Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы 

№ 2017-П-12/23-8-(НПА) токтомуна 

тиркеме 

Убактылуу администрация жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-1-(БС), 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ), 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC), 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Бул Жободо Убактылуу администрацияны киргизүү жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында алар банк операцияларын жүргүзүүдө пайдаланган атайы терминдерди эске алуу менен коммерциялык банктарды, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарды, Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКты, депозиттерди тартуу менен иш алып барган, анын ичинде операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган же «ислам терезесине» ээ кредиттик союздарды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды (мындан ары - банктар), насыялык бюролорду, ошондой эле төлөм уюмдарын/төлөм системаларынын операторлорун реструктуризациялоо негиздери, тартиби жана жол-жобосу аныкталган. Мында кредиттик союздарга жана төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна карата реструктуризациялоо жол-жоболору колдонулбайт.  

Бул жобонун талаптары кредиттик союздарга жана төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна алардын иш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC), 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2. Жободо Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында чагылдырылган аныктамалар, ошондой эле төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылган:  

Убактылуу администрация Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан төмөнкүлөрдү контролдоо максатында таасир этүү чарасы катары киргизилет:  

- активдердин, документтердин жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу, банк аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, республиканын банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле банкта айкын иш жагдайын аныктоо жана анын андан аркы ишин белгилөө үчүн банкты контролдоо;  

- төлөм системаларын пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун айкын иш жагдайын аныктоо жана анын андан аркы ишин белгилөө үчүн төлөм уюмдарын/төлөм системаларынын операторлорун контролдоо.  

Убактылуу администратор - банкта/төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда убактылуу администрация режимин жүзөгө ашыруу максатында Улуттук банк тарабынан дайындалган убактылуу администратор же убактылуу администрациянын жетекчиси. 

Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршылык көрсөтүү - банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (филиалдын/туунду компаниянын) башкаруу органынын жана/же айрым кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин, ошондой эле убактылуу администратор же убактылуу администрация жетекчиси/мүчөсү Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында жана ушул жободо аныкталган милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган же ага мүмкүнчүлүк бербеген банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу башка жактардын аракеттенүүсү же аракеттенбей коюулары. 

Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт - банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (филиалдын/туунду компаниянын) башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин жана банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу башка жактардын Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттери боюнча түзүлгөн документ.  

Көзөмөл органы - Улуттук банктын уюштуруу түзүмүндө каралган Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары - Көзөмөл боюнча комитети) Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети (мындан ары - Төлөм системасы боюнча комитети).  

Банкты реструктуризациялоо - аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарын коргоо, банк жана төлөм системалары үчүн маанилүү болуп саналган банк ишинин үзгүлтүксүздүгүн, ошондой эле банк жана финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында банкка карата көрүлүүчү чаралар топтому. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2-глава. Убактылуу администрацияны киргизүү  

3. Убактылуу администрация банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген негиздер орун алган шартта киргизилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо чечими Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан көзөмөл органынын өтүнүчүнүн негизинде кабыл алынат.  

Улуттук банк Башкармасынын/ Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо чечими токтом менен таризделет жана эгерде токтомдо башкасы каралбаса, ал кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо чечими Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан Директорлор кеңешинин, банктын кредиторлорунун жана акционерлеринин, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун аткаруу органынын жана/же акционерлеринин (уюштуруучулары)/катышуучуларынын өтүнүч каты, ошондой эле укук коргоо, сот жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аларда Убактылуу администрация киргизүү үчүн негиздер көрсөтүлгөн кайрылуусу боюнча кабыл алынышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Убактылуу администрацияны киргизүү ушул жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн жактар тарабынан демилгеленсе, алар Улуттук банкка кайрылууда төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:  

- банк төлөө мөөнөтү келип жеткенден кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде кредитордук карызынын ордун жаппагандыгы жөнүндө же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык Убактылуу администрацияны киргизүү үчүн башка негиздер бар экендиги жөнүндө өтүнүч кат;  

- төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору төлөм системасынын катышуучулары жана пайдалануучулары алдында финансылык милдеттенмелерин аткарбагандыгы жана/же эсептешүү мөөнөтү келип жеткенден кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде милдеттенмелерин төлөөгө жөндөмсүз экендиги жөнүндө же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Убактылуу администрацияны киргизүү үчүн башка негиздер бар экендиги тууралуу өтүнүч кат;  

- тиешелүү ченемдик укуктук актыларга таянуу жана тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна Убактылуу администрация киргизүү зарылчылыгын негиздөө.  

Көзөмөл органы сунушталган документтерди 20 жумуш күнү ичинде карап чыгат жана Убактылуу администрацияны киргизүү зарылчылыгы негизделген шартта, сунушталган документтердин негизинде, чечим кабыл алуу үчүн өтүнүчтү Улуттук банк Башкармасынын/ Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин кароосуна сунуштайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна Убактылуу администрация киргизүү өтүнүчүндө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- банк, филиалдар, сактык кассалары, туунду же караштуу компаниялар, банктык топтун түзүмү тууралуу маалымат (эгерде колдонууга жол берилсе) же төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору, туунду компаниялар жана караштуу уюмдар (эгерде колдонууга жол берилсе) жөнүндө маалыматтар;  

- Убактылуу администрация киргизүүнү негиздөө;  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун финансылык абалы тууралуу маалымат (анын ичинде акыркы комплекстүү жана максаттуу текшерүүлөрдүн жыйынтыктары);  

- Убактылуу администрацияны киргизүү мөөнөтү жөнүндө сунуш, ал 6 (алты) айдан ашпоого тийиш;  

- талапкерлердин (Убактылуу администратор, Убактылуу администрациянын мүчөлөрү кызмат ордуна талапкерлер) Улуттук банктын талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Убактылуу администрациянын курамы жөнүндө сунуш;  

- негиздемелерди көрсөтүү менен банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ишине чектөөлөрдү киргизүү боюнча сунуш (эгер болсо/зарыл учурларда);  

- банктын банк-корреспонденттеринин тизмеси жана/же товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын, төлөм уюмдарынын агенттеринин, төлөм системаларынын операторлорунун контрагенттеринин тизмеси;  

- башка маалымат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин Убактылуу администрация киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо жөнүндө токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:  

- ага карата Убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун фирмалык (расмий) жана кыскартылган аталышы;  

- Убактылуу администрацияны киргизүүгө негиздеме (ченемдик укуктук актыларга шилтемелерди кошо алганда);  

- Убактылуу администрация режими киргизилген күн жана убактысы;  

- Убактылуу администрация режими киргизилген мөөнөт;  

- банктын эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү (зарылчылыкка жараша) жүзөгө ашыруу тартибин кошо алганда, банктын иш ыргагы, же үчүнчү жактардын/төлөмдөрдүн процессингинин пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу эрежелерин жана жол-жоболорун кошо алганда, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун иш ыргагы;  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ишине коюлган чектөөлөрдүн тизмеги (зарылчылыкка жараша);  

- дайындалган Убактылуу администратор, ошондой эле Убактылуу администрацияга ишке тартылган адамдар, анын ичинде Улуттук банктын кызматкерлери жөнүндө маалымат;  

- Убактылуу администрация милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон тапшырма же көрсөтмө (зарылчылыкка жараша);  

- Убактылуу администрациянын банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун документтерин, активдерин жана баалуулуктарын кабыл алуу мөөнөттөрү;  

- Убактылуу администрация дайындалгандыгы тууралуу банк-корреспонденттерге маалымдоо боюнча талаптар жана/же банктарга/бардык төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна маалымдоо жөнүндө талаптар;  

- Убактылуу администрациянын Улуттук банкка чыгашалар сметасын жана отчетторду берүү тартиби жана мөөнөттөрү.  

Улуттук банк Башкармасынын/ Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо тууралуу токтомунда Убактылуу администрацияга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка жоболор камтылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Убактылуу администрациянын курамына тартылган адамдар ортосунда милдеттер Убактылуу администратор тарабынан бөлүштүрүлөт.  

10. Улуттук банк Башкармасынын/ Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин Убактылуу администрацияны киргизүү, Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо жөнүндө токтому көзөмөл органы тарабынан, эгерде токтомдо башкасы каралбаса, ал кабыл алынган учурдан тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун башкаруу органына тааныштырылууга тийиш.  

Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин токтомунун көчүрмөсү Директорлор кеңешинин төрагасына же банктын жетекчисине, аткаруу органынын жетекчисине же төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жетекчисине көчүрмөнүн экинчи нускасына тапшырылган күндү жана убактысын көрсөтүп, кол койдуруу менен тапшырылат, ал ыйгарым укуктары токтогонго чейин Убактылуу администратордо сакталат. Банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору аны алгандыгын тастыктап кол койгон токтомдун экинчи нускасынын көчүрмөсүн Убактылуу администратор көзөмөл органына тапшырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

11. Убактылуу администрацияны киргизүү чечими кабыл алынган учурда, мындай чечим кабыл алынган учурдан кийинки 1 (бир) жумуш күнү ичинде көзөмөл органы:  

- банкта: эгерде токтомдо башкасы каралбаса, банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган уюмдарга, бардык коммерциялык банктарга, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигине (мындан ары - Депозиттерди коргоо агенттиги), «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКка билдирүү кат жөнөтөт;  

- төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда: эгерде токтомдо башкасы каралбаса, банктарга, бардык төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна билдирүү кат жөнөтөт.  

Билдирүү катта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- Убактылуу администрация киргизилген банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун аталышы;  

- Улуттук банк Башкармасынын/ Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин тиешелүү токтому кабыл алынган күндү, анын номерин көрсөтүү менен Убактылуу администрация киргизилгендиги жөнүндө билдирүү;  

- Убактылуу администрацияны баштоо күнү жана убактысы;  

- Убактылуу администрация киргизилген мөөнөт;  

- Убактылуу администратордун аты-жөнү;  

- Убактылуу администратордун кол тамгасынын үлгүсү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Убактылуу администрация 6 айга чейинки мөөнөткө киргизилет. Убактылуу администрациянын мөөнөтү Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан 6 айдан ашпаган мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

13. Убактылуу администрация башталгандыгы жөнүндө билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук банктын интернет-сайтында жарыяланат.  

3-глава. Убактылуу администрациянын курамы 

14. Убактылуу администрациянын курамы иштин мүнөзүнө жана көлөмүнө жараша белгиленет.  

Убактылуу администрациянын курамына Убактылуу администратордон тышкары ал тарабынан ишке тартылган адамдар жана/же Улуттук банктын мүчөлөрү кириши мүмкүн.  

15. Ушул жободо белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген адам Убактылуу администратор катары дайындалышы мүмкүн. Улуттук банктын кызматкерлери Убактылуу администратор катары дайындоого жол берилбейт.  

16. Убактылуу администратор Улуттук банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып барат, анда анын милдеттери, жоопкерчилиги, иштөө шарттары жана эмгек акысы аныкталат.  

17. Улуттук банктын кызматкери болгон Убактылуу администрациянын мүчөлөрү Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан Убактылуу администрациянын ишинде катышуу үчүн дайындалат жана алар Убактылуу администратор тарабынан бөлүштүрүлгөн милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Убактылуу администрациянын курамына мындай режим киргизилген банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамдары жана аффилирленген жактары, ошондой эле таламдары каршы келген адамдар дайындалбайт. Бул талаптар Улуттук банктын кызматкерлерине да тиешелүү. Мында, Убактылуу администратордун каалоосу боюнча айрым ыйгарым укуктар банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамдарына жүктөлүшү мүмкүн. Алар Убактылуу администратордун тиешелүү буйругу/буйруусу менен тариздетилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Банктын Убактылуу администрациясынын курамына Аманаттарды (депозиттерди) коргоо агенттигине макулдашуу менен аманаттар жөнүндө маалыматтардын белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүшү, банктын аманатчылар алдында милдеттенмелеринин көлөмү жана түзүмү, Депозиттерди коргоо фондуна салымдарды төлөө маселелери, ошондой эле банктын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткаруусу боюнча иш алып барган кызматчылары кире алышат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Убактылуу администратордун жарандык жоопкерчилиги милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш.  

21. Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети төмөнкү учурларда башка убактылуу администраторду дайындоого укуктуу: 

- Убактылуу администратор сыркоолоп калгандыгынан же башка себептерден улам жок болгон учурда Убактылуу администрацияны жүргүзүү үзгүлтүккө учураса; 

- Улуттук банк менен түзүлгөн келишимдин шарттарын Убактылуу администратор бузууга жол берсе; 

- отчеттор, ошондой эле расмий сунушталуучу башка документтер жана маалыматтар Убактылуу администратор тарабынан өз убагында тапшырылбаса, толук берилбесе жана/же анда туура эмес маалымат чагылдырылса, анын ичинде финансылык отчет бурмаланса; 

- убактылуу администратордун Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамына жана ушул жобого ылайык жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу, иш жүргүзүү жөндөмдүүлүгү жок болсо; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берсе; 

- Убактылуу администрация жүргүзүү максаттарына жетүүдө тоскоолдуктарды жараткан Убактылуу администратордун атайын аракеттери же аракеттенбей коюулары; 

- Улуттук банк менен түзүлгөн келишимди Убактылуу администратордун жеке арызы/өтүнүчү менен токтотуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-1-(БС), 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4-глава. Убактылуу администраторго карата квалификациялык талаптар 

22. Убактылуу администратордун кызматына көрсөтүлгөн талапкер төмөнкү минималдуу талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

1) жогорку билими тууралуу дипломго ээ болуусу;  

2) финансы-банк системасында кеминде 5 (беш) жылдык, анын ичинде жетекчилик кызматтарда кеминде 2 (эки) жылдык эмгек стажы болууга (банктын Убактылуу администратору кызмат ордуна);  

2-1) финансы-банк системасында, анын ичинде төлөм системасында (төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда Убактылуу администрация үчүн) кеминде 5 (беш) жылдык эмгек стажы болууга, анын ичинде жетекчилик кызматтарда - кеминде 1 (бир) жылдык эмгек стажы болууга (төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун Убактылуу администратору кызмат ордуна);  

3) Кыргыз Республикасынын банк ишин, анын ичинде банктык тобокелдиктерди жөнгө салган мыйзамдарды билүүсү (банктын Убактылуу администратору кызмат ордуна);  

3-1) Кыргыз Республикасынын төлөм системасын, анын ичинде төлөм системасындагы тобокелдиктерди жөнгө салган мыйзамдарды билүүсүөлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун Убактылуу администратору кызмат ордуна);  

4) кынтыксыз ишкердик абройго ээ болууга;  

5) Убактылуу администрация киргизилген банктын карыз алуучулары, кредиторлору жана банк менен байланыштуу жактар, ошондой эле төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу жактары, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана төлөм уюмунун агенттери жана төлөм системаларынын операторунун контрагенттери менен таламдардын каршы келбеши. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Убактылуу администратор ишин Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынган банктарда, банк эмес финансы-кредит уюмдарда же башка юридикалык жактарда, ошондой эле башка уюмдарда кызмат орундарын ээлөө менен, анын ичинде айкалыштырып иштөөгө жол берилбейт (окутуучулук, илимий-изилдөө жана чыгармачылык иштеринен тышкары). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

24. Таламдардын каршы келип калышына жол бербөө максатында Убактылуу администратор жана Убактылуу администрация мүчөсү кызмат ордуна талапкерлер өзү жана ишкердик кызыкчылыктары жөнүндө толук маалыматты 6-тиркемеге ылайык сунуштоого милдеттүү.  

25. Убактылуу администратор жана Убактылуу администрация мүчөсү кызмат ордуна талапкерлер ушул жобого карата 7-тиркемеге ылайык толтурулган анкеталарды сунушташат. Анкеталар Убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө чечим кабыл алууда Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин кароосуна сунушталуучу материалдарга кошо тиркелет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

26. Жеке өзү жана ишкердик кызыкчылыгы жөнүндө маалыматтар Убактылуу администрацияны киргизүүдөөөнөтүн узартууда жана маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүүдө сунушталат. Бул маалымат Убактылуу администрацияны дайындоо чечимин кабыл алууда Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин кароосуна сунушталуучу материалдарга кошо тиркелет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

5-глава. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу 

27. Убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып:  

1) банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары токтотулуп, Убактылуу администрацияга өткөрүлүп берилет. Мында, эгерде алар Убактылуу администрация тарабынан бекитилбесе, башкаруу органынын бардык чечимдери укук чегинде кабыл алынбаган катары саналат. Убактылуу администрация башкаруу органынын бардык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат:  

- банктын өз ыктыярдуу жоюлуу чечимин кабыл алуу боюнча ыйгарым укугун эске албаганда, банктын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык;  

- төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өз ыктыярдуу жоюлуу чечимин кабыл алуу боюнча ыйгарым укугун эске албаганда, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык;  

2) банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун атынан юридикалык жак катары Убактылуу администрация гана иш алып барууга укуктуу. Кимдир бирөөнүн банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун атынан кандайдыр бир иш-аракеттери жараксыз катары эсептелинет;  

3) банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ишеним боюнча тескөөсүндө турган мүлктү эске албаганда, банктан/төлөм уюмунан/төлөм системаларынын операторунан карыздарды өндүрүү жөнүндө соттук актыларды аткаруу убактылуу токтотулат;  

4) бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү кошо алганда, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бардык карыздык милдеттенмелери боюнча пайыздарды, үстөк айыпты жана башка финансылык санкцияларды кошуп эсептөө токтотулат;  

5) пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлер алдында бардык финансылык милдеттенмелерди аткаруу, ошондой эле банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине ар кандай сый акыларды (белгиленген эмгек акыны кошпогондо, сый акылар, бонустар жана башка демилгелөөчү төлөөлөр) төлөө токтотулат;  

6) эгерде Улуттук банк тарабынан башкасы белгиленбесе, бардык банктык операциялар жана төлөмдөр, бүтүмдөр жана башка иштер убактылуу токтотулат;  

7) банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору тарап катары иш алып барган жарандык жана экономикалык иштер боюнча сот иши убактылуу токтотулат;  

8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна карата кабыл алынган кандай болбосун мажбурлоо актыларын аткаруу иши убактылуу токтотулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

28. Убактылуу администрациянын курамына Улуттук банк тарабынан дайындалган Убактылуу администратор, ал тарабынан тартылган Улуттук банктын адистери жана/же кызматкерлери өз милдетин же мыйзам чегинде тапшырмаларды аткарууда келип чыккан чыгашалар үчүн жоопкерчилик тартпайт. Алардын укукка жатпаган ишине байланыштуу кине коюулар жана доолор менен Улуттук банкка гана кайрылууга жол берилет. Улуттук банк регресстик тартипте доо коюуга укуктуу.  

29. Банк операцияларын жана төлөмдөрдү, ошондой эле башка иштерди жүзөгө ашыруу тартиби Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин токтому менен көзөмөл органынын жана/же Убактылуу администратордун сунушунун негизинде аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

30. Улуттук банктын макулдугу боюнча төлөм системаларында жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүү системаларында жыйынтыктап эсептешүү эрежелери колдонулушу мүмкүн. Төлөм системаларында жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүү системаларында жыйынтыктап эсептешүү эрежелери Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына жана Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосун баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык жөнгө салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6-глава. Убактылуу администрациянын ишин уюштуруу жана анын иш тартиби  

31. Убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамдары банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жайларына тоскоолдуксуз кирүү, активдери жана документтери менен таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

32. Убактылуу администрация киргизилген учурда банктын (Башкарманын мүчөлөрү)/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (аткаруу органынын мүчөлөрү) жетекчилиги Убактылуу администрацияга аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө жай бөлүп берүүгө, үчүнчү жактардын ошол жайга аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине бөгөт коюуга, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жана Убактылуу администрациянын документтеринин коопсуз сакталышын, ошондой эле Убактылуу администрация өз ишин аткаруусу үчүн зарыл жабдуу жана техника менен камсыз кылууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

33. Эгерде Убактылуу администрация коопсуз иш алып баруусу жана/же кызматтык маалыматтарды коргоо же болбосо келип чыккан жагдайлар өзгөчө иш шартын жана техникалык жактан жабдууну талап кылбаса, Убактылуу администрация өз ишин жүргүзүп жаткан мезгил ичинде банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна тиешелүү кызматтык жайларды, байланыш каражаттарын, автоунаа транспортторун жана башка техникалык каражаттарды банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун аткаруу органы үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда пайдалана алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Эгерде Улуттук банк Башкармасы/ Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан башкасы белгиленбесе, Убактылуу администратор Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу максатында, өз компетенциясынын жана Убактылуу администрацияны жүргүзүүнүн максаттуу багытынын алкагында зарыл деп эсептеген ыйгарым укуктарды банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жетекчилерине жана кызматкерлерине ыйгарышы мүмкүн. Мындан тышкары Убактылуу администратор Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу үчүн адистерди ишке тартууга укуктуу. Бул жөнүндө маалымат Убактылуу администратордун Улуттук банкка сунушталуучу отчетунда чагылдырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

35. Дайындалгандан кийин Убактылуу администратор тез арада төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- банкта Убактылуу администрация киргизилген учурда, банктын филиалдарына, туунду компанияларына жана өкүлчүлүктөрүнө, банктык топко, чет өлкө банкына (Убактылуу администрация киргизилген банктын филиалына) маалымдайт,  

- төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна Убактылуу администрация киргизилген учурда, банктарга, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун туунду компанияларына, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун караштуу компанияларына (эгерде колдонууга жол берилсе) Убактылуу администрация киргизилгендиги тууралуу маалымдайт жана Убактылуу администратордун кол тамга үлгүсү чагылдырылган билдирүү катты жөнөтөт;  

- инвентаризация жүргүзүү үчүн комиссия түзүү, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиалдардын/туунду компаниялардын) жайларына кирүү укугуна ээ адамдар үчүн өзгөчө өткөрмө режимин киргизүү, анын ичинде автоматташтырылган жана маалымат системаларынан виртуалдуу пайдалануу жөнүндө буйрукту, ошондой эле Убактылуу администратордун каалоосу боюнча Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка буйруктарды жана буйрууларды чыгарат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

36. Дайындалгандан кийин Убактылуу администратор тез арада банк-корреспонденттерге/банктарга, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга жана төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун агенттерине Убактылуу администрация режими киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт (SWIFT системасынын каналдары, факс боюнча, башка жеткиликтүү жана алгылыктуу байланыш каналдары аркылуу) жана төмөнкүлөр камтылган билдирүү кат жөнөтөт: 

- Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин тиешелүү токтому кабыл алынган күндү жана анын номерин көрсөтүү менен Убактылуу администрация киргизилгендиги жөнүндө билдирүү;  

- Убактылуу администрация киргизилген күн жана убактысы;  

- Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгы;  

- Убактылуу администратор тууралуу маалымат (аты-жөнү) жана байланышуу үчүн маалымат;  

- Убактылуу администратор зарыл деп эсептеген бардык башка маалыматтарды. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

37. Убактылуу администратор иш процессинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш-аракеттерди да жүзөгө ашырат.  

7-глава. Убактылуу администрациянын укуктары жана милдеттери 

38. Убактылуу администрациянын негизги милдетинен болуп банкта/төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда Убактылуу администрация режимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

39. Убактылуу администрациянын милдеттерине алардын негизинде Убактылуу администрация киргизилип жаткан максаттарга жана негиздерге жараша төмөнкүлөр кирет: 

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун финансылык абалынын начарлашына жол бербөө чараларын көрүү;  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жазууларынын, документтеринин жана активдеринин сакталышын камсыз кылуу;  

- финансылык отчет менен банкта/төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда орун алган айкын иш жагдайын салыштырып текшерүү;  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун чыгашаларын мүмкүн болушунча кыскартуу;  

- зарыл учурларда, укук коргоо органдары менен өз ара иш алып баруу аракеттерин Улуттук банкка макулдашуу;  

- катышуучулардын банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун финансылык абалын жакшыртуу үчүн айкын мүмкүнчүлүгү жана ниети болгон шартта, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүү;  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун андан аркы иши боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо;  

- Улуттук банктын тиешелүү чечими болгон шартта, банкты реструктуризациялоо боюнча чараларды көрүү;  

- Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу максатында, башка чараларды көрүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

40. Убактылуу администратор ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана чегерилген ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышы боюнча Улуттук банк Башкармасына/Көзөмөл боюнча комитетине/Төлөм системасы боюнча комитетине отчет берип турат. Убактылуу администратор өз ишин Улуттук банк менен координациялайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

41. Убактылуу администратор ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык, аткарылган иштер тууралуу отчетту түшүндүрмө кат менен бирге отчеттук айдан кийинки айдын 10 жумуш күнү ичинде ай сайын Улуттук банкка (Улуттук банктын Төрагасынын атына) сунуштап турат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

42. Көзөмөл органы Убактылуу администратордун компетенциясына кирген маселелер боюнча кошумча маалыматтарды талап кылууга укуктуу.  

Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети зарылчылык келип чыккан учурда, Убактылуу администратордон тиешелүү отчетторду сунуштоо мөөнөтүн өзгөртүүгө укуктуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

43. Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында филиалдарын жана туунду компанияларды кошо алганда, банктын же төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун отчетторуна (күндөлүк, ар айлык, чейректик, жылдык жана башка отчеттор жана маалыматтар) Улуттук банктын талаптарына ылайык Убактылуу администратор (Убактылуу администрациянын филиалдагы/туунду компаниядагы өкүлү) жана башкы бухгалтер кол коюшат.  

Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору отчетторду мамлекеттик органдарга (салык, статистика жана башка органдарга) берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

44. Убактылуу администратор төмөнкүлөргө укуктуу:  

- банктын филиалдарына, ошондой эле анын туунду компанияларынын башкаруу органдарына, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өкүлчүлүктөрүнө жана/же филиалдарына Убактылуу администрациянын өкүлү катары дайындоого же дайындоо үчүн адистерди тартууга (болгон болсо);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акционерлер жыйынын чакырууга;  

- зарылчылыкка жараша банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жайларын мөөр басып бекитүүгө;  

- банктын филиалдарын, туунду компанияларын, өкүлчүлүктөрүн, аманат кассаларын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүн, же төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өкүлчүлүктөрүн жана/же филиалдарын (болгон шартта) жабууга (ишин токтотууга);  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун атынан кайсы болбосун документтерге жана келишимдерге кол коюуга;  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун атынан нааразычылыктарды билдирүүгө жана доо талаптарын коюуга;  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ишине көз карандысыз аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө келишим түзүүгө;  

- Убактылуу администратор өкүлдөрү жана банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарга жана буйрууларга кол коюуга;  

- ишке кабыл алуу, кызматка дайындоо, иштен бошотуу же кызматынан убактылуу четтетүү, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө буйруктарды/буйрууларды чыгарууга (милдеттүү түрдө эмгек мыйзамынын талаптарын сактоо менен);  

- эмгек мыйзамдарына ылайык, банктын (башкы мекеменин, бөлүмдөрдүн, филиалдардын ж.б.)/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун, анын ичинде анын өкүлчүлүктөрүнүн жана/же филиалдарынын штаттык тизимин карап чыгууга;  

- банкка Убактылуу администрация режимин киргизүүгө себеп болгон жана/же банкта көйгөй жараткан иш-аракеттери үчүн банк жетекчилерин жана катышуучуларын, ошондой эле банк менен байланыштуу башка жактарды көзөмөл органына маалымдоо менен жоопкерчиликке тартуу (анын ичинде тиешелүү укук коргоо органдарына жана сот органдарына кайрылуу менен да);  

- банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна Убактылуу администрация киргизилген мезгил ичинде бардык соттордо доочу же жоопкер катары банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун атынан өкүл катары иш алып барууга;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерди аткарууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

45. Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин уруксатынын негизинде Убактылуу администратор төмөнкүлөр боюнча суммаларды жарым-жартылай же толугу менен төлөшү мүмкүн:  

- төлөөлөр боюнча тиешелүү негиздеме берүү жана төлөөлөрдүн банктын финансылык абалына жана ликвиддүүлүк көрсөткүчүнө таасири жөнүндө маалыматты сунуштоо менен Убактылуу администратордун маалыматынын негизинде банк менен байланыштуу болбогон жактардын аманаттары боюнча;  

- төлөөлөр боюнча тиешелүү негиздеме берүү жана төлөөлөрдүн төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун финансылык абалына таасири жөнүндө маалыматты сунуштоо менен Убактылуу администратор тарабынан сунушталган маалыматтын негизинде төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун банктар, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар, агенттер жана контрагенттер алдында карызы боюнча. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

46. Эгерде банкты реструктуризациялоо мүмкүн эмес жана аны жоюу зарыл деген тыянак чыгарылса, Убактылуу администрация аманатчыларга бардык төлөөлөрдү токтотууга милдеттүү

Эгерде Убактылуу администрация төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору төлөөгө жөндөмсүз жана банкрот катары таанылууга тийиш деген тыянакка келсе, Убактылуу администрация төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун административдик жана чарба чыгашаларына байланыштуу кандай болбосун төлөөлөрдү токтотууга милдеттүү.  

Убактылуу администрация карыздардын биринчи кезекте, толугу менен же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте турган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга, коммуналдык ишканаларга жана бюджеттик уюмдарга, ошондой эле башка товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга төлөнүшүн камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

46-1. Акционерлердин жалпы жыйыны ишин өзгөртүү жана микрофинансылык компанияга кайра катталуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн, ал убактылуу администратор тарабынан бекитилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

47. Банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна убактылуу администрация режими киргизилген күндөн тартып 15 (он беш) календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө убактылуу администратор банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун учурдагы финансылык абалы жана ишине баа берүү жөнүндө отчетту даярдап, Улуттук банк Башкармасына/Көзөмөл боюнча комитетине/Төлөм системасы боюнча комитетине сунуштоого милдеттүү. Отчет тышкы аудиторду ишке тартуу менен түзүлүшү мүмкүн, анын кызмат көрсөтүүсү үчүн нарк убактылуу администрация боюнча чыгашаларга кошулат. Убактылуу администратордун отчетунда алар банкты жоюуда, төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору банкроттукка учураган шартта сатып өткөрүлүшү мүмкүн болгон активдердин наркына баа берүүлөр, милдеттенмелердин жана калган капиталдык ресурстардын толук көлөмү, ошондой эле тиешелүү негиздеме берүү менен төмөнкүдөй сунуш-көрсөтмөлөрдүн бири камтылууга тийиш:  

- көйгөйлөр четтетилгендигине байланыштуу же четтетилгенден кийин банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өз алдынча ишин калыбына келтирүү;  

- банктын лицензиясын кайтарып алуу жана банкты мажбурлап жоюуну баштоо;  

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун лицензиясын кайтарып алуу;  

- банкты реструктуризациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;  

- акционерлердин жалпы чогулушунун сунушу менен ишин өзгөртүү жана микрофинансылык компанияга кайра катталуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

48. Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет убактылуу администратордун отчетун жана сунуштарын карап көрүп, төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:  

- көйгөйлөр четтетилгендигине байланыштуу же четтетилгенден кийин банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өз алдынча ишин калыбына келтирүү жөнүндө;  

- мыйзам талаптарына ылайык, банктын лицензиясын кайтарып алуу жана банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө;  

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун лицензиясын кайтарып алуу тууралуу;  

- банкты реструктуризациялоону баштоо сунушун колдоо тууралуу;  

- банктын акционерлеринин жалпы жыйынын сунушу менен ишин өзгөртүү жана микрофинансылык компанияга кайра катталуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү колдоо тууралуу.  

Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде, убактылуу администратор Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун андан аркы ишине тиешелүү иш-чаралар планын даярдап, аны Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин кароосуна сунуштайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8-глава. Банкты реструктуризациялоо 

49. Банкты реструктуризациялоо төмөнкү чараларды өз-өзүнчө же комплекстүү түрдө колдонуу аркылуу ишке ашырылат:  

1) банкты кайра капиталдаштыруу;  

2) банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу;  

3) "өтмө банкты" түзүү.  

Банкты реструктуризациялоо боюнча кайсы болбосун чараны ишке ашырууда алар банктын кредиторлорунун абалын банкты мажбурлап жоюуда орун алчу жагдайга салыштырмалуу начарлатпоого тийиш. Улуттук банк кайсы болбосун мезгилде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык реструктуризацияланган банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо чечимин кабыл алууга укуктуу.  

50. Банкты реструктуризациялоо боюнча чараларды колдонуудан мурда банктын активдерине жана милдеттенмелерине баа берилүүгө тийиш, ал банктын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.  

51. Банкты реструктуризациялоо боюнча чаралар Убактылуу администратор тарабынан Убактылуу администрация режиминин алкагында Улуттук банктын макулдугу менен ишке ашырылат.  

52. Улуттук банкта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана башка кызыкдар органдар менен макулдашылган, банктарды реструктуризациялоо чараларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы болууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9-глава. Банкты реструктуризациялоо боюнча чаралар ишке ашыруу 

53. Убактылуу администратордун банкты реструктуризациялоо жөнүндө сунуш-көрсөтмөсү Улуттук банк тарабынан канааттандырылган шартта, ал Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде банкты реструктуризациялоо боюнча айкын чараларды белгилөө үчүн ушул жобого ылайык зарыл иш-чараларды жүргүзүүгө жана Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

54. Убактылуу администратор банктын активдерине жана милдеттенмелерине баа берүү максатында кызмат көрсөтүүлөрүнө банктын каражат эсебинен төлөп берүү аркылуу көз карандысыз адистерди ишке тартууга укуктуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

55. Активдерге жана милдеттенмелерге баа берүү жыйынтыгын алгандан кийин Убактылуу администратор Улуттук банкка ушул жобонун 49-пунктунда көрсөтүлгөн банкты реструктуризациялоо боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө өтүнүчтү Улуттук банкка жөнөтөт. Убактылуу администратордун өтүнүчүндө банктын финансылык абалы, банк аманатчылары жана башка кредиторлору, ошондой эле алардын укуктары жана кызыкчылыктары жөнүндө маалымат жана банкты реструктуризациялоо боюнча сунушталган чаралардын жыйынтыгына баа берүүлөр камтылат.  

56. Банкты реструктуризациялоо жөнүндө өтүнүчкө Убактылуу администратор милдеттүү түрдө төмөнкү документтерди кошо тиркөөгө тийиш:  

- банк активдерине жана милдеттенмелерине баа берүү жөнүндө отчет;  

- банкты реструктуризациялоо боюнча иш-чаралар планы.  

57. Иш-чаралар планында банкты реструктуризациялоо боюнча Убактылуу администратор тарабынан сунушталган бир же бир нече чара көрсөтүлүп, анда жүзөгө ашыруу зарыл болгон айкын иш-аракеттер жана алардын мөөнөттөрү чагылдырылууга тийиш.  

58. Улуттук банк Убактылуу администратордон өтүнүч кат келип түшкөндөн кийинки 15 жумуш күнү ичинде тиркелген документтерди карап чыгып, жобонун 60-пунктунда көрсөтүлгөн чечимдердин бирин кабыл алат.  

59. Зарыл учурларда Улуттук банк чечим кабыл алуу үчүн башка документтерди кошумча талап кылууга укуктуу.  

60. Убактылуу администратордон банкты реструктуризациялоо өтүнүчү келип түшкөн күндөн кийинки он беш жумуш күнү ичинде Улуттук банк төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:  

- Убактылуу администратордун өтүнүчүн канааттандырып, банкты реструктуризациялоо жол-жобосун баштоо;  

- Убактылуу администратордун өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу жана банкты жоюу жол-жобосун баштоо;  

- Убактылуу администратордун өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу жана аны милдеттүү түрдө негиздөө менен кайра иштеп чыгууга жөнөтүү;  

- банкты реструктуризациялоо боюнча иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Убактылуу администратордун өтүнүчүн канааттандыруу;  

- Убактылуу администратордун реструктуризациялоо чараларынын бирин колдонуу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартып, башка чараларды караштырууну сунуш кылуу.  

61. Улуттук банк реструктуризациялоо жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан учурда Убактылуу администратор Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка банкты реструктуризациялоо боюнча жаңы/жеткире иштелип чыккан чаралары менен же болбосо банкты жоюу жөнүндө сунушу менен өтүнүч сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

62. Убактылуу администратордун өтүнүчүн канааттандыруу же андан баш тартуу чечими банктын учурдагы абалын, банк аманатчыларынын жана кредиторлорунун кызыкчылыгын, банк же төлөм системалары үчүн маанилүү болгон иш үзгүлтүксүздүгүн, ошондой эле банк жана финансы системаларынын туруктуулугун камсыз кылууну эске алуу менен Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат.  

10-глава. Банкты кайра капиталдаштыруу 

63. Эгерде ушул жободо же Улуттук банк Башкармасынын чечиминде башкасы белгиленбесе, банкты кайра капиталдаштыруу чараларын жүргүзүүдө банк акционерлеринин жана кредиторлорунун макулдугу талап кылынбайт.  

64. Банкты кайра капиталдаштыруу төмөнкүчө ишке ашырылат:  

1) акционерлердин акцияларынын жана башка капиталдык эсептеринин (резервдердин, бөлүштүрүлбөгөн пайданын, номиналдан үстөк капиталдын ж.б.) эсебинен чыгымдардын ордун жабуу аркылуу. Мында акциялар жоюлат;  

2) банктын акционерлер жана банк менен байланыштуу адамдар алдындагы милдеттенмелеринин эсебинен чыгымдардын ордун жабуу же мындай милдеттенмелерди банктын капиталына өзгөртүп түзүү аркылуу. Бул учурда мындай милдеттенмелер токтотулат;  

3) жаңы акцияларды чыгаруу жана аларды сатуу аркылуу;  

4) субординацияланган кредит тартуу аркылуу;  

5) башка чараларды көрүү аркылуу.  

Банкты кайра капиталдаштыруу боюнча мындай чараларды жүзөгө ашырууда Убактылуу администратор Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоого милдеттүү.  

Банкты кайра капиталдаштыруу боюнча тигил же бул ыкманы тандоодо Убактылуу администратор банктын учурдагы абалына жана болжолдонгон натыйжаларга кылдат талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш, алар банкты кайра капиталдаштыруу боюнча тигил же бул чараларды колдонуунун натыйжасында алынышы мүмкүн.  

65. Төмөнкүлөргө карата банктын милдеттенмелерин капиталга өзгөртүп түзүүгө жол берилбейт:  

1) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзам боюнча коргоого алынууга тийиш болгон аманаттар боюнча;  

2) кредиторлордун күрөө предметинин наркынан ашпаган суммадагы күрөө менен камсыздалган талаптары боюнча;  

3) банк каражаттарынан өзүнчө эске алынган кардарлар алдында;  

4) эмгек акы, жөлөкпулдары боюнча, ошондой эле банк кызматкеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндан улам келип чыккан милдеттенмелерге;  

5) банктын бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрү боюнча.  

66. Системалуу мааниге ээ банкты кайра капиталдаштырууга катышуу жөнүндө чечим Улуттук банктын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бөлүнүп берилген каражаттарды тартуу менен системалуу мааниге ээ банкты кайра капиталдаштыруу, ушул жобонун 64-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн чаралар жүргүзүлгөндөн кийин ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин капиталдаштырууга катышуусу жөнүндө чечимди кабыл алуу тартиби Улуттук банк менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин системалуу мааниге ээ банктарды кайра капиталдаштыруу боюнча биргелешкен ченемдик укуктук актысына ылайык кабыл алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

67. Улуттук банктын каражаттарынын же гарантияларынын эсебинен кайра капиталдаштырууга тыюу салынат.  

68. Системалуу мааниге ээ банкты кайра капиталдаштырууга Улуттук банктын макулдугу боюнча башка жактар катышышы мүмкүн. Банкты кайра капиталдаштырууга катышкан жактар банктык мыйзамдарда белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

69. Убактылуу администратор банктын катышуучуларына (акционерлерине) банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча кат жүзүндө сунуш менен кайрыла алат.  

Банктын катышуучулары (акционерлери) жана кредиторлору банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн зарыл суммадагы акча каражаттарын капиталдаштыруу жөнүндө сунуш менен убактылуу администраторго кайрыла алышат. Мында, тиешелүү сумма жана аны салуу мөөнөтү Улуттук банк менен макулдашуу аркылуу убактылуу администратор тарабынан аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

70. Банктын катышуучулары (акционерлери) же кредиторлору тарабынан анын финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чаралар планы сунушталган учурда, Убактылуу администратор ошол иш-чаралар планы боюнча корутундуну Улуттук банк Башкармасына берет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

71. Убактылуу администратордун банкты кайра капиталдаштыруу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу өтүнүчү канааттандырылган учурда, Убактылуу администратор аткарылган/аткарылбаган иш-чараларды жана орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди көрсөтүү менен аткарылган иш-чаралар жөнүндө отчетту Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген мөөнөт боюнча Улуттук банкка берип турууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

11-глава. Банк активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү жана сатуу 

72. Улуттук банк тарабынан төмөнкүдөй баа берилген шартта, банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу ишке ашырылат:  

1) банкты банкрот деп таануу коркунучу орун алып турса жана мындай чечимди кабыл албоо аманатчылардын жана банк менен байланыштуу болбогон башка кредиторлордун абалын начарлатышы мүмкүн болсо;  

2) мындай чечим аманатчылардын жана банк менен байланыштуу болбогон башка кредиторлордун коргоонун, ошондой эле депозит базасын сактоонун мыкты ыкмасы болуп саналса;  

3) мындай чара финансы жана банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун сактоо, калктын банктарга карата ишенимине доо кетишине жол бербөө үчүн зарыл болсо.  

Мындай баа берүү Убактылуу администратор сунуштаган маалыматтын негизинде Улуттук банк тарабынан жүргүзүлөт. Баа берүүдөн кийин ушул пункттун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер аныкталса, көзөмөл органы бул маселени Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштайт.  

73. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүүдө же сатууда банк активдеринин жана милдеттенмелеринин бардыгы же анын кандайдыр бир бөлүгү кандай болбосун көлөмдө жана катышта Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен өткөрүлүп берилиши же сатылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

74. Өткөрүп берүүгө же сатууга тийиш болгон активдердин жана милдеттенмелердин тизмеси Убактылуу администратор тарабынан даярдалат жана ал Улуттук банкка өтүнүч кат менен кошо сунушталат.  

Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу жөнүндө билдирүү Улуттук банк тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

75. Активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүү же сатуу рыноктук шарттарда ишке ашырылат. Банктын активдерин сатуудан түшкөн каражаттар реструктуризациялануучу банкка жумшалат.  

76. Активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүүдө же сатууда аларды кабыл алып же сатып алып жаткан жактын тиешелүү лицензиясы же уруксаты болууга тийиш.  

77. Активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүүдө же сатууда банктын кредиторлорунун жана акционерлеринин, ошондой эле башка кызыкдар жактардын макулдугу талап кылынбайт.  

78. Активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүү же сатуу аманатчылардын жана башка кредиторлордун укуктарын бузуу болуп саналбайт.  

79. Биринчи кезекте банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык коргоого алынууга тийиш болгон банктын аманаттары боюнча милдеттенмелери өткөрүлүп берилүүгө тийиш.  

80. Менчиги, милдеттенмелери жана укуктары өткөрүлүп берилбеген же сатылбаган кредиторлор, банк акционерлери жана башка жактар кандай болбосун негиздер боюнча башка жактарга өткөрүлүп берилген же сатылган активдерге, милдеттенмелерге жана укуктарга талапкер болууга же өз укуктарын билдирүүгө укугу жок.  

81. Активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүүдө же сатууда Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен Улуттук банк ортосунда макулдашылган көлөмдө жана шарттарда пайдаланылышы мүмкүн.  

82. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары аманаттар боюнча милдеттенмелерди башка банкка өткөрүп берүүдө банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык коргоого алынууга тийиш болгон аманаттарга карата гана пайдаланылат.  

Убактылуу администратор Улуттук банк тарабынан милдеттенмелерди башка банкка өткөрүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган учурдан тартып бир күн ичинде депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга милдеттенмелерди өткөрүп берүү жөнүндө толук маалымат жөнөтөт.  

12-глава. "Өтмө" банкты түзүү 

83. Убактылуу администратор Улуттук банктын макулдугу менен реструктуризациялануучу банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин базасында "өтмө" банкты уюштурууга укуктуу.  

84. "Өтмө" банкты юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жана Улуттук банктын лицензиясын берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган учурдан тартып жетимиш эки саат ичинде ишке ашырылат.  

85. "Өтмө" банкка лицензия берүү тартиби Улуттук банктын банктарды лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.  

86. "Өтмө" банкты уюштуруу тууралуу билдирүү Улуттук банктын лицензиясы берилгенден кийинки күндөн кечиктирилбестен расмий жарыяланат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

87. Убактылуу администратор "өтмө" банктын акцияларын кандай болбосун ыкмада кыска мөөнөт ичинде, бирок ал түзүлгөн учурдан тартып бир жылдан кечиктирбестен сатууга милдеттүү. Улуттук банктын чечими боюнча "өтмө" банктын акцияларын сатуу мөөнөтү бир жылга чейинки мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн. Эгерде "өтмө" банктын акциялары белгиленген мөөнөттө сатылбаса ал жоюлууга тийиш. "Өтмө" банктын акцияларын сатууга байланыштуу бардык маалыматтар ачык-айкын болууга, ал эми сатып өткөрүү рыноктук шарттарда, айрым сатып алуучуларга артыкчылык берүүсүз ишке ашырылууга тийиш.  

88. "Өтмө" банктын акцияларын сатуудан түшкөн каражаттар реструктуризацияланып жаткан банкка берилет.  

89. Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамында жана ушул жободо каралган убактылуу администрация киргизүү натыйжалары "өтмө" банкка карата колдонулбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

90. Түзүлгөндөн баштап "өтмө" банк баштапкы төлөм төлөөсүз аманаттарды коргоо системасынын катышуучусу статусуна ээ болот.  

91. Юридикалык жак катары "өтмө" банк реструктуризацияланган банктын мураскери болуп эсептелбейт жана ал Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамына жана ушул жобого ылайык ага өткөрүп берилген милдеттенмелерди кошпогондо, кайсыл болбосун башка милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартпайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

92. "Өтмө" банкка активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүү ушул жобонун "Активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүү жана сатуу" бөлүгүндө каралган эрежелерге ылайык ишке ашырылат.  

93. "Өтмө" банктын ишин уюштуруу максатында Убактылуу администратор реструктуризацияланган банктын кызматкерлерине "өтмө" банкта тиешелүү кызмат ордуларын сунуштоого укуктуу.  

94. Ушул жобого ылайык төлөмдөрдү эске албаганда, дивиденддерди жана башка жеке пайда алуу укугусуз Убактылуу администратор "өтмө банктын" уюштуруучусу катары иш алып барат.  

95. Аны сатуу үчүн каралган мөөнөт ичинде "өтмө банкка" Улуттук банктын милдеттүү кам талаптарын сактоо жана уставдык капиталды түзүү талаптары таркатылбайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

96. "Өтмө банктын" акциялары сатылгандан кийинки бир ай ичинде жаңы акционер "өтмө банктын" финансылык абалын Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарын сактоо деңгээлине чейин чыңдоо боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуусу зарыл. Банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун максималдуу мөөнөтү 12 айдан ашпоого тийиш.  

97. Иш-чаралар планында көрсөтүлгөн шарттардын аткарылбашы, лицензияны кайтарып алууну кошо алганда, банкка карата тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга негиз катары саналат.  

98. "Өтмө банкка" лицензия берүүдө Улуттук банк уруксат берилүүчү банктык операциялардын тизмесин өз алдынча аныктайт, ал банктын өтүнүчүнүн негизинде банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүндө кайра караштырылышы мүмкүн.  

13-глава. Убактылуу администратордун банктын филиалындагы/туунду компаниясындагы, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өкүлчүлүгүндөгү жана/же филиалындагы өкүлү 

(Главанын аталышы 

КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

99. Көмөк көрсөтүү максатында Убактылуу администратор өз өкүлү катары адистерди ишке тартышы мүмкүн. Убактылуу администратордун өкүлдөрүнүн саны банктын филиалдарынын, туунду компанияларынын, аманат кассаларынын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн санына, ошондой эле иштин мүнөзүнө жана көлөмүнө жараша Убактылуу администратор тарабынан аныкталат. Убактылуу администратордун өкүлүнүн эмгек акысы жана жоопкерчилиги Убактылуу администратор менен түзүлгөн келишимдин негизинде белгиленет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

100. Убактылуу администратор тарабынан ишке тартылган адис Убактылуу администратордун өкүлүнүн милдетин аткаруу үчүн финансы-банк системасында/төлөм системасында кеминде 2 (эки) жылдык иш тажрыйбасы, ошондой эле банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору менен байланышы болбоого же таламдардын каршы келип калышына жол бербөөгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

101. Убактылуу администратордун өкүлү Убактылуу администратордун буйругу менен дайындалат. Убактылуу администратордун өкүлү дайындалгандыгы тууралуу буйрукта көрсөтүлгөн күнү өз милдеттерин аткарууга киришет.  

102. Убактылуу администратордун өкүлү буйруктун көчүрмөсүн банктын филиалынын/туунду компаниясынын/аманат кассасынын жетекчисине, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өкүлчүлүгүнүн жана/же филиалынын жетекчисине тапшырат, ал көчүрмөнүн экинчи нускасына кол коюп, көчүрмөнү алган күндү жана убакытты көрсөтүүгө тийиш, ал Убактылуу администратордун өкүлүндө анын ыйгарым укуктары аяктаганга чейин сакталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

103. Убактылуу администратордун өкүлү зарылчылыкка жараша Убактылуу администратордун буйруусу боюнча башка адамга алмаштырылышы мүмкүн.  

104. Убактылуу администратордун өкүлүнүн дайындалгандыгы жөнүндө Убактылуу администратор тарабынан көзөмөл органына маалымдалат.  

105. Убактылуу администратор банктын филиалына (туунду компаниясына), аманат кассасына жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнө, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун филиалына жана/же өкүлчүлүгүнө Убактылуу администрациянын өкүлүн дайындоосуз, баардык бүтүмдөрдү Убактылуу администратор менен макулдашуу аркылуу жүзөгө ашыруу шартында ыйгарым укуктарды/функцияларды банктын филиалынын (туунду компаниясынын), аманат кассаларынын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчисине, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун филиалынын жана/же өкүлчүлүгүнүн жетекчисине өткөрүп бериши мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

14-глава. Убактылуу администрациянын чыгашалары 

106. Убактылуу администрациянын ишине байланыштуу чыгашалар Убактылуу администрация режими киргизилген банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун эсебинен ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

107. Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адистердин эмгегине төлөө банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Эгерде Убактылуу администрация режими киргизилген банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адистердин эмгегине төлөө үчүн ликвиддүү каражаттары жок болсо, Убактылуу администратордун өтүнүчү жана Улуттук банктын чечими боюнча бул чыгашалар Улуттук банктын өздүк каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Ал чыгашалар андан ары Убактылуу администратор дайындалган банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун сарптоолоруна кирет. Убактылуу администрациянын курамына тартылган Улуттук банктын кызматкерлеринин эмгегине төлөө Улуттук банктын өздүк каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.  

Улуттук банктын эсебинен убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адистердин эмгегине төлөө үчүн сарпталган чыгашалар убактылуу администрация ишин токтоткон учурда банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору тарабынан, ал эми банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурда - Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамында белгиленген тартипте, кредиторлордун талаптарын канааттандыруу кезектүүлүгүнө ылайык төлөнөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

108. Убактылуу администрациянын чыгашалар сметасына Убактылуу администратор тарабынан түзүлөт жана ал Улуттук банкка макулдашылат. Чыгашалар сметасы Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитетинин Убактылуу администрацияны киргизүү/узартуу жөнүндө токтомунда бекитилген мөөнөткө ылайык ар айлык сарптоолордун негизинде түзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

109. Чыгашалар сметасына Убактылуу администратор кол коет жана ал Убактылуу администрация киргизилгенден/узартылгандан кийинки 15 жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка макулдашууга сунушталат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

110. Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети чыгашалар сметасын алгандан кийинки 30 жумуш күнү ичинде аны бекитүү/четке кагуу чечимин кабыл алат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-1-(БС), 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

111. Чыгашалар сметасында Убактылуу администрациянын мүчөлөрүнөн болгон Улуттук банктын жана Депозиттерди коргоо агенттигинин кызматкерлерин кошпогондо, Убактылуу администрациянын мүчөлөрүнүн эмгек акысы жана Социалдык фондго чегерүүлөр камтылат.  

112. Зарылчылыкка жараша сметада төмөнкүдөй чыгашалар статьялары каралышы мүмкүн:  

- транспорттук чыгашалар;  

- коргоого алууга чыгашалар;  

- байланыш каражаттарына чыгашалар;  

- иш сапарга байланыштуу чыгашалар;  

- жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө үчүн чыгашалар;  

- почта жана кеңсе товарларына чыгашалар;  

- юридикалык кызматтар үчүн төлөөгө чыгашалар;  

- тышкы аудит кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн чыгашалар;  

- банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун мүлкүнө, анын ичинде кыймылсыз мүлккө баа берүү кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн чыгашалар;  

- убактылуу администраторду камсыздандырууга чыгашалар;  

- башка чыгашалар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

113. Бекитилген чыгашалар сметасында көрсөтүлгөндөн тышкары кошумча сарптоолор талап кылынган учурда Убактылуу администратордун өтүнүчү боюнча алар Улуттук банк Башкармасына/Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитетине макулдашылышы мүмкүн. Убактылуу администрациянын кошумча чыгашаларын бекитүү жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасы өтүнүчтү алгандан кийинки 20 жумуш күнү ичинде кабыл алынууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-1-(БС), 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

114. Убактылуу администратор чыгашалар жана аткарылган иштер боюнча отчетту белгиленген убакыт ичинде сунуштоосу зарыл.  

115. Убактылуу администрациянын чыгашалар боюнча отчету камтылган аткарылган иштер боюнча отчет Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан кароого алынат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

15-глава. Убактылуу администрациянын банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун мөөрүн, ачкычтарын жана документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү 

(Главанын аталышы 

КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

116. Убактылуу администрация банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна келгенден кийин банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жетекчиси банктын бардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (анын ичинде электрондук ачкычтарды), ошондой эле төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ачкычтарын (анын ичинде электрондук ачкычтарды) өткөрүп берет, ал эми Убактылуу администратор кабыл алып, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун мөөрлөрүн жана ачкычтарын каттоо журналына кол коет.  

Убактылуу администратордун банктын филиалындагы/туунду компаниясындагы өкүлү филиалдын/туунду компаниянын жетекчисинен банктын бардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (анын ичинде электрондук ачкычтарды) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же алар катталуучу тиешелүү журналга кол коюу менен өткөрүп алат.  

Убактылуу администратордун төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өкүлчүлүгүндөгү жана/же филиалындагы өкүлү туунду компаниянын жетекчисинен төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (анын ичинде электрондук ачкычтарды) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же алар катталуучу тиешелүү журналга кол коюу менен өткөрүп алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

117. Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жетекчиси жана башкы бухгалтери банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бухгалтердик жана башка документтерин ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык тиешелүү тизме боюнча Убактылуу администраторго өткөрүп беришет.  

Документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин токтомунда белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылып, тиешелүү акт (актылар) менен таризделинет.  

Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун филиалынын/туунду компаниясынын жетекчиси жана башкы бухгалтери банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бухгалтердик жана башка документтерин ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык тиешелүү тизме боюнча Убактылуу администратордун өкүлүнө өткөрүп берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

118. Убактылуу администратордун, анын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Убактылуу администратор тарабынан тиешелүү документтерге кол коюуга ыйгарым укук чегерилген башка адамдардын кол тамгалары банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

16-глава. Материалдык баалуулуктарды инвентаризациялоо жана ревизиялоо 

119. Убактылуу администратор Убактылуу администрация чарасы киргизилген күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен төмөнкүлөрдү ишке ашырууга милдеттүү:  

- банктын башкы офисиндеги, филиалдарындагы, түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү бардык материалдык баалуулуктарды (негизги каражаттарды, жабдууларды ж.б.), анын ичинде банкка тиешелүү болбогон жана анда күрөөдө, ишенимдүү башкарууда турган мүлктү инвентаризациялоого (мындан ары текст боюнча - инвентаризациялоо), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн бардык материалдык баалуулуктарын (негизги каражаттарды, жабдууларды ж.б.) инвентаризациялоо. Инвентаризациялоо мөөнөтү Убактылуу администратордун буйругу менен филиалдардын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн санына, аткарыла турган иш көлөмүнө жараша белгиленет, бирок ал Убактылуу администрация киргизилгенден кийин 30 (отуз) календардык күндөн ашпоого тийиш;  

- банктын, анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кассаларындагы, банкоматтардагы, терминалдардагы жана касса түйүнүнөн тышкары операциялык кассалардагы банкнотторго, монеталарга жана башка баалуулуктарга ревизия жүргүзүүгө (мындан ары текст боюнча - ревизия жүргүзүү), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кассаларындагы, төлөм терминалдарындагы банкнотторго, монеталарга жана башка баалуулуктарга ревизия жүргүзүүгө. Ревизия Убактылуу администрация киргизилген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ишке ашырылууга тийиш;  

- Убактылуу администрация башталган күнгө карата бардык банк-корреспонденттердин эсептери боюнча тастыктама алуу менен банк-корреспонденттердеги эсептерди такташтырууга;  

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун коммерциялык банктарда ачылган эсептерин такташтырууга жана Убактылуу администрация башталган күнгө карата коммерциялык банктагы эсептери боюнча тастыктаманы алууга.  

Мындан тышкары Убактылуу администратор:  

1) банкта төмөнкүлөрдү такташтырууга тийиш:  

- рыноктук же корректировкаланган нарк боюнча эсепке алынган баалуу кагаздарды;  

- кредиттерди, Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жана "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жоболорго ылайык, кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарды корректировкалоону;  

- баалоо наркы боюнча таанылган башка активдерди;  

2) банкта такташтыруунун натыйжасында, айрым статьялар боюнча корректировкалоолорду эске алуу менен баланстык отчетту түзөт.  

3) төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда такташтыруунун натыйжасында, баланстык отчетту түзөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

120. Инвентаризация жана ревизия, курамы Убактылуу администратордун буйругу менен аныкталган комиссия тарабынан ишке ашырылат.  

121. Эгерде банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жетекчиси (башкы бухгалтери же болбосо башка кызматкери) ревизия жана/же инвентаризация жүргүзүүдөн же болбосо ревизия жана/же инвентаризация боюнча комиссияда катышуудан баш тартса, Убактылуу администратор Убактылуу администрация жүргүзүүгө каршы аракеттер көрүлгөндүгү тууралуу акт түзөт. 

Инвентаризациялоо жана ревизия жүргүзүү жана алардын жыйынтыгын тариздетүү, Убактылуу администратордун буйругунда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

17-глава. Банктын/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору эсептешүү документтерине кол коюу жана аларды кабыл алуу өзгөчөлүктөрү 

122. Убактылуу администратор банкта Убактылуу администрация режими киргизилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде Убактылуу администратордун жана банктын эсептешүү документтерине кол коюу укугу берилген башка адамдардын кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн, тиешелүү негизде тариздетилген карточкаларды (2 (эки) нускада) Улуттук банкка берет.  

Областтарда филиалы/туунду компаниясы бар банктын Убактылуу администрация боюнча өкүлү Убактылуу администрация режими киргизилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына Убактылуу администратордун өкүлүнүн жана ал мындай укук чегерген башка адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, тиешелүү негизде таризделген карточкаларды (эки нускада) берүүгө тийиш.  

Төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда Убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып 2 (эки) жумуш күнү ичинде Убактылуу администратор аларда төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун эсептери ачылган коммерциялык банктарга талапка ылайык тариздетилген, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун эсептешүү документтерине кол коюу укугу (2 нускада), анын ичинде алар боюнча операциялар аралыктан/дистанциондук тейлөө аркылуу ишке ашырылган төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун банктык эсептеринен пайдалануу укугу берилген Убактылуу администратордун жана башка адамдардын кол тамга үлгүлөрү менен карточкаларды сунуштайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

123. Банктын жана анын филиалдарынын/туунду компанияларынын, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жана анын өкүлчүлүктөрүнүн/филиалдарынын Убактылуу администрация киргизилген жана Убактылуу администратор дайындалган учурга карата банктын төлөм документтерине кол коюу укугуна ээ кызматкерлеринин кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкалар анык эмес болуп саналат. Мындай карточкалар тиешелүүлүгүнө жараша Улуттук банкта же областтык башкармалыктарда сакталууга тийиш.  

Төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жана анын өкүлчүлүгүнүн/филиалынын Убактылуу администрация киргизилген жана Убактылуу администратор дайындалган учурга карата төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун төлөм документтерине кол коюу укугуна ээ кызматкерлеринин кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкалар анык эмес болуп саналат. Мындай карточкалар, аларда төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун эсептери ачылган коммерциялык банкта сакталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

124. Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун эсептешүү документтерине биринчи кол коюу укугу Убактылуу администраторго, ал эми банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун филиалынын/туунду компаниясынын эсептешүү документтерине кол коюу укугу - Убактылуу администратордун өкүлүнө тиешелүү.  

Банктын төлөм документтерине экинчи кол коюу укугу, банктын башкы бухгалтерине же болбосо Убактылуу администратордун өкүлүнө/Убактылуу администрациянын курамына кирген, бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык башкы бухгалтердин милдеттерин аткарган адамга, ал эми банктын филиалынын/туунду компаниясынын эсептешүү документтерине - филиалдын/туунду компаниянын башкы бухгалтерине же Убактылуу администрациянын өкүлүнүн сунушу боюнча филиалдын/туунду компаниянын башкы бухгалтеринин милдеттерин аткарган, Убактылуу администратор ыйгарым укук чегерген башка адамга таандык.  

Төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун төлөм документтерине экинчи кол коюу укугу төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун башкы бухгалтерине же болбосо Убактылуу администратордун өкүлүнө/Убактылуу администрациянын курамына кирген, бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык башкы бухгалтердин милдеттерин аткарган адамга, ал эми төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун туунду компаниясынын эсептешүү документтеринде (болгон учурда) - өкүлчүлүктүн/филиалдын башкы бухгалтерине же Убактылуу администрациянын өкүлүнүн сунушу боюнча туунду компаниянын башкы бухгалтеринин милдеттерин аткарган, Убактылуу администратор ыйгарым укук чегерген башка адамга таандык.  

Убактылуу администратор банктын филиалынын жетекчисинин филиалдын эсептешүү документтерине биринчи кол коюу ыйгарым укуктарын жана милдеттерин калтыруу чечимин кабыл алууга укуктуу.  

Убактылуу администратор төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өкүлчүлүгүнүн/филиалынын жетекчисинин өкүлчүлүктүн/филиалдын эсептешүү документтерине биринчи кол коюу ыйгарым укуктарын жана милдеттерин калтыруу чечимин кабыл алууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

125. Банктын жана анын филиалдарынын төлөм документтери, Улуттук банктын эсептешүү операцияларын жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдөрү, банктар аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелер, үчүнчү жактардын пайдасына төлөм системалары боюнча банк-корреспонденттер тарабынан ушул жобонун 124-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын кол коюусу менен аткарууга кабыл алынат.  

Төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жана анын өкүлчүлүктөрүнүн/филиалдарынын төлөм документтери анда төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун эсептери ачылган коммерциялык банк тарабынан ушул жобонун 124-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын кол коюусу менен аткарууга кабыл алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

126. Улуттук банк менен эсептешүүлөр ишке ашырылгандан кийин электрондук цифралык кол тамга коюлган банктын электрондук документтерин аткарууга кабыл алуу өзгөчөлүктөрү Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө макулдашуудан кийин Убактылуу администратор тарабынан аныкталат.  

127. Башка банктар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда, электрондук цифралык кол тамга коюлган банктын электрондук төлөм документтерин аткарууга кабыл алуу тартиби жана өзгөчөлүктөрү, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.  

18-глава. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт 

128. Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун башкаруу органдары жана/же айрым кызматкерлери жана банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору менен байланыштуу башка адамдар тарабынан Убактылуу администрация милдеттерин жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлсө, Убактылуу администратор Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт түзөт (ушул жобого карата 3-тиркемеге ылайык). 

Убактылуу администратордун милдеттерин жүзөгө ашыруу мүмкүн эместиги Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө токтомун аткарууну жокко чыгарбайт жана анын аракети токтотулбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

129. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт, мындай аракеттер аныкталган күнү түзүлүп, ага Убактылуу администратор (ал жок учурда Убактылуу администратордун өкүлү) кол коет жана ал Улуттук банкка жөнөтүлөт.  

130. Банктын филиалында/туунду компаниясында жана төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өкүлчүлүгүндө/филиалында Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт Убактылуу администратордун өкүлү тарабынан түзүлөт жана кол коюлат. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү Убактылуу администраторго жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

131. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт ал түзүлгөн күндү, кириш номерин, каттоодон өткөргөн жакты көрсөтүү менен банкта/төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда милдеттүү түрдө кирген корреспонденция катары каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

132. Убактылуу администратор мыйзам актыларына ылайык, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун башкаруу органдары жана/же айрым кызматкерлери жана банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору менен байланыштуу башка адамдар тарабынан Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү фактылары жөнүндө арыз менен укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

133. Банктын (филиалдын/туунду компаниянын) башкаруу органдары, төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору (филиалдарында/өкүлчүлүктөрдө) жана/же алардын айрым кызмат адамдары жана кызматкерлери жана банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору менен байланыштуу башка адамдар Убактылуу администраторго (анын өкүлдөрүнө) каршы аракеттерди көрсө, ал мыйзам актыларына ылайык банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна жана/же алардын айрым кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын көрүү үчүн негиз болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

19-глава. Убактылуу администрацияны узартуу 

134. Убактылуу администрация мөөнөтү Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими менен 6 (алты) айдан ашпаган мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

135. Көзөмөл органы Убактылуу администрацияны узартуу чечими кабыл алынган күнү билдирүү кат даярдап, аны белгиленген тартипте банктар аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча кызматтарды сунуштаган уюмдарга, төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна тааныштырат. Катта Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин Убактылуу администрацияны узартуу тууралуу тиешелүү чечиминин номери жана күнү көрсөтүлгөн маалымат камтылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

136. Убактылуу администрация узартылгандыгы тууралуу билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

20-глава. Убактылуу администрацияны токтотуу 

137. Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин убактылуу администрацияны токтотуу жана убактылуу администраторду аткарган милдетинен бошотуу токтому күчүнө кирген учурдан тартып убактылуу администрация токтотулат.  

Улуттук банк Башкармасынын убактылуу администрацияны токтотуу тууралуу чечими убактылуу администратордун же көзөмөл органынын өтүнүчү боюнча кабыл алынат. Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин убактылуу администрацияны токтотуу чечими төмөнкү учурларда кабыл алынышы мүмкүн:  

1) убактылуу администрацияны киргизүү үчүн негиз болгон себептер четтетилсе;  

2) убактылуу администрация киргизилген мөөнөт аяктаса;  

3) соттун чечими менен жоюучу дайындалса;  

4) банктын ишин өзгөртүү жана микрофинансылык компанияга кайра каттоо боюнча иш-чаралар бүткөн учурда. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

138. Убактылуу администрация аны киргизүү мөөнөтү аяктаганга чейин эле Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими боюнча токтотулушу мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

139. Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамдарынын Убактылуу администрация жүргүзүү мезгил аралыгында токтотулган ыйгарым укуктары, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кызматтарынан бошотулбаган болсо жана Улуттук банк тарабынан банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамын алмаштыруу талап кылынбаса, Убактылуу администратордун иши токтогондон кийин калыбына келтирилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

140. Убактылуу администратор банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары калыбына келтирилгенден кийин банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун мөөрлөрүн (штамптарын), ачкычтарын (анын ичинде электрондук ачкычтарын), бухгалтердик жана башка документтерин ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык макулдашылган мөөнөттө өткөрүп берет, ал эми банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жетекчиси аларды кабыл алат.  

Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун мөөрлөрүн (штамптарын), ачкычтарын (анын ичинде электрондук ачкычтарын), бухгалтердик жана башка документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү тиешелүү акт (актылар) менен таризделет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

141. Банк Убактылуу администрация токтотулган учурдан кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде банктын эсептешүү документтерине кол коюу укугуна ээ кызмат адамдарынын, ошондой эле башка адамдардын кол тамгасынын үлгүсү түшүрүлүп, тиешелүү түрдө таризделген карточкаларды (эки нускада) Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

Төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору Убактылуу администрация токтотулган учурдан кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде алардын эсептешүү эсептери ачылган коммерциялык банктарга төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун эсептешүү документтерине кол коюу укугуна ээ кызмат адамдарынын, ошондой эле башка адамдардын кол тамгасынын үлгүсү түшүрүлгөн тиешелүү түрдө таризделген карточкаларды (эки нускада) берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

142. Убактылуу администратордун ыйгарым укуктары жобонун 137-пунктунун 3) пунктчасына ылайык токтотулган учурда, ал банкка жана анын активдерине контролдукту, ошондой эле мөөрдү (штампты), ачкычты, бухгалтердик жана башка документтерди сот тарабынан дайындалган жоюучуга дароо өткөрүп берүүгө милдеттүү

Банктын мөөрлөрүн (штамптарын), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү тиешелүү акт (актылар) менен таризделинет. 

Убактылуу администратор сот тарабынан дайындалган жоюучуга банк менен аффилирленген жактарды кошо алганда, жеке адамдардан болгон аманатчылардын жана башка кредиторлордун тизмегин түзүп, өткөрүп берүүгө тийиш. 

143. Ыйгарым укуктары токтотулгандан кийинки 30 календардык күн ичинде Убактылуу администратор Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгы үчүн бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарын кошо тиркөө менен корутунду отчетту даярдап, аны Улуттук банкка берет. 

144. Улуттук банк менен Убактылуу администратор ортосундагы түзүлгөн келишим Улуттук банкка жыйынтыктоочу отчет тапшырылгандан учурдан тартып токтотулат. Убактылуу администратор менен түзүлгөн келишимде ушул пунктка ылайык аны токтотуу талабы камтылууга тийиш. 

145. Көзөмөл органы Убактылуу администрацияны токтотуу чечими кабыл алынган күнү билдирүү-кат даярдайт, ал белгиленген тартипте банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелерге тааныштырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

146. Убактылуу администрация токтотулгандыгы жөнүндө билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

  

  

  

1-тиркеме 

Банктын (филиалдын/туунду компаниянын), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиалдарынын/өкүлчүлүктөрүнүн) Убактылуу администрация башталган жана токтотулган учурда милдеттүү түрдө кабыл алынып/өткөрүлүп берилүүчү документтеринин  

МИНИМАЛДУУ ТИЗМЕГИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

1. Банктын (филиалдын/туунду компаниянын), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиалдын/өкүлчүлүктүн) уюштуруу документтери.  

2. Банк (филиал/туунду компания), төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору (филиал/өкүлчүлүк) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү (кайра каттоодон өткөндүгү) жөнүндө күбөлүк.  

3. Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун банк операцияларын ишке ашырууга, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти жүзөгө ашырууга лицензиялары, башка лицензиялары жана уруксат берүүлөр.  

4. Банктын (филиалдын/туунду компаниянын), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиалдын/өкүлчүлүктүн) штаттык тизими, кызмат ордун, алар иштеген түзүмдүк бөлүмдү, эмгек акысын, бош кызмат орундар тизмегин көрсөтүү менен банктын (филиалдын/туунду мекеменин) жана төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиалдын/өкүлчүлүктүн) кызматкерлеринин тизмегин, ошондой эле банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкерлеринин өздүк иши жана эмгек китепчелери. Жеке курам жана негизги иш боюнча бардык буйруктар.  

5. Жайгашкан ордун көрсөтүү менен филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн жана туунду компаниялардын (чет өлкөдөгүлөрдү кошо алганда) тизмеси.  

6. Банктын (филиалдын/туунду компаниянын) жана төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиалдын/өкүлчүлүктүн) Убактылуу администрация киргизилген/токтотулган күнгө карата бүтүндөй банк жана филиалдары боюнча бухгалтердик балансы, ошондой эле баланстык эсеп боюнча отчету.  

7. Эсеп номерин, ар бир иштин (юридикалык иштерде документтердин тизмеси болушу зарыл) барагынын саны чагылдырылган юридикалык иштин номерин көрсөтүү менен банк (филиалдын/туунду компаниянын) кардарларынын тизмеси.  

8. Эсеп номерин, ар бир иштин (юридикалык иштерде документтердин тизмеси болушу зарыл) барагынын саны чагылдырылган юридикалык иштин номерин көрсөтүү менен төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун агенттеринин, товарларды/ кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын тизмеси.  

9. Берилген гарантиялар, аккредитивтер жана банктын башка милдеттенмелери боюнча документтер.  

10. Чарба келишимдерин кошо алганда, банк (филиал/туунду компания), төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору (филиал/өкүлчүлүктөрү) менен келишилген бардык бүтүмдөр боюнча келишимдер.  

11. Корреспонденттик мамилелерди түзүү тууралуу келишимдер, электрондук ачкычтарды кошо алганда, электрондук төлөмдөр жана кол тамга үлгүлөрүнүн шифрлери.  

12. Банк (филиал/туунду компания) тарабынан жүргүзүлүүчү кредиттик жана башка таржымал, күрөөлүк мүлк жөнүндө документтер, банк тарабынан чыгарылган гарантиялык жана башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер.  

13. Тышкы аудиторлор тарабынан банкта/төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөр боюнча бардык отчеттор.  

14. Ишеним каттарды эсепке алуу китеби, ошондой эле банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкерлерине, алардын филиалдарынын, туунду компанияларынын, өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине жана үчүнчү жактарга берилген ишеним каттардын көчүрмөлөрү.  

15. Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун аткаруу органынын протоколдору жана чечимдери, тескөөчү документтер жана бул документтердин эсебин жүргүзүү китеби.  

16. Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун Директорлор кеңешинин отурумдарында жана менчик ээлеринин (акционерлеринин) жыйынында толтурулган протоколдор.  

17. Банктын (филиалдын/туунду компаниянын), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиал/өкүлчүлүктөрдүн) чыгыш жана кириш корреспонденцияларын каттоо журналы. Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун Улуттук банк, банк кардарлары, уюмдар менен чыгыш жана кириш корреспонденциялары.  

18. Банк (филиал/туунду компания), төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору (филиал/өкүлчүлүк) тарабынан түзүлгөн келишимдерди, контракттарды жана макулдашууларды каттоо журналы.  

19. Төлөм документтеринде биринчи жана экинчи кол коюуга, ошондой эле банк (филиал/туунду компания) жана төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору (филиал/өкүлчүлүк) менен түзүлгөн кредиттик жана башка келишимдерге, эмгек келишимдерине жана контракттарга кол коюу укугуна ээ адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү.  

20. Банктын (филиалдын/туунду компаниянын) жана төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиал/өкүлчүлүктөрдүн) административдик-чарбалык чыгашаларынын сметасы.  

21. Суммасын көрсөтүү менен банкка (филиалга/туунду компанияга), төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна (филиалына/өкүлчүлүктөргө) карата соттук тартипте же соттон тышкары коюлган талаптардын, доолордун жана аткаруу барактарынын тизмеси, ошондой эле банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун башкаларга карата талаптары.  

22. Негизги каражаттардын, наркы төмөн, тез тосулуучу буюмдардын, башка активдердин, ошондой эле документтердин, архивдин инвентаризациялык описи (инвентаризациялоо аяктагандан кийин берилет).  

23. Банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору расмий түрдө талап жөнөтүүсү үчүн пайдаланган фирмалык бланктар (банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун фирмалык символикасын жана башка реквизиттерин камтыган документтердин башка формалары).  

24. Банкта/төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда өткөрүлгөн максаттуу жана комплекстүү текшерүүлөр боюнча бардык отчеттор.  

25. Убактылуу администратордун пикири боюнча банктын (филиалдын/туунду компаниянын), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиал/өкүлчүлүктөрдүн) жетекчиси берүүгө тийиш деп эсептеген кандай болбосун башка документтер.  

26. Убактылуу администратор банктын (филиалдын/туунду компаниянын), төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиал/өкүлчүлүктөрдүн) жетекчисинен кошумча документтерди жана ушул тизмеде келтирилген документтердин аныктыгын тастыктаган документтерди талап кылууга укуктуу. 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы 

№ 2017-П-12/23-8-(НПА) токтому менен бекитилген 

"Убактылуу администрация жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме 

Убактылуу администратордун банкта аткарган иши жөнүндө отчетуна карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Ай сайын берилүүчү отчетто төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

1) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча банктын бухгалтердик балансы;  

2) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык түзүлгөн "Финансылык абал жөнүндө баланстык отчет" формасы;  

3) план чегинде төлөө графигине, келе жаткан айга төлөө графигине (жума боюнча) салыштырганда, отчеттук ай ичинде кредиттердин негизги суммасы жана пайыздар боюнча карыздардын анык төлөнгөндүгү жөнүндө отчет;  

4) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча банктын аманат милдеттенмелери боюнча төмөнкү категориялар боюнча түзүмү: жеке адамдар жана юридикалык жактар, талап боюнча төлөнүүчү жана мөөнөттүү, улуттук жана чет өлкө валютасында, ошондой эле аманатчылардын саны жана кардарлардын эсептери боюнча маалыматтар;  

5) банктын кийинки айга карата (жума боюнча) депозиттик милдеттенмелерин төлөө боюнча болжолдоолор;  

6) активдер классификациясы, мөөнөтү өткөрүлгөн кредиттер боюнча банк тарабынан түзүлгөн камдар (резервдер);  

7) Улуттук банктын пикири боюнча ар айлык отчеттун курамында берилиши (талап боюнча) зарыл болгон башка маалыматтар. 

Ай сайын берилүүчү отчетто төмөнкү маалыматтар чагылдырылат:  

- Убактылуу администрация тарабынан банктын капиталын көбөйтүү үчүн көрүлүүчү чаралар;  

- банктын ликвиддүүлүгүн жакшыртуу жана көбөйтүү боюнча чаралар;  

- Убактылуу администратордун банкты чыңдоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундусу.  

Ай сайын берилүүчү отчетто кыскача түшүндүрмө кат да камтылууга тийиш. Ал катта банкта жана анын филиалдарында (туунду компанияларында) иштеп жаткан персоналдын түзүмү жана саны өзгөртүлгөндүгү, банк кызматкерлерин дайындоо жана иштен бошотуу, Убактылуу администрация өкүлдөрүнүн курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат чагылдырылат.  

Кыскача түшүндүрмө катта төмөнкүлөр да камтылууга тийиш:  

- отчеттук мезгил ичинде иштелип чыккан планга ылайык банкты финансылык жактан чыңдоо боюнча негизги иш-чаралар жөнүндө маалымат, планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылбагандыгынын жана/же мөөнөтүндө аткарылбагандыгынын себебин түшүндүрүү;  

- банктын (филиалдын/туунду компаниянын) башкаруу органдарынын жана (же) айрым кызматкерлеринин Убактылуу администратор (анын өкүлдөрүнө) өз милдеттерин аткарып жаткан учурда ага каршы иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар;  

- банктын ири бүтүмдөрү жөнүндө маалымат (банк тарабынан ошол мезгил ичинде ишке ашырылган); ошол чаралардын жана бүтүмдөрдүн натыйжалуулугуна талдап-иликтөөлөр; банктын финансылык абалына баа берүүлөр жана кийинки отчеттук мезгилге пландаштырылган чаралар жөнүндө маалымат;  

- банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелери боюнча талаптарга тиешелүү маалыматтар.  

2. Убактылуу администрация киргизилген бүтүндөй мезгил үчүн отчетто банк ишинин негизги финансылык көрсөткүчтөрүнүн (өздүк каражаттар (капитал), активдер, милдеттенмелер, капиталдын шайкештүүлүк коэффициенти, ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрү ж.б.) өзгөрүүсүн мүнөздөгөн бардык маалыматтар, ошондой эле Убактылуу администрацияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу натыйжалары жөнүндө негиздүү корутунду (Убактылуу администрациянын натыйжасы ж.б.) камтылууга тийиш.  

3. Убактылуу администрациянын отчетуна Убактылуу администрация киргизилген мөөнөт ичиндеги буйруктардын жана буйруулардын көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш.  

4. Отчетко Убактылуу администратор кол тамга коет. 

  

 

  

2-1-тиркеме 

Убактылуу администратордун төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда аткарган иши жөнүндө отчетуна карата  

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

1. Ай сайын берилүүчү отчетто төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

1) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бухгалтердик балансы;  

2) план чегинде төлөө графигине, келе жаткан айга төлөө графигине (жума боюнча) салыштырганда, отчеттук ай ичинде товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар, агенттер алдында карыз суммаларынын ордун айкын жабуу жөнүндө отчет;  

3) төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун келерки айга карата (жума боюнча) милдеттенмелерин төлөө боюнча болжолдоолор;  

4) Улуттук банктын пикири боюнча ар айлык отчеттун алкагында берилүүгө тийиш болгон (талап боюнча) башка маалыматтар.  

Ар айлык отчетто төмөнкүлөр чагылдырылат:  

- Убактылуу администрация тарабынан төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун капиталын көбөйтүү үчүн көрүлүүчү чаралар;  

- Убактылуу администратордун төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун абалын чыңдоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундусу.  

Ай сайын берилүүчү отчетто кыскача түшүндүрмө кат да камтылууга тийиш, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:  

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун жана анын өкүлчүлүктөрүнүн/филиалдарынын түзүмү жана персоналынын саны өзгөргөндүгү, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкерлерин дайындоо жана иштен бошотуу, Убактылуу администрациянын өкүлдөрүнүн курамындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат;  

- отчеттук мезгил ичинде иштелип чыккан планга ылайык төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун финансылык абалын чыңдоо боюнча негизги иш-чаралар жөнүндө маалымат, планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылбагандыгынын жана/же мөөнөтүндө аткарылбагандыгынын себебин түшүндүрүү;  

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиалдын/өкүлчүлүктөрдүн) башкаруу органдарынын жана (же) айрым кызматкерлеринин Убактылуу администрация (анын өкүлдөрү) өз милдеттерин аткарып жаткан учурда аларга каршылык көрсөткөндүгү жөнүндө маалыматтар.  

2. Убактылуу администрация киргизилген бүтүндөй мезгил үчүн отчетто төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун Убактылуу администрация мезгили ичинде ишинин негизги финансылык көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүсүн мүнөздөгөн бардык маалыматтар, ошондой эле Убактылуу администрацияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу натыйжалары жөнүндө негиздүү корутунду (Убактылуу администрациянын натыйжасын болжолдоолор ж.б.) камтылууга тийиш.  

3. Убактылуу администрациянын отчетуна Убактылуу администрация киргизилген мөөнөт ичиндеги буйруктардын жана буйруулардын көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш.  

4. Отчетко Убактылуу администратор кол тамга коет. 

  

  

  

3-тиркеме 

Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршылык көрсөтүү  

АКТЫСЫ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

_________________________________________________________________________________________ 

           (коммерциялык банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун аталышы 

  

_________________________________________________________________________________________  

                                    (филиал, туунду компания, аманат кассасы, өкүлчүлүк)) 

  

_________________________________________________________________________________________ 

          (банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун (филиал, туунду компания,  

  

_________________________________________________________________________________________  

                   өкүлчүлүк, терминал, аманат кассасы) жайгашкан орду, дареги, телефону) 

  

_______________________ (түзүлгөн жер)                                   20__-жылдын "__" ______________ 

  

Мен, Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлү  

_______________________________________ төмөндө кол койгон адамдардын катышуусунда: 

                           (аты-жөнү

  

1. _______________________________________________________________________________________ 

  

2. _______________________________________________________________________________________ 

  

3. _______________________________________________________________________________________ 

  

Банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору (жетекчисинин, кызмат адамынын/кызматкеринин  

аты-жөнү) тарабынан банкта Убактылуу администрацияны жүргүзүүгө тоскоолдук кылынгандыгы тууралуу: 

  

_________________________________________________________________________________________  

ушул акт түзүлдү

  

_________________________________________________________________________________________  

     (банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун имаратына кирүүгө тоскоолдук  

            кылды, Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлү талап кылган  

                                               документтер сунушталган жок) 

  

_________________________________________________________________________________________ 

  

Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкерине/кызматкерлерине  

Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлү тарабынан Убактылуу администрация  

режимин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертилген. 

  

Акт төмөнкүлөр тарабынан түзүлгөн: 

  

_________________________________________________________________________________________ 

         (Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлүнүн аты-жөнү) (кол тамгасы) 

  

Таанышып чыктым: 

  

_________________________________________ (Банк/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын  

                                                                                  операторунун кызматкеринин аты-жөнү

  

_______________________________ (кызмат орду)  _________________________ (кол тамгасы) 

  

Актынын экинчи нускасын алдым ____________________________________________________________ 

                                                             (банк/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун  

                                                                               кызматкеринин аты-жөнү)  

_____________________________ (кол тамгасы) 

  

Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызмат адамдары  

  

_________________________________________________________________________________________ 

                 (банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкеринин/ 

                                                       кызматкерлеринин аты-жөнү)  

  

Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршылык көрсөтүү актысынын мазмуну менен  

таанышуудан баш тартты. 

  

_________________________________________________________________________________________ 

                         (Убактылуу администратор/анын өкүлүнүн аты-жөнү) (кол тамгасы) 

  

  

  

  

4-тиркеме 

Убактылуу администрация режиминин жүрүшүндө Убактылуу администратор (анын өкүлдөрү) тарабынан айрым иш-чараларды жүргүзүүсү боюнча  

ЖОЛ-ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

1. Убактылуу администратор банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна келгенден кийин кассадагы жана сактоо жайындагы акча каражаттардын калдыгын тактап, 3 (үч) нускада акт түзөт.  

2. Банктын/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна келгенден кийин алардын сактоо жайын жана кассасын, бардык сейфтерди, ачкыч менен бекиле турган бардык шкафтарды жаап, мөөр басып бекитет.  

3. Архивди кошо алганда, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бардык документтери сакталган жайды жаап, мөөр басып бекитет.  

4. Убактылуу администратор банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна келгенден кийин төмөнкүдөй буйруктарды чыгарат:  

1) Банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын (аткаруу органынын) ишин токтотуу жана алардын ыйгарым укугунун Убактылуу администраторго өтүшү жөнүндө;  

2) төлөмдөрдү өткөрүү ыргагы жөнүндө;  

3) Убактылуу администраторго банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бардык чыккан документтерине кол коюу укугун өткөрүү жөнүндө;  

4) Убактылуу администратордун кат жүзүндөгү уруксатысыз кандайдыр бир материалдык мүнөздөгү аракеттерди көрүүгө банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бардык кызматкерлерине тыюу салуу жана жеке жоопкерчилик тартуу жөнүндө.  

5. Мүлктүн, материалдык баалуулуктардын жана документтердин сакталышын камсыз кылуу максатында Убактылуу администратор банктан/төлөм уюмунан/төлөм системаларынын операторунан анын кат жүзүндөгү уруксатысыз мүлктөрдү жана документтерди алып чыгууга, ошондой эле кабыл алуу убактысынан тышкары адамдарды кабыл алууга тыюу салынгандыгы жөнүндө банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун көзөмөл кызматына эскерткен буйруктарды чыгарат.  

6. Убактылуу администратор банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун бардык кызматкерлеринин мүлктүн, материалдык баалуулуктардын, документтердин жана башка баалуулуктардын сакталышы үчүн административдик-материалдык жоопкерчилиги тууралуу буйрук чыгарат.  

7. Убактылуу администратор жумуш күнүнүн акырында, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун имаратын чаптап жабууга жооп бере турган комиссия түзүү жөнүндө буйрук чыгарат. Комиссиянын курамына Убактылуу администратор (Убактылуу администратордун өкүлдөрү же/жана Убактылуу администрациянын мүчөлөрү) жана банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун кызматкерлери кирет.  

8. Убактылуу администратор банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ар бир кызматкерине колдонуудагы эмгек мыйзамына ылайык иштен бошотулушу ыктымалдыгы тууралуу жеке эскертүүгө тийиш.  

9. Банктын убактылуу администратору Улуттук банктын коопсуздук кызматынан ачкычтарды, сейфтердин ачкычтарын жана электрондук документтерге цифралык кол тамганы түзгөн паролдорду, электрондук ачкычтарды автоматташтырылган системадан пайдалануу үчүн каралган паролдорду жаңыртып берүү өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү.  

10. Зарылчылык келип чыккан учурда Убактылуу администратор Улуттук банкка тиешелүү техникалык каражаттардан пайдалануу өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.  

11. Убактылуу администратор ушул жобонун 119-пунктундагы талаптарга ылайык банкта/төлөм уюмунда/төлөм системаларынын операторунда жүргүзүлүп жаткан инвентаризациянын жана ревизиянын жүрүшүндө Улуттук банкта колдонулган инвентаризация жүргүзүү жана анын натыйжаларын тариздөө тартибине таянуу менен иш алып барууга укуктуу. 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы 

№ 2017-П-12/23-8-(НПА) токтому менен бекитилген 

"Убактылуу администрация жөнүндө" жобого карата 

5-тиркеме 

Убактылуу администратордун жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу шарттары жана камсыздандыруучуга карата 

ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC) токтомунун редакциясына ылайык) 

1. Убактылуу администратордун кесипкөй жоопкерчилиги Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администраторду дайындоо жөнүндө токтому кабыл алгандан кийинки бир ай ичинде камсыздандырылууга тийиш. 

2. Жоопкерчилик лимити, камсыздандырылууга тийиш болгон тобокелдиктер банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун иш көлөмүнө, операциялардын масштабына, филиалдар түйүнүнө, төлөм системасынын маанилүүлүк деңгээлине, штаттык санына жана башка факторлорго жараша Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

3. Камсыздандыруу Убактылуу администратор дайындалган бүтүндөй мезгил аралыгын жана андан кийинки бир календардык жылды камтууга тийиш. 

4. Камсыздандыруу компаниясы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- Кыргыз Республикасынын финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жоопкерчиликти камсыздандыруунун тиешелүү түрүн жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы болууга; 

- өз ишин камсыздандыруу уюму катары кеминде үч жыл жүзөгө ашырган; 

- акыркы календардык жыл ичинде чыгым тартпаган; 

- акыркы календардык жыл ичинде бардык отчеттук күндөргө карата камсыздандыруу уюму үчүн пруденциалдык ченемдерди аткарган; 

- банкроттук же Убактылуу администрация жол-жобосу жүргүзүлбөгөн. 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы 

№ 2017-П-12/23-8-(НПА) токтому менен бекитилген 

"Убактылуу администрация жөнүндө" жобого карата 

6-тиркеме 

Жеке маалымат жана ишкердик кызыкчылыктары тууралуу 

МААЛЫМАТ 

Аты-жөнү (толугу менен)  

_______________________________________________________________________ 

Туулган күнү, айы, жылы:  

_______________________________________________________________________ 

Туулган жери:  

_______________________________________________________________________ 

Паспортунун № __________________ Берилген күнү _______________________ 

Колдонуу мөөнөтү: ____________________________________ 

Берилген жери ______________________________________ 

Үй дареги (жашаган жери): ______________________________ 

Катталган жери: _______________________________________ 

Үй телефон номери: ____________________________________ 

Уюлдук телефон номери: _________________________________ 

№ 1 таблица. Жакын туугандары тууралуу маалымат (жолдошу/жубайы, ата-энеси, жолдошунун/жубайынын ата-энеси, балдары, бир тууган агалары жана эжелери, чоң эне жана чоң аталары) 

№ 

Аты-жөнү 

Тууганчылыгы 

Туулган күнү 

Иштеген жери 

Кызматы 

Кайсыл убакыттан тартып кызматта 

Жашаган жери 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

№ 2 таблица. Башка байланыштуу жактар тууралуу маалымат (жеке адамдар) 

№ 

Байланыштуу жактын аты-жөнү 

Иштеген жери 

Кызматы 

Байланыштуулугу 

  

  

  

  

  

№ 3 таблица. Убактылуу администратордун, анын жакын туугандарынын жана башка байланыштуу жактардын ишкердик кызыкчылыгы тууралуу маалымат 

№ 

Аты-жөнү 

Юридикалык жактын аталышы 

Ээ болгон үлүшү 

Юридикалык жак менен байланышы 

  

  

  

  

  

Мен жогоруда көрсөткөн маалымат анык экендигин тастыктайм. Алар өзгөргөн шартта, жаңыртылган маалыматты сунуштоого милдеттенем. 

  

_______________________________ 

(кол тамгасы) 

  

_______________________________ 

үнү

  

  

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы 

№ 2017-П-12/23-8-(НПА) токтому менен бекитилген 

"Убактылуу администрация жөнүндө" жобого карата 

7-тиркеме 

АНКЕТА 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14\17-1-(ПC), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Аты-жөнү  

_____________________________________________________________________________ 

2. Сиздин талапкерлигиңиз сунушталып жаткан позицияны көрсөтүңүз:  

_____________________________________________________________________________________________  

               (кызмат орду, банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун аталышы) 

3. Аты-жөнүңүздү өзгөрткөн болсоңуз, качан жана эмне себептен өзгөрткөнсүз, ошондой эле мурдагы аты-жөнүңүздү көрсөтүңүз  

_____________________________________________________________________________. 

4. Туулган күнүңүз жана жериңиз ______________________________________ күн, ай, жыл, шаар, айыл, өлкө.  

5. Паспортуңуздун сериясы ____________ номери ________________ Ким тарабынан берилген  

_______________ берилген күнү ___________________ 

6. Жарандыгы _______________________________________________ 

Ал кандай жол менен алынгандыгын көрсөтүңүз: туулган жери боюнча, никеге тургандан кийин, башка жагдайлар боюнча - түшүнүк бериңиз  

_______________________________________________________________________________ 

7. Үй дареги (документ боюнча), ____________________________ тел. № __________________ 

Айкын жашаган орду  

_______________________________________________________________________________ 

8. Талапкер төмөнкү багыттарда билимге ээ экендиги жөнүндө маалымат:  

- банктык жана төлөм мыйзамдары ____________________________________________;  

- банктык тобокелдиктерди, анын ичинде төлөм системасындагы тобокелдиктерди жөнгө салуу _________________________________; 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары ___________________________________. 

_______________________________________________________________________________ 

9. Билими ____________________________________ (жогорку, толук эмес жогорку, атайын орто, орто, бакалавр, магистр) 

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан орду 

Факультет же бөлүм 

Тапшырган жана аяктаган жылы 

Диплом боюнча адистиги 

  

  

  

  

10. Эмгек жолун баштагандан бери аткарган иши. 

Ишке кирген күн (ай, жыл) 

Иштен бошогон күн (ай, жыл) 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери, иш берүүчүнүн аты-жөнү 

Иштен бошонуу себеби 

  

  

  

  

  

11. Кайсы болбосун өлкөдө, кайсы болбосун убакта Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же болбосо кызмат адамы болгон компанияга карата:  

- укук бузууларга жол берүү жөнүндө айыптоолор, анын ичинде мындай иш токтотулган же күнөө жокко чыгарылган болсо (ооба/жок) _____________________________________  

- дисциплинардык чара колдонулса (ооба/жок) _________________________________________  

- мыйзамдарга ылайык, кылмыш ишине жол бергендиги жөнүндө айыпталса, анын ичинде кылмыш иши токтотулса, актоо өкүмү чыгарылса жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган болсо (ооба/жок) _____________________________________________________.  

Эгерде болгон болсо, укук коргоо органынын аталышын, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан коюлган күнөөлөрдү жана дисциплинардык өндүрүүлөрдү, соттук териштирүүлөрдүн натыйжасын, чечимдерди чагылдыруу менен укук коргоо органы тарабынан коюлган күнөөлөрдү, айыптоолорду көрсөтүңүз: _________________________________________________.  

12. Соттолуп, анын мөөнөтү өтөлбөсө, көрсөтүңүз. Болгон болсо түшүнүк бериңиз __________________________________. 

13. Сизге карата кайсы бир кесиптик ишти ээлөө жөнүндө тыюу салуу болгондугун көрсөтүңүз. Эгерде бар болсо, кеңири түшүнүк бериңиз __________________________________. 

14. Сиз жетекчи (менеджер), кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон, мажбурлоо тартибинде банкрот катары таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны көрсөтүңүз __________________________________________. 

Сиз аны менен байланышта болгон жана мажбурлоо тартибинде банкроттукка чыгаруу же жоюу процессинде турган компанияда директор, кызмат адамы же олуттуу катышуучу катары өзүңүздүн ролуңузду жана жоопкерчиликтүү деңгээлиңизди кеңири баяндап бериңиз.  

15. Сизге же Сиз кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон компанияга мамлекеттик жана жөнгө салуу органдары тарабынан иликтөөлөр болду беле? Эгерде болсо, кандай себептер менен экендигин кеңири түшүндүрүп жазыңыз ________________________________________. 

16. Азыркы учурда Сиз кандайдыр бир соттук териштирүүлөргө катышып жатасызбы? Болгон болсо, кеңири түшүнүк бериңиз _________________________________________. 

Мен, __________________________________________________________ (аты-жөнү) жогоруда көрсөтүлгөн маалымат толук жана анык экендигин жана ал менин билимиме, ошондой эле анкетада белгиленген маалыматтарга ылайык көрсөтүлгөндүгүн тастыктайм. Мен атайын бурмалоолорго жана калтырып кетүүлөргө жол берген шартта, ал сунушталып жаткан кызматка макулдук берүүдөн баш тартууга негиз боло тургандыгын жана мыйзамга ылайык жоопко тартылууга алып келе тургандыгын түшүнөм. 

  

_____________________________________ 

  

20___-жылдын "__" _____________ 

кол тамга 

  

күнү