

«Жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары» деп аталган 17-статьяда банктык топтун катышуучуларынын жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.  

«Кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган  

18-статьяда банктык топтун катышуучуларынын банктар аралык кыска мөөнөттүү жайгаштыруулары (30 күнгө чейин) боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.  

«Банктардын депозиттери боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган 19-статьяда банктык топтун катышуучуларынын (коммерциялык банк, микрофинансылык уюм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы) башка банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын депозиттери, ошондой эле банктар-резидент эместердин корреспонденттик эсептери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.   

«Улуттук банктан алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган  

20-статьяда банктык топтун катышуучуларынын (коммерциялык банк, микрофинансылык уюм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы) Улуттук банктан жана Улуттук банктын туунду компанияларынан алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.  

«РЕПО-келишими боюнча сатылган баалуу кагаздар боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган 21-статьяда  банктык топтун катышуучуларынын РЕПО-келишими боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.  

«Алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган 22-статьяда банктык топтун катышуучуларынын (коммерциялык банк, микрофинансылык уюм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы) эл аралык финансы уюмдарын кошо алганда, банктардан жана башка финансы-кредит уюмдарынан алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.  

«Субординацияланган карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган 23-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан чыгарылган субординацияланган карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздык чыгашалар көрсөтүлөт.  

«Башка пайыздык чыгашалар» деп аталган 24-статьяда кредиттер боюнча дисконтко кеткен чыгашаларды кошо алганда, жогоруда аталбаган пайыздык же ушул сыяктуу чыгашалар көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп пайыздык чыгашалар» деп аталган 25-статьяда 12ден 24кө чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

«Таза пайыздык киреше» деп аталган 26-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган таза пайыздык киреше көрсөтүлөт (11-статья минус 25-статья).  

«Кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата камга чыгашалар» деп аталган 27-статьяда кредиттер жана финансылык ижара боюнча чегерилген пайыздар боюнча РППУга чыгашаларды кошо алганда, кредиттер жана финансылык ижара боюнча атайын жана жалпы РППУ боюнча чыгашалар көрсөтүлөт.  

«РППУга чегерүүлөрдөн кийинки таза пайыздык киреше» деп аталган 28-статьяда 26 жана 27-статьялардын ортосундагы айырма чагылдырылат.  

  

22. В бөлүкчөсү. Пайыздык эмес кирешелер.  

Бул бөлүкчөдө бухгалтердик баланстын тиешелүү эсептеринин кредиттик калдыктары көрсөтүлөт.  

«Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөөлөр жана комиссиялык жыйымдар» деп аталган 29-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган комиссиялык жыйымдар жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөөлөр чагылдырылат.  

«Баалуу кагаздар менен операциялардан алынган кирешелер» деп аталган  

30-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар менен операциялардан алынган кирешелер көрсөтүлөт.  

«Чет өлкө валютасындагы операциялардан алынган кирешелер» деп аталган  

31-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан чет өлкө валютасындагы операциялардан алынган кирешелер көрсөтүлөт.  

«Туунду жана ассоциацияланган компанияларга салымдарды кошо алганда, акцияларга жана пайларга салымдардан түшкөн кирешелер/дивиденддер» деп аталган  

32-статьяда туунду же ассоциацияланган компаниялар болуп саналбагандардын акцияларына жана пайларына (капиталга катышуудан натыйжа катары) салымдардан түшкөн дивиденд түрүндө банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган кирешелер, ошондой эле туунду жана ассоциацияланган компаниялардан алынган кирешелер чагылдырылат.   

«Башка пайыздык эмес кирешелер» деп аталган 33-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, туунду финансылык инструменттер (фьючерс, форвард/спот, опцион) менен операциялардан түшкөн кирешелерди кошо алганда, пайыздык эмес кирешелер, ошондой эле баалуу кагаздарды жана туунду финансылык инструменттерди кайрадан баалоодон түшкөн реализацияланбаган киреше (чыгым), чет өлкө валютасын кайра баалоодон киреше, ошондой эле айыптык төлөмдөр жана туумдар көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп пайыздык эмес киреше» деп аталган 34-статьяда 29дан 33гө чейинки статьялардын суммасы чагылдырылат.  

  

23. Г бөлүкчөсү. Пайыздык эмес чыгашалар.  

Бул бөлүкчөдө бухгалтердик баланстын тиешелүү эсептеринин дебеттик калдыктары көрсөтүлөт.  

«Банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр боюнча чыгашалар жана комиссиялык жыйымдар» деп аталган 35-статьяда комиссиялык жыйымдар жана банктык топтун катышуучулары тарабынан кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр көрсөтүлөт.  

«Баалуу кагаздар менен операциялардан чыгым тартуулар» деп аталган 36-статьяда банктык топтун катышуучуларынын карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар менен операциялары боюнча чыгашалар чагылдырылат.   

«Чет өлкө валютасы менен операциялардан чыгым тартуулар» деп аталган  

37-статьяда банктык топтун катышуучуларынын чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча чыгашалары көрсөтүлөт.  

«Башка пайыздык эмес чыгашалар» деп аталган 38-статьяда жогоруда аталбаган пайыздык эмес чыгашалар көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп пайыздык эмес чыгашалар» деп аталган 39-статьяда 35ден 38ге чейинки статьялардын суммасы чагылдырылат.   

  

24. Д бөлүкчөсү. Башка операциялык жана административдик чыгашалар.   

«Персоналды күтүүгө кеткен чыгашалар» деп аталган 40-статьяда банктык топтун катышуучу компанияларынын кызматкерлерине (банктык топтун катышуучу компанияларынын байкоо органынын мүчөлөрүнө төлөөлөрдөн тышкары) эмгек акылар, сый акылар жана башка ушул сыяктуу төлөмдөр менен байланыштуу чыгашалар көрсөтүлөт:  

а) эмгек акы жана сый акы;  

б) башка компенсациялар жана субсидиялар (башка төлөөлөр);  

в) Социалдык фондго төлөөлөр.  

«Банктык топтун катышуучу компанияларынын байкоо органынын мүчөлөрүнө гонорарлар» деп аталган 41-статьяда банктык топтун катышуучу-компанияларынын байкоо жана аткаруу органдарынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү төлөөлөр жана гонорарлар чагылдырылат.  

«Менчиктен алынуучу салыкты кошо алганда, негизги каражаттарга башка чыгашалар» деп аталган 42-статьяда кошуп эсептелинген амортизациялоону жана мүлктөн алынуучу салык боюнча чыгашаларды кошо алганда, имараттарды жана курулмаларды, эмеректерди, транспортту, жабдууларды, компьютерлерди, программалык камсыздоону жана банктык топтун катышуучуларынын материалдык эмес активдерди күтүүгө кеткен чыгашалары чагылдырылат:   

а) ижара төлөмү;  

б) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана мүлктөн алынуучу салык;  

в) амортизацияга чыгашалар.  

«Салыктар жана камсыздандыруу» деп аталган 43-статьяда  киреше салыгын жана мүлк салыгын эске албаганда, камсыздандырууга, салык төлөөгө байланыштуу чыгашалар чагылдырылат.  

«Башка операциялык жана административдик чыгашалар» деп аталган 44-статьяда күтүүсүз кирешелерди жана чыгашаларды кошо алганда, жогоруда аталбаган бардык операциялык жана административдик чыгашалар көрсөтүлөт.   

«Бардыгы болуп башка операциялык жана административдик чыгашалар» деп аталган 45-статьяда 40тан 44кө чейинки статьялардын суммасы чагылдырылат.  

«Таза операциялык киреше (чыгым)» деп аталган 46-статьяда  банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган таза операциялык киреше (чыгым) (28 жана  

34-статьялардын суммасы менен 39 жана 45-статьялардын суммасынын ортосундагы айырма) чагылдырылат. 

«Жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (кредиттик операциялардан эмес) ордун жабууга каралган камга чыгашалар» деп аталган 47-статьяда потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын жана жалпы камга кеткен чыгашалардын (кредиттик операциялардан жана финансылык ижарадан айырмаланган) суммасы чагылдырылат.  

«РППУга чегерүүлөрдөн кийин таза киреше (чыгым)» деп аталган 48-статьяда  

46 жана 47-статьялардын ортосундагы айырма чагылдырылат.   

«Пайдадан алынуучу салык» деп аталган 49-статьяда банктык топтун катышуучуларынын пайдадан алынуучу салык боюнча чыгашалары чагылдырылат.  

«Таза пайда (чыгым)» деп аталган 50-статьяда банктык топтун катышуучуларынын таза пайдасы (чыгымы) көрсөтүлөт (48-статья минус 49-статья).  

  

VIII. 3-бөлүк. Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө  

консолидацияланган регулятивдик отчет 

 

25. Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө консолидацияланган регулятивдик отчетто регулятивдик отчет берүү көз карашынан алганда банктык топтун финансылык абалы боюнча кыйла маанилүү статьялар өзүнчө болүп көрсөтүлгөн.  

Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө консолидацияланган регулятивдик отчет үч графадан турат: баланстын статьясынын аталышы, статьянын сом түрүндөгү мааниси, ошондой эле чет өлкө валютасындагы баланстын статьяларынын сом түрүндөгү эквиваленти Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курстары боюнча бөлүп көрсөтүлөт.  

Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш.  

Эскертүү: Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчеттун статьяларындагы суммалар (кредиттерден жана финансылык ижарадан башка) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камдын тиешелүү суммаларын жана амортизацияланган чегерүүлөрдү алып салуу менен көрсөтүлөт.  

Д жана Е бөлүкчөлөрүндө банктык топтун финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчеттун айрым статьялары чечмеленип берилет.  

Финансалык көрсөтмөлөрдү консолидациялоодо төмөнкү шарттарды сактоо зарыл: 

- башкы/башкаруучу компаниянын активдери, милдеттенмелери жана капиталы банктык топтун катышуучулары менен статьялар боюнча суммалары кошулат. Мында, Усулдук көрсөтмөнүн 2-пунктуна ылайык башкы/башкаруучу компаниянын отчеттук статьяларына банктык топтун ар бир катышуучусунун статьялары кошулат; 

- башкы/башкаруучу компаниянын банктык топтун катышуучуларынын уставдык капиталына жана, тиешелүүлүгүнө жараша, банктык топтун катышуучуларынын уставдык капиталына, башкы/башкаруучу компанияга таандык бөлүгүнө салымдары, ошондой эле башкы/башкаруучу компаниянын уставдык капиталына катышуучулардын салымдары алынып салынат;  

- банктык топтун катышуучуларынын ортосундагы операцияларга байланыштуу активдер, милдеттенмелер, капитал жана акча каражаттарынын агымы эсепке алынбайт. 

  

26. А бөлүкчөсү. Активдер.    

«Акча каражаттары» деп аталган 1-статьяда валюта түрлөрү: сом, КМШ өлкөлөрүнүн жана Балтия өлкөлөрүнүн валюталары, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна кирген өлкөлөрдүн валюталары, ошондой эле башка валюталар боюнча жүгүртүү кассасындагы банкнотторду жана монеталарды, жолдогу банкнотторду жана монеталарды, сактык кассаларындагы банкнотторду жана монеталарды, банкоматтардагы банкнотторду жана монеталарды кошо алганда, акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат.  

«Күндөлүк эсептер» деп аталган 2-статьяда төмөнкү сумма чагылдырылат:   

- милдеттүү камдык талаптарды кошо алганда, Улуттук банктагы депозиттик жана корреспонденттик эсептердеги акча каражаттары;  

- банктардагы же финансы институттарындагы корреспонденттик эсептердеги акча каражаттары, ошондой эле атайын РППУга тиешелүү чегерүүлөрдү минуска чыгаруу менен ушул банктардын же банктагы финансы институттарынын овердрафт суммалары;   

- финансы-кредит уюмдары болуп саналбаган банктык топтун катышуучуларынын эсептешүү эсептеринде турган акча каражаттары.  

Калдыктар: сом, КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн валюталары, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна кирген өлкөлөрдүн валюталары жана башка валюталар боюнча көрсөтүлөт.  

«Депозиттик эсептер» деп аталган 3-статьяда банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында депозиттерде күрөөгө коюлган акча каражаттарын кошо алганда, депозитке салынган акча каражаттарынын суммасы тиешелүү атайын РППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат.  

«Баалуу кагаздар» деп аталган 4-статьяда банктык топтун катышуучуларына таандык баалуу кагаздардын номиналдык наркы дисконт/сый акыны эсепке алуу жана тиешелүү атайын РППУну минуска чыгаруу менен көрсөтүлөт. Баалуу кагаздар тууралуу маалыматтар «а) мамлекеттик баалуу кагаздар» жана «б) корпоративдик баалуу кагаздар» боюнча көрсөтүлөт.  

«Кыска мөөнөткө жайгаштыруулар» деп аталган 5-статьяда банктык топтун катышуучулары ал боюнча кредитор катары иш алып барган, камсыздалган жана камсыздалбаган кыска мөөнөттүү банктар аралык жайгаштыруулардын суммасы  

(30 күнгө чейин) атайын РППУга тиешелүү чегерүүлөрдү минуска чыгаруу менен чагылдырылат.   

«РЕПО-келишимдери боюнча сатып алынган баалуу кагаздар» деп аталган  

6-статьяда белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин жана белгилүү бир баада атайын РППУга тиешелүү чегерүүлөрдү минуска чыгаруу менен кайрадан сатуу милдеттенмеси менен банктык топтун катышуучулары тарабынан сатып алынган баалуу кагаздар көрсөтүлөт.  

«Финансы-кредит уюмдарына кредиттер жана финансылык ижара» деп аталган  

7-статьяда жергиликтүү жана чет өлкө банктарына, ошондой эле башка финансы-кредит уюмдарына берилген кредиттердин жана финансылык лизингдин суммалары тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен чагылдырылат.   

«Башка кардарларга кредиттер жана финансылык ижара» деп аталган 8-статьяда финансылык институт болуп саналбаган жергиликтүү жана чет өлкөлүк кардарларга кредиттердин жана финансылык лизингдин, овердрафт-кредиттеринин жана кредиттик карттарды пайдалануу аркылуу берилген кредиттердин суммасы тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен чагылдырылат.  

«Кредиттер жана финансылык ижара боюнча атайын РППУ» деп аталган 9-статьяда финансылык институттарга жана башка кардарларга берилген кредиттер жана финансылык ижара боюнча түзүлгөн атайын РППУнун өлчөмү көрсөтүлөт.  

«Таза кредиттер жана финансылык ижара» деп аталган 10-статьяда алар боюнча атайын РППУну минуска чыгаруу менен кредиттердин жана финансылык ижаранын наркы көрсөтүлөт (7-ст.+8-ст.-9-ст).   

«Негизги каражаттар» деп аталган 11-статьяда банктык топтун катышуучуларынын ээлигинде жана/же пайдалануусунда турган жердин жана/же үлүш жерлердин, имараттардын жана башка курулмалардын, автомобилдерди кошо алганда, эмеректердин, жабдуулардын наркы, ошондой эле материалдардын, иштердин жана курулушка байланыштуу келип чыккан башка капиталдаштырылган чыгашалардын наркы, ижарага алынган менчикти ыңгайлаштырууга капиталдык салымдар негизги каражаттарга кошуп эсептелинген амортизацияны эсептен алып салуу менен чагылдырылат. Материалдык эмес активдер бул статьяга кошулбайт. Негизги каражаттарды төмөнкү топтор боюнча көрсөтүү зарыл: жер жана имараттар; бүткөрүлбөгөн курулуш жана башка негизги каражаттар.  

«Активдин ордун жабууга кабыл алынган кыймылсыз мүлк» деп аталган 12-статьяда карыз алуучунун банктык топтун катышуучулары тарабынан активдин ордун жабууга кабыл алынган кыймылсыз мүлкү, ошондой эле атайын РППУга тиешелүү чегерүүлөрдү минуска чыгаруу менен банктык топтун катышуучуларынын иштебеген филиалдарынын жана туунду компанияларынын кыймылсыз мүлктөрү чагылдырылат.  

«Активдин ордун жабууга кабыл алынган башка менчик» деп аталган 13-статьяда банктык топтун катышуучуларынын ээлигине өткөн башка активдер (кыймылсыз мүлк эмес), ошондой эле банктык топтун катышуучуларынын жабылып калган филиалдарынын жана туунду компанияларынын башка мүлктөрү, тиешелүү атайын РППУну минуска чыгаруу менен чагылдырылат.  

«Башка компанияларга инвестициялар» деп аталган 14-статьяда катышуучунун бул компанияга ээлик кылуу үлүшүнүн 10 пайызынан азыраагын түзгөн компаниядагы банктык топтун катышуучуларынын капиталдык инвестицияларынын суммасы тиешелүү атайын РППУну минуска чыгаруу менен көрсөтүлөт.   

«Капиталдагы үлүштү сатып алуу наркынын айырмасы (гудвилл)» деген 15-статьяда банктык топ тарабынан консолидациялануучу катышуучунун акцияларын (үлүшүн) сатып алуу наркынын айырмасынын оң мааниси көрсөтүлөт. Бул айырма аталган акцияларга (үлүшкө) ээлик кылышкан, башкы/башкаруучу компаниянын балансында гана көрсөтүлөт.  

«Башка активдер» деген 16-статьяда дебитордук карызды кошо алганда, атайын РППУну минуска чыгаруу менен жогоруда көрсөтүлбөгөн активдердин номиналдык наркы, ошондой эле валюталык операциялар боюнча (чет өлкө валютасы боюнча таза своп-позиция, таза форвард позиция, чет өлкө/улуттук валютаны бүткөрүлбөгөн спот-сатып алуулар) жана материалдык эмес активдер, анын ичинде гудвилл чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп активдер» деген 17-статьяда 1ден 6га чейинки жана 10дон 16га чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт.   

  

27. Б бөлүкчөсү. Милдеттенмелер   

«Юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери» деп аталган  

18-статьяда жергиликтүү жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын эсептешүү эсептерин кошо алганда, талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын эсептешүүлөрдөгү акча каражаттары жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттери бул статьяга кошулбайт.  

«Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери» деп аталган 19-статьяда жергиликтүү жана чет өлкөлүк жеке адамдардын эсептешүү эсептерин кошо алганда, талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

«Жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери» деп аталган 20-статьяда жергиликтүү жана чет өлкөлүк ишкерлердин эсептешүү эсептерин кошо алганда, талап боюнча төлөнүүчү  депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

«Юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери» деп аталган 21-статьяда жергиликтүү жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин депозиттик сертификаттарын кошо алганда, мөөнөттүү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү депозиттери бул статьяга кошулбайт.  

«Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери» деп аталган 22-статьяда жергиликтүү жана чет өлкөлүк жеке адамдардын сактык сертификаттарын кошо алганда, мөөнөттүү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

«Жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери» деп аталган 23-статьяда жергиликтүү жана чет өлкөлүк жеке ишкерлердин сактык сертификаттарын кошо алганда, мөөнөттүү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

«Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер» деп аталган 24-статьяда Улуттук банк жана анын туунду компаниялары алдындагы милдеттенмелердин суммасы чагылдырылат.  

«Корреспонденттик эсептер» деп аталган 25-статьяда банктардын-банктык топтун катышуучуларынын банк-корреспонденттердин эсептериндеги акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат. 

«Банктардын депозиттери» деп аталган 26-статьяда банктардын же финансы-кредит уюмдарынын талап боюнча төлөнүүчү депозити жана мөөнөттүү депозит түрүндө жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат.  

«Кыска мөөнөткө жайгаштыруулар» деп аталган 27-статьяда аларда банктар-банктык топтун катышуучулары дебитор катары иш алып барган, камсыздалган жана камсыздалбаган кыска мөөнөттүү банктар аралык жайгаштыруулардын суммасы (30 күнгө чейин) көрсөтүлөт.  

«Бийлик органдарынын депозиттери жана кредиттери» деп аталган 28-статьяда бийлик органдарынын депозит эсептериндеги акча каражаттарынын жана бийлик органдарынан алынган башка акча каражаттарынын суммасы төмөнкүчө бөлүп көрсөтүлөт: 

а) бийлик органдарынын депозиттери; 

б) бийлик органдарынан кредиттер. 

«РЕПО-келишим боюнча сатылган баалуу кагаздар» деп аталган 29-статьяда банк банктык топтун катышуучулары келечекте белгилүү кайсы бир күнү жана белгиленген баада кайтара сатып алуу келишими боюнча сатылган баалуу кагаздар наркы көрсөтүлөт.  

«Алынган кредиттер» деп аталган 30-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан төмөнкүлөрдөн алынган кыска мөөнөткө жайгаштыруулар катары каралбаган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт: 

а) банктардан; 

б) эл аралык финансылык уюмдарды кошо алганда, башка финансы-кредит уюмдарынан.  

«Субординацияланган карыздык милдеттенмелер» деп аталган 31-статьяда эмитенттин активдерине каршы талап кылынышы жана башка дебиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин төлөнүшү мүмкүн болгон карыздык милдеттенмелер көрсөтүлөт.  

«Капитал үлүшүн (гудвилл) сатып алуу наркынын айырмасы» деп аталган  

32-статьяда банктык топтун консолидацияланган катышуучусунун акцияларын (үлүшүн) сатып алуу наркынын айырмасынын терс мааниси көрсөтүлөт. Мындай айырма ошол акцияларга (үлүшкө) ээ башкы/башкаруучу компаниянын балансында гана көрсөтүлөт. 

«Башка милдеттенмелер» деп аталган 33-статьяда кредитордук карызды кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер, анын ичинде эсептердеги акча каражаттар, ошондой эле аягына чыгарылбаган улуттук валютаны/чет өлкө валютасын спот-сатуулар чагылдырылат. 

«Бардыгы болуп милдеттенмелер» деп аталган 34-статьяда 18ден 33кө чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

 

28. В бөлүкчө. Капитал. 

«Акционердик капитал» деп аталган 35-статьяда акционердик капиталдын мааниси төмөнкүлөр боюнча көрсөтүлөт: 

а) жөнөкөй акциялар  уюштуруу-укуктук формалардан (акционердик коом, жоопкерчилиги чектелген коом ж.б) көз карандысыз банктык топтун катышуучуларынын жөнөкөй акцияларынын (капиталынын)/үлүштүк катышуунун жалпы суммасы;  

б) артыкчылыктуу акциялар  акционердик коом болуп саналган банктык топтун катышуучуларынын артыкчылыктуу акцияларынын жалпы суммасы;  

в) акционерлер тарабынан салынган кошумча капиталды кошо алганда, номиналдан үстөк салынган капитал  акционерлер тарабынан акциялардын номиналдык наркынан үстөк салынган акча каражаттарынын суммасы, ошондой эле акционерлер тарабынан Улуттук банктын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү боюнча талаптарын аткаруу үчүн салынган кошумча капитал;  

г) бөлүштүрүлбөгөн пайда  банктык топтун катышуучуларынын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын суммасы;   

г1) өткөн жылдардын пайдасы каражаттардын бөлүгүн акционерлерге бөлүштүргөндөн кийин жана банктык топтун катышуучуларынын келечектеги керектөөлөрү үчүн камга каражат которуудан кийин банктык топтун катышуучуларында калган өткөн жылдарда түшкөн пайда чагылдырылат;  

г2) өтүп жаткан жыл ичинде алынган пайда  өтүп жаткан жыл ичинде алынган пайда;  

г3) келечектеги керектөөлөргө кам пайданы бөлүштүрүүнүн эсебинен келечекте пайдалануу үчүн каралган банктык топтун катышуучулары тарабынан түзүлүүчү камдардын суммасы.   

«Жалпы камдар» деп аталган 36-статьяда банктык топтун катышуучуларынын активдерин кайра баалоонун эсебинен жана консолидациялануу учурунда валюталарды кайрадан эсептеп чыгуунун натыйжасында келип чыккан айырма, ошондой эле кредиттер жана финансылык ижара жана башка классификацияланган активдер боюнча жалпы РППУнун көлөмү чагылдырылат:  

а) негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам  негизги каражаттарды кайрадан баалоо суммасы;  

б) сатууга жарактуу баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам баалуу кагаздарды кайра баалоодон улам келип чыккан реализацияланбаган кирешелердин жана чыгымдардын суммасы чагылдырылат;  

в) кредиттер жана финансылык ижара боюнча жалпы РППУ  кредиттер жана финансылык ижара боюнча жалпы РППУнун суммасы;  

г) башка классификациялануучу активдер боюнча жалпы РППУ классификацияланууга тийиш болгон башка активдер боюнча жалпы РППУнун суммасы;  

д) башка жалпы камдар  башка жалпы камдардын суммасы.  

«Бардыгы болуп капитал» деп аталган 37-статьяда 35 жана 36-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп милдеттенмелер жана капитал» деп аталган 38-статьяда 34 жана  

37-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

  

29. Г бөлүкчөсү. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер.  

«Кредит берүүгө карата милдеттенмелер» деп аталган 39-статьяда келечекте кредиттерди же аларды алмаштыруучуларды берүү боюнча милдеттенмелер чагылдырылат.  

«Жалпы гарантиялар жана ушул сыяктуу милдеттенмелер» деп аталган 40-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан чыгарылган же тастыкталган жалпы гарантиялар жана ушул сыяктуу милдеттенмелер чагылдырылат.   

«Аккредитивдер» деп аталган 41-статьяда банктык топтун катышуучуларынын аккредитивдер боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон милдеттенмелери чагылдырылат:  

а) стендбай;  

б) документтик;  

в) жана башкалар.  

«Валюталык операциялар» деп аталган 42-статьяда банктык топтун катышуучуларынын валюталык операциялар боюнча милдеттенмелери чагылдырылат:  

а) своп-операциялар:  

- сатып алуу;  

- сатуу;  

б) форварддык операциялар:  

- сатып алуу;  

- сатуу.  

Своп-операциялардын натыйжасында келип чыккан, сатылып кеткен (сатып алынган) валютаны сатып алуу (сатуу) боюнча милдеттенмелер, тиешелүүлүгүнө жараша, а) пунктунун «сатып алуу» («сатуу») саптарында, ал эми кайтарым бүтүмдөрдү ишке ашырууда валютаны сатуу (сатып алуу) боюнча милдеттенмелерди «сатуу» («сатып алуу») саптарында чагылдырылат.  

Своп-операцияларды кошпогондо, башка форварддык операциялар, сатылып кеткен (сатып алынган) валютаны сатып алуу (сатуу) боюнча милдеттенмелер, тиешелүүлүгүнө жараша, а) пунктунун «сатып алуу» («сатуу») саптарында, ошол эле учурда кайтарым бүтүмдү ишке ашырууда валютаны сатуу (сатып алуу) боюнча милдеттенмелер «сатуу» («сатып алуу») сабында көрсөтүлөт.  

«Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер» деп аталган 43-статьяда банктык топтун катышуучуларынын келечекте активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелери чагылдырылат.  

«Баланстан тышкаркы башка милдеттенмелер» деп аталган 44-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, бардык баланстан тышкаркы милдеттенмелер чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп, баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деп аталган 45-статьяда 39дан 44кө чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

Эскертүү: баланстан тышкаркы операциялар боюнча контр-эсептер чагылдырылбайт.  

  

30. Д бөлүкчөсү. Башка активдерди жана милдеттенмелерди чечмелөө.  

«Башка активдер» деп аталган 1-статьяда баланстык отчеттун тиешелүү статьясында камтылган банктык топтун катышуучуларынын активдеринин чечмелениши көрсөтүлөт:  

а) алууга чегерилген пайыздар  алууга чегерилген пайыздардын суммасы;  

б) алдын ала төлөнгөн төлөөлөр  келишим шарттарына ылайык банктык топтун катышуучулары тарабынан башка тараптарга төлөнгөн суммалар;  

в) такталбаган дебитордук сумма  териштирүүгө чейинки акча каражаттарынын суммасы;   

г) баалуу металлдар  банктык топтун катышуучуларында болгон баалуу металлдардын наркы;  

д) жана башка активдер  валюталык операциялар (чет өлкө валютасы боюнча таза своп-позиция, таза форвард позиция, чет өлкө/улуттук валютаны бүткөрүлбөгөн спот-сатып алуулар) боюнча суммалар, ошондой эле жогоруда көрсөтүлбөгөн, банктык топтун катышуучуларынын жана башка активдеринин суммасы.  

«Башка активдерге карата атайын РППУ» деп аталган 2-статьяда банктык топтун катышуучуларынын жогоруда аталган башка активдерине карата атайын РППУнун суммасы көрсөтүлөт.  

«Таза башка активдер» деп аталган 3-статьяда банктык топтун катышуучуларынын башка активдеринин таза наркы көрсөтүлөт (1-статья минус 2-статья). Аталган статья «Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө консолидацияланган регулятивдик отчет» деп аталган 3-бөлүктүн А бөлүкчөсүнүн 16-статьясына шайкеш келүүгө тийиш.  

«Башка милдеттенмелер» деп аталган 4-статьяда «Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө консолидацияланган регулятивдик отчет» деп аталган 3-бөлүктүн тиешелүү статьясында камтылган банктык топтун катышуучуларынын милдеттенмелеринин чечмелениши көрсөтүлөт:  

а) төлөөгө чегерилген пайыздар  төлөөгө чегерилген пайыздардын суммасы;  

б) төлөөгө карата салыктар  банктык топтун катышуучуларынын бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон милдеттенмелеринин суммасы;  

в) такталбаган кредитордук карыз  тактоого чейинки акча каражаттарынын суммасы;  

г) төлөөгө карата дивиденддер  акционерлерге төлөнүп берилүүгө тийиш болгон акча каражаттарынын суммасы;  

д) башка милдеттенмелер  чет өлкө/улуттук валютаны бүткөрүлбөгөн спот-сатуулардын суммасы, ошондой эле баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУну кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн жана башка милдеттенмелер көрсөтүлөт.  

Аталган статья «Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө консолидацияланган регулятивдик отчет» деп аталган 3-бөлүктүн А бөлүкчөсүнүн 33-статьясына шайкеш келүүгө тийиш. 

 

31. Е бөлүкчөсү. Улуттук банктын жана анын туунду компаниялары алдындагы милдеттенмелер.   

«Овернайт» деп аталган 1-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган овернайт кредиттеринин суммасы чагылдырылат.  

«Акыркы инстанция кредити» деп аталган 2-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган акыркы инстанция кредитинин суммасы көрсөтүлөт.  

«Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити» деп аталган  

3-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик линиясы боюнча алынган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт.  

«МАР кредити» деп аталган 4-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан МАРдын кредиттик линиясы боюнча алынган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт.  

«Башка кредиттер жана Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер» деп аталган  

5-статьяда банктык топтун катышуучуларынын Улуттук банк алдындагы башка милдеттенмелердин, анын ичинде бир күндүк кредиттер боюнча суммалары көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп» деп аталган 6-статьяда 1-5-статьялардын суммалары чагылдырылат.   

 

32. Ж бөлүкчөсү. Банктык топтун активдерин жайгаштыруу.   

Ж бөлүкчөсүндө банктык топтун катышуучуларынын активдеринин географиялык жайгаштырылышы тууралуу маалымат чагылдырылат. Активдер статьясындагы суммалар атайын РППУнун жана дисконттун тиешелүү суммаларын алып салуусуз көрсөтүлөт. Өлкөлөр боюнча бөлүштүрүүдө активди иш жүзүндө пайдалануу жерине жараша жүргүзүлөт. 

 

33. З бөлүкчөсү. Капиталды өлкөлүк белгиси боюнча тартуу.   

Бул бөлүкчөдө кайсы болбосун уюштуруу-укуктук формадагы (АК, ЖЧК ж.б) банктык топтун катышуучуларынын акционердик капиталын тартуу тууралуу маалымат өлкөлөр боюнча бөлүштүрүү менен  чагылдырылат. Өлкөлөр боюнча бөлүү,  компаниялар-банктык топтун катышуучуларынын акционерлеринин (ээлеринин) тигил же бул өлкөгө таандык экендигине жараша жүргүзүлөт. Акционердик капиталдын чогуу алгандагы суммасы «Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө консолидацияланган регулятивдик отчет» деп аталган 3-бөлүктүн 35-статьясынын маалыматтарына дал келүүгө тийиш. Мында, «бөлүштүрүлбөгөн пайда» деп аталган г) статьясы өзүндө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  

- акционерлерге каражаттардын бөлүгүн бөлүштүрүүдөн кийин жана банктык топтун катышуучуларынын келечектеги керектөөлөрү үчүн камга которуудан кийин банктык топтун катышуучуларында калган, өткөн жылдарда түшкөн пайданы;   

өтүп жаткан жылы алынган пайданы;  

- банктык топтун катышуучуларында пайданы бөлүштүрүүнүн эсебинен келечекте орун алышы мүмкүн болгон жагдайлар үчүн түзүлүүчү банктык топтун катышуучуларынын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдарды.  

Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш.   

  

IХ. 4-бөлүк. Пайдалар жана чыгым жөнүндө 

консолидацияланган отчет 

 

Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто банктык топтун катышуучуларынын пайдасы жана чыгымы тууралуу отчетторундагы көрсөткүчтөр чагылдырылат. Бардык статьялар өтүп жаткан жылга салыштырылып, отчеттук жылдын башталышынан тартып, өсүү жыйынтыгы менен көрсөтүлөт. Мындай отчеттогу суммалар оң жана терс болушу мүмкүн.  

Финансалык көрсөтмөлөрдү консолидациялоодо төмөнкү шарттарды сактоо зарыл: 

- башкы/башкаруучу компаниянын кирешелери жана чыгашалары банктык топтун катышуучулары менен статьялары боюнча суммалары кошулат. Мында, Усулдук көрсөтмөнүн 2-пунктуна ылайык башкы/башкаруучу компаниянын отчеттук статьяларына банктык топтун ар бир катышуучусунун статьялары кошулат; 

- банктык топтун катышуучуларынын ортосунда ишке ашырылуучу операцияларга байланыштуу кирешелер, чыгашалар жана акча каражаттарынын агымы эсепке алынбайт. 

Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш.  

 

34. А бөлүкчөсү. Пайыздык кирешелер  

«Коммерциялык банктардагы депозиттер жана эсептер боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган 1-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан башка банктардагы жана финансы-кредит уюмдарындагы депозиттер, ошондой эле банктар-резидент эместердин корреспонденттик эсептери боюнча чегерилген пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.    

«Улуттук банктагы корреспонденттик эсептер боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган 2-статьяда банктардын-банктык топтун катышуучуларынын Улуттук банктагы корреспонденттик эсептер же депозиттер боюнча пайыздык кирешелери көрсөтүлөт.   

«Пайда же чыгым аркылуу адилет наркы боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган 3-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан пайда же чыгым аркылуу адилет наркы боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча чегерилген пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.  

«Башка жыйынды киреше аркылуу адилет наркы боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган 4-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан башка жыйынды киреше аркылуу адилет наркы боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча чегерилген пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.  

«Амортизацияланган наркы боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган 5-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан амортизацияланган наркы боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча чегерилген пайыздык кирешелер көрсөтүлөт. 

«Кыска мөөнөткө жайгаштыруулар боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган  

6-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан кыска мөөнөттүү банктар аралык жайгаштыруулар (30 күнгө чейин) боюнча чегерилген пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.  

«Финансы-кредит уюмдарына берилген кредиттер жана финансылык ижара боюнча пайыздык киреше» деп аталган 7-статьяда банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына кредиттер жана финансылык ижара боюнча банктык топтун катышуучулары тарабынан чегерилген пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.  

«Башка кардарларга берилген кредиттер жана финансылык ижара боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган 8-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан эл чарба тармактары боюнча кредиттер жана финансылык ижарадан чегерилген пайыздык кирешелер көрсөтүлөт. Мында пайыздык кирешелер, кардар алган акча каражаттарын өз иш чөйрөсү же бизнесинин негизги багыты боюнча эмес, коюлган максатка ылайык жумшоосуна жараша экономика секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш:  

а) өнөр жайы;  

б) айыл чарбасы жана кайра иштетүү;  

в) соода жана коммерциялык операциялар;  

г) курулуш;  

д) ипотека;  

е) жеке адамдар;  

ж) жана башкалар.  

«РЕПО-келишими боюнча сатып алынган баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган 9-статьяда банктык топтун катышуучуларынын кайтарым РЕПО-келишимдер боюнча пайыздык кирешелери көрсөтүлөт.   

«Башка пайыздык кирешелер» деп аталган 10-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн пайыздык же ушул сыяктуу кирешелер чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп пайыздык кирешелер» деп аталган 11-статьяда 1ден 10го чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

  

35. Б бөлүкчөсү. Пайыздык чыгашалар  

«Юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган 12-статьяда банктык топтун катышуучуларынын юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт. Банктык топтун катышуучуларынын банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары бул статьяга кошулбайт.  

«Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык кирешелери» деп аталган 13-статьяда банктык топтун катышуучуларынын (коммерциялык банк, микрофинансылык уюм) жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.   

«Жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча пайыздык кирешелери» деп аталган 14-статьяда банктык топтун катышуучуларынын (коммерциялык банк, микрофинансылык уюм) жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү  депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.   

«Юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары» деп аталган 15-статьяда банктык топтун катышуучуларынын юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт. Банктык топтун катышуучуларынын банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары бул статьяга кошулбайт. 

«Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары» деп аталган 16-статьяда банктык топтун катышуучуларынын жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.  

«Жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары» деп аталган 17-статьяда банктык топтун катышуучуларынын жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.  

«Кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар боюнча пайыздык кирешелер» деп аталган  

18-статьяда банктык топтун катышуучуларынын банктар аралык кыска мөөнөттүү жайгаштыруулары (30 күнгө чейин) боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.  

«Банктардын депозиттери боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган 19-статьяда банктык топтун катышуучуларынын (коммерциялык банк, микрофинансылык уюм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы) башка банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын депозиттери, ошондой эле банктар-резидент эместердин корреспонденттик эсептери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.   

«Улуттук банктан алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган  

20-статьяда банктык топтун катышуучуларынын (коммерциялык банк, микрофинансылык уюм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы) Улуттук банктан жана Улуттук банктын туунду компанияларынан алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.  

«РЕПО-келишими боюнча сатылган баалуу кагаздар боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган 21-статьяда  банктык топтун катышуучуларынын РЕПО-келишими боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.  

«Алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган 22-статьяда банктык топтун катышуучуларынын (коммерциялык банк, микрофинансылык уюм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы) эл аралык финансы уюмдарын кошо алганда, банктардан жана башка финансы-кредит уюмдарынан алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт.  

«Субординацияланган карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган 23-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан чыгарылган субординацияланган карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздык чыгашалар көрсөтүлөт.  

«Башка пайыздык чыгашалар» деп аталган 24-статьяда кредиттер боюнча дисконтко кеткен чыгашаларды кошо алганда, жогоруда аталбаган пайыздык же ушул сыяктуу чыгашалар көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп пайыздык чыгашалар» деп аталган 25-статьяда 12ден 24кө чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

«Таза пайыздык киреше» деп аталган 26-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган таза пайыздык киреше көрсөтүлөт (11-статья минус 25-статья).  

«Кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата камга чыгашалар» деп аталган 27-статьяда кредиттер жана финансылык ижара боюнча чегерилген пайыздар боюнча РППУга чыгашаларды кошо алганда, кредиттер жана финансылык ижара боюнча атайын жана жалпы РППУ боюнча чыгашалар көрсөтүлөт.  

«РППУга чегерүүлөрдөн кийинки таза пайыздык киреше» деп аталган 28-статьяда 26 жана 27-статьялардын ортосундагы айырма чагылдырылат.  

  

36. В бөлүкчөсү. Пайыздык эмес кирешелер  

Бул бөлүкчөдө бухгалтердик баланстын тиешелүү эсептеринин кредиттик калдыктары көрсөтүлөт.  

«Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөөлөр жана комиссиялык жыйымдар» деп аталган 29-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган комиссиялык жыйымдар жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөөлөр чагылдырылат.  

«Баалуу кагаздар менен операциялардан алынган кирешелер» деп аталган  

30-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар менен операциялардан алынган кирешелер көрсөтүлөт.  

«Чет өлкө валютасындагы операциялардан алынган кирешелер» деп аталган  

31-статьяда банктык топтун катышуучулары тарабынан чет өлкө валютасындагы операциялардан алынган кирешелер көрсөтүлөт.  

«Туунду жана ассоциацияланган компанияларга салымдарды кошо алганда, акцияларга жана пайларга салымдардан түшкөн кирешелер/дивиденддер» деп аталган  

32-статьяда туунду же ассоциацияланган компаниялар болуп саналбагандардын акцияларына жана пайларына (капиталга катышуудан натыйжа катары) салымдардан түшкөн дивиденд түрүндө банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган кирешелер, ошондой эле туунду жана ассоциацияланган компаниялардан алынган кирешелер чагылдырылат.   

«Башка пайыздык эмес кирешелер» деп аталган 33-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, туунду финансылык инструменттер (фьючерс, форвард/спот, опцион) менен операциялардан түшкөн кирешелерди кошо алганда, пайыздык эмес кирешелер, ошондой эле баалуу кагаздарды жана туунду финансылык инструменттерди кайрадан баалоодон түшкөн реализацияланбаган киреше (чыгым), чет өлкө валютасын кайра баалоодон киреше, ошондой эле айыптык төлөмдөр жана туумдар көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп пайыздык эмес киреше» деп аталган 34-статьяда 29дан 33гө чейинки статьялардын суммасы чагылдырылат.  

  

37. Г бөлүкчөсү. Пайыздык эмес чыгашалар  

Бул бөлүкчөдө бухгалтердик баланстын тиешелүү эсептеринин дебеттик калдыктары көрсөтүлөт.  

«Банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр боюнча чыгашалар жана комиссиялык жыйымдар» деп аталган 35-статьяда комиссиялык жыйымдар жана банктык топтун катышуучулары тарабынан кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр көрсөтүлөт.  

«Баалуу кагаздар менен операциялардан чыгым тартуулар» деп аталган 36-статьяда банктык топтун катышуучуларынын карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар менен операциялары боюнча чыгашалар чагылдырылат.   

«Чет өлкө валютасы менен операциялардан чыгым тартуулар» деп аталган  

37-статьяда банктык топтун катышуучуларынын чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча чыгашалары көрсөтүлөт.  

«Башка пайыздык эмес чыгашалар» деп аталган 38-статьяда жогоруда аталбаган пайыздык эмес чыгашалар көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп пайыздык эмес чыгашалар» деп аталган 39-статьяда 35ден 38ге чейинки статьялардын суммасы чагылдырылат.   

  

38. Д бөлүкчөсү. Башка операциялык жана административдик чыгашалар   

«Персоналды күтүүгө кеткен чыгашалар» деп аталган 40-статьяда Банктык топтун катышуучу компанияларынын кызматкерлерине (банктык топтун катышуучу компанияларынын байкоо органынын мүчөлөрүнө төлөөлөрдөн тышкары) эмгек акылар, сый акылар жана башка ушул сыяктуу төлөмдөр менен байланыштуу чыгашалар көрсөтүлөт:  

а) эмгек акы жана сый акы;  

б) башка компенсациялар жана субсидиялар (башка төлөөлөр);  

в) Социалдык фондго төлөөлөр  

«Банктык топтун катышуучу компанияларынын байкоо органынын мүчөлөрүнө гонорарлар» деп аталган 41-статьяда банктык топтун катышуучу-компанияларынын байкоо жана аткаруу органдарынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү төлөөлөр жана гонорарлар чагылдырылат.  

«Менчиктен алынуучу салыкты кошо алганда, негизги каражаттарга башка чыгашалар» деп аталган 42-статьяда кошуп эсептелинген амортизациялоону жана мүлктөн алынуучу салык боюнча чыгашаларды кошо алганда, имараттарды жана курулмаларды, эмеректерди, транспортту, жабдууларды, компьютерлерди, программалык камсыздоону жана банктык топтун катышуучуларынын материалдык эмес активдерди күтүүгө кеткен чыгашалары чагылдырылат:   

а) ижара төлөмү;  

б) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана менчиктен алынуучу салык;  

в) амортизацияга чыгашалар.  

«Салыктар жана камсыздандыруу» деп аталган 43-статьяда  киреше салыгын жана мүлк салыгын эске албаганда, камсыздандырууга, салык төлөөгө байланыштуу чыгашалар чагылдырылат.  

«Башка операциялык жана административдик чыгашалар» деп аталган 44-статьяда күтүүсүз кирешелерди жана чыгашаларды кошо алганда, жогоруда аталбаган бардык операциялык жана административдик чыгашалар көрсөтүлөт.   

«Бардыгы болуп башка операциялык жана административдик чыгашалар» деп аталган 45-статьяда 40тан 44кө чейинки статьялардын суммасы чагылдырылат.  

«Таза операциялык киреше (чыгым)» деп аталган 46-статьяда  банктык топтун катышуучулары тарабынан алынган таза операциялык киреше (чыгым) (28 жана  

34-статьялардын суммасы менен 39 жана 45-статьялардын суммасынын ортосундагы айырма) чагылдырылат. 

«Жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (кредиттик операциялардан эмес) ордун жабууга каралган камга чыгашалар» деп аталган 47-статьяда потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын жана жалпы камга кеткен чыгашалардын (кредиттик операциялардан жана финансылык ижарадан айырмаланган) суммасы чагылдырылат.  

«РППУга чегерүүлөрдөн кийин таза киреше (чыгым)» деп аталган 48-статьяда  

46 жана 47-статьялардын ортосундагы айырма чагылдырылат.   

«Пайдадан алынуучу салык» деп аталган 49-статьяда банктык топтун катышуучуларынын пайдадан алынуучу салык боюнча чыгашалары чагылдырылат.  

«Таза пайда (чыгым)» деп аталган 50-статьяда банктык топтун катышуучуларынын таза пайдасы (чыгымы) көрсөтүлөт 48-статья минус 49-статья.  

 

Х. 5-бөлүк. Эң ири кредиттик тобокелдиктер тууралуу маалымат 

  

39. Бул бөлүктө банктык топтун карыз алуучуларынын чогуу алгандагы олуттуу карыздары отчеттук күнгө карата анын номиналдык наркы боюнча чагылдырылат. Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш. Мында, бир карыз алуучунун банктык топтун таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 5 пайызынан ашкан чогуу алгандагы карызы ири тобокелдик катары каралат жана бул бөлүктө ачык көрсөтүлүүгө тийиш.   

 

40. Эгерде банктык топто ири тобокелдиктер (банктык топ алдында карыз алуучунун чогуу алгандагы карызы боюнча) катталбаса же алардын саны 15тен аз болсо, анда толтургандан кийин бош калган саптарда ири (олуттуу) карыздардын суммасы кемүү тартибинде көрсөтүлөт. Эгерде банктык топто ири тобокелдиктер же ири тобокелдик катары аныкталган тобокелдиктер тобунун саны 15тен ашса, анда алардын тизмеси 5-бөлүктө көрсөтүлгөн тобокелдиктер сыяктуу эле, кагаз жүзүндө ошол эле тартипте жана формада өзүнчө берилүүгө тийиш.   

41. «Карыз алуучунун аты-жөнү» тилкесинде банктык топтун катышуучуларынын активдерди кайтаруу боюнча милдеттенмелерин өзүнө алган ар бир карыз алуучунун аты-жөнү көрсөтүлүшү зарыл.   

Бул тилкеде карыз алуучунун толук аты-жөнүн көрсөтүү зарыл: 1) юридикалык жактар үчүн  мамлекеттик органда катталгандыгына ылайык компаниянын аталышы, 2) жеке адамдар үчүн  аты-жөнү толугу менен.   

«Бул карыз алуучуга актив берген банктык топтун катышуучуларынын аты-жөнү» тилкесинде аталган карыз алуучуга активди берген банктык топтун ар бир катышуучусунун аты-жөнү чагылдырылат. Ошол топтун ар бир өзүнчө карызы өзүнчө сапта көрсөтүлүүгө тийиш.   

«Кредиттер жана финансылык ижара» тилкесинде Методикалык көрсөтмөнүн  

38-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келген карыз алуучунун кредитинин жана финансылык лизингинин номиналдык наркы көрсөтүлөт.   

«Пайыздык чен» тилкесинде келишимге ылайык кредиттин жана финансылык ижаранын номиналдык наркы көрсөтүлөт. 

«Башка активдер» тилкесинде «Кредиттер жана финансылык ижара» тилкесинде көрсөтүлгөн карызды кошпогондо, банктык топтун алдындагы жеке адамдын жана юридикалык жактын кайсы болбосун башка карызы (чегерилген пайыздар, дебитордук карыз, ж.б.) көрсөтүлөт.  

«Пайыздык чен» тилкесинде башка активдердин номиналдык пайыздык чени көрсөтүлөт. 

«Баланстан тышкаркы милдеттенмелер» тилкесинде кредиттерди берүүгө милдеттенмелердин, гарантиянын, аккредитивдердин, валюта операцияларынын, активдерди сатып алуу милдеттенмелеринин суммасы жана башка шарттуу милдеттенмелер көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп» тилкесинде «Кредиттер жана финансылык ижара», «Башка активдер» жана «Баланстан тышкаркы милдеттенмелер» тилкелеринин суммасы чыгарылат (4, 6, 8-тилкелеринин суммасы). 

«РППУ өлчөмү» тилкесинде 4,6,8-тилкелеринде келтирилген кредиттер жана финансылык ижара, башка активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча түзүлгөн жалпы жана атайын РППУнун көлөмү көрсөтүлөт. 

«Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (күндөр)» тилкесинде 4 жана 6-тилкелерде көрсөтүлгөн мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын суммасы чагылдырылат.  

«Башкы/башкаруучу компания ээлик кылган компаниянын финансылык катышуу үлүшү (акциялар)» тилкесинде 2-тилкеде көрсөтүлгөн компаниянын уставдык капиталында банктык топтун башкы/башкаруучу компания ээлик кылган катышуу үлүшү пайыздык катышта көрсөтүлөт.  

«Компания же жеке адам ээлик кылган башкы/башкаруучу компаниянын финансылык катышуу үлүшү (акциялар)» тилкесинде 2-тилкеде көрсөтүлгөн банктык топтун башкы/башкаруучу компаниянын уставдык капиталында компания же жеке адам ээлик кылган катышуу үлүшү пайыздык катышта көрсөтүлөт.  

«Бардык ири тобокелдиктердин жалпы суммасы» тилкесинде 9-тилкенин бардык суммалары чыгарылат.  

«Бир карыз алуучунун эң ири карызы» тилкесинде бир карыз алуучунун же карыз алуучулар тобунун чогуу алгандагы ири карызы көрсөтүлөт. 

«Маалымат үчүн: бардыгы болуп карыз алуучулардын саны» тилкесинде отчеттук күнгө карата карыз алуучулардын саны көрсөтүлөт.  

  

XI6-бөлүк. Аффилирленген жактар тууралуу маалымат 

  

42. «Аффилирленген жактар менен операциялар тууралуу маалыматтар» деп аталган А бөлүкчөсүндө банктык топтун кредиттеринин жана ага теңештирилген активдердин суммасы алардын отчеттук мезгилдеги номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш.  

Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш.   

«Аффилирленген жактын аталышы» тилкесинде банктык топтун катышуучусунан актив алган банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагынын аталышы көрсөтүлөт.   

«Бул карыз алуучуга актив берген банктык топтун катышуучуларынын аталышы» тилкесинде банктык топтун аффилирленген жактарына актив берген банктык топтун катышуучусунун аталышы көрсөтүлөт. 

«Кредит жана финансылык ижара» тилкесинде банктык топтун аффилирленген жактарынын кредитинин жана финансылык лизингинин номиналдык наркы көрсөтүлөт. 

«Пайыздык чен» тилкесинде келишимге ылайык кредиттин же финансылык ижаранын номиналдык пайыздык чени көрсөтүлөт. 

«Башка активдер» тилкесинде «Кредиттер жана финансылык ижара» тилкесинде көрсөтүлгөн карызды кошпогондо, банктык топтун аффилирленген жактарынын банктык топтун алдындагы кайсы болбосун башка карызы (чегерилген пайыздар, дебитордук карыз, ж.б.) көрсөтүлөт.  

«Пайыздык чен» тилкесинде башка активдердин номиналдык пайыздык чени көрсөтүлөт. 

«Баланстан тышкаркы милдеттенмелер» тилкесинде кредиттерди берүүгө милдеттенмелердин, гарантиянын, аккредитивдердин, валюта операцияларынын, активдерди сатып алуу милдеттенмелеринин суммасы жана башка шарттуу милдеттенмелер көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп» тилкесинде «Кредиттер жана финансылык ижара», «Башка активдер» жана «Баланстан тышкаркы милдеттенмелер» тилкелеринин суммасы чыгарылат (4,6,8-тилкелеринин суммасы). 

«РППУ өлчөмү» тилкесинде 4, 6, 8-тилкелеринде келтирилген кредиттер жана финансылык ижара, башка активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча түзүлгөн жалпы жана атайын РППУнун көлөмү көрсөтүлөт. 

«Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер» тилкесинде 4 жана 6-тилкелерде көрсөтүлгөн мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын суммасы чагылдырылат.  

«Башкы/башкаруучу компания ээлик кылган аффилирленген жактын финансылык катышуу үлүшү (акциялар) %» тилкесинде 2-тилкеде көрсөтүлгөн аффилирленген жактын уставдык капиталында банктык топтун башкы/башкаруучу компаниясы ээлик кылган катышуу үлүшү пайыздык катышта көрсөтүлөт.  

«Аффилирленген жак ээлик кылган башкы/башкаруучу компаниянын финансылык катышуу үлүшү (акциялар)» тилкесинде 2-тилкеде көрсөтүлгөн банктык топтун башкы/башкаруучу компаниясынын уставдык капиталында аффилирленген жак компания ээлик кылган катышуу үлүшү пайыздык катышта көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп аффилирленген жактар менен операциялар» тилкесинде 9-тилкенин бардык суммасы чыгарылат.  

«Бир аффилирленген жактын эң ири карызы» тилкесинде бир аффилирленген жактын же байланыштуу аффилирленген жактардын тобунун чогуу алгандагы ири карызы көрсөтүлөт.  

 

43. «Банктык топтун катышуучуларынын (аффилирленген жактардын) операциялары/бүтүмдөрү жөнүндө жалпы маалымат» деп аталган Б бөлүкчөсүндө отчеттук мезгил ичинде алар менен операциялар/бүтүмдөр ишке ашырылган банктык топтун аффилирленген жактарынын операциялары/бүтүмдөрү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. Мында 6-бөлүктүн А бөлүкчөсүндө көрсөтүлгөн операциялар бул бөлүкчөгө киргизилбейт. 

«Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу-банктык топтун катышуучусунун (аффилирленген жактын) аталышы» тилкесинде кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу-банктык топтун катышуучусунун жана ишке ашырылган операциялар жана бүтүмдөр боюнча аффилирленген жактардын аталышы көрсөтүлөт.  

«Кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучу-банктык топтун катышуучусунун (аффилирленген жактын) аталышы» тилкесинде ишке ашырылган операциялар жана бүтүмдөр боюнча кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучу банктык топтун катышуучусунун жана аффилирленген жактын аталышы көрсөтүлөт. 

«Операциянын/бүтүмдүн суммасы» тилкесинде келишимге ылайык банктык топтун катышуучулары жана алардын аффилирленген жактары менен бүтүмдүн суммасы көрсөтүлөт. 

«Операциянын жана бүтүмдүн түрү» тилкесинде сунушталуучу кызмат көрсөтүүнүн түрү көрсөтүлөт.  

«Пайыздык чен (%)» тилкесинде операциянын жана бүтүмдүн номиналдык пайыздык чени көрсөтүлөт. 

«Операциянын/бүтүмдүн башталган күнү» тилкесинде операциянын/бүтүмдүн башталган күнү көрсөтүлөт. 

«Операциянын/бүтүмдүн аяктоо мөөнөтү жана күнү» тилкесинде операциянын/бүтүмдүн бүткөн күнү көрсөтүлөт.  

«Валюта» тилкесинде ишке ашырылган операциянын/бүтүмдүн валютасынын тамгалардан турган коду көрсөтүлөт.  

«Операцияны/бүтүмдү ишке ашыруу шарттары» тилкесинде комиссиялык төлөмдөр, сый акылар жана операцияны/бүтүмдү ишке ашыруунун башка шарттары көрсөтүлөт. 

«Түшүндүрмө» тилкесинде кошумча маалымат, мисалы, бүтүм боюнча атайын тарифтер, операцияны токтотуу себеби, соттук териштирүүлөр жана операцияга/бүтүмгө байланыштуу башка маалымат көрсөтүлөт.  

 

44. «Банктык топтун аффилирленген жактары тууралуу маалымат» деп аталган В бөлүкчөсүндө банктык топтун бардык аффилирленген жактары, анын ичинде банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жактары тууралуу маалымат көрсөтүлөт. 

«Аффилирленген жактын аталышы» тилкесинде банктык топтун жана банктык топтун катышуучуларынын бардык аффилирленген жактары көрсөтүлөт. 

«Банктык топтун катышуучусунун аталышы» тилкесинде аффилирленген жак менен байланыштуу банктык топтун катышуучусунун аталышы көрсөтүлөт. 

«Аффилирленген жактын банктык топтун катышуучусу менен болгон мамилесинин мүнөзү» тилкесинде банктык топтун катышуучусу менен аффилирленген жактын мамилесинин мүнөзү көрсөтүлөт. 

«Банктык топтун катышуучуларына карата мамилеге жараша акцияларга/үлүштөргө ээлик кылуу пайызы» тилкесинде аффилирленген жактын же банктык топтун катышуучусунун уставдык капиталындагы үлүштүн алардын мамилесинин мүнөзүнө жараша пайыздык катышы көрсөтүлөт. 

«Аффилирленген жактын аталышы/негизги иш» тилкесинде аффилирленген жактын негизги иши көрсөтүлөт. 

«Түшүндүрмө» тилкесинде аффилирленген жактын банктык топтун катышуучусу менен байланышын ачып көрсөтүүчү маалымат чагылдырылат.  

 

XII7-бөлүк. Байланыштуу жактар тууралуу маалымат 

 

45. «Банктык топ менен байланыштуу жактар тууралуу активдүү операциялар жөнүндө кыскача маалыматтар» деген А бөлүкчөдө банктык топтун кредиттеринин жана ага теңештирилген активдердин суммасы отчеттук мезгилдеги алардын номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш.  

Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш.   

«Банктык топтун катышуучусунун аталышы» тилкесинде банктык топтун катышуучусунун алар менен операцияларды ишке ашырган байланыштуу жактарынын аталышы көрсөтүлөт.  

«Банктык топтун катышуучусунун 2-тилкеде көрсөтүлгөн байланыштуу адамынын аты-жөнү» тилкесинде банктык топтун катышуучусунун 2-тилкеде көрсөтүлгөн байланыштуу адамынын аты-жөнү көрсөтүлөт. 

«Банк менен байланыштуу жакка-карыз алуучуга актив берген банктык топтун катышуучусунун аталышы» тилкесинде 3-тилкеде көрсөтүлгөн байланыштуу жакка-карыз алуучуга актив берген банктык топтун катышуучусунун аталышы көрсөтүлөт. 

«Кредит жана финансылык ижара» тилкесинде банктык топтун байланыштуу жактарынын кредитинин жана финансылык лизингинин номиналдык наркы көрсөтүлөт.  

«Пайыздык чен» тилкесинде келишимге ылайык кредиттин жана финансылык ижаранын номиналдык пайыздык чени көрсөтүлөт. 

«Башка активдер» тилкесинде «Кредит жана финансылык ижара» тилкесинде көрсөтүлгөн карызды кошпогондо, банктык топтун байланыштуу жактарынын банктык топ алдындагы кайсы гана болбосун башка карызы (чегерилген пайыздар, дебитордук карыз, ж.б.) көрсөтүлөт.  

«Пайыздык чен» тилкесинде башка активдердин номиналдык пайыздык чени көрсөтүлөт. 

«Баланстан тышкаркы милдеттенмелер» тилкесинде кредиттерди берүүгө милдеттенмелердин, гарантиянын, аккредитивдердин, валюта операцияларынын, активдерди сатып алуу милдеттенмелеринин суммасы жана башка шарттуу милдеттенмелер көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп» тилкесинде «Кредиттер жана финансылык ижара», «Башка активдер» жана «Баланстан тышкаркы милдеттенмелер» тилкелеринин суммалары кошулат (5, 7, 9-тилкелеринин суммасы). 

«РППУ өлчөмү» тилкесинде 5,7,9-тилкелеринде келтирилген кредиттер жана финансылык ижара, башка активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча түзүлгөн жалпы жана атайын РППУнун көлөмү көрсөтүлөт. 

«Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер» тилкесинде 5 жана 7-тилкелерде көрсөтүлгөн мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын суммасы чагылдырылат.  

 

46. «Банктык топ менен байланыштуу жактардын операциялары/бүтүмдөрү жөнүндө жалпы маалыматтар» деп аталган Б бөлүкчөсүндө отчеттук мезгилдеги номиналдык нарк боюнча бардык активдүү жана пассивдүү операциялар көрсөтүлөт. Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш.   

Бул бөлүкчөдө байланыштуу жактар менен бардык операциялар көрсөтүлөт. Мында байланыштуу жактардын тобокелдик (келтирбеген) жагдайларга алып келбеген операциялары катары төмөнкү операциялары/бүтүмдөрү эске алынбайт:  

- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, байланыш операторлорунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө;  

- овердрафт/кредиттик лимит боюнча операцияларды кошпогондо, төлөм карттары боюнча операциялар;  

- кассалык тейлөө операциялары;  

- коммерциялык жол чектерин сатып алуу/сатуу;  

- сейф операциялары;  

- мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар;  

- салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик бюджетке төлөмдөр.  

«Банктык топтун катышуучусунун аталышы» тилкесинде банктык топтун катышуучусунун алар менен операцияларды ишке ашырган байланыштуу жактарынын аталышы көрсөтүлөт.  

«Банктык топтун катышуучусунун 2-тилкеде көрсөтүлгөн (мамиленин мүнөзүн көрсөтүү) байланыштуу адамынын аты-жөнү» тилкесинде банктык топтун катышуучусунун 2-тилкеде көрсөтүлгөн байланыштуу адамынын аты-жөнү көрсөтүлөт жана кашаада мамиленин мүнөзү көрсөтүлөт. 

«Операциянын/бүтүмдүн суммасы» тилкесинде келишимге ылайык банктык топтун катышуучулары жана банктык топ менен байланыштуу жактар менен бүтүмдүн суммасы көрсөтүлөт. 

«Операциянын жана бүтүмдүн түрү» тилкесинде банктык топтун катышуучусу байланыштуу жак менен болгон операциянын/бүтүмдүн түрү көрсөтүлөт.  

«Пайыздык чен (%)» тилкесинде операциянын жана бүтүмдүн номиналдык пайыздык чени көрсөтүлөт. 

«Операциянын/бүтүмдүн башталган күнү» тилкесинде операциянын/бүтүмдүн башталган күнү көрсөтүлөт. 

«Операциянын/бүтүмдүн аяктоо мөөнөтү жана күнү» тилкесинде операциянын/бүтүмдүн бүткөн күнү көрсөтүлөт.  

«Валюта» тилкесинде операциянын/бүтүмдүн валютасы көрсөтүлөт.  

«Операцияны/бүтүмдү ишке ашыруу шарттары» тилкесинде комиссиялык төлөмдөр, сый акылар жана операцияны/бүтүмдү ишке ашыруунун башка шарттары көрсөтүлөт. 

«Түшүндүрмө» тилкесинде кошумча маалымат, мисалы, бүтүм боюнча атайын тарифтер, операцияны токтотуу себеби, соттук териштирүүлөр жана операцияга/бүтүмгө байланыштуу башка маалымат көрсөтүлөт.  

 

47. «Банктык топ менен байланыштуу жактар менен жалпы кызыкчылыкка ээ болгон жактар тууралуу маалыматтар» В бөлүкчөсүндө банктык топ менен байланыштуу жактар менен жалпы кызыкчылыкка ээ болгон жактар жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.  

«Банк менен байланыштуу адамдарын аты-жөнү» тилкесинде банктык топ менен байланыштуу адамдын аты-жөнү көрсөтүлөт. 

«Компанияда-банктык топтун катышуучусунда ээлеген кызматы» тилкесинде банктык топ менен байланыштуу адамдын компанияда-банктык топтун катышуучусунда ээлеген кызматы көрсөтүлөт. 

«Байланыштуу жактын аты-жөнү» тилкесинде банктык топ менен байланыштуу жактар менен жалпы кызыкчылыкка ээ болгон адамдын аты-жөнү көрсөтүлөт. 

«Байланыштуулук деңгээлин көрсөтүү» тилкесинде 2 жана 4-тилкеде көрсөтүлгөн адамдардын байланыштуулук деңгээли көрсөтүлөт.  

«Туугандык деңгээли (ата-эне, аялы/күйөөсү, ж.б.)» тилкесинде 2 жана 4-тилкеде көрсөтүлгөн адамдардын туугандык деңгээли көрсөтүлөт. 

 

48. «Аларда банктык топтун катышуучуларынын байланыштуу жактары жана байланыштуу жактар менен жалпы кызыкчылыкка ээ болгон жактардын катарына кирген жактар контролдоо укугуна ээ болгон юридикалык жактар тууралуу маалыматтар» деп аталган Г бөлүкчөсүндө аларда банктык топтун катышуучуларынын байланыштуу жактары жана байланыштуу жактар менен жалпы кызыкчылыкка ээ болгон жактардын катарына кирген жактар контролдоо укугуна ээ болгон юридикалык жактар тууралуу маалымат көрсөтүлөт.  

«Банк менен байланыштуу адамдын аты-жөнү» тилкесинде банктык топ менен байланыштуу адамдын жана байланыштуу жактар менен жалпы кызыкчылыкка ээ адамдын аты-жөнү көрсөтүлөт. 

«Компанияда-банктык топтун катышуучусунда ээлеген кызматы» тилкесинде банктык топ менен байланыштуу адамдын компанияда-банктык топтун катышуучусунда ээлеген кызматы көрсөтүлөт. Бул тилке байланыштуу жактар менен жалпы кызыкчылыкка ээ болгон, компанияда-банктык топтун катышуучусунда кызмат ордун ээлебеген адамдар үчүн толтурулбайт.  

«Юридикалык жактын аталышы/негизги иши» тилкесинде банктык топ менен байланыштуу жактар жана байланыштуу жактар менен жалпы кызыкчылыкка ээ болгон жана контролдоо жүргүзгөн жактардын катарына кирген жактар капиталында катышуу үлүшүнө ээ болгон юридикалык жактын аталышы жана анын негизги иши көрсөтүлөт. 

«Банк менен байланыштуу жакка карата катышы жана юридикалык жактын акцияларга ээлик кылуу үлүшү (%)» тилкесинде 4 жана 2-тилкеде көрсөтүлгөн юридикалык жактын уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн пайыздык катышы көрсөтүлөт.  

 

XIII. 8-бөлүк. Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат 

  

49. Банктык топтун экономикалык ченемдери «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жободо (мындан ары «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жобо) белгиленген тартипте эсептелет.  

Эскертүү: Аталган бөлүктү толтуруу учурунда башкы/башкаруучу компаниянын жана банктык топтун катышуучуларынын активдери, милдеттенмелери, капиталдары, кирешелери жана чыгашалары статьялар боюнча суммалары кошулат. Мында башкы/башкаруучу компаниянын отчеттук статьяларына банктык топтун ар бир катышуучусунун статьялары Методикалык көрсөтмөнүн 2-пунктунун шарттарына ылайык кошулат.  

 

ХIV. 9-бөлүк. Банктык топтун капиталынын шайкештигин эсептөө 

  

50. Банктык топтун капиталынын шайкештиги «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жободо белгиленген тартипте эсептелет.  

Эскертүү: Банктын топтун суммардык капиталынын өлчөмү Методикалык көрсөтмөнүн 2-пунктуна ылайык эсептелет.  

«СА. Банктык топтун баланстык активдери жана баланстан тышкаркы милдеттенмелери» статьясында 1ден n ге чейинки статьялардын суммасы, башкача айтканда, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып алынган баланстык активдеринин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы жана банктык топтун катышуучуларынын активдеринин суммасы чагылдырылат.  

«Коммерциялык банктын, банктык топтун катышуучусунун тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып, таразаланган баланстык активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер суммасы» деген 1-статьяда коммерциялык банктын-банктык топтун катышуучусунун тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып, таразаланган баланстык активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер суммасы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө» нускоого ылайык көрсөтүлөт. 

«Банктык топтун катышуучусунун активдеринин суммасы» деген 2ден n чейинки статьялар банктык топтун катышуучусунун активдеринин суммасынын мааниси көрсөтүлөт.  

«СК. Банктык топтун суммардык капиталы» статьяда 1ден n ге чейин статьялардын суммасы, башкача айтканда, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун башка катышуучуларынын өздүк капиталынын (өздүк каражаттарынын) суммасы чагылдырылат.   

«Банктык топтун катышуучуларынын уставдык капиталга инвестицияларын кемитүү (минуска чыгаруу)менен коммерциялык банктын, банктык топтун катышуучусунун таза суммардык капиталы» деген 1-статьяда коммерциялык банктын таза суммардык капиталынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө нускоого ылайык көрсөтүлөт. 

2ден n чейинки «Банктык топтун катышуучусунун өздүк капиталы (өздүк каражаттары)» статьяларында банктык топтун катышуучусунун өздүк капиталынын өлчөмүнүн мааниси көрсөтүлөт.  

Мында банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталын эсептөө учурунда банктык топтун катышуучуларынын уставдык капиталына инвестициялар алып салынат.   

Банктык топтун катышуучусунун өздүк капиталынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык аныкталат.  

Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаган банктык топтун катышуучусунун өздүк капиталынын өлчөмү ал жайгашкан өлкөдөгү ишти жөнгө салган ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.  

Эгерде банктык топтун катышуучусуна карата өздүк капиталдын өлчөмүн эсептөөнүн өзгөчө тартиби белгиленбесе, анда банктык топтун катышуучусунун капиталы бухгалтердик эсепке алуунун жана финансылык отчетту түзүүнүн белгиленген нормаларына ылайык, анын активдери менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма катары аныкталат.  

«К. Банктык топтун суммардык капиталынын (өздүк каражаттары) жеткиликтүүлүк (шайкештик) стандарты (СК/СА)» деп аталган статьяда банктык топтун капиталынын (өздүк каражаттарынын) шайкештик коэффициенти (К), ушул бөлүктүн «СА. Банктык топтун баланстык активдери жана баланстан тышкаркы милдеттенмелери» жана «СК. Банктык топтун суммардык капиталы (өздүк каражаттары)» деп аталган статьяларынын катышы, башкача айтканда, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун башка катышуучуларынын өздүк капиталынын (өздүк каражаттарынын) суммасынын банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып алынган активдеринин жана банктык топтун башка катышуучуларынын активдеринин суммасына карата катышы катары аныкталат.  

Банктык топтун капиталынын (өздүк каражаттарынын) шайкештик коэффициенти (К) 12 пайыздан кем болбоого тийиш.  

 

XV. 10-бөлүк. Банктык топтун капиталын эсептөө 

 

51. 10.1 жана 10.5-бөлүкчөлөрдө банктын-банктык топтун катышуучусунун Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жеткиликтүүлүк (шайкештик) стандарттарын аныктоо жөнүндө нускоого ылайык тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып алынган активдери жана баланстан тышкаркы милдеттенмелери көрсөтүлөт.  

 

52. 10.6-бөлүкчөдө субординацияланган карыз төлөө мөөнөтүнө ылайык көрсөтүлөт. 

 

53. 10.7-бөлүкчөдө коммерциялык банктын-банктык топтун катышуучусунун капиталынын түзүмү Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жеткиликтүүлүк (шайкештик) стандарттарын аныктоо жөнүндө нускоого ылайык көрсөтүлөт.  

 

 

XVI. 11-бөлүк. Операциялык күндүн акырына карата банктык топтун  

ачык валюта позициялары жөнүндө отчет  

 

54. Ачык валюта позициялары жөнүндө отчетту толтурууда «Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар түрүндө ачык позиция лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоонун талаптарын сактоо зарыл.  

 

55. «Валютанын аталышы» тилкесинде валютанын тамгалардан турган коду көрсөтүлөт. 

«Баланстык активдер» тилкесинде тиешелүү чет өлкө валютасы жана баалуу металлдар боюнча банктын активинин суммасы көрсөтүлөт. 

«Чет өлкө валютасындагы жана баалуу металлдардагы таза позициялар» тилкесинде гарантиялар (банктык гарантиялар), кепилдиктер жана аккредитивдер боюнча ар бир чет өлкө валютасындагы жана трой унциясында баалуу металлдардагы баланстык таза позиция, таза спот-позиция, мөөнөттүү таза позиция, опциондук таза позиция жана таза позиция көрсөтүлөт. 

Чет өлкө валютасындагы жана баалуу валюталардагы ачык валюта позицияларын эсептөөгө узун таза позиция «+» белгиси менен камтылат, ал эсептөөнүн оң натыйжасын түшүндүрөт. 

Чет өлкө валютасындагы жана баалуу валюталардагы ачык валюта позицияларын эсептөөгө кыска таза позиция «» белгиси менен камтылат, ал эсептөөнүн терс натыйжасын түшүндүрөт. 

«Баланстык» тилкесинде баланстык активдердин суммасы менен баланстык активдердин суммасынын ортосундагы айырма катары эсептелген таза баланстык позиция көрсөтүлөт.  

«Спот» тилкесинде башка келишимдер (бүтүмдөр) катары аныкталган бүтүмдөр боюнча талаптар менен милдеттенмелердин ортосундагы айырма катары эсептелген таза спот позиция көрсөтүлөт. Бул келишимдер боюнча эсептешүүлөр жана берүүлөр келишим (бүтүм) түзүлгөндөн кийинки күнү жүзөгө ашырылат. 

«Мөөнөттүү» тилкесинде таза мөөнөттүү позиция көрсөтүлөт. Бул көлөм «форвард» контракттары (фьючерсти кошо алганда), ошондой эле «своп» контракттарынын бир бөлүгү («своп» контрактынын негизги суммасы) болуп саналган «форвард» контракттары боюнча талаптар менен милдеттенмелердин ортосундагы айырма катары эсептелет.  

«Опциондук» тилкесинде опциондорду сатып алуу (сатуу) менен шартталган талаптар менен милдеттенмелердин ортосундагы айырма катары эсептелген опциондук таза позиция көрсөтүлөт

«Гарантиялар» тилкесинде гарантиялар (банктык гарантиялар), кепилдиктер жана аккредитивдер боюнча таза позиция көрсөтүлөт, алар алынган жана берилген көз карандысыз гарантиялар (банктык гарантиялар) жана кепилдиктер, ошондой эле аккредитивдер боюнча ошол эле чет өлкө валютасындагы баланстан тышкаркы талаптар менен милдеттенмелер ортосундагы айырма катары эсептелет.  

Мында көрсөтүлгөн гарантиялар, аккредитивдер жана алар сыяктуу финансылык инструменттер бенефициар (пайда алуучу) тарабынан милдеттенме боюнча акча суммасын төлөө жөнүндө талап берилген же банк көрсөтүлгөн милдеттенмелер боюнча төлөө жөнүндө талап коюу жогорку ыктымалдуулугун күбөлөндүргөн, документ аркылуу тастыкталган маалыматты алган учурдан тартып таза позицияны эсептөөгө камтылат. Мисалы, бенефициардын принципалдын өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы (аткарууну кечиктирип жаткандыгы) жөнүндө каты гарантияны таза позицияны эсептөөгө кошуу үчүн негиз болуп саналат.  

«Чогуу алгандагы баланстык позиция» тилкесинде позициялардын белгисин эске алуу менен, таза баланстык позициянын жана таза спот позициянын суммасы көрсөтүлөт. (4,5-тилкедердин суммасы) көрсөтүлөт

«Чогуу алгандагы баланстан тышкаркы позиция» тилкесинде гарантиялар (банктык гарантиялар), кепилдиктер жана аккредитивдер боюнча позициялардын белгисин эске алуу менен, мөөнөттүү таза позициянын, опциялык таза позициянын, таза позициянын суммасы (6,7,8 тилкелеринин суммасы) чагылдырылат. 

«Ачык позиция» тилкесинде ар бир валюта жана баалуу металлдар боюнча узун/кыска ачык валюта позициянын суммасы көрсөтүлөт

«Улуттук банктын курстары (баалары), валютанын бирдиги же баалуу металлдын бир граммы үчүн сом менен» тилкесинде төмөнкүчө көрсөтүлөт

- ар бир чет өлкө валютасы үчүн Улуттук банктын отчеттук күнгө карата белгиленген расмий курсу көрсөтүлөт

- сандык туюндурууда нак эмес түрүндөгү баалуу металлдар Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясы тарабынан эсептешүүгө чейинки күнү кечки фиксинг боюнча Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий белгиленген АКШ долларындагы кросс-курсу аркылуу сом түрүндө эсептелинет;  

- сандык туюндурууда нак түрүндөгү баалуу металлдар банктын эсепке алуу саясатында белгиленген эсептик курс боюнча эсептелинет.  

«Ачык позициялардын сом эквиваленти» тилкесинде узун/кыска ачык позиция улуттук валюта эквивалентинде көрсөтүлөт.  

«Капиталдан ачык валюта позициясы % түрүндө» тилкесинде валюта позициясынын банктык топтун суммардык капиталынан пайыздык катышта эсептелиши көрсөтүлөт. 

Улуттук банк тарабынан ачык валюта позициясынын лимити белгиленген учурда «Ачык валюта позициясы боюнча лимиттер» тилкесинде банктык топтун ачык валюта позициясы көрсөтүлөт.  

 

XVII. 12-бөлүк. Банктык топтун катышуучуларынын ортосундагы операциялар жөнүндө отчет 

 

56. Бул бөлүк башкы/башкаруучу кредиттик уюм менен топтун башка катышуучуларынын ортосунда өз ара жүргүзүлгөн операцияларды аныктоо үчүн толтурулат.  

Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлөт.  

Эгерде отчеттук мезгилде башкы/башкаруучу компания же банктык топтун катышуучусу тарабынан акча каражаттар чегерилсе, ал эми банктык топтун башка катышуучусу бул каражаттарды отчеттук мезгилде албаса, анда отчеттук мезгил ичинде банктык топтун катышуучусунун пайдасына чегерилген акча каражаттарды ал тарабынан алынган катары эсептөө зарыл. 

 

57. «Операциялар» тилкесинде банктык топтун катышуучулары ортосунда ишке ашырылган операциялардын түрү жана аны менен операциялар жүргүзүлгөн топтун катышуучусунун аталышы көрсөтүлөт. 

«Аны менен операциялар жүргүзүлгөн катышуучунун аталышы» тилкесинде аны менен (ал аркылуу) банктык топтун башка катышуучулары менен операциялар жүргүзүлгөн катышуучунун аталышы көрсөтүлөт. 

«Сумма» тилкесинде банктык топтун катышуучулары ортосунда ишке ашырылган операциялардын суммасы көрсөтүлөт.  

 

XVII. 13-бөлүк. Банктык топтун катышуучуларынын түзүмү/курамы жөнүндө отчет 

 

58. Банктык топтун бардык катышуучуларынын отчету мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчеттун курамында камтылышына карабастан, бул отчетто алар тууралуу маалымат камтылууга тийиш.  

 

59. «Юридикалык жактын толук аталышы» тилкесинде банктык топтун катышуучусунун толук аталышы орус тилинде (резиденттер үчүн) же резидент эместер үчүн - катталган өлкөсүнүн тилинде (латын транскрипциясында) көрсөтүлөт. 

«Топтун катышуучусунун жайгашкан жери (өлкөсү/шаары/көчөсү/№)» тилкесинде банктык топтун катышуучусунун жайгашкан жери: өлкөсү, шаары, көчөсү, имараттын номери көрсөтүлөт. 

«Топтун катышуучусунун уюштуруу документтери менен белгиленген жайгашкан жери» тилкесинде топтун катышуучусунун уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн юридикалык жайгашкан жери. 

« ИУРК (ОКПО) коду (Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн); жайгашкан өлкөсүнүн коду (резидент эместер үчүн)» тилкесинде Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн ИУРК коду, ал эми резидент эместер үчүн топтун катышуучусу жайгашкан өлкөсүнүн коду көрсөтүлөт. 

«Топтун катышуучусунун ФКУнун катталган номери» тилкесинде топтун катышуучусунун катталган номери көрсөтүлөт. 

«Топтун курамына кирген, катышуучунун капиталында акциялар топтомуна (катышуу үлүшүнө) ээ болгон уюмдар тилкесинде банктык топтун курамына кирген, менчик укугунун же башка катышуучунун укугунун негизинде акциялар топтомуна ээлик кылган уюмдардын тизмеси көрсөтүлөт. Мында топтун катышуучусунун номеринин символу 1-графага ылайык, башкы/башкаруучу кредиттик уюм үчүн «0» символу пайдаланылат. Ар бир символ таблицада тилкеге жазылат.  

«Уюмга таандык добуш берүүчү акцияларынын (үлүшүнүн), пайыздарынын (он белгиден турган бир белги менен) катышуучунун уставдык капиталындагы салыштырма салмагы» тилкесинде уюмга таандык акциялардын (үлүштүн) салыштырма салмагы көрсөтүлөт, анын символу 7-тилкенин тиешелүү сабында көрсөтүлгөн.  

«Консолидацияланган отчетко киргизилбегендигинин себеби» тилкесинде отчету консолидацияланган отчеттун курамына кирбеген банктык топтун катышуучусу үчүн анын себеби көрсөтүлөт. 

«Иштин түрү» тилкесинде банктык топтун катышуучусунун ишинин түрү көрсөтүлөт.  

«Улуттук банктын ФКУнун акцияларынын (үлүшүнүн) 20 пайызынан көбүрөөгүн сатып алууга макулдугу» тилкесинде башкы/башкаруучу кредиттик уюм жана/же топтун катышуучусу тарабынан топтун катышуучусунун-ФКУнун акцияларынын (үлүшүнүн) 20 пайызынан көбүрөөгүн сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү Улуттук банк менен макулдашуу тууралуу маалымат көрсөтүлөт. Мында топтун катышуучусунун акцияларын (үлүшүн) сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн ишке ашырууга Улуттук банктын макулдугу «1» деген символ, макулдугунун жоктугу - «2» деген символ, ал эми жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын берилбегендиги - «3» деген символ менен белгиленет.  

 

XVIII. 14-бөлүк. Банктык топтун катышуучуларынын иши жөнүндө маалымат 

 

60. Ушул бөлүктү толтурууда банктык топтун катышуучулары бизнесинин багытына жараша топтоштурулуп, келтирилген тизмеде чагылдырылат.  

«Банктык топтун катышуучуларынын иши» тилкесинде топтун катышуучусунун ишине жараша катышуучунун аты-жөнү жана анын юридикалык дареги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан катталган уюштуруу документтерине ылайык көрсөтүлөт.  

Башкы/башкаруучу компаниянын ар бир катышуучусунун капиталында катышуу үлүшү төмөнкү өлчөмдөрдүн суммасы катары аныкталат:  

а) башкы/башкаруучу компаниянын менчигинде турган катышуучунун акцияларынын (үлүштөрүнүн) салыштырма салмагы, башкача айтканда, башкы/башкаруучу компаниянын менчигинде турган катышуучунун акцияларынын санынын катышуучунун 100 пайызга көбөйтүлгөн акцияларынын жалпы санына карата катышы катары;  

б) бул катышуучулардын капиталында башкы/башкаруучу компаниянын акцияларынын (үлүштөрүнүн) салыштырма салмагына көбөйтүлгөн, катышуучунун капиталындагы топтун башка катышуучусунун акцияларынын (үлүштөрүнүн) салыштырма салмагы.  

Катышуучулардын акцияларынын жалпы саны башкы/башкаруучу компаниянын менчигинде турган жана банктык топтун башка катышуучуларынын акцияларын да камтыйт.   

Бардык суммалар миң сом жана пайыз түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш.  

Ошондой эле банктык топтун катышуучуларынын ишине тиешелүү тизме жана маалымат (катышуучунун аталышы, анын жайгашкан жери жана мекеменин жайгашкан жери) ар бир катышуучунун банктык топтун активдериндеги жана кирешелериндеги активдеринин жана кирешелеринин салыштырма салмагын көрсөтүү менен келтирилет.