Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 31-майындагы 

№ 21/12 токтому менен бекитилген 

 

 

«ЭкоИсламикБанк» ЖАК тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруусунда банктын аффилирленген жана байланыштуу жактары менен ишке ашырылган операцияларына карата талаптар жөнүндө»  

ЖОБО 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Бул жобо Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин колдонууга киргизүүнүн алгачкы долбоорун жүзөгө ашыруу алкагында иштелип чыккан. 

2. "ЭкоИсламикБанк" ЖАКтын (мындан ары - банк) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш жүргүзүүдө аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптарды белгилөө ушул жобонун максаты болуп саналат. 

3. Банк аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактардын реестрин жүргүзүүгө тийиш, андан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) кызматкерлерине тоскоолдуксуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Банк менен байланыштуу жактардын реестри кеминде банктын кызмат адамынын аты-жөнү, банкта ээлеген кызматын, жакын тууганы болгон аны менен байланышкан жактын аты-жөнү, кызмат адамы менен туугандык катышы (ата-энеси, аялы/күйөөсү ж.б.). Банкта маалыматтын сакталышын камсыз кылган коопсуздук системасы орнотулгандыгы шартында реестрди электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет.  

4. Аффилирленген жактын банк менен болгон мамилеси алардын ортосундагы мамилелер аффилирленген жактардын санына карабастан банктын капиталында чектүү катышууну ээлик кылууга негизделген компаниялардын жана адамдардын байланыштары боюнча белгилениши мүмкүн. 

 

2. ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА БҮТҮМДӨРДҮ КЕЛИШҮҮ ТАРТИБИ 

 

5. Эгерде төмөндө келтирилген шарттардын бири орун алган учурда, банк активдер боюнча банктын аффилирленген же байланыштуу жактары менен операцияларды ишке ашыруу укугу жок: 

1) банк менен байланыштуу бир кардарга/берүүчүгө туура келген тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.2 ченем) банктын таза суммардык капиталынан 15% ашса;  

2) банк, Улуттук банк тарабынан белгиленген капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) жана өздүк (жөнгө салучулук) капиталы боюнча талаптарга туура келбесе; 

3) банк өтүп жаткан финансылык жылдын акыркы отчеттук күнүнө карата чыгымдар орун алса.   

4) банктын бардык аффилирленген жана/же байланыштуу жактарына берилген активдердин жалпы суммасы банктын таза суммардык капиталынан 60% ашык болсо. 

6. Банктын аффилирленген жана/же байланыштуу жактары менен операцияларды ишке ашырууда банкка активдер менен операцияларды жүргүзүү боюнча чектөөлөрдү Улуттук банк тарабынан белгиленгенден да катуу талаптагы ички чектерди белгилөө сунушталат. 

7. Эгер банк өздүк каражаттары менен коммерциялык банктарга же башка банктык эмес уюмдарга катышса, анда ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун финансылык салымдарды жана тобокелдиктин кайсыл болбосун түрлөрүн өзүндө алып жүргөн активдерди кошо алганда, мындай инвестициялардын максималдуу өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салучулук) капиталынын өлчөмүнүн 15%ынан ашпоосу зарыл. Мындай инвестициялардын жалпы көлөмү банктын өздүк (жөнгө салучулук) капиталынын 60%ынан жогору боло албайт. 

8. Банк менен байланыштуу жактар менен келишилген бүтүмдөрдүн суммасы таза суммардык капиталдын 1% ашкан шартта, ал өз кызыкчылыгын көздөө менен келишилген бүтүм болуп саналат. Алардын өлчөмү таза суммардык капиталдын 1% - 14% чейинки өлчөмдү түзгөн, өз кызыкчылыгын көздөө менен келишилген бүтүмдөр жана аффилирленген жана байланыштуу жактар тарабынан жүзөгө ашырылган банктык операциялар жөнүндө чечим банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат. Мында, Директорлор кеңешинин протоколунда анын мүчөлөрүнүн кызыкчылыгы же кызыкчылыкты көздөбөгөндүгү көрсөтүлүүгө тийиш.  

9. Бир эсептик көрсөткүчтөн таза суммардык капиталынан 14%ына чейинки өлчөмдөгү банктын аффилирленген жана байланыштуу жактары менен кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча чечим банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат. Мында, Директорлор кеңешинин чечим чыгаруу протоколунда анын мүчөлөрүнүн кызыкчылыгы же кызыкчылыкты көздөбөгөндүгү көрсөтүлүүгө тийиш. 

10. Таза суммардык капиталынан 14%дан ашкан өлчөмдөгү кредиттик тобокелдикти камтыган активди сунуштоону кошо алганда, кызыкдар болуу менен түзүлгөн бүтүмдөрдү жана башка банктык операцияларды ишке ашыруу жөнүндө чечим банктын акционерлеринин жалпы жыйынында кабыл алынат. 

Мында, ачык түзүлүүчү келишимдерди эске албаганда, мындай бүтүмдөр жана операциялар банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.  

11. Эгерде операция же бүтүм боюнча кирешелер бөлүгү болсо да банктын аффилирленген же байланыштуу жагынын пайдасы үчүн пайдаланылса же алардын карамагына берилсе, банктын кайсыл болбосун жак менен түзүлгөн кайсыл болбосун операциясы же бүтүмү аффилирленген же банк менен байланышкан жактар менен түзүлгөн операция же бүтүм деп эсептелүүгө тийиш. 

12. Банк төмөнкү бардык шарттарды аткарган учурда гана банктын аффилирленген же байланыштуу жактары менен операцияларды жүргүзүүгө же бүтүмдөрдү келишүүгө укуктуу: 

1) ушул жобонун 13-пунктунда белгиленгендерден тышкары операциялар жана бүтүмдөр ошол эле учурда аталган банк менен ушул ченемдерге туш болбогон жана банктын аффилирленген же байланыштуу жактары болуп эсептелбеген башка адамдардын ортосундагы ушул сыяктуу операциялар жана бүтүмдөр үчүн колдонулуучу шарттарга жана талаптарга салыштырганда кыйла жеңилдетилбеген шарттар жана талаптар каралган учурда гана ишке ашырылат. Мындай шарттардан жана талаптардан улам төмөнкүлөргө жол берилбейт: 

- ошол банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактардан - банк кардарларынан кармалып калгандарга салыштырганда кыйла төмөн үстөк бааларды же жыйымдарды белгилөө

- ошол банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактарга - банк кардарларына салыштырмалуу кыйла пайдалуу шарттарда эсептелинген активдерди тартууда кирешелерди төлөп берүү

- ошол банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактардан - банк кардарларынан талап кылынганга караганда кыйла төмөн наркка ээ күрөөнү кабыл алууга. Күрөөнү кабыл алууда аны башка ушул сыяктуу күрөөдөн жогору баалоого жол берген ыкманы колдонууга жол берилбейт; 

- ошол банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактарга - банк кардарларына бул операциянын тобокелдик деңгээлинен же кардардын/берүүчүнүн кредит төлөө жөндөмдүүлүгү төмөндүгүнөн улам берилбей турган активдерди берүү

- аффилирленген же банк менен байланыштуу жагынан төмөн сапаттагы активдерди сатып алуу же төмөн сапаттагы активдерди күрөө катары кабыл алуу; 

- аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - банк кардарына төлөнүшү мүмкүн болгонго караганда кыйла жогору баада активди сатып алуу; 

- аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактан - банк кардарынан кабыл алынышы мүмкүн болгонго караганда кыйла төмөн баада активди сатуу; 

- товарлар, кызмат көрсөтүүлөр же мүлктү ижарага алуу үчүн аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - банк кардарына төлөнө турган бааларга караганда кыйла жогору баада же аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - банк кардарына төлөнбөй турган шартта төлөө

- банктын аффилирленген же байланыштуу жактардын активдерин реструктуризациялоого, мында ошол банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жак - банк кардарына/өнөктөшүнө реструктуризациялоого жол берилбейт. 

2) Актив берилген учурда банктын Директорлор кеңеши тарабынан чечим кабыл алынган учурга карата анын тобокелдиги ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө жобого ылайык, «канааттандырарлык» катары аныкталуучу активдерде камтылган тобокелдиктен ашпоого тийиш. 

3) Таза суммардык капиталынын 1%дан 14%га чейинки өлчөмдөгү операциялар же бүтүмдөр, анын ичинде Шариат кеңешинин мүчөлөрү менен болгон операциялар же бүтүмдөр шарттары боюнча чечим ар биринин добуш берүүсү аркылуу, көпчүлүк добуш менен (банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмедеги курамынын 2/3 бөлүгүнөн көп) банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар эмес мүчөлөрү тарабынан гана, банктын тобокелдик-менеджеринин операцияларды же бүтүмдөрдү жүргүзүүдө кызыкдар жактын таасиринин (тике же кыйыр түрдө) жоктугу шартында, банктын аффилирленген же байланыштуу жагы менен операцияларды же бүтүмдөрдү ишке ашырууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдик тууралуу корутундусун эске алуу менен кабыл алынат. Болжолдонуп жаткан операцияга же бүтүмгө тике же кыйыр кызыкчылыгы бар Директорлор кеңешинин төрагасына же кайсыл болбосун мүчөсүнө маселени талкуулоо учурунда Директорлор кеңешинин отурумунда катышууга жол берилбейт жана ал аталган маселе боюнча добуш берүү укугуна ээ эмес.  

4) Банк мындай операциянын же бүтүмдүн жактырылгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө протокол толтурууга тийиш, анда операция же бүтүм банкка зыян алып келбестен, анын таламында жүзөгө ашырылып жаткандыгына негиздемени кошо алганда, алардын бардык артыкчылыктарына жазуу жүзүндөгү талдап-иликтөөлөр чагылдырылышы зарыл. Талдап-иликтөөлөрдө төмөнкүлөр камтылат: 

- активдерди берүү боюнча операциялар үчүн - сумманы, мөөнөтүн, банктын үстөк баасын, кардардын/берүүчүнүн келишимдерге ылайык каражаттарды төлөп берүү жөндөмдүүлүгүн далилдеген ал тууралуу финансылык маалымат жана актив боюнча күрөөнүн наркын тастыктаган маалымат;  

- активдерди сатып алуу же сатуу менен байланыштуу болгон операциялар же бүтүмдөр үчүн - сатып алуу баасын жана активдин наркын тастыктаган маалымат; 

- инвестициялар үчүн - мындай инвестициялардын тобокелдигине баа берүү жана банк менен ошол жактын потенциалдуу пайдасы; 

- аталган операцияны жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу толук түшүндүрмө

- активдерди же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу/сатып алуу каралган операциялар же бүтүмдөр үчүн - Директорлор кеңеши, активди сатуу/сатып алуу же кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө кеминде үч сунушту карап чыгууга тийиш. Бул сунуштар банк менен байланышы жок же жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон жактар тарабынан сунушталууга жана рыноктук орточо баага туура келүүгө тийиш. 

5) Банк менен ишке ашыруу болжолдонуп жаткан операцияда же бүтүмдө тарап болуп саналган же ушул тарап менен жалпы кызыкчылыктарга ээ банк менен байланыштуу жактар, операцияда же бүтүмдө өз кызыкчылыгынын даражасы жана операциянын же бүтүмдүн башка тарабы менен өз ара мамиленин даражасы жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндө ачып берүүгө тийиш. Мындай жазуу жүзүндөгү ачып берүү болжолдонгон операция же бүтүм боюнча добуш берүүгө чейин банктын Директорлор кеңешине берилүүгө жана банктын Директорлор кеңешинин операция же бүтүм боюнча чечим кабыл алуу протоколунун бир бөлүгү болууга тийиш. 

13. Банк, банк кызматкерлерин социалдык колдоо көрсөтүү программасына ылайык, (Директорлор кеңешинин Төрагасы жана анын мүчөлөрүн, Шариат кеңешинин Төрагасын жана анын мүчөлөрүн эске албаганда) кызмат адамдарына каржылоо берүүгө укуктуу. Программада банк кызматкерлерине жана кызмат адамдарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн бирдей шарттары каралууга тийиш. Мында, кызмат адамдарын каржылоо шарттары кеминде төмөнкү талаптарга дал келүүгө тийиш:  

1) кызмат адамдарга каржылоо турак жайды сатып алууга же курууга гана берилет;  

2) сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жай каржылоо берилген кызмат адамына менчик укугуна таандык болууга тийиш;  

3) сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайда каржылоо берилген кызмат адамы жана анын үй-бүлө мүчөлөрү (болгон болсо) жашоосу зарыл;  

4) каржылоонун максималдуу өлчөмү он миллион сомдон ашпоого тийиш;   

5) каржылоонун максималдуу өлчөмү сатып алып жаткан же курулуп жаткан турак жайдын адилет наркынын сексен пайызынан ашпоого тийиш. Каржылоо сатылып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайдын адилет наркынын кырк пайызынан кем эмес өлчөмдөгү байланыштуу депозит түрүндө кошумча күрөө сунушталган учурда, сатылып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайдын адилет наркынын жүз пайыз өлчөмүндө берилиши мүмкүн; 

6) турак жайдын адилет наркын аныктоо үчүн көз карандысыз баа берүүчүнүн кызматы пайдаланылат;  

7) биринчи күрөө катары сатылып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жай гана кабыл алынат;  

8) кызмат адамдын жакын туугандары болуп саналган адамдардан турак жай сатып алуу үчүн каржылоо берүүгө тыюу салынат.   

Банк жана кызмат адамдын ортосунда түзүлгөн каржылоо келишиминде, кызмат адамдын ушул пункттун 1-8-пунктчаларында каралган каржылоо шарттарын бузган учурда, каржылоо келишими ушул жобонун 17-пунктунда каралган шарттарда өзгөртүлүүгө тийиш.  

14. 12-пункттун 3, 4 жана 5-пунктчаларынын талаптары ушул жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн банктын кызмат адамдары менен ишке ашырылган операцияларга таркатылат.   

15. Кызматкерлерди каржылоо тартибин жөнгө салган банктын ички документтери кызмат адамдарды каржылоо жөнүндө жобону камтууга, «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө жана кеминде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:   

- банктын кредит портфелинин жана анын таза суммардык капиталынын жалпы көлөмүнө карата ушул жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн банктын кызмат адамдарына берилген активдердин үлүшүн; 

- актив түрлөрүн;  

- актив валютасын;  

- активдин максималдуу өлчөмүн;  

- каржылоо мөөнөттөрүн;  

- үстөк баа (баа түзүү);  

- күрөө наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү критерийлерди.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Банк кызматкерлерин каржылоо тартибин жөнгө салган ички документтер Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Ошондой эле Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- банк кызматкерлерин каржылоо тартибин жөнгө салган ички документти, анын актуалдуулугун жана банк ишинин каржылоо саясатына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу үчүн жыл сайын карап чыгууга;  

- банк Башкармасынын (же банктын ушундай эле башка аткаруу органынын) банк кызматкерлерин каржылоо тартибин жөнгө салган ички документтердин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча ишти контролдоого.  

17. Банктын кызмат адамдары ушул жобонун 13-пунктунда каралган каржылоо шарттарын бузууга жол берген учурда: 

- банк бузууга жол берүү аныкталган күнү, ушул сыяктуу операциялар үчүн колдонулуучу шарттар менен талаптарга салыштырмалуу кыйла жеңилдетилген каржылоо берүү шарттарын жана талаптарын карап чыгуу аркылуу каржылоо келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш;  

- банктын кызмат адамы каржылоо алган күндөн тартып анын шарттары өзгөргөн күнгө чейин түптөлгөн үстөк баа боюнча айырманы банкка кайтарып берүүгө милдеттүү;  

- үстөк баа боюнча айырманы кайтарып берүү, каржылоо шарттары өзгөргөн айдан кийинки айдан тартып каржылоо жана ал боюнча үстөк баанын ордун жабуу графигинде каралууга тийиш. 

18. Директорлор кеңешинин төрагасы, ушул жобонун 12-пунктунда колдонулган бардык шарттар Директорлор кеңешинин мүчөлөрү добуш бергенге чейин аткарылгандыгы тууралуу Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш. Директорлор кеңешинин кайсы болбосун мүчөсү тастыктоочу документтерди добуш бергенге чейин карап чыгууга укуктуу. Директорлор кеңешинин төрагасы жана анын добуш берген ар бир мүчөсү операцияны же бүтүмдү жактыруу тууралуу чечимине өз кол тамгасын коюусу зарыл. Чечимде Директорлор кеңешинин мүчөсү болжолдонгон операциянын же бүтүмдүн шарттарын карап чыккандыгын, аларды түшүнө тургандыгын жана ушул жобонун 12-пунктунун 4-пунктчасы боюнча талап кылынуучу талдап-иликтөөлөр менен таанышкандыгын ачык көрсөтүүгө тийиш. 

19. Жобонун 12-пунктунун 3, 4 жана 5-пунктчаларынын жоболору банктын башка аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактар - банк кардарлары/берүүчүлөрү үчүн ошол эле шарттарда жана талаптарда банк менен байланышкан жактардын, башкы банктан тышкары, банк/компания жана банк менен байланышкан жак болгон банк менен банктын спот-операцияларын жүргүзүү, банктын аффилирленген же байланыштуу жактарына эсептешүү-кассалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү жана төлөм карттарын чыгаруу, банк тарабынан анын аффилирленген же банк менен байланышкан жактарынан кандайдыр бир төлөмдөрдү алуусуз кайтарымдуулук шарттарында акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларга кирбейт. 

Акча каражаттары жана субординацияланган насыя банктын Директорлор кеңешинин чечиминин негизинде ошол банк менен аффилирленген жак болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ эмес башка жактар ортосунда мындай операцияларды жүзөгө ашырууда жана бүтүмдөргө келишүүдө колдонулган шарттарга жана талаптарга салыштырганда, кыйла ыңгайлуу болбогон шарттарда жана талаптарда тартылууга тийиш. 

20. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоону чектөө жөнүндө нускоодо белгиленген учурларда банктын аффилирленген жана байланыштуу жактарын каржылоодон алып салууга болот. 

21. Банктын аффилирленген же байланыштуу жагына берилүүчү ар бир актив күрөө менен камсыздалууга тийиш, аны сатып өткөрүү наркы төмөнкү өлчөмдөн кем болбоого тийиш:  

1) эгерде актив Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган баалуу кагаздары же актив берген банктын байланыштуу депозити менен камсыздалган болсо активдин суммасынан 120 пайыз.  

Байланыштуу депозит, төмөнкүдөй корреспонденттик эсеп болуп саналбаган, өзүнчө мөөнөттүү аманатты (депозитти) билдирет:  

- берилип жаткан кредит мөөнөтүнөн аз эмес мөөнөттө;   

- күрөө катары тиешелүү негизде тариздетилген; 

- ал боюнча каражаттарды жүгүртүүгө тыюу салынган;   

- актив боюнча милдеттенмелер аткарылмайынча кардарга жеткиликсиз болуп саналган.  

Баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун рыноктук наркына банк тарабынан ай сайын, ал эми чет өлкө валютасындагы аманат (депозит) түрү боюнча - жума сайын/күн сайын кайра баа берилүүгө тийиш. 

2) кайсы болбосун башка күрөө түрүндө, актив суммасынын 140 пайызынан.   

22. Эгерде күрөөлүк камсыздоо наркы бара-бара ушул жобонун 21-пунктунда белгиленген өлчөмдөн төмөндөй баштаса, анда мындай камсыздоо күрөө жөнүндө жаңы келишимди түзүү же буга чейин түзүлгөн күрөө жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу талап кылынган өлчөмгө чейин кошумча толукталышы зарыл жана кошумча күрөөлүк мүлк менен кепилдик берилүүгө же кайра баа берилген күндөн тартып он беш жумуш күнүнөн кечиктирилбестен белгиленген талаптарды аткаруу үчүн жетиштүү нарктагы жаңы күрөө түрүнө алмаштырылууга тийиш. 

23. Банктын аффилирленген же байланыштуу жагына актив берүү чечими кабыл алынып, актив берилгенден кийин ал аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган жана банктын аффилирленген жана байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жактардан болуп саналбаган башка жакка - банк кардарына берилген активдер сыяктуу эле көзөмөлгө алынат жана аларга баа берилет. Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактарына инвестициялар аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган жана банктын аффилирленген жана байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жактардан болуп саналбаган башка жакка - банк кардарына берилген башка инвестициялар сыяктуу эле, мезгил-мезгили менен көзөмөлгө алынууга жана аларга баа берилүүгө тийиш. 

24. Банк кайсыл болбосун жакка төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында, ал менен бүтүмгө келишүүгө жол берилбейт: 

1) банктын аффилирленген же байланыштуу жактары алдында милдеттенмелерди төлөөгө же башка негизде аткарууга

2) банктын аффилирленген же байланыштуу жагынан кандайдыр бир мүлктү сатып алууга

3) банктын аффилирленген же байланыштуу жагы тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алууга

 

3. АКЦИОНЕРЛЕРДИН ЖАЛПЫ ЖЫЙЫНЫНДА ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ 

25. Банк акционерлери коопсуз, алгылыктуу жана ишенимдүү банк ишин камсыз кылуу максатында, өз укуктарын жана милдеттерин акыйкат жана талапка ылайык жүзөгө ашырууга милдеттүү

26. Банк акционерлеринин жалпы жыйыны таза суммардык капиталынан 14% ашкан өлчөмдө кызыкдар болуу менен операцияларды ишке ашыруу же бүтүмдөргө келишүү жөнүндө чечим кабыл алат. 

27. Эгерде банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар эмес мүчөлөрү банктын аффилирленген же байланыштуу жак менен операцияларды жүргүзүү же бүтүмдөрдү келишүү боюнча кворумдун жоктугунан же болбосо кайсыл болбосун себептерден улам чечим кабыл албаса, маселенин каралышы банк акционерлеринин жалпы жыйынына чыгарылат. 

28. Банктын Директорлор кеңеши этиканын жана адептүүлүктүн жогорку стандарттарын колдоону кошо алганда, банктын ишенимдүү жана акылга сыярлык иши үчүн жоопкерчилик тартат. Директорлор кеңеши акционерлердин жалпы жыйыны үчүн ушул жобонун 12-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн талдап-иликтөөнү кошо алганда, сунушталып жаткан операциянын же бүтүмдүн толук сүрөттөлүшүн камтыган так отчетту даярдоого тийиш. Банктын Директорлор кеңеши маселени акционерлердин жалпы жыйынына өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин банктын өзгөчө кызыкчылыгында маселени чечүү үчүн кандай болбосун аракеттерди көрүүгө тийиш. 

29. Банктын аффилирленген же байланыштуу жак менен операция же бүтүм боюнча артыкчылык берилиши мүмкүн болгон акционер талкууга катышууга, акционерлердин жалпы жыйынында добуш берүүгө же катышууга же болбосо операцияны же бүтүмдү жактыруу маселеси боюнча (тике же кыйыр же болбосо акционер ал менен жалпы кызыкчылыкка ээ жак аркылуу) добуш берүүгө укугу жок. 

30. Акционерлердин жалпы санынын «макулдук» берүү добушунун 2/3 белгиленген операцияны же бүтүмдү жүргүзүүсүнө «макулдук» берилген учурда гана банктын аффилирленген же байланыштуу жагына алгылыктуу режим сунуштала турган операцияны же бүтүмдү жактыра алышат. 

31. Эгерде банктын ар бир акционерине аталган операция же бүтүм боюнча алгылыктуу режим сунушталышы мүмкүн болгон жак болуп эсептелсе (тике же кыйыр, акционер жалпы кызыкчылыгы бар жак аркылуу) же алар акционерлер санынын үчтөн көбүн түзсө, анда мындай операция же бүтүм акционерлердин жалпы жыйынында кароого алынбайт жана ал банк тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн эмес.  

4. ОТЧЕТТОРДУ БЕРҮҮГӨ КАРАТА ТАЛАПТАР 

32. Банк, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана ушул жобонун талаптарына ылайык отчет берип турууга тийиш. Алар аталган жактар жана алар менен жалпы кызыкчылыкка ээ байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн бардык операциялардын жана бүтүмдөрдүн суммаларын жана шарттарын көрсөтүү менен банктын бардык аффилирленген жана байланыштуу жактары тууралуу маалыматты камтууга тийиш

33. Банк анын кызмат адамдары банктардан алган бардык кредиттери же банкта болгон маалымат боюнча башка операциялар тууралуу жазууларды жүргүзүүгө тийиш. Башка банктардан актив алган же актив алуу өтүнүчү менен кайрылган банктын ар бир кызмат адамы кеминде жарым жылда бир жолу отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, отчеттук мезгил ичинде алынган активдер тууралуу жазуу жүзүндө отчетторду банкка берип туруусу зарыл. Бул отчетторду эсепке алуу үчүн банк, өзүнчө досье жүргүзүүсү зарыл жана алар жаңыртылган учурда отчеттук мезгил ичиндеги бардык өзгөртүүлөр көрсөтүлгөн протокол түзүлүүгө тийиш. 

34. Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жана анын ар бир мүчөсү, кызмат адамы өзүнүн коммерциялык, бизнес жана башка материалдык кызыкчылыктары тууралуу кат жүзүндөгү маалыматты жылына бир жолу банктын Директорлор кеңешине жана анын жетекчилигине сунуштап турууга тийиш. Отчетто банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, кызмат адамдары менен жалпы кызыкчылыкка ээ жактардын тизмеси жана ар бир учур боюнча мындай байланыш деңгээли камтылуусу зарыл. Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы, ар бир мүчөсү жана кызмат адамдары отчеттогу маалыматтын өзгөргөндүгү тууралуу эки жумуш күнү ичинде банкка кат жүзүндө билдирүүгө тийиш

35. Банк өз ишинин ушул жобонун талаптарына ылайык келүүсүн камсыз кылуу үчүн шайкеш ички контролдук системасын колдоого алуусу зарыл

36. Банк Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында отчетторду Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

37. Бул жобого ылайык талап кылынуучу бардык отчеттор тиешелүү тиркемелери (талдап-иликтөөсү) менен актив боюнча бардык карыздар кайтарылгандан жана аффилирленген жана банк менен байланышкан жактар менен операциялар аяктагандан кийин банкта 5 жылдан кем эмес мөөнөттө сакталууга тийиш. 

5. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

 

38. Эгерде мындай операцияларды жүргүзүү жана бүтүмдөргө келишүүнүн натыйжасында банктын финансылык абалы начарласа жана финансылык кыйынчылыктар, ошондой эле банктын, аманатчылардын жана башка инвесторлордун кызыкчылыгына коркунучтар жаралса, банкка аффилирленген жана байланыштуу жактар менен кайсы болбосун операцияларды жүргүзүүгө жана бүтүмдөргө келишүүгө тыюу салынат

39. Эгерде банк акционерлери, Директорлор кеңешинин төрагасы, анын мүчөлөрү жана кызмат адамдары кредит жана кредит алмаштыруучуларын берүү, банктын аффилирленген же байланыштуу жактар менен операцияларды жүргүзүү же бүтүмдөргө келишүү боюнча, ушул жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келген чечим кабыл алса же чечимдин кабыл алынышы үчүн добуш беришсе жана анын натыйжасында банк чыгымга дуушар болуп, киреше ала албаса, анда көрсөтүлгөн адамдар мыйзам талаптарына ылайык ошол актив, операция же бүтүм боюнча чыгымдардын же карыздын банкка кайтарылып берилишине жоопкерчилик тартышат

40. Банктын бардык ички документтери (саясаттары жана жол-жоболору) ушул жобонун талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш

41. Банктын аффилирленген же байланыштуу жак ортосунда ушул жобонун жана мыйзам талаптарын бузууга жол берүү менен ишке ашырылган кайсы болбосун операциялары жана бүтүмдөрү жараксыз болуп саналат. 

42. Жобонун талаптарын аткарбай коюу, Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларды колдонуусу үчүн негиз болуп саналат.