Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

Көзөмөл боюнча комитетинин  

2008-жылдын 25-декабрындагы №27/3  

токтому менен бекитилген 

 

 

Даяр турак жай сатып алууга берилген кредиттерди стандартташтыруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөр 

(КР Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2016-жылдын 8-июлундагы № 29/1,  

2016-жылдын 23-ноябрындагы №47/1, 2017-жылдын 29-июнундагы №22/2, 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

I. Жалпы жоболор 

1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 29-июнундагы №22/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту).  

1.2. Бул сунуш-көрсөтмөлөр, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары банктар) даяр турак жай сатып алуу үчүн кредиттерди (мындан ары кредит) берүү операцияларын жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти төмөндөтүү, анын ичинде мындай кредиттердин параметрлерин өңчөйлөштүрүү, потенциалдуу карыз алуучулар жана инвесторлор үчүн турак жай сатып алууга кредиттер рыногунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 

1.3. Сунуш-көрсөтмөлөрдө даяр турак жай сатып алууга берилген кредиттерди стандартташтыруу боюнча көрсөтмөлөрдүн зарыл минимумдары гана камтылган. Банктар бул сунуш-көрсөтмөлөрдү негиз катары алуу менен даяр турак жай сатып алуу үчүн кредиттерди берүү учурунда кредиттик тобокелдикти тескөөгө карата катуулатылган кошумча талаптарды киргизүүгө укуктуу. 

Мында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген, калк үчүн даяр турак жайды сатып алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган мамлекеттик программалардын талабын ишке ашыруунун алкагында банктар программанын шарттарына ылайык жана өзүндө орун алган тобокелдиктерге баа берүүнүн негизинде башка талаптарды (коэффициенттер ж.б.у.с.) белгилеши мүмкүн. Тобокелдиктерге баа берүү ыкмасы Улуттук банкынын укуктук ченемдик актыларына ылайык болуп, ички саясаттарда жана жол-жоболордо чагылдырылууга тийиш. Банктар тобокелдиктерди, анын ичинде кредиттик тобокелдиктерди талаптагыдай аныктоо, баа берүү жана тескөөгө алуу үчүн жоопкерчиликтүү

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.4. Сунуш-көрсөтмөлөрдүн максаттарында төмөнкү түшүнүктөр колдонулган:  

Кредит бул банктын кредиттик келишим боюнча максаттуу пайдаланууга, мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук жана камсыздоо шарттарында карыз алуучунун менчигине кыймылсыз мүлктү даяр турак жайды сатып алуу үчүн карыз алуучуга сунуштаган акча каражаттары. Мында, кредит боюнча милдеттенмелерди аткаруунун негизги камсыздоосу катары сатылып алынган кыймылсыз мүлк болууга тийиш.  

Кредиттик келишим банк, анын негизинде карыз алуучуга келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда акча каражаттарын (кредитти) сунуштоого, ал эми карыз алуучу алган акча суммасын кайтарып берүүгө жана ал үчүн пайыздарды төлөөгө милдеттенген келишим. 

Карыз алуучу толук укуктуу, тактап айтканда өз аракети менен сатып алууга жана жарандык укукту жүзөгө ашырууга, жарандык милдеттерди түзүүгө жана аларды толук көлөмдө аткарууга жөндөмдүү, ал менен кредит боюнча милдеттенмелердин аткарылышынын камсыздоосу катары күрөөгө коюлган даяр турак жайды сатып алуу үчүн кредиттик келишим түзүлгөн жеке адам.  

Карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү карыз алуучунун кредиттик келишимди түзүүдөн улам келип чыккан финансылык милдеттенмелерин өз убагында жана толугу менен аткаруу жөндөмдүүлүгү.  

Андеррайтинг кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө, анын кредитти кайтаруу мүмкүнчүлүгүнө, ошондой эле күрөөгө сунушталып жаткан мүлктүн наркына жана абалына баа берүү процесси.  

Кредиттик таржымал - кредиттик бюро тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына ылайык кредиттик маалымат субъектине карата түзүлгөн кредиттик маалыматтын жыйындысы.  

Баалоочу (көз карандысыз адис-баалоочу) - баалоо ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилген квалификациялык сертификатка ээ жеке адамКүрөө - кыймылсыз мүлккө-даяр турак жайга менчик укугунун күрөөсү астында акчалай же акча түрүндө туюндурулган милдеттенмелерди камсыздоо ыкмасы.  

Баалоочу уюм - мыйзамда белгиленген тартипте катталган, ишинин негизги түрү катары баалоо иши саналган жана штатында квалификациялык сертификатка ээ кеминде эки баалоочу иштеген юридикалык жак. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

Күрөө коюучу күрөө предметине менчик укугуна ээ адам. Күрөө коюучу катары карыз алуучу өзү сыяктуу эле, күрөө менен камсыздалган милдеттенмеге катышы бар үчүнчү жак да болушу мүмкүн. Мында, кредит боюнча милдеттенмени аткаруунун камсыздоосу катары күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк карыз алуучунун ээлигинде жана пайдалануусунда калат.  

Күрөө кармоочу (кредитор) анын негизги милдеттенмеси боюнча талаптары күрөө менен камсыздалган банк. 

Күрөө жөнүндө келишим бул келишим боюнча бир тарап күрөө (негизги милдеттенме) менен камсыздалган милдеттенме боюнча кредитор болуп саналган күрөө кармоочу, мындай милдеттенме боюнча карызгерге карата өз акчалай талаптарын башка тараптын күрөө коючунун күрөөгө коюлган мүлкүнүн (күрөө предмети) наркынан анын башка кредиторлору алдында “Күрөө жөнүндө” мыйзамда белгиленген алып салуулардын эсебинен канааттандырууга укуктуу.  

1.5. Турак жай сатып алуу үчүн кредит берүүдө келип чыккан кредиттик тобокелдик бул төмөнкү эки тобокелдиктин (1) карыз алуучунун өз милдеттенмелерин кредиттик келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жана шарттарда аткарбай коюу тобокелдигинин жана (2) банк кредит боюнча өз жоготууларынын ордун күрөө предметин (кыймылсыз мүлктү) сатуунун эсебинен жабуу мүмкүн болбогон тобокелдиктин айкалышуусун түшүндүрөт.  

Мында, (1) карыз алуучунун өз милдеттенмелерин аткарбай коюу тобокелдиги эки параметрлер аркылуу аныкталат (а) карыз алуучу төлөөгө жөндөмсүз абалда калса жана (б) карыз алуучу ишенимсиз катары таанылса; (2) банк өз жоготууларын күрөө предметин сатуунун эсебинен ордун жаба албай калуу тобокелдиги күрөө предметинин рыноктук наркы менен кредит өлчөмүнүн катышы аркылуу аныкталат.  

II. Карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү  

 

2.1. Потенциалдуу карыз алуучу жөнүндө документ менен тастыкталган маалыматка талдап-иликтөөнүн негизинде банк, анын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө - кредитке байланыштуу милдеттенмелерди (негизги сумманын жана эсептелинген пайыздардын ордун жабуу) өз убагында жана толугу менен аткаруу мүмкүнчүлүгүнө баа берүүнү ишке ашырат. 

2.2. Карыз алуучунун өз финансылык милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүөлөөгө жөндөмдүүлүгү) төмөнкүчө аныкталат: 

· карыз алуучунун чыгашалар жана кирешелер өлчөмүнүн катышынын негизинде; 

· карыз алуучунун туруктуу кирешелери боюнча.  

 

2.3. Карыз алуучунун чыгашалар жана кирешелер өлчөмүнүн катышына баа берүүдө төмөнкү эки коэффициентти пайдалануу сунушталат: 

1) Т/К (Төлөм/Киреше) коэффициенти карыз алуучунун кредит боюнча ар айлык төлөмдөрүнүн (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр) орточо айлык чогуу алгандагы кирешесине карата катышын чагылдырат (салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсептен алып салуу менен). 

Эл аралык тажрыйбага ылайык Төлөм/Киреше коэффициентинин сунушталган өлчөмү 35% чейинкини түзөт.  

2) Ч/К (Чыгашалар/Кирешелер) коэффициенти карыз алуучунун туруктуу ар айлык чыгашаларынын жалпы суммасынын орточо айлык чогуу алгандагы кирешесине карата катышын чагылдырат (салыктарды жана башка кармап калууларды эсептен алып салуу менен). 

Чыгашалар/Кирешелер коэффициентинин сунушталган өлчөмү 40% чейинкини түзөт.  

2.3.1. Карыз алуучунун ар айлык чогуу алгандагы кирешесин эсептөөдө акыркы 6-12 ай ичиндеги кирешесин эсепке алуу сунушталат, мында кредиттик келишим боюнча бирдей жоопкерчиликтүү карыз алуучулар болуп саналышкан адамдардын документ менен тастыкталган кирешелерин гана кароо зарыл. Өзгөчө жагдайларда, 6 айдан аз мөөнөт иштеген карыз алуучуга ал иштеген жердин (уюмдун) карыз алуучу менен эмгек келишимин кеминде 3 жылдан ашкан мөөнөткө узартуу каты түрүндө кепилдиги (тастыктамасы) болгон шартта гана кредит берүү мүмкүнчүлүгү кароого алынат.  

2.3.2. Төлөм/Киреше жана Чыгашалар/Кирешелер коэффициенттерин эсептөөдө карыз алуучунун документ менен тастыкталган төмөнкү кирешелери пайдаланылат: 

1) негизги иштеген жери боюнча эмгек акысы, мында ашыкча иштегендиги үчүн киреше жана сыйакылар кошо алынат (эгерде сыйакы туруктуу алынгандыгы тастыкталса); 

2) толук эмес жумуш күнү жана айкалышта иштөөдөн түшкөн киреше; 

3) дивиденд түрүндө кирешелер; 

4) аманаттар, баалуу кагаздар боюнча пайыздар түрүндө кирешелер; 

5) ижара төлөмү түрүндө таза киреше; 

6) балдарга төлөнүүчү алименттер жана жөлөкпулдар; 

7) юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердиктен кирешелер. 

2.3.3. Жеке ишкердик менен алектенген карыз алуучунун кирешесин аныктоодо төмөнкү документтерди талап кылуу жана кароого алуу зарыл: 

· мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана/же патенттин көчүрмөсүн; 

· кредит алуу үчүн документтерди тапшырган мезгилде салык органдарынан бюджеттик карызынын жок экендиги тууралуу маалымкатты; 

· жеткирүүгө, кызмат көрсөтүүгө келишимдер жана карыз алуучунун финансылык туруктуулугун, ошондой эле кредиттик келишимдин аракеттенүү мөөнөтү аралыгында анын ордун жабуу үчүн жетиштүү киреше алуу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган башка документтер. 

2.3.4. Банк, кредиттик келишимдин болжолдонгон аракеттенүү мөөнөтү аралыгында карыз алуучунун шайкеш киреше алуусунун туруктуулугуна ынанган шартта кредит берет.  

2.3.5. Ар айлык чыгашалардын жалпы суммасына карыз алуучунун ай ичиндеги бардык төлөөлөрүн, эсептен алып салуу жана кармап калуу боюнча чыгашаларды, анын ичинде турак жай үчүн төлөмдү, коммуналдык төлөмдөрдү, камсыздандыруу төлөмдөрүн, кредитти тейлөө (анын ичинде башкаларын), алимент төлөөнү, башка ар айлык милдеттүү чыгашаларды (автоунааны күтүү; билим алуу; башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү күтүү, тейлөө, камсыздандыруу жана башкалар үчүн төлөө) киргизүү сунушталат.  

2.4. Карыз алуучунун айкын финансылык абалын так жана толук түшүнүү үчүн карыз алуучунун туруктуу иш менен камсыз болушуна, анын келечектеги кирешелерине жана чыгашаларына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү зарыл. 

2.5. Карыз алуучунун туруктуу киреше алуусуна баа берүүнү жүргүзүү учурунда төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:  

· карыз алуучу 18 жаштан жогору куракта, иштөөгө жөндөмдүү болууга тийиш; 

· карыз алуучунун кредиттик келишимдин аракеттенүү мөөнөтү ичинде туруктуу эмгек акыны сактап калуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу. Андеррайтинг жүргүзүүдө жана кредиттик комитет тарабынан кароого алуу учурунда карыз алуучунун билим деңгээлине, адистигинин келечегине, анын зарылчылыгына, бул адистик боюнча рыноктого орточо эмгек акыга анын эмгек акысынын шайкеш келүүсүнө, бул тармакта иштеген мөөнөтүнө жана кесипкөйлүгүнө, жетишкендиктерине жана ийгиликтерине ж.б. талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү сунушталат.  

III. Карыз алуучунун ишенимдүүлүгү 

3.1. Карыз алуучунун ишенимдүүлүгүнө баа берүүнү жүргүзүүдө төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл: 

· карыз алуучунун түзүлгөн келишимге ылайык, кредитке байланыштуу укуктук жана финансылык милдеттенмелерди өзүнө алууга моралдык жактан даярдыгын; 

· карыз алуучунун кредиттик таржымалын (терс маалыматтардын жоктугуна); 

· карыз алуучунун кесиптик сыяктуу эле, жалпы инсандык аброю. 

3.2. Карыз алуучунун өз милдеттенмелерин аткарбай коюу тобокелдигин минималдаштыруу максатында, камсыздандыруу аркылуу ордун жабуу өлчөмү дайыма кредит боюнча ссудалык карыз калдыгынын өлчөмүнөн аз эмес болгудай, андан өз өмүрүн жана кредиттик келишимдин бүтүндөй аракеттенүү мөөнөтү ичинде (тиешелүү камсыздандыруу келишимдерин өз убагында пролонгациялоо же болбосо жаңы келишимдерди түзүү аркылуу) иштөө жөндөмдүүлүгүн камсыздандырууну талап кылуу сунушталат. 

3.2.1. Жеке камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу жана камсыздандырылган жак катары - карыз алуучу, ал эми камсыздандыруу келишими боюнча пайдага ээ болуучу катары кредит сунуштаган банк саналат.  

IV. Күрөө предметинин наркынын банктын кредит боюнча жоготууларынын ордун жабуу үчүн жетиштүүлүгү 

4.1. Күрөө предметин (кыймылсыз мүлктү) сатуу аркылуу банктын кредит боюнча жоготууларынын ордун жаба албай калуу тобокелдиги К/К (Кредит/Күрөө) коэффициенти, б.а. күрөөгө сунушталган кыймылсыз мүлк наркынын жана кредиттин суммасынын (негизги карыз суммасы) катышы аркылуу аныкталат.  

4.1.1. Кредит/Күрөө коэффициентинин сунушталган өлчөмү 60% чейинкини түзөт.  

4.1.2. Мындай коэффициентти эсептөөдө күрөөгө сунушталган кыймылсыз мүлк наркы катары төмөнкү эки өлчөмдүн ичинен минималдуусу пайдаланылат: сатып алуу-сатуу келишимине ылайык кыймылсыз мүлк баасы же бул кыймылсыз мүлктү баалоо наркы.  

4.2. Кредит берүүдө тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында күрөөгө сунушталган мүлккө карата төмөнкү талаптарды белгилөө сунушталат: 

4.2.1. Күрөөгө сунушталган кыймылсыз мүлктү баалоо иши баалоочу/баалоочу уюм тарабынан карыз алуучунун каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Баалоочу/баалоочу уюм баа берилип жаткан объекттин наркы жөнүндө негиздемелери жана тыянактары менен баа берүү жыйынтыктары жөнүндө кеңири отчетту сунуштоого тийиш.   

Мында, төмөнкү талаптарга жооп берген баалоочу/баалоочу уюмдун кызматтарын пайдалануу сунушталат:  

- тиешелүү сертификатка ээ;  

- баалоочу/баалоочу уюм банктын кызматкери жана/же анын аффилирленген жагы жана карыз алуучу менен байланыштуу жак болбоого;  

- баалоо ишинде кеминде 2 жылдык иш тажрыйбага ээ. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2.2. Күрөөгө сунушталган кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашууга жана кеминде төмөнкү шарттарга жана талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

1) кооптуу абалда болбогон; 

2) электр энергиясы жана суу менен камсыздалган; 

3) темир жана бетондон, таштан же кирпичтен фундаменттин болушу; 

4) самандан жасалбаган, ошондой эле курама-щит мүлк болбоого.  

4.2.3. Күрөөгө сунушталган кыймылсыз мүлк ага ээлик кылууга кандайдыр бир чектөөлөрдөн эркин болууга, карыз алуучунун милдеттенмесинин камсыздоосу катары башка күрөөгө коюлууга тийиш эмес.  

4.2.4. Күрөөгө сунушталган кыймылсыз мүлк, камсыздандыруу аркылуу ордун жабуу өлчөмү дайыма кредит боюнча ссудалык карыз калдыгынын өлчөмүнөн аз эмес болгудай, кредиттик келишимдин бүтүндөй аракеттенүү мөөнөтүнө (тиешелүү камсыздандыруу келишимдерин өз убагында пролонгациялоо же болбосо жаңы келишимдерди түзүү аркылуу) камсыздандырылууга тийиш (жоготуу тобокелдигин, мүлккө зыяндын келтирилишин камсыздандыруу).  

Мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу катары - карыз алуучу, ал эми камсыздандыруу келишими боюнча пайдага ээ болуучу катары кредит сунуштаган банк саналууга тийиш. 

4.2.5. Күрөөгө сунушталган кыймылсыз мүлккө менчик укук, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тариздетилген тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш.  

4.2.6. Күрөө келишимин түзгөнгө чейин карыз алуучу жана анын жолдошу (жубайы), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка жактар, сатылып алынып жаткан кыймылсыз мүлктү күрөөгө сунуштоого макулдугун нотариалдык жактан күбөлөндүрүүгө тийиш.  

4.2.7. Күрөөгө сунушталган кыймылсыз мүлк ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органында каттоодон өткөртүлүүгө тийиш.  

4.2.8. Кредиттик келишимдин аракеттенүү мөөнөтү ичинде банктын макулдугусуз күрөөгө сунушталган мүлктү башкача пландаштырып жасоого, реконструкциялоого жана пайдалануу максатын өзгөртүүгө жол берилбейт. 

4.2.9. Банктын алдын ала кат жүзүндөгү макулдугусуз карыз алуучу башка күрөө келишимин түзбөөгө же болбосо күрөө предмети болуп саналган кыймылсыз мүлккө карата тоскоолдуктарды жаратууга укугу жок. 

4.3. Банк өз эрки боюнча камсыздандыруу уюму менен ишкердик тобокелдикти камсыздандыруу келишимин түзүү аркылуу (кредиттин кайтарылбай калышы) карыз алуучуга берген кредитти өз алдынча кошумча камсыздандырууга укуктуу. 

V. Андеррайтинг жана келишим түзүү  

5.1. Андеррайтинг жол-жобосунун жүрүшүндө банк, ушул Сунуш-көрсөтмөлөрдүн 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн ар бир тобокелдиктин өлчөмүнө баа берүүгө тийиш. 

5.2. Андеррайтингдин чегинде карыз алуучуга тиешелүү, ошондой эле анын кирешелерин жана чыгашаларын тастыктаган бардык документтерине баа берип, күрөө предметине ж.б. укук белгилөөчү документтерге юридикалык экспертиза жүргүзүү зарыл.  

5.3. Андеррайтингдин жыйынтыгын банктын кредиттик комитетинин отурумунда кароо зарыл.  

5.4. Кредиттик келишимди, потенциалдуу карыз алуучу сунуштаган документтерге карата сын-пикирлер четтетилгенден кийин жана кредит берүү чечими кабыл алынгандан кийин, ошондой эле кардар менен бардык кредиттөө шарттары талкуулангандан кийин гана түзүү сунушталат. Кредиттик келишимди, Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерин сактоо менен ушул Сунуш-көрсөтмөлөргө карата 1-тиркеменин формасы боюнча түзүү сунушталат.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Даяр турак жай сатып алууга берилген  

кредиттерди стандартташтыруу боюнча  

сунуш-көрсөтмөлөргө карата 

1-тиркеме  

 

 

КРЕДИТТИК КЕЛИШИМ  

_________ ш. 

______-ж. «______»_____________ 

 

Мындан ары “Кредитор” деп аталуучу, ____________________ негизинде ____________________ атынан иш алып барган Банк бир тараптан жана мындан ары “Карыз алуучу” деп аталуучу, _________________ дареги боюнча жашаган, _________________ тарабынан __________ берилген №____ күбөлүктүн ээси __________________________ мырза (айым) экинчи тараптан, мындан ары биргелешип “Тараптар” же жогоруда көрсөтүлгөндөй өз-өзүнчөТарап” деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди (мындан ары “Келишим”) түзүштү

 

1-бөлүк. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ  

1.1. Ушул келишимге ылайык Кредитор Карыз алуучуга максаттуу пайдалануу, камсыз болуу, мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында жана Келишимдин башка шарттарында (_______) _______ өлчөмүндө кредит (мындан ары текст боюнча “кредит”) сунуштайт.  

1.2. Карыз алуучу ушул келишим шарттарына ылайык пайыздарды (мындан ары сыйакы) төлөө менен кредитти кайтарууга милдеттенет. 

 

2-бөлүк. КРЕДИТТИ СУНУШТОО ШАРТТАРЫ 

2.1. Кредит ____(___________) айга сунушталат.  

2.2. Кредит ______________________________ дареги боюнча жайгашкан, ______________________ мүнөздөмөлөргө ээ (бөлмөлөрдүн саны, аянты, кабаты ж.б.), ______________________________(турак жай же башка кыймылсыз мүлктү) сатып алуу максатында берилет

2.3. Кредит, ____________ тартып _____ (____) күндөн кечиктирбестен, Карыз алуучунун атына ____________ (Банктын аталышы) ачылган №_____ эсепке кредиттин бүтүндөй суммасын нак эмес формада, ____________ (валюта түрү) валютасында которуу аркылуу сунушталат.  

2.4. Кредитти жана ал боюнча сыйакыларды төлөөнү Карыз алуучу, келишимге карата №1-тиркеме болуп саналган төлөө графигинде (мында ары текст боюнча Төлөө графиги) белгиленген мөөнөттө андан кечиктирбестен, келишим шарттарына ылайык жүзөгө ашырат.  

2.5. Кредит Карыз алуучуга төмөнкү шарттарда сунушталат: 

- Карыз алуучу, 4.1-беренеде көрсөтүлгөн сатылып алынуучу кыймылсыз мүлктүн наркы жана сунушталган кредит суммасы ортосундагы айырманы өз эсебинен ____ (_____________) өлчөмүндө төлөп, белгиленген сумманы 2.3-пунктта көрсөтүлгөн эсепке чегерген шартта; 

- карыз алуучу менен келишимдин 5.4.5.-пунктунда каралган камсыздандыруу келишими түзүлгөн учурда; 

- Карыз алуучунун ушул келишимге ылайык сунушталган маалыматтары, анын ичинде кредит алуу билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтар Кредиторго так жана толук сунушталган шартта.  

2.6. Карыз алуучунун буйруусу боюнча келишимдин 2.3. жана 2.5-пункттарына ылайык эсептелинген акча каражаттар, __________________ (турак жай/башка кыймылсыз мүлк) Сатып алуу-сатуу келишими боюнча төлөө катары _____________ (кыймылсыз мүлктү сатуучунун) ___________________ (банктын аталышы) эсебине которулат же болбосо (нотариустун депозиттик эсебине чегерилет/сатып алуу-сатуу келишими боюнча нак эсептешүү аркылуу төлөө үчүн Карыз алуучуга берилет).  

2.7. Ушул Келишим боюнча карыздын, анын ичинде кредит боюнча негизги карыз суммасынын жана ал боюнча сыйакылардын орду, Карыз алуучу тарабынан Келишимдин 6-бөлүгүндө каралган шарттарда мөөнөтүнөн мурда жабылышы мүмкүн.  

2.8. Бул аркылуу Карыз алуучу кредиттин, эсептелинген сыйакылардын жана бардык айыптык төлөм суммаларын (эгерде болгон болсо) өзүнүн кайсыл болбосун банктык эсебинен акцептсиз тартипте эсептен алып салууга макулдугун берет. Келишимдин 5.1.3-пунктунда көрсөтүлгөн шарттар келип жеткен учурда Кредитор алардан пайдаланышы мүмкүн.  

 

3-бөлүк. КРЕДИТТИ ПАЙДАЛАНГАНДЫГЫ ҮЧҮН СЫЙАКЫ  

3.1. Кредитти пайдалангандыгы үчүн Карыз алуучу Кредиторго кредит суммасынан жылдык ______(_______) пайыз өлчөмүндө сыйакы төлөп берүүгө милдеттенет.  

3.2. Комиссияларды жана башка төлөмдөрдү эске алганда кредит боюнча жылдык эффективдүү пайыздык чен өлчөмү кредит суммасынан жылдык _________(________) пайызды түзөт.  

3.3. Сыйакы, ал боюнча негизги карыз калдыгынын суммасына жараша кредитти айкын пайдаланган күндөр боюнча эсептелинет. 

3.4. Сый акыны чегерүү мөөнөтү кредит сунушталган күндөн кийинки күнү башталат, ордун жабуу күнү сый акы чегерүү мөөнөтүнө кирбейт 3.5. Сыйакыны төлөө Карыз алуучу тарабынан төлөө графигинде каралган мөөнөттөрдөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.6. Сыйакыны төлөө күнү катары ал келишимдин 8.1-пунктунда көрсөтүлгөн эсепке чегерилген күн саналат.  

 

4-бөлүк. КАРЫЗ АЛУУЧУНУН КЕЛИШИМ БОЮНЧА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИНИН АТКАРЫЛЫШЫНЫН КАМСЫЗДООСУ  

 

4.1. Карыз алуучунун ушул келишим боюнча өз милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосунан болуп: 

______-жылдын «___»__________ №___ Күрөө жөнүндө келишимге ылайык бааланган наркы ______ (___________) түзгөн, _______________________ дареги боюнча жайгашкан ___________________ ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат (мындан ары текст боюнча “Күрөө предмети”).  

4.2. Келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметинен тышкары Карыз алуучу келишим боюнча милдеттенмелер үчүн өз мүлкү менен жоопкерчилик тартат, андан өндүрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.  

4.3. Карыз алуучунун ушул келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары _____________________________________________ саналат

 

5-бөлүк. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

5.1. Кредитор төмөнкүлөргө укуктуу: 

5.1.1. Кайсы болбосун убакта документтер боюнча Карыз алуучунун финансылык абалын, кредиттин максаттуу пайдаланылышын, күрөө предметинин болушун, анын пайдаланылышын, сакталышын, абалын жана күтүү шарттарын текшерүүнү жүзөгө ашырууга; 

5.1.2. Ушул келишим боюнча карыздын, анын ичинде кредит боюнча негизги карыз суммасын, эсептелинген сыйакы суммасын, кошумчаланган айыптык төлөмдү (неустойка) келишимде белгиленген шарттарда жана жагдайларда, анын ичинде Карыз алуучунун келишимдин 5.2.3-пунктунда белгиленген тартипте ачылган эсебинен алууну кошо алганда, мөөнөтүнөн мурда өндүрүлүшүн талап кылууга; 

5.1.3. Ушул келишимге жана келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө жөнүндө келишимге ылайык, Карыз алуучу Кредиторго төлөөгө/ордун жабууга тийиш болгон карыз суммасын, анын ичинде кредит боюнча карыздын негизги суммасын Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырышкан кайсыл болбосун банкта жана/же финансы-кредит уюмдарында ачылган эсептеринен, анын ичинде ушул келишимдин 5.3.2-пунктунда белгиленген тартипте ачылган Карыз алуучунун эсебинен кредитти пайдалангандыгы үчүн сыйакыларды, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды, чыгашаларды жана чыгымдарды төмөнкү учурларда андан кошумча макулдук алуусуз акцептсиз тартипте алууга: 

- ушул келишимде белгиленген мөөнөттөрдө кредиттин жана/же эсептелинген сыйакылардын ордун жаппаса (кайтарып бербесе); 

- Карыз алуучунун ушул келишимде өтүнүч катынын жана/же гарантияларынын бири анык эмес болсо же келишимдин аракеттенүү мөөнөтү ичинде анык эмес болуп калса; 

- келишимдин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кайсыл болбосун жагдай келип чыкса.  

5.1.4. Кыргыз Республикасынын банктык, жарандык жана/же финансылык катышты жөнгө салган колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдөн жана/же жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуудан улам карыздык ресурстарды түптөө шарттары өзгөргөн учурда бир тараптуу негизде, Карыз алуучуга мындай өзгөртүү тууралуу 5 (беш) күн мурда жазуу жүзүндө билдирүү менен келишим шарттарын, анын ичинде сыйакы жана айыптык санкциялар өлчөмдөрүн өзгөртүүгө

Мында Карыз алуучу Кредитордон кат жүзүндө билдирүү алгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде келишимдин ушул пунктуна ылайык өзгөртүлгөн шарттарын кабыл алат же болбосо Кредитор белгилеген мөөнөттө келишим боюнча карыздын, анын ичинде кредит боюнча негизги карыз суммасынын, аны мөөнөтүнөн мурда жабуу күнүнө чейин эсептелинген сыйакылардын, кошумчаланган айыптык төлөм суммасынын (эгерде болгон болсо) ордун мөөнөтүнөн мурда жабат.  

5.1.5. Карыз алуучудан өтүнүч каттын жана кредит алуу билдирмесинде көрсөтүлгөн гарантиялардын документ түрүндөгү тастыктамаларын талап кылууга. 

5.1.6. Эгерде Карыз алуучу келишимдин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кредитти сунуштоо шарттарын жана/же келишим боюнча өз милдеттенмелерин бузууга жол берсе, ушул келишимдин, ошондой эле келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө жөнүндө келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүгө.  

5.1.7. Ушул келишим боюнча өз укуктарын жана милдеттерин өткөрүп берүүнү келишимдин 10-бөлүгүнүн шарттарына ылайык жүзөгө ашырууга.  

5.1.8. Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө ал боюнча карыздын орду жабылбаса (кайтарылбаса), келишимдин 8.9-пунктунда белгиленген Карыз алуучунун кредитор алдында карызын жабуу кезектүүлүгүн бир тараптуу негизде өзгөртүүгө

5.1.9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту.  

5.1.10. Келишимдин 5.4.8.-пунктунда каралган учурларда, Карыз алуучунун ушул келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары андан күрөө предметинен тышкары башка кыймылсыз мүлктү талап кылууга.  

5.1.11. Карыз алуучу ушул келишимдин 5.2.3.-пунктунда каралган укуктарды жүзөгө ашырган шартта, Карыз алуучунун келишимдин 5.2.3.-пунктунда белгиленген тартипте ачылган эсебинен карызынын ордун жабууга акча каражаттарын акцептсиз тартипте алууга.  

5.1.12. Күрөө кармоочу катары иш алып барган Кредитордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык укуктары келишимдин 4.1.-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө жөнүндө келишимдин негизинде ишке ашырылат.  

5.1.13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту. 

 

5.2. Карыз алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:  

5.2.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү албастан, кредит мөөнөтүнөн мурда толугу менен же жарым-жартылай кайтарууга. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.2. Ушул келишим боюнча төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн бул эсептер ачыла турган банктарга Кредитор тарабынан ушул келишимге ылайык анын эсептеринен акцептсиз тартипте акча каражаттарын алууга макулдугун жазуу жүзүндө билдирүү менен Кыргыз Республикасынын банктарында эсептерди ачууга.  

5.2.3. Кредитордон кредиттерди берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты жана ушул Келишим боюнча өз укуктарын ишке ашыруу жана өз милдеттерин аткаруу үчүн зарыл жана жетиштүү башка маалыматтарды алуу. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.3. Кредитор төмөнкүлөргө милдеттенет: 

5.3.1. Кредитти ушул келишимде каралган мөөнөттөрдө жана шарттарда сунуштоого. 

5.3.2. Ушул келишимде жана келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө жөнүндө келишимде каралган учурлардан тышкары, келишимдин шарттарына ылайык Карыз алуучу жүзөгө ашырган төлөмдөр, анын акча которуулары жана эсептеринин абалы тууралуу маалыматтарды үчүнчү жактарга таркатпоого.  

5.3.3. Ушул келишимдин 6-бөлүгүнө ылайык кредит боюнча негизги карыз суммасынын ордун жарым-жартылай мөөнөтүнөн мурда жабуу учурунда, келишим шарттарына ылайык негизги карыз суммасын кайра эсептөөгө.  

5.3.4. Карыз алуучунун талабы боюнча ага кредиттерди сунуштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, келишим боюнча карыздын ордун мөөнөтүнөн мурда жабуу эрежелери жөнүндө, ошондой эле келишим боюнча өз укуктарын жүзөгө ашыруу жана милдеттерин аткаруу үчүн зарыл жана жетиштүү маалыматтарды берүүгө.  

 

5.4. Карыз алуучу төмөнкүлөргө милдеттенет: 

5.4.1. Кредитти келишимдин 2.2.-пунктунда көрсөтүлгөн максаттуу багытына жараша керектөөгө.  

5.4.2. Кредиттин негизги карыз суммасын жана ал боюнча сыйакылардын ордун жабуу үчүн төлөмдөрдү төлөө графигинде каралган мөөнөттөрдөн жана өлчөмдөн кечиктирбестен, өз убагында жана толук көлөмдө төлөп турууга.  

5.4.3. Ушул келишим боюнча милдеттенмелердин талаптагыдай аткарылбай калышына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон, анын ичинде күрөө предметине же Карыз алуучунун башка мүлкүнө жана/же Карыз алуучу үчүнчү жактардан дооматтарды жана доо каттарын алган шартта, анын банктык эсептерине арест коюлганда, ошондой эле башка баардык жагдайлар тууралуу Кредиторго тез арада маалымдоого; 

5.4.4. Кредитордун кат жүзүндөгү талабын алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде ага төмөнкүлөрдү сунуштоого: 

- күрөө предметинин пайдаланылышын, сакталышын, абалын жана күтүү шарттарын текшерүү үчүн зарыл маалыматтарды жана башка документтерди; 

- Карыз алуучунун финансылык абалы жана Кредиттин максаттуу пайдаланылышы боюнча маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн берген документтерди; 

- ушул келишимде көрсөтүлгөн Карыз алуучунун өтүнүч каттарын жана гарантияларын тастыктаган документтерди; 

- Кредитор талап кылган башка документтерди.  

5.4.5. Кредиттик сумманы алганга чейин же Кредитор белгилеген мөөнөт ичинде камсыздандыруу компаниясы менен Кредиторго алдын ала кат жүзүндө макулдашылган камсыздандыруу келишимдерин Кредитор көрсөткөн суммага, так айтканда төмөнкүлөр боюнча түзүп, алардын ушул келишим колдонулган бүтүндөй мөөнөт ичинде үзгүлтүксүз колдонулушун камсыз кылсын:  

а) Карыз алуучунун өмүрүн жана ишке жөндөмдүүлүгүн жоготууну камсыздандыруу келишими; 

б) күрөө предметин өрттөн, жер титирөөлөрдөн, чагылгандан, суу ташкынынан, үчүнчү жактардын укук чегинен чыккан аракеттеринен, ошондой эле күрөө предметинин бузулушуна, жараксыз болуп калышына же жоголушуна алып келген башка жагдайлардан камсыздандыруу келишимдери.  

Ушул келишимдин 5.4.5-пунктунда көрсөтүлгөн камсыздандыруу келишимдери боюнча пайдага ээ болуучудан болуп Кредитор саналат. Карыз алуучу жогоруда белгиленген камсыздандыруу келишимдериндеги пайдага ээ болуучуну бир тараптуу негизде өзгөртүүгө укугу жок.  

5.4.6. Келишим колдонулган мөөнөт ичинде келишилген колдонуудагы камсыздандыруу келишимдеринин бар экендигин же болбосо мурда келишилген камсыздандыруу келишимдеринин пролонгациялангандыгын (узартылгандыгын) тастыктаган камсыздандыруу келишимдерин (полистерди) буга чейинки полистердин аракети токтотулган учурдан тартып 20 (жыйырма) календардык күн ичинде Кредиторго сунуштоого.  

5.4.7. Ушул келишимдин 5.4.5-пунктунда көрсөтүлгөн камсыздандыруу келишиминин (келишимдеринин) камсыздандыруу жагдайы келип жеткендигинен анын аракети токтотулган учурда, Карыз алуучу Кредитордон, камсыздандыруу компаниясынан же болбосо анын агенттеринен билдирме алган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде Кредитор менен кат жүзүндө макулдашылган шарттарда аны менен макулдашуунун негизинде Камсыздандыруу келишиминин (келишимдеринин) аракетин улантууга милдеттүү.  

5.4.8. Кредитордун кат жүзүндөгү макулдугусуз күрөө предметин кайрадан пландаштырууга, реконструкциялоого жана анын максаттуу багытын өзгөртүүгө жол берилбейт. Эгерде Карыз алуучу келишимдин ушул пунктунун талаптарын бузууга жол берсе же болбосо күрөө предметин реконструкциялоону, кайрадан пландаштырууну жүзөгө ашырып, максаттуу багытын өзгөртсө, Карыз алуучу Кредитордун биринчи эле кат жүзүндөгү талабында белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда тиешелүү өзгөртүүлөрдү өз эсебинен каттоого же болбосо Кредитордун каалоосу боюнча күрөө предметин реконструкциялоого, кайрадан пландаштырууга жана/же максаттуу багытын өзгөртүүгө чейинки баштапкы абалына келтирилишин камсыз кылууга милдеттүү. Мында Кредитор Карыз алуучуга, ушул келишим боюнча карыздын, анын ичинде кредит боюнча негизги карыздын суммасын, ал боюнча эсептелинген сыйакылардын, кошумчаланган айыптык төлөмдүн ордун мөөнөтүнөн мурда жабуу же болбосо Карыз алуучуга ушул келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо катары анын баасына барабар башка кыймылсыз мүлктү сунуштоо талабын коюуга укуктуу.  

5.4.9. Кредитордун алдын ала кат жүзүндөгү макулдугусуз башка күрөө келишимдерин түзбөөгө же болбосо башкача жол менен күрөө предмети болуп саналган кыймылсыз мүлккө карата чектөөлөрдү белгилөөгө.  

5.4.10. Коммуналдык кызматтарды, бардык салыктарды жана жыйымдарды, камсыздандыруу жана күрөө предметине тиешелүү башка төлөмдөрдү, ошондой эле келишимде каралган же андан улам келип чыккан башка төлөмдөрдү өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө.  

5.4.11. Карыз алуучу келишим боюнча карыз суммасын мөөнөтүнөн мурда жабуу чечимин кабыл алса, анын ичинде келишимдин 5.1.4-пунктунда каралган учурда Карыз алуучу Кредитор белгилеген мөөнөттө өзгөртүлгөн шарттарды тариздөө үчүн зарыл болгон бардык иш-аракеттерди көрүүгө, анын ичинде ушул келишимге жана/же келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө жөнүндө келишимге карата кошумча макулдашууларга жана өзгөртүүлөрдү тариздөө үчүн зарыл башка документтерге кол коюуга милдеттенет.  

5.4.12. Карыз алуучу келишимдин 5.2.3-пунктунда каралган укуктарды жүзөгө ашырган учурда, ал келишимдин 5.2.3-пунктунда каралган тартипте ачылган өз эсебинен акча каражаттарын акцептсиз тартипте алууга өтүнүч каттын көчүрмөсүн эсеп келишимдин 5.2.3-пунктунда каралган тартипте ачылган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Кредиторго сунуштоого тийиш. Карыз алуучунун келишимдин 5.2.3-пунктунда каралган тартипте ачылган эсебинин реквизиттери же ал эсепке байланыштуу башка маалыматтар өзгөргөн болсо, тиешелүү өзгөртүү киргизилген учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде реквизиттердин/маалыматтардын өзгөрүүсүн эске алуу менен өз эсебинен акча каражаттарын акцептсиз тартипте алууга өтүнүч каттын көчүрмөсүн Кредиторго сунуштайт.  

5.4.13. Карыз алуучу ушул келишим боюнча карыздын, анын ичинде кредит боюнча негизги карыз суммасынын, ал боюнча эсептелинген сыйакы суммаларынын, ошондой эле ушул келишимдин жана келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык, Карыз алуучу тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон башка суммалардын орду толугу менен жабылгандан кийин күрөө предметине карата чектөөлөрдүн токтотулгандыгын мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоо үчүн зарыл иш-аракеттерди өз алдынча жүзөгө ашырууга укуктуу.  

 

6-бөлүк. КАРЫЗ АЛУУЧУНУН ДЕМИЛГЕСИ АСТЫНДА КЕЛИШИМ БОЮНЧА КАРЫЗДЫН ОРДУН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ЖАБУУ 

 

6.1. Ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде карыз алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү албастан, ушул Келишим боюнча карыздын бардык суммасын төлөөгө же Кредит боюнча негизги карыздын суммасын жарым-жартылай төлөөгө укуктуу. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту.  

6.3. Карыз алуучу ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү албастан, ушул Келишим боюнча карыздын бардык суммасын төлөөгө укуктуу  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.4. Кредит боюнча карыздын негизги суммасын жарым-жартылай мөөнөтүнөн мурда төлөөдө кредитор ушул Келишимдин 8.5-пунктунда көрсөтүлгөн формула боюнча ссуда боюнча карыздын жаңы калдыгына жараша ар айлык аннуитеттик төлөмдү кайра эсептеп чыгып, өзгөртүлгөн ордун жабуу графигин карыз алуучуга берүүгө тийиш

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.5. Эгерде Карыз алуучу келишимдин 6.2.-пунктундагы шарттарды аткаруу менен кредит боюнча негизги карыздын суммасынын бир бөлүгүнүн ордун төлөгөн учурда, Кредитор келишимдин 8.5-пунктунда көрсөтүлгөн формула боюнча кийинки ссудалык карыз калдыгына таянуу менен ар айлык аннуитеттик төлөмдү кайра эсептеп чыгат.  

6.6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту. 

 

7-бөлүм. КРЕДИТОРДУН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН КЕЛИШИМ БОЮНЧА КАРЫЗДЫН ОРДУН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ЖАБУУ 

 

7.1. Кредитор Карыз алуучунун ушул келишим боюнча карыз суммасын, анын ичинде кредит боюнча негизги карыз суммасын, ал боюнча эсептелинген пайыздарды жана Карыз алуучу төлөөгө тийиш болгон башка суммаларды төмөнкү учурларда ушул келишимдин жана келишимдин 4.1.-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык, толук көлөмдө мөөнөтүнөн мурда өндүрүлүшүн бир тараптуу негизде талап кылууга: 

7.1.1. Эгерде Карыз алуучу кредит суммасынан да олуттуу көлөмдү түзгөн доо суммасы менен соттук процесске тартылган болсо жана/же эгерде Карыз алуучунун мүлкүнө жана/же анын эсептерине арест коюлса же андан өндүрүүнү жүргүзүү белгиленсе (же болбосо айкын коркунучтар орун алып турса); 

7.1.2. Эгерде Карыз алуучу ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруунун камсыздоосу катары кыймылсыз мүлктү сунуштоодон баш тартса, күрөө предмети бузулса же жараксыз болуп калса же болбосо мындай коркунучтар орун алып турса; 

7.1.3. Эгерде келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө жөнүндө келишим боюнча Карыз алуучу же Күрөө коюучу келишимдин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кредиттөө шарттарын бузууга жол берсе жана/же ушул келишим жана/же келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаса же талаптагыдай аткарылбаса, ошондой эле эгерде Карыз алуучу (Күрөө коюучу) күрөө предметинин көлөмүн же наркын азайтууга багытталган иш-аракеттерди көрсө

7.1.4. Эгерде Карыз алуучунун кредит алууга билдирмесинде көрсөтүлгөн өтүнүчүнүн жана/же гарантияларынын бири анык эмес болсо же келишимдин аракеттенүү мөөнөтү ичинде анык эмес болуп калса; 

7.1.5. Келишимдин 5.4.4-пунктунда көрсөтүлгөн документтер Кредитор талап кылган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде сунушталбаса; 

7.1.6. Эгерде Карыз алуучу ушул келишимдин 5.4.5., 5.4.6., 5.4.7., 5.4.8.-пункттарын аткарбаса жана/же талаптагыдай аткарбаса.  

7.2. Эгерде Карыз алуучу келишимде каралган учурларда Кредитор белгилеген мөөнөттө ал боюнча карыздын ордун толук көлөмдө мөөнөтүнөн мурда жабуу талаптарын аткарбаса, Кредитор келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө жөнүндө келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу.  

7.3. Келишимдин ушул беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар орун алган шартта, Кредитор өз укуктарын жана таламын коргоо жана/же Карыз алуучудан ушул келишим боюнча карызды кайтарып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, келишимде жана же келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө жөнүндө келишимде каралган бардык чараларды көрүүгө укуктуу. Кредитордун ага байланыштуу бардык сарптоолору Карыз алуучу тарабынан төлөнөт.  

 

8-бөлүк. КЕЛИШИМ БОЮНЧА ЭСЕПТЕШҮҮ ТАРТИБИ  

8.1. Карыз алуучу, кредитти жана ал боюнча эсептелинген сыйакыларды ушул келишимде белгиленген мөөнөттөрдө нак акчаны Кредитордун кассасына жана/же анын ___________________ №______________ эсептешүү эсебине чегерүү аркылуу, ал эми ушул келишимдин 5.2.3-пунктунда каралган укуктарды жүзөгө ашырса 8.2-пунктта белгиленген тартипте кайтарылышын камсыз кылат.  

8.2. Карыз алуучу ушул келишимдин 5.2.3-пунктунда каралган укуктарды жүзөгө ашырган болсо, Карыз алуучунун 5.2.3-пунктта каралган тартипте ачылган эсебинен Кредитор кредит боюнча негизги карыз суммасын жана ал боюнча сыйакыларды акцептсиз тартипте алуу аркылуу келишимде белгиленген мөөнөттө кредиттин жана ал боюнча эсептелинген сыйакынын кайтарылышын камсыз кылат. Карыз алуучунун 5.2.3-пунктунда каралган тартипте ачылган эсебинде акча жок болсо ал, кредит боюнча карыз суммасынын ордун келишимде белгиленген өлчөмдө жана мөөнөттө нак акчаны Кредитордун кассасына салуу жана/же келишимдин 8.1-пунктунда көрсөтүлгөн эсептешүү эсебине чегерүү аркылуу ордун жабууга милдеттүү.  

8.3. Ушул келишим боюнча бардык төлөмдөр Карыз алуучунун тыюу салынбаган жана чектөөлөр белгиленбеген эсептеринен жүзөгө ашырылат.  

8.4. Кредит берүү күнү катары Кредитор тарабынан келишимдин 2.3-пунктуда көрсөтүлгөн эсепке акча каражаттары которулган күн саналат.  

8.5. Карыз алуучу кредит суммасын жана ал боюнча сыйакыларды төлөө графигинде белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен ар айда төлөө (ЕП) аркылуу ишке ашырат жана ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

 

(I/100/12)  

Ар айлык төлөм (ЕП) = K * ----------------------------- , мында 

-n 

1 - (1 + (I/100/12)) 

 

К келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредит суммасы;  

I келишимдин 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн жылдык сыйакы чени; 

n келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөөнүн жалпы мөөнөтү айлар менен.  

 

8.6. Келишим боюнча карыздын ордун жабуунун эсебинен Карыз алуучудан өтүп жаткан күн ичинде жергиликтүү убакыттын _______ чейин келип түшкөн төлөм өтүп жаткан күн ичинде төлөнгөн катары эсептелинет, ал эми келишим боюнча карыздын ордун жабуунун эсебинен Карыз алуучудан өтүп жаткан күн ичинде жергиликтүү убакыттын _______ кийин келип түшкөн төлөм кийинки жумуш күнү ичинде төлөнгөн катары эсептелинет. 

8.7. Эгерде кредит боюнча негизги карыз суммасын жана/же ал боюнча эсептелинген сыйакыларды төлөө мөөнөтү жумуш эмес күнгө (дем алыш, майрам күндөргө) туш келип калса, Карыз алуучу келишим боюнча карыздын ордун жабуунун эсебинен акчаны андан кийинки эле жумуш күнү чегерет.  

8.8. Ушул келишим боюнча тараптардын биринин пайдасына акча каражаты которулгандыгы фактысы (экинчи тараптын талабы боюнча) төлөөчү тарап аны которгондугун тастыктаган төлөм документинин көчүрмөсүн (төлөм тапшырмасы, төлөм телекси ж.б.) экинчи тарапка сунуштоо менен тастыкталууга тийиш.  

8.9. Келишим шарттарына ылайык Карыз алуучу төлөгөн сумма Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кредитор тарабынан төмөнкү кезектүүлүктө келишим боюнча карыздын ордун жабуу үчүн багытталат: 

1) ___________________________________________________; 

2) ___________________________________________________;  

3) ___________________________________________________;  

4) ___________________________________________________;  

5) ___________________________________________________; 

6) ___________________________________________________; 

7) ___________________________________________________; 

8) ___________________________________________________. 

 

8.10. Келишимдин 5.1.8-пунктунда белгиленген жагдайлар орун алган шартта, Карыз алуучудан келишим шарттарына ылайык келип түшкөн акча каражаттары Кредитор белгилеген кезектүүлүк боюнча карыздын ордун жабууга багытталат.  

 

9-бөлүк. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

 

9.1. Ушул келишимдин жана/же келишимдин 4.1-пунктунда каралган Күрөө жөнүндө келишимдин талаптарын жана шарттарын тике жана/же көмүскө түрдө бузууга жол берген бүтүмдөр анык эмес болуп саналат, ал эми аларды ишке ашырган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.  

9.2. Төлөө графигинде белгиленген сыйакыларды төлөө мөөнөтүн (мөөнөттөрүн) бузган ар бир күн үчүн Кредитор, ар бир мөөнөтүндө төлөнбөгөн күн үчүн төлөнбөгөн сыйакы суммасынан _____% (______________) пайыз өлчөмүндө туум эсептөөгө жана аны Карыз алуучудан өндүрүүгө укуктуу, ал эми Карыз алуучу аны төлөп берүүгө милдеттүү. Мында Кредитор Карыз алуучуну өз каалоосу менен келишимдин ушул пунктунда белгиленген туумду толук же анын бир бөлүгүн төлөө милдетинен бошотууга укуктуу.  

9.3. Төлөө графигинде белгиленген кредит боюнча негизги карыз суммасын төлөө мөөнөтүн (мөөнөттөрүн) бузган ар бир күн үчүн Кредитор, төлөнбөгөн кредит боюнча ар бир мөөнөтүндө төлөнбөгөн күн үчүн негизги карыз суммасынан _____% (______________) пайыз өлчөмүндө туум эсептөөгө жана аны Карыз алуучудан өндүрүүгө укуктуу, ал эми Карыз алуучу аны төлөп берүүгө милдеттүү. Мында Кредитор Карыз алуучуну өз каалоосу менен келишимдин ушул пунктунда белгиленген туумду толук же анын бир бөлүгүн төлөө милдетинен бошотууга укуктуу. 

9.4. Карыз алуучу келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда кошумчаланган айыптык төлөмдү төлөө (туумду, айыптык төлөмдү) жана/же чыгымдын ордун жабуу менен Карыз алуучу келишим боюнча өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруу милдетинен бошотулбайт.  

9.5. Кредитор бир тараптуу негизде келишимдин 9.2. жана 9.3-пункттарында каралган тартипте туумдарды чегерүүнү токтотууга жана улантууга укуктуу.  

9.6. Ушул келишим боюнча башка милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 

9.7. Кредитор келишимдин 2.3-пунктунда каралган кредитти сунуштоо мөөнөтүн бузууга жол берген шартта, ал ар бир календардык күн үчүн Карыз алуучуга мөөнөтүндө берилбеген кредит суммасынан ____% (__________) өлчөмүндө туум түрүндө кошумчаланган айыптык төлөм төлөп берет. Бул пункттун аракети мыйзамдарда жана ушул келишимде белгиленген жагдайларда Кредитордун Карыз алуучуга кредит берүүдөн баш тарткан учурларына таркатылбайт.  

 

10-бөлүм. УКУКТАРДЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРДИ ЫЙГАРЫП ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ  

 

10.1. Карыз алуучу келишим боюнча укуктардын жана милдеттердин бир бөлүгүн сыяктуу эле, толугу менен да үчүнчү жактарга өткөрүп берүүнү/ыйгарып өткөрүп берүүнү Кредитордун алдын ала кат жүзүндө макулдугу менен гана ишке ашырууга макул экендигин билдирет.  

10.2. Кредитор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Карыз алуучунун макулдугусуз жана/же ага маалымдоосуз ушул келишим боюнча өз укуктарын жана/же милдеттерин толугу менен же алардын бир бөлүгүн үчүнчү жактарга ыйгарып өткөрүп берүүгө укуктуу. 

10.3. Кредитор ушул келишим боюнча өз укуктарын жана/же милдеттерин (Карыз алуучуга карата талап кылуу укугу) келишимдин 10.2-пунктуна ылайык үчүнчү жактарга өткөрүп берген учурда, Карыз алуучуга (карызгер катары) Кредитордун алмашкандыгы тууралуу маалымдоо милдети жаңы кредиторго жүктөлөт. Карыз алуучуга кредитордун алмашкандыгы тууралуу маалымдалбай калышынан улам келип чыккан кесепеттүү тобокелдиктер жаңы кредиторго жүктөлөт.  

Ушул келишимдин максаттарында ушул пунктта жана келишимдин бүтүндөй тексти боюнча үчүнчү жак катары келишимде белгиленген Тараптардан башка бардык адамдарды түшүнөбүз.  

 

11-бөлүк. КУПУЯЛУУЛУК 

11.1. Келишимдин ушул беренесинде купуялуу маалымат катары өзүндө банктык, коммерциялык, келишимдин Тараптарынын ар бирине тиешелүү кызматтык сырды камтыган жана алар менен таанышууга мүмкүн болбогон, аны ачыкка чыгаруудан Тараптардын бирине зыян келтирилиши ыктымал болгон анык жана потенциалдуу купуялуу маалыматтарды түшүнөбүз. 

11.2. Ушул келишимде көрсөтүлгөн жагдайлардан башка учурларда кандай болбосун жеткиликтүү түрдө купуялуу маалыматтарды ачыкка чыгарууга, анын ичинде жайылтууга жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат.  

11.3. Купуялуу маалыматты төмөнкү жагдайларда таркатууга жол берилет:  

1) маалыматтарды аудиторлорго, Кредитордун акционерлерине, инвесторлорго сунуштоодо; 

2) маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун талабы боюнча укук коргоо органдарына жана башка мамлекеттик органдарга сунуштоодо; 

3) Кредитор ушул келишим жана/же келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө жөнүндө келишим боюнча өз укуктарын жана/же милдеттерин үчүнчү жактарга өткөрүп берген учурда маалыматтарды сунуштоодо; 

4) экинчи Тараптын аны таркатууга кат жүзүндөгү макулдугун алган учурда анда көрсөтүлгөн көлөмдө жана шарттарда маалыматтарды сунуштоодо; 

5) ушул келишимде жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.  

11.4. Купуялуулукту камтыган маалымат ачыкка чыгарылып жиберилген болсо, күнөөлүү Тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экинчи Тарапка андан улам келип чыккан чыгымдын ордун жабат.  

 

12-бөлүк. БИЛДИРҮҮЛӨР 

12.1. Карыз алуучуга ушул келишим жана/же келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө жөнүндө келишим боюнча сунушталууга тийиш болгон кандай болбосун кат жүзүндөгү билдирүүлөр жана башка документтер, ага кол коюу менен же _________________________________________________________ 

_______________________________________ дарек боюнча буйрутма почта аркылуу жөнөтүлүп, алуучунун колуна тапшырылган шартта гана сунушталган катары эсептелинет.  

12.2. Кредитор ушул келишим жана/же келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө жөнүндө келишим боюнча кандай болбосун билдирүүлөрдү Карыз алуучуга ___________________ электрондук дареги боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө укуктуу.  

12.3. Келишимдин ушул беренесинде көрсөтүлгөн жеткирүү үчүн дарек же электрондук дарек өзгөргөн шартта Карыз алуучу өзгөртүү киргизилген учурдан тартып 5 (беш) календардык күн ичинде Кредиторго ал тууралуу кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Эгерде Карыз алуучу Кредиторго келишимде белгиленген мөөнөттө жаңы маалыматтар тууралуу маалымдабаса, Кредитор Карыз алуучуга мурда берилген жеткирүү үчүн дарек же электрондук дарек боюнча жөнөткөн бардык маалыматтар же башка документтер Карыз алуучуга талапка ылайык жеткирилген катары эсептелинет.  

12.4. Инсандыгын тастыктаган күбөлүктөгү (паспорттогу) маалыматтар, жашаган дареги, Карыз алуучунун келишимдин 5.2.3-пунктуна ылайык ачылган эсебинин реквизиттери жана Карыз алуучу Кредиторго мурда маалымдаган башка маалыматтар өзгөргөн шартта, Карыз алуучу тиешелүү өзгөртүү жүргүзүлгөн учурдан тартып ал өзгөрүү (өзгөрүүлөр) тууралуу 5 (беш) календардык күн ичинде Кредиторго кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү.  

 

13-бөлүк. КЕЛИШИМДИН АРАКЕТТЕНҮҮ МӨӨНӨТҮ 

13.1. Келишим, Тараптар ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптар бул келишим боюнча бардык милдеттенмелерин толугу менен аткарганга чейин колдонулат.  

 

14-бөлүк. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ 

14.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан пикир келишпестиктер жана талаш маселелер, эки тарап тең ыңгайлуу чечимдерди кабыл алуусу максатында сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.  

14.2. Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө мүмкүн болбогон бардык талаш маселелер жана пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.  

 

15-бөлүк. КОШУМЧА ШАРТТАР 

15.1. Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, эгерде келишимде башкасы каралбаса, ушул келишимге карата кошумча келишим аркылуу таризделет. Бул келишимге карата кошумча келишимге Тараптардын колу коюлуп, ага Тараптардын (Тараптын) мөөрү басылат.  

Кошумча келишимдер ушул келишимге кошо тиркелет жана тиешелүү Кошумча келишимде башкасы каралбаган учурларды эске албаганда, Тараптар тиешелүү Кошумча келишимге кол койгон учурдан тартып анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

15.2. Бул келишимди бир тараптуу негизде бузууга жол берилбейт. 

15.3. Ушул келишимди түзүүгө жана аткарууга, ошондой эле ушул келишимге карата Кошумча келишимдерди түзүүгө жана аткарууга байланыштуу бардык чыгашалар Карыз алуучуга жүктөлөт.  

15.4. Келишимдин кайсыл бир жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келип, ал жобо анык эмес катары таанылса, келишимдин калган жоболору анык болуп саналат.  

15.5. Келишимдин 5.4.5-пунктунун шарттарына ылайык камсыздандырылган Карыз алуучу каза болгон шартта Кредитор, эгерде камсыздандыруу суммасы келишим боюнча талаптардын толук көлөмүнөн аз болсо, Карыз алуучунун мураскорлоруна кредит суммасын, ал боюнча эсептелинген сыйакыларды жана туум суммасын мөөнөтүнөн мурда жарым-жартылай кайтаруу тууралуу кат жүзүндөгү талабын жөнөтүү менен ушул келишим боюнча милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын алардан талап кылууга укуктуу.  

15.6. Ушул келишим аркылуу жөнгө салынбаган бардык башка учурларда Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянуу менен иш алып барууга тийиш.  

15.7. Келишимге кол коюу менен Карыз алуучу Кредиторго, кредиттик бюронун маалымат базасынан өзү тууралуу маалыматтарды, келишилген бүтүмдөр, Карыз алуучу менен Кредитордун ушул келишим жана/же келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө жөнүндө келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле зарыл болгон башка маалыматтарды сунуштоого макулдугун берет.  

15.8. Келишим _________ беттен, _________ нускадан турат жана Тараптардын ар бирине тапшырылган.  

 

ТАРАПТАРДЫН ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ:  

 

 

 

КРЕДИТОР 

 

 

КАРЫЗ АЛУУЧУ 

дареги 

дареги 

Кол тамгалары жана мөөрлөрү

КРЕДИТОРДУН АТЫНАН: 

________________ 

_______________ 

 

 

 

20___-жылдын “____” ____________ 

№_____ кредиттик келишимге карата  

тиркеме 

 

Төлөө графиги  

 

Акча бирдиги:__________ 

Карыз алуучу:___________________ 

Суммасы:_____________________ 

Эсеби:_______________________ 

Мөөнөтү: ____________________ чейин 

Жылдык пайыздык чен:____ 

 

 

Айдын номери 

Төлөө күнү  

Ар айлык төлөм 

Негизги карыз боюнча төлөм 

Пайыздар боюнча төлөм 

Негизги карыз калдыгы 

Бардыгы болуп төлөнгөн 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КРЕДИТОР 

 

КАРЫЗ АЛУУЧУ 

____________ 

____________ 

Кол тамгалары жана мөөрлөрү