Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын  

Көзөмөл боюнча комитетинин  

2019-жылдын 8-майындагы  

№ 16/6 токтому менен  

бекитилди 

 

 

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоону сунуштоо боюнча  

СУНУШ-КӨРСӨТМӨЛӨР 

(Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтому менен бекитилген) 

 

1-ГЛАВА. Жалпы жоболор 

1. Бул сунуш-көрсөтмөлөрдө банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары ФКУ) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо үчүн түзүлгөн келишимдердин минималдуу тизмеги, ошондой эле айыл чарба максаттарына жараша каржылоо түрлөрү жана жол-жоболор аныкталган.  

2. Бул сунуш-көрсөтмөлөрдө ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келген, айыл чарба секторун каржылоодо пайдаланылуучу операциялардын негизги өзгөчөлүктөрү келтирилген. Операциялар жөнүндө кыйла кеңири маалымат «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жободо берилген. 

 

2-ГЛАВА. Айыл чарба максаттары үчүн ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо түрлөрүн классификациялоо 

§1. Соода операцияларынын негизинде каржылоо 

3. Соода операцияларынын негизинде каржыло түрлөрү дегенден улам товарлар менен соода жүргүзүү аркылуу каржылоону түшүнүүгө болот. Мындай каржылоо түрүн жүзөгө ашырууда ФКУ сатуучу катары иш алып барат жана кардардын билдирмеси боюнча зарыл товарларды ачык рынокто/белгилүү бир сатуучудан/сунуштоочудан түздөн түз же болбосо агент аркылуу сатып алгандан кийин товарларды сунуштайт. ФКУ анын жөн гана акча каражаттар боюнча кредитор катары гана эмес, товарларды сатуучу катары да айкын ролун чагылдырган ишин камсыз кылууга тийиш. ФКУ соода операцияларында жана товарлар менен алмашууда төмөнкүдөй жол-жоболордун негизинде катышууга тийиш: 

- товарлар менен айкын алмашуу; 

- товарларды тескөө

- товарларга ээлик кылуу; 

- белгилүү бир түрдө бааны жана сатуу предметин белгилөө

4. Соода операцияларынын негизинде негизги каржылоо түрлөрүнөн болуп төмөнкүлөр саналат: 

- мурабаха; 

- салам; 

- истиснаа. 

5. Соода операцияларынын негизинде каржылоону жүзөгө ашыруу механизми ислам банк иши жана каржылоо принциптерин сактоо аркылуу жүзөгө ашырылат. Соода операцияларына негизденген бүтүмдөрдү талапка ылайык жүзөгө ашыруу максатында, төмөндө айрым негизги түшүнүктөр жана алар боюнча түшүндүрмөлөр келтирилген: 

а) Агенттик келишим. 

Соода операцияларында тажрыйбанын, ар бир өзүнчө кардардын өзгөчө керектөөсүнүн жоктугунан жана башка ушул сыяктуу себептерден ФКУ ачык рынокто зарыл товарларды сатып алууга даяр болбошу мүмкүн, ошондуктан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ФКУ анын агенти катары иш алып барган үчүнчү жактын кызматтарынан пайдаланышы мүмкүн же ФКУ бул милдетти бул чөйрөдө жетиштүү тажрыйбага ээ кызматкерине жүктөшү ыктымал. Кардар өзү да «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жободо белгиленген шарттарды сактаган учурда, ФКУнун агенти катары иш алып барышы мүмкүн. Агентке жүктөлгөн милдеттерге байланыштуу бардык тобокелдиктер жана пайда ФКУга жүктөлөт. 

б) Айкын кароого алуу жана ээлик кылуу. 

Товарды айкын карап чыгуу, сатып алуучу эмнени сатып алып жаткандыгын, ал эми сатуучу эмнени сатып жаткандыгын билүүсү үчүн зарыл. Келишим предметине ээлик кылууга өтүү чындыгында ишке ашырылышы абдан маанилүү, анткени келишим предметине ээлик кылуу соода операцияларынын негизинде каржылоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Келишим предметин айкын карап чыгуу ар бир операцияга карата аткарылууга тийиш, бирок ФКУнун Шариат Кеңеши ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин максаттарына жетүү үчүн келишим предметин карап чыгуу жол-жобосу жана тездиги боюнча башка чечим кабыл алышы мүмкүн. 

в) Түздөн-түз төлөө

Түздөн-түз төлөө кардарлардын билдирмеси боюнча сатылып алынып жаткан товардын наркы сунуштоочуга түздөн-түз төлөнө тургандыгын билдирет, ал эми ФКУ сунуштоочудан айкын сатууну күбөлөндүргөн кандай болбосун мыйзамдуу тастыктаманы (кабыл алуунун жана өткөрүп берүүнүн акты, коштомо кат ж.б.) алат. Эгерде ФКУнун сунуштоочуга жүйөлүү себептерден улам түздөн-түз төлөө мүмкүнчүлүгү болбосо, ФКУ сунуштоочуга агент аркылуу төлөшү мүмкүн. Бирок, каражаттарды талапка ылайык пайдалануусунун жана агенттик товарларды сатып алуусунун документардык далилдерин өз учурунда сунуштоосу ФКУ тарабынан камсыздалат.  

г) Товарды өз убагында кабыл алууну жана өткөрүп берүүнү аткаруу. 

Мурабаха келишимин ишке ашыруу үчүн ФКУ товарларды агент аркылуу сатып алышы ыктымал, мында кардарга агент катары иш алып барууга жол берилет. Мындай учурларда, эгерде кардар менен ФКУ ортосунда товарды кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысын аткарууга чейин кардар товарларды керектесе/пайдаланса, мурабаха келишими анык эмес болуп саналат. Ошондуктан ФКУ товарды кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысынын талапка ылайык ишке ашырылышын камсыз кылууга тийиш. 

 

§2. Ижаранын негизинде каржылоо 

6. Ижаранын негизинде каржылоого ылайык ФКУ активди сатып алып, аны ижара шарттарында кардарга өткөрүп берет. Иджара/ иджара мунтахийа биттамлик бул ижаранын негизинде каржылоонун бирден бир ыкмасы болуп саналат.  

 

§3. Үлүштүк катышуунун негизинде каржылоо 

7. Үлүштүк катышуунун негизинде каржылоо бул пайдада жана чыгымда катышууга негизденген каржылоо. Үлүштүк катышуунун негизинде каржылоого ылайык ФКУ финансылык каражаттарды ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн сунуштайт жана мурда макулдашылган шарттарга ылайык бул ишкердиктен алынган пайданы жана чыгымды бөлүштүрүү укугуна ээ.   

Үлүштүк катышуунун негизинде каржылоонун негизги түрлөрү:  

- шарика/мушарака;  

- кемүүчү мушарака;  

- мудараба. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

3-ГЛАВА. Жүгүртүү жана негизги каражаттарды каржылоо түрлөрүн классификациялоо 

 

8. Фермерлердин ишинин кыска мөөнөттүү же күнүмдүк чыгашаларын канааттандыруу үчүн каржылоо жүгүртүү каражаттарын каржылоо катары классификацияланат. Фермерлер үчүн жүгүртүү каражаттарын каржылоонун негизги максаты катары урук, жер семирткичтерди, пестициддерди сатып алуу, жумуш күчүнө, сууга, электр энергиясына ж.б. чыгашалар саналат. Төмөнкү таблицада ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүгүртүү каражаттарын каржылоонун түрлөрү келтирилген.  

 

1-таблица. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүгүртүү каражаттарын каржылоо түрлөрү 

 

Катар №  

Максаты  

Каржылоо келишимдеринин түрлөрү 

Төмөнкү максаттарда чийки заттарды жана материалдарды сатып алууну каржылоо: 

1) өсүмдүк өстүрүү чарбасы: уруктарды, жер семирткичтерди, инсектициддерди, пестициддерди, гербициддерди, кол менен чачуучу каражаттарды жана башкаларды сатып алуу. 

2) канааттуулар чарбасы: жем, канаттууларды/бир күндүк жөжөлөрдү, жем үчүн чийки заттарды, айыл чарба канаттуулары үчүн вакцинацияларды, витаминдерди жана башка дарыларды, жыгач таарындысын, сөңгөктөрдү, көмүр, суу үчүн фильтр патрондорун, канаттууларга жем берүү үчүн идиштерди ж.б. сатып алуу 

3) мал чарбасы: мал үчүн тоюттарды, эт туурагычтарды, комбикорм машиналарын жана тоют же сүт контейнерлерин сатып алуу; мал үчүн вакцинацияларды, витаминдерди жана башка препараттарды, малга тоют берүү үчүн аштоолорду, торпокторго акырларды, браслеттерди, канат/темир чынжырларды сатып алуу. 

4) балык чарбасы: отунду, рационду жана музду, балыкты экспорттоо үчүн зарыл болгон таңгактоо/кайра иштетүү/тазалоо каражаттарын сатып алуу.  

Туздоо жана кургатуу үчүн чыгаша предметтери. Изотермикалык кутуларды, балык үчүн пластик ящиктерди жана пластик куржундарды сатып алуу.  

- мурабаха келишими; 

- салам келишими; 

Мурабаха келишимине ылайык, ФКУ чийки затты/материалдарды рыноктон сатып алып, аларды кардарга/фермерге «сарптоолор + пайда» принциби боюнча сатат. Түздөн-түз сатып алуу же сатуу сунушталат, б.а. ФКУ аларды ачык рынокто сатып алып кардарга/фермерге сатат. Муну материалдарды сунуштоочулар менен макулдашуу аркылуу ишке ашырууга болот. Түздөн-түз сатып алуу жана сатуу жагында кыйынчылыктар келип чыккан учурда, ФКУ зарыл чийки затты/материалдарды сатып алуу үчүн агент катары кайсы болбосун башка адамды же болбосо кардардын/фермердин өзүн агент катары дайындашы мүмкүн. 

Айыл чарба продукцияларын өндүрүү максатында салам келишими боюнча каржылоодо ФКУ чийки затты/материалдарды сатып алуучу катары каржылоонун ушул түрүн да колдонушу мүмкүн. 

Техниканы, жабдууларды, инвентарды жана башкаларды эксплуатациялоого чыгашалар. 

Эмгек акы төлөө, суу үчүн төлөө, коммуналдык төлөмдөрдү ж.б. төлөө үчүн жүгүртүү капиталын керектөө

Салам келишими 

Бул чыгашалар күндөлүк болуп саналгандыктан, ФКУ түздөн-түз каржылоону ишке ашыруусу зарыл, ошондуктан каржылоо түрлөрүнүн бири салам келишими боюнча каржылоо болуп саналат. Салам келишимине ылайык ФКУ келечекте сунуштала турган материалдарды ал үчүн төлөмдү келишим түзүүдө төлөгөн шартта кардар/фермердин каржылоодон керектөөсүн канааттандыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон материалдарды сатып алат.  

 

9. Фермерлердин кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү финансылык керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн каржылоо негизги каражаттарды каржылоо катары классификацияланат. Негизги каражаттарды каржылоо зарыл техниканы, жабдууларды ж.б. сатып алуу, ошондой эле сарай, ферма, балык заводдорун жана башкаларды куруу максаттарында ишке ашырылат. Төмөнкү таблицада каржылоо максаты жана негизги каражаттарды ислам принциптерине ылайык сунушталган түрлөрү келтирилген. 

 

2-таблица. Негизги каражаттарды ислам принциптерине ылайык каржылоо түрлөрү

Катар № 

Каржылоо максаты 

Каржылоо түрлөрү 

Айыл чарбасын каржылоо механизациялары 

Айыл чарба багытындагы машиналарды, жабдууларды, мисалы, чиркегичтерди жана эгин басуучу машиналарды, мотокультиватор, мотор жана штанга түрүндөгү чачкычтарды, соко, культиваторлорду, бургулоочу түзүлүштүрдү/сепкичтерди, ротациялык культиваторлорду, жер казуучу механизмдерди, пахта жыйноочу машиналарды, ящиктерди чыгаруу үчүн механикалык арааларды, буудай саманын жана кургак тоютту престөө үчүн машиналарды, чизель-культиваторлорду, картошка отургузуучу машиналарды, кант камышын отургузуу боюнча машиналарды, күрүч отургузуучу машиналарды, өз алдынча жүрүүчү, буудай жана күрүч түшүмүн жыйноочу машиналарды ж.б. сатып алуу. 

- мурабаха келишими; 

- иджара/ иджара мунтахийа биттамлик келишими; 

- кемүүчү мушарака келишими

Каржылоо, анча көлөмдүү эмес/чакан жабдуулар үчүн же кыска мөөнөттүү каржылоо үчүн мурабаха келишими боюнча, ал эми иджара/ мушарака келишими боюнча көлөмдүү жабдуулар же узак мөөнөттүү каржылоого сунушталышы мүмкүн.  

Мурабаха келишими боюнча ФКУ зарыл жабдууну рынокто сатып алат жана аны кардарга/фермерге «сарптоолор + пайда» принциптери боюнча сатат.  

Иджара келишими боюнча ФКУ зарыл мүлктү сатып алат жана аны кардарга/фермерге ижарага берет.  

Мушарака келишими боюнча ФКУ жана кардар/фермер мүлктү сатып алууда салган каражаттарына пропорционалдуу катышат. Кардар/фермер жалпы наркынан белгилүү бир пайызды салат, ал эми калган бөлүгү ФКУ тарабынан төлөнөт. Андан кийин ФКУ өз үлүшүн кардарга/фермерге ижарага берет. Эки тарап тең мүлктө үлүшүнө ылайык тобокелдиктер үчүн бирдей жоопкерчилик тартышат.  

Транспорттук каржылоо  

Тракторлорду, авторефрижераторлорду, фермалар үчүн муздатуучу бактарды, анча чоң эмес пикаптарды, мини-жүк ташуучу машиналарды, муздаткычтарды ж.б. сатып алуу 

- иджара/ иджара мунтахийа биттамлик келишими; 

- кемүүчү мушарака келишими; 

- мурабаха келишими. 

ФКУ зарыл транспорттук каражатты сатып алып, аны кардарга/фермерге ижарага берет. Эгерде ижарачы ижарага алган мүлккө карата кандайдыр бир укукка жатпаган же шалаакылык иштерге жол бербесе, ФКУ иджара келишимин колдонуу мезгил ичинде ижарага алынган транспорттук каражаттарга байланышкан тобокелдиктерди жөнгө салат. Мушарака келишими боюнча ФКУ жана кардар/фермер кыймылдуу мүлктү сатып алууга салган каражаттарына пропорционалдуу катышат. Кардар/фермер жалпы наркынан белгилүү бир пайызды салат, ал эми калган бөлүгү ФКУ тарабынан төлөнөт. Андан кийин ФКУ өз үлүшүн кардарга/фермерге ижарага берет. Эки тарап тең мүлктө үлүшүнө ылайык тобокелдиктер үчүн бирдей жоопкерчилик тартышат. 

Мурабаха келишими боюнча ФКУ зарыл жабдууну рынокто сатып алат жана аны кардарга/фермерге «сарптоолор + пайда» принциптери боюнча сатат.  

Мал чарбасын каржылоо 

Саан уйларды сатып алууну, колдо болгон уйларды алмаштырууну, этин алуу максатында бордоп семиртүү үчүн кунаажын, койлорду жана эчкилерди, сүттү сактоо үчүн муздаткыч бактарды, сүттү ташуу үчүн муздаткычтарды жана контейнерлерди сатып алууну, тоңдурулган эт үчүн кампалар жана рефрижератордук контейнерлер, продукцияны ташуу үчүн автоунаа сыяктуу транспорттук каражаттар, авторефрижераторлор ж.б. каржылоо. 

Бастырмаларды куруу, суу үчүн цистерналарды, суу сордургучтарды, кудук түтүктөрүн жана генераторлорду сатып алуу, тосмолор жана кушканаларды куруу ж.б. 

- мурабаха келишими; 

- кемүүчү мушарака келишими;  

- истисна келишими. 

Каржылоо, анча көлөмдүү эмес/чакан жабдуулар үчүн же кыска мөөнөттүү каржылоо үчүн мурабаха келишими боюнча, ал эми иджара/ мушарака келишими боюнча көлөмдүү жабдуулар же узак мөөнөттүү каржылоо үчүн сунушталышы мүмкүн.  

Мурабаха келишими боюнча ФКУ зарыл жабдууну рынокто сатып аат жана аны кардарга/фермерге «сарптоолор + пайда» принциптери боюнча сатат.  

Кудук түтүктөрүн/турбиналарды, себүү/тамчылатып сугаруу системасын орнотуу, суу ресурстары, күн менен иштөөчү орнотмолорду, ирригациялык системалар үчүн сордургучтарды ж.б. орнотууну каржылоо. 

- иджара/ иджара мунтахийа биттамлик келишими; 

- мурабаха келишими; 

- кемүүчү мушарака келишими; 

Жогоруда көрсөтүлгөн келишимдер кардардын/фермердин финансылык керектөө мүнөзүнө жараша пайдаланылышы мүмкүн. 

Курулушка, суу түтүктөрүн жаткырууга, жерлерди тегиздөөгө/иштетүүгө ж.б. чыгашаларды каржылоо 

- салам келишими; 

- истиснаа келишими. 

Күндөлүк чыгашалардын ордун жабуу максатында, Салам келишими каржылоону сунуштоо үчүн кыйла ыңгайлуу болуп саналат, ага ылайык ФКУ келечекте сунуштала турган материалдар үчүн төлөмдү келишим түзүүдө төлөгөн шартта материалдарды сатып алат. Кардар/фермер анын продукциясы/материалдары үчүн төлөм катары кабыл алган сумма кардар/фермер тарабынан анын каржылоодон керектөөсүн канааттандыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.  

ФКУ истиснаа келишими боюнча курулушту/суу түтүктөрүн жаткырууну каржалышы мүмкүн.  

Токой чарбасын өнүктүрүүнү жана арттырууну каржылоо 

- кемүүчү мушарака келишими; 

мурабаха келишими. 

Мушарака келишими, эгерде кардарга токой чарбасын өнүктүрүү үчүн жер тилкесин сатып алуу максатында каржылоо талап кылынган учурда пайдаланылат. 

Мушарака келишими боюнча ФКУ жана кардар/фермер мүлктү сатып алууга салган каражаттарына пропорционалдуу катышат. Кардар/фермер мушарака келишими боюнча ФКУ жана кардар/фермер кыймылдуу мүлктү сатып алууга салган каражаттарына пропорционалдуу катышат. Кардар/фермер жалпы наркынан белгилүү бир пайызды алат, ал эми калган бөлүгү ФКУ тарабынан төлөнөт. Андан кийин ФКУ өз үлүшүн кардарга/фермерге ижарага берет. Эки тарап тең мүлктө үлүшүнө ылайык тобокелдиктер үчүн бирдей жоопкерчилик тартышат. 

Мурабаха келишими токойду жана башка ресурстарды көбөйтүү үчүн өсүмдүктөрдү сатып алууну каржылоодо колдонулушу мүмкүн.  

Канаттуулар чарбасын каржылоо 

Бройлер, селекция жана жем даярдоочу фермаларды, канаттуулар короосун, автоматтык түрдө суугаруу/түтүк сымал жем бергичтерди курууну, жумурткаларды сактоо үчүн генераторлорду, вентиляторлорду, рефрижератордук түзүлүштөрдү, тоок фабрикасы үчүн техниканы/жабдууларды, инкубатордук станцияны/жем заводун, транспорттук фургондорду жумурткаларды жана канаттууларды ташуу үчүн фургондорду, жүк ташуучу автоунаа сыяктуу продукция ташуу үчүн транспорттук каражаттарды, муздаткычтарды, автоматташтырылган кушканаларды жана канаттарын жулуп-тазалоочу машиналарды ж.б. сатып алуу. 

- кемүүчү мушарака келишими; 

- мурабаха келишими; 

- иджара/ иджара мунтахийа биттамлик келишими; 

истиснаа келишими

Балык чарбасын каржылоо 

Моторлуу кайыктарды/балык уулоо үчүн траулерлерди сатып алууну каржылоо. Деңизде жүрүүчү кыймылдаткычтарды (асма жана борттук) сатып алуу, кыймылдаткычтарды жана запас бөлүктөрүн алмаштыруу, балыкчылардын электр тогун өткөрбөөчү материалдарды/дубал/чатыр үчүн листтерди пайдалануу менен муздаткычтарды куруу, жүк көтөргүч машиналарды, канатты, ростр, тармактарды колго башкаруучу түзүлүштөрдү, навигациялык жарык бергичтерди, коммуникациялык жабдууларды, радарларды, сактоочу жилеттерди, сактоо үчүн каралган шлюпкаларды, якорлорду, пеленгаторлорду (компастарды), эхолотторду (локаторлорду), сактоочу торлор орнотулгандыгын билдирген калкыма каражаттарды, электр тогун өткөрбөөчү материалдарды сатып алуу, торлорду тор/капчык траулерлерди, муздатуучу/тоңдуруучу жабдууларды сатып алуу, балык сактоо кампасы (даяр продукция кампасы). 

Балык/креветкалар үчүн инкубаторлорду, мобилдик изоляторлорду, пикаптарды/транспорттук каражаттарды ж.б. сатып алуу.  

- кемүүчү мушарака келишими; 

- мурабаха келишими; 

иджара/ иджара мунтахийа биттамлик келишими

истиснаа келишими

Сүт продукциясын чыгаруу өнөр жайын каржылоо 

Сүттү баштапкы иштеп чыгуу үчүн жабдууларды/түзүлүштөрдү, сыр жасоо үчүн жабдууларды ж.б. сатып алуу 

- иджара/ иджара мунтахийа биттамлик келишими; 

- кемүүчү мушарака келишими; 

- мурабаха келишими

- истисна келишими

10 

Күнөсканаларды орнотууну каржылоо 

- иджара/ иджара мунтахийа биттамлик келишими; 

- кемүүчү мушарака келишими; 

- мурабаха келишими

- истисна келишими

11 

Товарлар сакталуучу кампаларды жана муздаткыч кампаларды курууну каржылоо 

12 

Мал чарба лабораторияларын куруу жана жакшыртууну каржылоо. 

13 

Мөмө жана жемиштерди кайра иштетүү үчүн жабдууларды орнотууну каржылоо 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

4-ГЛАВА. Келишим түрлөрү жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо жол-жобосу 

 

10. Мурабаха. 

Мурабаха келишими бул, ФКУ кардардын билдирмеси боюнча сатып алган же болбосо кардар кайрылган учурда ФКУнун менчигинде турган товарды кийин төлөө шартында сатуу келишими.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

Мурабаха келишими боюнча бүтүмдүн олуттуу шарты катары үстөк баа өлчөмүн милдеттүү түрдө көрсөтүү жана аны сатуу баасында бөлүү саналат.  

11. Мурабаха келишими боюнча бүтүмдү ишке ашыруу жол-жобосу: 

1) Кардар жана ФКУ ортосунда каржылоо үчүн Мурабаха боюнча башкы келишимге кол коюу. 

2) Зарыл учурларда агенттик кызматтар жөнүндө келишим түзүү аркылуу ФКУнун тапшырмасы боюнча товарларды сатып алуу үчүн агентти дайындоо. 

3) Кардар ФКУга товарды сатып алууга билдирме сунуштайт. 

4) ФКУ түздөн-түз же агент аркылуу товарды сатып алат жана анын менчик ээси болуп саналат. 

5) Эгерде товарды сатып алуу агент аркылуу жүзөгө ашырылып жатса, агент милдеттүү түрдө ФКУга ал (агент) анын (ФКУнун) атынан товарларды сатып алгандыгы жөнүндө маалымдоого тийиш. 

6) Мүмкүн болсо ФКУ товарды айкын карап чыгуусу зарыл. 

7) ФКУ жана кардар мурабаха келишимин түзөт. 

8) Товарга менчик укук, товарга байланыштуу тобокелдиктер ФКУдан кардарга өткөрүлүп берилет. 

Кардар ал үчүн макулдашылган төлөм графигине ылайык төлөйт. 

12. Салам. 

Салам келишими боюнча бир тарап (сатуучу) келечекте белгиленген мөөнөттө экинчи тарапка (сатып алуучуга) товарды өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу салам келишимин түзүү учурунда ошол товар үчүн төлөөгө милдеттенет. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

Салам келишими боюнча каржылоо жүгүртүү капиталы (жүгүртүү каражаттарын каржылоо) талап кылынган кардарларга/фермерлерге сунушталышы мүмкүн.  

Салам келишимине ылайык сатып алуучу (ФКУ) белгилүү бир товарды салыштырмалуу төмөн баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Экинчи жагынан, сатуучу (кардар/фермер) учурда анын колунда жок же чыгарыла элек товарлар/продукция үчүн сумманы аванс түрүндө алат. 

13. Салам келишими боюнча бүтүмдөрдү ишке ашыруу жол-жобосу: 

1) Салам келишими боюнча келишим товар сатуучу катары иш алып барган кардар/фермер менен ошол товарларды сатып алуучу катары ФКУ ортосунда таризделет. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

2) Келишимде товардын толук өзгөчөлүктөрү, наркы, товарды сунуштоо күнү жана орду чагылдырылат. 

3) ФКУ келечекте сунуштала турган товардын наркын кардар/фермерге толук төлөп берет. 

4) Кардар/фермер аванстык төлөм суммасын алгандан кийин аны өз максаттарында пайдаланышы мүмкүн. 

5) Сунуштоо күнүнө карата кардар/фермер товарды келишимге ылайык сунуштайт.  

14. Истиснаа. 

Истиснаа келишими - бул анын шарттарына ылайык бир тарап (подрядчы) экинчи тараптын (тапшырыкчы) тапшырмасы боюнча белгилүү бир ишти аткарууга жана анын натыйжасын тапшырыкчыга белгиленген мөөнөттө тапшырууга милдеттенген, ал эми тапшырыкчы аткарылган ишти кабыл алып, алдын ала макулдашылган наркты төлөө милдеттенмесин өзүнө алган келишим. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

Наркын төлөө жана жеткирип берүү келечекте ишке ашырылышы мүмкүн.  

Истиснаа келишими чарбалык курулмаларды каржылоо, жабдууну/техниканы жана айыл чарбасында колдонулган башка активдерди даярдоо үчүн колдонулушу мүмкүн

Наркын төлөө тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча жүзөгө ашырылат. 

15. Истиснаа келишими боюнча бүтүмгө келишүү жол-жобосу

1) Истиснаа келишими ФКУ жана кардар/фермер ортосунда таризделет, мында ФКУ товарды сатуучу/өндүрүүчү катары, ал эми кардар/фермер ушул товарды сатып алуучу/буйрутма берүүчү катары иш алып барат

2) Макулдашууда товар тууралуу толук маалымат, даярдалган товардын наркы, ташып жеткирүү күнү жана орду көрсөтүлөт. 

3) Кардар төлөмдөр графигине ылайык товардын наркын төлөйт. 

4) Ташып жеткирүү күнүнө карата ФКУ макулдашууга ылайык товарды ташып жеткирет. 

16. Иджара жана иджара мунтахийа биттамлик. 

Иджара келишими бул, ага ылайык ижарага берүүчү ижарачыга кардардын табыштамасы боюнча өз менчигине сатып алган, же болбосо ижарачы кайрылган учурда ижарага берүүчүнүн менчигинде турган мүлктү, же ижарага берүүчү ижарачынын табыштамасы боюнча аны пайдалануу укугуна ээ болгон мүлктү макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акыга убактылуу пайдаланууга (ижарага) сунуштоо каралган келишим. 

Ошондой эле иджара келишиминде кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо каралышы мүмкүн, ага ылайык мындай укукту ижарачыга макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акыга андан ары ижарага сунуштоо менен ижара берүүчү ижарачынын табыштамасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу укугуна ээ болот. 

Иджара мунтахийя биттамлик келишими бул, ага ылайык кардар ижарага алынган мүлктү келишимдин шарттарына ылайык сатып алууга милдеттенген келишим (өзүндө иджара келишиминин шарттарын камтыйт). 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

Иджара/иджара мунтахийа биттамлик келишимдери «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобонун 2.4-главасынын шарттарына ылайык ижара төлөмүн өзгөртүү мүмкүнчүлүгү менен узак мөөнөттүү каржылоо үчүн каржылоонун эң эле ылайыктуу түрлөрүнөн болуп саналат.  

Агро өнөр жай секторунда иджара инструменти айыл чарба жабдуусунун дээрдик бардык түрлөрүн же объекттердин ж.б. курулушун каржылоо үчүн колдонулушу мүмкүн.  

17. Иджара жана иджара мунтахийа биттамлик келишимдери боюнча бүтүмдөргө келишүү жол-жобосу: 

1) Кардар ага ылайык белгилүү бир актив кардарга пайдаланууга берилгенден кийин гана ФКУдан ижарага алуу милдеттенмесине кол коюу. 

2) ФКУ жана кардар зарылчылыкка жараша агенттик келишим түзө алат, ага ылайык кардар ФКУнун атынан актив сатып ала алат. 

3) белгилүү бир актив сатып алынгандан кийин ФКУ жана кардар иджара келишимин тариздейт, анда ижара төлөмдөрү жана мөөнөт макулдашылат. 

4) ФКУ макулдашууга кол койгондон кийин кардарга пайдаланууга актив берет. 

5) Иджара мунтахийа биттамлик келишими боюнча бүтүмгө ылайык ижара мөөнөтү аяктагандан соң ФКУ жана кардар сатып алуу-сатуу боюнча өзүнчө келишим түзөт, ал аркылуу ижарага берилген актив макулдашылган нарк боюнча кардарга сатылат. 

18. Шарика/мушарака.  

Шарика/мушарака келишими бул, эки же андан көп тараптар ортосунда түзүлгөн өнөктөштүк жөнүндө келишим, ал аркылуу ар бир өнөктөш белгилүү бир суммадагы акчаны же бардык өнөктөштөрдүн макулдугу менен - материалдык активдерди салат, бул ар бир өнөктөшкө пайданы шарика/мушарака келишимине ылайык бөлүштүрүү шарттарында компаниянын активдерин пайдалануу менен иш жүргүзүүгө укук берет, ал эми чыгымды ар бир өнөктөш компаниянын жалпы капиталына салымына жараша тартат.  

Шарика/мушарака келишими жүгүртүү капиталына болгон муктаждыктарды каржылоо (кыска мөөнөттүү каржылоо) жана долбоорлорду каржылоо (узак мөөнөттүү каржылоо) үчүн пайдаланылышы мүмкүн. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Шарика/мушарака келишими боюнча бүтүмгө келишүү жол-жобосу:   

1) ФКУга долбоорду ишке ашыруу үчүн талап кылынган каржылоону алуу үчүн бир же бир нече ишкер кайрылат;  

2) ФКУ, башка өнөктөштөр менен катар эле, толук же жарым-жартылай каржылоо бөлөт; шарика/мушарака келишимине кол коюлат;  

3) ФКУну кошо алганда, бардык өнөктөштөр долбоорду башкарууга катышуу укугуна ээ; 

4) пайда аны бөлүштүрүү боюнча макулдашылган коэффициентке/формулага ылайык бөлүштүрүлөт, ал алардын капиталынын катышына дал келбөөгө тийиш;  

5) жоготуулар ар бир өнөктөш тарабынан салынган капиталга ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш;  

6) тараптар белгилеген мезгилдин акырында капиталдын негизги суммасы пайда менен бирге өнөктөштөр ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Кемүүчү мушарака. 

Кемүүчү мушарака келишими бул, шарика/мушарака келишиминин негизинде өнөктөштүк формасы, анда өнөктөштөрдүн бири экинчи өнөктөштүн үлүшүн ушул үлүшкө менчик укугу толугу менен ага өтмөйүнчө акырындап сатып алуу убадасын берет. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Кемүүчү мушарака келишими боюнча бүтүмдү жүзөгө ашыруу жол-жобосу:  

1) тараптар кемүүчү мушарака келишимин түзөт, ага ылайык алар мүлктү сатып алууга салган каражаттарына пропорционалдуу катышат; 

2) бир тарап мүлктүн жалпы наркынан белгилүү бир пайызды салат, ал эми калган бөлүгүн башка тарап төлөйт;  

3) мүлктү сатып алгандан кийин бир тарап өз үлүшүн экинчи тарапка ижарага берет; 

4) өз үлүшүн ижарага берген тарап ошол мүлккө менчик укугу ага толугу менен өтмөйүнчө өз үлүшүн экинчи тарапка бара-бара сатат; 

5) мүлккө тиешелүү тобокелдиктер тараптар ортосунда алардын мүлктөгү үлүшүнө жараша бөлүнөт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

22. Мудараба. 

Мудараба келишими бул келишимдин негизинде бир тарап инвестор капиталды (акча каражаттарын) сунуштайт, ал эми экинчи тарап (мудариб) ошол капиталды кабыл алып, аларды пайда алуу максаттарында тескөөгө алат, алынган пайда келишим шарттарына ылайык тараптар ортосунда пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. Мударибдин же башка тараптын инвесторго болгон карызы мудараба келишиминде капитал катары колдонулушу мүмкүн эмес. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Мудараба келишими боюнча бүтүмдү жүзөгө ашыруу жол-жобосу: 

1) Тараптар мудараба келишимин түзөт, ага ылайык ФКУ капитал сунуштайт, ал эми экинчи тарап (мудариб) белгилүү бир мезгил аралыгында капиталды тескөөгө алат. 

2) Пайда тараптардын макулдашуусу боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

3) Мудариб сунушталган капиталды макулдашылган шарттарда жөнгө салат. 

4) Келишимди колдонуу мөөнөтүнүн акырында мудариб ФКУга негизги сумманы жана алдын ала макулдашылган пайда үлүшүн кайтарат. 

5) Эгерде келишимди аткаруунун жүрүшүндө чыгым орун алса, ФКУ сунушталган капитал суммасынын өлчөмүндө чыгымды төлөйт, ал эми мудариб бул учурда өз иши үчүн сый акы албайт. Чыгымдарды бөлүштүрүүнүн мындай эрежеси, эгерде орун алган чыгым үчүн мудариб күнөөлүү болбосо.  

6) ФКУ ал сунуштаган капиталдан үстөк чыгым үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

24. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айыл чарба секторун каржылоону талаптагыдай ишке ашыруу үчүн аларды колдонуу үчүн тиешелүү билимдин, ошондой эле аталган сунуш-көрсөтмөлөрдө келтирилген жол-жоболорду билүүсү зарыл